кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Жетинчи бөлүм

III

Исхак даргага асылган соң Кудаяр менен Насирдин ар бири «Эми мени отургузат ордого...» дешип, ар кимиси өз алдынча камылга көрүп,

«Менден мурун сүйлөшүп кетпесин...» деп, биринен бири кызганып, эски адат боюнча «хан көтөрүлө турган» ак кийиздерин төөгө артына келишип, Маргалан бегинин идарасына токтогон жарымпашанын эшигин сагалашкан болучу. А жарымпаша аларды кабыл алып сүйлөшмөк түгүл тигил экөвү жарыша таазим кылганда атайылап, көрмөксөн болуп, эч көңүл бурбай койгон.

Мына ошол учурда «Орустар Түркстан элин ырайымсыз түрдө кырып жоюп жатышат» деген жүрөк түшүргөн кабарлар Европа өлкөлөрүнүн басма сөздөрүндө пайда болуп, окумал чөйрөлөрүндө кеңири кепке айланып, кырылган элге боору ачуу, андан өтүп кыжырлануу күндөн күнгө көбөйө баштаган болучу. Бу кабарларга Гөк-Тепедеги түркмөн тайпаларын кыруу, Самаркан, Анжиян шаарларын кыйратуу, Найман, Масы кыштактарын тыптыйпыл өрттөө негиз болгон. Маселе Дүйнө Лигасында каралууга өткөн.

Бирок, ким эмне дебесин, тыякта Бухара, Хийва Россиянын алдына вассалдык абалга мажбурланып, быякта эски ордо да, көтөрүлүш да канавайран болунуп, негизинен ойлонулган оторчулук «экспедиция» деп аталган чоң компания жүзөгө ашырылып калган эле.

Эми кадыры аны сайын өйдөлөгөн жарымпаша өзү: «тарыхый» деп эсептеген бул ийгиликти биротоло бекемдешке, кантсе да, туземчилердин көзүнө да, тышкы чуу көтөргөндөрдүн кулагына да биртке ишенерлик, биртке көңүл алаксытарлык, шылтоо болорлук кылып, «мыйзамдаштырып» бүтмөк аракетине киришти. А кокон ордосу ээсиз турат, демек «келиштик» дегидей бир кагаз жаза коё албайсың, а жөн эле «басып алдык – болду» десең сөз ырбай берет. Ушунча күч жумшалган соң бул өлкө Россиянын кол алдына каратылып алынышы керек, капитуляцияга кимдир бирөө кол коюшу зарыл.

Керек учурларында бирине «Высочество», бирине «Дворянин» наамдары берилген Кудаяр, Насирдин кол коюшка укугу барбы? Жок, себеби алар өкүмдарлыгынан ажырап калышкан кишилер. А «полковник» Абдырахманчы? Ал жарымпашага ыңгайлуу болгону менен өз элинин оозунда «саткын» аталып калган, анын кол койгон кагазы «шылтоого» жарабайт, ич ара тынчыбайт.

Жарымпаша Кауфман I көп ой толгоолордон соң өлкө ичинде ошол күндө кимден да болсо кадыр-сыйы өйдө, өз чөйрөсүндө «канике» аталып калган?

Курманжан даткага киши салып көрүүгө көңүл токтотту.

Будан өтүмдүү, укуктуу инсан калган жок, өзү көтөрүлүштүн өтө ишкер уюштуруучуларынын бири, уулу Абдылла бек Исхактын эң жакын адамы болуп, аскер ишинде да, ордо ишинде да чоң мансап ээлеген. Бул аял кол койгон ар кандай кагаз, мейли башсыз калган ордонун наамынан делинсин, мейли жеңилген көтөрүлүштүн наамынан делинсин, бу жергилик туземчилдердин ичинде да, тышта да, алда канча көтөрүңкү таасири, баасы болбой койбосун болжоду кыраакы жарымпаша.

Тез эле «атын укса ыйлаган бала эси чыгып сооронот» делген каардуу генерал Скобелевге Курманжан датка айым менен кантип да болсо байланыш жасап, багынуу жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүүгө катуу тапшырма берилди. Көмөкчү, орточу болсун үчүн войсковая старшина Шабдан Жантаев кошулду. «Кантип да болсо, сый кеп мененби, кыйноо мененби, иши кылып, бу азиялык амазонканын баш бармагын «багындык» деген бир барак кагазга бастырып келсе болгону...» делинди.

* * *

Тоо эли кырдан көрүнгөн адамдын ат бастырганынан эле өзбү, чоочунбу, жер чалып жүрөбү, мал издеп жүрөбү, алыстан баамдап турушат.

Эң алдында ак байрак, жай ийрилип чубап, тоо катмарын аралап, бүт элге ысмы белгилүү Шабдан атынан датка айымдын турагын суроо салып жүрөт орус отряды. Тууган атын бетине кар­мап келген жанкечтилер болушу да мүмкүн.

Учу шиштелген жыгач найзалуу жыйырма беш атчан – Шабдан Жантаевдин жигит-желеңи, дагы он чакты атчан орус, ичинде бир чиндүү төрөсү бар. Чиндүү төрө оболу бир . мерте жүз көрүшүп, ыктуу кеп тартып келиш үчүн, ийиксе сүйлөшүү жүргүзө бериш укугун берип өз штабынан генерал Скобелев жөнөткөн майор Ионов. «Орус отряды» деген ушу, өтө эле кооптоно беришке себеп жок.

Аксакалдуу кишилерди алдынан чыгарып, кадыр-сый сездирип, миң катмар улуу тоолордун бир көмүскө жерине отрядды тостуруп алды датка айым.

Шабданга өзүнчө өргөө, жыйырма беш жигитине беш боз үй, чиндүү төрөгө тилмечин кошуп бир өргөө, жанындагы беш аскерине бир боз үй – өзүнчө эле бир айыл экен.

Өзүлөрүнө арналган үйлөргө киришип, төшөк-жаздык жетиш­түү, союш даяр, чоюлуп жатышып, сыйлуу конок болушуп, баары бапырап оңуп калды отряд.

Ар бир үйгө кызмат кылган кишилер, дикилдеп жүрүшөт. Те алысыраакта айылдын төрт тарабынан күзөткөн куралдуу жигиттер көрүнөт, баары атчан, баары куралдуу.

Майор Ионов тилмечин жанына алып Шабдандын өргөөсүнө келди. Өргөөнүн түрүлүп турган эшигинен куралдуу кишилерди Шабданга көрсөтүп койду:

– Буларын кимдери десек болот, урматтуу Шабдан Жантаевич?

Шабдан тилмечсиз эле түшүнүп, көзү күлүңдөп жымыйып:

– Бизди кайтарышпайбы?! – деди акырын. Тилмеч которду. Майор Ионов:

– Биз сүйлөшө турган адам али көрүнбөйт ко?

Тилмеч которду. Шабдан дагы эле жымыйып:

– Чарчап келдик биз. Эс алышсын деди. Туура, кайда шашабыз?! – деп койду. Тилмеч которду. Майор Ионов:

– Мындан келди, булар эмес, биз сурап жүргөн турбайбызбы тынчылыкты?! – деди иреңи саал кирдей. Тилмеч которду.

Бу сапар Шабдан жымыйбай:

– Тынчылык эки жакка тең керек, – деди да, жаздыкка кайра чыканактай баштады.

Жоопту тилмечтен угуп, бир аз улутунуп, генерал-губернатор өзү кошкон киши менен такыкташка андан нары батына албады белем, башын ийкей коштошкон түр кылып, кайра чыгып кетти.

Эртеси эрте бир оор топ атчан айылдын четине келип, аттарынан түшүшүп, акырын жай бери басып калышты, ичинде ак элечек көрүнөт.

«Келди...» – деди Шабдан ичинен, тышка чыкты, эшикке жакындап калышкан экен, бир ак сакалдуу:

– Ассалоому алейку-ум... – деп, кыраатын келтире салам айтты. Шабдан алик алды, эки көзү алтымыштан ашып калган буудай өң байбичеде, байбиченин көзү да жаздым кылбай аты ага алыстан угулган жигит агасы курактагы Шабданга эч кимди тик карабаган калыбында астыртан баам салып алган. Эки көзү күлүңдөгөн, дайыма эки уурту жымыйып турган мырза Шабдан, үстү-башындагы орус аскер төрөсүнүн кийими баарынын көзүн ала чакмак кылгандай, көздөр ага уламдан-улам имерилет.

– Ке-ел, бекзаада, куш келипсиз, бекзаада... – деп жанагы ак сакалдуу жадырап, Шабданга жылуу кабак көрсөтүп калды.

– Куш көрдүк, куш көрдүк, туугандар... – деди Шабдан ийкем менен.

Өргөө эшигин ачты бир жигит. Баары датка айымдан кийиндешип, ага жол берип калышты.

Курманжан датка саал кол жазгай ишара кылды:

– Кана, Сиз меймансыз... – деди Шабданга.

Сылык Шабдан биртке шашыла:

– Жо-о, апай, Сиз... Сиздин жолуңуз улук, апай...

«Ыракмат» дегенин саал баш ийкөө менен туйдургандай болду да, алланын атын купуя өзүнчө айтып, босогону аттады датка айым.

«Келиң...», «төргө чыгың» болуп жаткан учурда майор Ионов келип, киргенинче өзүнөн бир чин өйдө Шабданга колун чекесине ала урмат көрсөтүп калды. Шабдан:

– Бу Искебүл пашанын жанынан келген адам... – деп саласал кылды. Ионов эңиле кала, датка менен учурашкысы келипби, өзүлөрүнүн аялдын колун алып сыртынан өөп ызаат көрсөтмөй адатын кылайын дедиби, колун суна калды. Датка айым кашын көтөрө ылдый тиктеген боюнча, эки колу боорунда боюнча былк этпеди. Майор колун тартып, саал мустарап болуп калды. Бирок, баары байкамаксан, баары билмексен.

Улуулата, барктуулата ыкташып төрлөшкөн соң Шабдан мандаш токунган тизелерин таяна кыраатын келтире куран окуй баштады. Кимдин арбагына аталып окулуп жатат?

Баары тымтырс, кыраатка эригендей, термелгендей, баарынын жүзү момурай калды.

Шабдан куранды Алымбек датканын арбагына атады, баары, өзгөчө ак сакалдуулдар дуулдап, жүзгө бата тартылды.

Курманжан датка дагы баш ийкеп, «ыракматын» дагы ошону менен билдирип, анан:

– Көп жыл өткөн датка агаңыздын арбагын эстеп койгонуңузга бу отурган туугандары ыраазы, – деди асте, – өткөн күздө кан көз паша Искебүл чапкынында шейит болгон азаматтардын арбагына, эңкейген кары, эмгектеген бала калтырылбай бөөдө кырылган элдин арбагына да куран атап койгонуңуз эп болор дейм, бекзаада?

Кай бирөөлөр бирин бири тиктешип алышты. Шабдан башка сөзгө өтпөй, көзүн сүзө, аны сайын кыраатын созо куран окуп кирди. Дагы баары тымтырс.

Ушул убакта майор Ионов тилмечи менен өзүлөрүнчө күбү­рөшүп сүйлөшүп калды. Шабдан саал ал жакка жүзүн бура көз кыйыгын салды. Тилмеч тез сезип токтоп калганда, майор Ионов «эмне болуп кетти» дегенчелик, эки жакты карана, ага тиги датка кемпирдин саргылт жашыл көзү кадалып турганын көрдү, «эмне болду мынчалык жек көрүп карагыдай» деген ойго кабылып, ичтен бушайман.

Шабдан куран аягында «шейиттердин, бөөдө өлүм болгон ка­рылардын, наристе балдардын арбагына...» деп, ошол жерде каңырыгы түтөй, үнү дирилдеп, жүзүнө бата тартты. Баары дуу коштоду.

Биртке көңүл жылыды ушундан соң.

Курманжан:

– Жакшы жатып жай турдуңарбы? Муктаждык жокпу?

Шабдан:

– Кудайга шүгүр! Не муктаждык болмокчу?!

Бу жолугуу жай сурашуу сылыктыгы эле болучу.

Датка айым коштоп жүргөн кишилерин бир сыйра тиктеп койду, бу «кетели эми» дегени. Шабдан санааркагансып ойлонуп калды. Бу анын «сүйлөшүү качан болор экен» дегени.

Курманжан:

– Сиз жөн-жай адам эмессиз, Сиз мынчалык арага түшүп ке­ливаткан соң, биз буга маани бербей коё албайбыз, биз ойлонушалы өзүбүзчө...

Жымыйып тиктеп, акырын баш ийкеп, «күтөлү, күтөлү» дегенди купуя түшүндүрүп калды Шабдан.

Тышка узатып чыгып, кош айтышып, өргөөдө бирдемеси унут калгандай шаша басып кайра келди. Майор Ионов кабагы бүркөө, тилмечке бир кеп айтып отурган. Шабдан ага атырыла тиктеди:

– Бу Сиз, майор, жакшылык сөз сүйлөшкөнү келгенсизби же... кепке келишишти бузганы келгенсизби?! Бир паска тек оту­ра албай...

Тилмеч которду, майор Ионов жаакташа турган өңдөнүп келип, ошол замат көңүлүнө «а кокус, сүйлөшүү терс айланып калгыдай болсо, бу орус офицеринин кебин кийген дымактуу абориген урматы улук губернатордун өзүнө чагымдап коюшу мүмкүн» – деген чоочулоо келип, асте токтотту өзүн.

– Кечирип коюңуз, кадырлуу Шабдан Жантаевич, мен билбес­тик кылыпмын... – деди ал. – Макул, датка айымдан кечирим сурайын, макул.

– Жөн болуңуз эми, – деди ага Шабдан, – кечирим сурасаңыз көңүл ооруганга себеп болгон этиятсыздыкты кайра эсине салат, ооруган жараны кайра ырбатат, билмексен болуп, кабагыбызды жарыгырак тутунуп жүрөлү эми, майор!

Тилмечке батыл кейиди Шабдан:

– Сага эмне болду, куран окулуп жатканда кобурашып?! Сен билесиң го?! Мусулман баласысың го?! Шейиттерине, бөөдө кырылган элге ататып куран түшүртүп жатышса, анын үстүнө...

Мелтейип укту тилмеч, эки жак кайрадан кырылышса да анын күйөр жаны жок сыяктуу.

Чыгып кетишти, өз жатак жайына барышканда майордун сураганына Шабдандын кебин бурмалап которду, Шабданды жамандап көпкө күбүр-шыбыр кылды. Майор Ионов башын чайкап отуруп:

– ... Кобурашканыбыз чеки болуп калган экен... – деп, калыс ою өзүн жеңип, бир аз бушайман болду.

Ошол күткөн күндөрдүн биринде майор Ионов эриккенден өргөө эшигинде те алыста шаңкайган мөңгүлүү тоолордун башын тиктеп, акырын нары-бери басып турган. Аны абдан таң калтырып, бир иреңи да кара, сакал-муруту да көөдөй кара, көзү алагар киши ошол арага имерчиктеп, улам аны каранып, имерчиктеп калды. Байкап турду майор Ионов.

Кара киши акырын кымырылып, тилмечке айланчыктап, андан бу орус төрөлөрдүн быякка келгендеги максатын тилмечтен чекмелеп сурап, четин уккан соң өзүнчө эле кызаңдап, нары басып үңкүйө, ошондон нары кете бере албай кайрылып, тилмечтин көзү көзүнө чалына түшкөндө «быякка чыксак» дегенди тымызын баш ийкей ишара кылды. Тилмеч капилет шабырт алгандай чукчуюп тиктеп, ал дагы мындайды көп көргөн, өнө турган тешик аңдып жүргөн эргулдардан экен, «жашырын сүйлөшсөк дейт окшойт» деп болжоп, бирок, «ким билет мунун ичинде кандай жыланы буралып жатканын, сүйлөшүүгө бөгөт болсун үчүн бу кузгундай кара неме буйгада ким көрдү кылып салса ким билет» деген аярлыгы аны токтотту.

Бир убакта кара киши тилмеч менен күлүп сүйлөшкөнгө жетишип, бир нерсе жөнүндө макулдашкандай баш ийкешип, анан жыла басып кымырылып кетип калды.

– Ким бу? – деп сурады майор Ионов.

Тилмеч күлүп койду:

– Бир кызык киши...

Кызык киши эл аягы басылган ченде дагы кымырылып өргөөгө жакын келди, тилмеч майорго көзүн кысып койду да, тышка лып чыгып, аны кароолдон өткөрүп, өргөөгө алып кирди.

Те босогого чөк түшүп, төрдө кыңкайып жаткан «төрөнү» алаң-алаң тиктеп, шилекейин жутунуп отуруп калды. Тилмеч ага башын ийкеди:

– Не? Не айтмаксың? Бу киши тил билбейт, коркпой мага айта бер, не айтмаксың?

– Бурадар, – деп, мукактанып, жүрөгү лакылдап, демиге кеп урду кара киши акырын. – Ыя, эмне, ушу катындан бөлөк бир эркектана табылбай калдыбы сүйлөшөргө?..

Тилмеч дароо кызыга түшкөн кебете кийип, «сүйлөй бер» де­гендей башын экчей, тирмейип тиктеп калды.

Кара неме:

– Эмне, биздин бир жесирибиз Курманжан! Биз менен сүйлөш­сүн төрөлөр, биз деле айтканына көнүп, айдаган жагына жүрүп, көздөгөнүнө жарап беребиз төрөлөрдүн...

Мунун ким экенин ошол замат билди тилмеч, мындай түркүн кишилердин далайын тоногон, дароо өтө ойлонуп калган кебете кийип, кайра тымпыя имерип тиктеп, бир убакта:

– Не, силер менен сүйлөшсө не жарабасын?.. – деп, аста мың­кылдап, кеп ээрчитип койду.

– Йа, айланайын, – деп жиберди кара неме чоң кара көрпө бөрк алдынан эки көзү чакырайып, – жанкебиңди ысытам, айтып коёюн, ушул ишке жарап бер, айт азирет төрөгө...

Тилмеч тишин ырсайтып, купуя күлгөн болуп койду.

Кара неме:

– Баары бир бу куу катын орустун талабына макул болбойт, айласы жок бүгүн макул болсо да, кийин ак кызмат өтөбөйт, бу­лар журт бийлеп көнүп калышкан, эки тизгин бир чылбырды бирөөгө оңойлук менен бере коюшпайт. Мына ушундай, бурадар. Бир баласы Оогонга өтүп кеткен, оруска карап бермек тургай күнүгө жолун карап, качан Абдыллам көп аскер баштап кирип келет деп, күтүп отурат бу. Биз билебиз го, кокуй...

Жанагы кызыга түшкөн кебетеси өзгөрүп, сөзгө кайдигер болуп, а түгүл «бабырай берет турбайбы бу» дегендей, кыжыры келе баштагандай үңүрөйгөн кабак көрсөтө баштады тилмеч. Кыйды неме мунун көңүлүн эмне өйүп турганын баамдады:

– Ырас! – деп жиберди. – Ырас, куру аякка бата жүрбөйт, ырас, биз дагы сый билген кишибиз, бурадар, андан кадырыңыз жам болсун, бурадар... – деди да, ордунан карбаластап туруп: – Баары даяр, макул, мен үйдүн аркасынан сизди күтүп алайын, макул, бурадар... деп, кымырылып тышка чыгып кетти.

– Эмне дейт бу баятан бери? – деп сурап калды майор Ионов.

– Даткасын жамандайт.

– Мунусу жакшы, – деди майор Ионов.

Тилмеч жым дей түштү:

– Кеп тартышка сизден өтүнө албай турам.

Бул эшикке чыгуунун айласы эле.

– Сырын тарта бериш керек. Жигин таба бериш керек, – деди майор Ионов.

Бир аздан соң тилмеч сыртка чыкты. Чыдамы кетип, сийгелектеп турган экен, кара неме тилмечти леп жандап, үй артынан нары дагы обочо баштады. Тилмеч кыйыктанган да болуп койбой, чоочуганы да жок, караңгыда бир ууртун тартып, тымызын жымыйып басты. Көп буйдалышпады, Ионовдун алдына кайра киришти.

Кара неме улага ченге келип, от ичкериштирген болуп калды. Тилмеч акырын көпкө сүйлөдү, майор Ионов башын ийкеп, уюлгуган кара сакалчан кишини улам тиктеп коюп, өзү да бирдеме айтып, пикир алмашкандай отурду. «Йа, алла, барсыңбы? Бизди да алкулум де, йа алла! О жылы ордодон сый тон кийсе, кече эле амир Музафардан датка атагын алса, ыя, бүгүн орустан чен алып кетеби бу куу катын, ыя? Бизге кана? Биз да пендебиз, йа алла, теңшегейсиң!..» деп, кара неме тиги сыпаа сары мурутчан төрөнүн алдына бүк түшөр, балбалактап ыйлап берер абалга келип, сасык тер кетип, тула бою дүрүлдөп отурду.

Майор Ионов аны имере тиктеп:

– Ну, ким болосуз? – деп, орусча сурады. Тилмеч которду. Кара неме чөк түшө калды, башынан чоң кара көрпө бөркүн шап колуна ала коюп:

– Ысмым Карасакал, таксыр. Эл бу сакалымдан улам да «кара сакал» деп коюшат... – деп, арбайган кашынын алдынан көзүн күлүңдөттү. – Биздин тегибиз деле томаяктан эмес. Биз деле кызматыңарга жарайбыз, таксыр...

Тилмеч которду. Майор Ионов Карасакалдын көгөртө кырдырган соксойгон башынан чыккан кара булоону таң болуп тиктеп:

– Шартнамага бармак баса аласызбы? – деди.

Тилмеч которду. Карасакал жалп этип чекесин жерге тийгизип, сабылып жиберди:

– Баспай анан!? Бе-еш бармагымды тең басам, улугум...

Тилмечтен «беш бармагымды тең» дегенин түшүнүп, астейдил бырс күлүп жиберди майор Ионов:

– Түзү-үк, – деди ал, – кана, сизди ким билет, ким тааныйт?

Тилмеч которду. Карасакал:

– Ушул эл бүт билет, тааныйт, «кара сакал» деп аташат!

– Ошто да тааныйбы?

– Оштун бери жагындагы «Асан чек» деген жайда тууган көп, баары эле билет.

– Маргаландачы? Кокондочу?

Карасакал оозун жарым ачып, эмне дешин билбей акактап ток­толо калды.

Ушундан соң майор Ионов:

– Кадырлуу Карасакал, – деди, – өзүңүз ойлонуп көрүңүзчү, эч ким билбеген сиз менен шартнамага кантип беш бармакты басыша алабыз? Кадыры болобу ал шартнаманын? Эл баш коймок түгүл, мазак кылбайбы биздин ал шартнамабызды, ыя?

Тилмеч которду. Карасакал оозуна кан келе түшкөндөй тамшанып, нес болуп отуруп калды. Тилмеч эрдин тымпыя кымтып, мисирейип тиш ачпайт, ал «өй, бирдеме дебейсиңби, эми эле үй артында бир кочуш алтын бердим эле го» десең да мизбакпай турган, не танып, не «жалаа» деп, кайра айыпка жыктырыштан кайтар эмес. Карасакал бөркүн башына кийгенди унутуп, ошол соксойгон бойдон эшикке сүйрөлүп араң чыгып кетти.

Бу арканын кадырлуу баласы мырза Шабдандын кадырын ак байрак кылып көтөрүп, ушунчалык тоо аралап келген орустардын бирдеме жөнүн сүйлөшмөк максаты барлыгын сезди Курманжан.

Орусча, аскер төрөсүнүн кийимин кийген «тууган» улам эсине келет. Шабдан – мырза, сыпаа, сылык, кылайган кара мурутунан жымыйып, көзү күлүңдөп, дили тазабы, не кебинен беймаани, не жүзүнөн бейадеп бирдеме кетирбейт. Орус төрөнүн алдында бүжүрөгөнү билинбейт, өз кадыры, өз салабаты өзүндө, пас тартпайт. «Ким бу?.. – дейт датка өзүнчө, түкшүмөл. – Эл башында каран күн түшкөн убакта арга издеп, жер кезген азаматпы? Же...».

Көп эле каадалуу кишилерди көргөн өз заманында датка айым. Кай бири өздү да, жатты да ылгабай алдап, жорголоп кете берчү ыймансыз шум, кай бири ак көңүлү байманасы, кылычына гана таянган күүлдөгөн көзү жок көгөн эрлер болгон. «А бу ким?..» деп ой толгоду керээт айым.

...Те илгерки жымыраган бир тынч күндөрдүн биринде сарыбагыштын тынайынын бийи Жантай үчүкесинин «каранын каны» атанган Ормонунун акылгөйү Калыгул бийди мейманга чакырган имиш. О кезде мейманчылык айлап созулчу экен. Те байыркыдан ошол күнгө чейинки болуп өткөн, мындан нары болор окуяларга дейре ой алмашуу, пикирлешүү – ой толтуруу, адамзаада катары сөөлөт, салабат арттыруу сыяктуу болгон делинет. Жылдап сөз араң жеткен бир жагы арап, түрк, бир жагы иран, кытай, бир жагы үч тайпа орус тараптарында не окуя, не көйкөй болуп жатканына баам салышып, өзүлөрүнчө болжоп, ой тегеретишчү экен го. Жантай бий акылгөй агасы экөвү көп күнү, көп түнү өзүлөрү жалгыз, сөз кадырын билбеген алабармандан жан жолотпой, өзүлөрүнчө ширин аңгеме дүкөн курушкан дейт.

Бир күнү Калыгул бий тиги эрте менен эрте, түштө, кечте дайыма от жагып, дааратка суу жылытып, колго суу куюп, а сөз башталганда каралай көзү жалдырап сөз тыңшап, дайыма от боюнда отурган баланы кунт коюп тиктеп калат:

– Бий, ушу бала кимдин баласы? – деп сурайт.

Жантай бий элтейип, бирпас токтоло калган дейт.

«Неге сурап калды?..» – деп чоочулап, «жаман болжол айтып коёбу» деп, жүрөгү калтылдайт экен:

– Оулия, бу... менин көкүрөк күчүгүм эле, оулия...

Калыгул башын ийкеп, балага жүзү жылымдап отуруп:

– А болсун, болсун... – дептир дейт. – Сиз экөөбүз, бий, сары­багыштын ичинде «эл башкардык, көк болдук, элдин жүгүн кө­төргөн бук этпеген лек болдук» деп жүргөн экенбиз. Бу бала маң­дайы жарык, кайда чыкса жолу ачык, пейили кенен, колу ачык... бу баланын акыл сөзү жалпы кыргызга өтөт ко, атагы орус менен кытайдын чек арасына кетет ко...

– А-ай, айланайын оулия... – деп, Жантай бий сүйүнгөнү бир жагынан, «көзү тийип кетпегей эле» деген коркунучу бир жагынан, каргылданып ыйлап жиберген экен. – Жүрөт да бир көөдөк, жүрөт да бир чүрпө, айланайын оулия...

Ошол күндөн кепке үйүр Шабданга Калыгул оулиянын назары түшкөн деген сөз жалпы кыргыз кыпчак элине тараган, ушул отуз алты жаш курагында «Атантай жоомарт» атыккан адам мезгилдин өтө чалкеш учурунда, мына, Курманжан даткага бетме-бет келип отурат.

Пикирлешүү ортого тигилген жасалгалуу өргөөдө болду.

– Эң авалы, – деп, сүзүлгөн көзүн өйдө кылбай, акырын баштады Курманжан, – өзүбүзчө болуп, сүйлөшөр сөздүн теги-жайын тууганча билишип алсакпы деп, жаныбызга ашыкча «кулак» албай отурабыз.

Шабдан дайымкы жадырап турган өңүндө:

– Ырас болгон, апай, ырас болгон. Кеп тарайт эмеспи, ар ким ар кепти өз алынча аңдайт эмеспи, ошон үчүн биз дагы орус төрөнү кошо алган жокпуз, апай.

Бир тиктеп, кайра саргыл жашыл көөхар көзүн жылт эттире ылдый кыла, башын акырын ийкеп, «куп жакшы» дегенин сезди­рип, андан соң сөз күтүп, мелтиреп калды Курманжан.

Шабдан:

– Болор кептин тегин сезип отурасыз, эстүү жансыз, – деди асте, – бу орус деген ат түгүндөй көп экен, а биз аттын кашкасын­дай биртке элбиз...

Кылт-кылт баш ийкеп, «билебиз» дегенди туйдуруп койду Курманжан.

Шабдан:

– Ырас, булар басып кирбесе биз өзүбүз менен өзүбүз боло бермекпиз. Көрдүк, чабышып эми не кыла алабыз, качып кайда барабыз?! Карап берип тынбасак болбойт окшойт, апай...

Курманжан жүз багып, кейигендей, ноюгандай, ички касыретинен көзү коюла майышып отуруп:

– Ыя, арты кандай болор экен «карап берип тынгандын?» – деди акырын демин алып, өзү суроо бере, жооп айтты акырын. – Жаман да болсо, өзүбүздүкү эле го, чиркин?! Ордо бузулуп, мамлекет жоюлбайбы? Эл катары, башка элге тең катары кадыр-баркыбыз кошо кетип калбайбы?..

Таң калгансып, өзү да бул ойдон алыс эместей мелтиреп калды Шабдан.

Курманжан:

– «Тыңда менин кебими – таап алат эбиңи, талап алат элиңи, тартып алат жериңи...» деген, оулия аваңардын оулия кебине кулак туткан эмес экенсиңер го, түзү ийги иним?!

Кашын көтөрүп тиктеп калды Шабдан:

– Эми, апай, нары айтабыз, бери айтабыз, баары келип аздын иши аз экен го, көптүн акысы көп экен го?! Кантебиз, бир замандагы толгон журт ушул азыр кедерибизге кеткен, ынтымак ыдырап бүткөн чагыбыз экен...

Жүйөлүү сөз.

Шабдан:

– Эми, апай, – деп, кайра кеп улады, – дагы бизди көкө теңир өзү жалгап турабы, орус узун чылбыр, кең тушоо экен, тыякта өз оюбузга коюп, ич ара туугандын чыры тыйылып...

Муңканып жиберди Курманжан:

– Узун чылбыр азоону үйрөткөнчө узун болот, а азоо үйрөтүлгөн соң оозтуруктуу жүгөн салынат, оор токум жаба токулат, ал анан эркин азоо ал токумдан өлүп гана кутулат!

Тетик Шабдан буга жооп таба албайт:

– А болуптур, не аргабыз, не алыбыз бар?!

Жетик Курманжан буга жооп айта албайт:

– О, жараткан! «Эр азамат эл четинде, жоо бетинде» өлчү эле го?! Азыркы «азамат» дегенибиз жесирин душманына басып бере турган болгонбу?!

Шабдан:

– «Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» деген да акыл бар го, апай. Буга эмне дейбиз?!

Курманжан жүзүн үйрүп, ордунан акырын туруп, тышка карай жөнөдү.

Шабдан:

– Будан башка не арга бар жетимге?! Эптеп эрезеге жетип албайбы?! Көкүрөк көтөрүп албайбы?! – деп, кейий күңкүлдөп калды. – А артын берсе берешен теңир бербейби, акыры өлбөй аман калып жетилген жетим тагдырынан көрбөйбү, апай ай?!

Майор Ионов эт жей бергенден жадаган, аны ичине албай өзү­лөрүнчө сүйлөшүп жаткан эки «туземчи» жактан шыбыш угулбайт, ишенген «войсковая старшина» күнүгө беш жолу намазга туруп кудайына сыйынат да тымпыят, демек бир жаңсыл пикир али булардын өзүлөрүндө жок – ушундан улам да ичкүптү болуп, көңүлү чөгө баштаган.

Муну сезип, тилмеч баштыкка салып ала жүргөн арагынан ортого коюп, куюп:

– Кана, айкөл төрөм, улуу Россиянын иши илгери боло бериш үчүн... – деп сунуш кылды, улуу Россиянын иши үчүн ким кылчактайт, кагып жиберишип, артынан эттен жыттап коюшту.

Майор Ионов:

– Сыягы, бу кемпир да согуш жарыялаганы жатабы дейм бизге?!

Тилмеч улуган бөрүдөй өйдө тиктеп күлгөн болуп койду. Бу жоопко майор да ыраазы, жымыйып койду өзүнчө.

Майор Ионов:

– Баягы кара немең кайда?

– Жүрөт да, жер жутмак беле аны?!

– Ким деген киши экен деги өзү?

– «Жаны жок» имиш, жерлештери айтышты го. Бу сөздүн маанисин орусчалаштыра келсек «бездушный», «безсовестный» деген болуп чыгат.

Таң калды майор Ионов:

– Ушундай да ат коюша береби булар?

Тилмеч:

– Өз аты эмес сыяктуу, бу дагы анын жүрүм-турумуна жараша аталган кошумча ат ко дейм.

Ойлонуп калды майор Ионов. Келерин келип, а бирок бир жолу да келген максатын айта албаса алиге чейин?! Жөнөткөн зарделүү генерал эмне дейт?! А зарделүү генерал бу жерге падышасы катары укук алган улук урматтуу губернатордун алдында эмне деп жооп берет?! Ушул ойлор жүрөгүн өйкөгөн. А «кара немени» эстеп калганы «бу кемпир кепке келбесе да, башка бир тектүү, таасирлүү кишилери менен сүйлөшүп келдик дегенге себеп боло алабы» деген аргасыздын күйүккөнү эле.

Майор Ионов башын чайкап койду:

– Өзүлөрүнүн ичинде ушунча жаман ат алып жүргөн неме менен байланыш кылуу шайтандын куйругун кармоо болот ко...

Тилмеч:

– Бирок, бир жакшы жери, бул кемпирин баары эле жакшы көрө бербегени билинди. Мына, жанагы «жаны жок» жалгыз дейсизби, тең тайлашар бир жааттан бу сөзсүз. Бүгүн болбосо эртең, бул жылы болбосо келерки жылы, иши кылып, бир күнү мындайлардын кереги тийип калышы мүмкүн бизге...

Те баягы Мусулманкул миңбашы жоюлгандан кийинки жылдардын биринде орус аскери Ак-Мечитти басып алса ордонун шумдары келе жаткан белээни ошол келе жаткан алдынан тосуш ордуна аны ордо ичиндеги өз ара тымызын кылта кыйышкан жосунуна пайдаланышып, каланын беги Жакып-бектин өзүн «кайран сепилди оруска сатып жиберген» кылып, хан көзүнө көрсөтүшкөн. Куралы начарлыгынан, айланасындагы элинин биримдиги жоктугунан жеңилген бек хандын каарынан буйгалап, өзүнүн өлүмдөн качкан биртке кишилери менен тоо жымынып келип, Курманжандын айылына туш болгон.

Жакшылап мейманчылап, тыныктырып, өзү алты шаар Кашкар багытынын ошол кездеги акыбалын аңдап турган керээт айым кытай акимдеринин ар шаарга азаздан койгон аскер туруктарынан башка эчтемеси жок, түзүгүрөөк кысым болгудай болсо туруштук кыларга чамасы чак экенин айтып, качкын бек ошол жактан бактысын издеп көрсө, бир кудай өзү жолун ачса, бир үзүрү болуп калышы ыктымалдыгын акырын кулагына салган дейт. Камылгасын кылдырып, акырында өзүнө караштуу Акимбай дегенди кыйла кошун менен кошуп бериптир. Кандай качкын сүйүнбөйт?! Жакыпбек көзүнө жаш алып, керээт айымдын колуна тооп кылып, бул марттыкты эки дүйнөдө унутпастыгына оозуна каргыш алган экен.

Ушул окуяны ойлонуп отурду Курманжан.

Көп узакпай Акимбай, Сыдыкбек, Жакып-бек диний ураан көтөрүшүп Жаангир кожо деген бирөөнү туу кылып, кужум башташып, ар шаардагы азаздан коюлган кытай кошундары бөөдө кан төкпөй, урушсуз эле түндө-кечте кетип калып, алты шаар «бошотулган». «Гази» атанып сүйүнгөн кожо Меккеге ажыга кеткенинен келбей калат да, баягы качкын Жакып-бек бүткүл алты шаарда эч ким менен бийлик бөлүшпөгөн жеке өкүмдары болуп, кийинчерек эл оозунда «Бадөөлөт» атыгып багы ачылган.

Мына, бир убактагы качкын пенденин бүжүрөгөн кейпи, азыркы Жыгалы таажы кийген бадөөлөттүн сөөлөтү өз абалы тарып отурган Курманжан датканын көз алдынан улам бири өчкөндөй, бири жангандай, улам алмашылып, кайталанып өтүп тургансыды. «О, кудайдын кудурети ай...» – деди купуя.

Ал «бадөөлөт» дегидей дөөлөтман, тиги осмонлылар менен, Индстанга кирген англистер менен алака түзүп алган, Дүйнөлүк Лига билет аны. Кедерине кеткен бу Түркстан, мына, канавайран чабылган, башынан багын алдырган.

Курманжандын өз алдынан үч чыйыр көрүнгөнсүйт, бири – ошол качкын бектердин изи менен кетиш, бадөөлөт тагдыр алдынан чыкпаса да, кара башты калкалаш; бири – Бадөөлөт менен кабарлашып, жакшылыкка жакшылык, биргелешиш, андан нары өзү илгертен бу жактын таберигинен тартуу жиберип биртке байланыш кылып келе жаткан улук кытай каникеси Сысы жактан көмөк сураныш; бири – баскынчынын амирлигине кырың дебей куллук кылыш.

«Э-э, кара баш кайда болсо бешенесине жазылган күнүн көрөр...» деп, ой токтотту Курманжан. Бир киши эмес, бүткүл элдин тагдыры кыл таразага түшүп турган мындай убакта кара башын калкалап кетиш ага жарашабы?!

Бадөөлөт көргөн жакшылыгын унута электир, мусулман баласы, биргелешип кошун жыйнашы мүмкүн. Суранса Сысы «эжекеси» жер жайнаган көп кытайдан «көмөк» деп, эсепсиз кол жөнөтүшү ыктымал. Ылдый тиктеген бойдон мелтирей калды Курманжан. «... эки нар жөөлөшсө ортодо кара чымын кырылат...» деди ою.

Кызылдай кыргын майданы болуп жер тепселип, эрегишкен эки дөөдөн ким арачалайт, эл таламайга кириптер болуп... кимиси жеңерин ким билет, кимиси каларын ким билет, ар биринин көздөгөн өз мудаты жок эмес, андан калса, кимиси качан күйүшөр тууган болгон эле булардын?! «Экөө кылып алабыз го бир балээни...» деп, өзүнө өзү каяша кылды Курманжан.

Көңүл чөкпөй коймокпу?! Кабагы үйрүлүп, тизесин таяна ыкшалып ордунан турду Курманжан:

– Ким бар?.. – деди акырын. Тыштан кийимчи зайып кирип, «датка эжесинин» жүзүнө суроолуу тиктеп, колун ушаламыш эте сөз күтүп калды. Оң тараптагы жапсар жакка кол учун акырын жаңсады. Ал жапсарда кошун алдына чыкканда, бир жакка жолго аттанганда кийер кийими турат.

Кийимчи зайып леп этип, «датка эжесине» сулуу аялдын терисиндей жупжумшак ийленип өңдөлгөн ак саргылт чалбар, көкүрөгү чопкуттуу ошондой эле камзол, аягына саймалуу, өкчөсү бийик зайыпана өтүк кийиндирип, белине көүхарланып кооздолгон кыңырык кылычы салаңдап жүргөн энсиз күмүш кур курчантты. Кызыл макмал кептакыянын үстүнөн жука көрк үчүн жасалган зайыпана туулга, анын үстүнөн мурда кийерге даяр коюлган ак элечек кийгизди, эки өрүм али ак чала элек чачын чачбакка ороп койду.

Эжеси бир да жолу сыланып, каранып койгон жок. Эшилген кум санаа эс көтөртпөйт, улам басат, түгөнбөйт, түгөнөр түбү кө­рүнбөйт. Кыжалатына кыжалат кошулат.

Бирөө менен жаман-жакшы кеп сүйлөшүп отурган учурунда да эсинде Абдылла бек, андан эч алаксый албайт. Күндө эрте менен, күндө кечинде жолун карайт, «сорок этип», «жарк этип» көрүнө калабы деп самайт, аны бул үзүлбөгөн үмүттөн чырм эткен кыска уйку гана бөлөт.

Ушу кийим кийген биртке убакта да көз алдында Абдылла бек. Күндө эки маал сураган сөзү, өз үнү өзүнө угулуп турду.

«... Тыштан кабар жокпу?...» – дейт өз үнү. «Тыш» – дегени «Абдылла бек жактан» – дегени! «Жок али...» – деген жооп алат. «Жүрөк негедир опкоолжуйт...» – дейт өзү. «Кудай сактасын, бир кудай өзү даргөйүндө сактасын...» – деген жооп болот.

Түндүктөн мөлтүрөп көрүнгөн көктү тиктеп, акырын үшкү­рүп алды Курманжан. Кийимчи болобу, канике болобу, эненин «балам ай» деген күйүмү бирөө гана экен го?! Ашыгы, кеми болбойт турбайбы?! Туну эле Абдылла бек, журтка төбөсү көрүнүп да калган эле, айласы кетсе акыл салары, айттырбай тилин алары, байкатпай кадырын билери эле. Ушул баш жарган ойго басынып турган чагында таянычы болот эле го?! «Не күндү көрүп, кимдин көзүн карап, кайларда каңгып жүрөт болду экен ай?..» – деди Курманжан, эне жүрөгү бирөөнүн куу чеңгели мыжыккандай эзилди, жүрөк каны куу чеңгелден сыгылып тамчылагандай болду.

Не элден азган бала кайгысы, не бейкүнөө кырылган эл кайгысы, өз көңүлүнөн, өз дилинен көбүргөн арман өз кулагына кыл кыяктын өксөгөн, муңканган күвү болуп угула баштады. Бирде жел канатындай серпиле күчөй, бирде сыздап, кандайдыр бир ымыртка, туңгуюкка сөнө...

Кийимчи зайып тегерене карап, кийимдин биртке да болсо бырышын жазып, сылап сыйпап, жуккан бирдемелерин чымчып алып, эжекесинин ушул алтымыш төрт жаш курагындагы али карылыкка моюн суна элек толукшуган келбетине кубанып, тегерене басып жүрөт. Бели али кымча, чопкут көтөргөн көкүрөк али толо. Жеңсиз, эки ийинден ашырылып көкүрөккө бүчүлөмө «жабынчы» деп аталган кырмызы макмал жамынтып, керегеде илинип турган элик сап камчыны леп алып, колуна берди.

Элирген сары бээ, датка дайым минген мал, жайы-кышы колдо, үйүргө кошушпайт, дайыма ыкчам, шатыраган зарделүү жорго. Тува элек болгон соң «байтал» аты өчө элек, «гүл сары байтал» деп коюшат, көңүлү түз эл ээсин кошуп «гүл сары минген датка эне» дейт, а ичи жаман кай бирөө «у-у, куу байтал минген жезкемпир» деп өңгөчүн тартынат.

Гүл сары байталга токулган ээрдин күмүштөлгөн көк сырлуу башын кармап, аттана берер болуп, тиги миракыр эптей кармай берген үзөңгүгө аяк салбай токтоло калды Курманжан.

«... күмүш ээр көк кабак,
көркүн көрсөң бир санат...
күлүккө тынчы болбосо
күмүшүн ал да, отко жак –
күйүшөрүң болбосо
күүлдөшкө күчүң чак,
күлө багып жатка жак...»

деди дили, арман ой алда кайда толкуп ташып сапырылып. Ал колтуктан сүйөй беришке үлгүртпөй леп аттанды, эч кимди кошо жүр дебеди, эки жагын каранбады, үзөңгү кактырбаган гүл сары байталдын лепилдеген жоргосу менен кетти.

Кайда барат?

Өзү «жүр» дебеген соң эч ким артынан ээрчишке батынбай карап эле кала беришти.

Небереси Мырзапаяс, боз кунанчан, караан улай жүрүп, артынан барганда чоң энеси кыраңда гүл сары байталдан түшпөй колун серелеп, Сопу-Коргон жолун карап, былк этпей турган экен.

Биерге чоң энеси күндө бир убак келет, күндө ушинтип жол карайт. Не кылгырган жаш, не уясына ылдыйлап бараткан кечки күндүн кызылы чагылышканы, чоң энесинин көзү бир түркүн саргылт жашыл көөхар өңдөнүп, жылтырап көрүнөт.

«... алтын ээр ак кабак
аземин айтса бир сабак...
атка тынчы болбосо
алтынын ал да, отко жак –
аяшарың болбосо
айтышарга алың чак,
акырын сүйлөп жатка жак...»

Кыл кыяк бул дүйнөнүн алды кызык арты өкүнүч экенин муңканып, өмүрүнүн катаал мезгилинде калтылдап турган адамдын өз көңүл өзөгүнөн сызылып, өзүн термейт. Эч качан кейип көрбөгөн, эч качан каралай көзүнө жаш алып көрбөгөн, жүрөк сескендирген шегин ушул азыр да «тагдырга чара жок» деп, өз кайратына өзү кептелип, акыл тегеретип карманып турат.

Дагы бек уулунун келеринен түңүлбөй кайтты.

Көбүгү сүттөй, таштан ташка согула сымаптай чачырап, күүл­дөп жаткан көк кашка суунун боюна келишти. Үйдөй боз таштын көмкөрө беришиндеги көк ирим көлмөдө белгилүү «алайдын алтын балыгы» деген кызыл балыктар жылт-жылт секирип, кайра сууга чулп-чулп этип түшүп, жем талашып, көл түбүндө бураңдашып, ойноп, жойлоп жүрүшкөн. Түшүп, гүл сары байталды коё берип, ойногон алтын балыктарды көпкө көз талыбай карап отурду Курманжан.

Суунун шары күү-шау, күү-шау, жээкке жакын өскөн кызыл табылгы, бир шалайы сууга тийип калган, тынымсыз булаңдайт. Теребел салкынча, аваны байкалбаган бир нымдуу буу сергитип тургансыйт.

Көлмөгө ойноо бала Мырзапаяс чүкөдөй таш ыргытып жиберди, таш чалп этип түшкөндө көлмөнүн бети тегеректене, ойногон балыктар дым болуп калды.

– Кой, кагылайын, – деди чоң энеси акырын күбүрөй, – булар да кудайдын бир зыянсыз жаныбары, чоочутпа...

Жылт-жулт эте көз кубантып, кош-кош секиришип, кызыл балыктар ойной башташты кайра.

Бала жалжылдап мойнун созот, а чоң энеси өз санаасы, өз кыжалаты менен өзү кайрадан бетме-бет.

«...Ыя, атабызды өлтүргөнгө энебизди алып бере туруш абзелби?.. Жетим жетилеби, өз акысынын теңи боло алабы?.. Же... атасын өлтүргөндү «ата» деп, запкыдан жүрөгү өлүп, көргөн ит күнүнө көнүп, тегин, ата наркын унутуп, жумшаса кулу, минсе малы болуп кала береби?..» Өз үйүнө кайрылбай, унчукпай гүл сары байталдын саал жоошуган кылтылдаган жол жоргосу менен түз эле «коноктор» өргүп жатышкан айылга бет алды Курманжан, жанында небереси.

Өргөөнүн түрүлүү эшигинен Шабдан ага карай келе жаткан «апайын» көрүп, эшикке чыгып, гүлө багып тосуп, гүл сары байталды тизгинден алып, «апайын» колтуктан сүйөгөн болуп, гүл сары байталдан түшүрүп алды.

Майор Ионов, тилмечи тездеп басып келишти. Эки жактан салам айтышып калышты, саламга асте-асте баш ийкеп, бирөөнү да тиктеген жок Курманжан.

Өргөөгө кирип отурушту. Бир түркүн шашкансып келген датканын түрүнө, кийимине көз түшүп, кабагын карап, бир кооптуу сөз күтүп калышты баары. Түнү бою кирпик какпаган сыяктуу, көзү киртейип, иреңи герсары тартып, жүдөңкү экен.

Курманжан дагы эле өйдө карабай, кабагын же бүркөбөй, же жазбай, эрини бозоргон жүдөңкү, суз абалында:

– Төрө, – деди акырын, – мен ыраазымын, төрө, кудай жалгагыр, жанагы кара сакалчан менен эле сөзүңөрдү бүтүрө бергиле, мен ыраазымын. А деле киши, биздин көзү өткөн даткабыздын туугандарынан...

«Баягы кара неменин бизге келгенин билип алыптыр, кекетип атат...» – деп которду тилмеч. Көзү чекирейип кетти майор Ионовдун:

– Жерге кирсин ошол кара неме!

Анын актанганын өңүнөн, үнүнөн эле сезип:

– Чын сөзүм, мырза, мен ыраазымын, – деди Шабданга, – бармак басыша турган башка бирөөнү тапкылачы, кудай жалгагырлар, куткаргылачы мени бул кордуктан, маскаралыктан... эки ортодо алдастатпай...

«Сүйлөшүүдөн баш тартып атат...» – деп которду тилмеч, майор Ионов оозуна сөз кирбей соксоюп отуруп калды. «Тигиниси эмне дээр экен?..» – деди ою.

Акырын:

– Эми, апай, асте кылыңыз, акылга келиңиз, – деди Шабдан, – бул ишке кимдин кадыры өтөт, ким жарайт акыры?!

Тилмеч күбүрөй баштады эле, Шабдан кол учун шилтеп, аны токтотуп койду.

– Ушу «багындык» деген сөздү айтышкабы?!

Шабдан:

– Ал сөз кимдин оозунан чыкканы эп? Кеп мына ушунда, апай.

– Андай болсо, – деди Курманжан майорго карап, – андай болсо, төрө, ачыгын айтыш абзел, сиз менен иш бүтпөйт, бизге капа боло көрбөң, көрүп турабыз ниетиңиз жаман эмес окшойт бизге, бирак сиз бүтүргөн иш калпыс болуп калышы мүмкүн, себеби ушул ки, сизден чини да, бийлиги да чоң акимдериңиз бар, ал акимдер не жаратат, не жаратпай коё алат. Бүгүн биз кылган шартнама эртеңки күнү не жаратылбай, не кем баа болуп калса, орустай журтка эчтеме эмес, а биздин биртке журттун башына кыйынчылык түшүп калат. Ошон үчүн...

Тилмеч майор Ионовдун ийнине саал эңилип алып, акырын күңкүлдөп шыпылдатып которуп жатты. Майор Ионовго ыгына жараша убада кыла беришке, бүтүм бүткөрүшкө кеңири укук берилген болучу. Бул мелтиреген карасур зайыпты же коркутуу­га, же алдоого болбой турганын сезип, сөз ыгын күтүп, башын ийкеп, угуп отурду.

– Ошон үчүн, – деп, сөз улады Курманжан, – бир береке эле сизди быякка жумшаган Искебүлпашанын өзү менен сүйлөшсөк, төрө.

Тилмеч которду.

Майор Ионов башка сөзгө өтпөй:

– Мейли, жүйөсү бар, – деди, – сиздин көңүлүңүзгө жараша болсун, урматы улук датка айым.

«Көзмө көз сүйлөшкөнгө не жетсин?!» деди Шабдан өзүнчө, бул оюн датканын көзү көзүнө чалына түшкөндө акырын башын ийкей түшүндүрүп, аны кубаттап койду.

– Эми, тилмеч, – деди Курманжан тилмечке саргылт жашыл көзү октоло, сөөмөйүн кезеп, – менин коёр шартым бу, толук айт орточу төрөгө! Дагы толук айтпай коюп, кылтылдатып коюп, ыя, эртең ортодон дагы кан төгүлүп кеткидей болсо, эки дүйнөдө кеперетин тартып калып жүрбө, тилмеч?!

– Кудай сактасын, датка айым эжей, кудай сактасын...

Курманжан:

– Биз болжогон жерге сүйлөшүүгө барган кезде «алдадык» деп, мени абакка кириптер кыла турган болушпасын – бул бир; сүй­лөшкөн учурда биздин элге да, менин керт башыма да мазак сөз өтпөсүн – бул эки; сүй­лөшүү бир тараптын үстөмдүгүн ашкере бекемдөө эмес, «багынтуу» эмес, эки тараптын тең пайдасына ымга келишүү катары болсун – бул үч. Мына ушул үч шартыбыз бекем сакталса гана сүйлөшүүгө барабыз.

Тилмеч өзү да абдан ой толгоо тартып, кыңырылып, ар сөздүн маанисин толук жеткирүүгө аракет кылып, алынын жетишинче майдалап, түшүндүрүп которду. Ормоюп, томсоруп отуруп укту майор Ионов.

Шабдан сыпаа, сөзгө ыксыз аралашпай, ар мааниге өзүнчө баам коюп отурат. «... ырас, дили калыс адам болсо, макул болбой коё албайт бул шартка... мындай бир аз теңчилиги болбосо, бул иш «сүйлөшүү» да болбой калат...» дейт өзүнчө, укук берилген ма­йор Ионовдун жообун акмалап калды ал. «Майор этегин кагынып туруп кетсе канттик?!».

– Мейли, эми... – деди майор Ионов бир убакта, – бул талапта­рыңызды, датка айым, өтө кадырлуу генерал Скобелевге баарын айтып баралы, чечмелейли болушунча. Өзүңүз айткандай «не жаратат, не жаратпайт», укук алардыкы. Оорундуу делинип калса, урматтуу датка айым, өзүм кайра келем, сиздин аманчылыгыңызга өзүм кепил болом.

– Куп жакшы, – деди Курманжан, – «эр жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн» дейт биздин эл!

Орточулар кетишер күнү өз өргөөсүнө чакыртып, жакшылап сый конок кылды Курманжан.

Бетке бата тартылып, тамактан кийинки кол жууш бүткөндөн кийин тыштан бир киши кирип, карышкыр ичик жапты майор Ионовго.

– Куру чыкпаң, төрө, – деди Курманжан акырын.

Майор ичиктин ичи-тышын каранып, жакасын сылап, «спасибо» деген сөздү улам-улам кайталап, балача кубанып отурганда кийитчи колундагы карышкыр кулакчынды кармаган бойдон, же «төрөнүн» аскерлик баш кийимин ала коё албай, же үстүнө баса кийгизе албай, кыйпылыктап калды. Түшүнө коюп, теңтуш болуп калган тилмеч майордун аскерлик баш кийимин башынан сурап отурбай сыйрып алды күлө. Сеңселген көк карышкыр кулакчын кийгизилди майорго.

– О-о-о! – деп жиберди майор.

Шабдан:

– Эми карышкыр болуп калдыңыз, майор! – деп мурутунан жымыйды. Сөзмө-сөз которуп койду тилмеч. Көңүлү куунак неме аны уккан да жок. Кыйыткан маанини түшүнүп, акырын күлүп койду Курманжан:

– Кубанып кетсин, кубанып кетсин... жаш жигит экен...

Кийитчи, өз көргөнүбү, тилмечтин башынан баш кийимин өзү эле сыйрып таштап, саймалуу ак калпакты кийгизе салды. «Эмне болду экен?..» – деди сугалак ою. Тыяктан «О-о-о!..» – деп калды майор, көзүн саймалуу ак калпак ала чакмак кыла. – Ке, алмашалы, макулсуңбу?..». Башынан алып, кармалап, кийизден экенин көрүп, «бизге болот ушу» деп, ичи чыкпай калды тилмечтин.

Майор Ионов бирдеме деди, эки жакты алаңдап каранып, үйдөгүлөрдүн баарына ыраазы болгондой кейпи. «Көп ыракмат айтып атат...» деп койду тилмеч көңүлсүз.

Тыштан дагы бир ак сакалчан киши кирип, көтөрө келгенин жазып, көйкөлгөн көк чамбыл илбирс ичикти жаап, төбөсү кызыл, кайруву кере карыш кундуз бөрк кийгизди Шабданга:

– Кийимдин жаны морт болсун, кийгендин жаны бек болсун...

Шабдан былк этпеди, ичиктин бир ийни саал түшүп баратканын өйдө тартынып да койгон жок.

– Мырза, – деди Курманжан ага, – бу кийит бокчодо жаткан дүнүйөдөн эмес, датка агаңдын бир-эки жолу ийнине салган кийими. Не дагы бир жетилген уулу, не жамыга төбөсү көрүнгөн тууганы кийер дегенбиз...

Жабылган тонду эч качан же кийип жөнөбөгөн, же өзү колтуктап чыгып көнбөгөн, алдына жамы жабдыгы менен ат тартылса чылбырын колуна кармап менчиктебеген, жигиттер ала жүргөн тонду, жетеленген жасалгалуу атты жардам тиленип алдынан чыккан бечарага, анын ким экенин сурабай кийгизип, мингизип, бечараны кубантып коюп кете берген жоомарт Шабданды «датка агаңыздын кийими» деген сөз гана көңүлүн тартты белем, ошондон соң гана датка айымга жүз багып, асте башын ийкеп, ыраазылык билдирип койду.

Майор Ионов тилмечи экөвү акырын өздөрүнчө күбүрөшүп, илбирс ичикти алма-телме тиктешип, кайра кужулдашып оту­рушкан. Тилмеч:

Бу кийим мышыктын терисинен окшойт дейт, – деп, жооп күтүп калды. Эч ким унчукпайт.

Бул элде сый берген сыйын мактабайт, сый алган сынабайт, кадыр көңүлүн баалайт – тилмечтин айтканын угуп укмаксан гана.

Көңүлү жакшы аттанды Ионов төрө.

А Шабдан кыйла бушайман. Бу шарт кабыл алынабы? Же жеңип желиккен паша Искебүл айлаң болсо жортуп көр кылып мукуратабы? Бу дымактуу датка жүз үйрүйт анда. Нары бир күн­чүлүк жолдогу жети шаар жакка кокуйлап кабарлашышка мажбурланышы да ыктымал.

* * *

Ош...

Кең короонун ортосуна көк нооту жабылган узун стол коюлган, жанында эки гана орундук көрүнөт. Эшиктен төргө чейинки эки капшытка парад мундирчен ардак кароол тизилген. Өңкөй иргелген офицерлер турушат. Бул окуяга атайын өзгөчө маани берилип, бул жергилик элдин көзүн ала чакмак кылсын үчүн, «бул кыргын эмес тынччылык апкелген окуя» катары айрыкча даршан этилмекчи эле.

Мүнөт жакындап, салтанатка катышуучулар коргондун эшиги жакка улам серп салыша, ошол эле учурда урматы улук генералдын да ичкериден шаңдана чыга келишин күтүшө көңүлдөрү бөлүштү боло башташты.

А генерал Скобелев эң акыркы ирет бою-башын каранып, сеңселген мурутун атырлап, «эми чыксам бекен» деген кыязда, али чыга элек. «Токтоо болмок абзел!» деди генерал өзүнө. Үлбүрөгөн жука пардеден тыш даана байкалып турган.

Те коргон оозунан аңгыча сары бээ минген, ак элечек зайыптын сөөлөтү көрүндү да, эки жагынан саал арттарак эки атчан киши коштоп, кабагы суз, бет алдын гана мелтиреп тиктеген боюнча, туш-тарабынан аваз кылган көпчүлүктүн көз алдында төрдү көздөй келе берди. Алтын саймалуу кымкап тон кийген, жакасынан эки өңүрүн тегерете кере карыш кундуз кармалган, зайып затына ылайык ничке күмүштөлгөн кемер курчанган, белинде кыны ар түркүн асыл таш чөгөрүлүп кооздолгон кичинекей кыңырагы жүрөт.

Жай, жайкала басып чыга келди генерал да. Тике карашынан, өзгөчө эркин тутунган сөөлөтүнөн аны «ушул Искебүл паша» деп, жазбай баамдады да, бээ үстүнөн асте салам айткан кабак көрсөтүп, тизгин жыя калды Курманжан. Генерал бир көз ирмемде эмне кылуу керектигин болжоп, ошол замат кубана мейман күткөн үй ээси өңдөнүп:

– Келиңиз, келиңиз, аттан түшүңүз, өтүнөбүз, урматтуу датка айым, – деп, атайын кабак жаркыта тосо кадам басты.

Түшүүгө эптенбей, түшпөйм да дебей Курманжан бир аз ың­гайсыз абалда токтоло калды да, ошол бээ үстүндө турган бойдон эле белиндеги кооз кындуу кыңырыкты чече баштады.

Бул эмне каадасы?! Таң болгондой элтейип тиктеп калды генерал.

Көк ноотунун үстүндө мурдатан даярдалып коюлган шартнаманын болжол тексти, жана да кол коюлуп бүткөн соң сыяпат үчүн ооз тийилет деген биртке мөмө салынып, ак күмүш табак турган.

Бир аз аралашып, адат баамдай калган майор Ионов мөмөсүн көмкөрө төгө коюп, күмүш табакты кош колдоп, Курманжандын алдына тосо берди. Бирок, Курманжан кыңырагын табакка салмакчы боло өйдө кармаган бойдон генерал Скобелевди мелтиреп тиктеп, токтоло калды.

– Урматы улугум, муну сиз өзүңүз кабыл алууңузду каалап турат окшойт... – деди тилмеч генералга акырын.

Күмүш табакты генерал колуна алары замат Курманжан кы­ңы­рагын күмүш табакка секин койду да, чач учтугунан бир байлоо ачкычтарды алып, күмүш табакка шылдырт дедире акырын таштады:

– Тилмеч мырза, айтың, ыкыбалдуу төрөгө, – деди үнү басмырт, – не абалда болгонубуз менен, биз өлкө эгеси, үй энеси эмес­пизби, айтың, биз өз үйүбүздө тосуп алгандай бололу. Көп алыс эмес, мына бу Мады кыштагында, ошол жерде өз төрүбүздө жай көңүл менен бүтсүн калган сөз.

Кеп маанисин тилмечтен угуп, ойлоно калды генерал Скобелев. «Ну, бу кандайча каадасы? Же кол коюудан эптеп кетенчиктеп жатканыбы?» деген түкшүмөл шек кылт деди оюна.

«...өз төрүбүздө жай көңүл менен бүтсүн калган сөз...» Жүйөгө муюду генерал:

– Мейли, урматтуу датка айым, сиз айткандай болсун, – деди шар, сеңселген азем муруту былк эте жымыйып.

Тилмеч которду.

Курманжан ыраазылык билдире саал таазим кылды да, үнсүз баш ийкеп коштошуп, гүл сары бээнин тизгинин кайра тартты. Эч калдастоосуз, жанагы келген сынында жайма-жай, коштогон кишилери менен кайра коргондун чоң дарбазасынан чыгып кетти.

Бу эмне деген табышмагы? Стол үстүндөгү күмүш табакка салынган датка айымдын буюмдарына кызыга үйрүлө калышты офицерлер.

– Бу, – деп чечмеледи майор Ионов, – кичинекей кыңырак – куралды таштаганы, а ачкычтар, туптуура жетөө экен, Кокония өлкөсүнүн эң акыркы жети шаарынын ачкычтарын тапшырганы. Өзгөн, Ош, Анжиян, Маргалан, Кокон, Наманген, Кожон!

«О-о..!». «Ушундайбы?!». Баары дуулдашып калышты.

Ориенталист:

– Бул жакта мындай жосун эзелтен, бирөө бирөөгө киши аркалуу же сөз айттырып, же бирдеме суратып калса, топусунбу, камчысынбы, иши кылып өзүнүн бир урунган буюмун көрсөтүп коюуга кошо берип жиберишкен. Ырас, ар бир буюмдун мааниси бар, топу болсо – сураныч, камчы болсо – буйрук. Демек, ишендирген кат менен барабар болгон.

Ичи чыкпай калган генерал Скобелев суз:

– А европалыктарга бу ачкычтарды шылдыратып көрсөтсөк «багынтышкан экен» деп ишенишеби?

Ориенталист:

– Жо, албетте, европалыктар жалган да болсо кагазга жазылганды «документ» кылып калган го.

Генерал тултуя терс бурулуп, сүрөтчү илеше басты:

– Көрдүңүзбү, келбети эле бир баа, анык каныкелик сезилет, ыя, Михал Дмитрич? Не деген теп келишкен сөөлөт?! Мына, каниги сулуулук, анык көрк мезгилди тебелеп өтүп келе берет деген ушу!

Генерал унчукпай укту. Бу көңүл деми ташкындап турган адамдын шарданына теңдеше алмакпы?! Минтип күкүрт чаккандай тутанып кетүү, өз ой чабытында калкылдап учуу көркөм өнөрдүн өзү өңдүү дуваналарына гана мүнөз. А генерал азирети императордун ыйык эркин орундатып жүргөн катаал солдат, бар болгону. Мындан кантип согушуу керектигин сурай бер!

– Да! – деди генерал сеңселген мурутун маашырлана сыланып. – Теги көрүнүп турат, аристократизм, албетте. Туураны туура дейлик.

«Да, – деди генерал өзүнчө купуя, – аристократизм тубаса, ак кайыптан десе болот, адам сөөлөтүнүн, адам рухунун бийик чеги, демекчи кудай өзү берерине түбүнөн канына кошуп берген өзгөчө дөөлөт...»

Жөнү жок жупулана бергенди генерал жактырбайт. Өз тукумун те XVIII кылымда орус өкүмдарларына кызмат кылган, сержант туруп накта азаматтар сыйланчу орденге жеткен Никита Скобелевден сүрүп, ошон үчүн өзүнүн бу жарыктык дүйнөдө өзгөчө бир вазийфасы, оруну барлыгына астейдил ишенип, ачык эле мактанып жүргөн адам.

– Михал Дмитрич, – деп, оюн бузду сүрөтчү, айланаңда не асыл көрктөр бар экенин баамдабай, баамдоого аракет да кылбай өмүр өткөрө берүүгө болобу деги?

Таң болгондой бир тиктеп койду генерал. «Болот, чырагым» дейби?! Орунсуз, тиги тартыша баштайт.

– Пай-пай... – деди сүрөтчү өз ой толкунунан али ажырабай, – байкайсызбы, жараткан көп убакта ажайыптарды өзү көз кубантыш үчүн жаратып алабы дейм?

Генералдын кыртышы сүйбөй:

– Бу эмне үчүн эле жараткан «ажайыптарын» так ушул жерлерге «жаратып» отурат экен?! – деп, ушул жагына ичи тарыгансыды.

Аны сайын кызып кетти сүрөтчү:

– Сиздин ичкүптүңүздүн себебин түшүнүп турам. Сиз бул жерликтерди цивилизациядан адашып калган эки аяктуу жапайы, варвар, а түгүл канибал деп ойлойсуз. Түз айтканымды кечирип коюңуз, Михал Дмитрич. Кантсе да, бул жерлерде да этникалык жагынан өңү, сымбаты кынтыксыз адам тиби бар экени шексиз. А кокус ушул эле аялда Тамерландын руху жүрбөсүн? Же байыркы канике энеси Тамиристин?

Биртике жумшаргансып калды генерал. Рух өтүшсө, ага князь Святославдан келиши мүмкүн – ушул көңүлүнө келди.

– Кызык, – деди генерал, – Сиз, Василь Василич, чын эле ушул азыр да бизде байыркы улуу аталарыбыздын руху жүрөт деп эсептейсизби?

Күйө быша, генералдын алдын тосо кала, колун серелеп сүйлөп, ишендирмекчи болду сүрөтчү:

– Ишенип коюңуз, руху гана эмес өңү, келбети, жүрүмү, а түгүл үнү көчүрүлүп калышы мүмкүн. Сиз жанагы бизге чоочун экзотика болуп көрүнгөн айымды жакшылап байкаган болсоңуз, анын өң түспөлүнүн тегинен, албетте, улам бир мезгил катмарын сыйрып алып, кичине өзгөрө, бузула түшкөнүн өз-өз ордуна коюп, оңдоп отурса, бир убакта биздин жалпы энекебиз жаратылыш өзгөчө көркөм жараткан байыркы накта оригиналы чыга келет. Өзү үч уктаса түшүнө бир кирбеген те бир мезгилдердин шамы али жанып турбайбы көзүндө!?

Ишенсе генерал өзүнө князь Святославдын руху келип калышына гана ишенет.

– Ну, – деди генерал күлө, – сиз, Василь Василич, идеалистсиз! Согуш көрүнүштөрүн тартсаңыз дагы...

– Жо, – деп сөз кайрыды сүрөтчү, – чынды «чын» деш керек, мен аралашып көрбөгөн кезимде согуш дегенди кандайдыр бир шаңдуу парад катары баамдачумун – ойнолгон музыка, султандары селкилдеген баатырлар, кылкылдаган туу, бир жактан замбирек күрсүлдөп, бир жактан аргымактар алкынып биртке гана элтеңдеткен кообу бар эрдемсүү... бир аз набыт болгон кишилери да жок эмес... Көрсө, – деди сүрөтчү өкүнө, – согуш деген өтө катаал, ырайымсыз нерсе экен. Биле албайм, муну кандай деп актоого болот деги?

Көп да маани бербей турган, генерал кабагы үйрүлө тиктеп, сүрөтчүгө карата көңүлү биртке кыра боло түштү. Балким, анын ар тараптан кыйын адам экенин сезгениненби, генералдын жүрөгүнүн тереңинде тең көрүү, кадырлоо сезими жүрөр эле. Кайраты, атайы бой салбаган, атайы дардаңдабаган мүнөзү жакчу. Нары да, «Самарканды коргогондугу үчүн» деген аскерлик Георгий крестин да алган. Же уялганы, же жупунулугу – ал крестти башкаларга окшоп, жаркылдатып тагынып жүрбөйт.

«Ыя, ушул биринчи же эң акыркы согушпу?! Же согуш кансыз, кыйроосуз болмокпу?! – деп ой толгоду генерал Скобелев. – Энекебиз Россиянын тарыхый миссиясын аткарып жүргөн баа­тыр адамды айыптап, үйдөн тышка чыгып көрбөгөн бооркерлер «куралсыз байкуш жергилик элдин абалын таң кылып жатат» деп чуу көтөрүшкөнүн кантесиң?! Кайда, кимдин гана канын төкпөсүн империясын кеңиткен, жашоо өрүшүн жайылткан баатырын Россия илгертен баалап келген, бүгүн да, эртең да баалайт, унутпайт».

А сүрөтчү өзүнүн көйүндө:

– Сүрөтүн тартсам болмок!

– Ким жолтоо кылат? Уктуңуз го, сиз «Тамерландын руху келип алган» деген кекирейген кемпир үйүнө чакырып жатпайбы?!

Кыштактан обочо кыртыштуу мейкинге кырка тарта кырк өргөө көтөрткөн экен. Те кыйла жерден ортодогу он эки канат чоң өргөөнүн эшигине дейре калы килем төшөлгөн. Жалаң иргелгени болуу керек, айттагыдай аруу кийинишкен ак калпакчан кишилер килемдин эки тарабына кырка турушуп, таазим кыла улук меймандарды тосуп алышты. Генерал Скобелевдин атын эки жактан сагакташып, сакалдары жайкала белдерине түшкөн эки кары адам өзгөчө сый-урматтын белгиси кылышып, калы килемдин үстүнө жетелеп бастырышты.

Улук деп генералды өзгөчө жылуу жүз, урмат көрсөтүп, бул элге таан сыйчыл адат менен дасторкон үстүн дүйүм даамга толтуруп, ашкере зыяпаттап күттү Курманжан.

Дасторкон үзүрү убагында эле ынтымак жагына ыктатыла эки жактан тең баштала берди сөз.

Бул эл акылсыздыктан эмес, өзү кураган өз ордосу тынчсыз, жайсыз болгону үчүн, өз өкүмдары катуу кол, суук тил болгону үчүн түп көтөрө ага каршы аттанып чыкканын, а бирок ак пашанын акимдери жапаа көргөн элге эмес, кайра ошол бапасыз ордого жан тартканынан орус аскери менен көтөрүлгөн журт ортосундагы кагылыштар аргасыз болуп өткөнүн эске салды датка айым. Муну генерал окуянын өнүгүш шартынан, алардын ордо эгеси менен анын букараларынын ортосундагы абалды жеткилең билбөөнүн залдарынан болуп кеткенин өзү тарабынан өкүнүч менен баян этти.

Курманжан:

– Биз бир кудайдын бирлигине ишенебиз. Бир кудайдын ар түркүн тайпа калк ичинде ар түркүн аты бар, маани ушул ки – ким кайсы атын айтып сыйынса баарыныкы бипбирдей дейбиз; бир кудайдын түркүн пайгамбарлары калк үчүн түркүн жашоо турмуш ирежесин көрсөтүшкөн эмеспи, маани ушул ки – бир кудайдын кайсы пайгамбарынын ирежесин тутунуш ал бир кудайдын өзү берген эрки деп билебиз. Ырас, бир адам атанын тукуму болгон соң өңү-түсү, сүйлөгөн тили, тутунган дини, көнгөн адаты, күткөн малы бөлөктүгүнө карабай түркүн тайпа калк арасында аңдашпай турган ой-санаа болмокпу, келишпей турган кеп болмокпу, жылышпай турган ич болмокпу?!

Тилмеч колунан келишинче майдалап маани уламыштап түшүндүрдү генералга. Бу кудайдын бирлиги жөнүндө чыккан сөздүн себеби бар болучу. Илгери орус падышалары журт караткан мезгилде Эдил боюндагы түркүн тайпаны күчтөп күргүчтөп, христиан динине баш бургузган. Өзгөчө Сибирь жакта христиан кечилдери өтө чаап «язычниктерди» кыштын күнү ыраң сууга чөмүлтүшүп, кары дебей жаш дебей тегиз чокунтушкан кезде өпкөдөн кагынып эл боо түшүп кырылып кеткен. Мындан кабары болгон аяр Курманжан ушундай капилет мүшкүлдөн сактанып калууга далалат кылып, алдын-ала айтканы болучу.

Курманжан:

– Биз келишер шартнаманын эртеңки өтүмдүүлүгүнө орустун өз баласы сиз, Искебүл-паша, жоопкер кепил болгойсуз, биз сизди гана карманабыз, урматы улугум.

Тилмеч которду. Генерал дин таратуучу беле, ал урушта ырайымсыз, өз падышасынын түпкү көксөөсүн мындай кеп менен өткөрөрүнө келгенде сылык да, жүйөчүл да боло алган эптүү саясатчы экен. Ал башын ийкей отуруп:

– Кадырыңыз жам болсун, урматы улук канике айым. Бул сүйлөшүүгө азирети ак падышабыздын өзүнөн мага кеңири укук, бийлик берилген, – деп тактады. – Ишендирип коёюн, Россия өз кол алдына караган калктарга кам көрөт, албетте, ал калктар империянын мүдөөсүнө каршыкпай турган болсо. Ушул кез – бүткүл дүйнөдө абал чалкештенип, жер бөлүштүрүп алып калуу кызыкчылыгы чоң өлкөлөрдү тике маңдайлаштырып салган кез. Мына, силерге тыяктан англистер көз артып, быяктан чириген кытай богдыханы беш салаасын сунуп турат. Ырас, ачык айтмак деркер, быякка келүүдө Россиянын да өз кызыкчылыгы жок эмес, анын бири Россиянын өз тынччылыгына коркунуч боло турган англис-кытай кадамын тосуу менен түшүндүрүлөт. Эң биринчи силерге тийер көлөкөсү бул – Россия бытыранды өлкөңөрдүн ич­ки пайдасыз кымкуутун тыят, тыштан, өзгөчө кытай тараптан тынымсыз боло келген кас экспансияны биротоло токтотуу вазийфасын өтөйт.

Майдалап которуп, «экспансия» деген сөзгө «жортуул» деп түшүнүк берди, тилмеч.

Курманжан:

– Үч жолу калмактар жортуул кылган, ырас, үч жолу жеңилип кайра кетишкен. Кытай... те Кумулдан нары жатат, ал жактан кийинки миң жыл ичинде жортуулчу келе элек.

Генерал Скобелев:

– Мындан нары келип калышы мүмкүн.

– Кудай билет, – деди Курманжан, кытайлар үй ордундай жер менен үй-бүлөсүн баккан эмгеккор, топуктуу эл. Сысы эжекебиз быякка жортуул жибере койбойт ко.

Генерал ойлонуп калды, сөөмөйү менен окумуштуу – ориенталистин чакырып алып, Сысы деген ким экенин акырын сурады. «Кытай өкүмдары, аял киши...» – деп шыбырады ориенталисти. «О-го, – деди өзүнчө генерал, – кара муну, кимди пеш кылып отур­ганын?!». «... а бирок, эжекесине чуркабай бизге сүйлөшүүгө макул болуп отурганы неликтен?..» – деген ойго кабылды. «Жо, бөөдө үркүтпөй бери тартыш абзел, бери...» – деген ой бекемдеди аны.

Грнерал Скобелев:

– Четке чыгып кеткен уулуңуз Абдылла бекти кайра чакырбайсызбы, датка айым? Биз жоунгердин эрлигин кадырлайбыз, бизге душман болгонуна карабай. Ага деле биздин пейили кең улук пашабыздын кечирими болуп калышын эсиңизге салам.

Чын эле Абдылла бек жактан чоочулап, «сүйлөшүүнүн» бир түйүнү кылып алдыга коюп отурушкан Курманжан сезбей коё алган жок, көзүн сүзө муңайып отуруп жообун айтты:

– Ал бала силерге «душман» эмес эле, ал бар болгону өз үйүн, өз ата журтун, өз элин коргоого аракет кылган, бар болгону, урматы улугум. Эми жашырыны жок, кой дегенге болбой «кошун жыйнайм», «көмөк табам» деген кыжалат айдап кеткен. Бирак, эми ал баштагыдай дүпүрөгөн эли бар бекпи?!. Эми ал элинен да, бийлигинен да ажыраган бир качкын. Качкынды ким ээрчийт? А ээрчиген кошуну жок, көксөгөн көмөгү жок болгон соң намыстуу бала кара жанын багыш үчүн, жеңгендердин ыракымына баш урунуп келгенден көрө, ошол тентигенин абзел көрөт ко дейм. Камтама болбогула, урматы улугум...

Дагы наркы-берки мудаа, санаа эки жактан астелеп ортого салынган соң жыйынтыктоого өтмөк болду генерал Скобелев:

– Эми, урматтуу датка айым, ушул пикир алмашуулардын маанисине ылайык үч түйүндөн турган бир шартнама даярдалыптыр, тилмеч орусча жана силерче окусун, угалы, макулсузбу?

Баш ийкеди Курманжан.

Тилмеч окуду. «Эски хан ордону жоюу, өлкөнү Россия империясынын кол алдына өткөрүү, бул элге карамагындагы башка тайпа журттар катары кам көрүү» делинген үч түйүн жыйынтык кылынган экен.

Курманжан көпкө дейре ылдый тиктеген бойдон отуруп калды. Тигилер да унчугушпай, бирде оор ойлордун алдында калган аял кишини, бирде бирин бири тиктешип, оңтойсуз абалда өзүлөрүнчө күбүрөшө да алышпай, мелтиреп калышты. Бир убакта өйдө карады Курманжан, саргылт жашыл көзү октолуп, акырын бир сыйра тиктеп алды баарын:

– Ыкыбалдуу төрөлөр, – деди үнү дирилдегени сезиле, – бу Бухара, Хийва ордолору жоюлбай этпей эле орустун ыгына алынды дейт ко?

Генерал Скобелев:

– Себеби мындай – алардын өлкөнү бытыраткан ич ара чатагы жок, өкүмдарлары азырынча эсен соо турат. А биерде, өзүңүз билесиз, жааттардын эсеби жок, ар бири ар жакка чоёт. Өлкө Империянын башкаруусуна өткөрүлсө, айтып эле коёюн, бири баш көтөрүп көрсүнчү, бири эмес баары баш көтөрүп чыгышсынчы?! Катыран тыйылат, демек элиңер тынчыйт! Кыр-рың деп көрүшсүн?!

Буга карама-каршы жүйөнү кайдан табат Курманжан?!

«Э-э... келип-келип эле өзүбүздүн ынтымагыбыздын жоктугу буларга жүйө, себеп болуп жатпайбы, аттиң ай...» Тигинин шагы сына калганына бир аз маашырланып, үнү абдан жумшак:

– Кана, датка айым, ушул шартнамага кол коюп, мөөр бассак болот ко дейм эми? – деди генерал Скобелев.

Тириле калды Курманжан:

– Жеңгер төрөлөр, дагы бир ойго кулак тута аласыңарбы?

Генерал Скобелев:

– Айтыңыз, датка айым.

Жай, үнүн көтөрбөй айтарын айта баштады Курманжан:

– Жергилик элдин жашоо түрүнө, туткан динине кысым болбосун, көтөрүлүшкө мурда катнашы болгондугу үчүн элди жазалоо, өрттөө тезинен токтотулсун, куугун жеп бозуп кеткен элдин өз жерлерине кайтып келишине тоскоол болбосун, тынч тириликке өтүшүнө шарт берилсин!

Генерал Скобелев өйдө боло бергенде «сүйлөшүүнүн» ал жагы баары дуу орундарынан турушуп, кең өргөөнүн төрүндө өзүлөрүнчө топ боло калышты. Үрпөйүшүп, бири кабагы үйрүлүп, бири баш чайкап, бири сөөмөйүн кезенип, кужулдашып кеңеше башташты. Койгон талаптарын кошкондо гана бул амазонка макул болору, колун коёру түшүнүктүү болгонсуду. аларга. Үй ээси улага жакта, үч гана кишиси бар жанында. Тилмеч дудук, төрөлөрдүн үзүл-кесил угулган сөздөрүн илип-илип которуп берип турбай, ал өзүнчө тымпыят. Түшүнбөсө да кулак төшөп, ар бир төрөнүн үрөйүн, кыймылын тиктеп, ошол учурдагы алардын дилиндегини туюп калышка далбас кылгандай, көз айырбай баам салып турду Курманжан баарына.

Үч офицер кут этишпейт, генералга батынып сөзгө аралашкан сүрөтчү, ориенталист гана. Кимиси тиктесе да тиктеген сайын тиги улагадагы азиялык амазонканын ирмелбеген саргылт жашыл көзүнө көздөрү урунат, ал саргылт жашыл көз тордун ичинде турган жолборс көзүндөй, ырайым күтпөгөндөй, жалдырабагандай, өз намысын гана, өз акысын гана көшөрүп талап кылып тургандай.

Көзү тыякта, өзү быякта, чалкеш ойлору менен Курманжан. «...ыя, кыргын кылды, жеңди, ээлеп алды... ээлеп алганыңа макулмун дедирип алыштын эмне зарылдыгы бар буларга?..» деп сурайт өзүнөн. Бир илинчек бар, бир орчун себеп бар биерде...». «Биз айтканга макул деп бүтөрүп ала беришпейби?! Жо, бизди теңчиликке алгылары жок!». « Демекчи, өз колубуз менен кагаздашып өлкөбүз аларга өтсө, а элибиздин эртеңки күнү эмне болору, өзүнө, жерине эгелиги, укугу эсепке алынбаса... Мына-а, ээси көнсө да ууру теңчиликке көнбөйт деген ушубу?! Зорлук ушубу?!».

«...башында таажысы барлары мындай талап коё алышкан эмес эле, бу кемпир...» – деп, башын чайкайт генерал, «эмнесине кутурат...» дегени ооз учунда. «... алардын башында таажысы болгону менен, бу кемпирдеги кайрат, рух аларда болгон эмес! Биз быяктын адамдарынын баарын ошолордой оңой көрүп алганбыз...» – деп күбүрөдү сүрөтчү. Генерал айтышып отурбайт, ойлонуп буркуят, ойлонуп калганы – ийиккени, а ким билет, бу корс кыял генерал ушинтип туруп эле артынан кесе айтып ташташы да ыктымал. «Төрөлөр, – деди генерал, которуу болбогон соң, катуу, – менден капитуляция кылдырууну талап кылып жатышпайбы, кадырлуу төрөлөр?!». «... ал өзүнчө туура, баары кыйраган соң капитуляция, бирок улук урматтуу генерал-губернатор ушул сүйлөшүүнүн башында өзү болсо, мына бу акыбалды эсепке албай коё алмак эмес... «. – Бу ориенталисттин ою. «Сиз, макул болуп коюңуз, Сизди Россияда түркстандын баатыры дешип жатышат, бу байкуштардын акыркы талабына макул болуп койсоңуз, сиз тараптан дагы бир айкөлдүк болот, «жырткыч», «желмогуз» деген сөздөр кыйла маанисин жоготот, ишенип коюңуз мага...» деди өзүн ага жакын көргөн сүрөтчү. «Бул шартнама, – деп сөз кошуп калды ориенталист, – кийин тарыхтагы бир бурулуш болуп бааланат...». «А мен айтып коёюн силерге, – деп, генерал оң колун өргөөнүн көк асман көрүнгөн чамгарагын карай көтөрө силкилдетти, – эртең бул крайды өздөштүрүү иши башталат, жер маселеси чыгат, ошондо көрөсүңөр, мындай «шартнама» өтө чоң кедерги болот, угуп койгула, кадырлууларым!»

Сүрөтчү, бул элдин тилин, ыр-жомогун, этнографиясын «изил­деп жүргөн» окумуштуу-ориенталист, аларга акырын ыктап кошулуп майор Ионов – булар да орустар, Россиянын Дүйнө Лигасында мокочодой жамандалып калышына күйүп турушат.

Кең өргөөнүн бир улагасында Курманжан өз кишилери менен турат, алар кооптоно башташкак. «Чык бириң тышка, тез жигит чаптыр элге, камдуу болушсун баары... Тигине, түрү жакшы эмес, канкор паша кайрадан жортуулун баштайт ко...» деди Курманжан, кай бири башын акырын ийкеп, кай бири тирилей сүрөт болуп турушат. «Биз мунун кагазына мөөрүбүздү баса албайбыз, жандан коркуп мөөр басып берсек, эртеңки күнү жашоо жайытынан ажыраган элдин алдында жүзүбүз кара болот... Өзү сатылып кеткен «саткын» эле эмес, ата журтту «сатып жиберген» деген кайтпас каргышка калабыз...».

Ошол учурда тилмеч акырын кыңкайлап келип, унчукпай, кулагын төшөй калган.

– Тур нары! – деди катуу Курманжан аны көрө кала. – Тыңчы...

Жалт карай калышты тигилер. Ориенталист тез бери басып келип, муңайым жымыйып:

– Урматлы датка, – деди түрки менен, – ага капа болбоңуз, бир аз токтонуңуз, баары жайында болот, датка... – деп, астейдил жубатты.

Жүзүн тиктеп:

– Бизденсизби, жарыгым?.. – деди Курманжан акырын, үнү калтырап.

– Орусмун, датка, орусмун, – деди жүзү жылуу адам. – Силерден те тиги... – деп, тыржыйып калган тилмечти көз шилтеп көрсөтүп, күлүп койду.

– Жо, жарыгым, – деди Курманжан, – «силердики» да, «биздики» да эмес.

– Эми, эсиңизден чыгарып коюңуз аны, – деп, күлө багып, жүзү жылуу ориенталист кайра басты өз тобуна.

«Ушул азыр кычырашып отура берсек иш бузулат, ал иш, Михал Дмитрич, Россиянын иши. Жатып өлгөнчө атып өл деген сөз бар буларда, булар атып өлүшөт. Коңшулары ойгонот – Иран, Кытай. Индиядан англистер кол сунат. Дүйнө Лигасы кайра курчутуп Россияга каршы маселе көтөрөт. Орустун каны төгүлүп, казынасы чачылып ушунчалык ийгиликке жеткен соң бул ийгиликти Россия үчүн майда бирдемелерге кычырашып отурбай булардын сураганынан ашыкча берип бекемдеп калыш керек!» деди ориенталист, ал душманга түгүл «өз» дегендерге да айта бербей турган эң акыркы сырды айтты.

«Гм-да...», «Ну да...» деп, сеңселген мурутун желп эттире үүлөп, кайра сыланып, тынчы кетип укту генерал Скобелев.

«Биз билебиз, байкап көргөнбүз керек болгондо өмүр баянын, тиги жашыл көз аял көзүңүзгө көп кемпирдин бири катары көрүнбөсүн, Сизге кырың дей албаган таажылуулардын ошо таажысынан башка эчтемеси жок болгон, артынан ээрчиген бир уруу да эли болбогон, ошон үчүн алар сизге кырың деше албаган, а бу жашыл көз аялдын артында бул өлкөнүн дүпүрөгөн атчан эли бар, Бухара, Хийва, Кашкар ордолору кадырынан шек санашпайт, ушул убакта, ордо ээси жок турган убакта бул жашыл көз өлкөнүн таажы кийе элек каникеси катары эл арасында даршан болуп айтылып жүрөт. Демек, – деди кескин ориенталист окумуштуу, – бүгүнкү акыбалдарына жараша «сүйлөшүүгө» келип турган соң, урматы улук Михал Дмитрич, Россиянын бүтүп жаткан ишин кокус бүлдүрүп таштабай турган болсок экен...» Көптөн бери ага илешип жүргөн, «бабыраган бирөө» делинген бу «окумуштуу» эми көрүндү го?! Чоочунуп калды генерал, «жашырын бакылоо» деди ичинен, бирок анын айтканынан бир кынтык таба алган жок.

Тамшанып туруп, сеңселген мурутун маашырлана сылап, ошол көз ирмемде эле «сураганынан ашыкча берип болсо да» деген сөз көңүлүнө келип, ичинен күбүрөнүп, анан килейген генерал чайпала Курманжанга карай басты:

– Биз абдан терең кеңештик, датка айым, айткан талабыңызды орундуу деп таптык, макул болдук!

«Жүзү жылуу, тил билген орус» кабагы жаркылдап, күлө багып, генералдын сөзүн шакылдатып которуп калды. Былк этпей, үн катпай, саргылт жашыл көзү коюлгансып, акырын башын ийкеди Курманжан.

– Ыраазылык айтты, – деди токтолбой «жүзү жылуу».

Генерал Скобелев:

– Качан айтты?!

– Көз тиктеп, баш ийкеп койгон, Михал Дмитрич, быякта «макул», «ыраазылык» болот.

Күлүңдөп:

– Биз дагы Сизге ыраазыбыз... – деди генерал Скобелев, сөзү которулду, ал датка айымдын эки чыканагынан асте сүйөй кармады, анын тула бою билинер билинбес титиреп турганын сезди. – Эми кам санабаңыз, өз-өз ордунда болот иштин баары...

Кайра өз орундарына жайланышып, көңүлдөрү ачылып калышты. Майор Ионов, сүрөтчү Верещагин, ориенталист окумуштуу Васильев шартнаманын жаңы үлгүсүн даяр кылышты.

ШАРТНАМА

1. Эски хан ордосун кайра кандай абалында болбосун калыбына келтириш эки жакка тең ылайык болбойт.

2. Жети шаарлуу Кокония өлкөсүн Россия империясынын карамагына эки жак тең өттү деп эсептейт.

3. Жергилик журттун жашоо тиричилигине, туткан динине Россий акимчилиги тарабынан кысым кылынбайт.

4. Көтөрүлүшкө мурунку катнашы үчүн өлкөнүн калкын жазалоо токтотулат; колго түшкөн же өзү келип кабылган көтөрүлүшчүлөр азат болунат; куугун жеп бозуп кеткен элге кайра өз жерлерине кайтышка, жана да тынч тирилигине өтүшкө шарт берилет.

5. Россия өз карамагындагы башка тайпа журттар катары бу Жети шаарлуу өлкөнүн журтуна да кам көрөт.

Шартнамага генерал Скобелев кол койду. Курманжан «Курманжан датка айым» деп жазылган күмүш мөөрүн басты.

Камдуу келген генерал өзү Курманжанга кызыл кымкап тон жапты:

Кут болсун, урматы улук канике айым, биздин азирети ак пашабыздын улук ыракымы! Сизге орус аскеринин полковниги деген аскерлик чин берилерин, жана да өз өлкөңүздөгү эң бийик баркыңызды мындан нары да дагы көтөрүп, сизге «кара кыргыз каникеси» деп урматоо ылайык табылганын көп алдында жария кабарлап коюуну өз вазийфам деп эсептейм. Жана да, мындан тышкары азирети ак пашанын казынасынан сизге жылына үч жүз сом өлчөмүндө көмөкчү каражат ыйгарылат.

Курманжан мелтиреп суз кабыл алды. «Кайдагы канике?! Өз алдынча журт сурайт канике деген?! Бул шартнамага мөөр басып, анан каникемин десең тууган уялбайбы, душман табалап күлбөйбү, кокуй?! – деп, тымызын көңүлү сынды.

– Эми мага атак зарыл эмес, улугум... Мага эми азирети ак пашанын пейили кең болушун гана бир кудайдан тилеп, ушул ыйык шартнамага ылайык журтум тынч болсо, журт ичинде өзүм бир кудайга кулдук өтөп, тынч өмүр кечириш жагы гана ылазым... – деди Курманжан, не өкүнүчү, не ыраазылыгы сезилбей.

Сый тамак учуру эле.

Тыштан акырын кирип, небереси Мырзапаяс чоң энесинин жанына кош тизелей акырын чөгөлөй отуруп, башкаларга байкатпай кулагына: «Чоң эне... сиздин үрөйүңүздү көчүрүп алып атат, чоң эне...» деп, асте шыбырады. И, үрөйүңүздү көчүрүп алып атат деген эмне?! Чоң энеси небересин бир карап койду. Мырзапаяс улагада күймөнүп отурган кыркма кара сакалы бар сыпаа жүз орусту тымызын чоң энесине байкатты: «Оногу орус көчүрүп алып атат...». Курманжан түшүнө албай, орус жакты карап элтейди. А орус улам ага көз кырын салып, кайра алдындагы бирдемеге күймөнүп, колу ойсоңдоп, кайра көз кырын салып, кайра өзүнчө үңүлүп отурат. «Бул сыягы пашанын наиби окшойт... келген күндөн бери эле улагада ушинтип, ооздон чыккан сөздү жазып алгансып жүрөт ко...» деди ою.

Муну байкаган генерал Скобелев:

– А киши сүрөтчү Верещагин төрө, канике айым, – деп калды, – сиздин сүрөтүңүздү тартып отурат, камтама болбоңуз, канике айым.

Ориенталист которду.

Эки көзү күлүңдөй башын ийкеп койду сүрөтчү төрө, негедир шашкансып, көңүлү толкундагансып, өз ишине дагы карамыга үңүлө.

Курманжан «кандайча?!» дегендей, көңүлү уйгу-туйгу болгон­дой таң калып, бир кур кейиштүү ойго кабылгандай, эмне дээрин билбей калгандай нестейди. «Үрөйүнө кошулуп адамдын руху сүрөткө өтүп кетет» деген кооптуу сөз эсине келди. Бирок, эми эле шартнамага мөөрүн басып, амирине моюн сунуп берген акимдерге каяша айта албай дендароо болуп отуруп калды.

– Жакпай калды, – деп түшүндүрдү генералга Курманжандын абалын ориенталист.

– Көрбөй туруп эле жактырбай калабы?! – деди генерал бери апкел дегендей сүрөтчүгө ишарат кыла.

– Өтө жооптуу сындан өтө тургандай өзүнчө эле апкаарып, сүрөттүн ар кай жерин бир тиктеп, кармалап, кайсаланып калды сүрөтчү. Мына, отургучтай бирдемеге коомай отурган, жука кызыл камзолдун тышынан белине кооз кындуу кыңырак байланган, башында үлпүлдөгөн жаңы кар сыяктуу ак илеки чалынган, буудай иреңи суз, акылы, кайраты ачык сезилип турган орто жашап калгансыган зайыптын сөөлөтү. Сүрөтчү ордунан туруп, төргө келип, сыңар тизелей сүрөттү бери карата берди.

Көзүнө чалына электе Курманжан көзүн акырын жумуп алды. Генерал Скобелев:

– О-о... Эң сонун... деп жиберди. Курманжан жумган көзүн ачпай үнсүз башын чайкады. Жаш Мырзапаяс сүрөттү эки көзү бакырайып, апкаарып тиктей берди.

– Көргүсү келбеди, – деп түшүндүрдү ориенталист.

Кубанчы заматта күбүлүп түшүп, сүрөтчү ордунан шып туруп, сүрөттү абайлап кармаган бойдон өргөөдөн чыгып кетти. Эми көзүн ачты Курманжан. Төрөлөрдүн таң калып тиктей, кабактары кирдей түшкөнүн көрдү да:

– Капа этпеңер, урматы улук төрөлөр... – деди, кечирим сурагандай үнү басмырт. – Те илгери да, биздин пайгамбарыбыздын тушунда да, ушундай адамдын үрөйүн көчүргөн өнөр болгон дейт. Пайгамбарыбыз сыркоолоп калганда бир күнү жанындагы ишенимдүү чар йары ушундай өнөрчүгө анын ыйык үрөйүн көчүртмөкчү болушат. Өнөрчү келип, көчүрө баштаганда пайгамбарыбыз жүзүн калкалана койгон дейт. «Э-э, расул илла, кийинки үмөттөрүңүз үрөйүңүздү көрүп, кыяматка дейре медер кылып жүрүшпөйт беле?!» дешкен. «Баарыбыз адам атанын баласыбыз, андай болгон соң мага окшогон бир үмөтүм үрөйүмдү карап отуруп бир кыйкым табат, бир үмөтүм сулуусунат, бир үмөтүм сөөлөттүүсүнөт, маани ушул ки, үрөйүмдөн көрө сакы үмөттөрүмө жакшы ишим, акыл сөзүм калсын» деген экен пайгамбарыбыз...

Маанилеп түшүнүк берди ориенталист. Төрөлөр өзүлөрүнчө кобурашып калышты. «Мейли, ар кимдин өз үйүтү өзүнө жакшыдыр, зыяны жок болсо болду бизге...» деп койду генерал Скобелев.

* * *

Ким бороонго кабылган, терс айланып удургуган, бет алдыңды көрсөтпөй, дем алдырбай, айлананы, тири жанды буй кылган?! Ким көргөн уюлгуган кара булут чүмкөгөнүн, шыбыргак бурчак урганын, сеңселген дарак, көйкөлгөн эгин, түркүн кийе, көкүрөк керген жалбырак сабалып, топостолуп жыгылганын?!

Куду ушундай бороон, ушундай муз бурчак тебелеп өтүп, эми боло калган биртке жымжыртта, мөмөсү топостолгон көлөкөсүз дарактын түбүндө, кыйрап жыгылган эгиндин четинде, «чырк» эткен чымчыгы жок ээнде Курманжан өзү жалгыз отуруп калган сыяктуу.

Эми кайда кадам коёру, эмне арга, кандай гөр тирилик кылары бүдөмүк, бир шумдук көз карайлап, баш каңгырап бош калган.

Баягы «кол коюшкан» күндөн бери «канике айым» үйдөн чыга элек, бейчеки кишиге көрүнө элек. Эрте козголуп, даарат алып, ба­гымдат намазын окуп, бетке бата тарткан соң да, былк этпей көп­кө отура берет. Тышка чыкса, алдына күрсү коюнуп, үйгө сү­йө­нүп, жадырап чыккан күндү карайт, кудайга шүгүрчүлүк келтирип, күнүгө кечикпей чыккан күнгө ыраазы болуп, келе жаткан жамыга жакшылык тилейт. Кечкисин да намазын окуп алган соң дагы баягы, кызарып баткан күндү карап, күн кызылына көзү ча­гылышып, ыйлаган көздөй жашылданып, чарчаңкы ымдалап коюп, былк этпей, күңк этпей шалдырап отурат.

Не иш кылды, неге кепил боло алды?! Бирден ийиктин жибиндей кайра чубап, кайра көңүлдөн өткөрүп ой тербетет. Не өкү­нөрүн, не көңүлгө төтөк кыларын такмындай албайт, не «тагдыр ушу го» деп, мүңкүрөп моюн суна албайт – ой ааламдай чексиз, толкуган мухиттей тынчсыз.

Тышка көтөрүп чыгышып, төрөлөр «Шартнамадан» эмне пайда көрүп жатышканы ага угулбайт. А биерде «канике айым» атынан даршан. Бозгон эл өз ата конуш жерлерине кайтууга улуксат болунуп, тынч тирилигине өтүшүнө мүмкүнчүлүк берилди. Бир жагынан, «Жазалоочу экспедиция» жоюлду болунуп, аскер бөлүктөрү ар кайсы шаарларга бөлүштүрүлүп, «аскер туругу» деген бекем коргондорго жайгаштырылып коюлду.

Тоо буйгаларында топтолгон жергилик кошундар да, шартка жараша ыкташып, бошоңдоп, өз-өз айыл-кыштагына акырын сиңип, көрүнгөндүн көзүнө түшө бербей калышты. «Аскер туруктарынан» «тартип сактоо» деген максат менен шаар ичинде күнүгө, өзүлөрүнө жакынкы элет арасына ар убак «марш» жасашып турушат. Бу «тартип үчүн» делинсе да, тегинде жергилик элге дагы эле кыр көрсөтүү, сесин алып туруу болгон. Кээде отряддардан «жеңген аскер желигип» болуп, жолуккан айылдын «асылды» деп иттерин атып, тентектик кылышкан учурлары бар. Саламга жараша алик болот, ошондой бир «марш» алдынан «кырат экен», «өрттөйт экен» деген каңырыш угулуп кетип, бирөөлөр буктурмадан ок атпай кылыч чаппай илгеркиден калган жаа менен эле бирин соо калтырбай сулатып да ташташкан.

Энеден «бек туулгам», «хан туулгам» дегендер бири хандык укугунан ажырап, бири бекчилик кадырынан тайып, эң акыры, жок дегенде, «орус менен кол коюшуп» «ит жемин» бөлүшүп калбаганына өкүнүшпөй коймокпу?! Не кокустук, не эрегиш, иши кылып, тигиндей болуп кеткен кагылыштар тымызын күйт­күлөнүп, «журт намысы», «дин намысы» деген ыйык сөз кайра­дан күбүр-шыбыр болуп, кайрадан жанына кире баштаганда кыл­дат жарымпаша муну көз жаздым кылган жок. Бир убакта эл көтөрүлүшкө каршы «иш кылып» беришкендиги үчүн өзүлөрү ар түркүн «наам», «чин» ыйгарган «Его высочества» Кудаяр, «дворянин» Насирдин, «полковник» Абдырахман элден бөлүнүп, алыскы Оренбург губерниясына көчүрмө кылынды. Түркстан жерин канга бөлөгөндүгү үчүн чет элде да, бул элде да өзгөчө жек көрүнгөн генерал Скобелев оболу Санкт-Петербургга чакырылып алынды да, андан нары ошол кезде Балкан-Тоодо жүрүп жаткан орус-түрк согушуна жиберилди. Мунун кетиши да жергилик элди кыйла ыраазы кылган иш болунду, бир жагынан.

«Канике айым» өзү менен өзү сүйлөшөт, өзүнчө күбүрөнөт, көңүлүнө, өмүрүнө өзү мөөрүн баскан кагазын кайра эсине алат. «Ыя, бирине бири суук, төрүнөн гөрү жуук, акыл мукураган, арга түгөнгөн бул алаамат мезгилде эмне деш, эмне кылмак эп эле канавайран чабылып, кан ордосу таланып, баш-көзсүз калып турган элге?! «Кайра аттан» деш, ал курулай пеш – көз көрүнөө отко итериш, окко түртүш – бу деген ичте жүргөн жаттын кылары, же атасынан калган өчү бар кастын кылары! А арага түшмөк – келтек жемек, кеп укмак, ошен этип туугандыгын актамак – алсызын, бечарасын сактамак. Мына – таажы кетсе баш эсен, элбеги кетсе эл эсен, эл турагы жер эсен, жалын өчсө очокто кору калды, жели чыкса көкүрөктө деми калды – эртеңкиң өз акылыңа, дымагыңа жараша, көрөрсүң...» дейт, өз үмүтүнө гана жылынып отурат.

Ошол эл ичи да, өз көңүлү да биротоло тына койбогон күндөрдүн биринде эбегейсиз чоң шар боло түзгө кызарып батып бараткан күндүн бетинен биртке карарган так көрүнгөнсүп, анан улам чоңоюп, кыймылдап бери чыгып, адам сөлөкөтү көзгө түшкөнсүйт. Кош көрүнүп жатабы, Курманжан көзүн ымдалап тиктеп калды.

Жо, адамзаада экен, күндүн кызылынан чыгып, жөө, бери кайрылды. Ит үргөн жок, акырын илдиреп басып, жакындап келе берди. «Кандай көйүндө болсо да эркектин периштеси улук» делинет эмеспи, «кадырлуу канике айым» саал козголуп, ордунан турган болуп, аны утурулап көңүл бөлүп калды.

– Арыбаң, байбиче, арыбаң... – деп салам айтты, календер экен.

– Бар болуң, бар болуң... – деп, жылуу алик алды Курманжан.

Саал энтигип токтоду календер, бир жактан көшөрүп жол жүрүп келе жатканы сезилет.

– Келиң, – деди Курманжан, – келиң, мейман болуң, азизим...

Үй бүлө зайып леп барып, мейман үйдүн саймалуу чий эшигин көтөрүп ачып калды. Көз ирмемге ыргылжың боло, көп убакта эшик алдынан эле кетип көнгөн неме, же сыртынан тааныйбы, же бу салабаттуу байбиченин сазесин кадырладыбы, биртке ыраазылык сездире акырын баш ийкеп, тиги тири пенде төбөсүнөн өйдө көтөрө ачып зарылып турган эшикке карай илдиреп кадамдап барып, ичкери кирди.

– Төрлөң, азизим, төрлөң...

Кепичин улагага чечип, түбүндө бирдеме томпойгон көлбөөрүн керегенин башына илип, анан төшөлгөн килемди басып келип, төркү килемдин үстүнө жайылып жаткан шайы төшөктүн четине коомай көчүк басты. «Жо, жо, азизим, төрлөң, төрлөң...» дегенине көнбөй, акырын «кудай жалгасын» деп, ыраазылыгын айтып койду. Наркы четине отурду Курманжан.

«Шырп» этпей, «түп» этпей лепилдеп кыймылдаган үй бүлө зайып тез колго суу куюп, тез дасторкон жайып, дүйүм даам коюп, чай суна баштады.

Мейман өзү менен өзү, эч кимге тик караган жок, дасторкон үзүрүнө серп салып да койбоду, бир сындырым нан алып, кичинеден чайга малып, акырын күрмөп, артынан акырын чай ууртайт.

Бир кишмиш алып, оозуна салып, артынан чай ууртаган болуп, шүк отурат Курманжан да.

Өзү айтпаса календерлерге эч убакта «эмне кылып жүрөсүң», «кайда барасың» деген суроо болбойт, булар бул дүйнөнүн үзүрүнөн кечкен, кудайдын бирөө экенин, пайгамбардын барлыгын сайрап, жер кезип жүргөн ыйык кишилер делинет. Кай бир буга кошумча заман түрүн, адам пейилин сыпаттап, келе жак жөнүнө болжол айткан ойчулдары да илгертен боло келген. Топугу улук, көңүлүнөн чыгарып бирөө жарты нан берсе «берди» деп сүйүнбөгөн, бербесе «бербеди» деп күйүнбөгөн, ачтыгына да, токтугуна да кайыл, кудурет өзү толкуган ой мингизген азиздери.

Бир сындырым нанга, эки куюм чайга өзөгү жалганып калды белем, эми ээн жерде, ээн үйдө өзү жалгыз отургандай өзүнчө жер тиктеп, өз оюна өзүн алдырып, эки жагын көрбөй каранып, көзү айланып үргүлөп, эрини кыбырап, бирөө менен сүйлөшкөн таризде көкүрөгү акырын күбүрөнүп, акырын кыңкайып калды.

Үй бүлө зайып леп жаздык алып, анын башына жаздамакчы болду эле, «канике энеси» бир алаканын асте көтөрө «ойготпо» деген ишарат кылып койду.

Чукуранып алды календер, бир кур эки алаканы курушкансып, биртке титиреп, күбүрөнө баштады, көз уйкуда, көкүрөк ойгоо сыяк.

... эл дымагы түгөнөр,

эр кайраты мукурар...
... айрылар ана тилинен,
азгырылар дининен,
өзгөрүлөр түрүнөн...

... эси, көйү билинген,
өз элине күйүнгөн
өспүрүм «жаман» делинер...

... жаттын ырын ырдаган,
жандап жаны тынбаган
эр дана болуп көрүнөр...

Курманжан нестейди, былк этпей, чук этпей кулак төшөдү. О, жараткан, бу не деген аян?! Эртеңки күндөн баары бир көңүл тынчытпай, өзөгүн көрүнбөгөн курттай жеп отурган өз күдүк санаасына келип тийди го?! Үстүнөн чыкты го?!

Ошол пайитте календер аягынын учу дирт-дирт этип, толгонуп, өйдө боло башын чулгуп-чулгуп алды, дагы эле токтоно албады.

...о, кудурет сактай гөр...

...атадан калган жер унут,
...анадан калган жер унут,

...тутунуп келген илгертен,
уюктуу элди журт эткен салт,
кааданын баары унут...

...кардынан башка жову жок,
катындан башка эли жок...
бакыл болор пенделер,
иштеп курсак тойбогон
ач мырзалык күн келер...
... уктап уйку канбаган
бейтынч, бейкут түн келер...

... өзүңдөн башка, бир алла,
айла, аралжы ким берер?!

Өз бушманы, өз тилеги кошул-ташыл болуп, «йа, алла... йа, алла...» – деп, карманса болбой каңырыгы түтөп, өпкө кага энтигип кетти Курманжан.