кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Үчүнчү бөлүм

II

Кокон ордосу куралганда Арал, Кашкар менен Бадахшанды жердеген өзүбек, тоо таяна жашаган кыргыз кыпчак, чөл талаа жакалаган кыргыз казак баш койгон. Бирок ордону ушул үч тайпа журттун өкүлү эмес, качанкы унут калган "хан тукумунан" чыкканы башкарып, хан көтөрүлүп келген. Бирок бири да букарасынын кызыкчылыгын көздөбөстөн, бөлөк-бөтөн сыяктанып мамиле кылган.

Жыл өткөн сайын бир кезде түбү бир журт өзгөрүп, тирилиги, урунган буюму ажырымдалып, өзүнчө улут түркүмүнө айланып, бара-бара улут биримдиги зарыл кезге келип такалган. Мында оңой менен бирөөгө баш бербеген кыргыз кыпчак тайпасы бирдин ичинен чыгары бышык эле. Эптеп мураскор таба калып, ордонун бийлигин баса калууну көздөп келген ак паша да бу жолу абайлап, акырындап отуруп Хазар көлү, Шыбыр жактан кол сунуп, капшырып, Ак-Мечит, Капал чептерин алып, Ысык-Көл, Сары-Өзөн-Чүй боюнча дейре таасир өткөрө баштаган. Мындай жагдай кыргыз кыпчак үчүн оңдой берди эле. "Ордону колго алуу" ишин биротоло жоготуп, же чыры бүтпөгөн кан ордодон кечип, өз ордосун көтөрүп калмак табында турган.

Ушунун айдыңында Канат-шаага "баш-көз" болууга 12 миң кол менен келген Алымбек датканы Сары-Өзөн-Чүйдүн Жыламышынан солтонун Жангарач бийи аздектеп тосуп алып, урматына ак боз бээ чалат. Датка туугандары менен бир сөзгө келип, ордодогу тирешүүдө тоолуктар Алымбекке ноюбаган кубат, майышпаган бел болуп берерине бекем ишенет.

***

Ташкендин ысыгына көнгөн Канат-шаанын аскерлери Чүйдүн тынбай жааган ак жаанында, андан соң тушарга жеткен карына кабылып, жайкы кийимдерин алмаштыра элек кол бир топ жапа чегип калат. Туугандары менен ою бир жерден чыккан Алымбек датка кыр көрсөтүп, полковник Колпаковский башында турган орус аскери менен Узун-Агач бекетинде беттешип жаткан Канаат-шага көмөктөшпөй коет. Тарпы чыккан колун ээрчитип келген Канат-шааны Мала ханга Алымбек датканы "өкүмдардан эл талашкан, бак талашкан бейнысап" деп атап, жеңилишин даткага шылтап, көзүн тазалоо керектигин кыйытат. Көңүлүнүн тереңинде Алымбекти күнөөлүү деп таап, бирок датканын өзүнүн кыйындыгынан да артында турган элинен, тамырынан, күчүнөн кооптонуп, Мала хан кандай айла кыларын билбей башы катат.

***

Алымбек датка ошол боюнча туугандарынын "ордону өзүң башкар, такка өзүң чык" деген жөлөмөсү менен Алайга, өз үйүнө кайтат. Сыртынан сыйлашканы менен күн өткөн сайын өчөгүшү күчөгөн Мала хан көп өтпөй "датка агасын" ордо жыйынына чакырат. Өлүмгө өкүм кылынганын билген аяр Курманжан айымдын акылы менен жыйынга барбай коет да, Байтик баатыр, Шабдан баатыр баш болгон билгилер менен ордону алууга аракеттер талкууланат. Мында Алымбек датка астыртан жай адамдар аркылуу Үч-Алматы жактагы орус акимдерине жылуу жүз көрсөтүп, ошону менен бирге укурукка баш салып албас айласын кылып, абайлаган абалды карманат. Окуяга күбө болуп жаткан Күн батыш Сибирь генерал-губернатору болуп келген Дюгамель төрө 1861-жылдын 8-июнунда империянын аскер министрине "Алымбек датка бизге ыктай турган болсо биз тараптан да жакшы мамиле жасалсын деп полковник Колпаковскийге жолдомо жазганын" билдирет.