кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Алтынчы бөлүм

II

Исхак булуттай акбоз аргымактын тизгинин саал жыя кармап, Анжиян капкасын ойлуу тиктеп, бирпас токтоло калды. Тумшугу чучтуйган найын көк булгаары өтүк, тик жака кызыл манат камзол кийип, белине чымкый көк ботокур орогон, төш жарыча кыңырык, бир атма орус пистоль, башында кызыл манаттан кыюулаган төбөсү бийик, чоктуу жапжаңы ак калпак. Бир жагында Бекназар, бир жагында Абдылла бек. Артында кылка-кылка көп аскер. Ал көз кыйыгын салып, ага жат да эмес, жылуу да эмес, суз сепилди астыртан сыдырып тиктеди.

Сепилдин кырынан урматына замбирек менен күрс дедире асманды карай кур дүрмөт атылды.

Исхак үзөңгү кыбыратары менен, булуттай ак боз аргымак оштонуп буластай жүрүш алды. Ал дарбазага жакын келгенде аттан түштү. Түшөт деп эч ким ойлобогон, коштоп келе жатышкан саркерлер, бектер бири бирин тиктеп калышты. Исхак аргымакты жетелеп басты. Аны көрмөкчү саркерлер, бектер аттарынан күбүлүп түшүп, артынан шашылып жөнөштү. Ал карабаган соң, каалабаган го, сырттан тосуп караламандан мурда жүз көрүшмөккө келгендер да кут этишпей, колдору боорунда, ийилип таазим кылган бойдон турган жеринде катты.

Исхак эч жакты, эч кимди карабай, эрдин кыбыратып «Бисм илла рахман рахим...» деп купуя күбүрөп, дарбазадан жөө кирди да, как жерге чөк түшүп, байыркы Анжиян шаарынын топурагын өөп тооп кылды. Өйдө туруп, те этегине көз жетпей турган көп элге:

– Ассалому алейкум, эзелки шаарым, эзил журтум... – деди, өтө басмырт, үнү калтырап салам айтты. Эл дүңгүрөп кетти:

– Кош келиңиз, аллаяр эл эгеси!.. дешип, ири алдыдагылар, баары бир тегиз эки колу боорунда, алик алып, таазим кылып турушту. Исхак сакалы белине түшкөн мүңкүрөгөн карыны өйдө кылып, төшүн төшкө тийгизип, кучакташып көрүштү. Кары адам жетине албай, мууну бошоп, көзүн жеңи менен сүртүп:

– О, жараткан, берген дагы өзүңсүң, алган дагы өзүңсүң, бечара калкка берген көлөкөңдүн жолун ач, бир өзүңдүн даргөйүңдө сактай көр... – деп күбүрөп, кимдир бирөө бышактап жиберди.

Ошол замат капканын кырында турган эки кернайчы айлананы шаңга толкутуп, бапылдата керней тартып киришти.

Эң алдыга жарчы кетти:

Болот-хан! Болот-хан...

Көчөмө-көчө эл лыглык. Шаңга шаң, салтанатка дем болуп дагы үч мерте замбирек күрсүлдөп, эл толкуну кошул-ташыл, жер термелгендей болуп турду.

- Болот-хан! Болот-хан...

Чоң дарбазадан тартып бектин сарайына дейре чоло калтырбай бойро төшөлүп салынган болучу. Кырмызы туу алдында калкылдайт. Булуттай акбоз аргымак бойронун үстүндө буластап желе басып, Исхак саал эңилибирек олтурган калыбында тизгинди жыя тутуп, былк этпей, эки жакты көз кыйыгы менен гана аңтарып, жү­зү нурданып келатты. Бекназар баатыр, Абдылла бек куйрук улаш. Көп аскер...

– Жаңгер! Жаңгер!

Эл деңиздей толкуп, көчөмө-көчө жол бууп, дуудуу кыйкырып, дүрдүгүп коштоп баратты. Каада билген карылар жылуу жүз багып:

– Аман бол, ата углу, аман бол!.. Мархамат, ата углу... - дешип эки этеги жырык, шөлбүрөгөн кара чапандарынын узун жеңдерин бооруна алып ызаат көрсөтүп калып жатышты.

Эмне берет бул элге? Колунда эмне бар, эмне жакшылыгы бар? Бул төбөсүнө көтөргөн бул журттун үмүтүн, ишеничин канткенде актамакчы? Исхак жамыраган көпчүлүктү көз кыйыгы менен сыдырып тиктеди. «Миң тукумунун кордугунан куткарам... Дагы эмне кылып бере алам?.. – деп ойлоду. Ушул үчүн аттанган, ушул үчүн кара башын сайып жүрөт. Ушул элеби? Негедир ичи түтпөгөнсүйт, ой ага толгоо салат. Төлөөрү, үзүрү көңүлүнүн тереңинде аз, кем баа сезилди.

Дүүлүккөн элдин көзүнө акбоз аргымак чубалган булут, Исхактын сөөлөтү чатырап күйгөн жалын болуп көрүнүп кетип барат. Толкуган дуу-дууга, салтанатка шаң, сүр кошуп, тынымсыз «ба-ба!», «бу-бу!» деп, кош кернейлер ово термейт.

Шаар бегинин сарайына келип түштү Исхак.

* * *

Махрам сепилин коргоодо аскеринин көбү кырылып, а Коконго келсе «өзүм көтөрүп алдым» деген жээни Насирдин-хан киргизбей коюп, же күрөшкөн элдин ичинде жок, же ордонун ишинде жок, кеңгиреп талаада калып турган убагында жерден тилегени көктөн түшкөнсүп, дагы баягы «атасынын эмчектеш тууганы» өзү келди. «Э, адашкандын айыбы жок, кайра үйүрүн тапкан соң...» деди ал, деги эле эчтеме болбогондой кабагы жадырап. Мүңкүрөп отуруп башын ийкеди Абдырахман.

Не кылган менен, арада эстен чыккыс иш жатат. Бу го аргасы жок, а хан даражасы болуп калган адам эмне дейт? Элчилик үчүн, өзү туу болуп турган биримдиктин кадыры, кереги үчүн өткөн айыпты кечирип, көргөн кордугун унутуп, койнун ачып кабыл алабы? Эки жагында тең, канча болсо да, эл турат, куралчан күч турат.

Ошо «адашкандын айыбы жок, кайра үйүрүн тапкан соң» деген накылды бетине кармап, ак байрак көтөрүп, өз жанын оозуна тиштеп, өкүл келди Исхактын алдына. Наркы, берки айтылган кеп жүйөсүнөн аттап өтө албады Исхак да, баш ийкебей коё алба­ды. «Келсин, бексинген дымагын көрөйүн...» – деди бир ою, бир жум­шарып акылы жеңип, бир туруп өткөн кеги кайра угуттай тымызын өнүп. Орто, Ботокара кыштагында жүз көрүшмөй макулдашылды.

Коончу абышканын баягы эски короосу.

Исхактын өтө жакын адамдары чогулган. Оң кол тарабында Абдылла бек, сол тарабында Бекназар баатыр, саал артта катчы наиби белгилүү курама Абдымомун бек, көчүп калган жерлерине караган – шак тартылган, камыш каланган эски коргондун ортосунда жаткан баягы өрүк ноголонун үстүндө сол бутун саал суна, оң бөйрөгүн таянып, эшик жакты карап, Исхак кумсарып отурду.

Эч кимиси Исхактын ичин билген жок. Ал көп эле кеңешчинин кеңешин укту, бирок бир жолу да баш ийкеп же баш чайкап, көңүлүнө уюганын же уюбаганын сездирбеди.

Эски коргондун кажыган эшиги акырын кыр-рк деп ачылды. Жөжөдөй кичинерип, жөжөдөй ак күп болуп карыган Нармамбет датка, артынан дагы эле сөөлөтүнөн жанбаган, бүркүт кабак Абдырахман көрүндү. Эч ким былк эткен жок. Тырмагын жашырган кара мышыктай тымпыйып Иса-оулия кирди.

Эң артта Абил бий, иреңинен не кубаныч, не кооп көрүнбөйт. Саал ийиле Исхак жакка эл катары таазим кылган түр көрсөткөн соң өзүнүн Бекназар үкесине асте жүз багып, асте баш ийкеп, бир уруктун балдары эмеспи, анын да кабагы жазыла калганына көңүлү жылып, анан боюн качырып ошол арттагы бойдон токтолуп, туруп калды. Биринин терс кебин бирине айтпай, кайра экөбүн тең оңдоп сүйлөп, көңүлдөрүн ийгерип, данакерлеп, бу «эмчектеш» деген тууганын ара жолдо калганында дагы бир оң нукка тартып, тиги те илгерки кыпчагын кырдырып алган көйкөйлүү күнүнөн бери өлөйүн деп өлө албай үйүндө чөгүп жатып калган кары датканы ителеп ордунан тургузуп, билги кишиге бул экөвүн өткөн тарыхтан бүгүнкүгө сабак болор бир кейиштүү риваят кылып, алып келген ушул кымырылган аяр экени сезилген жок.

Кары датка, аса таякчан, жакын келип, калтылдап салам айтты:

– Ас-салому алейку-ум...

Дагы эле бек сөөлөтүн коё бербей, саал башын ийген болуп, оң колун көкүрөгүнө алган болуп, кары датканын айткан саламын гана күбүрөп кайталады Мусулманкулдун баласы.

«Чабылар баш болсо, бүгүлсөң да чабылат, бүгүлбөсөң да чабылат!» – деп турду кашкөй көңүлү.

Исхак калтылдап араң турган кары датканын сакалын сыйлады, ордунан тура келип:

– Ва-алейкума ассалам... – деп токтоо алик алып, кош колдоп көрүштү. Бул ракымга жетине албай, көптү көргөн кары датка жыртайган кызыл көзүнө сызылып жаш кылгырып:

– Углум!.. Кем болбо, углум... – деп, калч-калч этип араң сүйлөдү.

Өрүктүн ноголосуна колтуктап барып:

– Отуруңуз, датка ата... – деди Исхак.

Эки жак тең кут этпей, анын бул сылыктыгына тен коюп, баа­ры ичтен ыраазы болуп, таңкалып карап калышты. «Эл көрүп, каада көрүп калган экен!..» – деди Абдылла бек ичи жылып.

Учурашуу кезеги Абдырахманга келгенде, Исхак иреңи бузулуп, мелтейип суук тиктеди.

А байкалбаган аяр бий адеп сактагансып бир ордунда, жымыйып тиктеп турду, ошол тапта нечен түркүн ой өкчөп. «...о баягы өзүң менен өзүң жоо убак бир башка эле – бириң өлүп, бириң калгансың, бириң кырып, бириң кырылгансың... Бүгүнкү түрү бөлөк, тили бөлөк, дини бөлөк, тыштан келген жоо убагы бир башка – ушул азыр эстүү эл бир дөбөгө чогулат, эстүү журтбашы бирөөнү өзүм дебей, бирөөнү жатым дебей, кошуп алат... А эс болбосо, аттиң ай, кеткетиңдин келгени ошо – башыңдагы багың, алдыңдагы тагың түгүл... – кан ордосун, кайран өлкөсүн алдырат...» деп, шырп эткен сөздү, жылт эткен көздү жаздым кетирбей, былк этпей катып турду.

– Келдиңизби? – деди үнүн басмырт чыгарып, таба, мыскыл кошуп.

Абдырахман:

– Тагдырдын жазганы экен... деди селт этпей. – Неге кекеткидей?!

Дөөлөт консо бир чымындын башыга
зымырык куш салам берур кашыга!

Келип турганыбыз ушу...

Исхак Абдырахманды кызыгып тиктеп, башын акырын ийкегилеп, бир ууртун тартып мыйыгынан жымыйды:

Жапалак үкү мактанса
жардан чычкан алдым дээр,
жаман тууган мактанса
жакшысын буттан чалдым дээр...

Абдырахман абтабачы, эч качан мындай сөздү укпаган, ормоюп карады. Исхактын чаар иреңи сур тартып, көзү заардуу жылтылдады:

– Мен ким элем? Иштин талуу жери мен белем? Ырас айтты­ңыз, ким элем, элдин өзү дөөлөт кондурган чымыны, элдин сунган найзасынын учу гана эмес белем?! – деди катуулап. – Менден бак талашып, тууган болуп койнума кирип, жылан болуп мойнума оролдуңуз, жол болуп алдыма созулуп, тузак болуп бутумдан чалдыңыз. Ойлоп багыңыз, сиз мени гана аксатпай эзил журтту аксатып таштадыңыз! Өрттөй шатыраган кол кайда?! Капкалуу шаарлар кайда?!

Абдырахман нестейди. Эмне дейт?

Нарманбет датка ортого түштү:

– Э-э... углум... – деп маани айтты. – Мусулманкул көктүн уулу ошол катасын оңдош үчүн келип олтурбайбы, сен өзүң үчүн эмес тагдырын мойнуңа жүктөгөн бечара элиңдин биримдиги үчүн ошол катаны кечиргени жүз көрүшүп отурган жоксуңбу, ай­ланайын?

Исхак да, Абдырахман да соолугуп, сөз жүйөсүнө тен коюп туруп калышты. Көптү көргөн кары датка маани улады:

– О, жаранлар!..Ушул мүңкүрөгөн бойдон туулган эмеспиз энеден биз дагы, чачыбыз күнгө агарган эмес биздин дагы. Биз дагы жол баштап көргөнбүз, кол баштап көргөнбүз.

Кырды кырдай басканбыз,
душманым түшүп калсын деп,
кырга оро казганбыз.
Өзүбүз казган орого
өзүбүз түшүп, өлүп кала жазганбыз.

Уккансыңар, кабарыңар бар, кармашканбыз биз дагы, биздин кармашыбыздан, о, бүткүл кыпчак уругу тукум куруг боло жаздаган, жаранлар!.. – Ал энтигип, кыркыр жөтөлүп, өрүк ноголого кайра көчүк басты:

О, ат башына күн түшсө
ооздук менен суу ичет,
эр башына күн түшсө
өтүгү менен суу кечет,
эл башына күн түшсө
кыштын күнү үй чечет...

Мына, эл башына иш түшүп турганда, бак талашуу, кектешүү журт камынан зарылбы акыры?!. Ичтеги кирди жууп, төштү төшкө тийгизип табышкыла...

Сөз жетти. Исхак астейдил жумшарып, Абдырахмандын кабагы жайылып, экөбү төштү төшкө тийгизип кучакташышты.

«А шүгүр... деп алды тыякта Абил бий, – билгилик кылды... билгилик кылды... мындан наркысын дагы көрө жатаарбыз... «

– Бек, – деди Исхак, – өткөн кылыгыңыз кечиримдүү, себеби ушул ки, сизге таарынууга гана акыбыз болгон. Мындан наркы шарт башка, укук башка...

Абдырахман кеп маңызын сезе:

– О, албетте, аллаяр... – деди, эми майышып, хандын өтүмдүү­лүгүн мойнуна алып, төмөн бүгүлүп: – Бир алла сүйүп бак берген, эли сүйүп так берген адамга ар пенде жаны менен кызмат кы­ларын, каны менен жооп берерин билебиз... – деп, өңүрүнөн өөп тооп кылды.

Иш жакшылык менен бүткөн соң, баары кубанып, коончу абышка чарпаясына чакырып, ширин көкчө сойду.

Ошол түнү Исхактын түшүнө ажыдаар кирди.

* * *

Исхак ойгонуп, ордунан өйдө болуп, жүрөгүнүн дүк-дүк эткенин козголбой караңгы бөлмөдө үңкүйүп көпкө отурду. «Мына, – деди ою, – каралай көз калың журт ак кийизге салып, жерден төбөсүнө көтөрүп, эки тизгин бир чылбырын колуңа карматты – эми сен өкүмдарсың! Кана, эми эмне иш кыла аласың?..»

Эрте мененки намаздан соң ал өтө жакын нөкөрлөрүн, аскер пансаттарын чогултуп, кыдырата тиктеп отуруп:

– Эми, жакшылар, жөнөй берсек болобу ордобузга? – деп, суроо койду акырын.

– Албетте.

– Урушта туруш жок.

Исхак:

– Орус аскерине өзүбүз барып тийишпейбиз. Ушу бүгүн биздин ак дилибизди түшүнсүн үчүн, бизге бөөдө каршыкпасын үчүн жарымпашага элчи жиберебиз. Албетте, азырынча биз менен алакага келе койбос, анткени ордодо ким отурса ошону менен сүйлөшөт, ошондуктан биз сөзсүз ордону алып, Миң тукумун өлкөнүн ээси катары жарым паша менен шартнама кылып отурган укугунан ажыратышыбыз зарыл. Мына, эртеңден баштап кылар ишибиз ушул.

Пашанын сураганы – буйругу.

– Сиздин өкүмдарлык ыйык эркиңиз! – деп, кашкайып ыкрарлык билдиришти баары.

Исхак томсоргон калыбынан өзгөргөн жок:

– Илгери эки жолоочу жол жүрүп келатып, бири «Ой, наркы кырга кантип чыгабыз?» деп, жүрөкзаада болуп, жолдошунан сураптыр. Анда жолдошу «Алдыбыздагы кырды ашып алалычы, наркысына жеткенде көрө жатарбыз!» деген экен. Менин берер жообум да ошол. Оболу ордону алып, ишибиз оруска келип такалганда алар менен кандай алака кыларыбыз көрүнө жатар... – деп, кеңеш акырын келечекке таштады.

Исхак өз туусуна бириккен кошундун эсебин тактады. Эки жыл бою көп сыноодон өткөн, куралы, биримдиги жакшы, урушка жарамдуу чыныгы эрегишчи аскер 20 миңдей экен. Абдырахман баштаган кийин кошулган бектердин 10 миң аскери, Өзгөн, Ош, Анжиян, Маргалан айланасынан тапкан куралын көтөрүп атка минип чыккан каракелтек эл болуп, баш аягы 70 миң ашуун кошун жыйналган эле.

Жоортуулдун жолун болжолдош үчүн эртеси аскер кеңеши болду.

Ошол кезде Кокондун өзүнөн чыкчу насталик деген саргыч кагазды оймо-чиймелүү сыр тактага жайдырды да, Исхак бир аз ойлонуп, үңүлүп турду да, куш канат калам менен насталиктин бир четине үч тегерек чийди, андан соң жаа сызды да, жебесине окшотуп ортосуна бир сызык түшүрдү. Ал тизилип карап тургандарды алдыртан тиктеди. Бири чекирейип, бири бүшүркөп, анын эмне кылып жатканын эч кимиси али түшүнбөдү. Насталиктеги сызык биринин көзүнө жебелүү жаа болуп көрүнсө, бирине учуп бараткан канаттуунун сүрөтүнө окшоду.

Исхак насталик кагаздын тиги четине чоң тегеретип сызып, ичин чиймелеп карартты да:

– Көрдүңөрбү?.. – деп сурады акырын.

Тургандар:

– А, таксыр... Көрүп турупбуз... – деп дуу эте калышты. Жалгыз Абдымомун бек ооз кыбыраткан жок. «Йе, кудай, өзүң сакта!.. Жандуунун да, жансыздын да сүрөтүн түшүрүү чоң күнөө эмес бе­ле?.. Калам-и-Шарифден кабары бар мусулман ушу будпарастын ишин кылганы кандай, о бир кудай?!» деп оюна коркунуч кирди.

– Мына бу бүркүт! – деди Исхак калам менен сая көрсөтүп. Абдымомун бек селт этип жакасын кармана берди. Исхак аны алдыртан байкап, бир кыя тиктеди да, сөзүн улады:

– Окшошобу? Бүркүт! А мына булар... – Ал үч тегерек чийинди сайды. – Бүркүттүн түнөк кылган бийик аскалары! Тиги... – Насталиктин бир четиндеги чоң тегеректи сайды. – Бул чоң уя! Уяны каргалар ээлеп алышкан. Мына, бала бүркүт жетилип, ала барчын болуп, эми каргаларды кууп чыгыш үчүн учуп чыкты...

Күлүп калышты. Өкүмдар тамаша кылып жатат деп ойлошту. Исхак күлгөн жок. Заматта бирда бирөөнүн ууртунда күлкү калбай, кайра баары мыдыр этпей калышты.

– Ушул бүркүт биздин көтөрүлүш, ушул турган сиз, биз! – деди Исхак. – Жетилип чыккан бийик түнөктөрү Наманген, Өзгөн, Ош, Анжиян, а талашкан чоң уя өлкөнүн ордосу Кокон.

Дуулдап калышты.

– Көп жашаң, таксыр!

– Бул эмне эле десе. Эми бүркүттүн чабытын чийип көрсөтүң!

Исхак жай сүйлөй баштады:

– Эң оболу бүркүттүн өз түнөгү бекем болсун. Намангенге 5 миң, Өзгөнгө 3 миң, Ошко 5 миң Лол каракелтектин эсебинен бөлүнүп өрүш алсын! – Ал Шаамырза датка менен Ярмат датканы карады. – Сиздер, урматтуу даткалар, бириң элбеги, бириң аскербашы, тандалма аскерден 5 миң, каракелтектен 15 миң кошун алып, мына ушу баарыбызга ыйык, баарыбызга кымбат Анжиян шаарын сактоого калгыла.

Даткалар таазим кылышты.

Исхак:

– Бүркүттүн оң канаты тандалма 5 миң, Уали, сиз башчы. Сол канаты 5 миң, Бекназар баатыр, сиз башчы.

Саркерлер таазим кылышты.

Исхак:

– Куш канаты менен учат, куйругу менен конот. Жардамчы кубат болуп, өз жигиттериңиз канча болсо ошонун баары, Абдымомун бек ага, сиз башчы. Сиз, Абдрахман бек ага, ушул кошунага ыктайсыз.

Бектер ыкрар болушту:

– Сиздин пашалык эркиңиз...

Исхак:

– Тумшугу тандалма 5 миң сыпай, 5 миң каракелтек, буга Абдылла бек, сиз башчы.

Абдылла бек макул болду.

Исхак:

– Эми бүркүттүн чеңгели калды. Чеңгели тандалма миң сыпай, 150 замбирек! Жер тар дебең, Абдылла баатыр, сизден бир аз артта чеңгелди башкарып, биз бололу. Буга макулсуңарбы?

– Куп жакшы! – дешип дуулдап жиберишти.

Исхак насталик кагазга дагы бир үңүлүп алып сөзүн улады:

– Оң канат дайра бойлоп, Балыкчы аркалуу Маргаландын этегинен өтүп, андан нары түз Коконго бет алат. Сол канат Кувасай аркалуу Маргаландын үстүнөн имерилип, андан нары Коконго бет алат. Коконго жеткенде эки канат биригип, Коконду эки курчап камоол баштайт. Тумшук түз жол алып, Маргаланга түз такалат. Эки канаттын азгантай жардамы кошулуп, тумшук Маргаланды алат да, андан нары Коконго жүрүш кылат. Ал эми куйрукчу? Куйрук алыстан караан көрсөтөт, кереги болгон учурда аскер бөлүп жардамга келет, кереги болбогон учурда арттагы душмандын чачылган-бүлүнгөн топторун сыдырып жоюп жүрүп отурат.

– О, эч ким калбаган экен! Баары карышталган экен! – дешип, мактоого сөз таппай калышты.

Исхак:

– Эки канаттын, тумшуктун, куйруктун, чеңгелдин байланышы тынымсыз болсун. Эки жактап, үч жактап жүргүзүлсүн. Ме­нин буйругум өз чабарманым аркалуу. Буйрук жетери менен аткарылсын!

Баятан бери эки көзү чекчейип, баарын байкап, баары ичтен салмактап отурган Абдырахман «Э, бу мынча акылды кайдан үй­рөнүп алган?!» – деп, ичинен астейдил таң калып отурду.

Исхак уруш кеңешине катышып отургандарды бир тегеретип тиктеп, сабыркап ойлуу тартып:

– Эми, жоролорум... – деп токтолду, кайра бир сыйра тиктеп, маани айтты. – Каргалар каркылдап жатышат. Уу тиштеп жүргөндөрү да жок эмес. Бирак, канчалык үнү катуу чыкканы менен, канчалык жамандыкты камдап жатышканы менен алардын алы чак. Каргаларды канатынын алдына калкалап, алдынан сыз өткүзбөй, үстүнөн бурчак тийгизбей асырап турган башка тоодон учуп келген темир тумшук алпкаракуш бар...

– Жарым паша! – деп жиберди кимдир бирөө.

Исхак сүйлөй берди:

– Мына ошол темир тумшук алпкаракушка бет келүүдөн этият болуу зарыл, карааны көрүнгөндө кайгып, кыйгап өтүү зарыл. Колдон келсе...

Эшиктен эч ким алдын тоспой турган өзүнүн атайын чабарманы шашып кирип келди. Исхак башын көтөрүп, элтейип, кабар жаман экенин чабармандын түрүнөн дароо сезип, эми аны уккандан коркконсуп, күтүп, оозун жарым ачкан бойдон, чабармандан көзүн алалбай селтейди, Фон Кауфманга жиберилген элчини коштоп кеткен эле. Баары таанып, баары нестейди.

– Аллаяр! – деди чабарман аптыгып. – Жарым паша элчини карматып калды.

Жардаган саркерлер, бектер, карт бугудай акылдуу кеңешчилер мелтиреп дем тартпай, Исхактын оозунан эми эмне сөз чыгар экен деп, күтүп калышты. Исхак ийин кага улутунуп эсин жыйды. Кумсарган чаар иреңине кан толкуп, а түгүл жүзү күлө багып, тобокелге баш байлаган эрдин кашкөй кейпине өттү:

– Эчтеме эмес. Иш бүттү деген сөз эмес. Мына ушул катуу кабарды угуп туруп эле, ачууну акылга бастырып, биз ал темир тумшук алпкаракуштун алдынан чыкпоого, буйтап, кайгып өтүүгө аракет кылуубуз зарыл. Чоң уяны каргалардан тартып алган соң, каргалар уя ээси деген укуктан ажырайт, ал укук бизге өткөн соң темир тумшук жырткыч куш биз менен алака түзүүгө мажбур болот! Биз мына ушуну эстен чыгарбообуз керек, мына ушуну көздөшүбүз ылазым...

Жыра тарткан, кошумча айтышка батынган киши болбоду. «Туура сөзгө, туура ишке сын жок...» – деген ой үстөмдүк кылды баарына.

* * *

Төшөлгөн килемдей түрлөнүп жайылып кең Фаргана мелмилдейт.

Кол менен жасап койгондой, ар кай жерде топудай-топудай сары дөбө. Саз бойлоп, суу бойлоп, тилкеленип, бир жайык менен бир жайыктын ортосуна көшөгө болуп, дүңгүрөп калың өскөн камыш. Малга, жанга жайлуу ылымта, буйга жерлер топ-топ кыштак, алыстан дарагы күдүрөйөт.

Ошол мезгил ак төөнүн карды жарылып, ырыскы жерде чачылып жаткан мезгил эле.

Эки жак тилке-тилке эгин жай. Арпа эчак жыйылган, четинде кырманы томурайып, аңызы агарып күнгө жалтырап жатат. Буудайдын орулганы орулуп, кырман четине чаркап болуп жыйылып, орулбаганы кыпкызыл болуп желге көлбүп, даны ыдырап төгүлүп турат. Көлмө жерлер бүтүндөй шалпая, шалы да быша баштаган, түбүнөн бака чардап, башы ийилип, жай ыргалып, сарала шайыдай үлбүрөйт. Ар кай жерде жаңы ачыла баштаган пахта көрүнөт. Андан нары башы-аягына көз жетпей, тукаба сыяктуу кулпуруп, мала кызыл гүл төгүп, беде жатат. «Бытбылдык! Бытбылдык!» деп, бир көрүнүп, бир жоголуп, бөдөнөсү ээн сайрайт. Тигил саз камыштын түбүнөн тартып, төрбөжүлдүн чийининдей жөөк салынган коон-палек, ар түркүн коону сайдын ташындай, карала, көгала дарбыздары алыстан бөгүп жаткан илбирске окшоп, палегине батпайт. Өтө бышкан «басып алды» коон палегинен өзү үзүлүп, өзүнөн өзү чарт жарылган. Бармактай кызыл кабак аарылар «дүң-ң», «дүң-ң» деп үн чыгарып коюп, шире соруп, сай­рандап жүрөт. Сары анжир, кызыл анар, ууздай ак шабдалы бышкан, а жол боюндагы, эгин жайлардын марзелериндеги өрүк­төр күбүп алар киши жок, чачып таштаган алтындай болуп, түбүндө жайнап төгүлүп жатты.

Эч адам көрүнбөйт. Файзабад кыштагы да аңгырап бош калган. Ачыгы ачык, чачыгы чачык. Ээсинен адашкан бир ит көчөдө жалгыз селпеңдеп желип, дубалдын кырында отурган мышыкка тап коюп, жетпеген соң, кайра селпеңдеп жөнөп, каңылдап улуп коюп, тентиреп жүрөт.

Кыштак четинде коончунун сересинин түбүндө жыйып үстүн камыш менен жаап койгон коондорун майкандап кемирип бир жоор көк эшек турат.

Эл үркүп кеткен. Бир жагынан ордонун аскери, бир жагынан тосмосун жырган көлдөй көтөрүлүшчүлөр каптап келатканда бөөдө кайгыдан качышып, үй мүлкүн, оозго тийип турган дыйканчылыгын таштап, эң мурун сулуу кыздарын, ишке жараган жигиттерин корголотуп, адам жүрө албаган чычырканактуу сайларга, жолборс, илбирс, доңуз күпкө кылган түнт камыштардын арасына баш катып кетишкен.

Жер ээн, кыштак ээн, саратан чызылдап, үлп-үлп этип ысык керимсел гана жортуп турду.

Ордонун аскерин Султанмурат бек баштап келди. Ал көлтөйүп, буту кыска эмеспи, үзөңгүнү аттын омуроосуна карай тээп, айлананы ныксырап карап, «Бул жер эмне үчүн бош калган? Эли кайда?» деп да сурабай, кызыкпай, ичинде канчалык коркунучу болсо да, ат үстүндө үргүлөп, талыкшып, тердеп камыгып келатты. Жанында Абдулазиз ясаулбашы . Көп аскер арты көрүнбөй чубалат. Нар, төөлөр замбиректерди бирден сүйрөгөн. Ат туягы кара жолду эзип, чаң бурап, жел ыккан жакка кайра себилип калып жатты. Жүзбашылардын чарчаңкы үнү, чаалыккан аттардын бышкырыгы арттан угулат. Туу кылкылдап, сыпайлардын токуму, жоо жарагы күнгө чагылышып, бирине бири жалганып, арты көрүнбөй чубалган аскер өзүнчө бир жай ийрилип сойлоп келе жаткан эң зор ажыдаар өңдүү.

Темине берип, жандап:

– Бек, – деди Абдулазиз ясаулбашы, – кошунду түштөнтөлү...

– Майли... – деди да, Султанмурат бек аттын башын көлөкөнү карай бурду.

Түштөнүүгө буйрук берилген соң, көп аскер туш келди аттарын коё беришип, өзүлөрү ээн жаткан кооңго жайылып, бирден коон, дарбыз көтөрүп, бапырашып, суу боюна, камыш арасына көлөкөлөп киришти.

Эми алдыга дасторкон жайып, удайчы Султанмурат менен Абдулазиздин алдына ширин тордомо союп коё баштады эле бирөө чаап келип, атынан ыргып түшүп, төбөсү менен тик сайылып таазим кыла берди.

Султанмурат бек оозуна салган бир кесим коонду жута албай эти өсүп кеткен кызыл көзү чекчейип токтоло калды. Бул алдыга кеткен кайгуулдун бири болучу. Абдулазиз ясаулбашы обдула:

– Эмне? – деди катуу. – Тилиң байланып калганбы?!

– Таксыр... Жоо келип калды...

Султанмурат бектин колунан коондун тилими түшүп кетти. Абдулазиз ясаулбашы ордунан атылып туруп:

– Ур! – деди дабылпаска, өзү шашып жоо киймин кийе баштады.

Дабылпас дүңгүрөтүп дабыл согуп кирди. Туш келди тараган көп аскер кымкуут түшүп, кай бирөө куралын таппай, кай бирөө атын таппай, кай бирөө өз онбашысын, өз тобун таппай кыжы-кыйма болуп кетти. Жүзбашылар атчан кыйкырып чабышып, жигиттерин чогултуп, адашып жүргөндөрдү эчтемесин калтырбай сөгүп, күпүлдөп, жоо ороп калгандай аң учту, карбаластап калышты. Султанмурат бек оозу жарым ачылып, эки жакты карап, те алыстан көрүнгөн өз сыпайларын тааный албай, каптап келаткан жообу деп, биротоло алактап калды.

Абдулазиз чымкый кара аргымакты ойното чаап, көп аскердин башы-аягына кыдырып, тескеп чыкты да, жүзбашыларды чогултуп, согушууга оңтойлуу өңүткө бөлүп, ар кимисинин убагын, кезегин түшүндүрүп, кайсы жүздөн кийин кайсы жүз ат коюш керектигин, сыгылбай, топурабай, куру чуу көтөрбөй, акыл менен, көз менен уруш кылууну катуу көрсөттү.

– Сиз бери келиң, мындай, – деп замбирекчи сарбаздардын жүзбашысына колу менен өңүт көрсөттү, – о тиги кичинекей жоносчону көрүп турасыз а, а жакшы көрүп турсаңыз, так ошол жоносчону сиз ээлейсиз, энди те тиги орулбай жаткан буудайды көрүп турасыз а, кырк замбиректи ошол буудайдын нары четине жоо келе турган четине мелжетип коёсуз, биз ушул жерден жоону тособуз, жоо улам көбөйүп агып киргенде, угуп алыңыз, арт жагына кырк замбирек менен согосуз, тыным болбосун, жыйырмасы ок салгыча жыйырмасы атып турсун, кайта жыйырмасы ок салгыча кайта жыйырмасы атып турсун, жоонун агымын токтотосуз. Эми сизге муну катуу эскертемин, эгер мурун ок чыгарып, замбирек бар экенин билдирип койсоңуз, же замбиректи таштай качсаңыз, угуп алыңыз, сизди замбирек менен өзүм атып таштаймын, жазаңыз ушул.

– Куп, аскербашы... – деп, таазим кылды жүзбашы.

– Куп болсо, барың энди!

Жүзбашы замбирекчилерин көздөй дүпүрөтө чаап кетти.

Султанмурат бек улам жоо келчү жакты каранып, ичинен титиреп, титирегенин билдирбеске тырышып, эрдин бек кымтып, айланчыктап, нары-бери бастырып, көз көрүнөө тынчы кетип турган эле. Абдулазиз ясаулбашы сулуу чертилген, кыска, быжыгыр кара сакалын сыйпалап, алагар көзү ойлуу, Султанмурат бекке бурулуп:

– Бек, – деди сылык, муңайым, – качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт, кудайга сыйынып, ушундайча уруш кылабыз эми. Дагы кандай асыл акыл бергейсиз?..

– Эмне айтайын? – деди Султанмурат бек, сиздин билгениңиз менин билгеним, сиздин буйругуңуз менин буйругум, ясаулбашы!..

Ошол учурда чуулдаган кыйкырык чыгып калды. Селт эте түшүштү. Те алыста эки атчан кубалашкан таандай караңдашып, кайгып чаап, жоо келет деп турган жакка кетип баратышкан экен. Артынан беш-алты сыпай кууп токтоп калышты. Чуу чыгарып кыйкырган ошол сыпайлар эле. Абдулазиз ясаулбашы колун серелеп карап, эки атчан бир дөбөдөн нары имерилип кеткенге чейин тиктеди да:

– Гм, – деди башын ийкей, акырын, – жоонун кайгуулу... жакындап калышкан экен...

Жалжал тиктеп, эмне дээрин билбей, Султанмурат бектин үрөйү учту. Абдулазиз жер тиктеп, демин ичине алып, тыңшай калды. Те алыстан адам үнү чыккансып, аккан суунун шыбырты окшоп, жер дүңгүрөп, калың атчан келе жаткан окшоду. Шыбырт улам даана боло баштады. Бүт аскер дем тартпай угуп турду. Султанмурат бектин өңү өчүп, ичинен келмесин келтирип, «Э, кудай, даргөйүңдө сактай гөр!..» деп күбүрөп, ачык эле калтаарыды.

Бир убакта утуру бетмаңдай жактагы дөбөдөн бир атчан кө­рүндү. Дөбөнүн эки жагына кыркар тартып токтоло башташты. Улам көбөйүп келди. Көп өтпөй дөңдөгү атчанга эки канат болуп, канаттын учу көрүнбөй, баары атчан, баары жаракчан, арасынан жылчык көрүнбөй, аска болуп тирелди. Дөңгө айчыктуу туу са­йыл­ды. Дөңдөгү чоюндан жасалган өңдүү, алп киши, алдындагы куланчаар аты жер жыттап, жер чапчыйт. Султанмурат бектин кө­зүнө ал баатыр кара чаар жолборс минип тургандай көрүндү.

Бекназар баатыр булдурсунду бүктөй кармап чекесине алып, жер танабын көзү менен өлчөп, бет маңдайындагы өмбүл-дөмбүл жерди, кылка камышты, алдында шырдактай жайылып жаткан түздү көзү менен аңтарып карап турду. Ордонун аскери бөрү тил найзадай кылынып, үч кабат кылып тизилген, те топ киши турган кашатчаны кыркалай дагы үч катар коюлган. Бөрү тил жиреп кирсе, эки канат болуп турган аскер эки жактан оролуп, кычкачтай сыгат. Бүт куралын шаймашай кылып, ордунун такшалган колу, иргелген колу мыдыр этпей катып турушат. «Жакшы өңүт алган экен...» деп ичинен ойлонду Бекназар баатыр бүгүнкү кыргын катуу болорун сезди.

Эки жагында эки кайгуулчу турган эле. Бекназар баатыр:

– Саны канча? – деп сурады, ордо аскеринин өңүтүнөн көзүн албай. Кайгуулчунун бири:

– Беш миң ашуун көрүнгөн, Бекназар аке... – деп жооп кылды.

– И, андай болсо, бул турган беш миң чыкпайт, тандалган миң сыпай тетиги жал камыштын артында бугуп турган экен анда. Замбиреги кайда экен булардын?

Бекназар баатыр унчукпай ойлонуп, көпкө туруп, оң ийни жакка башын бурду. Оң канатка чапчу жигит теминип келди:

– Лап-бай, баатыр ага...

– Урушта туруш жок, биз азыр тийише баштайбыз, – деди Бекназар, – Уали саркерге чап, алысырактан тездеп өтүп жоонун бугуп турган колуна тийсин, «анын энчиси ошол жакта бөлүнүп коюлуптур» де.

– Куп, баатыр ага! – Жигит чү коюп жүрүп кетти.

Бекназар жер өңүтүн улам тегеренип карай берди. Замбирек көрүнбөйт! Анын жүрөгүнө ушул күдүк болуп турду. Те туура жактагы жоносто кырка жыйылган чөмөлөлөрдү көп имерип тиктеди. Бирок жанында кыбыр эткен жан жок эле. Замбирек кай жерден атылса башкага карабай замбирекчи сарбаздарды көздөйсүңөр деп, сайлуу кара мылтыкчан жүз мерген бөлдү.

Ушул учурда тиги дөңдө Абдулазиз ясаулбашы жүзбашыларына керектүү жаңы буйруктарын берип турду. Анын жүрөгүн өйүгөн көтөрүлүшчүлөрдүн көптүгү. Улам арты чаң ызгый, ат кулагы тийишип, адам башы кылка-кылка, жер майышкан көп кол. «Канча сан болду экен?» деп, жүрөгү сыздап ойлонду. «Жоо жарагы чактуудур! Жыгачтан учтаган куу найза, табылгынын дүмүрүнөн кургаткан чокмор, барында кылыч, азында кара мылтыкдыр?! Тийишип көрсөк бекен?..» деди бир ою, жарымпаша берген жүз бат атар мылтык бар, ал ошону медер тутту.

– Сиз бери келиң!.. – деп, мерген башысын өзүнө чакырып буйрук айтты. – Сиз тетиги жал камышты көрүп турасызбы? А жакшы көрүп турсаңыз, жүз мергенди так ошол жал камыштын жээгине жаткырасыз, ок текке кетпесин, ашыкпай, коркпой, түз мелжетип ок чыгартасыз. Кайраттуусун! Куралы мыктысын! Уктуңузбу?..

– Куп болот, аскербашы!..

– Куп болсо барың энди...

Күн так төбөгө келип, ава үп болуп дымып турган эле. Көтөрү­лүшчүлөр чабуулду биринчи баштады. Миңдей тандамал баатыр он кабат болуп, акырын жылып жөнөгөн жардын көчкөнүндөй тегиз атып, дабылдар дүңгүр кагып, каптай жөнөдү.

Султанмурат бек «Жараткан, өзүң калка боло көр!..» деп, калчылдай баштады. Кумсарып турган Абдулализ ясаулбашы анын кебетесин көрүп:

– Бек, сиздин азиз каллеңиз үчүн бу дүйнөдө да, о дүйнөдө да сурак бергим келбейт, – деди кыжыры келип, – сиз буктурмага өтсөңүз, ал жердеги аскерге баш-көз болуп, биздин урушту алыстан көзөмөлдөсөңүз дагы, керек чакта мен кабар кыламын, өз удайчыларыңыздан башкасын толук бизге көмөккө салсаңыз.

– Жакшы кеп!.. Макул... деп, ошол жерден эле аттын башын артка кайрыды Султанмурат бек. Абдулазиз «Жаны эле ширин булардын!» деп, жек көрүп, артынан чакырая тиктеп:

– Бек! Галавачы пашага жигит чаптыра көрүң, бек!.. – деп үн салды. Буларга тутумдаш генерал Головачев, генерал Троицкий аскер менен келаткан болучу. Султанмурат бек кайрылып кароого жарабай, сөз маанисин толук да укпай, «Макул... Макул...» деп, сопоңдото желдирген бойдон артын карабай кетти.

Көтөрүлүшчүлөр улам жакындап келе жатты. Же кыйкырганы жок, же обдулуп ат ойното чапканы жок, баары бирдей жорттуруп, ат туягынан жер дүбүр-дүбүр этип, кандайдыр бир тажаал сүр коштоп, улам жакындап келе жатты. Баары кылычты бир суу­руган, баары бирдей тик көрүп, шилтенүүгө дапдаяр, күнгө жалт-жулт этип, баары бирдей кылкылдайт. Эң алдында, эшик төрдөй алдыда куланчаар аргымак элирип, камыш кулагын бир жа­пырып, бир тикчийтип, тыбырай жортот. Үстүндөгү алпатан баа­тыр ыргытып сабынан кайра тосуп наркескен кылычын ойнойт. Те нары дөңдө айчыктуу туунун түбүндө он эки карыш тай казан­дай дабыл тынымсыз дүңгүрөп, баатырларды коштоп, демине дем, сүрүнө сүр кошуп, тынымсыз дүңгүрөп жатты.

Абдулазиз ясаулбашы тагдырына сыйынды. Көк чалма менен башын оротуп, үстүнө кара темир туулга кийип, кара куштун кана­тынан кылынган ясаулбашылык жарлыгын оңдонуп, бир кубарып, бир шерденип, дем тартпай карап турду. Анын да деми аз эмес! Эки жагында зымырык куштун канатындай жайылып ордонун иргелген көйкашка сыпайлары турат. Не деген кыргындарды көрбөгөн, не деген шыркырап аккан кандарды кечип өтпөгөн?!

– Керней! – деди ясаулбашы эрдемсий.

Ошол замат кернайлар жер жарып, дабылдар дүңгүрөп кирди. Эки жоо дабыл, кернай, ат дүбүртү жер теңселтип, эки тоо бири бирине карап урап жөнөгөн сыяктуу тажаал айбат, сүр менен беттешти.

Чымкый кара аргымакты чимирилтип:

– Йа, алла! – деди Абдулазиз ясаулбашы.

Куланчаар аргымак төрт аягы менен тең бийлеп:

– Йа, ата арбагы! – деди Бекназар баатыр.

Эки жоо тең ат коюп жиберишти. «Ур!», «Сок!» деген өчтүү, заардуу үндөр зиркилдеп, эң алды куюн сыяктуу аралашып кетти. Наркескен кылычтар жарк. жарк шилтенип, аттар кош аяктап тура калып, кылыч куу найзаны сындырып, кылычты каскак кагып түшүрүп, жакындап чапма шылк этме, чоюнбаш эрлердин чокусуна былч-былч согулуп, кай бирөө аттан бөрт учуп, кай бирөө мурдунан кан түтөктөп агып, ат жалына өбөктөп жыгылып жатты. Ээри бош калган аттар бөктөрүнчөгү дүңкүйүп, тизгинге чалынып, темир менен адам бир аккан кара селдин арасында чыга албай чырылдап кишинейт. «Йа, алла, өзүң колдо!», «Йа, ата арбагы өзүң жар бол!» деп, эки жактан тең баатырлар айкырып качырышат. Эки жоо улам бири мойсоп, жиреп, улам бири артка чегинип, улам бири бир канаттан толгой чаап, эч бөлүнүшпөй, эч аянышпай бырчылдашты.

Бир маалда кырка чөмөлө турган дөңдөн удаама-удаа дүңкүлдө­тө замбирек атылып калды. Огу көтөрүлүшчүлөрдүн артын кесип, «күрс!, «күрс!» жер челип түшө баштады. Кол таруудай быркырап качты. Бекназар куланчаар аргымактын жалына өбөктөп, кылыч булгалап, «Октон кач! Октон кач!» деп кыйкырып, андан нары колду сыпайлардын бир канатын көздөй, ошол жакты жемиртип кирмекчи болду. «Толгой! Толгой! Толгой чап...» деп, өзү оңду-солду кылыч шилтеп кетти. А Абдулазиз ясаулбашы толготтурбаска аракеттенип, бүт сыпайларын көтөрүлүшчүлөрдүн кара селин кайра каптатып, кайра сыктырып, наркы замбиректин огуна кептеттирмекчи болду. Тынымсыз замбирек атылып, кулак тунуп, ат үркүп, ок түшкөн аймак быт-чыт, чаң ызгып жатты.

Чымкый кара аргымактын үзөңгүсүнө тура-тура калып, ясаулбашы «Ур! Ур! Тааныткыла энесин үч коргондун кайкысынан!» деп, замбирекчи – сарбаздарына дем берип, оштонуп, шерденип, ойдолотуп турду. Ошол учурда жүз мерген ат үстүнөн кара мылтык сундуруп, замбирек турган дөңдү качырып чыгышты. Кара мылтык «даң-ң!», «даң-ң!» атылып, огу замбиректерге чарпып тийип, сарбаздардын шаштысын алып жиберди. Абдулазиз ясаулбашы замбирекчилерге ошол замат бир жүз сыпай бөлдү. Ошол замат көтөрүлүшчүлөрдүн бир канаты созулуп чаап, имерилип, замбирекчилердин артынан каптап чыкты. Жакындан атылган окко карабай, жыгылганы жол-жолдо калып, бирок суу сыяктуу агып, замбирек орнотулган дөңдү бир жайпап өтүштү.

Тарс! Тарс! Капылдан мылтык атылат. Улам ондон, бештен баатыр аттан ооп түшүп калып жатты. Тарс! Тарс! Бекназар баатырдын жүрөгү селт этти. Тарс! Тарс! «Э, ата арбагы! Орус мылтык ко?!» деп, Бекназар четтеп чыга берип, эки жакка серп салды. Эчтеме көрүнбөйт. Тарс! Тарс! Улам ондон, бештен баатыр ат жалына кулачтап жыгылып жатты. Бекназар куланчаар аргымактын жалына өбөктөп чаап барып, жал камыштан кылактап өтө бергенде жакын эле жерден орус мылтыктын үнү «тап!» этип, ок кыйылдап желкесинен өттү. Ал буйтап чаап, те алыстап барып, жал камыштын түбүнөн кичинекей көк түтүн бурк-бурк дей түшүп, артынан орус мылтыктын заар үнү тарс-тарс чыкканын даана көрдү. Ал:

Момун! Момун! – деп кыйкырды. Чабуулга кезеги жакындап калган Момун саркер чаап жетти:

– Лап-бай, баатыр ага...

– Кыйратып сала турган болду орус мылтык! Жал камыштын түбүн кара...

Момун саркер чү деп аргымагын теминип жиберди. Артынан беш жүз кол селдей акты.

Ордонун мергендери көтөрүнгөн бир чоң баштыктан пактасы бар эле. Ал атканда мылтыкка жаздык, тыяктан ок келгенде калканч болучу. Ок пактага биртке кире түшүп, бир жерин булайта коюп гана өтөт, мергенге эч сака жетпейт.

Момун төрт тарабынан каптап кирди. Орус мылтыкчан мергендер орундарынан тура калып, качып атып, буйга жерге жата калышып, кайра тарсылдатып атып, уруша башташты. Аты курч азаматтар аралашып калышты. Кай бири тура качкан мергенди желкеден алып, көкбөрү сүйрөгөндөй дырылдатып баратып, башка бир мерген аткан окко учуп, ат жалына жыгылып, ат кеткен жакка кетип да жатты. Момун жаралуу жолборстой оозун ачып качырып, чоң кара сакалчан сарбазга жетти. Сарбаз алаңдап, баштыгын кош колдоп төбөсүнө кармай берди. Пахтасы чубала түштү. Сарбаз бир мүдүрүлүп, мөңкөңдөп, жыгылып кете жаздап барып, аңга түшө качты. Кылыч шилтеп, эмне үчүн мерт кыла албаганына ыза болгон Момун кайра атырылды. Ошол учурда кара сакал сарбаз мылтыгын бетине алып калган экен, Момун аттын бир капталына боюн таштады. Тарс! Ок түтүн аралаш күү этип аттын жалынан ашып кеткендей болду. Момун жетип сарбазды ат жалына басты.

Кылыч жарк-жарк шилтенип, орус мылтык бадырап атылып, кимдир бирөө бакырып, кимдир бирөө ыйынып онтоп, кимдир бирөө эчтеме укпай, эчтеме сезбей, иреңи жымыйып тыптынч жан берип жатты.

Абдулазиз ясаулбашы урушту карап, замбиректери, орус мыл­тыкчан мергендери кысымга түшкөнүн, ошону менен бирге кө­тө­рүлүшчүлөрдүн күчү үч бөлүштү болуп турганын көрдү. Замбиректин үнү тып басылды.

Көтөрүлүшчүлөр эрегишип, өчөшүп, кайра күчөп каптады. Да­гы куланчаар аргымак ыргыштап, оозунан ак көбүгүн омуроо­суна сампарлатып, үстүндөгү алпатан эр наркескен кылычын оңду-солду шилтеп, заар үн салып, чаңырып келди. Дабылдардын дүң­гүрүн, кернайлардын айкырыгын эми баатырлардын «Хайт! Хайттайт! Хайт-тайт!» деген кыйкырыгы басып кетти.

Абдулазиз ясаулбашы «Каптасын!» деп буйрук берип буктурмага Султанмурат бекке жигит чаптырды.

Чабарман эптеп кымкууттан чыгып, ичи саздуу калың камышты аралап, араң өтүп барып жер сыйпалап калды. Нары-бе­ри кыйкырып чапты. Эч ким жок. Султанмурат бек алыстан кыргынды карап туруп, жанынан түңүлүп, артынан кара таандай чуулдап каптап Уали саркердин колу чыкканда эле алдындагы атын созултуп чаап качып кете берген болучу.

Тыякта Абдулазиз ясаулбашы көмөктөн али үмүт үзбөй, улам алаңдап артын каранып, кан кечип, кан кусуп кармашып жатты. Бир маалда ал жактан да көтөрүлүшчүлөр каптап чыкты. Баатыр ясаулбашы оттун ичинде калды.

Сакалы ээрдин кашына түшкөн, узун бойлуу, кары сыпай «Йа, алла! Йа алла!» деп зикир салып жиберди. Жеңиш эмес, эми кара жандан түңүлгөн сыпайлар үйрүлө, коркуубу, эрдемсүүбү, баары бирдей дуу көтөрө коштоп кетишти. «Йа, алла!», «Йа, алла!» деп, зиркилдеп кошулду. Алар жанды оозуна тиштеген кашкөйлүккө өттү.

Эки жоо улам эрегишип, улам өчүгүп, улам бири толгой чаап, улам бири бөрү тил найза болуп жиреп кирип, аёону да, аянууну да унутуп, эстен кетип бырчылдашты.

Уруш кечке утур ордонун аскери Абдулазиз ясаулбашы баш болуп тегиз сулап жыгылганда гана басылды.

Жана гана ырыскы жайнап турган жер боорун адам өзү тебеледи, өз каны менен саз кылды. Сеңселген буудай, үлбүрөгөн шалы тыптыйпыл болуп, ным жерден чаң чыкты. Дүйүм мөмө, коон, дарбыз ат туягына эзилип, жексен болуп ылайга аралашып, канга аралашып жуурулду. Кара жерден бырыксып буу көтөрүлдү...

Эртеси жеңишти сүйүнчүлөп, куттуктап, Исхактын алдын чабарман тосуп чыкты. Исхак сүйүнчүсү үчүн аттан эңилип жигитти кучактап өптү. Тышына шүүшүн чыгып канжыгасында жүргөн баштыкты алып, оозун чечип жигит Исхактын алдына кармады. Исхак үңүлүп тиктеп:

– Йе, бул эмне?.. – деп чоочуп кетти. Кимдин башы?..

Чабарман баштыктын түбүнөн кармап башты жерге түшүрдү:

– Таксыр! Баатырлар сизге тартуу кылышты!

Абдылла бек эңилип:

– Э, жакшы тартуу экен, таксыр! – деп жиберди. – Абдулазиз ясаулбашынын башы экен. Ордонун иши бүтүптүр! Бул адам эң акыркы мыкты аскербашысы болучу. Бүттү! Мындан нары жол тороп эч кимиси чыга албайт эми...

* * *

Ишенген ясаулбашынын кыйрап калышы Насирдинхандын ындынын өчүрдү. «Эми арга не болмокчу? Бу селсаяк ушунча кутуруп кеткенби?!» деп, аны санаа басты. Мындай күндөрдө чылым, мусаллас гана көңүл жубатты.

Бир кечте эшик ага:

– Өкүмдар... азирети Султанмурат бек... – деп кабарлады.

Насирдин-хан бурулдатып чылым тартып, көзү жашылданып, өзүнөн өзү мылжыйып, жумшарып, бул дүйнөнүн көйүн такыр унутуп, жаны жай алгансып, ыксырап отурган эле. Ал ойсуз жылмайып, кашын бир аз көтөрүп, киргиз дегендей акырын башын ийкеп ишара кылды.

Эшик ага кетенчиктеп тез чыгып, тез эле Султанмурат бекти ээрчитип кирди. Султанмурат бекте да өң кеткен, суюк сакалы сербейип, эки көзү алайып, жүдөгөн. Оозу кургап турган таандай ээрди кеберсип, хан үкесинин каарынан жүрөгү үшүп, салбырап таазим кылып, үнү калтырап салам айтты. Насирдин-хан анын кебетесин имерип тиктеп, иштин жайы ага белгилүү, башын өкүнө ийкеди:

– И? Жан алгыч кууганбы сизди?..

Султанмурат бектин кулагына какшык угулду. Ал дит бага албай, ошол салбырап таазим кылып турган бойдон баш көтөрө албай:

– Өкүмдар... – деп, үнү каргылданып, актанып сүйгүй баштады. – Бир кудай өзү күбө, селсаяктын каракчыларынын ичине азезилдин өзү кирип алганбы... тим эле, кудай бетин нары кылсын, кутурган карышкырдын үйрүндөй... Гм... Анан ошентип...

Насирдин-хан жек көрүп тиктеди. «Күпүйгөн ашкеби! деди ичинен. Жанынын этин жеп, колдо бар аскерин берип, баатыр Абдулазиз ясаулбашыны кошуп, «Гапавачы пашага кара бол, көмөк бол, селсаяк Исхакты көптөп кармап байлап кел» деп аттандырбады беле?! Мына ишенгени... «Сөксөң да, урсаң да, канжалатып башын кессең да эчтеме чыкпайт. Турат бир көлтөйгөн арам эт!» деп жүзүн үйрүп, алтын чөйчөктүн түбүндө калган мусалласты акырын чайкай, ыргылжың тартты. Оюна эч арга чүргөлбөдү. Отур дегендей Султанмурат бекке кол жаңсады. Чарчап, коркуп, тизеси титиреп араң турган Султанмурат бек этек жагына колжоюп тизе бүктү. Кирпигин араң кыбыратып, салбырап отуруп калды. Насирдин-хан аны тиктеген жок. Султанмурат бек эсинен чыгып, өзүн өзү табалагандай бир ууртун тартып, мыскылдуу жымыйып, ойго батып отурду. Ичкилик бара-бара көңүлүн жумшатып, аны бардык ойдон алаксытып, бардык нерседен эринтип, акырын ныксыратты. Ал алаканын урду. Ошол замат эшик ага кирип келип таазим кылды. Насирдин-хан ага да өйдө карабай:

– Дүтар... – деди акырын. Эшик ага кетенчиктеп чыга жөнөлдү.

Султанмурат бек эми энтиккени токтоп, биртке жүрөк басып:

– Ар кандай иш бир кудайдын эрки менен... – деп сөз баштады. – Бирок, бир кудай сактаганды сактайм деген, жарымпаша менен акыбалды маслахат кылыш зарыл, өкүмдар...

Насирдин-хан унчуккан жок. Султанмурат бек:

– Жаш да болсоңуз сиз башсыз бизге. Өкүмдарсыз. Эртелеп бирдеме кылбасаңыз...

Аңгыча эшик аганы ээрчип, орточо бойлуу, капкара сыпаа муруту бар, эки көзү жалжылдаган жигит кирип, дүтарин бооруна кыскан бойдон, төмөн ийилип, салам айтты:

– Ассалому алейкум, аллаяр...

Тунжурап отурган Насирдин-хан баш ийкей алик алып, унчуккан жок, колунун учу менен маңдай жагынан орун көрсөттү. Дүтарчи сыңар тизелеп, коомай отура баштады. Султанмурат бек оозунан сөзү түшүп, алдыртан жаман көзү менен тиктеп тим болду.

– Күү чалың, курдаш!.. – деди Насирдин-хан жылуу ырай ме­нен, көзүн сүзүп, акырын теңселди. – Күү...

Дүтарчи оболу дүтардын кош кылын бир жың-ң дедире чертип, анан уккан пенде хан эмес карып болсо да көңүлүн бир көкө­лөткөн, бир жолу өзүнүн эл катары эле адам экенин, бу бейбапа дүйнөдө анын да ырыскысы, анын да акысы бар экенин эсине сал­ган, сездирген салтанат күүнү чала баштады. Насирдин-хан күүгө эридиби, же өзүнүн ички санаасы эргиттиби, же шарап менен чылымдын күчүбү, көзүн сүзүп, жүзү муңайым тартып ачылып, акырын теңселип отурду.

Султанмурат бек «Жыргаган экенбиз өкүмдарга?! Миң тукуму тукумкурут болгону жатса, о жараткан, мунун отурганын көр!..» деп, көңүлүнө ар жаман ойлор келип, бирок мыңк этишке жарабай, ындыны өчүп, өзүнөн өзү жоголул отурду. Дүтар үнү куунак, дүтар үнү шаңдуу, жүрөктүн эң ничке, эң түпкүрдөгү назик кылына урунуп, эңсөө, эргүү толгон, толукшуган бий ыргагы төгүлүп, кайра басым күңгүрөнө терең ойго, токтоо ойго толгонуп, кучак жеткис шаң, улуу салтанат дүңгүр кагып жатты. Султанмурат бекке ал дүңгүр деңиздин толкунундай каптап келаткан көп атчандардын дүбүртү болуп угулду.

Насирдин-хан улутунуп жиберди. Ошол шалдырап олтурган калыбынан өзгөрбөй алаканын шак-шак чапты. Күү бүтө элек эле. Дүтарчи эмне болгонун билбей, нестейип, дүтарин кучактап токтой калды. Эшиктен тез кирген эшик агага:

– Тон жап... – деди күңк эте Насирдин-хан, Дүтарчи ордунан туруп, ызат көрсөтүп, ыракмат билдирип, төмөн ийилип таазим кылды. Эшик ага алтын сайма кымкап тон апкелип, дароо дүтарчинин ийнине салды. Дүтарчи жүзү албырып сүйүнүп:

– Ыракмат, өкүмдар... Дагы мартабаңыз ашсын... – деп, астейдил ыраазылык айтып, бутунун учу менен кетенчиктеп жөнөлдү. Эшик ага да чыгып кетти.

Салтанат күү... Толгон журтка, толгон күнгө, толгон өкүмдарга ылайык толукшуган күү... – Насирдин-хан оң бөйрөгүн таянып, жашылдана кылгырган көзүн ачып, акырын күрсүндү. – Кайсы ырысыбызга?! Эмнебизге салтанат күү угуп эрип олтурабыз?!

Көзүнөн түпсүз кайгы, өзүн өзү мыскылдоо, келечеги жок адамдын күлкүсү көрүндү. Ичинен сөгүп отурган Султанмурат бектин жүрөгү сыйрылды.

– «Бизге башсыз, өкүмдарсыз» дейсиңер а?! Баарың мени карап, баарың мага төңкөп турасыңар а?! – деди Насирдин-хан. – Бийлигибиз оруска кетти, ишенген элибиз бир селсаякка өттү. Ыя, эми менде эмне ал бар?! Эмне арга бар?! – Барган сайын үнү катуулап, иреңи сур тартты. – А силер, ханзаадалар, бектер, таксырлар... эмне кылып жүрөсүңөр?.. Ата мурас бийлик кана?! Эл кана?! Мага эле керек беле?! Тажы кийген эле кишиге керек беле?! Эмне үчүн азирети Кудаяр баш болуп, баарыбыз бир селсаякка тең боло албадык?!.

Хан өзү жооп таппай олтурган суроого Султанмурат кайдан жооп бермек? Жылдызы түшүп шалдырады.

Насирдин-хан алаканын шак-шак чапты. Эшик ага пайда болду.

– Дүтар... – деди Насирдин-хан ыргылжың тарта. Дүтарчы эми эле кетти го? Эшик ага эмне дээрин билбей токтоло калды.

– Дүтар! – деди катуу Насирдин-хан, эшик ага эшикке атып чыгып кеткен соң, ал ыйлагысы келгендей кабарчыктап, буулуп өзүн араң токтотуп: – Мына, отурасыз, мында, Миң тукумунан, асылзаада аскербашы Султанмурат-бек! Тексиз селсаяк Исхактын атынын дүбүртү чыкса катыныңызды таштап, куйругуңузду кыпчып ордону көздөй качасыз. Мен эмне кылам ыя, «жарымпаша менен маслахат кылыш зарыл» деп, мага акыл айтып коёсуз а?!

Султанмурат бектин өлбөгөн төрт саны калды.

Эшик ага дүтарчини кайра апкелди. Насирдин-хан бир аз кабагы ачылып, шараптан бир кылт этип:

– Кел, курдашым, – деди үнүн көтөрө, – күүдөн чалың, курдашым. Бу бейбапа, бу жан этин жедирген тар дүйнө менен коштошуу... арман күү чалың...

Дүтарчи сыңар тизелеп отуруп, дүтарын кыңгыратып күүгө келтире баштады. Султанмурат бек ордунан козголуп.

– Мен барайын... Мага кандай буйрук кылгайсыз, өкүмдар?.. – деп дабдырап турду. Насирдин-хан эч көңүл бурбады. Султанмурат бек жыла басып чыга жөнөдү. Насирдин-хан карап да койбоду.

Түнү бою дүтар үнү басылган жок...

Таң атып кетти. Куш жаздыкка чыканактап жаткан жеринде үргүлөп, Насирдин-хан эчтемени сезбеди. Тыштан чуу чыкты. Дүтарчи элтейип, кулак түрдү. Кыйкырык чыгып жатты. Кимдир бирөө сөгүп жатты. Күү-күү... Дүтарчи колун сунуп, акырын түртүп ханды ойготмокчу болду. Батынбай колун кайра тартып алды. Ошол учурда эшик карс ачылып, далдактап чуркап эшик ага кирип келди:

– Таксы-ыр!..

Дүтарчи бурчка бүрүштү. Насирдин-хан бир атма орус пистолун ала турду:

– Ыя?..

Эки көзү кыпкызыл. Эчтеме түшүнбөдү. Эшик ага апкаарып:

– Таксыр... Таксыр... -дегенден башкага тили күрмөлө бербеди.

Насирдин-хан алдастап дарчеге жетти. Ордону эл курчап калган экен. Жөө самсыган эл. Те нары четте эшек минген, атка учкашкан, төө минген көрүнөт. Эл кыйкырып жатты:

– Чы-ык быякка! Бөрүнүн тукуму! Чы-ык быякка, наалаты!..

Насирдин-хан эл эмне үчүн чогулганын, кимди чык деп, кимди сөгүп жатканын түшүндү. Иреңи кумсарып, унчукпай карап турду. Ичи гана уйгу-туйгу. Кылар аргасы кайсы? Аскер кайда? Замбирекчи сарбаздар кайда? Тагдыры Миң тукуму менен бир ордо кишилери, бир аз ишенимдүү жигиттер, ордо кыздары гана калган экен. Удайчылар ордонун дарбазасын ичинен бекем дембелеп жаап, кылыч менен, мылтык менен, найза менен көпчүлүктү тосуп турушат. Эмне кылса? Ал ойлонду. Жок, анын кыр көрсөтүүгө эч кубаты жок экен. Көзүнө сызылып жаш келди. «Күнүм бүткөнү ушубу?..» деп арман ойлонду. Бери карады. Эшик ага буйрук күтүп, ылдый бүгүлүп таазим кылды.

Насирдин-хан:

– Орустун элчисине жигит чуркатың...

Эшик ага:

– Эч кимди ордодон чыгарбай жатышат, таксыр. Орустун элчиси да ушинтип идарасына камалып калды...

Насирдин-хан:

– Аскери бар го алардын?!

Эшик ага:

– Атпай жатышат, таксыр!

Насирдин-хан далысынан сокку жегендей онтоп, көзүн жумуп, шалдырай түштү. Анан:

– Ордо кишилерин жыйнаң. Жүктөтүң казынаны... деп, алсыз күбүрөдү. – Кожон дарбазасына карай жүрөбүз. Жатып ичерлердин бирин тышка түртүп чыгарың. Айтсын калкка!.. Кара жанын сурады десин, кетет десин...

Эшик ага кетенчиктеп чыга жөнөлдү. Насирдинхан кайра ча­кырды:

– Кыргыз айымды бери...

– Куп, таксыр...

Насирдин-хан иреңи өлүктүн иреңиндей сары тартып, куту учуп, үңкүйүп турду. Оюна эчтеме түшпөй, акылына эчтеме чүргөлбөй койду. Колу титирей баштады. Эч аргасы жок эле. Эгер бир гана аргасы болсо (!) ушул эшикке камалып келген элди өз колу менен бирден сайып, бирден жарып, канына боёп салар эле. Ошондо да өчү, мооку канбас эле! Тиши кычырады. Өз заарына өзү уугуп, ачуусу менен коркуу аралашып, ал бүткүл денеси менен калчылдай баштады. Өзүн токтото албады.

Эшиктен жаш зайып кирди. Узун бойлуу, кызыл жүздүү. Ак шайы көйнөк, үстүнөн карала кымкап камзол кийген, башында алтын сайма керене, эки билектей кош өрүм чачы толорсугунан ылдый түшүп, күмүш чачбак согончогуна төгүлүп келди. Колунда балтыр бешик баласы бар.

– Арбаңыз, падышам... – деди зайып акырын. Эмнеге чакыртканын күтүп калды.

Насирдин-хан:

– Кыргыз айым...

Зайып:

– Кулагым сизде, падышам...

Насирдин-хан:

– Тартууга келген күң эдиңиз. Эсиңиз менен, көңүлүңүздүн түздүгү менен ордомдун эркеси, ак никелүү зайыбым болдуңуз... – деп зайыпты сынай тиктеди, эмне айтар экен дегендей, а зайып кабагы суз тартып, жер тиктеп турган калыбынан былк этпей сөз акырын күттү, муну түшүнүп Насирдин-хан башын ийкей сөзүн улады. – Тышта не күн болуп жатат? Мына, төркүндөрүңүз түбүмө жетти, кыргыз айым. Илгертен тоолуктар менен тамыр-сөөк да болуп, минтип жоолашып да келген экенбиз. Мен эле көрбөпмүн мындай күндү?!. – Ал түп атасы Хажы бийди, чоң атасы Шерали-хандын, өз атасы Кудаяр-хандын жолун эстеди. – Эстүүлүк кылың, кыргыз айым. Баланы сактап калың. Алып кетиң тоого, этегиңизге ороп. Акыры, эр жеткенде эси болсо билер ким экенин. Бул дүйнө оомал-төкмөл экен, бир күнү оомат келсе бул бала сиздин бактыңыз болуп, тагаларына дагы таяныч болуп, биздин тукумубуздун баскан жолун басар...

Зайып:

– Падышам, менин төркүндөрүм өз ичинен бирөөнү ак кийизге салып алып келатат дейт ко? Бул чын болсо, бу сийдигиңизди алар асырабас бекен...

Насирдин-хан селейди. Тыштагы чуу күч алды. Бирөө жалба­рып, бирөө чаңырып жатты. Насирдин-хандын кулагына чуу кирбей, эси кетип, болтойгон кара каш баланы тиктеп селейди. Зайып жооп күттү. Насирдин-хан башын ийкеди:

– Энесиз го, кыргыз айым. Сактаңыз баланын жанын...

Зайып:

– Сөзүңүз эки болбосун, падышам, сактайын. Талак кылыңыз. Өз күнүмдү көрөйүн мен дагы. Эркин болоюн.

Насирдин-хан таң калып тиктеди. Зайып көшөрүп жооп күтүп турду. Насирдин-хан:

– Мейли, кыргыз айым, эркин болуңуз. Сизден эң акыркы сурарым ушул ки...

Зайып:

– Ыракмат, падышам. Жети атасы хан болуп эмне тапты?! Кимге пайдасы тийди?! Теги башка, атасы башка дейм, атын башка коём. Жүрөр эл ичинде таман акы, маңдай тери менен күн көрүп...

Насирдин-хандын эки көзү чакчайып кетти. Эрди титиреди. Оозунан сөз чыкпады.

Зайып баланы кош колдоп Насирдин-хандын алдына кармады:

– Падышам, башка аргаңыз болсо, мына өзүңүз билиңиз.

Өзү берки үч катынынан туулган балдарын сактап кетсе да куп кеп. Толгонуп туруп, аталары атайы кылып келген ишти бу да кылып, тоолуктардын арасына бир сийдигин таштагысы келди. Билсе билер тегин, билбесе өзүнө. Аргасыздын иши. Насирдинхан баланын бешенесинен сылады. Каңырыгы түтөгөндөй болду:

– Кайыр... Канжыгадан көрүшөрбүз...

Зайып ийилип таазим кылды да, баланы бооруна кысып, акырын басып чыгып кетти.

Бул хандын төртүнчү катыны болгон, Сарыбайдын кызы Кундузай эле.

– Эшик ага! Эшик ага! – деп чаңырды Насирдинхан алдас­тап. Жооп болгон жок. Ордонун коргонунун ичинен тарсылдап мылтык атыла баштады. Кылыч кырчылдап, бакырган, онтогон үндөр жакын эле жерден утулду. Дарынын, кандын жыты келди. Насирдин-хан келме келтирип, кылычын бир колуна, бир атма орус пистолун бир колуна кармап, калчылдап, бурчка барды. Эшик дүпүрөп жатты.

Лүкүлдөп караулбашы кирип келди:

– Таксыр! Кутурган эл артына сүрүлдү. Ортодон кан төгүлдү.

– Кан? Дагы көбүрөөк! Дагы! – деп нары кетти, бери кетти Насирдин-хан. – Бирин койбой! Бирин койбой...

Ушул учурда дарчеден ок зып деп кирип, дубалдагы килемге кадала түшүп турду. Тарс! Тарс!

Караулбашы:

– О, таксыр, күч келсе кана?! – деди түтүнү чыга. Насирдин-хан терс бурула берди. Караулбашы кайра лүкүлдөп чыгып кетти.

Эшик ага акактап кирип келди.

Насирдин-хан:

– Казына жүктөлдүбү?

– Жүктөтпөй жатышат, таксыр...

Насирдин-хан онтоп жиберди. Ошол учурда караулбашы кайра жулунуп кирип келди:

– Таксыр! Эл шаардын дарбазасын ачып... Болот-хан... – деди аптыга. Насирдин-хан ага атырылды:

– Жап оозуңду, шүмшүк! – деп атма орус пистолуна кол сермей. – Кайдагы хан?! Селсаяк дебейсиңби? Ууру дебейсиңби?

Караулбашы тике карады:

– Асте кылыңыз, таксыр! Күч кимде болсо, оомат кимде болсо, эл кимде болсо хан ошол!

Насирдин-хан шалдырай түштү. Караулбашынын көзүнөн жаны ачыганда ээсине асылып капканы турган иттин заарын сезди.

– Гм... – деп онтоп жиберди ал, эси эңгиреп, турган ордунда те­геренип, темтеңдеп, – ыя? Казына эмне болот? Ыя?..

Эшик ага ыйлактап колтуктап алды:

– О, жараткан! Жан болуп береби казына?!.

Караулбашы экөөлөп Насирдин-ханды баспас оюна койбой колтуктап алып жөнөштү.

Ошол тогузунчу октябрь күнү Насирдин-хан азгантай ээрчиген кишилери менен ордодон чыкты. Эл жолмо-жол кыйкырып, кесек менен артынан уруп Кокондон айдап салды. Ал эли жок, аскери жок, кол башындай алтыны жок, Кожон шаарындагы атасы Кудаярга барып кошулду.

Экинчи дарбазадан эл жолуна бойро төшөп:

– Жаңгер! Жаңгер! – деп кернай, сурнай тартып, шаң, салтанат кылып Исхакты тосуп алды.