Ош облусунун Талдык ашуусунда бир киши каза болду

© Sputnik / А. Абдыгулов / Медиабанкка өтүүГоры Киргизии
Горы Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунун Кара-Суу районунун 52 жаштагы тургуну ашууда белгисиз себептен улам каза болгон.

Архив: Бишкек-Ош жолу - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолго чыккандарды этият болууга чакырды
БИШКЕК, 26-ноя — Sputnik. Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолундагы Талдык ашуусунда бузулуп калган автоунаасынын жанынан Кара-Суу районунун 52 жаштагы тургунунун сөөгү табылды. Өлүмдүн себептери азырынча белгисиз. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында кечки саат 21:45тер чамасында болгон. ӨКМнын Алай райондук бөлүмүнүн башчысы, улук лейтенант Исакуловдун берген маалыматы боюнча каза болгон жарандын денесин туугандары үйүнө алып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0