кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Бешинчи бөлүм

III

Кызынын көйүнөн да Сарыбайга зайыбынын элирип кеткени катуу тийген. Башына минтип кара түн кийип отурган чагында ошол Сүйүмкан байкуш күйбөйт беле, ошол аралжы болбойт беле?

Жан күйөрү жалгыз Мадыл. Ал дагы көр тирилиги менен алек. Колу тийгенде жанына келип, көп отуруп, сүйлөшүп, эрмек болот. Мадыл жокто жанына эч ким келбейт. Кайран киши өзүнчө тагдырына наалыш айтып, тунжурап отуруп, ичине өктө, арман толуп кеткенде комузун сыйпалайт. Комуз ар качан башында. Керели-кечке муңкатып комуз чертет. Комуз анын сырдашы, жападан жалгыз муңдашы болуп калган.

Тыңшачы эле туугандар бир кезде. Кийинки убакта андан четтеп калышты. Күүгө байыр кыла калган балдарды кесири тийеби дейби, энелери «кой, отурба бул жерге...» деп, болбос оюна койбой, ыйлатып жетелеп кетет. Бул эмнеси? Оокатына үч түтүн туугандын үйүнөн үч маал кезектешип бир кеседен жылуу бирдеме чыгарып берген болушат. Кесени алып келген киши үн катпай акырын келип, кесени акырын Сарыбайдын алдына коюп, колун акырын түртүп кесеге тийгизип коюп, унчукпай кайра акырын чыгып кетет, кесири жугат деп, бир үйдө жалгыз, канаты сынган үкүдөй тунжурап отурган, арык алсыз абышканын жанынан батыраак алыстагыча шашат. Бул эмнеси?..

Кийинки күндөрү Сарыбай адам менен сүйлөшүүгө зар болду. Ойгоо отуруу оор, тумчуктурат аны. Эч бир каңгыртты укпаска эки кулагын чып басып, ошондон нары мемиреп уктап кетүүнү тилечү. Уйку ага жашоо, кубаныч болуп калган. Уйку жанын тынчытат, түш көрөт. Түш аны бир кездерде өткөн көздүү, барктуу, мырза өмүрүнө кайра алпарат, көңүлү сүйгөн жакшы адамдар менен учураштырып, бир кезде өзү бүркүт салып, ат бастырган жашыл кадуу жерлерди аралатат. О, ал не деген ажайып дүйнө эле...

Бир жолу зайыбы экөбү, бири көздөн, бири акылдан ажырап калышканы эстеринде жок, бүрдөп турган жаш токойлорду кыдырып жүрүшкөн экен. Алар күн чагылышып турган ак булуттарды көрүштү, алар шаркырап аккан тунук суунун теңгеленип жылтылдап агып жаткан көбүктөрүн шыңгыратып кечип өтүп жүрүштү. Түрдүү чымчыктар сайрап, кылактап учушуп, Сарыбайдын башына өтө жакын учушуп, алардын таза ак канаттары жалтылдап, аны кайдадыр мындан да сонун бир жакка көңүлүн оодурду. Кимдир бирөө тоонун башынан өмүрдүн толгон мезгилинин оттуу, кумардуу күүсүн бир укмуш үндүү комуз менен кубулжутуп чертип кирди. Күү бүт авага толуп, көл болуп толкуду. Комуз тилин түшүнгөн Сарыбай эрип жүрөгү лапылдап кетти... «Мен өлгөн окшоймун, бейиште жүргөн окшоймун, болбосо мен көздөн ажырабадым беле, жараткан тигил жалган дүйнөдө көргөн кордугубузду, тарткан азабыбызды эселеп, бул чын дүйнөдө бизди бейишке чыгарып койгон турбайбы... Гм... бейиш ушул турбайбы... Гм... биздин жаздоолорго окшош турбайбы...». Сарыбайдын көкүрөгү ушуларды боолгоп, бейиш дүйнөнү дагы жакшылап карагысы келип, эч көзү тойбоду, эч ажырагысы келбеди...

Чоочун үргөн иттин үнү ойготуп жиберди. Сарыбай дагы эле баягы караңгынын кучагында өз тизеси өзүн үшүтүп бүрүшүп жатканын сезди.

Күн кайсы убак болду экен? Сарыбай башын көтөрүп, сыйпаланып тебетейин таап кийди да, тонун жамынып өйдө болуп отурду. Айыл арасында балдардын үндөрү жүрөт, улак маарайт. Капкачан эле таң атып калган окшойт деп ойлоду Сарыбай. Муну кардынын ачып калышынан да билди. Эркектердин үндөрү бир жерден чыгып жаткансыды. Сарыбай кулагын төшөдү. Туугандар эмнени сүйлөшүп отурушат болду экен? Сарыбай баарын үндөрүнөн таанып, алардын кебетелерин көз алдына келтирип, көңүлүндө өзү да ошолордун катарына отургандай отура берди. Туугандар эмнеге күлүп жатышты экен? Бул дүйнөдө эмне кызыктар болуп жатты экен? Ушул топ тууган бир кезде өзү уудан жолдуу келгенде ушинтип бапырашып сүйүнүшөр эле, түн жарымына дейре жатпай эт бышырып жешип, чоң жагылган оттун жээгинде балдары менен бүт тегеректеп отурушар эле. Сарыбай улутунуп койду да, баш жагын сыйпалап комузун алды. Акырын күүлөй баштады.

Сарыбай буга да шүгүрчүлүк кылат. «Э, жараткан! Жаздай көктөтүп өмүр бердиң эле. Дарактай мөмөлөтүп бала бердиң эле. Жүрөк толкутуп кадырга мингизип, топ элдин ичинде төргө чыгардың эле. Кана? Ушунун баары аманат беле?! О, жараткан... акыры аягында ушинтип Сарыбайды өбөгүнөн ажыратып, дөңү, чуңкуру көп жериңдин бетине эки колун сундуруп темселетип таштаганың ушубу?!» деп, айласы жок ушуга да кайыл. Сарыбай өзү да, муңканган комузу да буга жооп таба албайт.

Кеткет келгенде биротоло мүңкүрөтөт белем?! Үч үйлүү тууган төмөн кең өрөөнгө Саз-Сай деген жерге көчмөй болушту. Сарыбайдын абалы болсо бул. Өзүлөрү аңчылык кыла алышпайт. Колдогу бирин-экин мал жан сактоого туруштук боло албай турган. Сарыбай эмне демекчи?! «Кой, ач бол, жылаңач бол, мени эле тиктеп отур!» дейби?! «Болуптур, туугандарым, издеген жагыңардан бакты таап кеткиле ылайым. Курсагыңар ачпасын, ийниңер тозбосун, ажырыктай чайлап уругуңар көбөйсүн!» деп бата берип, жүрөгүнөн кан кетип коштошту.

Ээн, эски кыштоо, Сарыбайдын үйү, Мадылдын үйү үтүрөйүп куну качып калып калды.

Кудайдын күнү каркырадай чубашып өтүп жатты.

Бир күнү Мадыл көк өзөн жактан энтигип келди:

– Эл дагы дуу-дуу болуп атыры, аке. Кап, туугандар ушерде болгондо мен дагы кошулат элем кошунга. Өч алып, жаны тири болсо баягы байкуш кызды таап келет белем?..

Сарыбай үңкүйүп унчукпай отуруп, ичинен ой тегеретип, башын ийкей, эң акырында:

– Оолукпа. Уруш деген кыдырып боорсок жей бере турган айт эмес. Уруш деген кызыл кыргын, кара сүргүн болот. Кандай кылабыз, кеткен кыз кетти. Эми, таап келет элем деп, артынан сен жоголсоң, мен кантем, менин көргөн күнүм эмне болот?.. – деди. – Өзүңүн ишиң кандай?

– Эки тогуз чөйчөк, бир тогуз чара аяк кырдым...

Сарыбай Мадыл жакка бет бурду:

– И, анчаны эмне кыласың?

– Көр оокатка аралжы болбойбу...

– Йе, – деп күрсүндү Сарыбай, – көр оокат ошону менен бүтөлчү беле? Көрксүз, калпыс кылып үч тогузду жасагандан көрө, жакшылап, кырын, чийинин, сырын келиштирип, жеңил кылып, урунган киши кубангыдай кылып үнтү гана жаса. Жакшы жасалса кымбат буюм, жаман жасалса көңдөбөдө жатар итаяк...

– Жакшы эле...

– Сууга кайнаттыңбы аябай шакылдатып? Канча кайнаса ошончо бекем болот дечү эле Кулан акем, кийин жарылып кетпейт, өнөрүңө да, өзүңө да наалат калбайт дечү эле.

– Түзүк эле...

Кээ күнү Мадыл кыпкызыл болуп жошо менен сырдалган идиштерин куржундун эки көзүнө шыкап салып алып, өгүз минип эл кыдырып чыгат. Бирден, экиден алышат керектеген эл. Мадыл наркы мынча деп сурабайт. Ким көңүлүнөн канча чыгарса, ошону алат. Кай бирөө жандык мал айтат, кай бирөө өзү алган идиштин ичи менен бирдини дан айтат. Мадыл бергенине ыраазы, көп дебейт, аз дебейт. Илгертеден келаткан өз ара мамиле ошол.

Ушундай түйшүктүү күндөрдүн биринде кырмачы көңүлү ооп бийдин айылына кайрылып калды. Бийдин үйүнө биринчи салам айтыш парыз. Мадыл босогону аттап, биртке мукактанып салам айтып, карбаластап куржунун улагага коё коюп, бүгүлүп колун коштоп сунду. Абил бий бир имере тиктеп, иреңи бир аз жумшаргансып:

– Кел... – деп, акырын баш ийкеп, колун алып, отур дегенчелик кылып, этек ченин ээги менен жаңсап койду. Мадыл сыңар тизелеп отура калып, кайра леп туруп, бөжөңдөп куржунуна барып, бүжүрөп оозун ачып:

– Быйылкы кырган идиштеримдин түзүктөрү ушу... – деп, жаңы жаңак кеселерди бирден чубап, Каракаш айым жакты жалжал каранды. Каракаш айым ордунан оолжуп тура келди:

– О-о, кайран жаманым, өнөрүң күч сенин!.. – деп, кеселерди, чара аяктарды кармалап көрө баштады. – Түзүк, түзүк, жаманым...

Абил бий жука чепкенин желбегей жамынып отурган калыбында:

– Байбиче, Мадылым сага бир каралык буюм тартуулап келген тура, – деп коштоп койду. Мадыл шашып:

– Жо-о, бий, тартуу эмес эле, жеңемин босогосун куру кол аттабайын деп... – деди астейдил. – Оозуңуздан айлансын. Кол башындай жыгач да, көп болсо.

– Э, Мадылым, сен кол башындай жыгачты тартуулабайсың, сен өнөрүңдү, ошол кол башындай жыгачка салган жаныңды тартуулайсың. Тартуу деген тартуу. Кайрымжысы болот. Салт эмеспи бу.

Мадыл унчукпай калды.

Каракаш айым кеселердин бирин чайкап, кымыз куюп, байына сунду:

– Ырыска шерик буюм болсун, бий, алдынан даам татып коюңузчу.

Абил бий кесени алып, кайдигер бир тегеретип карап, түзүк дегендей башын ийкеп:

– Сенин атаң, биздин агабыз Кулан, кудай ыракматын берсин, колунан көөрү төгүлгөн жыгаччы эле. Түркүн оюу, сызуу түшүрүп жаңгактан идиш кырчу, кайыңдан койкойтуп ээр чапчу, кыпкызыл кылып кереге, уук жасачу. Атанын өнөрүнөн биртке калган экен сенде, Мадылым, – деди да, кымызынан бир жутуп, кесени кайра байбичесине кайрыды. – Куй кымыздан, байбиче, Мадылыма...

Мадыл Абил бийдин жылуу мамилесине жетине албай, ичиндеги жек көрүүсү тарап, маңдайы жаркып, тердеп отуруп калды. Ичтейи ачылып, күчтүү кымыздан аянбай ичти.

Абил бий секиндеп сөз тартты:

– И, Мадылым, сүйлөй отур. Акыбалыңар кандай? Кайран Сарыбай эсен жатабы?

– Жатабыз, бий ага, кудуреттин башка салган күнүн көрүп...

Абил бий анын кабагынан таарынычты сезди. Өзүнчө ойго батып башын ийкегиледи:

– Шүгүр де, Мадылым, дагы багына сен барсың. Кирдетпей, биттетпей багып тур, бул дүйнөдө кайтпаса, тигил чын дүйнөдө акыбети кайтып кетер...

Мадыл жер тиктеп отурган:

– Кудуреттин мурунку көйүнөн да кийинкиси бизге катуу тийди... – деп өйдө карады. Эки көзү кыпкызыл, эрди бозоруп, тымызын кеги кайнап көрүндү.

– Айрөк, кокуй! – деп чырт этип, Каракаш айым сөзгө аралашты. Ошол кызды оозго алып отурасыңбы, айрөк? Эмне жаман болдубу кызыңарга? Ордо кыз болду. Телегейи тегиз болду.

Мадыл жүзүн үйрүдү. Каракаш айым кашын чимирип, дагы ачуу бирдеме демекчи болуп келе жатканда, Абил бий башын чайкап токтотуп, анан Мадылга карап, жанагыдай эле жай, коңур сүйлөдү:

– Ырас, тийери тийди, Мадылым. Бирок, кыз жалгыз менин муктаждыгыма кеттиби?! Жамы журттун башына түшкөн балакетке аралжы болду го?

Мадыл ошол тултуюп отурган бойдон баш көтөрбөдү. Анын бул тултуюшу – макул эместиги. Мындайды жаздым кылабы, сезип, өзүнчө бир ууртун тарта тымызын жымыйып:

Же... «бул ишке Абил бий түрттү эле» дегиң келип жүрөбү? – деп койду Абил бий.

Мадыл өйдө карай берди:

– Кудай сактасын, бий...

Башын ийкеп койду Абил бий. Иштин түйүнү – ошо «ит өлүм» үчүн бир уруу журт жабыр тартып калганында. Ким колдуу болду? Ким көкүттү? Бул ачыкка чыгып кетсе, куруп кеткир дагы заман бузулуп, кырк элчи өлүп, эл толкуп турган чакта өзгөчө, элдин кинээси ырбап, эл көзүнө ушул күнгө чейинки болгон бардык жамандык иштердин күнөөкөрү болбогон күндө да себепкери катары жаманатты болуп калар мүмкүн.

«Чок кармагандын колу күйөт» деген ушу – кетти бир кыз. А сен өчүңдү алып, көңүлүң тынып, жаныңды сактап, айлыңды корголоп калдың го?!

Ынандыбы, өкүнгөнүбү, баш ийкеп отурду Мадыл.

Ушундан соң сөз тереңге кеткен жок. Каракаш айым Мадылды этке, кымызга шыкап тойгузду. Кетеринде бир чоң сарала бээнин ноктосун карматтырды. Абил бий:

– Муну бир керегиңерге жаратып алгыла, Мадылым. Сарыбайга айткан саламыбыз ушул.

Мадыл бырпырап бээнин ар жагына бир чыгып, акактап сүйүнүп, бийге эмне деп алкыш айтарын билбей, калдастап калды. Жалынан сылайын деди эле бээ селтилдеп кетти. «Сен алып кете албайт окшойсуң» деп айтып жибере тургансып:

– Йе-е, жетелеп эле кетип калам! – деп шашты. «Сүйрөшү мүмкүн, үйүрдөгү мал, минип эле кет» деп, эски-уску токум курап, бээни токуп мингизди жылкычы. Ээрчип турган тайын жылкычы бөлүп кетмекчи болду эле:

– Жөн кой, – деп үн салды Абил бий, – энесинен бөлүнбөй кете берсин.

«Кечке калбайм» деген Мадыл кечикти. «Эмне болду? Бирөө казан асып калса, бабырашып отуруп, күн кечтеп, ошерде түнөп калган окшойт байкушум...» деп жакшылыкка жооруду Сарыбай. Ашканадан бир чөйчөк жарманы сыйпалап тапты. Муздап калган экен. Өзөк жалгады. Акырын жылып келип төшөгүнө жатты. Ал көпкө уктай алган жок.

Айлана жымжырт. Жакын жердеги токой башы шуулдайт, шамалга термелип жаткандай. Жакын эле жерден байулу сайрады. Сарыбайдын эти үркүп кетти. «Эмнеге коркосуң? Кайсы аялуу жаның калды эле?!» деп өзүн өзү шылдыңдады. Эшиктеги Мадылдын ак төш ити акырын үрдү. Сарыбай башын көтөрдү. «И, Мадыл келаткан экен!» деди Сарыбай, жүрөгү жылый. Көпкө күтүп жатты. Жок, эч шабырт жок. Бир убакта ак төш ит кыңшылап, куду Сарыбай жаткан тушка келип, керегенин түбүн тырмалап жиберди. Сарыбай:

– Э, ак төш!.. Сага эмне болду?.. – деп койду. Ит чыдамы кетип дагы кыңшылады. Те алыстан уңшуган үн угулду. Шамал го деген эле, дагы угулду, даана угулду. Сарыбайдын эти дүр этти. «Карышкыр!..» деген ой зып келди. «А-у-у-у!..» деп, бир ңечеси кошулуп кеткендей арты кош жаңырыктап кетти. Иттин чый-пыйы чыкты. Эшикте жаткан Мадылдын жалгыз ую үркүп, дүпүрөп туруп, күшүлдөп жиберди. Карышкыр кирип келдиби? Сарыбай ордунан атып туруп, керегенин башын улап, эшикке жетти да:

– Ха-а-ай!.. – деп кыйкырды. Карышкырдын үнү тып басылды. Сарыбай өзүнчө бак-бак сүйлөп, дагы кыйкырды. Ит да Сарыбайды бел тутту белем, эрдемсий үрүп калды. Сарыбай тышта көпкө отурду. Эми эчтеме жок. Кайра дүйнө тынчып, жорткон желдин шуу-шуу эткени гана калды. Уй да кайра жатып, тынчтанып, кепшей баштады.

Күздүн сыдырымы сөөгүнө өткөндө Сарыбай кайра үйгө кирип, темселеп төшөгүн таап жатты. Келме келтирип, кудайдан тынччылык тиледи. «Мадыл эмне кечикти?..» деп жатып, уктап кетти.

«Тишим!.. Тиши-им!..» деп онтоду Сарыбай. Отуз эки тиштен жалгыз кашка тиши калган экен. Ошол жалгыз тиш сыздап ооруйт. Түбү бош. Сарыбай көгөргөн көлдү көрдү. Суусу шор экен. Көл толкуйт. Күр-шар этип, Сарыбайдын башынан аша жаба берип кетет. Сарыбай кача албады, мууну жок, кубаты жок. «Тишим!.. Тиши-им!..» деп онтоду Сарыбай. «Кел, сууруп таштайын!» деп, бир иреңи капкара, көзү аппак бирөө пайда боло калды маңдайына. «Жалгыз тишим. Муну сууруп салсаң мен кантип оокат кылам?» деди Сарыбай. Тиги ак көзү чоктой кызарып, оозун чоң ачып кыжырланып келип, Сарыбайдын тишин бир сермеп сууруп салды. Жалгыз тиш канга жошулуп, Сарыбайдын алаканына түшө калды.

Сарыбай чоочуп ойгонуп кетти. Түшү экен! Жүрөгү дүкүлдөйт. Ал шашып башын көтөрдү. «Мадыл келди бекен?» деген ой дароо басты.

– Мадыл! – деп үн салды. Эч ким жок. «Али келбептир го?..» деп, тез туруп, темселеп эшиктин көзүнө жетти да, кыша эшикти түртүп, тышка чыкты. Желпилдеп сыдырым жүрүп турган. Табы жок, күн чыга элек экенин билди. Селдейип көпкө туруп, туш-тарапка кулак төшөп, тыңшап көрдү. Эч шарпа жок. Азыр Мадыл келип үйүндө уктап жаткан болгондо да таноосунун желин Сарыбай укмак! Токой жактан сайрап жаткан сагызгандын акырын шыкылыктаган добушунан башка тири жандын кыймылы сезилбейт. Кыштоо жымжырт. Шуу деп көңдөбөдөгү чогойнолорду ыргап өтүп, бир жолбун жел жортуп жүргөнсүйт. «Түшүндө тиши түшкөн жаман! О, бул эмне сыр бергениң, жараткан?!». – Сарыбайдын жүрөгүнө чындап чочулоо кирди.

– Мадыл! – деп бир кыйкырып алды. Кулак чыңыргандай тунжураган жымжырт. Сарыбай бир ордунда селдейип көпкө турду. Бир убакта арт жагы шырт деп калды. Сарыбай абайлап сезип турду. Кимдир бирөө келаткансыды. Чөп сынып жатат, жер түйшөлүп жатат... Ким бул?.. Сарыбай артына бурулуп:

Калыйма! – деди катуу, Мадылдын зайыбы келип калды бекен деп ойлоду. «Э, кече кетпеди беле төркүнүнө. Бүгүн келип калмак беле?!» деп кайта эсине келди.

Чөп сынбай калды. Жер түйшөлбөй калды. Жакындап келаткан киши болсо токтой калды окшойт деп, Сарыбай ошол тарапка басты.

– Бери келчи, айланайын, ким болсоң да... – деди мууну калчылдап, алсыз каргылданып. – Сен кимсиң?.. Ыя, Мадылга эмне болду?..

Жооп болгон жок. Чөп кайра шырп деди. Бери басты окшойт деп болжоду Сарыбай. Ал токтоп, эми кимдир бирөө келип, колун кармап учурашып каларын күттү. Көпкө турду.

Журт шимшип жүргөн ит болучу. Мадылдын ак төш ити кулагын тикчийтип, Сарыбайды карап, колун карап турду да, куйругун шыйпаңдатып келип, бирдеме үмүт кылып, Сарыбайдын бутуна сүйкөнүп, эркелеп калды. Сарыбай дароо эңкейип, саксайган барак жүндүү ит колуна кире түшүп нес болду.

Сарыбай иттин жанына отурду. «Бул кандай күн болуп кетти? Бир иттен башка жанында тири жан калбай... О, жараткан, бул эмненин кысасы?». – Ал өрттөнүп, канча кадаланып тыңшаса да, жанында сулап жатып алган иттин мурдунан чыккан желинен башка эч шабыртты сезе албады.

Башына көмкөрүлгөн караңгылык улам тарып бараткансып, кысып, кан тамырларын талытып, өлүктөй жымжырт тынчтык куса кылды.

Көп отуруп, бир убакта:

– Ак төш... – деди ал жанын сыйпалап, ит жанында жок эле, эки колун арбайтып, ордунан шашып тура калды. – Ак төш! Кайда кеттиң, Ак төш!.. – Бир паста жүрөгү сыгылып, жалгызсырап, коркуп кетти. – Ак төш! Ак тө-өш!.. – Өз үнүн өзү тааныбай бакырып, калдастап, боз үйгө барып бир урунуп, шалдырай түштү. – Ак төш, о сен дагы мени таштап кетип калдыңбы?!.

Ак төш төштө коңуз терип жеп, шимшилеп жүргөн эле. Сарыбайдын чакырып жатканын угуп, башын көтөрүп, куйругун шыйпаңдатып карап турду, үмүт кылып турду. Акыры чыдай албай Сарыбайга чуркап келип, анын бою менен тең секирип, эркелеп, колун шимшилеп жиберди. Сарыбай жүрөгүн басып, калтыраган колу менен иттин башын сыйпалап, эркелетип үйгө жетеледи. Эч убакта үйгө башбагып көрбөгөн ит босогодон аттабай кыйыктанып, бүрүшүп коркуп, бошонуп кетиштин аракетин кылып кыңшылады эле, Сарыбай токтолуп, анын көңүлүнө карап:

– Ак төш... Ак төш... – деп, үнүн жалынычтуу чыгарып жоошутуп, көңүлү калып калса колдон чыгып келбей коёт деп, ага кошомат кылып, башын сылап, кулагын кашылап отуруп калды. Ит биртке жоошуй түштү. Сарыбай аны бала сыяктуу эркелетип, акырын түртүп үйгө кирди да, өзү көпкө кайсаланып, убара тартып, кыша эшикти жип менен босогого таңып байлады. Бул, ит кайта чыгып кетип калбасын деп кылган далалаты эле. Ал керегенин башын улап басып, иттин көңүлүн күү менен көтөргүсү келди, ит да болсо жанынан кетпей кубат болуп отурган макулукту кубанткысы келди. Көк тарамыштуу колу комуздун керилген кылдарын бир жанып, кылдардан «зың-ң» деген үн чыгып, көпкө дейре Сарыбайдын сезгич кулагында жаңырып, Сарыбай көкүрөгүн кере оор демин алды. Анын өктөлүү дилине арман күү толуп кетти.

Ал унчукпай отуруп, о качан бир, бир кездерде бир өткөн баатырлардын өмүрүн айткан бир күүнү күңгүрөнтүп, ойлуу, салмактуу, жай баштады. Анын тунук акылы, сезими жүз катмар байыркы замандарды аралап, шарына, түрүнө аваз кылып, адамдардын үмүтүн, күрөшүн, талып жыгылган чарчоолорун, өлүмдөрүн кошту. Бир коктунун төрүндө, алакандын отундай ой жерде, чогойнолуу эски журттун четинде үңкүйүп жалгыз турган боз төбөл үйдүн түндүгүнөн комуздун коңур муңдуу ыргагы термелип чыгып жатты. Ава мемиреп, тоолор үңүлүп карап, жон кыдырган жел токтоп, дүйнө дем тартпай уккандай болду...

Сарыбай күүнү бүтүп:

– И, Ак төшүм, уктуңбу? – деп койду өз көңүлү үчүн. Ит көзүн жашылдантып, эчтеме менен иши жок, үргүлөп тынч жатты. Сарыбай күүнү өзү тыңшады, күүнүн маанисине, комуздун жан жылыткан тилине өзү түшүнүп, өзү тен берип, көңүлү толуп, өзү гана улутунду...

Таң үч жолу атты. Сарыбай түнү бою кирпик какпай чыкты. Ар түркүн ой башын маң кылды. «Мадылга эмне болду?. Менден жадаган белем? Катынын төркүнүнө жиберген болуп, өзү артынан кетип калдыбы?..» – деп, жүрөгүнө таарыныч келди. «Жо, кантип ошентсин жалгыз жан күйөрүм! Анан эмне болду?» – деген ой кайра мурункусун басты. Улам кылт этип, коркунучтуу элес келе баштады көз алдына. Түшү эсине келет улам. Абил бий көрүндү көзүнө. Ал Мадылды ылдый баш кылып астырып алып, кызыл ала кылып, малча терисин сыйрып жатат! Ал өз оюнан өзү коркуп кетти. «Бу мен как баш! Эмнени ойлонуп отурам, ыя?!» – деп өзүн өзү жек көрдү.

Ал чекеси тырышып, башы ооруп ордунан чарчап турду. Убактыны билмекке эшикке чыкты. Күзгү сыдырым жүрүп турган экен, нары да маңдайы жылуу бирдеме сыйпалагандай болбой, ушундан улам таң ата элек же күн бүркөк деп болжоду. Шырт деген шоокумду кулак төшөп тыңшап, бир ордунда былк этпей көпкө туруп калды. Эчтеме жок...

– Мады-ыл!.. О-о, Мады-ыл!..

Жыңгыраган тынчтык. Өзүнүн үнү те алыста «ы-ы-ыл...» деп жаңырыктап баратканын укту. Дарак шуудурап жатты. Күзгү сары жалбырактарды жел үүлөп, кылдыратып аңтарып жатты. Кайдадыр, алысыраакта го, чымчыктар кужурашат. Бир гана адамзааданын шарпасы угулбайт. Сарыбайдын көңүлү сынды. Сызылып каңырыгы түтөдү.

«Соо болгон эмес экен! Соо болгон эмес экен...» – деп, эми чындап жүрөгү – опкоолжуй баштады. «Эми жалгыз чечекейимден ажыраймынбы, о таш боор жараткан?!». Өзөгү өрттөнүп, кудайга мунажат кылды. Оюна ар нерсе кетип, кимдин каргышына, эмненин убалына калганын түшүнбөй, бүткүл эсинде бар күнүн, өткөргөн өмүрүн өзү тескеди. Кылган жакшылыгын, жамандыгын эсептеди. О, жамандык кылуу мындай турсун, бирөөгө тике карап акарат сүйлөгөн жан эмес эле. Колунан келсе кимге да болсо жакшылыгын аябай, бирөөнүн сүйүнгөнүнө карап, өзү да сүйүнүп турган адам эле. Анан эмне болду? Эмненин каабы бу? Эмненин убалы бу? Эс тарткандан баштап тоо жандыктарына аңчылык кылган. Ушунун убалы жеттиби? О, теңир, ушундайбы?! Ушундай болсо аларды адамга ырыскы кылып неге бердиң?! Ошолорду Сарыбай көңүл кубанчы үчүн, көңүл ойну үчүн алыптырбы? Ал өзүң жарды, жармач кылып жер үстүнө коё берген көр пенделериңди баккан! Ыя, керектөөдөн чыккан эски буюмдай журтка таштап салганың эмнең, теңирим?..»

– Ак төш... Ак төш... – деди Сарыбай. Ит бирдеме үмүт кылып, леп жүгүрүп келип, Сарыбайдын бою менен тең секирип, колун жылуу тумшугу менен аңтарып жалап жиберди. Сарыбай аны эркелетип, акырын күбүрөдү:

– Ак төш... Ак төш... Ыя, эмне кылалы, Ак төш?.. Издейлиби шордууну?.. Же башыбыз оогон жакка кетелиби биз дагы?.. Ак төш...

Ал үйдүн бир сызмасын чечип алып, итти мойнунан муунбай турган кылып байлады. Ичкери кирип, жаткан ордуна өтүп, баш жагында дайындуу турган комузун алды, белине кыстарды, кайта керегенин башын улап тышка чыкты:

– Эчтеме эмес, Ак төш, эчтеме эмес... Сенде тил жок болсо да көз бар, менде көз жок болсо да тил бар... Эчтеме эмес, элди таап кетебиз, издейбиз шордууну... Жүр, жол башта, Ак төш...

Ит Сарыбайдын дитин түшүнбөй, алдыга баспай, тегеренип туруп алды. Сарыбай таягынын учу менен жолдун угун болжоп, колот ылдый, чоң жолго туштап салды. Ит ошондо билдиби, алдыга түштү.

– Мады-ыл!.. – Сарыбай ит тарткан жакка темселеп жөнөдү. – Мады-ыл...

Кыйла узай түшкөндө көңүлү түтпөй Сарыбай артына бурулуп тиктеди. Эмне көрүнмөк?! Тагдыры башына көмкөрүп койгон баягы жылчыксыз, түпсүз кара түн! Ал колоттун төрүндөгү чогойно кыштоо журтту, андагы эски кабырдай ыңжыңсыз калган эки боз төбөл үйдү көкүрөгү менен көрүп турду. Аттиң, каңгырап калат деген ушубу?! Атасы мекен кылган жер, өзү жарыктыкка келген, балалыгын өткөргөн, жигит доорун сүрүп жар сүйгөн, перзент тапкан жери, акыры келип, өмүрүн үшүк уруп, бардыгынан ажыратып, көөдөнүндө дүк-дүк эткен жүрөгү менен, бир ак төш итти жанына кара тутунуп, кудайдын эсинен чыгып селдейип жалгыз калып турган жери... Көңүлүнө дагы кылт деп жамандык түштү. Экинчи бул жерге кайрылып келе албай тургандай сезим келди. Сарыбай оор үшкүрдү, жерге эңилди, алсыз неменин эки тизеси калтырап, колу араң жерге жетти. Колуна чөп, чирий баштаган жалбырак урунду. Ал тырмалап, жыттуу ным топурактан бир ууч алып, ой басып тунжурап туруп, «Кай жерде өлсөм да киндик каным тамган жердин топурагы үстүмдө болсун...» деп, койнуна салып алды.

– Мады-ыл!..

Ит Сарыбайды белгисиз бир жакка жетелеп баратты.

– Мады-ыл...

Жолмо-жол ыйлактап үн салып келет. Өз үнүнүн жаңырыгынан башка эчтеме жок.

Сарыбай көп жол басты. Жакын эле жерден суунун шары угулганда ошол багытка кайрылып, суунун жээгине жетип, колун чайып, муздак суудан эки ууртады. Чарчаганы эми билинди. Колундагы таягы менен жерди домдоп көрүп, таяк бирдемеге урунду эле, таш экен, ага көчүк басты. Бүткөн бою бүт талыкшып, бели уюп, эти ысып чыкты да, чекесинен идиреп тер кетти. Көзүнүн тирүүсүндө Мадылдын же өзү бир балээге кабылганын, же андан качып кеткенин билбей бул дүйнөдөн кетери эсине түштү. «Жакын калды окшойт?..» – деди көкүрөгү, акыры жакындоочу өлүм оюн алып. Ал корккон жок, кайгырган да жок, сүйүнгөн да жок, кандайдыр ушул кыйноодон чыгарып кетчү күч сыяктуу медер тутуп, эмнеси болсо да тези болушун эле каалады. Саал улутунуп, көрө тургансып, айланага моюн тегерете моюн буруп, зарыгып кулак төшөдү. Күн жымылдап турган болуу керек. Көк өзөн суусу бир кунунда шылдырттап жатат, жортмологон жел сезилип, жээгиндеги кагайган бал камыштарды үзүл-кесил шуудур кактырып, жакын эле жерден чымчык сайрап, кош баш го, өзүлөрүнчө ынтымактуу сүйлөшкөнсүп кужурашып жатат. Те алыстан ит үрөт. Каңгырап уй мөөрөгөнү угулат. «Дүйнө! Чиркин ажайып дүйнө, өз кунуңда, өз сөөлөтүңдө толукшуп турасың го! Бирөө келет жыргал издеп. Бирөө кетет жан кыйноодон башка таппай, чарчап, жадап...» Сарыбайдын көңүлүнө ушулар келип урунду. Ал чекесин жеңи менен аарчып, тунжурап отурду. Жанында жаткан иттин акактаганы, мурдунан чыккан жели сезилет. «Аттиң, кетеримде, ушул ажайып, ушул бейжай дүйнөдөн кетеримде жанымда бир адамзаада болбогону кызык болду а?!» – деп, эркине, көктүгүнө баш бербей, Сарыбайдын жүрөгүнө сызылып арман келди. «Гм... Көр пенделигиң али кала элек а? – деп ал өзүн өзү шылдыңдап койду. – Сага адамзааданын эмне кереги бар? Жаныңда бирөө болгондо эмне?! Болбогондо эмне?! «О, кайран эр!» деп, эчкирип турсабы? Гм... Бүт көңүлү үмүттөн, келбес жактан жакшылык күтүүдөн жаралган белем адамдын! Туулганда да, өлгөндө да, бүт аалам сени карап, чексиз кубаныч, чексиз кайгы, өксөө, салтанат болсобу? Салтанатты мынча жакшы көрөсүң, шордуу адамзаада?!.» Ал жанына койгон комузун алды. Сыйпалап, терең үшкүрүп отуруп, бир күү кайрымакчы болду, эмне күү экенин өзү да билбеди, сыйпалап таппай койду, тепкеси жок. Нестейип токтолуп, «Каерге түшүп калды экен?» деген аргасыз ой жылт этти. Ал комузду тике кармап, эмне кыларын билбей, көпкө отуруп калды. «Мына, эң акыркы арман ушул болбодубу!? Бүт бугумду чыгарып желге сапырып таштап, эч күнөөсүз көөдөнүмдү бош алып, тазалап кетейин дебедим беле?!».

Ак төш тура калып үрүп жиберди. Эмнегедир Сарыбайдын жүрөгү шуу дейт түштү. Ит чебеленип, ээсин тегеренип, коргогонсуп үрдү.

– Ээн жерде эмне кылып жүрөт бу ит?.. – деген кобур үндү укту Сарыбайдын сергек кулагы. Бери баскандай болду. Сарыбай өйдө боло:

– Мадыл... – деп обдулду, мууну калтырап, тура албай эмгектеп жыгылды.

Тирилик менен жүргөн Кулкиши эле. Тааный коюп:

– Йе... Сарыбайсыңбы?.. – деп, таң болуп, жүгүрүп келип колтуктан сүйөй калды. – Кайдан, кокуй?..

Сарыбай жооп бере албады. Эмелеки кайраты, өлүмдү шылдың кылып отурган акылы майышып, адамдын мээрин, адамдын өбөгүн сезгенде буулуккан баладай өпкөсү толуп, бүлкүлдөп жашып кетти...

...Эртеси күнү Мадыл бир сайда өз канына боёлуп, ичи көөп жаткан жеринен табылды. Сарала бээ токулгасы менен кайра үйүрүнө барып кошулуп кеткен, Абил бий дагы карматып, Мадылдын өлүгүн жүктөтүп берди. Бир үзөңгү үзүлүп Мадылдын бутунда калган экен. Ошондон улам, азоо бээ бирдемеден үркүп кетип, Мадыл бээден жыгылып, үзөңгү бутуна илинип калып бээ сүйрөп өлтүргөн болуп чыкты.

Сарыбайды билген элден анын башына түшкөн кайгыны уккан адам калган жок. Көк өзөндөн Теңирберди баштап, Темене-Суу айлынан Абил бий өзү баштап келди, а түгүл Тултемир да өкүрүп түштү. Тууган туурдук эмес күнүгө жамынып отура турган, тууган бирде жакшылыкта, бирде жамандыкта жаныңда өбөк, көмөк. Дүпүрөшүп гөр казганга жөнөшүп, бир жагы кара ашына мал союшуп, бир жагы өлүк көмүү салтындагы кемчилигин көтөрүп жатышты. Сарыбайда эмне бар? Өмүрүн мырза өткөргөн. Көр дүйнө жыйган эмес.

Сарыбай көрө тургансып, өлүккө жакын үңүлүп, көк тарамыш баскан арык колу калтырап, өлүктүн кан каткан бетин, көкүрөгүн сыйпалап, ыйлай албай, бул иштин чын экенине ишене да албай, апкаарып, купкуу болуп отурду.

Теңирберди:

– Сарыбай, шүгүрчүлүк кыл, Сарыбай... – деп, эки колтугунан сүйөп, өйдө тургузуп, өлүктөн мындай жетеледи. Сарыбай эчтеме дей алган жок, бирдеме дешке дарманы да калбаганбы, оозу жарым ачылып, бели сынып бийиктен түшүп жерге сойлоп калган куш сыңары, алсыз энтигип басты.

Сөөк жуулду. Өлүк көмүү шаанисин бүт өтөшүп, кепинге ороп, табытка салышып, үстүнөн сызма менен таңышып, анын үстүнө аардуу жука чапан жабышып, сөөктү карылар үйдөн алып чыгышты. Туугандар чуу туруп өкүрүп, Мадылдын зайыбы Калыйма, дагы бир-эки кыз-кыркын биртке ыйлап басылды. Салт ошол. Бекназар табытты кармап:

– О, эл... – деп үн салды. – Мадылдын зайыбынын боюнда үч айлык күмөн бар экен. Уктуңарбы, о эл, кулакдар болгула...

– А болсун, болсун. Артында туяк калган турбайбы, болсун, – дешти турган эл. Ушундан соң ал табытты коё берди. Тигиндейрек көтөрүп барышып, таза жерге кыбыла каратып коюшуп, даараттуулар жаназага турушту. Жаназа бүткөн соң, туугандар дагы биртике чуу чыгарып өкүрүштү. Табытты төрт жигит ийиндеп көтөрүп жөнөп беришти. Улам ийни талыганы токтолбой кетип чыга берип, анын ордуна башка бирөө тура калып, тынымсыз логлошуп тездеп кетишти. Шарият ошол. Гөр башына барганча жолжолдон ыманын периштелер сурай берет имиш. Ошон үчүн көп суратып тууганды кыйнатпай түбөлүк жатар жерине тез жеткирүү зарыл имиш. Табыттын артынан аттуу, жөө эл самсып чубады. Теңирберди Сарыбайды атка мингизип жетелеп жөнөдү. Бейитке жеткенде туугандар дагы өкүрүк чыгарышты. Көр казгандар да бери басып өкүрүшүп, табытты алып жай башына жаңы топурактын үстүнө акырын коюшту. Чуу басылды. Теңирберди гөрдүн казанагына түшүп, андан наркы ичине кирип, текшерип чыкты:

– Түзүк. Тирүүңдө үйүң кең болсун, өлгөндө гөрүң кең болсун. Кең болуптур.

Андан соң табытты чечишип, өлүктүн бетин жабуу менен далдалап, алдынан Теңирберди акырын баш жагынан баштап алып:

– Бисмалла рахман рахим... Бисм алла рахман рахим... – деп, казанактан нары гөргө тарта баштады. Эки-үч кишилеп, өлүктү жатар жайына киргизишти, кыбыланы беттентип, оң жамбашынан саал кыңкайтып боз топурактын үстүнө жаткырышты. Өлүктүн далысына өбөк кылып биртке топурак коюш керек. Ал топурак туугандардын бир уучтан салган топурагы болуш керек. Кулкиши этегин тосуп, эң оболу өзү бир ууч топурак салып, анан элдин жамырап катар туруп салган топурагын этегине чогултуп, гөргө күбүр эткизип төктү. Ушул топуракты өлүктүн далысына өбөк кылып коюшту. Туугандан буйруганы ушу. Туугандын алаканынын деми, туугандын кубаты ошол туңгуюк сыз жерде да сезилип турсун дегени белем, өбөк болуп, кубат болуп жатсын дегени белем?!

Теңирберди өлүктү жайына коюп бүтүп, казанактан нары бир адам сойлоп баткыдай жерди чым менен бекем бекитти да, алаканын кагып казанактан чыкты:

– Кана, топурак тарткыла...

Колуна кетмен, күрөк алып тургандар дүбүрөтүп топуракты шилеп киришти. Ушул учурда:

– О, эл!.. – деп кайрылды элге Бекназар. – Биздин тууганыбыз Мадыл кандай киши эле?..

Абил бий оозунуп:

– Жакшы киши эле!.. – деп, салттын сөзүнө салттын жообун кылды.

Бекназар:

– О эл! Тууганыбыз Мадыл кандай киши эле?..

Эл дүңгүрөп жооп беришти:

– Жакшы киши эле! Жакшы киши эле!

Бекназар үчүнчү жолу сурады. Эл жабыла жооп кылды. Ушундан соң ал элге салттын экинчи суроосун сурап кайрылды:

– О, эл! Менин тууганым Мадылда кимдин аласасы бар? Айткыла, мойнуна карыз болуп кетпесин, айткыла... Арты куру эмес, туугандары биз барбыз, кутулабыз...

Бу өлгөндүн ыманын тазартуу. Мындай учурда салт боюнча аласасы барлар аласасын айтышат, гөр үстүндө кечкиси келсе кечип коюшат. Жок болсо жоктугун жария айтышат. Бекназар үч кайрып сурады.

– Жок! Жок! Эч кимибиздин аласабыз жок, Мадылда!.. – деп, эл жамырап жооп кылышты.

Бекназар:

– О, эл! Мадылга бересеңер барбы? Айткыла, мойнуңарга карыз болуп кала бербесин...

– Жок! деди эл. – Жок, бересебиз да жок...

Абил бий:

– Тултемир! – деди үнүн кайгылуу көтөрө. Эл дуу деп Тултемир тарапты карап калышты. Абил бий:

– Мына, гөрдүн башында турабыз, Мадыл тууганыбызды жерге берип турабыз. Жан бар жерде өлүм бар, бир күнү баарыбыз ушубуз, кудай алдында мойнуңа ал. Азыр Домбу да жок, мына Мадыл да жок, булардын жакшылыгы, жамандыгы азыр сени менен мендей артында калган калыс туугандардын ортосуна түшкөн чагы. Жер жамандап барбасын, Мадылдын тору кашка атын агаң Домбу үстүнө ысык аркан чырматып жиберип, кулан чаар ат кылып, карөзгөйлүк менен тартып алды эле, ошону мойнуңа ал.

Тултемир мукактанып, кыпкызыл болуп кетти:

– Бий... Бий... Эмнеге Домбунун көзү тирүүсүндө өзүнө айтпадыңыз?..

Эл дуу-дуу болуп кетти.

– Башка сөздү кой, Тултемир, – деди Абил бий. Баягы Домбу атылган күнү кулан чаар ат чылбырын сүйрөп Мадылдын эшигине барыптыр го! Бул эмнеси? Жакшы билесиң эмнеси экенин, Тултемир! Ыманың бүтүн болсо, мойнуңа ал, ыманың болбосо, зордогон киши жок сени, кара өзгөй Домбу агаңдын мойнунда кеткени ошол, тору кашка ат кантип кулан чаар болуп калганын өзүң жакшы билесиң, өзүң иштеген экенсиң...

Тултемир башын салбыратып бирпас турду да, мине келген экен, кулан чаар аргымак башка бир ат менен куюшкандаштырылып турган эле, унчукпай барып, атты гөр башына жетелеп келди да, токумун сыйрып алып, күңкүлдөп чылбырын Сарыбайды карай ыргытты:

– Тууганым да гөрүндө тынч жатсын... Менин да кулагым тынч жүрсүн...

Эч ким байкабай калды. Бою сөлөк бир жаш бала артынан акырын келип, Тултемирди чокудан нары камчы менен тартып-тартып жиберди. Эл чуу дей түштү. Тултемирдин тебетейи учуп кетти. Ал кайрылып карап, артында дагы камчысын таптап, секиргени калган мадылдай эки көзү тирмейип турган өспүрүмдү көрдү. Аңгыча жакын турган бирөө:

– Эй! Быякка тур э! – деп баланы тартып кетти.

Кулкиши өрөпкүп, жүрөгү дүк-дүк кагып, ичтен кубанып, эчтеме айта албай уурту титиреп туруп калды. Ал үйүнө келген кишиге Туткучу тике карап кол берип учурашып калса: «Көрдүңөрбү? Тегинде бар да! Киши болор кишинин киши менен иши бар, киши болбос кишинин ким менен иши бар?!» деген. Учурашканын көрдүңбү? Кайратын көрдүңбү?! О, кагылайын...» – деп, бакылдап мактанып калчу эле. «И, эми Тултемирди эмне кыласың деп сурап койсоң?» – дечү жетине албай. Келген киши: «Э, жигит, Тултемирди эмне кыласың?» – деп сурайт. «Кайсы Тултемирди?» дейт бала. Келген киши: «Атаңды урган Тултемирди!». Эмне жооп берерин миң жолу уккан Кулкиши дагы кубанып, оозун жарым ачып, көзү күлүңдөп, күтүп калат. «Энеңди урайындыбы?! – деп ызырынчу жаш бала эки көзү ойноп. – Мен аныбы, эки бармагынан кайыш менен байлап туруп, түндүккө асып сабаймын, энеңди урайынды!». «Койсоңчу, ушинтип жүрүп, балаңды баш кесер кыла турган болдуң!» десе зайыбы, Кулкиши аны сайын кубанып, «Йе, атасынын өчүн албаган баланын элге эмне кереги бар?! Эмнеге тилейт баланы, эмнеге күтөт баланы азабын тартып, ошого жарабаса?! Токтой тур, али, дагы эки жылдан кийин теримди сыйрысам да бир күлүк кунан таап мингизип, Бекназар абасына кошуп берем. Териси сеники, сөөгү меники дейм. Үйрөнсүн келтек чапканды, заманы ушу болгон соң!» дечү. Мына, Туткучу топ ичинде тайманбай келип, Тултемирге камчы салганына кубанып, каны дүрүлдөп турду.

– Йе, кой дебейсиңерби, кайдагы адеби жок бала?! – дей берди Тултемир ызалуу, тебетейин кагып кие.

– А Тултемир! – деди Кулкиши чакчырыла. – Адеби жок бекен? Көп көрөсүң али мындайды. Көрүп ал, менин балам!..

Карылар Кулкишини жемелеп калышты:

– Э-э, Кулкиши, эстүү эле жан, качанкы тынган ишти козгоп! Эмне кыласың, кой...

Кулкиши кыбасы кана:

– Эмне тынат? Кыргыздын кеги кырк жылда... – деп, баласын колтугуна калкалап, четке чыга берди.

Гөрдү көөмп, табыттын эки жыгачын боз молонун үстүнө кошо таштап, эл бири калбай жерге жамырап отурушту. Теңирберди муңкана созуп, узун сүрө куран түшүрдү. Дуулдап бата кылышты. Жети кадам алыс баскан соң кайра отурушту. Бу сапар куранды Сарыбай өзү окуду. Тууганга эң акыркы гөр башындагы зыйнатып өтөп, бу дүйнөдө чекеси жылыбай кеткен пендесине кудайым тиги дүйнөсүнөн ырайым берсин дешип, улук тилек бата кылышып, баары бирдей ордунан тура, аттуусу аттуу самсып, жөөсү жөө самсып, бейиттен кайра тартышты.

Жуп жөнөрдө Сарыбай куланчаар аргымактын чылбырын Бекназарга карматты:

– Эми бизге күлүк аттын кереги жок. Заман чалкештенип келатат окшойт, «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» деген, коңулга бекине албассың, ме, менин ак көңүлүм, аргымак сага канат болсун... жолдош болсун.

Эл Сарыбайды ортого алышып, бири да жолдо калбай коштоп, дуулдап өлүк чыккан үйдүн эшигине өкүрүп түшүштү.

Келген эл кара ашын жеп тарады. Теңирберди Кулкиши экөбү Сарыбайдын жанында калып калышты. Дагы бир жандык мал союп, Мадылдын жетилигине куран окушту. Эртеси Теңирберди Сарыбайга:

– Кайрат кыл, Сарыбай. Эстүү жансың. Боору бүтүн ким бар?! Көргөнбүз баарыбыз өлүм дегенди. Адам өлүп түгөнөт экен го, чиркин!.. Адам өлбөсө жер көтөрө албай теңселет дейт... – деп, өзү да үшкүрө отуруп, аргасы жоктун тамсилин, кайратын айтты. – Э-э, биз адам көтөрөбүз башка түшкөндү, биз адам жүкчүлбүз! Оболу кудай кайгыны малга салган экен. Мал алысым дебей, жакыным дебей, баары бирдей малдын каны төгүлгөн жерге өкүрүп келе берип, дүйнө чууга толуп кетиптир. Ошондо кудурети күчтүү кудай кайгыны малдан алып адамга салып көргөн дейт. Карайт ки, адам бири өлсө бири ыйлап, бири кайрат айтып, бири күлүп отурат имиш. «Э, адам көтөрөт турбайбы?!» деп, кудай таалам кайгыны адамга калтырып койгон экен. Адам ошобуз. Сарыбай, көтөрөбүз, тири болгон соң тиргилик бар, аны ойлойбуз, алаксыйбыз...

Сарыбай башын калтырагансып ийкеп, же ыйлай албай, же күйүткө көнө албай, нес болуп отурду.

Ошол күнү көк өзөндөн улоо алдырып, Теңирберди менен Кулкиши Сарыбайды көчүрүп алып кетишти.

Сарыбай башын гана ийкегени болбосо эч сүйлөбөй койду. Эми ага дүйнөнүн оңу, терси бир баа өңдүү. Тиги сөзгө да, бу сөзгө да баш ийкейт. Керегени карап жаткан бойдон былк этпейт. Түзүк наар да албайт. Теңирберди дайым жанында. «Эми тили байланып калабы байкуштун?!» деп, Кулкиши камтама болот.

Чыпчаң бир ай дегенде Сарыбай үшкүрүп ордунан турду. Ал кандайдыр чымырканып, башына түшкөн бул жамандыкты да көтөрүп, күйүттү жеңип, саламга алик алып, ал сураганга жооп берип, тирилип турду.

Бир күнү комузун сурады. Теңирбердинин уулу Болот жаңы кыл тагып койгон эле, алып келип бере койду. Сарыбай комузду сыйпалап, көпкө тунжурай отуруп, улутунуп, акырындап «дың-диң», «дың-диң» күүлөй баштады. Бүркүт тытып серт кылган иреңи, ой басканда ого бетер түнөрүп, чеке тамыры көөп, көкүрөгүнө өктө, арман күү толуп кетти.

«Сен дүйнө!» деп чертти. Күү Сарыбайдын көкүрөгүнөн комуздун көкүрөгүнө өтүп, аздап жапыз күңгүрөнүп, тереңден өксүп, акырын башталды. Туулууну, өлүмдү көп көргөн, жыргалды сезип маңдайы айрылбаган, кууралды сезип мөңкүрөбөгөн, жүз жашап акыл токтоткон карынын оорлугу менен ой тартып, те өзөктөн алып, өмүрдүн ченемин, дүйнөнүн баасын ортого таштады.

Сен, сен дүйнө, сен дүйнө...
бир бетине күн тийген,
бир бетине түн тийген,
алды кызык, арты өкүнүч,
оомал-төкмөл кем дүйнө...
Бөдөнөсү кыргыйга
жем жаралган, сен дүйнө,
эки эгиздин бирөвү
кем жаралган сен дүйнө...

Бир кезде жанына Мадылды алып, экөбү эки учкул ат минип, көп пул менен, алдына саймалуу кызыл куржун салынып, те Анжиян базарына түшкөн эле. Ошондо бир календер өзүнчө күңкүлдөп, ушул ырды айтып, базарды тегеренип көпкө жүргөн болучу. Сарыбай ага бир мири теңге кудайы берген. Бергенине кубанбай, канча экен деп ачып карабай, байманасы ташыган дөөлөттүү адам өңдүү башын саал ийип, ыракмат айтканы го, бир тиктеп коюп, андан нары күңгүрөнүп басып кеткен. Анда Сарыбай камсыз эле, анда Сарыбай санаасыз эле, ага каландердин күңгүрөнгөн ырынан өз боюн өйдө туткан сөөлөтү кызык көрүнгөн. Бул дүйнөдө зору ким, кору ким, жыргалы кайсы, кууралы кайсы экенин, өмүрдүн чегин, бул дүйнөнүн баасын кийин, минтип өз башына түшкөндө түшүндү.

Сен, сен дүйнө, сен дүйнө,
ким жеткен сенин түбүңө?!
Жарыктыкты көргүзгөн,
ууз сүтүн эмгизген
апам кайда, сен дүйнө?!
...алтын бешик терметкен,
алланын атын үйрөткөн
атам кайда, сен дүйнө?!
...күлүк минип зуулаткан,
күндө сыйда куунаткан
бапам кайда, сен дүйнө?!

Комуз түркүн кайрууланып, Сарыбайдын дитин, арманын тышка шилеп, бул дүйнөгө өктө айтып, өч айтып, тагдырдын атын тизгиндеп, укукташып, бирде кашкөй шаңкылдап, бирде чөгүү, акыры алсыздыгын моюнга алуу, ындыны өчүү, муңга чыланып, өксөгөн ый болуп үн салды.

Сен, сен дүйнө, сен дүйнө,
кимге бапа кылгансың?!
...пайгамбарды алгансың,
падышаны алгансың,
кызыл өңдөн аздырган,
бүтүнүңдөн тоздурган
караан күн, өзүң балбансың...
кылайган шоола боз салкын,
жарыктык өзүң бир тартым,
капилет түштөй жалгансың?!