кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Үчүнчү бөлүм

XI-2

Маргаландын беги болуп турган Алымкул молла Алымбектин өлүмүнөн кийин Мала хандын 12 жашар Султан-Сейид деген уулун ак кийизге салып хан көтөрөт да, өзү ордого аталык, кеби эки кылынбас эге болуп калат.

Кара кийип азалуу отурган Курманжанга ордодон "дозоку болгон кутумдардын колунан мерт болгон Алымбек бектин ариетин кылып кетүүгө" чакырган чабарман келет. Өзү барбай, керээт айым эл аксакалдарынан жиберип, бектин сөөгү алып келингенден кийин Кокон ордосуна баш ийүүдөн ачык баш тартты.

Арка-бел болор Алымбектей туугандын көзү жок, хан тараптан жакшылык болбой турганын түшүнгөн Байтик баатыр озунуп, Бишкек чебинин беги Рахматулланы конокко чакырып, кырк нөкөрү менен кырып салат.

Ошол кезде орустар Үч-Алматыны "Верный" деп атап, күчтүү аскер туругуна айлантып алышкан. Жантай бий уулу Шабдандын Түркстанда ордо атынан бек болуп турганына карабай Верныйдан бир отряд аскер чакырууга мажбур болот. Шабдан айласыздан түн катып качып чыгат.

Дал ушул маалда оңтой учурду колдон чыгарбай генерал Черняев "экспедиция" деп жортуул уюштуруп, Токмок, Бишкек чептерин басып, Ниязбек, Оулия-Ата, Түркстан, Чымкен, Сайрам калааларын биринен сала бирин алып, 1865-жылы Ташкен босогосуна жетти. Ага каршы Кокон аскерин баштап чыккан Алымкул молла өзүнүн удайчысы тарабынан өлтүрүлүп, Черняевдин алдында бүк түшүп жыгылды.

Ордо ээсиз калмакпы? Бухара-и-Шарифтин амири Музафар качкын Кудаярды бетине кармап бош калган ордого кирет. Ал ошол Кудаяр аркылуу өз бийлигин жүргүзүүнү көздөп, баягы эле тоң моюн, эпке көп келе бербеген кыргыз кыпчактын алдына, ысымы калың элдин кыйырына кеткен Алымбек датканын жесири Курманжандын алдына келди. Ынтымак деген ыйык сөздөн чыга албай Кудаярдын кайра хандыкка келишине макулдугун берген Курманжанга бардык шартын жасап датка наамын ыйгарат.

"Ханды кайра тагына отургузуу" салтанатына барыштан аялдыгын себеп кылып баш тарткан датка айым өгөй уулу Жаркымбайды кошту. Ал үйүнө "Ош беги" болуп кайтат.