кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Жетинчи бөлүм

II

Бекназар көзүнөн нуру кеткен, иреңи боз, күн ашкан сайын деми сувугандай, бул дүйнөдө айтар сөзү, кылар иши түгөнгөн сыяктуу, өзүнөн өзү мүңкүрөп чөгүп жаткан. Кана, ордо кана, мамлекет кана?! Исхак кана?! Ал эми калган өмүрүн, өз жанына өзү кол сала албаган соң, карыптын күнү менен өткөрмөктү эп көргөн. Көңүл тереңинде аргымак ат, наркескен кылыч, эр кайраты менен коштошуп, оозуна эртели-кеч келме алып, башына тери малакай кийип, белине ак жоолук курчанып, Теңирберди менен Кулкиши катарына кошулган.

Күнүгө бир коркунучтуу кабар эл арасына желдей тарайт. «Кара тил деген орус колбашы чыгыптыр дейт... «. «Кара тил кыштак койбой, айыл койбой өрттөп, кары-жашын ылгабай адам атпайды бир тегиз кырып келейаткан имиш...». Күнүгө үрөй учат.

Эл ичинен ыкчамдары тоо жамынып, көмүскө, барууга чыйыры татаал жайларга түндөп көчүп, бала-чаканы көздөн далдалап жатат. «Бир кабар уккан го булар... жакындап калган го биз тарапка Кара тил...». Эл күнүгө дүрбөйт. «Ордого эң кадырлуу бийлердин бири багыш Сарымсак элин таштап, биртке өз туугандарын алып, Таласка көчө качыптыр дейт ко?»

Теңирберди:

– О-о... бу биздин эл көп алааматты башынан өткөргөн... деп, ой басып, улутунуп алып кеп жалгады. – Тегибиз түрк огуз экен. Ошо кыйлы замандардын биринде огуз журту бир жоо менен чабышып, жоо да кырылып, өзүлөрү да кырылып, уруш майданынан кырк атчан гана чыгып кеткен дейт. Ошол бойдон дым-дарексиз жоголуп, нечен суулар агып, нечен жылдар өткөн соң кайра дагы көбөйүп, дагы чабышка жарамдуу болуп, көзгө көрүнүп калган экен. «О-о, булар кимдер? Кайсы эл?» дегенде, «Бу баягы кырк атчан огуз» дейт билгени. Ошо «кырк огуз» дегенден «кыргыз» атанган экенбиз.

Бекназар кепке аралашпайт.

Теңирберди:

– О, кийин, кара кытай чапканыңда дагы бир көйкөй көргөн. Бири кетти ала тайга, кара тайга, бир кетти капкайдагы каңгайга, бири кетти Эренге, бири түшүп эле кетти тереңге деген арман калган будан...

Башка нерсени ойлонуп, бу өтмүш кулагына кирбей, акылына сиңбей, өз алдынча кеңгиреп отурат Бекназар.

Теңирберди:

– Бу капсалаңдан да өткөн экенбиз... Дагы өнүп-өсүп, дагы биригип, «урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай» дегендей, башка эле эки жоо чабышып жатса күтпөгөн чакта көп кол болуп каптап кирип, бир жагына болушуп кеткен дейт. «Йе, булар кимдер? Куп чакта келди да!» дейт кысталып турган колбашы. Суроо салат. «Булар тоодо-түздө жашаган элети экен, токсон эки колбашысы бар экен, ар бири өзүнө өзү бек, өзүнө өзү хан экен» деген кабар алат. Мына ушундан «токсон боолуу өзү бек», «кыпчак» деген кошумча айтым ат кошулган. А жыл артынан жыл өтүп, кылымдар алмашып, акыры бири «кыргыз кыпчак», бири «кыргыз казак», отурук кылганы «сарт кыпчак» делинип, этеги жайылган үч тайпа тууган, бир журт болгон экенбиз...

Өзүн да ой басып түкшүмөлдөнүп отуруп, кайра кеп улады Теңирберди:

– Ушундай кыйын кезеңдерде да, «караңгыда жол тапкан, каңгыганда акыл тапкан, эл баккан» деген балдары болбосо чабылганы куралат беле, чачылганы жыйналат беле?! Бери жагы эстен чыга электерин эле айталы, «кулалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган» деген атагы али өчпөгөн айкөлүң Манас, андан бери Чыңгыз-хан, Ырыс тархан, андан бери Кан Батыр-кан, акыркысы амир Темир Көрөгөн...

Кулкиши муну эч качан укпаган, эки көзү чекчейип, эки кулагы тикчийип отуруп укту:

– Мына, дагы кыйын күн түшүп турат ко... – деди ал, – качып кайда бармакпыз, көчүп кайда баш катмакпыз?!

– Аттиң ай... – деп, шыпшынып алды Теңирберди. – Дагы эле аккан арыктан суу агып калар, жок дегенде, очоктун корун, элдин уюткусун эртеңкиге эптеп сактаган бир эркектана жаран табылып калар...

Тамсил айтты Теңирберди:

... О илгери, жер заманда бир каардуу ажо «Күндүн чыккан жерине, күндүн баткан жерине жортуул кыламын. Жолго будоо болот алтымыштан ашкан кары калбасын, бүт кырылып ташталсын!» деп буйрук кылган экен. Буйрук буйруктай аткарылат. Ошондо бирөөнүн жалгыз баласы атасын кыя албай, жегдесин улактын канына боёп барып ажого көрсөтүп, атасын бекитип калыптыр. Камылга бүтүп, бир күнү дабыл согулуп, сурнай тартылып, жортуул башталат. О кезде жортуулга бүт эл бүт бүлөсү менен, малы менен көчүп жөнөчү турбайбы?! Баягы атасын бекитип калган бала да, атасын чоң сыр сандыктын түбүнө жаткырып, кызыл нарга дүнүйө катары артып алып, кол ичинде кошо жөнөйт.

Нечен күн, нечен түн жол жүрүп, ажонун көп колу ээн чөлгө туш келет. Көп кол бир ууртам суу жок суусап, кургап опат боло баштайт. Каардуу ажо «Суу тапкыла!» деп катуу буйруйт. Ойду казышат, сайды казышат. Эч суу табылбайт. Ошондо бир жоокер «Оппо, каран күн ай! Же мындайды көргөн бир кары болсочу ичибизде?!» деп, кейип отура калган экен. Оюна тык этип, баягы атасын сыр сандыкка катып келаткан жоокер айсыз түндө сыр сандыкты ачып, атасына болуп жаткан акыбалды айтат. Ошондо атасы «Кудай алсын! Уй барбы? Уйду нары-бери кубалап күйүктүр, анан бирпас тынч коюп карап тур. Күйүккөн уй суу издеп жөнөйт. Ээрчий бас, уй каерге барып, башын жерге салып, жерди жыттагылап токтой калса, уулум, так ошол жерди каз, ошол жерден суу чыгат...» деп акыл айтат. Жоокер атасынын айтканын кылат, суу табат. Көп кол бөөдө опат болуудан аман калат...

Каардуу ажо көп колду андан нары айдап жөнөйт. Көп кол туш-тушунан көк дайра шаркырап аккан бир ажайып өлкөгө кабылат. Көп кол серүүндөйт. Кыдырып жүрүп бирөө эки дайранын кошулган чатындагы терең көлдүн түбүнөн каухар таш көрөт. Бул ажонун кулагына жетпейби?! Ажо өзү келип карайт, чын эле көк иримдин түбүндө сары чолпон жылдызга окшоп жалтырап каухар таш жатат! «Алып чыккыла!» деп буйруйт ач көз ажо. Суучулдар көк иримге шуңгуп түшүшөт! Көбү кош дайранын агымы менен кетип, көбү «Жок экен, ажом!» – деп, араң кайра чыгат. «Көрүнүп турганды жок дейсиң!» деп, ажо алардын баарынын башын алдырат. Эми эч кимиси «Жок экен» дей албай, көп кол улам тобу менен көлгө түшүп, кайра чыга албай, ушул жерде кыргын таба баштайт. Кеч киргенде жылып барып баягы жоокер сыр сандыкты ачып, айсыз түн жамынып отуруп, болуп жаткан окуяны атасына айтат. Ошондо кары «Кудай алсын! Ошол көлдүн башында бир дарак болуш керек, сен, уулум, дарактын башын тикте, каухар, көлдүн түбүндө эмес ошол дарактын башында болуу керек...» – деп акыл айтат.

Эртеси жоокер көлдүн башына барат. Чын эле бир бийик чынар өсүп турган эле. Эң мурда бала көлдүн түбүн тиктейт, жалтырап каухар көрүнгөндө акырын өйдө кылып, болжоп, чынардын башына баам салат, көзүнө бир эски уя туш келет. Бала дароо чыкса, каухар ошол эски уянын ичинде жатат. Көлдүн түбүнөн көрүнгөн каухардын нуру гана турбайбы. Бала каухарды ажого алып келип берип, көп колду ажонун каарынан ажыратып калат.

Шекчил ажо жоокерди айдатып келип, алдына чөк түшүрүп, «И, эки жолу тең арганы сен таптың. Кана, айтчы, мынча акылды каериңе катып жүрөсүң?» – деп сурайт экен. Бала кысталат, чынын айтайын дейт дагы коркот, калп айтайын дейт дагы коркот. Эң акыры «Бир кашык каныбызды кечиңиз, о баатыр ажом! Бул акылды сыр сандыкка катып жүрөт элем...» – деп жиберет. Ажо дароо жасоол жиберип, баланын сыр сандыгын дароо алдырып, оозун ачтырат. Ичинен ак күп жөжөдөй кары адам башын көтөрөт. Аяр ажо көп ойлонуп туруп, эки жолу кыстоо абалда акыл тапканы үчүн баласына да, атасына да канын кечиптир. Ажо сыр сандыкка эңкейип, «И! Эки акылды айттың. Эми үчүнчү акылга мага эмне демексиң? Кана...» деп кызыгып сураптыр дейт. Ошондо ак күп жөжөдөй кары «О, улук ажом, кулак сал! Же өзүңдө акыл болбосо, же жаныңда көптү көргөн бирөө болбосо жолго чыкпа. Жолуң болбойт, көп колуң бөөдө опат болот, акыры өзүңдүн кара башыңа күч келет...» – деген экен. Ошондо ажо көп толгонуп, көп ойлонуп, сыр сандыктын түбүндө отурган акылга баш ийип, «Карынын кебин капка сакта!» – деп, көп колду жортуулдан кайрып өз жерине жөнөгөн экен...

– Э-э, ал илгерки кары, – деп койду Кулкиши, – азыр ошондой кары барбы, азыр баары ашкеби!

Өзүнө кыйытылган кепти түшүнүп, Теңирберди кызыл ээгин ачып, кыкылдап күлдү:

– Те илгери бир баатырга да ушул сөз айтылган экен. «Үч жолу жаа менен кетмен тештим, үч жолу сепилдин темир капкасын ачтым, үч жолу күрпүлдөгөн дайра кечтим – мына бүгүн ушул сексейген сары кемпирдин от жагарымын» деген тура. « Карысаң мендей бол, кара жер менен теңдей бол, караңгы гөрдөй бол» деген ушу да, иним...

От жагары?! Бирине бири чымчып сөз жылдырып отурушкан тамашасын өзүнө алды Бекназар. Эмне кылат от жакпаганда?!

Сопу-Коргондон өрөөнгө түшүп, «чачылып кеткен» деген кошунду болушунча жыйнашка аракет кылды. Жо, баягыдай уюмдуу кошун болуп тура алышпай, нары да кыш убагы, жазга болжоп, ар ким өз айылдарына тарап, эл арасына тымызын сиңип кетишкен экен. Жүздөй киши гана чогулду. Тийип, качып, уруш кыла бермекчи болду Бекназар.

«Кече кара түтүн паланча жерден чыгыптыр», «бүгүн түлөнчө кыштакты кырыптыр» деген кабар шыбыралып, жел менен кошо тарап, элдин үрөйү учкан. Жолдон ат бура тарта албай турган оор кар. Кайда баш катмак?!

Жүз жигит, барында мылтык. Эл оозунда «кара тил» атыккан жазалоочу аскер кайсы багытка бет аларын акмалап, оңуту келсе буктурмадан капилет кол салышмак.

Бир күнү тоо этегиндеги бир ыктоодо өргүп жатышкан.

– Келе йатыры... – деп, дөңгө коюлган кароол аптытып чаап келди.

Бекназар:

– Канчоо?

– Көп... үч жүздөй...

Буларга эсептебей мал союп, оокаттандырып отурган айыл аксакалы, үрөйү учуп, көз көрүнөө колу калтырап калды:

– Эми... айланайындар эмне кылабыз?..

– Жолун тособуз, – деп Бекназар, – төрт тарабынан окко алып, кырып салабыз биз дагы. Жатып өлгөнчө атып өл деген ушу.

– Ыя, – деди айыл аксакалы, – ушуну менен түгөнүп калса го?! Ушуну менен эле тынып калса го?!

Атка минди Бекназар. Тиги келип тизгинге жабышты:

– А бизчи?! Биз кантебиз?! Силер го кошунсуңар, атышасыңар, өлгөндөн калганыңар кетип каласыңар. А бизди эртең орус каратил келип, кырып, өрттөп кетет ко? Ок чыкмак түгүл, топ атчан көрүнүп калса ошол айылды тыптыйпыл кылып жатышпайбы, кокуй?!

Эмне дейт буга?! Унчуга албай тиктеп калды Бекназар. Тиги тизгинди коё берер эмес, эки көзү чакчайып, көзүнөн жаш көрү­нүп, аны өзү билбей, жалынычы да, кыжыры да кошо, баулдап өк­сөп жиберди:

– Пайдаңар ушубу силердин?!

Бу жан далбас, «мени өлтүрүп, анан барасың» деген аргасыз өлөрмандык.

– Мейли, – деди Бекназар, – биз кетели, аксакал, тоссок башка жерден тосорбуз...

Тиги тизгинди коё берди. Биртке кошун кокту өйдө тоо тарапка кымырылып жүрүп кетти. «Ыя, элге биздин зыяныбыз тийе баштаганбы?..» – деп, көңүлү сынды Бекназардын.

Бу дагы «жазды болжоп», «убактылуу» деп, биртке кошуңду өз-өз айлына таратып, өзү да үйүнө келген болучу.

Ушул азыр да тизгинине жабыша калтырап турган абышканын кебетеси көз алдында, үнү кулагында. «Ыя, бу кандай?! – дейт Бекназар дилинде. – Курал деген бирдемебиз бар колубузда, кошунбуз, колдон келишинче каршы урушуп келейаткан кишилербиз, бизге бетме-бет келишпейби, бизди кубалабайбы?! А жөн жаткан элде не күнөө?!» Ушу күнгө дейре эстен чыгара албайт, муну адилеттик эмес деп эсептейт. Ар ким «адилеттик» дегенди өзүнчө түшүнөт турбайбы?! Жөн жаткан элди кыруу өрөпкүгөн генералдар «үшүн алуу», «адилет жаза» дешет. Көп болгон соң, күчтүү болгон соң алар эмне кылса ошол «адилет иш», ким териштирет, кимдин алдында жооп бермекчи?! Мына Бекназардай кашкөйлөрдүн да элдин тукум курут болушу – үшүн алып, үкү кылып үйүнө отуругузуп койду го?!

«Эл чогулат имиш, жыйын болот имиш» деген кеп угулду. Жыйын курулса, белгилүү, бир маанилүү кеп-кеңеш болот. Тез эле кабарчы келди: «Бекназар аке, эл чогулуп, топко келсин дешти...» деди кабагы салыңкы, сабыры суз. «И, кошунга алып кеткен балдар кана дешеби?.. Же дагы бир керегим тийип калдыбы?...» деген эки башка ой келди, унчукпай бир тууганы Ыбрайымга ат токутуп минди да, кабарчыга кошулуп жүрүп кетти.

Демейде «жыйын» десе эл кара таан болуп кетчү эле, ошондой көп эл көзүнө элестеп барды Бекназар, Жо, Темене-Суу түзүндө үрөйү учкан, жыйынга эмес күндө тирилигине кийген кийим, үрпөйүп кырктай гана киши турат. «Чогула элек турбайбы...» деди Бекназар. Бир топ атчандын алдында Абил бий да келе жаткан. Кишилер эки бөлүнө ат алып калышты. Бий дагы өзүнчө санаага эзилген сыяктуу. Экөбүсү учурашып, жөн-жай сурашкан болду ооз учунан.

Жыйын ушубу?

Эрте жаздын ала шалбыртында эле эл кыштоолордон тымызын көчүп, болушунча жолу кыйын тоо аралап, көмүскө капчыгайларга пааналап кете башташкан эле го, булар ар суу элден, кыштоолордон увакил сыяктуу чогулган топ экен.

Ошол учурда Бекназардын көзү те нары жакта узун бойлуу төрт жигит замбилге отургузуп алып, топ башына бирөөнү көтөрүп келатканын көрдү. «Ким экен?» деген суроо көңүлүнө келип са­йылды. Жандай бергенде боолгоду белем, «Э, бу жарыктык кай­дан жүрөт?!» деп, замбилди карай жүткүнө бастырды. Алмамбет! Бир кезде, ордонун чапанын айрыган кере кулач алп далы шүйүгөн, чачы, кардай ак, эки көзү кызарып көнчөгү салаңдап, көсө эмес­пи карыган арстан кебетеленип, замбилде отурат. Эки жакты «Ушунча да эл көп болобу?!» дегенсип, таңыркап карайт. Бекназар атынан түшүп замбилдин алдынан тосуп:

– Ассалому алейку-м... – деп салам айтты. Замбил көтөргөн алп мүчө жигиттер Алмамбеттин неберелери эле. Бекназарды таанышып токтоло калышты. Алмамбет жыртайып кызарган көзүн ымдалап, жаак териси шалбырап, Бекназар жакты тиктей берди. Бекназар анын колун кармап учурашты.

– Кайсы баласың?

Неберелеринин бири:

– Бекназар акем... – деп, анын кулагына катуу айтты.

Алмамбет:

– А түзүк!.. Бекназарсыңбы? Кем болбо... – деп алкап койду. Замбил дүүлүккөн элди аралап жөнөй берди.

Жыйын илгертен ушул түзөңдө өткөрүлөт, ортосунда топудай көрүнгөн сары дөбө бар, жыйын башкара турган ошо дөбөгө чыгат, эл жакалай турушат. Бу үрпөйгөн биртке топтон дөбөгө Адил бий, Бекназар чыгарылды, а Алмамбетти замбили бойдон көтөрүп барып коюшту.

«Кандуу көз кара тил кырып келейатса кантебиз? Жатып өл­гөнчө атып өл болобузбу, же бир жакка көчө качып, жан арга кылабызбы?» Ортого салынар кеп ушул экен.

Эч ким дем тартпайт. Баарынын жүзүндө кооп, мурда сүйлөп, бу чалкеш мезгилдин оор жүгү, милдети кокустан мойнума түшпөсүн деген аярлык бар. Замбилдин ичине салган аюу талпагын алдына төшөгөн Алмамбет гана шүйүгөн далысы дүңкүйүп, жаак териси шалбырап, көзүнүн көнчөгү салаңдап, карыган арстан өңдөнүп, эчтемеден капарсыз. Бул дүйнөдөн артык баш эчтеме тилебей, курсагы тоюнса кубанбай, ач болсо күйүнбөй Күрпүлдөк-Сай ажайып жердин бир бурчунда кекилик менен эликтин арасында жай өмүр кечирип кала берген. Минтип жамы журттун тагдыры кыл таразага түшкөнүн, баш айланган ашууга келип кайда кулары белгисиз болуп турганын балдарынан, неберелеринен угуп, замбилге түшүп келип турганы.

Бири биринин эле оозун карашат, «муну мындай кылабыз» дегендей жулунуп сүйлөй албады эч бирөө. Акырын кобурашып, кай бири башка бир жакка көчө качуу туурасында асте кыңырылды, кай бирөө кайда көчөбүз деген айласыздын суроосун койду, чабышалы дейли дешсе чабышканды көрүшкөн, ага андагыдай биримдик кайда, эл тырым-тыракай, ким кайда экенин бир кудай өзү билет, ким кайта бириктирет, качан бириктирет, а былк этпей тура берели десе бир четинен каратил жалмап келе жатса.

Бекназар суз, мурдагыдай эрдемсий албайт. Абил бий да кымырылат, өзү тымызын байланышы бар Абдырахман жактан чыгып жаткан «кайрадан газават» деген сөз бул жерге сыяр эмес, унчукпай аңдып отурат.

Алмамбет укканын өзү угуп, укпай калганын небересинен түшүнүп, болуп жаткан сөздү толук баамдап отурган эле. Тамагын жасап, эми бирдеме айтмакчы болуп, Абил бий жакты карай берди. «И? Эми гөрдөн туруп келген Алмамбети калдыбы?!» деп бирөө күбүрөп калды. Эл Алмамбетти карап, эл караган соң Абил бий карап токтолду.

Жүз жашаган Алмамбет оозун жарым ачып, демин араң алып, кургай түшкөн оозун кыбыратып, тамшанып, нуру түгөнүп бозомуктап калган көзүн алсыз ирмегилеп, чөккөн арык, алсыз нар сыяктуу мойнун саал көтөрүп:

– И-и... деди акырын. – Уктум акыбалыңарды. Аттиң, башыбызга жаман күн туулуп калган экен го?! Э, Бекназар кайда отурасың?

Бекназар «Менин эмне керегим тийип калды?» дегенсип, бирок ордунан козголбой, кашын көтөрүп, Алмамбетти тиктеп калды.

Алмамбет башын өзүнчө ийкеп, бирдемени ойлогонсуп, эки ийнинен ашып оркоюп турган тизесине колун коюп, үргүлөп отургансып көзүн сүзүп, бир убакта:

– Гм... Менин атым Алмамбет... Кузгундун жашын жашадым... деди энтиге. – Бекназар, кулак салчы бери...

Бекназар үн берди:

– Кулагым сизде, кутманым...

Жакын отурган эл дем тартпай, былк этпей Алмамбетти тиктеп калышты. Жай кезде, балким, эч ким мынчалык барк кылбас беле, элдин бар болушу же жок болушу ортого ташталып турган чакта чеки ойлогон киши болгон жок. Алмамбет сөзүн улады:

– Кызык эмеспи бу? Ушул жашка келип, өзүбүз токсон боолуу өзүбектен башка дүйнөдө башка түрлүү эл бар экенин билбейм. Сен жанагы жалмап келе жаткан орус дегенди өз көзүң менен көрө алдыңбы, балам?..

Бекназар эмне кыларын билбей калды. «Муну сурап эмне кылат жарыктык?!» деген ойго кабылды. А Алмамбет көзүнүн көнчөгүн салаңдатып, Бекназар жакка кулак төшөп, жооп күтүп көшөрдү. Бекназар басмырт күңкүл жооп кылды:

– Көргөм...

Алмамбет:

– Кай түркүн жан болот экен?.. – деп, аны сайын кызыгып сурады.

Абил бий карап отуруп, «Э, жараткан, пендеңди ушунча алжытасыңбы?!» – деп, мыйыгынан күлдү. Бекназар суроого жооп берди:

– Жумуру баш, буту айры...

– И-и... Жаңдашат бекен, сүйлөшөт бекен?

– Сүйлөшөт. Өзүлөрүнүн тили бар...

– Кабагын бүркөйт бекен?

– Бүркөйт...

– Күлөт бекен?

– Күлөт, кутманым. Өз көзүм менен көргөм...

Абил бий баш болуп, болгон сөзгө күбө болуп отурган эл бакырып күлүп жиберишти. Кимдир бирөө тыйды. Алмамбеттин суроолору алдына угулуп, артына угулбай, эл бир аз дуу-дуу болуп, жүткүнүшүп калышты.

Алмамбет:

– Бекназар! Алжыган аваңдын кебине эринбей жооп кылып кой. Орус оокат жейт бекен?..

Бекназар аргасыз жылмайып:

– Жебей анан! – деп жиберди.

Алмамбет ойлонуп отуруп калды. Чекесинен чыпылдап тер чыкты. Небереси жоолук менен сүрттү.

– Э-э... – деп, өзү да астейдил таңыркады Алмамбет, – бу орусуң жумуру баш болсо, сүйлөсө, ал деле биздей адамзаада турбайбы?! Кабагын бүркөсө – каарга жөндөмү, күлсө – ырайымга жөндөмү. Көр оокатка баш салса – алдайт экен, алданат экен. А кокуй, биздей эле көр пенде турбайбы?!

Эл дүүлдөп кетти. Кай бирөө баш чайкап, кай бирөө мааниге тен коюп, кай бирөө чала угуп калып, «Эмне деди? Ыя? Эмне деди?» деп ар кимдин оозуна кулагын тосуп, кай бирөө бу бир кылымдын жүзүн көргөн абышканын сөзүнүн артында бир маанинин учугу чыгып келатканын сезип, эл тынчтанды.

– О, кокуй, каралай көз калкым ай... – деп, кузгундун жашын жашаган Алмамбет маани улады. – Кырылгандын бетин нары кылсын. Көчүп, кайда тентиреп барасың?! Адамзааданы жакшы сөз атынан түшүрөт, жакшы оокат жибитет, достун тонун кийип, ошол орустун өзүн алдынан тосуп чыкса не болот?..

Эч ким сөз аралаштырбай, баары Алмамбетти карап, жыйын дым боло түштү. Эч кимдин түшүнө кирбеген ой!

Алмамбет:

– Адамзаада бирине бири үйралат, бири биринин сырын алат, бирине бири көнөт, жытыгат. Ырыс оошот, акыл жугушат...

Жакын отурган кадырлуулардын бири эки көзү чекчейип, ордунан тура калды:

– Ие, кагылайын бир кудай! Мына бу «өзүнө өзү бий» пендең акыл таап отурат ко?!

Дагы бирөө:

– Айла жок мындан башка!

Дагы бирөө:

– Ок атсачы каратил орусуң?

– Атса атканын көрөбүз, «жатып өлгөнчө атып өл» болот, аны көрөбүз... – деп, көгүнө таянды бирөө.

Эч кимдин Абил бий менен иши жок. Тегерете карады алдыртан. Ыкташары көрүнбөйт, ийменери сезилбейт.

Алмамбет:

– Э, Бекназар!

Бекназар:

– Кулагым сизде...

Алмамбет обдулган арстандай сүрдүү:

– Сенден башка ким жарайт?! Балам, көтөр көкүрөгүңдү, орус­тун алдын сен тосуп чык!

Бекназар:

– Мен бул дүйнөнүн ойнунан кайткан элем, жарыктык, башка бирөө барсын...

– Ошент, балам, – деди Алмамбет, баатырдын сөзүн укпай калдыбы же угуп эп көрбөдүбү, кесе сүйлөдү, – орус ок атса, би­ринчи жыгыл, сөзгө келсе жүйө тап, элиңдин эртеңки күнүнө аралжы бол. Сага башка жол жок, сени эр жигит дейт...

Жок дей албай туруп калды Бекназар. Увакил эл: «Туура, аргасыздын жан соогасы...» – дешип кобурашып, карынын кеби бүтүм болгонсуду. «... ок атса биринчи жыгыл...» А бу сөз баатырдын өчө баштаган эр кайратына от тамызгы бергендей болду. «Мына сенин эң акыркы милдетиң...» – деди дили өзүнө.

* * *

... Сур жаа, күмүштөлгөн бир кучак саадак... Бүгүн жаңы көргөнсүп, бир сыйра көздөн өткөрүп, кош миз кылычты сөөмөй­лөп сайып коюп, не касырет, не көтөрүңкү көңүл толкуну, көмө­көйүнөн дили купуя куу тартып, далысы дүңкүйүп, желбегей быязы чоң чепкени акырын чайпалып турду Бекназар. Дагы бу көөнө буюмдарга көңүлү имерилип, дагы те качан ырдалып кеткен ырдай өткөн көөнө өмүрлөргө ой-кыялы аралашып тургансыды.

Дагы эле Каныш билбеген сырлары барбы бу азыр урунулбай калган буюмдардын?! Укканын гана билет, а баатырынын сыр сандыгында дагы канчасы катылып жатты экен?!

Өзү торгой, аты ыргай болуп арып, дүпүрөгөн жигиттер жок жанында, кошундан келген чагында, албалын айттырбай билип, баатырынын жаны келгени анын олжосу, көңүл ачып, көкүрөк ачып тосуп алган Каныш. Ошол боз тумандуу күндөн бүгүн гана баатырынын көзү баягыдай тик болуп, үрөйү ачылып да, жумшарып да, көңүлүндө дагы бир албан максат пайда болгон го, өзүнчө күүгө термелип турганын биринчи байкап отурганы. «... орустун алдын сен тосуп чык... жүйө тап...» дешкен экен го, ошонун камын ойлонуп жаткан турбайбы...» деп койду өзүнчө.

А баатырынын дили «ок атса биринчи жыгыл», муну айткан адамдын үрөйү көз алдында, каргыл үнү кулагында, «... куп жакшы, жакшы жүрмөк оңой, жакшы өлүм тапмак кыйын, куп жакшы...» деп турган.

– И, эмне куп жакшы? – деп калды эң акыркы сөз кулагына илине калган Каныш.

Зайыбын элтейип тиктеди Бекназар, «эмнени сурадың» деген кыязы, өзүнчө бир ой-кыял толкунунан али чыга албай. Такый албады, бир сырдуу жымыйып тим калды Каныш.

Бир убакта:

– Э-э-э... – деп, бир коңур эски күү ыргагын акырын созуп калды Бекназар.

Жарк этип карады Каныш.

– А... бир окуя көңүлүмө түшө калды... – деп койду Бекназар.

– Кандай окуя?

Бекназар жымыйып башын ийкеди, «ошондой окуя» дегени. Каныштын жан жылыткан оштонгон көзү аны буйтатпай имерип, «а кандай окуя» деп, такып суранып, өкүм кылып турганынан өтө албай, дагы жымыйып башын ийкеди, макул болгону.

– Э-э, Канышым, – деп баштады Бекназар, – биздин жашаган өмүрүбүз, биздин көргөнүбүз оңой болгон жок – жакшы менен санаалаш да, жаман менен маңдайлаш да болдук, кол баштап жоо да жеңдик, жеңилип анын касыретин тарттык. Баары бир ал көөнө мезгилде болуп өткөн окуялар, жашалган өмүрлөр өтө эле бийик, биз жашаган өмүрүбүздү, баштан кечирген окуяларыбызды жан тер чыккан паста жөө жүрүп өткөргөнсүйбүз, а бабабыз ат үстүндө, сыпаа, бир түркүн дымактуу кыял менен өткөндөй го?!

Бу ой агымы ага көптүк кылып, толук андашка чаркы жете албай элтейди Каныш.

– Э-э-эй, – деп, ырдай тургансып көтөрүңкү үн таштады Бекназар, – Көлдөй бий ошо ат үстүндөгү байманалуу өз заманында өз өмүрүнүн өтө бир кызык учурун өткөргөн экен... – деди, өзү берилип, көңүлүнө толкун күү келип сөз кылды. – Нары бий, нары дөөлөтман, нары жашы отуздан жаңы ашкан өмүр ооматы гүлдөп турган жигит агасы убагы турбайбы.

Таластан төмөнкү Сары-Суу чени го, көңүл ачмакка бир кыз тоюна чакырылып калат экен...

И, кыз тою?! Көңүл жилбиси ашып төгүлдү Каныштын.

Бекназар:

– Ыры, өлөңү менен шааниленет ко кыз тою?! Башында кере карыш жылкы кундуз бөрк, таркан белги жыга, Көлдөй бий тыштан көшөгө тушуна барып, тою түшүп отурган кызга болжоп өлөң айтып, салт өтөгөн дейт...

Леп босогого барып, оң колунун бармагын оң кулагынын көнчөгүнүн артына алып, өзү ошол кыздын тоюнда өлөң баштап тургандай көңүл толкунуна кабылып, оозуна ыр келип түрмөктөлүп, үн көтөрө шаңдуу таштады Бекназар:

Э-э-эй...
биз келиппиз тоюна бактуу кыздын,
тоюна той, багына бак кошулсун,
алган жубу, кирген үйү жарашып,
мол кылсын көкө теңир ырыскысын...

Э-э-эй...
өнгөн, өскөн улук журт алтын ордо,
жергебиз жер үйүгү ала тоо го,
кур эмеспиз, бактуу жан, тоянаңа,
коштой келдик күмүш жабдык сурдан жорго...

Кыз жооп кылыш салт экен, нары да тың окшойт, күйөө жанында отурган кыз кыйылбай жооп кылган дейт.

Э-э-эй...
куш келипсиз тоюна бактуу кыздын,
көтөрүлсүн көңүлү, көркү ачылсын,
жолуккандын алдына жорго тарткан
жоомарттын жолун теңир ашырсын...

Көлдөй бий:

Э-э-эй...
өлөң айтмай, жар айтмай салты экен,
көшөгө ачмай, зар чачмай наркы экен,
бир капилет серпилсе үлпүнчөгү
көрүп койсок кыз көркүн шарты бекен?...

Кыз:

Э-э-эй...
санааңыз сулуу көрмөк көз кубантып,
биз бечара не кылабыз сындалып?!
болбосок сиз эңсеген Кыз Дарийха,
каларбыз сиз да уялып, биз да уялып...

Кыз баланын сандугач сыңары көмөкөйү балкылдап, көңүл гөйү көлкүлдөп айткан өлөңү, бир түркүн муңканган авазы, сөз мааниси далайды көргөн өлөңчүнү не түркүн көңүл ташкынына учуратпайбы?! Туурдуктун каттоосун биртке ачып көз салса, кыз кырмызы гүлдөй толукшуган өтө көрктүү жан имиш, аны сайын эргип өлөң улаган экен.

Көлдөй бий:

Э-э-эй...
гөйгө түшсүн төрт түлүк, жыйган дүйнө,
көңүл тапса күнүгө үч үйрүлө,
келер белең көрктүү жан, жаркынына,
жер үйүгү ала тоо салкынына?..

Кыз:

Э-э-эй...
өнгөн, өскөн улук журт алтын ордо,
жергеңиз жер үйүгү ала тоо го,
өткөрбөй эсил өмүр, бийлик,
дөөлөт көрүңүз дагы убайын кыз жөөлөп...

Э-э-эй...
биздин күйөө, өзү баатыр, олтурат,
санаасы тынч, ныксырап, уйкусурап,
ушу болсо көрөр күн, тагдырыбыз,
биз айтышкан сырлуу өлөң не кылат?!

Көзүнө жаш келип, жашын жашырбай, жүзүн качырбай, арман гөйүн билдирген дейт.

Көлдөй бий:

Э-э-эй...
түлөк куш бөктөргөдөн илгир дешет,
кадыр билги көңүлү дилгир дешет,
илип кетсе куткарып той торунан,
арачалап эртең көрөр шорунан
бир азамат ою, бою келишкен,
не демекчи күмүш канат көгүчкөн...

Кыз:

Э-э-эй...
бааланып бай малына торго түшкөн,
не демекчи күмүш канат көгүчкөн,
кыз көңүлү, келе жагы караңгы,
жаш төккөн, жаш күнүнөн үмүт үзгөн...

Э-э-эй...
түлөк куш бөктөргөдөн болсо илгир,
кадыр билги көңүлү болсо дилгир
жылытар бешенесин күнгө карап
серпилбейби көгүчкөн күмүш канат?!

Сурабай, кыстабай, көзү гана оштонуп, өзү да бир ширин ой-кыялга кабылгандай, окуя артын күтүп ортурду Каныш.

Бекназар:

– Муну эл салт катары көрүшүп, «кыз кыйын айтты», «бий кы­йып айтты» дешип бакырып күлүп калышат. А эртеси багым­дат намазынан соң жергилик элбегилерге: «Кыз тоюн токтотпойбузбу?» – дейт экен Көлдөй бий. «И? Неге?» – дешпейби?! «Кызыңарга көңүлүм түшүп калды...» – дейт. «О-о, көрккө кимдин көзү түшпө­сүн?! Көз түшсө эле тойду токтото бермекпи?!» – деп калышпайбы?! «Күйөө тарапка калыңын кайтаралы – үч эсе, кыз тарапка ка­лың берели – үч эсе. Буга кошумча ар бир тарапка үчтөн төөгө жүк­төлгөн өлү дүйнө, буга кошумча эки орточуга жасалгалуу эки жорго!» – дептир Көлдөй бий. Кимди азгырбайт ушунча мал, ушунча мүлк?! «Ыя, сүйлөшүп көрөлүчү...» – дешпейби, түшкө жакын эле той токтойт.

– Ко-оку-уй, – деди Каныш күлө, таң кала, көңүлү макул да боло албай, – кыз байкуш не дейт эми?...

Бекназар:

– Э-э, энеси кулагына шыбырайт: «... кечеги өлөңчү мырза көңүлүңү сураптыр, босогоңо келген багыңы эми тебе көрбө...» Кыз не демекчи?! Котостун мамалагындай түркөйдөн иренжип отурса өзү – ичи жымырайт! Күйөө тултуңдабайбы, атасы: «Э-эй, кой, байдын кызын алып берем мен эми сага!» – дептир дейт.

Эрдикпи, зордукпу – биле албай отуруп калды Каныш.

Бекназар:

– Үч эседен төрт түлүк, үчтөн төөгө жүктөлгөн өлү дүйнө чыпчыргасы кемитилбей берилет, эки орточуга жасалгалуу эки жорго мингизилет, ага кошумча ордонун кымкабынан бирден сарпай кийгизилет. Чыпчаң бир ай ичинде атасынын төрүндө тоюн өткөрүп, ак никелеп, алып кеткен экен Көлдөй бий.

Каныш:

– Биздин энебиз не деди экен?

– О-х-о-о, – деп, кубана чамгаракты тиктеп, күлүп алды Бекназар:

«А азгырык, таркандын көңүлүн азгырганга жараган кыз сенсиңби?» – дептир, ээгинен өйдө кыла көрүп, «а түзүк» деп, аты Жибек экен, Суусамырдын төрүнө өзү көтөртүп койгон үйгө киргизип, өзү отко май салып, «мына очогуң, мына казаның» деп, үй-бүлөгө кошуп алган экен энеңиз Толу бике байбиче.

– О-о, кыйын болушкан экен го илгеркилер?! – деди Каныш. – «Никелеп ал» десең эптей алышпайт эмикилер!

Күлүп калышты. «... ок атса биринчи жыгыл, атпаса жүйө тап...» дегенгеби, не түп атасынын шарлыгынабы, иши кылып, баатырынын көңүлү ашкере ачык, Канышка ошол олжо.