Нарындагы мектептин директору 19 тонна көмүрдү уурдап алган

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: Бишкектеги көмүр сатуучу жайлардын бири
Архив: Бишкектеги көмүр сатуучу жайлардын бири - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматтык абалынан пайдаланып мектепке делген көмүрдү уурдап алган директорго кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 5-ноя — Спутник Кыргызстан. Нарын облусунун Жумгал районундагы мектептердин биринин директору жалган маалыматтын негизинде документ толтуруп 19 тонна көмүрдү өзүнө ыйгарып алган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Нарын облусун ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн ыкчам тобунун кызматкерлери мектеп директору жалган маалыматтардын негизинде документ толтуруп, наркы 37 миң сом болгон 19 тонна көмүрдү өзүнө ыйгарып алганын аныкташкан. Ал көмүр мектепти жылытуу үчүн сатылып алынган.

Аталган факт боюнча октябрь айынын аягында Кылмыш кодексинин "Кызмат абалынан пайдалануу" жана "Ишенилип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0