кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Бешинчи бөлүм

II

Эми эмне кылуу керек? Жол эки айры болсо жолбун иттин башы каңгы! Ар кимиси арди айтып, жаат куралып, кайсы тарабынан айтканы туура экенине өзүнүн көзү жетпей, Кудаяр-хандын башы чындап каңгы болду.

Ушул мезгилде Россиянын «Санкт-Петербургские ведомости» газетасы өзүнүн беттеринде бул эрегиш жөнүндө: «Мурда белгилүү болгондой, көтөрүлүш бүт элди кучагына алды, ал кыргыз кыпчакты бириктирди, а түгүл хандын отурукташкан букаралары да көтөрүлүш жакка өтө башташты. Сөзсүз, жакын арада Худоярхандын башы кетет, же бийлигинен ажырап, оруска кире качышка аргасыз болот» – деп кабар жазып жатты.

Эрегиш күндөн күнгө күч ала берди. Сыр-дайранын, Карадайранын бойлорун кучагына алып, Көк-арт, Өзгөн багытына жайылды.

Диван чогулду.

– Кана, абтабачым? – деди Кудаяр-хан шектүү тиктеп. – Эми эмне кылабыз? Өзүбүз жайгарабыз деп отуруп, мына ушуга келдик. Кана, кантип жайгарабыз? Же... – Ал өз кыжырына туттугуп, эрдин бек кымтып, токтоло калды. – Селсаяк Болот келип, ордону бошот дегиче колду куушуруп отур дейсизби?!

Бул ачык кекетүү. Кутумдары ханды ага каршы бурай баштаган эле. Бирок, Абдырахман абтабачы мизбаккан жок. Ал өзүнүн салмагын билет. Күмүш чайдосту колго алып, колуна суу куюп, кетенчиктеп эшикке кайра чыгып кетип жүрчү күн эмес азыр. Мындай чалкеш кезде андан башка таянар аскер адамы жок ордонун. Анын үстүнө ал Мусулманкулдун уулу, кыпчак жаатынын тиреги, а кыпчактар али атка минип каптап чабар калың күч болучу.

– Дагы өзүбүз жайгарабыз, таксыр...

– Сиз жайгарып келиң! – деди Кудаяр-хан өчөшө. – Сиз алардын дилин билесиз. Болуптур, өз туугандарыңызды өзүңүз тынчытып келиң...

Абдырахман таазим кылды:

– Сиздин пашалык эркиңиз...

Эртеси Абдырахман абтабачы тандамал миң сыпай алып, Науман пансатты жардамчы кылып, Наманген вилаетине жүрүп кетти.

Ал эрегишкен эл чогуу жүргөн жерлерден буйтап, атайылап бет келишпей, Сыр бойлоп, Кызыл-жар багытына салды. Кабар жеткен экен, Абил бий жыйырма беш жигити менен өзү алдынан чыгып тосту.

Экөбү тең аттан түшүп, кучакташып көрүшүштү.

– Элиңиз тынчпы? Өзүңүз саламат жүрөсүзбү, бий ага? – деп, Абил бийдин колун коё бербей, сыга-сыга кармап, көзүн тиктеди абтабачы. Абил бий да астейдил:

– Кудайга шүгүр, жан үкем...

Атка минишип, катар бастыра беришти. Абил бий:

– И, өзүңөр кандай?.. Хазирети өкүмдар кандай? Бактияр дооранын сүрүп, соо-саламат жүрөбү? Жайчылыкта кабар алышпайбыз...

Эң акыркы сөз менен ич урунганын түшүнүп:

– Э, бий ага, бу пендең түшкүр ушундай турбайбы?! – деп, Абдырахман ойлуу тартып, башын ийкей, мойнуна ала жооп кылды. – Төрт түлүгү төп болсо, төрт тарабы кыбыла, кудайды эсине албайт экен, өзүнүн улам алды кызык өмүрүн эки жагын каранбай кууп кете берет экен. Качан гана тагдырдын солкулдак көпүрөсүнө жеткенде, көпүрөнүн кап ортосуна барып алып башы айланганда, ошондо «кудай... кудай» дейт турбайбы, ошондо жардамга кол сунар бурадарын издейт турбайбы...

Абил бийдин көңүлү ыраазы болду.

Болгон тоо Бозбу алыстан тигилген боз үй сыяктуу. Эч жагынан башка тоолор менен тутуму жок. Жайкысын башына кар сактабайт. Дайыма мунарыкка чөгүп, мемиреп боз тартып турат. Бас жайлоо. Бирок, жылдын кайсы мезгили болсо да, үстүнөн токумдай булут кетпейт. Ошол токумдай булут тууйт. Күн жүрүш этегинде мелмилдеп жаткан асыл Ферганага да, күн батыш, күн чыгыш жагындагы ак мөңгүлүү бийик тоолорго да жараткандын мээрими жаан токумдай булуттан тарайт. Эл муну эне тоо дейт. Чокусунда тартылган түндүк окшоп кичинекей көл жатат. Тулпардын көлү дешет. Ошол Тулпардын көлүнүн керилген сазына Абил бий кырк өргөө көтөрттү. Ар өргөөгө мейман күзөтө турган экиден карал коюп, эшигине экиден сүт эмди тай согум байлатты. Өзү ортодогу он эки канат ак өргөөгө жайланышты. Максаты – ордо менен элеттин арасына дагы бир жолу данакер болуу. Эрегиштин корушу болуп турган уруктарга өзгөчө ишенимдүү киши чаптырып, башчыларын, бийлерин «ийри отуруп түз кеңешүүгө» чакырды.

Бир аз күндөн соң, кутлук-сейит, найман, черик, катай, карабагыш, мундуз уруктарынын билермандары көп кыйылып, көп толгонуп, акыры жалпы сарууга салмагы бар белгилүү бийи жакшы Абилдин сазесин гана сындырбас үчүн, «бара көрөлү» дешип, кутлук-сейит Шер датка баш болгон элүүдөй атчан келип түштү. Экинчи жактан жанында жети гана сыпайы бар Абдырахман абтабачы салам айтып келип түштү.

Абил бий аларды дароо жолуктурбай, ачуу арасында оңолгус көңүл калды кеп айтылып кетпесин деп, бөлөк-бөлөк жайгарып, ар жаатка өзү гана барып, өзү гана аралашып, өзү гана сүйлөшүп, эки күнү жумшартып үйралыштырды. Эки жагын тең сүт эмди тайдын жаясына, багалан козунун балбоорук этине карк кылып, суусунуна кымыздын гүлүн берип, келиштирип күттү. Үчүнчү күн дегенде он эки канат ак өргөөгө чакырып, Каракаш айымдын дасторконунда сакадай иргелген он бийге Абдырахман абтабачыны жүз көрүштүрдү.

Биртке кобурашып, сылыктык үчүн гана эсендик сурашып, суз учурашышты.

Каракаш айымдын дасторкону адаттан тыш толо болду. Түркүн боёлгон кант, жайдын күнү дүйүм мөмө, бышкан керчөө, муздаган казы, жал, ысык куйрук-боор, кыпкызыл кашкары токоч, түрдүү ширин даам жайнап жатты. Кол чаначта мейиз кошуп ачыткан кымыз, кытай чыныда сары шербет, койкойгон күмүш көөкөрдө кымыздан бөлгөн чагырмак мелтиреп тунуп турду.

Меймандар даамга карашты. Адеби менен түркүн даамдан ооз тийишип жешти. Оокат үчүн келишкен эмес. Эки жак тең ичтен толгонуп, иштин ток этерине жакындап келгенин, чарт жарылып эми сөз чыгарын сезүү иреңдерин кумсартып отурду.

Сөз алдында Абил бий обдулуп турду да:

– Кана, жакшылар, бул шайтан мойну сынган болсун... Алдыга түшкөндүн жолу болсун... – деп, бир кур ал да апкаарый түшкөндөй мукактана, алтын саймалуу кымкап тонду Каракаш айымдын колунан ала коюп, Шер даткага жапты. – Кадырлуу датка, атайын хазрети Кудаяр-хан өзү Сизге арнап... Кокондон ар түрдүү жакшы буюм, жакшы кымкап тондордон эки таңылчак кылып көк качырга жүктөтүп, Абдырахман абтабачы ала чыккан болучу. Эми өзү туруп, он бийдин баарына бирден тон жапты.

Бийлер күдүңдөшүп, бири биринин этегин тартып, кычыгы кызарып эт баскан ач көздөрүн алдыртан чекирейтишип, «Меникинен мунуку жакшыбы, ыя?» дешип, көрүп калышты. Шер датка кымкап тонду ийнинен силкип таштады:

– Жалаңач жүргөн эч ким жок! – деди ал, карылыктан чоң- чоң сепкил түшө баштаган жүзү сурданып, эки көзүнүн алдындагы көпчүңкү териси диртилдеп кетти. – Ата көрү ай! Кайсы жакшы көңүлүбүз үчүн кымкап жабышып отурат экенбиз?!

Аны көрүп, бийлер үстүндөгү кызыл-тазыл кымкаптарды аргасыз сыйрышып, ме деп ыргытып жибере алышпай, селдейип отуруп калышты.

Абдырахман абтабачы:

– Аваке, – деди саал эңиле, – мейли, менин сыйым болсун бул. Менин түшкөнүм болсун алдыңызга. Туугандыкка санабайсызбы? Колумду уялтпаңыз, аваке... – Кымкапты өзү кайра жапты. – Атамды көрдүңүз эле...

– О, Мусулманкул! Кайран агабыз!.. – деп жиберди Шер датка түтөп. – А ата эсиңде экен го үкөм?! Мына ушинтип! Өзүбүз төбөбүз бирикпегендин кесепетинен тындым болгон кайран киши!.. Ушу катынпоз түбүнө жеткен...

Шер датка Абдырахмандын өйүгөн жерине тийип, ачык көкүттү. Абил бий арага түшө калды:

– Э-э, датка... өзүбүз курган ордо бузулуп кетпесин деген токтоолук го!? Билбейт дейсизби? Жетик акылдын иши го?!.

Шер датка күңкүлдөп сөгүнүп жиберди:

– Ие, тынчы жок, куту жок мамлекетиңди урайын... Жылуусу жок тонуңду урайын...

Абдырахман абтабачы кыпкызыл болуп кетти. Кары датка акырын калтырап, ыйлагыдай болуп, бир аз жумшара түштү. Кайра силке албады кымкапты.

Абил бий сөзгө өттү:

– О, жакшылар, – деп улутуна отуруп баштады, – не десек да, өз экен, Кудаяр-хан башын ийип, алдыбызга түшүп, куру кол эмес, тиги эле Букардын увазири кийбеген алтын тон жолдоп, ниетин агартып, дубайсалам жиберип отурат. Кетпеди дебейли, көп кетти Кудаярдан каталык. Кечирбеди дей албайт, көп кечирдик биз дагы. Мына, бул жолкуга эмне дейбиз? Ойлонолу...

Шер датка кырт деп ачуулуу күлүп койду:

– Көз буугуч болуп, ушул дүкөнчирик сарала чапанын башыбызга жаба салып, алдап жиберейин деген экен!

Бийлер копшолуп, ошонусу менен коштоп калышты. Абил бий:

– О, кадырлуу датка, иштин түбү сарала чапандабы?! Аны жакшы түшүнүп турасыз өзүңүз... – деди кейиштүү. – Кече атасын Кудаяр өлтүргөн ушул Абдырахман үкөбүз билбейби, мен билбейминби ханыбыздын болумсуздугун?! Сөздүн түгөнгөн жери, баарыбызды мукуратып, баарыбызды Кудаяр менен бирге отурууга мажбурлап отурган кудай урган биримдиктин зарылдыгы эмеспи?! Тартышып жүрүп не таптык? Арал кайда? Сары Өзөн Чүй кайда, Талас кайда? Ташкен кайда?..

Шер датка толгонуп, мукактанып:

– Тилиң ширин, Абил... – деди, акырын кыр-кыр жөтөлүп. – Бирак, биздин арабыз тереңге кеткен айрылып. Кудаяр-хан биздин көңүлүбүздү тебеледи. Эмнеге ишенет билбеймин, бизге жылдан жылга катуу. Сен экөөбүзгө эчтеке эмес, Абил, закет алса, салык алса, салыкты аябай калың алса мейли, жонубуз бар көтөрөбүз, а бей-бечара кишилерге чыдагыс болуп кетти го?! Сага кандай билбейм, жакшы иним, мага бул кымкап Кудаяр өз элимдин терисин сыйрып үстүмө жапкандай сезилип отурат...

Жаактууга жай бербеген чечен Абил жооп таппай калды.

Домбунун куну түштү эсине.

– Андан калса, Абил, – деп кеп узатты Шер датка, – кичине бирдеме боло электе ордодон аскер чыгарат, аскери келип жигиттерди казыкка отургузат, бооз келиндердин ичин жарып, баласын бакыртып жерге түшүрөт. Бул эмне?.. – Башы калтылдап чаңырып жиберди. – Ыя, бул эмне?! Өз элине ханы кыла турган кордукпу, кокуй?! – Абышка саал энтиге күңкүлдөдү: – Казыкка отургузат! Үйрөнгөн экен...

Бул каардуу, кайгылуу сөздүн акырында үйдө отургандар аргасыздан жымыйып жиберишти. Хандын атына айтылган «Кудаяр бача» деген ушак бар. Ошону эске салган, атайын өчөшкөн кычы сөз эле. Абдырахман абтабачы нестейди. Бул элдин арасында, а түгүл дайыма ийкемге келип жүргөн Абил бийдин көңүлүндө да, Кудаяр хандык даражасын, так ээси деген зоболосун сыйлоо эч калбаган экен! Жылуу сөздөн да, ачуу сөздөн да билинип турат. Эгер биртке ийменүү калган болсо, Абдырахман ордодогу экинин бири, Кудаярхандын жакын адамы, ал отурган жерде ушунчалык катуу сөзгө барышат беле?! Бул ачык кастык, оңолбостук болучу. «Ким себепкер? Ким күнөөкөр ушунун баарына? Албетте, Кудаяр-хан өзү!» – деп Абдырахмандын азазилдей сергек көкүрөгү ой тегеретти.

Шер датка:

– Кече күнү эле, колунда куралы барлар менен кармашсын, мен анысын айтпаймын, жазыксыз айылдарды канга бөлөп, кыштактарды күл кылып кеткен Науман бүгүн дагы келип отурат, бул эмне? Бул «көнсөң көндүң, көнбөсөң тигине» деген сөз...

Абдырахман абтабачы сыңар тизелей калып, эшик жакты карап, алаканын шак чапты. Өз жигиттеринен жок экен. Абил бийдин мейман күзөтчүлөрүнөн бирөө босогого келе калды. Абдырахман:

– Нары биздин балдардан барбы, бери айтып койчу, тууганым... – деди акырын. – Науманды баштап келсин мында...

Иреңи сурданып, эрди ачуулуу кымтылды. Бийлер үрпөйдү. Чатак чыгарабы деп, Абил бий да кыя тиктей берди. А Шер датка тоотпой отуруп, кайта кыжыры кайнап үн катты:

– Бул сездирүү! Бул коркутуу!

Науман пансат кирип келди:

– Ассалому алейкум!

Эч ким алик алган жок. Өзүн тике атып тиктеп каршы алган аскербашы Абдырахманга суроолуу карап, босогодон акырын башын ийип таазим кылды:

– Кулак сизде, аскербашы...

Үнүнөн анча да көз каранды эместиги билинди. Ханабад жеңиши үчүн Кудаяр-хан ага көңүл бөлүп, дагы өзүнө жакын тартып калган эле. Бул эр көкүрөк аскер адамын көптүрбөй койгон эмес. Анын кирдүү кабагы, тоң моюндугу абтабачыны тырыштырды:

– Келе бери тапанчаны! – деди Абдырахман түз эле колун суна. Науман кашы селт деп, абтабачыны шектүү тиктеп, анан бул эмне үчүн кылынып жаткан иш экенине көзү жетпей, кантсе да тиги азыр аскербашы, кыңк этпөөнү талап кылган катуу буйрукка баш ийип, бир атар орус пистолду белинен сууруп ыргытты. Чекеси чүрүшүп, нааразылыгы, кыжыры көрүндү. Абдырахман абтабачы пистолду тосуп алды. Эки көзү аны сайын канталап:

– Чеч кылычты! – деди дагы. Науман пансат нестее түштү. Эрди кымтылып, кылычтын сабын кармалап, каяша кыла турган өңдөнүп, токтоло калды. Абдырахман пистолду окчо кармап:

– Келе! – деди катуу.

– И, мынча эмне болду, абтабачы? – Науман кылычын куру менен чечип ыргытты. – Түшүнө албай турам?..

– Сен бооз келинди ушул кылыч менен жардың беле? – Абдырахмандын көзүнөн заар учуп, кылычты кынынан сууруп көрсөттү. – Ыя?

Науман:

– Эмне экен? Өкүмдардын катуу буйругу менен келгем мен анда...

– Өкүмдар андай буйрук берген эмес сага! – деп Абдырахман абтабачы жарылып кетти. – Берген эмес! А жөн эле кылычыңдын курчтугун сынагансың сен айбан. Мына... – Ал жылтылдаган көк болотту бийлердин алдына ыргытып таштады. – Эми бул кылычтын курчтугун алдагы сенин эси жок башыңды кесип көрүп сынашсынчы.

Науман пансат бир кубарып, бир кызарып:

– Көзүңө кара, Абдырахман! – деди калтаарый, кектүү. – Мен дагы сендей адаммын! Мен дагы өкүмдарга ак кызмат көрсөтүп келе жаткан адаммын, эй. Жооп берип каласың өкүмдардын алдында! Каныңа тартып баратасыңбы сен?!.

Абдырахман анын сөзүн уккан жок:

– Мына, эки ортодо кан төгүп, ханды элине, элин ханына суук көрсөтүп жүргөндөрдүн бири. Алгыла. Кандай кылып өч алсаңар эрк силердики... – деди бийлерди кыдырата тиктеп.

Бийлер дал болуп калышты. Шер датка чекчейди. Абил бий жашырын бир ууртун тартып жымыйды. Ар кандай ыкка жыгылып, ар кандай шарлыкка барып, ордонун зоболосун коргоп жатканына Абдырахманга тен берди.

«О, бөрүнүн баласы!» деп, таң калды, ичинен ыраазы болду.

Балбан жигиттер Науманды эшикке түрткүлөп жөнөп калышты. Науман кашкөйлөнүп:

– Куп жакшы! – деди ичи өрттөнүп, оозу күлүп. – Ха, мейли, өлө турган жалгыз менби?!. Токто, тагдыр жазса, сенин шум каллеңе да бирөө кылычтын курчтугун сынайт, Абдырахман! Токто! Ха-ха!..

Абдырахман жүзүн үйрүдү:

– У жүзүң кургур...

Мына, Абдырахман абтабачы бул элдин көңүлүнө Науман пансатты көз көрүнөө курман чалды. Бул ордонун тилегинин актыгы, өткөн каталыкты моюнга алуу, элдин алдына жыгылуу болуп бааланды. Эң акыры, Абдырахмандын туугандарына күйгөнү, ыкканы, мындан нары да туугандарын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, өз калкасына алганы болуп эсептелди.

Абил бий тилинен бал таамп, ушундайча чечмелеп сүйлөдү. Муну этибарга албай коюу, этек кагып туруп кетүү тайкылык болорун, кээ болорун муютту.

Ал күнкү сөз ушуну менен бүттү.

Эртеси шашкедеги намаздан соң, Шер датка токтогон өргөөгө чайга чогулушуп, сөз кайра башталды. Шер датка түнү бою ойлонгон эле. Жүйөгө жол тосор шылтоо таба албай:

– Ошондой эле болсо го... Сен айткандай эле май көл, сүт көл болсо го, Абил... – деп, башы калтылдап отуруп калды. – Көрөбүз бул иштин акырын, дагы эле бизге ордо менен кан төгүшүп ажырым болушубуздан бөлөк аргабыз болбойт, көрөсүң, Абил...

– Көрөлү, датка ага, – деди шар Абил бий, – дагы сиз менен бизден кетпесин!

Шер датка шарт койду:

– Болуптур, биз урушту токтотолу. Кудаяр оюндагы кастыгын таштасын. Сарттарга ижарага берип жиберген түздөгү суулуу жерлерибизди кайтарып берсин. Урушта набыт болгон балдарыбызга кун төлөсүн. Беш жылга чейин жырык тыйын салык албасын...

Бийлер бир ооздон кубатташты:

– Сөздүн түгөнөрү ушу! Буга көнбөсө өзү билсин. Биз билгенибизди иштейбиз.

Абдырахман көзүн сүзө башын ийкеди:

– Сезип турам, аваке, Сиздин ордуңузда болсом, мен дагы ушу Сиз айткан сөздү айтмакмын, Сиз койгон талапты коймокмун. Калети жок! Каршы айтарыбыз эмне?! – деп кубаттады. – Мейли, баралы так ээсинин алдына. Жүргүлө мени менен аттуу, баштууң. Отуралы үй мүйүз тартып. Айтайын Кудаяр-ханга мына ушул силер айтканды, коёюн силер койгон талапты. Түшүнөт хан, эгер өлкө керек болсо. Талапка көнөт хан, эгер эл керек болсо! – Ал жаак териси тырышып, Кудаяр-хандын керт башына болгон кыжырын тышына чыгарды. – Көнбөсө (!) саткай сарым... өзүнөн көрсүн...

Абил бий сөз салмактай билген куу го. «Көнбөсө саткай сарым... өзүнөн көрсүн...» – деп ичинен кайталап, бир ууртун жашырын тартып жылмайып, бул жерде Кудаяр-хандын тагдыры ортого коюлганын сезип өзүнө өзү «Сөз ийине жетти!» – деди.

– Э-э, датка, – деп жиберди ал ачык, – бала эмеспиз го, кудайга шүкүр, мындан артык сөз болобу, жарыктык?!

Шер датка үңкүйүп эле отуруп калды. Эсине курама Абдымомун бек түштү. Көз алдына азыр эрегиштин башында турган Исхак келди, Алар эмне дейт? Дарбып калган журт эмне дейт? Тынччылыктан башка да, биримдиктен башка да, тепселген намыс, кек, эң акыры эки бутту кенен сунуш үчүн кеңчиликтин зарылдыгы деген да бар! Шер датка башын көтөрдү:

– Бир өргөөнүн төрүндө отуруп гана бүтөрө койчу чактан өтүшүп кеткен эле биздин иш, Абдырахман үкөм... – деди акырын. – Кантели, өзүң мынча сазе кылып келип калган соң, аракет кылалы жабыла. Оорлукту көргөн эл. Арга кеткенде дүргүп көтөрүлгөн эл. Сүйлөшөлү ошол эл менен...

Кыйды Абил бий абышканын колдон суурулуп баратканын сезип:

– Датка, эл эмнеге умтулуп, дүүлүктү, элге эмне керек? Элге бейпилдик керек, тоюнчулук керек, өкүмдардын, адилдиги, камы керек. Мына, эл мына ушуга умтулуп дүүлүктү. Эми, минтип өкүмдар өзү, ордо өзү элдин талабына көнүп жаткан соң, эл эмне дейт? Эл жан дейт. Акырындап жылжып тынч тирилигине түшүп кете берет. Кана, ушундай эмеспи, жакшылар? – деп бийлерге кайрыла берди. Бийлер копшолушту:

– Анысы го ырас го. Бирок... – дешип кобурашты. Абил бий ушул жерден да маани улап кетти:

– А бали! Демек, ханы тынч болсо, анын аты Кудаярбы, же Болотпу, элге баары бир экен го?! Азыр эки жол турат. Айталы, эл эрегишет, кан төгүлөт, белчесинен кан кечип туруп Болот дегенди хан көтөрөт, мейли Болот элге карамдуу чыксын. Айталы, эл эрегишти токтотот, Кудаяр элдин талабына көнөт, элдин көксөгөн бейпилдиги кансыз колго тийет. Кана, түпкү максатка ушул эки жолдун жакыны, жеңили кайсы?

– Кудаярдын биз көксөгөн кеңчиликти берери күмөн. Эшеги ылайдан өткөн соң... – деп калды бийлердин бири. Абил бий токтолбой:

– Мен да көтөрүлөм анда! – деп шар кести сөздү.

Тоолуктар сөз баалаган, мааниге муюп баш ийе билген журт. Абил бийдин жүйө сөзүн жөөлөп өтө алышпай мойнунан байланып отуруп беришти.

Ал күнү аны менен сөз бүттү. Эртеси Абдырахман абтабачы токтогон өргөөдө уланды. Эки жактын тең көңүлү ачык болду. Кара мейизге ачыган кымыздын гүлү ичилип отуруп, урушту токтотмой, ар уруктан увакил бөлүп чыгарып, Шер датка баштап ордого бармай болуп сөз тынды.

Э, атасы башка менен коён уулаба деген ушубу?! Сызга отургузуп кетишеби?! Исхак санаага чөктү. Жигит ойну, саркерлердин кылчаңдоосуз колдоосу, ишеними анын сынган көңүлүн жубата албады. Канткени менен, бийлердин ордо кишиси менен урук башчыларынын тил табышып кетиши арттан келип төбөгө чапкандай, күтүлбөгөн сокку болду. Эрегиш толкуну басылган көлдөй дароо дымый түштү. Шер датканы ээрчиген уруктардын жигиттери кошундан бөлүнүп, өз айылдарына тарап кетишти. Эрегиштин көз көрүнөө биримдиги бузулду, өзүнөн өзү күрөшү токтоду. Исхак эмне кыла алат? Көңүлүнүн тереңине акырын сызылып таарыныч, өктө келип, Наумандын тагдыры эми анын башына салаңдап түшүп келаткандай туюлду.

Кайда кетип баратасың, о азамат,
бир кылчайбай, тагдырыңа баш байлап?
кылчактайбы кызыл үмүт алдыңдан,
же чыктыңбы көз карайлап, шор айдап,
жолдошуң ким үзөңгүсү кагышкан,
тааныйсыңбы, кайдан бозгон селсаяк?..

Көздүн жашындай кылгырып, жүрөгүн өрттөп, бир ором бул рубаи келди көңүлүнө. Кайдадыр алыска, те көк мунарык чүмкөнгөн улуу тоолордун башын, жетпес үмүт сыяктуу бир тартылып кылайып көрүнгөн акча булуттарды санааркап тиктеп, өзү менен өзү сүйлөштү. Өзүнөн өзү жалгызсырады.

...Кокондун биринчи ханы Алымдан үч уул калган эле. Иниси Өмөр хан көтөрүлгөндө бак талашып чыкпасын үчүн туну Шахрук бегин өз колу менен тындым кылган. Ибрагим бек, Мурат бек деген балдары энесинин этегин кармап, каратегиндик тагаларына баш калкалап кетүүгө аргасыз болушкан. Кийин экөбү тең так талашуу кагылышында мерт болуп кетишти. Ибрагим бектен Ша-айым деген кыз, бир жашар Болотбек калган. Ибрагим бектин жесири кызын Самаркандык Ахрар кожого берип, ошол жакка көчүп кетет. Кожонун таасири менен, Болот бек өзүнүн хан тукумунан экенинен, ата мурасынан түңүлүп, сакы болуп, түн терметип, уктабай кылжыңдап зикир чалып, биротоло дувана болуп кеткен болучу.

Өткөн жылы кутлук-сейит Шер датка жанына үч жоро ээрчитип, Кудаяр-хандан да, Ташкендеги генерал-губернатор фон Кауфмандан да жашырын Самарканга келип, кожого билгизбей, Болотбекти издеп таап, азыр ыкыбалы кетип турган Кудаяр-хандан так талашып элдин эрегишине башчы болуп берүүнү сунуш кылды. Бул дүйнөнүн кызыгынан кечип кеткен дувана апкаарый түштү. Көзүн парлап тиктеди. Отурат, бет алдында талаанын карышкырындай сүрдүү, көздөрү кыйык, жүздөрүн коло кылып шамал карарткан, кандайдыр түпкү сырын ичине катып, тымпыйып, эриндерин бекем кысып, андан ачык жооп күтүп төрт тоолук, атасынын кыйыр туугандары отурат. Дувана ийнин кысып корунуп, жүрөгү үшүп тиктеп:

– Барбайм... – деп араң башын чайкады.

Имерип тиктеп отурган Шер датка көндүрүүгө аракет кылды:

– Бүткүл Наманген вилаети, бүткүл кутлук-сейит, найман, курама колдойт... – деди акырын. – Заман оң келип турат. Эл көтөрүлүп турат...

Дувананын кулагына «кутлук-сейит», «найман», «курама» деген сөздөр каракчынын атындай угулду. Жездеси Ахрар кожо кыргыз, кыпчакты ар кандай тартипти ойрондоочу бир балакет катары сүйлөөчү. Кожо атпайдын калкасы сахибкыран амир Темирдин өлкөсүн ушундай бытыраткан, тыштан жоодой чапкан, ичтен курттай жеген ушу токсон боолуу өзүбектер деп түшүндүргөн. Эң акыры атасы Ибрагим бектин да булардын Нүзүп деген кара өзгөйү түбүнө жеткенин кулагына куйган. Болот дувана коркунучтуу жомок уккан бала сыңары өзүнөн өзү үшүп, төбө чачы дүрүлдөп, анан коркконунан кудайга наалыш кылып, кылжыңдап зикир чалышка түшүүдөн башка аргасы калбачу.

– Бар-байм!.. Адам жегичтер... – деди дувана бурчка бүрүшө. Көзүн жумуп алып, «Йа, алла! Йа, алла!» деп, башын силкип, калчылдап, шилекейи чачырап зикир салып кирди.

Шер датка башын чайкады. Жаңгер Алым-хандын тукуму ушунчалык майдаланып кеткенине ал астейдил таң калды.

Ошол түнү увакилдер Самаркандан чыгып кетишти. Бир нече күн жол жүрүп, арып, азып, жолу болбогондуктан огобетер шалдырашып, Ташкенге келишип, курама Абдымомун бектин коргонуна түшүштү.

Чыдамсыз күтүп жаткан эле, саламдашуудан мурда:

– И, ишиңиз кандай, датка?.. – деп, Абдымомун бек күңк этти.

– Йе... иши курсун!.. – деди Шер датка чарчаңкы.

Ошол бойдон сөз кечки маазүрдө дасторкондун четинде уланды. Шер датка Болот бекти кантип таап, кантип сүйлөшкөнүн, эмне жооп укканын бир баштан аңгеме кылды. Эң акырында:

– О, чоң кудайдын кудурети! Кайран Алым-хандын тукуму дешке оозуң барбайт... – деп, күрсүнүп баш чайкады. – Мына ушу, кайдагы бир санда жоктун артынан издепбиз, ушинтип убара болуп.

– Кудай урган... – деп Абдымомун бек да таң калды.

– Чай иче отургула, датка ата...

Ойго батып кеткен Шер датка жумшак үндү угуп, өйдө карап, өзүнө ийиле чай сунуп отурган жигитти көрүп, бир кур көзү чоңоё түшүп, «Самаркандын жаман дуванасы!» деген ой кылт этти. «Жо, көзүндө оту бар экен го мунун? Кайдан келсин жаман дувана?!» – Шер датка чайды жигиттин колунан акырын алды. «Гм, кудай-а тоуба!..» – деп, жигиттен көзүн айрый албай, чайды акырын ууртай баштады.

Абдымомун бек:

– Э, бу биздин жумушкер, – деди, – кооп санабаңыз, датка, бул жигиттер темир ысытып басса ооз ачпаган жигиттер!

Шер датка саал чалкалай:

– Тоуба-а, деди, – ушунча да окшош болорбу, ыя?!

Самарканга барып келген увакилдердин бири:

– Оозум батпай турду эле, датка! – деп калды. Абдымомун бек эчтемени түшүнбөй ар кимди бир тиктей берди. Шер датка:

– Бу жигит... – деди чай куюп чукчуюп сыңар тизелеп этекте отурган жигитти дагы имере карай, – жанагы жаман дуванага союп каптагандай экен, тим эле...

Абдымомун бек күлүп калды:

– Бу да кудайдын кудрети эмеспи, датка?! Окшоштор пендеден көп чыгат экен. Бирок, сырты окшош жасалганы менен, тагдыры, бешенесине сызганы такыр башка болот экен го...

Шер датка ой басып, башын ийкегиледи.

Нооча бойлуу, бүркүт кабак, бетинде саал чаары бар жигит эрдин жымыйыңкы кымтып, көзү бир шумдуктуу жылтылдап ойноп, датканы тигилип тиктеп калды.

– Оюңа бирдеме келип турат а, азамат? – деди Шер датка эркелете жылуу жүз багып. – Кайсы уруктансың? Кимдин уулусуң?

Жигит ызаат билгизип акырын үн катты:

– Бостон болобуз, датка ата. Молдо Асандын уулумун.

– Э-э...Мударрис молдо Асандын уулу турбайсыңбы. Атың ким?

– Исхак...

– А түзүк. Бар бол, уулум...

Шер датка башын ийкегилеп отурду. «Жакшыдан бөөн, а жамандан жахан деген ушубу? Жаңгер Алым-хандан тиги дувана, а Асан мылжыктан бу!» – деген ойго кетип турду.

Молдо Асан кыргыз кыпчактын ичкилик бөлүгүнүн бостон уругунан эле, 1844-жылы ченде молдо Асан жалгыз уул көрдү. Сүйүнгөндөн балбалактап, ыйлап, азанды араң айтып, уулуна Исхак деп ат койду. Мектепке жашы жеткенде өзү окутуп арип таанытып, сабатын чыгарды. Жалгыз туяк өзүнөн түзүгүрөөк аалим болсун деп, андан соң Кокондогу Түнкатар медресесинен таалим көрсөттү. Бирок, Исхактын ойноок мүнөзү медресенин суз, муздак, тар канасында эртеден кечке сүкүт тартып, мударристерге кыңк этпей, бүжүрөп күн өткөрүүгө көнбөдү. 1867-жылы окууну таштап, тоого өзүнүн кандаш бостон уругунун Охна кыштагына качып кетип калды. Жаңы үйрөтүлгөн азоо ат минип, шамал менен жарышып, баатырлык, адамкерчилик, элдин иши, эр жигиттин милдети сыяктуу кыргыз куралгандан бери даңазаланып келаткан улуу сөздү укту. Кудай, шайтан, бейиш, тозок дегенден башка да ушундай сезимдерге, шар турмуш агымына аралашты. Бул жаңы дүйнө анын канына, мүнөзүнө жакын дүйнө эле.

Ошол мезгил Кокон ордосунун билермандарын ачык кошомат жоошутуп, дилин май бастырып, ич ара кек ууктуруп, катындардын төшөгү буунун алып, бир жылдан наркыны болжоор акылга мукурап, кирди-чыкты эси бары колдой турганы жок жалгыздап, ыдырап, эки ортодо эл таланып, эл бүлүнүп, көз жеткенге кол жетпей, кол жеткенге көз жетпей турган татаал мезгил болучу. Исхак аким менен дыйкандын, ууру менен момундун айрымасын билди. Элдин көксөөсүн, үмүтүн сезди. Өз кыштагынын окумалы, имамы болуп эсептелчү. Акыры аны да таштап, эл кыдырып, шаар кыдырып чыгып кетти.

Улам алды кызык узун жол аны Ташкенге алып келди. Туздун буйругу Абдымомун бек менен тааныш кылды.

Эртеси ээн бөлмөдө Абдымомун бек:

– Датка, кечеги назарыңыз түшкөн азамат «Мен ханзаада болуп берем» дейт... – деди күңкүлдөй. Шер датка:

– Ыя?.. – деп жиберди. Абдымомун бек башын ийкегиледи:

– Ошентет, шоктонгон кызыталак! «Мен туу болуп берем» дейт. Чындап эле!..

Шер датка тигиле тиктеп калды:

– Ошентеби? Жүрөгүндө жалы бар окшойт! – деди, күлөйүн деп күлө албады, көзү кылайып, ойлуу тартты. – Ыя? А деги ойлоно турган сөз экен...

– Тобокел дейлиби, датка?

– Эртең Самаркандын жаман дуванасы чыкса... Шерменде болуп калабыз го, кудай урганды...

Абдымомун бек колун шилтей койду:

– Йе-е, датка... андай жаман үч кишинин төбөсү бириккен жерге чыга албайт! Бүгүн бул азамат элге алынып кеткен соң, эртең дуванаңыз ыйласа ким ишенет, жарыктык?!

Ушинтип, азамат Исхак Шер датка баштаган увакилдерге кошулуп, Болот-хан атыгып, бир жумадан кийин Чаткалга келген болучу.

* * *

Биринчи увазир Калназар парваначы көтөрүлүш чыгарып жаткан тоолуктардан белгилүү Шер датка баштап, кырк увакил келип, хан алдына кирүүнү талап кылып жатканын Кудаяр-ханга билдирди.

Кудаяр-хан ордунан тура келди:

– Кана Абдырахман?

– Тоолуктардын колунда калыптыр...

– Эмне-е?..

– Эрегишкен эл кан төгүшпөй тынышыш үчүн бир кыйла шарт коюшкан экен, урматтуу абтабачы шартка макул болуп, аллаяр, Сиздин алдыңызга келип увакилдери талабын айтып, бир жаңсыл болуп барышканча, өз башын барымтага карматып калыптыр.

Кудаяр-хан мыскыл кылгансып кырт күлүп, дарчени көздөй басты:

– Шарт? – деди ал. – Кандай шартка макул болуп?

Калназар парваначы майдалап түшүндүрмөкчү болду эле, хан силкип таштады:

– Эч кандай шартты укпайбыз! Эч кандай шартты кабыл албайбыз! Уктуңузбу, парваначы?

Калназар парваначы тилин тишине басып, хандын кыжыры жаңгыча күтүп туруп калды. Кудаяр-хан албууттана сүйлөдү:

– Чийинден чыгып кеткендерге мына биз шарт коёбуз. Биз өкүмдарбыз! Биз бийлик ээсибиз! Эгер топураган найман менен кутлук-сейит тез арада топураганын тыйышпаса (!) тез арада жанагы селсаяк Болотту байлап келип бербесе (!) угуп турасызбы, парваначы...

Калназар башын эпеңдетип ийкей, көзүн кыбыңдатып калды.

– Эгер топураган найман менен кутлук-сейит топураганын тыйышпаса, Болот селсаякты мойнунан байлап келип беришпесе... – деп такмазалап кайра кайталады Кудаяр-хан. – Тыптыйпыл кылып таштайбыз! Уктуңузбу, парваначы? Кыпчактардын баягы жылкы көйүн көрсөтөбүз!

Калназар парваначы баш ийкеген жок бу сапар, алдыңкы эрдин тиштеп, диртилдеп ою алда кайда кетип жатты. Өзү кыпчак болучу.

Кудаяр-хан:

– Кайда кырк увакил азыр?

Калназар парваначы:

– Ушерде, өкүмдар...

Кудаяр-хан алаканын шак-шак урду. Ошол замат туура жактагы кичинекей эшик кыйч этпей ачылып, ордону күзөткөн сарбаздардын башчысы иреңи капкара удайчы кирип келип, ханга саал ийиле таазим кылып, кандайдыр Калназар парваначы жакты суук көзү менен алдыртан бир тиктеп алып токтой калды. Калназар парваначынын эти дүрүлдөй түштү. Кудаяр-хан ачуудан зиркиреп, нары-бери басты:

– Кырк! Кырк уруктун жолбашчысы тындым болсо... гм... топураган уруулар топурап кайда барат? – деди, суроосун Калназар парваначыга багыштап. Калназар парваначынын үрөйү учуп кетти:

– О, өкүмдар!.. – деп жиберди жалынычтуу. – Өчүп бараткан өрттү кайра үүлөгөн болор бекен, о өкүмдар...

Кудаяр-хан:

– Өрт? Өчүп бараткан отту кайра үүлөгөн эмес, өчүп бараткан отко суу куюп жибергендей болот, билсеңиз! Уктуңузбу, парваначы? Өчөт! Бүтөт!

Калназар парваначы аргасыз күңк этти:

– Сиздин пашалык эркиңиз, өкүмдар...

Кудаяр-хан удайчыга буйрук кылды:

– Кырк чыккынчыны азыр карма. Башын алдыр! Бирин калтырбай! Эй, көзүңө кара, өзүм барып эсептейм, бири кем чыкса, өзүңдүн башыңды өз колум менен алып кошом. Уктуңбу?

Удайчы:

– Куп... куп, өкүмдар... – деп, таазим кылган бойдон, кетенчиктеп, кирген эшигинен чыга жөнөдү. Кудаяр-хан менен Калназар парваначы бир аз сүйлөшө албай ар кимиси өз ою менен алек болуп туруп калышты. Туура кылдымбы деп хан сурай албады. Туура кылдыңыз деп парваначы кубаттабады.

Бир убакта:

– Жарым пашаны эмнеге дос кылып олтурам? Ыя?! – деп Кудаяр-хан өзү биринчи тиртеңдеп кетти. – Көрсөтөм! Көрсөтөм баарына! Көрсөтөм баарыңа энеңерди үч коргондун кайкысынан... «Сиздин энеңизди да үч жолу үч коргондун кайкысынан көргөн кишилер болду эле...» деп, ичинен какшык айтып, сыртынан жыпжылма болуп, ит сыяктуу берилген түрүн көрсөтүп, шалдырап турду Калназар парваначы.

Капкара удайчы ошол эле күнү кечинде ордонун түбүндөгү эски абакка кырк увакилди бирин калтырбай желдеттерге кырдырып, баштарын бир жерге үйдүрүп, эң үстүнө Шер датканын башын койдуруп койду.

Бир топ ордо кишилерин ээрчитип Кудаяр-хан көрмөккө келди. Шер датканын сеңселген аппак сакалы кызыл-ала болуп канга боёлуп, эки көзү жумулбай калган эле. Так өзүн тиктегенсип, Кудаяр-хандын эти үркүп кетти:

– Шер го?.. – деди ал чала күңкүл.

– Ошол бетбак... – деди кошоматчылардын бири.

Кудаяр-хан унчукпай кайрылып басты. Ордо кишилери узун этектерин көлбөөртүшүп, артынан шашылып калышты...

...Абдырахман кымыз ичип жай отурган эле. Жанында бир топ элет бийлери да бар болучу. Тыштан дүпүрөп жүгүрүп, жүзбашыларынын бири кирип келди. Иреңи купкуу. Абдырахман:

– Йе, мынча акактап... – деди кашын көтөрө, жүрөгүнө бир кооп кылт этип, элтейди.

– Бек, – деди аптыга жүзбашы, – увакилдер бүт кырылыптыр!..

Элет бийлери чур дей түшүштү. Абдырахмандын колунан кесе ыргып кетти. Кымыз жайнай түштү. Эки көзү тептегерек болуп кызарып:

– Ха! Шерт урган катынпоз! Иштин баарын ыразва кылган экен... – деп, ордунан тура калды. – Токугула аттарды...

Заматта керней бакылдап, тоолор кош жаңырыктап, бекерчиликке ыктап жай жаткан сыпайлар дүрбөп, жөөсү жөө, аттуусу аттуу чуркап чогула баштады.

Элет эсине келе электе, Исхак эсине келе электе Абдырахман аттанып чыкты.

Ал ушунча аракет кылып, кызыл өңүн саргайтып отуруп, ымга араң көндүрүп койгон ишин бир кыйкырык менен ойрондоп таштаган Кудаяр-ханды сөгүп келатты. Эң жаманы бүт ак ниет кишилерге, бүт элетке алдамчы, ыймансыз болду. Ушуга катуу күйдү. «Муну Кудаяр-хан атайы кылды. Элге алынып кетпесин, эл экөбүнүн ортосун биротоло аң кылып таштасам, менден бөлөк тумшук жылытары калбай, мага ак кызмат кылсын деп жүрсүн дегениби?». Мына ушул ой Абдырахмандын жүрөгүн өйүдү.

Бир кезде Нүзүп аталык Шералинин чокоюн илдирген диванханада ордонун бүт билермандары чогулуп отурушуптур. Абдырахман тартип боюнча эшиктен куралын чечип таштап кириш керек эле, ал бир атма орус тапанчасы белине кыстарылган бойдон, кылычы салбактаган бойдон, анын үстүнө камчысын сүйрөп, томсоруп кирди. Ал сылыктыкты, кантсе да сактап:

– Ассалому алейку-ум... – деп салам айтты. Бир Кудаяр-хандан башкасы дүр-р эте тура калышты. Баарынын көзү мактоо, ардактоо билгизип, жадырап тигилди. Өтө кыйдылар да, ордо салтын өтө ыйык күткөндөр да, абтабачынын камчы сүйрөп кирген адепсиздигин көз жаздымда калтырышпай, бирок азыр баатыр үчүн кечиримдүү деп, өз салмагын билгендин эркелиги деп эсептеп, көпчүлүктүн шарына кетип турушту. Абдырахман тактын алдына барып, ийилип таазим кылды. Кудаяр-хан ордунан тура келип, анын эки чыканагынан өйдө кылып:

– Жолборсум... – деп, кулачын жайып, төшүн төшүнө басып кучакташты. Карап тургандарга бу катуу таасир калтырды. Кай бир кошоматчылар «ү-гү... ү-гү...»деп, акырын үн чыгарып, бышактап ыйлап кубатташты.

Ошол диванда Кудаяр-хан бүткүл Кокон аскерине Абдырахман парваначы аскербашы болсун деп жарлыкка мөөр басты. Өзүнөн өзү кадыры ордодо өкүмдардан кийинки даражага жетти.

Эрегиштин күчү кайра бириге албай, бир жагынын кыжыры кайнап жатса, бир жагынын ындыны өчүп, аягы солгундап, күзгө таяп тынып калды.

Ташкенден генерал-губернатор фон Кауфман 8-октябрь күнү Кудаяр-ханга кат жазып:

«Өлкөңүздөгү тополоң, жаңжал сыягы биротоло тынып калды окшойт. Бул мага өзгөчө жагымдуу кабар болду. Эми кудай сактасын, чын көңүлүм менен экинчи мындай окуя чыкпоосун каалайм!» деп куттуктады.