кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Төртүнчү бөлүм

VIII

Сары күз эле...

Кырк сыпай менен капыстан келип Насирдин бек Абил бийдин айлына түшүп калды. Ким чакырды эле? Айыл бүлүнүп калды. Абил бий жайыкка тезинен он чакты өргөө көтөрүп, сыпайларды жайгаштырып, Насирдин бекти өз үйүнө түшүрүп кадырлуу, сыйлуу мейман катары күтүндү. Бирок ханзаада бу сапар кабагын түйүп, эч кимди бет багып тиктебей, чечилип сүйлөбөй, саламга келгендерге алдыртан серп таштап, түнөрүп отурду.

Кыска үйрүлүп амандык сурашкан соң:

– Абил бий! – деди Насирдин бек катуу. – Менин жан тагам кайда?

Отургандар дем тартпай өргөө ичи бейиттей жымжырт боло түштү. Абил бий кайгылуу томсоруп, башын жерге салды. Көздөрүнүн кыйыгы бирде Насирдин бекке, бирде Абил бийге көчүп, ушу азыр өлөрчө коопту сагатты күттү, ар ким отурган жеринде катты.

– Айт, бий! Менин эзил кайран тагам көрүнбөйт!

Абил бий үшкүрүп алып, баш көтөрдү:

– Ханзаада... Кайран Домбу сиздин тагаңыз болсо, биздин жан күйөр тууганыбыз болучу. Жазмыш ошол белем, кайран Домбу бул дүйнөдөн жүз үйрүп бизди таштап кетти...

Эл жеңилдене шыпшынып жиберишти. Шыпшынуу өлгөндүн кадырын эстөө эмес, ошол чөлдүн жыланындай ышкырган Насирдин бектин каарына туруштук кылып, калтаарыбай жүйө сөз таап турган Абил бийдин тилине шүйшүнүү эле.

– Ошондойбу? – Насирдин бек заардуу көз менен ата тиктеп кекетти. Ал баягы жылдардагы боз улан эмес, көрктүү чертилген жылтыр кара муруту сулуу жүзүнө жарашып, картмак тартып, келбетине сүр кирген. Сол ныптасында сабына каухар чегерген, кынына күмүш жапкан ийри кылыч жатты. – Ошондойбу, бул дүйнөдөн өзү кечип кеттиби? Айтчы, бий!

Өзүнүн төрүндө, элдин көзүнчө минтип желкелөө Абил бийдин этин үркүттү. Көзүнөн кашкөй учкундар жылтылдап, чекеси чүрүштү:

– Жээнчер! Домбу тагаңыз кудайдан келген ажалдан өлдү. Кудуреттүү кудай өлүмдү бирөөгө октон, бирөөгө оттон, бирөөгө жаздыктан жеткирем деген го. Жазмышы ошол экен, жан тагаңыз өчөшкөн бирөөнүн огунан себеп таап өлдү. Кудайдын каалоосуна не дегиң бар, жээнчер?

Отургандар дуулдай түштү. Насирдин бек кубарып кетти. Ал обдулуп бирдеме демекчи болду эле, жанында баятан көзүн жуумп чарчап отурган кары кеңешчиси колунун учун көтөрүп, аны токтотуп койду. Насирдин бек кыжыр менен эрдин тиштеп отуруп калды.

Абил бий башка жакты тиктеп, мисирейип;

– Кантели. Кайран туугандан айрылып көп ыйладык, көп күйдүк. Тапкан жокпуз. Кантели. Арты кайырдуу болсун. Мындан өзгө көңүл төтөгү барбы, – деди.

Хандын, анын эрке балдарынын азабын эл көп тартканын Абил бий билбейби? А ошо биле отуруп, Домбунун өлүгүн ошондой катуу баштыктын, аңкоолуктун залдарын жашырып кала турган окуяга айлантып, ушуну менен тактын эртеңки аманчылыгына эмгек көрсөтмөкчү эле. «О бузулгандар... ушинтип жүрүп, кайран Нарбото бий үч тайпа – кыргыз кыпчак, кыргыз казак, сарт кыпчак элине башбаанек болсун деп көтөргөн үйдү өрттөп жиберишет бу өңкөй катынпоздор...» – Абил бий ачык эле кыртышы сүйбөй тыржыйып калды. Домбу атылган соң ал жөнүндө ордого өзү кабар кылган, артынан элден чогултулган дүйнөнү чыпчыргасын коротпой казынага жөнөткөн. Домбунун өлүмүн табалап, бүткүл жамандыкты, жабырды ошого шылтап, караламанды сооротуп, хан атын, хан даражасын кир жугузбай коргоп отурбады беле. Ал катуу өктө ойлоп, сынып калды.

Бирок кылып кете турган иштин тизгини тиги күчтөн тайып бир кудайга кулдугунан башка бул жер үстүндө эчтемеси калбагандай көзү үлдүрөтө сүзүлүп отурган кары кеңешчиде болучу. Бул аяр адамдын келип турушу элеттин бир-эки айлын итин улутуп кыйратып кетишти түшүндүрбөйт. Мунун вазифасы кылыч менен баатырлык кылуу эмес, мунун вазифасы жылма сөз аркылуу, адаттын чеги, шарияттын жобосу аркылуу тушап жыгуу.

– Капа болбо, бий... – деди кары кеңешчи шалдыраган алсыз үн салып. – Жээниңиз жан тагасына күйгөндүктөн кызуу сүйлөп койду окшойт. Эркелейт да... Бала да... Кечирип койгойсуз, бий... – Кары кеңешчи башын ийкеңдетти... – Кантебиз. Өлөр адам өлүптүр. Сиз менен биз тириктин тынччылыгын көздөшүбүз лаззим...

Эки манап тиктешип калды. Абил бийдин жүзү жумшарды:

– Бул ак сөз...

Насирдин бек Абил бийдин үйүнө калбай жигиттеринин үстүнө аттанып кетти, жөн кетпеди: «Күнөкөрдү табасыңар, болбосо...» деп катуу зил менен кетти.

Бүт элет күңгүрөп, Домбу үчүн Насирдин бектин кун сурап камалап жатканын кооп менен кеп кылып, кулак түрдү. Ханзаада Насирдин бек мырзанын каарына Абил бийдин сестенбей туруп айткан каяшасы өзгөчө даңаза болуп жатты.

– Кайран бий! Таш тиштетти хан баласын! Кана, кай пенде батынат хан тукумуна! – деп мактаныш, сыймык болуп тарады.

Туш-туштан Абил бийге айыл аксакалдары, уруу билермандары саламга келе башташты. Алардын дилинде кадырлуу Абил бий бейкүнөө тил угуп, кордук көрүп калган сыяктуу. Анын алын сурап, кабагын байкап, керек этсе ар кандай көмөк көрсөтүшкө тымызын даярдык кылып келип жатышты. Кайсы кордукту көрсүн? Насирдин бек менен биртике кермур айтышкандагы ызасын кечинде от боюнда кары кеңешчи жууп таштады. Бирок, келгендерди Абил бий адил кызматы үчүн акарат алган кишидей муңайып отуруп тосо берди.

Насирдин бек жоо кийимин чечпейт. Арасына элеттен киши аралаштырбай тамаша куруп, союш жешип, сыпайлары тойлоп жатты. Күндө бир убак атайылап кыйкырып кырдап чабышып, атчан дабла аткылашып элдин сесин алышат. Күндө кечкурун корбашысы беш жигит коштоп айылды аралап ат ойнотуп:

– Күнөөкөр табылдыбы? – деп кыйкырып, мырзасынын талабын эске салып өтөт, күнөөкөр табылбаса, камсыз айылды канавайран кылышарын ачык туюнтат.

Четтен баарын байкап, баарын угуп турган Бекназардан да, акыры Абил бийге Эшим салам жеткирди.

– Ыракмат, пансат. Кутурган күчүгүнө кайрыган сөзүңүз мени ыраазы кылды. Ушундай эле болмокчу эле. Буларга кылган кайыр чайыр болуп кайтарын түшүнгөндүрсүз...

Эшим бүктөй кармаган камчысын көкүрөгүнө алып таазим этип, Бекназардын бул саламын сөзмө сөз айтып турду. Абил бий күлүмсүрөп, жүзүнө нур ойноп, кубанып укту. Кымызга талыкшый түшкөн кары кеңешчи катар коюлган куш жаздыкта үргүлөп кеткен эле. Ал тиши жок оозун биртике ачыңкырап, тамагынан кыркыр этип коңурактап, былк этпей жаткан. Абил бий ага аста көз кыйыгын таштап алып, Эшимге акырын сүйлөдү:

– Айтып бар баатырга... Бекназардай тирегим болбосо, менин карам чымчык үркүтөр беле! Сел токтотор кубатым, айбатым силерсиңер, айланайын...

Эшим кетүүгө диттенип, кайта кыйылып токтоп, тиги жаткан киши жакты тиктеп калды. Абил бий сезип:

– Айта бер. Сыр жашыра турган бөтөн жок, айта бер! – деди. Кыйды чал сөз тыңшап жатты бекен деген кыяз кылып, тыңшаса көңүлүн бир кубантып коймокко бий акыркы сөзүн көтөрө салып кайталап айтты:

– Айта бер, сыр жашыра турган бөтөн жок, айта бер!

– Насирдин бектин бардык жолу кесилди. Мерчемдүү жерлер тосот кылынды... Сиздин бир ооз сөзүңүздү сурады Бекназар аке. Абил бий ордунан учуп туруп, Эшимди жакасынан өзүнө жакын тартып:

– Жинденбесин... Жинденбесин!.. Токтотсун... Токтотсун!.. – деп шыбырады аптыгып.

– Бий туура айтат.

Абил бий селт эте түштү, Эшим катып калды. Уюп жаткан жыландын көзүндөй жылтырап, кары кеңешчинин нурсуз көздөрү жаздыктардын арасынан экөбүнө кадалып турган эле.

– Кхм... бий тууру айтат... – деп, эч шашпастан ал акырын козголду. – Айтып бар, жакшы жигит, баатырларга бөрүнүн уясын бузуп, бөлтүрүгүн кармап алса болот ки, бирак бөрүлөр өчүгүп кийин короого апат түшүрөрүн тоолуктар жакшы билишпейби? Ушуну баатырлардан сурап кой, жакшы жигит.

Абил бий чаңырып кошумчалады:

– О! Айтып кой!.. Теңирбердиге айтып кой!.. Уктуңбу! Уктуңбу?

– Уктум...

Эшим таазим кылып чыгып кетти.

Ошол күнү эле Абил бий элеттин билермандарын шашылыш чогултуп, Бекназардын жең ичинен жүргүзүп жаткан аракетин чийинден чыккандык деп айыптады. Кимде-ким тентектин тилине кирип айылынан жигит чыгара турган болсо, элчиликтен кетишерин эскертип, катуу буйрук кылып тыюу салды. Эртеси түшкө жакын Наманген бегинен дагы кырктай аттуу сыпай Насирдин бекке кошумча келди. Насирдин бектин корбашысы эми кутурду. Айылдан айылга киши каттатпай, топтонтуп ат бастыртпай, жол-жолдун тоомдоруна куралдуу кол койду. Элдин үрөйү учту. Өлтүргөн кишини ким табат? Мен деп келип береби? Эгер өлтүргөн табылбаса, анда Насирдин бек шектүү деп элдеги белдүү жигиттерди бүт карматаарын айттырды. Ким чыдайт буга? Айла түгөндү.

– Деги айтсын, ханзааданын кантсек көкшүнү сууйт экен?

– Айтсын! Не көксөгөнү бар экен? Ачык айтсын! – дешип суроо салышты аксакалдар кары кеңешчинин алдына келип.

Кары кеңешчиге ушул учур зарыл болучу, ал көп күндөн бери зарыгып ушул сөздү бул элдин өзү айтышын күткөн эле. Хан тагасынын өлүгүбү, ит өлүгүбү, ага баары бир, эптеп шылтоого жарап элеттин каймагын калпып кетүүгө жараса болгону да. Ал шек бербей бөөдө кайгыга дуушар болуп, аргасыздан кирпигин кыймылдатып арага түшүп отургансып:

– О тагдыр-ай, кандай күн туулуп кетти! Башка кылар амал жоктон айтасың... – деп кыйналып, кыңылдап сүйлөдү. – Кантесиңер? Кан бере албасаңар, анда кун бергиле. Адат ошол, салт ошол, шариятка сыйганы ошол... Майли, мен ханзаада жээниңерге сөздөшүп көрөйүн. «Бечара тагаларыңды жарга кыспа, журтчулуктун ыгына көнүп кой» дейин. Кудурети күчтүү кудайым көңүлүнө макул салып жиберсе ажап эмес го...

Мына зордук деген ушубу? Аксакалдар жымжырт болуп отуруп калышты. Бир өлүп көрбөгөн башка жамандыктын баарын көргөн деген карысы да кеңгиреп башын көтөрө албады. Өлүктөй тынымды Абил бий бузду. Ал ортодо калбадыбы. Анын өкүмүнө ыкрар кылып, амирин туткан өз эли минтип кыстоодо турушу кайдагы бир атасы башка келип кысмактап турушу Абил бийдин арына тийишти. Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат. Ал улутунуп жиберди:

– Мейли, алгысы келген кунун алсын! – деп, ичинде угуттай кыжырын жашыра албай кетти. – Үйүнө капыстан жылан кирип келсе ак чачып чыгарасың. Ошол да!

Насирдин бек күндөн күнгө катаал. Сыпайларын эркинче койду. Жээликкен жигиттер айыл чуулдатып чаап, үрүп чыккан итти аткылашып, элдин малын четинен сурабай кармап союшту. Бул журттун зоруна да, букарасына да кастарын тиккен душман катары кутуруп жатышты. Күнүгө кечкурун корбашысы беш жигит коштоп чыгып, дүбүрөтө жол чаңдатып чаап:

– О тагамдын куну бүттүбү? – деп кыйкырып, мырзасынын каарын туйдуруп өтөт. Бул кекетүү, мазактоо. Алдына ат тартып, үстүнө кымкаптап тон жаба коюп бүтүрө турган иш болсо кана? Насирдин бек оозуна батышынча сурады. Бүткүл элетти кунга жыкты. Миң сары таман ат, миң кызыл дилде! Бул дүйнө кайдан табылат? Кайдан жыйналат? Акыл кайда? Арга кайда? Алгач бөрү көргөн малдай топурап, Бекназардын жанына топтоло калган элди Абил бий камчысыз айдап таратты. Эми ким баш көтөрөт? Ким чогулат?..

– О тагамдын куну бүттүбү?

Арыз, доо, барымта чоң айылда суралат эмеспи. Кун бычымы да ошол чоң айылда, Абил бийдин айылында. Айылдын үстүндөгү соксойгон кароол таштуу дөбөдөн жарым айдан бери карайып жыйын тарабады. Жыйын башында элеттин көкүрөк көтөргөн билермандары, аксакалдары бүт бар. Кун ойлугу кары кеңешчиде, ал корунган бөйдөй бүрүшүп, чыканактап жатканынан козголбой тарамыштуу арык мойнун кыңырайтып, көзүн сүзүп, үлдүрөп жатты. Элеттин жаагын жанган чечендери мусулмандыкты, туугандыкты, жерликти ортого таштап, биринен сала бири саймедирейт. Кары кеңешчи көзүн араң ачып:

– Э, мусулмандар, менин айтканым айткан болсо, силерди ушунчалык кыйнар белем?.. – деп куп-куу алаканын жайып коёт. – Өлүктүн мураскору ханзаада. Ханзаада тагасынын кунуна жырык тыйын албай кечип кетсе ага мен эки дүйнө ыраазы болуп, ыракмат деп аттанып кете берем го, антсе кана?

Аксакалдардын бири башын калтылдатып кейиди:

– Өй, увазир, кудайга карасаңчы. Мураскор дейсиң... Ханзаада кайдан мураскор болот. А жөн эле өкүм зордук дей бер да. Домбу канетсе да өзүбүздүн эле тууган болучу...

– О, теңир ай, өз тууганың үчүн өзүң кун тартып... – деп жиберди топтун четинен бирөө.

– Мусулмандар, э мусулмандар... ханзаада Насирдин бек бери аттанып чыгарда Калам-и-Шарифти бизден канча өйдө билген пакиза уламалардан жол сурап чыккандыр, жөн эле түн каракчысы окшоп келе бербегендир...

– Шарият колунда, увазир, кайда жетелесең өз эркиң, – деп ыза болуп, аксакалдардын бири тура жөнөдү. – Бар, билгениңди кылып ал!..

– Бүлүнтүү оңой, мусулмандар, – деп көзүн кылыйтып жыландын башын чыгарды кары кеңешчи, – бүлүнтүү, билгениң кылып кетүү баарыдан оңой, мусулмандар, а бүтүрүү деген кыйла машакат. Э, ушу чыры жок бүтүш мага эле пайдабы? Ойлонуп көргүлө, мусулмандар, ойлонуп көргүлө...

Арт дүбүрттөп калды. Турган эл чуулдап жарыла качты. Жигиттерин чубатып Насирдин бектин корбашысы жыйынга түптүз аткоюп кирип келаткан эле. Ал ат ойнотуп тиги уй мүйүз тартып отурган билермандардын кашына токтой калды да:

– Кана, тагабыздын куну бүттүбү-жокпу? – деп кекерлеп катуу сурады.

Абил бий жумшак күлүмсүрөп, ээгин көтөрө муңайым жооп кылды:

– Камсанабасын, ханзаада. Бүтпөгөн иш болор беле, бүтөт, – деди. Корбашы тиги кары кеңешчи бийдин сөзүн кубаттаганын билгизе башын акырын ийкеп турганын бир карап билди да, ат үстүнөн таазим кылган болуп ишарасын түзөп, кидирбей кайра тартып, дыргыткан бойдон кетти. Эл селейди.

– Бий... – Бекназар катардан обдулуп, туталанып сыңар тизелеп тура калды. – Не тебелейт булар? Не кутурат булар? Чыдап отурасыңбы бул кордукка бий Абил? – деп, ал табалады, кейиди. – Эй, каран күн, бизге кошоматтан башка, чокубузду колубуз менен калкалаштан башка арга калган жок беле?..

Абил бий нестейип укту. Эки ортодо айласы куруду. Ал иреңи кубарып, кысталып:

– Э, баатыр, түшүнүп турам... – деди ой басып. – Бийлик бар жерде зордук бар, зордук бар жерде кошомат бар. Бийлик кылыш башкаларга караганда ток жүрүш үчүн керекпи? Кошомат кошомат кылыш, ошону менен жан багыш үчүн зарылбы? Ушундай да болот. Бийлик бир көпкө таандык бир улук ишти баштоого же бүтүрүүгө бел болуп берсе, ага не жетсин, анда бийлик канча катуу, канча кандуу болсо да, анын катуулугу, кандуулугу акталып кетет. Кошомат да көпкө пайдалуу бирдемени солкулдак көпүрөдөй калпыс учурдан өткөрүп кетүүгө аралжы кирсе, анда кошомат канча пас, канча кир болгонуна карабай, анын пастыгын, кирлигин кийинкилер кечирип коёт... – Абил бий тегерегин муютуп ушундайча жооп айтты да, сабыркап кеткен өңдүү кирпигин ылдый түшүрө берди. – Сабыр кылалы, баатыр. Сабырдын түбү сары алтын...

– Сабыр? Сабырдын түбү сары алтынбы? Бий, сабыр кылуу, чыдоо, күтүү жакшы дейли, бирак көп сабыр кылууга, көп чыдоого, көп күтүүгө убакыт барбы, адам өмүрү өтө кыска да... – деди Бекназар. – Мына биз сабыр кылып не таптык? Сабырдын түбү сары алтын эмес сары убайым болуп жүрбөсүн!

Миң жылдардан бери элеттин тарыхы, заңы, салты, таамай сөзү оозеки жашайт, атадан балага калып, замандан замандарга көчүп келет. Сөз кадырын билишет. Жыйын асел аарынын уюгундай күңгүрөп баратты. Кары кеңешчи томсоруп, айлакер көздөрү диртилдеп жоопарасына тегерене чаргыды. Баатырдын от көзү, куйган жездей чың бою, кайраты аны таң кылды, элдин башына түшкөн жабырга күйүп, түтөп турушу, бир чети жагып да кетти. «О жараткандын ичи кең, тикенектен гүл чыгарган кудуретиңден айланайын жараткан, баш деп куру кабакты көтөртүп койбогон экен буга, ушунусуна жараша... Оозунан чыккан сөзүнүн жүйөөсүн көрбөйсүңбү...» – деп ойго батып тиктеди.

Эл дүүлүктү. Жабыла атка чуркашып, кым-куут баштала турган өңдөнүп баратты. Бу этекке чок түшкөндөй мезгил, кол күйсө да будалап өчүрүп калбасаң, бүт өрттөнүп кетишиң мүмкүн. Абил бий тынчсызданды. Анын кабагын байкап турган кай бир аксакалдар дароо тура жүгүрүшүп, аттанып калышкан топтун алдын тосушту.

– Ай, бирпас сабыр кылгыла, токтогула.

– Бул алаамат бир силердин башыңарга түшүп турабы? Түшкүлө аттан. Жалакайлык көрсөтпөгүлө. Не болсо да чогуу туралы, кеңешели.

– О, кокуй десеңчи... Бөлүнгөндү бөрү жейт, колтук ачпай туралы.

– Йе атасынын көрү! Туулмак бар, өлмөк бар, несине кайышкыдайбыз!

– О жок, аксактын акырына караган жакшы...

– Кана, түшкүлө... Тынч бүтө турган иш болсо тынч бүткөнүн көрөлү, бүтпөсө бүтпөгөнүн көрөлү... чогуу көрөлү...

Кыйла сүрсүр кеп, журтчулук айтылып жатып, Бекназар баатырды ээрчип аттангандар кайра түшүштү. Жыйын кайра күү-күү. Чечен тилдер салттын, адаттын, адалдыктын чегин кайра ортого таштады. Кайра өктө, кайра таарыныч, кайра эгешүү. Бирок кары кеңешчи майтарылбады, жүйө сөзгө тен койбоду. Өзү үргүлөп, кичинекей, куурап бараткан колдорунун учу араң кыбырап теспенин ташын жаймажай санайт, ушунусу болбосо сөлү качкан иреңи тирүүнүн кейпи эмес. Анткени менен, азазилдей кыйды акылы абдан так. Сөздөн көрө билекке сыйынгандардын өмгөгүнөн да сезгенбеди. Кокондун чарпаясында чай ичип отургандай анын эчтемеден камсанабай, камырабай отурушу элдин эки көзүн ого бетер чекчейтти, кандайдыр катаал күчтү сездирип үшүн алды.

Жыйын бул күнү да бүтүмгө келбей күн батырды.

Абил бий өргөөдө чоң жагылган от боюнда. Ичиги желбегей, бир жеңи ийнинен түшүп кеткен, өйдө кылбайт, оорудай сабыры суз. Былк этпей чоктун кызылын тиктеп отурат. Кары кеңешчи чарчаган өңдөнөт, төрдө куш жаздыктарга кыңкайып, алаканын жаагына жаздап, бүрүшүп жаткан. Ал дайыма уктабаса да көзүн чала жумуп, бардык шумдугун кирпиктин артына жашырып, кулагын аяр түрүп жатчу го, бүгүн көздөрү такыр эле жумулбады, ал дагы ойго батып от кызылын тиктейт. Жана элдин дүрдүгүп атка чуркаганда козголбогон кыйды киши азыр тигинин ырайын байкап, чоочулап, демин ичине тартты.

– Бий... – деп акырын кеп баштады, ал акырын өйдө болуп. – Кхм... Эл сиздики, бул оорчулук сизге да салмагын салды. Улук сардар Абдырахмандын сизге пикири кыйла жакшы, о кудайым жогору кылсын мартабасын... Кабакты ачыңыз, бий. Алтын такка көрсөтүп келген ак кызматыңызды ордо эсинен кантип чыгарсын? Сиздей жетик адам болбосо, бу жүгөнсүз элди ким күргүчтөп бермекчи? Акыры бул ишти бүтүрүштө да ордо сизге ишенген...

– Оулия! Буудайдай ташты эркин кармап турсаң, ал сенин колуңда, анын катуулугу да, салмагы да сезилбейт, аны сыга кармаса, ал колго өтөт, колду оорутат. Ошол сыңары, бул элди канча сыга берсең ошончолук чатак ырбайт, ошончулук каяша көбөйөт. Андан нары Абил бийдин үнү муздап кетти. – Ушу ант урган Домбунун ит өлүмү ушунча чуу болуп! Мени элден кол жуудура турган болду хазретиңиз! Суук тумшук кыла турган болду хазиретиңиз! – Ал эрдин тиштенип, дем тартпай токтоно калды да, кыжыр менен ичиктин түшүп жаткан жеңин бир силкип оңдоп кийди, энтигип күңкүлдөдү. – Чоң атасы Хажы качан өкүмдар болду эле? Ал сенделип тоо жамынып жүрүп өтпөдү беле? Нарбото бийдин балдарынан сан тийди беле буларга? Ыя? Тиги Насрулла-батыр-хан олжолоп кеткен тажыны мына биз алып кийгизбедик беле, атасы Шерали аталанын башына?.. Же жалганбы?

– Чын, бий, чын...

Абил бий жер муштап жиберди:

– Караламандын көзүнө даражасын көтөрүп колумду боорума алып койсом, коркуп калды деп отурат жанагы кичинекей катынпозуң! Мен кайра Нарбото бий тиккен үйдүн биримдиги кетпесин, куту учпасын дейм... Бул тоодон өрт чыкса эптеп мен басып отурам, а мен чыксам ким басат? Ыя? Ким басат?!.

Сөз мынчалык ачыктыкка баргандан кийин кары кеңешчи да, тиши жок оозун ачып, кыш-кыш эте үнсүз күлүп:

– Жиендериңиз эч кимдин чекесин жылыткан жок, бий... – деди. – Баарыбыз мамлекеттин мудасы үчүн жүрөбүз. Э-э, Абил мирза... хазрети дейбиз, а хазретиңизди сиз менен биз көтөрүп турабыз. Алтын тактын төрт буту биз. Бирибиз эле кыйшайсакчы эгер, алтын так алтындыгына карабай көңтөрүлүп түшөт да, үстүбүздөгү байкуш мурдунан тиет как жерге...

Сөз төркүнүнө маашыр болушуп жылмайып, жумшарып калышты.

...Домбунун артынан доочу келгенден бери элдин кысылганын, чалдардын кейишин көрүп, Мадылдан тынчтык кетти. Күнү-түнү ой басып, уйкусу качты, анын уяты ичин тырмады. Кайсы шайтан айдан ошол ишке кириптер болду эле! Бир уруу журт.

– Үнүңдү бас, – деди Абил бий зекип. – Өй... жаман оюңда, Абил тукурган дегиң келип тургандыр?

Мадыл коркуп кетти:

– Жок, жок, бий... ага баргандан көрө... – деди буугулуп.

Абил бий ойлонуп бирпас туруп, анан Мадылдын көңүлүн жубатып сүйлөдү:

– Эсиңе кел. Ким ойлоптур аягы минтип чыгарын... Сарыбай агаңдын кадырын сыйлайм. Жакшы адам эле. Бир кыз бар деди беле Сарыбайдан?

Мадыл эреркеп бышактады:

– Бир чүрпө бар...

– Нечиде?

– Он бешке кирди...

– Гм, балакатка жетип калган тура бечара... – Абил бий дагы бирдеме айткысы келгендей кыңырылып турду да, бирок эмне үчүндүр айта албады, ал Мадылдын далысына колун тийгизип койду. – Эсиңе кел. Башканы коюп, беш түтүн шордуу нойгуттун бейпилдигин көздө.

Ал кетти. Мадыл ордунан тура албай, үңкүйүп буурул түндө бозомтук тартып отуруп кала берди.

Эртеси эки манап жыйынга жүздөрү жайнап, көңүлдүү чыгышты. Эл котолоп чогулду.

– Журт! – деп баштады Абил бий үнүн өктөм көтөрүп. – Кудайдын эркинен тышкары, кырк жылы кыямат жүрсө да кумурсканын бели сынбайт. Бу дагы кудайдын эркидир, айлыбыздын четине Домбу өлүп калып, минтип ханыбыздын каарына калып отурабыз. Бүтүрө турган иш болгон соң бир жаңсыл кылалы, өлүмдөн башканын тези жакшы го...

– Ылайыгын сүйлө! Бүтөрүн сүйлө, бий! – дешти тургандар туш-туштан.

– Ошо. Өйдө тартып өгүз өлбөсүн, ылдый кетип араба сынбасын ханзааданы сыйлайбыз, эркелетебиз, бирок да туурасын айтыш лазым, сынык мүйүз жүкчүл өгүздүн баркына арзыбай турган аксым тагасынын кунуна миң сарытаман ат, миң кызыл дилде талап кылып отурганы акылга сыярлык эмес, мырзалык эмес...

– Зордук!

Абил бий үн чыккан жакты бир жалт тиктеп алып токтолбой сүйлөй берди:

– А муну ойлоп караңар, жалаңач төштү кагып кашайып отуруш биз тараптын адат билбестик, көзү жок көктүк! Кыздын сыры төркүнгө маалим, бул элеттин абалы мага маалим. Мейли дейли, ханзааданын оозунан чыгып калыптыр, ошол миң деген саны миң бойдон калып, башы айтылуу сарытаман ат, аягы таакылуу жабагы болсун. Миң дилдеси миң дилде.

Эл башка бирөө болсо дагы көтөрүлүп дуулдамак, алар кубаттуу бийге такалып, тоскон суудай мелтирешти. Кары кеңешчи бурадарына ыраазы. Бул бычым кечинде от боюнда экөбүнүн ортосунда бүткөн. Ошонун өзүн ханына да, калкына да калыстай сүйлөп, эки жактан тең өктөсүн, таарынычын эсепке алып, эки жакты тең ыкка, элчиликке чакырып, акыры мындан башка бычым болушу мүмкүн эместей кылып, жумурулантып ортого таштап кеткенине ыраазы болду. Ал кургаткан алмадай бетин эч кыймылдатпай, башын кыңырайтып, көзүн сүзүп, теспесин шыпылдатып жатты. Ыкрарлыгын сураганда, ал бүргөдөй кыйды тарткында калгансып толгонуп, ойлонуп, бир убакта мойнун түзөдү да, көзүн жылтыратып ачып:

– Миң жылкы... Миң кызыл дилде... – деди күбүрөп, иреңине кызыл жүгүрдү, бу сапар мырзасынын алдынан өтүш кары куунун эсине келбей, иштин аяктаганын билгизип, теспесин койнуна таштап, ордунан өчөйүп тура баштады.

Бычымдын бүткөнү ушул эле. Эл тунжурады. Аларды шалдыроо басты.

Бийлик бар жерде зорлук бар. Бийлик менен зорлук өзүнүн ким экенин таанытты элетке. Мал киндиктүү тоо кыл куйруктан көп да мукурабады, а бабасы тутунуп дүнүйө кылып көрбөгөн дилдеге келгенде абдан шашты. Сатканга мал түт келбей, кишилер саймалуу кийиз, шырдак, ат абзел артып базардан базарларга самсыды. Буга Бекназар өңдүү азаматтар баш болушуп, ар топко бирден жамакчы, сөзмөр кошуп, элдин башына түшүп турган кыйынчылыкты жашырбай айттырып, ушул арзыбаган буюмдар жан аргасы дедиртип төө үстүнөн ырдатты. Тамдарынын бурчунда, базарларда аваз кылып шаар калкы баш чайкады. Те бозомтук тартып сүрдүү тиктеген тоодо жашаган көчмөн туугандарынын башына түшүп турган жабырды түшүнүшүп, журтчулук, тууганчылык айтып какшаган ырчылардын ырынын ыргагына, сөзмөрлөрдүн сөзүнүн жүйөсүнө тен беришип, топ-тобу менен каптап, керектегени да керектебегени да, соодалашпай буюмдарды четинен бирден алышып, шалкы курчалган жоолуктарынын каттоолорунан бирден кызыл дилде ыргытып өтө беришти.

Ушинтип айтылган миң кызыл дилде эки базар ичинде табылды. Жылкы жыйылды. Жылкы туягынан жер түтөп, чаң туман болуп күндүн көзүн тосту, энесинен адашкан кулундар нары-бери чырылдап чуркап, айгырлар аңылдашып, кароол таштуу бийиктин алды тапырады. Сыпайлар кутуруп аттарын жаңыртып минишип, өйдө-төмөн жарышып ат ойнотушуп, куду бир жактан жоо алып келатышкандай. Шаң менен, салтанат менен, көкүрөктөрүн эрдемсип көтөрүшүп, дүңгүрөтүп жылкыны айдап жөнөштү. Эл кароол таштуу бийикте кылкылдап, тымтырс карап, жол-жолдо жардап узатты.

Көп жылкы уюктуу кумурскадай чубап, чөккөн төөдөй айры белеске артылып, дүбүрт улам алыстап, чаң улам нарылап, кандайдыр жүрөк ачыштырып, коңултактатып элди таштап баратты.

– Чаап кетти...

Кимдир бирөө бүк түшүп жыгылды. Турган эл селт этти. Бирок эч ким ордунан кыймылдаган жок, канатын кырккан куштукундай көздөрдөн гана от учту.

Кароол таштуу бийикте Абил бий, Насирдин бек, кары кеңешчи Иса олуия, дагы бир катар элеттин Теңирберди баштаган кадырлуу аксакалдары турушкан эле. Бекназар беш жигит менен топ жарып атчан келип:

– Ме, бек, бүтөлсө бүтөп ал ушу менен тешигиңи! – деп ат жалынан туруп, оозу буулган салмактуу баштыкты Насирдин бектин алдына ыргытты. Бек менен кары кеңешчинин алтынга назары ач көздөрү жарышып, шырк деп жатып калган баштыкка түштү.

Бекназар кылчайбай топтон чыгып кетти. Кун бүткөнү ушул. Жыйын бүт дуу туруп, Абил бийди ээрчип, дүңгүрөп бетке бата тартты.

– Аллау акбар! Кун бүттү! Салават! Салават!

– Доо түгөндү! Салават! Доо түгөндү!

Эл дүңгүрөп турду. Адатта салават айтылган соң доонун түгөнгөнү ошо болот. Шарият да салаваттан кийин доосун кайра жаңырткандын ичкен ашы арам, катыны талак деп чечмелейт. Эл дүңгүрөп турду. Өкүнүч, кайгы акыл жетсе да ал жетпей турган санаа, ошону менен бирге уйкуда баскан сасык албарстыдан кутулгандай жеңилденүү, бүдөмүк кубануу аралашып эл күңгүрөнүп турду...

...Мадыл үңкүйүп отурду. Сүйүмкандан жалтанса, жанында жоон камчы жатты. Жоон камчыдан сестенсе, Сүйүмкандын азаптуу көздөрүнө капталды. Ал баш көтөрө алган жок, үйдө туугандардын бири кайрат кылып койгонго жарабады, эптеп кара жаным соо калса деп, өңдөн кетип кубарып отурушту. Сарыбай үн катпады. Ага Мадыл иштин башын түшүндүргөн эле. Ал тунжурап, оңурайган эки көздүн кызарып, ордунан терби, жашыбы сарыгып турду.

– Бербейм! – дагы катуу чыңырды Сүйүмкан калчылдап. Ал бетин басып балача буркурап ыйлады. Абил бийди кара, жолдогон кишисинин колуна же топусун, же башка бир урунуп жүргөн буюмун бербей, атайы жоон камчысын берип жөнөтүптүр. Айттырган иши ордунан чыкпаса мамилеси катуу болорун мурунтан сездиргени, атайы чоң камчыны көргөзгөнү. Мадыл онтоп жиберди. Жылан менен орток болгон экемин деп ичтен сызды. Ушул отурган жеринде мүрт кетсе ал кайыл эле. Шордуу нойгуттардын убалын көтөрбөй өлүп тынып калмакчы. Абил бийдин элтүзөр чалы Мадылды кыстады:

– Бир кызды аяйбыз деп баарың бүлүнүп кетсеңер жакшы эмес. Ойлонуп көргүлө. Себебин бир бий билет, бир Мадыл билет. Сөзүм ишеничтүү болсун, иш кетенчиктебей бат бүтсүн деп бий колундагы камчысын жиберди го. Тигине алдыңарда жатат, башкаңар тааныбасаңар да Мадыл тааныр...

– Бербейм... – деп өксүдү Сүйүмкан.

– Ыйлаба, энеси, – деди элтүзөр жубатып, – кызды бий байгеге сайып жатпаса, күңгө берип жатпаса... Өз кызындай урмат кылып, ордого килем токушка жиберет окшойт. Анын эмнесине ыйлайсың?

– Бербейм! Жаш! – деп ыйлады Сүйүмкан.

Хан ордого, чоң мансаптуу ордо кишилерине элбегилер элден сулуу кыз, сулуу жубан тартуулаганда «хан килемин токушка барат» деп тергеп сүйлөшүп, ушундай сыпаа түшүнүк менен жашырышчу. Сөздүн өзү түз айтылбаганы менен, мааниси элге белгилүү. Жүзүнө айнек кылып күндө жүз ирет жалбарып тиктеп отурган жалгыз кызына кандай укурук ташталып турганын билип, Сүйүмкан уясына жылан сойлоп келатканын көргөн боз чымчыктай чырылдады, аралжы түшсөңөрчү дегендей ар кимге жалооруп тиктеп ыйлады. Бир да бирөө баш көтөрбөдү, көздөрүн ала качышты. Сүйүмканды ушул ансайын коркутту.

Кундуз сууга кеткен экен. Эки челек суу ийиндеп кашаттан бери чыкты. Тыштагы катындар кыз эшиктин алдына келгенче элтейип тиктеп турушту. Ырас Кундуз балакатка жетип калган, эркекти тик багып карабай, мүнөзүнө сыпаалык, сылыктык кирип, токтоо тартып, керилип өскөн убагы. Көздөрү кирсиз, күнөөсүз, кара мөлдүр эле. Эки колундагы кош билериктери шыңгырашып, дилде сабактары күнгө чагылыша өзүнөн жука сары нур чачып челегиндеги таза суу үстүндө жылтылдап ойноп келатты. Кундуз суусун жерге коё сала үйдүн эшигиндеги топтошкон катындарды, балдарды таңыркап, мөлтүрөп тиктей берди.

– О багы жок... – деп бир катын шыпшынып, мурдун алып ыргытып, жашып кетти.

Аёо толгон, жубаткан, соороткон, ыйлаган жүздөр, көздөр Кундузду туш-туштан тиктеп шаштырды, сүрдөнттү. Улагада бетин басып ыйлап апасы отурат. Бул эмнеси? Үйдүн ичиндеги көздөр анын күнөөлүү жалтактап, коркуп тиктеди. Беш түтүн нойгуттун өлгөнүнөн калганы чогуу эле.

– Апа!.. – деди Кундуз, көздөрдөн корунуп, туш-тарабынан ырайымсыздар апасы экөбүн кармай турган өңдөнүп кыз апкаарыды, апасына ыктады. Сүйүмкан кызын бооруна басып, ого бетер өксөл ыйлады:

– Бербейм! Мени өлтүрүп салып бер! – деп ыйлады бейжайланып. – Кантип ажырайм тирүүмдө! Таш боорлор...

Аны эч ким соороткон да жок, талабын талашып кейиген да жок, баары селейди.

– Чара жок... – деди Сарыбайдын алсыз үнү, – соо калсын биртке тууган... – Ушуну айтты да Сарыбай бүк түшүп жатып калды.

Булардын аргасыз түрүн көрүп боору ачыды белем, бийдин элтүзөрү бийге эптеп бир жооп айтармын деп аттанмакчы болду. Катын-калач сүйүнүп, бир тооруган баледен аман калганына Кундуздун башына суу тегеретип чачышып калышты.

Элтүзөр кете элек эле, кечке жуук жасалгалап токулган жээрде кашка байтал коштоп, аны бир зайыпка жетелетип, жанына беш зөөкүр алып, Абил бийден Карачал келип түштү.

– Айтпадым беле бийдин буйругу катуу деп... Эми аттандырбасаң, ар болбос. Бир кыздын көз жашына карайбыз деп, шордуулар, баарыңар чабылбагыла. Кана болгула, иш ойлонуштан өттү! – деди элтүзөр баш чайкап.

Сүйүмкан ичкери ашканасына Кундузду киргизип, өзү эшигинин көзүнө отуруп алды. Эч кимди бет алдырбай, бүт калчылдап, баласына ким кол сунса аны тиши менен бырчалап, тырмагы менен тытып, алы жетпесе колуна өлүп бере турган болуп, бир буркурап ыйлап жиберип, бир кеңгирей түшө көз жашын тамшанып, жан кечип отурду. Катындар кемшеңдеп ыйлашты. Балдар таңыркашты. Эркектер көрбөйлү да, күйбөйлү дештиби, көздөн далдаа бирден тарап кетишти. Мадыл гана короонун ортосунда алсыз, чарасыз салбырап турду.

– Ой, аттандырбайсыңарбы кызды? – деди Карачал түшөөрү менен. – Болбой жүргөн иш беле бу! Эмне селейесиңер? Өлүмгө баратпаса кызыңар!

Эч ким унчуккан жок. Зоңкойгон Карачал камчысын сүйрөп туруп айбан жигиттерин жекирди:

– Турасыңарбы?! Алып чыккыла кызды! – деди.

– Болгула!

Килеңдеген жигиттер Сүйүмкандын эшигине каптап киришти. Сүйүмкан чаңырып, колдорго оролуп:

– Бербейм! Бербейм! Бербе-ейм!.. – деп ашкананын оозун бою менен калкалады. Эриндери титиреп, көздөрүнөн бирде жалыныч учту, бирде заар өч, кек күйдү. Ырайымсыз жигиттердин бири акырын ага жакындап, жубаткансып барып, шап кучактап калды. Сүйүмкан чырылдап жиберди да, тыбырап анын бетине тырмак салып асылып, колдорун тиштеп ээ бербеди. Чыдай албай тиги сөгүнүп түртүп жиберди. Сүйүмкан бетинен жыгылып түштү да, кайра атырылып туруп, ашкананын оозун тосту:

– Бербейм!.. Бербейм!.. – Чачтары саксайып, көйнөгү дал-дал айрылып турду. – Бербейм!..

Жини кычап ырайымсыз Карачал Сүйүмканды алаканы менен жаакка бир тартты. Сүйүмкан чимирилип жыгылды.

– Кагылайын, апаке!.. – деп ашканадан Кундуз жүгүрүп чыгып апасынын үстүнө түштү, титиреп ыйлап жалбарды. – Урбагыла, урбагыла, апамы, барайын, урбагыла, барайын!..

Кундузду тышка жетелеп чыгышты. Жорго байталды туура тартып турган коштоочу катын Кундузду колтуктан алып:

– Кой, кагылайын, ыйлаба... – деп алаксытты.

– Мен турам го... Хан килемине барбайсың, килем токуш сенин колуңдан келмек беле, барбайсың. А тиги бий акемин айлында той болуп жатпайбы, ошого барып кайтып келерсиң. Кана, мин байталга, садагасы... ошерге барып, килем токуй албайм десең коё беришет, сени килем токушту билет дешкен го. Мин, садагасы, кайра өзүм жеткизип коём. Коркпо...

– О, шорго жаралган бала... Көрөрүң ушул болсо көр... – деди бир катын көз жашын төгүп. – Кагылып кетейин ай...

Ичкертен Сүйүкандын буунуп кардыкканы, жандалбас кылып кармашканы угулуп турду. Эркектин сөгүнгөнү, былч-күп деп муш согулуп жатты.

– Урба дегиле! Барайын, мына аттанайын, урба дегиле! Кагылайын апакем ай!..

Кундуз ар кимди бир тиктеп жалбарды, солуктап ыйлады. Катындар аны ардемеге жубаткан болушуп, чачын оңдоп жиберишип, башын жоолук менен таңып көптөп атказа беришти. Кыздын атка минишин гана күтүп Сүйүмканды эптеп тутуп тургандар аны коё беришти. Ошол замат элирген жорго байталды коштоочу катын тизгиндеп тартып жөнөдү, зөөкүрлөрдүн бири кызды сүйөгөн бойдон жандап чапты.

Сүйүмкан кирилдеп бакырып, тышка сендеректеп чыкты да, топ атчандын ортосунда кылчак карап көз жашын соруп ыйлап алыстап бараткан кызын көрдүбү, көрбөдүбү, эки колун асманга көтөрүп, чыңырып чуркап бетинен кулачтап жыгылды, бүткөн бою өрттөнүп кеткендей тытынып кайра тура калды:

– Бербейм! Бербейм! – деп балбалактап, уңулдап асман тиктеди. – Кундуз! Кунду-уз... Ка-а-ач... Карышкыр келе жатыры каа-ач!.. – Өзү да алда нерседен корккондой төштү карай арбаңдап чуркап жөнөдү. – Ка-а-ач... У-у-у...

Көйнөгүнүн жакасы гана мойнунда калды, эки эмчеги салбаңдап баратты. Анын айбандыкына окшоп кеткен үнүнө коктулар толду...

Эртеси Насирдин бек аттанды.