кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Алтынчы бөлүм

VI

Мурдатан байланышып жүргөн белем, көп өтпөй, Анжияндан сегиз чакырым аралыктагы Инди-кышлакта Абдырахман генерал Скобелев менен жолугуп, кара башынын амандыгын көздөп, өз туугандарынын эртеңки тынччылыгын көздөп, багынып берди.

Өтө кыйын мезгилде Абдырахмандын курал таштаганы Исхактын бөйрөгүн бөкшөрүп кетти. Жалгыз өзү кетсе мейли эле? Аны ээрчип жыйырма бек кетти, бектер кетсе мейли эле, бектерди ээрчип түмөн-түмөн кол кетти, тайпа-тайпа эл кетти. Көтөрүлгөн элдин өзөгү бузулду.

Исхак эми эмне кыларын билбей калды. «Атаңдын көрү ай! Бу куруган журт болбой калганбы?! Ыркы, ынтымагы кана?! Эл агасы деп таянар, куу замандын өйдөсүндө жөлөк кылар, ылдыйында өбөк кылар акылдуулар, билектүүлөр ушубу?! Кара башынын камынан бөлөк мудаты, арманы жок турбайбы?!» – деп зил болду. Ал эч ким менен сүйлөшпөй, жанындагы жакшыларын сыдырып тиктеп, жүрөгү карайып, эми эч кимисине ишенгиси келбей, оюндагы жакшы менен жаман аралашып, көз алды туман, көңүлүн коркунучтуу шек, биринин кылган күнөөсү үчүн миңин канга бөлөсө кыбасы канбай турган ачуу кек ээледи.

«О, илгери, токойго балта деген жоо чыккан экен дейт илгери. «Кокуй, балта деген жоо чыкты, карыбызга карабай, жашыбызга карабай кыйып келе жатат, энди айла не болот?» деп кабар келгенде миң жыл турган арча «И, ошол кыйып келе жаткан жоо жалаң эле балта бекен?» деп сураса, «Сабы жыгач экен» деген жооп болуптур. «А ошондой. Өзүбүздөн чыккан жоо ичинде болбосо, сырыбызды билбеген балта жалгыз эмне кылып ала алат эле?!» деген экен көптү көргөн арча!». – Исхак бул тамсилди өкүнүч менен эсине алып, ичтен күйдү. – Мына, ким калыс болот. Миң тукуму болбосо, Миң тукумунун кешигин жалаган Абдырахман өңдөнгөн бек тукумдары болбосо, ыя, акпаша, жарымпаша бизди эмне кылып ала алат эле?!».

Эч кимге сыр айтпай шашылыш аттанды. Маргалан эли жолуна бойро төшөп, улуу урмат көрсөтүп, «Көп жаша! Көп жаша, гази!» – деп дуулдап тосту. Исхакты бу да кубанткан жок. Иреңи мисирейип, жаак териси тырышып, өз каарына өзү уугуп, шаарга кирди.

Сая түшүп, генерал Скобелев Маргаланга жүрүш кылды. Орто кылымдын ылай дубалы замбиректин огунан калкалай албайт экен. Калкаламак турсун, ийнине камалган бөрүдөй кылып, камап, кармап берет экен. Эмне болсо да, шамалдай тийип, шамалдай качып, ат үстүндө, ата журттун кең талаасында кармашууну көксөп, Исхак кырк ашуун кытайча сүйрөтүп, калган беш миң колу менен Маргаландан сыртка чыкты.

Исхак Маргаландан көп алыс эмес Кожо Магыз мазарына токтоп, өргүү кылып, саркерлерин, нөкөрлөрүн түгөл топтоп, кеңешке отурду. Мындан нары эмне кылуу керек деген маселе ортого коюлду.

Ал шакшак таңылган бутун сунуп таштап, сеңсел кара көрпө жакалуу ак тонду желбегей жамынып, Исхак төрдө мисирейип, жаагы карышып калгансып, такыр ооз ачпай, өз ою менен өзү алек болуп, өзүн өзү унутуп отурду. Нөкөрлөр ар кимиси ар кандайча ой жоруп, ар кимиси ар кандайча сунуш айтып, ой талашып, кобурашып жатышты. Исхакты жал-жал карашат. А Исхак тунжурайт. Абал оор. Эл бузулду. Кол бөлүндү. Бир жагынан кар кысып, бир жагынан куралы күчтүү ыкыбалдуу Ыскөбүл паша кысып, чабуул кылууга да, чегинүүгө да жер тарыды. Эмне кылуу керек? Анын оюн он тала кылган да ушул эле.

Эң акыры акыл үчкө бөлүндү.

Абдылла бек:

– Таксыр, баарыбыз көрүп турабыз ки, эгер кашкөйлук кылып кармашабыз десек, шаар деп, ордо деп түзгө байлана турган болсок, таксыр, сөздүн ачыгы жакшы мындай кезде, колдун акыркы уюткусун кырдырып алабыз. Элдин жүрөгү өлөт. Эртеңки катуу күрөшкө жалтак болуп калат. Ошон үчүн, эч ойлонуп турбай, Ош багытына чегинип, Оштон нары тоо таянып, элет аралап кетишибиз зарыл. Пайдасы кайсы? Пайдасы ушул ки, коопсуз кыштап, кол жыйнап, кудай алкулум десе, келерки ат кара тил болгон мезгилге аман жетебиз, ал мезгилге жеткен соң, жазгы кирген суу менен кошо күүлдөп, түзгө кайра агып кирип келбейбизби?! Ага жетсек, таксыр, өзүңүз ойлонуп багыңыз, кудайдын бергени...

Кайнатасы Музафар-шаа:

– Инша-алла, бектин сөзүндө калети жок, туура айтты. Бирак, бир нерсени эске алса, андан жаман болбос эле. Акыл тегеретели, Ош-бува багыты жакын, Алай, Өзгөн, Көгарт тоолору жакын. Өз эл, өз журт, качан болсо да алаканда кү?!. Менин оюмча, Каратегин багытына жүрсөк куп болобу дейм? Ниме дегенде, бир кезде Каратегин бу Кокон өкүмдарынын бир вилаети эди, менин бир тууганым Райим эси жоктук кылып, өзүмчө болом деп, бөлүп отурбайбы, мына ушул гана бекайбат беш миң бахадур менен шау-у деп басып кирип барсак, инша-алла, эси жок үрөйү учуп, өзү тизе бүгүп тосуп чыгат. Жакшы жер кайран

Каратегин! Байманасы ташыган жер. Кыштай жакшы тыныгып, жазда, бекзаада айткандай, кирген дария менен кошо күүлдөп, кудай алкулум деп, бир Каратегиндин өзүнөн жыйырма миң кошун алып, кайра Фарганага каптап түшсөк жаманбы?! Мына, ушуну ойлонгулачы, акылдуулар?.. Ушул ылайыктуу болуп калып жүрбөсүн?..

Мадамин ынак:

– Майли, кетели Ош-бувадан нары тоо таянып, кетели байманасы ташыган Каратегинге, о таксыр, быякта шаарларда калган, түздө калган каралай көз калктын күнү не болмокчу? Таштайбызбы боору таш тагдырдын колуна?! Кечиргейсиз, о бактияр өкүмдар, биздин оюбузча, не кылган менен, өлкөнүн ордосу Кокон эмеспи, Кокондон кетпөө лазимдур. Кокондо туруп, бүткүл тайпанын көңүлүнө медер болуп, чыйралтып, касам урган Насирдинге да, кара жүрөк залим жарымпашага да каршы күрөш алпара беришибиз ылайык...

Үч жактан тең жүйө сөз айтылып, маслаатчылар күбүрөшүп, кээси коштоп, кээси ыраазы болбой, копшолуп калышты.

Те босого ченде Бекназар өзүнчө, ар бир сөздү, ар бир маанини кылт эттирбей угуп, бирок бир да жолу козголбой, ооз ачпай, талашка аралашпай өзүнчө ой термегенсип отурат.

Исхак сынган бутун акырын сыйпалап көзүнүн төбөсү менен отургандарды сыдырып тиктеп, эрдин бек кымтып, эки көзүнөн шек күйүп, кимди да болсо аябай турган жаралуу жырткычтай өчөштүгү сезилип, ичимтап болуп отурду. «Кимиси чыккынчы болду экен? Ушу бирөө достун тонун кийип, достун ширин сөзүн сүйлөп, ушу азыр чыккынчы жанымда отурат го?! Ыя, кимиси болду экен?..» – деп, жүрөгү карайды. Көзү Абдылла бекке токтоду. «Жо, ыйык энебиз Курманжан датка айымдын азамат уулунан шек санасам, анда кимге ишенем? Ишенимдүү ким калат?!. Жо...» деп Исхак оюнан кайтты. Эки көзү канталап кайнатасы Музафар-шаага урунду. «Мунун күнү мени менен!» – деди Исхактын ою. Андан нары көзү Момун саркерге, Бекназар баатырга кадалып өттү. «Жок... Жок... Булар бир башымда эки көзүм болсо, ошол эки көзүм, бир көзүм болсо ошол бир көзүм!..» – деди. Мадамин ынакты имерип тиктеди. «Бул эмне кызаңдайт? – Жүрөгү солк дей түштү. – Көбүрүп сүйлөдү. Эмне ич күптүсү бар мунун? Жо, ынагым туурасын айтты, элим эмне болот, жакшы күнүндө бийи болуп, жаман күнүндө өз башымды куткарып кетип, не деген атка калам?..». Исхак өзүн өзү тынчтантты. Бирок, «Кимиси чыккынчы экен а?..» деген ой такыр кетпей туруп алды.

Эң акыркы сөз аныкы:

– Ынак, – деп чарчаңкы үн катты Исхак, – каралай көз калк­ты таш боор тагдырдын колуна таштап кетүү, туура айтасыз, кыйын бизге. О, жараткан!.. Кантебиз, башка аргабыз жок го, кашкөйлүк кылсак, бекзаада туура айтат, кошундун уюткусун жок кылып алганы турабыз го?..

Мадамин ынак татарып унчуга албады.

– Майли, Каратегин тарапка кетели, ушул оң болуп турат го, жакшылар... – деп өкүм айтты Исхак.

Музафар-шаа жым этти. «Калганына жарасак!» деп, азыр эле Каратегин колуна тийгендей болду. Эптеп Каратегин бийлигине жетсе! Анын көңүлүнүн тереңиндеги катылып жаткан сары уба­йымы, максаты ушул гана болучу.

Эки жак тең томсоруп отуруп, ыкрарлык билдиришти. Исхак шагы сынып, башка айласы да жок, отургандарды дагы бир сыйра сыдырып тиктеди. «Кимиси болду экен?..» – деген ой башынан дагы бир жолу зып деп өттү. Анын айласы түгөнүп турганын көрүп отурбайбы Бекназар?! «...иши качат, киши качат... деген ушубу...» деп, арман күү келди дилине.

– Мен кайда барсак да бирге болоюн, – деди Бекназар.

Исхак көзүн акырын жумуп, башын акырын ийкеди. «...тири калсак бир дөбөдө болушарбыз, көз жумсак, тагдыр ошол канжыгада көрүшөрбүз...» Бу сөз бир убакта шерт болуп ортого ташталган, жол кошууга данакер болгон эмес беле?! Келди эсине, бүгүнкү өтө кыйын абалында баатырдын аны дагы көтөрүп «бирге болоюн» дегени өлчөмсүз ыраазы кылды.

– Мейли, – деди Исхак, – баатыр акебиз бирге болсун.

Исхак Абдылла бекти бөлдү. Өзүнө караштуу кошунун бүт алып Ош багытына жол алууга буйруду. Анын милдети Гүлшаага өтүп, кышы бою тыныгып, аскер жыйнап, жазгы жүрүшкө быяктан кам кылмай болду. Мадамин ынак баш болгон кокондуктар мойнунан байланган иттей тыржыйышып, хандын эрки – кудайдын эрки, каяша кыларга ал барбы, буйрукка кут этпей көнүп, Исхактын өзү менен аттанмай болушту.

Исхак эки миңдей кошун менен, үч жүз кызыл нарга кош артып, кытайчаларын жүктөтүп, Каратегин багытына карай жол тартты.

Исхакты жолмо-жол ой басты. «Каратегинге жөнөдүм. Ушул туурабы? Туура го дейм. Каратегин элинин боору бүтүн, урушка аралаша элек, деми бүтүн. Ыйык тууну ээрчийт. А Ош багытычы? Абдылла бек өз көзүм. Ошол жетишет. Эл калды го түздө? Коконго кирип ордого отуруп алса кандай болот эле? Күч кана буга? Кудаяр бир жагынан, анын күчүгү Насирдин бир жагынан коргон тегеренип шимшиген көркоо карышкыр сыяктуу түн жамынып жортуп жүрүшөт. Кокондун жаман дубалы Искөбүл пашанын замбирегине туруштук кыла алабы?! Анан эмне деп Коконго барышыбыз керек? – Жүрөгү солк этип, Исхак аттын тизгинин жыйды. – Токто, бу Мадамин сарт бизди таш капканга камап бермекчи экен го?!»

Ал жолдун жээгине кайрылып, коштун артын карап токтолду. Иртелген саркерлер эки канат болуп, аттарынан түшө беришти. Исхак унчуккан жок. Эмне үчүн токтодук деп, эч кимиси сураган жок. Исхак идиркенектеп кош артын тиктей берди. Кара суук сөөктөн өтүп жатты. Бир убакта шылкыйып араң ат бастырып келе жаткан Мадамин ынак көрүндү. Алардын шайы боштугу Исхактын шегин ого бетер күчөттү. Чаар иреңи түктөйүп, тосо бастырды. Мадамин ынак атынан түшүп, дөңгө басканда:

– Эй, сен! Тез бас, эй! – деп чаңырды Исхак, өзү да калчылдап кетти. Мадамин ынак токтоло калды. Эмне дээрин, эмне кыларын билбей, заматта тили байланып нестейди. Исхак сөөмөйүн кезеди:

– Карма, Эшмат!

Кийинки учурда өтө шекчил болуп кеткен Исхак үчүнчү сунушту «чыккынчылык» деп эсептеди. Көбү кокондуктар болучу. Колго токтомдуу жыйырма азаматын Мадамин ынакты баш кылып, дамбалчан кылып, карга чилдей бөктүрүп жаткырып салышты.

– Сой! – деп чаңырды Исхак тескебей, сөзгө келбей.

Саал арттан кошун аяңын тескеп, «жүр-жүрлөп» кыдырып келе жаткан Бекназар кажы-кужу болуп жаткан үн угуп, темине ийрилип турган топко келди. Койчо мууздалып, ысык каны каңырсып, теңгеленип чачырап, гүл сайма түшүрүп, ак карга ыраңдай сиңип жатат Мадамин ынак!

– Эй! – деп жиберди Бекназар. – Эмне болуп кетти?!

– Бу саткын экен... – деди Исхак чарчаңкы.

Он чакты жигит колу артына байланган, карга чөк түшүрүлгөн. Биринин мурдунан каңтара тартып, алкымга шамшар такап, «сой» деген чаңырык күтүп турат Эшмат.

Бекназар:

– Бирге туруп?! көч ичинде жүрүп?! кандай «саткынчылык» кылып жиберди экен?! Ана, саткын деген! калды го Искебул паша менен...

Исхак:

– Кечеги «калабыз» деген эмне?!

– О-о, кокуй ай, – деп, ээр кашын бир муштап, муңканып жиберди Бекназар, – жаман ою жок эле анын! Каны, беги болуп жакшы күнүндө, кара баштын камына өтүп каран түнүдө, качып, чилдей тарадык, эл ичинде калышка, тайгак жолдо таяныч болушка, кана, кайсы көйкашкабыз жарадык?! Өз алыбыз бул болсо, үч кишинин биринен, шексине берсек түрүнөн жаныбызда ким калат, кокуй ай, тилибизди ким алат?!

Өзүн өзү басып, дилинде сынгансып калды Исхак. Тиги жаны шамшардын мизинде кылтырап тургандар үчүн жан соога сурады Бекназар. Көңүлүнөн өтө албай унчукпай башын ийкеди Исхак.

Кош кайра жай чубалып жол алды.

Кар боройлоп жаап келди. Кар көздүн жашындай нымтырап, желкеден ылдый сарыгып, өзөккө суу өттү. Жашы улгайган, табы кайткан кары кишилер ат үстүнө жүрө алышпай, как денени кызытып жан айласы кылып, аттарын жөө жетелеп, илделеп келатышты. Төөгө минген аялдар, учкашкан-чиркешкен балдар чүмкөнүп жаткан бойдон тоңуп, үстүн кере карыш кар басып, томурайып-томурайып көрүнөт. Улоо айдап «а-у» деген үн алсыз угулат. Ушул кыйынчылык жаман күндү сезгендей буулдап төө боздойт.

Исхак эл ичинде, көп ичинде эл тарткан жол азабын тең тартып, кошо келатты. Ал суукка үшүбөйт. Өкүнүч ой-санаа башын оорутат, этин ысытат. «О, биздин бектер болбой калган экен го?! Эшегине жараша тушагы, буларга кем акыл Миң тукуму баппы?! Бири үчүн бири жан бербейт го? Кайта биринин жанын бири сууруп алат го?!» – деп, өзүнө миң суроо коюп, анын бирине да жооп таба албай, ындыны өчтү. Ал эч ким менен акылдашпайт. Эч кимди карабайт. Туугандан да, душмандан да көңүлү сынган сыяктуу. Башка акылы, башка аргасы түгөнүп, эми кек гана, өч гана калгандай, жаагы тырышып, иреңи жыландай сур тартып, кекке суусады. Көз алдынан Абдырахман учат. Кайрадан жүрөгү караят...

Муңканып төө боздоп келатты.

Жолдо Үч-коргон эли тосту. Исхак күн мурунтан даярдатып коюлган бектин жылуу тамына түштү.

Исхак балдак менен сылтый басып, астанадан аттай берерде токтоп, кызыл тыштуу кундуз бөркүнүн төбөсүнө төрт эли болуп калган карды кагып таштап, үстүңкү тонун чечип эшик агага калтырды да, бөжөңдөп баштаган бектин алдына өтүп, үйгө кирди. Үйдө эч ким жок экен. Бек көпөлөк болуп бырпырап, Исхактын өтүгүн, суу кийимдерин алмаштырып кийиндирди. Андан соң Исхак сандалдын төркү көзүнө өттү. Бек өзү жүгүрүп, сандалга чок жаңыртты. Исхак сандалга бутун салып, колун жылытып, өзүнчө үңүлүп ойлуу отурган калыбында, мурдун акырын тартып, «Йе... мунуңа да шүгүр, теңирим...» деп, өзүнчө күбүрөнүп, улутунуп да койду.

Иргелген саркерлери эми келип, сандалдын эки жагына канат болуп, кырка отура башташты. Ным, суук сөөгүнө өткөн эле, Исхактын сынган буту эми сыздап ооруду. Ал эрдин бек кымтып чымырканып отурду. Бир аз жылыган соң эти ысып, чыйрыкканын сезди. Денеси талыкшып, жаны жер тартты. Көзүнүн агы менен тең айланып отурган бек Исхактын абалын дароо түшүнүп, пар жаздыктан өзү туруп апкелип, чыканагына коё салды.

Ысык чай келди. Исхак өйдө болуп, бүт денеси талыкшып, ныксырап араң отуруп, биртке чай ууртады. Чекеси нымшып, жаны бир аз сел тапкандай болду. Санаа, жообу жок суроо ой анын көңүлүн такыр ээлеп алган. Алаксыйын дейт. Эч айрыла албайт, эч алаксый албайт. «Ыя? Бул не деген заман болуп кетти?..» дейт онтоо арасында аны сайын көңүлү чөгүп. Өзүнчө баш чайкайт.

– Аны көрмөкчү жанында отурган кишилер бейчеки үн ката алышпайт. Бирөө касырет тартып отурса, экинчи ырсайып күлүп отурушу уят, кадыр билбестик го! Саркерлер көз менен гана сүйлөшүп, тунжурап отурушту.

Исхак обдулуп туруп, эки көзүн кыпкызыл кылып чоң ачып, жанындагыларга шектүү ормоюп, эрдин бек кымтып, иреңи кумсарып тиктей берди. Үргүлөө арасында, уйку-соонун арасында бир ажайып түш көрдүбү? Дагы кимден шекшип калды? Нөкөрлөр жалтанып, эч кимиси даап өйдө карай алышпай, жамандык өзүнөн оолак кетишин кудайдан тилеп, сүкүт тартып үңкүйүшүп калышты. Исхак өзү эсине келди. Өзү соолукту. Оор улутунуп, кайра шалдырап, ойго чөмүлүп кетти. Дагы баягы ой, дагы баягы өкүнүч. «Ыя? Биз эмне деген элбиз?» Жүрөгү лаклак сокту.

– Таксыр эс алсынбы?.. – деди Момун оор абалдын ичинен, эки жагына каранды. Баары бир добуштан дуу этип:

– А, майли, майли, кобурашып отура бербей, бейтап адамга тынчтык берели... – деп калышты. Бирок бири да озунуп ордунан турбады. Исхак эмне дейт? Баятан берки оор оюнан бирдеме айтып жүрбөсүн? Жооп болсо учуп тургандай болуп, кыя тиктеп калышты.

Исхак да алардан жадап турган сыяктуу, ооруксунуп сынык бутун акырын тартып, кабагын чытып, пар жаздыкка жатты:

– Күчөткүлө күзөттү... – деди ал акырын, онтоо арасында, – аскер жакшылап эс алсын, эртең таң кулан өөк болгондо жолго чыгабыз. Эртелеп кыңкайгыла...

– Куп, таксыр...

– Куп, аллаяр...

– Куп, өкүмдар...

Нөкөрлөр, саркерлер колдорун бооруна алып, жиби үзүлүп чууруган теспедей биринин артынан бири кетенчиктеп, бөлмөдөн чыгып кете башташты.

Бекназар коштун төрт тарабынан күзөт коюп, кошумча киши чыгарып, андан соң саркерлер чогулуп отурган үйгө келди. Баглан козу союлуп, эми казанга салынган экен. Саркерлер дуу этип тура калышты:

– Келиңиз, баатыр ага...

Бекназар төргө өтүп, саал жай алып, үйдү кыдырата алдыртан эсепке алды. Сейид Маулан бек жок. «Э, кыштактын сыртындагы күзөттөргө өзү суранып караулбашы болуп кетпеди беле? Кечигибирек келет го?» – деп, кайра тынчтанды.

Бул түнү Маулан бек өзгөчө сак болду. Эң четки күзөттө көзгө сайса көрүнгүс караңгыны оронуп, үкү сыяктуу түн койнуна тикирейип көз тигип, шырп эткен дабышка кулак төшөп, атынын жалына өбөктөп акырын бастырып жүрдү. Бекназар үч жолу күзөттү кыдырып, үч жолу тең Маулан бекти өз ордунан тапты.

– Сак бол, сейид... – деди Бекназар акыркы жолу. Сейид Маулан бек:

– Камтама болбоңуз, баатыр... – деп ишенимдүү жооп айтып калды.

Түн көшөгөсүн түрүп, таң таштоого жакындап, суук жел сыдырып калган. Эшик кар, үй тар, кычыраган суук – ким тарыбасын, ким жадабасын?! Баары көзү илинип үлдүрөп калган убак.

Бекназар кайра кыдырып келаткан. Биринчи жолу коркунуч шабырттын жакындап келе жатканын алдындагы аты сезди. Шам кулагын тикчийтип, аргыштап селтилдеп кетти. Ошол замат иттер чуу туруп үрүп, каптап келаткан ат дүбүртү жер теңселтип, иттердин чуусун жабыла атылган мылтыктын үнү кулак тундуруп басып кетти.

– Ыя, алла!..

Бүткүл кошун тура чуркады. Бекназар ат жалына өбөктөп, Исхак жаткан жакка карай кайра чапты. Бүткүл кошун кымкуут. Оң жакка дүргүп качышты. Оң жактан жапырт мылтык атылды. Октор «гый-й, гый-й» этип, асманды айра тилип, түндүн кара туур­дугун тешип, кайдадыр житип кетип жатты. Кошун сол жакка дүргүдү. Сол жактан жабыла мылтык атылды. Кандайдыр бөлөк тилдер, сөз мааниси ажыратылбай, күүлдөп ураан болуп жатты. Бекназар аттын ыйык жалына өбөктөп, катуу келатты. Кулан чаар аргымак так түйүлүп, бирдемеден үркүп, бирдемеден каргып өтүп, учуп келатты. Кимдир бирөө кудайга жалынып, кимдир бирөө «апа!» деп бакырып, кимдир бирөө жер тиштеп жыгылган бойдон сөзгө келе албай, өпкө кагып араң онтоп жатты. Душман жылчыксыз тегеректеп алган сыяктуу. Төрт тараптан тең мылтык ок бүркүп турду.

Исхак биринчи атылган мылтык үнүнөн чочуп, ордунан атып турган эле. Башына жазданып жаткан бир атма орус пистолун ала коюп, буту майып экенин да унутуп:

– А-ай! Тургула! Тургула! – деп, калчылдап кыйкырып, эшикти көздөй жүгүрдү. Пистолдон туш келди ок чыгарды. Жакын эле жерден кимдир бирөө күбүрөнүп келме келтирип жатканын укту. Эшик кымкуут. Кыйкырык. Онтоо. Чырылдап ат кишинеп жатты. Исхактын сыныгы жакшы бүтө элек буту кайра майышып, сөөгү кычырап-кычырап баратты. Ал эшикке чыгып, көзү караңгылап, темтеңдей түшүп, бирдемеге сүйөнө калды. Жүрөгү лак-лак сокту.

– Далдага! Далдага! Кыйкырба дейм, кыйкырба!! – деп Бекназардын үнү аваны жарып жатты. – Кач! Чегин... Тоо тарапка... Тоо багытын болжо...

Эки жактан тең атыш болуп жатты. Душман кайда? Өз кайда? Эч ким ажырата алган жок. Тырымтыракай болуп, кошун тоо багытына карай ыкты. Мындай кезде кыргыз «Атасы бөлөк аттан түш! Аталашым атка мин!» дейт. Баш көргөндү көз көрбөй, баары аралашып, катын аралашып, жүрөгү чыккан бала аралашып, чылбырын сүйрөгөн ээсиз аргымак ат, логлогон төө аралашып, кошун тоо тараптан жырып жөнөлдү.

– Исхак! Исхак!

Исхак көңүлү бир ачылып, бир караңгылап, Бекназардын үнүн араң ажыратты. Аңгыча Бекназар колу менен кайсалап келип калды. Исхак араң онтоду. Бекназар:

– О, кокуй, бутуң эмне болду сенин?! – деп, ыйлактап, Исхакты балача шап көтөрүп, андан ары эч сөз айтпай, тыбырап турган кулан чаар аргымактын ыйык жалына арта салып, артынан өзү ыргып минип, «чү!» деп жүрүп берди. Кулан чаар атылып жөнөлдү.

Аз да болсо уюткусу бүтүн бойдон аскерин тоо таянтып кетсе, андан нары Исхактын көздөгөнү оңунан чыгып, Каратегинди колуна алса, ал дагы куралып, арыгы семирип, ачы тоюнуп, жаз алды менен тоодон ылдый кара сел болуп дагы каптап түшөрү анык болучу. Эл ичинен «өз» кылып алышкан кишилери аркалуу өчтүү Абдырахман Исхактардын ар бир кадамын, максатын жаздым кылбай билип, Исхактын кошуну эми бетме-беттен качып тоо тарапка ыктап, колдон чыгып баратканын көргөн соң, генерал Скобелев дароо Миллер-Закомельскийди башчы кылып атчан козак полкун, Насирдиндин, Абдырахмандын аскерлерин жол көрсөтүүгө, көмөккө берип аттандырды. Полковник барон Миллер-Закомельский Анжияндан чыккан бойдон эч жерге токтобой, күнү-түнү тынбай полкун айдап отуруп, таң таштаганда жетип, Исхактын кошун курчоого алып, капыстан каптап чабуул коюп кирген болучу.

Исхактын кошуну капыстан чоочуп ойгонуп, туш-туштан жабыла төгүлгөн октон, кулак тундурган мылтык үнүнөн такыр эси кетип, эки кишисинин башы кошулбай, туш келди дыркырап качып, уюшуп каршылык көрсөтө албады. Көбү колун куушуруп, жер боортоктоп жыгылды. Исхактын бүт кошу, 120 нарга артылган жүгү менен колго түштү.

Улуу шашке ченде тоо багытын болжоп качкан колдун чачырандысы Исфайрам капчыгайын өрдөп чогула баштады. Отуздай гана киши болду. Исхак иреңи жездей саргайып, эрдин бек кымтып, бутунун сыздап ооруганын да унутуп, эми эмне кыларын билбей отуруп калды.

Исхак үшкүрүп жиберди:

– О, Бекназар аке, несин айтып күйөбүз?! Мен эми баарына ишенем. Ушу сизди чыккынчылык кылды десе да ишенем... Илгеркилер:

«Карамыктын даны болгунча
ак буудайдын саманы бол –
жаман элдин жакшысы болгунча
жакшы элдин жаманы бол...»

деген экен. Карачы, калети жок белем?! Биздин элге чындап кеткет келген окшойт... – деп тунжурап кетти.

Көп токтоого болбойт эле. Куугун жетиши мүмкүн. Жолго чыгышты. Исфайрам суусун жээктеп, улам бир бетине өтүп, кыркып кечип, үстү жылма муз секиртмек корумдан кыялап, кээ жерде аттан түшүшүп, жөө сандалып чубап, тынымсыз жүрүп отурушту. Музафар-шаанын мындай азап жолду көрбөгөн эрке кызы атка жүрө албай койду. Башта кемедей кара нардын үстүндөгү жайлуу үжүрөдө келчү. Эми ага нар кайда?! Мурду көгөрүп үшүп, шөм­түрөп:

– Исхак акэ-э... – деп уңулдап ыйлады. – Жан аке, мани үлтүрүп кетиң, жан акэ-э...

Музафар-шаа кабагын бүркөп, кызына тажикче бирдеме деди. Жемеледи окшойт. Кыйналган неме ага болбой көз жашын көлдөттү.

Исхак унчуккан жок. «Куруп кеткен сарттын кызы! Төшөктүн гана катыны...» – деп кыжыры кайнады. «Башка түшсө көнөт, өлбөгөн жаны калса келет» – деди да, кайрылбай кете берди.

Чаубай үңкүрүнө жетип токтошту. Эми аттан түшүрүшкөнү жатканда Исхак артын карап, бирөөнү замбилге салып көтөрүп келатышканын көрдү. Ким бу.

– Ханике айым... – деди Бекназар. Исхак башын чайкап, «О, атаңдын көрү сарттын кызы!» – деди ичинен. Бекназар аттан көтөрүп алды.

Ал күнү аттардын бирин союшуп, оокат кылышып, түнөп, эртеси эрте менен көк мелжиген ашууну карай кайра жолго чыгышты.

Чилденин күнүндө ашуу ашышып, Дараут-Коргонго түшүштү. Ошол жерде кыйла өргүү кылышып, бозгон аскер аздап чогулуп, жүз ашуун киши болушуп, андан Каратегинге жол алышты.

Исхак менен кошулуп агасы Музафар-шаа келе жатканын уккан соң Каратегиндин эмири Раим-шаа тандалма миң кол баштап, чегинен тосуп чыкты. Музафар-шаа жөн келбейт, келгенде да Исхакты күйөө бала кылып алып келе жатса, эч жакшылык күтпөй, эртеңки тагдырын бүгүн кан үстүнөн чечип алмакчы болгон. Тозуп, азып барган азгантай кишилерди Раим-шаа кындан суурулган кылыч менен каршы алды.

Алыстан кыйкырышып, жалаң кылыч булгалашып, бирин-экин ок чыгарышышты. Карап туруп, Исхак Каратегинден баш калка издөөдөн такыр үмүтүн үздү да, кайра тартууга буйрук кылды.

Исхак Дараут-Коргонго кайра келди. Көтөрүлүштүн деми да, уюткусу да эми шеминен тайды белем. Өтө кызуу, өтө кайраткер жигиттердин да жүрөгүнөн от өчүп, билегинен каруу кетип, отурганы отурган жеринде, турганы турган жеринде шалдыроо басып калды. Эч биринин көңүлүнө эми «Эмне кылуу керек?» деген ой да келе албай калды.

Бекназар көзү жумулуу, көкүрөк ойгоо.

«...күү-шау дайра шоокуму, бирде күчөйт, бирде кайдадыр алыстайт... тигине дүпүрөтө жарышкан, үзөңгүсү кагышкан кайран жигиттер... өзү ири алдыда өрөпкүгөн, зарде көөдөнгө батпай, көзү тик, колу шамдагай көйкөлгөн туу алдында... кулан чаар аргымак теминдирбей не басканы, не учканы сезилбей...»

«...өткөн сөөлөт, өткөн кайрат...» деди дили. Ой алмашты.

«...өрт алган үй, түндүгү түшкөн, кышында очогунан оту өчкөн... буулдап ыйлап жаш бала, сулап калган энесинин жанында... эмчегине тырмышып... андан нары мөгдөйт кары, аппак башы жарылган, каны чып-чып, кара мата таңынган... ит калган бураңдаган, белге ок жеген жарым жан...»

«Бу не адисе?..» Чоочуп кетти Бекназар.

«...Кана, баягы бир ордого сыйышпаган, жаңжалын өзүлөрү тындырып, баары бир кыйшпаган «көп тууган», «көй тууган?!»

...Кар, же кеткен из жок, же келген из жок, бассаң булут чою­луп бутка илешкен, кийиги жок шырп эткен, кузгуну жок курк эткен, эч качан адамзаада башбакпаган, от жакпаган... үстүндө көмкөрүлгөн көк асман...

Тыш дагы түш...

– Сиз кайтсаңыз окшойт... – деди ушундай баарын санаа эзген күндөрдүн биринде Исхак. Сөз артын күтүп, тиктеп калды Бекназар.

– Ыя?.. – деп жообун сурады ою да, өзү да бийик тоо башындагы таш кепеге камалып отурган Исхак. – Абал кандай болду экен...

Сөз жалпы абал жөнүндө. «А түзүк, – деди ичинен Бекназар, – үмүтү үзүлө элек экен, дем-кайраты али өлө элек экен!»

Бекназар:

– Биз ордого кирбей эле сыртында калып, дүрбөгөн өз эл ичинде болуп, ошол жат көзүнчө да, өз көзүнчө да тике маңдайлашып өлсөк болмок экен!

– Аттиң ай! – деп жиберди Исхак. «Э баягы Чаткалдан түшкөндөй түшөбүз дебедикпи?!» деген өкүнүчүн кымтынып калды.

Башын кейиштүү ийкенип койду Бекназар.

Исхак:

– Көрөрсүз, элде али дем бар болсо аны көрөрсүз, жо алдан тайган болсо аны көрүп, кантсеңиз да, бир ылажысына жарап берерсиз...

Аны имере тиктеп калды Бекназар. «Өз абалың эмне болот быякта?..» – дегенди сезди Исхак:

– Э-э, менден камтама болбогула, пешенесине жазылганды көрөт ар ким, – деп койду. – А көрө өз башыңызга көп коркунуч болот ко...

Бекназар:

– Э-э, элден безип эсен калган баш курусун...

Набыт болгонунан, чачылганда дарексиз кеткенинен калган биртке жоогерлерин жыйды Бекназар. Кош айтышарда Исхак өйдө болууга ынтылды эле жакын турган Момун саркер колтугунан сүйөй ордунан араң тургузду. Исхак:

– Биз өзүбүздү өзүбүз алдашыбыз керек эмес, көз менен көрбөсөк да көкүрөк менен сезип турабыз, абал жаман. Эсен кайра бир жүз көрүшсөк кубанчыбыз болсун, көрүшпөй калсак ыйманыбыз болсун... – деди үнү калтырап. – Мен сизге, Бекназар аке, о дүйнө бу дүйнө ыразымын. Не байкап, не байкабай кабагым үйрүлгөн болсо, катуу сөзүм тийген болсо, Бекназар аке, көзүмүн тирүүсүндө калыс кудай алдында кечирим сураганым ушул болсун... кечирип коюңуз...

О, кайраным ай, – деп жиберди Бекназар, – неге кечирим сурашабыз?! Сендей азаматтын артынан ээрчиген күнүмө, бирге жүрүп кан төккөнүмө, жер өрттөгөнүмө кейибейм, өкүнбөйм эки дүйнө! «Эл» деп, «журт» деп күйүктүк ко, өзү күбө көкө Теңир?! О, жол башчым, кош миз албарс кылычым... мына менин не байкап, не байкабай эрдемсиген түрүм болсо, буйругуңу эки айттырган күнүм болсо, мына ошону сен кечир...

Төшкө төш тийгизишип оңду-солду, «кош», «кош» кылышты.

Эми айтар сөзү не?! Исхак буулуп, кош балдакка сүйөнүп, шалдырап туруп калды. Кайран жигит! Эч качан каңырыгы түтөп көрбөгөн катуу баш баатыр Бекназар минтип эки канаты тең сынган шумкар сыяктуу карып болуп мөгдөн турган Исхактын абалын көрүп, өзөгү болкулдап кетти. Тез бурула чыга жөнөлдү.