Кыргыз-өзбек чек арасындагы чатактан адам каза болду

© REUTERS / Mukesh Gupta/FilesАрхив: Чек ара
Архив: Чек ара - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек ара чатагындагы ок эки өлкөнүн такталбаган чек ара тилкесинде атылган деп айтылууда

Өзбекстандын чек арачылары КР жаранын жарадар кылды
БИШКЕК, 13-ноя — Sputnik. Ала-Бука районунун аймагында кыргыз-өзбек чек арасындагы чатактан Кыргызстандын жараны каза болду. 

Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын жаранына каршы курал колдонгон. Октон улам ал Өзбекстандын аймагындагы ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашты. 

Аталган кызматтын билдирүүсүнө таянсак, кырсык бүгүн, Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун Өзөк айыл аймагында болгон.Чек кара кызматы бул аймакты эки өлкөнүн такталбаган чек ара тилкеси деп билдирди..

“Алдын ала маалыматка караганда окко учкан жаран Өзбекстанга контрабандалык жол менен оокат-жай өткөрүүгө аракет кылган”,-деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү жашоочулардын маалыматында, Өзөк айыл аймагы Өзбекстанга карайт, ал Кыргызстандын Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айыл аймагына караштуу Коргончу айылы менен чектешет.

Окуяны териштирүү үчүн учурда эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп баштады.


Жаңылыктар түрмөгү
0