Оштун тегерегиндеги айылдарда 2,5 баллдык жер титиреди

© Sputnik / Владимир Родионов / Медиабанкка өтүүАрхив: Ош
Архив: Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын түштүк аймагында 2,5 баллдык жер титиреди.

БИШКЕК, 26-ноя — Sputnik. Ош облусунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө бүгүн саат 09:32де катталганын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Сейсмология институтунун алдын ала берген маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында катталып, Ош облусундагы Жаңы-Жер аймагынан 2 чакырым батышта, Большевик айылынан 3 чакырым чыгышта, Кара-Суу айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 25 чакырым түндүк-чыгышта орун алган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроолор жана адам өлүмү катталган жок.

Жердин силкинүүсү Жаңы-Жер, Большевик айылдарында 2,5 балл, Кара-Суу жана Куршаб айылдарында 2 баллга жеткен.

Белгилей кетсек, 14-ноябрда Ысык-Көл облусунда күчү 7 баллга жеткен жер титиреген.

 

Эмне үчүн жер титирөөлөр болот экенин Sputnik даярдаган инфографикадан көрсөңүздөр болот >>

 

Эмне үчүн жер титирөөлөр болот
Эмне үчүн жер титирөөлөр болот - Sputnik Кыргызстан
Эмне үчүн жер титирөөлөр болот
Жаңылыктар түрмөгү
0