Өзбекстандын чек арачылары КР жаранын жарадар кылды

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аткезчилерди кармоо учурунда бир жаранга ок тийип ооруканага жаткырылса, бир жаран кыргыз чек арачылары тарабынан кармалды.

БИШКЕК, 11-ноя — Sputnik. Өзбек чек арачыларынын маалыматына ылайык, 10-ноябрда Кыргызстандын эки жараны Hyundai Porter маркасындагы унаа менен кыргыз-өзбек чек арасынан аткезчилик менен тамеки жана канаттуулардын (тоок, өрдөк) этин алып өтүүгө аракет кылган.

Кыргызстандык жарандар Кызыл-Кыя – Кадамжай транзиттик жолунун жээгине машинаны токтотуп, андагы жүктү жерге түшүрүп жатканда, өзбек чек арачылары аны байкап, окуя болгон жерге келишкен. Кыргызстандын жарандары аларга каршылык көрсөткөндө алар курал колдонушкан,- деп маалымдады Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы.

Ок тийген Кыргызстандын жараны Өзбекстандын аймагындагы Вуадиль айылындагы ооруканага жеткирилсе, экинчи жаран Кыргызстандын "Айрыбас" чек ара өткөрүү пунктунун чек арачылары тарабынан кармалып, УКМКнын Кадамжай райондук кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Кызыл-Кыя – Кадамжай авто жолу Өзбекстандын аймагы аркылуу өтүүчү эки тараптуу транзиттик жол болуп эсептелет. Бул жол аркылуу Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары гана өтө алат. Кыргызстандын жарандары бул жолдон токтоого укугу жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0