кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Алтынчы бөлүм

III

Исхак акылдуу тандап жанына ордо кишилерин курады. Курама Абдымомун бек катчы наиби, кыдыршаа Сулайман удайчы казына башчысы, адигине Өмөр бек датка парваначысы, өз уругу бостондон молдо Муса ынагы, кутлук-сейит Момун эшик агасы болду. Өзгөчө ишенимдүү Абдылла бек Кокон шаарына бек болду. Кыпчак Уали, саруу Бекназар кошундун эки канатына аскербашы болушту. Жалындаган жаш өзүбек Эшматка ордону кайтарган сарбаздардын караулбашы милдети тагылды.

Кокондун ич ара кымкуутунан пайдаланып, Каратегин вилаети өз алдынча болуп, беги Райым-шаа өз агасы Музафар-шааны кууп салып, бийликти тартып алган эле. Музафар-шаа Коконго качып келген. Балакатка жеткен сулуу кызы бар экен, ордо жакшылары аны Исхакка нике кыйышты. Ошентип качкын Музафаршаа да Исхактын ордосуна өтө таасирдүү адам болуп кошулду.

Жаңы өкүмдар хан тукумунун атын жамынбай эле «Исхак-хан» деп өз ысмына мөөр ойдурду. Биринчи күндөн баштап, эски ордонун бектерин куугунтукка алып, колго тийген ханзаадаларды эч аябай көзүн жоюуга киришти.

Бир күнү:

– Өкүмдар, ханзаада агаңыз кармалды.

– И, кимиси?

Султанмурат бек бахадур! Сизге беткат да, азирети Сагибзаада кожонун ашканасына бекинип калган экен, ошол мааленин эли бутунан сүйрөп чыгышыптыр, капа болбойсузбу, өкүмдар, кантсе да агаңыз?..

– Хи, агам эмей?! Капа болбой анан! Кайда?

Ушул сүйлөшүүдөн соң Султанмурат бекти Исхактын алдына түртүп киргизишти.

Султанмурат бектин иреңи купкуу, көлтөйгөн боюн кайда жашырарын билбей эби жок бүжүрөп, боору титиреп, кызарып эти өсүп кеткен көзүн үлдүрөтүп, ичинен тынымсыз келме келтирип, босогону араң аттады.

Төрдө эки киши отурган экен. Султанмурат бек какалып акырын салам айтты. Тигилер алик алышып, орундарынан тура ызат көрсөтүп калышты. Султанмурат бек жал-жал тиктеди. Бири иреңинде саал чаары бар, узун бойлуу, каңгаал, бүркүт кабак киши. Ал азыраак кара сакалы бар эрдин бек кымтып, көзүнөн от жанып, тешип тиктеди. Бири орто бойлуу, буудай өң, мурду саал кочкор тумшуктанган, өңдөгөн теридей сыпаа чалыш киши. Бир ууртун тартып, көзү күлүп, мыскылдап турат. «Кимиси экен?» деген ой кылт этти.

– Келиңиз, аваке... – деп, иреңинде саал чаары бары каршы алды. – Төргө чыгыңыз...

Кол алышып көрүшүштү. Иреңинде чаары бар кишинин сол жагынан орун алды. «Ушул!..» деп, Султанмурат бектин жүрөгү солк этти. Экөбү эки жактан имерип тиктешти. Султанмурат өзүнөн өзү кичинерип, «маймыл көргөнсүп тиктешет да?..» деп, дили ыза болду. Айласы канча? Ого бетер салбырап, нымшып кетти.

– Кандай, саксаламат жүрөсүзбү, аваке?

Султанмурат бек мукактанып, башын ийкегиледи. «Шүгүр...» деген сөз оозунан араң чыкты. Тигилердин көздөрү чекесине кадалып турат. Сезди. Өйдө карай албады.

– Кенен отура бериңиз! Өз үйүңүз, өлөң төшөгүңүз. Же... менин Алим-хандын авладинен экениме али ишене албай...

Султанмурат бектин эти дүркүрөп кетти. Мурдун быш-быш тартып, аргасыз копшолуп, «Жо...» деп, жарым ооз үнү кыңырылды. Берки сыпаа жигит:

– Самаркандын дуванасы кайда? – деп суроо кошту. Султанмурат бектин өлөр жерине тийди. Суроо дагы жаңырды:

– Сиз өзүңүз, ханзаада, колунан жетелеп, элге көргөзүп жүрдүңүз го?

Султанмурат бек мурдун тарта албай калды. «Өлөт деген ушубу? Өлөт деген ушубу?..» деп, башына да, тилине да эчтеме кирбей, кар-кар тери кетти. Бууну бошоду. Тиктеп отуруп, кейигендей, табалагандай башын ийкей:

– Мейли, билбеген адам уу ичет, эми айтыңызчы, аваке, Алимхандын авлади кимибиз? – деди бүркүт кабагы. – Сиз билесиз, ачык айтып бериңизчи, мына бу Абдылла бек «Сен эмессиң» деп, мага ишенбей жатат го?..

Бирин бири жымыйып тиктешип коюшту. Султанмурат бек тигинин этегине тооп кылып:

– Э, менде эмне күнөө?!. Кыл дегенин кылдым да!.. Айт дегенин айттым да!.. – деп калтырап, бүк түштү. – Сиз экенсиз Алим-хандын чын авлади! Сиз экенсиз элдин эгеси... Жан соога!.. Кызмат көрсөтөйүн. Отуңуз менен кирип, күлүңүз менен чыгайын.

– Өйдө болуңуз, – деди Исхак эки колдоп акырегинен сүйөй, – о жарыктык, сиздин жаныңызга кастык ойлогон ким?! Өйдө болуңуз.

Дасторкон келди.

Эми жанынан үмүт кылып, иреңине кызылы чыгып, делбиреп калган Султанмурат бекке Исхак серп таштады:

– Мага караганда сизге көбүрөөк белгилүү, аваке, азрети Ку­даяр өз элин жоодой аңдыды, кек куушуп, өлкөнүн таркин кетирди, эң акыры эмне кылды, акпашага алдатып жиберди.

Султанмурат бек кошомат уруп, башын ийкегиледи.

– Эл үчүн, өлкө үчүн төрт жылы бел чечпей кармашып келдик. Мына, ордо, эки тизгин бир чылбыр колубузга өттү. Эми эмне кылабыз? Толо аяк ашын, аргымак атынын терин, азамат уулдарынын канын аябай, бизди туу кылып көтөргөн каралай көз элге эмне жыргал бере алабыз? Канткенде эл көңүлү ыраазы болот? Сиз экөбүз, ушуну ойлонушубуз зарыл...

Бул сөздү угуп отуруп, Султанмурат бек «Ыя?.. чын эле кайран бахадур Алим-хандын абладиби?.. Ал эмес дегендер ортодогу кутумдар окшойт го?..» деп, башы кеңгиреп, кече күнкү өзүнө азыр ишенбей, же бу сөздүн жүйөсүнө ишенбей коё албай, ою эки анжы болду. Көз алдына фон Кауфман, Атакул баатырбашы келди. Азыр жанында болсо: «Мына буга окшогондор бузуп жүрөт ортону!» деп, көрсөтө берет эле, кармап берет эле. Жүрөгү дүкүлдөдү. Кыялында баатырбашы аны беттен алып: «А сизчи?! Жарым пашанын алдында, көп элдин алдында (?) сиз эмне дедиңиз эле?!» деп, шилекейин чачыратып сөгүп коё берди. Султанмурат бек шалдырады. Абтабачы жигит сунган чайды чала кармап, колуна жаба төгүп алды. Исхактын «А... зыяны жок...» деген жумшак үнүн укту. «Ырыскым түгөнүп баратабы?..» деп, жаман жоруп, ичи сыйрылды. Ал Исхактын «кеңешкен» сөзүн унутуп калды.

Абдылла бек мыйыгынан күлүп отурду. Исхактын иреңи сур тартты. «Хи, мына Миң тукуму... Эки сөздүн башын бириктире албайт. Өлүмдү тике карап туруп бере албайт. Дүнүйөгө устун болгусу келеби, ыя, булардын?! Бир кишиге пайдасы тийбеген кырс, тытынган ач көз, уялаш иттей да ынтымак күтө алышпайт. Ушуларбы өлкөнүн туткасы, ушуларбы көп жылдар бою элдин табынган кожолору?!» – деп таң калып отурду.

Султанмурат бек терин жеңи менен аарчыды.

Исхак:

– Эс аласызбы, ава? – деди суз. – Бул дүйнөнүн көйүнөн чарча­дыңызбы?..

Көлтөйгөн Султанмурат бек мурдун тартты. Же баш ийкерин, же баш чайкарын билбей, кирпиги араң ирмелип кыңырылды. Эшик ага Момун тура келип, ага кымкап тон жапты.

– Ийиниңиз кубанып чыксын, бек ага... деди Исхак, бир ууртун тартып жымыйып, суук тиктеп. Султанмурат бек аны байкаган жок, жетине албай, каңырыгы түтөп:

– Ыракмат... Бул дүйнөнүн жыргалын көр... деп, андан нары эмне кыларын, эмне дерин билбей, «Ичер суум бар окшойт?!» деп, тирүү калышына ишеним сызылып келип, эти ысып кетти.

Исхак башын чайкады: «Тигини! Жыргалдан башка самаары, тилери жок булардын?! Карачы, өкүмдар болуу өз жыргалын көздөө деп билишет!» деп иреңи түктөйдү.

Султанмурат бек ордунан кубанып турду. Улам-улам таазим кылып коштошуп, ушул жерден чыкканча шашып, күдүңдөп жөнөп калды. Эрдин бек кымтып, мелтейип тиктеп, Исхак башын ийкеди:

– Узатып койгула...

Бул өлүмгө кыйган буйрук болучу. «Күндүн көзүн көргөн суукка тоңбойт, хандын көзүн көргөн арам өлбөйт» дечү эле го? Абдылла бек кыя тиктеп калды. Исхак:

– Чириген жыгач, – деп, колунун учун терс шилтеп койду, – устун болбойт, отунга да жарабайт...

Султанмурат бек эртеси күнкү таңды көргөн жок.

Атакул баатырбашы колго түштү.

Эшикке келгенде Атакул баатырбашы мууну титиреп, муздак тер кетип, бирок кирбеске айласы жок, босогодон араң аттады. Мурдагы үзөңгү жолдоштор көп го, ошолордун көзүнчө теримди тескери сыйрытат го деп ойлоду. Исхак өзү жалгыз экен. Күтүп отурган сыяктуу.

Атакул:

– Ассалому алейкум... – деп, үнү каргылданып араң салам айтты.

Исхак кашын көтөрүп тиктеп калды. Чаар иреңи бир кур сурданып, эрди бек кымтылып, көзү кайнап, атылып тура кала тургандай октолду. Атакул өзүнөн өзү кичинерип, аны сайын куту учуп, же жүгүрүп барып этегине жыгыларын, же кайрат кылып өз боюн түз тутарын билбей эсинен танып салбырады.

– И, Маргалаңдын беги! Кел, кел... – деди Исхак. Үнүнөн кекээр угулду. Атакул энтигип кетти. «Таксыр... Таксыр...» деди ою алдастай. Бирок, алдастаганы оозунан чыккан жок, эриндери алсыз кыбырады. Исхак колунун учун акырын жаңсап, отур дегендей ишара кылды. Атакул леп чөк түшүп, шалдырап тагдырына баш салды.

Аны алып кирген Бекназар арттан келип карап турду.

Исхак салбыраган Атакулду имерип тиктей отуруп, өзүнчө кайгырып, өзүнчө ийкегиледи. Атакул башын көтөрө албады.

– Мени Абдырахмандын удайчылары кармаганда сен жанымда белең, Атакул? – деп сурады Исхак. Атакул былк эткен жок. Исхак атайын чукулады:

– Нары карап кеттиңби ошондо? Далыңды эле бир көрүп калдым эле!

Атакул салбырап башын ийкеди. Ушүндан соң Исхактын каны кызып, ушу азыр Атакулду тирилей жечүдөй ызырынып, өзүн токтото албай, калчылдап обдулду:

– Чыккынчы! Канча төлөдү Абдырахман сага? Саткын! – деп чаңырды, ордунан тура калып, Атакулдун артына өтүп тооруп басты. – Өзүң айт! Кана, өзүң айтчы, кызыталак, туз урган, сени саткын дебей эмне дейм? Саткын эмей, чыккынчы эмей эмнесиң?!

Атакул улам эти дүр-р этип, биртке чыйралып, күнөөнү моюндап, ажалын да моюндап, башын ийкей отуруп:

– Шайтан азгырып... Кудай уруп... – деп жан аргасы айтты.

Исхак ого бетер чарт жарылып кетти:

– Сен мансапкор, оңой мансап таап кеткиң келген! Миң тукумунан ыракмат алып, дөөлөт алып кеткиң келген!

Атакул кут эте албады. Исхак кайра ордуна барып, демиккени басылбай, өкүнүч, ой толгоо басып отуруп калды. Бир убакта соолугуп:

– Кана, эми жазаңды өзүң айт... – деди ал. Эмне дейт? Атакулдун дени өлүп кетти.

– И?..

Атакул акырын башын көтөрүп, телмирип тиктеп, акырын кайра жер тиктеди:

– Өлүм...

Исхак шалдырап отуруп калды. Бекназар да унчукпады. А Атакул ичтен чыйралып, акылына келип, эшикке түртүп чыгарууну гана күттү. Тиктеген жок, жансоога сураган жок. Исхак шалдырап отуруп:

– О, атаңдын көрү, көп жолду бирге бастык эле, көп сууну бирге кечтик эле, теңтуш элек, тилектеш элек... деди ачык муңкана, – сени өлүмгө берүү ушу бизге жеңилби?.. Бирак, сен чыккынчысың, сага өлүм...

Өлүмдүн актыгын эми мойнуна алып, андан кутулбасына көзү жетип калган Атакул селт этпеди.

Исхак:

– Кечире албайбыз! Өзүң бетиңе жугузган кара тагыңды өзүң гана жууйсуң, Атакул...

Атакул бир ууртун тартып, кайгылуу жылмайды. «Кара тагымды кызыл каным менен жууйм го?» деген ой жүрөгүн сыдырып өттү. Исхак иреңин тиктеп, иреңинен ичин аңтарып отурду.

– Уктуңбу, Атакул? Өзүң бетиңе жугузган кара тагыңды өзүң жууйсуң. Ак кызматың менен жууйсуң!

Атакул селт карады. Исхак жүзү муздак мелтейип, дагы бир сыр чыгарып, эки көзү тереңдеп жылтылдап турган экен. Кайсынысына ишенерин билбей, оозун жарым ачкан бойдон нестейип туруп калды Атакул. Исхак башын ийкеди:

– Эми адал ниетиң, ак кызматың менен...

Атакул эми шалдырады. Бир кездеги үзөңгү кагышып бирге жүргөн кездери эсине түшүп, көңүлү агарып, бала сыяктуу каңырыгы түтөдү.

– Исхак! Айт ачыгын, кандай кызматым менен жууймун? – деди ал обдула. Исхак анын көзүн тиктеди:

– Ачыгын айтайынбы?

– Айт, ачыгын айт...

Исхак:

-Сени Маргаланга жарым паша бек койгон а?

Атакул башын ийкеди:

– Мейли, Маргаланга бек бойдон кал, – деди Исхак сынай тиктей, – эми ошол ашналыкты, ошол алаканы улантасың, жакшыртасың...

Атакул жутунуп алды.

– Ишенип кой. Жарымпаша менен биздин ортобузга жүрүп бер. Ушуга жарасаң, кара тагыңды жууганың гана эмес, өз элиңе, өз өлкөңө теңдешсиз кызмат көрсөткөнүң болот. Уктуңбу?

– Уктум, таксыр! – деп жиберди Атакул. Исхак тирмейип тик­теп, имерип тиктеп токтоло калды. Мунун чыны экенин, же мазагы экенин ажырата албай, Атакул кайра шалдырады.

– Кокус, батырбашы, колдон чыгып кеттим деп...

– Каным менен! Анда каным менен... – деп жиберди Атакул. Исхак кумсарып тиктеп, башын ийкеди:

– Жакшылап ойлон, жаныңа бизден киши албайсың, өзүң барасың, өзүңдүн сөзүң кылып айтасың. Биз орус менен урушпайбыз, муну сен жакшы билесиң. Чатагыбыз ордо эле, мына ордо бизге өттү. Эми биз менен сүйлөшсүн жарымпаша. Өлкөнүн ээси биз. Сенин вазийфаң ушул, батырбашы, биз менен алакага, ымга келүүгө ийгер. Өлгөнү үчүн алым төлөйлү, колго түшкөн орустардын бир тал чачына зыян кылбай кайра өткөрүп берели. Өзүң баштап алып бар, мына ошону, өзүңдүн Маргаландагы бектигиң жарымпашанын сөзү эки болбой али сакталып турганын, уктуңбу, батырбашы, күбө кыл...

– Исхак, – деди Атакул шалдырай, – өнбөс доого жумшадың...

* * *

Эки сарбаз ортого алып, туткун унтер-офицерди айдап келатты. Эл жардап карашат. Бири «каапырдын жүзүн көрбөй өлөйүн» деп, тескери бурулуп туруп калып жатты. Бири мойнун созуп жүткүнүп «Өй, орус деле адамга окшош турбайбы?» дегендей, кызыгып карап жатты.

Туткун иреңи купкуу, тагдырына көнгөн, чарчаңкы кадам шилтейт, эки жакты карабайт, эчтемеге кызыкпайт.

Кызыл кымкап тон кийген, башына чымкый көк селде оронгон, бөдөнөнүн куйругундай чукчуйган, ак сакалдуу кишинин алдына алып келишти. «Пулатхан өзү окшойт» деп ойлоду унтер-офицер кадала тиктеп. Тиги көзүнүн кыйыгын салды. Колунда ак пияла. Эрмектеп чай ууртап отурган эле. Этегирек килемдин четинде иреңи жездей, мурду чоң сары киши отурду. Унтер-офицердин жүрөгү солк эте түштү. «Оруспу?» деген ой кетти. Жылуу тиктеп, ага сөөлөттүү адам жай ооз кыбыратып бирдеме деди. Орус иреңденген:

– Ысмың ким дейт, – деп которду. «Каргыш тийген крешин...» деди унтер-офицер ичинен, – пайдасы болсо шайтанга да кызмат кылып кете бересиң!.. Тилмеч суроону кайталады. Унтер-офицер:

Данил... – деди жай. Тигилер бирдеме деп, өзүлөрүнчө кобурашып калышты.

Жолдо араба сынып, аны оңдоп кете коём деп, Данил отряддан калып калган эле. Эч ким көрүнгөн эмес. Эми арабаны оңдоп жөнөгөндө алды-артынан көп караан чыкты. Жай эл өңдүү, куралдары жок болучу. Жакын келгенде кыжылдап кыйкырып калышты. «Жарымпаша!», «Жарымпаша!» деген сөздөрдү ажыратты Данил. «Тапкан экен жарымпашаны?!» деп күлүп койду ал. Чукул келип он чакты адам чап салып киришти. Данил ок чыгарды. Бир киши бакырып жыгылды. Ошондо туштуштан ызылдап кыйкырышып, ок тийгенине, өлгөнүнө карабай жабылып, акыры аны арабадан сүйрөп түшүрүштү. Ошол жерден өзүлөрү өлтүрүп жибериштен коркушту окшойт, көпкө кажылдашкан соң, колу-бутун байлап, өзүнүн арабасына салып Маргаланга апкелип беришти. «Ок чыгарбасам да болот беле?» деп, өкүнүп отурду.

Сөөлөттүү адам огобетер жүзү жылуу тартып, башын ийкей отуруп Данилге көп бирдемелерди айтты. Данил тилмечти карады. Тилмеч:

– Бул адам улуу наиб, баатыр Пулат-хандын жакын адамы, катчысы, – деп баштады, бирдемеге көндүрчүдөй ийкем менен, – айтканы айткан болот, өлкөнүн Пулат-хандан кийинки экинчи адамы атактуу Абдымомун бек...

Данил таңыркап тиктеди. «Хан өзү эмес турбайбы» деп, көңүлү толбоду. Бу каргыш тийген бунтчулардын башчысынын мүйүзүн көрмөк эле. Тилмеч күңкүлдөп сүйлөдү:

– Данил, карагым, улуу наиб сени мусулман динине кирсин дейт... Данил селт карады. Тилмеч башын ийкеди:

– Мусулман динине кирсин дейт. Динге кирсе, жаны калат, жаны түгүл үстүнө үй, астына ат кылып берем дейт, сулуу кыз тандап үйлөнтөм дейт, өзүмө бала этем дейт...

Данил башын чайкады. Тиги сөөлөттүү адамдын жүзүндөгү ырайым бир паста жок болуп, куду ыркырап турган илбирс өңдөнүп, кичинекей сары көзү ойноп, Данилге кадалды. Үмүтү алдап, дагы күтүп, унчукпай турду.

– Эсиңе кел, Данил, – деди тилмеч түшүндүрүп, – бөөдө өлүп алганда эмне чыкты?! Ойлон. Ойлонуп туруп жооп бер, Данил...

– Эмнени ойлоноюн, – деди Данил иреңи кубарып, эрегише кашкөйлөнүп, – энем тууп, кайсы динге чокундурган болсо, мен ошол динимде өлөм!

Тилмеч:

– Энең чокундурган динимде калам деп өлгөндөн көрө, алдыңда турган мусулман динине кирип, тирүү калган жаманбы? Үстүңө үй, алдыңа ат, сулуу кыз...

Данил тилмечти кагып салды:

– Сага бердим аларды! Көр дүйнөнү сен ал.

Тилмеч сүйлөй албай калды. Сөөлөттүү адам андан бирдеме деп сурады. Тилмеч бир гана ооз сөз айтты. Сыягы «көнбөйт» деди окшойт. Сөөлөттүү адам ордунан атып туруп чаңк этип кыйкырды. Нары жактан кызыл кийим кийген сарбаз жүгүрүп келип эки колун бооруна алды. Эки-үч сөз ыргытты. Сарбаз кайра чуркады.

– Бекер кылдың, Данил... – деди тилмеч башын чайкап. – Бекер кылдың. Диндин эмне кереги бар сага? Жаныңды сактабай...

– Сен сакта жаныңды. Дүнүйөгө устун болосуң! – деп кер сүйлөдү Данил.

Сөөлөттүү адам дагы бирдеме деп чарк этти. Эки сарбаз Данилди түртүп ордунан тургузуп, коргондон сыртка айдап жөнөштү.

Эки колун артына байлап, дубалдын түбүнө жалгыз коюп коюшту. Аңгыча жыйырма чакты сарбаз чубап келди. Баарынын колунда милтелүү мылтык. Онбашы сарбаздын айтуусу боюнча мылтыктарынын милтесине чакмак менен от коё башташты. «Өлтүрүшөт экен...» деп ойлоду Данил. Ыргылжың ойлор башын каңгытты. «Эки өлбөйсүң, бир өлүмдөн качып кутулбайсың!» деп акыл токтотту.

Кыйла убакыттан соң жайма-жай көйкөлө басып, жанагы сөө­лөт­түү адам келди. Жанында дагы эки кымкап тондуу жүрөт. Ал келип, кобурап беркилерге сөз айтты. Беркилер баштарын чайкап, Данилди чекчейип тиктешип, кабактары жаман, наалат айтып жаткандай болушту. Сөөлөттүү адам тилмечке бирдеме буйруду.

– Данил, – деди тилмеч өкүнүчтүү, – айтканына көнсөңчү кургур...

Данил башын чайкады. Тигилер дуу этишип, нааразы үн салышты. Тилмеч дагы:

– Эң акыркы жолу сунуш кылды. Данил, же азыр өлтүрүлөсүң...

Данил башын өйдө көтөрүп, эргип кыйкырды:

– Уктуңарбы, мыкаачылар! Уктуңарбы, мен энем тууп, кайсы динге чокундурган болсо, ошол динимде өлөм, уктуңарбы, каргыш тийгирлер?! – деп оштонду.

Сөөлөттүү адам тири жегидей болуп, тирмейип тиктеп, анан бирдеме деп акырын сүйлөдү да, колун кескин шилтеп буйрук кылгандай болду.

Сарбаздар баары тегиз шыкаалап калышты. Онбашы сарбаз чаңк этти. Анын ачуу үнү менен кошо дүңгүр этип жыйырма мылтык бир атылды. Данил кыйкырышка үлгүргөн жок. Түтүн каптады. Көк түтүн улам коюуланып, алдында турган караандар теңселип, күүгүмдөнүп, көзүнө эчтеме көрүнбөй калды. Ал андан наркысын сезген жок. Бүк түшүп жыгылды.

Сөөлөттүү адам жүзүн үйрүп, тез бурулуп басып кетти.

Бул окуя Исхакка дароо жетти.

Шашылыш мажлис чогулду. Бектер, саркерлер диванханага келе башташты. Акырын салам айтышып, баш ийкеп учурашышып, алдыртан көз менен сыр алышып, кандай шашылыш маслахат экенин иликтешип турушту. Эч ким билбейт экен. Ар кимиси өзүнчө ой жооруп күтүштү.

Эшиктен Исхак кирди. Баары дуу туруп, таазим кылышты. Чаар иреңи ого бетер карасур тартып, күдүрөйүп, кабагына кар жаап келди. Коштой келген Бекназар баатыр куралдуу удайчыларын улага ченге токтотуп, өзү да босогого туруп калды. Эмне болуп кетти? Эшикти эмне үчүн тостурду? Мажлиске чогулган жакшылардын жүрөгүнө кооп кирди. Бирок, эч ким коркунучту өзүнө албады.

– Ассалому алейкум, жакшылар... деп салам айтты Исхак, ички каары билинип, үнү калчылдап чыкты.

Жамырап алик алышты. Тактын оң жагында улуу наиб Абдымомун бек, сол жагында Өмөрбек датка турган эле. Исхак тактын жанына барып, отурбай, чогулган жакшыларын бир сыдырып тиктеди. Сөздү эмнеден баштарын таппай токтоло калды. Ордо эрежеси боюнча алыстан келип, каймана кылып, ортого саласал кылуу керек беле? Анын андай салтанатка табы жок, дили кыра болучу. Ал ички каарын беките албады. Жымырылып турган Абдымомун бекти атып тиктеди:

– Бек...

– Лаббай... – деди Абдымомун бек леп эте.

– Канча сооп иштедиңиз бүгүн о дүйнөңүз үчүн?

Абдымомун бек түшүнбөй, кичинекей сары көздөрү диртилдеп, эмне жооп айтарын билбей, өкүмдардын иреңинин сурунан жалтанып бүжүрөдү:

– А кудай жолунда жүргөн адам эмеспизби... Беш ирекет намазыбыз, кайырыбыз, садакабыз...

– Бир капырды мусулман кылса, өзү гана эмес, жети атасына сооп, ага дозок оту арам, таңгы маашүр кезинде пайгамбардын шапаатын токтоосуз алат. Жакшы эле аракет кылган экенсиз. Кызыталак капыр Данил көнбөй өлүп кете бердиби? Аттиң, өмүрүнчө элдин акысын жеп дозокко кеткен жети атаңызды саал жерден бейишке тартып чыгарып коё албай калыпсыз да, бек?!.

Дароо түшүнүштү. Абдымомун бектин сооп издегени Исхакка жакпай калган экен. Эч кимиси кут этпей, бул кагылыштын аягы эмне менен бүтөрүн мелтейип күтүп калышты. Абдымомун бек кубарып, бир аз ыза болуп, көмөк сурагандай эки жакты жалжал тиктеди:

– Эми, өкүмдар... баарыбыз мусулман баласы эмеспизби... – деп, шарият жобосуна таянды.

– Сиз мусулман баласы эмессиз! Сиз шайтансыз!! – деп чаңырып жиберди Исхак. Абдымомун бек селт эте түштү. Кубарып турган иреңи кыпкызыл болуп кетти. Уккан кулагына ишенбей, андан наркы сөздү укпай, эси эңгиреди. Исхак такка отура калды. Колун кезеп, зиркилдеп кайра турду:

– Сиз бул өлкөнүн баласы кылбай турган, мусулман баласы кылбай турган кастыкты кылдыңыз! Уктуңузбу, сиз шайтан гана кыла турган ишти кылдыңыз! Сиз бизге карай акканы турган деңиздин тосмосун жырдыңыз. Бизди карай секирүүгө шылтоо гана таппай турган жолборско шылтоо таап бердиңиз... деди, андан нары токтоно албай, эки көзүнө кан толуп, сөгүп кирди. – Кара шайтан! Тыңчы! Чыккынчы!..

Тургандар турган жеринде катты. Абдымомун бек шалбырап тердеп кетти. Же кайрат кыла албады, же күнөөсүн күнөө деп моюндашка жарабады.

Исхак энтигип, бир кара буусу чыгып, соолуга калды.

– Кана, ушул акмакчылыгыңыздан соң өзүңүз айтыңызчы, шайтан эмей, ыя, кара шайтан эмей эмнесиз?!. – деп кайгылуу күңкүлдөдү.

Абдымомун бек актана турган өңдөнүп, баш көтөрдү эле, Исхак кайта чарт жарылып кетти:

– Кереги жок шылтоонун! Кереги жок эми актануунун, сабылуунун...

Абдымомун бек бүжүрөп кетенчиктеди. Исхак октолуп басты. Абдымомун бектин селдеси чубалып кетти. Ал жыйышка чамасы болбой, эшикти карай кетенчиктеп жөнөдү. Исхак алка-жакадан ала тургандай болуп, жулунуп басты:

– Кара шайтан! Тыңчы! Чыккынчы!..

Селдеси төрдөн босогого чейин ийрилип чубалып, Абдымомун бек кабагын түйүп турган Бекназар баатырга барып такалды. Бекназар баатыр кыжыры менен Абдымомун бекти желкесинен ныгыра басып, Исхактын алдына токтотту. Абдымомун бектин көзү булаңгыр тартып, боору титиреп, тумшугу чукчуйган саймалуу көк өтүктү өпмөкчү болду. Исхак жийиркенип бутун тартып алды:

– Ыплас... – Эрдин тиштеп, эки көзү канталап, ойлонуп туруп: – Ха, тузуңузду таттым эле, жаныңыз соога... – деди акырын, анан эшикти карай колун шилтеди. – Чыгып кетиңиз!

Жалаң баш бойдон Абдымомун бек сенделип чыгып кетти.

Эч ким кут этпеди. Баятан берки ачуусу эми кайгыга айланып, шалдырап, эрди кеберсип, жерде жаткан селдени тебелеп, Исхак төрдү көздөй басты...

* * *

Ташкен шаары...

Түркстан генерал-губернаторунун мекемесинин күтүү залында эки гана киши отурду. Кең фойенин оң дубалынын түбүнө жакын коюлган кызыл булгаары капталган чоң дивандын эки учунда, бирине бири далысын салып, месирейип катып, жер тиктеп отурушат. Бири орто жашап калган, иреңи кара сур, кыркма сакал, башында чалма, чалманын оң тарабына таккан хандык жарлыгы бар. Карала кымкап чепкендин ичинен кийген кызыл манат камзолдун төшүндө Россиянын биринчи даража Станислав ордени жаркырайт. Ошол жакасын атайын ачып отургансыйт. Берки киши андан алда канча жаш, иреңи куба, сасирең, оорукчалдай эки көзү киртейип, муңканып отурат.

Генералдын эшиги ачылды. Экөбү тең тура калышты. Коңур кара чачтуу, штабс-капитан мундирин кийген, сулуу, муруттуу ак саргыл жигитти экөбү тең утурлай басышты. Сыягы экөбүнүн иши эки башка өңдүү. Тиктешпейт, ортодо оңолгус кастык, о дүйнөдө да жүз көрүшпөй турган таарыныч сезилет. Кимибизди кабылга чакырар экен деп экөбү тең күтүп тиктеп калышты.

Жаш офицердин мөлтүрөгөн көгүлтүр көзү жазгы булуттай таза да, суз болучу. Күтүүчүлөргө анча көңүл бөлбөй:

– Таксырлар, – деди жадаган өңдүү, – бийик даражалуу жарыктык бүгүн бошобойт экен...

Беркилер жарыша ооз жасап келе жатканда сүйлөтпөй башын ийкеди:

– Айттым. Айттым. Биринчи даража Станислав орденинин ка­валери, бийик даражалуу, Кокондун мурдагы ханы Кудаяр, ошондой эле мурдагы хан Насирдин күтүп отурушат дедим.

Беркилердин ындыны өчө түшүштү. Экөбү эки жакка бурулуп, сенделип, кокус бири кетсе, бирин кабыл алып жүрбөсүн деп, кызганып, ичтери тарып, кайра дивандын эки бурчуна дагы терс карап отуруп калышты.

Ушул учурда эшиктен Атакул баатырбашы кирди. Фойенин жасалгасын карап, алаңдап келатып, диванда отурган кишилерди анча бейлебей келип, кайдигер кишиге сыпаалык үчүн айтар саламды айтты, саал баш ийкеп, ооз кыбыратып. Кудаяр башын көтөрүп, ал дагы башын акырын ийкеп алик алганда, баатырбашы чоочуп кетти, кетенчиктей берди. Кудаяр кайгылуу жымыйды:

– И, баатыр жигит, жылан көрдүңбү?..

Атакул баатырбашы Насирдинди да көрдү. Эсине келе калып:

– Хи, – деди ал кыжыр менен, – чага турган жылан экен де­се, тили суурулуп калган сасык жыландар турбайбы!..

Насирдин ордунан атып турду. Оозу бир жагына кыйшайып, эки көзү чакырайып кетти. Атакул баатырбашы жүлжүйүп тиктеп, мыскылдап бырс күлүп койду:

– Тек ийрилип жат жайыңа. Октолуп койгонун?!

Штабс-капитан кабинеттен чыкты. Марашып турган кишилерди көрүп, бери басты да, Атакул баатырбашыны бутунан башына тиктеди:

– Сиз кимсиз?

Атакул баатырбашы шашып кетип, баш уруп жүгүндү:

– Мен... Урматтуу Төрө... Баатырбашы Атакулмун...

Штабс-капитан тааный койду:

– А-а Маргаландын бегимин деңиз!.. Өзгөрүп кетипсиз го?..

Атакул баатырбашы «Эми, ушинтип... төрө...» дегенден башка эчтеме айта албады. Штабс-капитан токтотпой кабинетти карай баштады:

– Жүрүңүз. Бийик даражалуу жарыктык сизди күтүп отурат...

Кирип баратып, Атакул баатырбашы бир кайрылып, көрдүңөр­бү дегендей көкүрөгүн көтөрүп, үч күндөн бери кабыл алынбай жаткан эки ханды тиктеп койду. Кудаяр да, Насирдин да аң таң бо­луп отуруп кала беришти.

Генерал-адъютант фон Кауфман колунан эч жамандык келбей тургандай жылдыздуу киши. Кең столдун нары жагында, жумшак креслого коомай отуруп, кагаз карап күймөнүп отурган эле. Адъютанты киргенде козголгон жок. Кагазына үңүлө берди. Дубалда тике туруп түшкөн падыша Александр II нин чоң портрети турган. Эч качан көрбөгөн эле, Атакул бир чаргып тиктеп, андан төмөн столго үңүлүп отурган фон Кауфмандын ыштаган жаргактай кашка башын, ойго чөмүлгөн суз жүзүн көрүп калды.

Адъютант:

Маргалан беги Атакул баатырбашы...

Губернатор башын акырын көтөрдү. Көзүнүн төбөсү менен мелтейип суз тиктеп, босогодо төбөсү менен тик сайылып баш уруп турган Атакул баатырбашыны көрдү да, каламын столго таштап, иреңин саал жумшартты.

– Ассалому алейкум, улуу төрө... жарымпаша... – деп үнү ди­рилдеп салам айтты Атакул баатырбашы. Алик ордуна:

– Бери жакын келиңиз, – деди фон Кауфман.

Түркстан генерал-губернатору баатырбашыны жылуу кабыл алды. Кудаяр да, Насирдин да оюндан чыкты. Эми губернатор кимге таянат? Күчүк да болсо, өстүрүп ит кылып, мына ушул Атакул өңдөнгөн ийкемдүү адамдарды колго алуу керек эле. Губернаторго ордону талашууга укук болуп бере албаса да, көтөрүлүштү өз ичинен ыдыратып, өз ичинен былгытып, ынтымагын кетирүүгө булар жарап беришет. Бул элдин кимиси гана болбосун, көтөрөм десең, алына, акылына карабай көтөрүлөм дей берет, ан үчүн баарына кайыл, ан үчүн баарына көзүн жумат, от кеч десең от кечет, сууга чөк десең сууга чөгөт. Атакул ким? Темтейген бир айбан. А Маргаланга бек бол десең, акылдап жүгүрдү. Мурунку тагдыры кан менен кошулган үзөңгүлөштөрүн сатты. Былк эткен жаңылыкты, дүрт эткен кооптуу жагдайды күндү күн дебей, түндү түн дебей чаап жеткирип турат. Кудаяр менен Насирдинден кандай айырмасы бар?! Же Кудаяр менен Атакулдун айырмасы канча?! Биринен бири акылдуу эмес, биринен бири терең эмес, баары тайкы, баары тайыз. Супурасы куру болсо да даңкты, кандай болсо да мансапты жакшы көрүшөт.

– Иш кандай? Жакшыбы? А, жакшы болсун. Жалган хан кандай? Сизге тийген жокпу? Тие албайт. Кам көрөбүз. Жакында ал карөзгөй күм-жам кылынат. Сиздей баатырлардын көмөгү зарыл. Тилмеч которду.

– Улук төрөм... Таксыр... – деп мукактанып, Атакул жал-жал тиктей калды.

Фон Кауфман баамдап туруп «Жүрөгүн өйүгөн бирдеме бар мында, мейли, кеңири отуруп айтсынчы», деди акырын тилмечке. Тилмеч жубаткан соң, Атакул батынып сүйлөй баштады:

– Жаман ой албагыла, улук төрөм, менде эч кеп жок... Исхак кеп салат, эгер урматтуу улук төрө жарымпаша макул болсо жүз көрүшсөм дейт, орус менен ата-бала бололу дейт... Ушинтет... Менде эч кеп жок... Чыны ушул ки, Исхак Кудаярга, Кудаярдын тукумуна гана эрегишип чыккан адам. Кудай акы, Исхак элге тынч хан болот, ошон үчүн артынан эл ээрчип жүрбөйбү, Кудаярдан алда канча жакшы хан болот...

Атакул эки көзүнүн тегереги тердеп, тамагы какшып, эми жарым паша эмне дейт деп, өзөгү карайып, жал-жал тиктеп, өзүнөн өзү күнөөлүү болуп, отуруп калды.

Тилмеч которду. Фон Кауфман эрдин бек кымтып, иреңи былк этпей, томсоруп көпкө тиктеп калды. «Гм? Ууру качан да болсо ууру бойдон калат! Оозуна Исхагы кайра кирип калган турбайбы. Кудаярдан жакшы хан болот? Хи, биз силерди жакшы хандуу болсун деп келип отурган экенбиз го?!» – деди ичинен. Ордунан туруп, жай басып, Атакулдун артына өттү. Атакул башын кылычка тоскондой катты. Губернатор анын желкесин тиктеп туруп, кайра нары басты:

– Маргаландын беги, – деп баштады, – эмне, сизди жалган хан кысмакка алып жатабы? Коркпоңуз. Өзүнүн саналуу күнү калды. Бизге анын эч кереги жок. Кереги болсо, дагы хан тукумунан бирөөнүн кереги болуп калар. Тексиздин эч кереги жок.

Тилмеч которду. Эки көзү жалдырап, анда мен эмне кылышым керек дегендей, Атакул оозу жарым ачылып, суроолуу карай берди.

– Сиз эр жүрөк адамсыз, – деп мактады губернатор, – сиздин бизге болгон ак ниетиңизди биз жакшы билебиз, эгер мындан нары да жан үрөп кызмат көрсөтсөңүз, мен го сиздин өтө жакын тамырыңызмын, улуу даражалуу ак паша көңүлдөн жаздым калтырбасына толук ишенип коюңуз, бир шаардын беги эмес, бүткүл Коконго таасирдүү, кадырлуу адам болуп калышыңызга эч шек болбойт...

Тилмеч которду. Атакул эки көзү жалтырап, жутунуп алды. Көңүлүнө ар деме кетти. «Аттиң ай, болсо кана?! Исхактын өзү бий­лик деп, даңк деп чаап жүргөндүр?! Өлгөндөн соң бейишиңдин кереги жок...» деп, лабизи өрттөндү. Губернатор так ушуну сезгендей, ач көз кушка кызарган бирдемени көрсөтүп талпынткандай сөздү дагы жылымдатып урду:

– Кудай буйруса, келерки жылдын башында улуу даражалуу ак пашанын туулган күнүн белгилеп, бүткүл Россиядан, колониялардан, дос элдерден, кас элдерден мейман, авазгөй чакырылып, өтө салтанаттуу чоң той өткөрүлөт. Бу селсаяктын тополоңун тез бассак, ошол улуу азем үстүндө улуу даражалуу ак пашанын өзүнө сизди жүз көрүштүрөм го деген үмүттөмүн...

Тилмеч которду. Атакулдун эки көзү чакчайды.

– Кантип тез басабыз? Бу тексизиңер өзүн хан кылып алды. Бүт элиңер, бирди жарым сиздей акылы тетик адамдар калбаса, баары самсып ээрчип алышты. Так ээси хандарыңар атасы баласына тили өтпөй, баласы атасына тили өтпөй, ит менен мышыктай тытышып, бир жаман күпкө ордого ээ боло алышпай куулуп ташталды. Эмне кылуу керек? Мындай чакта акылды, күчтү мына сизге окшогон азамат адамдар табат. Күн чыгыштын байыркы бир акылманынан: «Жамы өлкөгө, жалпы элге бирдей пайда келтире турган окуя кайсы?» деп сураганда, акылман: «Нары жаман, нары тынчы жок хандын көзүн жоюу» деген экен. Кандай таамай айтылган а?..

Тилмеч которду. Жүрөгү бирдемени сезип, ылдый тиктеп, Атакул шалдырады. Фон Кауфман өзү да бир аз ойлонуп, нары басып, бери басып, Атакулдан көзүн албай тамеки тартты. Жай кыймылынан, ишенимдүү кыймылынан жазбай, креслосуна өттү. Отурбай столдун суурмасын тартып, кайра токтоп, Атакулга карады:

– Сизге тагыла турган бир оор милдет бар, – деди ал сыр тартып тиктеп, – сиз аны аткара аласыз, нары үстүнө жалган хандын өзү менен жолугушуп да калыпсыз, эң сонун, жакындашыңыз, пайдаланыңыз, түбү келип негизги милдетти аткарууга жеңил түшөт. – Суурумадан колжойгон бир атма пистолду алып столдун үстүнө таштады. – Албетте, бул биринчи аракет эмес, эң оболу сөз менен, иш менен узурпатордун каракчыларынын ичин иритесиз, эмне болжолу болор, эмне максаты болсо бизге тез кабарлап турасыз. Жок, андан эчтеме чыкпасына көз жеткенде, ушул... – Сөөмөйү менен пистолду көрсөттү.

Тилмеч которду. Түрүнөн эле жаман сөз болуп жатканын Атакул туюп отурган, ордунан тура калды.

Генерал-губернатор пистолду алып, унчукпай Атакулга сунду. Атакул кыйылды. Генерал-губернатор көшөрдү. Атакул жер тиктеп салбырап турган бойдон сенделип келип, пистолго кол сунду.

– Кайрат кайда?! – деп, бир чети көңүлүн көтөрүп, бир чети кекетип, фон Кауфман кабагын түйдү.

Атакул пистолду алды. Фон Кауфман:

– Ташкендин түбүндө Алымкул аталык кантип атылганын уккансызбы?

Атакул башын ийкеди. Фон Кауфмандын көңүлү кадыресе кө­төрүлө түштү:

– Эң жакшы!

Атакул баатырбашы коштошуп, салбырап тышка чыкты. Эч жакты карабай чоң эшикке жетти. Кудаяр баласы экөбү дагы эле зарыгып күтүп отурушкан экен. Ал Атакулду ээрчий карап, акырын аския айтып күлдү:

– Йе... бачага окшоп уйпаланып чыкты го?!

– Бача болуп башынан өткөргөн билбесе... – деди Насирдин жылдыра. Кудаяр кызарып кетти.

Ошол эле күнү Ташкенден чыгып, беш кошчусун ээрчитип, эч ким менен сүйлөшпөй, эч жерге кайрылбай, Атакул баатырбашы жүрүп келатты.

Орус аскерлери күзөткөн кароолканаларга жетти. Фон Кауфмандын өз колу коюлган, печаты басылган документти көрүп, унтер-офицер колун чекесине алып, урмат көрсөтүп өткөрдү.

Артын карабай жүрүп отурду. Кокон сыпайлары тоскон жесекке жетти. Караулбашы анын колунан Исхактын мөөрү басылган күбөлүктү көрүп, эки колун бооруна алып, ийиле таазим кылып, кетенчиктеп жол бошотуп өткөрдү.

Эчтеме анын көңүлүн көтөргөн жок. Жүрөмал аргымактын жалын тиктеп, эч жакты каранбай, жолукканга салам айтып, саламга алик да албай, өз оюна, өз санаасына өзү эзилип келатты.

«Бу жарымпаша, ыя, менден эмнени талап кылып отурат? Мени дили таза адам катары, бек катары көрсө, кудай урган, башка бир татыктуу милдет бермек. Элди бөлүп ал, жигит кура, кан майданда кармашып өл десе, о анда, бир жөн эле. Киши өлтүр дейт! Аяксыз жүргөн бирөө сыяктуу эле, колума курал карматып эле, киши өлтүрүүгө жумшап жатпайбы?! Менин баам ушубу?..» Атакул эрдин тиштеп, иреңи капкара болуп, бир жагы ыза, бир жагы оор талап аны эзип, көзү жашылданып келатты. Бир кыялы мейли деди. Эртеңки кылар иши көз алдына келе баштады. Тигине ал өзүн көрдү. Исхак турган топко келди. Бир атма пистолду сыйпалады. Мына, эшик төрдөй жер! Ал ок чыгара албады. Колу калтырады. Жүрөгү туйлады. Ошол учурда Исхак жалт карады. Көвү чекесине кадалды...

Жаман түштөн ойгонуп кутулгандай, жаман оюнан бир силкинип суурулду, жеңилдене калды. «Же жан калар иш болсо экен! Колго түшпөй каламбы?! О, жараткан, мурунку эки тайып, эки жолу бетим кара болгонум азбы? Эмне деген атым калат? Укумдан тукумга Атакул атым кан ичер, элин нанга саткан, куш жеминдей мансапка алмашкан чыккынчы болуп, азазил болуп айтылып өтөт. Менин атымдан өз балам уялар. Менин атымды өз кайым сөгөр...»

«Эмнеси коройт жарымпашанын?! Көп болсо, сөөк ыргытып коюп, итче ээрчитип жүргөн, бир арзан баа чыккынчы өлөт экен да, Эмнеси кемийт?! Ок катары пайдаланат. Окту бир мерте атат. Мерчемге тийсе да, тийбесе да октун кеткени ошол, артынан издебейт... Тийип калса набы жарымпашаныкы. Исхакты мертинтет! Түркүн тайпа журттун азыр башын бириктирип турган ыйык тууну кыйып түшүрөт...»

«Эмне деп барам? Жарым пашаны көндүрмөкчү эмес белем? Мурунку кара тагымды ушул ак кызматым менен жуумакчы элем го?! Хи, Исхак да оңойбу?! Болуп калса пайдасы, болбой калса эрте жоктун бири деп, ал дагы ок катары пайдаланып, өлөр жерге камаганын карачы?!» Иреңи кумсарды. Танабы кыпчылып, эрдин тиштенди. «Менин баам ушул элеби? Эки жагы тең арзан баа кылыштыбы? Чыккынчынын баасы!» деп күбүрөндү жүрөгү сыйрыла. Ал бир атма пистолду белинен сууруп, жалтыраган кара темирди имерип тиктеди. Күрсүнүп алды. «Өңү ажалдай суук... кызыталак...» деди эси эңгирей.

«Жарым пашадан кантип кутулам? Ыйык туу болуп турган адамга кантип кол көтөрөм? Э, баары келип, ноктолуу башка бир өлүм...» Жер сары. Дарак жалаңач. Тоолор суз. Сөөктөн өтүп, шуу-шуу этип, муздак жел сыдырат. Убайым сыяктуу көңүл чөк­түрүп, жер, бүт айлана сары.

Ат кошчулар сопоктоп жүрүп, чарчап, өзөктөрү карайып, баа­тырбашынын эмне үчүн мындай капалуу кайтканына акылдары жетишпей, ар кимиси ар түрдүү жоруп, акырын күбүрөшүп, кам­чы­лана-темине жүрүп келатышты.

Тарс! Жигиттер селт эте беришти. Атакул баатырбашы атынан ооп түшүп баратканын баары көрүштү. Эмне болуп кетти? Ооздору жарым ачылып, ок кайдан чыкканын аңдай алышпай, бир паста коркунуч ороп, эки жакты элтең карашты. Куралга кам урушту. Эчтеме жок. Теребел тыптынч. Жигиттер жарыша чаап жетишти. Бири тизгинин басып тигиндей токтой калган аргымакты кармады. Калгандары аттарынан күбүлүп түшүп баа­тырбашысын сүйөштү.

Ок так чыкыйга атылган экен. Бир атма орус пистолдун оозу түтөп жанында жатканын көрүштү...

* * *

Исхак ой басып, башын көтөрбөй, куш жаздыкка чыканактап жатты. Жанында бир селейген кара абышка отурат. Эчки сакалдуу, кичинекей башына калдайтып ак селде оронгон. Тунарган сары көзү тирмейип өткүр, алакандай куба жүзүнөн нааразылык көрүнөт, кыймылы ишенимдүү, үнү чыйрак.

– Бул эмне?! – деп, абышка титиреңдеп алаканын жая, кейип сүйлөп жатты. – Жакшылыгын көргөн, тузун таткан, көзүңдүн агы менен тең айланып, кызматыңды кылып отурган адамың эле го?! Же күнөөсү күнөө сыяктуу болсо экен. Бир каапырды өлтүрүп койду деп да, ушунча каар төгөбү, кокуй?!

Исхак эми козголду:

– Бейишке чыкпаса, кызыталак, жети атасы көрүндө өкүрүп жата турбайбы! Жан далбас кылып, биз быякта, жарымпаша менен эптеп сүйлөшө албай, эптеп алакага келе албай жатсак, мунун кылган ишин кара?! Түшүнбөйбү акмак болбосо?!

Абышка уккусу келбей, ичинен кылчылдап:

– Эмне кылсаң да, балам, кудайдын ишине, шариятка каршы жүрбө! – деди абышка. – Мага түгүл, көп мусулманга жаккан жок бул кылыгың. Мусулмандын мусулмандык бир милдети ушул, колунан келсе, бирөө болсо да, кайридинди, адашканды ак жолго үндөп, мусулман коомуна тартуу. Бекти чеки кылды деш күнөө...

Исхак жаздыктан өйдө болду. Эрди бек кымтылып, кабагы тырышып, саал чаары бар иреңи сурданып, көзү кызарып, абышканы тиктеди. Абышка башын чайкап, дагы эле тилин тартпады:

– Душман сүйдүрүп айтат, тууган күйдүрүп айтат. Мен күй­дүрүп айтам, тууганың гана эмес, атаңмын мен сенин...

Исхак:

– Кудай канчоо? – деп сурады.

Абышка нестейип, оозун кымтый албай, «Ой, бу балам акылынан ажыраганбы? Астапурулла! Кудайды экөө деген мусулман эмес. Муну мусулман айтса, шарт динден чыгат. Бул эмне деп отурат?» деп, жалдырап отуруп калды.

Исхак:

– Кудай бирөө. Иса ким? Пайгамбар! Мухаммад ким? Пайгамбар! Орус Иса пайгамбардын үмөтү, биз Мухаммад пайгамбардын үмөтүбүз. Туура айттымбы?

Абышка динден чыгарып кетеби дегендей, мелтейип кооптонуп, башын да ийкебеди. Исхак маани улады:

– Бир кудайдын эки пайгамбарынын жолун бирин бирине каршы коюш чекилик. Ырас, кийинки дин кармайт деген пенделеринин жаңылыштыгы жок эмес. Бирак, мусулман болмок ыклас менен, асте-асте, а өлүм менен коркутуп, кан төгүп, эки жакка эки дүйнө күнөөкөр болмок бир паста го?! Эки жакка тең ынтымак кылыш, азиз дил, таза болуш илазим эмеспи?!

Абышка үтүрөйүп коркту.

– Тоуба кыл! Тоуба кыл... деп, көзүн алайтып, жакарын сыга карманып, абышка кобурап келме келтирди. Иреңинде кан сөлү калбай, өзүнөн өзү демигип, колу титиреп кетти. Исхактан жүзүн үйрүп, диниме салакасы тиет деп, жаны чыгып корккондой болду. Абышканын түрүн карап отуруп, Исхактын көңүлү ооруду:

– Ата, – деди ал акырын, – менин ишиме киришпеңиз, мындан кийин минтип, кадыр салып, арага түшкөндү коюңуз. Келбеңиз алдыма. Жанагы сөз ушул жерде калсын...

Абышка эч жооп айтпай, жүзүн үйрүгөн бойдон, туйтуңдап таарынып, этегин кагынып чыгып кетти. Исхак ичинен дүрт этип кыжыры кайнап, бирок өзүн өзү басып, мелтейип тиктеп кала берди.

Бул абышка Исхактын өз атасы молдо Асан эле. Исхак ордону ээлеген соң, бектер таап келишкен. Кандуу күрөш ичинде көп жылдан бери жүрүп, өзүнүн саясы максаты менен алек болуп, кыял кечип жүрүп, Исхак атасы кайда экенин да унутуп калган эле. Не кылган менен, теринин жыты тааныш өз ата эмеспи, келгенине кубанган. Бирок абышка көз көрүнөө көөп кетти. Исхакка батыл сүйлөп. Кээде чыргоолонуп, кыял көрсөтүп, тийешеси жок ишке киришет. Муну ыкчылдар пайдалана башташты. Этият боло баштаган эле, бул кечтеги ортого түшкөнүнөн Исхактын андан такыр ичи муздап калды. “Эмне кылам? Бу чала молдо өз атам...” – деп шалдырады.