кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романдагы каармандар

Дүйнөлүк адабияттын тарыхында абдан көп каармандар катышкан роман-эпопеялар учурайт, мисалы, Лев Толстойдун "Согуш жана тынчтык" романында 500дөй каарман кездешерин белгилеп жүрүшөт. Ошол каармандарды бири-бирине чаташтырып ийбей жазып чыгуунун өзү да гениалдуу таланттын гана колунан келет.

Кыргыз адабиятында мындай көп каармандуу чыгармалардын башында Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романы турат. "Сынган кылыч" – татаал, көп багыттуу, окуялары көп мезгилди камтыгын, көп пландуу роман. Адабият изилдөөчүлөр андагы каармандарды төмөнкүдөй типтештирип жүрөт: хандардын образы (Алим хан, Шерали хан, Худаяр хан, Мала хан, Султан Сейид хан, Насирдин хан, Исках (Болот) хан); бийлердин образы (Нарбото бий, Эсенбай бий, Карабек бий, Жангарач бий, Үмөтаалы бий, Осмон бий, Абил бий); бектердин образы (Абдылда бек, Насирдин бек, Султанмурат бек, Ибрагим бек); аталыктардын образы (Нүзүп, Мусулманкул, Алымкул); даткалардын образы (Ажыбай датка, Шер датка, Нармамбет датка, Алымбек датка, Курманжан датка); баатырлардын, балбандардын образы (Алмамбет, Таш-Палван, Бекназар, Ташкалле, Эшим); айымдардын образы (Жаркын айым, Каракаш айым, Кундуз айым); чыккынчылардын образы (Шады-ынак, Касым миңбашы, Нияз кушбеги, Абдырахман); мүнүшкөрдүн образы (Сарыбай); дыйкандын образы (Теңирберди); момундардын образы (Мадалы, Кулкиши).

Ошол эле кезде романдагы каармандарды турмушта жашап өткөн тарыхый инсандар (Шерали, Нүзүп, Мусулманкул, Кудаяр, Алымбек ж.б.), тарыхта ушул ат менен кездешпеген, ойдон чыгарылган образдар (Абил бий, Теңирберди, Сарыбай, Айзада, Кулкиши ж.б.) деп экиге бөлүп кароого болот.

Төмөндө биз романдагы кездешкен каармандарды санап, айрымдарына кыска мүнөздөмө берип чыктык.

Абдулализ Ясаул — Кокон хандыгындагы эң мыкты акыркы аскер башчыларынын бири, ясаулдар (жасоолдор) башчысы. Файзабаддагы беттеште Исхактын жигиттери анын башын алышат.

Абдулмомун Шайбани — хандын тукумунан. Бухара өкүмдары. Өзүбек ханды тынчытып, Фергананы өзүнө каратып кайтып бара жатканда кутумчулардын колунан көз жумат

Абдылдабек — Алымбек менен Курманжан датканын тун уулу, бек. Падышачылык Россиянын колониялык саясатына кескин каршы чыгып, орус бийлигине карата согушууга бел байлаган аракети оңунан чыкпай, чет жерге кетүүгө мажбур болгон; ошол жактан каза болгондо "жүрөгүмдү Ата Журтума алып кеткиле" деген керээзи эл ичинде легендага айланып, сакталып калган

Абдымомун бек — Ташкен беги. Асан Молдонун баласы Исхакты колунда алып жүрүп, ишенимдүү жигит кылган. Кутлук сейит Шер датка Алим хандын тукумунан мураскер издеп жүрүп, Ибрагим-Болотко жолугуп, аны көтөрүлүшкө башчы кылмакчы болгондо, майдаланып бараткан хан тукуму сунуштан жаа бою качат. Ал Ташкен бегинин короосунан Ибрагим Болотко куюп койгондой окшош жигитке – Исках Асан уулуна жолугат. Абдымомун бектин үйү тагдыр чечүүчү аянт болот.

Абдырахман абтабачы — Мусулманкул аталыктын уулу, абтабачы – бийлик ээсинин колуна суу куйган адам. Кудаярхандын бир тууган кайниси, абтабачы кызматында хандын жанында жүрүп, атасы Мусулманкул Кудаяр тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн өз көзү менен көрсө да, саясий иштен баш тарткан эмес. Айлакер саясатчы, кол башчы деңгээлине көтөрүлгөн, даражалуу кызмат ээси, кыргыз-кыпчак урууларынын төбөлү. Көтөрүлүш учурунда бир нече жолу позициясын өзгөртүп, элдик кыймылга тоскоолдук кылган адам.

Абил Караш уулу — саруу уруусунан, Аксыдагы атактуу Караш бийдин уулу, "кер мурут" жигит кезинен кыйын тарыхый кырдаалда саясатка аралашып, бийликтин азезилдей азгырма кумарына берилген бийлердин бири. Ошол эле учурда анын улуттук намысты бек кармаган чечкиндүүлүгү менен кыраакылыгы да, куулугу менен митайымдыгы да окурманды таң калтырган татаал мүнөз ээси. Абил бийдин образы Төлөгөн Касымбековдун образ түзүүдө кайталангыс чеберчилигин чагылдырган улуттук адабияттагы эң мыкты көркөм-эстетикалык табылгалардын бири.

Абусатар калпа — Амир Насурулланын элчиси. Насурулла Коконду басып алуу жортуулу ордунан чыкпай калганда, Шералиге амал менен элчи катары жиберип, Нүзүптөн кагуу жеген, Шералинин хан тактысына татыксыздыгын далилдеген эпизоддун негизги каарманы. Ушул эпизоддо Шадынын куйтулугу байкалат.

Ажыбай датка – Кокон хандыгына жашынан аралашкан, Таластагы эл башылардын бири, Шералинин атасы Алим хан тарабынан бийлик кызгануу себебинен өлтүрүлгөндө, карындашын балдары менен Ордодон алып чыгып кеткен. Шералины тарбиялап, өстүргөн бир тууган таякеси. Шералинин Алтынбешиктин урпагы экенин санжыра аркылуу далилдеген карыя-даанышман. Шералини хан шайлоо Ажыбай датканын өргөөсүндө чечилет.

Азирет Шайх-уль-Ислам Саги-заада — ордодо дин өкүлдөрүнүн бири жана ордонун ишенимдүү адамы. Алымбек датканын башын алуу окуясына катышат, бирок мындай окуянын болорун билбей келип аралашып калат.

Айзаада — Жамгырдын кызы, Темирдин келинчеги, дан багар Теңирбердинин келини. Темир ордодо окко учуп, жаш жесир калган. Кийин уруулаш кайниси Эшим менен айылынан качып чыгып, экөө баш кошуп, экинчи жолу кара кийип, экинчи жолу жесир болот.

Ак Эрке — казак кызы, Эр Эшимдин тутунган энеси, Айзада менен Эр Эшим качып баратып түнөгөн үйдүн зайыбы, экөөнүн баш кошуу никесине күбө болгон.

Акбото бий — Рахимбий уулу, саруу уруусунан. Кокон хандыгынын Кожент вилайетин бийлеген инсан.

Акбалбан — Абдылланын жан досу, аны менен дайыма бирге жүрүп, Ооганга чейин барып, досунун жүрөгүн Ата журтуна алып келип, арчанын түбүнө көмгөн.

Акимбай — Кашкардан тоо жамынып Курманжан даткадан жардам сурап келген Жакыпбекке кошун менен кошуп берген колбашчы. Ошондон кийин Жакыпбек алты шаарга башчы болуп, "Бадөөлөт" аталып кеткен

Акматкул — Көлдөйдүн кичүү уулу

Александр II — падышачылык Россиянын императору, "Экспедиянын" Түркстанды алуусун көзөмөлгө алып, орус саркерлерин сыйлап турган мамлекет башчы

Алике палван — балбан каарман, ордо адамы

Алим хан — Кокондун биринчи ханы. Нарбото бийдин баласы, 1801-жылы ак кийизге салынып хан көтөрүлгөн, Кокон ордосун саясий бийлик катары негиздеген адам. Алим хандын тушунда "Кокон жел тийген өрттөй күч алган"

Алмамбет — Мусулманкулдун эмчектеши, кара күчтүн ээси, ордонун балбаны – Ташкеллени колунан бир силкип, жер сүздүргөн баатыр. Саясаттан түшүнүгү жок энөө адам, улуттук мүнөздүн айрым боёкторун алып жүргөн мыкты каармандардын бири.

Алымбек датка — Асан бий уулу, хандын вазири, парваначы, кийин Анжиан-Оштун беги, датка, саясий жана коомдук ишмер. Курманжан датканын күйөөсү. Адигиненин баргы уругунан. Кокондо жана Анжиянда бийлик чөйрөсүнө таасирдүү чыгаан инсан. Кокондо уюшулган кутумдан улам, чыгармада Чотон тарабынан башы алынат. Ал эми анын өлүмү боюнча тарыхый булактарда эки түрдүү көз караш бар. Кантсе да Кокон хандыгында саясий курмандыкка кабылган.

Алымкул аталык — Молдо Алымкул. Кокон хандыгынын таланттуу аскер башчысы, орус аскерлери келе жатканда Ташкендин жанында алардын алдынан тосуп чыгып каршылык көрсөтөт. Согушта өзүнүн колунун арасындагы чыккынчылар (удайчысы) тарабынан өлтүрүлөт. Ордодо "аталык" бийлигине умтулгандардын, тымызын так талашкандардын бири.

Амир Темир Көрөгөн — мамлекет негиздеген, Темирлан атка конгон, ири империя түзгөн аскер башчы, Алтынбешиктердин (Шералинин) түпкү теги

Аркар кожо — Шаа айымдын күйөөсү, Ибрагим бектин күйөө баласы, Болот бектин жездеси

Атакул баатыр — Исхактын жанында жүргөн жигиттеринин бири, баатыр башы. Исхакка чыккынчылык кылат. Бирок, аны кечирип, орустар менен ымалага келүүгө жиберет. Атакул алардан кайтып келе жатканда өзүн-өзү атып өлөт.

Ашыр — Шерали хан көтөрүлгөндө курмандыкка чалынган Абил бийдин жигити, сурап алары жок башка жактан ооп келген жаш жигит

Бабыр — Өмөр шахтын уулу, Бабур Захиреддин Мухаммад, Улуу могол империясын негиздеген аскер башы, акын жана бийлик ээси, атактуу "Бабыр-наама" китебинин автору. Романда "Алтын-Бешик" баянында сүрөттөлөт.

Байтик баатыр — Канай уулу, атасы улуу аялы менен кошо таштанды бала сыяктуу мамиле жасаганына карабай, дээринде бар уул жаш кезинен торпокко минип, “Канайлап” ураан чакырып, намысын курчутуп өзүн-өзү жетилдирген. Солто уруусунун ири манабы, Жангарачтын тууганы. Жангарачтан кийин бийлик чылбырын өзү берип, Байтик Чүйдү бийлеген белгилүү манап деңгээлине көтөрүлгөн. Кокон хандыгынын зомбулугуна каршы туруп, эл кызыкчылыгы үчүн күрөшкөндүгүнөн баатыр аталган. Кокон хандыгынын ыплас иштерине келишкис мамиледе болгон. Кыргыз кыздарынын абийирине кол салган Рахматулланын бузуку иштерин байкаган соң, аны өлтүрүү ишин уюштурган. Көкүм баатыр менен дос болгон.

Бакбүбү — Исках календер менен жол жүрүп баратып токтогон үйдө жаңы төрөлгөн наристеге "Адаш" деген ысым бермекчи болгондо, бактылуу кыз болсун деген тилек менен календер койгон ат.

Бала — Эр Эшимден калган жалгыз туяк, Султанмаамыттын беш жашар небереси, Айзааданын уулу

Бекназар — саруу уруусунан, ата-теги Көлдөй тарханга таандык. Аксыдан чыккан баатыр, Кокон хандыгына каршы чыккан жүрүштөрдө кол баштаган жоокер башы, хандан, бектен кайра тартпаган түздүгү, тайманбастыгы менен Абилди "чочуткан" эр мүнөз, кашкөй адам. Ага ичи тарыган Абил бийдин өзүнүн бийлигин тарттырып ийүүдөн коркуп, алдап конокко чакырып, кымызга кошуп уу берип өлтүрөт. Ушундай адам чыдагыс жамандык жасаган кылмышты да айкөлдүк менен кечирип, жанындагы Кулакеге өлүмү турасында эч кимге ооз ачпоону суранат. Анткени туугандар ортосундагы кыргындын болуусун каалабагандыктан өлүмдү да баатырларча кабыл алган.

Болот — Ибрагим бектин баласы, хан тукуму. Каратегинде тайларында жүрүп чоңойгон, өзүнүн хан тукумун унуткан; зикир чалып, думана болуп кеткен

Болот — Теңирбердинин кенже уулу, Темирдин иниси; Темир шейит кеткенде тогуз жашта эле; Айзаданын кайниси; Темир окко учкандан кийин Айзадага нике кыймак болгондо, жаш жесир: "Темирдин бир тууганы – менин да бир тууганым" деп баш тартат

Вейнберг — орус генералы, көтөрүлүш каптап келгенде Кудаяр ханга келип, фон Кауфмандан жардам суратып, кат жаздырган жана Кудаярдын ордодон качып чыгышына жардам берген

Васильев — ориенталист – гуманист, Скобелевдин мыкаачылыгын эсине салып, күнөөсүз элди кыруу европалык цивилизацияга жат экенин эскерткени менен окурмандын эсинде калат

Верещагин — Скобелевди ээрчип жүргөн сүрөтчү, Курманжан датканын асем буюмдарына , кийимине суктанып, анын сүрөтүн тарткан.

Ветгенштейн — барон, "Экспедициянын" мүчөсү; "Алай жүрүшүнө" активдүү катышкан орус аскер башчыларынын бири

Головачев — генерал

Гасфорд — Сибирь аскер губернатору, кыргыз манаптарын колго алуу зарылдыгы жөнүндө Калпаковскийге көрсөтмө берип турган

Данил — Исхактын колуна түшүп, мусулман динин кабыл албаганы үчүн өлтүрүлгөн орус аскери

Домбу — хан тукумуна тага аталып, Аксыда жүргөн. Кол алдында дайыма ууру кармаган. Ал Сарыбай Жаманкулдун ашына таптаган тору кашка күлүктү уурдатып, кайнак аркан ороп чаар ат кылган. Кийин адам тагдырларын талкалаган окуяларды жараткан, романдын сюжетинде окуянын чиеленишин пайда кылган каарман, Абил бийдин жашырын тукуруусу менен мүнүшкөрдүн иниси Мадылдын колунан окко учат

Дюмагель — Күн Батыш Сибирь губернатору

Жакыпбек — Курманжандан убагында колдоо таап, иши оңолуп, даңкы чыккан, Кашкар тарапка кадыры көтөрүлгөн. Скобелев элди айыпсыз кыргызга учуратып жаткан учурда, Курманжан Жакыпбекти эсине түшүрүп, аны менен байланышка чыгып, Кытай тараптан колдоо алууну ойлойт, бирок ал ой ишке ашпайт

Жалгыз көздүү удайчы — Алымкул аталыкка чыккынчылык кылып, артынан кол салып, тындым кылган

Жаманкул — Абил бийдин эки ата өткөн тууганы, момун киши. Абил бий саясий максатта анын ашын берип, өзүнүн байланыш-катышын бекемдөө максатын койгон; аш көп чырдын башы болуп, чыгарманын окуясындагы чиеленүүнү жаратат

Жамгыр — Айзаданын атасы, Теңирбердинин кудасы.

Жангарач — Эшкожо уулу, солтодон чыккан манап. Алымбек датканы ак өргөөсүндө тосуп, эл жакшылары менен Кокон хандыгына каршы чыгып, улуттук биримдикти түзүүгө активдүү роль ойногондордун бири

Жанжигит — Исхактын жигити

Жантай хан — Кеминдин ханы. Карабек уулу, сарыбагыш уруусунан чыккан манаптардын бири, Шабдандын атасы

Жаркымбай — Курманжан датканын өгөй уулу, Ош беги наамынын ээси

Жаркынайым ("Хаким айым") — Шералинин аялы, Таластагы эл жакшыларынын бири Токтоназардын кызы, Кудаярхандын энеси, коомдук ишмер

Жибек Үмөт кызы — Жангарачтын зайыбы

Зулпукор — генерал баштаган алты миң кол менен беттешкен киши

Ибрагим бек — Алим хандын Самаркандда жан сактап жүргөн уулу, так талашып Коконго келгенде, Нүзүп ага каршы Сыйдалы бекти колу менен жиберет. Колу талкаланып, өзү колго түшөт, Шералинин бийлиги учурунда Япан деген кыштакта башы кеткен

Ибрагим Хайал — Насурулланын Коконго коюп кеткен беги, Нүзүп Коконду камаганда шаарды таштап, качып кетүүгө аргасыз болгон

Ионов — Курманжан датка менен сүйлөшүүгө Шабдан баатыр менен барган. Бирок өз баасын билген Курманжан жандарал (генерал) менен сүйлөшөт деп, аны менен сүйлөшүүдөн баш тартып, Скобелевдин өзү менен жолугууну сунуш кылган. Анткени Курманжанга берилген чин майордон жогору болчу.

Иса олуя — ордодогу эң таасирдүү дин өкүлдөрүнүн бири, олуя эсептелген, ордонун идеологу. Элди "газаватка" үндөгөндөрдүн бири

Исаев — көпөс

Искөбүл пашаа — Орус аскер жана администрация башчысы Скобелевди жергиликтүү эл ушинтип атаган

Исхак хан (Болот хан Асан уулу) – Кокон хандыгына каршы чыккан элдик көтөрүлүштүн жетекчиси, Кокондун төңкөрүш менен бийликке келген соңку ханы. Кокон хандыгына каршы чыккан элдик көтөрүлүштүн жетекчиси, Кокондун төңкөрүш менен бийликке келген соңку ханы, тарых курмандыгы. Исхак кийин Маргаланда фон Кауфмандын катышуусунда дарга асылат

Кадыр — Алымбек менен Курманжандын небереси, Камчыбектин уулу

Казый — Нүзүпкө шарияттын жолун айтып, Кокон хандыгында "аталык" мансабын негиздеген адам. Ушул мансапка ээ болгондон кийин Нүзүп диванханага шамшар бычак менен Шералинин чокоюн илдирген

Калназар — парваначы, увазир. Кудаяр хан кыргыздардын кырк уруусунан барган элчилердин башын алдыруу тапшырмасын Калназарга тапшырган. Адегенде каршы болуп, бирок хан буйругуна каршы турууга эрки жетпей, макул болгон

Калыгул олуя — Бай уулу, сарыбагыш уруусунан чыккан казалчы, ойчул, Шабданга назары түшкөнү аркылуу эскерилет

Калыйма — Мадылдын аялы

Камбар саркер — катай уругунан, Исхак менен согушта бирге жүргөн аскер башчылардын бири болумуш болуп, Эр Эшимди Науман паңсатка байлап берген. Биринчи көтөрүлүш чегингенде "камчысын сүйрөп" колду таштап чыгып кеткен чыккынчы

Канат шаа — Кудаяр хандын аскер башчысы, Ташкен беги, орус аскерлери менен Узун Агачта беттешкен. Алымбек датканы Мала ханга жамандап барган

Каныш — Бекназар баатырдын жубайы

Кара бай (аке) — миң жылкылуу бай. Сарыбай мүнүшкөр илбирстин терисин тартуу кылып, бүркүтүнө эт сурап келгенде оозун куу чөп аарчыганы менен окурмандын эсинде калган, зыкым бай

Кара сакал — Алымбек датканын айылдашы. Курманжан даткага көрө албастык кылып, андан тизгин талашканга аракеттенген, Ионовдор сүйлөшүүгө барганда "койнундагы котур ташын" чыгарган киши

Карабек мырза — Таластагы ат чабышта Нүзүптүн атын башка чаптырып, өз атын чыгарам деп Нүзүптөн таяк жеген, аягында колго түшүп уят болгон, калп даңктын ээси

Каракаш айым — Абил бийдин жубайы, уз-чебер, сарамжалдуу аялзатынын мыкты үлгүсү романдагы ийгиликтүү чыккан образдардын бири

Карачал — Аксынын бийи, Абилдин жанында жүргөн баатыр

Караш бий — Абил бийдин атасы

Касым — миңбашы, кыпчактарга кыргын уюштурган ордонун паңсаты. "Буудай" деп аталган, кыпчактарды өлтүрүү окуясында мыкаачылыгы, кекчилдиги ачыкка чыгат. Мууздалган кыпчактардын канын Мусулманкулдун бутуна чачыратып көрөт

Кедейбай датка — Нүзүптүн тууганы, Шералинин кайын агасы, Наманганга бек болгон. Шералини хан шайлоо окуясына активдүү катышат

Керимкул — кыргыз кыпчактын сол канатына кирген курама уругунун кол башчыларынын бири

Кожомурат — Нүзүп бийдин башка энеден туулган иниси

Койчу датка — Шаархан беги, адегенде Алымкулдун жанында жүргөн, кийин Алымбек датканын таасирине өткөн

Колпаковский — полковник, поручик, аскер башчы

Кудайберди — Эшимдин атасы

Кудайназар түрк — Мала ханды тумчуктуруп өлтүргөндөрүн бири, ордодо көп кызмат кылган, саясий татаал кырдаалда Алымкул жаатына ыктаган

Кудаяр хан — Кокондун хандыгында үч жолу такка олтурган. Атасы – Шерали, апасы – Жаркынайым. Мусулманкулдун кызын аялдыкка алып, анын кайната экенине карабай кыпчактар кыргынын уюштурган. Кыргыздардан барган кырк элчинин наркты бузуп, башын алдырган. Тарыхта эң адилетсиз, мыкаачы, каардуу хан катары ысмы калган. Саясий күрөштө бир нече жолу тактан түшүп, элдин шылдыңына кабылганына карабай, кыйын кырдаалда эл кызыкчылыгын аттап, падышачылык Россиянын колониялык саясаты менен келишип кеткен, туруксуз адам

Кулан — Сарыбайдын агасы, Мадылдын атасы, жыгаччылык өнөрдүн ээси

Кулбатыр — баатыр, Жамгырдын аталаш тууганы

Кулкиши — Теңирбердинин, Бекназардын тууганы. Момун адам, тайын оттотуп ээн талаада жүргөн жеринен Домбу атылган күнү ак жеринен шектелип, жалаага калган. Домбунун жигиттери сабап ак шишик кылып, Абил бийдин эшигине "күнөөкөр" катары алып келишкен

Кундуз — Сарыбайдын он беш жаштагы кызы, кийин канзаадалар Домбунун кунун кууп келгенде нойгут уруусу айыпка жыгылып, ордого тартууга кеткен, Насирдин хандын 4-аялы болот. Акыл-эси менен ордодо урмат-сыйга татып, "кыргыз айым" аталган.

Курманжан датка — Алымбек датканыны жубайы, чыгыш аялдарынан чыккан кыраакы саясатчы. "Датка" наамын алган, падышачылык Россиянын колониялык саясатына каяша айтып, алардын каарду генералдарын эл менен эсептешүүгө мажбурлаган. "Алай ханышасы" аталган

Куропаткин — генерал, Россиянын согуш министри

Кутлукан — миң уругунун кызы, Алтынбешиктен Теңиряр аттуу уул төрөгөн анын аялы

Кыдырбек датка — Мала хандын жанында жүрүп, аны тумчуктуруп өлтүргөндөрдүн бири, кийин Алымбек датканын таасирине өткөн ордо адамы

Мадали хан — Өмөрхандын уулу. Атадан калган бийликти кармай албаган акылсыз уул. Атасынын көзү өткөндөн соң анын кийинки жаш аялы менен көңүлдөш болгон деп айыптап, Насурулла Мадали энесин (өгөй энеси) алды, шарияттан чыккан мындай адам мусулман тагында олтура албайт деп, ордонун босогосуна мууздатып, анын ордун алган

Мадамин ынак — Исках менен бирге жүргөндөрдүн бири. Скобелев Коконду каптаганда көтөрүлүшчүлөр Каратегинге чегинмек болот. Мадамин ынак эл башсыз калабы деген ой менен Кокондон кетпөөгө колду чакырганда, Исках аны чыккынчы эсептеп, мууздатат. Бекназар Искахты ашыкча шектенгени үчүн уяткарат

Мадыл — Сарыбай мүнүшкөрдүн иниси, Абил бийдин тымызын саясий кутумунун курмандыгы болгон момун адам. Тору кашканы тааныганы үчүн актыгын далилдей албай Домбудан кордук көргөн. Домбуну Абил бийдин тукуруусу менен атып салган. Мадылды Абил астына ат мингизимиш болуп тындым кылат да куулугунан аны жерге берерде айыпсыздыгын элге угуза Тултемирди чындыкты айтууга мажбурлайт

Майып бала — Шералини хан көтөргөндө курмандыкка даярдалган бала. Мууздаларда чоң энеси ыйлап келип, элге жалынып, Нүзүптүн буйругу менен аман алып калган

Мала хан — Малабек Шераалы уулу, Кокондун өкүмдарынын бири, апасы кыргыздын багыш уруусунун кызы Сонайым болгон. Алымбек датка менен Алымкул молдо аны хан көтөрүшкөн. Кийин Алымбек датканын түндүккө келгенин жактырбай, хандыкты кызганып, жыйын чакырган. Көп узабай ордонун кутумчулары Малаханды төшөгүндө муунтуп өлтүргөн.

Маматхан — жигит башы

Маргалан беги — Нүзүптүн башын алуу жарлыгы менен жанына миршаб (полицейский) алып келип, Нүзүптү табалаган адам.

Марвинг — "Санк-Петербургские ведомости" гезитинин редактору, "Экспедициянын" жүрүшү боюнча маалымат ушул басылмага жарыяланып турган

Машин — полковник. Абил бий Бекназарга уу берип өлтүрүп, өзү ошол аймактын башчысы деген статусту алуу үчүн Машиндин алдынан тосуп чыгып, алтын теңгелерди толтуруп, бышырылган каз тартуулайт. Анын аркасынан өзүнө кагаз жаздырып алат

Миран-Шах — Амир Темир Көрөгөндөн улуу баласы, Өмөр-Шайхтын чоң атасы

Миллер-Закомельский — барон, орус полковниги, Искахтын колун курчоого алууга жетекчилик кылган. Искахты дарга асуу тапшырмасын алган

Молдо Асан — Исхактын атасы, Маргалан медресесинин мудариси

Молдо Муса — Исхактын (Болот хан) кеңешчиси

Молла Зия — ордо билермандарынын бири, Алымбектин өлүмүн уюштургандардан

Момун — Искахтын жигиттеринин бири, ишенимдүү адамы. Акыркы мүнөттөрдө Искахтан уруксат сурап ажырашат да, ордого тебеленбейм деп, дубана кейпин кийип, жол жүрүп кетет. Кийин Исхак дарга асылганда кайгысын жашыра албай, өксүп ыйлагандыгы китепте таасирдүү сүрөттөлгөн

Музафар шаа — Амир Насрулланын баласы, Бухара амири. Курманжанга Чотондун кесилген башын алып келип, көңүлүн алган, Курманжанга "датка" наамын ыйгарган

Мурад бек — Алим хандын экинчи уулу, Ибрагим бек тындым болгондон кийин Насрулла дал ушул Мурад бекти тукурган. Кокондо так талашкандардын бири, хан катары он бир күн бийликте отурган

Мусулманкул — анжиандык кыпчак уруусунан, миңбашы. Нүзүптүн ордодогу кадыр-баркынын өсүп баратканынан чочулап, анын аталыгына биринчи моюн толгогон. Нүзүптөн кийин хандыкта аталык мансабын ээлеген, ордодон кийин Шаарихан вилаятынын беги, Кудаярды хандык тактыга отургузган, кызын берген. Кийин ал Кудаярдын буйругу менен эл алдында кыйнап өлтүрүлгөн.

Мухаммед — Кудаяр хандын экинчи уулу

Мырзакул — жүз башы, Искахка чыккынчылык кылып, кокондуктарга кошулат, уругу дөөлөс. Китепте ага "жолбун иттей" деген мүнөздөмө берилет

Мырзапаяс — Алымбек датканын небереси

Мырзат бек — Мусулманкул Наманганга бек кылган адам

Нарбото бий — Кокон ордосун негиздеген бийлик ээси. Эрдене бийден кийин өмүрүнүн аягына чейин Коконду бийлеп турган, баласы Алимханды ак кийизге салып хан көтөргөн, хандык бийликти да негиздеген саясий улуу ишмер

Нармамбет датка — кыпчак уруусунун башчыларынын бири. Кыпчактарды кыруу окуясында Кудаярдан курун мойнуна салып, кыргынды токтотуу өтүнүчү менен кайрылган өз уруусунун мыкты адамы, эли кырылганына чыдабай башын кылычка тоскон адам; Ташкен беги

Насирдин бек — Кудаярдын тун баласы, бекзаада аталып, ата доорунда абройго ээ болгон. Жаманкулдун ашында ордодон сыйлуу конок катары кыргыздарга хан тукумунан кырк жигити менен келип, кыргыздар анын урматына алдынан көкбөрү алып чыгып тосушкан. Домбу атылганда, анын кунун кууп келип, кыргыздарга кордук көрсөткөн, Сарыбайдын кызы Кундузду сыздатып туруп, тартууга алып кеткен

Насрулла — Бухаранын амири, баатыр хан. Коконду алуу үчүн согуш баштаганда, кыргыздар ага каршы Шералини хан көтөрүп жолун тосуп, Коконду ээлешкен

Науман паңсат — Кудаярдын паңсаты, желдет. Хандын каарын көрсөтөм деп, кош бойлуу келиндердин ичин жарып, жигиттерди казыкка отургузган. Эр Эшимди жашыруун чыккынчы аркылуу байлатып келип, казыкка олтургузуп өлтүргөн деген эл ичинде сөз калган. Абдырахман абтабачы көтөрүлүштү басууга элчи болуп келгенде кыргыз бийлеринин Науманга болгон арызын угуп, анын башын алдырып, айылдын момун элинин көңүлүн алып, максатына жеткен.

Нияз кушбеги — ордонун таасирдүү жана кутумчул адамдарынын бири. Кудаяр хандын жасакерлери. Буудайдын башы менен кыпчактарды кырдыруу ыкмасын тапкан киши

Нүзүп бий — Кокон ордосуна таасирлүү Эсенбай бийдин салынды аялына кошуп таштаган улуу баласы, Аксыдан чыккан аскер башчы. Намыскөй, акылдуу, каардуу, нарктуу эр адам. Кыргыз көтөрүлүшүнө жетекчилик кылган кол башчы жана жол башчы. Ордодо "аталык" мансабын негиздеген. Мала ханды өкүмдарлык тактыга даярдаган. Мусулманкул экөөнүн ортосунда так талашуу саясий күрөшү романдын окуясын өнүктүргөн сюжеттик линиянын бири. Кокондо миң башы даражасын алган. Ордодогу кутумчулардын (Шады ынак башында турган) көрө албастыгынан Шералинин жарлыгы менен башы алынган.

Ныяскул — кыргыз кыпчактын сол канатына кирген курама уругунун кол башчыларынын бири

Оморбек — датка

Ормон бек — Кудаяр хандын мураскор кичүү уулу

Осмон — бий

Өзүбек хан — Фергана ханы. Абдулмомундун бир ата өтүшкөн тууганы

Өмөр бек — айыл башчыларынын бири

Өмөр бек — датка нерваны, Исхактын парваначысы

Өмөр хан — Алим хандын бир тууган иниси, такка олтуруп, таажы кийип, арыз угуу биринчи ушул хандан башталат. Мадали хандын атасы

Өмөр Шайхан — Мухаммед Султан Бабырдын бир аты

Өтөмбай — кыпчак, Маргалан куш беги, Мусулманкулга каршы чыккандардын башында турган киши

Раим шаа — Музафар шаанын бир тууганы, Каратегиндин эмири. Исхактар чегингенде тандалма миң кол менен алдынан тосуп чыккан

Расфорд — Күн Батыш Сибирь аскер губернатору

Рахматулла — Бадахшан калчасы, Бишкек чебине бек катары ордодон жиберилген

Санем — Теңирбердинин кемпири, Темирдин энеси, Айзаданын кайненеси

Саранчы — сол канаттын саркери

Сару - бектин тың небереси (Кышкысын Сары–Арканы, жайкысын – Суусамырды жайлаган), Бекназардын түпкү аталарынын бири

Сару бек — Эдил боюндагы Сарай-Беркенин бийи

Сарыбай — мүнүшкөр, саяпкер. Беш үйлүү нойгуттун аксакалы, доор трагедиясын көтөргөн элдик каарман, ханга тартууга кеткен Кундуздун атасы, Кудаяр хандын кудасы

Сатыбалды — Исфара вилаетинин беги. Мусулманкул ордодо жок кезинде капыстан басып кирип, Шералини өлтүртүп, Алимхандын экинчи уулу Мурад бек хан деп жарыялаган.

Сейде Бак — Султан Бабыр элинен качып баратканда, жолдо кылыч таянып олтуруп, Алтынбешикти төрөгөн султандын аялы. Шералинин түпкү энеси.

Сейит Маулан — бек

Скобелев — полковник. М.Скобелев орустун аскер башчысы, кийин генералы. Фергана облусунун аскер губернатору. Каратель менен бүтүндөй кыштактарды мыкаачылык менен өрттөгөн, ырайымсыздык менен элдин жүрөгүнүн үшүн алган, элди кыргандыгын өзүнүн Россияга кылган ак кызматы эсептеген

Солойко (Карача таркандын кызы) — Толу бийке ордодон алып келген кыз. Кийин байбиче аны Көлдөйгө нике кыйган, андан туулган баланын атын Көчүмкул коюшат, андан Бекназар баатыр туулган

Сопу — Шерали менен Жаркынайымдын уулу

Сулайман удайчы — убагында казына кармаган, ордонун желдеттеринин бири. Көтөрүлүш кулаганда Абдылла менен айтышып, орус пистолети менен атмакчы болгондо Акбалбан колун кагып жиберет. Жигиттери удайчыны байламак болгондо, Абдылла уруксат бербейт

Султанмаамыт — Эр Эшимди бала кылып асырап алган адам, жашында казак кызы 15 жаштагы Ак Эркеге ашык болуп, ала качкан. Элден безип, сыртта жашаган. Балага зар болуп, Эр Эшим менен Айзаданы бала тутунган, аларга тагдыры окшош үй-бүлө ээси.

Султан Сейид — Мала хандын баласы, 12 жашта такка олтурган

Султанмурат — Кудаяр хандын бир тууганы, бек. Көтөрүлүш учурунда Насирдин бектин Абдырахманга 4 миң колу менен кошулуп кеткенин кабарлайт

Сүйүмкан — Сарыбайдын кемпири. Жалгыз кызы Кундуз Коконго тартууга кеткенде, кайгыны көтөрө албай элирип, акылынан адашып кеткен

Сыйдалы бек — Таластан Ажы бий Нүзүпкө кошуп берген бектердин бири. Насурулланын тукуруусу менен Коконду алууга аракет кылган Ибрагим бекке каршы чыгып, анын колун талкалап, өзүн колго түшүргөн

Таш палван — Мусулманкул аталык кезинде ордодо багылган кара күчтүн ээси. Күрөш эрежесин билбегендиктен Алмамбеттин сынына кабылат

Ташкалле — ордонун, Кудаяр хандын балбаны, эр сайышта Бекназардын колунан мертинет

Ташмат — Шералинин евнух кулу

Темир — Теңирбердинин баласы

Теңирберди — Бекназар баатырдын уруулаш тууганы

Теңияр — Алтынбешиктин баласы. Теңиряр эр жеткенде туугандары бий көтөрүп, Бухарадан бөлүнгөн Ферганага бий болгон.

Токтоназар — тубай уругунун бийи, Шералинин кайын атасы, Жаркынайымдын атасы

Толу бике — Көлдөйдүн байбичеси (чалы карып калганда бир ирет Көк-Ордонун өкүмдары Тобокелге тартуу менен ордого барган)

Троцкий — генерал

Тултемир — Домбунун бир тууганы. Ал атылганда айыпсыз Кулкишиден шекшип, башына коргошун уютулган камчы менен Кулкишини сабаган. Бекназар алдынан чыкканда баатырдын каарынан кача кутулган коркок, жалган баатыр

Туткуч — Кулкишинин баласы. Мадылды жерге берерде, көр үстүндө Домбунун уурулугу далилденип, чындык ачыкка чыкканда Тултемирди камчы менен башка чаап, атасы менен Мадылдын өчүн алып, ийилип сынбаган актыкты жарыялаган бала

Уали — Исхактын аскер башчысы, "Бүркүт пландын" оң канаты берилген кол башчы

Үмөтаалы бий — сарбагыштан чыккан Ормон хандын тун уулу

Үрүстөм бек — кыргыз кыпчактын сол канатына кирген курама уругунун кол башчыларынин бири

Фон Кауфман — жарым пааша аталган, Түркстан генерал-губернатору

Хажи бий — Шералинин атасы, Нарбото менен атасы бир, энеси башка бир тууган

Черняев — орус аскерлеринин башчысы, "экспедиция" аталган жортуулдун активдүү кол башчыларынын бири. Генерал-лейтенант, Түркстан облусунун аскер генерал-губернатору, кийин жалпы Түркстан генерал-губернатору

Чоң эне — курмандыкка даярдалган майып баланын чоң энеси. Бир гана эпизоддо энелик мээриминин күчү жана нарктуу сөзү менен Нүзүптүн бутуна жыгылып, бийлерди ийге келүүгө мажбурлап, баласын сактап калган таасирдүү каарман

Чотон — Алымбек датканын башын кыя чапкан желдет. Кийин амир Музафар башын кестирип, Курманжанга тартуу кылып алып келет

Шаа айым — Ибрагим бектин кызы, Болот бектин эжеси, самаркандык Ахрар кожонун аялы

Шамырза — Исхак тарапка өткөн, кайра чыккынчылыгы үчүн өлтүрүлгөн датка

Шабдан баатыр — Жантайдын уулу. Сарыбагыш уруусунун манабы, саясий, коомдук ишмер. Алай кыргыздарынын Орусияга кошулуусуна көмөктөшкөн. Ионов менен Курманжан даткага сүйлөшүүгө барган

Шады ынак — Кудаярдын учурунда ордо ишине активдүү аралашкан киши, ордодо кутумчулукту калыптандырган сыйкы адам. Нүзүптүн саясатына каршы чыккан жана Шералини Нүзүптүн башын алуу Жарлыгына кол койдурган. Нүзүптөн кийин Мусулманкулдун башын алдырууга жасаган аракети ордунан чыкпайт. Ордонун аскерлери менен Мусулманкулга каршы жортуул жасаганда, Чуст менен Төрө-Коргон ортосундагы беттешүүдө Мусулманкул жеңишке ээ болуп, Шады ынактын башын алдырып, Шералинин алдына алып келип таштайт

Шайбан — Саид хандын иниси

Шайбани шах — түпкү аталардын аты ("шайбанилер"- Батый хан тукуму), Самаркандды басып кирип, Бабыр менен так талашкан анын душманы. Душманга каршы тура албаган туугандарынын ыркы жогунан, Бабыр өз өлкөсүнөн сүрүлгөн

Шатман кожо — Түркстан беги, Ташкен беги Мала ханды тумчуктуруп өлтүргөндөрдүн бири, теги арабдардан

Шахрук бек — Алим хандын тун уулу. Так талашат деген ой менен аны Алимхандан кийин таажы кийген Өмөр хан тындым кылган

Шер датка — Багыш уруусунун кутлук сейит уругунан. Ал Абдымомун бек менен бирге Ташкенде Асан Молдонун баласы Исхакты Полот хан деп атап, ордого каршы чыгууга макул кылдырат. Түз сөздүү, калыс, намыскөй, "кылым түйшүгүн башына көтөргөн" кашкөй эл адамы. Шер датка баштаган кырк увакил (өкүл, элчи) Коконго барганда, салты бузуп Кудаяр хан баарын кырдырып салат

Шерали — адегенде жылкычы, кийин Кокон ханы. Анын тагдырынан "Шералинин чокою" деген ылакап калат. Кийин Исфара вилаетинин беги Сатыбалды капыстан ордону басып кирип, Шералини өлтүртүп салат

Шийхуль ислам Сагизаада — ордо кишилеринин бири

Ыбрайым — Бекназардын бир тууганы

Ыдын — Сарыбайдын жакын кошунасы

Ыманкул — саткын

Ырайымкул — Көлдөйдүн Турпанга кетип калган улуу баласы

Эсенбай бий — Аксынын бийлеринин бири, Нүзүптүн атасы, Кокон ордосу менен тыгыз байланышта болгон. Туйгун куш алып, ордого келип турган. Нүзүптү башы таз деп тоготпой, аны энеси менен салынды таштаган текебер төбөл

Эшим Кудайберди уулу — кийин Исхактын учурундагы жүз башы (Бекназардын тууганы, жигити). Науман паңсат чыккынчынын колу менен байлатып келип, казыкка олтургузуп өлтүргөн

Эшмат — Анжиандан Исхакка кошулган жигит

Ярмат — датка. Исхактын колу менен бирге жүрүп, кийин чыккынчылык кылат да Искахтын жарлыгы менен өлтүрүлөт.