"ЭкоИсламикБанктын" филиалы тонолуп, миллиондогон акча уурдалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКечээ, 23-ноябрда Бишкек шаарындагы Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан "ЭкоИсламикБанктын" филиалы
Кечээ, 23-ноябрда Бишкек шаарындагы Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан ЭкоИсламикБанктын филиалы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарындагы "ЭкоИсламикБанкка" кирген ууру төрт түрдөгү валютаны алып чыккан.

БИШКЕК, 24-ноя — Sputnik. 23-ноябрда Бишкек шаарындагы Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан "ЭкоИсламикБанктын" филиалы тонолуп, 1,5 миллион сом, 13 миңден ашык доллар, бир жарым миллиондон ашык рубль жана 174 миң тенге уурдалган. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, банктын филиалы тонолгондугу тууралуу билдирүү 23-ноябрда эртең мененки саат 9.10до келип түшкөн. Азиат улутундагы куралчан киши беткап кийип банктын филиалына кирип, күзөтчүнү сабап, банктагы акчаны алып кеткен. Аталган ишке шектүү делип Сокулук районундагы Озерное айылынын 30 жаштагы тургуну кармалып, колго түшүрүү учурунда ал каршылык көрсөткөн.

Учурда шектелип жаткан жаран убактылуу тергөө жайына камакка алынды.

"ЭкоИсламикБанк" Кыргызстанда 14 жылдан бери иштеп келет. Ал 1998-жылы кыргыз-орус "Российский кредит" банкынын базасында "ЭкоБанк" деген ат менен түзүлгөн. 2010-жылдын 14-майында "ЭкоИсламикБанк" жабык акционердик коому деп кайтадан түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0