кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Алтынчы бөлүм

IV

– Дагы бир календер келип, киргиз деп отурат. Эмне кылайын.

– Кандай календер?

– Билбейм. Сенделген бир чал.

– Киргизчи... Ким экен ал...

Бир аз убакыт өткөн соң Момун алдына салып календерди алып кирди. Кийими жупуну. Өңү жүдөө. Бирок, эч кимден корунбай турган, жалтанбай турган, көзү тик. Исхак бир элтейип тиктеп, боолгоп, ордунан тура калды да:

– Э-э... азирети капызбы?.. – деп, көзү жайнап, кучак жая басты. – Жарыктык, кайдан жүрөсүз?..

Кучакташып көрүшүштү. Исхак жадырап кубанып, календердин колунан тооп кылды:

– Келиңиз! Төргө өтүңүз, азирети... – Ал таң калып турган эшикагага колун шилтеди: – Ордобузга кут келди! Чогулсун мын­да жакшылар, катар туруп кол беришсин азиретиге...

– Э, углум, элден жакшы адам түгүл жакшы мал чыкса аваз кылат, журтка тутка, ордого баш болду деп уктум, мына алдыңдагы тактыңды, башыңа конгон бактыңды көрүп, кабагыңды, пейлиңди сынап кетейин деп келдим... – деди календер улага жакка отурар жерин көздөй.

Исхак улагага отургузбай колтуктап алып төргө килемдин үстүнө куш төшөккө өткөрдү. «Майли, майли, баары бир эмеспи кайда отурса...» – деп өзүнчө кобурап, календер чал төргө чыкты.

Бул киши менен Исхак мындайча жолуккан эле.

– Кайда барам дедиң, жакшы жигит?

– Ташкенге, таксыр.

– Салт төө бар. Ошону минип аласыңбы, майли, мусулман баласы эмеспизби?! А киреси кандай болор экен, жакшы жигит?

– Күчүмдү берейин баргынча, таксыр.

– Күчүмдү берейин? Гм... Куп болот, жакшы жигит. Маргаланга токтойбуз, бул жүктү түшүрүп, аерден башка жүк алабыз, Анжиянга тиебиз, андан да башка жүк алабыз, андан нары Наманген, андан нары Ташкен. Майли, мусулман баласы эмеспизби, жүккө кол кабыш кылып, илешип кете бер, майли...

Исхак ушул сөздөрдү кербенбашы менен азыр сүйлөшүп тургандай угуп, кербенбашынын чекир көзү, коңкойгон кызыл мурду, акы албаган жумушкер өзү келип турганына ошондогу ичинен кубанган түрү көз алдына келди.

Кеч учкан каркыралардай те алыстан илең-салаң ыкшоо чубалып, кербен Сыр-Дария боюнан түндүк багытка беттеп бараткан. Теребел каксоо. Дөңү, жону таздын чокусундай кубарган, кумдуу сайыңда сейрек жылгын, итсийгек, жаңгыз аяк шоро чөптөн башка көрүнбөйт. «О! О! деп чарчаңкы төөгө дем берген уйкулуу үн, жалпак таман жаныбарлар буйла чойдуруп, көздөрүн жашылдантып, жүгү оору өйдө-ылдыйда «бу– ук...» этип, муңканып коюп, баары бир тегиз, толкун сыяктуу уланышып, жай маңууда. Күн чычаласы алыстап, ава бир аз салкын тартты. Ар кай жерден ала көлөкө көрүнө баштады.

Мына ушул ээн жерде, чегирткенин канаты күйгөн ысыкта жалгыз жөө жолоочу кетип бараткан. Эч ким көңүл бөлбөй, кырк төөлүү кербен жай ийрилип, чоюлуп өтө берди. «Аса таягынан башка жанында жолдошу, куралы, сүйөгү жок, жер кезген календер окшойт?..» деп ойлоду Исхак, төө үстүнөн ныксырап, төөнүн басыгына термелип келатып. Ал эң арткы төөдө болучу. Жандай бергенде:

– Ассалому алейкум... – деп, акырын салам айтып койду. Ка­лен­дер токтой калып:

– Ва-алейкума ассалам!.. – деп, кыраатына келтире өтө тың алик алды. Исхак анын суусаган үкүдөй акактап, эки көзү жашылданып турганын көрдү. «О-о, илештире кет, азамат!» дейт ко деп турду. Жо, абышка этегин кайра кыстанган, кайрат менен жолуна кайра түшө берди. «Ээн жерде каерге жетер экен байкуш?..» деп, Исхактын боору ачыды. Саал бастыра берип:

– Э, кудайы жолоочу... Келиңиз, учкашып алалы!.. – деди. Календер бир тигилип тиктеп алды да, эч ашыкпай басып келип, унчукпай, ага чейин Исхак чөктүрө салган төөгө тырмышып учкашты да, төө «бук» деп ынтылып, ордунан туруп басканда, арттан «Кем болбо, углум..» деп, күңк этип бир ооз сөз айтты. Ошол бойдон үн каткан жок, чаалыккан кары адам эмеспи, бир аздан соң Исхактын артына бети менен сүйөнүп, шылкылдап үргүлөй баштады.

Кербен те алдыда бузулган эски капканын оозуна окшоп аңырайып көрүнгөн кууш сайдын оозуна жакындап баратты. Айлана жымжырт.

– Өй! – деп үн салып, көк качырды кекейте тартып, арттагыларды шаштырды кербенбашы. – Тез! Бөлүнбөй тез-тез жүргүлө!

Малайлар «чү, чү» деген болуп, теминген болуп калышты. Жылаан ийнине сойлоп кирип бараткан сыяктуу кербен алды артын көрбөй, арты алдын көрбөй, мүйүштөн мүйүшкө имерилип, кууш сайга кирди. Күн кечтеп, сайдын ичи аны сайын күңүрт тартты. Кыргакта жаткан бүдүрөйгөн таш жол тосуп акмалап жаткан кишинин башына окшоп көрүнөт. Эки жак тар, бир кие чөбү жок, эшилме кызыл чаптуу, айры өркөчтүү төөлөр кейиптенген бирине бири уланышкан жапыз адырмак жер. «Ийри-Сай» дешет. «Ууру-Сай» дешет. Топ каракчы, жалгыздап өңүп баскан ууру мерчем кылган, жеке-жарым киши даап өтө албаган кооптуу жер.

– Өй, чү дегиле!.. – Өй... – дейт кербенбашы, эми үнү басайып. Малайларга жан керек эмеспи? Төөлөрдү шакылдата камчыланып, теминип баратышат. Жүрөктү шуу дедирип, коркунучтуу балбалактап сайрап, жакын эле жерден караң-караң этип байулу сайрап өттү. Төөлөр ыйлагандай «бу-бу.. бу-бу...» деп, муңканып логлошот.

Эми гана Ууру-Сайдын башына чыгарга жакындап, сайдын тумчуктурган караңгысынан суурулуп, кербен нары акчыл шаңга жүткүнүп калган кезде алды жактан, мүйүштүн нары жагынан дүбүрт угулду. Көкүрөк кыйылдаган сыяктуу «гы-ый», «гы-ый» эткен, онтогон үн, будалаган иттин ырылдаганындай туңгуюк, кыжыр луу дабыш жетти. Кербен алды тык токтоду. Арты каптап келип, кээси алдыга сүрдүгүп өтүп, ийриле, жыйрыла калды.

Эки караан тикелешип кармашып жаткандай. Эч ким эчтеме айтпай кербен өзүнөн өзү сүрүлүп кайра өз жолуна кайра түштү. Кербенбашынын көк качыры кошкуруп үркүп, «шык-шык» деп, оозун тартып да, теминип да жөнөлдү. Исхак минген боз каймал лепилдеп желди. Жандай беришкенде жолдун алды жагындагы тегизде алышып жатышкан эки караан ажырашып кеткендей болду. Бири «гы-ый» этип жерге сулап жатып калды. Бири эшик-төрдөй чубалып четке чыга берди. «Карышкыр экен!» деди Исхак. Көк жал карышкыр тигиндейрек барып, тилин жеңдей кылып салаңдатып, акактап, эч качпай, эч тоотпой, соксоюп отуруп алды. Эки көзү жылдыз курттай жылтырайт. Исхактын эти дүрүлдөдү.

– О, бетпак! – деп айбат кылды Исхак. Көк жал карышкыр козголуп да койгон жок. Жерде жаткан «И-и-и...» деп онтоду. Исхак кыйкырып жиберди:

– Ой! Адам экен!

Кербендин алды токтолбоду. Эң акыркы малай гана кайрыла калды. Исхак төөнү чөктүрмөкчү болуп буйланы тез-тез булкту. Тиги карышкырды көрүп турган каймал буулдап, чимирилип, чөкпөй койду. Исхак кишинин башын жөлөдү. Жер майкан. Кишинин ичегиси ийрилип чубалып, карды нары жерде томпоюп жатат. Киши акырын онтоду. Исхак эмне кыларын билбей:

– Эй, кокуй... – деди, оозуна ушу кирди. – Кимсиң? Кокуй...

Киши колу калч-калч этип, карды жок ичин бир сыйпап, тиштенгендей акырын сыздап онтоду:

– Э... Көр оокат... – деди энтиге. – Орокчулук кылып... Ишти бүтүп...

Үстүнө үңүлүп турушкан календер, малай, башын жөлөгөн Исхак дем тартпай угушту. А тигинде оозу кандуу жырткыч жаланып коюп, дагы эле кетпей соксоюп, күтүп отурду.

– Маңдай терим он чейрек буудай болду эле. Аны өз боюм менен тең оро казып... кырман башына көөмп...

Календер жашыгандай:

– О, шордуу кедей...

Тиги чыйралды:

– И-и-и... Калбай эле ээрчип алды. Колумда келтегим бар болучу. Орогум бар болучу. И-и-и... Улам жакындап ыкыс берип чап салды. Келтек менен корундум. Келтегимди тиштеп талашты. Келтек менен уруп жиберсем... алдырар күнү жаздырар... тийбей калып, тиштей качты... Алыс алпарып таштап келди. Акыры, орогум да колумдан чыкты. Анан... ушерде экөөбүз качырышып кармаштык... И-и-и... – деп сыздап онтоду. – Гм, о кем дүйнө, мен дагы эр жигитмин деп жүргөн киши элем, кармаштык окшойт бир аш бышым... Эң акыры адамдын шабырты чыкканда, угуп мен... алдырар күнү жаздырар... кылчая бергенимде азуулуу жырткыч алып түштү... жара тартып кетти... И-и-и...

– Кайрат кыл, айланайын... – деди Исхак мууну титирей. – Алып кетебиз!..

Ошол учурда кербендин алдынан кербенбашынын кыйкырыгы чыкты:

– О-о-о! Эмне болду-у? Баскыла дейм о-ой...

Малай дирт дей түштү:

– Ана эми! Тездетели...

Тигинде көркоо жырткыч эки көзүн жылтыратып, дагы эле соксоюп, көшөрүп отурат. Исхак:

– Кана, төөнү чөгөрүп жибер...

Киши акырын сыздап онтоду:

– Мен ыраазымын... деди. – Мен эми кайда ба-райын?!. Кайсыл жерде каным төгүлсө жазатым ошол жерде калсын эми. Кудай этимди жырткычка буйруган болсо, мен кайда качып кутулайын?! И-и-и...

– О-о-ой!.. – Тыяктан тиринин жанын сууруп, кербенбашы дагы шаштырды.

Кайра чымырканды белем:

– Жол боюнан кара алачык көрүнсө тие өткүлө. Беш бирдей жетим көрүнсө бешенесинен сылай кеткиле... – деп, шордуу пенде сыздап, онтоп, коштошо тургансып, калч-калч эткен алсыз колун өйдө көтөрдү. Исхак анын колун көкүрөгүнө басты, ал эмне дээрин билбей калды:

– О, тууганым ай!.. Сени кантип көрүп туруп таштап кетебиз?! – деди, оозуна ушу кирди.

– Кош... – деди өлүм чылбыры мойнуна түшкөн шордуу, ал эми жашыгандай ээрди калчылдап. – Кош, ак көңүл адам!.. – Бул дүйнөдө ыраазы кыла албайм, тигил дүйнөдө ыраазы кылармын. Чапаным жаткандыр, ошол чапаным менен башымды бек ороп таштап кеткиле. Сураганым ушу... Жырткычтын тиши бейкүнөө жүзүмө тийбесин... И-и-и...

Эми эмне дейт? Исхак шалдырады. Календер муңканып келме айта баштады. Тыяктан тиринин жанын алып кербенбашы ызылдап жатты.

Жан таслим кылып жаткан адамдын ыманы түздөлгөн соң Исхак унчукпай барып, нары жерде тытылып жаткан эски чапанды апкелди да, малай жардамдашып, бир паста анын башын бек ороп салды. «Кош, шор баскан кедей!..» – деп, ичинен күбүрөй, эт жүрөгү болкулдап, календер, малай үчөбү төөлөргө тырмышышты.

Алар мындай чыгары замат жырткыч жүгүргөнүнчө түшүп, жетери менен кишини өчү бардай бою менен тең көтөрүп, кайра күрс дедире жерге уруп жиберди. «Йы-ый!..» деген бир гана добуш чыкты да дым болду. Канкор жырткыч тумшугун матыра, ныгыра тиштеп, үзүп, жулкуп, лукулдатып жеп кирди...

Бир жагы өз дүйнөсүнөн коркуп, бир жагы ачуусуна өзү туттугуп, көк качырдын үстүндө туйлап турган кербенбашы, Исхак жеткенде эле алдын тосуп сөктү: – Ой! Ой, энеси талак! Эмне токтойсуң сен?! Ыя, атаңдын абагайы беле ошол?! У энеси талак...

– Кожоюн, адам баласы экен. Карышкыр жара тартып таштаптыр...

Кербенбашы андан бетер ажылдады:

– Йе, өлгөн бирөө экен! Менин эмне тиешем бар?! Ыя, жара тартмактан башын кемирип жатпайбы, менин ишим эмне?! Мунун боорукерлигин. Ой, бул жерде андай талаанын ити эмес адамдын карышкырлары көп жүрөт. Ыя, эмне, мени ушерде талап кетсин деп турасыңбы, энеси талак?! – деди да, Исхактын артындагы бүрүшкөн абышканы көрө сала: – А бу кимиң? – деп чаңырды. – Ой, дагы кимди салпайтып учкаштырып алгансың сен?! Төөнүн белин үзүп...

– Кожоюн, кары киши экен... – деп мукактанды Исхак.

Андан нары сөз укпай:

– Түшүр, экөбүн тең! – деп буйруду кербенбашы. Карап турабы, күлтүлдөгөн малайлар Исхак менен календер абышканы заматта төөдөн сүйрөп-сүйрөп түшүрүп ташташты да, боз каймалды логлотуп кубалап жөнөп кетишти.

Исхактын жини эми келип:

– Жо, токто! – деп кербенбашынын алкынган көк качырынын тизгинине чап салды. – Мен оор кызматыңды кылып келатам го?! Ташкенге жетүүгө убада болбоду беле?!

Көк качыр тизгинге жеткирбей чимирилип, куйругун чабыга чабынып, кулагын делдеңдетип ээсин ала качты. Кербенбашы камчысын көрсөтүп:

– Кызмат?! Куураган гана селсаяк, мен сени ээн жерде өлтүртүп, тиги карышкырга кошумча жем кылып кетпегениме ыраазы бол! – деген бойдон кайрылбай кетти. Исхак күйүгүп:

– Кел, өлтүрт! – деп, артынан ташкалып чуркады. Кайдан жетсин?! Көк качыр зыпылдап бирпаста чубашкан төөлөргө жашынып кетти.

Ушунун баарына баятан күлүп карап турган календер абышка:

– Кой, таарынба буга, – деди, – көр дүйнөнүн артынан жүргөн көр пенде турбайбы бечара!.. Кудайга сал. Кудай өзү калыс болот...

– А сени-и!.. – деп соолукту Исхак. – Кантейин, алым жок, ку­дайга салам. Алым болсо, аргам болсо барбы, бул дүйнөдө эле, өзүм эле эсептешип алат элем!

Абышка:

– Бул көр пендени ошол көр пенделиги үчүн кечирип кой, углум. Эч качан көңүлүңө кир, жаман ой, кек сактаба. Кир, жаман ой, кек өзүңдү бузат, диниңди карайтат. Кечиримдүү бол, ак бол. Өз көңүлүңө жеңил, өз жаныңа жеңил... – деди да, тиги көр дүйнөнүн артынан жүргөн, адамга жардам кылайын деп ойлобогон, сооп иштебеген көр пендеге таба кылгандай, чубалган кербендин артынан күлө карап, күңгүрөнүп эки тизим ыр айтты.

О, көр пенде, көр пенде,
бала калса мал табар,
катын калса эр табар,
а чымын жаның чыркырап,
кайда барып жай табар?!

Этеги жок, жеңи жок,
эндей көйнөк кийерсиң,
эшиги жок, төрү жок,
ээн үйгө кирерсиң...

О, көр пенде, көр пенде,
ошондо айлаң не болор?!.

Эки жолочу жолун улантты. Абышка:

– Бу да кудайдын буйругу, бизди мына бу тоо арасындагы курама элинин тузу тарткан экен, кайрылып эл кыдырып кетебиз да, углум? – деди эч кам санабай. Исхак көпкө унчуга албады. «Шашып кайда барам?! Ташкенде таятам сагынып отурупбу?!» деп ойлонду, Көңүлүндө макул болду.

Караңгыда бири-бирин жетелеп, кара тутуп, тырп-тырп басышып, тердеп-кургап көпкө жол жүрүштү. Исхак кыйналды. Бүжүрөгөн абышка аны байкап:

– Кайыл бол, баарына, углум, – деп насийкат кылды. – Ке­йигенде не чыгат?! Жакшылыкка билип умтул, жамандыктан билип кач. Жакшылык алдыңдан тосуп чыкса кокустан келген­дей сүйүнбө, жамандык алдыңан бөгөсө кокустан бөгөгөндөй кейибе. Баарына кайыл, баарына таяр бол. Бүгүн жакшылык көрсөң – эртең жамандыгы бар деп бил, бүгүн жамандык көрсөң – эртең жакшылыгы бар деп бил. Бул дүйнө ушундай, жараным, бирде төө мингизет, бирде жөө жүргүзөт...

Эртеси эки календер көп айылга кездешти.

Иттер үрүп чыкты. Четки боз үйдөн кызыл көйнөк жаш зайып эшикке чыгып, «И, дуваналар экен»... – деп өзүнчө күбүрөндү да, эч шашпай толукшуй басып, кызыгып карап, «О кет!» деген болду. Иттер басылып калды.

Эшигине жакындаганда календер абышка муңдуу, салттуу коңур добуш салып, жер кезген адатын өтөп, сайрап кирди:

Кетсе дөөлөт башыңдан,
келмеги кыйын ал кайтып,
өмүр өтөр бир күнү
кызыл өңдү саргайтып,
чырпыгы сынса талыңдан
чынар болбос ал кайтып,
өткөн өмүр – качкан куш,
аттиң ай,
пөпөлөйсүң эмне айтып?!

Толукшуган жаш зайып, ырды тыңшап, мелтиреп жер тиктеп туруп, көңүлүнө бир маани туура келди окшойт, ачкыл жүзү нурданып, алагар көзү кылайып, «туура» дегендей башын ийкеди да, бутуна жалаң кепич салып чыккан экен, багалеги саймалуу сарала шайы ыштандан ак бакайы жалт-жалт этип, өргөөсүнө кайра кирип, бир нан алып чыкты. Исхак нанды алып көлбөөрүгө салды. Календер зайыпка:

– Кем болбо, кызым, кем болбо... – деп, басмырт кобурап зайыпка бата берди.

Чоң өргөөнүн эшигинен көгала сакал, сыпаа адам эки колун бооруна алып:

– О, азирети... Келиңиз, азирети... – деп, үнү каргылданып, кубанып тосуп алды.

Исхактын ичи жылыды. Отоо ээси бутунун учу менен дикилдеп, өзү эшик ачып, кең өргөөнүн төрүнө өзү төшөк жазып, куш жаздык таштап, жетине албай калды. «Өтө жакшы тааныш экен го. Кудай кааласа, жакшылап эс алып, жакшылап тоюнабыз го эми?!.» – деп үй ичин тегерете каранып, көңүлү жайланып отурду.

– Ким элең, жараным? – деп сурап калды календер. Чамгарак ээси этек жакка сыңар тизелей:

– Менин атым Кулбарак, азирети... – деп жооп кылды. – Сизди мындан үч жылы мурун Намангендин базарынан көргөн элем. Мени тааныбайсыз. Көпчүлүктүн ичинде сиздин алтын сөзүңүздү уккан элем. Сизди таанып туруп, таанымаксан болуп алдыңыздан кыя өтө алабызбы, жарыктык?!. Мына, эшик-төрүм, атайын ат жиберип чакырып алалбай турган адам өзүңүз келип калыпсыз биздин элге, мархамат, жай мейман болуп, акыл, насият таштап кетиңиз, эл куту...

– Ниетиңизге ыракмат, жараным... – деди календер баш ийкей.

Эшиктен эки өспүрүм кирип келди. Чоочун кишилерди көрүшүп, алдыңкысы оозу бош, тартынып салам айтып, босогого токтоло калышты. Чамгарак ээси көзү жалжылдап, акырын:

– Кол бергиле атаңарга!.. – деди. Өспүрүмдөр адеп сакташып, саал ийилип, кош кол берип учурашышты. Календер өспүрүм­дөрдүн кабагын тиктеп, ичинен эркелеткендей, жадырап тиктеп, сынап тиктеп:

– А болсун! – деп көңүл билдирди астейдил. – А түзүк, керилген боз жигиттер, а түзүк...

Атасы тиктегенде эле түшүнүшүп, кичиси от жагууга кам уруп, улуусу тышка чыгып, тез эле кыркыла элек багалаң кара козуну жетелеп кирди:

– Ушуга бата берип коюңуз, ата... – деп, наристе үн менен календерге кайрылды.

Козуну союуга уруксат батаны беришти. Чамгарак ээси аны сайын кубанып, азыр меймандардын назары түшүп турган баласы үчүн кубанып:

– Тез, кагылайын! Тез жайгарып келе кал... – деп бакылдап сүйлөдү.

Ал түнү чамгарак ээси отун өчүргөн жок. Кубанып, бир чети мактанып, коңшуларын бүт чакырды. Он эки канат кең өргөө ак сакалдуу карыга, элечектүү зайыпка, кыл муруту кылайган боз жигитке, кызыл-тазыл кыздарга толду.

Календер чарчаганын унутуп, келген элди кыдырата тиктеп, «И, булар эт жегени эле келбегендир?! Сөз укканы келип отурушат го?!» деп, чечилип, те алыстан, жүз катмар асрлардын нары жагынан, ак менен каранын, бар менен жоктун чегинен кеп салды. Сөз кыйышкан жерде бир түрмөк рубаи айтты:

Көңүлүбүз чагылгандын отунан,
көз жашыбыз шоро суудан кошулган,
жүргөнүбүз уюлгуган шамалдан,
көңүлүбүз кызыл жолборс камалган
жуурулушуп боз топурак бир жаңкеп,
жаралганбыз аты улук «адам» деп,
аз болуп ичер суву, көрөр күнү,
көп болуп көр оокаттын тирилиги...

– Э, сөз эмес бекен?! – деп коштоду отургандар. – Мына, адам деген ушул!..

Сөз жалгап, календер байыркы өткөн акылмандардан, муш­таид­дерден маани айтты. «Юсуф ва Зулайха», «Лайли ва Мажнүн» дастанынан үзүп, узак айтты. Тели куш таптап куш кылган, тен­тиген жыйып журт кылган Эр Манастын сынынан айтты. Эч ким ордунан козголбоду.

Эл эртең менен тарады.

Эки жолочу бир аз чырм этип алышкан соң жолго камынышты. Чамгарак ээси зайыбын тиктеди эле, зайыбы жүк бурчуна даярдап турган эки чапанды алып келди. Чамгарак ээси өзү туруп, эки чапанды эки жолочунун ийнине салды:

– Акылман, үйүмө кут киргендей болду, өтө кубанычтамын, эми жаман да болсо жакшыдай көрүп, ушу арзыбаган чүпүрөктү ийинге салып кетиңиз...

– Э, жараным, чапаныңа эмес ак ниетиңе ыраазыбыз, – деди календер.

Очок ээси менен коштошуп, сыртка чыгышты. Эшикте эки өспүрүм эки келишкен атты сагактап, күтүп турушкан экен. Чамгарак ээси:

– Эми, азирети, – деди саал мукактана, – ушу эки кыл куйрук экен, минип кеткиле, Аз да болсо көптөй көрүп...

Эки ат тең токулуу. Камчылары ээрдин кашында илинип турат. Исхак ичинен сүйүндү. «Ох, бутумдун шору арылган экен, кудай!..» – деди ичинен. Календердин жүзүнөн кубануу билинген жок. Ал жакшы адамдын көңүлүн оорутпайын деген ой менен гана башын ийкеди:

– Ниетиңе жараша бол, жараным, ниетиңе жараша бол!.. – деп алкады да, көздөрү балбылдаган боз уландарга карап, алакан жайып: – О, айланайын шумкарларым, жаман атанын артынан ээрчибегиле, жакшы атанын изинен жаңылбагыла, аллау акбар!..

Эки календер аттанып жүрүп кетишти.

...Жол боюндагы кара алачыктан өзүнчө шашып бир улгайган зайып чыга калды. Нары сөгөттүн түбүндө дагы эки алачык үрпөйүп турат. Эки көзү чекчейип, келгендерге таң калгансып, зайып бир пас селдейе калды. Кара алачыктын ичинен ыңылдап онтогон үн угулду.

– Арыбаң!.. – деп салам айтты календер. Зайып эми эсине келгендей эки жагын каранып:

– И... Келгиле... деп калды. – Келгиле... Бул үйдө бейсарамжал болуп...

– Оору барбы?

– Жо-о... оору деле жок... – деп, зайып бирдемени айта албай кыңырылды.

– Бир кырсык болуп атабы?

Зайып эми тез-тез сүйлөп:

– Айланайын, бир бечара кедейдин бүлөсү эле, байы да жок үйүндө, эки күндөн бери толгоо тартып эле... Эси кетип жатат... – деп, шыпшынды ыйламсырагандай болуп. – Же... бирдеме салкынын салып атабы?..

– Байы кайда кетти эле?

Зайып алачык жакка кулак салып:

– Көп эле төрөгөн зайып эле, эмне болду билбейм, кыйналып жатат, – деди да суроого кайдигер жооп кылды: – Көр оокаттын айы эмеспи, айланайындар?! Кургур орокчулук кылып чөлгө кеткен...

Исхактын жүрөгү шуу дей түштү. Заматта көз алдына көк жал карышкыр менен алышып жаткан киши келди. Унчукпай календер аттан түштү.

– Мына, – деди ал, – менин таягымды карматып, өбөктөтүп, өзүң эки колтугунан сүйөп, жардам бериң бечарага.

Зайып календердин аса таягын алып, кара алачыкка кайра ки­рип кетти. Календер алачыкка сүйөнө отуруп, «Ушунча бина кыл­ган соң, кудай өзүң сакта, кудай, өзүң жолун ач!..» – деп, ас­тейдил тилек мунажат кылды. Алачыктын ичинен кыңкыстаган үн угулду. Жанагы зайып, «Ай, Тояна, көзүңдү аччы! Кармачы мы­на бу таякты. Эшигиңе кызырдай киши келип отуру, Тояна, көзүңдү аччы. Чымырканчы, байкушум...» – деп күңкүлдөп жатты. Кыңкыстоо күчөп угулду. «Ии, ошентчи... Өйдө болчу... Кудай дечи, байкушум...» – деп жатты зайып. Кыңкыстоо күчөдү, Исхактын жүрөгү сыйрылды. Калч-калч эткен колу менен курсагы жок ич жагын сыйпай, «И-и-и...» деп, жан таслим кылып жаткан шор­дуунун сыздап онтогону кулагына кайра угулду. Тилин жеңдей салаңдатып, акактап, эки көзү жылдыз курттай жылтырап, тигин­дейректе соксоюп, жылуу канды күтүп отурган жырткыч көзүнө кайра көрүндү. «Ошол шордуунун бүлөсү окшойт ыя?..» – деп Исхак аргасыз ойлонуп отурду.

Көп эле убакыт өттү белем, бир убакта «Ыңаа!..» – деп, жаңы көз­дүн үнү чыкты. Ордуларынан тура калышты. Календер туулуунун шаанисин өтөп кыбыланы карап, эки колу менен эки кулагын кармап:

– Аллау акбар! Аллау акбар, аллау акба-ар!.. – деп кубанып үн салды. – О, дагы бир пенде келди жарыктыкка! О, жараткан, өзүң жарыктыкка чыгарган пендеңе өзүң ырыскы бер, бу ою-кыры көп жериңдин боорунан, жакшы-жаманы көп көр пенделериңдин арасынан отурар жай, көрөр күн, ичер суу бөлүп бер. О, кудурети күчтүү бир кудай!..» – деп, тилек айтты.

Кара алачыктын ичинде туугузган зайып көпкө күймөндү. Жаңы көздүн киндигин кесип, эт көйнөгүн кийгизип, ороп-чулгап бүтүп, анан оозу жалжайып сүйүнүп тышка чыкты:

– Сүйүнчү! Кырк жылкы...

– А болсун! А болсун... – деп, чөнтөгүнүн түбүнөн бир мири күмүш теңге таап сүйүнчүгө берди.

Кара алачыкка киришти. Төрөгөн эне төрүндө төшөк оронуп, оозун жоолук менен таңынып отурган экен. Улуу кишилер киргенде абире кылып, кымтынып калды. Календер оң капшытка отурду. Исхак этегине тизе бүктү.

– Кана, эми, айланайындар, атын бирдеме деп коёлу, – деди туугузган зайып. – Ыя, аты Адаш болсунбу? Эптеп көп ичинде адашып эсен жүрсүн...

Календер башын чайкады:

– Баланын атын тилек менен, үмүт менен коюу лазим. Ойго келгендей коё беришке болбойт. Жакшы коюш керек баланын атын. Көп ичинде эптеп эле күн көрүп, адашып эле жүрбөсүн. Көп ичинен өз жолун таап жүрсүн, өз ордун, өз сыйын таап отур­сун, бактылуу болсун. Мен ушундай тилек кылдым, кызым. Чүрпөңдүн аты Бакбүбү болсун!

– Оозуңузга май, атаке, айтканыңыз келсин, – деди жаңы көз­дүн энеси.

Календер жаңы көздүн бетин ачып, жылмайып, көңүл менен тиктеп:

– Бакбүбү! Э, Бакбүбү! Бакбүбү!..– деп үч жолу чакырып койду.

Кара алачыкта Бакбүбүдөн башка да беш бала отурат. Эң улуусу он экиге чыгып калган уул бала экен. Калганы чачтары сексейген бири-биринен кичине кыз балдар. Энесин тегеректешип, чөөнүн балдарындай чекирейишип, келген кишилерди чоочуркап тиктеп отурушат.

Исхактын көзү уул балада. Оюна карышкыр үзүп-жулкуп жеп жаткан киши түштү. Исхак:

– И, чоң жигит, атың ким? – деп сурады эркелете. Бала мурдун тартып жер тиктеп:

– Байтууган... – деди мыңк эте. Исхак унчукпай башын ийкегиледи. «Жолдон жетим көрүнсө бешенесинен сылай кеткиле...» деп, ыйламсыраган алсыз үн кулагына кайра угулду. Мууну бошоп, тура калып, «Эсил кайран бир боорум!» – деп, өксөп-өкүрүп жибергиси келди. Жүлүнү солкулдап каңырыгы түтөдү.

Каралашкан киндик эне дасторкон жайды. Майга көөлөнгөн талкан, оймо, боорсок кылып жентек койду. Жүгүрүп чыгып, өз алачыгынан меймандарга биртике кымыран да апкелди.

Даамга канагат кылышкан соң, бата берип, календер: – Келчи бери, азамат, – деп уул баланы өзүнө чакырды, бала кыйылып келди эле бешенесинен сылап, эркелетип, камчыны колуна карматты. – Ме, азаматым, эшиктеги ат жаңы көз карындашыңдын көрүндүгү болсун. Минип жүр...

Бала камчыны ала коюп, энеси:

– Өй!.. Кагылайын, атаң тамаша кылса?! – деди эле камчыны леп таштап жиберип, уялып колун бекитти. Календер:

– Э, эмне тамаша кылам, кызым?! Баланы уялтпа. Менин көңүлүмдөн чыкканын алсын. Ме, ала гой, азаматым!

Эки зайып элтейишип, «Кызыр жолугат дечү эле го, ошол кызыр өзүбү?..» – дешип, же кубанарды, же коркорду билишпей отуруп калышты. Киндик эне:

– Ал. Ала гой эми, атаң өзү берип аткан соң... – деп, бала менен абышканы алма-телме таңыркап тиктеп турду. Бала камчыны кайра алды.

– Жакшылыктан үмүт үзбөгүлө. Жакшы үмүт менен, жакшы ниет менен жашагыла. Жакшы үмүт жакшы ниет болбогон жерде күнүмдүк өмүр да, ой-санаа да жайсыз, бапасыз коркунучтуу... – деп календер насихат айтып коштошту. Исхак уул баланын бетинен сүйдү. Ооз ачышка жарабады. Оозу ачылса эле «Эсил кайран бир боорум!» – деп, өксүп өкүрүп жиберчүдөй абалга такалды да, артын карабай кара алачыктан чыгып кетти.

Календер жолго түшүп калган экен. Исхак өз атынын чылбырын кармап, ал эмне кыларын билбей, жетелеп артынан басты. Ал бара түшүп артын бир карады. Эшикте уул бала таңыркап карап турган. Исхак токтоло калды. Бир аз туруп:

– Эй, Байтууган! – деп кыйкырды. Бала чуркап келди. Эки көзү балбылдап, суроолуу карап токтой калды.

– Байтууган, – деди Исхак, – ме, бул атты да ал, атаң аман ке­лип калса «Бир кыяматтык досуң таштап кетти сага» деп берип кой. Уктуңбу?

Бала бир аз кынжылып, ишене албагандай жалжал тиктеп, үндөбөй башын ийкеди.

– Ме, эмесе... – деп Исхак аттын чылбырын балага кармата салып, те узап калган календердин артынан салды. – Кой, мен жолдошумдан калбайын...

Жете келгенде:

– А түзүк... – деп койду календер кайрылбай. – Ала билсең бере да бил деген ушу.

Исхак ушул абышканын көлбөөрүн көтөрүп, эл кыдырып, сөзүн угуп, ысык күндө, суук түндө бирге болуп, кокустан тагдыр жолун кошконуна ыраазы, күн артынан күн өткөнүн билбей абышканын өзүндөй болуп, ач калса ачмын деп кейибей, тоюнса тоюндум деп сүйүнбөй, ошол бойдон кеч күзгө дейре ээрчиди. Ал ушул кичинекей абышканын, адамзааданын чоңдугун, кемдигин алаканына салып, бул дүйнөнүн баасын колундагы буюмдай тегеретип айткан акылынын тереңине чөктү, кеңдигине адашты, бийи­гине башы айланды. Бермет теспедей жылтылдаган рубаилерин, бейттерин, санаттарын, таалим тамсилдерин жаттады. Ушул киши аркылуу ага башка кең дүйнө – акылдын, көрктүн, тазалыктын байманасы ташыган дүйнөсү алдына жайылды. Ушул кишиден Шайх Саади, Кожо Хафиз, Мир Алишер, Кул кожо-акмат Ясавий аттарын укту. Нечен катмар асрлар мурун алардын оозунан түшкөн асыл маани сөздөрдү ушул киши аркылуу кайра оозуна салып, бал шимүүр шимиген бала сыяктуу ширесине канды.

Бул адам эл ичинде тааныбаган, байкабаган, тааныган алдынан көлдөлөң өтө албаган, анын өз атын айтуу күнөө деп, «Азирети календер капыз!» – деп, колдорун бооруна алып урмат кылган, ыйык саналган, оозунан чыкканы, кагазга жазганы элден элге ылакап болуп кеткен акын адам болучу.

Исхак кеч күздө кийими жыртылып, таманы туурулуп, бирок ар кандай ишке акыл бийигинен карап, акыл кеңдигинен сынап, каны коюлуп, ой токтотуп, мүнөз токтотуп, карып Ташкенге келди.

Ошол адам бир кездеги селсаяк жигитти унутпай, анын азыркы акыбалын иликтеп, издеп келип отурганы Исхактын жүрөгүндөгү урматын аны сайын арттырды. Өз атасы чала улама Асандын кыжылдаганына көңүлү чөгүп отурган чагында келип, колтуктан сүйөгөндөй кубат болду.

Жаңы ордонун жакшылары бүт келди. Исхактын дасторкону да пейилине жараша берекелүү болду. Адеби менен даам татып оту­рушуп, улуу-кичүү бирдей оозун тиктеп, аты, жүрүмү бүт элге даңаза болгон акылмандын кебин угушту. Субхат тереңдеп, эл­дин, өлкөнүн аз жыргал, көп кууралы, келечеги кеп болуп, ор­того ташталды.

– Э, жакшылар, адамдын баскан жолу келечегине сабак, таалим. Түзү үлгү, кыңыры эскертүү... – деп акылман байыркыдан маани айтты. – Илгери Индостанда Бабыр тукумунан Акбар деген акылман султан өткөн. Ол кезекте Индостанда дини башка, тили, түрү башка көп тайпа эл жашаган. Өлкө атасы Султанга өлкөнү бүтүн, элди бирге тутуу зарылдыгы чыккан экен. Ошондо акылман Акбар эң оболу ар динден бирден улама чогултуп, аларга кудай бирөө экени, Муса, Иса, Мухаммад пайгамбар кас эмес экени, пенделердин милдети, адеби, ахлагы жөнүндө маани талаштырган, кимисиники жөндүү болсо, ийкемдүү болсо, адамзаадага пайдалуу болсо ошону моюнга алууга милдеттендирген. Өзү ар элден бирден зайып алган, балдарын үйлөгөн, бирок өзү астейдил мусулман боло туруп, ал зайыптарды өз динине, өз адатына калтырган, мусулман бол деп кыстаган эмес. Будпарастардын табынган үйүн, испарастардын сыйынган үйүн, мусулмандын мечитин жанаша салдырган. Бирин бирине үйүр алыштырган. Мына ушинтип, акылман султан Акбар чар урук, чар диндүү Индостанды бирге кармаган, эл ичин тынч, өлкөнү улуу мамлекет кылып, келечегин кеңиткен!

Отурган эл дуу-дуу болуп, баштарын ийкеп, мактап калышты:

– О-о!..

– Зап акыл тапкан экен!

– Таппаса Индостанга султан болобу?!

– Шайтандын канаты бу! – деп катуу айтып жиберди бирөө. Исхак жалт карады. Өз атасы молдо Асан экен. Элдин баары аны карап калышты. Эч ким аны кой дей алган жок. Кай бирөө жымырылып Исхакты тиктей берди. Исхак кыпкызыл болуп, жини келип, «Тарт тилиңди!!» деп кыйкырып жибере тургандай октоло бергенде, календер муңайым үн менен:

– Майли, залалы жок, майли... – деп, үрпөйгөн элди тынчтандырды. Молдо Асан калчылдап, эки көзүнүн кычыктары жылтылдап, энтиге сүйлөдү:

– Шариятка сыйбаган кепти уруп отурат бу! Илгерки кайридин өткөн адамдардын таалимин мактап отурат бу! Э, мусулмандар, качан будкана менен ыйык мечит жанаша болучу эле?! Ыя, качан мусулман баласы дини башка катын менен бир төшөктө жатчу эле! Ушул шариятка сыйган кеп болобу?!

Календер эч ыза болбой, жай отуруп, бир тамсил айтты:

– Илгери бир оронун түбүндө жаткан курбака менен бир бүркүт ашына болуп калган экен. Бүркүт көктү жарып чабыттап жүрүп, бир күнү курбака ашынасына кайрылып, оронун жээгине конуптур. Оронун караңгы, сыз түбүн эңкейип карайт. Курбака «Э, бүркүт ашына, кайларда убара болуп жүрдүң?» – деп сурайт. «О, булуттардан нары чыктым, кең ааламды кыдырдым, күнгө жакын бардым, айды бир айланып келдим!» – деп шаңшыйт бүркүт. «Э, мен муну сынайынчы!» – деп ойлонот курбака, суроо берет: «А түзүк, күнгө жакын барсаң, айды бир айланып келсең, күн канчоо экен?». «Күн бирөө» – дейт бүркүт. Курбака «Ай канчоо экен?» деп сурайт. «Ай бирөө» – дейт бүркүт. «И, так айтты, көргөнү чын экен» – деп ойлонот да курбака: «А жылдыз канчоо экен?» деп сурайт. Бүркүт ашынасына чынын айтат: «Эсептей албадым. Өтө көп экен!» – дейт. Ошондо курбака көпкө бакырып, шылдыңдап: «Уа-а! Жалганчы! Алдамчы! Уа-а... Жылдыз бирөө эле! Уа-а!» – деп күлүптүр. Кыраан бүркүт бир шаңшып: «Жаткан жериң оронун түбү болсо, сага эки жылдыз көрүнмөк беле?» – деп, кайра көккө атылып чыгып кеткен экен...

Отурган эл баары дуу күлүп жиберишти.

Молдо Асан тиртеңдеп, жакасын сыга карманып, өзүнчө күбүрөп тообасын келтирип, ордунан туруп, этегин кагынып чыгып кетти.

Ширин субхат бузулган жок. Дагы тереңдеп, бир заманда эл баккан акылман, жоо тоскон баатыр, алардын иши, кайгысы, кубанычы мисал болуп, өрнөк айтылды.

Календер акылман ошол кездеги адабий түрки менен Исхакка арнап касыйда айтты:

Кулак туткул, журт эгеси, о өкүмдар,
бейбападур жыргалың, күткөн бактың,
көргөн күнүң тынымсыз аккан дария,
дария көбүкдур минген тактың...

Жаңы ордонун жакшылары мыдыр этишпей отурушту. Мындайды башта көрбөгөн Бекназар таң болду. Исхак иреңи кубарып, айтканы желдей тараган акылмандын оозунан эмне чыгып кетер экен деп, сабырсызданып, тунжурап, бет алдын былк этпей караган бойдон, жүрөгү балкылдап, ойго батты.

Бечарага сакават бер, жоомарт болгул,
ырайым чач калкыңа күндөй жаркын,
бул дүйнөдө үзүлбөгөн калк өмүрү,
калк оозунда даңаза атың калсын.
Көктө күйгөн жылдыз тариз шам чырак,
көл түбүнөн бермет болуп жылтырап...

– Бали! Бали! – деп жиберишти баары. – Өөн жок! Сөзүңүздө кылдай кыңыры жок, азирети...

Дуу-дуу коштошту. Исхактын иреңи албырып кетти. Ал акырын эңкейип, акылман капыздын этегине тооп кылды.

– Азирети, – деди ал субхат акырында, бир аз үнү калтырай, сабыркай, – бизди чала уламаларга кор кылбай, бизди башы жок балапан, көзү жок көгөн окшотпой, ата болуңуз. Кемибизди толтуруп, ийрибизди түзөтүп, басар жолубузга шам чырак болуп, акыл берип, насыйкат берип, азирети... ордодо калыңыз...

Календер капыз өкүнгөндөй башын ийкеди. Чарчаңкы үн салды:

– Өкүмдардын сураганы буйрук кылганы. Майли, турайын ордоңдо, бирак башыңа жүк болом го, ашыңа жүк болом го, эмне пайдам тиймекчи, эмне акыл, эмне насыйкат бере алмакчымын, келгендеги оюмду, билген акылымды айттым.

Бул бир сөздүү адам. Муну келберсиген хоразмшак, бухаранын амири, алардын сөөлөтү ашынган ордолору, шаан-шөкөтү токтото албаган. Бул адамдын илхамы, кубанычы, күйгөндө акыл айтары, алдына ыйлап берери букара элдин ичи. Исхак көшөрүп суроого батына албады.

Календер акылман дүйнөнүн кызыгынан, көйкөйүнөн кечкен, эркин жүрүп, ээн басып, өз ою, өз дили менен жекеме-жеке сүйлөшүп кеткен киши. Ал көрсөткөн сыйына эмес, кийгизген алтын саймалуу сарпайына эмес, чөнтөгүнө салып берген көр дүйнөсүнө эмес, Исхактын сылыктыгына, ак ниетине ыраазы болуп, ыракматын жашырбай айтып, эртеси коштошту.

– Бизди унутпаңыз, азирети... – дегенге араң жарады Исхак. Таазим кылган бойдон башын көтөрбөй, ойго батып калып калды.

Ошол күнү базар күнү эле. Календер аса таягын тык-тык уруп, жай сенделе басып, өзүнчө басмырт күңкүлдөп, базарга чыгып кетти.

Өзүнчө күңгүрөнүп, өзү менен өзү сүйлөшүп, ыйлай тургандай эки көзү тунарыңкы жашылданып, алдынан жүдөө бирөө көрүнсө чөнтөгүндөгү Исхактын ысмы бар алтын теңгелерден бирден ыргытып берип коюп, алардын кубанганына да, таңыркаганына да, алкаганына да кайрылбай, көңүл бөлбөй, бир баскан жерин үч басып, чоң базарды аралап жүрдү.

Бул дүйнөдө не карып –
ак талалы бөз карып,
айтылбаган сөз карып,
өз курбалы калбаган
өтө кары тез карып,
жеңеси сырдаш болбогон
кара далы кыз карып...

– Бали, акылман! – деп, тааныгандар ээрчиди. Кай жерге барса ошол жерде сатарманы да, аларманы да жардап карайт. Те нары жакта зыкым соодагер итирейип карап: «Дагы бизди соодадан какмай болду а бу дувана?!» – деп, кыжыры келип, күңкүлдөп отурду.

Календер базарды бир айланып чыгып, анан чоң дарбазаны көздөй жөнөдү. Эл жарылып жол берди. Ал дарбазанын түбүндө кайыр сурап отурган жалаңач мунжуга жанагы Исхак жапкан алтын сайма тонун чечип жаап, мунжу этегине жабышып өпкөнүнө кайрылбай шаарга чыгып кетти. Жолдун оңундагы бир чайканага барып, чөнтөгүнүн түбүндө калган эки теңгенин бирине бир нан, бир чайнек чай алып, унчукпай отуруп өзөк жалгады да, ошого каниет кылып, ошого топук кылып, кайра тышка чыкты.

Ал өзү менен өзү сүйлөшүп, өзү сырдашып, өзүнө өзү жооп берип, кара жолго түштү.

Бул дүйнөдө неде арман –
төрт түлүк жайнап толбогон
кеңирсиген төрдө арман,
ак куу келип конбогон
айдың чалкар көлдө арман,
улугу ойчул болбогон
убара тарткан элде арман...

Кеч күүгүмдө артынан жете барган жүк тарткан кашкарлыктын салт эшегине минип, киресине чөнтөгүнүн түбүндө калган жалгыз алтын теңгени берип, календер акылман тоо багытына карай жүрүп кетти...