Ысык-Көл областында жер титирөө болду

Жазылуу
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө караганда, жер титирөөдөн жабыр тарткандар жок

БИШКЕК, 14-ноя — Sputnik. Ысык-Көл областынын аймагында эки жер титирөө болуп, андан жабыр тарткандардын жоктугун билдирди КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. Алынган маалыматтарга таянсак, күчү жети баллга жеткен силкинүүлөр саат 07.24дө Кажы-Сай айылынын түндүк-чыгыш тарабынан 17 чакырым жана Тоң айылынан 60 чакырым аралыкта катталган. Экинчи жолу жер титирөө саат 8:09 катталды. Анын очогу Кажы-Сай айылынан 5 чакырым жана Тоң айылынан 16 чакырым аралыкта жайгашкан. ӨКМдин билдирүүлөрү боюнча, жабыр тарткандар жок, бирок имараттарда жаракалар болушу мүмкүн.

Толук маалыматты Sputnik ЭМАнын даярдаган инфографикасынан көрсө болот>>

В Иссык-Кульской области произошло два землетрясение (кырг)
В Иссык-Кульской области произошло два землетрясение (кырг) - Sputnik Кыргызстан
В Иссык-Кульской области произошло два землетрясение (кырг)
Жаңылыктар түрмөгү
0