кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Алтынчы бөлүм

VIII

Чаубайга кайра ашып келишкенине бир апта болгон. Келген күнү эле Момун жакага түшүп кеткен. Элден кабар алмакчы эле. Күн өтүп жатат. Сууга чөгүп кеткендей ошол бойдон дарексиз.

Исхак үңкүрдүн төрүндө, алдына камыш төшөлүп, көрпө тонун жамынып, дүмүр отундан түшкөн кызыл чокту тиктеп, уйку-соонун, санаа менен үмүттүн арасында өзүнчө нес болуп, былк этпей тунжурап жатты. Жыйырмадай гана жигит калган. Алар кайберен атып келишип, бирпас да болсо кум санаадан бошонуп, уунун кызыгын кеп кылышат, отко бышып жаткан кандуу боорго жилбилери түшүп, күймөнүп отурушат. Исхак сөзгө аралашпайт. Сынган буту өтүктүн кончундай болуп шишип кеткен. Чучугу сыздап ооруйт. «Эмне болду экен?», «Бекназар эмне болду экен?.. Момун эмне болду экен?..» деп, жан ооруусунан санаа ооруусу күч, үлбүрөп көзүн сүзүп, байланышсыз сөздөрдү күбүрөп, акырын онтойт. Жигиттер элтейип тиктешет. Исхак көзүн ачпайт, акырын демин алып, уктап кеткенсип кайра тынчыйт.

Жүзбашы Мырзакул кирди. От боюнан жигиттер тура калышты.

– Эч кабар жокпу?.. – деди Исхак башын көтөрүп. Мырзакулдун кейпинен жадаганы көрүндү:

– Жок го... деп, тоңгон колун укалап, отко умтулду.

– Мени кароол дөбөгө алпаргылачы...

Мырзакул башын көтөрүп тиктеди:

– Ушу ит өлө турган суукта эмне бар кароол дөбөдө?!

Исхак унчуккан жок, жер таянып өйдө боло баштады. Жигиттер сүйөй калышты.

Кароол дөбө кароол дөбө дегенинче бар экен. Туш тарабы ачык. Арт жагын караса ашуунун бели, алды жагын караса асыл Фаргана мелмилдеп алаканда турган, топудай соксойгон бийик жер экен.

Жигиттер Исхакты замбил менен көтөрүп келишти да, кароол таштын үстүнө отургузушту. Исхак майып бутун сунуп, оңдонуп, негедир жүзүнө кан тээп, толукшуп, көзү жайнап, алсыз энтигип эки жакты тиктеп алды.

Те алда кайда ак тилек кылып, ак жоолук салынган эне сыяк­туу Чаткалдын кыркасы бүлбүлдөйт. Этеги Ташкен, башы Суу­самырга, андан нары Тогуз-Торо багытына жалганып, Өзгөн, Алайкуу, Алай тоолору чиркелишип, Исхактын оң кол тарабына имерилип жатты. Сол кол тарабынан Улуу-Тоо уланып, Кыргыз-Ата, Алтын-Бешик тутумдашып, бир учу Сары-Кол тоолоруна жалганып, бир учу ичке ийе тарта Кожонду курчап түгөнөт. Эки тоонун түгөнүшү бетме-бет келип, асыл Фаргананын таш капка дарбазасы окшоп турат. Алты эмес алтымыш, жети эмес жетимиш атабыздын сөөгү жаткан Ала-Тоо. Нечен кандуу, өрттүү кылымдар ичинде сары түктүү жылуу бооруна, төбөсү ачык мээримдүү көгүнө сыйынып күн көргөн элин суук шамалдан, суук көздөн сактап келе жаткан касиеттүү ак коргон...

Асман чайттай. Ава суук. Тыноодон чыккан жел түтүн болуп бурулдайт. Турган жигиттер кайыгып кетишкендей болду. Бүжүрөп, кай бири турган жеринде секирип, кай бири үңкүргө жылып жөнөштү. Бири такыр айла куруганда келип:

– Таксыр... Суук өтүп калбасын... деп акырын эскертип, ушуну менен өзүлөрүнүн да чыдай албай турушканын туйгузду. Исхак көпкө унчуккан жок. Жигит колун үйлөп, буту менен жер тепкилеп, көшөрүп жооп күтүп турду.

Исхак:

– Баатыр, силер үңкүргө бара бергиле. Мен бирпас отура турайынчы...

Жигит:

– Майып бутуңуз болбой калар бекен...

Исхак өкүнүп башын ийкеди:

– Э... кейий турган бут калдыбы, баатыр?!. Өз жаныңарды сактагыла, баргыла жылуу жерге. Бир аздан соң алып кетерсиңер...

Жигиттер кыялап жүгүрүшүп үңкүргө түшүп кетишти. Исхак козголбой, былк этпей касиеттүү ак коргонду кайра сыдырып тиктеп, ой-санаасы алда кайда кетип, кайра тунжуроого түштү.

Тигине жатат мелмилдеп асыл Фаргана... Сыр-Дайра, Кара-Дайра ийрилип, бул асыл өрөөндүн эки салаа кан тамыры окшойт. Топурагы өнүмдүү, суусу келимдүү, күнү жымырап далы ысытып жанга кубат беримдүү. Сайганың көктөйт, жайганың төлдөйт, чачканың чайлайт. Атадай ичи кең, табышман, энедей берекелүү асыл өлкө.

Улуу тоо катмарынан бүркүт айланып чыкты. Исхак кызыгып тиктеди. Жолборско чап салган баатыр куш ак чалгайын жаркылдатып, имерилип жай сызып, тиги жапа жалгыз таштын башында отурган адамзааданы көрдү окшойт, эки айланып келип, туура жактагы аскага конду. Ормоң-ормоң каранып, талпынып, «шаңк!» этип шаңшып койду. «О, кайран баатырлыктын, бийиктиктин кырааны! Сөөлөтүн кара, келбетин кара?!» деп, Исхактын жүзүнө жылмаюу, жүрөгүнө эргүү келди. Баатыр куштун шаңшыганы «Кел, кайран эр, учалы! Пастык, ыпластык жок жайларга, чагылгандуу кара булуттун нары үстү жагында жайнап турган жаркын күнгө чабыт кылалы. Жүр, кайран эр!» дегендей, чакырып жаткандай сезилди. Ошол замат чөккөн көңүлү эргип, жүрөгүнө самоо, арзуу толуп, лак-лак какты. «Шаңк!» деп шаңшыды баатыр куш, асканы дуу-дуу эткизип канат күүлөдү. «Кош!» дегендей угулду. Исхактын жүрөгү сыздады. Ал кашын, мурутун, кирпигин үлбүрөгөн кыроо басып мүңкүрөп отурган бечара тиги эркин куштун шаңдуу үнүн, эпкининен бороон шамал жаратып кайра ового көтөрүлгөнүн өксүп тиктеп, отуруп кала берди.

Төрт жигит кайра келишти.

Исхак:

– Эч кабар жокпу?..

– Келди, таксыр...

– Баралы...

Жигиттер Исхакты замбилге салып, унчукпай, кайра үңкүргө карай көтөрүп алып жөнөштү. Жигиттердин иреңинде жакшылыктын жышаанасы жок эле. «Жакшылык кабарбы?» деп сурашка Исхактын оозу батпады.

Үңкүрдүн эшиги топурап калган экен. Аттар токулган, камчылары колунда. Нары жакта кимдир бирөө ызырынып сөгүнүп жатканы угулду. «Эмне болуп кетти?» – деп ойлоду Исхак чекирейип тиктеп. Аны көрүп, турганы турган жеринде, отурганы отурган жеринде сөздөрү ооздорунан түшүп, селдейип калышты. Сөгүнгөн үн ачык таанылды. «Момун келген экен!» деди Исхак.

Мырзакул жүз башы бир бурчта турат, колунда бир атма орус пистол. Бир бурчта Момун саркер турат, колунда кош миздүү кылыч. Кара курт менен музообаш сыңары марашып калыптыр экөбү. «Эмне болгон буларга?» – деп, Исхак таң болду.

Момун:

– Чыккынчы! Ат! Эмне карап турасың?! – деп кичинекей сары көзү жайнап, кан толуп, секирүүгө ыктап турган жолборстой, кум­сарып турат. Мырзакул пистолдун машаасын басууга даяр. Исхакты көрүп да былк этишпеди. Жигиттер замбилди экөбүнүн ортосунан жарып өтүп, үңкүрдүн төрүнө коюшту.

Исхак:

– Эмне болуп кетти силерге?! – деди кайгы менен. Момун ту­талана сүйлөдү:

– Карачы, бул итти?! Мунун кара ишине макул болбогон баатырларды байлатып таштаптыр. Эшиктен кирип келсем эле, мага өзү чапсалып жүрбөйбү бу чыккынчы?! Сени баш кылып баарыбызды атка таңып берип, Искөбүл пашадан сыйлык алат имиш...

Исхак эмне дээрин билбей калды. Колу бош турган жигиттерди кыдырата тиктеди. Баарынын кабагы салыңкы. Баары бир ооз сыяктуу. Өңкөй Мырзакулга ыкташ. А Мырзакул бери карабайт, көзүн көзгө урунтпайт, демек бети кара, ниети кара. Исхак акырын үн салып, Момунга жүз бурду:

– Качан келдиң?

– Э, келгени курусун!.. – деди Момун, каңырыгы түтөгөндөй майышып кетти. – Эмнесин айтайын, эмнесин угасың?! Өрт каптаптыр кыштын күнү кайран жерди! Мубаа тийгендей тыйпыл болуп чабылыптыр кайран журт! Эмнесин айтайын, колубуздан эмне келет?!.

Исхак нес болду. Ушул кайгыны, ушул чарасыз абалды аны сайын аныктап, баары тунжурады.

– Искөбүл паша менен Насирдиндин издегени биз экен! – деп муңканды Момун. – Көк мейкинди көксөп күнүгө көк караган куштун канатын кыркып тоок кылган сыңары, о Исхак, боштондук көксөп жыл сайын эрегишип чыккан кайран журттун туусун канга боёп, жүрөгүн өлтүрүп, «Эй!» деп койсо чокусун эки колу менен калкалап отуруп бере турган, түбөлүк карып кылат экен...

Эми Исхак үшүгөндөй калчылдады.

– Ыя?.. – деп онтоду. – Ушундайбы?.. Издегени биз болсок, анда биздин тирүү жүргөнүбүз өз элибиз үчүн жапа болуп жаткан экен го?..

Эч ким унчуккан жок. Тууралыгын баары мойнуна алгандай.

– Канга боёлгон көйнөгүбүздү көрбөй эл үмүтүн үзбөс, душмандын көкшүнү субубас, өчөштүгү тынчыбас! – деди Исхак. – Ташта наркескен кылычты, Момун баатыр. Өзүң байла колумду...

Момун селт карады. Исхак башын ийкеди:

О, эр жигит, эн ойлонбо, атыңдан түш
өз элиңе артык баш болгон чакта,
жалгыз жолдош кылычыңды чечип бер да,
сатып алгын өлүмдү сатып жатса кан базарда...

Эсиңде бардыр, Момунум, календер капыз бизге ушуну эскерткен белем?!.

Момун шылкыйды. Ошол саатта баары үңкүйүп, баарын ой басып, сөз менен, ый менен айтып жеткире алгыс муң терметти. Мырзакул да далысын салып тунжурады. Ошол саатта ар биринин көңүлү сыздап, ар биринин жүрөгү канап, көкөй кескендеги арман күү күңгүр кагып жатты.

– Мен колго түшпөйм! – деп жиберди Момун кайгыдан башын жулуп алып. – Мага уруксат бер, Исаке! Ордонун иттерине көөдөнүмдү тебелетпейм, Исаке! Өз бетимче кетем, уруксат кыл, Исаке...

Исхак же таң калганы жок, же күйгөнү жок, эси оогондой телмирип тиктеди. Момун мууну титиреп; саал энтигип, кашкөй­лөнүп, көшөрүп, анын жообун сурап, сабылып турду. Исхак бир улутунуп, башын ийкеди:

– Бар, Момунум, бар... – деди, үнү бас, каргыл чыкты. – Мен эми, сенин каныңа себепчи болбоюн, бар эми, кагылайын Момунум... Мейлиң... Канжыгада көрүшөрбүз...

Момун каңырыгы түтөп коштошо албай, Исхакты бир жал тиктеп, анан кылычын жалаң кармаган бойдон үңкүрдөн чыга жөнөдү. Эч ким былк этпеди. Мырзакул да алдын тосподу. Колундагы шумкары капыстан уча качкан мүнүшкөр сыяктуу же бакырып жибере албай, же айрылууга көнө албай, жүрөгү шара тилинип, эки көзү чекчейип, Исхак ээрчип тиктеп гана кала берди...

... Маргалан.

Түздүн кары кетип, жерден тоң чыгып, күн жылымдап калган кез эле. Ошол 1876-жылдын 1-марты күнү Маргалан ордосунун кең майданына жык толтура эл чогулду. Кап ортого тактадан бийик секи орнотулган. Секиде бош сыйыртмагы салаңдап дары турат. Кең майдандын төрт бурчуна төрт замбирек коюлган. Замбирекчи солдаттар милте көсөөнү түтөтүп, дароо атууга дапдаяр. Ичтен да, сырттан да барон Миллер-Закомельскийдин батальону, ордонун дөлөнгүттөрү жыш курчап алышкан. Туш тараптан дагы эле эл келип жатты. Коргондун кыры, жакын жердеги дарактарга, тамдардын үстүнө кара таандай жамырап чыгып кетишкен, бири да чук этпей, дарды тиктеп, бири оозун ачып аваз кылып, бири томсоруп тымпыйып, былк этишпейт, күтүп, жүрөк опкоолжуп турушту.

– Ана!.. – деди дарактын башындагы бирөө. Дагы бирөө апкаарый:

– Жарымпаша!.. – деп жиберди. Кең майданда кулактары тийишип турган көп эл күбүр-күбүр болуп, жел урган көлдүн бе­тиндей толкуп, ордо жакты карай беришти.

Ордо жактан бир топ алдам көрүндү. Жарымпаша десе жарымпаша, Түркстандын генерал-губернатору, Бүткүл Россиянын ээсинен чексиз укук алган, «Кауфман I» атыккан киши. Жанында генерал Скобелев, барон Миллер-Закомельский, жана да бир нече чиндүү төрөлөр коштоп келишти. Кең майдандагы көп эл дуу этип, баары тегиз баш уруп, тизелеп жыгылды. Фон Кауфман элдин таазимине эч көңүл бурбай, этибарга албай, жай басып дардын түбүнө келди да, дарды тегерете карап көрдү. Барон Миллер-Закомельскийден бирдеме деп сурагандай болду. Барон баш ийкей жооп берип жатты. Эчтеме ачык угулган жок. «Дар бекемби?» дегендей туюшту. Узун этек кымкап тондорун шөлбүрөтүп, артынан Кудаяр, Насирдин, Абдырахман, Сейид Маулан бек ээрчип жүрүшөт. Эң артында жолбун иттей болуп, уругу дөөлөс Мырзакул да илешип алган.

Фон Кауфман дарга асууну таасын көрүп туруш үчүн аларга атайы жасалган бийик орунга чыкты. Коштоп жүргөндөр баары чыгышты. Эл дүбүр-дүбүр этишип, бирок дагы эле чук эткен дабыш жок, өйдө болушту. Элди тегерете тиктеп туруп:

– Көп жылдан бери силерге эгин эктирбей, мал бактырбай, соо­да кылдырбай, силерди азгырып жүргөн, силерди өз ханыңарга жек көрсөтүп жүргөн бузуку, ууру Исхак кармалды... – деди жарымпаша.

Татар тилмеч аралашма түрки менен которду. Кудаяр өз сөөлөтүн тутуп тынч турду. Абдырахман абтабачынын кабагы салыңкы. Насирдин өрөпкүп, эки жакты элеңдеп каранып, эл дүңгүрөп куттук айтат деп турду. Эл тымтырс калды. Мурдун тартып койгон да эч ким болбоду.

Муунтуу, асуу түгүл көз көрүнөө кылычтап кызыл жаян канга бөлөп өлтүргөндү көп көрүп, жүрөгү калган эл. Те четтен бирөө секин жылып жөнөдү эле, атчан турган козак аттын омуроосу менен, суурулган кылыч менен алдын тосту. Бүжүрөгөн бечара көзү жашылданып, онтоп, кайра ордуна келип сөлпөйүп туруп калды.

Шыкалган элдин ичинде сакалы, чачы өсүп кеткен, ой азабын тарткан сыяктуу, эки көзү кыпкызыл, жүдөө дувана турган. Же арман ырын ырдаганы билинбей, же бейжай пенделерди адепке, топукка чакырып, кудай деп сайраганы билинбей, ичтен өрттөнүп, ичтен муңканып, эрди гана шыбышсыз кыбырап, көзү жашылданып, көз жашы ирмелбей төгүлө тургандай болуп турду. Бул Момун болучу. Эч ким тааныбады. «Кайдан алып келер экен?» деп, ал дагы эки жакты каранат. Бир кезде пириндей ишенип, башына чалынган ыйык селдедей көкөлөтүп, бирге жүргөн адамды эң акыры бир көрүп калуу мудаты окшойт.

Аңгыча барабан дыбыр-дыбыр кагылды. Эл селт этти. Зындан жактан төрт кара атчан көрүндү. Эл дуу эте ошол жакты карай беришти. Барабан улам күчөп дүңгүрөдү. Төрт атчандын экөбү сыпай, экөбү козак экен. Ортосунда Исхак! Эки колу, эки буту кара темир жынжыр менен чидерленип, ал аздык кылып, кенеп аркан менен эки карысынан, бутунан, мойнунан байлап төрт атчан төрт жакка керип алышкан. Сүйрөп качабы? Жо, кокус эл жаңжал чыгарып жиберсе, бу коркунучтуу адамды алардын колуна бербөө сактыгы сыяктуу. Барабан тынымсыз дыбырап, сүргө сүр кошуп жатты. Исхак ак шишик баскан, чачы, сакалы абдан өсүп, эки көзү алайып, майып бутунан сылтып аксап келет. Аксаган сайын кара темир чидер шылдырлайт. «Пошт! Пошт!» дейт сыпайлар. Эп дуу-дуу дүүлүгүп, кай бири жол бошотуп кетенчиктеп, кай бири көрүп калууга кайра алга жүткүнүп жатты. Исхак өлүм менен эрегишкендей, көңүлү ачык, капаска түшкөн бүркүт окшош, ормоңдоп эки жакты каранып, «Ассалому алейкум! Ассалому алейкум!» деп, алик алганга да, алик албаганга да бирдей жаркылдап учурашып өтө берди. «Ва-алейкума ассалам!» деп, кырааты менен үн салып, болкулдап ыйлап алик алды бир адам, жандап чуркап басты.

Дардын так түбүнө жеткенде төрт кара атчан Исхакты ал жер­де дарды күзөтүп турган солдаттарга тапшырып кайтышты. Жазаны жүзөгө ашыртуу милдети полковник барон Миллер-Закомепьскийге тапшырылгзн болучу. Барондун буйругу боюнча дардын түбүндө солдаттар Исхактын чидерин чечишти.

Өз сөөлөтүн тутуп Кудаяр башка жакты тиктеп турду. Абдырахман негедир жылдызы жерге түшүп, жер тиктеп катып турду. Насирдин гана кубанычын жаба албай, көзү эркелеген иттин көзүндөй болуп, жылмаңдап, шыйпаңдап фон Кауфманды жалжал карайт. Ал кыбасы канып, өчү канып:

– Э, ууру Исхак, тексиз селсаяк! – деп табалап калды Исхакты. – Алың калай?! Жөнөдүңбү? Майли, бар, сенин барар жагың ошояк!

Исхак кайрылып карап, аксап басып:

– Йе, жугундукор, сенсиңби үрүп турган? И, сен бул дүйнөгө устун болосуңбу? Барасың сен да бир күнү менин артымдан, барасың ыйы жок, чуусу жок, сайга өлгөн иттей болуп...

Эл ичинен биртке күлкү чыгып токтоду.

– Тез! – деди полковник барон Миллер-Закомельский. Айдаган солдат мылтыктын кундагы менен Исхакты желкеге түрттү. Исхак бир ууртун тартып:

– Кайда шашасыңар?!. Үлгүрөсүңөр, баарына үлгүрөсүңөр эми... – деди да, кайраттанып дардын секисине бут койду. Ма­йып буту кычыр-кычыр этти. Ал «И!» деп койбой, намысы чыңап, көктүгү жеңип, соо кишидей жулкунуп чыкты.

Те алыста Момун эки көзүнөн жашы ирмелбей төгүлүп, мурутунан ылдый сакалына кулап, сарыгып, ыйлап, акырын энтигип турду.

Фон Кауфман Исхакты «Түркстан элинин душманы», «бузуку», «уурулардын башчысы» деп жариялап, дарга асуу аркылуу өлүм жазасына тарткан өкүм окуду.

Исхак кең майданга шыкалып турган көп элди бир сыйра тиктеди. «Кубанып турганы бар бекен?» – деген ой келди. Ошол замат «Ыйлап турганы бар бекен?» – деген ой келди. Эл тымтырс, эл купкуу. Эмнегедир кубанганы да, ыйлаганы да көзүнө чалынган жок. Баары мүңкүрөгөндөй, кубаныч да, кайгы да эми аларга бир баа өңдүү. Турушат тигине, узун кара чапан кийген, жоолук менен топусунун сыртынан башын таңынган ичкилик, турат тигине, тери тондору күпүйгөн, тебетейлери бир кучак тоолук! Жүзү жылуу, дили, тили ага түшүнүктүү өз эли, өз каны... Ушул азыр жарымпашанын кектүү үнү Исхактын кулагына кирген жок, каар­дуу өкүмү чоочуткан жок. Ал муңайгансып кетти. «Кош эми... Жамандыгым болсо кечир, жакшылыгым болсо ырдай жүр, эзил журтум!..» – деп, ал купуя коштошту, жүрөгү мыкчылды. Келер желдет тез келбейби! Ал санааркап, асман тиктеди. Тигине көздүн жашындай мөлтүрөгөн көк асман. Жабыла атылган мылтыктын түтүнүнө окшош сургулт, суюк булут каптап келатат. Те бийиктен, сургулт булуттун нары жагынан бир караан Исхактын көзүнө чалынды. Бүркүт экен! Сургулт булутка бир чүмкөнүп, бир көрүнүп, каалгып айланып жүрөт. «Менин жаным окшойт...» – деп ойлоду Исхак. Андан соң жүрөгү бат-бат согуп, каны дүрүлдөп төбөсүнө агып, башына эчтеме кирбей, дендароо болуп шалдырады. Мойнуна сыйыртмак түшкөнү келатканда ал селт этип ойдон чыгып, сыйыртмак салганы келаткан колду кагып жиберди. Жанында көзү чүңүрөйгөн желдет сарбаз турган экен.

Эч сөз угузбай, ый угузбай, сөгөт угузбай барабан тынымсыз дүңгүрөп жатты. Исхак акырын күбүрөп өз келмесин өзү айтып, көзүн жумду. Сыйыртмак акырын мойнуна түштү. Мупмуздак, кара чаар жылан оролгондой болуп, эти дүрүлдөп кетти. Сарбаз Исхак чыгып турган жеңил күрсүнү тайдыра тээп жиберди.

Исхак шалак этип, бекем жибек жипке асылып калды.

Эл дым болду. Барабан дүңгүрөп жатты. Исхак чиренип, саал жандалбас кылып, анан бутунун учу да кыбырабай, мурдунан асып койгон көк жолборстун терисиндей чубалып, узуну чыгып, акырын чайпалып туруп калды. Барабан үнү акырындап, анда-санда дыбыр-дыбыр деп, токтоло баштады.

– Оо... баатырдан калып не табам!.. Не таба-а-м... – деген өкүрүк жерге көмүлгөндөй тымтырстыкты шаңк жарып кетти. Бул эмне? Бул ким? Эл дүү-дүү, дуу-дуу болуп, жарыла берди. Момун экен!

– О, баатырдан калып не табам, кокуй?!. Өү-ү... – деп келатты.

Ошол учурда бийик секиде турган жарымпаша фон Кауфман да, Кудаяр да, кабагы бүркөө Абдырахман да, шыкалып турган калың эл да нес болду. Момун далбактап чуркаган бойдон, кармаганга болбой, тосконго бой бербей, дарга чыкты. Акырын теңселип турган Исхактын сөөгүнө жетип, тизелеп, мөгдөп, бутунан кучактады.

Эл тосмосу жарылган көлдөй толкуп, күр-шар, буркан-шаркан түшүп, баары чуу туруп өкүрүп жиберди. Ошол замат «татыр-р, татыр-р!» деп, жалпы атылган мылтык үнү жер силкинтти. Чуу суу сепкендей басыла түштү...

Полковник барон Миллер-Закомельский элге карап:

– Адилет жаза жүзөгө ашты! – деп, шашыла жария кылды.