кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Бешинчи бөлүм

IV

– «О, жарым эс, о кудай так төбөңдөн ургур, ушундай да кем акылдык кылабы?! О, кокуй кырк кишисин кырып салса эле, ушунча жер жайнаган элет мөгдөп калат деп ойлодубу бу жарым эс?! – деп, тоолуктар кайрадан көбүрүп, бороон айдаган көлдөй толкуй баштады. Ордого барган кырк элчинин өлтүрүлүшү түздөгү ичкиликтерди нааразы кылды. Эми кармашуудан өзгө арга калбагандыгына кимдин да болсо көзү жетти.

Иши кылып, мындай бүйрө кызыткан, бир жагы арты кандай болору туңгуюк, коогалуу убакта мурдагы кийинки өзүнөн башыккан деген жигиттер чакыртпай келип, Бекназардын жанына топтолуп, өзүнөн өзү беш суу элден беш жүзбашы кошун куралып кетти. «Ай, ай... асте, асте...» – дей албай калды Абил бий.

Мына кошун, баатыр болсоң башта эми! «Ким менен бирге болобуз?.. Не үчүн, ким үчүн баш байлайбыз?..» деп толгонду Бекназар. «Өз элин жоодой аңдыган балакеттен ордону куткармак эп» деген мурдатан көңүлүндө угуттай көбүрүп жүргөн ой аны эч токтотпой жетели, сүрөдү. «Көрөлү, – деди, акыры, – ким экен эл ээрчиген?..»

Көп өтпөй беш жүзбашы кошун баштап, жол ортосу Турпак-Белге чыкканда биртке тизгин жыйды Бекназар. Мына алдында жолу эки айры – бири сол тарапка бурулуп Сопу-Булак мазарга жеткирет, бири оң кол тарапка тоо этектеп кыйгап Чанач-Сайга өткөрөт. Эрегиштин башчысы ошол Чанач-Сай оозундагы жаңы күмбөз айланасында имиш.

Эч кимге кайрылбай, эч жерге түшпөй Бекназар да күмбөзгө барды.

Күмбөздүн жанында бир кары адам жүргөн экен, унчукпай келип, купуя куран окуду. Ушундан соң сырдуу күмбөздү тегеренип, ичине кирип, оюу-чийүүсүнүн түркүн түрүн карап, көрүп чыкты.

Абышка мүңкүрөп карыган. Тегерек кылып кырктырган сакалы буладай аппак. Төбөсү бийик, кайрымасындагы көрпөсү ничке келген бөрк. Төшү ачык сурп көйнөк, үстүндө шырыма бейкасам чапан.

– Кутман кары, – деди Бекназар, – кайсы элден болосуз?..

Абышка саал энтиге, жай:

– Э, эр жигит, несин сурайсың?!. Тиги курама болобуз. Эр Эшим зарыгып тапкан жалгыз уулум эле...

«Эшим» деген ат Бекназардын жүрөгүн солк эттирбей койгон жок. Башын ийкей кайрат айтты:

– Эр жигит, эл четинде, жоо бетинде деген ушул, аксакал. Жаман атты болуп жаздыкта өлбөптүр, жоо бетинде эл үчүн жан кыйыптыр баатыр. Кайгырбаңыз!.. Уулуңуз жок болсо, уулуңуз сүйгөн эл аман го...

Абышка илдиреп башын ийкеп отурду:

– Мени карытып кетти каралдым... Келгениме бир ай болду. Күмбөз айланасына көп жыл жашай турган чынар терек сайдым, беш-алты түп саада, кара жыгач тиктим... Эртең көлөкө сая, парандеге болсо да, байыр кыла турган кадам жай болуп калсын деп...

– Ата!

Чоочугандай акырын үн чыкты күмбөз жактан. Аңгыча беш жашар чамасындагы уул бала жүгүрүп келип калды. Күмбөздүн нары жагынан кара кийинген зайып бир көрүнүп кайра жок боло түштү. Жанагы үн берген ошол окшоду.

Бала абышканын мойнунан кучактай берди. Абышка «О, кагылайын, үргүлөйүн!..» деп, колунан силкип-силкип эркелетип койду. Бала кулагына бирдеме деп шыбырады, чоң атасы сүйлөшүп отурган чоочун кишилерге алдыртан жалжал тиктей. Абышка акырын «азыр» деп койду.

Бала көзүнө урунганда Бекназардын жүрөгү дагы солк дей түштү. Эрдин кымтып, баланы имере тиктеди. «О, жараткан, өзү го?!» – деген ой көңүлүнө кадалды. Абышка анын имере тиктегенин байкап, кызганып, «бирөөнүн көзүнөн, бирөөнүн сөзүнөн!» – деп, бир келчү жамандыктан корголоп, баланын жүзүн көкүрөгүнө басып, нары карата берди. «Кана, углум, апаңа барчы, аттарды камдашсын, төмөнкү айылга түшүп кетебиз...» – деп, кулагына шыбырады. Авазгөй эмеспи бала жаны! Жоо кийимчен алп кишини кылайып улам тиктей берди. «Кара каштуу, буудай ирең, чап жаак... – деп боолгоду Бекназар. – Көзү башка... Көзү гана башка... – деп өзү менен өзү ичинен сүйлөштү. – Жок, биздин уруктун көзү эмес!..» Бирдеме аны ушул ойго улам айлантып, жүрөгүн бирдеме мыжыгып туруп алды. «Ыя, энесинин көзүн тартып жүрбөсүн?!» деген ой капилеттен баатырдын иреңин кубартып жиберди. Ал эч эстей албай койду. Айзаада келин эч качан өйдө караган эмес! Бекназар түз эле сурагысы келди. «Кой э, – деди өзүнө өзү, – жалгыз уулунан ажырап кан жутуп жүргөн бечарага бу балаң кимдики десем өлгөндүн үстүнө көмгөн болбойбу?!».

Аяр абышка Бекназардын оюн баамдап турган белем:

– Неберем... – деди акырын. – Жалгыздан калган жалгыз туяк...

– А болсун!.. – деп, астейдил алкады Бекназар, капилет келген санаадан өзү да жеңилденип. – Баатырдан туяк калган турбайбы, уучуңуз куру эмес турбайбы, белиңизге таңуу бар турбайбы, кутманым...

– Көп ыйлап, келиним карама көр болгонсуп калды шордуу...

Элтейип укту Бекназар.

– Ырахмат... жакшы сөз жаңга кубат, ырахмат, эр жигиттер, өзү азыр да жашып, акырын кыбырап ордунан туруп, күмбөздүн нары жагына карай баланы ээрчитип жөнөдү.

Бекназар колду көздөй басты. «Акыры башта бир өлүм го. Бирак, Эр Эшимдин өлүмүн сүйгөн пендесине берет чоң кудай! Журт үчүн өлдү Эр Эшим. Менин Эшимимди айтпайсыңбы?! Тентип дарексиз кетти. Өлдү деп ушуну айт, мына!..» – деп, санааркап атка минди.

Султанмаамыт, жанында каралуу эки зайып, булуттай боз быштыга айрымач токуп жалгыздан калган жалгыз туягын мингизип жетелеп, жөнөп калышкан эле. Бекназар элтейип артынан тиктеп, жүрөгү дагы солк этти...

Жолгошор жер биртке түзөң.

«Кошулам» дегенди эле кошуп ала береби Исхак?! Камбар саркер эсинде. «Кошуп алам» дегенге эле кошулуп кете береби Бекназар?! Азгырык болуп жүрбөсүн?! Эки жакта тең чоочунуу бар, эки жак тең этият.

Камчылуу колун серелеп карап турду Исхак. Эч кимден сескенип көрбөгөн дымактуу Бекназар камчылуу колун оң санына маданып, алаңдабай, каранбай бет алдына көз тигип, кулан чаар аргымактын лепилдеген аяңында, беш жүзбашы кошун алдыңда. «Өзү го?..» деди тиги кырка тарткан көп атчандан биртке бөлүнө жалгыз турган адамды болжоп. Улам карааны чоңоюп, көзгө толуп келаткан алп сөөлөт. «Колбашы...» – деди Исхак.

Киши таанырлык аралыкка жеткенде Бекназар саал тизгин жыйды, кызыган кулан чаар ойдолой имериле берди. Беш жүзбашы кошун эки канат боло чоюла тирелип келип токтолду. Сыдыра тиктеди Исхак. Мылтыкчаны көп көрүнүп кетти көзүнө. «О-хо-о...» деди ал ичтен.

«Бу... ким болбосун, эл ээрчиген адам...» – деди Бекназардын калыс дили. Жай аттан түшүп, камчысын белине кыстарып, жай чайпалып, «эл ээрчиген адамды» көздөй басты. Йе, саламга жараша алик алынат! Бу сылыктыкты көрө Исхак да тез атынан түшө тосо басып калды.

Үн көтөрбөй токтоо салам айтты Бекназар. Саал чаары бар сур иреңи кадыресе жумшарып, ошондой эле акырын алик алды Исхак.

Кол алышышка умтула коюшпады эки жак тең. Эки жактан тең аска болуп тирелген кошун, жел да жоктой шабыртсыз, тымтырс.

– Жол болсун, баатыр аке... – деп ооз ачты Исхак. Бу сөздө «жолуң олжолуу болсун», «не жумуштап жүрөсүң» деген кош маани бар. Бекназар алдыңкы маанини болжой:

– Бирге болсу-ун, – деп жылуу көңүл көрсөттү. «.. ойлогон ой, көздөгөн максат төп келишси-ин...» деп кошумчалады.

Ичи ийигип, эсте башын ийкеп:

– Төп келишсин... төп келишсин... – деди Исхак да.

– Укканбыз, – деди Бекназар ой толкуну чайпалып, саркер сатып, өзү дагы оңбогонун, билебиз бийлер тойлоп, сыртыңдан бүтүм болгонун! Мына, келдик алдыңа, жакшы тилек, эл ээрчиген азаматка сүйөк, көмөк кылалы деп, эски ордону түрө чаап тыналы деп, журтка тутка, элге эге жаңы ордо куралы деп... Аргымак башын тартмай жок, ара жолдон кайтмай жок, тири калсак бир дөбөдө болушарбыз, көз жумсак тагдыр ошол, канжыгада көрүшөрбүз!

Бу ар бир сөзүн күңкүлдөгөнсүп акырын ныгырып сүйлөгөн, маани уйкашып түрмөктөлгөн, ичи ийги, сырты сестүү көрүнгөн адамды кубанып тиктеди Исхак.

Исхак унчукпай кучак ачты.

– Бали! – дешти күүлдөй кошундун бир жагы.

– Бали! – деп коштоду экинчи жагы.

Ошол 1875-жылдын жай алды көтөрүлүш дагы тоодон башталып, Нарын дайранын, Кара дайранын көкүрөгүнө, Көгарт, Өзгөн, Алай аймагына жайылып, түздөгү отурук кылган кыргыз кыпчак, сарт кыпчак уруктары да кошулуп кетти. Исхак урушсуз Анжиян шаарын ээледи.

...Салкын бак. Суусу жашыл болуп көрүнгөн оутта кызыл балыктар жалт-жулт этип секирип, кайра шырпшырп деп түшүп, ойнойт. Бийик чынардын башынан булбул үн салат. Мөмөлүү бак, түркүн жемиш шагын ийет. Бакты аралап сейил кыла турган ничке жолго төрбөжүлдүн түрүндөй кылып, бири көк, бири кызыл бышкан кыш төшөлгөн, жээгине ар түрлүү гүл тигилген. Те нары жакта кичинекей кол арыкта тынымсыз булдурап таза суу агып жатат.

Макмал топучан, узун этек жука кымбат желбегей, апкыты жапыс кызыл булгаары кепич, Абдырахман ничке жолдо жай басып, эки жакты карап, эч көңүлү тынчыбай ойлонуп басып жүрөт. «Мына эми... кара сел каптап келе жатыры...» деди купуя, бүркүт кабагы салыңкы, оуттун жанына келип токтоду, эмнеге токтогонун сезген жок, кара канат кызыл балыктардын ойну да, төбөдө таңшыган булбул мукамы да, анын ой түйшүгүн алаксыта албады.

Күнү кече келип кеткен Абил бий көз алдында. Баягы, Абил аярбий, кабагын атайы жарык кылып, атайы сыпаа, атайы өз баркында, токтоо. Ал кадимден калган айтым сөз менен, куюлушкан ылакап менен баптап, кебин алыстан баштап, заман түрүнө, эл түрүнө баа бере эң акырында: «Э-э... заман ушул, үкем... Эл кайда болсо азамат ошол жакта болмогу, эл кимди ээрчип турса азамат ошол эл ээрчигендин жанында турмагы эп...» деп, кыйытып, оюна дүрбөлөң, көкбөрүчү зардесине от салып кетти го?! Кара, «тыяка өт, быякта кал» дебеди, билги киши билип алат, калыс пенде алдында да, кудай алдында да анын чекилиги жок. «Жо, мен эл менен болбоймун!» деп ким айта алмакчы?! Ушул азыр эл кайда, элди ээрчиткен ким болуп турганын Мусулманкулдун уулу ичи сыйрылып сезип турду. Хан тартылды көз алдына, атайы манчыркаган. «Йе... өзүңүн шоруңа манчыркайсың, таксырым... – деди купуя бир убактагы абтабачысы бетме-бет тургандай, – бүткөн ишти обу жок манчыркап өзүң бүлдүргөнсүң. Нааразы элге көп деле нерсе керек эмес болучу. Тоолук бүркүт мүнөз эл, жегенине кубанбайт, серпкенине кубанат. Сураган теңчилиги, биртке көңүл, алдына түшкөнсүгөн биртке сый эле жетмек. Ал эми! Селдин алдына тайтайып туруп токтотуп ал...». Ал сары гүлгө конуп шире соруп жүргөн аарыны тиктеп, саал эңкейип, ал көңүлүнөн тез эле чыгып, көзүн кыбыңдатып, жүрөк өйүгөн оюна кайра аргасыз түшүп, андан нары басты. «И, жабыр тарткан жалгыз эле тоолукбу?! Бу түздөгү дыйкандын да жери тарыды, шаардагы соодагердин малы дүкөнүндө чириди. Ким күнөөлүү? Өзү! Баарына өзү күнөөлүү...» деди ою. Кудаяр-хандын көз көрүнөө баркы кетти. А анын аброю таза. Ордонун бүт аскери амиринде, бүт кыпчак жааты, эң акыры тиги көлдөй толкуп каптап келаткан эл менен наслин териштирип тил табышып кетүү мүмкүнчүлүгү да турат. Абдырахман колун артына алган бойдон бакты имере тиктеп токтоду.

Өзү кап ортосунда турган экен. Жүз теше жерге төрт чарчы кылып тиктирген. Он эки пакса коргондуу. Ичине беш кана кылдырып, бет алдын айбан кылдырып, саймалатып, сырдатып жай салдырган. Маал-маал өзү келип, ээн отуруп, эс алып, сейил кылып кетер жер. Эшигинде караул бар, бейчеки чымчык учуп кире албайт. «Ыракматы атабыз, анда биз жашбыз, ишиң илгери болгуча итиңдин кошун тарт деп акыл айтчу эле. Ыя, көп эле тарттык бейм, эчтемени оозубузга албай, чын ыкылас менен, акы талап кылбай...». Ал жер тиктеп акырын басты. Көңүлү уйгу-туйгу болуп, колу менен жаагын сыйпап, чокчо сакалын кармай келип, токтой калды. «Ыракматы атабыз «мезгилди тааны, мезгилди баала, мезгил сени көтөрөт, мезгил сени жексен кылат» дечү эле. Мезгил келдиби?..» деп, азазил кыялы алда кайда кетти.

Кыпчак кыргынын кадырлуу Жаркын-айым «ортодогу бузуктардын айыбынан» деп жариялап, кай бирөөлөрдү чындап эле ордодон кууп, хан уулу Кудаярды эл көзүнө тазартып, эң акыры Абдырахман экөбүн жүз көрүштүрүп, төш тийиштире кучакташтырып, «эми өткөнгө өкүнбөгүлө, бир тууган болуп жүргүлө» деп, Абдырахманды уул тутунган, аны ошентип тоң моюн бектердин таасиринен чыгарып алган. Бирок, Мусулманкулдун баласы бат эле алданып кала калгыдай аңкоо бала эмес болучу, ал жаңжалдын теги «ортодогу бузуктардын эле айыбынан» эмес экенин жакшы билчү. Ишиң илгери болгуча итиңдин кошун тарт!. Мына ушул ата акылын көңүлгө түйүп, ал кезде колунан да эмне келе коймок, биле туруп билмексенге өтүп, тиштин агын көрсөтүп, Жаркынайымдын ымына көнүп кала берген эле.

Эми азыр эрди бек кымтылып, коюу кара кашы үрпөйүп көзүн жаап, тунжурап ойго батты. Жүрөгүнүн тереңинде көп жылдан бери дымып жаткан, оңтой мезгил күтүп жаткан кеги, ата кеги ойгонду. «Келди мезгил, күткөн мезгил...» деп өзүнө өзү айтты. Бир жумадан соң Абдырахман парваначы ишенимдүү кишилери коштоп Анжиян шаарынын жанындагы Ботокара кыштагына келди. Бир нече жолу жең ичинен сүйлөшкөн соң, акыры өзүлөрү жүз көрүшүүгө макулдашылган жер ушул болучу.

Кыштактын четиндеги коончу абышканын кичинекей коргонуна киргенде Абдырахман те нары жакта сапсары болуп бышып турган өрүктүн түбүндө дөңгөчкө чөкчөйүп анделек союп жеп отурган кишиге көзү урунду.

– Келиң... Келиң... – деп калды коончу абышка бүжүрөй.

Абдырахман эрдин бек кымтып, биртке кооптонуп, короонун ичине, тосо баскан кишилерге бир сыдырып серп салып, сөөлөтүн жазбай өзүн токтоо тутуп, илгери басты. Бири Чаткал багытынын колбашчысы Момун, бири Болгон тоо Бозбу айланасындагы саруу, багыш уругунун колбашчысы Бекназар, бири белгилүү бекзаада, бүткүл Өзгөн, Алай багытынын кошунунун башчысы Абдылла бек болучу. Көзүнүн кыйыгын салып алдыртан бир тиктеп, жанагы анделек жеп отурган киши гана козголгон жок, бир аз иреңи кубарып кетип, бирок өзүн токтотуп, кандай отурса ошол бойдон калып койду. Абдырахман даңазасы ордону титиреткен кишини болжоп тааныды. Ал сылыктык үчүн болсо да тигинин ордунан тура келип каршы албаганына тырчыды. Сөз мындан наркы кылар иш тең болгон соң, эки жак тең ийилиш деркер го! Абдырахман:

– Ассалому алейкум, – деп суз салам айтып, таазим кылбай, оң колун көкүрөгүнө алган болду.

Исхак эч шашылбай, жүз буруп, бир кадалып тиктеп:

– Алейкум-а ассалам, келиңиз, бек, – деп, Абдырахмандын колун ордунан турбай алды да, бет алдында жаткан ташты көрсөтө берди. – Келиңиз, отуруңуз. Өз үйүбүз, өлөң төшөгүбүз эмес, кечиргейсиз.

Абдырахман ыңгайсыз абалга кабыла түштү. Ал эч качан мындай басмырлаганды көргөн эмес. Ордо кишилери бүжүрөчү эле го! Башында таажысы бар киши өзү жалтактап сүйлөшчү эле го! Ичи тырышты. «Кимге келгем?..» – деп, өкүнүч ой көңүлүнө кылт этип, эки кашынын ортосу бир тилинип тырышып, кабагы кирдей түштү. Бирок, тишин кашкайтып, билдирбеске аракет кылды. Исхак көрсөткөн ташка акырын көчүк басты.

Исхак баарын байкады. Байкамаксан, анделектен бир тилип сунду:

– Кана, даамга келиңиз, бек.

Абдырахман унчукпай башын ийкеп, акырын:

– Бисм илла... – деп, анделектин тилимин алды.

Исхак сынап, кыя тиктеп саал чаары бар иреңи жумшарып, ууртуна жылмаюу келип:

– И? Кырсыктан тышкары жүрөсүзбү, бек? – деп астейдил сурады.

– Кудайга шүгүр, ханзаада.

– Бегим сынындабы, кылычы кунундабы? Кудай жалгап, кайсы периште айдап, экинин бири, ордонун тиреги мында келип турганын билсек болор бекен?

Абдырахман бир тилим анделектин бөчөгүн жерге таштап, шашылбай, жүз арчуусун алып, колуна жуккан ширени аарчып, мурутун жанып, ой басып, бу Болотхан атын жамынып отурган неме оңой жоо эмес экенине тен берип, таң калып, алдыртан көзүн жылт эткизе бир тиктеп алды:

– Кайсы периште айдап келгени ханзаадага маалумдур. Кылычы кунунда экенин, жолубузду кудай кошсо, бирге сынап көрөлү, – деди Абдырахман. – Дилимди билген бир кудай күбө, сырымды билген пенде күбө, ханзаада, ушул элдин күнү деп, ушул өлкөнүн күнү деп жүргөн кишимин. Өз башыма мансап керек болсо ал мансап колумда. Бирок, өз өлкөмө, өз элиме бапасы жок мансап, бийлик мени иренжитти. Кабарыңыз бар, Чаткалдан чыккан чатакты жөндөп келсем, эси жоктор кайра канавайран кылып таштап, көңүлүмдү оорутту, эл көзүнө сындырды.

Исхак кырс күлүп койду:

– Эси жогун эми билдиңизби?

Абдырахман:

– Э-э, ханзаада, моюн сунуу деген да бар го акыры?!.

Булардын сөзүнө эч ким аралашпады.

Исхак анделек сойгон бычакты кармалап отуруп:

– Мейли, өзүңүз айткандай болсун, ишенели. Ушул элдин күнү деп, ушул өлкөнүн күнү деп, кара башын окко байлап жүргөн азамат дейли... деп тирмейип тиктеп калды: – Айтыңызчы, а мен киммин?

Абдырахман элтейди.

Исхак:

– Мен ханзаадамынбы? Ушул элди бөөдө октун алдына, кылычтын алдына тосуп, «тактымды алып бер, бактымды алып бер» деп, айдап жүрөмбү? Жо, мен ханзаада эмесмин! Кудай жолунда жүргөн жай адамдын баласымын. Сиз аны абдан жакшы билесиз. Менин алдыма келип таазим кылуу бек башыңызды пас кылып турат окшойт. Көрүп турам, кабагыңыздын киринен көрүп турам!

Абдырахмандын эти дүрүлдөдү, эмне дээрин билбей, оозу жарым ачылып, нестейип калды.

Исхак:

– Мага эмне керек? Алтын такпы? – Ал башын чайкады. – Көр оокатпы? – Дагы башын чайкады. – Мага тигинин да, мунун да кереги жок. Мага эл катары кеңчилик керек, жанагы сиз күйүп жүргөн, кор болгон элдин кеңчилиги керек. Иштин теги мен элди алдыма салып айдап жүргөн жокмун, эл мени алдына салып айдап жүрөт. Демек, урматтуу бегим, мен – эл өзү көтөрүп чыккан туумун, колундагы кылычымын. Сиз мага бек башыңызды ийсеңиз, мага жолуңузду кошсоңуз, аныңыз элге башыңызды ийгениңиз, элге жолуңузду кошконуңуз!..

Исхактын ачыктыгына, шарлыгына Абдырахман таң калды. Ал:

– Ниетиңе баш ийдим, баатыр! – деп жиберди. – Эртеңки күн эмне болорун кудайга коёлу, кудай билсин, бүгүн кошуп ал, баатыр, биригели!..

Көп өтпөй ордонун тиреги Абдырахман парваначы өзүнүн тандамал аскери менен, Иса-оулия, Калназар датка Анжияндын жанында эрегишке келип кошулду.

* * *

– О, Абдырахман! Кыларың ушул беле? – деп кең Кудаяр-хан үжүрөдө нары-бери басып турду. – Койнума жыландын баласын салып жүргөн экенмин го!. – Ал иреңи бир ууч болуп карайып, эриндери кеберсип, көзүн кыбыңдатып, эмнени ойлонорун билбей, башы кеңгиреп, токтоло калды. – Ха, туз ургур, тузума койдум...

Ушул учурда шашып, бир тууганы Султанмурат бек кирип келди. Көзү алайып, оозу жарым ачылып, акактап, үрөй жок. Кудаяр-хан нестейип тиктеди. Дагы бир балакет болгонун ал да сезди. Эмне деп сурашка даабады. Султанмурат бек кыкылдап туруп:

– Ханзаада Насирдин... – деп мукактанды, айта албай. Кудаярхан:

– Эмне болду? Айта бер, ханзаада аманбы?

Султанмурат бек:

– Кетиптир... – деди араң. Кудаяр-хандын көзү чоң ачыла түштү.

– Колундагы төрт миң аскерди баштап алып, Абдырахмандын артынан кетиптир.

Кудаяр-хан шалдырай түштү:

– Мындан көрө, өлдү деген сөздү уксамчы... – деди да, жүзүн үйрүп кетти.

Эрегиштин колу Маргаланга келгенде ханзаада Насирдин-бек алдынан тосо чыгып, Абдырахман тарабына кошулуп кеткен. Ханзааданын оюнда кандайдыр бир ыйык максат, элдин мүдөөсү деген кайдан болсун?! Илгертен ордо төңкөрүшү жакындап келе жатканын гана сезип, күч оогон жакка жылт берип калганы болучу.

Кудаяр-хан бүжүрөп, өз санаасына өзү эзилип, башын ийкеди:

– Чарабыз кайсы, бек? Бу да болсо, кудуреттин башка салганы! – деди бир тууганын жубатып. – Бу өзүбүз турган Кокондогу сыпайлардын арасы кандай? Замбирекчи сарбаздар кандай?

Султанмурат бек:

– Кудайга шүгүр. Баары жайында.

Кудаяр-хан:

– Тескеп чык, бек, дагы бир сыйра. Бузуку кармалса, көпчүлүктүн көзүнчө чыккынчы деп, дароо башын алдыр. Аёо болбосун!

Султанмурат бек:

– Куп...

Кудаяр-хан:

– Бар эми. Кудай кубат берсин. Бир көзүң бир көзүңө жоо болуп турган чакта өзүбүздөн башка кимге ишенебиз? Бекем бол.

Султанмурат бек чыгып кетти.

Кудаяр-хан ичтен ыйлагысы келип, өзүн араң токтотуп, дарчеге барып, шалдырап сүйөнүп, тун уулу Насирдиндин көөдөк бала кезин эстеди. «Ха, арамы! Тез жеткиси келген экен такка», – деп, кайра бат эти үркүп, чыйралып, азыр колунда болсо өз колу менен бырчалап таштагыдай болуп, кеги кайнап кетти.

Кудаяр-хан эсине келип, «Өй, кудрет, бу бала дегенди эмнеге атага кас жаратасың а?!» – деди. Жашында кубаныч, эр жетсе душман...». Эч акылы жетпеди. Күнүмдүк нанын күнүгө кара күчү менен таап жеп, күн көргөн бечаралардын алачыгында баласына сары улак болуп чабылган ата бар экенин, атасын акыркы күнүнө дейре ач кылбай, тоздурбай көтөрүп баккан уул бар экенин ал эч качан көргөн эмес. Бүткүл адамзаада ушул өз ордосундагыдай кайрымсыз, өз үйүндөгүдөй күйүмсүз экен деп ойлоду. Кудуреттин ушундай жаратканына астейдил таң калды. «Эч камы Жок бу көр дүйнөдө! Бийлик мына, байлык тетигине. А эмне үчүн кайрымсыз?» – деп кейиди. Адамзааданы бузган, ыймансыз, кайрымсыз, күйүмсүз кылган ошол бийлик, байлык экенин ага эч ким эскерткен эмес, өзү эч качан сезбеген. Мына, азыр ыймансыз ата, күйүмсүз бала мамилеси өз башына түшүп турган чакта да, ошонун ошондой экенине ою жетпеди.

Эшик ага кирди:

– Өкүмдар, Вей паша...

Кудаяр-хан ордунан дирт туруп, балача сүйүнүп кетти:

– Айтпадым беле! О, мени булар таштабайт дебедим беле! Чакыр тез... – Генерал Вейнберг татар тилмечин ээрчитип босогодон көрүнгөндө, эки колун тең сунуп утурлай басты. – О, улук төрөм...

Генерал Вейнберг суз учурашты. Кудаяр-хан сынын сактай албай бүт өкүнүчү, чарасыздыгы тышына чыгып, кейип, арыз кыла сүйлөдү:

– Башыбызга каран түн салаңдап келатат. Улук төрөм... Кандай акыл айткайсыз? Кандай арга бергейсиз? О, урматы улук төрөм...

Тилмеч татар бирде ханга, бирде генералга карап, сөздөрдү шакылдатып орусчага которду. Генерал Вейнбергдин жүзү былк эткен жок, көк көзү ойлуу тартып коюлуп, өз көкүрөгүндө ушу азыр уйгу-туйгу болуп жаткан оюн купуя талдап, баа берип, хандын абалын толук түшүнүп, токтоо, акырын баш ийкеп турду:

– Да, көрүп турабыз, таксыр. Өлкөңүздө саясы абал катуу... – деди жай. Тилмеч которду. Кудаярхан генерал Вейнбергдин камырабаганын көрүп, такыр чүрүшүп, ындыны өчүп, өзүнчө онтогондой болду:

– Көрүп турасыңар. Баарын көрүп турасыңар. Кандай күн болот эми?.. Мен силерге ишенбедим беле?!. Силерге таянбадым беле?!.

Тилмеч которду. Генерал Вейнберг ойлонуп калды. Атайылап маалкатып, ханды өз абалын түзүгүрөөк сезсин деп, анын бүткүл кекирейген хан сөөлөтүн күбүп таштап, анан сүйлөшкүсү келип, дагы атайлап тымпыйды. Кудаяр-хандын ичи өрттөндү. «Бу каапыр эмне ойлоп турат экен? Булар да мени куласын дешип калганбы? Мен эмне кылдым буларга? Кандай өкчөсө ошондой түшүп, эркине көнүп берип отурганымбы!? Ушуларга оогонум үчүн, ушуларга таянганым үчүн өзүмдүн бектерим кетип аткан жокпу?!». Кудаяр-хан туталана колун силкилдетти:

– Кана?! Ачык айт! Дагы эмне кылып беришим керек?

Генерал Вейнберг мелтейип тиктеди. Тилмеч которду. Кудаярхан кайра сынып, кайра майышып, капа кылып алдымбы деп, жалтактап, андан нары сүрөп, оозундагы сөзүн жоготуп алды.

– Бир гана айла бар, таксыр, – деди генерал Вейнберг, – ал генерал-губернатордон кат жүзүндө аскер суроо. Эгер сурооңуз кабыл алынса, бүттү, сиздин улук даражаңыз аман калат, сакталат.

Тилмеч которду. Кудаяр-хан көзүн кыбыңдатып ойлоно калды:

– Мен жаңылбасам, урматтуу төрө, жарымпаша менен биздин ортобузда 1868-жылы түзүлгөн шартнама бар эле, ал шартнама боюнча кокус согуш чатагы чыгып калса өз ара жардамдашуу макулдашылган эле?.. – деп, эсине салып, тиктеп калды. Тилмеч которду. Генерал Вейнберг башын ийкеди:

– Кабарым бар. Бирок, таксыр, кокус согуш чатагы болуп калса өз ара жардамдашуу макулдугу болгону менен, ал орустун өз аскери кирсин дегенге жатпайт, ал куралдан жана да башка зарыл нерселерден көмөктөшүү менен гана чектелет. Өзүңүз билесиз, орус аскери сиздин өлкөңүздүн ичине кирсе, Россияны көралбаган чет мамлекеттер «Россия басып алып жатат» деп чуулдап, ушак кылышы мүмкүн. Эгер сизге чын эле аскер жардамы керек болуп турса, анда сиз ошондой жардамды бере ала турган мамлекетке кат жазып, этегине мөөр басып, сурашка акыңыз толук бар. Сиздин катыңыз турган соң, ал мамлекет макул көрсө, ал жардамды берсе, сиз ал жардамды алсаңыз, анда, таксыр, эч кимдин кийлигишүүгө, ушак айтууга негизи жок, макулдашкан эки өлкөнүн өз эрки болуп калат.

Тилмеч которду. Кудаяр-хан ноюду. «Дагы кандай сыйыртмак ыргытып турат болду экен?.. Э, кудурет...» – деп күдүк болду. Кайсаланып, тиги генералдын көк көзү кабагына кадалып турганын сезип, айласы куруп:

– Эми эмне кылсам экен? Ушундай кылсак жакшы болобу? Туура болобу? Ыя? – деп, өзүнчө күңкүлдөдү.

Тилмеч Кудаяр-хандын өзүнчө күңкүлдөгөнүнөн бери шыпылдатып жатты. Генерал Вейнберг хандын кебетесинен көзүн албай, анын жүзүнөн ар бир өзгөрүшүн эсепке алып, байкап турду.

– Тилекке каршы, рыцардын сөзүнөн европалыктар, жалган болсо да, кагазга жазылган сөзгө ишенип калышкан, таксыр.

Тилмеч которду. Кудаяр-хан башын ийкеди:

– Куп... Куп, андай болсо... деп, эшик жакты карап, алаканын шак-шак койду, эшик ага көрүндү. – Катчы мырзаны...

Тилмеч которду. Генерал Вейнберг:

– Таксыр – деди, – бул катты бир жазган сиз, бир алган мен гана билишим керек, антпесе, өзүңүз түшүнүп турасыз тыштагы абалды...

Тилмеч которду. Кудаяр-хан шашып калды:

– Куп... А куп... деп, эшиктен катчы мырза көрүнгөндө, таазим кылууга үлгүртпөй, кет дегендей колун шилтеп салды. Катчы мырза бүгүлүп кетенчиктеп чыгып кетти.

Ушундан соң генерал Вейнберг ордунан туруп, колун артына алып, тилмечти бир кадала тиктей:

– Жазыңыз... – деди да, жер тиктеп ойлонуп, бөлмө ичинде нары-бери басып, тилмеч дароо портфелинен таза кагаз алып чыгып жазууга даяр болуп күтүп калганда ал: – «Түркстан генерал-губернатору урматы улук жарыктык фон Кауфман төрөгө...» – деп, андан нары жай, тактап айтып, жаздыра баштады. Кушкатты тилмеч орусча лепилдетип жазып кирди. Кудаяр-хан генералдын түшүнүксүз сөздөрүн кулак төшөп тыңшап, көзүн чарчаңкы ирмеп, шалдырагансып былк этпей отурду.

«Минтип башыма каран күн түшүп турган мезгилде белиме таңуу кылган, ишенимдүү деген кишилерим – молла Иса-оулия, Абдырахман абтабачы, Калназар парваначы бүт аскери менен менин душмандарым тополоңчу кыргыз тарапка өтүп кетишти. Эми аларга кошулуп, кайра өзүмө каршы уруш ачып келе жатышат. Мына ушинтип, Сиздей урматы улук жарыктык төрөдөн көп жардам, көп сүйөк көрүп келген элем, ушу азыркы кыйын учурда да Сиз мени тез жардамсыз, колдоосуз калтырбайт деп үмүт кылам. Өз башымды да, Кокон мамлекетин да улук даражалуу амиран императордун колуна тапшырам, кокус каргыш тийген тополоңчулардын арам ою ишке ашып кетпесин, Сизден орус аскерин көп замбиреги менен Кокон шаарына тез аттанууга буйрук берет деп, сынакы бурадар катары өтүнөм. Ишенем, урматы улук жарыктык, Сиз менин өтүнүчүмө макул болосуз деп, терең ишенем!..»

Кудаяр-хан «Эмне деп жаздырып жатты экен?» деп аргасыз ойлонду. Генерал Вейнберг токтоп, тилмечтин шыпылдаган колун ойлуу тиктеп туруп, тилмеч акыркы сөздү жазып дагы сөз күтүп калганда:

«...Сизди терең урматтаган Кудаяр-хан Шер Мухаммад-Алихан углу...» деп бүтүрдү. Тилмеч жазып болуп, чекит койду.

– Которуп окуп бериңиз, – деди генерал Вейнберг тилмечке, өзү аппак жүз аарчысына акырын бышкырынып, чарчагандай көңүлсүздөнүп дарчеге басып кетти. Кудаяр-хан кабагын чытып, өзүнчө мурдун чыйрыды. «Кишинин көзүнчө да чимкиреби?! – деп этин жыйрып жийиркенди.

Тилмеч жай которуп, каттын сөзүн Кудаяр-ханга окуп берди. Кудаяр-хан куп этпей, башын ийкеп отуруп укту. Аягына чыкканда сөөмөйүн саал көтөрүп:

– Жанагы жерин... кайта окуңчу, абзий... – деди бир кур иреңи кетип, бир кур жини келгендей, танабы кыпчылып. – Жанагы эмне, «өз башымды да, кокон мамлекетин да...» эмне кылам дедик?.. Ошол жерин...

Тилмеч кайта тактап окуду:

«Өз башымды да, кокон мамлекетин да, улук даражалуу амиран императордун колуна тапшырам...»

Кудаяр-хан ылдый тиктеп турган калыбында нестейди, көзү кыбыңдап:

– Гм... – деп кыңырылды. – Муну кандай түшүнсөк болот? Тапшырам?.. Кандайча?..

Тилмеч ошол замат Кудаяр-хандын күдүгүн генерал Вейнбергге түшүндүрдү. Генерал Вейнберг унчукпай келип катты Кудаярхандын алдына жылдырды:

– Улук даражалуу таксыр, бу сиздин эң акыркы айлаңыз, эң акыркы мүмкүнчүлүгүңүз.

Тилмеч которду. Кудаяр-хан суусаган таандай акактап, көзү жашылданып, тилмечтен арга издеп, мусулман баласы эмеспи деп эш тутуп, жалдырап тиктей берди. Татар тилмечтин жүзү андан бетер муздак, мелтейип, таштан жасап койгондой бир өзгөрүп койгон жок. Орто бирпас жымжырт боло түштү. Кудаяр-хан тердеп, колу титиреп, ошол өлүктөй жымжырттык ичинде каттын этегине мөөрүн басты.

* * *

Кокон шаарынын эли кулак түрүп, дүүлүгүп, сагат сайын тынчсыз. Колуна эмне тийсе ошо менен куралдана башташты. Курал дүкөндөрүнөн башка дүкөн жабылды. Базар өзүнөн өзү токтоду. Көпчүлүк түбүнөн көтөрүлүп кайнап келе жаткан суу сыңары тымызын оодарылып, кай бир жерде хандын бийлигине ачык акарат сөздөр чыга баштап, көлдүн тосмосу жарыла тургандай өтө коркунучтуу абал жакындап келатты.

Генерал Вейнберг Кокондогу полковник Скобелев башчылык кылган орус-казак отряды менен түздөн-түз хан ордосун, Кудаярхандын керт башынын амандыгын коргоого алды. Шаар элинин түрүн көрүп, окуя мындан ары кандай өнүгөрүн болжой албай, аргасыз байкоочу болду. Көп өтпөй бир түнү тилин алган төрт миң аскерди ээрчитип, ханзаада Мухаммед-амин бек көтөрүлүшчүлөрдү тосуп чыгып, кошулуп кетти. Бул хан ишенип отурган бар күчтүн жарымысы болчу. Эми Кудаяр-хан да, Вейнбергге да Кокондо туруу мүмкүн болбой калды.

Эртеси Кудаяр-хан бүт үй-бүлөсүн, ээрчиген ордо кишилерин, 80 арабага жүктөлгөн казынасын алып, полковник Скобелевдин казак-орус отрядынын тегерете курчоосу астында, ордодон чыгып, Кожон багытына кетчү Муймебер дарбазага карай жол алды. Алар менен кошо генерал Вейнберг өзү, чиновниктер, бир нече көпөсү бар эле. Шаар эли көчөмө-көчө жол бууп, тар көчөнүн эки тарабына шыкалып:

– Ха-а! Куйругун кыпчыган экен! Ха-а... деп, табалап кыйкырышып, кай бирөө шылдың кылып, кай бирөө уят сөздөрдү шыбатып сөгүп, дуу-дуу болуп узатып жатышты.

Кудаяр-хан менен генерал Вейнберг бир чүмбөт арабада. Генерал Вейнберг бет алдын томсоруп тиктеп, тегеректе болуп жаткан ызы-чууга кайдигер, көргүсү жок, былк этпей, кумсарып келатты. Кудаяр-хан өзүнөн өзү акактап, тердеп, жашылданып, эки жакты алактап каранып, мураскор уулу Ормон бекти колтугуна жашырат, өңү өчкөн. Капыстан бир муштумдай кесек шуу деп келип, арабанын чүмбөтүнө шак деп, майдаланып чачырап кетти. Кудаяр-хан ийнин кыса, баласынын башын дагы ылдый кылып, өз денеси менен калкалай калды.

– У наалаты! У кан ичер! – деп кимдир бирөө жакын эле жерден чарылдап сөгүп жатканы угулду. Дагы бирөөлөр кубаттап, коштоп жаткандай болду. Же сөз кайтаруу, же актануу, же моюнга алуу көңүлүнө илешпей, башы бош калгандай дендароо тартып кеңгиреп кете берди. «О, кудурет... адам ушунча ачуулуу болуп баратабы?!» – деп, ыйлагысы келди. Ыйлай албады. Ошондо да, ушул адамдардын эмне үчүн «ушунча ачуулуу болуп» бараткан себебин көңүлүндө сүрүштүрбөдү. Ал адамзаадага астейдил таарынды.

Эл жардап, чуулдап, тар көчөнү аны сайын тарытып, эки тарабына шыкалып туруп алышкан. Кай бир жерде качкындар бирден чубап өтүүгө мажбур болушту. Жек көрүндү ханды тытып кетүүгө бербей, өзүнүн куралы менен, сүрү менен, бөлөк мамлекеттин өкүлүнө кол тийгизбөө салты менен коргоп, эсен алып чыгып бараткан казак-орус отрядына да:

– Өткүлө, өткүлө! Биздин каныбызды соргон кишини силер коргоп баратасыңарбы?! Болуптур, өткүлө, өтө бергиле азыр. Куда кааласа, силердин да сазайыңарды колуңарга беребиз, хан түгүл! – деп калчылдап жатты бир абышка. Өтүп бараткан атчан казак-орус тигинин ушунчалык жини келип турганына таңыркап тиктеп койду. Абышка тиртең этип, казак-орусту жон талаштыра таягы менен шилтеп калды:

– Ух! Карап коёт!..

Казак-орус атынын оозун кекейте тартып, кылычын сууруп, абышкага карай теминип калды. Ошол мүнөттө полковник Скобелев жетип:

– Токто! Эмне? Жин тийдиби?! – деп, кыйкырып токтотту.

Туш-туштан эл чуулдап, эл толкуп, жаңжал чыга жаздады. Отряд дым болуп, кут этпей, адамдан куралган тирүү асканын ортосу менен, андан нары акырындап жыла берди.

Алар шаардан чыгып кетишти. Андан наркы жолдо ар жерден куралдуу топторго улам учурап, жолмо-жол ок менен тегерене коргонуп отуруп, хандын казына жүктөлгөн кырк арабасын алдырып, отряд эртеси Россиянын кол астына кирип калган Кокон шаарына араң жетти.

* * *

Ордо жакта кернай тартылды. Бул ордодо өзгөчө бир жаңылык болгону. Болбой койчу беле?! Кудаярхан качты. Эрегишкен эл жеңди! Көчөдөгү котологон эл дуулдап ордого карай агылды. Улам күчөп, шаңданып, кернайлар жер жарып жатты.

Көп өтпөй кызыл килем жапкан ак төө минген жарчылар көчөмө-көчө чыгып калышты.

– Кимдин, кимдин заманы? – деп жарчылар салтанат кылып, үнүн бийик таштап, зоңкулдап, дүрбөгөн элди аралады. – Насирдин-хандын заманы! Кимдин, кимдин заманы...

Сакалы кардай агарып мүңкүрөп карыган бир адам эшигинен сыртка башын чыгарып:

– Кимдин дейт? – деп, киркиреп сурады. Көчөдө эл көп эле. Эч ким жооп берген жок. Төөнүн басыгына теңселип, жарчы кыйгап өтүп баратты:

– Кимдин, кимдин заманы? Бактияр сейид Насирдинхандын заманы! О, бечара, карып, калың журт...

Эми таамай укту окшойт, кары кызыл ээгин жаба албай, кычыгына шоро токтогон кызыл көзүн алсыз ымдалап, жарчы кеткен жакты колун серелеп тиктеп:

– Э-э... – деп, ичинен күбүрөп, ой басып туруп калды.

Эми эле дуулдап турган эл мустарап болду. Ээрчигени жарчыны үнсүз ээрчип, ээрчибегени көчөдө турган жеринде селейди. «Ыя? Кудайдын каалоосу ушудур?..» – деп ойлоп жатты көбү. «Бечара калк ушул үчүн көтөрүлдү беле? Итти агытып күчүгүн короочу кылабы?» деп күдүктөндү көбү.

Ушул учурда Исхак белинде куралы жок, үрөйүндө сүрү жок, эки буту аттын басмайылына кошо таңылып, капылдан торго чалынган шумкар өңдүү көк асманды сарсанаа болуп тиктеп, жүз сыпайдын ортосунда кайдадыр айдалып кетип баратты. Ушул учурда диванхана күүлдөп, жүзү бакыттан албырган Насирдинге Абдырахман өз колу менен таажы кийгизип, өзү шайх-уль-Исламдан бата алып, казыйдан миңбашылык даражага жол алып жатты.

Кызыл килем жабылган ак төө минген жарчылар көчөдөн көчөгө, мааледен маалеге өттү:

– Кимдин, кимдин заманы? О, бечара, карып калың журт! Бактияр сеид Насирдин-хандын заманы...

Эмне болуп кетти? Үч жылдан бери бел чечпей күрөшкөн эр кайда? Эл ичинде да, аскер ичинде да нааразы сөз, баш чайкоо жүрүп кетти.

«Болот-хан тактан өзү кечип кетиптир. Маккатуллага зыяратка жөнөп жаткан имиш!» деген сөз чыкты. Көпчүлүктүн аңы учту. Абдылла бек ордонун эшигине келип түштү. Кызыл манат тышталган төбөсү бийик кундуз бөрк кийген, үстүндө кыпкызыл камзол, эндүү күмүш кур курчанган, көрк үчүн куруна кыны пилдин сөөгүнөн жасалган кичинекей шамшар илип койгон, бутунда кызыл саймалуу көк өтүк, колунда сабы сур эликтин бутунан катырылган жеңил камчы.

Ордонун эшигинде, көбүнчө Абдылла бекти тааныган күзөтчүлөр ызат көрсөтүшүп таазим кылышып, кетенчиктеп жол ачып калышты. Ал эч кимдин саламына да алик албай, эч кимге салам да айтпай, тез-тез басып, кирди.

Эшик ага башын ийкеп, үнсүз саламдашты да, ичкери кирип кабар кылды:

– Келди...

Ким келгени белгилүү экен, Абдырахман «Эмне кылсам?» дегендей, эшик аганы үңүрөйүп тиктеп ошол саатта көңүлүнө жакшылык да, жамандык да тең келип, алдыңкы эрдин тымызын тиштеп, ой басып, анан баш ийкеди. Эшик ага кетенчиктеп чыгып кетти. Абдырахмандын көзү эшикке кадалды.

Абдылла бек көрүнгөндө эле:

– О, келиң, келиң, бекзаада!... – деп, ал ордунан туруп, жылуу жүз көрсөтүп, утурлай басты.

– Ассалому алейкум! – деп, суз салам айтты Абдылла бек.

– Ва-алейкума ассалам! – деп, Абдырахман үнүн көтөрө шатман алик алып учурашты. Анын көптү көргөн кыйды сары көзү бир ирмемде Абдылла бектин кабагында келген кирди көрдү. «Жакшылык көздөп келбептир!» деген ой көңүлүнө тык деди.

– И, келипсиз! Кулак сизде, бекзаада?

Абдылла бек бир аз толгонуп отуруп:

– Эмнеге келгенибиз сизге белгилүү, миңбашы, – деп баштады. – Купуя болуп калды көп элге, бу эрегиштин туусу, аскербашысы кайсы Мекеге кетти? Ошонун дарегин билели деп келип калдык, миңбашы...

Абдырахман мизбаккан жок, бир уурту саал тартыла «алда качан тынган ишти козгоп» дегендей, эч камырабаган түр көрсөттү. Бир аз токтоп:

– Селсаяк болсо да, байкуш Исхактын мейнети бар эле! – деп, кейип сүйлөдү ал. – Бирок, бекзаада, эмне кылабыз кудайдын эркиби, эреже, нарк, шарият көтөрбөдү анын талабын. Мураскор башка экен...

Абдылла бек:

– Ушунча ат тердетип, ушунча кан төгүп, элдин тапканы ушул болуп калабы?!

Абдырахман кабагын чытып, таарынган кебете кийип, дарче жакты тиктеп акырын күңкүлдөдү:

– Э-э... бекзаада... баарын көрүп туруп, баарын билип туруп... – деди да, колун жай серелеп, муңайым үн менен улады. – Мына, баш койгон өкүмдарыбыз элге катаал болду эле, жарым пашага алданып өз өлкөсүнүн мүдөөсүн таштап жиберди эле, мына көптөп кетирдик. Дагы эмне керек бизге? Мындан ашыкты көксөп, чатакты ырбата берсек, чатагыбыз өз башыбызга жетет, өлкөбүз үчүн зыянга гана түшөт, уктуңузбу, башка бирөөнүн пайдасына кетет. Ушуну түшүнбөйбү зирек бекзаада?! О, жараткан! Азыр сеники, меники дешпей, так ээси ким болсо ошонун көлөкөсүнө чогулуп, өлкөбүздүн өлкө катары эртеңки күнүн сактап калышка аракет кылганыбыз оң эмеспи?! Ким кимибиз болсок да!

Абдылла бек:

– Бек, бу ак сөз. Бирак, эл өлкөнү буларсыз эле коргойт. Булар көтөргөн туунун түбүнө эч ким чогулбайт. Булардын ишеними, абийири, кадыры калды беле?! Капа болмой жок, ким кимибиз болсок да, бек ага, эл бизсиз эле өз туусун көтөрүп чыккан болучу.

Абдырахман кабагын салды. Башка жакты тиктеп, эрди кымтылып, түктөйүп ачуусу сыртына чыкты. Сөздү акырына чейин уккусу келдиби, же айтар жообун камдап жаттыбы, кут этпей үңкүйдү.

Абдылла бек такыды:

– Элдин туусун кайда бекитип салдыңыз? Жооп берсин деп жатышат! Эл нааразы...

Абдырахман чыдай албай кетти, өйдө карады, сары көзү кайнап:

– Эмне?! Эл?! Кайдагы эл?! – деп чаңырып жиберди. – И? Сан тийбей калдыбы? Сен, балакай, өзүм нааразымын де! Өзүм күйткүлөп жатамын де! Менин даражам тийгендеби, сен балакай, кимге да болсо макул болмоксуң, эл дегенди оюңа да алмак эмессиң!

Пенде эмеспи, Абдылла бектин көңүлүндө миңбашы болуу үмүтү жок эмес эле. Ал ачуусу келип кумсарып кетти. Өзгөчө балакай деп кемсинтүү сөөгүнө өттү.

– И? – деп ал дагы атылып сүйлөдү. – Сиздин даражаңыз тийсе жарашпайбы мага? Мен кемминби сизден?! Сиз Мусулманкулдун баласы болсоңуз, мен Алымбектин баласымын! – деди атайын такмазалап. – Эсиңизге келиңиз, дагы кан төгүлөт! Эмне кереги бар эле алакандай абиреси калбаган миң тукумунун сизге? Өлкөнүн мүдөөсүн мансапка алмашып отурган мына сиз өзүңүз болуп жүрбөңүз?!

Абдырахман сөз таппай калды. Ызырынып тиктеп, ушу азыр желдет чакырып кармата турган өңдөнүп кетти. Абдылла бек ордунан турду.

– Куп, биз эми кайталы, бек, – деди Абдылла бек кыя тиктей, – эшиктеги элдин, жер жайнаган колдун талабы ушул, Болотхандын жанына забын кылбаңыз, анда ордону таптакыр өрттөтүп аласыз. Менин сизге жан тартып айтар кеңешим ушу ки, бек, тез бошотуп бергениңиз оң.

Артын каранбай чыгып кетти. Абдырахман миңбашы отурган жеринде былк этпей, бейиттин башына койгон ташбаба сыяктуу тунжурап, отуруп кала берди.

Бектер, манаптар кошулган соң эрегиштин катары кыйла өзгөрүп, ошого жараша мүнөзү да, мүдөөсү да өзгөрүп кеткен болучу. Абдырахман парваначы саркерлерден бөлүп, ээндетип туруп Исхакты шак карматып, өзүнүн бир тууган жээни, бакмасы Насирдин бекти хан деп жарыялап жиберген эле. Ал «Болотхан» атанып жүргөн селсаякты жок кыла коюп, артынан күйөрү ким, эрегиштин саркерлерин ымга көндүрүп, толкуган элди газават менен алаксытып, бардык тарапты өз колуна топтомокчу эле. Мына эми, минтип, бүт тоолукка кадыры чоң, ханике катары сөзү өтүмдүү датка айым Курманжандын баласы келип, чак түштө ордого келип, чыр салып кетти. Эмне кылуу керек? Абдырахман отурган ордунан турбай, тунжурап ойго батты.

Анын алдында бир гана жол. Кайтмай жок эми башталган иштен. Жарым пашага каршылыкты күч алтып, мусулмандардын мусулмандык ыманын күйткүлөп, жалын тутантып, тезинен газават көтөрүп пайгамбардын көк туусун алып чыкса, караламан журт ыйык тууну ээрчип күүлдөп атка минсе, ошондо гана ордого каршыккан жааттын күчү бөлүндү болот, ошондо гана бейбаш саркерлердин деми кесилет да, кудай берип жарым пашаны Ташкенден кууп чыккыдай болсо, анда селсаягы эстеринен чыгып, журттун бардык тайпасы ага ыраазы болуп, милдеткер болуп тынышат. Ал мына ушуну болжоду.