кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

“Сынган кылыч” романындагы роман-эпопеянын жанрдык белгилери

Үмүт Култаева, филология илимдеринин доктору, профессор

Адабий терминдердин сөздүгүндө эпопея түшүнүгү: “...элдин турмушун кеңири жана толук сүрөттөгөн романды же романдардын циклин эпопея дешет” [1] — деген аныктама берилип, анын мисалына келгенде орус адабиятындагы чыгармалар аталат. Белгилүү го, совет доорунда бардык жагдайда орус адабиятын үлгү кармануу кадимки табигый көрүнүш эле. Азыркы мезгилде кыргыз прозасынын “казынасын” аңтара карап, роман эпопея барбы? — деген суроону тарыхый жанрда Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романынан ашып түшүүчү эстетикалык табылгалар бүгүнкү күнгө чейин жаралбаган соң, эпопеялык белгилерди ушул чыгармадан издөөгө туура келет.  Эгер 60 — жылдары  роман жанрынын мыкты үлгүсүн берген “Майдандын” экинчи китебин чыгарууга У.Абдукаимовдун өмүрү жетсе, бул чыгарманын эпопея аталышы шексиз эле. Биринчиден, илимий адабияттарда берилген аныктамаларга караганда, эпопеянын негизги белгисине  көлөмдөн мурда,  элдик турмуштун кеңири панорамасы алынат. Бул белги “Сынган кылычта” болгон үчүн убагында белгилүү адабиятчы З. Кедрина бул чыгарманы роман эпопея аталган А.Толстойдун, М.Ауэзовдун, А.Кадыринин, Айбектин, С.Бородиндин тажрыйбасына К.Касымбековдун берген жообу[2] деп бекер баалабасакерек.

Экинчиден, гуманитардык илимде илимий түшүнүктүн түбөлүк сакталуучу классикалык формуласы жок. Азыркы илимий-маалымат прогрессинин объективдүү өнүгүүсү көркөм чыгармалардын көлөмүн чектөөгө өз таасирин тийгизүүдө. Маалымат кылымындачыгармалардын көлөмү эмес, андагы идеялык-тематикалык проблема маанилүү.

Үчүнчүдөн, көлөмдүүлүктү эпопеялык белги эсептеген күндө да, “Сынган кылыч” 1998-жылы кайра өзгөрүүгө учураганга чейин эле, эл аралык масштабда эпопея аталган чыгармалардын деңгээлинде сөз кылууга арзыган. Азыр анын көлөмү “Келкел” романынын бир бөлүмү менен 565 беттен  (бирдей форматта) 708 бетке жетти. Ушул аргументтердин негизинде аталган романдан эпопеялык белгилерди издеп көрөлү:

1. Романдагы тарыхый окуянын масштабынан алганда, “Сынган кылычта”  чыгарманын нагыз  сюжетинтүзүүчү  көлтолкунундай күргүштөгөнтарыхый  окуялардын  тизмеги Шералы  хан  таажысын  кийген

1842-жылдан баштап, Болот-Исках дарга асылган 1876-жылды –  Коконхандыгынын  Россиянын  карамагынатолук  өтүшүнө  чейинки34  жылдыкамтыганы менен автор тарабынан колдонулган тарыхый экскурс доорлордун тереңине кетет. ХIХ кылымдаэл  тагдырына  туш келгенөтө  опурталдуу, чалкеш, кандуу, кыйын  жанакызык мезгил капысынан пайда болгон көрүнүш эмес. Шералини хан шайлоонун(тарыхый окуянын) себебинокурманга жеткирүү үчүн жазуучу кыргыз тарыхый романдарынын композициялык структурасында архивдик материалдын ролун ойногон санжырага кайрылган. Анткени “хан” аталган так менен таажыга болгон бийлик кумары саясий интригаларды өз апогейине жеткирген учурда, анын запкысы жалпы элдин трагедиясын жаратып, калк ичиндеги карыялар туңгуюктан чыгуунун жолун издеши да кыргыз адабияты үчүн салттуу көрүнүштөрдөн. Улуттук этнопсихологияга ылайык жазуучу эл ичиндеги көсөм карыя  аркылуу  улуттук эстутум күүгө келтирет. “Аппак суюк сакалын калтыраган алсыз колу менен акырын сылаган Ажыбай датка” көкүрөгүндө кыргыз тарыхы боюнча билим менен тажрыйбанын албуут рухий кудрети аркылуу өткөнгө кайрылат. Карыяны санжырасына  караганда  биркезде  чексиз  зорөлкөгө  ээликкылган  АмирТемир  Көрөгөндүн  аркайсы  шаарга  мураскорболуп  бекиген  балдарыныныркы  келишпей,  ата мурасын  жүз  жылгасактай  алышпай, Амир ТемирдинМиран-Шах,  анданСултанМухаммад,  анынуулу  Абдусаиддин  Өмөр-Шайхбийлеп турган Фергана акыры  тун уулу  Бабырга калыптыр.  Бул окуя  1493-жылга таандык. Акылы  жетик Султан Бабыр атка конгон  жакшыуул  бабасы  Амир-ТемирКөрөгөндүн  зорөлкөсүн  кайракалыбына  келтиргенге  аракеткылып,  ошолкезде Самарканга ээлик кылган Шайбани — хан  мененкармашат.  Туугандары  өздөн  чыкканжат болуп, ынтымакка  келмек  турсун, кайрадушман  тарапка  өтүпкетишкенде,  өзөлкөсүнөн орунтаба  албаган  Султан Бабыр үй-бүлөсү  мененОоганга качып баратып, Сейде-Бакдеген ай  күнүнө  жетиполтурган  аялынан  уултабат.  Кан  жолдо бараткан жүргүнчү  наристени  “энесинин уузсүтү  менен оозантып,  алтын сырлуу бешикке салып, ... анан  белиндеги  каухаркемерин  чечипбешиктин  үстүнө  артаташтап” [3]  кетет.  ...Аны кыргызкыпчак  уругунан  бирадам  таапалып,  жаш эмчектүү аял таап бактырып, кийин эр жеткенде султан тукумунан көп урпак чыксын деп, шариятка ылайык төрт уруу журттан төрт аял алып беришкен. Дагы так талашуу коогасында, Фаргана билермандары ошол төрт аялдын биринен туулган урпак 60 жаштагы Теңирярды султан тукуму деп бий көтөрүп жиберишет. Бул — 1597-жыл экен [4]” — деген тарыхый экскурстун өзүндө  тарыхый мезгилдердин учугун бири-бирине жалгап турган жандуу жиптер (П.Шермухамедов) — тарыхый романдын жанрдык касиети бар.

Жазуучу санжыраны тарыхый хроника менен шайкеш келтирип, кайра көркөм иштеп чыгуу менен романдын композициясына ретроспектикалык каражат катары колдонулушу бүтүндөй тарыхый окуялардын көркөм сүрөттөлүшүнө тактык киргизген, анын масштабдуулугун камсыз кылган. Чындыгында эле “Бабур Захиредин Мухаммад (1483- 1530) Индияда Моголдор мамлекетинин (1526) негиздөөчүсү; акын жана жазуучу. Тимурийлер (Амир Темир Көрөгөн) тукумунан; Омор Шайыктын уулу, Бабур 12 жашында атасынан Фергана тагын мурастап калган.” [5]

Жазуучунун санжыраны көркөм каражат катары  ыктуу пайдалана билиши  ага улуттук тарыхтын сырын эпикалык баяндоого мүмкүндүк берген. Автор бул мезгил социалисттик идеологиянын доору экенине карабастан,  улуттук тарыхтын сырын өз тамырынан издегендиги адабий процесстеги күтүлбөгөн окуя эле.

Тарыхый окуянын масштабдуулугу жалаң гана ретроспективалык ыкма менен чектелбейт. Романда түндүк-түштүк кыргыздарынын биримдигине арналган эпизод  көлөмдү көбөйтүү максатында эмес, улуттук биримдик идеясын тереңдетүү үчүн романдын структурасына кошулган. Түштүк жергесинен эл биримдиги үчүн келген Алымбек датканы Сары өзөн Чүйдүн билерманы Жангарач бийдин “Жыламыштын көз кайкыган түзүнө атайын он эки канат жумурткадай ак өргөө көтөрүп” [6] тосуп алышы кыргыздын мейман күтүү маданиятынын гана белгиси эмес. Үйдүн асем жасалгасы, бир тууган эл өкүлдөрүнүн бири-бири күтүү, өз ара учурашуу маданияты, адаттан артыкча дасторкон жасалгасы, маектешүү этикасы, бийлик ээлеринин пикирлешүү манерасы — улут ынтымагынын маанисин ачуунун көркөм интерпрециясы. Өз алдынча мамлекетүүлүккө жол издөөнүн амалы, элди азаттыкка чыгаруунун аргасын издөө болуп эсептелет.

2. Эпопеяга таандык дагы бир белги эл турмушунун кеңири панорамада сүрөттөлүшү “Сынган кылыч” романында ийгиликтүү ишке ашкан. “...Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романы — кыргыз адабиятында биринчи көп пландуу роман. ...Романдын негизги каарманы, тарыхый окуялардын кыймылдаткыч күчү — эл. Эл - өз тагдырынын жаратманы, - чыгарманын негизги идеясы ушунда.” [7]  Эл турмушунун купуя сырлары: коомдук-социалдык мамилелер, бийлик жана адам коллизиясы, ата-бала ортосундагы келишпестик (Эсенбай — Нүзүп), жубайлар ортосундагы мамиле  (Алымбек — Курманжан), тууган ортосундагы мамиле (Сарыбай — Мадыл), улуттун жашоо образы, этнографиясы, этнопсихологиясы, дүйнө таанымы жогорку көркөм-эстетикалык деңгээлде чагылган. Улуу тоону мекендеген элдин бейпил турмушуна бүлүк түшүргөн кара мүртөз тарыхый доордун жүзү дан багар Теңирберди менен саяпкерлик, мүнүшкөрлүк, кол өнөрчүлүк сыяктуу ажайып өнөрдүн ээси Сарыбайдын  адам чыдагыс трагедиясы аркылуу көркөм интерпретацияланат.

Айрыкча чыгарманын төртүнчү бөлүмүндө кыргыздардын  аш берүү (Жаманкулдун ашы) үрп-адаты аркылуу бүтүндөй элдик турмуштун  кеңири панорамасы түзүлгөн. Ашка келаткан Насредин бекти көк бөрү менен тосуп чыгуу, аштагы элдик оюндар (ат чабыш, балбан күрөш, эр чабыш ж.б.), тамак берүү, кийит кийгизүү салттары мезгилге ылайык, тарыхый кырдаалга жараша көркөм сүрөттөлөт. Намыс үчүн кара башынан кечкен эрлерге “ак сарбашылын” айта жаратканга жалынган энелердин тилеги, намыс алган тарапты ырга кошкон жарчы акындардын таңшыган ырлары, колунан чыккан көрктүү кийимдери менен назданакылык көрсөткөн чебер айымдардын конокторго көрсөткөн сый-урматы убактылуу болсо да мезгилдин апаат күндөрүнөн элди унуткара салгандай көркөм сүрөттөлгөн.

Элдик турмуштагы өзгөчө мамиле кудалардын бирин-бири кыя албаган тагдыр азабы казатта шейит болгон кырчын жигит Темирдин атасыТеңирберди менен  жаш жесир, айдай сулуу Айзааданын атасы Жамгырды кыйнайт.

Жазуучу улуттук тагдыр кылыч мизинде турганына карабай, турмуштун уулу мыйзамына ылайык, махабат отуна күйүп жанган жесир Айзаада менен Эр Эшимдин жеке тагдырларына романдын жалпы структурасынан орун тапкан. Автор жалаң кургак тарыхый окуялардын хроникасы менен чектелбей, эл тагдыры объективдүү өнүккөн тарыхый окуялардын тепсендисинде калганын беш үйлүү нойгуттун абалы, Сарыбайдын үй-бүлө трагедиясы аркылуу жүрөк титиреген драматизм менен берүүгө жетишкен.

Жазуучунун дал ушул чеберчилиги убагында “чоң чөйрөдө” жогору бааланып: “Доор тууралуу автордук маалымат эмес, сюжеттин өзүнөн өзү келип чыгышы Т.Касымбековдун романында улуттук тарыхты сүрөткерлик менен аңдоого мүмкүндүк бергени” [8] жаш адабияттагы чыгармачылык жетишкендик, жаңы чыгармачылык тажрыйба катары бааланган. 

Эпопеяга мүнөздүү дагы бир маанилүү өзгөчөлүктөрдүн бири андагы каармандардын көптүгү, анын ичинде тарыхый инсандардын улуттук же мамлекеттик кызыкчылык үчүн күрөшкө чыгышы эсептелет. “Сынган кылыч” романында эки жүзгө жакын каарман катышат, алардын ичинде улуттук аң-сезимде аты өчпөй жашап келаткан тарыхый инсандар: Алим хан, Алымбек, Алымкул, Ажыбай датка, Абдырахман, Абдылдабек, Байтик, БолотИсках,  Жангарач, Жантай, Жаркынайым, Ионов, Ибрагим хаял, Иса олуя,

Курманжан датка, Камчыбек, Кудаяр хан, Канат-шаа,Мусулманкул,

Музаффар, Нарбото, Нармамбет, Насирдин, Нүзүп, Скобелев, Колпаковский, Шабдан, Шерали, Шер даткалардын коомдук саясий ишмердүүлүгү көркөм аңдоого алынат. Амир Темир Көрөгөн, Бабыр, Арстанбек, Калыгулдар тууралуу кыйыр сөз болот. Кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгы үчүн Алымбектин, Нүзүптүн башы топтой томолонуп, Абдылдабек  Ата журтун таштап, Ооганга ооп кетет; кыпчактарды коргойм деп, Мусулманкул  айбан чыдагыс өлүм кыйноосуна кабылып, денеси бирден кескиленет; ак жеринен Камчыбек дарга асылат;  Болот-Исках чыккынчылардын кесепетинен колго түшүп дарга асылат. ж.б.

4. Эпопеянын дагы бир белгиси эл тагдырынын татаал кырдаалга дуушар болушунан пайда болгон тарыхый реалдуулук  романдык мазмунду жаратат. Ушул кырдаалда “...элдик ойлом” өз мазмунуна “адам тагдырларын” сиңирип алат да, [9] эпопеялык принцип үстөмдүк кылат. Романда коомдук бардык катмардын өкүлдөрү катышкан: хандар, бийлер, бектер, даткалар, баатырлар, балбандар, чыккынчылар, айымдар, дан багарлар жана мал магарлар, кол өнөрчүлөр, күзөтчүлөр, жан жигиттер — кыскасы кыргыз турмушу кайнаган жашоодо миң түрдүү мамилелердин татаал байланыштары көркөм сүрөттөлөт.Жазуучунун чебер калеминен жаралган типтүү образдар (Абил бий, Каракаш айым, Сарыбай, Теңирберди, Айзаада) эле эмес, тарыхый инсандар: Мусулманкул, Нүзүп, Шер датка, Кудаяр хан, Шерали, Алымбек датка, Курманжан датка, Абдырахман, Болот-Исках, Скобелевдердин эстен кеткис мүнөздөрү түзүлгөн. Сарыбайдын тагдыры жеке адамдын гана эмес, доор трагедиясы катары терең психологизм менен сүрөттөлөт.

Дүйнөлүк масштабда карама-каршылыктуу доор катары тарыхка кирген ХIХ кылымда кыргыз элинин улуттук тагдыры кылыч мизине кабылып, өз бийлиги бир жактан, Кокон хандыгы экинчи жактан карапайым элди эзип, салыктын түрү күн санап өскөнү аз келгенсип, Ордо ичиндеги саясий интригалардын кесепетинен  коомдун төмөнкү катмарына кесепетин тийгизген. Тартууга кеткен күң, кул карапайым эл ичинен тандалганы аз келгенсип, кагылыштарда кырчын жигиттер окко учкан. Элдин улуттук тагдырындагы трагедия момун адам Мадылдын жалаага кабылышы, жалгыз перзенти тартууга кеткенин көтөрө албай, Сарыбайдын аялынын акылынан адашып тентип кетиши менен дагы тереңдетилген. 

Теңирбердинин уулу  Темир  Айзаадага баш кошконуна жыл айланбай, Ордого кызмат кылуу үчүн  кошунга алынып, жаш жубайы  “шырп” эткен дабышка кулак түрүп, делбиреген үмүт менен жарын күтүп жүргөндө, ачуу өкүрүк менен  мизине кан каткан кылычы келет.

- О тагдырым, бышкан алма болуп араң отурган чагымда... тагдырым, сага не жазыгым бар (астын сызган — К.Ү.) эле?! [10] — деген кутман кары Теңирбердинин тагдыр-трагедиясы доо трагизминен келип чыккан көрүнүш.

Жаш жесирдин тагдыры улгайган кайнатасын да, өзүн да азапка салганы аз келгенсип, жашоонун “улуулугу” жеңип, экинчи жолу“азгырылган” келин ааламга батпай качышы эл үчүн түзүлгөн тарыхый кырдаалдын бир көрүнүшү. Тагдыр азабынан улам тирүүлөй тозокто калган Айзааданы  кыйбай Эр Эшим элинен безип  тааныбаган бөтөн элге баш паанек издеп кошо кетти.

Аз да болсо жашоо бактысын жаңы татканда, Эр Эшимкалың элге келген козголоңго кайдыгер карап тура албай, Болот-Искахка кошулуп кетип, эл үчүн курман болду. Айзааданын башына түшкөн бир эмес, эки жолку жесирлик карасы – мезгил түсү.

Тарыхый чыгармада  улуттук мүнөздү [11] алып жүрүүчү элдик каарман болбосо,ал эпопеялык касиетке ээ боло албайт. “Сынган кылыч” романында улуттук мүнөз мүнүшкөр Сарыбайдын образына типтештирилген. Чыгарманын көркөм структурасында  Сарыбайдын  тагдыры элкайгысын  коштогон  күү,оркестр  сыяктууЖаратылыш, коом, жекеадам, бийликмамилелеринин  татаал  системасында: адам жана жаратылыш гармониясы бузулуп,  бир жагынан жалынычтуу  үн  чыгарып,  жем сураган бүркүттүн жырткычтыгын  Сарыбай түшүнбөйт; экинчи жагынан, анын өзү менен жан шерик болуп калгандыгын, мүнүшкөржакынынан ажырап калчудай  кайышып, кое бербей жаткандыгын  бүркүт түшүнбөйт. Жердин да, элдин да куту качкан мезгилдин каарына моюн сунгусу келбей, Сарыбай  перзентиндей  болупкалган бүркүткөжем  издеп, жер кезип колуна эч нерсе илинбеген соң,  жанында  жүргөнтайгандын  мойнун  кайрыпөлтүрүп  бериши  элдин жашоосу кептелген тунгуюктун метафоралык бир көрүнүшү. Жырткыч арааныачылган  ичтейин  тыяалбай, өзүнө жем издеп жүргөн ээси көзүнө айбан көрүнүп, кол салышы, өмүр  үчүн болгон кармашта  мүнүшкөрдүн  көзүнүнчукуп  өлүшү жаратылыш “перзенттеринин” дисгармониясына алып келген тарыхый кырдаалдын суру качкан жүзү. Эгер  автор  Сарыбайдынтагдырын  ушунуменен бүтүрсөделе логикалык  биржыйынтык  чыкмак. Улуттук  адабиятта мергенчи  менен мүнүшкөрдүн оор  жазага тартылышы эпикалык салттардан.  Автор эл тагдыры тушуккан тарыхый кырдаалдын ички маңызын дагы терең ачуу үчүн  Сарыбайдын турмушуна биринин артынан бири келгенкырсыкка  улам каалгасын кактырып, тирүү  жанчыдагыс  абалга  жеткирген.Бул жылдары  да адатта  жок кыштын ызгаары, узакка  созулушу  турганжеринде  канаттууну  тоңдурупкырды. Сарыбайдын “менин жолум болбосо, иттин жолу болоор”, менин жолум болбосо, куштун жолу болоор” деп, “айласы кеткенде арсчычкандын ийинин тырмагы сынганча” чукуп, бирокиттин да, куштун да, адамдын да тумшугуна эч нерсе илинбей куру кол кайтышы куту качкан доордун  символу сыяктуу. Тарыхый кырдаал курчуган кезде (алмустан бери) жеке  адам жана жалпы эл менен  бийлик ортосундагы мамиле болуп көрбөгөндөй бузулары белгилүү. Бийликтиназезил кумарына баткан “жогоркулар” үчүн адам тагдыры оюнчук боло баштагандыктан, Сарыбайдын  асылжылкы  Торукашкасы  уурдалып, беш үйлүү нойгут жалган жалаага кабылды.Бардык ишке куулук менен өзү жумшап, аягы адам өлүмү менен бүткөн чуу жөнөкөй элди азапка салганда, Абил бий кыздан тартуу берип, хан тукумунун көңүлүн  алмакчы болгондо, бул азаптуу кайгы да Сарыбайдын  тагдырына туш болду.

- Чара жок... – деди, Сарыбайдын алсыз үнү, – соо калсын биртке тууган... — Ушуну айтты да Сарыбай бүктүшүп  жатыпкалды. 

Жалгыз  кызтуягы –  Кундузайдын тартууга  кетишин көтөрө албаган ЭНЕ акыл-эсинен ажырап, ээн талаага кутуруп кетип, Сарыбайдын сокур жашоосуна, жалгыздык кошулат. Өзү жалгыз калганы аз келгенсип, биртууганы  МадылАбил бийдин саясий оюнунункурмандыгы болот. Тагдыраны  ташбоордук  мененмүлжүп  олтурат:  жан-дүйнөсүнүнэрмеги  болгон  мүнүшкөрлүк мененсаяпкерлик  өнөрүанын  дилинташка  чаап, жакын  адамдарынулам  бирин жоготот. Турмуш кыйындай  баштаганда  бешүйлүү  нойгуттун  үчүйлүүсү  башкажакка  көчүп кетерде,  алардын жолун тоспой,  өзтүйшүгү менен эски журтта жалгыз калышы, анын инсан көтөрө алгыс трагизми жазуучу тарабынан элдин атынан Сарыбайдын мойнуна жүктөлгөн.  Сарыбайдынүй-бүлөсүнүн тагдыры - улуттун  жок  болупкетүү  коркунучунун  бир  жаңырыгы. “Сарыбай — элдик турмуштун негизин эң терең түбүнө сиңирген улуттук мүнөздү алып жүрүүчү айсберг.” [12]  Ошол эле учурда тарыхый доор канчалык жексур, кырдаал канчалык катаал болсо да, эпопеялык чыгармада “элдин өлбөстүгү” 2 даңкталат. Бул критерийге романда Кокон ордосу аталган бийлик системасынын күнү бүтүп, тутанган өрттөй күч менен эл козголоңу каптап келгенде, Насирдиндин “кыргыз айымды” чакырткан эпизод күбө. Бир кезде  тартууга кеткен Кундузай эми келме кезек тагдыр тамашасына күлүп турду. “Ак шайы көйнөк, үстүнөн карала кымкап камзол кийген, башында алтын сайма керене, эки билектей кош өрүм чачы толорсугунан ылдый түшүп, күмүш чачпак согончогуна төгүлүп келген” [13] кыргыз айымдын алдында айласы түгөнгөн Насирдин сабылып турду:

- Тартууга келген күң эдиңиз. Эсиңиз менен, көңүлүңүздүн түздүгү менен ордомдун эркеси, ак никелүү зайыбым болдуңуз... баланы сактап калың...

- ...Жети атасы хан болуп эмне тапты?! Кимге пайдасы тийди?! Теги башка, атасы башка дейм, атын башка коем — деген Кундузайдын бүтүмү –  элдин өлбөстүгү.

5. Эпопеядагы мезгил жана мейкиндик адабий тектин башка жанрларына сыйбай, жалгыз романдык өзгөчө түрдү талап кылганы да “Сынган кылычка” толук мүнөздүү. Эгер “...мезгил менен мейкиндиктин маанилүү байланыштары ... жанр жаратуу касиетине ээ болгон мазмун-формалык категория” [14] болсо, аталган чыгармада романдык мазмунга жараша формалдык чеги аныкталган. 

Тарыхый мезгилге жараша каармандардын түзүлгөн мүнөзү эпопеялык деңгээлде кайталангыс көп түрдүүлүккө ээ. Сарыбайдын, Теңирбердинин, Абил бийдин, Шер датканын, Мусулманкулдун, Бекназардын мүнөздөрү улуттук гана эмес, тарыхый доор талап кылган жана аларды “калыптандырган” (А.Толстой) индивидуалдуу мүнөздөр. Романдык кырдаалды түзгөн тарыхый мезгил - бийликти мурастаган феодалдык коомдук-социалдык түзүлүштүн күнү бүтүп бараткан,доор жаңы системага муктаж боло баштаган,тарыхый объективдүү өнүгүү адам эркине баш ийбей калган татаал учур. Ушул мезгил Абил бийди, Нүзүптү, Мусулманкулду, Кудаяр ханды жаратты. Ушул мезгил

Таластын даркан талаасында жүргөн Шералинин эркин, адамдык дареметин сынады. Бул мезгил “Кокондо хан тактысы үчүн болгон күрөш менен кандуу кагылыштарда жүздөгөн, миңдеген адамдардын өмүрү кыйылып, элге жат саясат жаралып, урууларды бири-бирине кайраган ыпылас саясий оюндар башталган мезгил.” [15] Дал ушул мезгилге жараша романдын көркөм аянты анын мейкиндиги улам кеңейип, элдик көтөрүлүштүн өрттөй тутанышын шарттайт, бийликтин саясий кризиси улам тереңдей берет. “1842-1876 — жылдардагы Кокон мамлекетиндеги социалдык-саясий кризистердин күчөшү жана хандыктын кулашы” [16] менен падышачылык Россиянын колониялык саясатына  ыңгайлуу тарыхый шарт түзүлөт. Натыйжада бул мезгилге чейин “илимий экспедицияны” түндүк кыргыздарга жиберген падышачылык Россиянын колониялык чабыты кеңейип, Скобелевдин Алай тоолоруна болгон жүрүшүнө себеп болгон. Улуттун улуттук тагдыры коркунучта калган татаал тарыхый кырдаалда бир жагынан, саясий кризистен чыгуунун айласын издеп,  Ордо билермандарынын жергиликтүү кыргыз феодалдары менен мамиле түзүүгө жасаган аракетинен,  бийликке жагуу үчүн бири-биринен жол талашуу уруулар ортосундагыички ынтымакты ыдыраткан. Экинчиден, ички ынтымактын жоктугунан ар бир уруу башчысы  жардамды сырттан издеп, падышачылык  Россияга кыргыздар өздөрү “колтук ача баштаган” мезгил. Үчүнчүдөн, кыргыз жергесинен калмактар сүрүлгөндөн баштап, Иле, Чимкент аймактары талашка түшүп, казак-кыргыз ортосундагы мамиле бузулган.

Романда сүрөттөлгөн мезгил ХIХ кылымдагы дүйнөлүк геочөйрөдөгү чоң бурулуш, өзгөрүүлөрдү камтыгандыктан,алардын пайда болуу өбөлгөлөрүн көркөм аңдоо үчүн автор тарыхый экскурстарга кеңири орун берген.  Кыйын мезгилде улутту сактап калуунун аргасын издеп таап, хан көтөргөн Шералинин ата тегинен башка да,  тарыхый инсандар: Алим хан, Нарбото бий, Нүзүптүн  атасы Эсенбай, Нармамбет датка, Алымбек даткалардын ата теги аркылууроманист байыркы кыргыз турмушунун көркөм элесин ишенимдүү чагылдырган. Улут намызы үчүн болгон күрөштө каармандар көөнө тарыхтын сабактарын пайдаланышкан. Мисалы, аталык бийлиги кайдан чыккандыгын, анын укугун тактоо үчүн Нүзүп казыйдан жол сураганда, мындайча түшүндүрдү:

“...мамлекет иши башта башынан өтпөй, ага ылайык камы болбой, тарбиясы болбой, иштин көзүн билбей турса,
...башка бир жетик адамды ханга аталык бийлигине чакырса болот...

Албетте, бул мамлекеттин пайдасы үчүн! Бул бийлик эгесинен бийликти зордуктап алганга жатпайт. ...Аталык таксыз падишах, тажысыз өкүмдар...

- Мисалы?

- Амир Темир! Жаңгер Амир Темир Көрөгөн! Заманында Чыңгыз-хандын тукумунан Жагатайдын кызын алып, ага күйөө болуп коюп, кийин анын хан балдарын хан деп төргө отургузуп, а бийликти өзү туткан! ...17

Өткөн мезгилдеги улуттун жашоо образын, анын өзгөчө дүйнө таанымын сүрөттөөдө автордук ойдон жаратуу чыгармада эл турмушун кеңири панорамада, көп пландуу эпикалык формада баяндоого мүмкүндүк берген. Ушундай тарыхый экскурстардын бири эл ичинде “баатыр” аталган

Бекназардын ата тегине арналат.

Романда жазуучу тарабынан сүрөттөлгөн азем буюмдар: кайыш саадак, тоо текенин мүйүзүнөн жасалган сур жаа, кош миздүү шап кылыч, кийимдер жөн гана кооздук үчүн же бир гана каарманды идеализациялоо үчүн эмес, элдин түптүүлүгүн, нарктуулугун, байыркылыгын  баяндоо үчүн, анын ичинде жеке инсандын кадыр баркын,түпкү тегин  баалоо критерийи катары колдонулган. Демек, жазуучу сүрөттөгөн буюмдар элдик маданияттын уникалдуулугунан кабар берүү үчүн сүрөттөлөт. Алар тарых күбөсү, муундарды байланыштырган материалдык маданиятты чагылдырган мурастар. Көрсө, бул буюмдар убагында даңазасы таш жарган бий, чыгышта даңазасы таш жарган, улуттук адабиятта али образы түзүлө элек  тарыхый инсанга таандык. 

Бул буюмдар Бекназар үчүн “...өткөн аталарынан калган аялуу эскерме мурас мүлк...Саруу бийден небереси Көлдөйгө калган дешет” [17] — деген автордук экскурс дагы бир көөнө тарых катмарынан маалымат берет.  Саруу бек Румга (Рим), бир кулачы Кытайга жайылып турган оң канаты Ак Ордо, сол канаты Көк Ордо аталган Алтын Ордонун алдыңкы бийлеринен экен. О кийин анын тың небереси Көлдөй “таркан” атанып, элбегиси болуп, кышкы отоосу Сары Өзөндө Арка деген сепилде, жайкы өргөөсү Суусамырдын төрүндө, Көк Ордонун өкүмүн өткөрүп турган дейт” [18]. Жазуучу өз каармандары Бекназарга черттирген комуз күүлөрүндөгү “...суу койсо соорусуна төгүлбөгөн, сулуу деп тандап боз жорго минген, үстүндө дөөлөткө мас адамзааданын ... асылдан күткөн дүйнөм деп, аялуу жаным биргем деп, алпечтеп”  баккан аялы душманына этегин ачып, ... калмакка качып, баатырды намызга жыкканы, же Сарыбай черткен “жер түтөтүп, мелмилдеген түз талааларга, арасын көгүлтүр мунарык басып жаткан улуу тоолорго батпай, деңиз суусундай лыглык болуп жаткан көп элдин караанын көзгө апкелген ...баатырдыкты, эрдикти даңаза кылган [19]баяндары ар түрдүү мезгилдер байланышынан  кабар берет. Ошондой эле романдын көркөм аянты ээлеген мейкиндикти да башка жанрларга сыйдырууга мүмкүн эмес. Т. Касымбеков  “...татаал баяндоонун миңдеген жибин өз колунан чыгарбай кармай билген” (К.Бобулов) чебер прозаик катары мезгил менен мейкиндиктин да татаал байланышында бири биринен өксүтпөй  камсыз кыла алган. 

Тарыхый кырдаал кыргыз бийлеринин башын кошуп, Алай-Анжияндын

“азуусун айга бүлөгөн” Алымбек даткасы Сары өзөн Чүйдү “суудай бурган” Арканын билермандарына жолугуп, Кокондон терс бурулуунун белгисин билдирип,Канат-шааны  “орустарга салып берип жатса”,  экинчи тараптан, кыргыздардын мындай баш кошуусу жөн эмес экендигин байкаган Дюгамель төрө Россия империясынын аскер министрине “кабарлоо” жазып жатты. Ушул эле мезгилде Кокондо Малаханды өз төшөгүндө думуктуруп өлтүрүштү.

Артынан көп узабай Алымбектин “башы кетти”. Хан тактысы жана таажысы үчүн болгон күрөш, кандуу кагылыштар, бийлик талашуу интригалары Кокон эле эмес, Анжиян, Ташкен, Бухара, Маргалан сыяктуу шаарлардагы бийлик өкүлдөрүнө таасирин тийгизип, ал күрөштөрдүн таасири улам сыртка сүрүлө масштабын кеңейтип олтуруп, “...тарыхтын өнүгүү энергиясынын улуу кубатынан” дүрмөт алган элдик каарман Исках-Болотхан “тарыхый крисизтин көз мелжиген бийиктигин” [20] көрсөтүп турат.  Бийликтегилер ит тартыш “ойноп жатканда” эл менен бийликти жараштырабыз деп ортого түшкөн Абил бий менен Абдырахмандын  “амал-акылы” менен кыргыздан 

“кылым азабын, дүйнө салмагын көтөрүп” 2 Ордого келген кырк элчинин башынын алынышы тарыхый кырдаалдын курчуп жеткен чеги болчу. Тарыхый фактынын тамырын кармай билген жазуучу кашкөй кырк эл кишисинин шейит өлүмү аркылуу окуяны көркөм-философиялык  жалпылоого жетишип, мазмун менен форманын биримдигин камсыз кыла алган. Элдик кыймыл “бал аарынын уюгундай дуулдап, дагы ураан кыйкырып, ат туягынан жер дүңгүрөп, мыкты куралданган үч миң ашуун эрегишчи Чаткалданкара селдей каптап түштү” [21].  Кыска убакытта көтөрүлүш Алабука, Актам, Көкжар, Нанай, Мамай,

Сефитбулан кыштактарындагы элди дүүлүктүрүп, кийинчерээк Көгарт, Өзгөн, Алай аймагына жайылып, көтөрүлүшкө бүтүндөй карапайым калктын уруусуна карабай биригиши, аларга Ордо аскерлери кошулуп 70 миңге жетиши романдык мазмундагы окуя. Акырында Кудаяр өзүн да, мамлекетин да“...улук даражалуу императордун колуна тапшырып”, Скобелевдин казак-орус отрядынын курчоосу астында Кокондон чыгып кетүүгө аргасыз болушу мененбүтпөгөн сюжет андан ары Искахтын “бүркүт планы” менен шаарды алып койгондон кийин да уланат. Жарым паша Фон Кауфман “Түркстандын Пугачы” менен сүйлөшпөй кырдаалды курчутуп,Самарканды алуу үчүн кыргын салып, атагы чыккан Скобелев Искахтын ишенген Балыкчыдагы колун талкалап, Анжиянды камоого алды. Көтөрүлүшчүлөр Ош тарапка, Каратегинге чегингенде, айыл кыштакты каратель каптап, мелмилдеген Фаргана кызыл өрткө айланды. Ошондо да, боштондук издеген эл өкүлү Абдылдабек жардам сурап Оуган жерине ооп кетти. Демек, “Сынган кылыч” романын эпопея атоого толук негиз бар.