кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Төртүнчү бөлүм

III

Өлбөгөн кулга жаз келди. Кыштын каардуу запкысынан жанчыла түшкөн адам бутун кере сунуп, көк чөпкө отуруп, терең дем тарта айланага жалбарып тиктеди. Көтөрөм мал илдиреп туруп, үзтүгө жеп көккө тоюп, аны ал кылалбай шалдырап күнгө жон салып жатты. Күн эне сыяктуу мээр төгүп, чилденин чери баскан далыларды жылытып, кан тамырларга кубат жүгүртүп, жамыга бирдей ыракым чачып жадырап турду.

Эл кыштоодон күңгөй конуштарга чыгып конгон кез. Малы канчалык көбөйсө киши ошончолук ниети тарып, элден алыстайт. Ал коңшунун жардамына муктаж болбой тирилигин өзүнчө эле жакшы өткөрүп, малын малга аралаштыра төр талашып отура турган туугандыктан четтей баштайт. Андай батышпай жаткан мал болбогон соң Теңирберди жамагаты жаздоого чогуу чыгышкан.

Нары да, «данбагар» атыккан бу жамагаттын көрөр күнү жалгыз эле малга байланган эмес. Өзөн суу боюндагы түзөңчөлөрдү ээликтешип, ыңгайлуу жеринен арык кайрышып, бирткеден дыйканчылык баштап алышкан. Кышкысын талканы үзүлбөйт, жайкысын бирткелеп болсо да чөйчөгүндө агы болот. Тоок сыяктуу бирине бири ыктоо, уруулук тамырына караганда күнүмдүк тирилигинде бирине бири жакын, керектүү. Көп алыс көчүшпөйт, саратанда гана бөксө жайлоолорго барышып, көбүнчө эгин жайдан алысташпай жаздап, күздөп, күн өткөрө беришет.

Үй ичинде Айзаада көйнөгүн жамап отурган эле. Тыштан «А-ай, кара такыя!» деген каардуу үнү чыкты, жүрөгү үшүп бүткөн келин селт эте тура калганын өзү билбей тышка жөнөдү. Кемпирдин кычыктары кызарып эти өсүп кеткен заардуу көздөрү тирмейип тосуп алды аны:

– Ыя?! Кечинде шыйрагыбызды жагабызбы отко?! Куурай аз го? Бирдеме термелеп келбейсиңби күндүн жарыгында, ыя?!

Айзаада дайыма элпек болууга тырышчу. Баласынын күйүтүнөн кара күйүндү чычала болуп жүргөн кайнененин көңүлү жумшаар бекен, жылыр бекен дечү. Дароо көтөрмө алып жөнөдү.

– Тез ке-ел! – деп калды артынан кемпир.

Айзааданын жүрөгүнө ийне болуп дайыма сайылган каргыш ушул «кара такыя». Улам эрге тийсе, улам эле эри өлө берген зайыпты «кара такыялуу бейбак» деген ишеним бар турбайбы. «Койнумда, жаздыгымда жатып өлсө, кара такыя дешсе мейли эле го...» деп, дайыма арманы башын оорутат. Нары барып, ойноп жаткан балдардын арасынан Болотту чакырып алды:

– Жүр, кичине бала, – деди ал, – куурай терип келебиз, жүр, кагылайын...

Болот кыйыктанып кыйшаңдап:

– И-и... Жеңе, кардым ачты-ы. Ие, барбайм куурайыңа-а... – деп тартынып, бир басып кыңылдады.

– Оюндан кардың тоёбу?

– Тойбойт. Кардым ачты, кардым ачты-ы...

– Экөөбүз талаадан куурай терип, көтөрүп келебиз. Келгенден кийин ошол куурайды жагып сүт бышырып берем. Баса гой, кагылайын...

Айзаада баланы пешенесинен сылап эркелетип койду. Бала жана түштү. Айзааданын колунан көтөрмөнү алып так секирген бойдон жалт-жалт каранып алдыга чуркады.

Темир шейит болгон жылы Болот тогузда эле. Ана ыйлуу, муңдуу үч жыл өттү. Быйыл он экиге толду. Башта да атасы, энеси анча-мынча опуза кылышчу. Өзгөчө Темирдин күйүтүнөн соң көзүнүн агы менен тең айланышып, баланы эркине коё беришкен. Айзаада тиктеп отуруп, бул баладан Темирдин үрөйүн көргөнсүп, ошондонбу, бир туугандай ичи ийрилип, түндөй кара, узун көйнөгүн сүйрөлтүп, жоолугун буубай бош таштап, ойго чөгүп келе берди.

Кайда шашат? Жайдын эрке көпөлөгүндөй сергилең, жашчылыкка, сүйүүгө кумарлуу куш көңүлү кайда? Шат күлкүдөн, жүрөккө жакын жылуу сөздөн жат. Мына быйыл кайнатасы уулуна аш берип, акыркы ариетин кылат. Салт ушундай, төркүндөрүн чакыртып, Айзааданын карасын алып, кааласа башын ачып, уруксат кылышы ыктымал. Жаздан бери жесирдин оюна ушулар түшө баштаган. Бир кур, чын эле ыйдан кутулуп, көкүрөк датын жууп таштап, кандайдыр өмүр жыргалын, көңүл кубанчын башка жактардан издеп кете тургандай, бирдемелердин камы азыртан түшө баштагандай. Ээнчиликте күзгүдөн өзүн көпкө тиктеп, көзүнүн алдын, бырыштарын сылап-сылап көрүп, эч бир чыдоого болбой тургандай болуп ичи куйкаланып кетет.

Айзаада оор улутунду.

Болот ага карабайт. Алдыда. Бала да, эмелеки курсактын кейиши эсинен чыгып, жыттуу чөптөрдүн башын кармалап, булуттарга таңыркап, кээде көтөрмөнү таштап жиберип сарала көпөлөктөрдүн артынан жүгүрөт, канаттуу көпөлөк оводо делдектеп бийик көтөрүлүп, көгүлтүр закымга төнүп кетсе, артынан көпкө карап ээрчийт. Көпөлөк кайрылабы? Болот көйкөлгөн жашыл чөптүн арасынан көтөрмөнү кайта издеп таап, чөп кычыштырган шыйрактарын тырмалап алып, көтөрмөнү сүйрөп андан нары жөнөп баратты...

* * *

Чымчыктын тилинен башка эчтеме бейпилдигин бузбаган көк өзөн өзүнүн бир кунунда шылдырттап турган кашка суусунун жан терметкен жоош шабыртын ныксырап тыңшап, ошол кездерде да, дайымкысындай мемиреп, башы улуу тоо, аягы үлбүрөгөн көгүлтүр мунарыкка төнүп мелпилдеп керилип жаткан болучу.

Күн жаркырап турган. Аба тыптынч. Көк өзөндү бойлоп, кашка сууну ар жеринен кыркып кечип, ийрилип тоо тарапка өткөн ак жолдун учунан караан көрүндү. Бир... эки... үч... Караандардын куйругу үзүлө койбой, кумурска болуп сап тартып, акырын жылып, бирде бөксөгө кире көрүнбөй кетип, кайра чубалып чыгып, ийрилип, улам берилеп, караандар чоңоюп, улам жакындап келе берди.

Көч экен. Темир колун чекесине алып көп тиктеди. Эң алдында көч баштары туу кармап келатты. Шыңгыр, шыңгыр, шыңгыр... Көч сүрдөөнү дүңгүрөп, сансыз коңгуроолор шыңгырлап, шаатыттан кыйгап өтүп калды.

Ошондо таруу жаңы корукка кирип, шөкүлө болуп мөлтүрөп турган. Дан багарлар Теңирберди баштап шаатыттын түбүнө кош курушуп, былтыркыдан калган каракчыларды таруулардын арасына кайра оңдоп коюшуп, бапыр-тапыр болушуп, келген таранчыларга биринчи сапкан уруп калган күн эле. Дан багарлар жолдун жээгине чуркап чыгышып, көчтү аңыз кылып карап калышты.

Көч жай чоюлуп, кылкылдап чубай берди. Жүгү зыңгырап үстүнө калдуу килем, теке мүйүз түр салган кызыл шырдак жапкан, керилген каймал төөлөр мойнундагы коңгуроолорун шыңгыратып, ак элечек кемпирлердин жетегинде жез буйлаларын чойдуруп каалгып, көч айдаган кишилердин бакылдаган үндөрү, ыкшоо өгүздөр ыңгыранып, энесинен адашкан кулундар чырылдап кишенеп, бирөөлөрдүн уйкулуу ышкырыктары, жүздөгөн туяктардын дүбүртү биригип, сүрдөөнү бузулбай көч агылды.

– Кимдердин көчү болду экен?

– Туусун карагылачы, – деди Теңирберди.

– Ай көрүнөт...

– Гм, ай тамгалуу баргылардын көчү тура...

Теңирберди жолго жакын басып, көч арасындагы эркектерге салам айтып:

– Түштөнүп өткүлө, бай акелер! – деп турду. Бул салт эрежеси.

– Жер алыс эле, жол алыс эле... – деп көчтөн кишилер салтка салттын жообун айтышып, ачык жүз менен, ыраазылык айтып өтүшө берди.

– О суусун ичип өткүлө, бай акелер!

– Суусун болсо ичербиз... Нар бели талыбасын... биз ыраазы...

– Жолуңар ачылсын, бай акелер!

– А айтканыңыз келсин, кутман кары...

Көч алды көк өзөн бойлоп узап, күдүрөйгөн майда бадалдуу жашыл адырга таянып, көч баштардын туусу кашка жолдуу ойрума өйдө кылкылдап баратты.

Теңирберди ак сакалынын учун кармалап, кычыктары кызарган нуру өчө баштаган көздөрүн шалдырап ирмеп, каштарын үрпөйтүп, ой баскансып тынч тиктеп турду.

Ушул элеттин күнү. Башын бир жагына кыңырайтып, акырын сызылтып ышкырып коюп, миң жылы көч айдагандыр, көчү миң жылы ушинтип кылкылдап түздөн тоого, тоодон түзгө чубагандыр. Баш калкалар бир боз үй, боз үйдү көтөрө турган бир улоо, минерине ат, саанына бир уй, согумуна он жандык. Ушуну курап алса болду, көйнөгү жок тери тонун жалаң этине кийип жүрсө мейли, мурдун балта кеспей, кымыз уулап, жаңжал издеп, кутуруп чаап жүрмөй. Көч-көчтөн кабар келгенде, сый кийимин кийгизип катынын бээсине, кызын ардактап айгырына мингизип алып, үйүн артып, чый ышкырып он жандыгын алдына салып, көч катарына түшө бермей. Урган коргону, тиккен багы барбы? Бир додо кый, көө болгон үч тоголок таштан башка неси калат көчүп кетсе журтунда. Дайыма кыймылдагы, бут чечпес көчмөн тирилигине будоо болсо, алтын да болсо буларга оор. Бар турманы ушул, кылымдардын туман баскан арасына, ың-жыңсыз боз адырда томпойгон бейитинен бөлөк, бир белги, жарты таман из калтырбай, тоо шамалындай коргонсуз, баштоосуз жүргөн эл...

Колдорунун кан тамырлары көгөрүп, тарамыштары терисине чыгып турган, арык абышканын акылдуу көкүрөгү ушуларды тегеретип ойлоду.

– Түштөнүп өткүлө, бай акелер...

– Жер алыс эле, жер алыс эле...

Көч жармы ченде ак тайлактуу топ көрүндү. Чапчактай кара бээ минген зайып жүгүнүн үстүнө кызыл шырдак жабылган каймал жетелеп келет. Ак тайлак жай булутундай таза. Селкилдеп логлоп, кайра жөн басып, энесинин артында. Айрымач ээрлүү жорго тай минген жаш бала демитип, камчы менен түртүп коюп, ак тайлактын жинине тийип ойноп келет. Ак тайлак ойдолой бере балага кичине айбат кыла «бу-у» деп, тегерек капкара көздөрүн жайнатып, башын чулгуп, ал дагы, бала да, оюнга өзү шерик, сеңселип маңган сайын мойнундагы жылаажын шыңгырлап барат. Алардын соңунда үйдүн бойго жеткен кызы. Кыздын мингени күмүш жабдыктуу тору кашка айгыр. Кызыл манат темингинин чачылуу жибек түймөлөрү эки үзөңгүдөн төмөн самсаалап, айгырдын ак шыйрагына кылтылдап сеңселип келет. Кыз жолдо жардап турган кишилерди карап, жашыл жердин сый чапанына түшкөн жамачыдай болуп жаткан чарчы-чарчы эгин тилкелерине сонуркап, колдорун жайган бойдон былк этпей катып таруулардын ичинде турушкан каракчыларды кишиби деп, былк этпегенине таңыркап, уйку толгон көздөрүн сүзүлтүп көч аягында. Кундуз бөрктүн үкүсү үлпүлдөп, күндүн авазкөй көзү күлүп алатамак шуруга ойноп, жылтылдап кыздын сулууча жүзүнө нур тартты. Кара чачтары беш көкүл. Мажүрүм талдын кырчынындай майда. Куйругу кесик карала ит жол жээктеп, көч бойлоп, тилин салын акактап жүрүп келет, улам чөптүн түбүнө жата калып, көч узай берсе кайра туруп чолтоңдоп жортуп, нымдалышкан кара тумшугун кыймылдатып чүчкүрүп, катуулап желип көчтөн калбады. Шыңгыр... Шыңгыр... Көч алдынан төө боздоп, үн алыстап баратты.

– О суусун ичип өткүлө, бай акелер...

Жүктүү өгүз айдап артында келе жаткан ак тайлактуу топтун ээси атынын башын бура:

– Суусун болсо ичербиз... – деп келип, Теңирбердиге салам айтты. – О, ассолому алейкум, Теңирберди аке, барсызбы?..

– Шүгүр, шүгүр... – Теңирберди тиктеп калды.

– Тааныбадыңызбы? Мен Жамгыр эмесминби? Ай тамгалуу баргы Жамгырмын, Теңирберди аке...

– Гм, көз кургур кете баштаган экен го, өңүң эле жылуу учурап баятан бери... эми тааныдым... – деп Теңирберди колун шаша сунуп учурашты. – Кайран Жабай аксакалдын баласы Жамгыр турбайсыңбы. И, мал-жан эсенби, Жамгырым?.. Ке, суусун ич... ке...

– Шүгүр... Ушинтип эл арасында, көч карасында кыбырап жан баккан болуп жүрөбүз, Теңирберди аке.

Жол боюна көтөрө чыккан чаначтан кырма кесеге толтура кымыз куюп, Темир суна берди. Жамгыр ат үстүнөн туруп кымызды бир тартты да:

– Ой, катын! Бир аз тизгин тарта туруп, ой суусун ичирип ал балдарга! – деп кыйкырды көчкө.

– Ошент, аркаңкы көч кысып келгинче...

– Ал, Темир, суусунду ошоякка алпара койгула! – деди Теңирберди жигиттерге, Эшим чаначты шап ийинге салып, Темир кесени алып чуркады.

– Эсен болсоң болду, Жамгырым, кеп эсенчиликте... Кай жайлоого тарттыңар?

– Быйыл Миң-Бугу жайлай турган болдук, Теңирберди аке. Бийлер андан нары Таласка мал ашырып, Оулиа-Атага орустан соодагерлер каттап турган имиш, ошо Талас аркылуу мал ашырып сатабыз дейт. А болуптур дедик. Элден калбай көчүп келатканыбыз.

– А-а... – деди Теңирберди, көзүн кыймылдатып ойлонуп калды. – Набы бар жакка ыктап бараткан экенсиңер. Түзүк. Орустан келген соодагерлер эмне апкелип жатышыптыр? Куралдыр да?

– Жок, алар курал сатпай калыптыр эми. Тиги казактын чөлүнөн бери карата жер жайнап орустан көп аскер келаткан имиш дейт. Соодагерлерин бакылайт имиш дейт. Бир даары жер ченейт имиш дейт. Кудай бетин көрсөтпө, эмне кыларын билишпейт, Кокондо кымкуут болуп жатыптыр.

– А ушу сөзүң жаңы экен...

Темир менен Эшим каймал жетелеген зайыпка жетип кымыз сунушту. Зайып кесени колуна алып, эми оозуна жакындатканда бери жактан жорго тайын ойдолотуп уулу барды, эне ооз тийбей бере салды:

– Ме, иче гой, каралдым...

Бала терлүү мурдун бышылдатып кымызды аптыгып жутту. Зайып андан кийинки кесени да биртике татып туруп, тамагына өткөрө албай:

– Биймырза, кагылайын, эжекеңди кел дечи, – деди.

Темир:

– Ала бериңиз байбиче, – деди акырын, адептүү, – кымыз бар...

Зайып түгөтө ичип, жигиттерди чын дити менен алкады да ак каймалдын буйласын чоюп, бээсин теминди:

– Чоң ыракмат. Бактылуу болгула, айланайындар...

Темир кымыз кармап кызга келди. Тору кашка айгыр сеңселген кара куйругун жайылта шыйпанып коюп, бышкырынып, ооздугун шылдырттатып чөп башылап оттоп турган. Темир жакындаганда жыйрылып боюн качыра берди.

– Суусун ичиңиз, бийкеч...

Көрктүү кыз карлыгач канат каштарын керип, үлбүрөп, биртике кылыксына жигитке аста серп таштап алып, кесеге анча да жүткүнбөй, өзүн сыпаа тутуп, акырын колун узатты. Ууздай билек агарып көрүнө, кош күмүш билериктери шың дей түштү. Темирдин жүрөгү алып учту. Кыздын бир да сепкили жок, жумуртканын агындай найын жүзүнөн көз алалбады.

Кыз кесени ала берейин дегенде, ал кыздын бир салаасынын учун кесенин түбүнө кошо кармады. Кыздын ак жүзүнө кан толкуп кетти, кара көздөрүн мөлтүрөтүп, алдында дал болуп турган кең көкүрөк чытыраган кызыл жигитти таң калып бир тиктеп алды. Темир колун акырын бошотту. Кыз сыр бербей кымызды алып, бир кылк этти да кайра сунду:

– Ичпедиңиз а...

Сулуу кыз, ыраазылыгыбы, акырын башын ие сүзүлүп, жүзүнө азем жумшак жылмаюу жаратты, анан акырын тизгин какты. Тору кашка лепилдеп жүрүп берди. «Колун кармап адепсиздик көрсөттүм а, көңүлүн кирдеттим а...» деп бушайман жеп, Темир ичи сыйрылып артынан карап калды. Эмнеге жылмайды экен? Жигиттин көңүлү бир сынды.

– Кайыр, жолуң ачылсын, Жамгырым!

– Кайыр, айтканыңыз келсин, Теңирберди аке... Жакшы калыңыз...

Кыздын атасы Теңирберди менен кыйкыра кош айтышып, өгүзүн шаштырып айдап, Темирдин жанынан өтүп кетти.

– Кайыр, жигиттер...

– Кайыр... Жакшы барыңыз...

Көч узарып, көк өзөн бойлоп, жал камыштардын, дүңкүйгөн дарактын далдасына кирип, шыңгыр... шыңгыр... коңгуроо үндөрү бастап, алыстап баратты...

Теңирберди таруу жайга карай басты:

– Ушул аптанын аягында биз дагы үйлөрдү өйдөлөтөбүз, – деп кобурады жанындагыларга. – Мына, элеттин күнү ушу. Ата көрү, мындай карасаң, элеттин жападан жалгыз куттуу күнү ушул көч үстү... Жогу, бары бир дүрбөп, жамачылуу болсо да көйнөктөрүн жууп кийишип, күн ылгап, алдынан жайлуу конуш, жаңы ырыс тилеп, сары жылдыз менен тең туруп, эртелеп жүк коюп көчүп чыгат. Көч үстүндө курсактын ачтыгы, токтугу унутулат. Көч үстүндө эки туугандын таарынычы, эки уруктуң кастыгы мындай ташталат, алар көч үстүндө бири-бирине көмөк кылуу карызын эстейт. Көч үстүндө беш көкүл кыз менен боз уландын үзөңгү кагыштырып катар бастырышы эрөөн эмес... Көчтүн алдын тосуп түштөндүрмөй, түштөнбөсө ат жалынан суусун берип, абал сурап коюш, оогон жүгүн оңдошуп, улоо айдашып, жериңдин четинен узатып коюш бабадан калган нарк эле. Ыя, куру дегенде, ырым түзөп, жандап ат бастырган болуп, тиги кашка ойрумадан нары өткөзүп салбадыңар. Карап турсам, бириң былк этпедиң...

Темир сүйүнүп кетти:

– Эшим экөөбүз узатып коёлу! – деди.

– Дан багабыз деп жүрүп журтчулукту унутуп алышыптыр, жанынан өтсөк иттен чыгарганга да жарашпады, деген кинеси болот, а ошондон кутулуп койгула.

Темирдин мингени соорусу чаар, ак көз, сары жорго эле. Жорго көкүлүн серпип, күчтүү, тарамыштуу буттары менен чөптөрдү шатырата аралап, ээсинин колун карыштырып элирип баратты. Эшимдин кара быштысы салпылдап желип, жоргого бир жанашып, бир башын тартып койсо сопоктоп артта калып, кайра текиреңдеп куйрук улаш. Темирдин көзү ак тайлактуу топту издейт, жүрөгүнө сызылып качанкы бир, кумарга, жаштык илебине жык толгон аван кирип, али сезимге кармала элек бүдөмүк арзуу мас кылып, кайрымжысы кайтпай тургандай болсо да, бир үмүт сыяктуу бирдеме аны учуруп келатты.

– О, арыбаңыз, бай аке! Улоо бели бек бекен?..

– Бар болгула, жигиттер! Теңирге шүгүр, улоо бели жакшы...

Темир көч кишилери менен жооптошот. Эшим эчтемени ойлонууга чамасы жок, ала өпкө кара быштынын башы менен убара.

– Темике, жайыраак жүрчү...

Темир аны бир карап тизгин жыйды. Темирге канат бүткөндөй, Эшимдин көңүлүнөн гана өтө албай кызып калган ак көздүн башын сүйөп тартып, Эшимге жалжал карап, эгер ал дагы ынтылып чү десе, ага миң ыраазы болуп, жоргону дуулдатып жел менен жарышчудай. Көктү сагынып боосун тытып качкан куш сыңары көздөрү жайнап, кан толкуган кызыл жүзүнө бир сабыркоо, бир үмүт калкып чыгып, талпынып келатты.

Көч катары менен жигиттер кызыл бешик өңөргөн келини бар топко жандашты. Келиндин үлпүнчөгү ачылбаган. Бешигин коомай кармап, аттын омогунда ойго батып же үргүлөп келатканы билинбейт. Жигиттер шатырап жандап келгенде, келиндин минген кара жалдуу сары быштысы селт этип үркө басты. Келин чоочуп, бешигин бек кармап, кара жалды токтотуп, үлпүнчөгүн ача берди.

– Арыбаңыз... Улоо бели бек бекен?..

– Теңирге шүгүр, балдарым! – деди, алдыда бээ минип бараткан кемпир келини үчүн.

– Кимдин көчү, жеңече? – деп келинди жандап сурады Эшим. Келин майдай сары жүзүн ого бетер эзилтип, мылмыйып жер карап калды. Кемпир адатты бекем сактаган киши экен, келинине кайрылып:

– Жооп бер, балам, сый жигиттерге!.. – деди. Келиндин балапан түгү түшө элек сары жүзү кыпкызыл болуп кетти. Жооп бере албады. Уяң немени бөөдө кыса бербейли деп, жигиттер теминип өтө беришти.

Шар суу капчыгайды күкүктөнтүп, секиртмек таштардан сапырылып, быркыранып чачырап агып жатты. Көк өзөнгө кошулган суунун бир айрыгы эле. Салкын шапата. Бийик кырлардан тилкеленип көрүнгөн көктөгү тынч булуттар акырын сүзүүдө. Көч капчыгай өрдөп, сууну тепчип кечип баратат. Созолонгон ышкырык, «ха» «хо» деп улоого дем берген каңгырт добуштар капчыгайга толуп, эңгилчек баскан майда аска таштарга жаңырыктап жатты. Жапайы жүзүмдөр. Жыгачтардын баштарына чырмалып, алыстан тармал болуп көрүнүп, улам жакындаганда али көк мөмөлөрүн самсаалатып шагын иет. Бир жактан балдардын көздөрүн кызартып капталдардан кызыл чийелер мөлтүрөйт, эми сарала болуп бышып келаткан өрүктөр алтын сыяктуу жалтырайт. Кайыңдарды, сууга салбырап тийип турган самби талдарды акырын ыргалтып, жалбырактарын жыбыратып толкутуп серүүн жел жортмолоп турду. Шилбинин ашын жешип, «гүк-гү-гүк» дешип, сүйлөшкөнсүп коюшуп, бейпил жүрүшкөн көгала моюн көгүчкөндөр көчтөн үркүп, күмүш канаттарын жаркылдатып оводо дилдиреп жүрүшөт. Темирлер капчыгайдын жолунун тарлыгынан көч аяңына карашып жай бастырышып, о көптө кашка ойрумадан нары кырга чыгышты. Кырдын үстү биртике кобул жайык жер эле. Көчтүн алды капкачан жайыктан өтүп, андан нары кабатталып көрүнгөн жашыл адырлардын ичине кирип кетип жатыптыр. Жээктерин жаңы чөптөр баскан бир таман узун жол жүлгөлөнүп, алакандын отундагы чийиндердей туш-тушка айрылып, учу түгөнбөй жиптей чубалып, адырдан адырларга артылып, колоттордо ийрилип жатат. Жер улам бийиктеген сайынбы, аба салкындап, таза ак булуттар жакындан эле каалгып, бүйрө шашырдын чайырынын кычкыл курч жыты бурулдап тосту.

– Жетпей калдык э...

Темир ат үстүнөн колун серелеп, жайыкта калкылдап жай бараткан көчтөрдү көздөн өткөрүп, айласыз токтолуп турду.

– Тигине... Ак тайлак...

Ак тайлак дагы эле энесинен калбай, бөйпөңдөп логлоп, басып, көч арасында кабатка кире калып, ак канат сыңары кылактап кайра көрүнүп баратты. Кыз артын бир кылчайып карабады. Чачындагы шурулары күнгө жылтылдап... Темир дем тартпай көпкө тиктеди. Ала булуттарды тепчип үлбүрөгөн көк закымга желе тартып кирип кетип бараткан аккуулардын өткүнүн карап тургансып, мелтиреп көч кыйрынан көзүн алалбады. Шыңгырлаган жылаажын үндөрү алыстап, кайдадыр жымыраган боштукка сиңип, кетип баратты.

Ошол сулуу кыз ушул Айзаада эле.

Айзаада кызыл жүздүү жигитти экинчи жолу Миң-Бугу жайлоосунун жашыл төрүндө, бир кыз оюнда көрдү.

Ошондо да кызыл жүздүү жигит арзуу толгон көздөрүн кылгыртып аны көп тиктеди. Кыз оюн деген кыз оюн да. Кызды, күйөөнү алкап, көңүл ырларын, наз ырларын сызылтып, кыз оюн гүлдөп, күүлдөп жатты. Айзаада теңтуштарына аралашып, өзүн алаксытты, бирок кызыл жүздүү бейтааныш жигиттин алдыртан серп салуусунан кутула албай койду. Бу ким? Бул эмне көп тиктейт? Сулуу кыздын жүрөгү кооп санап, кызыл жүздүү бейтааныш жигиттин алдында кандайдыр бир тартынуу пайда болуп, корунуп, коркуп да калды. Ал көк өзөн бойлоп көчүп келатышкан күндү эстеди. Ошондо кесенин түбүнө кошо колунун учун кармап наз кылган ушул жигит эмес беле!.. Жүрөгү дүкүлдөп кетти.

Кызыл жүздүү жигит сылык, сыпаа тутунду. Жаштык кумары жык толгон уккулуктуу үнү менен кыз оюнду тербелтип көп ырдады. Ал канча узатып ырдаган сайын Айзааданын жүрөгү опкоолжуп, бетине кан дүргүп, мууну титирей баштады. Кызыл жүздүү жигит бир кезде көч үстүнөн көргөн бир сулуу кызы, ал сулуу кыздын үрөйү эч оюнан кетпей, анын үрөйү менен сырдашып, сыздап жүргөнүн, ошондон бери бир көрмөккө зар болуп, жер кезип издеп жүргөнүн сызылтып ырдады. Мен издеген кишимди, арзыган кишимди ушул жерден келип таптым деп, айтып жиберет го деп, Айзаада апкарыды, баш көтөрө албай калды.

Дуулдаган кыздар, боз уландар баары бейтаныш жигиттин ырынын сырын билип акмалашып турушкандай. Айзаадага ушундай сезилди. Бирок эстүү жигит андан нары өтпөй, өзүнүн сырын түшүнүп жүзүнө кан дүргүп отурган кызга ыраазы болуп, ансайын урматтоосу артылып, мырзалык көрсөттү.

– Ой де!.. Жан эритер ырың бар экен, курдаш!.. – деди жигиттердин бири. Төрдө үлпүнчөк ачпай тою түшүп отурган кыздын жанында суусар бөрк кийип мөлтүрөп бактылуу жылмайып тынч отурган күйөө бала Темирди чекчейип тиктеп:

– Курдаш, арзыганың ушерде окшойт... – деп калды.

– Коркпоңуз, мырза күйөө, менин издегеним башка!..

Өргөө ичи дуу күлүп жиберди. Күйөө кулагына чейин кызарып, элге кошулуп аргасыз күлгөн болду. Ошондо Айзаада да эл ичинде Темирди бир жадырап тиктеп алды. Кара өзгөй адамдын иреңи жыландай болот, ичиндеги киринин бардыгы күдүрөйүп бетинен чыгып турат, дили таза адамдын жүзүнөн гүл көрүнүп, көздөрүнөн жылдыз жанып турат. Бул былтыр өлгөн чоң энесинин дайым айтчу сөзү эле. Айзаада ошону эстеди. Курдаш кызынын артына өтүп, кылтыйып жигитти таамай карап, жигиттин ачык жүзүнөн жан жылытаар жылуулукту сезди, көздөрүнөн кумар отун көрдү. Так ошол учурда Темир анын көз карашын кармап калды. Бу сапар кыз көзүн ала кача албады...

Эртеси кыздын бир жакын жеңесинен кызыл жүздүү жигит сөз айттырды. Айзаада уялып, же баш чайкабай, же сезим ээрчитип баш ийкей албай, кан толкуп бети ысыды. Жолугууга чыга албай койду. Анын эртеси кызыл жүздүү жигит сабыры суз болуп, ээси колун көккө сунуп үн салып турганына карабай жибек боосун тытып качкан балапан куш жөнүндө ырдап, алдыңдан дагы мендей кадырыңды билген, табыңды тапкан жолуксун, кадырыңды билер жолукпаса, кайда жүрсөң да кайра мени эсте, күмүш канат шумкарым, деп зарлап калган мүнүшкөр жөнүндө ырдап, аттанып кеткенин укту.

Айзааданын кайны бар экен. Кызыл-Жардан төмөнкү отурукташып сарт атыгып кеткен Карабагыш уругунан дейт. Оокаттуу, туугандуу жер имиш. Жыл сайын Жамгыр базарга түшкөндө мал айдабай эле барып, ошол кудаларынан кызылжабар базарлыгын кылып келет дейт. Айтымда, калың көп өтүп калган сыяктуу. Темир баарына баш байлады.

Боз кыроо түшкөн кеч күздө Айзаада данбагарлардын босогосун аттады.

Артынан Кулбатыр баш болгон жыйырма беш киши менен Жамгыр өзү кууп келди. Ушуну күтүп, бүт данбагар атыккан Көлдөбай уругу чогуу турган эле. Айылдын үстү жагына келип, камчысы менен бөйрөгүн таяп туруп:

– Эй! Бекназар батыр! Чык бери! – деп катуу үн салды Кулбатыр. Бекназар кайта кыйкыртпай Жамгырдын алдына чыкты.

– Чык дедиң, мына чыктым, куда, алдыңа...

– Нени сүйлөйсүң, батыр! Кайдагы куда! Мен куугунчумун! Көпкөн экенсиңер. Көппөгөн ушуну кылабы, көппөгөн сөйкөсү бар кызды ала качабы? Кана, жообун айт! – деди муңайып Жамгыр кордолгон кишидей.

– Жаке, ке, аттан түш. Айтар дооңду аттан түшүп айт, чабар кылычыңды аттан түшүп чап. Ке, түшүп, болгон иштин жайын ук, болор сөздүн жүйөсүн тыңда.

Жамгыр кулак салбады:

– Кайда? Жанагы тилазар кайда?..

– А мунуң жакшы, Жаке. Жүр, сөздүн башын кызыңдын өзүнөн угуп башта...

Айзаада кыз-келиндер толуп жүргөн жаңы өргөөдө болучу. Ошол жердеги бала-бакыра, катын-калач, кишилер үйрүлүп карап калышты.

– Сура, Жаке. Сурашка жолуң бар. Сөөк сеники. Сөйкөлүү эмес, башы ачык бешкөкүл кызды зордуктап алакачкан жигитке бир гана жаза, ал жаза – өлүм... Муну эч ким сурап жеңилдете да албайт, сурап оорлото да албайт. Үкем менен сырдашкан жок элем, акыл салбай, сүйлөшпөй капыстан алып кирип келип калды, кокус уурдап апкелген болуп чыгып калса, ана үкемди коргобойм, өзүм байлап берем! Сура. А эгер кыз өз көңүлү менен качып келген болсо, акыйкат ошолордуку. Малы кетип артынан кууп келген малын алат, пулу кеткен пулун алат. Сура, Жаке...

Айзаада көшөгөдө экен. Тушуна келишти. Бекназар башын ийкеп сура дегендей түр кылды Жамгырга. Ар кимиси ар жерде катып жамырап карап калган эл күбүр-шыбыр болуп түйшөлүп кетти. Жамгыр:

– Айзаада! – деди катуу. Айзаада үн берген жок. Жамгыр дагы катуурак сурады:

– Айзаада! Ушердесиңби, эмне унчукпайсың! Мен атаңмын... Үн бер...

– Ушердемин... – деди Айзааданын титиреген үнү. Былк этпей, дем тартпай эл тыңшап калды. Эмне айтар экен? Жаштык кылар бекен? Кептен чалынар бекен балаң кургур...

– Зордук көрдүңбү? Ала качып келдиби?

Кыйлага чейин унчукпай калды Айзаада. Кулбатыр бирдемеден шекший көзү кызарып өрөпкүй баштады. Бекназар томсоруп кетти. Дагы сура дегендей ишара кылды Жамгырга.

– Айзаада! Коркпо, кагылайын, мен турам го жаныңда, зордоп апкелген болсо, «зордоп апкелди» деп түз айт, коркпо! Айзаада!

Айзааданын титиреген үнү чыкты:

– Жок...

– Алдап апкелдиби?..

– Жок...

Жамгыр ээрине өбөктөгөн бойдон туруп калды. Тегеректеги эл жаш келинди алкап, дуулдап кетишти.

– Айзаада! Көзү агып отурган шордуу апаңа эмне деп айтып барайын, ыя? – деп Жамгыр жөнөй берип сурап, тыңшап токтой калды.

– Батасын берсин... – деди Айзааданын чыйралган үнү. Жамгыр шалдырай түштү.

Ушинтип Айзаада өз бактысын өзү тандаган эле, ушинтип өз бактысына өзү бычымчы болгон эле.

* * *

Таштуу башат конушунда угузбады беле, ал жерди туугандары Темирдин сөөгү жаткан жери катары көрүшчү, эң акыркы зыяпатын да ошол угузган маалында, ат кара тил болгон жай алды маалында, аш аты кылып ошол жерде өткөрүштү. Зайыптар үн тартып, туугандар кемегенин башын тегеректеп түгөл туруп өкүрүп, арбактын эң акыркы карызынан кутулушту.

Айзааданын карасы алынды.

Кошолгосун жетелеп, Жамгыр аштын ариетине келип кеткен болучу. Анда оозу барып кызынын тагдыры жөнүндө кудасына кеп чыгара алган эмес. «Сатып жегиче шашып турган экенсиң, кудам!» дегендей катуу сөз угуп калбайын деп чоочуган эле. Кызынын карасын төркүн алат. Жамгыр баштап үч-төрт киши, катын-калач келишти. Айзааданы үч жыл бою түндөй тумчуктуруп баскан капкара аза кийимин отко ташташты, төркүндөрү апкелген ак көйнөктү кийгизишти, башына ак жоолук салышты. Бул азанын бүткөндүгүн белгилөө эле. Эми кайната, кайын журт келинге уруксат кыла берсе, эрк ошолордуку, же туугандардын бирөөнө нике кыйып алып калышса да жол ошолордуку. Нике кыйышка ылайыктуу эркеги жок болуп калган кезде келиндин эрки, кетем десе алдын тосо алышпайт, салт ушу. Жамгыр оозу менен айтпаса да, кебетеси менен, мамилеси менен Теңирбердиге жалынып, шор баскан Айзааданын өмүрүн, тагдырын ошондон тиленип, делбиреп жүрдү. Бирок Теңирберди бүркөө болду. Келиндин башын ачуу туурасында ооз ачкысы келбеди. Муну көрүп Жамгырдын ого бетер өзөгү сыздады, эки бети түктөйүп санаадан жүдөп кетти.

Эртең аттанабыз деген күнү зайыбы экөөбү Теңирбердинин алдынан өттү:

– Кудам... – деп, андан нары батынбай бир көгөрүп, бир кызарып туруп калды Жамгыр. Зайыбы анын кайгысын тартышып, үнсүз бышактап ыйлап отурду. Теңирберди да жер тиктеп, кандайдыр жаман кабарды сезгенсип иреңи кубулуп кетти. Жамгыр чымырканды.

– Кудам... Кудай дешкен куда элек... Кантели, тагдыр ушул экен... Кудай бизди айрыды... – Жамгыр жашып кетти. – Айланайын кудам!.. Сен дагы баланын атасысың! Жаш эле жаштыгына күй, шордуу Айзаадага уруксат кыл...

Сөздүн ордуна Теңирберди болоктоп ыйлап жиберди, Жамгыр кудасынын ийилгенин көрүп, эреркеп кетип, кошо өңгүрүп кудасын басып кучактады:

– Айланайын, жан кудам...

Тыяктан Санем озондоп чыкты:

– О коку-уй!.. О кокуй, Темир эми чындап өлгөн турбайбы, кокуй...

Теңирберди ката түштү:

– Жок, кудам, андай сөздү оозанба. Мен Темир өлдү айрылдым, эми келинимден тири айрыларга алым жок. О кудам? Ушундай таш боор белең? Баш байлары жок дейсиңби?

Жамгыр нес болду:

– Куда... Айланайын, куда... – дегенден башка сөзгө жарай албады, көзүнөн жаш тегеренип кирбийди.

Угуп отурган Кулкиши ортого түштү:

– Кудалар, ыйлашпай, чарпышпай сөзгө келгиле, – деп кейкейип каада айтып калды. – Кара баштуу адамдын тагдыры турат ортоңордо. Жети өлчөп бир кескиле. Ырас, Жамгыр куда, алып кетем деп эле алып кете албайсың, а сен ава, келиндин башын бай лап нике кыйып коёруң болбой туруп, башын ачпайм дешиң сеники туура эмес...

Кулкишинин каада сөзү эки куданын кулагына кирбеди. Барабара ортодогу сылыктык чек, урматтоо кетип, эми кудалар бири бирин заардуу тиктей башташты. Бул жакшылыкка алпарбайт.

– Койгула, эми койгула, кудалар, жаман сөзгө өтүшпөгүлө, койгула... Эмне? Жаман сөзгө барыша турган иш барбы араңарда? Жок. Сен, Жамгыр куда, чеки сүйлөгөн жоксуң, кызыңдын алдында аталык карызыңды жолдодуң. Ак сөз, айланайын. Сенин ордуңда ар ким ушуну сурамак...

Жамгыр бүк түшүп ыйлап жиберди.

– Сен, Теңирберди ава, келинди кетирбей турган болсоң, анын камын ойлон. Жок, андай ылайыктуу адамың болбосо келиндин багын байлабаганың жакшы, муну ойлон...

Теңирберди Кулкишини беттен алды:

– А сенчи! Сен ойлонбойсуңбу!

Кулкиши ыйба кылып тайсалдай түштү:

– Ойлонолу... Баарыбыз эле ойлонолу...

Ушунун баарын Айзаада үйдүн сыртында, тушта туруп угуп, көз жашын төгүп турду. Болот жеңесинин көзүндөгү жашты көрүп, ал жеңесинин ыйлабай жүргөн күнүн аз көргөн, сабыры суз болуп күмүш чолпунун чачыларын кармалап ойногонсуп тура берди. Үйдөн кишилер кыжылдап жатты.

– Жеңе... Сени алып кетеби?.. – деп, кыңылдап, ошол алып кетебиз деген ким болсо да ошого нааразы болуп, үрпөйүп сурады.

– Билбейм... – деди Айзаада. Көз жашын жеңи менен сүртүп, баланын бешенесинен сылады. Андан башка эмне дейт? Ага өз башы, өз тагдыры али белгисиз болучу.

Кулкишинин каада сөздөрүн эки куда пурсатка алышпады. Жамгыр да көгөрдү. Жөнөп жаткан киши кетпей калды. Акыры айтылар сөз эле, айтып, бул айылдын улуу, кичи адамынын алдына ачык түшмөкчү болду. Теңирберди да көндү.

Топ эртеси эле чогулду. Бир чоң ишке сөзү өтчүдөй болуп кабакты салып таштап, ойлонуп басып, Кулкиши да келди. Жамгыр байкуш кичинекей көк сакалын эрбейтип, ар кимге жалбарып тиктеп, кызынын тагдыры үчүн ушул айылдын итине да үч тегеренип кетчүдөй.

– Айланайындар... Садагаң кетейин, журт... Кудайга карагыла... Садагаң кетейиндер...

Бекназар аксакалдардын этегине келип мандаш урунду. Ал азыр башка туугандарынан айырмасы жок. Башында ак кийиз тебетей, бутунда көн өтүк, көөнөргөн теке чалбар шымчан. Он эки өрүм жоон булдурсундан башка жарагы жок колунда.

Жамгыр топ алдында өтүнүчүн айтты. Кызынын тагдырына арачы түшүп, уясына жылан кирген чымчык сыяктуу дилдиреди:

– Кагылайын, журт... минтип кудам экөөбүз топко түшүп отурабыз... Мага топтун кереги жок, баатыр, сенин гана бир ооз сөзүң керек. Бар, бара бер, жесир биздики десең, турам да кете берем... Күйгөнүм жалгыз кызым... Жаш эле... Шордуу балам көңүлүнө отурбаган бирөөгө байланып, кор болуп калабы...

Ушуну айтты да Жамгыр шөмтүрөп отуруп калды. Тымтырс. Лам деген киши жок. Элдин баары алдыртан Теңирбердини карап калышты. А Теңирбердинин кабагы жазыла койбоду.

– Кана, не дейсиң, Теңирберди? – деди аксакалдардын бири.

– Айт, бүлө ээси сенсиң. Нике кыярым бар десең, салт да, шарият да сен жакта. Жок, келин балама уруксат берем десең эрк да, айкөлдүк да сен жакта.

Теңирберди мисирейип туруп, баягы сөзүн дагы айтты:

– Мен Темиримден өлүп айрылдым, эми келинимден тири айрыларга алым жок! – деди. – Уучум куру эмес... Темирим сынса Болотум турат!..

Отургандар бирин бири тиктешти. Жамгырдын көзү чекирейип кетти.

– Эркек он экисинде, кыз бала тогузунда балакатка жетишет. Быйыл Болотум он экиге чыгат, нике буйруйт. Болотума нике кыйдырам...

Айлана дым боло түштү. Бекназардын эки көзү Теңирбердиге шибегенин учундай кадалды. Теңирберди көшөрүп жер тиктеди.

– Болбойт! – деди Бекназар кесе.

Отургандар селт тиктешти.

– Болбойт! Балаң келиндин жарым жашында. Бою да, ою да эки башка. Эки адамдын убалы уктатабы сени! Ава, кудайга кара, ой ава.

Теңирберди жини келип, калтырай баштады:

– Кайсы кудайга карайм? Карадым кудайга! Мага ошо кудай жол берди, кудайдын шарияты жол берди!

– Болбойт дедим!

– Бекназар! Бекназар! О Бекназар, менин үйүмө киришпе! Жетет! Темирди ээрчитип жүрүп өлтүрүп бердиң, жетет!.. Куда-аай, кайдасың, туугандын зордугун көрсөткүчө, о алсаңчы мени!..

Кишилер Теңирбердини жөлөшүп, кайрат айтып калышты. Бирөөлөр Бекназарга ичтен нааразы болуп, кабагын түйдү. Иреңине кызыл жүгүрүп, Жамгырдын чекесинен тер чыкты. Бул чатактын акыры эмне болоруна акылы жетпей. Кулкиши оозун алжайтып, дени өлүп турду.

– Кана, эмне дейсиңер? – деп кесе сурады Бекназар отургандарга кыдырата тиктеп. Бир аксакал күйшөлүп койду, нурсуз кызыл көзүн алсыз ирмегилеп сөз таппай калды. Ал мындай бүлө ээсинин эркине каршы, шарияттын эрежесине каршы бүтүмдү көргөн эмес, ошондуктан маң болуп отурду.

Бекназар да муну түшүндү, ал дагы кылымдар ыйык сактаган бүлө ээсинин укугун, айыл аксакалынын кадырын жалгыз өкүмдүк, өткүрлүк менен аттап өтүп кетүүдөн чоочуду, ал кандайдыр бир жардамга, сүйөккө муктаждыкты сезди.

– Болуптур! Келин мында келип айтсын, тагдыр ошонуку, өзү эмне десе бүтүм ошол! – деди Бекназар.

Топ бир азга тымтырс боло түштү.

Зайыпты топко чакырганды ким көрүптүр? Ким зайыптын ою менен болчу эле? Калк туткан ыйык адатта жок жосун! Катын акылы чөлгө, эр акылы өргө. Болбойт бул иш! Болбойт! Токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет. Бекназар акең болтурам десе болтурары ошо. Ким алдына чыгат. Өз айлында кебин эки кылганды жаман көрөт. Өйдөсүнгөн, басынткан кишини көрсө, Бекназардын көзүнө кан толо түшөт, колу дароо кылычына жабышат, бул жанкечти. Ошон үчүн баатыр.

Топ ушундай адат менен адил жанкечтиликтин ортосунда кысылып турду.

Бекназардын чымырканып жооп күтүп турушуна туруштук бере албай тоскон суудай мелтиреп турган кишилер жандана түшүштү.

– Мейли, келсин...

– Өзү айтып көрсүн!

– Ырас, тагдыр ошонуку эмеспи...

Кулкишинин зайыбын жанына коштоп, Айзаада жыйындын алдына келди. Бул айылга бүлө болуп келгенине төрт жыл айланып баратса да, жашы улуу адамдарынан алигече качып, алдынан туура өтө элек болучу. Ак шалпар жоолукту үлпүнчөк таштап, жүзүн, көкүрөгүн жашырып, отурган улуу-кичи эркектаналардан ыйбаа кылды. Ошонусу менен, бир чети, аларга урмат көрсөткөнүн билгизип четке келип отурду.

Аксакал ал жакты тиктебей, бирок кебин ага багыштап, түзүк уксун дедиби, кирки үнүн көтөрүп сөз баштады:

– Балам, биерде сенин тагдырың ортого салынып отурат. Сөздүн төркүнү сага белгилүүдүр. Көңүлүңдөгүсүн ортого ачык айтсын деп, чакыртып отурабыз, балам. Кана, не дейсиң, чырагым?..

Ара бейиттей тымтырс болду. Үлпүнчөктүн ичинде Айзаада жок сыяктуу, ал былк этпеди, үн да бербеди. Көздөр ага жыбырап тигилди. Айзаада дагы эле кыймылсыз калды. Кулкишинин зайыбы чыдабай:

– Кагылайын... Эсиңи жыйчы... Кыйналбай көңүлүңдөгүнү айта салчы, – деп, акырын шыбырады. Үлпүнчөктүн ичинен азаптуу үшкүрүк жооп болду.

– Айзаада... Айланып кетейин... Тартынба. Тартынсаң өз башыңа шор. Айтып кал, айланайын!..

– Йе, эмне кыстайсыңар? Унчукпаса ыктыярын билдиргени ошол! – Тургандар дуу-дуу болуп, аксакалдар бийик ашуудан өткөндөй жеңилденип, жөтөлүп, бирин-бири тиктеп, эмки бүтүмгө кам ургансышып кобураша башташты. Жамгыр жиндеп бакырып тура каччудай кызы жакты карап катып калды.

Ошол учурда Айзаада козголду, ал кичине жөтөлүмүш болуп, сүйлөөгө камынгандай болду. Топтун кыймылын, кобур үндөрүн бир паста кандайдыр бир сыйкыр күчү сыйрып кеткенсиди, айлана дагы бейиттей томсоро түштү.

– Мен... – Айзааданын үнү каргыл чыкты. – Мен бул үйгө кунга келген эмесмин. Же сатылып келген эмесмин... Мен көңүлүм сүйгөн киши менен качып келгем...

Айзаада токтолуп калды. Аны жаш буугансыды. Кулкишинин зайыбы коркуп кетти. Ушуну менен бүтүрүп таштайбы деп, шордуу келиндин тагдыры үчүн коркуп кетти.

– Токтолбо, садагаң болоюн, токтолбо! – деп, күйпөлөктөп, жабышып шыбырады. Айзаада жашын жуткандай болду:

– Арбакты сыйлайм. Артында калган атасын, энесин капа кылуу мага кыйын. Атам чын көңүлү менен мага уруксат кылса кылсын. Кылбаса буларды боздотуп, туруп кете бере аламбы?!.

Теңирберди:

– О, айланайын, каралдым!.. – деп бакырып жиберди. Жамгыр күлботодой кубарып кетти.

– Бирок, атам мени кичине балага нике кыям дебесин. Кичине бала Темирдин бир тууганы болсо, менин да бир тууганым болбойбу? Бир тууганымдай, атүгүл баламдай көргөн боорума нике кыям дегенди койсун! Мен кетпейин. Чачымды желкеме түйүп, тебетей кийип, Темиринин ордуна Темир болуп калайын. Катуу жумушун капшырып, жумшагын жууруй кармап, ак кызматын кылайын. Кичине бала өсөр, керилип жигиттик дооруна жетер. Өзүнө ойлош, өзүнө бойлош колукту табышып, тоюн тойлошуп, ага болуп жүрөйүн, агасынын ордун жоктотпоюн. Ошондо атамдын көңүлү жибир...

Кишилер Айзааданын кебине таң болушту. Теңирберди да, Жамгыр да үңкүйүп отуруп калды.

– Айтарым ушул. Атам мунумду эп көрбөсө, анда атама мен таарынам, мен капа болом. Турам да кете берем... Алдымда кызыл камчы турмактан өлүм өзү туура тосуп жатсын, мен ошого тике карап кете берем. Өлүм бактуунун багын алат, шордуунун шорун алат...

Бири да чук этпей, бири да шырп этпей тымтырс болуп калды эки жак тең.