кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Экинчи китеп. Эрегиш
Бешинчи бөлүм

I

1873-жылдын жайы. Тоо тарап тынчсыз. Кабар күнүгө жаңы. Эрегешикен элди тосо чыгып, жигит-жалаңы менен кошулуп кеткен бектердин саны көбөйдү. Кудаяр хан эмне кылар айласын таппай, көңүлүндө баягы бир кезде макулдашып кол койгон шартнама, эптеп жарымпашадан кол суроо дилинде. Буга Абдырахман абтабачы каршы чыгып, тоолуктарга каршы 500 сыпай менен Науман пансат жөнөйт.

Эрегишкен элди баштаган Исхактын колу Науман менен Ханабад кыштагында кездешип, негизги күчүнөн ажырап калуудан коркуп, Эр Эшимди жигиттери менен таштап Ала-Букага чегинүүгө аргасыз болот. Кудаярдан сый алган Науман пансат ансайын жээлигип, жолмо жол кыштактарды, айылдарды кыйратат.

...Илгери, мындан төрт жыл мурда Эшим менен Темирдин жесири Айзааданын көңүл оту тутанып, баарына кайыл жигит кош бойлуу Айзааданы ээрчитип айылынан кетип калган. Атка урунуп калган келиндин оорусу күчөп, жол боюндагы үйгө кайрылууга аргасыз болот. Кырк жыл бирге түтүн булатып, бирок бала жытына зар болгон Султанмаамыт байбичеси Ак Эрке экөө Эшимди бала кылып асырап алат. Ошол учурда эл көтөрүлүп, ханга эрегишип чыкканда зарделүү азамат коңулда жата албай, жаңы туугандарынан кол курап, Исхакка кошулган болчу.

***

Артында турган жарымпашага катуу ишенген Кудаяр хан өткөн өчү, эски кеги ойгонуп, эрегишчилерди катуу жазалоого буйруп, "козголоңчулардын мал-мүлкү силердики" деп оолуктуруп, каалашынча укук берип, пансаттарды аттандырып жатты. Эл жети атасынан бери жердеп келген ата конушунан ооп, ал жактарга Кудаяр перстерди, арабдарды, тажиктерди көп жылдык ижарага деп отурукташтырып салды. Буга эрегишип көтөрүлгөн элдин мизи кайткан жок. Исхак жазгы жортуулга катуу даярданды. Орус чиновниктери менен мамиле түзүүгө аракеттенип, көп тартуу менен элчи жөнөттү. Бирок оң жооп ала албай, өзүнөн башка таянчу эч ким жок экенин түшүнүп, эрегишчилер кышы бою жер төлө казып, курал жасатып, жигиттерин машыктырды.

1874-жылдын жай алдында мыкты куралданган үч миң ашуун эрегишчи дагы Чаткалдан кара селдей каптап түштү. Айласы кеткен Кудаяр хан жыйын куруп, тоолуктарды тынчытуу үчүн Абдырахман абтабачыны жиберет. Бир топко созулган сүйлөшүүдөн кийин ордого Шер датка баштаган тоолуктардын тобу бармай болот.

Бийлердин ордо кишиси менен тил табышып кетиши Исхакка бирөө арттан келип төбөгө чапкандай катуу сокку болду. Ал артынан элди баштаган жолуна үңүлдү.

...Кокондун биринчи ханы Алымдан үч уул калган. Иниси Өмөр хан көтөрүлгөндө так талашып чыкпасын деп Алымдын тун уулу Шахрук бекти өз колу менен тындым кылат. Ибрагим менен Муратты энеси калкалап, каратегиндик тагаларын баш паанектешет. Кийин экөө тең так талашта мертинет. Ибрагимден Ша-айым деген кыз, бир жашар Болот бек калат. Ибрагим бектин жесири кызын Ахрар кожого берип, ошол жакка көчүп кетет да кожонун таасири менен Болот өзүнүн тегин унутуп, сакы болуп, зикир чалып, дуваналык кылып кеткен болчу.

Өткөн жылы кутлук-сейит Шер датка ишенимдүү үч кишиси менен Кудаяр хандан да, фон Кауфмандан да жашыруун Самарканга келип, кожого билгизбей Болотту издеп таап, так талашууну, элге баш болуп берүүнү сунуштайт. Бу дүйнөнүн көйүнөн кечип койгон Болот дувана макул болбой коет. Абдымомун бектин коргонуна түшкөн Шер датка Болот бекке куюп койгондой окшош Исхакты жолуктурат да, ошол жерден "ханзада болуп берем" деген жигит Болот хан атыгып, увакилдер менен бирге бир жумадан кийин Чаткалга келген болчу.