кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романдагы тарыхый чындык жана көркөм образ

Темирова Бактыгүл, доцент, филология илимдеринин кандидаты

Монография

2007-жыл

Кыргыз эли башка элдер сыяктуу эле табиятынан көркөм сөзгө болгон чоң шык-жөндөмү бар экендиги оозеки формада өнүгүп тараган макал-лакаптар менен балдар ырларынан, кенже эпостор менен дүйнөлүк масштабка көтөрүлгөн улуу «Манас» үчилтигинен тартып, Арстанбек, Калыгул сыяктуу нускоочуларды Жеңижок, Токтогул, Барпы, Коргоол, Калык, Осмонкул, Ысмайылдай зор төкмөлөрдүн, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо өңдүү жазгыч акындардын чыгармаларынан ишендире алгыдай айкын даражада көрүнүп турат. Муну руханий асылдыктарга бай, сөз өнөрүнүн маанисине, өзгөчө ышкы берилип жашаган калкта келечекте жаралчу профессионал адабиятка күчтүү кыртыш болуп берчү ички шарт бар экен деп түшүнгөнүбүз оң. Буга окшогон элде жазма адабият пайда болсо да, таланттар чыкпай коюшу мүмкүн эмес.

Турмуш чындыгы да ошону көрсөттү.70-80-жылдык адабий тажрыйба аны актап турган жаңы профессионал көркөм сөз өнөрүбүз көз жарып калыптанып келип, эстетикалык секирик жасоого жетишкенин алдыңкы акын- жазуучуларыбыз менен драматургдар дүйнөлүк адабияттын деңгээлине көтөрүлгөн чыгармаларды жаратып жатышы эң сонун мисал катары баарын ишендирип койду. Ар бир жанрдын өсүшү, жаңы чектерге жетишиши, чындап көп жылдык адабияттын классикалык үлгүлөрү, сабаттуу окурманы бар элдерде кадимкидей кабыл алынып, өз тилдеринде которулуп, чыныгы профессионал адабияттын үлгүлөрүндөй бааланып келатышы менен да белгиленет. Ошондой эле адабияттын орду көрсөтүлүп, келечек тагдырынан ишенимдүү кабар берет.

Бирок бардык эле акын-жазуучулар менен драматург аталгандар мындай чыгармачылык бийиктикке көтөрүлүп кетишкен деп айта албайбыз. Андай ийгилик саналуу гана калемгерлердин шыбагасына туш келерин мезгил өзү ырастап салды. Көркөм сөз өнөрүн ушундай жогорку баскычка чыгарган тандамал таланттардын ар кимиси түрдүү жанрлар боюнча кетишкени менен негизинен бүтүндөй кыргыз рухий дүйнөсүн, маданиятынын асыл байлыктарын жаратып да, баарын бир бүтүндүккө келтирип, кармап да турушат.

Эгерде кыргыз адабиятынын пайда болуу, калыптануу мезгили 20-50-жылдарга туура келсе, бардык жагынан өнүгүп, чындап эстетикалык секирик жасаган учуру 60-80-жылдарга туура келди. Бул кезди кыргыз маданияты менен адабиятынын гүлдөө доору деп тартынбай туруп эле атасак болот. Анткени, мейли поэзия, проза, драматургияда болсун, же адабий сын, сүрөт, архитектура же театр искусствосу же музыкада болсун эң мыкты делген классикалык чыгармалардын жаралышы дал ушул доорго туш келет. Ошондуктан бул зор эстетикалык секирикти жазуучунун гана жасаган ачылышы катары бир беткей кароого болбойт.

Бул маалда жалпы аң-сезим, илим-билим, көркөм өнөрдүн ички жана сырткы байланышы өңдүү шарттар пайда болуп, алга карай жылышына тереңден жол ачылып калган эле. Мындан да тагыраак айтсак, адабий сабаттуулук ачылууга, жаңылыктар жаратууга ички даярдыгы жетилип калган болчу. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, ички өбөлгөлөр улам жаңыланып турган сыяктуу эле сырткы шарттар мурдагыга караганда алда канча кеңири масштабда таасирин тийгизип жатты. Кыргыз адабияты үчүн, айрыкча тарыхый темага жаңыча кайрылууга ушул тарыхый-коомдук, социалдык- саясый кырдаалдын мааниси чоң болгонун топтолгон көркөм тажрыйбанын сапат деңгээли да, мезгил өзү да ишенимдүү далилдеп айтып койду.

Белгилүү эмеспи, Европа жана орус адабияты сыяктуу бизде нукура тарыхый чыгармаларды жаратууда чоң адабий тажрыйба жок болчу. Алгачкы тарыхый темада жазылган чыгармаларда да тарыхый окуяларды өз көзү менен көргөн же аларга катышып келген кишилер тарабынан жазылган гана үлгүлөрү бар эле. Анткени алар ар башка мезгилде ар кандай көркөм даражада, көбүнчө жаш калемдер үйрөнчүк мезгилден көтөрүлө элек мезгилде жазылган чыгармалар болгону белгилүү. Ырас, бул адабий туундуларда реалисттик сүрөттөөлөр, кайсы окуя, кайсы учурда кантип өткөнүн так маалымдаган факты, материалдар турмушту туура таанып билүүгө абдан жакшы жардам көрсөтчү жерлери бар экендигин жакшы билебиз. Бирок большевиктер партиясынын көркөм адабиятка карата чыгарган көрсөтмөлөрү, талаптары менен социалисттик реализм методунун бир жактуу талабы, б.а. социалисттик курулуштун ийгилиги менен тап күрөшүн ырдашы керек деген теория жашап келген. Мында башкы каарман сөзсүз коммунист же комсомол, эмгектин ударниги болуш керек. Өткөнгө кайрылуу эскичиликтин, артка кетүүнүн белгиси катары эсептелген. Ал эми илим, билими жетише элек, адабий тажрыйбасы аз, жаңыдан үйрөнүп жазып жаткан жаш калемгерлер үчүн бул бузулбас мыйзамдай көрүнгөн. Ошондуктан көпчүлүк тарыхый темадагы чыгармаларды карап көрсөк, баарында бектер менен хандарга, байлар менен бийлерге, дин өкүлдөрүнө, чыныгы адам катары мамиле жасалбай, ички жан дүйнөсү тереңден ачылбастан, жалаң гана элди эзген зулум, эч кимге жакшылыгы жок кара мүртөз, орой жандар катары бааланып, бүтүндөй адамдык касиет-сапатынан, табигый өң-түсүнөн ажыратылып ташталган.

Чыныгы тарых сөзсүз эл тарабынан жаралса да, аны жүргүзүшүп жаткан билерман башчылар, баатырлар, акылман адамдар да ошол эле элден чыгышат. Тарых айлампасында элдин өкүлдөрү катары белгилүү го. Аларсыз тарых өз темасында көрүнбөйт. Ошондуктан өз доорунда кандай жашабасын, баары адам баласына эмне мүнөздүү болсо, ошолордон жат эмес экендигин тереңден ачып берүү зарылчылыгы туулат. Айталы, Тарленин «Наполеон», АТолстойдун «Петр I», И.Калашниковдун «Каар заман», Ауэзовдун «Абай жолу» романдарында кайсы катмардагы адам болбосун, анын императордугуна, хандыгына же султандыгына карабастан, биринчи кезекте адам катары кандай адам болгон, мүнөзү, жан- дүйнөсү, психологиясы, башкаруучулук жөндөмү, аткарган иштери, махабаты, ички турмуштук трагедиясы, кайгы- кубанычы тереңден иликтенип, кашкайта тартылганы бардыгына маалым. Ушул маанидеги поэтикалык өнүгүү менен адамдын болгон турпатын, ички дүйнөсүн кеңири ачуунун зор мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги көрүндү.

Кыргыз адабиятында тарыхый темада жазылган чыгармалар сынчылар айтып жүрүшкөндөй социалисттик идеологиянын кишенинен чыга албай, соцреализм чийип койгон сызыкты бузбай, жаратылып да жашап келгени эч кимге жашыруун эмес. Мында өткөн замандын жалпы картинасы оң-терс жактары менен ак-кара боекторунан ажыратылбай коомдук түзүлүштүн табигый карама-каршылыктары, ички өнүгүүсү толук камтылбай, ал түгүл тарыхый процессте көрүнүктүү роль ойногон тарыхый инсандардын тагдыры бурмаланып өз аты менен аталбай келгендиги бүгүн ого бетер ачыкка чыгып жатпайбы.

Төрт тарабынан кеңири иликтенип чоң жалпылоого жетпеген андай чыгармалардын дээрлик көпчүлүгү мезгил сынынан өтпөй, тек гана алгачкы үйрөнүлгөн тажрыйба катары тизмеде калды. Бул айтылгандар кыргыз адабиятында тарыхый темада жазылган чыгармалар көп болгону менен чыныгы профессионал кеңири масштабда, тарыхый, саясый, философиялык, психологиялык, көркөмдүк синтезге негизделген типтүү шарттарга ылайык келген типтүү каармандардын образын жараткан көркөм туундулар сейрек кездешет.

Мына ушул рухий асылдык бөксөөлүктү толтурууда сапаттык жаңылык жасап, келечекте кыргыз адабиятында нукура тарыхый чыгармалардын орду чоң болоорун иш жүзүндө далилдеп көрсөтүп, дүйнөлүк масштабка көтөрүлгөн даңазалуу көркөм окуяны жараткан Т.Касымбековдун «Сынган кылычы» жарыкка келди. Ал эми мындай романдардын жаралышы жогоруда айтып өткөндөй туш келген эле учурга туура келе бербейт. Алсак, 20-30-40-50-жылдары «Сынган кылыч» азыркы ушул нускасында колго тийиши мүмкүн эмес болчу. Мына ушул жагынан алып караганда чыныгы улуттук профессионал тарыхый романдын жаралышына болгон башкы зарылдык жана негизги себепкер ички жана тышкы даярдыктардын жетилишин, дүйнөлүк классика берген эстетикалык сабактар, чыгармачылык изденүүлөр жыйналган адабий тажрыйба болушу мүмкүн. Чоң байлык жаратууга чоң күч жумшалып, кокусунан, оңойдон маанилүү эч нерсе келбеши чын.

Ушул маанидеги олуттуу концепциялардын бири белгилүү адабиятчы К.Даутовго тиешелүү. Ал өзүнүн «Тарыхый романдын тарыхы» деген мазмундуу макаласында «Сынган кылыч» романынын улуттук өзгөчөлүгүн, тарыхый жанрдын табиятын түшүндүрүүдө, андагы образдын курулушун, поэтикалык жаңылыктарды ачууга бөтөнчө көңүл бурган. Анда автордун тарых жана көркөм кубулуштарды анализдеген маанилүү ой-пикирин мисалга алсак: «Тарыхка кайрылуу, болгондо да өз улут тарыхына кайрылуу таптакыр башка маселе, бөтөнчө проблемаларды көтөрүп, башкача идеяларды бекемдеп, башка доорлордун реалдуу чындыгын алып чыгып, башка коом менен личносттун диалектикалык карым-катышын иликтеп, башкача адам концепцияларын берип, башкача эстетикалык ачылыштарды табууга алпарат. Ага учурду жазуунун кыйынчылыктарынан качып, оңой жол издөө амалына баргызып жаткан жок, коомдун башка муктаждыгы түрткү берип, талап коюп чакырып жатат. Аны бүгүнкү күндөн алыстап кетүү катары түшүнбөй, тескерисинче учурга жакындоо, ыңгайлуу ачкыч табуу, Л.Толстой айткандай «анын алыскы тылынан кирүү» деп баалаганыбыз туура болот.

Жөн эле тарых үчүн жазылбайт, дүйнөлүк адабият таржымалы менен жандуу тажрыйба ар кайсы калктын коомдук өнүгүш жолунун ар кайсы кесилиш колотторунда бир гана закон-ченемдүү чындык көрүнүшү дайыма кайталанып, кездешип олтурарын далилдейт. Эгерде роман формасы бардык жанрлар калыптанып калгандан кийин гана ошолордун синтези катар жаралса, нукура тарыхый романдар андан да алда-канча кеч пайда болот. Өз тарыхына кайрылуу коомдун же улуттун аң-сезиминде өзүн-өзү кайрадан аңдаштырып билүү, өз ордун өзү жаңыча белгилөө, өткөнүнөн бүгүнкүсүнө кирип, табигый жуурулушкан адеп-актык жана эстетикалык көркөм дүйнөсү менен аалам таанып билүү тажрыйбасын башынан кечирген улуу драмалары менен трагедиясынын түп маанисинде. Ал үчүн обьективдүү шарттар жаралып, өйдөрөөк көтөрүлүп чыгууга таяныч болуп берүүчү алгачкы өбөлгөлөр куралып жана тыштан даярдыктар көрүлүп калыш керек.

Т.Касымбековдун «Сынган кылычы» мына ушундай обьективдүү шарттардын негизинде жаралды. Ошондуктан роман жарык көргөндөн баштап, окурман арасында, башка улуттардын ичинде зор кызыгуу менен окулуп, ал түгүл элдик чыгармага өтүп, айрым каармандар лакапка айланып кетти. Натыйжада тез эле бир нече тилге которулуп, дүйнөлүк адабиятта жүз жылдай мезгил жана мейкиндик алкагында өткөн кыргыз тарыхый турмушунун өзүнчө бир көркөм энциклопедиясы катары таанылгандыгы жалпыга дайын.

Белгилөөчү жагдай, «Сынган кылыч» катардагы окурманга кандай жылуу пикир пайда кылса, башка элдердин профессионал адабияттары тарабынан да көптөгөн олуттуу сын-пикирлер айтылды. Алардын кайсынысы болбосун чыгарманын жалпы масштабын көркөм образдын оригиналдуу ичкертен ачылышын, психологиясынын тереңдигин, логиканын күчтүүлүгүн, реалисттик сүрөттөөнүн жандуулугун жана мурда сөз болбой келген жаңы тема, жаңы ачылыш жөнүндө айтып жатышты.

Ал эми кыргыз сынчылары менен изилдөөчүлөрүнүн жазгандары канчалык көп болгонун атайын бир-бирден бөлүп алып шилтеме жасап олтурбай эле жалаң «Сынган кылычтын» айланасында сөз жүргүзгөн макалалар топтолуп чыккан «Рухту көтөргөн улуу сөз» аттуу китепти мисалга тартсак жетиштүү болот. Мында романдын темасы, мазмуну, идеясы, көркөм образдары , тили тууралуу да профессионал изилдөөлөр жүргүзүлгөнүн айта кетишибиз абзел.

Бул эмгекте биз «Сынган кылыч» романындагы тарыхый чындык менен автордук көркөм ой жүгүртүү» деген актуалдуу маселени карадык. Ушул мааниде чыгармадагы көркөмдөштүрүүнүн максаты, мааниси, сүрөткердин чеберчилигин, талантын аныктаган ролу тууралуу илимий-теориялык көз караштарга кайрылып өтөлү.

«Художественность без «вымысла» невозможно, не существует и настойчиво разьясняет: художественный вымысел для писателя не безответственная выдумка (что хочу то и нафантазирую) художественный вымысел для него инструмент познания действительности и воссоздания фактов, событий, лиц в таком их может и не бывшем в действительности виде и сочетаниях, но таких какие позволяют тронуть в мысль происщедщего, достичь явление или человека. Цель вымысла – организация художественного мира таким образом, чтобы он в наибольшей мере способствовал проникновению во внутренний мир персонажей, анализу их мыслей, чувств, поступков. Вымыслить – значит извлечь из суммы реально данного основной его смысл и воплотить в образ» - дейт М.Горький. Ал эми окумуштуу М.М.Пришвин: «Никакой правды не бывает без выдумки, напротив! Выдумка спасает правду, для правды только и существует выдумка» деп белгилейт.

Көрүнүп тургандай, биз «Сынган кылычтагы» тарыхый окуялардын чындыгы менен автордун кыялы, ой жүгүртүүлөрдөн жаралган окуялардын чечилиш проблемасын тикеден-тике кырынан коюп карап көрөлүчү.

Маселен, чыгармадагы полководец М.В.Фрунзе менен ырчы Токтогулдун жолушуусу, алардын Ленин менен байланыш жасаганы автор тарабынан чындыктай жазылса да, окурмандарга чындап ишеним туудура албай койду, эстетикалык таасири да болгон жок. Ушул сыяктуу окуянын өткөн күндөрү, жерлер, айыл-кыштактар, шаарлардын аталышы тарыхый чыгармаларда ар түрдүү боло берет. Кээ бир учурда жазуучу аны такыр билбестен кетирсе, кээси аң-сезимдүү түрдө өзүнчө максат менен окуя өткөн жерлердин ордун алмаштырып коет. Мисалы, атактуу орус сүрөтчүсү М.Ивановдун «Утро стрелецкой казни» аттуу тарыхый картинасындагы окуя Кызыл аянтта тартылган. Бирок ал трагедия шаардын чет жагындагы Черная Болота деген жерде болуп өткөн. Аны сүрөтчү атайлап тарткан. Ушул сыяктуу фактылар, көрүнүштөр дүйнөлүк тарыхый адабиятта көп кездешет. Т.Касымбековдун чыгармасындагы Камчыбектин жубайы Асел айымдын кайгылуу окуясы Дараут чек арасында сүрөттөлөт. Ал эми чындыгында болумуш кең өрөөн, кең жайлоого жетпеген бери жактагы Аскалы жайыгында болгон экен. Жазуучу бул фактыны мыкты билет. Сүрөткер окуянын дал ошол аймакта өтүшүн атайылап тандап алган. Окурман бул көркөм фактыдан эч кандай шек санабайт, ишенимдүү кабылдайт, сезимге көркөм таасир тийгизет. Мындай бир жагынан кызыктуу, ары татаал, чындык эмес чындыктар, тарыхый материалдар Т.Касымбековдун романында абдан жыш учурайт. Алар эч убакта кокусунан киргизилген эмес. Баарынын өз орду, аткаруу милдети бар. Жазуучу реалдуу турмушта жашабаган адамды тарыхый адам катары чыгармаларда сүрөттөгөн учурлар көп эле кездешет. Алардын баары тарыхый доорду, мезгилди башкалар менен кошо алга жылдырышып жүргөн тирүү жандар. Бирок мындай көрүнүштөр болбой, каармандарды көркөм чыгармаларга киргизүүнүн кандай зарылчылыгы бар жана кандай деңгээлде жүк көтөрүп жашап кете алышат? деген суроо өзүнөн-өзү коюлат. Ошондуктан изилдөөчү тарыхый темада жазылган чыгармасындагы негизги байланыш түйүндөрдү бар менен жоктон чындык табыштын ички жана сырткы муктаждыктарынын кандай экенин туура кармап, туура чечмелеп чыгуусу керек. Биз да ушул өзөктүү чоң сызыктын айланасында сөз жүргүзөөрүбүз бышык.

Белгилүү адабий теоретик Л.И.Тимофеев: «Художественный вымысел представляет собой тот мост, благодаря которому обобщения художника переходят в индивидиуальные картины жизни не в то же время своего общего значения. Когда мы говорим о том что образ это обобщение, мы должны помнить, что это обобщение дается художникам в конечном счете, жизненность образа возникает благодаря богатству в нем индивидуальных черт, всякого рода деталей и жизненных подробностей, придающих ему характер случайного жизненного явления, живого факта жизни, каждая из этих подробностей само по себе может и не обладать обобщающим значением, но в целом все вместе они создают обобщенную картину жизни, как бы поступающую сквозь покров, индивидуального. Образ – это конкретная и в то же время обобщенная картина человеческой жизни, созданная при помощи вымысла». Илимий- теориялык эмгектерден көрүнгөндөй, «ойдон чыгаруу», «кайрадан жаратуу»- бул турмуш чындыгынан алыстоо дегендикке жатпайт, тескерисинче дал ушундай жол менен чыдыктын не бир тереңдеги катмарлары ачылат. Турмуш чындыгы менен көркөм апыртуу туш келди эле алмаштыра бере тургандай көрүнүш эмес. Ал түгүл майда турмуштук фактылар искусствонун чоң чындыгына айлангандыгы талашсыз маселе. Орус адабиятындагы классик жазуучу А.С.Пушкин, М.Н.Гоголь, Ф.М.Достоевский, Л.Н.Толстойдун айрым чыгармаларында географиялык жерлер реалдуу аттары менен аталат да, анан ошол жерде дегеле болбогон окуялар өтөт жана ал чөлкөмдө жашабаган адамдардын тагдырлары сүрөттөлөт. Маселен, Л.Н.Толстойдун «Согуш жана тынчтык» эпопеясында Кутузов, Багратион, Наполеон сыяктуу тарыхый адамдардын катарында Пьер Безуховдой, Андрей Болконскийдей ойдон жаралган каармандар катышат. Дүйнөлүк адабияттын тарыхында Пьер Безухов классикалык каарман катары окурмандарга тарыхта жашап өткөн инсандай таасир калтырып, түбөлүккө өлбөс болуп жашап калган. Демек, классикалык чыгармадагы реалдуу географиялык аймактарда ойдон чыгарылган окуялардын сүрөттөлүшү же тарыхый адамдар менен бирге көркөм апыртууга негизделген персонаждардын көрсөтүлүшү баарыдан мурда сүрөттөөгө алган мезгил, мейкиндик аралыгында болуп өткөн окуялардын тарых чындыгын терең жана толук ачууга багытталган.

Баарыбызга белгилүү эле го, кээде көркөм чыгармадагы жүздөгөн тарыхый фактылар эч кандай маанилүү роль ойнобой, жазуучунун ойдон чыгарган бир окуясы, бир деталь штрихи олуттуу жүк көтөрүп, чыгарманын көркөм наркын көтөрүп кетет. Тарыхый роман жалаң эле жылаңач материалдан куралбайт, ага кан жүргүзүп, жан киргизип, иш-аракетке салып, кыймылга келтирип, өң-түс берип көрктөндүрүп турган сүрөткердин оргуштаган таланты, образдуу ойлонуу күчү көркөм туюнтуу каражаттарын ийкемдүү билүү чеберчилиги болот. Сергек, баамчыл устат художник гана эң мүнөздүү, эң керектүү сапат белгилерди таап, тарыхый турмуш чындыгын сактай алат.

Ырасында эле бүгүнкү күндө жашап жаткан жазуучу мындан 150-200 жыл мурдагы адамдар менен тизгиндеш жүрүп, өңү-түсүн көрүп, сөздөрүн уккан эмес. Бирок ошол кишилерди кадимкидей көргөндөй мүнөздөмө берип, жан дүйнөсүнө, психологиясына кирип, ымандай сырын ачып ачыкка чыгарып, жандуу көркөм образын түзүп, көркөм тарыхый сахнага көтөрүү канчалык кажыбас эмгекти, табиятынан күчтүү интуицияны, тынымсыз чыгармачылык изденүүнү, илим менен талантты талап этери бышык. Албетте, Т.Касымбеков өз каармандары Мусулманкул миңбашынын кантип өлтүрүлгөнүн, Нүзүп аталыктын башы алынышын, Чотон маңка Алымбек датка эңкее бергенде мойнун кырка чапканын, эр жүрөк Камчыбектин бейкүнөө дарга асылышын же Курманжан датканын өмүрү өөр таяп калганда Ташкентке барганын, Шералинин көөнөргөн чокоюн хан тактысынын бет маңайына Нүзүптүн илип жатканын өз көзү менен көрүп, ошол чындыктын түздөн-түз күбөсү болуп турган жок. Баары айкын элестеп тургандай, автор жараткан ар бир каармандын тагдыры кудум кино тасманы көргөндөй карегине батып, ички жан -дүйнөңдү солкулдатат, терең ойлонтот. Кантсе да кайдыгер мамиле жасай албайсың. Баса романдагы табылгаларга ушул күнгө чейин окурман болобу же адабиятчы, сынчы окумуштуу болобу айтор тескери сын пикирлер айтыла элек. Мунун сыры эмнеде?

Тарыхый чындыкты чагылдырган көркөм чыгарма менен тарыхый изилдөөнүн айырмасы болот деген маселе биздин эмгегибизде дайым коштоп жүрөрү бышык. Изилдөөбүздө тарыхый романдын көркөм чыгарма катары жаралышында тарыхый инсан менен өткөн окуялардын чындыгы кандай роль ойносо, автордун ойдон кошумчалоосу да ошончолук эле даражада милдет өтөп, маанилүү жүк көтөрүп жатышы, эмнелер шартталарын ичкертен алып чыгуу зарылчылыгы башкы планда турарын алдын-ала эскертишибиз керек. Окурман тарабынан алардын бир жактуу факты, мисалдар менен кабыл алынышы, жашап калуу себептери ачык-айкын көрсөтүлүп, ишенимдүү түшүндүрүлүшү абдан олуттуу маселе.

Т.Касымбековдун романдарында мындай көркөм кубулуш, бийик реалисттик ой жүгүртүү, жаңы эстетикалык ачылгалар баштан аяк кан тамырдай аралап өтөт жана жалпы жыйынтык чыгарууга да жигердүү катышат. Чыгармадагы окуя болуп өткөн жерлер олуттуу саясый маселелер чечилген учурлар, тарыхый жана ойдон чыгарылган көрүнүштөр, адамдардын өз ара мамилелери, жасаган иштери эч убакта жөн эле жазылып калбайт. Алар тарыхтын тар кыя, тайгак ашууларын байланыштырган ичке жолдорун туура табышып бергени үчүн мезгил сынынан өтүп келе жатышат, келечекте да өтөт. Ошолор аркылуу тарыхтын тарыхка өтөгөн милдети аныкталып бааланат.

Адабият таануу илиминде мурдатан сөз болбой келе жаткан мындай орчундуу маселе изилдөөнүн негизги предмети болбой келатканы жогоруда айтылгандай Т.Касымбековдун романдары жөнүндө көп жазылып, маани-мазмуну, көркөмдүк күчү, ээлеген орду туура баасын алып жаткандыгына карабастан дагы эле чындап кең, ири масштабда карала турган көп жактары бар экендиги абдан ачык көрүнүп турат. Ушуга жараша биздин иликтөөлөр тарыхый инсандарга кандай мамиле жасашса, автор тарабынан кошулган вымыселдерде ошончолук жоопкерчилик катуу талап менен каралып, ар биринин өз орду белгиленип, аткарган кызматы, кошкон салымы, көтөргөн көркөм жүгү, милдети аныкталат.

Биздин атайылап көтөрүп жаткан проблемалардын бири тарыхтын өзүндө болбогон, бирок жазуучу тарабынан кошумчаланган карапайым эл жетекчилеринин образдары менен даанышмандын санат белгилерди аркалап, заман, коомго, адамга баа берип жүрүшкөн улуу кишилердин, мисалы «Сынган кылычтагы» календер сыяктуу М.Ауэзовдун «Абай жолу» романында Базаралы, Деркембай, С.Бородиндин «Самарканд жылдыздарындагы» Тамерланга каршы чыккан козголоңчулардын башчысы Назар темир уста сыятуу Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романында Бекназар баатыр, Сарыбай мүнүшкер,Алмамбет карыя, Теңирберди дан багар ж.б. каармандар чын эле тарыхтагы адамдардай өмүр сүрүп кала алыштыбы? Алардын бүгүнкү тагдыры кандай болуп жатат? Эгерде жазуучу канчалык берилип жазып, чыныгы эл өкүлүнө жакындатып, элдин жүгүн, нускалуу тажрыйбасын аркалаган каарман кылып көрсөтүүгө аракет жасаган болсо да, эмне үчүн алар тарыхый инсандардын образына тең келе албай коюшту? Башкы себеби эмнеде? Бекназардын айланасында сөз болуш керек. Ал «Сынган кылычтын» соңку басылышында көп оңдолгон. Бул атайын жана кеңири изилдөө менен аныктап чыкчу чоң маселелердин бири. Биздин ишибизде сөзсүз буга да өзгөчө көңүл бөлүп өтөөрүбүз белгилүү.

Көркөм чыгармада кайсы тема, кайсы проблема көтөрүлбөсүн, ал баары бир көркөм чыгарма болот, эстетикалык байлык түзүүгө катышат. Ошондуктан тарыхый романдагы турмуш чындыгы менен катар автордук ой жүгүртүүнүн бирдей кабыл алынышы жана жашап калышы, тарыхый окуялар менен фактылар кенч жаратууга катышып жаткандыгы белгиленет.

Бирок ошол зарылчылык тарыхый окуяларды, факты, мисалдарды туура берүүгө, тарыхтын алга жылышын көрсөтүүгө дал келеби, жокпу? Романды сүрөттөөгө алган окуяларга катышкан каармандар өз заманынын чыныгы өкүлдөрү боло алабы, чыгармадан менчик орун табабы? Ушул маселе сөзсүз түрдө ишти баштан аяк аралап жүрүп олтурууга тийиш. Мында тарыхый чындык менен вымыселдин айкалыш гармониясын жаратып жаткан кайсы күч экенин аныктоо зарылчылыгы турат. Чыныгы профессионал, терең ой жүгүртүп жаза билген жазуучу эч убакта автордук кошумчалоону туш келди киргизе бербейт, жана ал адабий табылга чыгармада жашап калбайт. Ал эми бул көркөм ой жүгүртүүнүн синтезине жеткен сүрөткерден зор чеберчиликти талап этет эмеспи. Маанилүү проблемалардын бири чыгармадагы ойдон жаратуу менен символикалык белгилер кантип реалдуу чындык күчкө айланып каларын көрсөтүп чыгууда турат. Кантип окурман аны кыялдан жаралган же символика экенин эстен чыгарып, кадимки чындык турмуштун бир окуясы, белгиси катары кабылдоого өтөт. Ырас, романда автордук кошумчалоо менен символикалык образдар колдонулуп жаткандан кийин көркөм шарттуулук белгилер да сөзсүз түрдө чыгарманын көркөм тканына, мазмунду ачууга бап келе калган көркөм формага аралашпай койбойт.

Мына ушул белгилеп өткөн маселелер Т.Касымбековдун «Сынган кылыч», «Баскын», «Кыргын», «Келкел» тарыхый романдарынын бардыгында каралат жана туташ көркөм дүйнө ичинде ар биринин өзүнчө аткарган милдеттери ачылып чыгат. Жогоруда белгиленип жаткан ар бир проблема түрдүүчө жолдор менен ыкмаларга салынып каралат. Келкиленип бөлүнүп олтурбайт. Тарыхый кырдаалдар, түрдүү шарттар, жөнөкөй турмуштук көрүнүштөр адамдар ортосундагы ар башка мамилелер, мүнөздөр, жекече психологиясы, табият кубулуштары ар башка учурларга карата каралып айтылып келе берет. Анткени, алар ушул белгиленген көрүнүштүн ичинде жашайт. Эгерде бөлүп-бөлүп карай турган болсок, чыгарманын структуралык бүтүндүгү ажыратылып калат. Чыгарма толук бүткөн кадимки жандуу организм болгон соң, каралып жаткан белгилери ошол организмдин бир бүтүндүгүн бузуп, кан-жанынан ажыратып салбоого тийиш.

§1. Ажыбай датканын образы

«Сынган кылыч» романында ушул кезге чейин маанилүү сөзгө алына элек, белгилүү каарман катары эсептелбеген, тарыхый жана эстетикалык милдет өтөбөгөн, образ катары таптакыр каралбай жүргөн бир каарман бар. Ага чындап көңүл бурулбай келишинин негизги себеби романда кеңири орун берилбегендиги, учурда болуп жаткан жандуу окуяларга түздөн-түз иш жүзүндө катыш жасабагандыгы, болгону 15тен ашпаган көлөм берилген. Ал түгүл чыгармада анын адамдык кулк мүнөзү, психологиялык белгилери жөнүндө сыпатталып да айтылган эмес, бирок ордодо жүргөн мурдагы мезгили жөнүндө анча-мынча гана өзү маалымат бергени болбосо, башка учурлардагы өмүр жолу деле көрүнбөйт. Сыртынан кирди-чыкты эпизоддук каарман катары гана таасир этип тургандай элес калтырат. Бул – Ажыбай датка.

Чындыгында Ажыбай датканын тикеден-тике катышуусу болбой, Кокон хандыгынын тарыхы, айрыкча түп башаты жөнүндө «Сынган кылычта» керектүү маалымат да, мезгил жана мейкиндик маанисинде чындык көрүнүштүн элестери жана тарыхый доордун мүнөзү да, фактылар да болмок эмес. Ошол эле учурда көп маселени чечмелөөгө туура ачкыч да табылбай калмак. Эң аягында мындан кийинки басчу жолу, хандык, бийлик жүргүзүү үчүн болгон түрдүү формадагы күрөштүн социалдык-тарыхый, уруулук, адамдык белгилери да көрсөтүлбөй калмак. Баарыдан маанилүү, баалуу жагы, ошол учур үчүн элдин духун көтөрүп жатышы, Шералини кайрадан жасап, жаңы чоң орун ээлеген адамга хан болууга айландырууга эң биринчи жандуу түрткү берүүгө жетишкени.

Демек, Ажыбай даткада Кокон хандыгына байланышкан бардык түйүндөрдүн түпкү түйүнү, башаттардын башаты, бүтүндөй оң-тетири иштердин негизги себептери катылуу турат. Кандай гана хандык же бектик бийлик болбосун, тамыры бекем турбаса, учурдагы жалпы коомчулукту колго албаса, ал түзүлүш эч убакта узак жашабайт. Анын башында турган бийлик ээсинин өзүнө энчилеп алган моралдык укугу да, саясый укугу да бекем болбойт. Ошондуктан дайыма түпкү теги жан азык берип турчу булагы атайын эсепке алынып, бийлик талашуунун, эл башчысы болуунун негизги укуктук, моралдык орду ушул сапат белгилери менен бааланып каралып келген.

Анда Ажыбай датка дал ушул маселени козгоп, Шералиге дем берип, жанында олтургандардын ишеничин бекемдеп жатат. Адам психологиясы ушундай аң-сезимге ишенип, киргенден кийин ал аткарчу милдетти сөзсүз түрдө жүзөгө ашырууга бел байлап калат. Ошентип, Ажыбай датканын негизги милдети биринчиден Кокон хандыгынын түп теги жаатына байланыштуу санжыра тарыхтан чындыкка жакын маалымат берүү болсо, экинчиден Шералини жана элди кошо жаңы бийликке аттандырууга даярдап жатат. Шерали жалгыз аттанбайт.

« -Таяке… Мен жалгыз кайда барам… - Ажыбай датка башын ийкегилеп:

-Андан кам санаба жарыгым, деди эркелете, - бул олтурган эл сени жалгыз аттандырбайт. Бүт Аксы, бүт Талас,Чаткал сенин колуңда. Ат жалын тартып минишке жараганы сенин кошунуң жарыгым. Эмне? Жүрөксүп турасыңбы? Эч жүрөксүбө. Жумуру баштын мойнунда бир өлүм бар. Анын эртеси-кечи баары бир. Көп караламандын бири болсоң бир жөн эле, султанзаада болгон соң, ата мурасын талашпай, көр оокаттын артынан коңулда калган намыс. А намыс өлүмдөн катуу болот… сенин ыйык каның бузулуп, уругуң бачкиленип кетпесин деп, тектүү жер тандап, тубай уругунун бийи Токтоназардын кызын алып бердим. Уучуң кур эмес, артыңда үч балаң бар. Жүрөксүнөөр жөнүң жок. Сенин төрт тарабың кыбыла… - Карылыгы жеткен датка тиши жок кызыл эээгин дагы ачып, акырын энтигип токтоп, жай сүйлөп, өзүнүн оң жагында олтурган чоочун киши жакка колунун учун жаңсады. – Мына Аксынын бийи Нүзүп бий…

Суюк сары сакалдуу чукчуйган чоочун кишини Шерали алдыртан уурданып тиктеди. Ителгинин көзүндөй тирмейген тик көзү көзүнө уруна түштү.

Ажыбай датка сол жагында олтурган нооча жигитти карата жаңсады:

- А муну болсо тааныйсың. Өзүбүздүн инибиз Сыйдалы бек. Мына жарыгым, бири колбашчың, бири жолбашчың… »

Ушул мисалдан кийин эле жазуучунун канчалык даражада психолог экендиги ачык көрүнө баштабадыбы. Айткан сөзү өтүмдүү болуп, Шералинин сезимине жеткирип, дем байлатып, ишеничин арттырып, эки мүрүсүнө эки бүркүттү кондуруп койбодубу. Окурманга да ишеним кирип келе жатат. Эми Шерали козголууга тийиш. Жанында олтурган акылчысы да практикалык оор иштерди, б.а. хандыкты алууга түздөн-түз курал-жарак менен катышып, башчы болуп берчү кишиси да дайындалып калды. Ажыбай датка кантип Шералини хандык бийликке аттанууга психологиялык, нравалык, адамдык жактан, бийлик кумарынан от алдырып жолго салып жаткандай эле окурман журтчулугун да бекем ишендирип алыш үчүн автор Ажыбай датканы сүйлөтүү менен эң сонун форманы тапкан. Биринчиден, ал өтө көптү көргөн, турмуштук тажрыйбасы мол, хан ордосуна аралашып жүргөн, хандыктын жолу, бийликтин салты менен тааныштыгы бар экендиги көрүнүп турат. Экинчиден, баарына астыртан кылдат караган психолог, табиятынан сейрек кездешүүчү акылы бар, өтө зирек адам. Айтчу сөзүн жандуу кабыл алдырууну эң сонун билет, сөздүн таасирин кылдат байкайт. Ошол үчүн өзүнүн логикалык күчүн, тилин абдан иштиктүү жумшай алат. Ким менен кантип сүйлөштү, жаш өзгөчөлүгүнө, коомдук ордуна, адамдык сапат белгилерине, түшүнүгүнө, мүнөз чөйрөсүнө жараша айтууга жөндөмү бар. Мына бул мисалды окуп көрөлүчү:

«-Мына бул эл сени карап олтурат, - деди акырын, алсыз. – Жарыгым кулак салып отурасыңбы?.. – деп тээ түпкү башаттан сөз баштап келип, аягында Султан Бабурга жетип токтолот. Анткени, Шерали ошого кандаш болуп чыгыш керек. Алтынбешиктен тараган тукумга кирмек. - Шерали, угуп отурасыңбы, айланайын! Шерали аңкайып тиктеди. Сен ошол Алтынбешиктин тукумусуң… Сөздүн төркүнүнө жетпей кеңгиреп олтурду»

Ошондон бери карай жылып олтуруп, тарыхты Нарбото бийге чейин алып келет. Нарбото бийге жеткенден кийин хандыктын учугу Шералинин колуна кармалчудай болуп калбадыбы. Анткени, Шералинин атасы Хажы бий Нарбото бийдин небереси, атактуу Алимхандын уулу. Дал ушул жерге келгенде психологиялык кырдаал Ажыбай датканы кайрадан суратып жатат:

«- Шерали, кулак салып олтурасыңбы, жарыгым?. Алимхан кишиге оңой ишенбеген киши эле дебедимби. Саалдан кийин Нарбото бийдин көзү өткөндөн кийин ал кокустан такка мураскор болуп чыгып калат го деген кичине эле шектенген алыс-жакын туугандарынын көзүн жойду. Биринчи болуп, угуп олтурасыңбы, жарыгым, сенин атаң Хажы бийдин башы кетти…»

Мына ушул кыскача диалог иретине жакын айтылган сөз (жети жолу) кайта-кайта жумшак тон менен угумдуу кайталанып, сезимге жумшак кабылданып жатышында эле Шералинин психологиясына кантип тереңден кирип жеткирсем деген идеясын чеберчилик менен кабыл алдырып жатканы көрүнөт. Болгондо да Ажыбай датканын өзү кандай абалда турганы, көрүнүш абалы, андан кийин тырышчаак, бийлик кумары канында ойноп жаткан, ушул жашка келип, ушул шартта жашап турса да, алдыда чоң көксөөсү бар. Өз мезгилинде акылдуу, чоң идея менен жашаган, тажрыйбасы мол, көксөгөн максатын тезирээк иш жүзүнө ашыргысы келип жаткан практик адамдын психологиялык шартта турган абалын элестетип берген. Кокон хандыгына кыргыздын жетиши, жалпы тоолук элдердин өздөрү үчүн маанилүү козголоңу натыйжада Ажыбай датканын ошол иштерге тикеден-тике катышып, кылыч чабышып, найза сайышып жатпаса да, олтуруп алып жүргүзгөн ойлорунун, башкы идеясынын күчү менен жүзөгө ашырып жатат. Анын романдагы алган орду жалпы чыгарманын көтөргөн жүгүнө түздөн-түз кошкон салымы болот. Бардык иш мына ушул сапат белгилер менен ченелип, өлчөнүүгө тийиш.

Демек, Ажыбай датканы романга жөн эле эпизоддук каарман, же кокустан көрүнө калган кирди-чыкты бирөө дешке болбойт экен. Романдагы бардык окуяны жүргүзүүнүн эң башында турган түйүн ошол Ажыбай датканын колу менен чечилип, баарына жигердүү иш-аракетке салуу себеби да, түрткүсү да ошол болуп жатат. Ансыз романга кирген бардык тарыхый окуялардын башаты да туура болмок эмес. Экинчиден, бул жерде дагы бир атайылап көңүл буруп өтчү суроо туулуп жатат. Ал Алтынбешик уругуна байланышкан маселе. Дегинкиси, ушунда чындык барбы? Бул эмне? Жомокпу, легендабы, же чын эле тарыхый маалыматпы? Эмне үчүн окурман романды окуп жатканда чындык катары кадыресе эле кабылданып кетет. Романдагы Алтынбешиктер жөнүндөгү окуя легенда, болумуш да, элдик санжыра да, тарыхый чындык катары да жашайт. Мисалы, Бабурдун ооганга качып баратышы эч кандай талаш туудурбай турган турмушта болгон окуя, тарых барагы ырастайт. Ал эми Сейде-Бактын жолдо төрөп, анан оор шартта Алтынбешикке бөлөп калтырып кетиши жана Бабурдун баласы экендигин таанып, сүрөткө тартып алып жанында карап турган эч ким жок. Ал баланын жетилип, төрт элден төрт колукту алып, тамыр, бутак байлап өсүп кетиши да кадимки реалдуу жашап турган тарых бетине жазылып калган эмес. Ошонусуна карабай автордун оюнан жаралганы катары эсептелбей, болгон чындык сыяктуу окурмандын аң-сезимине кирип жашап калышында бир маанилүү маселе бар.

Акыйкатта көркөм ой жүгүртүү (художественный вымысел) улуу сынчы В.Г.Белинский белгилегендей тарыхый жанрдын ажырагыс жана зарыл элементтеринен экендиги белгилүү. Жазуучунун эргиген фантазиясы менен жандандырылбаган, жалаң тарыхый фактылардын, маалыматтардын карандай тизмегинен турган сүрөттөөлөр доордун чыныгы жүзүн тартып берүүдө алсыздык кылаары көркөм тажрыйбада көп жолу далилденген.

Ушул мааниде жазуучу М.М.Пришвин адабияттагы ойдон чыгаруунун мааниси тууралуу мындай дейт: «Никакой правды не бывает без выдумки напротив! Выдумка спасет правду, для правды только и существует выдумка»

Ошондуктан, А.П.Чеховдун «Художниктин көкүрөк туюму кээде илимпоздун мээсине ташып коет» деп айткандын мааниси бар. Көрүнүп тургандай, тарыхый чындык окуяларга жана өткөн доордо жашаган инсандардын турмушуна негизделген чыгармага ийкемдүүлүк менен колдонулган көркөм апыртуу же сюжеттик жагдайлар мезгилдин чыныгы духун, башкы маңызын ачууда олуттуу роль ойнойт.

Баарынан да анын Алтынбешик деп аталып жана ошол түшүнүктүн ушул күнгө чейин жашап келатышы кызыктуу көрүнүш. Бул маселени дал ушул мааниде мындайча каралып жатышы, бир жагынан татаал көрүнүш, экинчи жагынан жөнөкөй эле түшүнүк. Анткени мында санжыра да, легенда да болумуш, тарыхый чындык да, адабий көркөм шарттуулук ыкма да аралашып жашап калышкан. Баары жуурулушуп алып бир синкреттик биримдик катары негизги проблеманы чечүүдө кызмат өтөшүүдө. Ошондуктан бир жагынан ишеничтүү болсо, экинчи тарабынан анча кабыл алына бербегендей сезилип көрүнсө да, баары бир турмушта кездешчү чындык сыяктуу өтүп жатат. Демек, бизди ушундай ишенимге чакырган күч эң биринчиси көркөм чыгарманын предмети болуп берген материалдык негиз.

Экинчиси, көркөм шарттуулук табияты да катышып жатат. Үчүнчүдөн, ар кандай легенданын түп негизинде турмуш чындыгынын бир сызык, бир тамыры сөзсүз түрдө болот. Төртүнчүсү, тарых чындыгынын элементи түздөн-түз катышып турушу же ошонун бир аз бурмаланып, бөлөкчөрөөк түс сүртүлүп берилиши.

А балким Бабурдун таштап кеткени, чын эле Алтынбешик баласы эместир. Аны жандандырып жаткан башка маселе. Хандык жеке Бабурдун колунда болбосо да, ошол уруктун, ошол уруунун же этностун бир өкүлүнө тиешелүүдүр. Түбү бир болгондон кийин баары бир ошол элдин башчылары турган орун деп эсептелиши толук ыктымал. Ал идеяны сөзсүз түрдө кеңири коомчулукта аты, заты бар кишини өткөрүү эң негизги маселени чечет. Окурманды анча шектендирбей, кадимкидей тарыхта болгон окуя катары кабыл алдырып жатыштын эң маанилүү жана чындыкка жакын жагы дал ушуга байланышат. Эгерде аты-заты жок бирөөнү ошондой бийликке жеткирип койсо, ал түрдүү талашка түшөт, жакшы кабыл алынбайт жана бааланбайт. Керек болсо эртең эле тактан шыпырып ташташат. Бул турмушта сөзсүз түрдө боло келген көрүнүш. Ошондуктан, бул маселени бийлик жүргүзүүдө хандык орунга жетүүнүн өзүнчө бир ийкемдүү ыкмасы деп түшүндүрүүгө негиз бар.

Жыйынтыктап айтканда, эң башкысы хандыкка көтөрүлө турган адам өз тукуму болбосо да, түпкү тек жайы боюнча бир этностук же чоң уруулук топтун өкүлдөрүнүн болгондугунда. Бир мисал келтирели. «Сынган кылычтагы» Исхак Асан уулун хандыкка көтөрүүдө чыныгы хан тукумунун атын жамынтып чыгарышкандыгы баарыбызга белгилүү. Анткени тактыга отурууга Исхактын эч кандай моралдык да, укуктук да тиешеси жок болчу.Бийлик төбөлдөрдүн негизги максаты хандыкты алуу болгон. Иш жүзүндө башкаруучулукту бийликтегилер жүргүзөт. Аларга Исхактын аты гана керек. Алтынбешик дал ушул сыяктуу ыкма, саясат, идеология маселесине тикеден-тике байланыштуу чечилет десек аша чапкандык болбос.

Негизги бийликти жүргүзгөндөр ошол элдин, уруунун өкүлдөрү болгондугунан башка элдерге ушундай жол менен жарыялап өткөрүп кое бериши эч кимге шек туудурбайт, буга кошумча элдин чын эле түптүү эл экендигин, тарыхта башка этностук топтордой эле турганын хандык күтүү, бийлик жүргүзүүгө жарай турганынан кабар берүүгө жана өзүнүн эл катары башкаларга таанытууга ушул аркылуу жол ачып алышы үчүн болгон зарылдыктан келип чыгууда. Кыскасы, Ажыбай датканын Кокон хандыгынын тарыхы, тарыхый чындыктын негизинде жазылышына биринчи ачкыч болуп жатканын өзгөчө баса белгилөө жалгыз эле анын акыл-эсине, иш тажрыйбасына берилген баа эмес. Кокон хандыгынын басып өткөн жолунун туура айтылышына, туура көрсөтмө, багыт берип жаткан эң башкы ачкыч болуп милдет аткарат. Мына ушул көркөм ыкманы таба билүү жазуучунун чыныгы тарыхчы, реалист романчы экендигин абдан ишенимдүү түрдө көрсөтө алат.

§ 2. Нүзүп бийдин образы

Залкар жазуучу Т. Касымбековдун «Сынган кылыч» романындагы негизги каармандын бири болуп Нүзүп эсептелери окурман журтчулугунун баарына белгилүү эмеспи. Бул жөнүндө адабиятчылар менен тарыхчылар жазып келе жатышат. Ар бир тармактын өкүлү өз илиминин табият талабына жараша мамиле жасай турганы өзүнөн-өзү түшүнүктүү. Адабиятчы адабиятчылык, тарыхчы тарыхчылык милдетин аткарышы керек. Мисалы, тарыхчылар ал инсандын качан, кайда туулганы, көзү өткөнү, окуя кайсы жерде болгондугун архивдик, документалдык материалдын негизинде так көрсөтүүгө умтулат. Чындыгында тарыхчылардын изилдөө обьектиси, милдети ошого багытталган. Ушул мааниде адабиятчылар болсо, баарыдан мурда ошол адам, ал жашаган ошол окуя жөнүндө жазылган көркөм чыгармаларга эстетикалык сапат деңгээли эсепке алынган талап боюнча мамиле жасашат.

Анткени жазуучу тарыхый фактологиялык изилдөө жаратпайт. Ал өз чыгармасына предмет болуп берген ошол тарыхый доордун духун, учурда ишмер адамдар алып чыккан, жүргүзгөн иш-аракети белгилүү, коомдук түзүлүш табиятын, саясый, тарыхый, психологиялык, философиялык байланыштарын көркөм образдар аркылуу чагылдырып, өзүнүн жалпылаштырылган жыйынтык сөзүн айтат. Тарыхый окуялар менен фактыларды тарыхчылар кандай карап жатышканы менен сүрөткер жазуучу кантип көрсөтүп бергени биз сөзгө тартчу «Сынган кылыч» романындагы Нүзүптүн образынан салыштырмалуу планда аңдаштырып көрсөк абдан жакшы болор эле. Алсак, Нүзүп бий жөнүндө жазган профессор Т. Кененсариев жана жаш тарыхчылар Ж.Алымбаев, Т.Дадабаев, Ы.Юсупов адабиятчы Д.Чокоевалардын эмгектеринде бир эле реалдуу конкрет тарыхый фактылар кандайча каралып изилденди да, Т.Касымбековдун романында кантип берилгенин өзүбүзчө баа берип өтсөк эле айтылып келаткан оюбуздун чындыгы, тактыгы, жалпылыгы, айырмачылык, эң негизги сапат белгилери менен алдыга чыга келери бышык.

Мисалы, профессор Т.Кененсариев «1844-жылы Кокон ордосунда Нүзүп бий баштаган кыргыз төбөлдөрү күч алып турган кези эле» десе, адабиятчы Д. Чокоева «Адегенде эле эскертүүчү нерсе: менин жеке пикиримде, Нүзүп тарыхый инсан болгону менен чыгармада сүрөттөлгөн башка тарыхый каармандарга салыштырмалуу анда жазуучунун өздүк кошумчасы (вымысел) көбүрөөк, бирок, автордун көркөм чындыгы архивдеги маалыматтарга салыштырмалуу, логикалык жактан алда канча ырааттуу, ишенимдүү. Жазуучу фактыларды сокур түрдө ээрчибестен логикалык жактан өзүнчө өнүккөн көркөм чындык жараткан жана ал чындыктан тарыхый чындык эч бир жабыр тартпайт. Тескерисинче, архивдик булактардын көп жерлери түшүнүксүз, байланышы жок берилген фактылар чыгарманын ички себептери, өбөлгөлөрү менен ачылып берилип, тээ заманда болуп өткөн тарыхый окуялар окурмандын көз алдына жандуу картина мисал тартылат» .

Ал эми жаш тарыхчы Ж.Алымбаев: «Өз доорунун көрүнүктүү мам-лекеттик ишмери, саясатчы, аскер башчы Нүзүп туурасында али таптакыр изилдене элек, болгону ал жөнүндө кыргыз эл жазуучусу Т. Касымбеков «Сынган кылыч» романында гана сөз кылган. Албетте, жазуучу бул чыгармасында Нүзүптүн толук ишмердүүлүгүн ачып берген эмес» - деген.

Маселенин маанисине жете бербей ойку-кайкыраак чаташы бар ойлор менен илимий стилге да, публицистикалык стилге да, көркөм чыгарманын стилине жанашпаган кириш сөзүн окурманга сунуштаптыр. Ушул эле автордун Нүзүптүн өлүмү жөнүндө тарыхый фактыны кантип жазгандыгын окуп көрөлү: «Нүзүп миң башы баштаган топ атчандар Ярмазарга келгенде аларды буктурмада Мусулманкулдун жигиттери күтүп жаткан эле. Караңгыда күтүүсүздөн эки топтун ортосунда чабыш башталат. Эч нерседен бейгам келе жаткан Нүзүп шашылыш түрдө ат үстүндө кылыч сууруп, чабууга киришкен. Көптүк кылган Мусулманкулдун жигиттери 12 жигитти тез эле тынчытышат да, көпчүлүк болуп Нүзүпкө кол салышат. Көптөп миң башыны аттан оодарып жыгытып, колун таңып, оозуна чүпүрөк тыгышат. Ошондон кийин гана каракчылардын ким экени жана бири менен мурун ага жолугушкан жети календердын кебин эми гана эсине түшүрөт. Колу байланып, оозу таңылган миң башыны Мусулманкулдун жигиттери Ярмазардагы Шахид Мазарына алып барып өлтүрүшөт. Бул окуя 1844-жылы болгон эле» .

Нүзүп миң башынын өлүмү туурасында ошол доордун тарыхын жазып калтырган Мулло Гарип Маргиланинин «Нүзүп миң башы Ярмазарда Шерали хандын душмандары тарабынан өлтүрүлгөн», - деп жазып кеткен. Автор бирок кайсыл адам тарабынан өлтүрүлгөндүгү жөнүндө маалымат жазбаган.

Ошол окуя туурасында Кокон хандыгынын саясий тарыхын жазган окумуштуу В. Наливкин: «Нүзүп Маргалаңга 1844-жылы жиберилген, Маткерим-Ясаул деген адам тарабынан өлтүрүлгөн», - деп белгилейт.

Дагы бир факты Ж. Алымбаев «1844-жылдын махрам айында Кокон хандыгынын мамлекеттик биримдигин сактоо үчүн күрөшкөн, кыргыздын чыгаан уулдарынын бири Нүзүп миңбашы Маргалан шаарындагы пайгамбарлардын сөөгү жаткан Ярмазар көрүстөнүндөгү Сопу Наби хандын жанына коюлат», - дейт.

Биз атайылап бир нече изилдөөчүлөрдүн эмгектеринен келтирилген мисалдардан кыйла эле ой жүгүртүүгө предмет болуп берчү материалдар бар экенин көрүп жатабыз. Алар түрдүүчө сабат жана сапат деңгээлге ээ болуп турат. Алсак, профессор Т. Кененсариевдин жазганынан жалпы эле абстрактуу ойлор бир-эки гана статистикалык маалыматтар окулду. Болгону саясый абалдын 1844-жылга туура келиши жана Нүзүптүн өлүмү. адабиятчы Д.Чокоевадан алынган мисалдар эки түрдүү мааниге ээ болуп, бир эле фактыга адабиятчы жана тарыхчылардын жасаган мамилесинен азыраак кабар берилет. Негизинен жазуучунун талант күчү аркылуу Нүзүптүн аты ошол кездин саясий кырдаалына тиешелүү чыккан учурларда тарыхый чындыгына жакын келип, окурмандарга таасирин тийгизип жатканын түшүндүрөт.

Ал эми Ж.Алымбаевдин китебинен келтирилген мисалда айтылып өткөндөй, жалгыз гана Нүзүптүн өлгөнү 1884-жыл экендиги, окуя Ярмазарда болгондугу тарыхый фактыга жакыныраак болбосо калган маалыматтар реалдуу чындыкка да, эстетикалык таасир этчү жандуу күчкө да туура келбей жаткандыгы айдан ачык көрүнүп турат. Мисалы, Нүзүптү Ярмазардын жанында Мусулманкулдун аскерлери кандай ыкма, амал-айлага салып, адегенде 12 жигитин жайлап жиберишип, анан өзүн аттан оодарып түшүргөнү, оозуна чүпүрөк тыга салып, нарыга жүктөп өлтүрүп жатканын автор карап олтуруптурбу, же тарых барагында ушинтип жазылып калыптырбы. Ушул тарыхый чындык катары жарытылуу милдет көтөргөн жүгү жок кургак маалымат, сезимге да, акылга да жукпаган кургак сүйлөм. Ж.Алымбаевдин «Нүзүп бий» (Б., 2000) аттуу китебинин бөлүмүндө бул тема изилдене элек деген пикири автордун өзүнүн биз сөзгө тарткан ыкмасына өзү жооп берет. Анткени тарых илими тарых чындыгын мынтип изилдеп ача албайт. Азыркы келтирилген мисал реалдуу факты да болуп бере албайт. Буга караганда Д.Чокоеванын айтканында аз да болсо жандуу ой бар.

Нүзүптүн адамдык, коомдук-саясый ишмердик даңкы, тарыхтагы орду же тарыхый фактологиялык чындыкка жатпаган, же илимий изилдөөгө кирбеген мындай кургак жазмалардан ушул кезге чейин аты чыкпаган Нүзүп романчы Т. Касымбековдун «Сынган кылычы» аркылуу дүйнөдө көптөгөн элдерге таанылып баратпайбы. Роман жарыкка чыкканга чейин жөн эле паланчанчы жылы тулуп, түкүнчөнчү күнү өлдү деген сыяктуу кургак маалымат бар эле. Аны айрым бир тарыхчылар менен бирге тууган-уруктары гана билчү. Биздин оюбузча, Нүзүп аталыкты ушул Ярмазарда өлтүргөнү тууралуу сөз болуп жатат. Алсак, В.П.Наливкин да, Габи Маргиланын да, Ж.Алымбаев да өз маалыматтарында баары тең дал ушул фактыларга токтолуп жатышы да сөзсүз түрдө тарыхый фактологиялык чындыктын негизи бар десек болот. Кайталап айтчу сөз, тарыхчы болобу, адабиятчы болобу эң оболу маанилүү, абдан баалуу маселени ким көтөрүп чыкты, жалпы окурман журтчулугунун көңүлүн бурууга ким биринчи жарады деген проблемаларды чечмелөөгө, көтөрүп чыгууга тийиш.

Азыркы өзүбүздөн конкреттүү изилдөөгө алган негизги сөзүбүзгө келели. Алдын ала эскерте кетели, биз бул каармандардын ар бир таштаган кадамын, бүтүндөй баскан-турганын, үтүр-чекитине чейин изилдейбиз. Биздин иликтөө проблемабыз ачып чыгууга, жакшы предмет болуп берүүгө жараган жана романда көркөм образ катары чоң мааниге ээ болгон учурга гана көңүл бурабыз. Жогоруда айтылып өткөндөй «Сынган кылыч» баарынан мурда көркөм чыгарма.

Т. Касымбековдун «Сынган кылычында» Аксы бийи Нүзүп бардык тарабынан кеңири иштелип чыккан жеке өзүнө гана ишенимдүү мүнөзү бар, эрки күчтүү, турмуштук тажрыйбасы абдан бай, ар кандай турмуштук, саясий, татаал кырдаалдан чыгып кетүүгө даяр, нарк-насили, коомдук ишмердүүлүк масштабы чоң, улуттук духу күчтүү, алыстан калкайып көзгө көрүнүп турган жандуу классикалык образ экендиги бизге чейин эле изилдөөчүлөр тарабынан айтылып белгиленип өткөн. Биз аларды көп жагынан кайталап олтурбайбыз, өзүбүздүн проблемага тикеден-тике тиешеси бар эң негизги жана романдагы маанилүү, саясий, тарыхый, психологиялык жана көркөм дүйнө маселелерин чечкен үч учур, үч бөлүмдү талдоого алып көрсөк эле жетиштүү болот. Анткени ушул үч бөлүмдүн тегерегинде анын коомдук орду, көркөм образ катары тагдыры чечилет. Биз издеп тапкыбыз келип жаткан вымыселдик, көркөм шарттуулуктун эң сонун үлгүсүн көрсөткөн үч эпизодду карап чыгуу менен калган маселелер өзүнөн -өзү түшүнүктүү болуп калат. Мына ушул чоң толкун көптөгөн саясый-коомдук ишмердүүлүктүн башаты кантип ачылууга жол алып жаткан жери Нүзүптүн керемет түшү болуп эсептелет. Баарынын башаты ушул эпизоддон өз сөзүбүздөн баштап мисалга кайрыла берели: «- Журт, мен силерди топтоп отурганым… Мен бир түш көрдүм…Мына ошону жорутайын деп топтодум эле… - деди.

Кишилер Нүзүптүн оозун карап калышты.

- Айт. Мырза, айта бер, жоруйлу дилибиз жетсе! – дешти төрдөгү карылар. Нүзүп бирпас толкундап, мукактанып түшүн айтты:

- Эң бийик, көк жашыл тоолордун үстүндө жүргөн экенмин…

Бир тоодон бир тоого аттайм…Бир тоодон бир тоого сунсам колум жетет. Бир тоодон кыйкырсам бир тоонун кийиги шагырап үркөт… Бул эмнеси?.. Бирок, түзүк моокум канбады… Бат ойгонуп кеттим… Бул эмнеси?..

Кирпиктер гана кыбырап үй ичи тымтырс болуп кетти. Мындай шумдук түштү ким көргөн? Ким жооруган? А Нүзүптүн жүрөгү алып учуп, көөздөрү диртилдеп, отургандардын кабагын, иреңинин кубулушун сабыркап тиктеп, жооп күтүп турду.

- Жакшы… - деп, төрдөгү карылардын бири киркилдеп сүйлөп келатканда, Нүзүп:

- Токтоңуз! – деп оозунан сөзүн сууруп алды.

- Түзүктөп жооруй алар түрүңөр көрүнбөйт. Түш бир айтуудан бузулат, бир жоруудан бузулат дешет го. Мына эмесе, мен өзүм жорудум: эң бийик көкжашыл тоолордун үстүндө жүргөнүм – мартабам көтөрүлөт экен, бир тоодон бир тоого аттаганым, бир тоодон сунсам колум бир тоого жеткени кулачым узарат экен, даңкым алыска жетет экен, бир тоодон кыйкырсам бир тоонун кийиги шагырап үрккөнү бийлигим чоң болот экен… хан болот экенмин… Оомийин, аллаху акбар!-деп бата тартып жиберди. Кай бирөө чын ниети менен, кай бирөө тамашага чалып, дуулдап бата кылышты. Эл тарады» .

Түш көрүү мотив дүйнөлүк фольклордо, адабиятта кеңири учураган салттык ыкмалар, психологиялык мотивировкаларга жатары көпчүлүккө кеңири маалым. Романдагы түш көрүү аркылуу бала чагынан баштап эле башкаруучулук бийликке чапчаң умтулуп келаткан Нүзүптүн келечегинен кабар берүү экендигин илгиртпей баамдоого болот. Нүзүптүн түшүнүн элге жарыяланышы, өз маалына жетип ичкертен даярдалып өнүгүп бышып бүткөн башкы мүдөөсүнүн жарылып чыгуу учуру жеткенин көрсөтүү болгон. Чындыгында ал түштү көрбөсө деле эртеби, кечпи ошрндой бийликке шык байлатып, күрөшкө салып чыкчу күчтүн негиздери турат: Биринчиден, Нүзүптүн ата-тегинен бери кандан-канга өтүп келе жаткан бийлик кулады. Экинчиден, анын иш–тажрыйбасы бийлик жүргүзүүгө даяр экендиги өзүнөн-өзү түшүнүктүү болуп калган. Үчүнчүдөн, күтүлгөн жана күтүлбөгөн саясый шарт бышып жарылууга учур келди.

Нүзүп табиятынан кыраакы адам, ал өзүнүн ички чөйрөсүндө жашоодо көрүп, билип жүргөн практикалык тажрыйбага ээ болуп, андай иштерге бышып бүткөн, табиятынан эл башкарганга жөндөмдүү. Кандай милдет жүктөлсө жазуучу көтөрүп кетүүгө да, аткарууга жарап кетчү көркөм форманы табуу менен оригиналдуу ыкманы жеңиштүү да, опурталдуу да иштерден Нүзүптүн качантан бери жетсем деп асырап, умтулуп жүргөн бардык идеалы, жан-дүйнөсү кантип ачылууга тийиш экендигин кеңири көрсөтүүгө өзүнө жол таап алган. «Сынган кылычта» Нүзүптүн түшү жазылган беттер эң күчтүү керемет жазылган эпизоддорго кирет.

Мурдагы жазуучулардын чыгармаларында кездешпей турган терең маанилүү жана көркөмдүк милдет бар кайталангыс керемет табылга. Бул мотивдин берилиши алдыда бир көрчү коомдук, саясый күрөштүн жеңип болбой турганына, мындай улуу иш сөзсүз чоң курмандыкты талап этерине бактылуу ачылыш, трагедиялуу жыйынтык менен бүтөрүнө да азыртадан ишаара берип жатканын Нүзүптүн өмүрүнүн соңуна чыкканда ачык билебиз.

Чындыгында Нүзүптүн түшү канчалык кызык, ары тамшантып арманда калтырып турса, анын кадимки турмушта болгон жашоосу, жетекчилик ишмердүүлүгү кеңири арым таштап, бирок аягында кыйрап бүткөндө да, эрки күчтүү, өз элинин мүдөөсү, келечек орду үчүн күрөшө билген духу күчтүү адамдын идеясын алып жүргөн каарман катары жарышып чыга келди.

Бул образда бөтөнчө маани берип көңүл бурчу эки учур бар. Биринчиси, жазуучунун чындап тереңдеп адам жан-дүйнөсүнө кире билүүгө болгон табигый жөндөмдүүлүгүнөн дээрлик психолог сүрөткер экендигинин белгиси. Экинчиден, абдан элестүү, жандуу, конкреттүү деталь, штирхтер менен берилген образ Т.Касымбековдун тубаса художник калемгер эккендигин көрсөтүп турат. Жогоруда айтылып өткөндөй Нүзүптүн түш көрүшү жана калайыкка жарыяланышы психологиялык келечек мүдөөгө болгон умтулуш учуру окурманга мындан ары саясый жүрүш дегеле жеңил болбой тургандыгын, ал гана эмес кейиштүү из калтыруу менен бүтөөрүн автор ушунчалык кылдаттык менен изилдеп таап табигый жуурушулуштурган. Мындан ашыкча сөз да, туура эмес сүрөттөлгөн боек да жок.

Бул эпизоддо автор шарттуулуктун күчүн чеберчилик менен колдонду. Албетте, буга жазуучу көп изденүү менен жетишкен. Нүзүп абасы таза, жери кооз, суусу тунук, тоосу бийик өрөөндө туулуп-өсүп түрдүү чөйрөдө болуп, иш жүргүзүп келе жаткан жетекчилик ийкеми күчтүү адам. Мындай адам практика жүзүндө да шар аткарчу милдетке туруктуу, көздөгөн максатынан кайтпаган да өктөм, өтө чечкиндүү сапат белгилери менен жашап кала берет. Адамды коом кандай тарбияласа, өзүнүн тек жайынан бери канында ойноп келаткан табигый шык-жөндөмү ишке салып тургандай эле, ага жаратылыш тартуулаган адам мүнөзүн адам эрки менен психологиясы күч жиберип, жандандырып турган табигый белегинин орду, таасири кандай ачылып чыгары да дал ушул романдан жакшы көрүнөт.

Демек, автор бекеринен Нүзүптүн эң бийик көк жашыл тоолорунун үстүндө жүрүп, бир тоодон сунган колун бир тоого жеткирип, жыты аңкыган кооз жерлерде аралатып түш көргөзүп жаткан жок. Бул көрүнүш ошондой көрүнүктүү жерде жетилген Нүзүптүн психологиясында бекем орноп калган эле. Дегеле Т.Касымбеков сөзгө да, салыштырууга да оригиналдуу көркөм мотив табууга да, ал форманы ар кандай баскычтагы билими, түшүнүгү бар окурмандарга жеткире билүүгө чебер жазуучу. Ал жаңыча көркөм ыкмаларды табууга, деталь, штрихтер менен иштей билүүгө, ар түрдүү шартта кыймыл-аракетте сүйлөө, шилтөө манерасын жандуу элестетип, жандуу таасирин тийгизип турчу күчкө жеткире иштөөнүн эң мыкты үлгүсүн көрсөтө алган. Нүзүп ошол түшүн өзү жооруп, өзүн элге тааныткандай эле автордун мындан кийинки көркөм образдары да бөтөнчө мааниге, көрүнүшкө, бөтөнчө адамдык сапат белгилерге ээ болоруна окурманды алдын ала ишендирип салды.

Мыдан ары карай автор ири тарыхый личностун образын түзүүдө Нүзүп деңгээлинен түшүп кетпөөгө өзүнчө чен-өлчөм жасап алган сыяктуу, окурман да алдыда жолукчу образдардын өзүнчөлүк күчү чоң болорун күтүшөт. Алар айтып-айтпай жазуучуларга ошондой талапты коюп алышат. Нүзүптүн ар тараптан терең талдоого алынып, сапат белгилери жаркын ачылып турушу, анда дагы ачыла элек зор мүмкүнчүлүктөр жатканын биз Ажыбай датканын ага берген баасынан, ички ишениминен да сезип биле алабыз. Шералиге болгон ишти түшүндүрүп, Коконго хан ордосуна аттандырууга даярдап бүткөндөн кийин Ажыбай датка: «Нүзүп үкем, баштаган ишиң кыйын иш - деди ал ойлуу. - Бирок мезгилдин күчү сен жакта, мунун өтөөсүнөн чыгасың», – дегенде окурманга ачык айта албаган абдан зор ишенич жатат. Эгерде анын күчтүү дареметин сезбесе, тубаса көптү көргөн, тажрыйбалуу Ажыбай датка акырын жыйынтык сөзүн Нүзүпкө кайрылып айтмак эмес.

Мына ушундан баары Нүзүптүн образы ар тарабынан: көркөмдүүлүк, психологиялык, тарыхый-социалдык жактан абдан кылдаттык менен иштелип чыккан. Л.Толстой айткандай: «Ар бир кыймылын колго кармап көргүдөй» жандуу, ким менен болсо да өз деңгээлинде сүйлөшө ала турган акылы тунук, жөндөмү бар чечкиндүү, ары адамгерчиликтүү мүнөзгө ээ болгон кайталангыс каармандардын образын автор жаратып таштаганын көрүп жатабыз. А. Осмонов: «Акындын эки өмүрү бар, бирин өзү жашайт, экинчисинде ыры жашайт» деген экен. Ошондуктан сыйкырдуу калемдин күчү кыска өмүрүн жашап кеткен Нүзүпкө узак өмүр берип салыптыр. Ал эми тарыхтын бир барагына жазылып калган, болгонун эч ким угуп көрбөгөн бул түш эмнеси менен кадимкидей чындыктай кабыл алынып жатканына акыркы жооп бар. Түш сырткы гана форма, аземдүү жасалга, анын ичинде тарыхый жүрүштүн, доордун мүнөзүнө, элдин духуна, бийлик, байлык кумарына, ушулардын айланасында сөзсүз түрдө болуп өтчү чындык белгилерге дал келчү өзөктүк салаалар жашайт.

Эми «Сынган кылыч» романындагы ашкере маанилүү экинчи бир мисалга кайрылып көрөлү. Бул Нүзүптүн түздөн-түз бийлик жүргүзүүгө киришүү алды. Нүзүп Кокондогу ордого келгенден кийин жасалгалуу диванхана толгон шаардын бүтүндөй аттуу-баштууларынын алдына Шералини алып чыгып, хан таажысын кийгизип, такка отургузган учур окурмандарга бөтөнчө таасирдүү эмеспи. Анткени, ушул тарыхый-саясый кырдаалда Нүзүптүн бардын өзүндө болгон турпатында, жан дүйнөсүндө бийлик жүргүзүүнүн тамыр бутактары, салаалары дал ушул жерден бири ачылса, экинчисинде бөртө баштайт, үчүнчүсүндө урук ташталат. Нүзүптүн түпкү көздөгөнү жалгыз эле Шералини хан тактысына олтугузуу эмес, өзүнүн келечегине жол ачуу, хандыкта үстөмдүктү жүргүзө турган ыкмаларды табуу, Шералинин дайыма башын көтөртпөй, ар кандай көрсөтмөлөрдү тизе бүгүп аткарып турууга азыртан эле ордодогулардын сесин алып коюуга жасалган бүтүмү, моралдык укугунун бекемдигине мөөр бастыруу болчу. Эмне үчүн ал чокойду илдирди, болгондо да бийик жерге илдирип жатат? Эмне үчүн кожолорго көөнөргөн көөн чокоюн чечтирип жатат? Эмне үчүн Шералиге кайрылып сөөмөйү менен көөн чокойду көрсөтүп насаат айтып жатат? Маселенин баары эртеңки жигердүү жүргүзгөн иштер ушул жерден башталат. Адегенде биз анын сөзүн, өз оозунан угуп алалы:

«-Шерали! Мына карагым эми сен журт эгесисиң. Журтка кайрымдуу бол! Бурадарга ийкемдүү, күйүмдүү бол! Акылдуунун тилин ал! Көздүүнүн артынан ээрчи! – Чокойду колун сунуп көрсөттү:

- Тээтиги жаман көөн чокой… Шерали, сен тааныйсыңбы ошону? Ал сенин өткөн күнүң, Шерали… Ошол өткөн күнүңдү, ошол карыптыгыңды эч качан унутпа, күндө көрүп отур. Ал алтын такка чыгарган күчтүү кудуретти сага күндө эстетип турсун… Кара баштуу адамдын өмүрүнө, калың тайпа журттун тагдырына ойлук кылганыңда бул чокой дайыма маңдайыңда болсун. Бул сени көптүрбөсүн, эсиртпесин…»1

Мына ушул Нүзүптүн айткандарынын ичинен биздин көңүлдү бөтөнчө буруп турган жери «Алтын такка чыгарган, күчтүү кудуретти сага күндө эстетип турсун…» деген сөзү ойлонтот. Ал кудуреттүү кол кимдин колу? Албетте, Нүзүптүн колу. Ушул сүйлөмдө канча маселе чечилиши керек экендиги жөнүндө ишара берилүүдө, анын эстетикалык таасирине караганда саясый жагынан баалуулугу өзгөчө кубаттуу көрүнөт. Чокойдун илинип турушу Шералиге түз айтылып турган акыл-насаат менен эле чектелип бүтпөйт. Нүзүп үчүн эң башкысы мында: биринчиден, Шералинин духун төмөндөтүп коюу, экинчиден, анын ошол эң чабал жактарын шаардын оңчой билермандарына көрсөтүү, эртең алардын үнү бийик чыкпашы керек. Бардык башкаруучулук негизинен өзү айтып жаткан «кудуреттүү кол» жүргүзүүгө тийиш.

Ал эми кожолорго Шералинин көөн чокоюн чечтирүү менен алардын кадырын кетирип, керек болсо силер биздин чулгообузду жууп турасың деген тымызын эскертүү бар. Жөн эле турган бирөөнүн шамшаарын жулуп алып, өзүнө кактырып турушунда сөздүн өтмө маанисинде тегин жерден жасалган жок, анын ары жагында башкача ой, бөлөкчө туюнтмалар бугуп жатат. Хандык бийликтин алдында өзүңө өзүң казык болуп берет, ал казыкты сен кагасың, өзүңүн алың жетпесе дагы бир катмардын өкүлүнүн мүрүсүнө чыгып туруп кагасың. Чоң бийликтин астында сен эч ким эмессиң, мындан аркы бийлик катуу болот дегенди туюнтууда. Чындыгында өзү аталык болоорун дайындап алган, азыр официалдуу түрдө жарыя кылаарын билет.

Дегинкиси романда көөнөргөн чокойдун илиниши, болгондо да хан күн сайын көрүп, карап турууга ылайыкталышы көп маани менен түүшүндүрүлөт. Муну окурман көркөм шарттуулук же символдук туюнтма катары карашы мүмкүн, өтмө мааниде, саясый акцент берип бааласа да болот. Тарых чындыгында эгерде жетекчи адам басып өткөн жолуна туура мамиле жасап, туура берилген акыл, кеңешти баалай билүүгө дарамети чектелүү болсо, ал башкаруучулукка да алы жетпей баштаган иши трагедия деген маани туюндурулат. Анткени, бийлик башына татыктуу киши келиши керек. Ал киши өткөн эл тарыхында өзүнүн өмүр жолун туура аныктабай билип, аны бүгүнкү жана эртеңки күнгө канчалык даражада жакшылыгы, же кесепеттери тиерин эске салып жоопкерчиликте жүрбөсө, Шералинин тагдыры туш келе турганын ичтен айтылган чакырык, окурмандарга карата үндөө деп түшүнсөк болот. Бул көрүнүш Шералинин доору менен бүтпөйт, чокой алмашылган менен бийлик жүргүзүүнүн түпкү табияты сакталып калган, ал дайыма кайталана берет, болгону сырткы форма өзгөрөт.

Биз ушул чокой окуясынын айланасында болгон кеп сөздөн жалаң гана бийликке отургузуунун салтанатын, хандыкка ким келгендигин, окуя чын эле ошондой болгон же болбогондугун көрүп жатканыбыз жок. Баарынан мурда автор ойлоп тапкан көркөм форма жандуу чындык катары кабыл алынып жатканы көңүл бургузат. Бул көрүнүш тарыхта болгон окуядай түшүнүк калтырат. Эмне үчүн? Реалдуу тарыхта Шерали чокой кийип келгенин көргөн адам болгонун тарых барагына деле жазылбаптыр. Ал чокой Шералинин акыл-эс, нарк-насилин эмне экендигин туюнтуу иретинде тандалып алынган. Чындыктын ички өзөгү аны кийген чокоюн айтуу эмес, ошондой кишинин бийликке келиши, чокой бүгүн кийилип, эртең ыргытылып ташталган сыяктуу эле, тагдырга ээ болуп жарабай турганын кошо туюнтулуп жатканы үчүн бизге кадимки окуядай кабылданат. Бул жазуучунун фантазиясынан табылган чындык. Жандуу керемет катары тарых чындыгына шайкеш келгендей формага салынып, чындык катары ырдап, окурман аң-сезимине киргизип жиберүүгө жетишкен талант күчүн көрсөтөт. Кадимки тарыхта болгон жандуу окуя сыяктуу кабылданат, анын мунун негизинде тарых чындыктын жылышын бузуп көрсөтпөй турган түпкү чындыктын өзөктүк үлүшү бар.

Кыязы, кезеги келип калды го. Эң маанилүү маселенин баары чечилчү дагы бир маселеге көңүл буралы. Нүзүптүн бүтүндөй өмүр жолу, бийлик жүргүзүү ишмердүүлүгүнүн аягына чыгышы, адамдык нарк-насилинин акыркы сыноодон өтүшү, романда кантип көрсөтүлгөнү сөзгө алынат. Нүзүп өлүм жазасы жөнүндөгү жарлыкты өз колуна кармап, баарына түшүнүп бүткөндөн кийин, тактын бат маңдайында илинип турчу чокой чалынбадыбы көзүңө – деп Маткерим желдеттен сурайт.

«- Диванда Мусулманкул да бар бекен?» - дейт.

Көрсө, анын тагдыры ошол эки маселеге байланышкан экен. Башка жол калбаптыр.

Эми өлүмдү кантип тосот? Күндү бир карап алууга чоң чынар теректин түбүндө, көк чөптүн үстүндө эки рекет намаз окуп алууга суранат. Мында Күн да, чынар терек да, көк чөп да тирүүлүктүн символу. Бүт өмүрү ушулар менен өткөн. Азыр көзү жумулса булар да жок. Жашоонун бардык кызыкчылыгы бүтөт. Намаз окуп жатканычы? Азыр жан берер алдында өзүнүн өмүр бою бекем тутунуп, бар акыл-эс, кан-жаны менен кастарлап келген башкы ишеничи мусулманчылык, адамдык парзы кошо көрүнөт. Тирүүсүндө булар менен да коштошуп, а дүйнөгө акталып же караланып жатканын айтып калыш милдет. Кимде карызы бар, кимдин канын төктү, кимдин көңүлүн оорутту, баары чындыкты бузбай айт деп турушат. Зор адамдык сапат белгини дал ушул жерде көрүүгө тийиш. Аны биз Нүзүптүн өзүнөн ашыра көрүп, так айтып бере албайбыз. Ошондуктан Нүзүп бийдин сөзүнө кулак салалы:

«-Менин өлүмгө баратканым менин жамандыгымдан эмес… Менин каталыгым эмес…» деп ойлоду ал. Өзүн-өзү жубатты. Өзүн-өзү өлүмгө даярдады. Эсине баягы шумдуктуу түшү келди. «Гм… Баары келди… Бийик тоодо жүргөнүм мартабам көтөрүлгөнү болду. Бир тоодон туруп сунсам колум бир тоого жеткени даңкым алыска кеткени болду. Бир тоодон кыйкырсам бир тоонун шагырап үрккөнү бийлигим чоң болду… Баары келди. Баары өзүм жооругандай келди… Аттиң ошондо түзүк моокум канбай калды эле, бат ойгонуп кеттим эле… Мына а да келди… Ошондо уланып көзүнө элет келе баштады. Ана, шаңкайган улуу тоолор… Көкмөк чөп… Бейгам күн… Кымызга ныксыроо. Кылкылдаган гүлдөрдү жай ыргап жыпарын авага сээп жүргөн жумшак жел, сыпаа жел… Ана, туугандарынын көздөрү... Ана… Булар Нүзүптү эзди. Жүрөгү тыз-тыз тилинди. Акырын сызылып, качанкы өлгөн энесинин көкүрөк жытын эстеп алган жетимдей каңырыгы түтөп кетти. Эй, көздөн ным чыкса даарат бузулат! А капилет келе калган жашык сезимин силкип таштады. Эй, не болуп турасың! Өлгөн жалгыз сенби? Атаң кана! Өзүн-өзү кайрады. Жаш чыгарбай күчүркөнүп көзүнүн кычыктарын кызартып токтотту… Бүттү бул дүйнөнүн кызыгы. Бүттү бул дүйнөнүн оюну. Бүттү. Бүттү бул дүйнөнүн азабы…»1 (126-127)

Мындай жүрөк титиреткен трагедияны окурман кайдыгер кабылдабайт. Баары жөнөкөй, табигый түрдө, элестүү берилген. Ушул жерде таланттуу сынчы К. Даутовдун олуттуу оюна кошулууга туура келет: «Ойду туюнтуунун формасы жагынан да финал эң сонун бүткөн. Биз алгач жолуккандан көрүп келаткан Нүзүп тубаса жердигинен кандай өткүр, кандай катуу, кандай бийик болсо, ошол табигый нускасында кетти. Ошол сын-турпат жан алынар кезде да сакталды. Ал романдын жалпы эстетикалык системасында абдан жандуу таасир жаратып, жазуучу аземдеп турган көркөм имараттын бекем бир капталын түзүп турган чоң образ»2

Биз эми бул финалдык тарыхый чындык менен автордык вымыселди салыштырып көрөлү. Бул окуяда Нүзүптүн ишмердүүлүгү жөнүндө тарыхый булактарда кандайча кыска маалыматтар берилет. Биз ошолордун ичинен азыркы карап жаткан фактыга, Нүзүптүн өлүмү кайсы жерде, кантип өткөнү жөнүндөгү гана учурга көңүл бөлөбүз. мисалы, Гариб Маргиланын, В.Наливкиндин жана жаш тарыхчы Ж.Алымбаевдин берген Мусулманкулдун аскерлери тарабынан өлтүрүлгөнү айтылат. Ал эми Т.Касымбековдун «Сынган кылычында» негизгиси жогоруда авторлор айтылып жаткан ошол эле Маргаландагы бектин сарайында башы алынат. Мында бизди кызыктырган жана жооп берүүгө көңүлүбүздү буруп турган эки маселе болуп жатат. Биринчиси, жолдо өлтүрүлгөнү менен сарайда өлтүрүлгөндүгү. Экинчиси, Мусулманкул бек менен Шады ынак уюшуп, Шералинин атынан жасалма кат жазышып ордого тез келүүгө чакырып, жолдо өлтүргөнү. А «Сынган кылычта» болсо Шерали хандын мөөрү басылган өлүм жардыгына буйрук келет. Тилекке каршы Жаркынайым Нүзүпкө берилген өлүм жардыгын токтотуу үчүн жаңы буйругу менен Абилди жөнөтөт. Ал жетпей калат.

Эмне үчүн жазуучу жогорку маалыматтарды берген авторлордун жазганын билип туруп, Маргаландагы бек сарайда дүйнө менен коштоштурат. Нүзүп бий өткөн өмүр жолун, өткөргөн ишин, элге жасаган кызматын жана өзүнүн адамдык жакшы-жаман делчү касиеттерин таразалап, окурман алдына алып чыгып, намаз окуп, актыкка моюн сунуп, өлүмгө тике карап, наркын бузбай кете берди. Биз бул маселени эки тарабынан териштирип баа берүүгө тийишпиз.

Т.Касымбековдун чыгармасында Нүзүптүн өлтүрүлгөнүнө башкачараак карайт. Биринчиден, художниктин көзү менен чыгарманын эстетикалык күчүн көтөрүү максатында, окурманга жандуу, элестүү түрдө көрсөтүүгө умтулат. Экинчиден, автор жогоруда айткандай, көркөм чыгарма жазып жатат, кайсы жерде, кайсы шартта каармандын жан дүйнөсү, адамдык сапаты кеңири ачылыш керек деген атайын максат менен атайын ушул сцена, ушул ыкманы орундуу тандаган. Үчүнчүдөн, Нүзүп кичине киши эмес, ал Кокон хандыгынын увазирлигине чейин көтөрүлүп чыккан адам. Аны эч ким билбеген караңгыда капчыгайдын булуңунда жашыруун өлтүрүп таштаганы окурманга таасир жаратпайт. Анын жан-дүйнөсү, психологиясы, жалпы адамдык деңгээли, коомдук ишмер экендиги да көрүнбөй калат.

Ошентип, Нүзүптүн бек сарайында өлтүрүлүшү ага чейин ачыла элек, ачылса да окурман көзүнө түшө элек көмүскө адамдык сырларын көрсөтөт. Анын мүнөз, тагдырынын ачылышына дал ушундай кырдаал, шарт керек болучу. Негизгиси бул көрүнүш окурмандарга жандуу таасир этип, чыныгы болгон окуядай кабылданып жашашы, көркөмдүк белгилерден сырткары да өлүм бир аймактын ичинде болуп жатат, бир учурда атайын уюштурулган топтун кишилери тарабынан өлтүрүлөт. Өзү да хандыктын өкүлү, ошол эле Мусулманкул, Шады ынак менен замандаш жашаган адам. Бул жагынан тарыхый чындыкты бузуп жаткан жери жок. Баары белгилүү мезгил, мейкиндик аралыгында, ошол хандыктын ичинде, бир жагынан жасалма болсо да, Шерали хандын атынан өлтүрүлүп жатат.

Мына ушул атайын тандалып алынган жалпылаштырылган көркөм чындык тарыхый чындыкка туура келет. Саясый кырдаал, тарыхтын чындыгы негизинен Кокон хандыгы үч катмар элден турары, алар тынымсыз бийлик талашып өткөнү, журт башчылары бири-бири менен чабышып, башын ыргытып турганы биз айтып жаткан тарыхый чындыктын өзү. Бул жагынан да ашыкча, жасалма нерселер жок. Автор Нүзүп бийдин талант күчүн, каармандык, адамдык нарк-насилин, саясый-коомдук деңгээлин, бийлик жүргүзө билүү жөндөмүн ар тараптан ачып көрсөтүүгө жол тапкандыгына күбө болуп отурабыз.

§ 3. Мусулманкул аталыктын образы

Кадимки жандуу жер турмушунда жандуу адамдар канча көп болсо, ар бири өзүнчө тагдыр күтөт. Алардын бири-бирине окшобогон акыл-эси, мүнөзү, кебете-кешпири, түркүн тагдыры, өнөр-кесиби бар. Мына ошол сыяктуу эле, көркөм чыгарманын каармандары да бири-бирине окшошпой ар кимиси өзүнчө шык- жөндөмдүүлүгүнө ылайык жашоо ыңгайына карата күн өткөрөрү бышык. Ар кимисинин кайталангыс жеке мүнөзү, адамдык наркы, амал-айласы берилет. Бири кол өнөрчүлүккө, бири дыйканчылыкка, же чарбачылыкка жөндөмдүү болгон өңдүү, айрымдары эл башкарууга, бийлик жүргүзүүгө өзүнчө ыкма таап, жол таап кетүүгө ийкемдүү келет. Ошол үчүн алардын өмүр тагдыры башкача башталып, башкача аяктайт. Бирок, алардын баары өз доору, өз заманы шарттаган реалдуу чындык айланасында тегеренип мезгил сахнасынан жандуу кыймыл-аракет, натыйжалуу жана натыйжасыз өмүр сапары менен кошо өтүп турат. Мындай чоң жүрүш, чоң оюнга катышкан каармандар да тарых таразасына түшкөн ири инсандар болот. Залкар сүрөткер жазуучу Т.Касымбековдун «Сынган кылычында» дал ушундай алыстан көзгө көрүнүп, жандуу, элестүү жасаган иштери менен тарых барактарына түшүп, айлакер жетекчи, мыкты аскер башчы болуп Мусулманкул аталык эсептелет.

Ал коомдук аренага Нүзүп менен катарлаш чыккан. Чоң турмуш сахнасында Нүзүп менен бир учурда көрүнөт. Романда анын адамдык сапат белгилери абдан элестүү, жандуу берилип, жасаган иштеринин тарыхтан алган орду, өмүр жыйынтыгы да ашкере, өтө таасирдүү чагылат. Бийлик кумары, татаал мүнөзү, психологиялык карама-каршылыгы, сүйлөө манерасы, бирөөгө окшобогон жана эч ким буга окшой алгыс деңгээлде өтө терең иштелип чыккан жаркын образ. Психологиясында, адамга жасаган мамилесинде, башкаруучулук ишмердигинде кыпчак элинин тээ тереңинде жаткан жан-дүйнө байлыгынын өтүмдүү белгилерин алып жүрөт. Анда чыныгы тоолук адамдын эмес, хандык күтүп, шаар көргөн, дыйканчылык, соода, кол өнөрчүлүк күткөн элдин психологиялык белгилеринин коштоосу менен жашайт. Ошол үчүн жүрүш-туруш турпаты да башкачараак.

Эгерде Нүзүптүн мүнөзүнө тоо суусундай шаркыраган ачыктык таандык болсо, Мусулманкул ар бир ишти ичтен бүтүрөт, тымызын жүрүп, эч кимге сыр билгизбейт. Биринчи жолу окурман аны романда Шералини такка көтөрүп жатканда көрөбүз.

Ошол жерде да Нүзүптүн бар дүйнөсү сыртка чыгып дайын болуп турса, Мусулманкулдан эч нерсе сезилбейт, сырлары ачылбайт. Бардык ишти өзүнүн табигый мүнөзүнө, психологиясына жараша жүргүзөт. Нүзүптү тымызын өлтүрткөн дал ушул Мусулманкул. Аталыктын орду керек болчу. Нүзүпкө караганда узак бийлик жүргүзгөн да Мусулманкул. Шералинин балдарынын ичинен улуусун эмес, он үчтөгү Кудаярды хандыкка көтөрүү да жөн жеринен эмес экен.

Анын чын эле күчтүү жетекчи, чоң саясатчы, кыпчактардын жол башчысы экендигин кадимки эле ордодогу Шады ынак романда: «Отуз тогуз бекти кырып таштоо да, бир жалгыз Мусулманкулду өлтүрүү да бир, уругуна баркы зор…» - дейт. Андан кийин аскер чалгындоочусунун: « Кокон ордосу өзүнүн иш билги ишкеринен, кайраттуу аскер башчысынан бөөдө ажырап калды. Эми Россия бул тарапка кылына турган кадамдарында уюшкан каршылыкка көп да учурай койбойт» - деп берген баасы эле канчадан кабар жеткирет. Аны ачык-айкын тарыхый-социалдык шарттарда жасаган иштери конкреттүү мисалдар менен көрсөтүлгөнү жана ал мисалдардын тарыхый чындыкка жакын экендиги чыгармада ишеничтүү берилет.

Алсак, Мусулманкул адегенде Шералини хан тактысына отургузууга катышканы, Нүзүптү өлтүргөн соң Шады ынактын башын алып, өзү бийликке келиши, андан кийин он үч жашар Кудаярды күчтөп хандыкка көтөрүшү жана күйөө бала кылып алышы, Наманганга бектикке көтөргөн Мырзаматтын каршы чыгышы (Жаркынайымдын ортого түшүп өлүмдөн алып калышы), Нарманбет датканын козголоңу, Кудаярдын ал жакка өтө качышы, Ташкент, Кожент, Орто-Төбө аймагындагы бийлик төбөлдөрүнүн баш көтөрүшү, Кокондон Касым паңсат баш болгон топтун Мусулманкулду ордодон сүрүп чыгышы жана Кудаярхандын аскерлери менен Эки-Суу ортосундагы чабышы, кыпчак кыргыны, Мусулманкулду Кудаярдын өлтүрүшү сыяктуу чын эле болуп өткөн тарыхый окулар романда изме-из сүрөттөлөт. Тарыхчы да, окурман да көркөм чыгарманы бирдей кабыл алышат, себеби, реалдуу чындык бузулбай берилди. Демек бул жөнүндө талаш ойлор жаралбайт экен. Ошентип, тарыхый чындык катары болуп өткөн окуялар өзүн-өзү туура көрсөтүп кетилери кимди болсо да ишендирип коюшуна жардам берет. Ушул эле маселеде романдагы автордук вымысел, тарыхый чындыкты өзүндөй кабыл алып жаткан себебине далил болуп берчү мисалдарга кайрылалы:

Мусулманкул өзүнө эмчектеш ага кылып жүргөндө Алманбетти хан казынасына киргизип чыкканы романда абдан кызыгуу менен окулчу барактарга кошулат. Реалдуу турмушта жашабаган Алманбеттин хан казынасын аралап чыгышы да чындыкка жатпайт. Бул ошентсе да биз үчүн чындык болуп жаңырып калды. Ага жеткирген күч автордун ойлоп табуу менен көркөм шарттуулук аркылуу туюнткан ойлору, жандуу ыкмалары. Т.Касымбеков мында тарыхый көркөм роман жазды. Көркөм чыгарма көркөм образдардан түзүлөт. Автор ошол кездеги турмуштук реалийлерден чыкпай, хан ордосундагы жалпы саясый атмосфераны бузбай, доор белгилерин сактап жазууда. Ырас, көркөм чыгарма жазып, көркөм образ жаратып жаткан соң, биринчиден, өз талант күчүн көрсөтүш керек дагы ачылышка жаңы шарт түзүү күтүлөт. Экинчиден, жанагы эле ордо оюнунда көрүнгөн Алманбеттин дагы адамдык турпатынын кыры ачылыш үчүн дал ушундай кырдаал керек эле. Мында жалаң тарыхый чындык жана автордук вымыселдин айкалышы гана эмес, ошол көрүнүштү ушундай деңгээлге жеткирип берүүдө автордун чеберчилиги жатат. Экинчи мисал. Биз Мусулманкулдун эл башчылык, жоокерчилик өмүр жолунда акыркы ирет хан ордодон сүрүлүп чыкканда тоолуктардан жардам сурап келип Абил бий, Бекназар жана Алманбет карыяга жолугуп олтурганын көрүп жатабыз. Максаты оңунан чечилбей эли эки жаатка бөлүнүп кеткени унутулбай турган трагедиялуу окуянын башталышына жол ачылат, романда белгилүү из калтырган учур.

Мусулманкул бул элде Абил бий, Бекназар өңдүү чыгаан адамдардын бар экендигин көрүп, алардан жардам болбосуна шектүү карап, баягы эски жарааты козголо баштабадыбы. Ал – Нүзүптүн өлүмү эле. Тоолуктардын ички кеги бар болчу, ушуну сезип билсе да, Мусулманкул аргасыздан келген болчу. Бирок, ал кантсе да жатып өлгүчө, атып өл деген эң акыркы үмүт, акыркы аракети менен жашап жаткан учуру. Мүдөөнүн иш жүзүнө ашырылышы эмес, сөз да жакшылыктуу угулган жок, аягы башка жакка бурулуп баратат. Нүзүптүн өлүмүнүн ортого түшүшү чындап бузуп таштады.

«Алманбет:

- Э, Мусулманкул, айтасың… ар ким керегине чабат да. Ашык дүнүйө, ашык байлык адамдын жанына жапа, башына балакет го, бабаларыбыз… - деп тунжурады. – Нүзүп эмне болду? Өзүң эмне болдуң?..

Мусулманкулдун көзү ачыла түштү. Көңүлүндөгү эң ооруп турган жерине тийди сөз. Ал эрдин бек кымтып, ичтен сыздап, оозуна сөз кирбей отуруп калды. Кайра кымыз сунулду. Мусулманкул кесени албады.

- Көп ичтик жуда…- деп койду ал. Ийин кага кичине улутунуп, жаак жерлери тыржыйып, таарынгансып калды. А тил билги Абил үкеси жайкабады. Сөз жалганбай, орто сууп кетти.

…Абилдин көз алдына Нүзүп аталык келди. Тууганчыл жылуу үрөйү даана көрүндү. Абилдин жүрөгү сыздап кетти. Эми Мусулманкул көзүнө суук учурап, ойлонуп, аны томсоруп имерип тиктеди.

Мусулманкул да Нүзүптү эстети. «Али эстеринен чыгара элек экен го!» – деп ичинен селт этти. Алдын алып жиберди:

- Кайран Нүзүп акебиз! Акылга дыйкан адам эле. Ошонун түбүнө да ушул карачапандар жетти го! Абил токтоно албай кетти:

- Билебиз бек ага. Өзөктөн күйгөн өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман. Кай бир өзүбүз деген адамдар алдына өр казбаса, ордододгу беш-алты шумдун колунан эчтеке келмек эмес. Билебиз, бек ага, билебиз баарын! – деди. Мусулманкул буйтай албай калды. Ал Абилдин ичин аңтара тиктеп, «канын унута элек экен го булар али. Ыя, али унута алышпаса, ыя, кечире да алышпайт» деп нес болду». 1

Бул өзү үзүлө албай турган байланышты чарт кесип салды. Бизди кызыктырган да ушул окуя. Анткени, чыныгы турмушта аны үңкүргө качып келгени эч жерде айтылган да, жазылган да эмес. Алманбет менен Абил бийдин ачык, жабык кагуу жеп, ичинен күйүп, бирок эски кайратынан жазбай, аттанып кетип жатканын ким көрүп, кайсы тарых барагына чийгилеп калыптыр. Чындыгында андай иш болбосо биз эч кандай шек келтирбей чындык катары кабылдап жатабыз. Бул автордук вымысел. А эмне бизге үчүн табигый чындык катары кабыл алды? Турмушта болбогон окуялардын бул жерде болгон окуядай кабыл алынып жатышы ошол кездеги тарыхый кырдаалдын бир учурунда өзү болбосо да, автор айтып жаткан шарт ошол кезде турмушта боло турган алкактын ичинде өтүп жатат. Негизинде жандуу турмуш чындыгына туура келүүдө. Аны Мусулманкул туюп турат. Көп өтпөй колго түштү, кордолду. Анткени, чын эле тоолуктар жардамга барбай коюшту. Нүзүптүн кыпчактар тарабынан өлтүрүлгөнү жолун тосуп койду. Мына ушул логикалык жактан өзүн-өзү жыйынтык чыгарып турган турмуштук фактыга айланып калды. Көркөм чыгарманын күчү дал ушул, үңкүрдөгү окуяны болбогон чындык кылып көрсөтүп салды. Мында автор чындыктын чегинен чыккан эмес. Окуя тарыхый алкактын гана ичинде айланууда.

Бул чыныгы турмушта абдан маанилүү учур эле. Эгерде тоолуктар кошо аттанып чыкса, жалгыз эле Мусулманкулдун тагдыры эмес, бүтүндөй эле кыпчак элинин тагдыры башкача чечилмек. Бул вымыселдин туура табылганы дал ушул чындыкка келинип жатканы көркөм вымыселдин туура табылганы. Мусулманкулдун жазаланышы да тоолуктарга таасир эткен жок. Демек, вымыселдин ичинде чындыктын бир сызыгы жүрөт. Айткандарыбыз дагы ишеничтүү болсун үчүн, үчүнчү мисалга кайрылып өтөлү. Бул Мусулманкулдун кордолуп жазаланышы ашыкча мыкаачылык менен өлтүргөн күчтүү сцена окурманга кеңири белгилүү. Мында бизди өзгөчө көңүл бургузган жери- Мусулманкулдун акыркы керээз сөзү. Азыр эле ал сөз да айтылбай калат, жарык дүйнө менен түбөлүккө коштошот, жашоодогу эң акыркы сөзү, аны узартып айтышка алы да, шарты да жок. Дүйнөдөгү калтырчу мурасы да, бирөөгө жеткирүүгө тырышкан башкы идеясы да, аны жүзөгө ашырган бирден бир ыйык милдети да ошол болчу. Аны айтпай калса арманда кетет.

«Мусулманкул бир убакта селт этип көзүн ачты. Кылкылдаган көп элди түрө бир сыйра көз чаптырды. Эриндери титиреп кетти. Эми эрки сынды го, эми жан соога сурайт го, жок дегенде көп кыйнабай өлтүргүлө дейт го? Ал көк ала сакал баскан эриндерин ачып, алсыз дем алгансып, акыркы кубатын үрөгөнсүдү. Ордунан канаты сынган бүркүт сыяктуу бир обдулду:

- Кыпчак! Барсыңбы?

Үнү титиреп чыкты. Тымтырс. Эл былк этпеди.

- Бармын, ата!

Тымтырстык тарс жарылды. Эл дүр эте жооп чыккан жакка ыкты. Ким? Кайда? Эл дуу, күү оодарылды. Мусулманкул чыйрала түштү:

- Кет! Тоо таянып кет! Уктуңбу! – деп дагы кыйкырды ал.

- Уктум, ата! Уктум!.. – деп жооп кайтарды баланын калтыраган үнү» .

Бүтүндөй жан дүйнөңдү титиреткен классиктердин гана көркөм тажрыйбасынан жолуккан романдагы Мусулманкул аталыктын ырайымсыздык менен кордолуп өлтүрүлүш сценасы жана кыпчактардын жол башчысы катары балага айткан соңку керээзи бул жазуучунун адабий табылгасы. Бул окуя тарыхта чын болуп өткөндөй окурмандар арасында жандуу кабылданып, эчак эле лакап сөзгө айланып кеткен. Бул жазуучунун көркөм ойлоосу.

Албетте, «ойдон чыгаруу», «көркөм кайрадан жаратуу», турмуш чындыгынан алыстоо, четтөө дегендикке жатпайт, тескерисинче, дал ушундай жол менен чындыктын не бир тереңдеги катмарлары ачылат. Демек, жазуучу кадыресе турмуш чындыгынын, фактынын негизинде башка көркөм дүйнөнү жаратат. Мына ушул жерде окумуштуу, чоң адабий теоретик

Л.П. Кременцовдун ташка тамга баскандай таамай айтылган сөзү дал келип турат.

«Художественный вымысел в литературном произведении не только не служит доказательством его неправдивости, а напротив – является в известной степени гарантией достоверности. В произведениях искусство отбрасывается все второстепенное, случайное, наносное. Обнажается же, неследуется самая суть человека, события, факта, все глубоко, закономерное, типическое, характерное в их основных взаимосвязах, в их диалектике. Сделать все это без участия художественного вымысла просто не представляется возможным. »

Демек, тарыхый турмуш чындыгын тереңден, ичкериден көрсөтүү үчүн сүрөткер көркөм апыртууларды кошот. «Сынган кылычтагы» Мусулманкул аталыктын тири шумдук трагедиясы тарыхта болгон эмес. Тарыхый маалыматтарга караганда Мусулманкул Кокондо дарга Кудаяр тарабынан асылган. Мусулманкулдун кордолуп өлтүрүлүшү, кыпчак кыргыны жазуучунун нукура ойдон чыгарган мотиви. Ошого карабастан ойдон чыгарылган болсо да анын өнүгүшү, улам чыйралышы кудум Мусулманкулду так сүрөттөлгөндөй, эч кошумчасыз, жасалмасыз, мазмун, формасы боюнча табигый тереңдеп кубулуп олтурат.

Эмне үчүн Мусулманкулдун керээз сөзүнө ошол жердеги көп элдин ичинен жалгыз жаш бала жооп берди. Бул өзү чын эле Мусулманкул ушундай кайгылуу өлгөнбү же дарга асылганбы? Сөз төркүнү вымысел менен көркөм шарттуулуктун нары жагында эмне деген чындык бар. Мусулманкулдун кыпчак элинин өкүлү, алар азыр кырылып жатат, түптүү элдин уругун улантып калса, өзү да калган болот. Азыр баш көтөргөндөрдүн, бийлик каармандардын баары кырылат. Бирок эл болбогондон кийин кайсы бир жерде сакталып калыш керек, ал эртең кайра кыпчак болуп төрөлөт. Өзүн сактоо – бул эл-журтту сактоо. Ал өмүр бою кыпчактардын атак-даңкы, тарыхта жашап калган орду үчүн күрөшүп келген адам. Эми өзүнүн күнү бүтөөрүн, суусу түгөнөрүн да билет, кантсе да баланын үнүн угуп канаат алып, кыпчактардын уланарын ойлоп армансыз кетет. Баланын керээз сөзгө жооп берип жатышы, кыпчак элинин уругу түгөнбөйт, биз эртеңки силербиз деген ичкертен айтылчу өлбөс идея көтөрүлүп жатат. Бирок Кудаяр хандай аксым, мыкаачы өкүмдардын кыргыны улуу кыпчак көчүн токтото албайт, кылым кыйырында түптүү эл бирде толуп, бирде бөксөрүп учугу улана бермекчи… А балким, мындан бир топ жыл кийин Кокон хандыгына каршы Исхак баатырдын козголоңу, ошол керээздин аткарылышынын туундусудур…

Мына ушул көркөм сценанын негизги максаты жана автордун ушул шартты, кырдаалды тандап алышы өзү чындап тарыхта болбосо дагы, эки чоң маселенин ачылышы менен жыйынтыктоо болуп жатат. Биринчиси, «Отуз тогуз бек да бир, жалгыз Мусулманкул да бир» деген Шады ынактын сөзүнүн чындыгы чыкты. Экинчиси, карышкырча жортуп, тиш салып, бурдап ыргытып жашап келген, бийликти мансапка айландырган адамдын өлүмү да карышкырча өлүм болорун туюнтуп жатат. Мусулманкул өз насилинен, өз бийиктигинен түшпөй кетти. Муну менен хандык деңгээлдеги зор кишинин орошон образын гана көрбөстөн, көркөм чыгармада ошол деңгээлге көтөрүп чыккан жазуучунун чоң талантына күбө болобуз.

§ 4. Алымбек датка менен Курманжан датканын образы

Тарыхый документалдуу материалдарга караганда, коомдук-саясый ишмерлер Алымбек датка менен Курманжан датка Кокон мамлекеттинде көрүнүктүү фигуралардан болгон. Кокон хандыгынын ички, тышкы саясатында негизги ролду ойногон бул тарыхый инсандар «Сынган кылычтын» тематикалык-идеялык жана эстетикалык салмагын арттырып, тарыхый мүнөзүн тереңдетип турат.

Белгилүү доордо, коомдук- социалдык чөйрөдө жашаган тарыхый инсан жөнүндө сөз болгон соң, жазуучу документалдык, архивдик маалыматтарга, элдик санжыра, уламыштарга да негизинен таянган. Ошондуктан Алымбек датка менен Курманжан датканын өмүр тагдыры бүтүндөй бир заманга, анда жашаган элдик турмуш агымы аркылуу элестейт. Качан турмуштук фактыларга негизделген тарыхый чыгарма жөнүндө сөз болгондо каарман менен тип маселеси, турмуш чындыгы кандайча сөз искусство чындыгына айланат деген олуттуу маселе келип чыгат. Чыгармада тарыхый инсан жөнүндө ой жүгүрткөндө, эң оболу ал жашаган доорду эске алуу менен коомдун ички, тышкы процесстерин,коомдук- социалдык турмуш менен байланышта ачып, эл менен инсандын тарыхый ролун өз мезгилине мүнөздүү типтүү жагдайга ылайык реалдуу чагылдырып көрсөтүүгө ушул мыйзам-ченемдүүлүк көңүлдүн борборунда болууга тийиш.

Романда экөөнүн образын ажыратып кароого мүмкүн эмес, анткени тарыхый тагдыры, саясый ишмердик аракеттери, турмуштук тажрыйбасы, коомдогу орду боюнча бири-бирин улантып, толуктап, тереңдетип турат. Албетте, Алымбек датка, Курманжан датка коомдук мамлекеттик ири ишмер, тарыхый улуу инсандар. Жазуучунун максаты да дал ушундай көркөм тарыхый бийиктикке көтөрүү экендиги чындык. Тарыхый адамдардын образы дегенде эле тарыхый фактылар менен шөкөттөлгөн өмүр баяндын хроникасы катары түшүнбөө зарыл. Бул жөнүндө орустун көрүнүктүү жазуучусу А.Толстойдун «Исторический образ не есть повествование или копирование, а историко-психологические воображение, воссоздание жизнь великих людей» - деп эң туура белгилеген.

Өзүнөн-өзү түшүнүктүү болуп калды өңдөнөт. Жандуу көрүнүштүн баары эле тарыхый булактан алынып, баары кагаз бетине жазылып калбаганы ырас. Эгерде элдик санжыра, тарыхый документтер романдын жаралышына канчалык роль ойносо, автордук вымысел, көркөм шарттуулук да алардан кем эмес мааниге ээ болоору белгилүү. Ансыз көркөм адабият жаралбайт. Биз жогоруда карап өткөн Ажыбай, Нүзүп, Мусулманкул образындагы ошол кездин тарыхый шартынан деле көрүнүп өтпөдүбү. Ошол эле маселе, өзгөчөлүктөр Алымбек менен Курманжан датканын тарыхый каарман катары тартылган образында кандайча берилгенин карап көрсөк. Чыгармада Алымбек мырзанын Кокон ордосуна кантип аралашып баратканы көрсөтүлгөн учур, анын өзүнүн өмүр жолу үчүн да кандай мааниге ээ боло баштаганы тууралуу алгач кабар берилет. Ордодо чоң ордо оюну башталды. Эл бөлүнүп алып, ордону бузуп чүкө чертүүгө киришти. Азыр кезек Алымбекке келгенде, ал чертмекке отуруп, чыртылдатып бир-бирден терип жатат. «Көзү сүзүлө күлүңдөгөн Нияз кушбеги:

- Жакшы, жакшы… Куп чертет экенсиз, бек. Бизгейам бирдеме калабы?!

Алымбек орун которуп, кайра сыңар тизелей баштай, кушбегини карабай:

- Өтө эле учка чыккандан эмеспиз… - деп бир чүкөнү аны карай чертип жиберет. Чүкө кушбегинин өтүгүнө барып тийет, - бирок мелдешип калган соң, кушбеги… кантебиз, аракет кылып көрөбүз да… - черте берет.

Бул өнөктүн оюнчулары чыккан чүкөлөрдү терип жүрүшөт, тиги өнөктүн оюнчулары сустайышып карап турушат. Мусулманкул «акеси» экөөвү бир дастаркондо даам сызып, оюнду карап отурушкан.

- О-о, бу Ош беги эч кимге оюн бербей турган го бүгүн» .

Мына ушул көрүнүштөн кийин Алымбек күжүрмөн саясый күрөштүн майданына өтөт. Бул жөн эле эки тараптын эриккен ордо кишилеринин оюну эмес, эртеңки күндө жүрүүчү бийлик кармашынын символикалык белгиси катары кабыл алынат. Акыйкатта эле ушул жерден ишара бериле баштаган таймаштын белгилери эртең мындан татаал, көп кырдуу, ар түрдүү кырдаалда ордо төбөлдөрүнүн кимиси эмнеге жөндөмдүү экендигин, кайсы жагынан жеңишке жетип же аңтарылып түшүп, чоң күрөш майданында жүрөрүнөн жандуу белгилер түшүрүлөт. Бул ордо оюну тарыхый турмушта болгон-болбогону тууралуу эч кандай архивдик маалымат кездешпейт. А бирок бизге кадимки чындыктын өзүндөй кабылдап жатпайбы. Муну кандайча түшүнөбүз? Эгерде бул окуя чын эле болбогон болсо, эмнеге андан болгон окуянын эсебине кирип калды?

Мында окурмандын кадимки турмушта жашап өткөн чындыктай ишендирип турган күч – жазуучунун эң негизги ордодон башталып, ордодон сызык алып бөлүнүп чыкчуу эртеңки саясый жүрүштүн баш белгилерин кармай билиши. Азыркы оюнда чүкө чертип жаткан Алымбек эртеңки жылаңач турмуштун өзүндө саясый турмуштун ордосунан көрүнөт. Анын азыр чыртылдатып «Нияз кушбегинин бизге йям калсын!» дедиртип чертип жатканын эртең кан майдан кармаштарынан түрдүү мүнөздө, түрдүү күрөштө жолуктурабыз. Ошондуктан бул негизинен автордук вымысел болгон көрүнүш кадимки турмуштагы тарыхый чындык бир факты катары окурман сезиминен орун алып кирди. Демек, автордук вымысел тарых чен-өлчөгөн сызыктары анын борбордук чекитинен от алып, тутанып чыкчу салааларынан алыс кетпептир. Ошондой эле бир мезгил алкагынын ичинде жүргүзүлүп жатыптыр.

Бул биринчи иш-аракет белгилерден кийин Алымбектин ким экендиги жана келечекте ким боло тургандыгын жеткирген аралык ичинде анын коомдук ишмердик, кол башчылык жактары улам бирине-бири өтүп көрүнө берет.Доцент К Молдакасымовдун « Алымбек датка» аттуу макаласында «Алымбек датканын жаш мезгили, жигиттик курагы тууралуу жазма маалыматтардан табуу кыйын. Бирок, анын 31-32 жашында эле датка даражасына ээ болушу көп нерселерден кабар берет. Анын үстүнө Алымбек датканын мамлекеттик ишмердиги хандыкта кыргыздар менен кыпчактардын зоболосу көтөрүлүп, ордодо таасирдүү орундарды ээлеп турган учурга туш келет. Экинчи жагынан ордодо кыргыздардын таасиринин артышын Алымбек датка сыяктуу инсандардын ишмердиги, аракеттеринин жемиши катары баалоого болот. Ал «датка» даражасын алган мезгил Кокон хандыгынын эң күч алган, укуругу Чыгыш Түркстан, Арал деңизине чейин узарган учуру болгон. Ощол учурда тактыда отурган Мадалы хан(1822-1842) андан мурдагы Алим хан(1798- 1809) менен Омор хандын (1809- 1822) саясаттын улантып, хандыктын таасиринин артышына салымын кошкон. Ошондой эле ал ордого кыргыздын таасирдүү уруу башчыларын, белгилүү бийлерин чакырып, кызмат орундарын, бийлик даражаларын берүүнү уланткан».

Мына ушундай Кокон ордосундагы бийликти бөлүштүрүү салты Кудаярхандын жана Мусулманкул миңбашынын мезгилинде бузулуп,кыргыз бийлери четке сүрүлгөн. Мусулмнкулдун зулумдугуна каршы Алымбек датка чечкиндүү түрдө Ошто козголоң чыгарат. Кандуу окуя туурасында Магзуни мындайча баяндайт: «Мусулманкул 40 күн Алимбек, Сейитбек датка деген кыргыздарга каршы кармашуу аракетинде болгон. Ал кыргыздардын ичинде эки бек башкарган өтө күчтүү эки элет бар эле. Алар: «Кыпчактар менен кармашып, журтту өзүбүзгө алабыз. Кыпчактарды өлтүрүп, алардын ордуна өзүбүз хандын жанына туруп, даткалык кылабыз»-деп бардык элетти жыйнап, лашкар чогултуп келип, Ош үстүндө Мады деген жерде чогулуп турду. Бир тараптан Мусулманкул баатыр,Молдо Садык, Өтөмбай ж.б баатырлар Ош шаарында турушту. Мусулманкул «Майданга өзүм чыгам, аркамдан жапырт киресиңер. Анкени Алимбек өтө өнөрлүү, Буга жалгыз барып болбойт»- деди да. Өзү уруш кийимин кийип, уруш жарагын алып, колуна күрсү кармап майданга кирип, Алымбекке бетме- бет болду. Караса Алымбектин адамдары өгүз, топоз, бээ минген, постун (тери тон ) кийген, баштарына барадан телпек (тебетей) кийген кыргыздардын кыз, жубандары колдоруна тайак кармап турушуптур».16

Көрүнүп тургандай, Магзунинин баяндоосунда канкор Мусулманкул Ошту канга боеп, кошуундун жетишсиздигинен улам келин- кыздар да колуна таяк кармап, жапырт согушка тартылганы,алардын аяанычтуу өлүмү абдан таасирдүү сүрөттөлөт.Жеңилип калган соң, колго түшкөндөр ырайымсыз жазаланат,Алымбек датка Алайга кайтат.Мусулманкул күчтүү атаандашын жеңген соң,кыргыз төбөлдөрүн дээрлик бийликтен четтетип,1853- жылга чейин ал түгүл Кудаярхандын эзүн да аралаштырбай 8-жыл каттуу чеңгел менен башкарганы белгилүү. Баса, Алымбек датканын өзү көтөрмөлөгөн Малахандын эрегиши,Кокон аскербашчысы Канат-шаа менен каршылашы тарыхый булактарда кандай болду экен. Тарыхчы К. Молдкасымов:»Көпчүлүк жазма булактарда Малабек Карасууга келген соң Алымбек даткага, Асан бийге жардам сурап кайрылганы, алардын жардамы менен кошуун жыйганы айтылат. Асан бий болочок Алымкул аталыктын атасы болгон. Тарыхый булактарда да ал «Алим- бий ибн Хасан бий» деп кездешет. Ошондуктан Асан бийдин жардамын алган Мала хан тактыга олтурганда Молдо Алымкулду эшик агалык кызматка койгон. Ал эми Алымбек датка Малабектин өтүнүчүн каанаттандырып,хандыктын Түштүк- Чыгыш тарабындагы кыргыздарды Карасууга чакырган.»Тарыхи Шахрухи» эмгегинде Малабектин кыргыздар арасына келиши менен кыргыз билермандары , уруу башчылары Үчкоргон кыштагында топ өткөрүшөт. Топто негизги маселе катары бийлик бөлүштүрүү: баш увазирлик,миң башылык,вилайетке акимдердин дайындалышы Жана башка негизги бийлик орундарына кимдер дайындалаары талкууланган.Топко Алымбек датканын жетекчилик кылышы талаш туудурбайт.Жыйында кыргыздардын бийлик бөлүштүүрүсү Малабектин катышуусу менен өтүп, болочок хан топтун чечимин аткарууга убада берет. Мына ошол топтун ордодогу баш увазирлик орун Алымбек даткага ыйгарылган.»

Ошентип, жазма булактардан көрүнгөндөй, Мала хандын мезгилинде Алымбек датка баш увазирлик кызматты аркалаганы белгилүү.

Алымбектин Кокон аймагынан алыска көрүнчү биринчи ирет чыгып, кийинчерээк таанылган учуру түндүк кыргыздарга аралашуу, Узун-Агач чегинде орустар менен Кокон хандыгынын кагылыш кезине туура келет. Мында бир гана согуш майданынын ичинде сөз болбойт. Канат Шаа менен болгон тирешүү да маселени чечпейт. Узун-Агач чебиндеги кагылыш Алымбек датканын узактан бери көкүрөгүндө бапестеп алып келаткан башкы идеясын жалпы түндүк кыргыздардын башын кошуп, эл башчылыгына жетишине шарт түзүп берди. Сары-Өзөндө Жангарач бий, Байтик баатыр, Жантай манап, Үмөталы бий, Ормон бий жана башка түндүктүн аты чыккан билерман манаптары менен макулдашып, келечекте жалаң кыргыз мамлекетин куруу идеясын билдирүүгө жетишиптир. Аны жергиликтүү башчылары кабылдап жатышы тарыхый чындык. Ошондуктан Алымбек датка Канат-Шаага кошулуп, орус баскынчылары менен болгон согушка катышпай койду. Ушул мамилеси анын түп максаты эмес, ким экендигин, саясый ишкердин деңгээлин, жетекчилик ролун, дагы бир жолу сүрөмөлөп салды. Ушул шарт аны дагы бир жолу элге таанылууга мүмкүнчүлүк ачып берди.

Ошентип, Алымбек датка, Мала хандын өзүн такка олтургузуп алып, кайра ага каршы чыгышы, өзүнүн тагдырына да доо кетирери жөнүндө белгилер берилип жатты. Аны түндүк кыргыздарга кошулуп, орустарга өтүп жатыптыр деп Канат-Шаа ордого жамандап барып, Мала Ханга жек көрсөткөнү болду. Ошондой эле саясый кырдаалдын тез курчуп кетиши, анын эртеңки өмүр тагдырына да коркунуч туудуруп жаткан белгиси эле, аягы келип Алымбектин өлүмү менен бүтөт эмеспи.

Демек, баары тарых чындыгынан алынган негизги окуялар, белгиленген учурларга дал келет. Архивдик материалдар, ошол учурда жазылып калган эмгектер талашсыз күбө.

Экинчиден, Алымбектин кыргыз хандыгын түзүү идеясы негизинен чындык экендигин тарыхый фактылар менен бекемдөөгө болот. Эгерде Сары-Өзөн-Чүй аймагында Жангарач, Байтик, Жантай өңдүү эл башчылары менен өз ара сүйлөшүп, көздөгөн ойлорун алар менен бөлүштүрүп жатканы бир чындык болсо, тоо тарапты көздөгөн жакта Ормон чоң манапка кудаа болушу, Ак-Талаа, Тогуз-Торо тараптагы бийлер менен алака катышы жөн жеринен эмеc. Биздин ушул аралыктагы болуп өткөн окуянын ичинен өзгөчө кызыктырган жагы Алымбектин өзүнүн артынан аңдып жатканы тууралуу шыбыртты уккан соң ата-журтун көздөй Кабылан-Көл жайлоосуна түн катып барып, кайра кайткан учуру. Ушул жерде Алымбек датканын Курманжан датка менен жолугушуусу романдагы эң күчтүү эпизоддордон экендиги баарыбызга белгилүү.

А бирок ушул кырдаал, психологиялык абалга салган шарттар, Курманжандын утурлап алышы, Алымбектин аттан түшпөй кайра ордого кайтышы, Курманжандын берген кеңеши, экөөнүн ортосундагы сырдуу мамилелерге окшогон учурлар эч жерде, эч кандай архивде жазылып сакталып калган эмес. Аны жазып жаткан жазуучунун кыялынан жаралганы чындыкка айланууда жана ошол көркөм чындык кадимки турмуш сыяктуу кабыл алынып, таасирин төмөндөтпөй жашап калгандыгында болуп жатат.

Ошентип, так талашуу, саясый кармаш аягында келип кыпчак Алымкулдун тобу аркылуу Алымбек датканын башын алып тынды. Бул зор трагедия өзүнө жараша чоң окуя, кеңири масштабдагы миң тукуму кыргыз кыпчактардын ортосундагы хандыкка жетүүнүн таймашында негизги күч кыпчак менен кыргыздын колунда тургандыктан, ушул экөөнүн бирөө көздөгөн орунду алыш керек эле. Эки чоң элдин уруу башчылары Алымкул аталык же Алымбек датканын бирөө гана такты ээлөөгө тийиш. Эл айткандай эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт, экөөнүн кимиси эртелеп үлгүрсө, өзү олтурбаганы менен каалаган мураскор олтурат. Бул кандуу таймашта бийлик Алымкул тараптын колуна тийди. Алымбектин саясый башкаруучулук ишмердиги бүттү. Эми артынан көрүнгөндөй мезгил сыны таразага сала турган кандай из, кандай эстелик калды.

Биринчи Алымбек датка кыргыздардан Кокон хандыгынын ичинде экинчи бийлик орунга жеткен чоң коомдук-мамлекеттик ишмер жана таланттуу аскер башчысы катары тарыхта бекем ээлеген орду калды. Анын ошол татаал мезгилде жалпы кыргыз элин баш коштурууга көтөргөн идеясы абдан келечектүү, кийинчерээк барып иш жүзүнө ашчу терең ойлонткон маселе экендигин мезгил өзү көрсөтүп берди. Ал эми Т.Касымбеков «Сынган кылычтагы» Алымбек датканын тагдыры, мүнөзү, психологиясы, дүйнөгө көз карашы, жасаган иши артыкча түшүргөн изи жана жөнөкөй пендечилик ачуу-таттуу мамилеси ички турмуш зыйнаты бар, алыстан заңкайып көрүнгөн жандуу каарман болуп, ак кагаздын бетинен орун алып, азыркы окурмандар арасында эркин жашап жүрөт.

Терең психологизм, күчтүү логика, көркөм деталдар элестүү штрихтер менен ачылган мүнөз, ага өзүнчө сөөлөт, өзүнчө нарк, өзүнчө адамдык жагымдуулук белгисин берип турат. Эң негизгиси буга чейин карап өткөн Ажыбай датка, Нүзүп миңбашы, Мусулманкул аталыктан кескин айырмаланып, бирине да окшобогон өзүнчө кайталангыс ак жаркын образ катары туулган жери айтылуу Алай тоолорундай шаңкайып, чыгарманын эстетикалык күчүн, тарыхый наркын жогору көтөрүп турат.

Курманжан датканын образы

Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» классикалык романындагы керемет образдардын бири Курманжан датка экендиги жалпы окурман журтчулугуна талашсыз факты болуп калгандыгын жакшы билебиз. Алымбек даткадан кийинки көптөгөн саясый- коомдук маселелер кыргыз элинин бар же жок болуп калыш учурлары датканын тагдыры аркылуу тегеренип көрүнөт. Бул жагынан атайын изилдөөлөрдө көп эле айтылып, жазылып келе жатат. Биз ага жалпылап баа берүү менен өзүбүздүн негизги проблемага жакындан байланышкан маселеге бөтөнчө көңүл буруу аракетинде болобуз.

«Сынган кылыч» романында эң маанилүү, өтө элестүү, ал гана эмес, Алымбектин эртеңки трагедиясына себепчи болгону турган күчтүү жазылган эпизод бар. Алымбек датканын ордодо өзүнө кол салганы келе жаткан кооптуу күндөн түн жамына качып, ата конушундагы Кабылан-Көл жайлоосуна келип, Курманжан даткага жолугушкан жери ошол ички драманы жеткире айтып да, бере албайбыз, анда романдын өзүнөн окуп көрөлү:

«-О, аттиң ай! Жүрөксүнөр жөнүңүз барбы даткам?! Жаман айтпай жакшы жок, бул иштен мертингидей болсоңуз артыңызда беш азамат, беш Алымбек калып олтурбайбы?! - деп жиберди Курманжан айым үнүн кейиштүү да, кекээрлүү да көтөрө.

Караңгыда айымдын тереңинен кайрат жалыны күйүп турган баягы жашыл көзүн Алымбек датка дили менен көрүп, мындай катуу кепти мурда укпаган, ошол табында күтпөгөн, ормоюп тиктеген бойдон селейди.

-Кайтканым оңбу, байбиче?.. деп сурады бир убакта

-Оң түгүл, датка, зарыл! - деди Курманжан айым тутана,- өзүңүз ойлоп көрүңүзчү, эми качып кайда батасыз? Тээ куттагы ишенип отурган эл эмне дейт? Дагы качып, дагы кара башыңызды сыйынт сурап, дагы көмөк тилеп барсаңыз? Ыя, иренжитпейби?! Кимге ишенип, ким менен тагдырыбызды канжыгага байлап жүрөбүз дешпейби. Өзүбүзчө ордо күтөбүз, өзүбүзчө бир тайпа журт болобуз деген көксөөңөр куру кеп болуп калбайбы? Бу өлүмгө тике карайт деген башчы кара башын корголоп жалт берип кетсе?! Жамы кыргыз-кыпчак журту сизди карап турушат. Мындай кезде датка, кара жанды ала качкан айла эмес, көксөгөн максаттын кадырына кара башты тике сайып, жазатка өзү барып бериш ошол айла, ошол акыл, ошол эрдик!..

Алымбек датка катаал сөздүн ыктуу жүйөөсүнө тен берип:

-Ырас, - деп чачылган санаасын жыйнап, кадыресе чыйрала түштү. - Ырас!

-Тез кылчактабай азыр кайтыңыз датка, минген бурактан түшпөңүз. кармаган тизгинди кое бербеңиз, бул ырым, бул эртеңки минер тагыңызга, тутаар өкүмзарлык тизгиниңизге үмүт, тилек.Бирок ат үстүнөн суусун ичип, азыр кайтыңыз, - деди Курманжан айым».1

Бул чоң сөз, эрктүү сыноо, болгондо да улуу адамга улуу адамдын берген тапшырмасы тээ тереңдеги түпкүрдөн чакырык таштап жандуу ишке салып турган башкы күчтүн таасирдүү ишаарасы, б.а., Алымбек аттан түшпөй туруп кайра Коконго кетиши психологиялык абалдын белгиси. Буга саясый бийликтин канбас кумары, калган учурдун салттык ырымы кошо ширешип турат. Баарынан өтүмдүүсү Курманжандын духунун күчү, ошондой эле баатырга кайратуу сүйлөп, кандуу өлүмгө болсо да тобокелге салып жатканы. Бул жерде жөнөкөй аял, мээрман эне жана жумшак назиктик касиеттери көрүнбөйт. Анын жүрөгүндө намыс ойноп турат, бийлик кумары бар. Ал намыс кайрадан Алымбектин жүрөгүндө козголуп кетти. Андагы намыс кыргыз элинин эркиндигине, духуна от тутандырчу намыс. Чоң казанда кайнап, хандыктын тузун татып, бийлик кумарын татып калган адамдын психологиясы буга тез ойгонот. Ошондуктан, Алымбек баарын таштап, өмүр менен өлүм аралыгы бир нукум болуп турганына карабай кайра ордону көздөй баратат. Ушундай өктөм буйрук, чечкиндүү кеңеш берип жаткан Курманжан датка азыр Алымбекти да бийик даражага көтөрө салды. Биз бул көрүнүштүн психологиялык, эстетикалык жана дүйнөгө өзгөчө таасир эткен көркөм күчү менен жашап жатып, бул түнкү жолугушуу болгонбу же болбогонбу деген суроодон алыс турабыз.

Макул дейли, чыныгы турмушта аттан түшмөк турсун, түнөп кайткандыр, балким жумалап үйдө жүргөндүр. Анда эмне үчүн ал жагын ойлобой, эсепке албай романдагы кездешүү учуру менен айтылган сөздөрдү гана кабылдап жатабыз. Бизди ушундай эмоциялык абалга калтырып жаткан кандай күч? Ал жазуучунун таланты, ой чабытынын учкулдугу, көркөм тапкычтыгы. Автордук көркөмдөө кадимки турмушта болуп жаткан же азыр болуп жаткан окуялардай кабыл алынып жатышы ошол тарых чындыгынын алкагынан чыгарбай, турмуштун тегерегинде болуп жатат. Мисалы, Алымбекти аттан түшүрүп коюп, үйгө олтуруп алып сүйлөшүп койсо деле болот. Балким бул учур таптакыр бөлөкчө өткөндүр. Курманжан датка адегенде кейиштүүрөөк, психологиялык жактан кыйыныраак абалда калып, шыр сөз таба албай турган болушу мүмкүн.

Демек, эки каармандын азыркы абалда турган жерин жөнөкөйлөштүрүп түз жазса, анда жандуу, элестүү маанилүү, кызыктуу учуру көрүнбөй канааттандырылбай калмак. Биринчиден, Алымбектин да, Курманжан датканын да бийиктигин көрө албай калат элек. Экинчиден, окурмандын эстетикалык талабы орундалбай, мынчалык күчтүү формада таасир этпеген формасы жаралмак. Автордук вымысел алардын мүнөзүндөгү хандык бийликти кармоого болгон кумар ышкындагы ушундай абал боло турганын жана бул табылга өзү тарыхый чындыкка жатпаса да, ошол чындыкты жаңыртып, бийиктетип, кайра жаратып, таасирин күчөтүп, көркүн ашырып салды. Биз муну болгон чындык катары кабылдайбыз да ушунун негизинде сөзсүз чындыктын бир сызык салаасы жашап турганына ишенич менен карап калабыз. Биз адабий чыгарма деген эмне, тарыхый чындык деген эмне, автордук вымысел, көркөм шарттуулук деген эмне, абдан сонун мисал да таап алдык. Эми тарыхый чындык менен көркөм чындыгын кагаз бетине жазылып калганына факт мисалдары менен келтирилген дагы бир эң маанилүү учурга кайрылып өтөлү.

Тарыхый факты менен автордук вымыселден эстетикалык таасирдүү чындыка айланган дагы бир мисал келтирели. «Сынган кылычтагы» эң башкы маселелердин чечилип бүтчү жери генерал Скобелев менен Курманжан датканын жолугушуусу кандай шартта, кайсы жерде өткөнүн карап көрүү кызык. Бул окуя чыныгы тарыхта кандай болгон же жазуучунун кыялый кошумчасында кандай жаралганына көңүл бөлбөйлү, анда тарыхый фактыга кайрылып көрсөк:

«1876-жылы июнь айындагы кармаштарда эле Кашкарга көчүп кеткен болчу. Бирок ал жерде Курманжандын айылы тынч жашай албады. Ошол кездерде бийлигинин акыркы күндөрүн өткөрүп жаткан Жакыпбек (ал 1877-жылы июнь айында өлгөн) Курмажан датканын келишин жактырган эмес. Ошондуктан, июль айынын акырында Курманжан датка айым айылы менен талап-тонологон мал-мүлкүнүн калган-катканын алып Алайга кайра көчкөн. Бул жерде «Алай экспедициясы» кызуу жүрүп жатканын билгенден кийин ал шашылыш түрдө Оганстандын Памирине көчө качууну ойлоп калган болчу.

Майор М.Е.Ионовдун туткунунда Курманжан каршылык көрсөтпөдү, анын М.Д.Скобелевге жолугушу жөнүндөгү талабына макул болду. Бир топ бийлердин коштоосунда кичүү уулу Камчыбекти жана небереси Мырзапаязды алып, ал Чоң Алайдагы М.Д.Скобелевдин лагерине түштү.

Генерал датканын келишине чоң дасторкон уюштуруп, алтын чөйчөк белек берди жана парча чапан жапты. Курманжандын туткун абалында да өзүн салабаттуу кармап, акылдуу жана терең сөздөрү менен Д.М.Скобелевди таң калтыргандыктан генерал даткага орус бийликтерине ал жөнүндө маалымдаган алгачкы рапортунда «Алай канышасы» деген наам берилгенин жазды. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасына Курманжан орус бийликтерине багынгандыгын билдирип, балдарын кайра мурунку жайлоолоруна көчүрүп келүүгө, алайлыктарды орус букаралыгын кабыл алууга көмөктөшүүгө убадасын берди. Ушул окуялардан кийин Алай кыргыздарынын бийлери Алайдын Арча-Булак деген жеринде өргүү алып жаткан М.Д.Скобелевге саламга келе баштады»1

Мына бул эч ким талаша алгыс чыныгы тарыхый факты. Азыр биздин көңүлүбүздү бура турган жери түздөн-түз кездешкен жери Чоң Алайдын Арча-Булакта М.Д.Скобелевдин лагеринде болгону жана Курманжан датка Кашкарда отурукташууга орун таппай, Ооганстандын Памирин көздөй качууну ойлоп турганда, орус армиясынын майору М.Е.Ионов колго түшүрүп алып келди. Болгону бул жерде биз эч кандай жандуу, эстетикалык сезим чакыра албаган кургак маалымат, кургак фактыны гана окуп жатабыз. Сезимге эч кандай реакция жаралбайт, салкын гана кабыл алынды. Окурманды бир идея таап, бир ой жүгүртүүгө түрткү бере алган жок. Пайдасы ушул: тарыхый чындык кандайча болуп өткөнү туура, так көрүп билдик.

Эми ушул тарыхый документалдык факты көркөм чыгармада кандайча мааниге ээ болду жана чагылдырылды, деги кандай милдет өтөгөнгө жарады. «Сынган кылычта» Арча-Булактагы М.Д.Скобелев менен Курманжан датканын кездешүүсү анчалык мааниге ээ болбогондой гана кала берет.. Курманжан датканын Скобелев менен атайын негизги маселе чечиле турган күндү болжолдоп жолукканы жана шарты башка жерде өтүп жатат. Болгондо да Мады кыштагында эмес, Ош шаарында жети ачкычты тапшырды. Буга чейин Курманжан даткага ортомчулукка Шабдан мырзаны жибергени да белгилүү. Бирок Шабдан катышпады. Романда Мады жергеси тарых документиндеги биринчиликтен экинчи орунга өтүп калды. Ал эми генерал Скобелев Ош жергесинде Курманжанды тосуп, сый көрсөткөнү чындыкка жакын, мындай болушка эмне себеп? Ушул жерден адабий фактыга кайрылалы. «Орус акимдери өз ордуларына жайланышып, көңүлдөрү ачылып калышты. Майор Ионов, сүрөтчү Верещагин, ориенталист окумуштуу Васильев шартнаманын жаңы үлгүсүн даяр кылышты.

Шартнама

1. Эски хан ордосун кайра кандай абалында болбосун калыбына келтириш эки жакка тең ылайык келбейт.

2. Жети шаарлуу Кокония өлкөсүн Россия империясынын карамагына эки жак тең өттү деп эсептейт.

3. Жергиликтүү журттун жашоо тиричилигине, туткан динине Россия акимчилиги тарабынан кысым кылынбайт.

4. Көтөрүлүшкө мурунку катнашы үчүн өлкөнүн калкын жазалоо токтотулат. Колго түшкөн же өзү келип кабылган көтөрүлүшчүлөр азат болунат, куугун жеп бозуп кеткен элге кайра өз жерлерине кайтышка жана да тынч тирлигин өтөшкө шарт берилет.

5. Россия өз карамагындагы башка тайпа журттар катары бу жети шаарлуу өлкөнүн журтуна да кам көрөт.

Шартнамага генерал Скобелев кол койду. Курманжан «Курманжан датка айым» деп жазылган күмүш мөөрүн басты»2.

Сөз олуттуу маселе жөнүндө жүрүп жатат. Мунун мааниси да, масштабы да, алган орду да жана жүзөгө ашыруу формасы да бийиктиктен көрүнүш керек. Орус империясы менен бир бектик, кошумчалап айтсак кыйрап бүткөн хандын деңгээлиндеги келишим түзүү өзү эле карама-каршы маани чакырган факты катары кабылданат. Тээ Чоң Алайдагы Арча-Булак жерин ким билмек. Мадыны деле жергиликтүү гана кишилер билишет. Ош аймагынын сыртындагыларга дайын эмес. Кандай болгон күндө да генерал Скобелев менен Курманжан датканын саясый эл аралык маселени шартнама аркылууу чечип жатышы көпчүлүк тааныган, кыргыз элинен тышкары да аты угулган, мааниси да олуттуураак жайда өткөрүү жарашат. Анын таасири башкача болот. Жети шардын (Өзгөн, Ош, Анжиян, Маргалан, Кокон, Наманган, Кожон) ачкычы ошол Фергана территориясындагы эң эски, байыркы, эл көп жашаган, тарыхта аты бар азыркы учурда ушул аймактагы калктын бир нече болуштуктун борбору болуп турган Ошко берилиши алда-канча маанилүү да, таасирдүү да башка жактарга угулууга жарамдуу чындыктай кабылданат. Көркөм чыгармада ушундай берилиши тарых чындыгын бузуп жаткан жокпу деген собол туулушу мүмкүн. Жооп: биринчиси, жалпы тарыхый жүрүштүн, саясый окуялардын алкагынан алганда ошол эле тегеректин ичинде жүрөт. Негизгиси бирден бир күтүлгөн зор саясый маселе ушул аймакта чечилип жатат. Аны чечкен тарыхый бийик даражалуу кишилердин колу менен жасалууда.. Документке алар күбөлөндүрүп кол коюп жатат. Эң башкысы Орусия империясынын мүдөөсү орундалып, аргасыздан ошого макул болуп турган жергиликтүү бийлик ээсинин азырынча койгон талабы да орундалууда. Чыгармада жети ачкычтын тапшырылышы жана беш бөлүмдөн турган шартнамага кол коюлушун өзү шарттуу аталса, шарттуу чечилет. Анткени тарых барактарында, эч кандай архивдик материалда кездешпейт.

Бирок бизге «Сынган кылычта» автордун жазып берген ушул көрүнүшү архивдик материалдарга караганда алда-канча жакын. Анткени жалпы тарыхый жүрүштүн фону бузулбайт, алкак өзгөрбөй туруп эле көркөм чыгарма жаратып жатат. Кандай болбосун романда каармандар ар тараптан ачылыш керек. Ошко келип жети ачкычты тапшырганы менен Курманжандын адамдык терең акылы, коомдук-саясый ишмердик тажрыйбасы, тубаса эл башчылык таланты дагы бийиктетилип көрсөтүлөт. Скобелевдин атайын кеңири дасторкон жайып, парча чапан жаап, «Алай ханышасы» деген наам ыйгарып, урмат-сый көрсөтүп, кайсы бир даражада кадырлап турушунун өзү эле түптүү элдин башчылары менен дурустап сүйлөшүш керек болуп жатканынан да кабар берет.

Ошентип, бул окуя эки маанидеги: саясый жана эстетикалык баалуулук зор милдет өтөп калды. Мына ушул чындык вымысел, көркөм шарттуулук менен берилиши чыгармачылыкта өзүнчө жандуу окулган, угумдуулук жана таасирдүүлүк берчү идеялык эстетикалык салмагын арттырып салды.

Автордук вымысел менен көркөм шарттуулук бирин-экин мисал менен бүтүп калбайт. Романда жалпы тарыхый агымдын жылышында турмуш чындыгы, жазылып калган окуялар, тургузулган жандуу, элестүү түшүнүктөрдүн издери канча көп болсо, автордук ойлоп табуулар менен көркөм шарттуулук чындыгы да баштан аяк бири-бирине жуурулушуп, толуктап жүрүп олтурат. Чыгарманын финалы бүткөндө гана такталат, ансыз көркөм чыгарма жаралбайт. «Сынган кылычта» автордук вымысел менен көркөм шарттуулук тарыхый чындыкка жуурулушуп, орошон жаңы көркөм чындык жаралган жерлер абдан көп, каалаганча табууга болот. Биз баятан бери айтып келе жаткандай ошондой мисалдар романда маанилүү роль ойногон жерлерин гана алып келатабыз. Буга окшогон бир жагынан баалуу, терең маанилүү табылгаларды, Акпалбан менен Камчыбек трагедиясында, Карасакалдын айланасында, Асел айым катышкан эпизоддордон арбын кездештиребиз.

Биз тээ жогоруда кириш бөлүмүндө Камчыбектин дарга асылышына себепчи болгон кандуу окуянын жүрүп кеткенине от тамызгы таштаткан Асел айымдын Бүлөлү жайыгында орус чек арачылары тарабынан чачы кыркылып, солдаттарды Акпалбан өлтүртүп койбоду беле. Бул тарыхый окуя чыгармада жазуучунун калеми менен Дараут-Коргон чек арага жеткирип салынган. Мында баарынан маанилүүсү да окуя өткөн жерди алмаштырып коюшу да көркөм чыгарма үчүн ойлоп табылган адабий табылга. Асел айымдын чачы кыркылып калышы да тарыхый чындык, анын эстетикалык күчүн көтөрүүгө жакшы кызмат өтөп берүүдө. Экинчи жагынан кандуу окуянын Бүлөлү жайыгында өтүшү ошол жергиликтерден башка жактагыларга белгсиз. Ал эми Дараут-Коргон чек арасында болушу биринчиден, Бүлөлүгө караганда аты таанымал жер, экинчиден, орустардын чек арасы жайгашкандыгы белгилүү, Мунун саясый мааниси да, көңүл бурдурчу салмагы да жогору турат.

Кечээ эле Алымбек менен Курманжандын балдары эркин жүргөн өз жери бүгүн өздөрүнө бөтөн болуп, орустар канын төгүп жатса арачылыкка жарабай калды. Бул орус колонизаторунун жалпы Россиянын баскынчылык саясатынын жана согуш алааматынын күчөтүлүп баратканын билдирет. «Сынган кылычтагы» трагедиялуу окуя улам чыңалып, улам катуулап психологиялык абалдын тереңдеп өзгөрүшү күчөйт. Адам жан-дүйнөсүн, мүнөзүн түрдүү кырдаалга түшкөн көрүнүшүн ачууга автор абдан сонун ыңгай, ийкемдүү ыкма таап түзүп алган. Бирок окурман үчүн окуянын Бүлөлүнүн жайыгында өткөнүнө караганда Дараут-Коргон чегинде болгону, Асел айымдын чачынын кыркылып калышы жана ошол аркылуу трагедиянын күчөшү, аягы келип, Камчыбек өлүмү менен бүтүшү алда канча таасирдүү, элестүү туюлат. Жазуучу дал ушундай ийгиликке жетишүүнү алдына башкы максат кылып койгон.

Окурманга Курманжан датканын адамдык белгилери ачылып отурган сайын анын жан дүйнөсүндө башка кишилерге, жалпы журтка өзүнүн үй бүлөлүк мамилелерин ичкертен аңдап билүүгө жол ачылып келатат. Андай сапатты биз Алымбек датка менен болгон тээ Кабылан-Көл жайлоосундагы түнкү кездешүүсү, генерал Скобелев жана эмир Музафар, Шабдан мырза менен татаал мезгилде ар түрдүү кыйын күндөрдө жолугушкан кездери, балдары Абдылдабек менен Камчыбектин кайгылуу өлүмүнө жасаган мамилесине анын артыкча кайгылуу натурасы, табигый интеллект дүйнөсү, башчылык милдетин туура аткаруу принциби, саясатка ийкемдүү түрдө мамиле жасай билиши, жекече өзүнө таандык болгон мүнөз тагдыры жакшы эле көрүнүп калды. Ушул сапат белгилеринен Курманжан датка өзүнүн жогорку бийиктигинде турат. Ошентсе да биз аны энелик асылзаадалык мээрими ичкертен ачылган табигый көрүнүшү менен жакшылап таанышкыбыз келип жатат. Өмүр жолдошу Алымбектен кийин уулдары Абдылдабек менен Камчыбектен ажырап, өмүрү өр таяп турганда эски арман күйүтү күчөп, ботосу өлгөн боз каймалдай болуп турган муңдуу тагдырынан бир элес.

«Ушул «ботосу өлгөн төөнүн боздогону» деген арман кошок Курманжандын оюна өзүнөн-өзү жылжып агып кирип, ал дагы күйүттүү эне ичтен эски кайгысы козголуп, ичтен боздоп, акырын эрдин күбүрөтүп алды да, башын аргасыз ийкей өзүнчө улутунду. Балаң түшкүр эне үчүн дайым бала, эси болобу, эси болбойбу, бою болобу, бою болбойбу, ичтен чыккан ийри жылан эт жүрөктөн жаралып, дайым түсү ысык болот турбайбы. Эптеп тунум дегилик ичтен чыккан ийри жылан эмес, Курманжан эл агасы болуп калган уландарынан ажыраган эмеспи. Бала үчүн эне жүрөгү көөнөрбөйт экен. Тээ баягы Абдылдабектин ак кийизге оролгон кол баш жүрөгүн алдына коюп, Акпалбан арман күү чертип угузган күн, кечээ үч жыл мурда Камчыбектин мойнуна жыландай муздак сыйыртмак салынган күн ушул азыр да күнү бүгүнкүдөй ар биринин үрөйү көз алдында, үнү кулагына угулат. Ошондо өзү: «Тарта ыйла! Кудай ыйга ый кошот, кайратка кайрат кошот. Тарта ыйлап а көрө ариетин жакшы кылгыла!» - деп айткан кайрат сөзү азыр да эсинде. Ал өзү тууган үчүн, өзү үчүн айтылган кайрат бөтөн көзүнө сыр бербөө, мүңкүрөбөө болучу. А эне ушул күнгө дейре унута албайт, күнүгө тымызын өксөп, тымызын үшкүрүп, чачы агарып келет».1

Бул психологиялык оор абалда калган эне мээрими кандай назик, аруу экендигин тереңден бери аңтарып чыгып келип алдыбызга тартып койду. Ботосун жоготкон каймалдын үн салып боздогону, Курманжан датканын ак тилек, асыл максат менен бөпөлөп өстүргөн атуулдарынан ажырап, кайгы муңун ичине батыра албай эзилип да, жарылып да жаш төгүп жатканы түгөнбөс арман асирети.

Карасакал боз каймалды башка чапкылап кайра кубалап уруп жатканы Россия баскынчыларынын Курманжан датканы төө бастыга алып, балдарын асып, эл жеринен ажыратып, өлүгүн бөтөн жерде калтырып, орду толбос өксүккө салып койгону символикалык ассоциация жаратып турганы менен таасирдүү. Адам жан-дүйнөсүнө тереңдеп кире билип, эң негизги түйүндү таап ачып, терең маани-мазмунун өзүнчө бир эстетикалык күчтүн жандуу элестер аркалаган талант чеберчилиги, эненин боз каймалдын боздогонун угуп, ичинен сыздап олтурушу менен эле чектелип калбайт. Көзү өткөн балдарынын бүгүнкү азабы, алдында ойноп олтурушкан неберелеринин эртеңки тагдырын ойлоп, ошонун камылгасын көрүп жатат. Андыктан адам баласынын башына түшчү жакшылык менен жамандыкты элестете неберелерине түрдүү маани улап, туюнтуп олтурбайбы.

Бул эпизод өткөн кылым элеси, айтылган акыл кеби күнү-бүгүнкү күндө угузчу сөз, эртеңкиге үйрөтчү акыл катары таасирин тийгизет. Эртең да эскирбейт. Жыйынтыктап айтканда, классикалык «Сынган кылыч» романында жаралган классикалык образ Курманжан датка бийик нарктуу, эл-журттун эртеңине үмүттүү да, ойлуу да караган эл башчысы, үй-бүлөлүк турмушта үлгү көрсөткөн, таза нускалуу даанышман асылзаада аял.

Кылым кыйырында улам жаңырып, жаңыланып, мезгил сынынан байсалдуу өткөн өмүр тагдыры лакапка айланган айтылуу Курманжан датка бүтүндөй бир доордун жылышын алгалап, ошол доордогу акыл-эс, көрөгөчтүк белгилерин алып жүргөн улуу инсан катары тарых барагында өчпөс орду менен туруп калды. Табиятынан көркөм сөз үчүн жаралган залкар жазуучу Т.Касымбеков коомдук-саясый ишмерлер өз мезгилинен озуп жашаган Алымбек датка менен Курманжан датканын экинчи өмүр жазын да кайра жаратып улуу сөздөн түбөлүккө эстелик тургузду.

§5. Исхак-Полот хандын образы

Залкар жазуучу Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романында эң негизги окуяны, автордук башкы идеяны жыйынтыктоочу каарман – Исхак-Полот хан. Биз Полот хандын образына киришүүдө Шерали хандын бир учурдагы көрүнүшүнө өтө жакын, энчилеш болуп турган дагы бир адамдын кебете- кешпирин көрөбүз. Ал өзүнүн мыйзамдуу ордун эртең Исхак Асан уулуна алдырып койчу Алимхандын тукуму, Ибрагим бектин баласы Самаркандда дин шарият жолу менен күн көрүп, имамдык милдет аткарып, өмүр сүрүп жүргөн чыныгы Полотбек болчу. Турмушта кадыресе адам катары жашап келген. Ал эми жазуучу окурман журтчулугуна алда-канча башка Полотбекти тааныштырат. Айырмалуу көркөм чен-өлчөмгө салып баалайт. Башкача түшүнүк, чоң тарыхый агымдын серпиндисине ташталып, кагаз бетине түшүрүп берет. Кызык жери жазуучу чындыкты бузуп айтып жатса да, окурмандарга кадимки реалдуу факты катары эч кандай шек туудурбай кабыл алынап жатат. Бул тууралуу ушул күнгө чейин бир да терс пикир жазыла да, угула да элек. Мында деле Шералиге карата айтып өткөн оюбузду кайталоого туура келет.

Негизинен өзүбүздүн иликтөө ишибиздеги башкы проблемабыз турмуш чындыгы менен тарых чындыгына автордук кошумчанын дал келиш маселеси болгон соң, буга окшогон жагдайларга сөзсүз түрдө атайлап басым жасап, токтоп өтүүгө тийиш эмеспизби. Эгерде Т.Касымбеков карандай жылаңач абалында турган фактыны ошол боюнча эч жерин өзгөртпөй, тарыхчылар жазган сыяктуу кагаз бетине түшүрүп койсо, анда көркөм чыгарма болбойт эле. Мынтип жандуу, элестүү, бирде жылмаюу сезимин чакырып, бирде жагымсыз таасир калтырып, аягында келип анын тагдыры, коомдогу адамдык орду, тууралуу ой жүгүртүүгө түрткү да берилмек эмес.

Ушул жерде дагы бир маселени айта кетүүнүн ыңгайы келип калды. Мисалы, Нүзүп, Муслманкул, Алымбек, Курманжан болобу же ордо уюткусуна жан киргизип, кыймыл-аракетке салып турган Абдырахман аптабачы, Алымкул аталык, Шады ынак, Иса олуя сыяктуу тарыхый турмушта чындап жашап өткөн белгилүү адамдарды тарых илимин элге жеткирип атын чыгарганына караганда искусствонун түрдүү формасында, көркөм чыгармада, прозада, драматургия, поэзияда делеби, эстетикалык аземге салынып, бөлөкчө тагдыр күтүп, башкача күчкө ээ болот. Көркөм чыгармада адам атын чыгарыш, калың жумурай журтчулукка таанытыш жандуу, элестүү сөздөр менен эл арасына таратыш, лакап атка кондуруп, үлгү катары көрсөтүүгө жеткириши алда-канча таасирдүү да, ишенимдүү да болуп кабылданып, окурман журтчулугуна тез таралып, бекем тамырлап, жалпы элдин аң-сезимине сиңип кетет. Көпчүлүк аларды илимий эмгек аркылуу эмес, көркөм образ аркылуу таанып билет. Өзүнүн жан дүйнөсүнө түрдүүчө көз караш, түшүнүгүнө жараша сиңирип алат. Көркөм чыгарманын күчү ушунчалык, ал деген турмушта болуп болбогон Абил бий өңдүү типти кадимки тарыхта болгондой жашатып салды.

Чындыгында «Сынган кылыч» романы жарык көргөнгө чейин Нүзүп, Мусулманкул, Алымбек, Курманжан, Исхак-Полот хан сыяктуу тарыхый инсандарды жалпы эл мынчалык даражада билген эмес. Негизинен илимпоз чөйрөсү менен бул адамдын тууган-туушкандары гана жарым-жартылай кабардар болушкан. Ал эми билгендер болсо да, саясый идеологиялык электен, сыдыргыдан өткөрүлүп, анан барып саналуу гана адистер менен окурман тобуна жетүүчү. Тарыхый окуяларды жана тарыхый өкүмдарлар менен билерман топтордун атын чыгарууда, аларга баа берүүдө көркөм чыгарма кандай чоң роль ойногонун биз сөз кылып жаткан Т.Касымбековдун «Сынган кылычы» же М.Ауэзовдун «Абай жолу» гана биринчи ирет көрсөтүп берген жок. Бүтүндөй дүйнөлүк адабий тажрыйба бизге ушул акыйкатты ишенимдүү билдирип, жандуу элесин көз алдыбыздан өткөрүп келет. Канча замандан бери бизге кеңири маалым экендигин эскертип коюу гана жетиштүү. Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романындагы Исхак-Полот хан тарых барагына өчпөс из түшүргөн, коомдук чоң аренага чыгышы, биринчи таанылышы кандай өзгөчө болсо, күрөш жолу, тагдыр таржымалы да кайталангыс. Ал өз орду, наркынан жазбай адамдык жетекчилик үлкөн күчүн сактап өткөн мыкты образдардын бири Исхак Асан уулу же хан тукумунун атын жамынып чыккан Полот хан экендиги баарына маалым. Бул адам жогоруда айтылгандай тарых барактарында чектелүү чөйрөгө белгилүү болсо, «Сынган кылыч» чыккандан кийин дээрлик кыргыздарга гана эмес, Орто Азия журтчулугуна, ал түгүл дүйнөдөгү башка элдерге да таанылып калды..

Биз жогоруда карап өткөн башка каармандарга караганда бул жөнүндө тарыхый маалыматтар абдан көп жана так берилген. Бирок буга окшогон тарыхый чоң инсандын орду Совет доорунда толук ачылбай калган. Анткени, маселенин аягы орус коомчулугуна жана бийлигине келип такалып турган. Ал кезде социалисттик идеология жол бербейт болчу. Ошон үчүн эскертип өткөндөй, тарыхый эмгектерге караганда, айрым жазуучунун көркөм чыгармаларында негизинен туура көрсөтүлгөн. Исхактын оригиналдуу образ экендиги биринчи кезекте анын өзү Полот хан болбой туруп чыгышында. Бардык маселелердин учугу ушул жерден башталып, трагедиясы да хан тукумунун ысымын алып жүргөндүгү менен бүтөт.

Биринчиден, ал эл арасында бийлик талашчу башка уруулардын өкүлдөрүнө шылтоо табууга себепчи болуп турду. Экинчиден, падышачылык Оруссия губернаторлору менен аскер кызматкерлери да Полот ханды чыныгы тектүү, укукту хан катары кабыл албай коюшту. Мисалга тартсак, «1873-жылы жаңы козголоң чыкты, - деп жазат орус тарыхчысы М.А.Терентьев. кайсы бир эч кимге белгисиз Пулат хан деген неме өзүн Алимхандын кичүү уулумун деп ишендирип, каалаганды талап-тоноого чакыра баштаган. Намангандык кыргыздар буга заматта жооп кылышты»1.

Ошентип, анын тарыхый ордун аныктоочу жана чечүүчү мааниге ээ болгон чындык күчү анын элдик баатыр, чоң коомдук-саясый ишмер экендигин көрсөтүп турган касиети тереңде кайнап турган духу эмеспи. Мына ошол күчтүү дух баарына дем берип, ата-журт башчылыгына көтөрүп салды. Тарыхта да ошол бойдон калды.

Анткени, бул көтөрүлүштү жана анын негизги себептери чыныгы турмуштун өзүнөн чыккандыгында турат. Ал чындык тарыхый жылыштын ошол реалдуу көрүнүшүндө болчу. Анын түпкү табияты дайыма кайталанып, эл канча жашаса ошончо өмүр сүрө берет. Ага карата өз учурунда берилген түркүн-түмөн терс бааларды көрүнбөс тарых бүктөмүнө ыргытып салып, коомчулуктун зарылчылыгы алып чыккан чыныгы Исхакты кайрадан таанытып, толук баасын, өз ордун берип жатат. Жогоруда эскерткендей, жазуучу татаал мезгилде, социалисттик идеология өкүм сүрүп турган мезгилде Исхактын атын даңазалап чыкты. Анын көркөм образын жаратып, өз социалдык-тарыхый, саясый ишмер жана адамдык баасын берип, калайык алдына көтөрүп, чоң эрдик жасаган. Ошонун өзү да тарыхый-саясий, адабий түшүнүгүн кеңейтип, чеберчилигин арттырып өскөн. Көрүнүп тургандай, тарыхый чындык менен сүрөткердин көз карашы дал келип турат. Бул образды жаратууда Т.Касымбеков негизинен эки катар кеткен сызыкты тең сүрөттөп карап жүрүп олтурат. Биринчиси, тарыхый окуялар жана тарыхта болгон адамдар, саясый идеологиялык күрөштүн катышы. Экинчиси, ошол адамдардын көркөм образын, жан дүйнөсүн, жекече психологиясын, кулк-мүнөзүн жаратып, жандуу кыймыл-аракети бар, өз өмүр жолу, тагдыры бар каармандарды кошо жаратып келиши. Жазуучу Исхакты дал ушул көз караштан баалап, көркөм дүйнөсүн жараткан. Ал бир гана башчылык милдет аткарып, эрдик көрсөтүү менен чектелген эпостук каарман эмес. Тереңдетип айтканда адам табиятына эмне мүнөздүү болсо, ошол белгилердин дээрлик көпчүлүгүн өзүнө алып жүргөн толук кандуу каарман.

Исхак бизге биринчи жолукканда (Шер датка баш болгон өкүлдөр Ташкентке Абдымомунбектин үйүнө барганда) сыртынан эч кандай артыкчылык сапаты деле көрүнбөйт. Бирок баамчыл окурман гана жандуу кыймыл, сергек мүнөз, ойноп турган оттуу көзү бар чыйрак жигитке алдыртан көңүл бурмак. Андай сынчыл көз биринчи Шер датка болуп чыкты. Адегенде аны Самарканддагы «Жаман дубанага» окшоштурду. Сураштырса ичкилик бостон уруусунан экен. Өзүнөн-өзү кызыгуу пайда болду.

«Эртеси эски бөлмөдө Абдымомунбек:

-Датка, кечээги назарың түшкөн азамат «мен ханзаада болуп берем», - дейт деди көңүлдүү. Шер датка:

-Ошентеби, шоктонгон кысталак!

-Мен туу болуп берем дейт чындап эле. Шер датка тигиле тиктеп калды:

-Ошентип, жүрөгүндө жалы бар окшойт! - деди. Күлөйүн деп күлө албады, көзү кылайып ойлуу тартты.

-Ыя, а деги ойлоно турган сөз экен… - Тобокел дейлиби датка?

-Эртең Самарканддын жаман дубанасы чыкса… шерменде болуп калабыз го, кудай урганды… Абдымомун бек колун шилтей койду:

-И-ее датка, андай жаман үч кишинин төбөсү бириккен жерге чыга албайт! Бүгүн бул азамат элге алынып кеткен соң, эртең дубанаңыз ыйласа ким ишенет жарыктык?!»

Ошентип, азамат Исхак Шер баштаган увакилдерге кошулуп, Полот хан атыгып, бир жумадан кийин Чаткалга келген болчу» 1

Акыйкатта Исхакты биринчи эле көргөн кезде Шер датканын көңүлүн бурушу да, «мен ханзаада болуп берем» дегени да жөн жеринен эмес. Көмүскөдө көрүнбөй бугуп жаткан күч шарт түзүлгөндө ачылып чыгып, өзүн чындап тааныта баштады. Ал Шерали хандыкка көтөрүлгөн жерде ак кийизге салынып өкүмдарлыкка көтөрүлүшү, артынан элди ээрчитип алышы болду. Бул көпчүлүк көптөн бери көксөгөн мүдөөгө дал келди. Алардын кызыкчылыгы, өз укугун коргошу турмушта табият буйруп койгон өз энчисин ээлеш үчүн күрөштө кадимкидей жол көрсөтүп турган түнкү шам чырактай ак эмгек өтөп жатты.

Исхактын хандык такка олтуруп бийлик жүргүзүшү да, көпчүлүккө жасаган мамилеси да, эл-жерге болгон түшүнүгү да өзүнөн мурдагы Кудаяр хан же Насирдин бектин колдонгон ыкмасына, көздөгөн башкы максатына таптакыр шай келбегендиги менен айырмаланып турат. Ал гана эмес адам катары да, өкүмдар жетекчи катары да башкача жан экендиги көрүнүп жатты. Негизинен элдин көксөөсүнө сырттан куушуруп келаткан орус баскынчыларына жасаган реакциясына жооп берип турган үчүн өзүнүн башкы милдетин аткарууга жол ачылып жатты. Акыл-дараметинин, турмуштук тажрыйбасынын жетишишине бүтүндөй мүмкүнчүлүгүн жумшап, жалпы журт үчүн, Ата Мекен үчүн ак дил кызмат өтөп жашаптыр.

Эгерде анын негизги жүргүзгөн иши жалпы эл массасынын максатына, оор тагдырына тикеден-тике таяныч болуп турбаса тез аранын ичинде өтө катуу башталган козголоң, улуттук боштондук кыймылга айланып кетмек эмес. Тарыхый маалыматтар да ушуну ырастайт. 1874-жылы Чаткаладан он миң ашуун көтөрүлүшчүлөрдү баштап чыккан Исхак тез аранын ичинде эле Өзгөн, Лейлек козголоңчуларына таасирдүү болгон. Андижан, Наманган, Ош, Асаке, Маргалан шаарларын заматта ээлешип, Коконго жетип келишти. Көпчүлүк гана эмес, Кудаяр хандын баласы Насирдин бек жана оң колу Абдырахман аптабачынын да Исхак тараптагы көтөрүлүшкө өтүп кетиши көп нерсени туюндурат.

Жалпы элдик көтөрүлүшкө айлануусу кандайдыр бир чоң ишенич, чоң жектөөөчү күчтүн жандуу таасири аркылуу болору бышык эмеспи. Чынында ошондой болгон. Эл башчысы өзү табият наркынан кандай адам болсо айланасына да ошондой таланттуу, акылдуу таасирдүү күчтөр топтолот. Маселен, Исхактын эки колу болуп жандап чыккан Абдылда бек менен Бекназар батырлар биз айтып жаткан оюбузга күбө. Исхак кандай күрөш жүргүзсө, анан күчүн көрсөтүп, негизги максатын элге жеткирип, башкы душмандар кимдер дегенди жакшылап тааныштырып берүүдө булар абдан чыныгы атуулдук милдет өтөшкөн. Ушунун өзү эле Исхакка карата болгон биздин айткандардын жана идеялардын бузулгус далили болуп эсептелет.

Исхак мамлекет, эл-жер тагдыры үчүн бүтүндөй башын сайып, курмандыкка чалып коюп, кылычтын мизинде ойноп бараткандай эле анын эң жакын баатырлары да баарына даяр турушуп, батырларча дүйнөдөн кайтышты. Алардын духун көтөрүп, үмүт отун жандандырып, келечекке, жакшылыкка сүрөп жетелеген күч да Исхак болучу. Анын чыныгы элдик баатыр экендиги, эл кантип урматтагандыгын Махрам сепилинде ордо жатканда чыгарып алгандын өзү эле ашкере айгинелеп турат.

Исхак улам күн өтүп, саясый кырдаал күчөп татаалданган сайын мүмкүн болушунча өзүнүн бар дараметин ачып олтурган тарыхый, узун өмүрлүү адабий каарман. Мурдараак негизги душманы Кудаяр ханды тактан кулатуу болсо, эми андан да жүз эсе коркунучту орус баскынчылар менен таймашууга туура келди. Ал эртеңки мүмкүнчүлүгүн тезиреээк ойлоп, кантсе да орустар менен кармашуу аягында кандуу натыйжасыз болорун сезе билген, алар менен тынчтык түзүүнү жана катарлаш жашоо жолун издеди. А бирок орус баскынчылары үчүн хандык менен мамиле түзүү утурумдук гана саясый оюн болучу. Аздан соң баш аягын жыйып туруп Кокон хандыгын биротоло талкалайт. Өздөрүнүн күчүнө бекем ишенген үчүн Исхакты жалган хан деп айыптап, кабыл албай жатат. Айла кеткенде «жатып өлгөнчө атып өл болуп» Исхак орус баскынчыларына чечкиндүү беттешүүгө өтпөдүбү. Ошондо Исхак ички жана чет душмандарга каршы аттанган көтөрүлүшчүлөргө кайрылып мындай дейт.

«Бизге ата-конуш, жер кымбат, ага-тууган эл кымбат. Өз жергебиз үчүн суу кечип, от кечип кармашубуз гана калды. Биз ат үстүндө жеңип алган боштондугубузду ат үстүндө жүрүп, кимди болсо да коргоп калалы».1

Романдагы Исхак баатырдын жалындуу сөзү кайсыл мезгил болбосун улуттун биримдиги, Ата Мекенди коргоо жана көздүн карегиндей сактап калуунун гимни катары кулакка жаңырат. Мындай улуттук түбөлүктүү философиялык идея «Сынган кылычтын» түндүгүн жогору көтөрүп, күрөө тамырдай согуп турат. Ошондуктан, улуттук боштондук күрөштүн жетекчиси Исхак бүтүндөй тагдырын, турмушта көздөгөн максатын эркин, адилет коомду куруу үчүн жумшап аттанып чыкты. «Сынган кылычтагы» көктө чабыттап учкан бүркүт символдук мүнөздө Исхак баатырдын духунун жаркын көрүнүшү. Исхак да кууш алкактан суурулуп чыгып, эркиндик туусун көтөрүп. бүтүндөй түрк тайпаларынын биримдиги, ар-намысы менен боштондугу үчүн күрөштү. Тилекке каршы, элдин бекем биримдиги жана өз мамлекети үчүн ар-намысы менен иши жоктуктан, кара жемсөө өзүмчүлдүктөн улам Исхактын көздөгөн максаты ишке ашпай талкаланып, «темир тумшук алп кара куштун» чеңгээлинде калат. «Сынган кылычты» окуп олтуруп, куралдын күчү менен тизе бүккөн бейкүнөө мекендештерибиздин тагдыры кылыч мизинде чечилип жатканына зээниң кейийт. Кайгы-касирет менен терең ойлоносуң. Бийликти мансапка айландырган өз кызыкчылыгынан башканы ойлобогон (Кудаяр хан, Насирдин бек) төбөлдөрдү же өздөн чыккан жат, журт бузар чыккынчылар (Абдырахман аптабачы, Ярмат, Шермат даткалар) кесепетинен орус баскынчыларына багынып, өз мамлекеттүүлүгүнөн ажырап калат.

«Сынган кылыч» эмне үчүн сынды? Биздин оюбузча, адабиятчылар менен окурмандар айтып жүрүшкөндөй бул Кокон хандыгынын эзүүчү таптын же Оруссия империясы ураткан түзүлүштүн кыйрашы эмес, улуттук баатыр Исхак көтөрүп чыккан элдик көтөрүлүштүн, алардын духунун,азаттык идеялардын,улут катары жер бетинде жашап калу күрөшүнүн түп максаттын сынышы.

§6. Кокон хандарынын образы

«Сынган кылыч» романынын сюжеттик-композициялык курулушундагы негизги окуя Ажыбай датканын Кокон тарыхын баяндаган «Алтынбешиктер» жөнүндөгү санжырадан тутандырык алат. Турмушта көптү көргөн, хан ордосуна аралашып жүргөн Ажыбай датканын сөзү биринчиден, хандыктын тарыхтагы ордун бекемдөөгө аракет кылат. Экинчиден, жалпы журттун духун көтөрүү менен Шералинин сезимине жеткирип, кайрадан жасап, хан болууга түздөн-түз түрткү берип турбайбы. Ал санжырасында тарыхтын жандуу күбөсү катары Кокон хандыгын негиздеген Нарбото бийге чейин алып келди. Мына ошол Нарбото бийдин көзү өткөндөн кийин уулу мураскор Алимхан таажы кийип, такка олтуруп бийлик жүргүзөт. Ал бийлик өтөгөн жылдары Кокон хандыгынын ээлиги чыңдалып, ар кандай өкүм хан атынан айтылып, бийлик бир колго топтолгон жана хандык доору тынымсыз жортуулда өтөт. Кийин Омор хан тактыга олтуруу менен бийликти кылыч менен эмес, акылдын күчүнө таянып коңшу өлкөлөр менен ынтымак аркылуу чыңдайт. Ал эми Мадалы хандан баштап, Кокон хандыгынын кадыр-баркы улам төмөндөй берет.

1842-жылы Мадалы хандын аксымдыгына нааразылык аябагандай күчөп, Бухара динчилери ханга каршы козголоң чыгарып, саясый абал кескин курчуп кетет. Мына мезгил оошуп кыргыз билермандары да колундагы көзүрүн калчап турушат. Кокон ордосунда саясый төңкөрүш болуп, Мадалы ханды мусулман динин булгаган ыпылас иштерди жасады деген шылтоо менен Бухара эмири Насурулло тактан кулатат да, анын ордуна өз адамын коет. Мындай салтсыз хандын жүргүзгөн бийлигине жана зордук-зомбулугуна каршы кыргыз, кыпчак төбөлдөрү козголоң чыгарат. Бул эрегиште кыргыз бийлери жеңишке жетишет да, хан тукумунан Хаджы бектин уулу Шералинин (1842-1845) хан тактысына олтурууга бүтүм чыгарышат. Кокон хандыгынын тарыхына байланыштуу окуялар романда бурмаланбастан кайра тарыхый жактан бүдөмүк фактылар автор тарабынан логикалык ырааттуулукка салынып, ишенимдүү берилген жана көптөгөн тарыхый окуялар изме-из сүрөттөлгөн.

Белгилөөчү жагдай, чыгармада Шерали өзүнүн хан тукумунан экендигин билбеген мажүрөө, жылкычылыкты кесип кылган адам катары көрсөтүлөт. Турмуш чындыгына таянсак, ал каардуу Алимхандын куугунтугунан качырылып, таякелеринде корголоп калат. Кийин үйлөнгөн аялдары Жаркын айым менен Соно экөө тең кыргыз болгон. Ал кадыресе эле эл катары жашап жүрүптүр. Барыдан мурда андай кезде тегин билбеген байкуш адамды кыргыз бийлери хан көтөрүүгө жол бербейт болчу. Бул жерде автор Шералинин көркөм образын жаратууда анын мамлекеттик ишти жөнгө салуудагы чабалдыгын жана мүнөзүндөгү бош, чечкинсиз сапаттарды көрсөтүш үчүн атайылап ойдон чыгарылган түс, боектор менен шөкөттөгөнүн ким болбосун ажыратып биле алары шексиз. Окурмандарга белгилүү болгондой чыгармада сүрөттөлгөн чокой Шералинин тагдыр-таржымалынын күбөсү. Муну өтмө маанисинде да түшүнсөк болот. Ошондуктан акылдуу Нүзүп мурда ким элең, сени кимдин күчтүү колу алтын таажы кийгизип, хан тактысына олтургузуп койду деп эскерткен белгиси катары кабылданат. Тектүү, түптүү хандык өз ордун таппай жүрүшү ушундай көрүнүшкө барабар болот.

Кокон хандыгынын ички жана тышкы саясатын мыкты билген, бардык жактан чапчаң, көрөгөчтүк менен титирете бийлеген чыгаан Нүзүптүн каршысында өзгөчө Шады ынак менен Мусулманкул бекем уюшуп, Шерали ханды эптеп көндүрүп, бет маңдайда илдирген чокойду алдырган соң, Нүзүпкө өлүм жардыгына кол койдурууга жетишкенин жогоруда кеңири келтирген мисалдар менен эле көрбөдүк беле.

Мында чокойдун алынып ташталышы Шералинин өз башынан кечирген турмушун унутушу, келечегинин жоктугу, жеткен трагедиясы болуп билинет. Чындык күчү ушунчалык: айтылып жаткан сөздөр өзүнөн-өзү оозго келип, Дагестан элинин улуу акыны Р.Гамзатовдун «эгерде сен өткөндү мылтык менен атсаң, келечек сени замбирек менен атат» деген накыл сөзүн эске түшүрүп жатпайбы. Т.Касымбековдун кайталангыс адабий табылгасы «көөн чокой» Ч.Айтматовдун «маңкурт» түшүнүгү сыяктуу символдуу мүнөзгө ээ.

Ушул жерде бир кызыктуу да, жазуучу үчүн абдан керектүү да фактыга кайрыла кетишке туура келип калды. Бул хандыкка кандай адамды көтөрүш керек жана эмне үчүн ошону табыш зарыл деген маселеден чыкчу кадимкидей эле салттуу көрүнүш. Экинчиден, жазуучу эмне үчүн билип-көрүп туруп, тарыхый болгон реалдуу мисалды башкача формага салып жеткиргенди чечти экен? Мында кандай зарылчылык бар? Алсак, Шералинин хан көтөрүлүшүндө социалдык-турмуштук абалы деги эле адам катары эсептелбеген кайдагы бир жылкычылык кесиби менен кийген чарыгынын айланасында да тагдыры чечилет. Тактыга олтурганда ошол чокою бүтүн жашоо тагдыры сыяктуу маңдайына илинип калды, кийин ал ордунан алынып ташталганда артынан өзүнүн башы кетет. Деги бул символикалык кыйыр туюнтма эмнени түшүндүрөт? Жанараакта эле эскертип өткөндөй тектүү, түптүү жердин уруктарынын баары эле чыныгы атуул, ата канынын тазалыгын сактап, табиятына тең келчү, же ашып түшчү акыл-эс менен туулган адам боло бербеси да чындык. Ошондуктан ал кыйын, өткүр, эл башчылыкка жарап, ата-салтын улап кете турган чыгаан жандардын, чоң билермандардын алдында өзүнөн-өзү пастап көрүнбөй, чабал жагы гана таанылып кала берет. Нүзүп, Мусулманкул, Алымбек, Алымкул, Курманжан сыяктуу чоң элдик ишмерлерге салыштырып караганда жазуучу сүрөткө түшүргөн абалдагыдай эле көрүнүп калат. Бул жерде жазуучу Шералинин сырткы кебете-кешпири менен кийим-кечеси кандай экендигин көрсөтөйүн деген жери жок. Анын башчылыкка жараксыз, өзүнчө ой жүгүртүүгө табигый жөндөмү, ойчулдугу жок, тарых да, жалпы коомчулук да, мындай адам аттууга орун бербей турган өзүнчө бир көркөм формага салып туюнтуп жатат. Тарыхый фактылар, кагаз бетине түшүрүлгөн маалыматтар көп жагынан башкача болсо да, окурмандарга жазуучунун Шералиси алда канча жакын турат. Аны менен аралашып жашайт.

Окурман өзүнүн интуициясы, учкул сезими аркылуу Шералинин чыныгы адамдык табиятын көркөм сезип, реалдуу фактыга караганда жазуучунун тартып берген сүрөтүнө көбүрөөк ыктап калууда. Мында негизги турмуш чындыгы бузулган жок. Бири, жылаңач факты материал турушунда, экинчиси, көркөм формага салынып, сыртынан башкача өң-түс боекторго чүргөлүп, жандуу сүрөт, жандуу элестер аркылуу өткөрүлүүдө. Ошондуктан, бул тарабы жандуу, нары кызыктуу сезим козгоп көңүл калтыртып жипкирткен түрдө эсте калаарлык даражага жеткирип берип жатат. Көркөм чыгарманын күчтүү касиети ушунда эмеспи. Көркөм образ менен жазуучунун кошумчасынын артыкчылыгы, алмашылгыс кудурети ушул өзгөчөлүк менен бааланат.

«Сынган кылычтын» жаңы редакциясында Шералинин образын дагы тереңдетүү үчүн автор кошумча тарамды жөн жеринен киргизбесе керек. Күндөрдүн биринде Нүзүп аталык кезектеги жортуулга кеткенде Шады ынак хандын көңүлүн ачуу үчүн оюн-зоок кече өткөрөт. Көз тайгылта жасалган хан бөлмөсүндө гаремге алынган өңдүү-түстүү кыз-келиндер чимириле бийлеп, ар кимси өз өнөрүн көрсөтүп жатканда «сулуу кыздын» өзгөчө күү коштогон ыры Шерали хандын жан дүйнөсүнө бүлүк салат. Көрсө, ал ордого кунга келген экен. Бактысыз тагдырына кейип, өзүнүн сүйгөн теңин сагынып, арманын ырга кошуп жаткан турбайбы. Шерали хан периштенин сулуулугуна көзү түшсө, бирде кайгылуу тагдырына боор толгоп, ал Шады ынактын «ак никейиңизге» өткөрүп коелу деп айтканын четке кагып, анын жаштыгын аяп, санаага батууда. Бул психологиялык, ары лирикалуу кырдаал Шерали хандын адамдык мүнөзүн ачууну жаратууга өз үлүшүн кошууда. Биринчиден, автор ошол мезгилдеги кыз-келиндердин укуксуз аянычтуу тагдырын чагылдырса, экинчиден, Шерали хандын карапайым тоолук мүнөзүн, боорукер сезимин, ыйманы бузула электигинин белгилерин көрсөтүүгө аракет жасоодо. Кандай болсо да Шерали хан мамлекеттик ишти чапчаң башкара албагандыгы, өз артынан саясий из калтыра албагандыгы тарыхый чындык менен көркөм чындыкка дал келип турат. Биз издеген маселенин түп мааниси дал ушул кесилиш сызыкка ширетилген десек болор эле. Шерали такка олтурганда иш жүзүндө Нүзүп хандыкты башкарууну толук колуна алгандыгын тарыхый маалыматтар да тастыктайт.

Андыктан кыргыз, кыпчак жамаатындагы эң таасирдүү мамлекеттик ишмер жана таланттуу кол башчы Нүзүптүн катарына коюп караганда Шерали хандын чала жан көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн саясый ишмердик аракеттери дээрлик көмүскөдө калса керек. Ал эми 1845-жылы Ош тарапта башталган кыргыздардын көтөрүлүшүн басып келген Мусулманкул Шералинин он үч жашар Кудаярын тактыга олтургузуп, иш жүзүндө хандыкты өзү башкарып калганы баарына дайын. Кыпчак башчыларынын бийлигин чыңдоо үчүн Мусулманкул Кудаярды кызына үйлөндүрүп, күйөө бала кылып алат.

Бирок мезгил деген баарын өзгөртүп, тараза ташына коет. Анын эч кимге багынбаган мыйзамдары бар. Андыктан Кудаяр хан да эрезеге жетип, турмуштук тажрыйбасы артат, хандыктагы өз укугун билип, аталыкка моюн толгой баштаганын жалпы окурман романдын баш жагынан бери эле тааныш экендиги маалым. Аны кайрадан кайталап чыгыштын зарылчылыгы жок. Биз жогоруда Мусулманкулдун образын талдоого алганда кеңири токтолгонбуз. Андан көрө анын Мусулманкулду мыкаачылык кектик менен өлтүргөнүн, Шер датканы баш кылып, кырк билерман элчинин башын алганын, жалпы кыпчактарды кырганын дагы бир ирет эске сала кетсек эле жетиштүү болот деп ойлойбуз. Анткени менен Мусулманкулдун аеосуз жазаланышы, кыпчак кыргыны ордодогу бийлик талашкан жаңжалды токтотуп, бейпилдик орнотуп салдыбы?

Кыпчактарга элеттиктер кошулуп, Алымбек датка менен Алымкулдарга таянган Малабек (1858-1862) бийликке келбедиби. Кудаяр Бухарага кире качып кутулду. Жаңы хандын такка отурушу Алайлык Алымбек датканы вазирликке жеткирди. 1862-жылы Малаханга каршы козголоң уюштурулуп, анын да башы кетти. Кудаяр хан экинчи жолу такка олтуруп, бирок саясый окуялар чиелене баштаганда кайра качты. Башчылык кыргыз-кыпчактарга тийип, 1863-жылы Малабектин 12 жашар уулу Султан Сейит такка олтургузулат. Бийлик Алымкул аталыкка өтүп, иш жүзүндө хандыкты башкарууну толук колуна алат. Көп өтпөй аброю чоң Алымбек менен Алымкулдай чыгаан билермандардын тирешүүсүндө биринин башы кыя чабылса, экинчиси болсо адам колдуу болот. 1865-жылы Ташкент алынгандан кийин Алымкулдун жаатташтары кыргыз-кыпчак күчтөрү Бухара эмири Музафар менен кармашта жеңилип калат да, Кудаяр хан такка үчүнчү жолу олтурат.Мына ушул окуялардын баарын автор негизинен тарыхый чындык менен изме- из сүрөттөйт.

Чыгарманын сюжеттик өнүгүшүндө улам куулуп, сүрүлүп үчүнчү жолу Кудаяр хан бийликке кайтканда элеттиктер менен ордонун мамилесин чыңдоо үчүн Абдырахман аптабачы элчи болуп келет. Орустарга каршы согушка тоолук жигиттерди жана кошунга минүүчү аттарды сураган хан жардыгын угузулушу көп маселенин түйүнүн чечет. Калайыкты бөөдө кыргындан арачалаган Теңирберди аксакал: «Кудаяр амирин туткан элге не жакшылык убада кылыптыр» деген собол жөн жеринен чыккан эмес. Бул Кокон хандарынын көп кордук көргөн жалпы элдин атынан берилген суроо талабы болчу. Акыйкатта эле, романда элдин жашоосунун көкөй кести абалы, Кудаяр хандын кыянатчылыгы жана аким-бектердин зордук-зомбулуктарын жазуучунун «Домбунун куну» сүрөттөлгөн эпизодо өз апогейине жеткире бере алганын көрөбүз. Ушул маселеге байланыштуу реалдуу учурдун көрүнүшүн чыгыш таануучу А.Кун кийинки негиздерде алык-салыктардын өзгөчө көбөйүп кетишин айтып келип, мамлекетке караган бардык байлык-мүлк өз ара жасалчу үй бүлөлүк байланыш мамилелерге чейин бардык иш-аракеттерге салык салынып жаткандыгын, жада калса баланын туулушу менен өлүмүнө да акча төлөнөрүн белгилеп, эми бир гана «Дем алганы үчүн абага» салык салына элек экендигин абдан шылдың менен айтып, жазып калтыргандыгында чындыктын талашсыз үлүшү бар.

Демек, мындай жан ачыткан кейиштүү көрүнүш баарыдан мурда Кудаярхандын адам катары, коомдук ишмер катары, эл башчысы катары тарых барагынан эч качан жакшылыктуу орун албастыгын даана көрсөтүп турбайбы. Анын чындыгын XIX кылымдын адамдары гана эмес, бүгүнкү күндүн өзү да кашкайта көрсөтүп, талашсыз далилге тартып берип жатканы кимди болсо да ишендирбей койбойт. Элде айтылгандай, башкы көч кайда кетсе, кийинкилер ошону ээрчийт. Бүтүндөй бир чоң хандыкты башкарып, алаканына салып турган өкүмдардын жалпы деңгээли ушул болсо, анын айланасындагы билермандар да дал ушул Кудаярханды ээрчип, көлөкөсүн улаган карөзгөй, ачкөз, алкы бузук, адамдык нарк насили пас, жалпы элдин атынан күн өткөргөн арам тамактар болбогондо ким болмок. Хан өзүнүн чөйрөсү менен, чөйрө хандын адамдык сапаты менен аныкталат. Мына ушундай коомдон гана Насирдин бек, Мадалы хан, жеткен мансапкор, кошоматчы, саткын Абдырахман аптабачыларга өмүр сүрүүгө шарт түзүлөт. Андай бийлик кумары менен жашаган, эл-жерине, эртеңки тагдырына чыккынчылык менен мамиле жасап өткөн адамдык уңгулуу касиеттери жетесиз башчы болмуштарга тарых өз бетинен орун бербегендигине да күбө болуп олтурабыз. Дал ушул жерде Ф.Энгельстин: «Тарых бардыгын өз ордуна коет»1 деген гениалдуу аныктамасы эске түшөт. Муну Т.Касымбековдун «Сынган кылычы» да кошо далилдешип жана көрсөтүп жатканын жандуу элестер, көркөм образдар аркылуу көз алдыбыздан өткөрүп, ишеничибизге бекем кирип баратканын баштан аяк көрүп чыктык десек болот.

§7 Орус акимдеринин образы

Т.Касымбеков «Сынган кылычта» реалист сүрөткер катары ачык-айкын көрсөтүп бергендей кыргыз элинин башынан өткөргөн эң ири этаптуу мезгили сөзсүз түрдө Орус падышачылыгы жүргүзгөн колониялык доор менен эриш-аркак байланышта каралары талашсыз чындык. Кыргызстандын Орусияга каратылышы өзүнүн татаалдыгы, ашкере кандуулугу менен айырмаланып калганын тарых өзү көрсөтүп келет. Өзгөчө түштүктүк кыргыздарды Орусияга каратуу процесси 1873-1876-жылдарды кучагына алган улуттук боштондук кыймылы менен катарлаш жүзөгө ашырылышы кандай окурманды болсо да терең ойго салып кабылдабай койбойт. Жергиликтүү Кокон хандыгы түзүлгөндөн баштап эле башкаруу саясатына, ордо иштерине катыштырууга отурукташкан жана көчмөн топторго кирген күчтөрдүн өз-ара атаандашы өзүнө жакын хан тукумунан тактыга отургузуп келишкен. Ошондуктан бир жагынан Кудаяр хандын карасанатайлык менен жүргүзгөн арам иштерге каршы чыгышса, экинчиден, кыргыз эл башчылары бийликти өз тарабынан оодарууга киришет. Хан мураскору катары Исхакты тандап алып, Полот хан деген ат менен саясый аренага чыгарышы Кокон хандыгы кулап, анын орус падышачылыгына каратылышына алып келген. Тарыхый чындык фактыны көз алыдыбыздан өткөрүп, алаканыбызга салып, өзү жөнүндө жарыялап турган социалисттик идеологиянын күчүндө турганда Кыргызстан Орусияга өз эрки менен бириккен деп тарыхыбыз бурмаланып, артыкча бир жактуу каралып келгени баарыбызга дайын.

Ал эми Т.Касымбеков ошол мезгилде жазылган «Сынган кылыч» романында чындыктын көзүн ачып, жарыкка чыгаруу менен атуулдук да, чыгармачылык да эрдик жасагандыгы бүгүн ого бетер кашкая көрүнүп жатат. Кандуу окуя 1865-жылы Ташкент алдында генерал Черняев тарабынан башталышы тегин жерден бекен. Ошондогу Алымкул аталыктын өлүмүнүн сүрөттөлүшү Кокон хандыгынын да күнү бүтүп баратканын туюндуруп турат. Буларда эч кандай көркөм калп катышпайт. Чыгармадагы генерал М.Г.Черняев, фон К.П.Кауфман, генерал М.Д.Скобелев, майор М.Е.Ионов, барон Витгенштейн жана башка бир топ согуш ишмерлери тарыхта жашап өткөн адамдар. Алардын баары аборигендердин тукум курут кылып, жерди тазалоо саясатына тикеден-тике катышып, иш жүзүнө ашырган орус падышачылыгынын ишенимдүү чиновниктери болгон. Ушулардын арасында орус баскынчыларынын жүзүн тааныткан, көптөгөн кандуу жортуулдарды, кызыл кыргынды уюштурган генерал М.Д.Скобелевдин фигурасы өзгөчө бөлүнүп көрүнүп турат. Ал эми элди кандай ыкма, кандай жолдор менен кыргынга учуратканына бир тарыхый маалыматты келтире кетсек эле жетиштүү болот.

Генерал М.Д.Скобелев жетектеген «Эки-Суу арасына согуштук экспедиция» деген жүрүштүн катышуучусу А.Н.Куропаткин күндөлүгүнө мындай сөздөрдү жазат: «биздин алдыбызда жолуккан айыл-кыштактардын баары өрттөлүүгө буйрук берилип, артыбыздан буралган түтүн гана калып олтурду. М.Д.Скобелев артын карап, жалпы көрүнүшкө ыраазы болуп жатты… Жем-чөп алабыз деген шылтоо менен солдаттар колго тийген нерсенин баарын төшөктөрдү, килемдерди, ала кийиздерди, малды, аттарды, китептерди, жарактуу шаймандарды алып жатты. Бир кенже офицер жана жоон топ солдат аялдарды зордуктап, балдарын мууздап жаткан жеринен кармалды»1 М.Д.Скобелев өзү согуштук экспедицияда жүргүзгөн геноциддик, мыкаачы иштерин басма сөз беттерине жарыялабоону өтүнүп, Марьин деген журналистке мынтип кат жазат: «Менин принцибим мындай: Азиядагы бейкутчулук ал жерде кырылган элдин жана кесилген баштын санына түздөн-түз байланыштуу, сокку канчалык катуу болсо, душман ошончолук тынч болот…»2

Буга кошумча түшүндүрмөнүн кереги барбы? Чындыктан кайда качабыз, аны кайда бекитебиз? Жүз жылдан ашуун кара сандыкка камалып ташталса да бүгүн өзү сайрап чыкты. Мындагы чындык күчүн жазуучу чеберчиликте ачып бергенин айрыкча белгилеп өтсөк болот. Романда сүрөттөлгөн Андижан, Маасы, Найман кыштактарына болгон генерал М.Д.Скобелев жетектеген жазалоочу отряддын кандуу жортуулунун тарых барагында өчпөс кара тамгалар менен басылып калышы, кан ичкич, каардуу орус генералын мезгил соту түбөлүккө түшпөс кылыч мойнуна асып койгон оор жазанын символу болуп калып калды.

Ар бир элдин өзүнчө менталитети, психологиясы, мүнөзү бар. Маселен генерал М.Д.Скобелевди ээрчип жүргөн сүрөтчү И.В.Верещагиндин образы, бир кыйла көз карашы, жалпы коомдук түшүнүгү башкачараак, таасирдүү жазылган. Ал генералдын согуштук жүрүштөрдө элге жасаган ырайымсыз кыргынына далай жолу нааразылыгын билдирет. Асылдык дүйнөнү, талантты баалаган билимдүү, чыгармачыл, идеологиялык-колонизатордук саясатка сын көз менен караган инсан катары көрүнөт. Бирок жан дүйнөсү абдан карама-каршылыктуу тартылган. Биринчиден, сүрөтчү гуманист, экинчиден адам өлтүрүү, кан төгүү менен коштолгон картинаны натурадан тартат. Биздин оюбузча, жазуучу бул сүрөтчүнүн образын дагы тереңдетип жазганда мындан да көркөм- эстетикалык таасирдүү күчү артылышы мүмкүн эле.

Кыскартып айтканда, орус баскынчыларынын саясий-идеологиялык башкы милдеттерин жүзөгө ашырууда жасаган мыкаачылык иштерин да, пендечилик оң, терс сапаттарын да, жазуучу кыргыз элинин драмага толгон тарыхый тагдыры менен тикеден-тике байланышта караган. Алардын чыныгы жүзүн ачып берүүдө жазуучунун жетишкен бир топ ийгилиги элибиздин өз эрки, өз күчү менен орус империясына колония болуп бербегенин автор кашкайта далилдеп чыккан. Эр жүрөк акын А.Осмонов: «Кудайга миң мертебе калп айтсам да, ырыма бир мертебе калп айта албайм» дегендей, Т.Касымбеков да элибиздин өтмүшүнө, татаал тагдырына мезгил бүктөмүнөн сууруп чыгууда чындык жолунан тайбаган, духу күчтүү сүрөткер экендигин дагы бир жолу көрсөтө алды.

§8. Абил бийдин образы

Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романы жөнүндө сөз башталгандан бери карай катарынан иликтеп келаткан каармандардын арасында артыкча орун ээлеп, өзгөчө мааниге ээ болуп, элдик лакапка айланган типтүү образ – Абил бий.

Чыгарма жарык көргөн күндөн баштап, анын тегерегинде түрдүү масштабда оң пикирлер айтылды. Алардын ичинде белгилүү адабиятчы К.Даутовдун изилдөөсү олуттуу мааниге ээ. Азыркы биз чечмелөөгө алчу проблемага тикеден-тике тиешеси болбосо да, образдын баалуу жактарын, оригиналдуу табылгаларын ачууда сөзсүз түрдө өз үлүшүн кошуп турат. Бул жерде ошолорго таянып өтүү менен өзүбүздүн негизги проблемабызга түздөн-түз предмет болуп бере турган жагына атайылап басым жасап айтчу сөзүбүздү, тапчу жаңылыктарды ошонун тегерегинде жүргүзөбүз.

Баарыдан мурда Абил бий автордун ой жүгүртүүсүнөн жаралган абдан татаал образ экендигин эскерте кетели. Жогоруда биз карап өткөн көркөм образдарды ачууда тарыхый-психологиялык кырдаал жаратып, кайра ошол шарттар аркылуу каармандын мүнөзүн ачууда керектүү гана жерлерде автордун кошумчасы менен көркөм шарттуулук колдонулганын көрүп келатпадык беле. Ал каармандар романда камтылган мезгил жана мейкиндик аралыгы боюнча да чыгарманын башынан аягына чейин катышат. Аягында автордун идеясынын негизги жыйынтыгын чыгарышкан, чыгарманын бүтүндөй өзөктүк линиясын кураштырып, өнүктүрүп, бардык окуялардын чыгышына түрткү жана себепчи болгон, негизги автордук концепциянын бир кырын алып жүргөн мындай чоң образ дүйнөлүк адабиятта аз кездешет. Мисалы, Н.Толстой «Петр I», Бровкин, М.Ауэзов «Абай жолу», Базаралы, Деркембай, Эрболду кошсок болот.

Абил бий романдагы сюжет улантылып, толгонуп, татаалданып олтурган сайын улам аныктоочу, чечүүчү мааниге ээ болгон түрдүү учур, кырдаалда, жаңы сөз айтып, жаңы иш баштап, ар бир окуяда көрүнүп, алдыда келе турган ар кыл жүрүштөн ишаара билгизип, сахнага чыга берет. Ал биринчи ирет окурман менен Ташкент алдындагы согуштан кайтып, элетти көздөй келатканда таанышат. Андан иш билгилик, келечекке умтулуу белгилер, азырынча көрүнүп көрүнбөгөн бир чоң мүдөө жетектеп турган жигит экендигинен кадыресе кабар берилет.

Ошол эле учурда бийликке болгон ышкы өзүнөн жол талашкандарга тоскоол кылууга ичкертен аракет жасап келатканы да көрүнөт. Анын Бекназарга карата атаандаш мамилеси аягында келип аны Карачал менен кагылышууга жеткирди.

Абил бийди экинчи ирет Шералини хандыкка көтөрүп жаткан сценада «кыйындыкты тез билген, кысталышта сөз тапкан» чыгаан жигит болуп калганын айкын таанытып, тизгиндеш жүргөн жоокери Ашырды курмандыкка чалдырып жиберет. Өзү Нүзүптүн ишенимине кирип, эртеңки күнүнө жол ачып, ордого туу башы болуп барууга укук алат. Андан кийин Кудаяр ханды экинчи жолу такка отургузганда орустарга каршы газават жарыялап, аттанууга ордодон келген Абдырахман аптабачыны колдоп чыккан жеринен дагы бир ирет сүрөткө тартылып эсте калат. Мында Теңирберди карыя менен Бекназардын каршылыгынан соң үндөөсүн ишке ашыра албай коет. Убакыт өтүп, Нүзүптүн башы алынганда ордодо жүргөн жигиттин бири катары Жаркынайым жөнөткөн жаңы жардык менен Маргаланга чаап келгени бир жылт этет. Бирок Нүзүп аталыктын башы кетип, жетпей калат. Бул да бир интермедиялык роль ойногону болду.

Мына ушул окуядан соң, ордодон элетке келип, атасы Караш бийдин ордун басып калат. Бул мурдагы жүргүзүлгөн саясый уюштуруучулук иштерге караганда алда-канча жогорулап, өзүнчө бийлик күтүп эл башкарууга өткөн мезгили болчу. Өз алдынча саясый маселеге түздөн-түз катышууга жана чечүүгө дагы бир жаңы баскыч, жаңы укук алууга жетишет. Ушул баскычтагы ишмердиги кантип уланып жатканы Мусулманкул миңбашы ордодон сүрүлүп, тоо таяна жардам сурап үңкүрдө кездешкен жеринен ачыкка чыкты. Абил бийдин окурмандар алдына дагы бир жолу чыгышы өзгөчө маанилүү, кызыктуу, ары күтүүсүз эле. Ал «ооруп», бардык комико–трагедиялык окуяларды баштаганын баарыбыз көрбөдүкпү. Ошол аймактагы аттуу, баштуу, иш билги дегендерди акырындап бирден чертип алдына чакыртып алганычы. Акырын кыңкыстап жатып сыр билгизбей керектүү кишилердин баарын тартып, эртең баштай турган ишине жол чаап, баарына милдет тагып чыкканы окурмандын эсинен кетеби. Бул жолку «оорусу» эртеңки өзү үчүн чоң мүдөөсү бар ишти жүзөгө ашыруунун жерпайын бекемдеп берди. Абил бийдин кадыр- баркы, өтүмдүүлүгү канчалык даражага жетип калганын өз кызыкчылыгын көздөп, Жаманкулга аш берүүнү уюштуруп, ага хандын өзүн чакырганга чейинки деңгээлге көтөрүп өткөрчү саясый иши романда эч качан унутулбай турган жана опурталдуу окуянын башат түйүнү болуп калганын ким эсинен чыгарат.

Ошол чоң аштагы Домбу уурдаган атты Мадыл экөөнүн ортосунда башталган чырга Абил бий тикеден-тике катышып, шылтоо менен Домбуну чаап түшүп абийирин кетирип, акырында Мадылга көзүн тазалаттырып таштаганы унутулбай турган окуяга айланбадыбы. Ушунун натыйжасы аягында Мадылдын кайгылуу өлүмү менен бүтмөк. Домбунун өлтүрүлүшү, болгондо да дан багарлардын жеринин четинде жүзөгө ашырылышы келечекте дагы көптөгөн кайгылуу окуялардын жээгин чаап жатышынан кабар берет. Ал Насирдин бектин кунун кууп келишинин канчага баалаганы наристе Кундуздун ордого «килем токуганы» кетип, апасы Сүйүмкандын күйүттөн жинди болуп тентип кетиши, агасы Сарыбайдын кийинки өмүрү зор трагедия менен коштолгону кимди болбосун кейитет.

Мадыл мындай кордукка чыдабай чындыкты айтканы Абил бийге келгенде аны ата салты менен көңүлүн көтөрүп, бээ мингизип, кулун жетелетип туруп акырын кайтпас сапарга узатып койду. Абдырахман аптабачы ордодон элетке кайра келип макулдашкандан кийин Шер датка баш болгон кырк кишинин башы алынган кандуу окуянын ичинде да Абил бий жүрөт. Эң акырында бар же жок болуу, Кокон хандыгын сактоо үчүн аскер курап чыгуу жана орус падышачылыгынын курамына өтүү чечилип, чечилбей турган кезде жүз жашаган Алмамбеттин нускоосу менен Орусиянын карамагына моюн сунуп, алардын бийлик өкүлдөрүн тосуп чыгууга Бекназар жөнөтүлмөк болгондо, баарына ийкемдүү, ашкере эпчил Абил бий тез аранын ичинде Бекназардын көзүн тазалай салат. Орустардын алдына өзү туу көтөрүп чыгууга үлгүргөнү Абил бийдин өмүр бою жасаган иши, биринчиликке жетсем деген тойбос көксөөсү, адам катары, бийлик ээси катары ким болгонун жана бардык ишмердиктин эмне үчүн жумшалганын таш күзгүгө салгандай таамай көрсөтүп турган жандуу картина болуп бардык окурмандын көз алдына тартылып бүтпөдүбү.

Абил бийдин бүтүндөй өмүр жолу, саясый ишмердиги бар болгон эпчилдик, тапкычтык ийкеми дал ушул сценаларда ачылат. Биз болгону аларды иретке келтирип, жалпы сыпаттама гана берип жатабыз. Эми ушул аныктамалар чындыгында эң эле мүнөздүү болгон үч шарттуу конкреттүү мисалга кайрылып көрөлү, алардын баарына токтолуп олтурууга зарылчылык жок. Эмесе Шерали хандыкка көтөрүлүп жаткан учурга көңүл бөлсөк. Биринчи курмандыкка чалынчу майып баланы энеси арачалап, эл көзүнө сөзгө калбас үчүн Нүзүп куткарып жиберет. Андыктан кырдаал таптакыр өзгөрүлүп, башкы маселе чечилип, чечилбей турган абал жаралып, Нүзүп баштаган бийлер эмне кылар айласын таппай калган учурда Абил бий сахнага октой атылып чыкпадыбы.

«Бийлердин катарында турган Абил:

-Ашыр! – деди артына карап.

Шашып, башын кызыл жоолук менен таңган, кызыл жүздүү, жылдыздуу, шаптай жигит жүгүрүп келди:

-Лаппай, Абиш…- деди аптыгып, Абиши кайда шилтесе ошол жакка дикилдеп кызматын кылууга учуп-күйүп, көздөрү жайнап турду. Абил аны колу менен көрсөтө берди.

-Чалгыла! – деди. Жанагы баланы ортого алып турган түнөргөн эки киши жигитти шап кармап калышты. Жигит жулунган жок, нес боло түштү, кыпкызыл иреңи заматта купкуу болуп кетти. Эриндери титиреди, эмнегедир эки көзү Абилден өттү. Абил аны тиктебеди, оозуна эчтеме кирбей жигиттин башы кеңгиреди. Кернайлар кайрадан айкырышып, добулдар кайрадан дүңкүлдөп кулак тундурду.

Өлүм! Өлүм! Капыстан бетме-бет чыга түшкөн өлүм кызыл жүздүү жигитти апкаарытып таштады.

Аллау акбар! Аллау акбар! Султандардын жолуна… Аллау акбар! Чилтендердин жолуна… Аллау акбар!.. – деген коңур үндөр кулагына угулуп, тегерегиндеги кишилердин жансыз, ырайымсыз тырышкан кабактары көз алдынан көчүп өтө баштады. Бири дагы аны тик багып карабады.

Аллау акбар! Аллау акбар! Султандардын…. Чилтендердин… Аллау акбар!..

Түнөргөн эки киши аны акырын түртүп, жайылып жаткан кийиздин четине жакындатып баратышты:

Коркпо…коркпо…эчтеме болбойт… эчтеме болбойт…»1

Бул жерде Абил бийдин ойдон чыгарылган каарман экендигин эч бир киши оюна алып да койбойт. Керек болсо азыркы адамдык белгиси өзү менен катардаш турган кадимки эле турмушта жашап жүргөн тирүү адамдай, ал түгүл Нүзүптүн турпатынан да окурман жакындан көрүп турат. Дуулдаган кара мурут жигит баарынын көзүн өзүнө буруп башкалардын табиятынан келген адам жан дүйнө психологиясына жараша да ошондой өзгөчөлүктөр көрүнсө, мында ошол сапат белгилер жүрөт. Тарыхый доордун жалпы атмосферасына мүнөздүү болгон саясый ишмер, адамдын аң-сезим деңгээли көрүнөт. Элге таандык элде болчу иштерден чыгып кеткен кулк мүнөздүү, өзү менен теңдеш жашаган адамдарда касиет белгилер да бар. Айтор психологиялык өзгөчөлүк, турмуштук көз караш, бийликке умтулуучулуктан баштап кийген кийимине, сүйлөгөн сөзүнө чейин өткөн доордун кишиси. Болгону тарыхый жүрүштүн кара сызыгын кармап жүрөт. Күчү да ошол тараптан ачылууда.

Атактуу Бальзак: «Художники … вымышляют правду по аналогии»2- деген афоризми бул жерде өзүнөн-өзү чындыкка айланып жатканын көрүп турабыз го. Абил бийдин образын жазуучу ушул формага салып жараткан. Абил бий жалпылаштырылган образ. Ал жазуучу тарабынан таланттуу, өзүмчүл бийлик кумары менен жашаган адамдарда болчу мүнөздүү белгилерин топтоштуруп, бир киши кылып түзүп чыккан типтүү жана көп кырдуу образ. Анын мындан ары карай кандай тездик, кандай ийкемдүүлүк менен тынымсыз кандайча ачылып жүрүп отурганын чыгарманын татаал окуяларынын жүрүшүнөн көрөбүз. Ал үчүн экинчи мисалга кайрылып өтүш керек. Бардык жагынан өзүнүн атын чыгарып, мартабасын көтөрүп, ордо башчылары менен Насирдин бектин ишенимине жетиш максатын көздөп, аты-заты анча белгисиз эле Жаманкул аттуу бирөөнү көтөрүп, аны шылтоолоп, адегенде эл билермандарын чакырып, анан хандын өзүн келтирип, дүңгүрөтүп ашын салтанат менен өткөрүп жаткан кезден бир учур:

«Кечке маал ылганган өңкөй билермандарынын уй мүйүз катарынын ортосун жара келип олтурду Абил бий. Ал кашын өйдө кылып кыдырата тиктеди:

-Агайын, ыраматылык Жаманкул кандай адам эле? – эмне үчүн сурап жатат? Кай бирөө бүшүркөдү. Төрдөгү аксакалдардын бири:

-Байкуш Жаманкул момун адам эле, - деп калды эчтемеден капарсыз. Абил бий башын кайгылуу ийкеди:

-Макул, балдары тайыздык кылды дейли, балдары тайыз болгону менен, Жаманкулдун мына эли тайыздай элек. Мына турпактан тышкары турабыз го, биздей туугандары аман, биз кылбаганда ариетин ким кылат?!

-И, жаман тууганына жакшы аш берсе жаманбы? - эч ким Абил бийдин сөзүнөн сөлтүк таба алышпай, ийрилип баш ийкешти. Абил бий:

-Душман көзүнө салтанат, тууган көзүнө урмат болчудай кылып, Жаманкул агамдын ашын берейин, ариетин кылайын. Тыягы Алайдан, Өзгөндөн тартып Анжиян, Маргалан аймагына кабарлап, баягы Аксы багытындагы аттуу элди мүлдө жыялы. Кана, журт агалары, не дейсиңер буга?

-Бий, деди Домбу саал мукактана элтейип, - эгер мындай чоң салтанат боло турган болсо, ыя, анда ханды чакыртыш керек го? Ханды башына албаса…

-Эсте бар, эсте бар, Домбу, - деди Абил бий, аны тиктебей акырын баш ийкеп, - кантсе да алтын такка кулдук уруп турган соң, кеп-кеңеш салып, жол сурап, алдынан өтүш зарыл… деп Абил бийдин көзү дирт этип, Бекназарга бир тийип, тереңден жылтырап сынап токтой өттү. «О, мына, - деди Бекназар өзүнчө, эми чыкты го баятан бери узун кептин кыска теги?!»1 бул терең ойлонуп жасалып жаткан иштин жүрүшү үчүн ага ыңгайлуу кырдаал түзүлүш керек. Анан ошол кырдаал аркылуу өзүнүн нары көздөй жылышына шарт түзүлүп, жол ачылат. Намыс, ариетт дегенде тикесинен-тик туруп берчү тоолуктар билинбей ноктолонуп калат. Жаманкулдун ашына бүт кыргыз, кыпчак дебей хан ордодогу төбөлдөрдү чакыруунун өзү эле саясый маселелердин кандайча багытка карай жол ачылышына ишаара азыртан билине баштады.

Аш жөн эле өтүп калбайт, ага чоң чыгым сарпталат. Аны эмне Абил бий өзү көтөрөбү? Жок, элге жүктөлөт. Муну Абил бий өзү уюштуруп көрүп турат. Санжыралуу салтанат курган ашка Кудаяр хандын тун уулу Насирдин бек жана Абдырахман аптабачы келсе, анын зоболосу дагы бийиктейт. Тилекке каршы ушул жерде күтпөгөндөй терс окуя болуп өтпөдүбү. Абил бийдин ички душманы көкүрөккө жебе болуп сайылып калган Бекназар, Насирдин бектин эрке, ары зөөкүр жигити Ташкеллени эр сайышта өлтүрүп таштап, баш мөөрөйдү өзү албадыбы. Абил бийдин ичкертен көксөгөн тилеги таш капты. «О, жараткан. Мага кандай дагы шумдугуң бар эле?! О, кан кускур ай!». Абил бийдин сергек көкүрөгү эртеңки күндүн түрү кандай болорун болжой албай, акылын токтото албай тунжурады.

Мындан аркы окуянын эмне болуп кетерине ушул акыркы сүйлөм өзү жетелеп барып, ары жагын өзү көрсөтүп кете берет. Абил бий ойлоп тапкан Жаманкулдун ашы элдин трагедиясына айланып, натыйжада Домбу менен Мадылдар бири-биринин канын төгүп, Кундуз кунга кетип, күйүттөн апасы Сүйүмкан акылынан ажырап, атасы Сарыбай тирүүнүн өлүгү болуп, комуз, ити менен гана кобурашып отуруп калды. Туугандары 5 үйлүү нойгуттар жакага көчө качты, жакырчылыктын сазына дагы тереңдеп батып жатты.

Жаманкулдун каргашалуу ашы аягында келип канчалаган адамдардын башын алдырып тынды. Абдырахман аптабачынын кан ордонун атынан дагы элчилик милдет өтөшкө келип, көпчүлүк менен жолугушуу өткөргөндөн кийин башкы маселе ачыкка чыкты. Аны көпчүлүк ээрчиген жок. Болгон макулдашуусу Шер датка баштаган кырк кишинин башын алдырды. Бул өзү Кокон хандыгынын өзөктүк тамыры үзүлүп, урап баратканын, андан эл бөлүнүп калганын, ошону менен бийликтин күнү бүтүп жатканын айтып жаткан учуру эле. Жогоруда белгилеп өткөндөй, дал ушул шартта Кокон хандыгына дагы бир чакырык келди. Элди Газаватка аттандырыш керек экен. Чогулган калайыкка Абил бий орус баскынчылары кырып, жоюп келе жатат деп элдин айласын кетирип жатканда, экинчи тараптан өзүнчө бир топтун карааны көрүнө баштайт. Ал топ чыныгы эл ичинен чыккан өкүлдөр экен. Жүз жаштагы Алмамабет замбилге салынып, эл ортосуна отургузулат. Бардык маселе дал ушул жерде чечилди. Алмамбет карыя элди орустарга моюн сунууга үндөйт. Ушул жерде орустарды тосуп чыгуу Бекназарга тапшырылганда Абил бий шыр гана өзгөрүп, өмүр бою атаандашып келген баатырдын көзүн тазалоого жетишет. Жетишкени ушул болду. Бардык амал-айласын жумшап, полковник Машин баштап келаткан топту утурлай чыгып, кенен дасторкон жайып, алтыртан билгизбей алтынга туйтунтуп, акырында андан бир кагаз алып калды. Ал кагаз кайсы эле? Аны чыгармадан окуйлу:

«Тууганым, абзий, - деп тилмечке карады, - айтчы айланайын төрөгө, бирдеме деп күбөнаама жазып таштап кетсин, антпесе биздин эл, ар кандай сөз чыгарышы ыктымал. Мен аларга көрсөтө турган болоюн, нары да артыңардан дагы башка төрөлөр келип калышы мүмкүн, жаман айтпай жакшы жок, алар кандай кабак менен келишет, аларга көрсөткөндөй болоюн»1.

Мына ушул соңку жыйынтыктан кийин, жогоруда мисалга тартып өткөн Оноре де Бальзактын: «Сүрөткер чындыкты аналогиялык салыштыруу менен ойлоп табат» деген атактуу афоризми да эң сонун аныктап жатып калбадыбы. Ошондуктан, Абил бий тарыхта болбой туруп, лакап атка айланып, бир гана Т.Касымбековдун «Сынган кылычында» гана эмес, жалпы Борбордук Азия адабиятында сейрек кездешчү өтө таанымал, өлбөс образдардын катарына кирип калды. Окурман анын чын эле турмушта болгон, болбогонун эске албайт. Чыныгы тарыхый инсан катары баалап, окурман аны менен эркин жолугушуп, эркин маектешип жүрө берет. Мынчалык зор ийгиликке жетишүү чыгармачылык чеберчиликтин күчү, оргуган фантазиялык ойдун күчү. Көркөм чындыкка айландыруунун эң мыкты классикалык үлгүсү катары Абил бийдин жаркын образы Т.Касымбековдун нукура талантынын күбөсү жана адам мүнөзүн жаратуунун жаңы көркөм жээктерин ачкандыгын тастыктап турат.

§9. Бекназар батырдын образы

Биз башынан бери сөз кылып келаткан «Сынган кылычтын» тарыхый маанисин тереңдетүүгө көркөм идеялык салмагын арттырууга өз үлүшүн кошчу көркөм образдардын бири Бекназар баатыр экендигин жалпы окурман жакшы билет. Болуп өткөн негизги узак мезгил жана мейкиндик аралыгындагы окуяларга баштан аяк активдүү катышып, тагдыр таржымалы, ишкер аракети жана кулк мүнөзү боюнча Абил бийге каршы тартылган образ. Мында жазуучу карапайым калк катмарынан чыккан, эл, жер деген идея менен жашап, ар-намыс адилеттүүлүктүн туусун бекем кармаган улуттук баатырдын үлкөн образын жаратууну алдына максат кылып койгон. Романдын өмүр сүрүшүндө бул образ да эки учурда эки түрдүүчө жашап өттү десек болор эле.

Биринчи вариантында автор өз ойлорун жүзөгө ашырууда чындыгында Бекназар баатырдын кайталангыс жандуу, элестүү психологиясы бар реалисттик каармандын деңгээлине жеткирүүгө али толук даярдыктан өтө электигин көрсөткөн.

Ал кадимки эпостук каарманды көбүрөөк элестетчү. Кара күчү да, аң-сезим деңгээли да, ойлоо, сүйлөө манерасы да, жүргүзгөн иш–аракеттери да ошого жакындап турчу. Ички жан-дүйнө байлыгынын ордуна сырткы баатырдыгы алдыга чыкчу. Роман жарык көргөндөн тарта ага карата айрым адабиятчы, сынчылар мындай бөксөөлүктү баса белгилеп жазышканы да белгилүү.2

Автор арадан чейрек мезгил өткөн соң, «Сынган кылычка» кайрадан кайрылып, мезгилинде ар түрдүү саясый –идеологиялык себептерден улам жана жазуучулук тажрыйбанын аздыгы, жалпы адабий деңгээли менен жазылбай калган бөлүмдөргө атайылап көңүл буруп, чыгармачылык электен өткөрөт. Бекназар баатырдын образына көптөгөн толуктоолор киргизди. Биз бул образды адабий талдоонун тилкесинен өткөрүп жатканда жазуучу алымча- кошумча киргизген жерлерине иликтөө жүргүзүү менен өз көз карашыбызды билдире кетебиз.

Романдагы Бекназардын образы нукура сүрөткердин кыял чабытынан жаралган образ болсо да, окурман аны кадимки тарыхта болгон адамдай кабылдап, бирге эркин жашап калууга өтөт. Албетте тарыхтын кенен мейкиндигине көз чаптырсак, Бекназар сыяктуу атуулдар Ата Мекен үчүн жан аябай күрөшкөн, биримдикке, ынтымакка чакырган, эл бактысына жаралган нечендеген улуттук баатырлар кадимки турмушта жашап өткөнүн тарых тастыктайт. Алардын классикалык үлгүсү Манас баштаган баатырлардын образынын айланасына уюткуланып, тирүү өмүр сүрүп келе жатат.

«Сынган кылычтын» сюжеттик өнүгүүсү татаалданган сайын Бекназардын образы ар түрдүү тарыхый окуяларда жана ар башка турмуштук шарттарда көрүнүп олтурат. Бекназарды жалпы окурман журтчулугу алгачкы жолу Ташкент алдындагы Генерал Черняевдин аскерлери менен Кокон кошуну беттешип, бирок, Алымкул аталык күтүүсүз адам колдуу болгон согуштан элетке кайтып баратканда кездешет. Аскербашчысынан ажырап, кандуу кыргындын жолун басып, азап чеккен аскерлер ар айылга таркап кетерде бардык ишти жети өлчөп бир кесип караган Абил паңсат Бекназарды кол башчылыкка шайлайт. Көпчүлүк колдоого алып дуулдап турганда, Абилдин сунушун кабылдоо менен эртең тизгин талашарын билет, анын алдына үч шарт коюп, эч кимге багынбай эркин бийлик жүргүзө тургандыгын нар кескендей түз айтат. Турмушта көптү көргөн Абил атаандашынын бул чечимине өзөгү өрттөнүп калат. Жыйынтыгы акыры Карачал менен Бекназарды кагылыштырууга жетишет. Романда түрдүү окуялар улам толгонуп өнүккөн сайын кызыл жиптей бөлүнүп, экөөнүн ортосунда тымызын ички күрөш уланып, эки башка адамдын турпаты көз алдыңа даана көрүнө баштайт.

Бекназар баатырды Абдырахман элчи болуп элетке келгендеги жыйында жолуктурабыз. Кудаяр экинчи жолу хан тактысына отурган соң, орустарга каршы согушуу үчүн элеттен азамат жигиттерди жана аларга кошуп аргымак ат суратып элчини жиберет. Ордодон келген Абдырахман аптабачы Абил бий баштаган төбөлдөр элди газаватка үндөп, туюкка камап жатканда Бекназар тайманбастан чындыкты сүйлөп чыгат. Абил бий атайлап баатырды топко чакырбай койгон эле. Бирок эл таламын көздөгөн баатыр өз дараметине жараша көпчүлүктүн көзүн ачууга таасирин тийгизет.

«Паңсат аке! Элчиге бир собол! Жыйын Абил бийдин сөзүн бузган бийик үн чыккан жакка дүркүрөп бурулду. Бекназар! Ал ат үстүндө үзөнгүнү кере тээп обдулуп турган эле. Абил бийдин көзүнө кан толо түштү.

-Тууган! - деди Бекназар кыйкырып. Хандын бизге кылар жакшылыгы ушул беле. Сиз менен биз билебиз, орус мылтык түз болот, орус мылтык алыска тиет, бат атылат. Хазирети жакшы бейиш камдап жаткан экен бухараларына»1.

Бекназардын чындык сөзү элди эртеңки тагдыры жөнүндө ойлонууга жол чапты. Алгачкы ирет калайык калк анын бийлигине моюн толгоп баатырды ээрчип кетти. Абдырахман менен Абил бийдин тилеги таш каап кала берди. Так ушул эпизоддон Кокон хандыгы өз ичинен кулап бараткандыгына күбө болобуз. Ал эми чыгарманын бүткүл сюжеттик өзөгүнө айланган курч конфликтин драматизмдин, ак каранын себептери болгон тарыхый типтин, эки башка дүйнө - Абил бий, Бекназар баатырдын кең аренага чыгып ортодогу ички күрөшү ачык-жабык уланып жүрүп олтурат. Бул образдагы башкы маанилүү маселе эки негизги каармандар тең тикеден-тике автордук вымыселдин түшүмү болсо да кадимки тарыхый бегилүү адам катары кабылданып жатат. Эч кандай шек туудурбай жазуучунун ийгилиги болууда. Белгилөөчү жагдай, бийлөөчү таптын төбөлдөрү элди каалагандай калчоого жөндөмдүү болгону менен Бекназардай эр азаматтар туңгуюктан жол таап, калыстык милдет өтөп отурушу турмуштун мыйзам ченемдүү көрүнүшү экендигин дагы бир жолу ишеним бекемдейт. Турмушта актык бар үчүн гана алга жылыш болгон экен. Кези келгенде калың масса чечүүчү күч болорун жазуучу жасалмасыз эң маанилүү тарыхый окуялардын негизинде көрсөтөт.

Мына ушул тарыхый психологиялык шарттар гана Бекназардын өмүрүндөгү ишмердик аракеттерин ачууга жол алдырат. Алдында хан турабы бек турабы баары бир көзү көрүп жүрөгү туюп турган терс иштер менен келише албайт. Баарына өзүн жооптуу сезет. Табигат ага жетиштүү акылды да эр көкүрөк кашкөй касиетти да кошо тартуулаган экен. Болбосо көздөгөнүн кылт эттирбей кармаган ашкере аяр Абил бий көптөгөн орчундуу маселелер чечилген кезде Бекназар менен эсептешип, алдыртан сактана карап, өмүр бою турмушта атаандаша жашап келет беле.

Анткени, Бекназар да айтылуу саруу бийдин урпагы катары тектүү ата-бабаларынын салтын улап, алардан калган курал-жаракка дайыма сыйынат, эл баштоо аракети менен жашайт. Тегин жерден кексе Мусулманкул аталык ордодон тоо таяна качып барганда алгачкы жолу жаш жигит кырчылдаган Бекназарга назар сала сыймыктана көңүлү тоюп олтурбаса керек. Абил бий менен Бекназардын кеч жолукканына өкүнсө, кайра алардын келечегине үмүттүү карап, «туткасыз эл болбойт дедим эле го… бар экен» - дейт.

Романдагы эң күчтүү жазылган окуя Абил бий уюштурган Жаманкулдун санжыргалуу ашы болуп эсептелет. Абил бий «ооруп» бардык аймактагы атка минер билермандарды чакырып, алардын тамырын тарта эртеңки чоң саясый мүдөөнү ишке ашыруу үчүн Жаманкулга аш берүүнү уюштуруп, ага хандын өзүн чакырганга чейинки деңгээлге көтөрөт. Керектүү кишилердин катарында атайын кат жазып салам жолдоп, айтор дан багарлардын карыясы Теңирберди менен Бекназарды чакырат. Чындыгында кадырлап, хан чакырып чоң аш берген Жаманкул өзү ким эле? Мында кандай кызыкчылык, кандай саясый мүдөө түрткү берип жаткандыгын Бекназар ачык баамдап, сынап карап турбайбы. Жумурай журтту азапка салуу менен жетим-жесирлердин санын арбыткан кандуу окуяларды баштаган хандын өзү жана анын тегерегиндеги төбөлдөр экендиги алардан эч кандай кайрымдуулук адилеттик болбосуна көзү жетип жатат. Ошондуктан алдыртан каршылык көрөтүүдө. Жазуучунун каламынан мына ушундай турмуштук кырдааал, курч окуялар жаралып, көп катмарланган маселелер биринин артынан бири чыга берет.

Ушул сөздөргө удаа белгилеп көрсөтсөк, Бекназар баатыр бул бөлүмдө кысталыш, кыйын кырдаалда өз эл-журтун аман-эсен алып калыштын айласын издеген руху бекем, чынчыл адам экендиги алда-канча ачык көрүнүп калат. Ал жамы журт үчүн десе тура чуркап, өз башына кандай мүшкүл келерин да унутуп, ар-намыс талашкан сапат белгиси романдагы Жаманкулдун ашында эрөөлгө чыккан окуяда жумурай-журттун баарына дайын болду.

Алдына адам чыгарбаган тажаал Насирдин бектин эрке балбаны Ташкаллени эр сайышта өлтүрүп, элеттиктердин кадырын көтөрсө, колго тийген байгени бей-бечараларга таратып жиберет. Ал эми Абил бий болсо атаандашы жеңишке жетишине, ойлогондой мойну кыя чабылып калбаганына өтө өкүнүчтө калат. Бекназардын жеңиши адилет, ак ниет, ар намысты туу туткан элдин жеңиши, эртеңки салтанаты катары кабыл алынат.

Мындан ары көздөй Жаманкулдун каргашалуу ашынан кийинки Домбунун өлүмү эмне деген трагедияны алып келбеди. Жалпы эл кунга жыгылып, натыйжада ордого наристе Кундуз «килем токушка» кетсе, анын айынан күйүттөн энеси акылынан ажырап, атасы баарынан кол жууп, тирүүнүн өлүгү болуп калат. Сарыбай мүнүшкөрдүн үй бүлөсүнүн трагедиясы гана эмес, жалпы караламан журттун трагедиясы.

Чыгармада тагдыры абдан драмалуу, эки жол турмуш куруп, эки жолу жесир калган Айзада келиндин күйөөсү Темир согушта окко учат. Жыл айланганда салт боюнча каралуу келиндин башын ачуу үчүн, ата-энеси келсе, кайын атасы жашы жете элек баласына нике кыймакчы болот. Ошондо Бекназар тагдыры калчанып турган Айзадага укук берип, өз тагдырын өзү чечсин, эмне десе бүтүм ошондой болот дейт. Бекназардагы мындай касиет Домбунун аткан деп тууганы Кулкишини айыпка жыккан мезгилде көрсөтүлгөн. Реалист сүрөткер каармандын баасын өзү бычпайт. Кейипкерге мүнөздөмөнү окурман өзү берип, бүтүмдү өзү чыгарат.

Кыскасы, романдагы Бекназардын образы кыймыл-аракетте, ой толгоосу, ички жан дүйнөсү алда-канча татаал жана баатырдык адамдык сапаттарын айкалыштырып сүрөттөөгө жазуучу көп жагынан жетише алган. Ушул жерден баса белгилеп өтчү бир жагдай автор арадан чейрек кылымдай ашуун убакыт өткөн соң, мурда жазылган сын-пикирлерди эске алуу менен «Сынган кылычтын» жаңы редакциясында өзгөчө Бекназар баатырдын образына кошумчаларды киргизгенин баятан берки талдоодо белгилеп келатканыбыз жакшы эле белгилүү болуп калды го. Биринчиден жазуучунун өз мезгилинде жүзөгө ашпай калган идеялары болсо, экинчиден чыгармачылык тажрыйбасы али жетише электиги жалпы эле кыргыз адабиятында тарыхый романдын өз ордун толук табууга көтөрүлүп бүтпөгөн кемчиликтеринен болчу. Эми дагы бир собол ташталчу учур келип калды өңдөнөт. Сүрөткер Бекназардын образына кайсы аты-жөнү, өзгөчөлүгү бар сапат белгилерди кошту экен? Алар чыгарманын идеялык мазмунун кантип кеңитип же тереңдете алышты? Каармандын тагдырынын жаңы кырларын ачууга түздөн-түз таасирин тийгизиштиби?

Каармандын кайрадан жаңыланышында негизинен Бекназардын үй бүлөлүк турмушу чагылат. Мурдагы басылышында жогорудагы эскертилгендей каармандын адам катары жекече турмушу жөнүндө сөз абдан үстүрт кетип, жалаң эле тышкы иштери сүрөттөлүп калган эле. О.э. жаңы редакциялоодо айтылуу ордо төбөлдөрү токтобогон кандуу кармашын тоолуктар күчү менен басканы андагы аламан согушта тирүү калган Зейнеп качкындардын катарында кошун башчысы Бекназардын колуна келип баш калкалайт. Кийинчерээк тагдыр буюруп, экөө баш кошот. Кыздын ажайып келбети, тунук акылы «Эркек мүнөздөнгөн» чапчаң жүрүш-турушу баатырдын көңүлүнө толот.

Убакыт өтүп, өзүнүн азан чакырылып койгон Зейнеп аты унутулат да, баатыр атаган Каныш ысымы менен калганы кызыктуу сүрөттөлөт. Бекназар эрке колуктусун дайыма аш-тойлордон калтырбай үзөңгү кагыштыра жандап жүрөт. Тилекке каршы айтылуу Жаманкулдун ашында Ташкелле менен эр сайышка түшкөндө Каныш катуу сезгенип, айыкпас ооруга чалыгат. Асылкеч жарынын башына күйүт түшкөндө, колунан келген жардамын аябайт, чыныгы адамгерчилигин көрсөтөт.

Романда анын үй бүлөгө карамдуу, абийири таза, бир келген жашоону сүйүп, барктап жашаган адам катары көрсөтүүгө аракет жасаганын айтышыбыз керек. Дагы бир кошумча тарамда Бекназардын ата-бабалардын салтын ыйык туткан зардеси бар жан экендиги чагылдырылат. Анын саруу бийдин урпагы экендигине сыймыктанганы бекерден эмес. Бекназар кан күйгөн согуштан кайтканда же көңүлү чөгүп турган кезде жубайы Канышка дайыма өтмүшкө кайрылып, комуз менен күү чертип же коңур үнү менен ырдап берет. Анда ырдын мазмунуна жакшылап көңүл бөлсөк. Көрүнүп тургандай, баатырдын түп атасынын бири Көлдөй бий жигиттик курагы жанып турган кезде бир үлпөткө чакырылып калат. Тою түшкөн кызга көңүлү түшүп калат да, тогуздап калың төлөп башын бошотуп өзү ак никелеп алгандыгы кызыктуу, ары өтө элестүү баяндалат. Автордун каармандын психологиясына карата мындай көз карашында жана адеп-ыймандык изденүүсүндө элдик таалим- тарбиянын улуу сабактары уюткуланып жаткандыгында. Кийинки кошумчалар драмалык окуяларды курчутуу, образ системасында өзгөртүүлөр киргизүүгө ички психологиялык мотивировкаларды бекемдөөгө пейзаждык сүрөттөөлөрдүн символикалык-идеялык маанисин тереңдетүүгө керектүү милдеттерин өтөгөн. Аягында келип Исхак жетектеген улуттук боштондук кыймыл жеңилген соң, Кокон хандыгы кулайт. Кыргыздар да орус баскынчыларынын карамагында калышат. Колонизаторлорго каршы газаватка чакырып, Абил бий элди дүрбөтүп жатканда жүз жаштагы Алмамбет орус эли менен байланыш түзүүгө ага милдет жүктөйт. Тилекке каршы, акырында Абил бий атаандашынын көзүн тазалап тынды. Ал сунган кымыздын даамын татып билгенден кийин, Кулкишинин кесесин кагып жиберип, колундагы уу кымыз менен Абилди бет талаштыра чабат. Акыры мыкаачы түбүнө жеткенин билсе да сыр ачпай: «Болор иш болду. Көрүп турасың Кулаке, бала эмессиң… уу коргошун ичтим… сурарым ушул, ушуну эми эч кимге оозуңдан чыгарба, Кулаке… чайпалып жүрүп төгүлдүк го, чабышып жүрүп түгөндүк го?! Болду, менден мурун адам өлбөптүрбү, менден кийин адам өлбөйбү, тагдыры ошол болсо көнбөйбү?! Бир гана арманым кетмек болду ичиме Кулаке… Октон өлөйүн дедим эле…- деп Бекназар керээзин үзүл-кесил айтып арманда кете берди.1

Эгерде дагы бир ирет кайталап, жыйынтыктап айтыш керек деп эсептесек романдагы Бекназар баатыр чындыгында эле тарыхый инсан эмес, бирок андай атуулдарыбыз журт эгеси, калк сыймыгы болгон. Ошол тарыхый шартка, социалдык саясый кырдаалга, жалпы көчмөн элдин салт-санаасына, үрп-адатына этникалык өзгөчөлүгүнө, психологиясына, жашоо ыңгайына кадимкидей туура келет. Ошол үчүн биз аны тек жайы, тарыхта орду бар адам катары кабылдайбыз.

Чыгармада тарыхый каармандар катары жандуу өмүр сүрүп, жандуу жашап жатат. Мындай каарман менен тагдырлаштай сырдашып, пендечилик оң-терс сапат-белгилерине кирип, журулушуп жашап калууга жеткирүү жазуучунун көп кырдуу сүрөткердик чеберчилигинин касиети деп билебиз.

§10. Алмамбет карыянын образы

Биз бөтөнчө көңүл буруп өтпөсөк деле окурман журтчулугуна дайын болуп калса керек, өз проблемабыз боюнча маселе көтөргөндөн бери жалаң эле тарыхый турмушта болгон, аты-заты бар, тарыхта келаткан изи сакталуу, чоң инсандар жөнүндө сөз жүрүп жатты. Болгону ошол адамдын көркөм образ катары ачылышына жазуучу вымысел, көркөм шарттуулукту колдоно билүү чеберчилигинин кандай экендигин керектүү далил мисалдардын негизинде көрүп чыктык. Бир жагынан реалдуу тарыхтын жүрүшү каралса, экинчи жагынан турмушта болбой туруп, болгон адамдай кабылданып, ошол агымда турмуштун оң жана терс жактарына тийгизген таасири кандай болгону элестетилди. Ошондой эле алар тарабына жасалган иштердин чындыгы тарыхтын өзүндө кандай кошулуп жаткандыгын белгилөөдөбүз. Көркөм чыгарманын жөнөкөй тарыхый факты материалдарды тизмелеп, тактап чыккан статисттик чындыктан кандай айырмалуу экендигин ажыратып баратабыз.

Тарыхый изилдөөчүлөр маалымат берсе, көркөм чыгарма окурман жан дүйнөсүнө кандай, кайсы жагынан ашыкча таасир этери белгиленип жатат. Азыр тарыхта эч кандай дареги жок, «Сынган кылычта» кадимкидей Ажыбай датка, Нүзүп, Мусулманкул, Алымбек, Курманжан даткалар сыяктуу эле тирүү жан катары өзүнүн жашоо философиясы, турмушта ээлеген орду, жекече тагдыры, элдин кайсы катмарынан экендигин ачып билдирип турган психологиялык адеп-актык, таалим –тарбиялык сапат белгилери, ал гана эмес кара күч, тулку боюнча да башкалардан кескин айырмаланып турган Алмамбет аттуу абдан оригиналдуу бүткөн бир көркөм образ менен таанышып чыкканы жатабыз. Баса, эмне үчүн тарыхый чоң адамдардай эле жандуу кабыл алынып, айрыкча көңүл бургузат.

Т.Касымбеков Алмамбеттин образын жалпы элдин эки-үч катмарынан түзгөн калың тобунун ичиндеги тазалыктын, адамгерчиликтин, адилеттүүлүктүн белгисин алып жүргөн нускалуу адамдын өкүлү катары көтөрүлүп баратат. Анда байлык бийликке карай дүйнө топтоого жана өзүн ушул тараптан тааныткысы келген дүйнөкордун, амалпараздык сапат белгисинин эч бир жышааны жок. Хандык иш жүргүзүүнүн өкүлдөрү келип, кетип өзгөрүп турат. Ал дүйнөнүн түркүгүн Алмамбетке окшогон ак ниет, дили таза, көңүлүндө кири жок, зор адамгерчиликтүү, бирөөгө жамандык ойлобогон адамдар кармап турат деген элдик жана жазуучунун жашоо философиясынын негизинде курулган күчтүү образ. Ошол калың элге таянып, элдин ичинде жашап жана элдин катмарынан чыкпай алардын эң мыкты үлгүлөрүн кармап жүргөндүгү үчүн тамыры терең, түркүгү бекем болот.

Жанатан бери Алмамбетке карата берилип келаткан сыпаттама белгилердин реалдуу чындык катары көрүнүшүн, эң оболу ордо оюнунда адегенде Кудаяр ханды чийимди бузганы үчүн шыйрагынан тартып келип, кайра ордуна койгонун окурман биринчи иретте көз алдынан өткөрөт. Ошол эле жерде ордонун эрке палбаны болуп жүргөн Ташкаллле да Кудаяр ханга окшоп эреже салттагы күрөш тартибин бузуп, жыгылган адамга кордук көрсөткөн адилетсиз мамилесине жооп катары анын желкесинен басып, эки жолу жерге уруп, бетин кандатып туруп түртүп жиберген учурда Алмамбеттин дагы бир кара күч белгиси көрүндү. Ушул эки жолу жасаган кара күч иши анын адамдык сапат белгиси эле. Бирок ал кара күч сапат белгисинен да окурмандын көңүлүн тереңден бурдурган жагы дилинде, канында тазалык, калыстык бар адам экенин таанытканы болду. Мындай факты мисалдан көрүнгөндөй Алмамбеттин өзү айткан Күрпүлдөк–Сайдагы чоң ташты ордунан жылдырып, кара күчтүн эстелиги сыяктуу орнотуп койгону да чындык болоруна эч кандай шек келтирбей ишенип калары шексиз. Бул эки мисалдан эле Алмамбеттин адамдык бир кыры жакшылап таанылып бүттү деп койсок болот.

Эми Алмамбет карыянын адамдык сапатынын экинчи кыры менен таанылып чыгышы үчүн Мусулманкул миңбашы жаш Кудаярханды жандатып алып, хан казынасына ээрчитип кирген жерине көз салалы. Казынадагы түркүн байлык, алтын, күмүш, канчалаган өлүү дүр-дүйнө Алмамбеттин көңүлүн бурдурта алган жок. Андагы байлыкка экзотика катары карап жатат. Тек гана кызыкчылык үчүн сары чапанды кийип коймок болду эле, ал да оңунан чыкпай калды. Ушунчалык дүйнөгө топуктугун карачы. Колуна кармаган чылк алтынга жасаган мамилесин көр.

«Алмамбет бурканды ордуна коюп, акырын айланып, кагынып алды:

-Тоуба! Кишиге окшош болобу, кудай? - деп астейдил таң калды. – Ыя, өзү болсо, анан олжолонуп жүрсө?! Көзүн кылыйтып тиктеп турган Мусулманкул:

-Кеп, аке, - деди – мунун бутпарастардын кудайынын кебетеси экенинде эмес, кеп мунун баасында! Бу чылк кызыл алтындан куюлган, бу байлык бу…

Таңдайын «шык» эткизип, таңыркап, айланта карады акеси. Ушуну кармап чыгып кетпегей эле… деп казынабашынын эки көзү чанагынан чыгып, дем тарта албай катып калды.. А элети киши. «Ээ, муну эмне кылат, минейин десең ат болбосо, жейин десең аш болбосо бу?..» деп ойлонуп турду да, анан көзү башка жакка ооп, калдайып басты»1.

Мына бул бир үзүм мисалдан көрүнгөндөй, Алмамбет адам катары турпатында, жан дүйнөсүндө жашаган экинчи кыры өзүн таанытып койду. Байлык дегенде ичи өрттөнүп турган Мусулманкул миңбашы жылтылдаган кооз буюмдарды дем тартпай суктана караган Кудаяр ханды же ошончо дүйнө- мүлктүн кайсы бирин кармап чыгып кетет деп күйгөн казынабашынын же бардык баалуу байлыкка кайдыгер гана караган Алмамбеттин турпатын, айтор ар биринин өзүнчө дүйнөгө, байлыкка карата мамилесин ар башка көрсөтүп берген автордун чеберчилигине абдан ыраазы болосуң.

Бейпил тиричилик менен эркин жашаган элет элдин психологиясын алып жүргөн Алмамбеттин мүнөзүндөгү негизги белгилердин жыйынтыгы кантип өз баасын ала тургандыгы Мусулманкул: «өзүнө өзү бий» деп берген аныктаманын ичинде тегеренет. Ошол алкактан чыгып кетиши мүмкүн эмес, анткени анын психологиясы, мүнөзү, дүйнө түшүнүгү өзгөрүлүп кеткидей социалдык-тарыхый, жеке турмуштук шарт түзүлгөн жок. Ушуга улай Алмамбеттин тоо койнунда жүргөн чагында Мусулманкул качып барып жардам сураган кездеги мамилесинин өзүндө табигый акыл-эс, ой жүгүртүү жөндөмү, чындыкка болгон мамилеси дагы ачыгыраакка чыгат. Бул да мүнөздү көрсөтүүнүн белгиси. «Сынган кылыч» романынын соңунда Кокон мамлекетинин тагдыры чечилип, орус баскынчыларынын аскерлеринен түзүлгөн жазалоочу отрядга каршы Абил бий кармашууга чакырып, калкты дүрбөтүп жатканда жүз жашаган Алмамбет карыя орус эли менен ынтымак байланыш түзүүгө үндөйт.

Ушул тарыхый процесстин белгилүү учуру Алмамбет карыянын өмүр, акыл жыйынтыгы көрүнүп, акыркы баасын алып жатканы жана ошого автордун тапкан вымысели менен көркөм ыкмасы өз формасына түшө албай калганын жымсалдабай түз айта кетишибиз абзел. Алмамбет тээ ордо оюнунан көрүнгөн күндөн баштап, качып келген Мусулманкул менен үңкүрдөн сүйлөгөн кезинде деле бир Алмамбет болчу. Азыр жашы жүзгө толсо да, көп эл аралап, саясый маселелер чечпеген, саясый күрөштөргө катышпаган, анан кантип эле ушул аралыкта бийлик акыл сересинен туруп эл тагдырын чечүүгө себепчи болуп калат.

Бул автордун ойлоп тапкан кыялый тапкычтыгы туура келбей адашып, өзүнүн ордун таппады. Табигый формадан чыгып калган жасалма көрүнүш катары гана кабыл алынышы мүмкүн. Ушул ички психологиялык мотивировкалар менен бекемделбеген көрүнүштү биз жогоруда карап өткөн Мусулманкул миңбашынын ордодон Касым паңсаттын кысымынан жеңил эле сүрүлүп чыгып кетиши да жакшы бурама тетик менен ширетилбей калганын айта кетүүгө тийишпиз. Кандай болгон чакта да романдын кийинки басылышында бул мүчүлүштөрдү автор сөзсүз түрдө эсепке алат го деген ишеничтебиз. Мунсуз бир адамдын жаркын жүзүнө жарашпай чыгып калган сөөлдөй болуп көңүлүңдү иренжитип жүрө берет.

Жыйынтыктап айтканда, Алмамбет өзү турмушта жашап өткөн тарыхый адам болбосо да жазуучунун талантынан, оргуган кыял чабытынан аны кадимки жандуу адамдын катарына кошуп таштай ала турган күчүн көрсөтүп, ага окурманды ишендирип койду.

Бул образды жаратууда Т.Касымбеков жалаң турмуштук кагаз бетине түшкөн факты материалды колдонбосо да, даанышман жазуучу Ф.Достоевский аныктама бергендей ал учурдун жана ошол мезгилде жашап жаткан жалпы тарыхый-саясый жана турмуштук шарт-абалын изилдеп келип, анан жалпыланган образ жаратып салган. Анын тарыхка болгон чындыгы дал ушул жерде чечмеленип турат.

§11 Календердин образы

«Сынган кылыч» романында абдан кеңири каралган, болгондо да дин мусулман окуусу, өзгөчө анын ичинде Кулкожо Акмат, Яссавийлерден башталган суфизм өзөктүк сызыгынын негизги багыты катары кармалып келе жаткан жалпылаштырылган ат менен жашап жүргөн бир календер бар. Анын образы кызыктуу, өтө терең, көп катмарлуу мааниге ээ. Элдик түрдүү ишенимдер, диний, тарыхый жана практикалык айрыкча урунттуу белгилерин артыкча өздөштүрүп, өткөн замандын, дүйнөнүн бүгүнкү жандуу турмуштун жүрүшү менен салыштырып карап баа берип, өзгөчө бир руханий, тарыхый-философиялык мектеп сыяктуу кабылданып келаткан адамдын жандуу образы тууралуу айтпай кетүүгө таптакыр болбойт. Ансыз «Сынган кылыч» өзүнө толук бүткөн дүйнөнү кармап турган он эки мүчөсүнүн биринен ажырап калмак. Бул образга көп жүк артылган. Аны чыгармага киргизүүгө зор милдети жана мааниси бар. Ал кандай адам? Кайсы зарылчылык менен тарыхый окуялардын жүрүшүнө катышып жатат? Катыштырбай койсо болот беле?

Чындыгында Календер «Сынган кылычта» көп милдет аткарат. Романга киргизилип жатышынын бир жагы, көптү башынан өткөргөн, тажрыйбалуу адам өзүнчө дүйнө менен жашап, жашоонун бардык кызыкчылыгын кечип таштаган. Ал биринчи кезекте суфизмдин чыныгы окуусун уланткан, аны жарыялап, таратып, таасир тийгизип жүрчү күч катары бааланат. Ошол эле учурда жалпы элдин, мусулман окуусунун саясый идеологдорунун бири катары да эсептесек болот. Ал ант уруп, сеждеге баш коюп, жер турмушунан башкаларды үгүттөп чакырып жаткан жок. Чыкса өзү чыкты. Календер адамдарды ак жашап өтүүгө, калыс, чынчыл, ынтымак менен өмүр сүрүүгө чакырган зор акылман катары да көрүнөт. Анын башкалардан артыкчылыгы заманга, бийликке, байлыкка, ак менен карага, арам менен адалга, кордук менен зордукка өзүнчө баа бере алгандыгы.

Ал бекерден романдагы эң орчундуу маселелер, татаал кырдаалдар же бир зор өзгөрүш, жаңылыктар башталар алдында негизги түйүндөрдө баш каарман менен жолугушуп, же ошол шартка байланыштуу өз баасын берип олтурат.

Календерге карата чыгармада ашыкча эпизод, ашыкча сүйлөгөн сөздөр, аныктама баалар берилбейт. Баары бир жүк көтөрө турган кездерде гана учурайт. Календер ордодо өз сөзүн айтып чыгат. Эл ал үндөгөн таалим-тарбиялык жол-жоболоруна кандай түз мамиле жасап турса, ал да ошол мүдөөсүн аткарып жатканда ичтен да сырттан да ыраазы болот. Биз календерди биринчи жолу Нүзүп ордого кирип жаткан учурда жолуктурабыз. Ал учурда элчилик милдет аткарып жатканын көрөбүз. Окурманга эч качан терс таасир калтырбайт. Анткени, Кокон жергиликтүү элдин ордосу болуп, аны жергиликтүү эл бийлеши керек. Зордук менен кирип алган Бухара хандыгынан бошотуу милдетин өтөп жатат. Демек, мындай аракет менен жашаган календер жалпы Кокон ордосуна караган журтка сөзсүз түрдө жакпай коюшу мүмкүн эмес деп билебиз. Бул оң жагы. Экинчи ирет календер менен Мусулманкулдун трагедиясын эл өз башынан өткөрүп жаткан учурда беттешебиз.

Бул окуя романдагы өтө күчтүү, трагедиялуу катаал кырдаалда өткөн көрүнүш. Ал эми мындай окуя календер сыяктуу нускоолоочу акын, зор тажрыйбалуу ойчул адамдардын баасынан өтпөй калышы мүмкүн эмес. Ал каардуу окуяга реалдуу баа берүү түздөн-түз милдети эле. Мына ошол үчүн эч кимден коркпой, чындыкты ашкере жарыялап, өз оюн билдирип, өз тыянагын чыгарып жатат.

«Үрөйүң бир, тилиң бир,
…каадаң, диниң бир…
Алым-берим базарың,
Атаң жаткан мазарың…
Алыштан ичкен сууң бир,
Ашың, тоюң, дууң бир…
Бир атанын балдары,
Ийрир билгиң калбады…

Шыктуу болот таптаган,
Кырчылдашкан жоо келбей,
кыйкырышкан доо келбей,
Эки тууган өзүнчө
Эски душман көзүнчө,
Чайкалып жүрүп төгүлүп,
Чабышып жүрүп сөгүлүп,
Тарки кетээр элиңдин
Калыс болор эми ким?!

…Ар тайпаңда бирден бел
Аш үстүндө жүргөн көп,
Кеп жугушпай ыркырап
Келише албай тынчыраак,
Ынтымагың кеттиби,
Ыйык чектен өттүбү…
Учкан куштай кылактап,
Уламдан-улам ыраактап,
Баарынан качар ырыс, бак… »1

Көрүнүп тургандай, Кокон хандыгы мезгилиндеги элдин оор турмушу, бийлик төбөлдөрдүн ич ара кагылыштары «Сынган кылычтын» идеялык-тематикалык өзөгүн түзөт. Кокон хандарынын бийлик үчүн күрөшү чыгармадагы проблемалардын бири. Бул жалпы эле дүйнө элдеринин тарыхында кайталанып келаткан туруктуу чындыктын биздин чөлкөмдө болуп жаткан бир көрүнүшү эле. Баса, бул доорду ким жаратып жатат? Ошол эле адамдардын, ошол эле бийлик, байлык кумары. Каардуу жылдарда Коконду титирете бийлеген Нүзүп менен Мусулманкул же Алымбек менен Алымкулдун тагдыры кантип аяктады? Элдин элдигин көрсөтүп, өз ордун сактап калуу үчүн өмүрүн сайып койгон Исхак-Полот хан менен Абдылдабектер аман калып, көздөгөн максатына жетиштиби? Мына жүрөгүн тырмалап, календер түтөп ырдагандай ата баласын же туугандар бири-бирин бөрү болуп талаган, «оң көзүң сол көзүңө душман» заман деген ушул чыгармадагы жүрөк титиреткен кыпчак кыргыны сценасы бул оюбузду бекемдеп, календер тигил жерден көзүнөн кан аралаш жаш агып, армандуу ырын айтпаган чыгаар.

Акылман календердин ой салмагы күчтүү ырынан көрүнгөндөй, «Сынган кылычтын» өзөгүндө өзүн-өзү таануу, өз ордун ээлөө, Ата Мекенди коргоо, көздүн карегиндей сактоо жана эл тагдыры улуттар аралык оң маанидеги карым-катнаш, биримдик мамилелер сыяктуу философиялык идея тамыр жайган. Баса, атамзамандан бери келатан бул идея «Манас» эпосунда да башкы темалардан экендигин билебиз го. «Кулаалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган» баатыр Манастын мамлекети да өздөн чыккан «Абыке, Көбөш алты арамдай» бузукулардын кесепетинен душманга колтук ачылып кыйрайт. Ушул мааниде «Сынган кылычтагы» календердин ырында берилген философиялык сабак жалпы адамзаттык деңгээлге көтөрүлгөн.

Чындыгында түрк тайпаларынын башын бириктирген Кокон мамлекети бийликти мансапка айландырган хан бектердин ич ара чыр-чатагынан улам талкаланат. Бул деле өзүнчө мыйзам-ченемдүү кайталана берчү көрүнүш экен. Бухара бийлери менен Кокон хандары кырчылдаша согушуп, канчалаган бейкүнөө эл чабылып-чачылышы, кыпчак кыргыны баары эле байлык, бийлик талашынан чыгууда. Булардын ичинде жогорку масштабга көтөрүлгөнү башка орус баскынчыларга каршы тайманбай согуш ачкан кадимки Алымкул аталык жаман туугандын колунан мерт болуп көздөгөн максатына жетпей калат. Оттон, судан кайра тартпаган жалын жүрөк Абдылдабек мырза орус баскынчыларына каршы күрөштө өз кишилеринин чыккынчылыгынан душманга жеңилип, сөөгү бөтөн жерде калат.

Ушул чоң масштабдын ичинде өз заманынан озуп жашаган Исхак-Полот хан элдин эркиндиги үчүн көтөрүлүп чыкканы жөн жеринен эмес экен. Ал эми мансапкорлордун (Кудаяр хан, Насирдин бек) жана өзөктөн чыккан өрт, чыккынчылыктын кесепетинен (Абдырахман аптабачы, Шаамырза датка, Ярмат датка, Иса олуя, Атакул баатырбашы ж.б.) көздөгөн максатына бөлөк, тагдыр, ээлеген орду канча төмөндө турат.

Календер үчүнчү жолу мамлекеттик маанилүү зор иш башталар алдында Исхак менен жолугушуп отурушу өзгөчө көңүл бурдурат. Исхак эртең хандыкка көтөрүлөт. Демек өлкөдө зор тарыхый бурулуш жүрүш керек. Аны календер кыргыздар айткандай далысынан билүүдө. Исхактан күтөөрү дал ошол бурулуш жаңы багытта кетиши. Бул жолугушуу чындап эле тарыхта болгон жана бир кагаз бетине жазылып калган акыйкаттын өзү эмес. Ал эки тараптан тең жакшылыкка карата умтулуштун символикалык көрүнүшү, тарыхта болчу бир жаңылыкка жасалган ишеним. Календердин ошол кездешүүдө айткан улуу сөзү, акыл-насааты, турмуш тажрыйбасы, берген сабактар Исхактын адам катары калыптанышына, коомдук ишмердик деңгээлге көтөрүлүп чыгышына, ички рухий дүйнөсүнүн байышына, жандуу иш-аракетинин бекемделишине уютку болуп берүүдө. Анткени, ак ниет, таза жашоо календердин турмуштук кредосу. Ал дайыма эл арасында жүрөт. Негизги милдетим деп эсептеген иши ушул болгондуктан, адамдарга өзү алып жүргөн улуу идеяларын таратат. Ошолордун жүзөгө ашырылышы анын бирден-бир ыйык максаты. Мына ошондуктан, Исхакка алгач жолукканда жеткире айтуга шарт болбой калган ойлорун анын тактыда олтурган кезинде атайлап кирип, дагы тереңдетип, кеңитип, насаат кеңешин берүүнү чечет. Бул экинчи жолугушуу Исхак үчүн да, календер үчүн да зор мааниге ээ болгон. Бири айтайын деген ойлорун айтып алганына ыраазы болсо, экинчиси жаңы хандык ишин жүргүзүүдө ушундай даанышман, турмуштук тажрыйбасы мол адамдын акылына муктаж убагы эле. Жөнөкөй карапайым элден тартып, мамлекет башчысына чейин баарына бирдей мамиле жасап, өзүнүн аздектеген идея-ойлорун, тартуулап жатышы календердин чындыктын, адамгерчиликтин идеал үлгүсү экендигин көрсөтөт деген тыянак өзүнөн-өзү чыга келет.

Бекер жеринен Сарыбай зор трагедияга учурап, өмүр, өлүм, жашоо эмне экендигин чындап жаңылап таанып, адам жаратылышында эмне деген жакшы-жаман белгилер болбостугун терең ойлонуп жаткан негизде календер, көз алдынан өтүп, анын айтканы эсине түшүп жаткан жок да. Дүйнөнүн ачуу-таттуусу эмне экендигин таанып бүткөн адам гана мынтип календердин ырын кайталап кайрадан жаңыртып айта алат эмеспи.

«Сен, сен, дүйнө, сен дүйнө…
Бир бетиңе күн тийген,
Бир бетиңе түн тийген
Алды кызык, арты өкүнүч,
Оомал-төкмөл кем дүйнө…
Пайгамбарды алгансың
Падышаны алгансың,
Капилет түшкөн жалгансың.
Жарыктыкты көргүзгөн
Ууз сүтүн эмизген,
Апам кайда сен дүйнө
Алланын атын үйрөткөн,
Атам кайда сен дүйнө?!
Күлүк минип дуулаткан
Күндө сайда куунаткан
Балам кайда сен дүйнө!..»1

Чындыгында эле адам өмүрү, жашоо шарты, өлүм менен бүтчү жыйынтыгы жана бири кетсе бири келип, түбөлүккө кайталана берчү узун жолу ар бир муундун, ар бир кылымдын, ар бир баскычтын түрдүү шарттарында түрдүү формада көрүнүп келе берерин тарых өзү тастыктап, ишенимдүү көрсөтүп берет экен. Календер мына ушул тарыхый мыйзам-ченем, коомдук түзүлүштүн ар кыл баскычтарында болуп өтчү чындыктын кайталанып көрүлүшүн бийлик менен байлыктын бүтпөс күрөшүн, ал күрөштүн аягы жакшылык үчүн да, жамандык үчүн да өз максатына жетсе жетип, жетпесе трагедия менен аякташын айкындап билдирет. Элди ошого ишендирип жатканын биз да өз көзүбүз менен көргөндөй болуп, бүгүн деле ошол көрүнгөнгө аралашып олтурабыз, коомдук баскычтын түрдүү формасы өзгөрсө да, байлык, бийлик деген эң башкы түйүн адам баласы жашагандан бери токтоп бүтпөптүр, дале улантылууда…

Кокон хандыгынын тарыхында акыркы зор окуя анын жоюлушу болгондугу баарыбызга белгилүү го. Ошол хандык түзүлгөн трагедиясы болчу. Мына ушул барды жок кылып таштаган чоң окуяны башталып жаткан мезгилде календер Курманжан менен жолугушуп олтурат. Айтсак айтпасак да бул атайын жазуучунун да, календердин өзүнүн да негизги максатынын бири болуп эсептелет. Мында тарыхтын жылышына карата болгон баа берилип жатат. Кокон хандыгынын андан ары кетишине жол жок эле. Бул бир эле жалпы хандык эмес, мусулман дининде жашаган элдердин келечек тагдырынан кабар берип турушунан билинет. Анда алдыда күтүлүү турган кандай заман болмок.

«…Эл дымагы түгөнөр,
Эл кайраты мукурар…
…Айрылар ана тилинен
Азгырылар дининен,
Өзгөрүлөр түрүнөн…
…Эси көйү билинген,
Өз элине күйүнгөн
Өспүрүм «жаман» делинер…
…Жаттын ырын ырдаган,
Жандап жаны тынбаган
Эрдана болуп көрүнөр…
…О, кудурет сактай гөр…
Атадан калган жер унут,
Анадан калган ар унут…
…Тутунуп келген илгертен,
Уюктуу элди журт эткен
Салт, кааданын баары унут»2

Ошентип, «Сынган кылыч» романына календердин образынын киргизилиши, анын аткарган милдети эмне болгонун окурман жетишерлик даражада билип калды десек болот. Негизинен календер тарыхый романга каарман болуп кирген тарыхый личность эмес, бирок, ага өтө көп диний- философиялык, турмуштук, элчилик, адеп-актык, рухий-маданий милдеттерди көтөрүү жүктөлгөн. Ушул мааниде эле турмушта болуп келген дербиштердин басып өткөн жолуна мүнөздүү болгон чындык жалпыланып берилгендиги менен, тарыхта болгон жандуу тек-жайы бар адам катары кабыл алынып калды. Бул жазуучунун талантын ийкемдүү түрдө таба билген вымыселдин, көркөм чыгарманын күчү деп түшүнүш керек. Ошондуктан, классикалык «Сынган кылыч» чыгармасындагы негизги каармандын бири катары жашап калды.

§ 12. Сарыбай мүнүшкөрдүн образы

«Сынган кылыч» романында автордун чоң ийгилиги болгон жана өзгөчө оригиналдуу терең иштелген образдын бири Сарыбай мүнүшкөр экендигин бизге чейин жазган адабиятчылар көп эле жолу белгилеп өтүшкөнү баарыбызга белгилүү. Чындыгында Т.Касымбековго чейин кыргыз адабиятынын көркөм тажрыйбасында жолукпаган ашкере кызыктуу, бардык жагынан терең иштелип бүткөн образ. Эгерде тагыраак бөлүп айтсак, Т.Касымбековдун чыгармасындагы жаңылык катары баалоого болот.

Чыгармада ички психологиялык мотивировкалар менен ийинине жеткире иштелгендиги, образдын жана мүнөздүн кайталангыс өзгөчөлүгү, анын коомдук мааниси, турмуштагы ээлеген орду жеке өзүнө гана таандык белгилер менен ширетилген. Белгилөөчү жагдай, бул романга чейин кыргыз прозасында социалисттик реализм методунун калыбына салынып жаралчу эзилүүчү таптын өкүлү катары атайылап саясый басым жасалып, сөзсүз түрдө таптык көз караш биринчи планга чыгарылган. Ал эми сүрөткер болсо мурда иштелип жүргөн образдардын арасынан сууруп чыгып, башкача классикалык көркөм образдын үлгүсүн жаратып койду. Ошондуктан, бизге чейинки бул образды карап өткөн адабиятчылар, сынчылар да ар бири өз түшүнүк позициясы боюнча бекерден жогору баа беришпеген чыгаар. Ал эми биз болсо өзүбүз көтөрүп жаткан проблемабызга түздөн-түз байланыш жагына көбүрөөк токтоп өтөрүбүз айтпаса деле дайын болуп калды.

Дагы бир көңүл бурчу жагы ушул образ аркылуу Нүзүптүн, Мусулманкул, Абил бий (толук болбосо да), Исхак-Полот хан, Абдылдабек, Алмамбеттин көркөм образында да кемтик болуп жүргөн маанилүү сызыктарды кошо аңдап, баалап өтмөкчүбүз. Бул өзгөчө чоң маселе жана узак сөз козгосок да болот. Бирок биз кыскарта тартып, Т.Касымбеков жараткан каармандардын образындагы айрым кемчилдиктер жөнүндө абдан омоктуу жана таамай баа берип өткөн сынчы К.Даутовдун сөзүнө кайрылып кетүүнү туура таап жатабыз: «Эгерде эпостун башкы айырмачылыгы каармандын тышкы эрдик иштерин айтуу болсо, роман адамдын, ал императорбу, ханбы, аскер башчысыбы, даанышманбы, өнөрпозбу, саякатчыбы, соодагерби, дыйканбы, малчыбы, балыкчыбы жекече ички турмушун, үй-бүлөлүк шартын, жан дүйнөсүн ичкертен ачып берүү менен өзгөчөлөнсө, анда айрыкча Нүзүп жана Мусулманкул образдарынын сөзсүз түрдө азем талабына салынып чыгарыла турган окшош бир жактуу маанилүү кырлары (жарым-жартылай Абил бийде гана ачылган Каракаш айымдын катышканы ага канча көрк берет) жазуучу тарабынан дээрлик унут ташталган. Нүзүп да, Мусулманкул да, кайсы бир өлчөмдө Абил бий да адам табиятында болчу, бери эле дегенде биологиялык талап муктаждыктан чыкчу, ансыз дегеле жашоого мүмкүн эмес. Махабат ышкылары, сырдаштык мамилелер, эркек менен аялзатынын ортосунда сезим ыргактары, үй бүлө күтүү, бала лаззаты, бала камкордугу, ички тиричилик түйшүгү дегенди түк да билишпейт. Баарынан обочолонуп жазылган. Буларга деле жаратылыштан пендеге мүнөздүү сезим-туйгулар жат келбесе керек. Андай сапат белгилер кулда деле (Рафаэлло Джованни Спартак), улуу императордо деле (Алексей Толстой – Петр I) болот. Мунсуз жандуу турмуш өз кумар адеминде жүрбөйт, жүрсө да бир карчыты толбой, бир жак көркү ачылчу сыр боекко жетинбей, бир жеринин даам татымы, тузу кем бойдон кетет. Эгерде ушул көмүскөдө калган белгилер аталган каармандын ишмердик жана мүнөз өзгөчөлүгүнө кошо камтылып, жаркырап ачылып чыкса, ал образдын төрт тарабы тең төп келишип жатып калмак, баа-баркы мындан да көтөрүлмөк, эстетикалык таалим-таасири мындан да артылмак…

Менин терең ишенимимде жазуучу бул бөксөөлүктү толуктоого романдагы жалпы караламан эл массасынын, ошонун да ичинде жогоруда эскертилип өткөндөй түп катмары алыста жашаган, бир уруудан бөлүнүп калган кичинекей топтун өкүлү - Сарыбай мүнүшкөрдүн образын жаратууда эркин жетишкен.1

«Сынган кылычтагы» Абил бий, Бекназар, Алмамбет, Теңирбердилер чыныгы турмушта өмүр жолу учурабаган, автордук кыялдан жаралган каармандар. Башкалар сыяктуу эле Сарыбайдын да болгон болбогону белгисиз. Ал жөнүндө эч жерде тарых бетине түшкөн маалыматты жолуктура албайбыз. Бирок, «Сынган кылыч» романында Сарыбай кадимки реалдуу турмушта күн өткөргөн, өз кесиби, жасаган иши, жекече жашоо тагдыры бар адам катары көрүнөт.

Негизгиси Сарыбай жөнөкөй, төмөнкү катмардын өкүлү. Ал катардагы көптүн бири эмес. Артыкча өнөрү бар – мүнүшкөр. Табият менен жан дүйнөсү аралашып жашап, табият тартуулаган азык белектери менен күн өткөрөт. Жеке өзү үчүн эле жашабай ал урукташ туугандары нойгуттар менен тагдырлаш, насиптеш. Өзүнүн тапкан ырыскысын алар менен тең бөлүшөт. Негизинен Сарыбай өз өмүрүнүн кумары менен жашап, салтанатын көрүп, өмүр сүрүп келген адам.

Бирок тагдырдын жолу татаал экен. Күтүүсүз да, күтүлүү да алдыда турган трагедияга кабылды. Бүтүндөй жашоо турмушунда тескери кеткен төңкөрүш болду. Өзү ардактап, таптап жүргөн бүркүтү көзүн чокуп, түбөлүккө чырагынан ажырап, азиз болуп калды. Ал аз келгенсип, чыныгы көрө турган турмуш азабы алдыда окшойт. Көрүнүп тургандай, алгыр тайганынан, кыраан бүркүтүнөн, күлүк атынан, айтор баарынан кол жууп, андан да сүйүктүү колуктусу акылынан айнып, жалгыз кызы Кундуз ордого тартууга кетсе, бир тууганы Мадылды айтылуу Абил бий көзүн тазалап салат. Шордуу Сарыбай Нойгут туугандары көчүп кеткен соң, акыркы үмүтү, жашоого умтулткан комузунун тепкесинен бери жоготуп, коколой башы калат. Мындан өткөн турмушта трагедия болбос. Аны окурман тарыхта болгон, башка жандуу кишилер жашап жаткан коомдун ичинде өз орду менен күн өткөрүп келген өнөрлүү жана өмүрүнүн соңу оор трагедия менен бүткөн каармандай кабыл алат. Муну менен биз эмнени түшүнсөк болот.

Мында башкы маселе, аныктоочу, чечүүчү мааниге ээ болгон күч жазуучунун тапкан каарманы. Ошол аркылуу анын айланасында жүргүзүлгөн түрдүү түзүлүш, баскычынын көрүнүшү жана чечилиши алдыңкы катарга чыгат. Бул деген жазуучу ойдон чыгарган каарманын нукура тарыхый турмушта жашаган адамдын табиятындай эң мыкты көрсөткөн. Мындай мисалдар өзгөчө мурда бийик даражада көтөрүлүп өнүккөн Орус жана Европа адабияты сыяктуу классикада гана кездешчү. Т.Касымбеков ушул даражага көтөрүлүп жеткен таланттуу улуу сүрөткер катары өзүн дагы бир жолу Сарыбайдын образында тааныта алды. Негизги жаңылыктардын бир салаасы ушул сапат белги менен аныкталат деп ачык айтсак болот. Мына ушул жерде белгилөөчү жагдай не бир кашкөй таланттуу жазуучулар өздөрү жараткан каармандары жөнүндө айтканда турмуш чындыгы менен ойдон чыгарылгандарды мааниси боюнча бир катарга коюшат да, а түгүл кээде ойдон чыгарылгандарды баса белгилешет. Мындан адабий процесстеги эң татаал маселенин тегерегинде ой жүгүртүп келип, көрүнүктүү окумуштуу Н.К.Гей төмөндөгүдөй кызыктуу ойду жазат: «Турмуш жазуучунун соавтору болуш керек деген талап чыгармачылык ойдон чыгаруу демилгесин жокко чыгарбайт, тескерисинче белгилүү бир эстетикалык кырдаалдарда бул экөө бирдиктүү бир өстөндө кайра жаратуу процессинде бирге бөлүшөт. Өстөндүн дайыма эки жагы бар, искусствонун жогорудагы касиет-сапаттары, турмуш чындыгы жана чыгармачыл ойдон жаратуу - бул искусство дайрасынын эки жээги болуп саналат. Ушул эки жээктин бирөө эле жок болсо, анда дарыя да жоголот». 1

Албетте, жазуучу чыгармачылыгында каармандарды турмуштагыдай көрбөсө, алардын бүтүндөй тагдырын, мүнөзүн жандуудай толкундантып турбаса өлбөс болуп жашап кала албайт. Жалган жасалмалуулук чындыгында турмуш чындыгынан алыстатып, четтетип кетиши толук ыктымал. Бирок, жасалма, ойдон чыгаруу же нукура чыгармачылык менен жаралгандары бар. Бул экөөнүн ортосунда асман менен жердей ажырым аралык жатат. Ал эми чыныгы сүрөткердик талант, чоң эргүү, көркөм чеберчилик бийиктигинен туруп жазылган Сарыбай мүнүшкөрдүн образы дал ошол чындыктын өзүндөй албан кырдуу мүнөзү менен окурмандарга күчтүү таасир этип турат.

«Сынган кылычта» мындай көрүнүш чыныгы закон-ченеми, өздүк айныгыс турмуштун өзгөчөлүгү кайсы болот? Тарыхта болбосо да, тарыхый адам катары чыгармада жашап жатышы жалпы чындык менен туура келишинде турат. Ошондуктан типтүү образ катары жаралып да, кабыл алынып да калды. Типтүү образ типтүү каарманды аркалап жүрөт. Ал тарыхый өнүгүш жолунун ошол кездеги жалпы саясый-социалдык, жеке турмуштук жана адабий каармандай жашашына толук мүнөздүү. Баары тарыхый чындыктын алкагында айланып жатканы менен баалуу. Маселе дал мына ушунда турат. Ал чындык тээ илгертен болуп келген көрүнүш, Сарыбайдын мезгилинде да, андан кийин да кайталанууда. Ар бир баскычтын өздүк табиятына, өмүр сүрүү ыңгайына жараша келе берет.

Сарыбайдын өмүр жолунда үй-бүлөлүк ички турмуш жагдай айрыкча белгилеп өтүүнү талап этет. Тагыраак айтканда Сарыбай мүнүшкөр гана болбостон, ал бир үй-бүлөнүн башчысы, беш түтүн нойгут уруусунун ишенимдүү тиреги, Сүйүмкандын жары, хан ордосуна кунга кеткен Кундуздун атасы, өмүрү кейиштүү бүткөн Мадылдын бир тууган агасы катары романда ар түрдүү кырдаалда Сарыбайдын адамдык турпаты кашкая көрүнөт. Ошондой руху канчалык күчтүү, адамгерчилиги бийик экендигин дагы бир жолу окурман таразага салат.

Чыгармада Сарыбай каатчылыктан айласы куруганда көк чаар илбирстин терисин тартуулап, жүз жылкылуу Кара аттуу байга келет. Бекер берсе, өзүнүкүндөй көрүп, бирок өз жанынан сокур тыйын чыгарбай, байлык десе тогуз тоголонгон Кара байдын образын чоң чеберчилик менен таасын тартат. Ал ашкере куу, Сарыбай бир кой сураганы үчүн кадимкидей озондоп ыйлап, бүк түшүп жатып калат. Бул бир үзүм деталда эки башка адамдын жан дүйнөсү, мүнөз тагдыры, адамдык нарк-насили айкын көрүнөт.

Сарыбай элдин төмөнкү катмарынын өкүлү катары чыгыш элдеринин адабиятында көп кездешет. Бир гана сапаттык айырмасы алар мурдагы социалдык идеология күчөп турган кезинде жана социалисттик реализм методу жол көрсөтүп берип, талап этип турган мезгилде жазылган. Ошол өздөрү бийик даражага жетип өсө элек экендиги белгилүү. Ушундай типтеги образдар дээрлик түрдө бир жактуу сызыктарга салынып келген. Анда сөзсүз түрдө эзилүүчү таптын өкүлү болгондугу, саясый аң-сезими, таптык түшүнүгү жогору болуш керек эле, андыктан уюштургуч, көтөрүлүшкө жетекчи же жол башчы болуп чыгуучу.

Жергиликтүү бай-манап, бийлерге, ал турсун ордо ханына да каршы туруп келгени адабий тажрыйбадан маалым. М.С.Бородиндин «Самарканд жылдыздары» романындагы Захар темир устанын жасаган иш аракеттери, И.Калашниковдун «Каар заманындагы» куруучунун же П.Кадыровдун «Жылдыздуу түн» чыгармасындагы Усмандын тагдыры негизинен бири-бирине окшош мааниде чечилет. Чыгарманын соңунда алар тап күрөшүнүн уюштуруучусу же коомдук-саясый аң-сезими ойгонгон адам катары бүтчү.

М.Ауэзовдун «Абай жолу» эпопеясында Базараалы, Деркембай, Эрболдордун образынан көрүнөт. Баары негизинен бир сызыктын ичинде өмүр өткөрүп иш жүргүзүшөт. Аларда тарыхый чындыкка туура келбеген жасалмалуулук күчтүү болгон. Ошондуктан ал образдардын көпчүлүгү бүгүнкү күндө маанисин жоготуп койгону белгилүү.

Мына ушул айлампанын ичинен Т.Касымбековдун Сарыбайы өзгөчө орунда туруп, өзгөчө тагдыр күткөн өмүр тыянагына эгедер. Ал эч кандай таптык күрөштүн маанисине ээ эмес, болгону мүнүшкөрдүк өнөр тагдыры бар. Мындайча айтканда, социалдык идеологиянын жана саясый күрөштүн катышуучусу болбостон, тек гана маңдай тери менен жашаган карапайым тагдыр күтүп калган адам. Андыктан өмүр таржымалынын чечилиши түздөн-түз мүнүшкөрдүн өзгөчөлүгүнө байланышкан. Ал ошол мүнүшкөрдүк кесиби менен жашайт, элге таанымал, өз чөйрөсүнүн эң керектүү кишиси. Мындай айырмачылыгын башкаларга таасир эттирип көрсөтөт. Тагдыры да өзүнчө трагедиялуу чечилет, эч кимдикине окшобойт.

Автор мурдагы жазуучунун келечекте кемчилик болуп калчу көркөм ыкмаларды, окшош мативировкаларды кайталабайт. Тескерисинче, ошол көрүнүш калыптан чыгат. Коомдук түзүлүштүн бир баскычы менен чектелип калбай, Сарыбайдын образы өзүнөн мурдагы, кийинки келчү турмуштук кырдаалдын бир жандуу мисалы катары көзгө урунат. Саясатка караганда мында жалпы тарыхтын өнүгүшүндө адам тагдырынын түрдүү катмарында түрдүүчө жол менен көзгө түшүп өтө берерин ишенимдүү далилдеп турат. Мында саясый таптык маселе биринчи планга чыкпай, адам тагдырынын түрдүү иштер, социалдык-тарыхый, этникалык, табигый көрүнүштөр, алардын жашоо ыңгайы, өмүр жыйынтыгы коомго же ошол түзүлгөн чөйрөгө дал келип тургандыгында. Турмуш чындыгын табият, эреже талабына жооп бердирип жаткандыгында. Жашоодо биз окуп жаткан Сарыбай жана ал башынан өткөрүп келаткан тиричилик жолдорунун өзү дагы экинчи Сарыбайдын же Алыбайдын өмүрүнө туш келгендигинде турат. Бул жазуучунун мезгил, мейкиндик жана тарыхый жылыштын өз орун тартибин, закон-ченемдүүлүгүн туура кармап, туюндура бергендигинде эмеспи. Б.а. чыгармадагы Сарыбайдын тагдыры, жашоо шарты сөзсүз түрдө ошол кездин чындык көрүнүшүнө ылайыкталып, ошондон өздүк табият талабына алгалаш закон-ченемдүүлүгүнө ырайык келип жаткандыгында. Мына ушул себептүү окурмандардын Сарыбайды кадимки турмушта болгон адам жана анын тагдыры катары түз кабыл алууда. Улам мезгил өткөн сайын замандын каары элет турмушунун татаалданышы менен Сарыбайдын жашоосу да чиеленип олтурат. Ушул жерде белгилүү орус адабиятчысы Л.Якименконун бир сөзүн келтире кетүү жөндүү: «Образдын канына, жанына канчалык реалдуу турмуш, адамдык бакыт-таалай менен кайгы касирет сиңирилсе, ошол образ романдын тарыхый реалдуулугун, эң башкысы идеялык көркөм салмактуу жүгүн көтөрүп турат» - дейт.1

Анда Сарыбайдын образы дал ошондой типтеги образ экендигине ынанбай кое албайбыз. Жазуучу ар түрдүү турмуштук кырдаалда ар кандай адамдар менен болгон мамиле аркылуу Сарыбайдын адамдык мүнөз турпатынын улам жаңы кырын ачып берүүгө жетишкен. Сүрөткер андан аркы окуянын жүрүшүндө адамдын асылзаадалык менен карөзгөйлүк, бийиктик менен пастыкты бетме-бет келтирип, сүрөттөп берген. Романда мүнүшкөрдүн эле өз жан дүйнөсүн, угуучулардын аруу сезимин козгоп, тазалап турчу күүлөрдү черткен комузчу, өзүнчө ички маданияты бар, көкүрөгү зирек, асылдык дүйнөсү менен жашаган адам. Мына ушунун баары адам табиятын, руханий дүйнөсүн күтүнгөн өнөр артыкчылыгынын бир адамда жашап турушу анын ар тараптуу, көп кырдуу албан образ болуп чыгышын шарттап турганы окурманга жандуу таасир этүүдө.