кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Алтынчы бөлүм

I

Он эки миң кишиси набыт болуп, Абдырахман абтабачы каршылыкты токтотту да, беш жүздөй гана аскери менен, Исаоулияны ээрчитип сепилден чыгып кетти. Ошол мезгилде фон Кауфман өзү көп аскер баштап, өзү Кокон шаарын беттеп келаткан эле. Насирдин-хан тез Абдырахман жаатын ордодон кууп, дарбазаларды бекем жаптырып, Абдырахмандын өзүн шаарга киргизбей койду да, эч токтоосуз, өзүнүн кадырман деп эсептеген ордо кишилерин ээрчитип, Насирдин-хан дарбазадан жөө чыгып, урмат көрсөтүп тосуп алды.

Насирдин-хан менен жүз көрүшкөн соң фон Кауфман согуш министрине: «Өкүмдар императорго кыңк этпей баш ийгенин жана берилгенин көрсөтүп ханзаада менин алдыман өзү чыгып тосуп алды. Чын дилинен айткан баяндамасынан жана да башка анын актануусун тактаган кабарлардан улам кокондуктардын биздин кол алдыбыздагы жерге басып киришине анын керт башынын эч байланышы жоктугуна ишенүүгө болот. Ханзаада ишенип алака кылууга жарай турган адам экенине менин көзүм жетти» деп кабар жөнөттү да сүйлөшүүнү баштады.

Тез эле генерал-губернатор фон Кауфман менен Насирдин-хан шартнамага кол коюшту. Ал шартнама боюнча өлкөнүн түндүк тарабы – Нарын суусунун оң жээги стратегиялык мааниси бар Наманган шаары кошо Россия империясынын карамагына өттү. Ал аймактын калкына алтын баасы менен 600 миң сом көлөмүндө контрибуция салынды. Өзүнүн хан атынын гана аман сакталып калышы үчүн Насирдин-хан баарына жан деп макул болду.

Мына, өз эли менен тыгыз байланышта турган жергилик төбөлдөргө караганда да, бу улам бири кетип бири келип турган «хан» дегендер алда канча сөзгө, ийкемге бат келимдүү, бар болгону, алардын куш жеминдей биртке кадыр бийлигин колдоп койсо ошол жетиштүү – эмне десең ошондой. Буга «тили чүчүк, дили каттык» деп баалана баштаган жарымпаша өтө кылдат.

Ал эми бир нече жылдардан бери басылбай келе жаткан козголоң базар ичинен кокустан тутанып кеткен тополоң эмес, ордо бийлигине каршы уюмдашкан эрегиши гана эмес, тегинен көптөн бери өкүм сүргөн жана акыркы жылдарында түркүн тайпа журтуна опасыз болуп бара жаткан бийлөөчү тукумду биротоло кулатыш, мамлекетин кайра куруп бекемдеш, өлкөнүн өз алдынчалыгын сакташ зарылдыгы үчүн чыккан көтөрүлүш экени көрүнүп турат.

Бул мүдөө Россия империясынын ушунчалык көп каражат жумшалып, атайы «Экспедиция» деп аталган аскер аттандырылып, кан төгүлүп, бир жагы Арал фортунан, бир жагы Капал крепостунан бери жүзөгө ашырылып келе жаткан оторчулук кызыкчылыгына түздөн-түз карама-каршы болорун те акпашанын сарайынан таалим көрүп келген генерал-адъютант кантип көз жаздымга калтырсын?!

Ошон үчүн жарымпаша кандай ык, кандай күч менен болсо да, бул көтөрүлүшкө катуу каршылык уюштуруп, «согуш жариялоо» укугун пайдаланышка өттү.

Генерал-губернатор Маргалан бегинин сарайында жанына тилмеч алып, атайын бирөөнү күткөнсүп отурган. Адъютант, батырбашы Атакул ортого алышып, бир жүдөө дувананы алып киришти. Генерал-губернатор көзү жайнап, кашын бир аз көтөрүп, кызыгып тиктеп алды. А дувана эки ийнин кысып, жүз багып тиктебей таш кирпидей бүрүшүп турат.

– Ушубу?

– Ушу, бийик даражалуу жарыктык.

Генерал-губернатор ууртунан жылмайып:

– Келиңиз, ханзаада! – деди дуванага.

А дувана ого бетер беденин жыйрып, дирт эте кабагы чүрүшө калды, өйдө карабады. «О, алла... каапырдын жүзүн көрсөтпө, о алла, тарт чымындай жанымды келмекөй пендем десең... о, алла...» деп, ичинен келме келтирип, эси оогонсуп турат. Генерал-губернатор тилмечин карады. Тилмеч ийнин куушурду:

– Бийик даражалуу жарыктык, бу кудайына сыйынып, өлөр алдындагы дувасын күбүрөгөндөй болду сыягы.

Генерал-губернатор:

– Гм... – деп, ыраазы болбой күрсүнүп койду. Тилмеч:

– Бу дүйнөнүн кызыгынан кечип кеткен неме окшойт, эс-акылы жайында эместей... – деди акырын. Чекесинен тери чыпылдап турат дувананын.

Генерал-губернатор дагы эле үмүтүн үзбөй:

– Ну, атыңыз ким? – деп суроо кылды.

Тилмеч которду, а дувана укпагандай. Тыяктан кыжырлана келип, батырбашы Атакул дувананы силккилеп, «... өй, сурап турбайбы, айтпайсызбы акыры өзүңүздүн атыңызды, атаңыздын атын...» – деп туталанып шыбырап-күбүрөп калды.

– Менби?.. – деди дувана мукактанып, эки колу титиреп, үнү каргыл. – Мен энди альхамдулилла, мусулманмын, бир алланын пендесимин, Мухаммад расулилланын үмөтүмүн... аллага шүкүр, атым Пулатбекдур...

Атакул:

– Атаңыздын аты калып калды, бек... – деди кулагына.

Дувана:

– А энди... атабыздын аты, бир алла арбайын жаннати кылгай, Ибраим-бек...

Дувананын үзүл-кесил айткан сөздөрүн тилмеч аркалуу түшүнгөн соң генерал-губернатор күлбөй коё албады:

– Кокус, ханзаада, сизден бирөө ушундайча сурап калса, ушундайча ачык жооп бере аласызбы?

Тилмеч которду, дувана өйдө карабаган бойдон салбырап башын ийкей:

– А энди... сурап калса... сурап калса... – деп, ичинен «энди коё берер бекен бу каапырлар...» – деп, эт-жүрөгү титиреп турду.

Тилмечтен угуп, генерал-губернатор башын ийкей жымыйып, ушуга болсо да ыраазы болгонсуп калды. Муну эл алдына алып чыгыш милдетин батырбашы Атакулга жүктөп, аны ошол эле жерде Маргалан беги кылып дайындап чыгарды.

Маргаландын «орус көтөргөн» жаңы беги дувананы эл көргүдөй кылып алыш үчүн тазалантып, үстү-башын жаңыртып алмакчы болду. Бирок, сопу болуп кеткен неме жуунбай да, сакал-мурутун черттирбей да, ханзаадалар гана кийчү бир сыйра сарпайды ийнине салбай да койду. Шөлбүрөгөн жука боз чепкен, башында эски бөз боз чалма, аягында жыртык кайыш кепичтүү маасы, колунда түз да эмес, ийри аса таяк. Ушу бойдон эл алдына алып чыгышка мажбур болду Атакул.

Элди ийрип чогулттуруп, базарма-базар кыдыртып:

– Мына! – деп кыйкырып, моюн толгоп басканга айкырык салып токтотуп, «ханзаадасын» көрсөттү «орус көтөргөн» бек.

– Мына, анык ханзаада Пулат-бек! Өз оозунан уккула! Тиги «Пулат-бекмин» деп жүргөн безери Пулат-бек эмес, ал бир жүргөн селсаяк! Анын аты Исхак!

Жанында жүргөн ханзаада Султанмурат бек: – Эшиттиңерби?! – деп, камчысын бүктөй кармай силкилдетет. Кошо жүргөн жарымпашанын увакили кумсарып, элди да, элбегилерди да, баарын көздөн өткөрүп байкап жүрөт.

Сураган киши болуп калса дувана баягы жообун айтып кыңылдап, анан кадимкидей каңырыгы түтөй көзүнө жаш алып жиберет:

– О-о... үргүлөйүн дин-мусулман балдары, бошотуп алгыла мени... каапырлар мени зорлоп алып жүрөт... О-о, дин-мусулман балдары...

Эл ичи бушайман. «Ыя, ханзаадабы ушу байкуш?..» «Ай, ким билет?!». «Көз боёп эле жүрүшөт ко булар...» «... айттырып атышат ко...».

Бу бечара дувананын чын эле ханзаада экенине ишене албай койду эл. Көбүнүн атайы эле ишенгиси келген жок.

Бул акыбалды кошо жүргөн увакили генерал-губернаторго оозмо-ооз саласал кылды. Генерал-губернатор жымыйып отуруп укту. Көтөрүлүштүн башчысынын жалганын чыгарып, ээрчиген жана ага жан тартып турган жамы тайпаларга кадырын түшүрүп салыш үчүн бу дувананы атайы Самаркандан алдырган аракети акталбай калганын билди.

«Тили ширин, дили каттык» деген атка конгон жарымпаша эми «дили каттыктыгына» өтүп, өтө катаал эскертүү буйрук чыгарды:

Жамы кыштактардын жана айылдардын жергиликтүү билермандарына тегиз жария кылынсын, эгер кол алдыларындагы эли тополоңчуларга кошулса, же жан тартып жашырса, же кандайдыр бир жардам көрсөтө турган болсо – ошол кыштак, ошол айыл таланат, билермандары катуу жазага тартылат!».

Бул буйрук түрки тилине которулуп, көчөмө-көчө, мааледен маалеге таркатылды.

Тоо дайрасы тынч кезинде бук этпеген кул, кол арыкка кайрып алып кайда жетелесең эркиңде. Тоо дайрасы кирген кезинде качыраган пил, алдына турба, же агымына карай чабак ур, ар кандай тосмону агызып, ар кандай тукту жырып, буркан-шаркан түшүп өзүнүн жүз жылдап аккан нугун бузат да, жаңы багытка, жаңы нукка түшүп кете берет.

Эл тоо дайрасынын кирген кезиндей кайра ташкындап, чириген ордого, бапасыз ханга каршы кайра күчөдү. Жарым пашанын айбаты токтото албады.

Фон Кауфман согуш министрине: «Насреддин-хан күрөшкө аскер да, акча да жыйнай албай койду. Анын Анжиянга, Шариханга, Балыкчыга койгон бектери же аскерден жок, же куралдан жок шаарлардан куулуп ташталды, эл да, курал да көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өттү. Көтөрүлүштүн башына дагы баягы молла Исхак Хасан оглы келди...» деп шашылыш билдирди.

Исхактын аты дагы биримдиктин, боштондуктун ыйык туусу болуп көтөрүлдү. Элдин бардык катмары, чоң шаарлар Насирдин-хандын өкүмүнө ыкрар кылуудан баш тартты. Насирдин-хан бир ууч ордо кишилери менен Кокондо отуруп калды.

«Ишти өз колубузга албасак болбойт, өлкөдө тартипти жана тынччылыкты сакташ үчүн (ушул чакта кыпчактар менен кара кыргыздар турук кылган жерлерди тезинен сыдырып, алардын жалпы тынччылыкты бузууга болгон ар кандай аракетин баса турган жана жазалай турган) өзүбүздүн куралдуу күчүбүздү Кокондун карамагындагы журттун ооздукталбаган тентек, кашкөй элементине каршы коюшубуз зарыл» деп фон Кауфман түздөн түз кийлигишүү үчүн уруксат сурап, согуш министрине кайрадан отчёт жазды.

Эл Ботокара кыштагындагы Исхакты байыркы салт боюнча ак кийизге салып хан көтөрүп жиберишти.