кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Жетинчи бөлүм

I

Сая кууган барон Витгенштейнди жазгырып, Абдылла бек отуз чакты кишиси менен Саркол тоолорун жамынып, нары Оуган тарапка ооп түштү.

Туш тарап кубарган чөпсүз чап. Бир шумдугун ичине катып келгиндерди акмалап тургансып, кумсарган чоочун, жат жер. Те түзөңдө баш жагы улам соолуп түгөнүп келаткансыган, киргил тартып илең-салаң кылдырап агып, какшыган сайдын ортосунда биртке суу жатты.

Абдылла бек өзөндүн бийик кашатына келип, чаалыккан кула аргымактын тизгинин тартып, камчылуу колун чекесине алып, серелеп бет алдын арыта тиктеп токтоду. Сай боюнда эрбейген-сербейген боз жылгын. Ар жерде, өзөн жээктеп, көгөргөн ажырык чөп көрүнөт. Ал дагы көп оттолуп, көп тебеленип, таакы болуп, сарала болуп бүткөн. Канаты арбайган сары, көк чегирткелер кие койбой каптап өрүп жүрөт. Абдылла бектин аңы учту. Жазы-жайы көк шибери көйкөлгөн, күзү нан, коон жыттанган Фаргана түзү көзүнө элестеп, жүрөгү мыкчылды. Ал ийин кага улутунуп, өзүн ээрчиген жигиттердин үшүн албас үчүң. кабагын көрсөтпөй, жүзүн үйрүп, кула аргымактын тизгинин өзөн боюна карай кага берди. Ал ичтен күйдү. Аны эчтеме менен жубата алгыс касирет басты.

Өзөн боюнан биртке ажырыгы бар кыртыштуу жер тандап, эки жээкке бөлүнүп, чатыр жайып, өргүп калышты.

Абдылла бек жаткан менен тынчтана албады. Көп күндөн бери аттан түшпөй, ат үстүндө талыкшып, ат үстүндө үргүлөп келгенине карабай, эч кирпик кага албады. Жүрөгүн бирдеме өйүп, көңүлү уйгу-туйгу болуп, түн бир убакта да улам көзүн ачып, чоочун жердин шоокумун тыңшап, кайра өзүн зордоп көзүн жумат, уктай албайт. Ал акыры чепкенин желбегей жамынып тышка чыкты. Айлана жымжырт. Те четте жесекте турган жигиттер да үргүлөп кетишкен. Таңкы чолпон жаркырап так маңдайга келген экен. Биртке серүүн жел өзөн ылдый жортмолоп калыптыр. Абдылла бек көпкө басып, ысыган башын сергитип баш жарган ойдон биртке алаксыган соң, кайра чатырга келип жатты. Ал көөшүп үргүлөп кетти.

Кимдир бирөө эшикте кобураша баштады. Абдылла бек ойгонуп кетти. Чатырдын төбөсүнөн күндүн кызгылт сары нуру сайылып жерге түшүп турган экен.

– Жол болсунлар? – деди бир каргыл үн түркчө.

– Кокон жеринен... – деп жооп берди, өз жигити.

Акбалбандын үнү. – Оуган пашасына келаткан элбиз.

Белгисиз бирөөлөр өзүлөрүнчө кобурашып калышты. «О-е!..Таксыр амирдин өзүнө мейманга келатабыз дейт го?..» деди жана­гы каргыл үн. «Чоочун эл экен. Бөлөк эл экен. Жалган. Ушу каракчыларды амир сагынып отуруптурбу?! Жок шылтоо. Эртең элдин бир четине бүлүк салып кете беришсечи?..» – деди экинчи­си. Фарси тилин жакшы билген Абдылла бек толук түшүнүп турду. «Йе, кудурет, ушул күнгө туш кылдыңбы?! Ушул сөздү угуздуңбу?!» деп, бир ууртун тартып кайгылуу жылмайып койду.

Тотуккан киши болуу керек, каргыл сүйлөгөн оуган:

– Мейли, мусулмандар, бул жер корук жер, майли, бүгүнчө калгыла, а эртеге кудай атаа кылган багытка кетерсиңер а? – деди. Акбалбандын үнү чыккан жок, башын ийкеди окшойт. Андан соң чү деген, теминген үн угулду. Бир азда эки аттын басыгы алыстап кетти.

Акбалбан чатырга кирди.

– Удайчы эмне кылып жатат экен? Чакыртчы... – деди Абдылла бек.

Бир аздан соң Акбалбан коштоп, булгары кепичин жалаң бу­туна салган, кымкап тонун желбегей кийген, макмал топучан, бей­капар жаткан ордунан туруп эле келди окшойт. Сулайман удайчы кирди.

Сулайман удайчы Үч-Коргон кымкуутунда бет келди бозуп, Исхактан бөлүнүп, түздө калып калган. Каратель отряд кууп, бек­тер сары изине чөп сала берген соң ал дагы Саркол тоолорун таянып качкан болучу. Бу Абдылла бектерге кокустан жолдо кездешти. Капканга түшүп бутунун учун өзү жеп бошонуп чыккан карышкырдай ачуулуу.

– Келиңиз, удайчы... – деди Абдылла бек алдыртан сынай тиктей. Тиги кичинекей сары көзүн ирмебей, биртке суюк жээрде сакал баскан эрдин бек кымтыган калыбында «келдим» дегенди билгизип, башын биртке ийкеген болду да, төргө өтпөй, улага ченге отура баштады.

– Быякка өтпөйсүзбү? – деди, саал козголуп Абдылла бек. Су­лайман удайчы тыңшаган жок, кайта кабагы тырышты. Абдылла бек:

– Сулайман ага, – деп жумшактап баштады, – мына тагдырыбыз ушул белем, агып-агып бир ээн аралга чыгып калган какшаал окшоп, минтип бөтөн жерде турабыз...

– И? – деди Сулайман удайчы итиркейи келе. – Эмне кыл дейсиз, и?..

– Сиз казына кармадыңыз эле го, бирдеме калдыбы, жанагы түсүң курган жалтырак немеден бирдеме калдыбы, Сулайман ага?

– И? – деди Сулайман удайчы силкине. – Эмне кыласың?

– Өзүңүз билесиз, Оугандын амиринин алдына куру кол барбайлы, сиз экөөбүз да бир элдин жакшысы элек бир кезде, ошол сыныбызды бузбай, жат көзүнө, жок дегенде, ошол сөөлөтүбүздөн жазбай...

– Сага эми кайсы сөөлөт калды? – деди Сулайман удайчы катуу. – Эчтеме жок. Болсо да бербейт элем.

– Эмне үчүн болсо да бербейт элеңиз? Ордо баарыбызга тең эмес беле? Эртеңки тагдырыбыз да бир болуп отурбайбы! Ойлобойсузбу? Жалгыз мен керегиме жаратамбы?!

– Сен мени такыба! Сен мени суракка алба!

Абдылла бек уккан кулагына ишенбей, нестейе түштү. Сулайман удайчы токтобой буркан-шаркан сүйлөдү:

– Сен мени кадалып тиктебе, – деди эки көзү тептегерек болуп кетти. – Сага окшогон «бекмин» дегендер сатып кетип, азаматтар дарга асылып, биз минтип куу чөлдө калып отурабыз! Дагы сүйлөп коёт. Дагы эртеңки күндүн камын көргөн болуп коёт булар... Аттиң ай, силердин баарыңарды кыйратып, анан ишти баштасак болмок экен! Ойлондум мен дагы...

Абдылла бек купкуу болуп:

– Эсиңе кел, удайчы?.. – деди каны муздай. Тигил зиркиреп жини келген бойдон этек кагып туруп кетти:

– Бүттү! Эми сенин бийлигиң өтпөйт мага! Дагы бирдемени ойлонгусу келип калганын...

– Токто! – деди Абдылла бек. Сулайман удайчы шарт бурулуп, белинде кыстарылып жүргөн бир атма орус пистолду таптай бергенде, жакын турган Акбалбан колун кагып жиберди. Тарс! Ок Абдылла бектин башынан ашып, жибек чатырды тешип чыгып кетти.

Жигиттер дүпүрөп, удайчынын колун кайрып баса башташты.

– Коё бергиле... – деди Абдылла бек, Сулайман удайчы тайбай, чакырайып, дагы бирдеме демекчи болгондо: – Мейли, азыр кете тур, калың катаганды баштап келатып, сени» так ушул жерден Коконго көкбөрү кылып түшөм! – деп салды.

– Көрүшөбүз ошондо! – деп, Сулайман удайчы күңкүлдөп сөгүнгөн бойдон чыгып кетти. Абдылла бек ойго батып калып калды.

Ата мурас даражасы, сөөлөтү, бийлиги колдон чыгып кетишине Абдылла бек эч келише алган эмес. Жанын үрөп, Гүлшаага аскер топтоп, катуу кармашууга бел байлады. Жаз алдында ге­нерал Скобелев «Алайский поход» деп атап, өзү баштап, көп аскер менен кысып келди. Абдылла бек Жаңырык деген жалгыз тар өткөөлдү тосту. Бирок, ушул жерде да өз ичинен ичи арамы табылып, Ыманкул деген бирөө тоо арасынан Гүлшаага айланып түшө турган төтө жолду көрсөтүп, генерал Скобелевдин аскерин алардын так төбөсүнөн чыгарып салды. Айласыз, кармашып кырылып, Абдылла бек минтип Саркол тоолорун жамынып качты.

Ою тереңге кетти. Кызыл томпой келди эсине.

Бир кезде, атасы Алымбек датканын башы кесилгенден кийин бир нече жылдан кийин ордого биринчи барган күнү эле. Ордо кишилеринин зериккенде же эрегишкенде ойнор зоогу чүкө ордо атмай. Абдылла бек көңүлгө алынган жок, чүкө ордонун өнөгүнө кошулган жок. Кызыгып карап тургандардын арасында ал да унчукпай туруп калды. Өнөктүн бир жагы уттуруп баратып, эң акыркы жылгыз чокон атарына таянды. Туй башы жакшы атар оюнчу издеп, четте турган зымпыйган жаш улан Абдыллага көзү түштү да, «Жакшы жигит, атып көрөсүңбү?» деп, жылуу тиктеди. Абдылла сылык таазим кыла «Ойнуңуздун тагдырын ишенип берсеңиз атып көрөйүн, бек ата...» – деди. «А мейли, баары бир утулган оюн болуп калды, атып көр, углум, катардан калбай...» деп туй башы колуна кармай келген ак томпойду сунду. Абдылла томпойду алып, колуна бир экчеп, о бийик секиде бейиш кушунун куйругунан кылган желпүүр менен желпитип Кудаярхан өзү оюн карап отурган эле, таазим кылып «О, аллаяр!.. Өз атыбызды минип чапсак болор бекен?..» деп, өз томпою менен ойноого уруксат сурады. Кудаяр-хан жүзү жылуу баш ийкеп койду. Абдылла томпойду ээсине берип, эки өңүрүн кайра кыстарып, чөнтөгүнөн алты айры бугунун томпоюн алып чыкты. Томпой канга боёлгондой кызыл экен. Абдылла чийинди тегерене басып келип, жакын жаткан чүкөнү кадап жиберип, кызыл томпойду чимирилтип ичке жаткырды да, сыңар тизелеп бир отурган бойдон ортодо калган чүкөлөрдү бирин койбой чертип чыгарып, борбордун өзүндө жаткан «канга» келгенде, ал ордунан турду да, «Кечиргейсиз, туй башы бек ата, азиретинин көзүнчө «кан» чүкөнү черткеним болбостур...» деп, таазим кылды. «О, бали!», «Нарк билген азамат ко бу?!», «Черткенге эсеп болсун, чыкканга эсеп болсун!», «А түзүк», «Кимдин углу экен бу?..» деп ыраазы болгон, таң болгон үндөр туш-туштан чыгып, аны жардап карап калышты. Кудаяр-хан өзү ордунан туруп келип, Абдылла эки колун бооруна алып таазим кылып калды эле, анын колундагы кызыл томпойду алып, ой басып, имерип карады. Эски томпой, таасы кашкайып, ар жеринен сүрүлүп, сыры жешилип калган. Кудаяр-хан томпойду тааныгансып, жаш уланды бир, томпойду бир тиктеп токтоло калды. Абдылла кысылып кетти. Бери аттанарда керээт энеси Курманжан датка айым «Жети атаңдан келген кызыл томпой, эми балам, бул ыйык томпой менен сен кошул оюнга...» деп, чөнтөгүнө салып берген эле. Ханга дит бага албай, ызаат таазиминен жазбай, былк этпей туруп калды. «Бу Алымбектин томпою го?» деди Кудаяр-хан кашын көтөрүп. «Ооба, аллаяр...» деп араң жооп берди Абдылла. Кудаяр-хан «Гм...» деп башын ийкей, «Ошол, көрүп эле тааныдым, бектин оюнчу томпою!» деди да, «Абдылла эмессиңби, жакшы жигит?» деп тиктеп калды. «Ооба, аллаяр...» деди Абдылла. «А түзүк... деди Кудаяр-хан эркелеткен жушмак үн менен. – Ишке жарап калган турбайсыңбы?! Чокон эмес чоң оюнга кошула бер, бегим!» Кызыл томпойду кайра берип, коштоочуларын ээрчитип, эми оюнду карабай, өзүлөрүнчө акырын сүйлөшүп, нары диванхана жакка бет алды. Ошол жерде турган өңкөй иргелген куулар, акылгөйлөр «Багың ачылды, бек!» дешип, тегеректеп калышты. Кай бири астейдил куттукташты. Кай бири «Э, бул бала оңор бала болбойт!» деп, тымызын өңгөчүн тартты.

Ал ушундайча болуп бек атанып, чүкө ордосуна, хан ордосуна, бак талашуу, бийлик талашуу кызыгына ушундайча болуп кошулган эле. Азыр ошонун баары капилет көргөн түшү сыяктуу көз алдына булаңгыр болуп келип турду. Жүрөгү сыйрылды.

Эненин курсагынан бек атанып түшкөн, бийлик үчүн, сөөлөт үчүн калың тайпа журттун тагдырын чүкө ордо кылып ойноого бешикте таалим көргөн. Өлөңдүү, өзөндүү, кең Фарганадан куулуп, бу какыр чөлдө отуруп калышы бейиштен тышка ыргытылып ташталгандай туюлду. Жүрөгү улам жыз тилинип, буга эч көнө албай, эч моюн сунгусу келбей, дагы көп нерсе бар көңүлүндө, дагы эле үмүтү үзүлө элек, эң акыркы калган айлага тырмышып, тегерете экчеп отурду.

Оуган амири Кабыл шаарынын сыртындагы жасалгалуу сарайында Абдылла бекти качкын ханзаада катары ызаат көрсөтүп, кабыл алды. Өз тарабынан Абдылла бек да түркөйлүк кетирбей «баатыр Оуган элине, анын акылман амирине» деп салам айтып, ийилип таазим кылды. Эки көзү кыйды, бүтүйгөн, мурду ороктой, чычайган ничке муруттуу амир ордунан туруп келип, боору ачыгандай түр кылып, башын ийкей алик алып, чыканагынан саал сүйөй өйдө кылып, кичинекей, сары көзү күлүңдөп Абдылла бекти кунт коё бир тиктеп, анан атайын кабыл алынчу киши үчүн даярдалып коюлган орунга чейин коштоп койду. Увазирлер, нөкөрлөр, удайчылар бирин бири кыя карашып, амирдин качкынга кылган сылыктыгына баа коюшуп, элтейишип, мунун аягы эмне менен бүтөрүн болжой алышпай турушту.

Күн чыгыш ордолорунун салтын тутуп, амир түрки тилинде бир собол бейт айтты:

Кайсы бактын гүлүсан,
кайсы бектин углусан?
Жол жүрүпсүң кечейи-күндүз,
кийгенлариң баари кундуз,
өзбексанми, сартсанми,
эл талашкан мартсанми?
үндемеган недурсан,
өзүң кайдан келурсан?..

Ошондо анын увазири баян этип, жооп бейт айтты:

Кокон-абад шааридан
келиптир мунда бир оглан,
минген аты дулдул экан,
сөзласа тили булбул экан,
кылычы күмүш, калканы тилла,
огзуда келма, башида селла,
бек углу бек Абдилла
имаят тилеп келипти Сизга...

– Падишах, – деди Абдылла бек отурбай, – баатыр Оуган элинин Сиздей акылман эгесине жылкы атпайдан күлүк ат тартуулап келдим, өз атымды... ээрин албай... тартуулап келдим...

– О-о... – деп жиберишти тургандар арзыбаса да, амир кичинекей сары көзүн сүзүп:

– Ырахмат, углум... ырахмат... – деп, саал баш ийкеген болду да, тагына кайра отурду. – Гм, отур, углум. И, урматтуу датка айым саламат жүрөбү?

– Шүгүр, таксыр...

– Элиң журтуң тынчпы? – Амир эмне жооп айтар экен дегенсип Фарганада эмне өзгөрүүлөр болуп жатканы ага белгилүү, алдыртан кыя тиктеди. Абдылла бек анын көзүн кармап:

– Тынч болсо ушинтип тентип жүрөр белек, хазрати?! – деди өкүнүч билдирип. Амир көзүн сүзө, бир аз ойго кабыла:

– Гм... – деп, өзүнчө башын ийкеди. – Угуп жатабыз... Гм...

Аңгыча капкара ыңды кулдар бутунун учу менен жүгүрүп, кызмат кылышып, дасторконго дүйүм даам жайнады. Койкойгон кум көзөгө мелт-калт мусаллас да коюлду. Эми рубабчы келди. Күү колунан күндүн, айдын нурундай шыңгырлап төгүлүп жасалгалуу сарайда термелтип, аңгыча беш сулуу кыз каалгый бийлеп кетишти.

Меймандын көңүлү куш болсун дедиби, амир өзү баш болуп, баары шат, кеп менен тийишип, кеп менен сайышып, күлүп, мусалластан иче отурушту. А меймандын көңүлү эчтемеге куш болбойт, таза суудай сапырылган күү да, толукшуган кыздардын каш какканы да алаксытпады, күчтүү мусаллас кызытпады.

Кирди-чыкты көп сөздөн кийин зоок аягында Абдылла бек көңүлүндөгү максатына жакындап, кыйытып, Оугандык катаган түрк уругунан тууган издөө сыйынтын сурады. Бул жардам суроо, ошол Оугандык катаган түрк уругунан аскер курашка укук алуу эле. Амир жука эрдин бек кымтып, Абдылла бекти аңтарып тиктеп, анын жалындап турганын көрдү. Ордо кишилери да, нес болгондой, тилдерин тиштеп, көздөрү чекирейип, амирдин жообун күтүп калышты. Амир колунун учун терс шилтеди эле, ошол замат рубабчы да, бийчи кыздар да жылып чыгып кетишти.

– Кыйын... Кыйын болду силерге, углум... – деди амир ачык, ой толгоо менен ордунан туруп басып, дарчеге барды. Байыркы Кабыл шаарынын бир өңүрү бет алдына тартылды. Бирпас туруп, амир кайра келди да, Абдылла бекке эңилип тиктеп токтолду. Ызат көрсөтүп, Абдылла бек ордунан тура калды.

– Углум, – деди амир жумшак, – абдан чарчапсың, биртке тыныгып, мындан нары Меккага барып, каабага жүз коюп, зыярат кылып келбейсиңби, углум? Бу бейбапа дүйнөнүн кыжы-кужусу кайда качар?! Кайра келген соң сүйлөшпөйбүзбү, углум?..

Кыйды нөкөрлөр алдыртан көз менен сүйлөшүп, амирдин оюн болжоп калышты. Ар качан башынан бактысы тайган хандар, амирлер, ханзаадалар иши оңолбосо чекке жеткенде, бул дүйнөнүн кызыгын тарки дүйнө кылып таштап, бир кудай жолун көздөп, Мекеге кетүү салт. Мына ушул сөзү менен амир ар кандай жардам берүүдөн баш тартты. Абдылла бек да түшүндү, иреңи купкуу болуп, эмне дээрин билбей, шарт чыгып кетчү өңдөнүп, те саймалуу кош каалганы тиктеп, нестейип катты.

Амирдин антпеске чарасы жок эле. Англия бүткүл Индостанды басып алып, улам түндүккө карай жылыштап, Оуганстанга жакындап, четки шаарлардын бектерин өзүнө тартып, амирге каршы тукуруп жаткан. Россиянын география коомунун бир экспедициясы Оуган жеринин түздөрүн, сууларын эсепке алып, картасын сызып жүрүшкөн. Англиядан коргонуш үчүн амир орус ориенталисттерин өлкө ичине коё берип, Россия менен кандайдыр бир шартнама түзүп, Россияга таянышка аргасыз болуп отурган эле.

– Ушул оң, углум, – деди амир Абдылла бектин абалын сезип турса да, башка сыр ачпай, себебин айтпай. Нөкөрлөр жабыла:

– О-о!.. Мындан акылдуу кеңеш болобу?! Жолуң ачылат, баатыр жигит!.. – деп кубаттап, амиринин чечимин көтөрүп кетишти. Абдылла бек кызылала болуп:

– Таксыр... Кеңешиңиз асыл кеңеш... таксыр... – дегенден башкага өтө албай, бир аз апкаарып туруп калды.

Кабыл алуу бүттү. Амир жуп жөнөөрдө кула аргымакты кайра Абдылла бектин алдына тарттырды:

– Өзүң азгын болуп жүрсөң, атыңды мен алып калсам, оволоп учкан шумкардын канатын кыркканым болбойбу! Өзүңдө калсын. Менин сага мингизгеним болсун, углум... – деп баш ийкеди.

Абдылла бек сүйүнгөн да жок, капа да болгон жок, сылык коштошуп, аттанып кетти.

Тырмышып келаткан эң акыркы үмүтү эле. Жетишаардагы, Оугандагы тууган урууларды көтөрүп, көп кол баштап кайра Фарганага түшүү үмүтү таш капты. Кабыл суусунун боюндагы кошунга барып, бүк түшүп жети күн жатты. Сегизинчи күнү ордунан үшкүрүп туруп, жанына эки жолдош камдап, үстүндөгү бек кийимин чечип, мусапыр тонун кийип алыскы Арапстан жолуна чыкты.

Үч күнү Акбалбан баш болуп, бир тууганы Батырбек баш болуп, бүт жигити узатып жүрүп отурушту. Жолду катар үч күнү Абдылла бек сүйлөгөн жок. Иреңи күндөн күнгө керсары тартып, тили байланган кишидей бет алдын гана тиктеп кете берди.

Акыры айрыла турган жолго жетишти. Желкесинде бир гана түп көк талы бар башаттын жанына токтошуп өргүү кылышты. Жүк артып жүргөн аттардын эттүүсүнөн бирин союшту. Жигиттер эт жешти. Абдылла бек наар татпады. Бир убакта тунжуроодон ойгонуп, оор үшкүрүп, өйдө карады:

– Йе, Акбалбан, кайдасың?..

Акбалбан үңүлүп тиктеди. Абдылла бек алсыз, иреңи жаңгак­тын жалбырагындай керсары болуп, жаагы шимирилип, эки көзү кесесине кайнап, сөөлөтү өчүп калган эле.

– Өз мекенимден ажырап, бирөөнүн Мекесинен не табам?! – деп күңкүлдөдү ал. Жигиттер:

– Кайталыбы? – деп сүйүнүп кетишти. Абдылла бек тунжурап, кайра шалдырап, башын ийкеди:

– Силер кайткыла...

Жигиттер тым боло түшүштү, сөздүн төркүнүн болжой алышпай, тиктешип калышты. Акбалбан жакын эңилип:

– Сизчи, бек?..Баарыбыз эле кайталы, кайтсак... – деди акырын.

– Мен өлөм... – деди саал Абдылла бек башын ийкеп, жигиттерди кыдырата тиктей.

– Йе, өлүмдүн бетин нары кылсын, жаман сөздү оозго албаңыз!-деп жиберди бирөө. Абдылла бек башын чайкап, эки муштумун чекесине мадай, жер тиктеп:

– Жок... Жок, мен өлүшүм абзел го... Кайта албайм, кайтып барып, атамдан калган бийлигим бирөөнүн колунда турганын, энемден калган ызатым бирөөнүн алдында тепселип жатканын көрүп отура албайм... – деп жөөлүгөндөй күбүрөп. – Жок...

Жигиттер Акбалбанды тиктеп калышты. Биртууганы Батырбек жашып кетти:

– О, кагылайын аке... эмне шумдукту сүйлөп отурасың?!.

Абдылла бек башын көтөрдү, эчтеме болбогондой жадырап тиктеп:

– Батый, – деди эркелете, – эмнеси шумдук, тагдырымдын өкүмүн, бешенемдеги жазууну гана окуп отурам.

Жубатар сөз кайсы? Баары унчукпай отуруп калышты. Бирпас карбаластап, эмне кылар айласын таппай, Акбалбан четтеп басты. Абдылла бекти ооруп калды деп ойлоду. Нары жакынкы кыштакка табып издеп барып, андан белинен ылдый гана ак мата менен чатынып алган, башын да ак мата менен орогон кары индусту ээрчитип келди.

Абдылла бек эки муштумун чекесине жаздап, көмкөрөсүнөн түшкөн бойдон, дагы ойлонуп, дагы ойго тепселип, өзүн билбей жаткан экен. Жанында Батырбек шөмтүрөп отуруптур.

Акбалбан атынан түшүп, индус табыпты Абдылла бекке алып келди. Жигиттер жыйыла баштады эле, колун шилтеп, таратып жиберип, Абдылла бекке эңкейди:

– Бек...

Абдылла бек башын көтөрдү. Жанында чоочун турганын сезе коюп өйдө болду. Индус эки алаканын жупташтырып чекесине алып:

– Салам, бекзаада, – деп, ийилип таазим кылып жылмайды. Майланышкан капкара көзү сак жылтылдады.

– Көрсүнчү, – деди Акбалбан акырын, – табып экен...

Абдылла бек күлдү:

– Ха-ха!.. Табып бекен? И, мейли, билсинчи менин кеселимди! – деп колун суна берди. – Кана, ынды табып, тамыр кармайсыңбы? Же ырам ачасыңбы? Мына...

Индус табып Абдылла бектин колунун учунан алып, тамырын кармабай эле жымыйып, үңүлүп көзүн тиктеди, иреңин тиктеди, анан колунун үстүн сылап туруп:

– Бектин кирпиги катып калган. Санаа кесел бектин кесели, – деди аппак тиштерин кашкайта. – Сары санааны бек таштасын...

Абдылла бек эки көзү чекирейип, таңыркап тиктеп, анан башын чайкады.

Индус табып тигинин абалын түшүнгөндөй, кайгысын бөлүш­көндөй чекесин тырыштырып, бирпас тигилип Абдылла бектин көзүн тиктеп, жыбылжыган жумшак үн менен туталана сүйлөдү:

– Вай!.. Санаа адамды мерт кылышын бек билбейби?.. Вай...

Абдылла бек бир ууртун тартып ичтен күлүп, өкүнүчтүү күрсүнүп койду да, сол колунун аты жогундагы каухар жүздүктү чыгарып, индус табыпка сунду:

– Билгич экенсиң, ынды табып. Ыраазы бол.

Индус жүздүктү леп этип алып, бир имерип тиктеп, каухардын каниги экенин билген соң, уурту жайылып, башын бат-бат ийкегилеп:

– Ырахмат... Ырахмат... – деп ордунан туруп, кетип баратып кайрылып токтой калып: – Сары санааны таштасын бек, таштасын алы жетсе. Өз көңүлүн көтөрсүн, көтөрө турган нерсе жок болсо да... – деп кетти. Абдылла бек унчуккан жок, мелтиреп тиктеген бойдон былк этпеди. Индус табып артын карабады. Бир убакта белинен ылдый чатынган ак матасы кылактап барып, көрүнбөй калды.

– Эмнеге көтөрүлсүн көңүлүм? Кантип көтөрмөкмүн? – деди Абдылла бек мелтиреп бет алдын тиктеген калыбында, байыркы бейиттин башына койгон таштай былк этпей. – Жан каерден чыкса дене ошерде калат, жазат ошол. Бир гана сурарым, туугандарым, кан кечишкен жоролорум...

Акбалбан нестейди. Жигиттер нестейди. Дем тартпай ка­лышты.

Абдылла бек:

– Жан чыккан соң, көкүрөгүмдү жоо канжар менен жаргыла да жүрөгүмдү алгыла... Сөөгүмдү кара жердин бооруна бергиле, жүрөгүмдү аардуу ак кийизге ороп алып, ат тизгинин кайра тарткыла, насип буйруп, жети кылым жети атабыз мекен кылган жерге жетсеңер... гүл баскан дөңгө түшүп, чукур казып көмгүлө... Жүрөгүм жат жерде калбасын, жүрөгүм өз Мекемде жатсын...

Батырбек болоктоп ыйлап жиберди. Абдылла бек кой деген жок, жубаткан жок, уккандай да болгон жок, мисирейип кыдырата тиктеди.

Санаа ооруу, өлөм деп өзүн өзү баш ийдирүү, өзүн өзү көндүрүү көз көрүнөө Абдылла бектин кубатын алды, жашоо үчүн күрөшүү сезимин сенек кылды. Төртүнчү күн таңга жуук, адатынча былк этпей, эки муштумун чекесине жаздап көмкөрөсүнөн жаткан бойдон, акырындап дем алышы азайып, ээк какпай, кол серппей, акырындап жымырап, жан билбеген купуя бир караңгыга өттү.

Акбалбан колтугуна колун салып, биртке гана жылуулук турган экен, жүрөк бүлк этпейт, абайлап чалкасынан оодарды да, эки колун сундуруп, чепкенин айкарасынан жаап, ордунан туруп:

– О, кайран бек... О-о... деп, мөгдөп өкүрүп жиберди. – О, азаматтан айрылдык а...

Жигиттер чуу туруп өкүрүштү. Батырбек өбөктөп өксүдү. Акбалбан энтигип токтой:

– Токтогула... деди үнү дирилдеп, көз жашын аарчый, кайра мисирейип кайрат жыйнады. – Чоочун жерде чуулдашып отурбайлы...

Эртеси Акбалбан баштап, жигиттер Кушка тарап менен, «өз мекеним, өз элим кайдасың?» дешип, дүпүрөп жолго чыгышты. Аргымактын туягын түлөткөн алыс жол. Жигиттер улам суюла баштады. Кай бири аты арып, кай бири жол азабына чыдай албай, айнып жол-жолдо калып кетти. Чөлдүн кум уюлгуткан шамалы менен атаандаша чуркаган күлүк ат минишкен каракчылар эки жерден кол салып, анда он жолдош набыт болду. Жейхундун башы Үргөнчкө Акбалбан, Батырбек, дагы бир гана жигит жетти.

Бир ай дегенде Фаргана чегине өтүштү. Тоо таянып, кылбат жер­ге бир көк арчанын түбүнө Абдылла бектин жүрөгүн түбөлүккө жашырышты. Кула аргымакты туура тартып, ээсинин арбагына атап чалып, башын бүкүлү кайнатып, этин шылып таштап, куу сөөгүн көк арчанын ачасына кыстарышты. Ошондон соң, бир ыйык милдеттен кутулган соң, эттерине көйнөктөрү жабышып арып бүткөнү эми сезилип, шалдырап, ошондо гана үчөбүнүн оз башы, өз камы, мындан нары кайда баруу кыжаалаты эстерине түштү...