кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Алтынчы бөлүм

VII

Көтөрүлүштүн тамырын биротоло кыркуу үчүн «Зимняя экспедиция» деп аталып, генерал Скобелевдин башчылыгы астында каратель отряд түзүлгөн. Саны жагынан отряд эмес ошол кездеги колдо бар куралдар менен толук жабдылган бүтүндөй бир аскер бөлүгү болучу. Отрядга бир аз жигиттери менен Насирдин өзү көмөкчү, жол көрсөтүүчү болуп кошулган.

Эки күнү көз ачырбай кар боройлоп жаап, жаңы гана басыл­ган эле. Мелмилдеген асыл Фаргана өрөөнү аруу жуунуп ак шайы кийген келиндей үлбүрөп калган. Те алыстан башка кыштактардын карааны араң көзгө илешет. Кайдадыр алыстан иттин үргөнү үзүл-кесил угулат. Ава муздак. Аскер аппак карда кара чаар жылаандай ийрилип, жай чубап келатты.

Найман кыштагына жакындаган кезде аскердин алдынан бир топ киши тосуп чыгып калды. Ортосунда сакалы белине түшкен мүңкүрегөн кары адамы бар, колдору боорунда, ниет актыктын белгиси – баары тегиз ак жоолук кур курчанышкан.

Генерал Скобелев атчан туруп, жанында Насирдин, унчукпай аларды бир сыйра көздөн өткөрдү. Насирдиндин түрү бир башка – өз жини өзүн калчылдатып, тиги мүңкүрөгөн кишилерди табалап, чыдамы кетип, ичинен: «Бу орус эмне маалкатат?! Эмнесин карап отурат?!» деп чыдамы кетип, ат үстүндө тынч ала албай кыйшаңдап турат. А эл болсо чарасыз, өлүмгө баш байлоо, ырайым берилсе да кубанчу түрлөрү жок, баарынын ындыны өчкөн экен. Сакалы белине түшкөн кары карга бүк түшүп таазим кылды да, ошол тизелеп турган бойдон өйдө болбой:

– Ырайым кылгыла, о адам атанын балдары!.. – деп, калчылдап, киркиреп акырын сүйлөдү. Сууктан өңү кетип, быштактай катып турган тилмеч карынын сөзүн которду. Сөзүмө жооп болобу дедиби, кары башын көтөрбөй, ичинен калтырап, көшөрүп кулак төшөй күтүп турду. Аркасында чилдей тизилип карга тизелеп кишилер да мыдыр этишпеди.

– А-га! – деди генерал Скобелев. – И-и? Согушуп бүттүңөрбү?!

– Кекетип жатат... – деп которду тилмеч.

Улук төрөнүн үнүнөн эч ырайым сезилбей, кары адам ичинен чыйралып, акырын башын көтөрүп, көк мончоктой чекирейип турган көзүн көрдү. Заар көрүндү. Кары дагы эле өзүн токтоо тутуп:

– Тегин жерден өрт чыкпайт дейт биздин элдин акылы, кантели, ханыбыз катаал чыгып – толкудук, чайпалып төгүлдүк... Эми, о адам атанын ыкыбалдуу баласы, сунулган моюнду суурулган кылыч кеспейт дейт биздин элдин акылы, минтип тутам мойнубуз кылча болуп, кар тизелеп алдыңда турабыз, өңкөй эңкейген кары, эмгектеген бала, кара кийген касыреттүү жесир гана калды, жан соога кыл... – деди.

Насирдин:

– Эмне?! – деп кыйкырып алып, кайра кылчаңдап, генералдын козголбой турганынан айбыгып, кайра куйругун кыпчып, бирок көзү күйүп, көзү канталап, көзүндө огу болсо бир атып абышканы тырп жыккысы гана келип, айласыз токтолду. Тилмеч карынын сөзүн которду генералга.

– Жансоога берилбейт! – деди генерал Скобелев катуу, үнү кы­лыч менен таш чапкандай угулду, колун кылычча шилтеп таштады. – Чапкыла бирин койбой!

Тилмеч кирпигин араң кыбыратып эле, же которорун билбей, же которбой коё албай тургандай болуп, эки ортодо мелтейип туруп калды. Сакалы белине түшкөн кары адам ага суроолуу кадалды. Тилмеч көзүн ала качып, атынын жалына үңүлө берди.

Ошо замат атчан козак карателдер ороп, үрөйлөрү уча карда чөгөлөп отурган өкүлдөр чуу этип, тура калышты. Ичиндеги кары:

– Чуу бейпайда, эми чуу бейпайда. О эсиңерге келгиле... – деп үн салды кайрат менен. Карынын токтоо, коңур үнү:

– Жан талашуу бейпайда, балдарым. Эс токтоткула, жан талашуу эми бейпайда... – деп аралап өттү.

Эки жактан кысып кылычтап киришти. Бири да ордунан жылбай, корунбай, бири да кыңк этип үн чыгарбай нестейип гана турушту. Кылыч муздак аваны ышкырып жарып, шарт деп тийип жатты. Ак кардын үстүнө адам каны чымындыктын гүлүндөй жайнап чачылды...

Кезек сакалы белине түшкөн карыга жеткенде:

– Жөн койгула аны! – деди генерал. – Тирүү калсын өзү жалгыз ушу жерде. Эң сонун жаза болот...

Кыштак туш тарабынан курчалды. Катындар чурулдап, озондоп, балдар энелеринин этегине башын катып чырылдап ыйлап, кыштак чууга толду. Малды айдап, үйлөрдөн колуна илингенин талап чыгып жатышты. Каран күн түшкөнүн сезеби, уйлар мөөрөп, иттер адам бакыргандай балбалактап улуп, каңшылап нары-бери чуркап жүрдү.

Эң акырында генерал Скобелев кыштактан бир да тирүү жан калтырбай кырып таштоого, үйлөрүн, мал короолорун тып-тыйпыл кылып өрттөөгө буйрук берди.

Ит да кутулган жок. Өрттөн бакырып качып, даракка тырмышкан мышык да кутулган жок.

Каратель отряд олжо жүктөп, мал айдап, кечке утур кыштактан чыкты. Күйүндү жыттанган, кан жыттанган кыштак четинде аппак сакалынан ылдый көз жашы кан аралаш сарыгып, селдейип жалгыз абышка кала берди...

Кийинки кыштактардан тосуп чыгышпады. Найман кыштагынын көргөн күнү угулганбы, кыш-күрөөгө карабай эл үркүп, үй-жайын, малы-мүлкүн таштап, жыңгырап кар жамынган улуу тоолорду таянып кете башташкан. Каратель отряд ээн калган кыштактарга кирип жатты.

Кийинки күндөрдүн биринде каратель аскер Маасы кыштагын басты. Ээн. Ээсинен калып калган ит шоңшоюп улуп отурат. Туш келди тентиреп мал жүрөт.

Жалгыз ит улуганын коё коюп, тура кала үрүп калды. Тарс! Кылган кайраты үчүн бир «каңк!» деп, жалп этти.

Бир үйдөн үч бала эшикке чыгып, элтеңдеп качып жөнөдү.

Үйдөн жалгыз каралуу катын табылды. Элге кошо кетүүгө үлгүрбөй калганбы. Же оорубу. Чырылдап бейжайлана баштады. Кекилик балапан ачкан мезгилде карп-курп кезиккен барбы? Эне кекилик тапырап, жумаланып кетип, кача албаган, уча албаган болуп, кишинин көңүлүн өзүнө тартып, кишини өзүнө ээрчитип, темир канат балапандары эптеп бекинип кеткенче алаксытат, өз башын саят. Бу аты эч кимге белгисиз жарым жан ооруу эненин азыркы аракети так эле ошол сыяктуу, ыйлактап, ар кимдин алдына бир барып, бетинен жыгылып, кайра туруп, карателдерди алаксытып жатты.

– Кагылайындарым ай... Алдыңа кетейиндерим ай... Кете көргүлө көздөн далда, кете көргүлө ай!.. – деп, безилдеп калчылдап жүрдү. Эч ким түшүнгөн жок. Аны акылынан ажыраган экен дешти, Тиги сууктан өңү кетип, каткан быштактай саргарып турган тилмеч түшүнүп, ооз ачпай ыңкыйып турду.

Балдар адырды карай кар малтап качышты. Улам артын карап коюшат. Алды он үч жаштарда, арты көп болсо сегизде сыяктуу. Эң кичинеси карга колтугуна чейин батып кетип, кайта илмеңдеп чыгып, алактап ыйлап, араң илешип баратты.

Бир каратель кар малтаган балдардан көзү өтүп, ызырына «чү» дегенде эне саксаңдап жетип, кулачын жая алдын тосту. Жалынып, балбалактап ыйлап, чылбырына жабышууга аракет кылды. Кошо чапкан аны кылыч менен баштан нары бир тартып өттү. Эне аттын төрт аягына кулачтап сулап жыгылды. Карателдин семиз аты үстүнөн каргып кетти.

Балдар төш таянып калышкан эле. Кууп келатышкан атчандарды көрүшүп, ар кимиси ар жакка качты.

Эки каратель ат үстүндө опоңдоп баратышып, удаама-удаа ок чыгарышты. Тарс! Тарс! Ок тийбеди окшойт, тестиер балдар кырга тырмышып калышты. Бир каратель сөгүнүп, аттан түшө кала отуруп, мээлеп ок чыгарды, эки баланын арткысы чалкалай түшүп, ылдый баш болуп жыгылган бойдон былк этпей калды, алдыңкысы кароолго араң илинбей, кырдан ашып кетти.

Кичинекейи алдына чуулдап кар челип ок түшкөндө аны са­йын эси чыгып, кайра ылдый чуркап, аңгыча бет алдына келип калган карателди көрүп, кайра бакырып качты. Каратель атын күрсүлдөтө желдирип артынан түштү. Бала айласы кетти белем, карга башын катып, куду арык чилдей томурайып, солуп жата калды.

– Тур, бусурмандын тукуму, – деди каратель, атынан түшүп, баланын желкесинен мыжыга кармап, мышыктын баласындай кыйылдатып өйдө көтөрдү. Бала сууга чөгүп бараткандай:

– А-па!.. Апа-а! – деп энтигип кетти. Каратель арсактап, же кубанганыбы, же заарыбы, катуу күлүп, кекиртегин жулмакчы болду эле, бала жандалбас кылып тыпырап, анын колун тиштеп алды. Каратель колун силкип:

– Ух!.. – деп, артынан үч кабаттап сөгүнүп, өз ачуусунан көк көзү бопбоз болуп: – Тиш салганын кара, бу кичинекей жырткычтын?! – деди да, чырылдаган баланы карга баса куу чеңгел менен муунтуп, кыкылдатып, көкүрөгүнөн тизелеп ныгырып, бейкүнөө наристенин ооз-мурдунан каны төгүлүп, аяк серппей калганда гана жийиркене итерип таштап, өчү кана күбүрөнүп, кан болгон колун карга жууган болуп, атына минди. – Тиш салганын кара мунун?!

Ар бир турак жайга, ар бир мал короого жогуна чөп алпарылып, баарына бир убакта от коюлуп, өчүңкүрөй баштаганын чөп чачып кайра тутантып, демекчи көп эмгек жумшалып, ээн Маасы кыштагы да тыптыйпыл өрттөлүп ташталды...

Тоо этектеп, үч-төрт түтүн кичинекей бир кыштоого кез келди каратель аскер. Же укпай калышканбы, же качарга багыты куруганбы, же көтөрүлүшкө катышы жоктугун медер тутканбы, иши кылып, эли бүт бойдон экен. Коктунун ылымта жерине курулган бир нече таш короо, ар короонун бир четинде жепирейген бастырма, эшиктеринде бирден түп саада, же тал көрүнөт, талдын ачасына жыйган бирткеден бакал, чөбү бар. Коонун четинде боз үй турат. Кадимки илээнди тоолуктардын кыштоосу. Беш түтүн экен.

Эн мурун мейман келаткандай, кампайып эшиктерине чыгышып, үргөн иттерин «О, кет!» дешип тыйып, бери басып, тосуп ка­лышты эле, алдынан үрүп чыккан иттерди тоголото атып, кап­­тап кирген түрүн көрүшкөн соң үрөйлөрү учуп, колдон эмне кел­мек, далдырап туруп калышты.

– Ну-у! Быякка! – деп, солдаттар мылтык тап кылып ийрип салышты. Баары бечара, баары өңсүз, каеринен жазганын билиш­пей, же бир ооз сөз таап сүйлөрү жок, көздөрү жашылданып, бычакка аргасыз мойнун тоскон мал сыяктуу, же жалынары, же арызданары жок, шалдырап, кыштоонун ортосуна үрпөйүп чогулушту.

Ичинде бир жигиттин белинде бычак жүргөн экен. Көз илинер замат эки каратель аны дырылдатып сүйрөп, сайма кындуу бычагын белбагынан сууруп алышты. Ушу да болсо олжо! Жигит же корккону, же сынганы билинбейт. Иреңи бир кызарып, бир кубарып, ылайыксыз эле ылжыйып күлгөн болуп, «Алгыла... Алгыла...» – деп калды. Дароо анын колун артына байлашты. Ошондо чындап коркунуч келдиби, маңдайынан жылдызы биротоло өчүп кетти.

Тоок сыңары чогурашып турган элдин арасынан саамайы куу­дай кемпир:

– Кокуй! Эмне кылганы жатышат! Кагылайын эл!.. – деп чаңырып жиберди. Баласы окшойт.

«Тамаша кылып жатышат го?.. Төрөлөр ойноп жатышат го!..» – деп күбүрөштү. Жо, төрөлөр тамашакөй эмес экен. Үймө-үй жулунуп киришип, катын-калач, бала-чака койбой айдап чыгышып, эркектердин колдорун артына кайрып байлап, баарын кылыч менен түрткүлөп, кой камалчу бир сарай тамга ийрип камап, эшигин сыртынан дембелеп бекитип салышты. Кай бири кымырыла басып, үйлөргө кирип тинтип, жыйылган жүк астындагы бокчолорун сууруп, кылыч менен жарып, издегени алтын, эчтеме таппай сөгүнүп чыгып жатышты. Бу эл алтын түгүл темир казыгы жок бечара болучу.

Генерал Скобелев жылуу карышкыр ичик кийгени менен, ат үстүндө келип, тоңуп кеткен эле. Тилмечтин кеңеши боюнча туур­дугу бүтүн боз төбөл үйгө түшүрүлдү. Тыш анча суук, он беш градус. Кадимки тоолуктун үйү. Жүк жыйылган, сол капшытында ашканасы, оң капшытында күндөлүк тирилигине зарыл буюмдары, төргө камыш төшөлгөн, камыштын үстүнө ала кийиз, анын үстүндө кызыл шырдак жайылып жатат. Ортодогу үч буттуу темир тулганын астында чала күйгөн көң сасыйт, Генерал үй ичин кыдырата карады. Түндүктү карап койду. Жарым ачылып турган чамгарактын нары жагынан бопбоз асман көрүндү. «О жараткан, кантип жан сакташат бу жапайылар?!» – деп астейдил таң калды. Үй ичинде үч гана градус жылуулук бар эле. От боюнда бөз көйнөгү курсагын жаппаган, такымы чыт, мурду булайып, үч жашар бала отурган. Генерал Скобелев бир тиктеп, жүзүн үйүрдү. Тилмечтин жаңсоосу боюнча бирөө келип, баланы колунан сүйрөгөн бойдон тышка алып чыгып кетти. Куурай аралаштырып отту чоң жагышты. Тилмеч оң капшытта жаткан ээрди төргө коё койду. Генерал ээрге көчүк басып, отко колун кактай баштады.

Бул элдин салтын, тилин, санжырасын жакшы үйрөнгөн ориенталист аскердин ишине көмөгү тийет делинип, кошулуп берилген. Жолуна туш келген кыштактар ылганбай, эли көтөрүлүшкө катнашы бары-жогу териштирилбей чапкынга кириптер кылынып келе жатканга дили демократ окумуштуу адам көңүлүндө эч макул боло алган эмес.

Генерал отко жылынып, ориенталист ички ою менен алек болуп, тилмеч үргүлөп, эч ким унчукпай үй ичи тымтырс.

Бир убакта:

– Михаил Дмитриевич, – деп сөз баштады ориенталист, кабагы салыңкы, – өтө эле катаал иштер болуп кеткен жокпу, Михаил Дмитриевич?..

Генерал Скобелев ага жумшак тиктеп алып:

– Боорукер адамсыз, Иван Васильевич, – деди эч камырабай, – боорукер адамсыз, боорукерлик жакшы мүнөз. Бирок, кантебиз, Иван Васильевич, согуш деген согуш да?! Бир кыйла катаал болууга туура келип жатат, өзүңүз көрүп келе жатасыз.

Ориенталист:

– Баарын кырып таштай албайбыз, акыры аман калган жергилик калк эмне дейт?.. Төрт көздөп тиктеп турган Европа эмне дейт?..

Ормоюп тиктеп койду генерал Скобелев:

– Кимдин эмне дегени менен сиз экөөбүздүн ишибиз эмне, кадырлуу Иван Васильевич?! – деди. – Россия татар-моңголдордун эзүүсүнөн кутулган соң, өзүңүз куп жакшы билесиз, акырындап жанданып, өзүнүн табигый чек араларын калыбына келтирип, андан нары жашоого ыңгайлуу мейкинди көп ээлеп, деңиздерге чыгып, өзүнүн келечеги үчүн керектүү шарттарды түзүп, азыр бүткүл дүйнөлүк мааниси бар ар кандай иш, ар кандай келишим анын катышуусусуз бүтпөй калган улуу державага айланды. Россия менен тең тайлашар Европада жалгыз Викториянын карыган империясы гана калып отурат. Бирак, Виктория империясынын келечеги ченелүү. Анткени анын басып алган жерлери Россиянын басып алган жерлеринен география шарты жагынан айырмасы чоң, ал жерлери, ал өлкөлөрү империянын табигый территориясынан өтө алыс, миңдеген мил кургак, миңдеген мил суу бөлүп турат. Ал эми Россиянын кошуп алган жерлери өзүнө тутумдаш. Мына ошентип, Викториянын аты алыска кеткен карыган империясына караганда жаңы өнүгүп, жаңы күч алып келе жаткан Россия империясынын келечеги алда канча ишенимдүү. Биз, урматтуу Иван Васильевич, сиз экөөбүз Түркстанды колго алып бүтүп, Англиянын алдын Афганистандын нары жагынан тосууга жетишсек, жок дегенде Памирге чыксак, анда бул жагы да камсыз болуп, Россиянын таасири бүткүл дүйнөдө бир нече жүз жылдарга бекемделишине ишенип коюңуз. Мына ушундай, кадырлуу. Россиянын тарыхый миссиясы, сиз экөөбүз энекебиз Россиянын алдында өтөй турган ыйык карызыбыз да мына ушунда! – Генерал Скобелев көңүлү ачылып күлдү. – А сиз мында «тиги эмне дейт», «бу эмне дейт» деп отурасыз?!

– Түркстан күн чыгыш элдеринин эң байыркы цивилизациясынын бир бешиги болуп эсептелет. Азыр ушул тапта диний, тарыхый шарттардын терс мүнөзүнөн улам өлкө, адамдарынын ой жүгүртүү арымы бир ордунда имерилип токтоп калган. Чынгыз-хандан кийин тыштан бирөө ат бастырып кирбеген, Тамерландан кийин бирөө ат бастырып чыкпаган. Демек, өлкө көп кылымдар бою өз чыгына өзү кайнап дымыган. Бул калк башка калк менен аралашышы зарыл. Башка цивилизация, башка мамиле, башка күрөш көзүн ачат. Өзүлөрүнүн жакшы адатына кошуп, аралашкан калктын жакшы адатын өздөштүрүп алат. Мунун өзү бул элди жаңыртат, жашоого жарамдуулугун күчөтөт. Ошондой эле башка элге пайда да бере алат. Бул элди кең койнуна имере тартуу менен Россия өзүнө пайда таап, жанагы сиз айтып отурган келечегин ушул эл менен бирдикте бекемдейт. Мына, Михаил Дмитриевич, мен билген Россиянын тарыхый миссиясы!..

Генерал муруту арбайып тиктеп калды.

– Ырас, – деп маани улады ориенталист, – кансыз иш бүтсө, ал согуш делинбейт. А көр тирилигинде жүргөн бечара кишилерди оопат кылуу да эрдик болуп эсептелбейт. Биз Европа цивилизациясынын өкүлү катары, эң оболу орус эли катары, орус элинин акыл-эстүү адамы катары адамгерчиликке сыйган ыктуу мамиле жасап, өз койнубузга тартышыбыз ылазым эмеспи бул элди?!

Генерал-Скобелевдин эми кабагы бүркөлдү:

– Мунуңузду, кадырлуу окумуштуу, Санкт-Петербургдун айныган чөйрөсүндө айтыңыз. Ошол жерде оозунан көбүк чыкканча талашып жактоочулар табылат. Же Россиянын тышкы душмандары...

– Мага бу аскерден кетүүгө уруксат кылыңыз, Михаил Дмитриевич, – деди мустарап болуп ориенталист.

Бир тиктеп, башын чайкап койду генерал:

– Каалаганда жүрүү, баш оогондо кетип калуу сиз экөөбүздүн эркибиз эмес экен, урматтуум. Биз улуу даражалуу бүткүл Россиянын императорунун алдыңкы фронтто күрөшүп жаткан аскер адамы экенбиз, эсиңизге салып коёюн...

Үстүндөгү аскер мундири жарашпай, бош келип, ориенталист эки ийни шөлбүрөп, өзүнүн да ындыны өчүп калды.

Бирок, бул айтышуу генералды ойго салбай койгон жок. Ким мокочо болуп көрүнгүсү келсин?!

Бир аз кол жылытып, тамактанышып, арак менен ич жылытып алышып, үйдөн чыгышты.

Сотниктер да күүлдөшүп калышкан, бири «кылына турган бардык иш кылынып бүткөнүн» генералга шакылдатып калды. Ок чыккан жок, кылыч «шарт» этпеди, демек баары акырын жайгарылган го. Суз баш ийкеген болуп койду генерал.

Бир сотня алдыга жол алды, калганы ирети менен арты чоюлуп, кыштоодон али үзүлө элек.

Чуу чыгып калды арттан. Жаш балдардын баулдап ыйлаганы, катын-калачтын чыңырыгы угулду. Ориенталист тизгин жыя кала артын каранып, оозу ачылып калды. Беш түтүн кыштоо бири калбай, азыр эле өзүлөрү биртке жылынып чыккан боз төбөл үй да, алоолонуп өрттөнүп жаткан эле. Үстүнө жыйылган чөбү бар кой сарай өзгөчө даулдап, жалыны ыргалып, кара түтүнү көккө түрмөк-түрмөк болуп көтөрүлдү. Кантип укпай калсын муну?! Тилмечи жанында, токтобой, унчукпай, далысы дүңкүйүп кете берди генерал.

Жапкан кырчыны, устундары, үстүндөгү малга жыйган чөбү аралашып күйүп, бир убакта күү эте урап түшкөндө ый, чыңырык, ыкшыган жөтөл, онтоо тып басылды да, быксыган ачуу түтүн, адамдын куйкаланган, өз майына шырылдап күйгөн эти коңурсуп, теребелде, оводо калкып калды.

Түрмөктөлгөн кара түтүн кээ бирөөгө жакындан, кээ бирөөгө те алыстан, кең Фаргана өрөөнүнүн өйүз-бүйүзүнө көрүндү. Бул эмне? Баары билет. Бир аллага мунажат кылыштан башка не чара, көңүлгө төтөк не болмок?! Улам көзгө түшөт кара түтүн, ким карабай көз жума алат, улам ойго бүлүк салат, ким кынжылбай, онтобой коё алат?!

Бир жан келген жок, бир жан көргөн жок, ошол дөбөлөнгөн карала күл бир кыштоо элдин чогуу жаткан бир мүрзөсү болуп, ың-жыңсыз калып калды.

Ырас, ким мокочо болуп көрүнгүсү келсин?! Кечинде кечки өргүүгө тыныккан кезде, карышкыр ичигин жамынып, оту чоң жагылган очоктун боюнда отуруп, өзүнүн борбордогу сырдашы «Санкт-Петербургские ведомости» газетасынын редактору Марвингге кат жазды.

«Мына, иш ушундай быякта. Марвинг мырза, бирок муну га­зетаңызга чыгарып жибербеңиз, мен Дүйнө лигасынын көзүнө жапайы жырткыч болуп көрүнүп калып жүрбөйүн. Менин принцибим ушул – Азияда чырды тыюу түздөн түз андагы кыргынга байланышат, сокку канчалык күчтүү болсо душман ошончолук басынып, баш ийип берет эмеспи?!»

деп, көңүлүндөгү өзүн өзү актаган жалгыз пикирин тактап, ачык жазды.