кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Төртүнчү бөлүм

V

Датка атанып аброю абдан көтөрүлгөн Курманжан ошол «ынтымак» деген макулдуктан оюн да, боюн да качырган жок. «Эрдин кеги – эл намысы» дешип, бүйрөсү кызый баштаган кишилерин «ачуу – араз, акыл – дос» ыгына ийгерип, тыйынып отурат.

Көп өтпөй бүткүл Россиянын эгеси улук даражалуу император Александр II мындан нары да жер кеңитүү иштерин жылдыра бере турган өзүнчө бир бийлик орунун уюштурду. «Түркстан генерал-губернаторлугу» деп аталды, генерал-губернатору болуп генерал-адъютант фон Кауфман дайындалды, а ага өзү башкарган чөлкөмдө тынышам десе тыныша турган, согушам десе кимге гана болбосун согуш ача бере турган, демек падыша укугу берилди. Ошон үчүн жергилик элдин ичинде «жарымпаша» делинген.

Кудаяр-хан жарымпашанын «мейманга чакырганына» абдан кубанып, убакытты узактырбай жасалгаланган кокон арабага отуруп, оор топ ордо кишилерин кошо алып, жарактуу удайчыларын шарактатып, ошол 1868-жылы Ташкенге жөнөдү.

Мына, кудай буйруса, ак пашага жетиш кыйын, жарымпашасына болсо да жүз көрүшүп, ортодогу кыжы-кужуга себеп болуп жаткан жер-суу, эл туурасында ачыгын сүйлөшүп, кудай өзү оңдой берди кылса, тынччылык менен, бурадарлык менен берди-алды кылып, кайрып алмак. Өз үмүтүнө өзү жылынып, көзүн сүзүп, кокон арабанын ыгында термелип баратат.

Жанаша отурган абтабачысы Абдырахман да санаада: «Салт үй эгеси чакырчу эле. Биз не чапкылып келе йатабыз?! Күч атасын тааныбайт, күчсүз күчтүүгө саламга келбеске, чакырыгына барбаска чарасы жокпу?!.» «Биз жерге, үйгө эгеликтен тайган окшойбуз го...» деген күдүк ойлорго аргасыз аралашып барды жолмо-жол.

Жарымпаша «жыландын баласына да жамандык ойлобой тургандай» дегенчелик, маанайы жарык, эки көзү жарым айлык ботонун көзүндөй жайнаган, күнөө ишке, кара ишке кириптер боло элек наристедей көрүнгөн инсан экен.

Ал ордонун огожосун оор топ кишилерин кошо токтотпой кабыл алды, жылуу жүз, жылуу сөз, урмат сездирүүгө шашылып жатты.

Сылык адамдын мындай мамиле-көңүлүн көрүп, бүлүнгөн ордонун огожосу өзүн бир аз адам сезип, жарымпашага бурадар, атүгүл бул баш ийген акпашага деле теңдеш, өкүмдар экенин эми билгендей баягы манчыркаган кебетени кайра кийип, ыңгыранып сүйлөп калса болобу?! «И, ишти бузат эми бу...» деп, эки көзү чекирейди абтабачысынын. А наристедей көрүнгөн» инсан ууртунан асте мунайым жымыйып карайт.

Сөз ыгында Кудаяр-хан эки өлкөнүн ортосунда болуп келе жаткан кандуу кагылыштарды, согуш десе өрөпкүгөн генералдардын күн санап алга жылып кирип келатышын эки ортодогу эссиз адамдардын, нары болгондо, жаман ойлуу кара ниет иштеринин натыйжасы деп түшүнөрүн, бул абалды сүйлөшүүлөр аркалуу салышка үмүттөнгөнүн айтты. Фон Кауфман башын тынымсыз ийкеп, «бурадардын» айткан арманын бөлүшүп, кошо кайгырышып, эми мындан нары андай кандуу окуяларды кудай бизге бербесин деп, тилек билгизип отурду. Ошону менен катар, сөз арасында улук даражалуу император бу кичинекей кокон ханы менен эч качан согушууну көксөгөн эмес, көксөбөйт да, кайта аны баласындай көрүп, ички-тышкы тиги Бухара жана Хийвага окшогон кастарынан дайыма калкалоого дилгир, тыштан бир жамандык хандын башына түшсө Россиянын эгеси ал жамандыкты өз башыма түштү деп билет деп түшүнттү да, эми эчтемеден кам санабай хан бактылуу хандык доорун сүрүп, тынч жата берсе болорун билдирди.

Эми «уктуңарбы» дегенчелик кабак көрсөтүп, өз кишилерин акырын сыдырып, буртуюп тиктеп алды Кудаяр-хан.

«Көбөт эми...» – деди өз ичинен абтабачысы Абдырахман.

Кокус, жазып-тайып, хан же анын амириндеги калктар кандайдыр бир Россиянын кызыкчылыгына каршы кадамдарды баштай турган болушса, анда чыдамкайлыктын түгөнгөнү ошол, бүткүл Россиянын эгеси жөн эле карап тура албастыгын кабагы жарык «бурадар» бурадарлык иретинде көңүлгө салды.

Абдырахмандын тымызын көз кыйыгы дагы түштү өз өкүмдарына. Кудаяр-хан бул өтө оор эскертүүнү мардемсип, урматы улук акпаша эч камтама болбосун, биртке курал, биртке көмөк эле болуп турса, андай тыраңдап чыккан калктардын жинин өзүлөрү эле кагып коюшарын күпүлдөп, өтө жеңил кабыл алды.

Эми «Положение» деп аталган шартнама алып келинди ортого, мурда эле даярдалып коюлган экен.

«Положение» боюнча мурда Кокон хандыгынын тиги эле Россиянын чегинен Ташкенге чейин жер-суу, түркүн тайпа эли Империянын менгичине өткөрүлгөн; хан жак, анын бектери бул жакка илим максаттары боюнча келген куралдуу саякатчылардын жолуна бөгөт кылбоо, кайсы гана шаар болбосун россиялык көпөстөр эркин соода жүргүзө бериши макулдашылган. Эң акыры, коңшулаш мамлекеттер менен кандайдыр бир деңгээлде алака кылыша турган зарылдык болсо андай иштер кеңешилип жүргүзүлүшү эки жакка тең эскертилген.

Абдырахман маңыроо тартып отурат: «Эки аягыбыз бир кончко тыгылган экен!..» Генерал-губернатор фон Кауфман ордунан тура келип, Кудаяр-хандын колун кармап, бактылуу жымыйган иреңинен өзгөрбөй, таксыр Кудаяр-хандын өкүмдарлык даражасын кадырлай тургандыгын тактады. Кол койду «Положение» түбүнө.

«Э-э... жымыйып туруп териңди сыйрып алат деген ушубу?!» деп таң калды абтабачы Абдырахман. Мекчейип, Кудаяр-хан да ойлоно түштү: «... жер кетсе... буларсыз бирөө менен барыш-келиш кыла албасак...»

Иреңи боз тилмеч: «Кол коюңуз...» – деди акырын. Кудаярхан чала угуп калгансып, тумшугу маңыроо, аны кайра тиктеди, «Кол коё албасыңыз согушка даярданыңыз, таксырым...» – деди тилмеч боз иреңи аны сайын кубарып, акырын. Буларды тыяктан жымыйып, «бурадар» көздөн өткөрүп турат. Биртке көз ирмемден ойгонгондой эсине келе түшө, шашылгансып да, кол мөөрүн басты Кудаяр-хан: «... жок дегенде... бирөөлөр дагы баш көтөрүп калышса мага таянар өбөк болушар, ыя, буларды кудай урбаса...»

Нары толгонуп, бери толгонуп, акыры өзүн-өзү жубатып, келечекте бул «Положение» ага жамгыр өтпөс, ок өтпөс тон болуп беришин өзү болжоп, өзү ишенип, кошоматчылары көтөрө чала кубатташкан соң, астейдил кубанып кайтты.