Банктын филиалын тоногон кишинин бирөөсү ким экени аныкталды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАрхив: Акционерный коммерческий банк "Энергобанк" (ОАО)
Архив: Акционерный коммерческий банк Энергобанк (ОАО) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Банктын филиалын тоногон эки кишинин бирөө кармалып, ал Баткен облусунун 27 жаштагы туругуну экени аныкталды.

БИШКЕК, 25-ноя — Sputnik. "ЭкоИсламикБанктын" Бишкек шаарындагы филиалын тоногон кишинин бирөөсү ким экени аныкталганын шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ал Баткен облусунун 27 жаштагы тургуну Заирбек Сүйүнов экени аныкталган. Аны кармоо учурунда жанынан МР 654 К 4,5 калибриндеги травматикалык тапанча, пломбуланган банктын мүшөгү, медициналык беткап жана колкап табылган.

"ЭкоИсламикБанктын" филиалы тонолуп, миллиондогон акча уурдалды
Милиция окуянын кандай болгону тууралуу да кенен маалымат берди. Ага ылайык, 23-ноябрда эртең менен саат 9.10до медициналык беткап кийген белгисиз жарандар Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан "ЭкоИсламикБанктын" филиалына кирип, тапанча менен банк кызматкерлерин коркутуп, 1 миллион 497 миң 757 сомду, 13 миң 181 долларды, 260 еврону, 598 миң 615 рублди жана 174 миң тенгени алып кетишкен. Банктын коопсуздук кызматкери көчөгө чуркап чыгып, жардам сураган. Анын кыйкырганын ошол жерди текшерип жүргөн аймактык милициянын инспектору, ага лейтенант Надырбек уулу Эдил менен ИИМдин курсанттары угуп жардамга келишкен. Аймактык милициянын инспектору качып бараткан эки кишини көргөн. Алардын бирөө ошол жерден кармалып, бирөө качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда анын шеригин кармоо боюнча ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0