Автоунаа багажына жашынган Өзбекстандын 5 жараны чек арадан кармалды

© Фото / Auntie PАрхив: Өзбек-кыргыз чек арасы
Архив: Өзбек-кыргыз чек арасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаа багажына өзбекстандык 5 жаранды жашыруун алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык аял кармалды.

Өзбекстандын чек арачылары КР жаранын жарадар кылды
БИШКЕК, 27-ноя — Sputnik. Кыргызстандык аял чек арадан мыйзамсыз түрдө башка мамлекеттин жарандарын автоунаа багажына салып алып өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-ноябрда Баткен облусундагы "Кадамжай" чек ара өтмөгүндө "Ауди" үлгүсүндөгү автоунаасын текшерүү учурунда багаждан Өзбекстандын беш жараны табылган. Алардын жанында ким экендигин тастыктаган документи жок болуп чыккан.

Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалган жарандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Баткен облусундагы бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0