кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Төртүнчү бөлүм

IV

«Баатыр, ушби куш тилиндей ак кагаз менен барган дубай саламды жашы улуу агабыз Абилден экен деп билгейсиңер. Көптөн бери табым жок. Теңирберди акеми кашыңа алып, бир келип кет, баатыр. Өзүңө айтар өктөм, акылдашар ишим бар».

Ишенимдүү жигит Абил бийдин бул катын Бекназарга апкелип тапшырды.

Абил бий соо болучу. Жаткан ордунан өйдө болуп, башына кара макмал топусун оңдоп кийип, кыйноо тарткан кишидей кабагын чүрүштүрүп, көзүн алсыз үлдүрөтүп, аянычтуу кебете кийип отуруп, меймандарды кабыл алды.

Жай сурашкан соң:

– Э-э... Жаның соо чакта, тууган мындай турсун, бир кудайдын өзү да эске келбейт тура, – деди кыңкыстай, тамшана, – соочулук дөөлөт экен, көпкөнчүлүк экен... Соо чакта а-бу дешет, качан жанга жабыр түшүп, кара башка күч келгенде, алыс менен жакындын ортосу ченелип, кастын, достун кадыры билинет экен, Теңирберди аке.

Теңирберди копшолуп койду:

– Ак сөз, бий.

Абил бий онтоо менен кеп улантты:

– Кантели, Теңирберди аке, жаш балдарга туугандын баасы жок болсо болоттур, а минтип, бир бутубуз гөргө малынып турган чакта, сары оору менен алышып көңүл тарыккан кезде, Теңирберди аке, сиз менен бирге тууган кубат.

Бекназар ойго батып, тунжурап, бет алдын былк этпей тиктеп, малдашын жазбай катып отурду. Ал Абил бийдин жасалма кейпин эшиктен киргенде эле байкаган. Эти өсүп кеткен кичинекей кызыл көз көзүнө дароо кездешкен, ал көз канча алсыз үлдүрөйүн десе да, тереңинде төнүп турганы сезилген. Бекназар шартты, сөздү баалап, акылдын жетегине карап да иш кыла билген кашкөй, мынчалык алдына келип отурган соң сөз акырына карап, мамилеге жараша ыгып отурду.

– Абике, кабар укпадык, чакыртпай келип ал сурап туруш, ырас, биздей кичүүнүн милдети эле, бирак... – деди акырын.

Абил бий «бирак» дегенди алдын ала:

– Бөөдө эле ортого чычкан жорголобой калгандын кесепети ушу, – деп өкүнгөн болду.

– Түбү «бөөдө» эмес ко, – деди Бекназар саал кабагы үйрүлө, ойлуу тарта, – биздин бийлер ордо башы ким экенине карабай ошоякка чабышат, бийлер «кара аламан» деген эл ордо башылардан өлө жадап бүткөн. Мына, «бий» менен «кара аламан» эки башка ойлонот, биринен бири жатыгып калган... ошон үчүн...

Көзү ачыла түштү Абил бийдин. «О-о, тектүү кедей, дымактуу кул...» деп, тен берди ичинен. Саал бушайман болгонсуган аяр кебете көрсөтүп, асте баш ийкегилеп, ымалага ыктатып, маани чүргөдү:

– Эми... нары дейбиз, бери дейбиз, канткен менен «ордо жок болуп кетсин» деген ой эч кимибизде жок. Элге бир уютку керек. Ансыз оозунган кыйкырып чыга берип, эл тополоңго учурайт, арыз угары, өкүм чыгарары калбай эл тозуп кетет. Мааниси ушул ки, ордого көрсөткөн ак кызматыбыз өз журтубуздун арын сатканыбыз болбойт, өлкөбүздүн бирлигин тутканыбыз болот, ыйык тактын алдында букаралык карызыбызды өтөгөнүбүз болот. Биздей уруулар көп, ошол көп уруулардын ар кимиси ар башка талап коюп чатак чыгара берсе, өлкөнүн не тарки калат?!.

Абил бий башын акырын ийкегилеп, жээги күмүш кызыл кырма кесени кезеги келгенде акырын алып, биртке жутуп, дагы эле ойдон бөлүнө албай, ой толгоо тартып отуруп калды. Өргөө ичи тымтырс болду.

Эмне жооп айтар экен? Бүгүн сыйлуу оорунда отурган Теңирберди аксакал да күттү. Ойлой келсе тиги да туура, бу да туура. Бирок, бир туура эмес нерсе бар болучу, бир күнөөлүү бирөө бар болучу. Абил бийби? Бекназарбы? Теңирбердинин акылы жетпеди.

Кандайдыр бир армандуу күүгө бой алдырып, ичтен сыздагандай, башын ийкегилеп отуруп:

– Элге карамсыз, албетте, ыйык тактын өзү эмес, – деп ой тактады Абил бий, – кай бир ордого кирип алган эссиз адамдардын кесири.

– Жо-о, – деди Бекназар, – «эссиз адаммарды» киргизип алган ордо ээси эстүү болмокпу?! Бар «кесирдин» башы өзү.

Абил бий Бекназарды түз карай берди. Бийдин ушул карашында бул ойдон алыс эместиги, ошону менен бирге, кантсе да, сактыкты талап кылган аярлык турду.

– Мүмкүн... – деди Абил бий акырын сүйлөп. – Карап турарбыз, азырынча күйүүгө себеп жок, элине карамсыз башты кудай өзү жазалайт, кудай көрөт. Эссиздери канча көп болсо да, ордо ойлонуп жаткан чыгар. Ким билет? Эси жок баш болсо эртең эле ийнинен учуп түшүп калышы да ыктымал...

Бекназар буга макул болду:

– Мүмкүн...

Бекназарга эмнеге болгон? Эмнеге жоошуп калган? Муну көрүп, көптөн берки жүргүзгөн кылдат ишинин текке кетпегенин Абил бий сезди.

Катуу сөз – камчы, жылуу сөз – укурук. Аяр бий өзүнөн ошондо чыгына калган журтту эми жылуу сөз менен үйрүшкө өткөн. Эң оболу элдеги аксакалдарды үйүнө бирден чакырып, ордо жактагы жумшак кабарлардан, нарктан сүйлөп отуруп, жакшы мейман кылып, эртеси ар биринин алдына ат тартып, кымкап тон жаап чыгарып турган. Өзү үйүнөн карыш жылган эмес, «табым жок» деп жайып койгон соң, муну уккан алысы, жакыны туугандык милдеттен кутулуш үчүн, бир даары ушундай учурда жагынып, бийдин көзүнө көрүнүп калыш үчүн убап-чубап келип, бийден зыяпат сый көрүп кетишкен эле. Абил бий, албетте, атты, тонду куру желге сапырбайт. Ар бир уруктагы, ар бир топтогу аскер болуп жүргөн жигиттер жөнү жок топурабай, кандайдыр бир чырлуу ишке аралашпай, бабалар тутуп келген наркты аттабай, адептүү болушун, өз тирилигине ыгышын мыктап туюндурган. Кимде ким моюн толгосо, кудайдын башка салган бир күнү, акыры оор жаза тартып калышы ыктымалдыгын сөз акырына улаган. Кай бирлерге кыйытып айткан, кай бирлерге каар сездире катуу эле эскерткен.

Ушундан баштап, аскер ыдырап, Бекназардын жанынан эл суюла баштады. Эң акыры өзүнүн данбагарларынан өзгө бир да киши ага түз көңүл менен катташпай калды. Муну токтотушка, тоскоол болушка Бекназар умтулбады. Умтулганда эмне кыла алмакчы? Же башка тараптан жортуул жок, же хан тараптан ачык кысым жок. Эл тынч турмушка жан тартып, өзгөчө бир эрдемсүүдөн чыгынып турган чакта агымга карабаса элден чыгып калышы мүмкүн. Бекназардын жинин каккан, башына чалма түшүрүп, жоошутуп койгон мына ушул болучу.

Азыр Абил бий көзүн кылыйтып, Бекназарды бир тиктеп койду. «И, жалгыз аттуу жанкечти! Кар баскан тоонун кийигиндей короого баш салып келип бердиңби?!» Абил бийдин көңүлүнө ушу келди. Ичи дүрт деп, кыжыр кайнап, асте кылып, эрдин кымтыды. Ал өзүн токтотуп, Бекназарга дагы бир назар салды. «Токто. Бу али керек мага!» деп жатты анын аяр көкүрөгү.

Кечке маал ылганган өңкөй билермандардын уй мүйүз катарына ортосун жара келип отурду Абил бий Ал кашын өйдө кылып, кыдырата тиктеди:

– Агайын, ыракматы Жаманкул кандай адам эле?

Эмне үчүн сурап жатат? Кай бирөө бүшүркөдү.

Төрдөгү аксакалдардын бири:

– Байкуш Жаманкул момун адам эле, – деп калды эчтемеден капарсыз. Абил бий башын кайгылуу ийкеди:

– Макул, балдары тайыздык кылды дейли, балдары тайыз болгону менен, Жаманкулдун мына эли тайыздай элек. Мына, турпактан тышкары турабыз го, биздей туугандары аман, биз кылбаганда ариетин ким кылат?!

И, жаман тууганына жакшы аш берсе жаманбы? Эч ким Абил бийдин сөзүнөн сөлтүк таба алышпай, ийрилип баш ийкешти:

– Тууган туурдук болуп бербейт, күндө жамынып отургудай. Тууган бирде жакшылыкта, бирде жамандыкта каралашат. Бу кудайы иш.

Абил бий:

– Душман көзүнө салтанат, тууган көзүнө урмат болгудай кылып, Жаманкул агамдын ашын берейин, ариетин кылайын. Тыягы Алайдан, Өзгөндөн тартып, Анжиян, Маргалан аймагын кабарлап, биягы Аксы багытындагы аттуу, тондуу элди мүлдө жыялы. Кана, журт агалары, не дейсиңер буга?..

– Бий, – деди Домбу, саал мукактана элтейип, – эгер мындай чоң салтанат боло турган болсо, ыя, анда ханды чакыртыш керек ко? Ханды башына албаса...

– Эсте бар, эсте бар, Домбу, – деди Абил бий, аны тиктебей акырын баш ийкеп, – кантсек да алтын такка кулдук кылып турган соң кеп-кеңеш салып, жол сурап, алдынан өтүш зарыл...

– Абил бийдин көзү дирт этип Бекназарга бир тийип, тереңде жылтырап, сынап токтой өттү.

«О, мына, – деди Бекназар өзүнчө, – эми чыкты го баятан берки узун кептин кыска теги?!»

Жаманкулду ким билбейт? Абил бийдин эки ата өтүшкөн тууганы эле. Таанышка да, чоочунга да, улууга да, кичүүгө да ылжайып күлүп учурашып жүргөн, дайыма шаа мүйүз өгүз минип, бада баккандан башканы билбеген, чынында чөптөн башкага зыяны жок, бир бечара, момун болучу. Тирүүсүндө Абил бий аны менен иши да жок эле. Өлгөнүнө көп болгон. Жоголгон бычактын сабы алтын кылабы? Көзү барында кадыры жок Жаманкулга өлгөндөн кийинки ариет, урмат эмне үчүн керек болуп калды экен? Абил бий өз даңкын гана көздөп отурат. Ага себеп керек. Ал кийинки эки жыл ичинде өзү үчүн, ордо үчүн көп эле пайдалуу иш бүтүргөнсүдү. Ордо менен элеттин ортосундагы шектенүүнү биртикелеп жойгонсуп баратат. Ханга аты угулду. Эми, колдон келсе, бул ишти биротоло бекемдеп кетсе, сөзсүз андан ордо атакты, сыйды эч аябайт, эл ичинде баркы көтөрүлүп, тизгин талашар, кеп кайрыр пенде чыкпай калышы шексиз. Бул үчүн элеттин бели катууларын хан бүлөсү менен бир жыйындан баш коштуруш зарыл. Бир дасторкондон даам сыздырыш керек. Ал себепке кайда бармак? Көп ойлонуп, жаман да болсо өз тууганы Жаманкулга аш берүүнү эп көргөн. Мына ошол баш кошчу жыйын да, даам сызчу дасторкон да ушул аш. Момун Жаманкулдун арбагы Абил бийге ушундай кылдат саясат үчүн көтөрүлүп жаткан эле.

Кымызга кызыган, Абил бийдин жумшак тилине эриген эл дуулдай беришти:

– А мейли! Жаман да болсо, момун да болсо, Жаманкул өз тууганыбыз эле, майли, ариетине тик туралы!

– Журтчулук ошо, колубузда камчы калганча бирге көтөрөлү чыгымын!

– Ыракмат... Ыракмат... – деди Теңирберди. – Арбакты сыйлаган тириктен урмат көрөт... Жан бар жерде өлүм бар. Бул дүйнө кимге бапа кылыптыр?! Кетебиз барыбыз бир күнү. Чиркин ай, ар бирибиздин артыбызда өзүңдөй акылга дыйкан азамат калса, арман болбос эле го! Мартабаң дагы өссүн, иним, бай теректей шактай бер...

Абил бий максатына жетти. Эми ким чеки дейт ойлугуң? Аштын качан, кайда өтөрүн, кайсыл топ канча үй көтөрүп, канча союш менен конок аларын, жана да аттын байгеси, эрөөлгө чыкчу баатырдын, күрөшкө түшчү балбандын акысын кесип, бүгүндөн баштап камылга көрө берүүнү билермандарга катуу буйруп кеңешти бүтөрдү.

* * *

Сарыбай төрдө. Бүкчүйүп, былк этпей отурду. Эки көзүн тең көк жоолук менен таңып койгон. Баягы чатыраган мырза мүнүшкөр кайда? Жарым болуп бүрүшүп отурду. Бүркүт тыткан жерлери кара тырык болуп айыгып, өңү өтө серт көрүнүп калган. Көзү таанытат кишини. Көз көрүнбөгөн соң, же ойлонуп отурганы, же уктап отурганы белгисиз тыртык эриндери гана бир түрдүү калбыйып турду. Ал көкүрөгүн көтөрүп, оор улутунду да, кулагын буруп тышты тыңшады. Тыштан балдардын чуулдап, же алысыраакта го, ойноп жүрүшкөнү билинет. Ал балдарды үнүнөн ажыраткысы келди. Дагы кулак төшөп тыңшап, былк этпей калды.

Сүйүмкан, – деди бир убакта Сарыбай.

– Ыя, мен жаныңда эле отурам, Кундуздун атасы... – деди зайыбы.

Сарыбай колун сунду. Бул суроо көптөн бери Сүйүмканга белгилүү болуп калган. Комузду сурап жатат. Сүйүмкан ылдам туруп, комузду керегенин башынан алып:

– Кундуздун атасы... – деди, бирдеме оюна келгендей, комузду сунбай, мумактанып токтой.

– Ыя, кана?..?

– Бирпас сүйлөп эле отурсаңчы, Кундуздун атасы...

Бир аз сакайгандан бери ушул жалгыз комуз гана эрмек. Отурат. Көп отурат. Буту уюйт. Мойну уюйт. Унчукпай кымтып отуруп жаагы да уюйт. Ич бышуудан башы жарыла тургандай болуп ысып кетет. Тура калып кыйкыргысы келгендей. Башына чүмкөлүп турган түндү тытып чыккысы бардай. Отура-отура жүрөгү суудан чыгып калган балыктай алдастайт. Айла кана? Күч кана? Кайра тагдыры жеңип, акылы жеңип, үшкүрүп отуруп калат. Үшкүргөн сайын дагы биртке кичинербейби, дагы биртке шалдырабайбы. Бук болот, ичине арман толот. Ошондо комуз кайрадан келет жардамга.

Сарыбай зайыбына жооп бербей, колун зарылып сунуп, туруп калды. Сүйүмкан бербей коё алабы:

– Ме, мүнүшкөр, – деди үнүн атайы көңүлдүү чыгарып, – «Көч жандар» деп чертчи.

Сарыбай комузду алып, макул дегендей башын акырын ийкеп, комузду бир сыйра сыйпалап чыкты. Шашылбады. Кулактарын кармалады, ойго баткансып, кылдарды сөөмөйү менен сыдырып көрдү да, анан күүлөй баштады.

Күү өңгүрөгөндөй кайгы шилеп чыкты. Комуз Сарыбайдын көкүрөгү, Сарыбайдын тили. Жайлоого тарткан көч шаанисин сүрөттөгөн шаңдуу күү башкача чыкты, ындыны өчүү, чөгүү, аргасыз кайыр-кош айтып, төмөн, кайдадыр туңгуюкка сүрүлүп бараткан кишинин арманы болуп чыкты.

Ушуну сезип Сүйүмкандын көзүнөн жаш төгүлдү. Ал ыйлаганын сездирбеске тырышып, көзүн жеңи менен басып, демин ичине алып отуруп күүнү тыңшады. Көзүнүн жашы жеңин ным кылды. Күү аягы күңгүрөнүп, сызылып, өчүп кетип баратты.

– Йе, Кундуздун атасы! – деди Сүйүмкан дагы атайы үнүн шаңкылдатып чыгарып. – «Көч жандар» ушундай беле?

– Ыя? – деди Сарыбай өз оюнан алаксый.

– «Көч жандар» ушундай беле? Муңдуу чертип койдуң...

Сарыбай таноолорун керип улутунуп алды:

– Ошондой чыктыбы?

– Муңдуу чертип койдуң...

Сарыбай желкесин шылкыйтып дагы ойлонуп калды, бир убакта:

– Кундуз кайда? Үнүн укпайм да...

– Кыздар менен башатка кетишкен...

– Гм... Ойноп жүрүшөбү?..

– Суу апкел дедим эле...

Сарыбай те алыстан шыбырт уккан куш сыңары башын кыңырайтып, кулагын төшөп:

– Йе, Сүйүмкан... – деди акырын, бир уурту кайгылуу тартыла.

– Ыя, Кундуздун атасы...

– Дагы ыйлап отурасыңбы?

– Жок, Кундуздун атасы!

– Калп айтпа. Көзү жок кишиге калп айта берсе болот бекен? Ана беле! Үнүң каргылданып кетти го... – Сарыбай колун сунду. – Бери жакын келчи...

Сүйүмкан жакындабай коё алабы? Сарыбайдын сунулуп турган колу Сүйүмкандын маңдайына урунду. Сарыбай сыйлап келип:

– Мына беле?!. Дагы ыйлап отурупсуң... – деди шалдырап. Сүйүмкан Сарыбайдын колун бетине басып, андан нары токтоно албай, үнсүз өпкөлөп ыйлады. Ысык жаш Сарыбайдын тыртык алаканына кулап жатты. Сарыбай:

– Сүйүмкан... – деди акырын, ал колун тарта албады. – Мен сени эстүү жан дедим эле. Өзүм моюн сунуп калдым. Тагдырым ушул экен, моюн сунуп калдым. А сен али көнө албайсың, али моюн сунбайсың... Кантейин, кудайдын жазасы ушул болсо башымдан кечирейин... Сен ыйлабачы. Сен ыйлаган сайын көзүмдүн кадырын эстетесиң. Мен кыйналам... Мага оор...

Сүйүмкан мурдун шыр тартты:

– Койдум, Кундуздун атасы... Койдум... Карап отуруп, көрүп отуруп, эч чыдай албайм, түтө албайм...

– Түтөбүз. Түтпөй кайда барабыз! Менин алым бул болсо, сен шөмтүрөп, көзүңдүн жашын тыялбай жүрсөң, жалгыз кыздын күнү эмне болот. Күйпүл болуп, жүдөп, басынып кетпейби? Ошону кара. Менин көзүм да ошол, жүзүм да ошол. Ыя?..

Сүйүмкан соолугуп, көзүнүн жашын сүртүндү. Сарыбай кайрат кылып:

– А ошент. Белди буу. Белди өзүбүз буубасак ким бууп берет? – деди да, атайылап зайыбынын көңүлүн көтөргүсү келдиби, комузун кайра күүлөп, кандайдыр толкуган бий ыргагына салып, шаңдуу, кумардуу кайрып чертти. – Йе, карыпты карып дей берсе, карыптын алы не болот! – деди эрдемсий. – Карып болсом да карыпмын дегим келбей калды, Сүйүмканым. Багыма силер барсыңар али.

Тору кашка ат күлүк жылкы эле. Сарыбай аны минип жүрүп табына келтирип, майда маарекеге чаап, чыгып кетсе анча сүйүнчү эмес, экилеп, үчтөп калса чыкпады деп кайгырчу да эмес, сый аты кылып гана жалтылдатып минип жүрчү. Көзүнөн айрылган соң, ат менен да, ит менен да, бүркүт салуу го өзү менен кошо кетти, иши болбой отуруп калган, тору кашканы көр оокатка Мадыл минет.

Сарыбай азыр ойлонуп отуруп, көз алдына маңдайында тумарча кашкасы бар, чымкый тору келди да, өйдө тура баштады. Сүйүмкан колтугунан сүйөй берди.

Сыртка чыкканда:

– Күн батып баратабы? – деп сурады Сарыбай токтоло.

– Ийи.

Сарыбай:

– Табы кайтып калыптыр... – деп күбүрөдү да, Кара марттын кырынан нары эңкейип, көлкүлдөп чөгүп кетип бараткандыр а? – деди. – Тору кашка кайда байланып турат?..

Сүйүмкан жетелеп, тору кашка байланып турган казыкка алпарды. Жытыгышкан ээсин тааныдыбы, же кашек сурадыбы, тору кашка окуранып жиберди. Сарыбай эки колун тең суна барып, тору кашканы сыйпалап, куду баласын эркелеткен кишидей, көкүрөгүнөн күңкүлдөп, «кайран тору кашкам... Алың кандай?.. Турасыңбы?..» деп кулагынан сыдырып, соорусун сылап көрдү:

– Таш токум болуп... арыктап калган экен да...

Эшигинде чокоюн көктөп отурган Мадыл:

– Быйыл көп минилип калды, – деди күнөөлүүдөй үнү пас чыгып, – көр тирилик да...

Сүйүмкан:

– Арык болгондо эмне, семиз болгондо эмне?!. – деп калды. – Баягыдай булкунтуп байгеге чабат белеңер, эптеп бир мингич болуп турса болду да.

Сарыбай мыйыгынан жылмайып:

– Гм... – деп күрсүнүп койду, ал аттын куйругунан кош колдоп тартып көрдү. – А кубаттуу эле экен. Мен ошо байгеге чапсамбы деп ой кылып турам. Эмне үчүн чаппайбыз? Тору кашкам чабылып жүргөн, көп байгени ала жүргөн...

Мадыл колундагы чокоюн таштап жиберип, ордунан тура, жалаңаяк басып келди:

– О, кантип чабылат, аке? Өзү көк шилте болсо, Байге эмес, ушул кыштан эсен чыгып берсе гана...

Сарыбай:

– Мадыл, – деди эргий, – тапташын мага кой, эң оболу жемге байла тору кашканы, жакшылап семирт, күзгө чейин далай күн бар, Жаманкулдун ашына бар тобокел деп бир чаап көрөбүз, кудайдан тилейбиз, тору кашкам чыга жүргөн мал!..

Мадыл агасын бир кур таңыркап, кубанып тиктеп калды. Ал анын мынчалык көңүлү көтөрүлүп, эртеңи жөнүндө сөз кылып отурганын көптөн бери көрө элек болучу. Бир кездеги чатыраган саяпкердин кыялы келип турду. Көңүлү андан нары улап, жок дегенде кыялында мурдагы оролундагысындай көтөрүңкү болсун деп аргасыз ойго түшүп, Мадыл агасын кубаттады:

– Ыя? Кайран тору кашканын өнөрүн дагы бир сынап көрөлүбү, аке? – деди ал, кыял деген күлүк нерсе го, бир кезде тору кашка байгеден чыгып келгени, суусар тебетей кийген мырза саяпкер Сарыбай жымыйып «тору кашканын тер акысын алып, арттан кел» деп коюп, өзү көп кишилер менен аттанып кеткени, байгеден тийген кулундуу бээни жетелеп, кубанып үйгө кеч келгени көз алдынан чубап өтүп, күздөгү маарекеде да тору кашка так ошондогудай чыгып келсечи деген көңүлүнө алыстан үмүт келип бир урунуп кетти.

– Ошент. Жакшылап бак. Таптаганын мага кой. Ага көз керек эмес!

Мадыл тору кашка атты чындап бага баштады. Тиги-бу ишине коңшунун чобурун сурап минет. Же жөө бүтүрөт. Бара-бара өзү да берилип, ченин бузбай жемдеп, сууну челектеп ташып берип, бир жерине да чыла жугузбай тарап, эртели-кеч жанынан чыкпайт. Толук бир айдан кийин тору кашка ойноп калды.

Сарыбай келип, сыйпалап көрдү да:

– А түзүк. Жал алып калыптыр. Эми акырын жетелеп тышка чыгар. Жетелеп сугар, – деди. – Эки күндөн кийин, үч ирет таң ашырабыз да, бирткелеп тер алдырып, кайра таң ашырып коёбуз. Көөшөк майы тер менен түшөт да эти ката берет. Андан кийин дагы толук бир ай чыдап багасың. Анан, кудай кааласа, тору кашканы чындап, суутуп, чоң маареге таптай баштайбыз!

Сарыбай ошол күндөрдө көз кайгысын такыр эстен чыгарып, түнкүсүн да, күндүзү да аты менен алек болуп калды. Агасынын минтип турмуш күрөшүнө кайрадан киргенине өзү эч ойлоп таппаган дары табылгандай ыраазы Мадыл ат багуунун бар машакатына кайыл.

Бир күнү түн жарымы оогон ченде Сарыбай жаткан туштан дүпүрөтүп бирөө ат бастырып өтүп кетти. Ит чаяланып үрүп ээрчиди. Сарыбай жүрөгү болк эте башын көтөрө берди. Аттын дүбүртү бат алыстап кетти. Сарыбай:

– Ой! – деп аптыгып кыйкырып турду ордунан. – Кетти, кокуй...

Сүйүмкан чоочуп ойгонду:

– Ыя?.. Ыя?.. – деди карбаластап, Сарыбайдын этегинен тартып.

– Кундуздун атасы, каякка барасың?..

Сарыбай:

– Мадыл! Кайдасың, Мадыл?!.

Сүйүмкан:

– Эмне кыласың, кокуй, жети түндө?

Мадыл да ойгонуп:

– Йе, аке... – деп үн берди үйүнөн уйкуга карамыгып. – Эмне?..

Сарыбай:

– Көзүң кашайгыр! – деп кыйкырып жиберди, темселеп эшиктин көзүн сыйпалап жүрүп. – Тур, атты кара...

– Турат да... Эмне, турат да... – деп жөтөлүп, кыңкылдап Мадыл үйүнөн чыкты. Ошол убакта ат дүбүртү таптакыр жоголуп, каңшылап үрүп ээрчиген ити кайрылып келаткан эле. Мадыл атканага барып, тору кашка турган жер бош турганын көрүп, алдастай түшүп, ар бурчка бир чуркап:

– Ой! Ат жок го? Бошонуп кетсе керек... – деп короо тегерене карбаластай түштү.

Эшигине чыгып, Сарыбай жер муштап отура калды:

– О... Кол жууптурбуз эмесе аттан! Бирөө минип кетти, кокуй, ушундан нары!.. Жүрөгүм солк этти эле. Ошонун басыгы болучу...

Мадыл аңгырап:

– Токто-о!.. Ой кимсиң, токто-о! – деп, үнү тоо жаңыртып, ат кеткен жакка карай далбактап чуркады.

Туугандар бүт ойгонуп, бири түшүнсө, бири түшүнбөй,.. жабылып тура чуркашты:

– Ой, эмне болуп кетти?

– Тору кашка атты ууру мине качты дейт ко...

– О, коку-уй, эмне болот эми?..

Мадыл балбалактап токой аралап баратты:

– Ой... Тамашаңды кой! Токто-о бери, ким болсоң да!..

Эч ким үн берген жок. Токой ичи туңгуюк жымжырт. Мадылдын балбалактаган үнү кырдан кырга урунуп, алда кайда сиңип кетип жатты.

Сарыбай:

– Токтот наркы Мадылды! – деди. – Ууру алды. Өзүн торойто чаап таштап кетпесин, кокуй.

Жаман чобуруна мине чаап, артынан кыйкырып, о бир убакта коңшу Мадылды кайрып келди. Энтигип, күйүгүп:

– Кокуй, көзүм кашайды. Ыя, ушинтип алдырып жиберебизби тору кашканы?!. – деп, алдастап, эмне кыларын билбей, үйгө жөлөнүп отура калып, кайра тура калып басты.

Сарыбай эми акыл токтотуп калган эле:

– Кой эми, – деди, – өкүргөндө ууру кайра апкелип береби, болду эми. Бир гана аттын дүбүртү кетти. Жөө келип аңдыган ууру окшойт. Тору кашка айтылуу күлүк мал. Ууру акылы болсо союп жебейт. Тиги Таласты ашырып, казакка өткөрүп жибербесе, чыгат бир күнү. Куру бакырганды коюп, а көрө эртең тезинен бийге бар, айт болгон ишти. Суроо салып кел...

Ал түнү Мадыл уктаган жок. Таң түнкөйгөндө Абил бийдин алдына барды. Айтты болгон ишти. Абил бий чын кейип:

– Атаны, жолдо өлгүр ай, ким колдуу болду экен? Сарыбай өзү тигинтип жатканда... – деди да, анан Мадылдын өзүн жемеледи. – Күлүк аттын жоосу көп болорун го билесиң, а жанына жатпайсыңбы, чылбырын билегиңе байлап жатпайсыңбы?!.

– Жанында эле жатчу элем. Алдырар күнү жаздырар болуп... – деп калтырады Мадыл, – көзүм кашайып, ошол күнү үйгө...

Абил бий күлдү:

– Катынсырап кеткенсиң го, эркектана?

Мадыл сөз таппай жер тиктей берди:

– Көзүм кашайып... Алдырар күнү жаздырар болуп...

Абил бий күрсүнө башын чайкады:

– Өз боюңа сак бол, коңшуңду ууру тутпа! Кимден көрөбүз. Кайсы коңшубузду ууру тутабыз эми, ыя? Болуптур, Сарыбайга дуба деп кой, кейибесин, буйруктуу мал болсо табылып калар. Өзүм алдыртан издетем. Шеги чыкса, кудайдын бергени...

Мадыл кубанып кайтты.

Абил бий алдыртан мерчемдүү ууруларды аңтартты. Эч шеги чыкпаган соң, элден катуулап суроо салдырды. Чаткалга, быягы Кетмен-Төбөгө, төмөн кара дарак тарапка суроо салдырды. Өзүмдүн атым деп издетти. Бирок куду сууга чөгүп кеткен ташка окшоп, тору кашка ат дайынсыз кетти.

Комузун жай терип, кандайдыр бир чымчыктын сайраганын сүйлөтүп отуруп, Сарыбай күлүп койду:

– А, кызыталак... – деп башын чайкады. – Кайран тору кашканы кадырын билбеген бир ит ууру алган экен. Тишине таш тийгир, эт үчүн союп жиберген экен!

– Көрүңдөн гана таш чыккыр, ким гана болду экен а?! – деп күйдү Мадыл.

– А болуптур, – деп Сарыбай комузду катуулап шаңдуу кайрый, – көр пенде да, аш болсун, аш болсун...

* * *

Кызыл-Жардын боз талаасы. Кеч күз.

Төмөнкү мелмилдеген кара дарактан тоо жакты карай жылып келаткан көп караан чыкты. Улам берилип, дааналана берди. Атчандар...

Эң алдында, аралыкты окчун кармап, туу башы келе жатат. Жел канатына жайыла түшүп, толкун, буралып туу кандайдыр шаңдуу, сүрдүү. Туу артында иреңи сур жаш мырза. Мингени буурул жорго, ыргактуу чайпалып, үстүндөгү мырзаны бир кылт эткизбейт, оюн бузбайт. Жаш мырза алтын менен сайма чөгөргөн кызыл кымкап кийген, бутунда көк булгаары өтүк, башында жарлыгы жок көк чалма. Бул тарапка жаңы келатканы белем, эки жакты көз кыйыгы менен чалып, те алыстан сырдуу тиктеген тоо баштарына көз кадап келет. Кандайдыр көңүлүнө күдүк түшкөн сымал, бырышсыз кабагын чытыйт. Чытыйт да тымпыят, мырзалык салтын коё бергиси келбей, жаштык авазкөйлүгүн өзү тыят. Белиндеги үч оролгон көк ботокурдун сол ныптасында кара болот дамашки кылычы.

Бул Кудаяр-хандын тун баласы Насирдин бек. Жанында Абдырахман. Үстүндө хан ордосунун таасирлүү кишилери кийчү карала кымкап тон, башында чымкый кызыл манат тыштаган сеңсел жүндүү кара көрпө тебетей. Баягы элчи жүргөндөгү ар нерсеге кооп менен тигиле калып ойноктоп турган тажаал көз азыр өзүнө артыкча ишенимдүү, ого бетер өткүр болучу.

Кырктай сыпай төрттөн саптанып, кылкылдап чубап алардын аяңында. Адырдын түбүнө тарта этекки жайыкты бош таштап, катар-катар тигилген үйлөр көрүндү. Ар биринин эшигинде топтоп кишилер, токулуу аттар. Насирдин бек үйлөрдү ичинен санай баштады, бирок жаңылып кетти.

Булар таасындап көрүнгөндө, үйлөрдөн бир топ атчан тез бөлүнүп чыкты, токтолбой түз эле бери ат коюшуп жиберди.

Тиги азоо аттарын шамалдай аркыратып, кыйкырык, чуу көтөрүп келаткандардын ичинен эки караан алга озду.

– Мырзам, бул түп тагаларың. Улук даражалуу, мусулман баласынын бир ишеничи, мырза Насирдин бек жээнчеринин урматы үчүн көкбөрү алып чыкты! Бул улук сыйдын, кадырдын белгиси! – деп жаш мырзасынын көңүлүн тындырды.

Насирдин бектин жүзүнө кызыл жүгүрө түштү, бирок унчуккан жок, ичинен тынды, көкбөрүчүлөрдү аваз кылып тиктей баштады.

Көкбөрүнү алып чаап келаткан алдыңкы караан заматта кайгып сыпайларды бир тегеренип өттү да, кайра дал Насирдин бектин алдына келип, атынын башын чорт тартты, аты кош аяктап тура бергенде, алдындагы торпокту башынан өйдө көтөрө берип, буурул жоргонун буту алдына ыргытты. Жоргосу селт эте түштү да, жер чапчып, куйругун көтөрүп, торпокту кошкура тиктеди. Көкбөрүчү бүктөй кармаган камчысын көкүрөгүнө ала берип таазим кылды.

– Ыракмат, үкем, ыракмат! – деп алкады Абдырахман. Насирдин бек белиндеги кара болот дамашки кылычты чечти:

– Баатыр, мына ушул курал менден сыйлык болсун!

Алп жигит кылычты кош колдоп алды, жогору көтөрө муздак болотко эрдин тийгизди да, анан кынынан шарт сууруп асманга типтик ыргытып, кайра сабынан шап тосуп алып:

– Ыракмат, таксыр! – деп аттын тизгинин бир кагып дир коюп чаап кетти. Аңгыча бир топ атчан желдире бастырышып тосуп чыгышты. Алдында Абил бий өзү эле. Жадырап сүйүнүп: – Ханзаада жээнибизге башыбыз тартуу! Куш келипсиз ханзаада! – деп, салам айтып тура калды. Насирдин бек бир тиктеп алды. Абдырахман эңиле калып анын кулагына шыбырап, бул элдин экисинин бири Абил бийди таанытты. Насирдин бек сыпаа жылмайып, Абил бийдин колун алды.

Ошол замат сыпайлар тең жарыла алдын ача беришти, туу башы оозунуп алга чаап жөнөдү. Абилбий өзү аттан түшө калып, торпокту туура кучактап, Насирдин бектин алдына өңөртө салды. Жаш мырза торпоктун оор тулкун ээрге бек кучактап басып, араң токтотту, туу артынан көнгөн буурул жорго куштун канатындай дир-дир этип жөнөп берди.

– Насирдин бек! Насирдин бек! – дешип, ураан көтөрүшүп сыпайлар артынан ат коюп жиберишти. Абдырахман менен Абил бий жаш мырза торпокко кошулуп ооп түшүп калбасын дешип, Насирдин бектин ачыла салдырып бараткан жоргосун жандап, сагактап кетишти.

Абдырахмандын белги берүүсү боюнча Насирдин бек башка үйлөрдөн өйдөрөөк, бийик тектирге тигилген эки ак өргөөнү карай тизгин бурду. Чарылдаган кыйкырыктардын, өрттөй чатырап коштоп келаткан сүрөө менен чоң өргөөнүн эшигине жетти. Баятан жардап, эшигинде турган үч-төрт кары адамдар уурт жыйбай, алаңдап калышты. Булар Абил бий атайы койгон уруу аксакалдары болучу.

Оор торпок күрс этип жерге түштү. Аңгыча үйдөн элечегин жайкалтып, өзгөчө сыпаа түр менен Каракаш айым чыкты. Абдырахман тааный коюп:

– Ха! Каракаш жеңгей! Байге, байге! – деп, жаш мырзасынын жолун чалып, салт жөрөлгөсүн өтөй берди.

Каракаш айым тиги кубанычтан эки бети тамылжып, кара көздөрү жаш кылгыра ойноктоп кашында турган чийкил жигитти «ханзаада ушу» деп дароо сезди. Шашып:

– А-пий... Ханзаада жээн өзү беле? Жээн келгенче жети бөрү кирсин... Жээндин акысын бербесек, кымбатка түшүп жүрбөйлү! – деди, назданып тамашалаган болду да, булак эте өргөөгө кирип, кайра тез чыкты. Азыр анын колунда чылк ак киштен жасалган, жакасы сур кундуз ичик келди. Тотугуп калган Каракаш айым көздөрүн жаш кездегисиндей күлүңдөтүп:

– Кана, аттан түшүңүз ханзаада жээн, төбөсү көккө жеткен күндө да, тагасынын эшигине ат салып турбайт, түшүңүз – деди. Бул элдин салтына купуя моюн сунуп, Абдырахман көзүн сүзө баш ийкеди. Муну көрүп, Насирдин бек аттан түштү эле, Каракаш айым киш ичикти көйкөлтүп үстүнө жаап, өңүрүн, этегин тартып, эки жагын сылап, өз колунан чыккан иштин көркүнө, кунуна ичтен кубанып, мактанып турду. Киш ичик жаш мырзанын кагалес боюна куп отурду, туурасын чыгарып, салабаттуу, көзгө толумдуу кылып жиберди.

Домбу баштаган билермандар колдорун бооруна алып саламга келишти. Булардан башка бул салтанатка катышууга бийдин эсине кирбеген жай адамдар да көп эле. Насирдин бек тургандарды бир тегерете тиктеди, жүзүндөгү жылуулугу ошол замат жоголуп, кырдуусунган пейил күтүп, суз тартты. Алдында бирөөнүн көзү шыйпаңдап, бирөөнүн көзү чоочуркап, бирөөнүн көзү таңыркап, бирөөлөрдүн көздөрү алда кандай коопту сезишкендей артта чүңүрөйүп тиктеп турду.

– Ассалому алейкум, ханзаада!..

Дүбүрөп жапырт айтылган саламды, Насирдин бек эрин кымтып, суз туруп укту, акырын эрин кыбыраткан болуп, суз алик алды.

Жаманкулдун ашы айтымга калсын үчүн күндө санжырга, күндө тамаша. Ашка барсаң ачка бар дешет тоолуктар. Аш берген айыл аш канча күнгө созулса, ошончо күнгө чейин ашка келген миңдеген көпчүлүктү эчтемеден кемитпей турушка милдеттүү. Ондон, бештен бөлүп, үйгө түшүрүп, күнүгө бир жандык союш, аттарына жем, чөп камсыз кылат. Ошондо көпчүлүктөн бир эле киши күтүмүнө ыраазы болбой, таарыныч айтып кайта турган болсо, аш ээси эмес, бүт бир уруу журтка сындырык келет. Нарк ушундай. Ошон үчүн ашбашы Абил бий камды катуу көргөн. Өзүнүн аталаш уругу эмес, бүт Аксы багытындагы уруулардан үй көчүртүп, Кызыл-Жардын сары жайыгына кыркар тиктирген. Ар бир үйдүн эшигине бирден кемеге ойдуруп, үй ээси карал болуп тик туруп күтүнүп, көзүнүн агы менен тең айланып, жумшаган жагына бутунун учу менен жүгүрүп, конок алууда.

Эр чабыш.

Те байыркы көөнө замандан бери келе жаткан тамашанын эң кызыгы, жүрөк солкулдаткан, буун титиреткен кубанычы да, коркунучу да ушу. Ал күнү эрөөл майданды кылка-кылка тегеректеп, аттуу-жоо жардап, ким өлүмгө чыгарын күтүп турган эл көп.

Бир дөңдө эки канат болуп тизилген элеттин «баатырлар» деген жигиттери. Кап ортосунда Бекназар, жанында бир караганга ак кува каракаш жаш мырза жигит, башында кундуз бөрк, ийнинде жашыл саймалуу кызыл камзол, аягында чукчуйган оодарма сары өтүк, ал баатырбашысынан да айбыгардай эмес, улам үзөңгүгө тура кала камчылуу колун маңдайына серелеп, «ким чыгар экен» дегендей, элтеңдеп турат.

Бекназар былк этпейт, эки көзү маңдайкы дөңдөгү ханзааданын тобунда, эрөөлгө чыга турган эр жигитти ал ошол жактан күткөндөй.

«Кана, барбы чыга турган азамат? Байгеси торт түлүктөн төрт тогуз! Кана, барбы, чыга турган азамат?..» деп, ортодо ат бастырып, жарчы зоңкулдап жүрөт.

Жарчынын үнү жалгыз ага угулгансыйт, жалгыз аны чакырып жаткансыйт, көңүлү аны сайын сүрөөн уккан күлүктөй улам оолугуп турат Бекназардын көңүлү. «Йе, ушунча көпчүлүктүн ичинен бирөө ат сопоңдотуп ортого чыгып коё албаса, «эл» деген атыбыз кайда калат?!» Эки канатын кыя карады. Баары жаш... каныгыша элек... кылычка түгүл айыл арасында эле суксуз куу найзага түшүп көрүшө элек... Кой, бирин ынтылтып, бөөдө...» Кош үзөңгү кыбыр эткенде кара кашка аргымак алдыга чыга түшө, эки колун бийик көтөрө, үзөңгүгө тура кала бата тиленип жиберди Бекназар.

Мөлтүрөгөн эки көзү тептегерек болуп, сулуу «жигит» катуу чоочуп:

– Ай... ай... баатырым... – деп, темине келе тизгинге жабышканча;

– О-омийин, аллау акибар!.. – деп, дуу-дуу бата берилип, кара кашка аргымак туягына чаң илээшпей каргып-каргып, эрөөл майданга жөнөлдү. – Теңир өзү жар болсун! Жигит пири Эр Манастын арбагы колдосун!..

Элтейип калып калган сулуу «жигит»:

– Эй! – деп, күмүш ээрдин кашын бүктөлгөн камчы менен бир салды, үйрүлө дүрдүгө түшкөн жигиттерге каарын чачып жиберди. – Эй!!! өңкөй эркексингендер!!! Ыя?! Эрлөлөр жерге колбашыңарды жиберип коюп, карап турасыңарбы, Курбан бектин арамза жигиттериндей болуп, ыя?!

Жигиттер нестейди, бири гана; «Эч ким чыга албайт...» дегенге араң жарады. Тиги аны сайын:

– Чыгат! – деп чаңырды. – Бу, тамаша эмес бу, сесиңди алар жоо келип отурбайбы?! Кыргын көрө элек аңкоолор...

Ким чук этет?! Бирөө «баатырдын эрке катыны» десе, бирөө «эркек катыны» деген албуут Каныш.

Каныш сур жоргону моюнга камчылап, жорго туйлап, көз жашын көргөзбөйүн дедиби, имереле бастыра берди. Эшим гана өзсүнүп батынып:

– Ай... ай... жеңе... – деп, алдын тосту. – Ыя, көзгө жаш алып, жаман нышана баштаба, жеңе... – деп жиберди жини ойгонуп.

– Койдум, койдум, кайним... – деп, ошентсе да эрөөл жакка жүз бакпай, имериле бастырып калды.

Бекназар алчактаган кара кашка аргымакты тизгинин жыя темингилеп так түйүлүп, кайра камчылап этин ачынтып, колундагы жалаң кылычты ыргытып, тосуп, өрөпкүп, алда кандай чыдамы кеткендей албууттанып турду.

– О-о!.. Ким чыгат буга!..

– Чыгат да эне төрөгөн эр!

– Токтон сен... О тигилерди көрдүңбү? Ханзаада өңкөй көйкашкадан кырк жигит эрчитил келип отурат...

– А ошону айт.

Бийлер дөңдө. Алар да майдандан көз алышпайт. Абил бий үн чыккан жактарга астыртан көз таштап, мостоюп суз. Насирдин бек үндөргө кулак салбайт. Тыктуу кылычка чыгып, ат ойнотуп турган элеттин азаматына аваз кылып жатты.

– Ана! Тага! Ана! – деп үзөңгүгө тура калды. – Бизге көкбөрү таштаган азаматтын өзү! Ана!..

Аңгыча булар турган дөңгө бир жигит чаап жетти.

– Таксырлар! Эр чыкпаса, баатырдын байгесин чыгарсын дейт.

– Ким? – деди Абил бий мойнун созуп.

– Аксакалдар!

– Эй, аксакалдарга айтып бар, шашылбайлы. Эр чыкканча шашылып, байгесин өзүлөрү алып койду дебейби бөтөн эл! Журт эмеспи, чыгаар...

Абил бий көкүрөгүн керип, эки жагын каранып койду. Аны түшүнүп, тиги Абдырахман акырын башын ийкеп, ууртун жымыйтты. Абил бийдин да көңүлү жылып турган эле. Бекназар баатыр кыйкырык сайын оштонуп, кара кашка аргымакты кош аяктата тик тургузуп, майданга чимирилте чаап жүрдү. Ушунун өзү да бөтөндүн көзүнө сүр болуп, Абил бийге ариет жалгап, зоболосун көтөрүп жатты. Ал акырында бактылуу жүз менен Насирдин бекке:

– Жиеним... Биздин баатырга диттеп киши чыга албады. Не дегейсиз? Не ойлук кылгайсыз?.. – деп таазим этти. Улук мейман деп жакын адам катары санаганын түшүндүрүп, Абил бий аштын тамашасын Насирдин бекке башкарткан болучу.

– Уруксат кылыңыз!

Жан жигити батырбашы Ташкалле бегин сүйлөтпөй сыңар тизелей калып, баш уруп жиберди.

– Уруксат кылыңыз, бек?..

Насирдин бек нестейе түштү:

– Сизге эмне болду?..

– Уруксат кылыңыз бек! – Ташкалленин үнү калчылдап чыкты. Эгер беги уруксат кылбай койсо, ал жулкунуп туруп кете берчүдөй, же ошол бойдон бүк түшүп солуктап ыйлап жиберчүдөй. Насирдин бек токтолуп калды эле, Абдырахман акылчы жумшак жылмайып койду. Бул анын макулдугу болучу. Насирдин бек алакан жайды:

– Жигит пири Шаймардан колдосун, Ташмат батыр... Оминь!

– Ушул сөз кошо көздөрү кооптуу ойноктоп, эрөөл майданга жалт этти. Бу сапар анын көзүндөгү бейпил аваз жоголуп, жылуулугу кетип калган эле. Эрдин бекем кымтынды.

Ташкалле шарт тура калып, үч ирет таазим кылды да, топтун кобураган батасынын коштоосу менен артка бурулду. Ушул учурда жигиттеринин бири ээринде бийик бөктөрүнчөгү бар карагер тобурчакты суулуктап жетелеп, утуру чуркады, Насирдин бектин артында туу түбүндө катып турган сурнайчы эр чабыштын күүсүн тартып кирди. Күрсө-күрсө дабыл коштоду. Насирдин бек ордунан козголду, коштоп жүргөндөр коопко түшүп дүрдүктү. Күлкү, тамаша менен турган бейпил элди тиги сурнай сестентип жиберди. Күнгө күйгөн кара чекелер ойго бата чүрүшүп, кыл баскан эриндер бекем кымтылып, сандаган чоң тебетейлер үнсүз кылкылдады.

Текирең урган ат үстүндө алга жулунуп, куду канат каккан тажаал кара жырткыч куш сымал майданга түшкөн кишини көрүп, ачылган эрини жабылбай нестейе калды Каныш. «Ошо!..» деди.

«Ошо... – деди Каныш. «Жеңе, эмне болду, ыя?..» деген Эшимдин үнү анын кулагына угулган жок, күйпөлөктөгөнүн билген жок. «Ошо...» – деди эрини титиреп.

– Йе, бул не?.. Ызырынып чыкты да... – деп жиберди кимдир бирөө. Ушуну менен, жанагы бейпилдик түгөндү. Корккон, жини келген, табалаган сөздөр чегинен ашып, камышка тийген өрт болуп чатырап кетти.

– Ана!

Сыпайлар бүт атка чуркады!

– Ой, турасыңарбы?

– Башыңар дарбыз болуп колуңарга түшүп калганда ойгоносуңарбы!

Төштөрдө тебетейлерин чыканактарына төшөп, майданды тиктеп тынч жатышкан бейпил топтор да дүрүлдөп турушту.

– О, журт, асте, асте!.. Тынч өтсүн аш. Не көрдүңөр! Не көрдүңөр кутургандар! Эрөөлгө чыккан эр күлүп чыкчу беле? Ошончо айбаты, сүрү болбосо...

Ушинтип кимдир бирөөнүн үнү дүүлдөгөн элдин кыйрында жаңырып жатты. Тебетейин колуна алып, бирөө атын таппай калдастап жүрдү:

– Кокуй! Минтип жоон сааптуу камчы албай келип отурганда... бу кокуйлар кокуйду салат көрүнөт!..

– Наалаты! Ха наалаты, оозуңда каралың барбы, ыя?.. – Домбу чоң тебетейди ат менен өмгөктөтүп чокуга камчы менен бир шилтеп калды. – Жап оозуңду! Жыландын куйругун басканы турасыңбы?!

Кишинин тебетейи учуп, корголой берди:

– Токто, хан тагасы! Айбым кайсы! – деп ачуу чаңырды.

– Бас үнүңдү! Ушу тапта үнүңдүн катуу чыгышы күнөөң, жаагыңдын жап болушу олжоң! Тарт нары!

Домбу элди аралап бастырып кетти...

Ак кийимди кийген жарчылар аттарын локулдата желдиришип, туш-тарапка эрөөлдүн шартын майышкан муңдуу үн менен зоңкулдап ырдашып, жарыя кылып жүрүштү.

– О, калайык, азаматтар намыс үчүн чыгышты албарс тыктуу кылычка. Атты чапмай, тизеге какмай жок болду. Эр чабыштын шарты ушул. Өлгөнү кунсуз. Жеңген эрге төө баштаган эки тогуз байге бар! О, калайык угуп ал, өлгөнү кунсуз, жеңген эрге байге бар!..

Бир тараптан Насирдин бектин жигиттери катар, бир тарапта жардаган элет... Эки жак жылчыксыз аска болуп, тымтырс болуп тирелип калышты. Көздөр шойкомдуу ойноктоп, тиги мелтиреген жайыктагы эки караанда. Кээ бирөөнүн ичи кайнап, эрини бек кымтылып иреңи кумсарса, кээ бирөөнүн оозуна «ыя, кудай...» кирип, колдору калтырап жакасына барып жатты.

Ошол жерде бир да жумуру баштын оюна тиги биринин ажалын бири колуна жалаң кармап, азреилдин канаты учуруп, бетме-бет келаткан эки жигиттин каны, кырчын өмүрү келбеди, кайта эски кек, өткөн өктө тартып, эки жакты бирдей тымызын каршыктырып, көкүтүп турду.

О теңир, намысты кетирбе! Сакалы белине түшкөн карысын да, айрымачта отурган жашын да, кандайдыр бир жалпы мүдөөгө окшогон кандайдыр бир самоо жетектеп жатты. Намыс! Ушул сөз ортого ташталып калган жерде көчмөндөр көк мелжиген чеп болуп туруп беришет. Ушул бир сөз менен шаарларды жексен кылган өрттү чыгарышат, тайпа-тайпа элдин атын өчүргөн кандуу жаңжалды башташат. Ушул бир сөз менен кыл чылбырга өз башын өзү салып, ушул сөз менен бирөөнүн бутун кучактап, бийик боюн пас кылышка барат. Кымбатка турган намыстан баасы, пайдасы эртең канча? Аны менен кимисинин иши бар?

Намыс! Намыс кеткен жок! Ушул эки ооз айтым сөз, көңүл төтөгү артып калса, ошол жетиштүү, ошол канимет. Бул эл ушунусу менен күчтүү, ушунусу менен шордуу эле.

Аргымактар түтүндөй чубалып, төрт туяктан учкан чаңды илештирбей эки беренди заматта бетме-бет келтирди. Эки берен ачуулуу бүркүт көздөрүн кадашып, тизгиндерди кескин тарта беришти, аргымактар кош аяктап тура калышып, токтоно алышпай чимирилип кетти, кайра оңолуп аваны шооладай жара тилип турган ак болот кылычтарды бийик таптай бири-бирине бой урушту. Кылычтар күнгө жалт-жалт деп бирине-бири зор күчтөр менен карс-карс чабылып, миздеринен от төгүлдү.

Ташкалле Кокондун, Маргаландын чебинде бекерликтен урушарга киши таппай, чатак издеп, чайкана кыдырып наша тартып мас болуп, ар кимге кылыч тап кылып, ызылдап качкан кишинин артынан каткырып күлүп басып жүрчү. Ким кой дейт? Ташкалле хазрети хандын тун уулу Насирдин бек мырзанын эрке жигити. Күрөштө, мушташта өз чөйрөсүндө буга тең чыкчу эмес. Ошондон улам ата-энеси койгон Ташмат аты калып, Ташкалле атыгып кеткен. Нечен жылдардан бери өзүнүн жаш мырзасына караштуу сыпайларды, сарбаздарды кылыч ыгына машыктырып жүргөн устаты болучу. Мына бүгүн тиги элеттин боз башынын эрөөлгө мурда чыгып ат ойнотуп турушуна ал чыдай албады, токтоно албады, ээн жерде эсирген бирөө анын төбөсүн тебелеп тургандай туйду...

Кыйды Ташкалле. Азыр биринчи беттешкенде эле, элеттин эсирген бозбашы эмес, тереңинен от күйгөн заардуу көздү көрдү, оңой майышкыс катуу колго урунганын сезди. Ошол замат «бозбашты кылычтын сырты менен кеңгирете чаап, этегинен чаңга сүйрөп таштайын» деген эрдемсиген кыялды дароо коюп, батырбашы боюн качыра сак аракетке өттү. Канткен менен, мындайды башынан көп өткөргөн, ыкчыл. Ал кыстап, ыктатып сүрүп, өктөмдүк кылып баратты.

Чак-чак... Шыр-шыр... Кылычтар миздеринен от чачып, бири- бирине кайралат, аргымактар моюндаша майышып, теминги тийгенде кайра дирт атылып, көк чапчыйт. Кастар улам өчүгө кылыч тирешип, алка жакадан бурдашып, шарт ажырап кетип тажаалдана кайра беттешип жатышты.

– О, кайран берендер! Намыс үчүн кара башынан кечкендер! Сактай көр, жигит пири сактачу болсоң!

– Ой, кишинин алдын тоспо! Кандай немесиң? Быякка катарга турбайсыңбы эл менен! Сенден башка киши көрбөйбү?

– Тур быякка?

– Тык! Тык! Эмне чыкты мындан?..

– Алдырбай жатышат да ! Ыгы келе калса го... Аяшар түрлөрү жок булардын! Кылычты ар ким байланат, чабарына келгенде азамат жигит шайланат! Андай эр экенсиң, чыкпайсыңбы?

– Кайда чыгат? Койсоңчу, көргөнбүз жоон өпкөлөрду...

Майдандан көз албай, улам обдулуп ат үстүнөн тура калышып, муундары титиреп чыйпылыкташып турган эл чур дей түштү.

– А-ий! Кайран жигит! Бу кимиси болуп кетти, садагаң кетейиндер!

Ошол замат шабыраган үндөр тып басылып, миңдеген көөдөндө улуу кубаныч менен коркунуч кылтылдап кыл таразага түштү. Ким? Кимиси?.. Дүйнө өлүк жаткан үйдөй шырп этпей калды.

Боз топуракта эрдин башы каны жошулуп, тоголонуп жатты. Бийик бөктөрүнчөктүү капкара аргымак элтеңдеп четке желип жөнөдү. Турган эл толкуй түштү... Бир убакта дене шалак этип оонап кетти да, бирок буту үзөңгүгө илинип сүйрөлүп, аргымак кошкуруп үркүп кергиштеп чуркады.

Ошол учурда экинчи баатырдын колундагы кандуу кылыч көккө ыргыды. Бекназар!

Эл женгер жигиттин алдына утурлап, селдей дүңгүрөп агыла жөнөлдү.

Каныш кара жалдуу сур жоргого камчы уруп, арты жабыла ат койгон жигиттер илешпей, кубангандан кутуруп, көзүнөн жаш төгүлүп, «а-а-а!» деп, өз эркине өзү баш ийбей кыйкырык салып эң алдыда. Кундуз бөрктүн алдына желкеге тистеп койгон кош өрүм колоң чач тисмеси үзүлүп бошоп, суналып, жоргонун күүнөн жаралган шамалга дирилдеп калган. Жолунан кача берген бир тааныган: «Ө-өй, кантет бу баатырдын эрке катыны?!» деп калып калды. «О-о! бекеринен эркек катын атыгып жүргөн бекен?! деп, карсылдап күлдү бирөө. Мунун баарын иле алган жок Каныштын кулагы, шамал гана дуулдайт, эки көзү кара таандай жабыла уюлгуй сүрөөнгө алган көпчүлүктүн ири алдында караңдаган баатырында. Мөөрөй алганынабы, аман эле калганынабы, анын өзүнө да, сактаган теңирге да, өз ырысына да жалынып, сары улак садака болуп чабылып, алдындагы зыпылдаган жоргонун арышын сездирбей аны зайыптын алоолонгон ак көңүлү алып учуп баратты...

Обочо дөңдөгү кара булуттай калдайган билермандардын тобу кыймылсыз, үнсүз калды. Өзгөчө Абил бий чөлдөгү боз моло болуп катып, иреңи кулботодой кубарып кетти, нечен кылта кырккан жерден бир тал чачына забын келтирбей соо чыга билген аярдын оозуна сөз кирбей калды. «О, жараткан... Мага камдаган дагы шумдугуң бар беле?!. О, шумурай Бекназар! О, кан кускур ай!..» Абил бийдин сергек көкүрөгү эртеңки күндүн түрү кандай болорун болжой албай, акыл дүрбүсүнө токтото албай тунжурады. Насирдин бек капыстан жаакка жегендей көздөрү чекирейип, нес болуп катты. Дабыл карсылдап, улам өжөрлөнө, улам өчүгө урулуп, кулак тундуруп, сыпайлардын аттары тыбырап, колдору кылычтардын сабына сермелди. Насирдин бек да ушуну сезип, ушуну эңсей тургандай. Абил бийдин чекесинен чыпылдап тер чыгып кетти.

Дүңгүрөтө ураан кыйкыра чуру-чуу түшө ээрчип чапкан элге жеткирбей Бекназар катуу келатты. Насирдин бектин эки көзү чакчайып, тиги жакындаган сайын улам чоңойгонсуп, жалтырап, колу калтырап белиндеги бир атма орус тапанчасына жабышты, тапанчаны акырын сууруй баштады. Абдырахман анын колун кагып жиберди.

– Кокон эмес бул жер...

Сулуу буурул жорго чууга селтилдеп, кулактарын тикчийтти. Мээ кеңгиреткен айгай, куюндай сүрөөн Бекназарды алып өтө берди. Кулагы чыңырып, өзүнүн кайда турганын сезбей кеңгиреп, колу тапанчага карышкан бойдон, купкуу болуп, Насирдин бек селейип турду...

Элдин Бекназарды ортого алып катуу келген ири алды күрөөнүн түбүндөгү көп үйлөрдүн биринчи урунганына ийриле түштү.

– Ким бар?

Үйдөн элечектүү бир кемпир чыкты. Күндүзү тынымдан, түнү уйкудан калып жарым айдан бери мейман күткөн да. Кемпир уйпаланган, жүдөгөн эле. Ал корккондой, таңыркагандай нестейип, киртийген көздөрүн алсыз ымдалап:

– Келгиле, келгиле... – деп оозун кыбыратты.

– Аксарбашыл! Айланайын, эне, аксарбашыл! Намысыбыз кеткен жок!..

Кишилердин бири балбалактап, бууну бошоп, атынан оонап түшө баштады. Эмне! Намыс! Кайдагы намыс! Кемпирдин акылына чүргөлө бербеди. Не болсо да, биң бир, жакшылык экенин сезип, баш ийкей ар кимди тиктей берди.

– Болсун... Болсун...

Тиги атынан оонап түшкөн киши өзү көгөла сакал болуп жүргөнүнө карабай кемпирди «эне» атап жашып:

– Айланайын, ак эне, өзүң бейне кылган... Бекназар уулуң тыктуу кылычка түшүп намыс алды. Кубан, кубана турган күнүң, жан эне!.. – деп, этегине тооп кылып, ошонусу менен жалпы эле эне затын бийикке тартып, бирде жамандыкта, бирде жакшылыкта берекелүү эне колуна, сүтүндөй таза эне пейилине сыйынды. Бул тоолуктардын ар качан эске тутар адаты, үйүтү болучу.

Тыктуу кылыч! Тамашаң түш ай! Ыя, далай эрдин жаздыгы куураган жок беле, ушундан далай жаш кара чүмкөнүп какшанып калбады беле мындан. Кемпир алаңдап кетти.

Баатырдын каны ичине тартып, эрдин бекем кымтынып, дагы эле кеги калып келгендей, саналуудай. Бапыраган көпчүлүктүн ыгына коюп, өзүнө кайдигер сыяктуу. Кара кашка аргымактын кирпигинен тер тамчылап, үстүндөгү коргошун салмак улам оорлоп бараткансып, ноюп, бир орунда тура албай бураңдай берди.

Көпчүлүк Бекназарды аттын үстүнөн көтөрүп алышты. Кемпир:

– Болсун... болсун, айланайын... – деп, карбаластап, калдастап туруп, бирдемеси унут калгансып, үйүнө жүгүрүп кирип, кесеге суу алып кайра чыкты да, баатырдын башына үч тегеретип, ырым кылып, ичинен бирдеме күбүрөп, өрттөнүп батып бараткан күндүн артынан алыс чачты.

Ошол замат тапыраган эл сарыбашыл ак улакты бакыртып

мууздашып, колтугун жарып, ысыгы менен өпкөсүн сууруп, кемпирге кармата салышты:

– Келиңиз, жакшы көңүлүңүз менен, жеңил колуңуз менен баатыр уулуңузга өпкө чаап таштаңыз!

Кемпир үңкүйүп отуруп берген Бекназарга тегерене басып, колундагы кандуу ысык өпкө менен чокуга, ийинге, колго тизеге домдоду:

– О, кудурет... назари ачтан сакта... тили сууктан, дили суктан сакта... элине аттай арка, тоодой медер болуп жүрсүн... о, кудурет... – деп күбүрөп домдоду, ырым айтты. Кемпирдин тишсиз кызыл ээги кемшейип, мурдун быш тартып муңайып кетти. Минтип миздүү кылычка түшүп, ажал менен бетме-бет кармашып, өлбөй келип отурган уулуна көңүлү жибиди. Өпкөнүн урулгандан карайып чыгышы, ырым ошол, кирген кирине, жаман көз, жаман лабиз – бары ага жабышып, адам денесинин тазарганы болмокчу. Кемпир «жамандык күл менен кошо чык, күн менен кошо батып кет» деп, батышты көздөй алыс ыргытты...

Тизгин жыйбай келди Каныш, баатыр бир өңчөй боз карт бугулардай кары кишилердин ортосунда турган экен, кутуруп кеткенсип жулуна барыштан айбыгып, боюн жоргонун далдасына тарта, бирок көзүн ала албай токтоло калды. Бирөөнүн кадалып тиктегенин сездиби, Бекназар акырын мойнун буруп бир карап, Канышты көрдү да, ушунча ыйбалуу топтун эч кимге байкатпай жүзү жылууланып, не билинер не билинбес, акырын башын ийе ийкегенсип койду. «... о, үргүлөйүн дил билгим...» – деп, жарк этип, жүрөгү лик-лик согуп, эрке Каныш тымызын ошого эле көңүлү тоюнуп, ыраазы болду.

«Эми баатыр тыныксын, эс жыйсын...» – дешти парасаттуу карылар, нары да зайыбы кошо жүргөн соң баатырга алейне көтөрүлгөн коңшу конок үй жакка көөлгүй ыктап, эшигине келип токтоп, бири саймаланып чырмалган кооз чий эшикти тез төбөсүнөн бийик көтөр ачып, бири «келиң, кириң» кылып, сыйурмат көрсөтүп, баатырды киргизишип коюп: «...о-о...», «...эр чабыш – өлүмгө маңдайлашыш...», «...жарады бала бир ишке...», «...өмүрүнө береке берсин...» – дешип, акырын күбүрөшүп, баары көйкөлгөн узун этек ичик, сеңселген бөрк, теңселе чоюла кайра басып калышты.

Каныш үйгө киргенде Бекназар али төргө өтө элек экен, камчысын керегенин башына илип, кылычын белинен чечип, жай кыбырап, нары карап турган. Шырп эткенди угуп, көз ирмемге токтоло калды да, ким келгенин билип, акырын бери жүз бурду, эр чабыштан чыккандай эмес, куш салып кубанып келгендей, жүзү жылуу.

«Намыс кут болсун...» деп камдаган кебин айта албай, ой чарпыны жетише албаган бир бийикте сыяктанган «намыс» дегенден көрө көңүлү ынак зайып үчүн күнүгө кучагы толгон жан шерик эркегинин аманчылыгы артык белем, Каныш каңырыгы түтөй эңиле отура калып, эринин ултаңдай катуу алаканын көзүнө сүртө, а алаканына көз жаш тамганын сезе калган баатыры өбүүгө үлгүртпөй карысынан шап көтөрө кыса кучактап, эркелете жаагынан бир жыттап койгону, аны бул дүйнөнүн күнүмдүк көйкөйүнөн бир паста жан куунаткан ыракатына көйкөлтүп салды.

Кечки оокат үзүрүндө Абил бийден бир жигит келип:

– Бек аке, «булардын көзүн кычыштырбай кете турсун тоо жакка» деди бий, «аш тынч өтсүн» деп суранды... – деп, бирөө угуп коё тургандай акырын күбүрөп кетти. Дилинде муну туура көрдү Каныш.

Ие, булардын көзүн кычыштырбай?! Эрини дулдуя кымтылды Бекназардын. «... аш тынч өтсүн...» деген сөз ачуу менен акылдын ортосуна түшүп турду. «Ыя, – деди баатыр, – эр эңиш, балбан күрөш кала береби?!»

– Түшпөй эле коюң эми...

– И-и?

Жымыйып койду Каныш:

– Түшүп көрүшсүн менсингендер. «Тойдон ботко жедирбес, аштан жилик алдырбас» дешип, ичтери кетип калышпайбы?..?

«Көз тийип калып жүрбөсүн?!» деген жүрөк өйүгөн оюн оозунан чыгара алган жок. «Мен кырсыктап калдым, баатыр...» – деп акырын күбүрөдү. Чекесине алакан басып көрдү Бекназар. Эти ысып турган экен.

– Кан көрүп да калдым...

– Ыя?! – деп жиберди Бекназар. Кан көргөнү боюнан түшө турган болгону го?! Ушундан чоочунду.

«... мейли, жан этин жеп кылган аракети кыйрап калбасын...» деп, Абил бийдин абалына бир ой чаргытып алды да, Бекназар байге малын кармаган соорунчуну тез чакыртты.

– Байге даяр, баатыр, – деп дуулдап, кирди, – айтылган төрт түлүктөн бирден тогуз мал толук чогултулуп турат. Жигиттерден бериң, чычкагын калтырбай алдына салып берем өзүм!

– Өзүң?! – деди Бекназар, тымызын зекий, – болушунча калыс болуп бөлүп, бей-бечараларга таркатып берип коё аласыңбы? Тиги алайып тиктеп таң калды. «Чычкагын калтырбай!» деп, анын өз сөзүн атайын кошумчалап койду Бекназар. Бу катуу эскертүү. «Куп, баатыр, куп...» деп, «айнып кетпесин» деген да санаа кылт эттиби, кулагын жапырган бойдон эшикти сүзө чыгып кетти. Ичи улам мыжыгып ооругандан айласыз кабагы тырышып, ичтен сыздап отурган Каныш баатырынын бул ишине астейдил ыраазы болду. «... кайырың, садакаң болсун... алкышы, батасы тийсин бей-бечеранын...» – деп тилек кылды дилинен.

Эңиш, күрөш түгүл конолоп чабыла турган сай күлүктөрдүн кызыгына да күтө албай, абалы улам оорлоп бараткан зайыбын коштоп, алдыңа өбөк коюп, өзү жетелеп, ошол эле күнү жолго чыкты. «Күнүгө эле болуп жатты беле мындай маараке?! Тама көрүп кайткыла...» – деп, кыя албай ээрчиген Эшим инисин да жанына алган жок.

* * *

Жарчы зоңкулдап жамактап ырдап:

– О, калайык, кулак сал! Бир күнчүлүк жерге айдалат күлүктөр. Сүрөөн болбойт. Чылбырлуу күлүк байгеге кошулбайт. Тамашаны башкарган ханзааданын эрки ушу! О, калайык, кулак сал... – деп, жар айтып, алдындагы жоргосун зыргытып, эки-үч жолу көп элди аралай кыдырып өттү. – Камдангыла! Чай кайнамда жолго чыксын күлүктөр. Жер алыс. Кызыл-Рабатка коно болот. О, калайык...

Саяпкерлер дүүлүктү. Кай бирөө күлүктөрүн четке тартып, өз жамагатын тегеректетип, айбан малдын бактысын кудайдан тилеп, жолу ачылсын деп, бата ала баштады. Мадылдын көңүлүндө тору кашка. Кылт этип көрүнө калабы бир жерден деп, дагы эле үмүтү үзүлбөй, эки жакты арытып тиктейт. «Кайран биздин тору кашка ат болгондо, – дейт ичинен, – мен дагы жалтылдатып кошуп турат элем азыр..» Мадылдын жүрөгү туз куйгандай ачышты. «Миң койлууга карышкыр тийсе, бир койлуу бычак ала жүгүрөт болуп... энеңди урайын, биздин жалгыз атты ууру алганын карабайсыңбы?!»

Мадыл ичтен сыздады. Бети тыржыйып, эки жакка максатсыз каранып, карбаластады.

Бир тааныштын баласы атасынын чобурун нары-бери бастырып жүргөн эле. Кашаң чобурду башка-көзгө чапкылап, салпылдата желдирип:

– Ой, Мадыке! Ой... тору кашка... – деп, бала апкаарып кыйкырып чыкты нарытан. – Ата-а!

Мадылдын кулагына «тору кашка» деген сөз шак o дей түштү. Жалт карап, жүрөгү булкуп кетти. Бала чырылдап жетип келди:

– Тору кашка!.. Биздин ат!..

Мадылдын төбө чачы дүрүлдөй түштү:

– Ыя?! Кайда? Тору кашка?! Ыя, кагылайын кудай...

– Те тиерде! Байгеге кошкону алып чыкты бирөө...

Бала көрсөткөн жакты карай Мадыл далдактап жүгүрүп жөнөдү. Эл жардап карап калды. Мадыл өпкөсү толуп:

– Бере гөр, кудай, бере гөр... А... а... – деп, ыйлагысы келгендей, көзү ымыр-чымыр болуп кетип баратты. Эч ким менен иши жок.

Чын эле те четте бир чабендес бала кымкап үртүк жабылган атты нары-бери жай бастырып туруптур. Камыш кулагы, үртүктүн көкүлдүгү ачыла түшсө маңдайынан тумарча кашкасы жарк көрүнө калат. Куйругу карлыгачтын куйругундай кылынып, эки ача түйүлгөн. Күлүктүн көзү сүзүлүп, үргүлөгөнсүп кетип, кайра куш сыяктуу акырын селт этип ойгонуп, жерге жукпай жепжеңил басып турду. Кандай ат болсо да, куп табына келген кези окшоду.

Мадыл бакырып:

– Өзү! Тору кашка... Өзү, айланайындар, өзү! – деп жиберди. – Тору кашка. Кашкасын карачы. Тору кашканын басыгы. Тору кашканын тумшугу... Тору кашканын кирпиги...

Ал лүкүлдүп жетип барып:

– Түш, энеңди урайын, уурунун баласы! – деп аттын тизгинине кол сермей берди. Күлүк селт деп, чабендес бала дыр коюп, карматпай кетти:

– И? Ким ууру?

– Токто! – деди Мадыл артынан далбактап чуркап.

– Токто бери, көрсөтөм ким ууру экенин...

– Ме сага! – Чабендес бала камчысы менен ээрдин кашы жакты жаңсап көрсөттү, жакын жуутпай.

Эл чогулуп кетти. Бир аксакал:

– Эй, бала, бери кел! – деп чакырды чабендести.

– Кимдин аты? – Чабендес бала аттын башын бир аз тартып, сестенип:

– Домбунун... – деди.

– Хан тагасы Домбунунбу?

Чабендес бала башын ийкеди. Кишилер кужулдашып калышты:

– Йе... Сарыбайдын тору кашкасы кайдан түшүп жүрөт анын колуна?..

Аңгыча күлүктү маарекеге кошордо көрүп коёюн деп, беш-алты коштоочу менен Домбу келип калды. Ал денеси толук, кыркма кара сакалдуу, майланышкан чалыр көз киши эле. Күлүктүн тегерегинде чогулуп жаткан элди көрүп, көңүлүнө бирдеме тык этип, бир ууртун тартып мыйыгынан күлүп, акырын бастырып келди.

– Биздин ат! О айланайын журт, бу биздин тору кашка! – деп кыйкырып жатты Мадыл. Жанагы аксакал:

– Тигине, Домбу бий өзү да келатат, чаңырбай тура тур, аныгын билели, мына эл турат, чын эле тору кашка ат болсо... – деп жубатат. – Уурулук болсо кармалат. Тапкан болсо сүйүнөт, тааныган алат...

Домбу көзүн чалырайтып, иреңи бузулуп, ушулардын баарын угуп келип:

– Э-э? Эмне жыйын?.. – деди катаал. – Эмне сөз?..

Мадыл жетип барып тизгиндеп калды:

– Ууру! Бий болбой өл! Ууру... Бер биздин атты! Бер...

Домбу ачуудан капкара болуп:

– Ой... Оозуңа карап сүйлө, томаяк!.. – деди.

– Кайдагы ат? Атыңды тааныйсыңбы, ант ургур?

Аксакал ортого түштү:

– Бий, Сарыбайдын тору кашка атын ууру алган, өзүңүз да билесиз, баарыбыз билебиз, – деп баштады ал, ошол кашка ат деп, мал ээси таанып, өрттөнүп отурат...

Домбу:

– Бери кел! – деп чакырды чабендес баласын.

– Атты байлап кой! – Анан аксакалга карады: – Пайгамбардай кары экенсиз, сакалыңызды сыйладым, болбосо мындай жалаа үчүн өз терисинен өзүнө шайы көйнөк кийгиздирет элем! Тигине ортого байлатып койдум. Тумшугун сыккан малын ар ким тааныйт.

Алсын тааныса атын...

– Тааныйм эле! Тааныбаганда!.. – деп, Мадыл дудаланып атка жүгүрдү.

– Тарт мындай! – деди Домбу катуу. Эки жигити Мадылды атка жеткирбей, бакыртып дырылдатып четке сүйрөштү.

Мадыл ызага уугуп, сөгүнүп, Насирдин бек токтогон өргөөнү карай жөнөп берди:

– Зордук! Көрүнөө зордук бу... Барам мен бара турган жерге! Айтам мен айта турган жерге арызды... – деп үңүлдөп кетти. – Уурусу күчтүү болсо ээсин баса калат деген ушубу?!.

– Барсын, – деди Домбу чалыр көзүн чакырайтып артынан тиктеп, – ошолор сикисин кесип берер бекен?!

Эл дуу-дуу болуп, бир жагы Мадылга жан тартып, бир жагы «а кокус, чала таанып, бөөдө жаңжал чыгарып алса, балакет басты Мадылды» дешип, күңүлдөшүп калышты. Байлануу турган атты саал алысырактан имерип тиктеп: «Сарыбай минип жүргөнүн көп эле көрдүм эле. Ошол тору кашка аттын эле башы окшойт. Ошол...» деп, калыс аксакал да көңүлүндө Мадылдын доосун оң корүп:

– Мейли, бий келсинчи, мынча болгон соң... – деди Домбуга угуза.

Домбу аттын жанына эч кимди бардырбай койду. Эл улам көбөйүп чогула берди. Те нары жакта күлүктөрдү шайлап, бир жакка шылгап, коного айдоого беттене баштагандар да, токтоп калышты.

Аңгыча бир топ атчан көрүндү. Абил бий, дагы эки-үч кадырлуу адамдар экен. Мадыл күйүгүп, Абил бийдин үзөңгүсүнөн кармап, сүйлөп келе жатат:

– Айланайын эл агасы! Тору кашка эле өзү. Кантип тааныбайын өз малыбызды?! Ушундай да зордук болобу? Бу Домбунун эмне кылганы?!

– Ассалому алейкум... – деп, эки көзү чекирейип, талашка түшкөн ат кайда туру экен дегендей, алдыртан серп салып, топко акырын салам айтып келди Абил бий.

– Бий! Мени ууру тутуп атышат. Сени калыс бий деп, баарыбыз баш коюп жүрөбүз. Кана, калыстыгыңды көрсөт эми! – деп, азыркы хан тукумуна тага, ага сүйөнүп алдыртан Абил бий менен эгешип, тизгин талашып келаткан Домбу идиркенектеп, бир чети матап, атайын чатак ырбаткысы келип сүйлөдү.

Абил бий сезди, шаша койбой:

– Ат кайда? – деди да, эл нары байланып, кулагынан башка, туягынан башка эч жери көрүнбөй турган атты көрсөтө бергенде, ал дагы Сарыбайдын тору кашка атын таанычы эле, имерип тиктеп:

– Йе, хан тагасы, ууру болсоң тутуласың. Тапканмын десең тааныганына кайта бересиң, – деди атайы тактап, такмазалап. – Эреже ошол. Салт ошол.

Домбу тайманбай:

– Тааныбасачы? Бу жалаа болсочу? – деди атын темине, чалыр көзү кызарып, бир шумдуктуу жылтылдап. – Ыя? Ачык айт. Абил бий! Мен бул кордукка чыдай албайм, ой Абил бий!..

Бул эмне мынча баатыр сүйлөйт? Же чын эле башка атпы, куруган Мадыл жаңылып жатабы? Абил бий байланып турган атты дагы бир имерип тиктеп алып, келбети ошо байкуш Сарыбайдын тору кашкасы, көңүлүнө ишеним келе калды да:

– Жалакор жазасын алат. Томаяк болсо да тогуз айыпка жыгылат! – деп шар кести. – А кокус, хан тагасы көз көрүнөө кара өзгөйлүк кылып, кашайып отурган болсо... андан жаман, тогуз айыпты ал тартат, хан тагасы экендигине карабай түптүү журт алдында шерменде кылынат. – Ал Домбунун кабагын аста тиктеп, жымыйып тиктеди. – Ойлонуп көрчү өзүң, калыс болобузбу ушундай кылсак?..

– Йе, көтөрүп турган асманың таштап жибер, Абил бий! – деп бир чар этти да, Домбу жигиттеринин бирине колун кескин шилтей буйруду. – Тарт үртүгүн аттагы...

Жигит шапа-шупа чабандес ээр токулган токуму менен кошо кымкап үртүктү аттын үстүнөн сыйрып алды. Атты көрүп эл чуу дей түшүп, кайра дым боло калышыты. Кулан сыяктуу кызыл чаар аргымак экен. Делбиреп, эки көзүнөн жаш сыгылып турган Мадыл шалак этип, отуруп калды. Ал көрүп турган көзүнө ишене албады.

Домбу:

– Жетеле мындай! Жетеле тигиндей! Эл көрсүн. Таанысын ат жоготкондор! – деп чакчырылды. – Ана, таанып ал, Абил бий! Келишкен кулан чаар аргымак куйругун буластатып, маңдайындагы тумарча кашкасын жаркылдатып, элдин алдынан нары-бери жетеленип өттү.

Эл дуулдап турду. Калыстар нестейди. Абил бий нестейди.

Мадыл:

– Тору кашка... Тору кашка... – дегенден башка эчтеме айта албай, бир отура калып, бир тура калып, тору кашканын эле өзү, а кулан чаар кайдан чыгып калганына акылы жетпей, көз көрүнөө күйдү, туталанды.

Домбу бастырып келип:

– Көзүңө карап жүрбөйсүңбү, ыя? – деп, Мадылды атка өмгөктөтүп камчы менен баштан нары эки-үч тартып өттү. – Мына сенин жазаң. Мен сенден тогуз айып доолап жүрбөймүн, кызыталак...

Сына түшкөн Мадыл өйдө карай албады, башын эки колу менен бекитип, бүжүңдөп ара корунду.

– Чала болот сага! О, уятсыз жалаакор... – деди кимдир бирөө топ ичинен. Бирөөлөрдүн оюна «Домбунун каерде кулан чаар аты бар эле? Күлүк сатып алыптыр деген сөздү эч ким уккан жок эле го?..» – деген күдүк келип да турду.

Абил бий унчукпай бастырып кетти. Жалгыз ошол сезди Домбунун кара өзгөйлүгүн.

Домбу дайыма кол алдына ууру алып жүрчү. Бир түндө Сарыбайдын семирип турган тору кашка атын уурдатып алган болчу. Кыл арканды аябай бороктотуп кайнаттырып туруп, ысык боюнча аттын мойнунан соорусуна чейин чырматып жиберген. Аркан тийген жерлери кашайып күйүп, тору кашка чыңырып кишинеп, тизелеп жыгылып, так түйүлүп туйлап, өлө жаздап араң чыдайт да, муздаган соң арканды алып таштап, өзүн жиптей катырып суутуп, кайра бакканда күйгөн жерлери жыдып түшөт, бир кезде ордуна көгүш ак жүн кайра чыгып, ат көз көрүнөө тору кашка эмес кулан чаар аргымак болуп чыга келет. Ошол бойдон Домбу бий бир жанга байкатпай, түнкүсүн гана сыйрытпаса, күндүзү үстүнөн жеңил кымкап үздүрбөй бактырып, сууттуруп, мына эми чоң маареге алып чыккан кези эле.

Кана тору кашка ат? Элдин көзү кулан чаар атты көрдү. Эл алдына кулан чаар ат чыкты. Мойнуна коюп көр эми Домбунун! Абил бий тишин тишине басып, бир жагы өзү даңаза үчүн берип жаткан аш үстүндө чырылдаштырып отургусу келбей, бир жагы ашка ханзаада келип турганда, кантсе да кудай урган Домбу хан тагасы аталат эмеспи, чатакты ырбатпай Домбу үчүн жек көрүүсүн көңүлүнүн тереңине жашырып кетти.

Жанагы жамактап жар айтып жүргөн ырчы кулан чаар аргымакты мактап калды:

кызыл чаар аргымак
куп келишкен сындуу ат,
кумда ойногон куланбы,
жаныбар,
куулдап туягынан чаң учат...
Камыш кулак, тик туяк,
эки көзү шам чырак,
анык буудан окшойбу,
жаныбар,
айбандан башка сүр турат...

Домбу эргип, эл алдында марттыгын көрсөткүсү келип: – Мына, ырчым, – деп, өзү минип турган атынан түшүп, аттын чылбырын ырчыга карай ыргытып таштап, камчысын сүйрөгөн бойдон басып кетти, – ал, атты, ырдап ат алганмын деп, айта жүргөнүңө жакшы!

Күлүктү, сулууну, баатырлыкты, марттыкты, адилдикти, чечендикти те илгертен барктап көнгөн эл дуулдап жиберишти:

– Бали! Жигит болсо сенче болор! Бали!

Ырчы өзгөчө шаңдуу үн салып, Домбуну ээрчий бастырып, бир төгүп мактады:

Баатыр заада Домбу бий,
башка бийден жолдуу бий!
Төгөрөктү төп чапкан,
түк ойлонбой көп чапкан
түпкү атасы кыпчактан
жаңгер каңлы баласы
Санжырасын сан кылган
сандаган журтту таң кылган
бир теңелсе Атантай
теңелбесе жок мындай
жоомарттыгын карачы...

Домбу кайрылган жок. Сыртынан сыр бербей, кебелбей, ичинен балкып, жамыраган көп көзүнчө арбагы көтөрүлүп, терисине батпай баратты. «Абил угуп жарылып кетсечи а!» – деди көңүлү.

Ошол үч жүз ашуун күлүк чабылган чоң маарекеде кулан чаар аргымак байгеден чыгып, Домбунун ысмын дагы алыска учурду, дагы зоболосун көтөрдү.

А Мадыл байкуш, аттын көзүн таанып калган, ичи күйүп, боору эзилип, бүт жарыктык дүйнөнү сөгүп, аштын тамашасынан кечип, аягына күтпөй кетип калды.

– Басыгы деле өзү, кирпиги деле өзү, көзү деле өзү, айланайын аке!.. – деп, өрттөнүп Сарыбайга айтып барды. – Үртүк жаап койгон экен, үртүгүн быякка сыйрыса эле-е... куду куландай кызыл чаар...

Эки көзү кыпкызыл болуп, жаш тегеренип, алкымын ыза бууду Мадылдын. Сарыбай күрсүнүп ойлонуп отуруп, көптү көргөн киши, тиги Домбунун кара өзгөйлүгүнө көзү жетти да:

– О, бетиң кургур... – деп күбүрөп алып: – Болуптур, кеткен мал экен, эсиңден чыгарып коё кал, – деди Мадылга. – Дагы бир зыяны тийип жүрбөсүн? Кудайдан коркпогондон корк. Муну эстүүлөр айткан...