кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Төртүнчү бөлүм

VI

Абил бий Мадылдын арызын айттырбай көрдү. Мадыл камчыга ууккан. Сары шишик бетине чыгып кетиптир. Көздөрү же жумуп турганы, же тиктеп турганы билинбей, эрди кымтылбай отурат.

– Ким? – деп сурады Абил бий.

Мадыл ызалыгын күрмөп жутуп, буулуп эриндерин кыбыратты:

Домбу...

Бул атты укканда Абил бийдин көзү сүзүлө түштү. Домбу хантагасы? Кандайдыр ою эки анжы, томсоруп калды.

– Баягы аттын күйүтүнөн... барсам...

Мадыл бүк түшүп, бийдин өңүрүнө тооп кылып, сөздүн ордуна буркурап ыйлады. Абил бий акырын акырегинен түртүп, аны өйдө болгузду да, өңүрүн тизесине басынып алды. Бийдин аяр көздөрү кылыйып, тереңден жылтылдап, анын ичи да ошондой алдастап жатты.

Беш түтүн бечаралардын абалы кимге дайын эмес?! Бири аңчы, бири керегечи, бири кырмачы. Сарыбайын бүркүтү тытып салды. Жакшыларга жандап, булардын талабын талашар ошонусу болучу.

Абил бий чөк түшкөн бойдон баш көтөрбөй бышактап отурган Мадылды да бир тиктеди. Кан жыттанган айрык бөз көйнөктөн тыртайган арык эки ийин дирт-дирт этип турду.

– Ким бар! – Абил бий тышка үн салды. Босогонун сыртында турган жигит кирип келип колун бооруна алды. Абил бий ичиндеги кымкуут оюна алаксый жигитти бирпас кадалып ойлуу тиктеди да:

– Жакын киши жолотпо. Уктуңбу? Өзүң да босогого турбай нары кет... – деди акырын.

– Куп, бек ага...

Абил бийдин кылыйган көздөрү Мадылдын кыржыйган далыларына, канга калдырап каткан бөз көйнөккө көчтү. Бирде азаптуу далылар, боз тумандын жылчыгынан чыга калгансып Домбу хантагасынын чычаланын учундай кызыл көздөрү, бирде канга каткан бөз көйнөк, бирде кыжырлуу түйүлгөн кесирлүү чеке улам алмашылып, Абил бийдин көз алдында түш болуп ойноду.

– Кутурган экен «хантагасы» деп койсо... – деди Абил бий, ушуну менен Домбуга болгон кыжырын чыгарды, бирпас отуруп, анан: – Эмне кылайын дейсиң эми, Мадылым?.. – деп, акырын сурап койду.

– Эмне кыла алам, айланайын эл агасы?!

– Алы жетпеген акыретчи.

Мадыл бул эки жактуу жоопко баамы жете бербей, Абил бийди жалт тиктеди. Абил бийдин көздөрү сыр тартып жылтырап, уурту жымыйып турган эле. Мадыл эчтеме биле албады. Абил бий сол колун акырын Мадылдын далысына койду. Шордуу далысына кут конгондой сезип, бүткөн бою жымырап кетти. Ал эреркеп, өксөп жиберди.

– Кандай кылам...

– Өчүңдү ал, Мадылым. Бул дүйнөдө алы жетпеген акыретке коюп көңүл сооротот. Ыя, акыретке дейре эмне бар эмне жок, колдон келсе, карыш жылдырбай акыңды, өчүңдү ушерде алып калганга не жетсин?

– Айланайын... айланайын... эл агасы... – деп энтикти, Мадыл жалдырады. – Өчүмдү алып бер, кудай жалгагыр! Кара башым тартуу. Кара мээнетим менен да болсо, жакшылыгыңызды аткарармын! Менден кайтпаса кудайдан кайтар.

– Өзүң аласың.

Мадыл таң калып, оозун ачып тиктеп калды. Абил бийдин иреңинде эч өзгөрүү жок эле.

– Мадылым, мүнүшкөр тууганыңдын колунан мынтык көргөндөй болдум беле?

– Бар... – деди Мадыл шашылып. – Бар, бүркүттүн кызыгы менен жүрүп, Сары акем мынтыгын көп урунган эмес. Жапжаңы бойдон турат!

Мылтыкка бий колко салып калды бейм? Ал эле болсо жарасы жеңил! Тура чуркап барып, апкелип беришке даяр болуп, Мадыл делбиреп турду.

– Мынтык атып көргөнсүңбү?

– Жок, мага пайдасы деле жок! Көңүлүңүздөн айлансын бир мынтык! Азыр апкелем, эл агасы!

Абил бий кабагын бүркөй тигинин колун кагып тынчтандырып сүйлөдү:

– Чындап ыйласа сокур көздөн жаш чыгат. Атып көрбөсөң, эми атып көрөсүң. Кулак сал. Ошол мынтыкты октоп алып, жолун тосуп жатасың...

Мадыл нес боло түштү:

– Кимдин?..

– Менден жакшы билесиң, – Абил бий Мадылдын көзүн тиктеди. – Чоочуба, жаман! Бүлөсө майга өтпөгөн кызыталак! Мен сени эркек деп айтып отурам, боорум ачыганынан айтып отурам! Уктуңбу, мынтыкты октоп алып жолун тосуп далдада жатасың...

Мадыл шалдырап отурду.

– Капилеттен мынтык тарс деп, алдындагы беги жалп этип аттан түшүп калса, өлүм кимди коркутпайт, артындагы жигиттери жайылып качып берет, алар кайра эсине келгенче изиңди суутуп кетпей сенде жан жокпу... Кулагыңа кеп кирдиби? Калганын мага кой. Бороон жүрсө да сага жел тийбейт. Катыныңа да айтпа, эч кимге көрүнбө. Уктуңбу? Калганын мага кой...

Мадыл эми түшүндү, сынап жатпасын дегендей Абил бийдин жүзүн мелтиреп тиктеди. Абил бий анын дилин окуп, акырын башын ийкеп койду.

– Ошент. Кайратың болсо, өчүңдү ушул дүйнөдө эле алып кал, Мадылым...

Мадыл обдулуп:

– Сайдым башымды... – деп, күбүрөп, тура баштады эле, Абил бий колун асте жаңсап кайра отургузуп койду. Абил бийдин кабагы чытылды. Мадылдын оюн окугусу келгендей мелтиреп тиктеди:

– Сага эң акыры айтарым: дан багарларга жакын жерден тоскондой бол. Уктуңбу?

Мадылдын акылы жетпеди. Абил бий томсоруп турган. Жүзүнө эч ырайым жок эле. Мадыл жалтанып кетти, көзүн ала качып жер тиктеп баш ийкеди.

– Сөз ушул. Данбагарларга жакын жерден гана тос! – деди Абил бий эскертип. Эмне үчүн экенин сен ойлонбо. Сен ойлоно турган иш эмес. Эй, сөз эки болбосун. Сени Домбу өлтүрсө, мен кууйм, мен өлтүрсөм ким кууйт? Ушуну билип кой. Жөнө эми.

– Кайыр... – Мадыл шашыла таазим кылып чыгып кетти.

Абил бий бет алдын теше тиктеп былк этпей, бейиттин башына отургузган калмактын буркан ташындай кубарды.

Мунун баарын Абил бий бечара айылга жан тартып иштеп отурат деп түшүнүп, Мадыл байкуш көңүлүнө канат байланып, төбөсү көккө жетип кетти. Бар болгону эле ушул беле?

Амир Музафар Кудаярды тагына кайра отургузганда Абил бий ушу Домбуну кошо ала барган болучу. Кудаяр-хан Абил бийге кошо муну да жылуу жүз менен тосуп, хантагасы атантып, салык жыйноочу амалдары кылып Абил бийге кошкон. Мына, Домбу күн өткөн сайын таршыды, хантагасы деген атагына көптү. Кез-кезде сөзүн этибар албай сыртын салып да кетет. Эрез талашат деген ушул! Бул биринчи түрткү. Домбу элге жек көрүндү. Ал мунусу менен ордону эл көзүнө жеңилтет. Бул экинчи түрткү. Ушундай жагдай үчүн бийдин ордодон алган жашырын жарлыгы бар. Кандай гана болбосун бийликтин оорчулугун жаап, ызгаарын актап кетишке ордо кам көргөн. Бирок, Абил бийге кандай мааниде жарлык берилген болсо, Домбу хантагасына да ошондой эле жарлык берилгени белгилүү. Озунган оодарат. Бул да Абил бийдин эсинде бар. Оодарышар мезгил келип калган сыяктуу. Элдин жону жукарып, арыз айтуулар, нары карап күңкүлдөп сөгүнүүлөр күндөн күнгө көбөйүп баратат. Бу үчүнчү түрткү. Мына ушуларды тегеретип ойлонуп, кыябы көздөн учуп отурган чагында Абил бийге Мадыл өзү келип бербедиби. Ар нерсенин артыкбаш чуру-чуусу жок бүткөнү жакшы. Буга Мадыл эң сонун жарак болучу.

Абил бий жеңилдене демин алды.

– Ким бар! – деп, тышты карап алаканын шак-шак койду.

Сырттан зайыбы кирди. Каракаш айым байын бир чаргып тиктеп алды да:

– Тиги бечара канга жуулуп кайдан жүрөт? Эмнеге келиптир? – деп сурады.

Абил бий көзүндөгү заарды зайыбынан да жашырып, көзүн сүзө үнүн муңайым чыгарып:

– А баягы Домбу кара өзгөй. Булардын жалгыз атын уурдатып алып, тааныса чала өлүк кылдырып сабатып коюптур, – деп койду.

– Кой деп коюң да, датка! Четинен сабай береби букараларыңызды...

Күлүп койду Абил бий:

– Хантагасы эмеспи?!

– Ал хантагасы болсо, Сиз эл агасысыз. Эл Сиздики.

Абил бий көзүн кылыйтып жумуп, ичтен тына башын ийкегилеп:

– Мындайдын жазасын кудай берет, мындайды кудай узатпайт... – деди акырын.

* * *

Күн аздап эригенсип кызылы булутка жайылып, чөгүп батып баратты. Тегирмен күү-күү. Айзаада батып бараткан күнгө сыртын салып, тизесине бетин коюп, күүлдөктү тыңшап, көөлүдөн көбүктөп чыгып жаткан сууну тиктеп отурду. Суу үстүндө чимирилген күмүш таза көбүктөр быжырап, күндүн кызгылт нуруна кубулуп, жылтылдап кетип жатты. Күү-күү, тынымсыз күү-күү... көөлү жактан салкын шапата жүзүн желпип турду. Тынымсыз күүлдөп, бир кунунда зымырап жүрүп турган, баш тегереткен тездиктин ичинде кошо бараткандай, эчтемени ойлой албай, ал тынч отурду.

Эшим көөлүдөн агып чыккан суунун нары бетине келип, муздак сууга колун салды да, шапшып ойноп, колун жууду, көңүлү ооп, көзүнүн кыйыгын жиберип, анан:

– Жеңе, эмне ойлонуп отурасың? – деп, тиштерин кашкайта ачып, күлгөн боло суу чачып койду. Айзаада ичиркенип, колун калкалана берди:

– Ий... ой, бала... Көйнөгүмү суу кыласың! – Жарк этип күлүп жиберди. – Менин ойдон арылган күнүм бар беле, бала? Билбегенсип сурап коёсуң да.

Эшим сөзгө такалып, унчуга албай калды, бирок эптеп эле сөз башталып калганына ичинен кубанды:

– Күлүп жүрүү, жеңе, сага абдан жарашат.

– Ошондой бекен? – Айзаада көзүн кылгыртып тиктеп, улутунуп койду. – Кай бирөө кара түндөй күң дешет ко?..

– Оозуна келгенин оттоптур. Ким айтса да. – Эшим ордунан тура калды, күн кызылын үмүттүү тиктеди, жаштык гүлдөп турган иреңи суз тартты. Күү-күү, тынымсыз күү-күү...

– Жүр, бала. Тегирменди карайбыз. Уксаң, таш такылдап калды, жеми азайып кетти окшойт.

Эшим бери секирип өттү да, унчукпай Айзааданын алдына басып тегирменге кирди. Экөбү чанакка барып эңкейип тиктешти. Эшим жемди биртике көбөйттү.

– Мынча койсом, жеңе унуң ирик болуп калат го дейм?

Айзаада эңкейип, унга колун тосуп колу агара түшкөндө, кармалап көрдү:

– Кичине тарта түш, бала. Кайран буудайды жарып-жарып эле баса бериптир деп, энең мени жыландай чагат, кокуй!

– Анда мына... Болобу?..

Болот го ушу...

Жана жемди көбөйткөндө бурдугуп жоошуй түшкөн таш кайра такылдап, тыякка ыргып кетчүдөй катуулап чимирилип, тажаал үн салды. Тозгок тегирмендин ичинде самсып учуп жүрдү. Айзаада чакылдакты тыңшап, чаңып түшүп жаткан унду, ал кандайча куралып дөбөлөнүп келатканын үнсүз тиктеди. Эшим эшиктин оозу ченде тирелген капка сүйөнүп, кишинин оюн башка дүйнөдөн бөлүп ала качкан күүлдөктүн арасында калып турду. Тегирмен ичи улам караңгы боло берди. Эшимдин кыр муруну кымтылуу эриндери эшиктен кирген шоолага биртике жарык болуп, сызыктары көрүнүп турду. Көз байланган сайын тегирмендин күүлдөгөнү күчөгөнсүп, аны кучагына бек ороп, жалгыздатып баратты.

– От жагалыбы, жеңе?

Айзаада караңгылыктан суурулуп туруп келип:

– Эмне дейсиң, бала? – деп сурады.

– От жагалыбы дейм.

– А... Мейли...

Шаатыт дүңкүйүп турду. Түбүндө жылтылдап от күйүп жатты. Оттун боюндагы кишилердин көлөкөлөрү бирде түшкө кирчүдөй коркунучтуу болуп узарып, калтырап, кайта жалп этип жок боло түшөт. Оттун алсыз жарыгы тунжуратып баскан караңгылыкты кууп, тыттын тартайган шактарына жабышып, ового акчыл шоола чачып үлпүлдөп... Алда кайдан ит үрүп, тегирменден түшкөн суунун этеги жактан бака чардап жатты. Тегирмен күү-күү, бир кунунда күү-күү... Айзаада тегирмендин босогосуна сүйөнүп, тиги Эшимдин карааны караңгылыктан суурулуп отту карай көлөкөсүн сүйрөп басып баратканын, оттун жанына барып сүйлөшкөндөй күймөнүп, эңкейип, жок боло түшүп, оттон чычала алып, жалтылдатып бери чуркаганын көрүп турду.

Эшим жүгүргөн бойдон келди:

– Мына, жеңе?.. Куурай барбы? Жокпу? – деп кубанып шакшак сүйлөдү.

– Муну ичкери алып кире бер, жеңе.

Айзаада чычаланы алып ичкери кирди, кандайдыр бирдеме тегирмендин төрүндө аны аңдып тургансып кайра чыга качты. Эшим барпаста бир колтук куурай алып караңгылыктан чыга келди:

– Эмне кирбей турасың, жеңе?

– Коркуп... – деп күлүп койду Айзаада.

– Эмнеден коркосуң? Жүр...

Таш дирилдеп, бир кунунда такылдап жүрүп жатты. Таман титиреп, көөлүнүн суусу шау-шау деп, туңгуюктан, алда кайдан угулгандай. Кичинекей от бүлбүлдөп таштын атарабын араң жарык кылат. Айзаада куурайдан анда-санда биртике таштап тутантып отурду. Ал Эшимдин байымын басууда, ойлонгонсуп жер карап отурганы менен, кулагы да, ою да ошол жакта. Эшим көзүн коюлтуп тиктеп, бирдеме айтчудай болуп, бирок тартынгансып, ойго баткансып отурду. Айзааданын жүрөгү дикилдеп чоочулады... Башы кеңгирегенсип, оюн жыйнактай албагансып, ичи кымкуут боло баштады, ал кежигеси ысыгансып Эшимдин өзүн тиктеп отурганын сезип, ан сайын дүрүлдөгөнсүп кетти.

– Жеңе, үшүп калба, сумбула быйыл эрте тубабы, күн жакшы эле салкындап баратат... – Эшим камзолун чечип үстүнө жаба берди. – Жамынып отурчу...

– Кой, кой, бала... Өзүң үшүбөйсүңбү? – деди Айзаада, анткен менен, ал камзолду нары түртө албай койду, эскирген камзолдон эркектин жыты буркурап, келиндин көңүлүн аздырып жибергендей. Эшим жанына баса келип отурду. Айзаада чоочуп кетти:

– Бала... нарыраак... – деди ал күңкүлдөп, жалыныч түр, мундуу жылмайып. – Бирөө көрсө эмне дейт?

Бирөө көрсө эмне дейт? Бул сөздөн Эшим кагуу эмес, сыпалык үчүн айтылган эптеп бир жоопту, ширин назды көрдү. Анын жүрөгү ушундай болжоп, көңүлү ысып:

– Көрсө жеңемсиң, да! – деп тамашага саптырып, белинен тартып койду.

Айзаада каршылык кыла алган жок:

– Ошентсе да... – Үнү араң угулду, ал эрип, тартылып кетти. Бирин бири акмалап, биринин жүрөгүн бири тыңшап, унчукпай отуруп калышты. От өчүп үлпүлдөп баратты. Ошол учурда тыштан бирдеме шырт дегендей болуп, Айзаада тура кала эшикке умтулду. Эшим аркасынан чыкты. Эч ким жок. Түн мемиреп турган эле.

– Ким келмек эле... – деди Эшим, Айзаада унчуккан жок, арыктын жээгине тапталган сары чөпкө отурду. Эшим чапанды ага жапты да, өзү жанына чалкасынан жатып, каалгып бараткан толук айды тиктеди. Күү-күү... шау-шау... пара бир кунунда айланып, суу бышылып ак көбүк чертип, төмөндөй көбүгү тараган кара суунун бетинде тоголок баштуу ак жылан болуп ийреңдеп, калтылдап ай жатты. Айзаада ошону тиктеп, кымкуут оюн жыйнактай албай өзүнөн өзү таң болуп отурду.

– Жеңе, – деди Эшим толгонуп, – жомок билесиңби?..

– Ыя?.. – деди Айзаада оюн бөлүп.

– Сүйлөп отурбайсыңбы дейм...

– И... Эмнени сүйлөйүн?..

– Эптеп бирдемени...

– Менде кайсы сөз болсун... Эркексиң го, өзүң бирдеме...

– Менби?.. – Эшим ойго батты. – Гм. Мен эмнени...

Ай толукшуп, жолун тоскон чарым булуттарды тепчип баратты. Эшимдин жүрөгү алда кандай самоого, сагынычка толуп, айдын булуттан чыгар жолун тиктеп жатты. Айзаада алакандары менен бетин басып үңкүйүп отурду, ал Эшимди алаксыткысы келди, Эшимдин көңүлү оогон жактан качып, кантсе да баамдабаган болуп, ал тараптан андай үмүттөнгөндү эч күтпөгөн болуп өткөрүп койгусу келди.

– Йе бала... – деди Айзаада көңүлү көтөрүлгөнсүп шыңк этип. – Ушул жарыкта ак чөлмөк ойносо...

– Көрүнүп калат.

– Ошо көрүнгөнү жакшы да. Бат таап алып... талашып... күйүгүп чуркап... О у-у... ал кезде беш көкүл элек...

– Азыр деле беш көкүл кыздайсың, жеңе...

– Шылдың кыласың да.

– Мага ошондой көрүнүп жатасың го...

– Куусуң... – Айзаада чапанга кымтынып, ойлонгонсуп унчукпай калып, анан чапандын арасынан сагыныч, өкүнүч толгон үн менен акырын сүйлөдү. – Ал мезгил өмүрдүн жазы экен, көрсө. Алдыңда жалгыз гана жакшылык жайнап тосуп тургандай мезгил... Оюн, күлкү, татты үмүт... Жарыктык дүйнөдө булардан башка да, ажырашуу, азап, суук тил, ал кетүү, өлүм дегендер бардыгы түшүңө кирбеген мезгил.

Айзааданын үнү Эшимди ойго батырды. Анын көз алдына үкү тагып кундуз тебетей кийген сулуу кыз, жалаң акчыл тартып макдыраган жаздын коңур түнү, чарчоо билбей, уйку билбей шатырап ойноп жүргөн кыздар, жаш жубандар, уландар келди. Ак чөлмөк талашып, каткырып күлүп, каны бетине чыгып күйүгүп чуркап, жаштыгын жерге батыра уландар менен кармашып, мемиреген бактылуу түндү жылмайтып аны жүрөгүнүн алабына жылытып кайнап жүргөн сулуу кыз... Эшим көзүн ачып, азыр жанында ошол сулуу кыз жаштыгын колунан түшүрүп алып, эски камзолун жамынып, үңкүйүп отурганын көрүп негедир көңүлү чөгүңкү тартып кетти. Айзаада үңкүйүп отурду, ал дагы баягы сары зил кылган муңуна чөгүп отурду.

– Жеңе, сен ак чөлмөктү жакшы көрөт турбайсыңбы, мен топу бекитмейди жактырам көбүнчө, – деди Эшим аны сары зил ойдон тартмакка.

– Балакет экенсиң... Жаман оюн эмес, – деди Айзаада баш көтөрүп, – кээ бир адепсиз жигиттер топуну издеген болуп койнуңа колун салып жибергени болбосо...

– Оюндун тузу ошол жеринде да!

Айзаада макул болгонсуп күлүп койду. Алар көпкө унчугушпай калышты. Түн бара-бара салкын тартып, чөптөр нымдалыша баштады. Күү-күү, шау-шау, пара бир кунунда тынымсыз жүгүрүп жатты. Ай кыйгач кетип, суу үстүндөгү ак жыландай ийреңдеп жаткан шоолаа өчүп, суу каралжындап агымы көзгө илешпей шырп-шырп эткен гана шабырт угулуп калды.

– Бала, бооруңа сыз өтүп кетпедиби... – Ме, чапаныңы өзүң жамын мен тегирменге кирип отурайын.

– Жо... Жамынып отура бер, жеңе.

Айзаада:

– Ичиңде отуң бар экен да!... – деп шыңкылдап күлүп, камзолдун бир өңүрүн Эшимдин көкүрөгүнө тартып кымтыды. Эшим өйдөрөөк боло, жүрөгү ысып, эрксизден колун анын койнуна жиберди, колу колуна урунду. Айзаада дирт эте колун тарта берди эле, ал бек кармап калды. Айзааданын жүрөгү калтырап, бирок колун силкип ала албады, жигиттин оор колунда жаштык илеби, көңүл оту, ошол от дүр этип анын жүрөгүнө чейин жылуулук кетирип жымыратып баратты. Эшим жеңе деп, аптыгып келип, капшыра кучактап жалыны бар оозу менен аймалап өпкүлөдү. Эркек сагынган келиндин денеси чымырап, аз кыңкыстап көөшүгөнсүп, эркектин салмагы далысын кычыратып, эркектин сыйкыр кучагы жан жыргалын сездирип, эркектин тер жыты аны мас кылып жиберди...

– Бала ай... Кагылып кетейин ай... – Айзаада эркектин кол талыткан оор денесин сыга кучактап, титиреп тер кургаган мойнунан кумарлана жыттап алды. Ошол замат өзүн өзү коруу сезими, тартынуу сезими келе калып, өзүн кордоп жаткандын үстүнөн чыккандай дирт этип, Эшимди оодара тартып алдынан тура качты. Эшим кайра асыла кошо турду...

– Нары!

Эшим шалдая түштү. Айзаада отура калып бетин басып шолоктоп ыйлап жиберди. Же соороторун билбей, же өз ызасына таштап басып кете албай Эшим нестейди. Айзаада бат соолуга түштү да, өйдө болуп жерде жаткан жоолугун алып, көзүн сүртүп, салынды:

– Жаман жигит экенсиң, бала... – деп айдын жарыгында кашкайып күлдү. Эшим бир таң болду, бир уялды, күлөйүн деди, күлкүсү окшобой койду.

– Кишини мал катары көрөт турбайсыңбы... – деди Айзаада.

Эшим катуу уят болду. Күү-күү, шау-шау, пара бир кунунда тынымсыз. Ай кыйгач кетип, суу үстүндөгү ак жыландай ийреңдеп, калтылдап жаткан шоола өчүп, каралжын агым көзгө анча илешпей шыр-шыр эткен шарпа гана күү-күүгө кошулуп сиңип кетип жатты...

* * *

Үйдүн эшиги түрүлүү, айыл ичинде саяк жүргөн майда мал баш салбасын деп эргенчеги тартылып коюлган. Те төмөн сайда бир кунунда шырпылдап жай агып жаткан чоң суудан нары кыйыры үлбүрөгөн кенен түз көк өзөн көз алдыда.

Каныш үйдө жалгыз, жаздык коюлган төшөгүндө, башы таңылуу, ээгин эки тизесине сүйөп, көзү ачыла жумула илдиреп, өз алы, өз санаасы менен өзү.

Баягы чоң мааракеден келер замат Бекназар ат жиберип «кыл тамырчы» делген табыпты алдырып көрсөткөн. «А кокуй, – деди акырын кыл тамырчы, – бирдемеден чоочуп боюнан түшүрүп алган турбайбы?!» «А кокуй, – деди дагы табып, – баланын уясы сескенип калыптыр, желкабыш дейт муну...» Көзү чекирейип калды Бекназар. «Кудайдан тилейбиз, – деп жубатты табып, – айыкпас дарт болбойт, дабасы табылса...» «Суу иче турсунчу, – деп аттанып кетти, – буга үйдө бирдеме бар бекен...»

«Эй, – деди Бекназар, өтө камтама, – каяктан чоочуп алгансың? ... ээн жүрбөсөң, түнгө калбасаң...» «Болору болду» дегенчелик башын ийкеди Каныш:

«... эр чабышка түшкөнүңүздө... тула боюм чымырап, жүрөгүм опкоолжуп...»

«О-ой, ошо тобокелдин ишинен да коркобу киши?!» «... сизге карай атырылып чыккан жан алгыч көрүндү көзүмө... Төбө чачым дүр-р этип... кан сийип ийгенимди билбей...»

«Кайдагы жан алгыч?! – деп, кабагы үйрүлө түктөйдү Бекназар, ошо кутурган бир көпөктү жан алгыч деп...»

... Тигине... топураган көп атчан... айкай сала каптап кирди туш-туштан... кара дарак чоң кыштак... тынч эле, бейпил эле бөөдө шоокум чыкпаган... Чуу түштү кыштак эли, балдар ыйлап... баш каңгып, көз карайлап... жыгылды көбү өмгөгүнөн аттардын, кыйылды көбү кылычынан чапчаңдын ... Кай бирөө кайрат кылып, жөө туруп атчанга атырылып, колунда жарагы жок, кылыччанга келтек алып качырып... жан алгычка маңдайлашып...

... Мына... апасы Зейнептин... бирөө менен кармашканбы, колу кан... дал-далы чыккан үстүндөгү көйнөктүн... «Зейнеп, Зейнеп...» деди күбүрөп, тула бою титиреп... өз дени менен далдалап, там айлантып аргалап... алып качты бир жакка... жалгыз кудай оозунда, жалтаң карап... тажаалыбы жан алгычтын, өзү обдулат аттан мурун... кара куштай качат урган, арттан чыкты бир караан... эми кантип сактанат, эми кантип аман калат кайран жан... кекилик болуп эне байкуш, жашырды жалгыз кызын жал камышка... жан алгычты алаксытып, көрүнүп, өзү качты башка жакка...

... Ана... жан алгычы жетти арттан... кара канат, кара атчан... албарс кылыч жалт этти, жалп этти бей күнөө жан... алкынган ат үстүнөн каргып өттү...

Баш көтөрө албай жаздыктан, көз жашы эки жаагына сарыгып жатып, өпкө кагып, араң оозунан чыгарды Каныш:

– «Ошо жан алгыч... эми сизге жулунуп келеайтса, кантейин...»

Ойлонуп калды Бекназар. «Ошол бекен?.. – деп, ага ынаган түрдө башын ийкеди. – Кудай ургандын заары бар эле көзүндө...» «Эми, коркпо, – деди, – ага да кетер күн келген экен кетти го, кудай алдында жооп берет ко эми өзү?! – деп, Каныштын эки көзүнүн кычыгына эки тамчы суу мончок болуп турган көз жашын ултаңдай катуу алакандап акырын аарчып, эңилип жүзүнөн асте сүйүп койду – Эми коркпо...»

«Мен барда...» дегенин болжоду зирек Каныш. «Сен эсен бол, баатырым... Эрим да, эр көкүрөк элим да бир өзүңсүң...» – деген ыраазылык дилине келип, баатырынын букта мойнуна алсыз колун артып, тымызын эреркеп алды.

Мына, күз эле жаз болду, чөп кайнатып берип табып канын токтоткон, бирок иреңи кара чүйкөлөнүп, күндөн күнгө арыктап, илең-салаң, өйдө боло албай жүргөн убагы.

Каныш:

– Мен эми тириликке жарай албай калдым...

Тиктеп калды Бекназар, колун акырын кармап, сылап, акырын күбүрөп:

– Кой, бошошпо, – деди, бир жагынан жан оору, бир жагынан ар түркүн кыжалат санаа кыйнап жаткан зайыбын жубатты. – Бу оору да чабыш, чымырканыш, жалтанбай чабышмак абзел.

– Оокат кылып бере албасам, жакаңарды агартып тура албасам, не бери болбой, не нары болбой... Ыя?! Бир түзү ийги ургаачы болсо... никелеп үйгө киргизип алсак окшойт...

Ормоюп тиктеп калды Бекназар:

– Кой, – деди акырын, – андайды ойлонбо, өз жаныңы бекем тиште, Канышым...

– Ыя? ... – деп кеп улады чын көңүлүндө Каныш. – Сынакы келин... ушу Айзаада ылайык болуп турат ко...

Шыпшынып, башын чайкап, кең өргөө ичинде бир карбаластап басып, Каныштын жүзүнө кайра үңүлүп:

– Кой дедим го?! – деп кейиди Бекназар. – Ой, «ээрчитип жүрүп баламды өлтүрүп бердиң» деп жүргөн тууган эмне дейт?! Кой, кеп кылба муну, кеп угулуп калат...

Каныш өзүнчө жүйө айтмакчыбы, оозун жасай баштаганда, Бекназар бала эркелеткендей күлүмсүрөп, анын оозун алакан менен жаап калды:

– Ооз ачпачы, Канышым... Мен бирөөгө нике кыйсам, иреге жаткырып күң кыла алабызбы, аны никелүү зайып катары өз сыйы менен күтүшүбүз керек ко. Көрүп ичтен сыздап, ооруң оорлоп кетет, Канышым... эки өлөсүң...

Кокусунан кыргындан тирүү калган Зейнеп ушул. Тынат десе тынбай, токтойт десе токтобой койгон соң тоолуктардан кошун түшүп, ордонун таламайчыларынын алдын тосуп, нары сүргөн эле го. Бир камыштуу көмүскө сайга үйрүлүп калган качкындарды «жаңжал бир жаңсыл болгунча» деп, бир аймакка бөлүп алганда ал кезде жигит агасы Бекназар жигитбашыга бөлүнгөн топтун ичинде Зейнеп кошо келген. Жаш кез эмеспи, көз түшүп көңүл жарашып, акыры Бекназар кадимкидей кыз тоюн өткөрүп, баш кошкон. Кыздын эч бир кыздан кем болбогон сырт көркү, ич дүйнөсү көңүлүнө толуп, аны эркелетип «Канышым» деп, көңүлүн өстүргөн. Тышта «өзү келип тийген» делген келиндин өз атын эч ким бейлебей, а келин өзү да «жо, менин атым башка» дебей «Каныш» атыгып кала берген. Эрдин кадыры, карамы аны төркүндүү келиндерден кем кылган жок. Үй тиричилигине, казан башына эле калтырбай ылайыгына жараша мейманчылыкка, не бир жалпы журтту дүүлүктүргөн маареке болуп калса сулуу деп сур жоргого күмүш жабдык салдырып мингизип, үзөңгү кагыштыра кошо ала жүргөн. Бу түгүл аскер өнөрүнө баатырдын колунда башыгып жүргөн өспүрүмдөрдүн ичинен жигитче кийинген кыз түспөлүн көргөндөр көп болгон. Демекчи, «эрке катын», «эркек катын» делинип кетиши бекеринен эмес эле.

Көк өзөн бою, бийик тектирге курулган калыңдыгы эки кез, бийиктиги алты кез, ичине тегеретип ат чаап жигит ойнун өткөрө бере турган кең коргон. Бир жагы кызыл чап адыр, бир жагы бийлик кызыл кур, курду жалмап бир кунунда чарчаңкы жай шаулдап өзөн суу агып, не те адыр жактан ным түшөбү, не жанаша өзөн суудан сарыгып толобу, өйүз-бүйүзү тегиз көрүнгөн көк мөлтүр көл жатат.

Үйүнөн «балдарга барайынчы» деп чыккан. Чын эле ашыгып жаткандар алды он алты, арты он экидеги, эсеби эки онбашы, бир өңчөй өспүрүмдөр. Башчы Эшим.

Балдар элтейип турушат. «Бүгүн не оюн болор экен» деген кыязы. Төрт-беш жашынан ат жалына тырмышкан элдин балдары атка миниш, чабыш, жерден бирдемени эңип ала коюш, ат үстүндө чапчылашып калыш дегенге кыйналбайт, атка байланышкан ар кандай ыкка бат үйрөнөт. Булар көздөгөн ак – кылыч, мылтык, найза ыгы. Ар бири өз оокатын өзү даярдап ичмей. Буга да үйрөтөт, буга да көнүгүш ылазын. Не жортуул, не үркүн, тай казан азып чогулуп отуруш жок, кимге ким күймөк? Өзүңө өзүң тың болмогуң эп.

Бекназар мурутунан жымыя, балдарды сыдырып тиктеп, ичинен эки жаңы бала турганын көрдү да, бир элөвүрөгүн сөөмөйү менен чакырып алды, эңилип көзүн тиктеп:

– И? Не үчүн келгениңи билесиңби биерге? – деп, сурап койду акырын.

Бала чыйрак.

– Атам айткан.

– И, кана, «чабышты» баштай берелиби?

Башын ийкеп койду бала.

– И, сак бол!

Көз ирмемде бала жаагына ултаңдай катуу алакан сыйпай тийгенден буралып оңолду.

Бекназар:

– Жалтанба! Жумба! Жумба!

Эки жолу көмөлөнүп кетти бала.

– Тур!

Үнү зиркилдеп, эрини чормоюп, саргыч көк көзү тереден өрттөнүп, атүгүл астейдил кыжыры кайнап, алдындагы жаңы үйрөнчүккө эңилип турду:

– Тур!

Бала акырын тура келди, кол кайра шилтенгенде башын ала качып, чала тийип, жыгыла жаздап оңолду, мелтейип, өчөшкөнсүп калды. И, түзүк ко?!

– Эй, – деди Бекназар, – шапалак эмес, келет күн, кылыч шилтенет. Жалтанба! Жумба! Жалтансаң, көзүңдү жумуп жиберсең, а душман сени аябайт, өзү каалаганындай чабат. Тең бөлүнөт башың, мойнуңдан кыйылып түшөт! Уктуңбу?

Бала түлөгөн жаагы аны сайын кызарып, иреңине кан жүгүрүп, кабагын үйрө мелтейип, башын ийкеп койду.

А түзүк, бөрүсү ойгоно баштады?! Бекназар:

– Көздү жумбай, кылыч каякка шилтенсе, кылыч менен алдын тос, ыгы келе калса, өзүң да шилтеп кал. Буйта! Шилте!

Капылдан эки шилтеди Бекназар, эки жолу тең бала култ деп тийгизбей кетти. А-а, жан керек турбайбы?!

Бекназар:

– Шилтейм, сен ушинтип кутул да, кылычың менен чап!

Шилтеди Бекназар, бала дагы култ деп кетти да, баатырлыгы үйүндө жомок болгон авасын чаба албай, жыгач кылычын таптаган бойдон токтоло калды.

– Чап! – деп чаңырды Бекназар. – Чап, аяба!

Заар үндөн дирт эте шилтеп калды бала, а авасы килейген тула боюн илбирстей булак эттире ала качып, кайра качырып басты:

– Чап! Чап!

Бала «кылычын» удаама-удаа шилтеди, бир да жолу чырпыта албай мустарап боло калды, шилтенген алаканды тосуп кала албай аласалып жыгылып, көзүн басып, бышылдап ыйлап жиберди.

– И?! – деди Бекназар аны чыканагынан көтөрө тургузуп, чаң болгон кийимин кагып. – Сен торпок эле кубалап уруп жүргөнсүң да?! Сага оңой алдырбай турган бир кашкөй бет келет, ыя, ушинтип көмкөрөңдөн түшүп, жатып бересиңби? Боору ачып кетеби, сага?! Баш-шыңды кесип таштайт! Жо, сен тур ордуңдан, кайраттан, сени да эне тууган. Тике кара көзүн! Кайда шилтегени турат – болжо, кайда булт эткени турат – болжо. Буйта! Шилте оозунуп! Өлтүрсөң – өлүмдөн өзүң каласың...

Баланы ээгинен өйдө акырын-акырын кагып эркелетип койду. – ... мына ошентип өз кара башыңды сайып, өзүңү, өз үйүңү, өз элиңи коргойсуң – сен баатырсың, үкем... а буга жарабасаң адамдын кемисиң, ар кимдин жемисиң... – деп, балдар жакка кыжырлана итерип койду. «Калсын эсинде!» деди Бекназар өзүнчө.

Кана... – деди Бекназар онбашыларга, бу «баштагыла» деген буйругу. Он башылар балдарды эки жаат кылып, «кылыч чабыштан» башташты. Эки жагын тең көздөн өткөрүп, кээ балдардын бырылдап ыйлап калганына жини кычап, кыйкырып тура калып, кээ балдардын өчүгө таймашып, бирин бири чалып урганын сүрөп, күлүп, кээлерин кайра кармаштырып, кийлигишип, тескеп турду Бекназар.

Бу «башыгуу» бул элде илгертен, кайсы атасы, кайзаманы эсинде калса «ошондон бери» делинип айтыла келет. Өтө катаал.

Балдардын аталары: «... башыктырып ал, эти сеники, сөөгү меники...» деп апкелишет, «бер» дешпейт, «ал» дешет. «Түзүк болсо ана, баатырдын жанында жоого жарар азамат, а түзүк болбосо мына, эң куру дегенде өз очогуна кожоюн, өз малына эге...» деген мудаты турат.

Эр көкүрөк балдар, ырас, сүйүнүп келишет, бирок катаал мамиле, катыран талап, чыдай албаган демзардеси жоктор бырылдап ыйлап жүдөп кетишет, көк мелтейлер бышыгып, өз жашынан мурда эр жетип, эчтемеден жалтанбаган, эч кимден тартынбаган тик көз жаран катарына кошулат.

«Бирөө башыкса да бышык болсун» – дейт Бекназар.

Кийинки Узун-Агач, Ташкен түбүндөгү бетме-бет келишүүдөн соң эл ичиндеги мындай башыгууларга мылтык өтө зарыл экени билинген. Мындан кабары барлар өспүрүмүн апкелгенде устадан жаңы чыккан милтелүү кара мылтыгын ала келише баштаган. Бирок, али арбын боло элек. Шыйрагын жерге таяп, шашпай мээлеп атса бу алыска жаздымсыз тийет, көөнө замандан бери бу кырдан тиги кырдагы тоо текени жыгып сыналган мылтык. Бирок, урушта ыкшоо» деп өкүнөт бат атар мылтыктын чаңырыгы али өчө элек Бекназар. Кылыч чабыш, найза уруш, жаа тартыш ыгына кошумча бута атыш – «жатып атмай», «тике атмай», «жүгүрүп атмай», «ат үстүндө атмай», эң кыйыны «шабырт чыккан үн чыккан жакты тең болжоп атмай» бышыгуунун эң зарылы эсептелип калган.

Ушинтип, башыгуу көп да даршан кылынбай, үзүлүп да калбай эрте жаздан кеч күздүн бою кыроо убагына дейре акырындап жүргүзүлө берилет. Бир жылда саны канча болгонун эч ким эсептебейт.

Бу элетте жылдын төрт мезгилинде ар бир эр жеткен баласынан эңкейген карысына дейре экиден жарамдуу аты, тапкан куралы, күлазыгы – курут, чабаты, жылкынын бышкан этин майда туурап, как кургатып сокулап алган эт талкан мерчемдүү бир убакытка жетерлик камдалуу болот. Суу кайната коё турган жез абтаба , бир кишилик жанказан, жанаяк таза бойдон куржунуңда турат, Жортуул, не үркүн күн башка түшсө «аттан» деген кыйкырык чыкса түгөл атка минмей, «көч» десе дүрбөп көчө бермей бул элдин байыртадан көнүмүшү, тагдыры...

Өз убагында «...бул элдин эң тынчы жогу, урушка камдуусу да, жарамдуусу да ушул кыргыз кыпчак жааты...» деп, ориенталисттердин алдын ала эскерткен билдирүүлөрү бекер жерден чыкпаган.

* * *

– Уктуңарбы, хантагасы Домбуну атып кетиптир го?

– Ким, кокуй?

– Ким экенин эч ким билбейт. Колго түшүп калган экен, Домбунун бир тууганы Тултемир өлөсө кылып сабатып, атка сүйрөтүп, Абил бийдин эшигине алпарган имиш дейт.

– Эй... Эй... – деди ал жанталпас кылып, бир убакта колу-бутундагы кыл чылбырды үзө тургансып, күч үрөп чиренип. – Сен кимсиң? Ыя?..

Көзүн ачты. Эки көзү кыпкызыл. Оозунан ысык дем чыгып акактап, эки жагын каранды:

– Суу... – деди ал. Эч ким суу берген жок. Улам жаңы келген киши карап өтүп жаткан эле. Азыр үстүнөн карап өткөн киши те алыстан, көк асмандан, көк чарым булуттардын арасынан башбагып тургандай, таанылбай, өтө алыстан көрүндү анын көзүнө.

Жаңы келген кишилер күбүңдөшүп калышты:

– Ой, бу... Бекназар баатырдын тууганы Кулкиши турбайбы?

– Ошол экен. Булардын кандай кастыгы бар эле Домбуда?.. Кулкиши тайын жетелеп оттотуп, кыштоонун үстү жагындагы адыр түбүндө, кара жолго жакын жерде жүргөн эле ошол күнү. Кара жол жактан тарс деп мылтык атылат да, кимдир бирөөлөр чур-р этип, кыйкырык чыгып, эки жакка дүпүрөтө ат чаап чаңып калганын көрөт. Не болсо да, чырдуу иш болуп жатканын сезип, көбүнчө тайын көздөн далдалап, камыштуу колотко бой жашырып жөнөйт. Ошондо артынан «Токто-о!» деп бирөө кыйкырып, адыраңдатып чаап жетип келет. «Кайда качып баратасың, энеңди урайын!» – дейт кубалап келген ат салып. «Ой!.. Жигит, ой, көзүңө кара, өмгөктөтпө, ой!..» – деп корунат Кулкиши. Андан наркысы кымкуут. Артынан дагы эки атчан адыраңдатып чаап келишип, а-бу дегенге келишпей, ыраса тепкилешип, атка бөктөрүп жүрүп беришет. Кулкиши Абил бийдин эшигине келгенде бир эсин жыят.

– Ой, хан тагасына кол көтөргөн сенсиңби, Кулкиши? – деп, астейдил таң калып сурады Абил бий. Кулкиши Абил бийди көрүп, адилдикти көргөндөй эреркеп, бир чети актыгына күйүп:

– Энесин урдум ошо Домбунун! Бир өлмөктөн эки өлсүн. Менин ишим эмне?! – деп сөгүндү. Абил бийдин жанында турган Тултемир сабына коргошун уюткан камчы менен башка эки-үч тартып жиберди. Кулкиши атырылып этегине асылды. Камчы дагы шыбап тийди. Ал эсинен танып кетти.

– Сени атты деп жатышат го. Өз көзүбүз менен көрдүк дешип атат го. Чыныңды айтчы, Кулкиши, кудай алдында! – деп сурап турган экен Абил бий Кулкиши экинчи эсине келгенде. Бу сапар Кулкиши бийди да жек көрүп:

– Баягы сенин ашыңда эр чабыштын байгесинен тийип калган тайды жашаңга откозуп жүргөн элем... Ыя, бий, ушу мени адам өлтүрөт дегенге ишенесиңби? – деп сурады. «Сенин ашың!» Тирисинде элге билинбеген момун «Жаманкул» аты өлгөндөн кийин эсте жүрмөкпү, аш «Абилдин ашы» аталып кала берген. Не дейт эми буга?! «Атаны... өзү теңелбесе жамандын сөзү теңелет деген ушубу?..» – деп айласыз токтоло калды Абил бий. Кулкиши жаш аралаш калчылдап кетти:

– Ыя? Ушу эртең бошонуп кетсем, сени да атып салам. Ушуга ишенесиңби, ой, Абил бий?!

Тултемир сабына коргошун уюткан камчысын дагы көтөрүп калды эле, Абил бий кайрылып басып баратып:

– Болду. Көп урба эми. Сурап ала турганы бар мунун дагы... – деп тыйып кетти. Бекназарга киши чаптырды.

Ошондон бери түш жарым убак өттү. Бекназардан кабар жок. Келтектин уусу денесине жайылып, улам эти карарып ичи көөп, Кулкиши эсинен танып жатты.

Абил бийдин өргөсү күү-күү. Бекназар кечиккен сайын Тултемир кычайт. Ал карылардын жүйө сөзүнө конок бербей:

– Биз дагы элбиз! Дан багарлардыбы? Чабабыз биз дагы! Эр өлтүрүш кандай экенин көрсөтөбүз биз дагы! – деп чарылдап жатты.

Баарынын кулактары делдейип, өлүп гана көрбөгөн, башка мүшкүлдүн баарын көргөн карылар да ачык сөзгө өтө алышпайт. Чеки дешке тигинтип Домбу өлүп олтурат, аткан жеринен кармап келдик дешип, минтип Кулкишини төрт казыкка керип коюп отурушат. Бир гана дан багарлар өзүлөрү эмне дешет, алардын тыңы Бекназар жанкечти эмне дейт буга, жообу кайсы болот?

– Асте, баатыр, – деди Абил бий акырын, – ушул Кулкиши атканына ишене албай турам, бир аз...

Тултемир карөзгөйлөндү:

– Ишене албай? Мен ишенем! Муну Бекназар тукурду. Бекназар аттырды...

Абил бий бүшүркөп, ортозаар болгонсуп, тигинин сөзүнүн да теги барын моюнга алгансып, жумшарып отуруп сүйлөдү:

– Көз менен көрбөгөн соң, Тултемир, паланча ушундай кылды деп кесе айтып баарын көрүп турган кудай алдында күнөөгө кириптер болобузбу? Болор иш болуп, боёгуна канып турат, эмне пайда шашылганда эми? Шашылбайлы. Териштирели. Сураштыралы. Жетели аныгына. Өзүңдүн көз алдыңда, Кулкишиден үч кайрылып сурадым, же өзүңөр аны атып жатканда колунан кармап кала албагандан кийин, же, жок дегенде, мынтыгын кармап албагандан кийин...

Тултемир:

– Жо, ушул эле атты, ушул эле атты, мынтык тарс дей түшкөндө биз Домбу акем менен болуп калып, анан нары-бери чаап, туш-тарапты арытсак, ушул Кулкиши гана... Качып баратыптыр... камыш аралап...

Аңгыча Тултемирдин жигиттеринин бири жүгүрүп кирип келди:

– Келди Бекназар...

Тултемир камчысын бүктөй кармап, ордунан ызырынып тура калды. Абил бий камыраган жок. Бир ууртун тартып жымыйып гана койду: «Мейли, кайраты жетсе Бекназарды башка эки чапсынчы, менин эшигимде!» – деген ой кетти.

Бекназар Эшим экөбү экен. Дүпүрөтүп катуу келишкен бойдон, котолоп жардап калган көпчүлүктү аралай, салам да айтышпай, айтылган саламга алик да алышпай, кайсактап каранып эл ичинен Кулкишини издеп келишти. Бекназардын бардык жини бетинде, эки көзү кыпкызыл. Тигинде жапжалаңач, ичи көөп, чиренип жаткан Кулкишини көрө салып, атынан ыргып түшүп, башы жагынан келип, акырын отурду да, башын жөлөп:

– Кулаке... Кулаке... – деп акырын үндөдү. – Йе, Кулаке...

Кулкиши кыңкыстап үн чыгарды. Өзүнүн атын ким чакырып жатканын ажырата албай, жакшы эсине келе албай, кичине онтоду.

– Суу барбы? – деди Бекназар артына. Кимдир бирөө чуркап бир кесе суу апкеле калды. Бекназар сууну Кулкишинин оозуна кармады. Ээгине муздак суу тийгенде, Кулкиши биртке жанданып, бирок дагы эле көзүн ачышка жарабай, үзүлүп түшө үч-төрт жутуп жиберди. Ошондон соң тириле түштү. Бекназар суунун калганын Кулкишинин бетине себеледи. Кулкиши көзүн ачты.

– Кулаке!.. – деди кулагына жакын үңүлүп Эшим. Кулкиши:

– Ыя?.. – деп алды да, кайра кабагын тырыштырып, көзүн жуумп, онтоду. – Айттым го, бий... Атып башыма урамбы Домбуну?!. Ой, Бекназар... Келдиңби, Бекназар?.. Карагылачы...

– Келдим, Кулаке! Мен Бекназармын...

Кулкиши жооп бере албай, кайра шалдырап, акырын демин алып, солуп жатып калды. Бекназар тамырын кармады. Согуп жатат. Араң согуп жатат. «Келтекке уугуп калган экен» – деген ойго аралаш, Бекназардын кыжыры кайнап, өзүн токтото албай, оң колу кылычтын сабына сермелип, ордунан атып турду.

Ошол учурда Тултемир сабына коргошун уюткан камчысын бүктөй кармап, жол торой:

– И? Кылгылыкты кылдырып коюп... – деп келатты.

Бекназардын эки көзүнө кан толуп кеткендей болду. Ачуудан жаагы карышып, кылычын сууруп алып, өзүн да унутуп, чуркураган элди да унутуп, түптүз Тултемирди качырып басты. Тултемир камчысын алыстан шилтеп калды. Бекназар сол колу менен камчыны өрүмдөн шап кармап, бир силкип, Тултемирдин колунан сууруп алды. Тултемир эки этегин далбактатып, Абил бийдин өргөөсүн тегерене качты. Бекназар жолборстой күркүрөп, алдынан жан беттеп тосо албай:

– Ата-ганаң-дын!.. Хандын тагасы эмес агасы болсо да, өлтүргүм келсе өзүм эле өлтүрөт болчумун Домбуну. Жалаа жапкың барбы? Ыя?!. Ата-ганаңдын... Ушул жерде, Абил бийдин эшигинде ушу сени өлтүрүп, баарын мойнума көтөрөйүнбү, ыя?.. – деп, кылычын эки шилтеп, Тултемирдин далбактаган эки өңүрүн түшүрө чаап жиберди. Тултемир Абил бийдин үстүнө кире качты.

Карап тургандардын аңы учту. Абил бий эшикке чыгып да койгон жок. «Келсин алдыма өзү» – деп отурду. Бекназар биртике эсине келип, эшиктен кирип, босогодон жогору өтпөй токтоп, салам айтты. Абил бий башын ийкей, саал тынчы кете копшолуп, үнсүз алик алды. Бекназар улагага сыңар тизелеп отура калып:

– Бий, – деп акырын баштады, – бу менин кой оозунан чөп албаган бечара тууганым эшигиңизде керилип калыптыр, күнөөсү болсо күнөөсүн мойнума алып, күнөөсүз болсо, момунду мынчалык кордук кылгандардын аты ким экенин аныктап кетейин деп келдим...

Абил бий:

– Төргө өт, баатыр, – деди шашылбай. Бекназар сес кылдыбы, өчөштүк билдирдиби, улагага сыңар тизелеп отурган бойдон, унчукпай былк этпей койду. Абил бий да экинчи сазе кылган жок.

– Баатыр тууганыңа биртике шек түшүп турат. Домбу хан тагасын кимдир бирөө жолун тосуп атып качкан экен, мынабу Тултемир баштап, жигиттери кууп кармашса, ушул Кулкиши болуп чыгыптыр. Эмне кылабыз? Менин дагы башым маң. Ишенейин десем, кармалган момун Кулкиши, ишенбейин десем, Домбу атылып отурат.

Бекназар дагы катуулап кетти:

– Домбуну өлтүргөн башка киши. Аны өзүңүз жакшы билесиз, бий. Бирөөнүн мага жалаа жапкысы келип жаткан болсо, аны ошондой деп эле ачыгын айтсын, Кулкишини аралаштырбасын, колунан келеби, мына менин өзүмдү кармасын! Көзүңүз жетип турат, бий, Домбуну өчөшкөн бирөө өлтүрдү, а биздин өчөштүгүбүз бар беле?

Абил бий ууртун тартып, «Дан багарларга жакын жерден тос. Уктуңбу?..» – деген сөзү көңүлүнө келип, ошондогу күңкүл үнү азыр кулагына угулуп, тымызын ойлонуп калды. Кокус Домбу мерт болуп калса, башынан эле дан багарларга доо кылайын деп болжогон эмес. Шекти гана өзү жактан алыстатып коймокчу эле. Мына, Домбу бир ок менен тындым болду. Ошол тегеректен дан багар Кулкиши кармалды. Ою эки эсе болуп, оңунан чыкты. Эми Абил бий үчүн калыстык сурап Бекназар гана алдына келиши керек эле. Мына, Бекназар да, Тултемир да. Абил бий чатакты өзү басууга өттү:

– Тултемир, эми көп уруна бербе. Түшүнүп турабыз, алдырган энесинин койнун ачат деген, сен агаң өлүп алдырып турган кишисиң. Ошентсе да, өз көңүлүңдө өзүң калыс бол, бекем бол, ушу дан багар туугандарыңдын силерге өчөштүгү жоктугун ойлон, ага бизге кошулуп ишенип көр. А баарыбыз күбөбүз, Домбуга данбагар туугандарыңдын жеринин четинен ок чыкты, бирок кокту-колотто ким жүрбөйт, эсте болсун бул жагы...

– А Бекназар, чычалаба сен дагы, – деп Абил бий Бекназарды карады. – Тууганыңдын көп келтек жеп калганына уукпа. Күйүт экилентип турганда колу тийип калыптыр Тултемирдин, макул, кечиримдүү, атайы кылбаган соң. Тууганымдын урушу торконун жыртышы. Эчтеме болбойт. Билбестиктин иши. Кабак эмес, каңк этип жарылып жатып кала турган Кулкиши. Семиз кара кой союп, терисине ороп кой. Туруп кетет эртең...

Отургандар:

– О, сөз эмес бекен! – деп жабыла кубатташты. – Бөлөкпүзбү? А көрө, бириңден бириң шек кылып, ырылдашып отургандан көрө, кайран Домбу тууганыбызга кол көтөргөн наисапты издегиле да көптөп...

Бекназар обдулуп:

– Ыракмат, бий, – деп ыраазылык билдирди, – ыракмат, сиз ушинтип адилеттикке кызмат кылсаңыз, биз Сизге кызмат кылбасак көзүбүздөн чыкпайбы! Макул, айтканыңыз айткан, бөлүнбөй, жиктебей Домбу тууганыбыздын ариетине тике туралы баарыбыз...

Тултемир булар келишип кетти дегенчелик түр көрсөтүп:

– Өлгөндүн эле шору окшойт... – деп мыңкылдай баштады эле, Абил бийдин эки көзү тептегерек болуп, ачуусу келип:

– Тарт э! – деп кагып таштады. – Эби бар да бейжайлыктын да! Тууган жалгыз эле сеники беле? Кайран Домбу ушу турган баарыбыздын тууганыбыз болучу. Кычы сүйлөгөндү коюп, ариетине камдан. Катар туруп өкүрүп, эл көргүндөй ариетин кылып, тууганчылыгыбызды түзүк өтөп, жакшы көмөлү. Эси жок, күн түгөнбөйт, издейбиз өлүктү көмүп алган соң, же өлүгүбүз капшытыбызда сасып жатсын, биз этегибизди үзө чабышып отуралыбы, сенин оюңча? Ыя?

Тултемир үңкүйдү.

Бекназар Абил бийге биротоло көңүлү агарып, ордунан туруп, кадимкидей ийилип таазим кылып, ыракмат билдирип, коштошуп чыгып кетти.

Эл дүүлүгүп, өргөөдөн Бекназар эмне болуп чыгар экен деп, тирелип күтүп турган эле. Бекназар тышка чыкканда, санаасы жакшылардан эки-үч киши жүгүрүп алдын тосушту. Бекназар унчукпай өтүп кылыч менен кыл чылбырды кесип-кесип таштап, Кулкишини бошотту:

– Оро чепкенге... – деди Эшимге. Эшим күдүңдөп, дагы бирөө жардамдашып, Кулкишини чоң чепкенге ороп жиберди. Кара кашка аргымакка минди Бекназар. Шылкылдаган Кулкишини ага өңөртө беришти. Ооруксунуп кичине кыңылдады Кулкиши. Балача алдына алган бойдон, Бекназар эч кимди тиктебей, эч ким менен кайырлашпай, унчукпай, көк өзөн багытына салды. Эшим үзөңгү кагыша катар, Кулкишинин этегин жаап, чепкенди тартып ороп жардамдашып кетти.

Турган эл дымып тиктеп калып калды.

– Тууган болсоң ушундай бол! Кайран Бекназар! – деди бир убакта бирөө.

– Бекназар Бекназар болуп, бүгүн туугандыгын көрсөтпөсө туугандарына сөзү өтөбү эртең?! Мына, айыкса Кулкиши ажалга жумшаса барып берет Бекназарга. Туугандык деген ушу! – деп коштоду экинчиси.

Данбагарлардын карааны улам алыстап баратты...