кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Алтынчы бөлүм

V

Өлкөнүн ички камын ойлоого эч кимдин чамасы келбеди. Күнүгө туш тарапта уруш. Бир жактан Кудаяр менен Насирдиндин курама колу чет кыштактарды түндө каптап, бөрүдөй талап качып, чуу чыгарат. Бир жактан жарымпашанын аскери Наманган тараптан, Кожон тараптан замбирек менен, мөндүрдөй ок менен өлкөнү кайрадан жиреп кирди.

Исхак жандалбас кылды. Ал шаарма-шаар кыдырып, эл менен сүйлөшүп, топураган каракелтек колду тескеп, сарбаздарды, сыпайларды сынап, аскербашылардын, бийлердин көңүлүнө серп салып өзү текшерди. Фон Кауфманга «Таксыр, ыкыбалдуу жарымпаша! Ымга келели, алака кылалы!» деп элчи артынан элчи салды.

«Ыкыбалдуу жарымпаша» Исхак менен алака кылышмак түгүл, аны «хан» деп эсептебей койду, кайра «бийликти тартып алган», «ууру» деп айып жапты. «Эгер, ошондой эле бул өлкөнүн мамлекетчилигин сактай туруу зарылдыгы болсо, биз дагы эле баягы же Кудаяр менен, же Насирдин менен сөз кылышабыз, а Түркстандын Пугачы өңдөнгөн неменин бүткүл Россиянын бактылуу эгесине эч кереги жок!» деди. Мурдагы кол бала хандар менен түзүлгөн «шартмана» кагаздарды бетине кармап, эми Исхакты түздөн-түз кыйратмак болуп, туш-тараптан кеңири фронт ачты.

Ушул учурда Бухара ордосу баягы Курманжан менен сүйлөш­көндөгү «биримдик» деген күйгүлтүгүн жүзөгө ашырыш үчүн аракет кылмак түгүл ооз ачышка да жарабай, өз башынын чымынын коруна албай калган. Бул жакка орус аскери Капал крепос­ту жактан кирип Ташкенге жетсе, тиги батыш жактан генерал Аннен­ков Арал форту аркалуу Самарканга жетип, камоолго алган болучу. Бул фронтто полковник Скобелев Хийванын Гөк-Тепе, Бухара өлкөсүнүн эң чоң шаарларынын бири Самарканды алууда өзүнүн кыргын салуу өнөрү жагынан өзгөчө көзгө көрүнгөн эле.

Генерал-губернатор абдан жактырып, генерал чинине көтөрүп, көтөрүлүштү басууга мына ушундай кайраттуу колбашчы зарыл деп эсептеп, аны тезинен буйрук менен чакырып алды.

Генерал Скобелев биринчи кадамында Исхактын саркери Уали менен Балыкчы деген жерде бет келишип, жанында кездешип, беш күнкү катуу салгылаштан соң, Уалинин он миң ашуун колун кыйратып өтүп, Балыкчыны ээледи. Өзгөчө кайраттуу Уали саркердин набыт болушу Исхактын ындынын өчүрдү.

Исхак Маргаланга кайтты. Өзгөчө ишенген кишилерин, саркерлерин бир күндө чогултуп, кеңешке отурду.

– Кана, акылдуулар, кана, баатырлар, – деп баштады Исхак, – эмне кылабыз, жарымпаша ымга келбей койду го? Өзүңөр көрүп турасыңар, күндөн күнгө кысып, күндөн күнгө оорлотуп, акыры ала турган ажалдай мукуратып, айланы түгөтүп, өлкөнү бошотуп бер деп отурат го?!

Газават көтөрүп, орус менен алака кылуудан баш тартыш Абдырахмандын каталыгы дебеди беле? Эми эмне болду? «Орус менен ымга келүү, бөөдө жоолашпоо» саясаты эмес беле? Таянган келтеги морт сынгандай, медер туткан үмүтү ташка чапкан кум кеседей быркыранып, Исхактын өз жакшыларынын көз алдында бедели түштү.

Эч ким унчукпады. Исхак сыдырып тиктеди. Эч ким былк этпеди.

Исхак:

– Ыя? «Орус кең пейил болот экен, орус адил болот экен, орус бечарага карамдуу болот экен» деп укпадык беле? Кана анысы?! Көрбөдүк го?! Жек көрүндү Кудаяр менен Насирдинди али таштабай, алардын тарки кеткен укугун түбүнө чейин коргоп туруп алды го?! Эмне кылабыз? Айткыла билген акылыңарды...

Акылчысы молдо Муса, парваначысы Өмөрбек датка, удайчысы Сулайман, теңтушу Абдылла бек, баатыры Бекназар өкүмдарын эмне менен жубантарын, эмне акыл, эмне пайдалуу иш кошорун билишпей, тунжурап отуруп калышты.

Бекназар:

– Ырас, уктук эле Сары-Өзөн-Чүй жактан келген туугандардан, «Орус бечара элге кайрымдуу болот» дешти эле. Биерде бир балээ бар, Исхак. Бу Ташкендеги жарымпаша орус эмес дейт го? Орустан наркы бир дили катуу элден дейт ко?..

– Бу дили катуу жарымпашага каерибизден жаздык?! Мейли, кырылышып кетели, өзүбүздү өзүбүзгө койбойбу акыры?! Эмне киришет? Эмне акысы бар? Ыя? – деди Абдылла бек.

Көптү көргөн Өмөрбек датка күрсүндү:

– Эмне акысы бар дейбиз. Күчтүү! Акысы ошол. Илгертен күч деген көпкө укук боло келген. Күч караны ак дедирет, акты кааласа кара дедирет. Күчтү күч гана токтотот...

Дагы мелтиреп отуруп калышты. Сөз жакшы жалганбады. Ар биринин көңүлүндө «Эмне кылабыз?» деген суроо гана. Эч кимиси жооп таба албады.

Исхак ой басып, акырын башын ийкей:

– Биз жаза бастыкпы, ката жол бастыкпы? – деп сурады, өзү жооп айтты: – Жок, биз ката жол баскан жокпуз. Орус менен колубуздан келишинче кагылышуудан качтык, ымга келишүүнү, ийри отуруп түз кеңешип, эки тарапка тең бирдей набы чыккыдай алака түзүүнү тынымсыз издедик. Же жалганбы?

– Көп издедик! – деди Абдылла бек.

Исхак:

– Эмне кылалы, дили катуу жарымпаша муну көрүп туруп эле, атайылап эле ымга келбеди. Эми бизге эмне калды? Биз өз жерибиз үчүн, өз укугубуз үчүн суу кечип, от кечип, кармашуубуз гана калды. – Ал сурданып, отургандарды сыдырып тиктеди. – Башка жолубуз болсо айткыла, жаңылбай, мүдүрүлбөй ошол жолго түшүп да көрөлү...

– Башка жолубуз жок, Исхак! – дешти жабыла. – Качып кайда барабыз?! Дагы жалбарып эмне табабыз?! Исхак кеңешти бүтөрүп:

– Баатырлар! – деп буйрук айтты. – Кимибиздин атабыз так­та туулуп, такта өлгөн?! Бизге так кымбат эмес. Ата конуш жер кымбат. Ага-тууган эл кымбат. Биз ат үстүндө жеңип алган бош­тондугубузду ат үстүндө жүрүп, кимден гана болбосун коргоп ка­лалы! Эстүүлөр, акылга дыйкан агалар, элге чыккыла, элге айткыла ушуну...

– Сиздин пашалык эркиңиз!

– Куп болот, өкүмдар!

Нөкөрлөрүнүн минтип сөзсүз колдоосу, бир пикир болушу Исхакты кубанткан да жок, үрөйлөрү учкан тунжуроосу кайгырткан да жок. Эртеңки күнү кыйын. Эртеңки күнү кызарып чыгат. Баарыдан мурда өзү сезип, кайыл болуп тагдырына баш байлады. Кандуу эрегишке, тиги дүйнөдө эл алдында, тарых алдында бети же ак, же кара, дүйнөдө кудай алдында жүзү же жарык, же чүркөө, бул зордук менен боштондук, карөзгөйлүк менен адилдик бир байланган түйүнгө, ал түйүндү же замбирек, же кыңырак кылыч чеччү күнгө бел байлады.

Арызга келдим деген бир кара сакал кишини Исхак кабыл кылды. Кара сакал акырын учурашып, эки жагын абайлап, Исхактын бет маңдайына чөк түштү. Исхак кызыгып тиктеп, жүзү жумшарып:

– Эч ким жок, – деп койду. – Сен менин өзүмдөн да шек санай­сыңбы? И, айта бер. Анжияндан качан чыктың? Иш кандай?..

Кара сакал тамшанып алды:

– Өлгөнү жатса да, биздин эл «жакшымын» дей берет... – деди тиги кыңырылып, кабагы кирдүү.

Исхактын көзү чекчейди:

– Иш жаманбы? Ачыгын айт. Тагын айт...

– Тузуң ура турган болду баягы ишенген бектериңди. Сенин даражаңа шек келтирип, «ал бир жүргөн селсаяк, темтейген бир кыргыздын баласы, ордону карөзгөйлүк кылып эле ээлеп алды» деп, күбүрөшүп, жанына кайдагы шектүү кишилерди топтогонго окшоп жатышат...

Исхактын иреңи бопбоз болуп кетти.

– Сыягы Искөбүл паша менен алдыртан алакага келүүгө аракети бардай...

Исхактын ар шаарга койгон, ар кишинин артынан койгон өтө ишенимдүү тыңчылары бар болучу. Өзүнөн башка эч ким билбейт, булар өзүнөн башка менен эч сүйлөшпөйт. Өтө берилген, өтө сырдакана адамдардан тандалган эле. Мындай угар кулак, көрөр көз Абдылла бектин артында да, Бекназар баатырдын артында да көлөкөдөй ээрчип жүрөт. Абдымомун бектин ишин эч ким байкамак эмес. Ушундай угар кулак, көрөр көз жеткирген болучу.

– Токто... Токто... – деди Исхак үнү кектүү, өчтүү, ачуудан калтырап чыкты. – Калганын өзүмө кой, баатыр, алдыңдагы атың жакшыбы, жаман болсо жакшы атка ооштур да, бүгүндөн калбай кайт Анжиянга.

Тиги үргүлөп отурду. Исхак колу калтырап, «Ушби катты көрсөткөн баатырдын айтканы айткан болсун!» – деп, араң жазды да, этегине мөөрүн басты:

– Мына. Бетбак Шамырза тескери кадам таштаары менен, бул жарлыкты бизге көңүлү бекем пансаттарга, жүзбашыларга дароо көрсөт, чыккынчыларды дароо карматып, дароо башын алдыр. Жо, тынч болсо чочутпа, быяктан киши баргыча.

Тиги көзүн ачты да, оозун чоң ачып эстенип, жарлыкты койнуна катып, акырын баш ийкей коштошуп, чыгып кетти.

Ошол эле күнү ордо жакшыларын кайра чогултуп, калчылдап, жай сүйлөй албай, Исхак:

– О, Шамырза! О, Ярмат! – деп чаңырды. – Булардын терисин тескери гана сыйрыйм! Чыккынчылар! Саткындар!!!

Эмне болуп кеткенин билишпей, отурганы отурган жеринде, отура элеги турган жеринде селейди. Эмне болду? Шамырза датка, Ярмат датка эмне жазык кылышты экен? Өтө ишенимдүү, өтө жакын адамдар болуп эсептелчү эле го?! Эч ким ооз ача албады.

– Мына! – деп, Исхак түтүк кылып оролгон сөөмөйдөй кагазды ортого ыргытып таштады, өзү дарчеге басып кетти.

Кат тааныган бирөө түтүк кагазды жерден ала коюп, бир сыйра тез көз жүгүртүп, отургандарды нестейип тиктей берди, отургандар да кызыкты, «оку» дегендей чекчейип тиктеп калышты, тиги мукактанып, акырын окуду. «Урматли бек, бу ыссык дубайсаламни бурадарлариңиз Ярмат ва Шамырза датхалардан деп билгейсиз! Азрети инша-алла, сизниң куш тилидак кабариңиз бизге йеттилар. Көп курсант болдик. Бир алла кубат берсүн, сизниң оюңиз, бизниң оюмиз, сизниң йолиңиз, бизниң йолимиз. Тезрак кабар этиң, азрети, Искөбүл паша йакынлап келер экен, не акыл бергайсиз?..». Отургандар бирин бири тиктешип калышты. Исхак дарчени карап турган бойдон былк эткен жок. Жымжырт болду.

– Кокуй о-ой, бу не деген шумдук?! – деп жиберди бирөө. Баары баш чайкап, шыпшынып, бул чыккынчылыкка таң болуп отуруп калышты. Исхак бери басып келди да, башын өкүнүчтүү ийкей:

– Уктуңарбы, бурадарларым?.. – деди. – Күнү кече ишенимдүү бир адам «бектериң бу Исхак тентиген селсаяк деп күбүрөшүп жүрөт» деп ооз эки кабар жеткирген болучу. Көп ойлонуп, ишенгим келбеди. Мына бүгүн бектердин каты кармалып отурат. Бул Абдырахманга арналган кат экен! Мөөрүн карагылачы...

Колдон колго өткөрүп, каттын этегине басылган эки мөөрдүн жазуусун карап калышты. «Нак өзү! Ярмат деп турбайбы!» дешип, кыжырлары кайнап, күүлдөштү. Бекназар ачуудан кара көк болуп кетти. Эки көзүнө кан толуп, же сөгүнүп жибере албай, же оозуна бир айла сөз кирбей буулукту.

Исхак өзүнүн бостон уругунан Амал эшик ага деген адамды элбеги атап, Бекназар баатырды аскербашы кылып, тандалма төрт миң аскер менен ошол эле күнү Анжиянга жөнөттү.

– Баатыр, сак бол. Анжиян биздин бешигибиз, колдон чыгып кетпесин! – деп эскертти Бекназар баатырга, коштошуп жатып. Өзүң бил нары жагын, душмандын тынчы – өлгөнү...

...Кечинде, жатайын деп чечинип, төшөгүнүн этегине эми отур­ганда, сырткы үйдөн кобур үн угулду. Исхак жанында жаткан бир атма орус пистолуна колу кандай жеткенин билбей калды. Үн тааныштай. Момун кирди:

– Таксыр, азирети хан ата...

Исхак башын ийкеди. Момун чыгар замат эшиктен молдо Асан көрүндү. Исхак кабагын чытып, үнсүз кабыл алды. Молдо Асан да тырышат, салам айтпады.

– И, келипсиз бей убак?

Молдо Асан кабаарып тез-тез сүйлөдү:

– И? Акылга даана адамдарды бүт кырып, жалаң кутурган кедей менен каласыңбы?!

Исхак өйдө карады. Көзүнөн заар көрүндү. Ата экенин укук кылып, молдо Асан тилин тартпады:

– Кара аламаның эмне кылып бере алат сага?! Оозунда сөзү болбосо, алдында аты болбосо, чөнтөгүндө жырык теңге пулу болбосо! Башыңа иш түшкөндө акылдуу кишилер, пулдуу кишилер, белдүү кер келет, билип кой.

– Ошол акылдуу деген, пулдуу деген, диндүү деген кишилериңиз оңду-солду сатып, чыккынчылык кылып жатышат. Уктуңузбу? Эми аябайм. Кичине гана күнөөсүн тапсам койдой мууздатам, дарга экиден астырам, жерге тирилей көмдүрөм. Буларга өз үйү, өз тону, өз дүнүйөсү аман болсо болду экен!

– Асте кыл, балам, асте кыл. Өзүңө жаман болуп калат...

Исхак обдулуп:

– Кайдан билесиз өзүмө жаман болорун? – деп такып калды. – Ким айтты?..

Ал ошол жерде атасын шектенип тиктеди. «Чала улама, чала акыл... Мени шарияттын жобосуна каршы кетти деп жүрөт окшойт. Эмне эле менин ишиме киришип калды? Кой десем болбойт, жабышып киришип калды? Душмандарым тукуруп жатабы?» – деген ой, башын чырмап турду.

Молдо Асан үңкүйүп отуруп калды. Ичине сыр катып уурту кымтылып, көзү заардуу жылтылдай баштады. Исхак чекирейип тиктеди. Молдо Асан кыжырлуу күңкүлдөп сүйлөдү:

– Пайгамбардын көк туусун көтөрүп, мусулманга калка болуп, балам каапыр кубалайт деп, кубандым эле. Кубанычым Абдырахман абтабачыдан бөлүнүшкөндө таш капты. Кайран Абдымомун бектин мусулманчылык ишин жерге тепсегениңде көңүлүм сынды. Эми элден да, динден да чыкканыңа көзүм жетти...

– Болду! – деп чаңырып жиберди Исхак. Ал ордунан тура калды. Өз атасынын оозунан ушул сөздү укту. Өз атасынын жүзүнөн аяшкыс кастыкты көрдү. Экөбү бирин бири тиктебей, ара тымтырс болуп, отуруп калышты. Өз түшүнүгүндө атасы, өз түшүнүгүндө баласы нааразы.

Исхак акырын алакан урду. Караул ошол замат леп кирип, таазим кылды.

– Эми кантейин, ата, менин ишиме, менин максатыма түшүн­бөдүңүз, кантейин, эми кеч болуп калды, барар жериңизге узатып койсун... – деди Исхак.

Молдо Асан унчукпай коштошпой, Исхакты дагы эле баласы санап, таарына бушуткан бойдон этек кага чыгып жөнөлдү.

Экинчи ата менен бала жүз көрүшкөн жок...

Бекназар төрт миң сыпай баштап, эртеси Анжиянга жакын бир кыштакка жылып барды. Сак аракет кылып, эң оболу эки даткага: «Урматли Шамырза датка ата, кадырдан Ярмат датка ага, ушби куш кабарни сизлерге кызмат кылгучи кичик иниңиз Бекназардан деп билгейсиздер. Таксыр аллаяр бахадур Исхак-хан мени, мени ээрчиген төрт миң кошунни сизларниң карамагынларга жибердилер. Шаардагы аскерларни ташкарига алып чыгып, бизни кошуп, жигит ойнун куруп, бир ар тамаша кылып, соңра кетиш улук, жарлыкка ылайыкдур» деген кат жаздырып, этегине бармагын басып, чабарман жиберди. Эки датка эчтемеден кабары жок, өзүлөрүнчө зоок куруп, ойноп жатышкан эле. Катты алышты. Шектенишпеди. «Төрт миң кошун! Куп жакшы...» – дешип, бири бирин кыя тиктешип, ичтен жымыйышты. Эртеси эрте куйругу түгөнбөй чубап көп аскер Анжияндан чыкты. Эки аскер бет келишти.

Бекназар эки датканы дароо карматып, «Чыккынчы! Саткын!» деп жариялап, аскадай тирелген эки аскердин ортосунда Исхактын жарлыгын окутуп, андан соң нары-бери жетелетип, эч кимдин көңүлүндө күдүк калбасын үчүн жамыга көрсөттү. Эки жактан тең: «Өлүм! Чыккынчыга өлүм! Бу наалатылар азыр союлсун!..» деп, чуу чыга баштады. Бекназар ушуну гана күтүп турган эле:

– Сой! – деп чаңырды. Ошол замат баягы Исхакка сөз жеткирген кара сакал жулунуп чыгып, чоң булдурсун менен экөөбүн башка-башка салып колунун кычуусу кангандай, жүрөгүнө түйгөн жини тарагандай болуп, анан ошол жерде эки аскердин көзүнчө Шамырза датка менен Ярмат датканы жигиттерге бастырып, өз колу менен кызыл-ала кылып, койдой мууздап таштады.

Бекназар баатыр эки аскерди кошуп Анжиянга кирди.

* * *

1876-жылдын 2-январы күнү генерал Скобелев Анжиянды камоолго алды.

Шаардын бир жагынан генерал Троицкий, бир жагынан генерал Куропаткин, бир жагынан барон Витгенштейнди, барон Миллер-Закомельскийди жанына алып, генерал Скобелев өзү каптады. Күн чыгыш жагындагы бүт Анжиян алаканга салгандай көрүнө турган Ак-Чакмактын-Дөңү деп аталган дөңгө генерал Головачевдун 16 орудиядан турган артиллериясы, ракета станкалары эки канат кылынып катар тизилди.

7-январь күнү эртең менен эрте Анжиянга биринчи ок атуу башталды. Бүт артиллерия керели-кечке тынымсыз атты.

Ак шалпар жоолук чүмкөнгөнсүп, дарактары үлбүрөп, кар ба­сып турган Анжиян кымкуут түштү. Кыштын күнү кара чаң асманга көтөрүлүп, тамдар самандай өрттөндү. Мунаралар күү-күү этип кыйрап түшүп жатты.

Эси кеткен сарбаздар кытайча замбиректерин жер токмоктогондой «Түрс!», «Түрс!» дедирип, аткылап жооп кылып калышты. Огу бир кишинин да башын жарган жок. Жер челип түшүп, талаада тоголонуп гана кала берди.

Генерал Скобелев мурутунан күлүп, Анжияндын кантип кымкуут болуп, кантип өрттөнүп жатканын дүрбү менен көрүп, Ак-Чакмактын-Дөңүндө тамаша чегип турду.

Бир убакта арттан куду шамалдын ышкырыгындай кыйкырык салып, атка өбөктөп чабышып, жапайы атчандар селдей каптады. Бул коркунуч да күн мурунтан эсепке алынган эле. Буктурмага коюлган үч ракета станка, үч замбирек жапырт атып, чачма ок менен тосту. Жапайы атчандар ыдырап жайыла берип, куюн сыяктуу имериле чаап артка кетишти. Алар менен атайын полковник Машин беттешти. Жапайы атчандар аралашууга, кылычташууга жулунуп жатты. А полковник Машин качса кууп, качырса чегинип, ок жете турган аралыктан өткөрбой согуш жүргүздү. Кетип калышса артынан куубады.

Буга Исхак түтпөдү. Бөлтүрүктөрү жаткан күпкөсүнө мергенчи кирген бөрү сыяктуу эч түтө албай, эч таштап кете бере албай, кайрадан кайра кайрылып, албууттанып кирип жатты. Жаны көзүнө көрүнгөн эр жигиттер от бүрккөн, ажал бүрккөн ракета станкага, чачма бүрккөн замбирекке кылыч менен, союл менен качырып, кадам сайын атына кошо башмалдак атып жыгылып, жүздөн бири жетип, миңден бири жетип мерт кылып, өзү да мерт болуп жатты. Жерге жакын учкан куштай кайгып, алыстан чалма ыргытып, замбирекчилерден сүйрөй качкандар да болду.

Исхак кош арыктын көпүрөсүнөн өтүп бараткан эле. Тынымсыз замбирек атылып, ракета «шар-р» эте асмандын бир өңүрүн айрып, мындайды көрбөгөндүн жүрөгүн түшүрүп сесин алып, жер термелгендей болуп жаткан. Күрс! Көпүрөгө замбиректин огу келип тийди. Заматта кош арыктын суусу асманга атылып, көпүрө кыйрап түштү. Исхак суунун сапырындысына аралашып жок болду.

– Кокуй! – дешип нөкөрлөр чур этти. – О, жараткан, өзүң сак­тай көр!..

Эң мурун суу үстүнө калдайып ак боз аргымак чыкты. Кыймы­лы жок. Артынан Исхактын кызыл кымкап чепкенинин өңүрү көрүндү. Нөкөрлөр арык жээктеп чуркашты. Экөбү сууга кирип, Исхакты сүйрөп чыгышты.

Жаны бар экен. Эки окшуп суу кусуп жиберди, Исхак. Жакын эле жерге күрсүлдөп замбиректин огу түшүп жатты. Исхак эсине келип:

– Ат! Атты тарт... – деп обдулду. Кармай калышты. Ал шак тура алган жок, «И-ки!» деп, ооруксунуп, эрдин тиштенди. Бир буту сынып кеткен экен. Кычырай түштү. Эки көзүнөн чаар чымын учуп, башы тегеренди.

– О... Алдырар күнү жаздырар деген ушубу?! Бутум иштен чыгыптыр го!.. – деп үшкүрүп жиберди Исхак. Нөкөрлөр кайсаланып калышты:

– Э, бир кудай өзү сактады! Бут эчтеме эмес. Кудай өзү сактады... – дегенден башкага жарашпады.

Көк өтүктүн кончун тилип жиберишип, жаракадан шакшак кылып коюп, сыныкты дароо таңышты. Исхак турууга умтулду:

– Атты апкелгилечи...

Башка ак жал жээрде атты тартышты. Сүйөп атка мингизишти. Исхак чымырканды. Чекесинен идиреп тер кетти. «О, алдырар күнү жаздырар деген ушубу?!» деп ичинен муңканды. Онтобоско аракет кылды. Эки нөкөр жандап бастырышып, эки колтуктан сүйөштү. Исхак те ак түтүн улам буркулдап, огу Анжиянды жүндөй сабап жаткан Ак-Чакмактын-Дөңүндөгү артиллерияны тигиле тиктеп, онтоп жиберди:

– Аттиң ай! Ушул дөңдү сыйпап түшөр белек?! – деп чыйралып буйрук кылды. – Баарың! Баарың! Дөңгө! Дөңгө...

Жапайы атчандар туш-туштан жабылып, бир тегиз жабылып, үч мерте Ак-Чакмактын-Дөңүнө ат коюшту. Үч мерте кызыл тыт­тай күбүлүп кырылышты. Аларга мөндүр ок гана кер келди. Алардын селин ок гана токтотту. Алардын демин ок гана кести.

Исхактын буту шишип кетти. Аттын кыймылы сайын сөөгү кырчылдап, катуу ооруп, жаны көзүнө көрүндү. Жан тери чыкты.

Исхак кечинде Асакеге келди.

Ал түнү Ак-Чакмактын-Дөңүндөгү артиллерия Анжиянды түнү бою тындырбай атты.

Эртеси таң менен шаарга чабуул башталды. Анжиян капкасына төрт тараптан генерал Скобелевдин аскери кирди. Талкаланган дарбазалардын түбүндө, дубалдын бузулуп өткөөл болуп калган жерлеринде коргоочулар төшү менен тосушту. Өзүлөрүнүн өлүктөрүн каршы-терши коюп дубал кылып, тосмо кылып жатышты. Акыры душман Абдырахман турган дарбазадан жырып кирди. Абдырахман жакшылыктуу каршылык көрсөтө албай, туруштук кылбай, төрт жүз сыпайын баштап алып, күтпөгөн жерден сыртка чыгып кетти. Генерал Скобелев так ошол мерчемди бекем кармап, бир аз коргонуу кылып, ракета станка, замбирек апкелдирүүгө үлгүрдү. Чоң курал жеткен соң анын огуна, сүрүнө таянып, кайрадан күчөтүп, нарылап чабуулга өткөздү.

Коргоочулар көчөмө-көчө кармашты. Колуна кесек алып, таш алып, а жөн эле эки чеңгелин арбайтып, эс-акылынан ажырагандай бакырып жулунуп, мылтыгынын найзасы арпанын кылканындай ширелип келаткан каратель аскерге келип урунуп жаткандар болду. Сарбаздар, сыпайлар, караламан каракелтек эл «Йа, алла!», «Йа, алла!» деп, бир кылка, бир тегиз, муңдуу, өчтүү зикир чалышып, жандан кечип кармашып жатышты.

Күүгүм кире көз байланганда Бекназар алсыраган колунун башын-аягын жыйнап, каршылыкты токтотуп, 20 миң кишиси набыт болуп, канга бөлөнгөн, түтүнгө ууккан Анжияндан чыгып Асакеге чегинди.

Генерал Скобелев Анжиян шаарын ээледи. Шаарга 100 миң дилде өлчөмүндө контрибуция салды. Мындан тышкары аскердин кереги үчүн шаар элинен көп мүлк жыйнатылып алынды.

Бүткүл Россиянын императору Александр II аскери Анжиянды алганын угуп, фон Кауфмандын эркине жеңилгендердин эсебинен, офицерлерди сыйлаш үчүн алтын баасы менен 88611 сом ыйгарды да:

«Кудай берип, экспедициянын иши мындан нары да ушундай эле көп кан төгүүсүз бүтсө экен»

деп куттуктады.