Перинаталдык борбордо каза тапкан энелердин өлүмү иликтенүүдө

© Sputnik / Борис Кауфман / Медиабанкка өтүүАрхив: Операционное отделение. Московский родильный дом № 25.
Архив: Операционное отделение. Московский родильный дом № 25. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги перинаталдык борбордо эки аялдын эмнеден каза болгондугун иликтеген комиссия иштеп баштады, азырынча себептери ачыктала элек.

БИШКЕК, 26-ноя — Sputnik. Бишкектеги перинаталдык борбордо эки аялдын эмне себептер менен каза болгондугун иликтеш үчүн кеңейтилген комиссия түзүлүп, ишин баштагандыгын Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо Департаменинин басма сөз кызматы маалымдады.

Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин башкы адиси, акушер-гинеколог Раиса Асылбашева мындай фактылардын болгондугун, бирок, себептери аныктала электигин айтты.

"Энелердин өлүмү эмне себептен болгондугун иликтөө жыйынтыгынан кийин гана айтууга болот. Окуя болгондон кийин дароо эле иликтеп баштадык. Департаменттин буйругу менен кеңири курамдагы, бир канча адисттен турган комиссия түзүлдү, себеби, аялдардын бирине операция жасалган", — деди Раиса Асылбашева. 

Каза болгон аялдардын бири 25, экинчиси 41 жашта болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0