кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Бешинчи бөлүм

V

Махрам сепили Кожон шаарына кырк беш чакырым аралыкка орношкон, бир ныптасы Сыр-Дарыя, бир ныптасы тоо, эки айланта урулган бийик дубалы бар, замбиреги жетиштүү, урушка керектүү куралы, ок-дарысы, оокат-азыгы, жем-чөбү мол, жыйырма миң ашуун аскер турган бекем жай болучу.

Барары менен Исхак кароол мунаранын түбүндөгү эң терең, эң караңгы зынданга салынды. Өлүмгө буйрула тургандар гана жатчу. Ордодон бир жаңсыл буйрук келмейинче жан адамды көргөзбөй, эч ким менен сүйлөштүрбөй, тири дүйнөдөн такыр бөлүп кармоо өкүм болунган эле. Бу кооптуу туткунга кароол коюуну, кароол алмаштырууну, оокат бердирүүнү сепилдин беги баягы элеттен «кун бүтөргөн» Иса-оулия өз колуна алды.

«Эмне үчүн али өлтүрүшпөйт?..» деп ойлонуп отурду Исхак, зындандын сыз дубалына сүйөнүп, караңгылык тумчуктуруп, ал бирдемени, жүрөгүн өйүгөн бирдемени эстегиси келди. Баары кымкуут, эчтеме эсине келбей койду. Ал ордунан туруп, эки көзүн чоң ачып, көөдөй караңгыны теше карады.

Эчтеме көрүнбөйт! Колун сунуп, алдыга басты. Үч кадам аттаганда колу дубалга урунду. Токтой калды. «Гөр деген ушубу? Мени тирүүлөй көмүшөбү?» деп сурады өзүнөн өзү.

Те бийиктен күрт-күрт деп шарпа угулат. Кимдир бирөө басып жүргөнсүйт. «Кароол...» деп шалдырап ойлонду Исхак, ким болсо да тирүүлүктөн кабарчы, ошону эш тутуп, телмирип тиктеп тыңшады. Бир убакта шарпа угулбай калды. Отуруп алды окшойт.

Темселеп келип, кайра дубалга сүйөнүп отурду. Караңгыдан качып, көзүн жумду. Оюна кымкуут санаа кайра төгүлүп келе баштады. «О, кайда экен азыр менин азаматтарым?.. Эмне кылып, эмне иштеп жатышат экен? Мени издешпей коюштубу?..» деп, ага өзү жооп таба албады. «Ордо менен жарашып кетиштиби?». Дагы жообу табылбады. Ал өйдө туруп, баш-аягы үч кадам жерде, ал жердин тарлыгын, караңгылыгын унутуп, ой-санаага кошо агып, нары-бери басты. «Мен эмнени жаза бастым? Эмне ката кетирдим?» деп ойлонду. Көз алдына кабагы кирдүү Абдырахман келди. Эки көзүнөн от күйгөн Абдылла бек көрүндү. Исхак онтоп жиберди. «Силерге ишендим! Силердин күчүңөрдү эрегишке бириктирип кетем дедим. Силерге ишенип, капкан жаткан жолго салып, көрүп туруп, билип туруп, капканга өзүм бут салып бердим. Э, кыйды түлкүнү серпем деп келип, журттагы куу казыкка тийип жарылган бүркүт болдум...» – деп жүрөгү тилинди.

Эми көз алдына ар бири өзүнчө дүңгүрөтө кол баштаган Момун, Уалихан, Бекназар, Эшмат саркери келди. Мына, жылуу жүз, тааныш үн. Исхак азыр алардын арасында отургандай жаны кубат алды. «Ушулардын бирин жаныма албай Абдырахмандын капканына барганымды көр?!» – деп көңүлүнө арман келди сызылып. «Мага Абдырахмандын удайчылары жабылганда жанымда батырбашым Атакул бар эле. Ал эмне болду экен? Бир гана жолу нары карап баскан далысын көрдүм. Эмне болду экен?..» – Исхактын жүрөгү шуу дей түштү. «Нары карап кеткен! Ошол жексурлук кылып кеттиби?!.» деген ой заматта кылт этти. Жүрөгү дүкүлдөп, башын чайкады. Көптөн бери өзүн кайтарып жүргөн батырбашысын чыккынчылыкка кыя албады. «Өлсө кармашып өлдү! Өлбөсө мага окшоп, тирилей гөрдө жатат!» деп, өзүн өзү алаксытты. Бирок, Атакул батырбашынын үңкүйгөн далысы көзүнө кайрадан улам көрүнүп, көңүлүн эки ача кыла берди:

Исхак өйдө карап, жүрөгү болк дей түштү, те бийиктен, бир жерде ийненин көзүндөй жылчык барбы, бир учук ак жиптей нип-ничке шоола үлбүрөп, жерге жетпей түгөнүп турганын көрдү. Ордунан ыргып турду. Шоолага алаканын тосту, чогултуп алгысы келгендей. Алаканынын оту араң көрүндү. Жарык бир тамчыдан ашкан жок. Исхак куса болуп кетти.

«Бул эмне деген кордук?! Ыя, бул эмне деген зордук?!» деп, көзүн жумуп бурулуп кетти Исхак. Ушул азыр душманы менен да, тууганы менен да бетме-бет болуп, өзүнүн жамандыгын да, жакшылыгын да калыстардын ортосуна салып, туугандын куйтулугу болсо наалат айтып, душмандын түздүгү болсо ыракмат айтып, бул ит тартыш дүйнөдөн көп кыйналбай кеткиси келди. Эмнени көксөйт?! Кайда талпынат?! Ал азыр тири арбак! Оронун түбүнө түшүп калган ташбака! Канаты жулунган куш! Кимге жетет?! Кимге өктө кыла алат?! Исхак алсыздыгын толук сезди. Көңүлү сынды. Шалдырап, кайра отуруп, дубалга сүйөндү.

Аны уйку жыкты.

Ыя! – деп, чоочуп кыйкырып, башын көтөрдү. «Кайда жатам?» дегендей, эки жакты абайлап карады. Эсине келди. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Өлүктөй жымжырт. Гөрдө жатып тирилгендей сезилди. «Бирөө чакыргандай болду го» деп өзүнөн өзү сурады.

Тегерете карап, баягы бир учук ак жиптей үлбүрөгөн шооланы издеди. Эчтеме көрүнбөйт. Ал селт этип ордунан тура калды. Эки колун тең сунуп алдастады, тиги дубалга барып бир урунду, бу дубалга бир урунду. Үнүнүн бардыгынча бакыргысы келди, эмне үчүндүр бакыра албады, суудан чыгып калган балыктай оозун ачып, энтигип кетти. Аны бир заматта караңгылык, жымжырттык думуктуруп жиберди. Жүзтөмөн түшүп, эки көзүн басып жыгылды. Бирпас жатып, жүрөгүнүн дүк-дүк туйлаганын угуп, акыл токтотту. «Э, эмне болуп турам?.. Эмнеге тыбырайм?! Тагдыр пешенеме ушуну жазса, тагдыр өзү мойнума ушул кылтагын салып, өлүмүм ушундайча боло турган болсо, ыя, мен эмне кыла алам, тагдырдан качып кутулган ким болгон?! Эгер жазатым мында болбосо, жатканым убактынча тарткылык, бир күнү жер үстүнө чыгармын, кайра минермин аргымак атка туу булгап!..» – деди, бир аз жүрөгү тынчтанды.

Эми көңүлүнө жымыратып үмүт келе баштады. «Кайдасың, кара башымды сайып камын көргөн журтум! Кайдасыңар, үзөңгү кагышкан жоролорум! – деп ичтен кыйкырды. Жооп болгондой көз алдына ажайып жарыктык дүйнө жаркырап жайылып, дабылдар дүңгүрөп, ат дүбүртүнөн жер солкулдап, өзү кураган, өзү таптаган көп кол алдынан тосуп келаткандай болду. Ал да ири алдыңкыларын чындай таамай көрдү. Дагы жүрөгү козголуп, толгонуп кетти. Эмеле көз алдына жайылып келген, бир паста кубанычтын, өкүнүчтүн даамын таттырган ажайып дүйнө жалп өчүп, караңгылык, өлүктөй жымжырттык, жалгыздык кайра ортого алды.

Исхак зындандын төбөсүн тиктеп, бир шоола көрүнөр бекен деп зарыгып самап, кулак төшөп тыңшап, бир тири жандын шарпасы угулабы деп, жүрөгү сыздап отурду. Эчтеме жок. Кулак чыңырат. Өлүктөй жымжырт. Эптеп бир шабырт болсун дедиби, атайылап жөтөлүп койду. Өзүн алаксытып:

– Кайсы убак болду экен? – деп өзүнөн өзү сурады.

– Мен кайдан билем, отурам го сен отурган жерде?! – деп өзүнө өзү кырс жооп берди. Оозун чоң ачып, кыш дубалдуу зынданды жаңыртып, карсылдап күлдү. Кайра бат томсоруп, мисирейип катты.

Бир убакта бир учук жиптей ак шоола акырындап сызылып, бийиктен түшө баштады. Чочутуп кетирип албайын дегенсип, ал дем чыгарбай, былк этпей, мелтиреп тиктеп отура берди. Жарык анын сызылып агып, жерге жетпей буу болуп, жоголуп жаткан ичер суусундай көрүндү, төгүлүп жаткан өмүрүндөй сезилди. Ал ордунан турганын билбей, ак жарыктын алдына барды, барып, абайлап эки кочушун тосту. «Чын эле менин өмүрүмбү? Бирде келет, бирде көздөн кайым болот. Же үзүлө албай, же улана албай, тагдырымдын кол таразасында мөлтүлдөп турабы?..» – деп ойлонду. Ак жарык кочушуна тамгандай, кочушу толгондой, ал абайлап, ак жарыкты оозуна көтөрдү, эки-үч ууртады. «Эненин сүтүндөй ширин экен, жарыктык...» – деди. Көңүлү, чын эле, каниет алгансып калды.

Те алыстан жер үстүнөн шарпа угулду. Исхак башын селт көтөрүп тыңшады. Шарпа так үстүнө келди. Темир капкак шырк деп ачылып, сүттөй жарык туткундун башынан ылдый, зындандын түбүнө шар төгүлүп кетти. Караңгы карыктырган көзү чымырап, жарыкты карай албай, Исхак бетин басты. Бирдеме жанына тып деп түштү. Нан эле. Күндө бир убак ташташат. Жипке салаңдап кичинекей жез чайнек түштү. Бул кайнаган суу. Ал унчукпай чечип алды. Өйдө карап, те бийикте бетин сакал баскан бирөө тиктеп турган экен:

– Ассалому алейкум, мусулман! – деп үн берди Исхак. Тиги корккондой көзү алая түшүп, шашып башын тартып кетти. Темир капкак шарак деп жабылды. Башына кайра кара түн чүмкөлдү.

– Эй! Э-эй!.. – деп кыйкырды Исхак. Жооп жок. Күрт-күрт эткен шарпа алыстап, бир убакта таптакыр дым болду. «Бүгүн да сүйлөшпөй кетти. Эмне үчүн сүйлөшпөйт? Мен жамандык кылдым беле? Кимге жамандык кылдым эле? Ким болду экен?..» – деп тунжурады.

Бир сындырым нан менен өзөк жалгап, суу ичип, ал бир аз чыйралып, кубат алгансып калды.

Күн артынан күн өтүп жатты. Исхак күндүн өткөнүн унчукпас кароол нан таштаганынан болжолдойт. Күн менен түндү төбөдө асылып турган бир учук ак жиптей үлбүрөгөн жарыктын бирде өчүп, бирде пайда болгонунан гана айырмалайт. Сакалы, муруту өсүп, чачы кулагына түшүп баратты. Биринчи күндөрдө зындандын сасыгынан башы ооруган эле. Эми таптакыр билбей калды.

Көңүлүнө көбүрүп арман келип, ыр болуп, өзүнөн өзү куюлушуп төгүлдү. Ал шалдырап улутунду. Ал тышты эстеди. «Көк шаңкайып ачык бекен? Те алыстан улуу тоолордун баштары үлбүрөп, ар жеринде үзүлүп түшкөн чуудадай болуп, ак булуттар калкып тургандыр... деди көңүлүндө. Күн жылуу бекен? Азыр мезгил жакшы, мемиреп, эне сыяктуу мээрим төгүп турган чыгар. Э, ажайып ак коргон тоолордун ортосунда көк ирим көк деңиздей мелмилдеп, асыл Фаргана керилип жаткандыр, ырыскысы ташып, өрүк жыттанып, нан жыттанып, коон жыттанып...». Ошол шаңкайган улуу тоолордун ичинде, асыл Фаргананын бетинде кумурска болуп жоголуп, чекеси тердеп жөө басып, буту талып, бу дүйнөнүн кеңдигин сезип жүргөн сыяктуу болду. Ушу азыр бир учук ак жиптей ак жарыкты медер тутуп, эненин сүтүндөй ээмп отурганын, сыз, сасык зынданды бир паска болсо да унутуп, жүрөгү жылыды.

Ал бүрүшүп, эки тизесине чекесин коюп, дагы жоопсуз, учсуз ойго чөгүп отурду. «Эмне үчүн өлтүрүшпөйт?..» – деген суроо көңүлүнө дагы келди. Жооп табууга аракеттенген жок. Өзүнчө кырс этип күлүп койду. Эмнеге күлгөнүн өзү да билбеди.

– Дүң-ң... деп, алыстан туңгуюк күңгүрөнүп, шоокум келди, Башын көтөрүп, кулак төшөп тыңшады.

– Дүң-ң!.. – деп дагы алыстан келип, таман алды биртке титир этип кетти, дагы: – Дүң-ң!.. деп, дагы таман алды титир этип артынан дүңгүрөп, үн кандайдыр кеңдикке тарап, сиңип кетти.

– Замбирек! Замбирек атылып жатат!.. деп, Исхак ордунан тура калды. Замбирек кайдандыр алыстан дагы атылды. Жүрөгү лакылдап кетти. Момун, Бекназар, Эшмат жер жайнаган кол менен, туу кылкылдатып, Махрам сепилин каптап келе жаткандай туюлду. Ал алдастап:

– Эй! Э-эй!!. – деп бакырды, бийикти тиктеп, зындандын темир капкагын тиктеп. – Ким бар? Э-эй, ким ба-ар?!

Күрт-күрт шарпа угулду. Бирөө келаткандай. Так үстүнө келди. Зындандын темир тор капкагы шарак этип ачылып, сүттөй ак жарык Исхактын башынан ылдый, зындандын түбүнө шар этип төгүлүп кетти. Сакал баскан кароол экен. Саксайып тиктеди:

– Эмне? Келме айтып коёюнбу?

Исхак адамдын үнүн укканга сүйүнүп кетти:

– Жо, тууган, келмем оозумда...

– Эмне? Кыйкырбай жатпайсыңбы кудай деп?! – деди кароол нааразы үн менен, зындандын темир тор капкагын жаба баштап.

– Эй, тууган!..

Кароол кыйылып токтой калды.

– Тышта эмне болуп жатат? Ыя, замбирек атылып жатабы?..

Кароол башын салаңдатты:

– Сага эмне кереги бар, мусулман? Бу дүйнөнүн көйү бүткөн го сага!. – деди кейигендей, анткен менен кетип калбай, негедир зериккенден болсо да, сүйлөшкүсү келип турганы сезилип. – Эмнесин сурайсың? Бу дүйнө кымкуут. Газават...

Исхак бир кур нестейип, ойго алдырып, токтой калды да:

– Ким баштады?.. – деп сурады. Кароол жооп бербей, нары жакты тиктеп, бирдемеге алаксыды да, кайра үңүлүп:

– Ким тарыса ошол баштайт да чатакты... – деди акырын.

– Ордо баштаган экен! Абдырахман баштаган экен! Жыландын куйругун баскан экен, кайран журтту курутуп алмак болгон экен, кайран өлкөнү түгөтмөк болгон экен... – деп, Исхак өрттөнүп тескери басты, зындандын караңгы түбүндө алдастады.

Кароол карап туруп, өзүнчө: «Өзү жаткан жери бу болсо, кудайдын куттуу күнү өлүмүн күтүп отурса, элге, өлкөгө күйүп сүйлөгөн бу кандай неме? Акылынан ажырай баштаган экен байкуш...» деп, мындайларды көп көргөн, кайдигер болуп калды. Исхак дагы өйдө тиктеп:

– Эй, баатыр, – деди буйрук кыла, – Иса-оулияны чакыр, тез келсин, айта турган сөзүм бар!..

Кароол боору ачып:

– Кой, дөөрүбө, мусулман, – деди, – сүйлөшүүгө болбойт, ачуума тийсең, капкакты жаап коём.

Жапса жаап коёт да! – Исхак унчуга албай калды. Ичи түтөп, баш-аягы алты кадам зындандын түбүндө өзүнчө күңкүлдөп, нары-бери баса берди. Кейиши, өзү менен өзү кобурашканы кароолдун кулагына көпкө дейре угулуп, анын көңүлүн дагы тартты.

Кароол таңыркадыбы, кызыктыбы, иши кылып, эңкейип:

– Эй... Сен кимсиң өзүң?.. – деп сурады. Исхак так алдына басып келип, чалкалап тиктеп, те бийикте турган сарбаздын сакал баскан башын көрдү. Андан нары чөйчөккө куюлган тунук суудай мөлтүрөп асман көрүндү. Ал каргыл үн салды:

– Баары бүлүнө турган болуптур го?! Эми менин ким экенимди билип эмне кыласың, тууганым?!. А сени, Абдырахман! Териңди тескери гана сыйрыбай...

Кароол те төмөн зындандын караңгы түбүндө, темтейип, сакалдан эки эле көзү алайып көрүнгөн мусапыр адамдын оозунан чыккан сөзүнө ого бетер таңыркап, Абдырахман кайда, бу кайда, акылынан ажыраганына толук ишенип, карс-карс күлдү:

– Йе, таксыр, Абдырахман кача алабы сиздин чеңгелиңизден, терисин бир эмес беш сыйрысаңыз сиздин пашалык эркиңиз?..

– Күл. Күлө түш. Жарым эс. Жети атаң мекен кылган өлкөң канавайран болуп жатса, кайсы ырысыңа күлөт экенсиң? – деди Исхак жай. – Эрегиш эмне болду? Тарап кеттиби?

Кароол соолуга калды:

– Кайсы эрегиш? Хазрети аскербашы көтөргөн эрегишби?

Исхак баш чайкады. Кароол:

– А-а... деп эсине келтирди. – Болот-хан баштаган көтөрүлүшбү, Болот-хан өзү Макка-туллага зыяратка кеткен дейт го. Кураган аскерин хазрати Абдырахмандын амирине таштаган экен, жармы ыкрар кылса, жармы ыкрар кылбай, кымкуут болуп жатышат имиш.

Исхак шалдырап зындандын түбүнө отуруп калды. «О, шумкарларым...» – деди, ишин токтотпой, ордонун кысымына моюн бербей жатканын акыл менен сезди, азаматтарына ишин таштабаганына ыраазы болуп, ишинин ыйыктыгына ишеними дагы артып, жүрөгү алпыгып, сүйлөөгө жарабады.

– Эй, таксыр, – деп шылдың кылды эми кароол, – сизге эмне кереги бар эле алардын?

Исхак ордунан туруп, сарбаздын ырсайган кебетесин суз тиктеп, башын ийкеди:

– Мен ошо Болот-ханмын...

Кароол оозун кайыштырып, астейдил күлдү:

– Хи! Хазрати Абдырахман эмессиңби?!

Исхак титиреп:

– Наадан! – деп чаңырып жиберди. – Ишенбей турасыңбы?!

Кароол дагы күлдү. Ал ишенген жок. Күлүп, башын тартып алып, Исхак дагы бирдеме дегиче, зындандын темир оор капкагын шарак эттире жаап салды. Караңгылык башына кайра чүмкөлдү.

– Эй! Эй, токто! – деди Исхак. Жооп болгон жок. Күрт-күрт этип шарпа алыстап, тым болду.

Алыстан замбирек атылды.

...Күн өтүп жатты окшойт. Бир учук ак жиптей кылайган жарык бир нече жолу өчүп, бир нече жолу туткунду сүйүнтүп, кайра жанды.

Зындан гөр сыяктуу. Күтүп отуруп зарыкты, үмүт өңдүү алыстан шоолаланган ак жарык али чыга элек. Ал, жок дегенде, ийин талыткан караңгылыкты сезбес үчүн көзүн жумду. Көз жумулса ой келет. Ойлонбоюн дегенине болбой, бирине бири алмашып, кубулуп, көңүлүнө ар түркүн ойлор түшүп, өзү аралашып, көзүнө көрүнө баштайт.

Ана... Өзүн көрдү... Төр жайлоо. Те нары иргелген аргымак аттар жайылып жүрөт. Өзүнүн акбоз аргымагы ичинде экен, чылбырын сүйрөп, токуму менен, алдынан тосуп, кишинеп чыкты. Кимдир бирөө колтуктап атказды. Экөбү ат жалына өбөктөп, кайдадыр бир жакка жарышып жөнөштү. Шамал дуулдап, ат дүбүртү, үзөңгүлөрдүн кагышканы кадимкидей кулагына угулуп баратты. Тигине эңсеген эңсеси бийик ак өргөө. Экөбү эңкейбей киришет. Төрдө отурган ак элечек, келбеттүү байбиче жылуу жүз менен тосуп алды. Өзү туруп сабадан кымыз куйду. Ал аптыгып жутту. «Азып калыпсың, жолборсум!..» – деди байбиче, жүзүнөн эне мээрими төгүлдү. Ал эреркеп кетти: «Жан энем... Ак сүтүңдүн кубаты дагы ушуга жеткирди!..» – деп, эт-жүрөгү болкулдап, каңырыгы түтөдү...

«Бул кандай аян?.. Кудайым берет бейм, чыгат окшойм бу көйдөн?..» – деп жоруду Исхак бүрүшүп отуруп.

Ана... Дагы өзүн көрдү... Узуну чыгып өлүп жатат. Эңсеси бийик ак өргөөнүн бир капшытында алдына көк камыш төшөнүп жатат. Жаш өлгөндүн белгиси кылып, чамгаракка чымкый карадан аза туу көтөрүшкөн экен. Көп азамат кырчоо кармап, кылыч өбөктөп «Эзил кайран...» дешип, жер дүңгүрөтүп өкүрүп турушат. А тиги Уалихан. Карт бугудай акылдуу, аяр абышкалардын алдына туруп, анын жаназасын окуганы жатат.

«Бул кандай аян?..» деп таң калды Исхак. «Өлүм жакын го? Сөөгүмдү сурап алып, элим, азаматтарым ушинтип ариет кылып көмүшөбү?..» – деп кеңгиреди.

Ал башын көтөрүп, эки көзүн чоң ачып, өйдө тиктеди. Эчтеме жок, көөдөй түн каптап турат. Көңүлү кайра чөктү. «Таң качан атар экен?..» – деп өзүнөн өзү сурады. Өзү жооп берген жок. Куса болду. Жымжырт. Кулагы чыңырды. «Дүйнөдөн дагы бир чымын жан учуп кетти окшойт...» – деп ойлоду, артынан «Менин жаным болду бекен?..» – деген муздак ой жүрөгүн сыдырып өттү.

– Э-эй, барсыңбы? – деди бейтааныш үн. Исхак башын көтөрүп, эмне дээрин билбей, нестейип туруп калды. Шаты салаңдап түшүп келди. Ал жүгүрүп туруп, шатыны кармады. «Боштондугуң келди!» – деди үмүтү. Ошол замат «Түн экен го? Эмне үчүн түндө эстеп калышты? Өлүмүң келип жүрбөсүн?!» – деп, этектен тартты коркунучу.

– Э-эй, бери чык! – деп шаштырды бейтааныш үн. Исхак унчукпай, шатыга тырмышты, тизеси уюп, бууну титиреп, зындандын оозуна жетти. Кимдир бирөө билектен алып, өйдө тартып алды.

Исхак аптыга түштү. Ава таза, муздак окшоду. Көзүнө биринчи эле эки сарбаздын үңкүйгөн турпаты, капкара асман көрүндү.

Сарбаздар эч сөз айтпай, бири артынан түшүп, бири алдына түшүп, аны бектин турагына алып келишти.

Кыркма сакалы, муруту көгала, жалаң карала топусу менен, шырыма кара чапанын жамынып, Иса-оулия өзү жалгыз отурган экен. Туткун эшиктен киргенде, ал былк этпей, кирпигин да ирмебей, тырмагын бекитип отурган эркек кара мышык өңдөнүп, ичтен тымпыйып тиктеди. Балдын мумунан жасалган шам араң бүлбүлдөп, үжүрөнүн ичин коңурсутуп, жарык кылып турат.

Исхак душманынын көзүнө ноюгандай көрүнбөйүн дедиби, тың басып, боюн түз алып, эки көзү Иса-оулиянын чекесине кадалып кирди, салам айтпады. Бир аздан соң Иса-оулия кашын көтөрдү:

– Келиң, ханзаада, – деди карынын муңайым жумшак үнү. Исхак жооп бербеди, жүзүн үйрүп башка жакты тиктеди. «Ханзаада» дегени мыскылдай тийди. Иса-оулия эрдин кымтып, ойлуу тиктеп отуруп, жамынып отурган шырыма кара чапанынын түшүп кеткен жеңин ийнине кайра оңдоп салып:

– Углум, – деди акырын, – отур, жай сүйлөшөлү...

Саал ыргылжың болуп, арыктаганга билине түшкөн чаары одурайып, иреңи суз тартып, Исхак дубалга сүйөнө келип отурду.

Иса-оулия жыртайып кызарган көзүн чарчаңкы ымдалап, ой басып, тиги Исхакка «ханзаада» дегени жакпай калганына баамы жетти белем, өзүнчө улутуна:

– А мейли, углум, кулагыңа жаман угулса ханзаада дебей ак коёюн, – деди токтоо. – Сөз түйүнү анда эмес. Сөз түйүнү бу, углум... Өз ара чабышуу, өз ара так талашуу ушу тапта пайдасыз экен. Чүрчүт жарымпаша күндөн күнгө этегибизден басып, мойнубузга салып алган сыйыртмагын күнүгө сыгып тартып келе жаткан чакта өзгөчө. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарбасак, биз динибизден, жерибизден, бийлигибизден жакында кол жууп кала турган окшойбуз...

Исхак кабагы чүрүшүп, терс карап отурган калыбын жазбай, тунжурап отура берди.

Иса-оулия:

– Мына ушу тапта өз токочуна күл тартып, өз максатына гана чаба турган болсо, мейли хан болсун, мейли бек болсун, майли кара аламан болсун, журт безери, эл безери деп бааланат. – Иса-оулия бир аз кынжылып токтоп, ой басып, өкүнүчтүү күрсүндү. – Насирдин үмүттү актабады. Эми эмнесин жашырабыз? Касам уруп, үмүттү актамак гана түгүл, жарым эс атасынын жолоюна түшүп, чүрчүт жарымпашага сүйөнүп, миңбашыга каяша көрсөтө баштады. А майли, хан аты бар, каяша көрсөтүп тим болсо көтөрүмдүү болор эле...

Исхак таба кылды:

Бу каргыш тийген ордону жоготмоюнча тартыш бүтпөйт дебедик беле? Бу Миң тукуму адамдан ачкөз болуп кетти, өзүлөрү болсо болду, өлкөнүн өрттөнүп кеткени менен кылдай иши жок, булар баш болуп турганда бу ордо эч качан бирикпейт, эч качан жамиятка убайы болбойт дебедик беле?!

Жообу кайсы? Иса-оулия унчукпай отуруп укту.

Абдырахман ордону колуна алган соң жамы журтка, журт туткасы бийлерге деп, туш-тушка кат жаздырган. «О, мусулмандар! Бабабыздын бейити тепселди. Мазарыбыз булганды. О, калың журт! Ошон үчүн, ошого чыдап жүргөндүгүбүз үчүн көп жылдан бери дыйкан тынч эгинин экпей, чарбадар тынч малын бакпай, соодагер тынч соодасын кылбай, тууган туугандын мүлкүнө кол сунуп, тууган туугандын канына забын кылып, байыркы эрежебизден, пайгамбардын шариятынан тайып, өзүбүздөн өзүбүз тарыдык. Жат аким жарымпаша орто жерде биздин теңибизден туйтунуп келе жатат. О, мусулмандар! Туугандын урушу – торконун жыртышы. Өз ара таарыныч эчтеме эмес, ушунча зарыл болсо, ийри отуруп түз кеңешип алабыз, азыр биз жат акимден кутулушубуз керек. Аттангыла! О, мусулмандар, көтөргүлө пайгамбардын көк туусун!» деп, эл аралатып жар чакырткан болучу. А дегенде «жерди, элди бошотуп алуу» деген сөз кимдин да болсо көңүлүн азгырып, көпчүлүк журттун толкуну ошол жакка оогон эле.

Абдырахман аракетин тез кылды. Август айынын башында чек ара болуп эсептелген Аблык кыштагына кирип барышты. Он миң кол курама уездин каптады. Алар бат эле Ташкен – Кожон почта линиясын алып, орус аскери турган Түлөө чебине чабуул коюшту. Ошол эле учурда Кожон багытын каптаган кол жолмо-жол бир нече почта станцияны колго алып, Кожон шаарына 12 чакырым жакын жердеги Дигмай кыштагын бошотту. Сыр-дарияны бойлоп жүрүш кылган аскер Силмахрам, Самгар, Нау, Паркен кыштактарын бошотуп, Ташкендин өзүнө 40 чакырым жакын кирип барышты. Ошол күнү Кожон багытында Кожон-Оро-Төбө почта линиясын бузуп, жолундагы көпөс Исаевдин айнек заводун кыйратып өтүштү да, Кожон шаарынын өзүн камоолго алышты.

Тийишүүгө шылтоо гана күтүп турган Ташкендеги генерал-губернатор фон Кауфман эми козголуп, генерал Головачевдун командасы астында бат атар мылтык, замбирек менен толук жабдылган 1500 кишиден турган аскер аткарды. Кожон шаарынан полковник Скобелев башында турган орус аскери бошоткучтардын алдын тосуп чыкты.

Фон Кауфман Ташкенде өзү тынч жатабы? Жең ичинен Насирдин-хан менен байланыш түзүп, аны Абдырахманга каршы ойготууга жетишти. Ордо кишилеринен Насирдин-ханга ишенимдүү таяныч жаат курап салды.

Генерал Головачев Ангрен өзөнүндө Зулпукар баштаган 6 миң колду тосуп беттешти. Ошол айдын орто ченинде катуу салгылашып, колунун жарымы кырылып, Зулпукар тоого чегинүүгө мажбур болду. Полковник Скобелев Кожон багыты жакта ийгиликке жетишип, Паркен кыштагын кайра басып алды.

Ушундан соң ордодо Насирдин-хан жааты оор абалдан пайдаланып, Коконго орус аскерин киргизип, орус аскеринин күчү менен ээнбаш элдин эрегишинен да, Абдырахман жаатынан да кутулууну көздөп, Насирдин-хан көмөк сурап Ташкенге жашырын кат жиберген. Өлкөнүн «анык ээси» Насирдин-хандын суроосу боюнча Кауфман орус аскерин чек ара кыштактарынан Фарганага каптатып түшүргөн болучу.

Мына ушундай жагдайда Иса-оулия түн жарымында Исхакты зындандан алдырып, минтип жумшактап сүйлөшкүсү келип отурган эле.

Иса-оулия башын ийкеди:

– Ошондой сыяктанып калды, углум, ошондой сыяктанып калды. Эми эмне кылабыз? Ыгына, ылайыгына жараша бир иш кылышыбыз зарыл го. Менин кеп урушуп отурганымдын мааниси ушул ки, углум...

Ал ойлонуп, кайра-кайра Исхактын жүзүнө кунт коюп тиктеп отуруп, жай, камырабай отуруп сөз улады. – Элибиз эки аран, күчүбүз бөлүштү болуп жатат. Бириктирели, углум, газаваттын ыйык көк туусунун түбүнө элибизди, күчүбүздү. Макул, Миң тукуму жерге кирсин эми! Баш коёлу азирети миңбашыга...

Исхак мелтейип тиктеди. Ага Иса-оулиянын жүзү дагы жумшарып, Ботокара кыштагындагы коончу абышкага окшоп, кудайга кулдугунан башка бу дүйнөдө көйү калбаган ак пейил бир абышка болуп көрүндү. «Бу кыйды чал эмнени имерип отурат? И, алдагысы келет го?!» – деп ойлонду Исхак. Иса-оулия тегерек, кыска кылдырып черттирген көгала сакалын экчей, коюнга кире муңайым сүйлөдү:

– Углум, эстүү жансың, ойлончу... «Ата журт үчүн, тууган эл үчүн, дин үчүн газаватка кошулгула, азирети миңбашынын амирине ыкрар кылгыла, мен көндүм» деп Бекназарга кат жаз углум...

Ошол убакта жумушкер күмүш табакка бир чөйчөк менен мойну узун саймалуу кумура коюп көтөрүп кирип келди. Иса-оулия:

– О, суусун ичелиби?.. – деп, кумураны жумушкердин колунан алды. – А, өзүбүз ак куюп ичебиз... – деди тамшана. Бул «сен кете бер» дегени. Жумушкер жылып басып кайра чыгып кетти. Иса-оулия күймөнүп, чекесин алтын менен чегелеген, түбү чуңкур, кичинекей чөйчөккө кумурадан бирдемени кую баштады. Исхак караган жок. Жытынан сезди, шарап экен. Таза бышкан жүзүмдөн ачытып, үстүнө биртике сүт тамгызып коюшат да «мусаллас» дешип, атын буруп алышып, ордонун өтө такыба адамдары да иче беришет. Шарап күнөө, мусаллас болгондо сооп имиш. Иса-оулия ыракаттана «Бисм илла!» деп, мусалласты тамагы курк-курк этип жутту, анан өзүнчө күңкүлдөп кудайга шүгүрчүлүк айтты да:

– Кана, даамга кел, углум... деп, чөйчөккө толтуруп куюп,

Исхакка сунду. Көптөн бери мындай суусундан көзү каткан Исхак албай коё албады. Ал чөйчөктү эки колдоп көтөрүп, дем албай жутту да, тамшанып токтоду. Суусуну канбай калганын сезип, Иса-оулия дагы бир чөйчөк куюп сунду. Аны эки бөлүп жутуп, суусуну канып, каниет кылып, бир үшкүрдү да:

– Ыракмат кайырыңызга, бек, – деп, бүткөн бою чымырап Исхак отуруп калды.

– Ыракматты кудайга айт, углум... – деди да Иса-оулия жанагы сөздүн учун жалгады: – Ойлонуп бак, углум, ушундай кылсаң өлкөңө да, өз жаныңа да аралжы кыласың...

Исхак ойлонуп, бир жагынан шарапка денеси жымырап, көпкө жооп бербей отурду. Ал кыйды чалдын көшөрүп жооп күтүп отурганын сезди да, башын көтөрдү:

– Өзүңө өзүң чыккынчылык кыл дейсизби?! – деп, шарап көңүлүн көтөрө баштап, Исхак акырын күлүп койду. – Ошондой зарылдык болуп турса, бек, жол меники болчу, өзүңүз билесиз, майли менин амириме силер көнгүлө, менин туумдун түбүнө силер келгиле!

Иса-оулия заматта иреңи сууп, томсоруп, дагы тырмагын бекитип отурган эркек кара мышыктай тымпыйып, бир паста жат болду. Булар мансапты гөрүнө көтөрүп кете тургансыган кишилер болучу. Исхактын сөзүнө ичинен көбүрүп жини келип, «Бу акмактын не деп дөөдүрөгөнү?! Өзү кайда отурат, кайдагы кол жеткисиз ишти көксөгөнүн кара, эй! Баарын коюп, бөөдө өлүмдөн кара башын куткарып кетпейби бу?!» – деп, астейдил таң калып тиктеди. Исхактын жүзүнөн эч майышпаганын, өлүмдү эсине салса да, селт этпегенин көрүп отуруп, ымга келишинен түңүлдү белем, алаканын шак-шак койду, эки күзөтчү сарбаз кирип келишти эле оң колунун учун чарчаңкы шилтеп, туткунду алып кетүүнү буйруду да, ордунан тизесин таянып араң туруп:

– Көктүгүң жетет түбүңө, балам!.. – деди да, желбегей жамынган шырыма кара чапанын оңдонуп, артын карабай үжүрөдөн чыгып кетти.

Ошол күнү полковник Скобелев көп аскер менен келип сепилди камоого алды.

Шарап өзөгүнө түшүп, Исхак шылкыйып жыгылган бойдон тарс катып уктап жаткан эле. Бирдеме катуу силккендей болуп, чоочуп ойгонуп кетти. Зындан капкараңгы. Силккен эч ким жок. Ал кайра жата баштады. Ошол учурда бирдеме шуулдап, кулакты жеп ышкырып, дүңгүрөп өтүп, жердин үстүнө, жакын эле түшкөндөй болду. Бул эмне? Исхак тыңшай калды. Дагы алда кайдан шуулдак келатты. Эми өтө жакын, зындандын оозуна жакын эле түшкөнсүдү. Жер түбү менен солк этти. Исхак ордунан ыргып турду. Тышта кыйкырык, чуу. Дүпүрөп нары-бери бирөөлөр чуркап жүрүшөт. Аңгыча кулагына үнү тааныш кытайча замбиректер «түңк!», «түңк!» деп, удаама-удаа атылып калды. «И! Орус келген экен!» деди Исхак, зындандын түбүндө нары-бери басты. Зындандын так ортосуна тура калып, капкагын тиктеп үнүнүн барынча бакырды:

– О-ой!!. Ким ба-а-р!!.

Анын бакырыгын тыштагы кымкуут басып кетип жатты. Эч ким уккан жок. Ушу тапта тышта тамдар урап, камышка өрт кетип, адамдарды, байланып турган аттарды замбиректин огу шыпырып, жер теңселип жаткан. Угарга киши жок эле. Исхак нестейип көпкө турду. Тыным таямсыз алыстан замбирек огу мээге кирчүдөй ышкырып келип, бирде алысыраак, бирде зындандын так бурчуна түшкөндөй кулак тундуруп жатты. Чырылдап ат кишинейт. Кокуйлап, апалап өкүргөн үн угулат. Зынданга жакын жерден бирөө тапыратып чаап:

– Өкүрбө! У энеси талак!! – деп зиркилдеп өттү. – Өрттү! Өрттү! Суу чачкыла! Кийиз менен баскыла! У энеси талак...

Исхак тааныды. Абдырахман! Ошол мүнөттө табасы канып бир ууртун тартып күлдү. «Алдастап калган экенсиңер го?!» – деди ичинен. Тескери бурулуп басып, зындандын кыш дубалына барып урунганда токтоп, ошол бойдон үңкүйүп туруп калды. Улам күчөп, замбиректин, ракет станканын октору сепилдин ичин мөндүрдөй сабап, тытып, астын-үстүн түшүрүп жатты. «Эмне кыла алышат?. Эмне менен жооп кылышат?..» – деп, жүрөгүн кайта өкүнүч мыжыкты. Ошол замат дили катып кетти. «Куйтулар! Өлкөнү куруттуңар, окшошкон куйтулар!!» – деп, өзүнөн өзү чаңырып жиберди. Ошол куйтулардан азыр алдында болсо, колу эмес тиши менен тамактап, тиши менен кекиртегин үзгүдөй эле. Ал өзүнүн зындандын түбүндө турганын сезди. Тири арбак экенин ойлонду. Шагы сынып, шалдырап турду. Жер силкинип жатты. Зындандын төбөсү бир убакта кычырай түшүп, бир-эки кыш дүп-дүп деп ичине түшүп кетти. Зындандын ичине күйүк жыт, чаң кире баштады. Исхак кайрылып караган жок, турган жеринде селдейип катты.

Жакын эле жерден бирөө онтоду. Исхак селт эте түштү. Зындандын оозу жакты жалт карап, колун жогору сунуп:

– Кимсиң? О, айланайын... – деп үн берди. Жооп болгон жок. Кимдир бирөө акырын онтоп жатты. Ошол тапта бирдеме дир-дир этип таамп кетти. Исхак колун тосту. Дагы тамды. Колго жармашат. Коңурсук. Кан экен! Ал эки колун арбайтып бийикке сунуп:

– Ой, айланайын! Тууганым... Бир тууганым... – деп бакырды. Жооп болгон жок. Онтоо тып басылып калды. Жымжырт. Күйүктүн жыты, чаң тамагын кургатты. Исхак кайра соолукту. Бир алаканындагы канды сыйпалап, бир кур, дили катты. «Ыя, душманымдын каныдыр?.. Бектин каныдыр?..» – деди көңүлү. Жалагысы келди.

Замбиректер, ракета станкалар кайрадан атыла баштады, кайрадан шордуу сепилдин ичин топон кыла баштады. Сепилдин дубалы окшойт. Бирдеме күү-күү деп, туңгуюк күлдүрөп, кайдадыр урап жатты. «Баары кыйрады. Баары бүттү...» – деп ойлоду Исхак.

Исхак жүзтөмөн түшүп, боорун сызга басып, жатып калган эле. Атуу да токтогон эле. Зындандын капкагы кычырап ачылды. Жогортон кимдир бирөө:

– Өй... – деди акырын, – барсыңбы?..

Исхак башын көтөрдү. Булаңгыр жарык түшүп турган экен. «Түн...» – деп ойлонду кайдыгер. Бир паста кум санаа миң кубулуп, «Дагы эмне эстеп калышты?... Түн болсо...» – деп, кооптуу ойго кабылып, башы кеңгиреп, ыргылжың тартты. Ошол учурда алдына тырп этип аркандын учу түштү. Жогортон шыбырады:

– Өй... барсыңбы?..Арканды карма...

Ою бир жаңсыл боло албай, эч бир максат, үмүт түртпөй эле ордунан ыкшалып тура келип, Исхак арканды кармады. Үн эми чыдабай:

– Өй, бол эрте... – деп шаштырды. Исхак аркандын учун белине ороду. Аркан чытырап чоюлуп, ал акырындап көтөрүлүп, бир убакта буту жерден үзүлүп кетти.

Ал зындандын оозуна тырмышканда туңгуюк үңкүйүп турган бир кишинин сөлөкөтү көзүнө чалынды. Асман капкара: Ава кан жыттанат. Тиги киши колунан тартып алды. «Ким бу?..» – деген ой кылт этти. Ошол тапта ал өлүмүнө да, боштондугуна да кайыл, даяр болучу. Тагдырына кызыгуу, баш оорутуу азыр кара жанына гана жүк сыяктуу. Ал жүрөгү канап:

– Эмне болдуңар?.. – деп күңк этти. Тиги бүрүшө:

– Кың дебе, кудай жалгагыр... – деп күбүрөдү, боюн жыйрып, караңгылыкты ого бетер оронуп.

Экөбү бузулган дубалдарды аралап, ар жерден өлүккө чалынып, темтеңдеп отурушуп, сепилдин кырына чыкчу тепкичтин түбүнө жетишти. Токтоло калышты. Исхак айланага көз чаптырды. Капкараңгы, эчтеме көрүнбөйт. Те бийикте азан айтылчу жалгыз мунара гана карарат. «Ок тийбей турган экен...» – деп ойлоп койду. Те нары жакта кимдир бирөөлөр кобурашып жүрүшөт. Онтогон, сөгүнгөн, аны тыйган кайгылуу, токтоо үн угулуп жатты. Бир аздан соң көзү караңгыга биртке үйрөнүп, кара-бараан ажыратыла баштап, ар жерде бурч гана сороюп, бүт эле уранды болуп күдүрөйүп жаткан тамдардын жүлгөсү көрүндү. «Кыйраган экен...» деп бармагын тиштеди. Ээрчиткен киши жеңинен тартты.

Сепилдин кырына чыгышты. Те төмөн жактан, сепилдин тыш жагынан шаркырап аккан суунун шары угулду. Исхак эңилип тиктегенин өзү билбей калды. Капкараңгы! Көзүнө сеңселген көк токой, көбүктөнүп бүркүлүп агып жаткан кашка суу, үстүнө салаңдап шарга чарпылып, желсиз түнү термелип турган кызыл жалбырак самби тал элестеди. Өлүм коркунучун унутуп, ушул аркан бою дубалдын нары жагында боштондугу тургандай жүрөгү туйлады. Көзүн жумуп ынтыла бергенде, сырдуу киши үлгүртпөй шап кармап калды:

– Шашпа... Ме, муну карма, акырын...

Колуна тийген аркандын учун белине ороп кармап, унчукпай, Исхак сепилдин бийик дубалынан акырын салаңдап түшө баштады. Ошондо да, «Качты аты кылып, сепилден таштап жиберип өлтүрүшкөнү жатабы?..» – деп, кооптуу ойдон кутула албады. Күттү ошону. Аркан биртикеден саамыктап, ал улам жерге жакындап баратты.

Буту жерге тийгенде бүткөн бою дүркүрөп, кандайдыр жаңы кубат, жаңы кайрат алгандай, каны толкуп кетти. Тыталама кери ылдый дыргаяктап жөнөдү. Тегизге жетип, сүрдүгүп жыгылды. Кайра туруп, сууга умтулду. Белчесинен бата түштү. Бир кочуштап бетин чайып, «бисм илла рахман рахим...» деп купуя күбүрөнүп, негедир көңүлү муңдуу тартып, жашып, муздак суудан аптыга жутту. Сергий түшүп, ошол замат кандайдыр жаңы кубат, жаңы кайрат кирип, ошол замат кимдир бирөөгө жүрөгү таш болуп, кекке толуп, башын көтөрүп, кайра жээкке чыкты да, суу жээктеп, суу ылдый жүгүрүп жөнөдү. Алдынан бир чоң караан көрүндү. Исхак энтигип, токтоло калып:

– Сен кимсиң? Тоспо жолумду, тоспо! – деп кыйкырып жиберди. Караан бери жүгүрдү:

– Исхак! О, кайраным...

Исхактын жүрөгү солк этти. Бекназар! Ошол замат негедир каңырыгы түтөгөндөй болуп, бууну бошоп, Исхак жүгүрө албай, сенделе басты. Лүкүлдөп чуркап жетип, Бекназар кучактай берди.

– Турбайлы! Тез! – деди Бекназар. Жигиттер заматта караңгыда булаңдап турган акбоз аргымакты Исхактын алдына тарта беришти. Бекназар Исхакты акбоз аргымактын үстүнө ыргытып салды. Исхак тизгинди алып, аттын жытын сезип, ат үстүнүн куш канатындай жеңилдигин сезип, көңүлү эргип кетти.

Бир удургуй түшүп, алды чоюлуп, акбоз аргымак ак коёндой булактап, аны башын тартканга болбой куланчаар аргымак жандай салып, Бекназар баатыр Исхакка каралап, колтугунан сүйөй, артта жигиттер түрмөгүн бузбай, ат туягы кара буурул түндү жарып, шамал менен, куюн менен жарышып, алар учу-кыйрына куш жетпеген кең Фаргана түзүнө сиңип жөнөштү.

* * *

Кең өргөөнүн төрүндө улгайган эки зайып кечки шам намазын окуп бүтүшүп, бетке бата тартылган убак ченде тышта ит үрүп, ат дүбүртү угулуп, «о, кет...» деп тыштагы эр бүлөдөн бирөө келген кишилерди утурулап баскандай болду. Бата кылышты, бири үн чыккан жакка саал жүз бура көңүлү бөлүнө калгансыганда жанындагы үй тирилигин кылган аял бүлө «туруп карачы...» – дегенди айттырбай билип, леп туруп, тышка кетти.

Кечки кара күүгүм, бир топ атчан, тыш үй бүлө кишилер алардын аттарын алышып турушкан.

«Үйдөбү?..» – деген басмырт үн угулду өргөө ичине. «И-и, Абдылла экен...» деди ордунан али былк этпеген байбиче, уулунун эсен келгенине көңүлү жайгана түшө. Жер таяна ордунан тура баштаганда, өргөөнүн саймалуу кош каалга эшиги акырын ачылып, таш чырактын күңгүрт жарыгында Абдылла бек көрүнүп калды, артынан бирөө, анын артынан Бекназар кирди.

– Арыбаң, апа... – деп салам айтты Абдылла бек. – Күүлүү отурасызбы?..

Үчөвү бирдей эңилип таазим кылышты.

– Бар болгула... – деп алик алды Курманжан. – Келдиңерби?..

Улам бир түкшүмөл ойлорго кабылып, улам бир опурталдуу окуя көз алдына тартылып, санаасы түркүн бөлүнүп, зарыгып күтүп отурганы байкалды.

– Келдик, – деди Абдылла бек, көңүлү жай, – кудай жолубузду ачкан экен.

Узун бойлуу, жалаң этине боз таар камзол кийгизилген, бетинин түгү чайлаган чырмооктой тармалданып, өсүп кеткен. Бир серп салып, «ушул экен го?..» – дегениби, акырын башын ийкеп алды датка өзүнчө.

Анын назары түшө калганын сезип, сыңар тизелей таазим кылды Исхак:

– Мына, келдик алдыңызга, датка эне...

– Өйдө бол, азамат, – деди датка, – өзүбүз өйдө болбосок, эч ким өйдө кылбайт бизди.

Эки ийни таар кийимден оркоюп, энтигип, алсырап турган немени дагы бир тиктеп, токтолуп, «зындандын сызы өткөн экен балага...» деген ойдо, дагы өзүнчө акырын башын ийкеп:

– Бир аз күн тыныккыла, бой-аякты, ой-акылды жыйгыла... – деди Абдыллага.

Экинчи күнү тамырчы алдырышты.

Тамырчы бүжүрөгөн абышка экен, эки көзүн сүзүп, тыңшагандай былк этпей отуруп, Исхактын тамырын кармады да, бир убакта эти өсүп кызарган көзүн тирмейтип ачып, өзүнчө баш чайкап, баш ийкеп, өзү менен өзү кеңешкендей купуя күбүрөнүп алды.

Ал жанынан чыкпай, оокатын ылгап, улам тамырын көрүп, семиз соолук сойдуруп, терисин майлуу сыйрытып, ысыгында Исхакты териге ороп жаткырып, улам ысык чай ууртатып, улам төшөнчүсүн кургактап, жаап, көл-шал кылып тердетти да, жаш ширин таруу бозодон жылымдап жуткузду. Жаны тынчып, уктап, үч күндөн соң Исхак тула боюндагы ак шишиги кетип, арык болуп, өз салмагын өзү сезбей жеңил болуп, баш көтөрдү.

Тамырчы тамырын кармап, өзүнчө башын ийкеп, «... а шүгүр...» дегенсип, эринин кыбыратып койду. Бек менен жооптошуп, үйүнө кетти, кеч курун кайра келди да, жан баштыгына томпоюп келген бирдемени кымырылып эч бирөөгө көрсөтпөй, Исхакка да байкатпай жез чайдооско салып, өзү суу куюп, өзү от жагып, жанынан кетпей отуруп, абдан арашан кылып кайнатып алып, пыялага боор көпмө кылып, Исхакка ичирди.

Бир башка жыт, топурак эле даамданган шорпо. Тамырчыны тиктеп калды Исхак.

– Кубат берет... – деп койду акырын тамырчы. Эмне экенин өзү айтпаган соң, Исхак такыган жок, берген маалында кайтарбай ууртап коё берди.

Бир аптанын саналуу күнүндө эки көзү жылтырап, нур кирип, иреңине чырымтал кызыл жүгүрүп, тарамышына кубат толуп, көз-көрүнөө оңолду Исхак. Балапан бүркүттүн жетилгенин, күндө бир маал кош канатын дуулдатып күчүн чамалап, күчкө толгонун билген соң эргип көк тиктеп шаңшып калган убагын ким көргөн? Куду ошо болуп, күндүз тынчый албай, түндө түйшөлүп, көзүнө жайкалган туу, жайнаган кошун көрүнүп калды.

– А шүгүр... – деди абышка тамырын көрүп, өзүнчө маашыр, мулуңдап. – Ойго жатсаң ойго жат, тоого жатсаң тоого жат – калуусуз болуп айыктың, балам... – тишсиз кызыл ээги көрүнө үнсүз кыш-кыш этип, күлүп алды. – Шаа марандын шорпосу шыпаа болду, балам...

– Кудай жалгасын... – деди Исхак астейдил, менден кайтаар, менден кайтпаса кудайдан кайтаар, ава...

Тамырчы дагы үнсүз кышылдап күлүп алды:

– Ап-бали! Жакшылык адамдан кайтпайт, адам үчүн ичи кең кудай, кудай гана кайтарат...

Кайырлашты да, ошол кубанычы көкүрөгүнө толгон бойдон акырын бүжүрөп мейман үйдөн чыгып кетти абышка.

Исхактын майышмак түгүл, запкыдан жүрөгү сестенип калмак түгүл, өрөөпкүп калганын баамдап, «өпкөгө өткөн сыз, муундарына толгон сары зил кеткен экен...» – деп, кубанып болжоду Курманжан.

Тез, Абдылла бек, Бекназар үчөвүнүн башы кошулуп, өлкөнүн ошол кездеги ал-абалы, ордонун, тыштан басып кирген чоочун акимдердин ойлору, аракеттери жөнүндө ачык пикирлешишти. Кеп башталары замат, маани учугу байкалары замат аягын, ток этерин туюнган зиректиги, ар нерсеге өз болжолу, өз аракети барлыгы көптү көргөн керээт датканы ыраазы кылды.

– Жакшы, – деди ал, – ушул азыр өлкөнүн, өз алынча мамлекетин сактап калыштан кымбат иш жок, жакшы, азамат, көздөгөн айкын максатың бар экен.

Исхак:

– Көмөк кылың, датка эне.

– Мына, – деди датка, тигилерге карай жаңсап, – бири жол башың, бири кол башың, көмөк жактан камтама болбо, кошун, оокат берилет.

Исхак:

– Ыракмат, датка эне, эки дүйнө ыраазы болобуз, көтөрүлүп турган үч тайпа элиңиздин алдында, көрүп турган кудай алдында сизге милдетдарбыз, датка эне.

Эми датка айым ойлуу тартып, жер тиктеп калды. Те баягыда ордону колго алмакчы болгон өз байы Алымбек келди көз алдына, аны аттан жерге түшүрбөй кайрат айтып, дем берип, уяткарып, ордо күрөшүнө кайрап, кайра кайтарып жибергени, ошондогу туталанган өз үнү кайрадан кулагына угулду. «Мейли, кайран бек канын төккөн улук үмүт, ким тарабынан болсо да, иши кылып, жүзөгө ашсын, мейли...» – деди ою.

– Болду, – деди ал, жашыл көзү түркүн кубулуп, – бир кечиктирсең ер мезгил колдон чыгып кетет, салгыла бул азаматты ак кийизге, кошун өзү көтөрсүн, өзү «кан» деп көтөргөн азаматынын артынан баш бурбай өзү ээрчигидей болсун. Эми, айтып коёюн, ак кийизге жумуру баштын каны чачылбасын, алла таала курмандыкка өзү буйруган ыйык мал өтөт ырым үчүн, эсиңерден чыкпасын.

Кимиси куп дебей коё алат бу жүйөгө?!

Ааламдын өчпөс чырагы жаркып чыгып келе жаткан убак эле. Исхак – каңтарма сары булгары өтүк, кең багалеги саймалуу, жырык, өңдөлгөн чалбар, кыл торко камзол, белинде күмүш кур, үстүнөн ыйык жашыл түс жабынчы, башында саймалуу ак тебетей. Акбоз жорго тартылды алдына.

Тизгинин кармап, колтугунан сүйөгөн болуп, кадырлуу датка энеси өзү аткарган жосун жасады:

– Кана... – деп алакан жайды. – О-омийин, бир алла жолуңарды ачсын...

Бир убакта ушинтип бата берип турган Шер-датканын сөлөкөтү көз алдына келип, анын каңырыгы түтөгөн үнү ошол тапта кулагына те алыстан угулгансып, бу батанын милдети, кара тер менен, кан менен жооп бериле турган оорчулугу аны сайын сезилдиби, эт-жүрөгү калтылдап турду Исхактын...