кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Төртүнчү бөлүм

II

Дайым жылуу кан чокуп көнгөн бүркүт чыгы кеткен өлүү жемге алымсынабы? Үмүт кылып, мүнүшкөрдүн үшкүрүгү чыккан жакка талпына ачуу шаңшып, саңоор жүндөрүн түктөйтүп, темир канат балапандай оозун ачып жалынычтуу кыйкылдап жиберип турду. Жакшы көргөн кырааны карыптай суранып отурганына чыдай албай Сарыбай мүнүшкөр тескери карай берди.

– Эртең эмнени бердим? Бүрсүгүнү эмнени бердим?

Ал далысын үңкүйтүп, айласы түгөнүп, шалдырап турду. Кылар арга кайсы? Эптеп бир аракет кылуу керек. Тырмалануу зарыл.

Сарыбай көңүлү түтүп отура албай, айылдын үстү жагындагы калың арчалуу кадууга чыкты. Барып өгүнтөн бери үзбөй ар жерге коюп жүргөн кыл тузактарын карады. Бири да бузулбаптыр. Сокур чычкан да жорголоп өтүп койбоптур.

Узун кыштын оорчулугу кол караган мал түгүл тоодогу айбанаттарга да катуу өткөн эле. Кекилик, кыргоол, чил жер карайганга жетпеди. Бир жагынан кар, суук кысса, бир жагынан ачтык кысты. Турган жеринде, жаткан жеринде карга кошо тоңуп, түлкүлөргө, ийри тумшук куштарга жем болушкан. Кийиктер көздөрүн жайнатып короолорго кирип келишип, көбү адамдардын бычагына урунду, көбү кары жеңил пас тарапка ооп кетишти. Мына жер карайды. Көк да чымырады. Буту жеткен жеринен Сарыбай бир да илбээсин жолуктура элек. Жердин куту качтыбы?

Сарыбай темтейип чарчап кечинде үйүнө келди. Эшиктин көзүнөн зайыбы Сүйүмкан ага үмүттүү карап:

– Соога, мүнүшкөр, соога, – деп тосуп алды. Эмне демекчи? Кеберсиген эрдин ырсайтып кайгылуу жылмайды.

Кең үйдүн оң капшытында мойнун кайрып, тумшугун жогдор жүндөрүнүн арасына катып, туурунда үргүлөп отурган бүркүт мүнүшкеринин дабышын сезип, зор канаттарын далдайта сары ооз балапандай жем тилеп кыйкылдап үн салды. Томоголуу болучу. Мойнун созуп-созуп мүнүшкеринин кай тушка отурганын тушмалдап талпына берди. Бүркүттүн үнү чөгүп бараткандай алсыз угулду Сарыбайдын кулагына. Ач! Ачтык кубатын алып алсыратып бараткан экен. Сарыбайдын ичи сыйрылды.

– Мүнүшкөр, ушуга убал болуп кетти. Эртеден кечке шырп эткен дабыш угулса ошол жакка талпынат. Кыйкылдап жем тиленет. Же бере коёрго бир үзүм бирдеме болсочу. Үмүт үзүлгөндө, байкуш жаш балача кыңылдап, канатын түшүрүп шалдырап калат... Ушуну коё берсеңчи, мүнүшкөр. Бешенеңде болсо, дагы бир бүркүт табылар, коё берсеңчи ушуну кыйнабай... – деди Сүйүмкан. – Туураң жыртылып кете турган болду өзүңдүн да... жем издеп жүрүп...

– Ой, катын ай, эмне деп отурасың?!

Сарыбай таарынгандай кабагын бүркөп, ого бетер тунжурап отуруп калды. Коё бер? Не күндөргө туш келип турганы менен, ал мүнүшкөр да. Өз колунда он түлөткөн, алгыр, сынакы кушу. Өз санынан эт кесип беришке барса барар, кантип коё бере алмакчы? Бул бүркүт тилсиз макулук болсо да Сарыбайга жолдош, үйдөгү бүлөнүн бири катары! Сарыбайды жогу табылгыс санаалар эзди.

Сүйүмкан ашканасынын оозунда күйпөңдөп тулубунан талкан алып жатып:

– Аштык да бүтүп баратат, – деди кейиштүү, – бир эле биз эмес, төрт үйлүү тууганыңдын баарында эчтеме калбады. Биздин үйдү тиктеп отурушат. Мына, бизде болсо, жетсе жарым айга жетер, тулуптун түбүндө биртике сырмак калды. Жылдагыдай ак мүрөөн болгондо, кичинеден жыт кылып турганга ушу деле жетет эле бышыкчылыкка дейре. Жылдагыдай ак кана?..

– Болду! Мынча эмне шишке саясың мени! – деп Марылып кетти Сарыбай. Көпкө дулдуюп отуруп, акыры түтпөй Мадылды чакыртты.

Салам айтып эшиктен Мадыл кирди. Сарыбай шалдырап отурган калыбында башын ийкеди.

– Бир тууганым, – деди Сарыбай бир убакта Мадылга, – бүркүттүн жеминин камын мен көрөйүн... – Ал улутунуп алды. – Туугандардын колундагы быдыры жуттан чыкпай калды. Эмне кылабыз, көпкө келген опат. Күн сайын билинип ачарчылык келатат. Уктуңбу? Бүркүттүн жеминин камын мен кылайын. Сен оокаттын камын кылбасаң болор эмес, бир тууганым... – Сарыбай бүркүт кондуруп жүргөн жаргак кол кабын Мадылдын алдына таштады. – Ме, көк өзөн боюна түшүп, ушуну алдына таштап, Теңирберди авама менден салам айт. Бир улоо дан берсин. Жакшы эле, алдашпай алака кылып жүргөн жер эле. Куру кол кайтарбайт. Теңирберди жай билги адам. Түшүнөт жайыбызды. Ушундай деп эле ачык айт: колубуз жер алдында жатып калбас ушул бойдон, таба-тута кутулабыз де.

Мадыл кайырлашып үйдөн чыгып кетти.

Сарыбайдын көңүлү биртике ачылгансыды. Ал керегенин башында турган комузун алды. Көптөн бери колуна алалек эле. Комуздун кулактарын акырын терип бурап күүгө келтире баштады. Кылдардан чыккан түрдүү үндү тыңшап, бирин көтөрүп, бирин күңгүрөөгө чейин пастатып, үндөрдүн бирине бири жалганууларын жүрөгү менен угуп, кыял эргүүсүнө берилип кетти. О, ал комузду сүйлөтчү эле. Бу дагы ата өнөрү болгондуктан жашында кызыгып үйрөнүп калган. Бирок, ушунун аркасы менен» оокат кылбагандан кийин, кунт кылчу эмес. Кээде гана, көңүлү чак кезде, көңүлү өтө чөгүңкү кезде гана колуна алып, бир-эки күү чертип, кайра ордуна илип коёр эле. Өмүрүндө Сарыбайдын көңүлү чөгүңкү күнү аз болгон, ошондуктан көбүнчө комуз ээсинин көңүлү чак кезинде чертилчү. Кээде жалгыз кызын, бүркүтүн эркелеткиси келип, жан термелткен ажайып мукамдуу үндөр менен алардын көңүлүн көтөргүсү келгенде чертилүүчү.

Сарыбай күңгүрөнтүп баштап, сурнай үнүнө келтирип, «Кер өзөн» күүнү черте баштады. Ал комузду өнөр катары алып жүргөн комузчуларга окшоп күүнү кандай болсо ошондой толук чертчү эмес. Өзүнө жаккан жерин көтөрүп, жакшыртып, жакпаган бошоң жерин таштап кетчү. Күүгө өз сезимин, өз көңүлүнүн толкунун кошчу. Ошондуктан Сарыбай черткен күү кай бир кезде башынан аягына эргүү толуп шаңдуу, кай бир кезде кайгылуу ыргактарга ширелип көксөп, муңканып чыгар эле. Мына Сарыбай азыр бу байыркы күүнү жүрөктү алпыктырган кеңдик камтый, сезимди дүркүрөткөн кубаттуу сүр менен, убакытты тык токтотуп, жай ачты. Андан нары жер түтөтүп, мелмилдеген түз талааларга, арасын көгүлтүр мунарык басып жаткан улуу тоолорго батпай, деңиз суусундай лыглык болуп жаткан көп элдин караанын көзгө апкелди. Баатырлыкты, эрдикти, алардын өлүмдү качырып сала берген улук демин салтанат кылып, даңаза кылып мактап бүткөрдү.

Бүркүт күүнү тыңшабай койду. Чоң ийри тумшугун ачып, шаңшып, шабырт чыккан жакка ынтылып, ормоңдоп тынчы кетти.

Сарыбай комузун токтотуп, бүркүтүн дал болуп тиктеп отуруп калды. Бүркүт өзүнүн жүнүн өзү чапчып ыргытып, үйдүн ичин шамалга толтуруп зор канаттарын катуу күүлөп, ачуулуу шаңшып, өрмө кайыш боосун карс-карс чокуп тыткылады. Үзө албасына көзү жетип ичи күйөбү, жогдор жүндөрүн түктөйтүп Сарыбай жакка тап бергиледи.

Сарыбай эрте турду.

– Менин жолум качса, кер тайгандын жолу качалектир...

Үмүт байлап, зайыбы менен да кайырлашпай, кер тайганды ээрчитип милтелүү кара мылтыгын бир ийнине салып төшкө чыгып кетти.

Айылдын үстү жагындагы арчалуу кадууга күндүн нурунан мурда барды. Кыл тузактарын, капкандарын дагы бир сыйра карап чыкты. Дагы эчтеме жок. Сарыбай ага анча кайгырбады. Анткени түңүлүп калган эле. Эми бардык үмүтүн кер тайганга коюп, шыпылдап жорткон тайганга тең чуркап басты. Түшкө дейре бир тынбай кер тайган экөбү коктуларды, жыбыттарды, аңдарды, шактуу бодурларды бүт жойлоп тинтип жүрүштү. Эчтеме жолуккан жок. Сарыбай тайганды айдактап, бирдеме болсо качып чыксын деп, катуу-катуу кыйкырып шабырт салды. Эки жолу дүңк дедире кур дүрмөт атты. Эчтеме качып чыгып бербеди. Чийт-чийт деп кайдадыр чымчыктар учуп жүрүшөт. Бул жаркыраган кең дүйнөнүн куту жалгыз ошолор калгансып Сарыбайдын көңүлүн оодурат. Чымчык да болсо колго тийсе кана? Чымчыктар көзгө илешпей, кароолго келбей асманда жүрүшөт.

Алдыда шимшилеп бараткан кер тайган селт этип токтоп, анан бет алдын теше тиктеп өңүп калды. А кудай! Сарыбай боюн далдага качыра берди. Кер тайган узун тилин салып, боорун жерге алып жылып жөнөдү. Эмне болду экен! Сарыбайдын жүрөгү лакылдады. Кер тайган өңүп бараткан жакты кадаланып тиктеп отуруп, те кичинекей ачыкта бир арс чычкан топурак түртүп жатканын көрдү. Ушуга баратты бекен? Сарыбай башка жакты таза арытып карады. Арс чычкандан башка шектүү эчтеме жок. Аттиң, Сарыбай мүнүшкердин күнү ушуга калды беле! Көңүлү сына түштү. Кер тайганды чакырып алгысы келди. Кайта көңүлү ооду. Эптеп, ушу да болсо, колго тийсе... Ал кер тайгандын артынан акмалады. Арс чычкан шабырт сезип калды, эки алдыңкы бутун бооруна алып чочоюп, мурдун туш-тушка тосуп, тыңшай баштады. Сарыбай кара мылтыгын бетине алып кароолго илинте албай отурду. Ошол учурда арс чычкандын каптал жагындагы дүпкүрдөн чыгып кер тайган өңүткө жетти. Көздү жуумп ачканча леп секирип басып калды. Алды! Сарыбай энтеңдеп чуркап жетти. Эчтеме жок! Ал нестее түштү. Кер тайган жаңы топуракты шимшилеп кынжыйып ийиндин жанында турган эле.

Сенин да жолуң качты беле?!

Ээси ошол жөнүндө сүйлөнгөнүн билгендей кер тайган кыңыры лып чычканды алалбай калганына уялып, башын жерге салып нары басты. Эми мындан нары алдыларынан эчтеме жолукпасына көзү жеткендей, үмүтү үзүлгөндөй анын дагы шыгы кетип шалдырады. Тилин узун чыгарып, ууртун куру жаланып, көзүн жашылдантып жата кетти.

Сарыбай арс чычкандын ийнин тырмалап, оозун бузуп, көпкө үңкүңдөп аракет кылды. Айласы куругандын иши да! Же мейнети кайтсачы. Тырмактары сынды. Манжаларынын учу кыпкызыл болду. Ийиндин төрү алыс экен. Ал чарчап, терин жеңи менен аарчынып, үшкүрүп отуруп калды. Ой басты. Шылтоосу табылбас, жайы табылбас жалаңач ойлор басты. Эмне кылуу керек? Эми кандай күн болот ыя? Эмне кылуу керек? Ыя? Өз кулагына өз дилинин чыңырыгы угулуп, тырышып көп мейнеттүү чекесинен тер идиреп, көздөрү диртилдей баштады. Диртилдеп келип, тигиндейректе бут серппей ийрилип жаткан кер тайганга келип түштү. Кер тайган! Кер тайганы... бери болсо он жылдай жолунда жолдош, ууда жардамчы, тилсиз макулук болсо да адамдай эстүү, баладай элпек, учкан куш менен жарышып ак кызматын берген тайганы... Сарыбайдын көздөрү коркунучтуу чекирейип, диртилдеп, улам чоңоюп чекирейип, кер тайганды имерди. Иреңинен кан качты! Өлүктөй купкуу болуп ордунан турду.

Ээси баш жагына келгенде капарсыз макулук көзүн жылтыратып ачып, ничке куйругунун учун чыбыңдатып, эркелеп койду. Ошол замат ээсинин калтыраган колу башынан сылап өтүп барып, шап тумшугун сыга кармады. Кармады да, тыбырашка үлгүртпөй, түлкүлөрдүн мойнун бурап сындырып маш болгон кол көз ирмемде бырс дедирип жүлүнүн үзүп салды...

Сарыбай кер тайгандын төрт санындагы арык этин, тыртайган кабыргаларынын тышын таза сыйрып баштыгына салды. Үшкүрүп отуруп, баштыктын оозун бууду. Жонуна тартынды.

Кечинде зайыбы эшиктин көзүнөн:

– Соога, соога!.. – деп адаттын сөзүн айтып тосуп алды. – И... баштыгың томпоёт... – Жүзү жайнап сүйүнүп баштыкка эңкейди. – Кудайым ай...

Сарыбай ачык эчтеме дей алган жок. Көңүлкош гана чарчагандан кургап кеберсиген эриндерин ырсайтып, баш ийкеген болуп тим болду. Үйгө кирип, улагага баштыкты таштап, канаттарын шалдайтып мойнун артына кайрып үргүлөп отурган бүркүтүн карап үшкүрүп жиберди. Ошол учурда Кундузай, бала да, атам эт апкелди деп сүйүнүп чуркап келип, баштыктын оозун ачып калды. Сарыбайдын дили сына түштү. Ал:

Жо-о... жебей турган эт бу... кагылайын... – деп күнөөлүү болуп алсыз күбүрөдү. Отура албады. Өзөгү карарып араң келгенин унутуп, тери кол капты шашып кийип, арык да болсо тайгандын каны бар жылуу этинен кесип алып, бүркүтүнө чокутууга киришти. Ач бүркүт үзүлүп түшүп жемди басып калды. Кыйкылдап, кызганып, үрпөңдөп, Сарыбайдын колунан жемди тартып алып, кара канаттары менен далдалап алып үзгүлөп жей баштады.

Бир аз күн өттү. Кер тайгандын биртке эти түгөндү. Сарыбай дагы алдастап жем издөөгө түштү.

Жандык малга байыр болсун үчүн таштан тизе бою гана көтөрүлүп курулган кең короо. Сыртында үйгө жакын таш акыр. Төмөн жагынан билектей булак суу шылдырттап агып жатат. Мына, Кара байдын кыштоосу деп аталган атактуу кыштоо ушул. Эртең ээси көчүп кетсе, малдын кыгынан башка, адам колу курганга окшогон таштардан башка эчтеме калбайт, ушул жерди киши ээликтеп турарын билдире турган да ушулар.

Сарыбай алыстан тиктеп келатты. Таш короонун четинде жакын-жакын тигилген эки үй турат. Туурдугу жаңы боз төбөл үй болсо байдын өзүнүкү ошо болор. Кың эткен үн чыкпайт. Атарабында кыбыраган бир жан көрүнбөйт. Сарыбай тарп-тарп баскан болуп, жөтөлгөн болуп, келатканын туйдуруп үйдүн эшигине жетти. Ошондо гана эски бейитти мекендеп жатып жүргөн көркоо жолбун өңдөнүп, бир карала ит үйдүн артынан чыга келди. Сарыбай сестене түштү эле, бирок ит коңк деп бир үрүп ишаратын кылды да, кулактарын шалпайта, башын жерге салып, куйругун сүйрөп арык денесин бураңдатып, үйдөн жугунду алып чыккан киши деген окшойт, шагы сынып кайра үйдү тегеренип кетти. Үйлөр дагы эле жымжырт.

Сарыбай байдын үйүнө кирип барып, босогого токтой калды. Төрдө чепкенин жамынып Кара өзү жаткан экен. Ашканасынын оозунда нары карап зайыбы отурат.

– Ассалому алейкум, Кара аке!

Кара өйдө боло, тиши жок кызыл ээгин кыбыратып, саламчынын колун көңүл кош алып:

– Э... Сарыбайсыңбы – деди, ал ошондо тааныгандай.

Сарыбай сыңар тизелеп байдын төмөн жагына отура калды:

– Жайынча эле, Кара аке... – Жанбаштыгын чечти.

Кара байдын жыртак көздөрү баштыктан өтүп кетти:

– Йе, – деп кубангансыды ал, – кайран мүнүшкерим, соога апкелгенсиң го, аваңа!

– Ошого жакын... – деди Сарыбай да жанданып.

– О, катын! Кайдасың!

Карасур зайып ашканасынан чүрүшкөн чекесин көрсөттү.

– Апкел оокатыңы! Соога дегенди ууга кошо чыгып алчу эле, бу мүнүшкерим өзү алкелип калыптыр. Ушундайда бирге даам сызбасак болобу? Бол тез...

Түнөрө түштү карасур зайыптын кабагы. Эринен гана өтүнө албай, ашканасында көпкө күймөнүп жатып, акыры дасторконго жаңы бышкан эки жилик сүр эт, булоолуу сорпо алып чыкты. Эшиктен киргенде эле бышкан эттин жытын сезген, тыштан шабырт чыкканда беките салган окшойт, Сарыбайдын денеси жыйрыла калды.

– Ала бериңиз, бай... – Ал дити барбай сүрдөн бир үзүп ооз тийди да, дасторконго колунун учун сүртүп алып, баштыгынан тартуусун сууруп байдын алдына койду. – Бай, бергиңиз келсе, улак да болсо ыраазы болуп алып кетем, көзүмдөн кан чыгып турган чак, ушу арзыбаган немеге сүйкөп байым бирдеме кайрылабы деп келгеним...

Кара эрдин бекем кымтынып онтолоп жиберди, бирок көздөрү тиги башы кошо катырылган көк чаар илбирстин терисинен айланып кете албады. Сарыбай леп тура калып, теринин башынан кармап жүндөрүн сылап-сылап, акырын үшкүрдү:

– Байым, тартууга аны бер, муну бер деш салтта жок иш эле... Кантели, күн ошондой болуп турат, турмуш ошенткизип отурат. Жут жалгыз менин башымдабы?..

Кара бай токтоло калып, ыкшалып, кайра онтолоду:

– О, мүнүшкерим... Баатыр мактанса бир октук, бай мактанса бир жуттук экен! Байың баягыдайбы, баягыдай болсо аягыдайбы... Ошондой... Баягыдай жүз жылкы алдыбызда күтүрөп турса кана! Үстүңө тон жаап, астыңа ат тартсам эп эле...

Сарыбайдын шагы сынып, кулактарынан бери кызарып кетти.

– Өзүң көрүп турасың... Көрүп турасың, мүнүшкерим... Он чакты гана туяк калды... – Кара колу менен чекесин басып бүк түшүп, күйүтүн шыбырады: – Карачы... Карачы, жүз жылкыдан... жүз жылкыдан... Ушул эле калды го... О, кудай, ушул күндү көрсөттүң!..

Сарыбай эңги-деңги болуп, көзүн жумуп, кайра ачты. Ошондо анын көзү байдын кызарып эти өсүп бараткан боз көздөрүнө урунду. Баятан салттуу сүйлөп отурган чалдын көзүнөн түтөгөн күйүттү, ошо күйүтү менен бүт ааламды тарки дүйнө кылып өрт коюп жибере тургандай жан кечтиликти, бүт ааламды алма кылып колуна берсе лук жутуп алып көргөн жокмун дегенге барарлык ачкөздүктү көрдү. Сарыбайдын колунан илбирс тери түшүп кетти.

– Бизде да турат... – деди Кара кырылдап, – турат өлүк дүнүйө... Нан болуп бербейт экен, эт болуп бербейт экен! Көрсө, мунун баары токчулуктун оюну, барчылыктын көркү тура... – Кара ошол бүк түшкөн бойдон баш көтөрбөй безгектей калчылдап, арык колдорун арбайтып, бетин басып, озондоп жиберди:

– О-о, кайран малым!..

Бу карик чалдан башканы күтсө да, минтип өңгүрөп жиберет деп эч ойлобогон Сарыбай таң болду. Кетенчиктей берди. Же кайрат айталбай, же табалап күлө албай селдейе түштү.

Кара жүз жылкылуу бай эле. Тиги карасур зайыптын согончогу канабай, аны куубаш өткөрүп баратат. Байдын көңүлүндө тууй турган жаш катын алуу иши да болгон. Бирок, жаш катындын азабы болот. Аны эркелетиш керек, көңүлүн куш кылыш керек. Антишке этинин жылуусу, кубаты кана? Карынын катыны – баарынын катыны. Ушуларды ойлоп отуруп, Кара колун шилтеп салган. Эми минтип карыган чагында, дүнүйө көзүнө көрүнө баштаган чагында, баладан үмүттү эрте үзгөн соң, мунун баласы да, кубанычы да, эркелетери да өрүштөгү калың жылкы, чыбырдагы көп кой болучу.

– Мейли, мейли... Кара аке... Кудай башка салганга арга барбы! Мейли, кейибеңиз... Сөзүмдү кайра алдым. Эчтеме сурабайм, жөн эле коюңуз...

Кара бай бүк түшкөн бойдон калды. Сарыбай шаша басып үйдөн чыкты. Илбирс териге карашалаган жок. Турмушун март өткөрүп көнгөн эркөөдөн мүнүшкердин ал эсине да келбей калды.

– Силердей кузгундардын көзү тийип... Силердей желмогуздардын сугу түшүп... Кайран малым... О, боор этим!.. – деп уңулдады Кара бай.

Сарыбай ушундай кишиден бирдеме үмүт кылып келгенине өзү уялып, шылдың болуп, эки этегин далдактатып эски бейиттей коркунучтуу тунжураган үйлөрдөн алыстап кеткиче шашты...

...Башта топуратып көздөөчү алып, жандоочу алып, өзү жулкунган чоң тору ат минип, тайган ээрчитип, шаң менен ууга аттанчу мүнүшкөр бүгүн бүркүтүн ийнине кондуруп, эч жакты карабай, карып болуп сенделип, өзү жалгыз төшкө жөнөдү.

– Кер тайган экөөбүздүн ырыскыбыз түгөнсө кыраанымдын пешенесинде бирдеме калгандыр...

Ичине бук толуп, корсунуп, артын бир кылчайып карабай, үйдүн эшигинде селдейип карап турган зайыбын көргүсү келбей, темтеңдеп шашып тоо аралап кетти.

Жымжырт. Чымчык учпайт. Өтөк көк чалгын. Бийиктер дагы эле агала кар. Тоолор кандайдыр уйкулуу сыяктуу боз тартып, ач көгүлтүр мунарыкка төнүп жатты. Жымжырт. Бул жаркыраган кең дүйнөгө тири жандык али жарала элек сыяктуу, шуу-шуу өткөн жолбун желдин шоокумунан башка эч дабыш жок, кулак кескендей жымжырт. Сыя ирең төтө мойнок, сары байчечек көп көн топуракты түртүп жаңы чыккан. Алтын тыйындардай жымыңдап турушат. Ным жерлерден көзгө оңой илеше койбогон акчаңгыл буу акырын көтөрүлүп абага тароодо. Аба көк жыттанат. Аба көбүктөнүп эрип жаткан кардын суусу жыттанат.

Бүркүт оор. Сарыбайдын ийнин талдырып, кабыргасын майыштырды. Бир ийнинен бир ийнине өткөрөт, бүркүттүн күчтүү тырмактары акыректерин кабыштырат.

Сарыбай кадуулап көп кыдырды. Алдынан эчтеме чыкпады, эчтеме учпады. Өжөрлөнүп кыдырды. Эчтеменин шабырты угулбады. Көл-шал тердеп, чарчады Сарыбай. Айла куруганда, бир белеске токтоп, нары бетине биртике эңкейип, сепкилдүү чоң кара ташка бүркүттү кондурду да, эриндери кеберсип шалдырап отуруп калды.

Сарыбайда кайсы айла? Жаагын таянып санаа басып отурду. Жымжырт. Кулагы чыңылдап жатты. Жолбун жел жаңы бүртө баштаган шыбактын баштарын дирилдетип, өзгөчө бир кайгылуу үшкүрүк чыгарууда. Сарыбайдын койну толгон шор тери кургады. Көйнөгү этине жыландай муздак тийип, денесин жыйрылтты. Күн мемирөө. Күн жумшак. Күн анын кыра көңүлүн жубатып турду. Сарыбай чапанын чечип алдына салып бирпас жамбаштап жатты. Кайра турду. Бүткөн бою ныксырады. Көйнөгүн чечип, колтугун тырманып, тигиштеринен үңүлүп бит карай баштады. Кудай урган бит. Бу дагы жүдөгөндү баса турган нерсе...

Бир убакта шарпылдап жулкунуп, чеңгелине эмне кирсе ошону мыжыга кармап, курч тумшугу менен карсылдата чокуп, жаны карайып мойнун алга созгулап, шырп эткен дабышка, жолбун желдин шуу-шуу эткенине жата калып кулак салып, талпынып ачуу шаңшып, бүркүттүн тынчы кете баштады. Кайдадыр эркин жайга, аркыраган шамал менен жарышып, үлбүрөп чубалган булуттардын үстүнөн сызгысы келгендей.

– Шабырт алды окшойт...

Сарыбай бүркүттүн томогосун сыйрыды. Бүркүт дароо колдон суурулуп, заматта көккө атылып чыкты. Бере көр! Сарыбайдын жүрөгү дүкүлдөп кетти. Бере көр, чоң кудай! Бере көр, кең кудай! Сарыбай эки көзүн жүлжүйтүп, кубанып көк тиктеп, кайсаңдап ар тарабын каранып, кайсыл жерден кандай аң качып чыгып калар экен деп, дегдеп жүзү жаркырады.

Ошол бойдон, ошол кеткен бойдон бүркүттүн карааны көрүнбөй калды. Мүнүшкөр жалбырак болуп дирилдеп күттү. Жок... Жел гана шыбактардын башын шыбыраштырып жатты. Эч дареги жок... Кеткени ушубу!.. Сарыбайдын ичи сыйрыла баштады.

– О, кырааным... Кетип калдыңбы?..

Сарыбайдын көздөрү жашылданып боз асманга телмирди, эч көтөрө албай турган, эч көнө албай турган сары убайым басты. Оозун кымтышты унутуп, кичинекей сакалын сербейтип, нары-бери алдастап кетти. Боз асман анын жүрөгүн байкатпай лук жутуп коюп, анан өзүн мисирейип карап тургандай болду. Сарыбайдын ичи тытылды. – О, кырааным... Мени таштап кеттиңби?!. Мен куруюн, мен бир жазгы каатчылыктан сени алып чыга албадым... О, кырааным...

Сарыбай баштагыдай үндөп чакыра албады. Антүүгө укугу жоктой сезилди. Тили күрмөлбөдү. Айласыз, кубатсыз бууну титиреди.

– О, кырааным... Балам менен барабар көрчү элем... О...

Ана! Алда кайдан бүркүт шаңшыды. Ана! Сарыбайдын жүрөгү жарылып кете жаздады. Ана! Илбээсин көргөндө гана ушундай шаңшычу ал. Сарыбай токтоно албай көйнөгүн унутуп, жылаңач дардаңдап чуркады. Үндү улап чуркады.

– О, айланайын үнүңдөн... Айланайын... – деп, каргылданып, эки колун ового сунуп кыйкырды. Ошол! Төбө жактан абаны жарып шуулдап угулган күү гана улам жакындап келатты. Ошол! Сарыбай элтеңдеп, сүйүнгөнүнөн каңырыгы түтөп, кудайга да, бүркүтүнө да жалынды. Сарыбай эки жагын каранды. Эмне үчүндүр а жопарада шакка корголоп же суналып качып жөнөп берген аң көрүнбөйт. Ана! Бүркүт! Күчтүү канаттарынын күүсү желдин шоокумун каптап, найзанын учундай ышкырып тик сайылып өзүнө келатты. Сарыбай нестейе түштү... Ойлонтпой, камынтпай бүркүт аркан бою кирип келди, ошондо Сарыбайдын колу жерден балдакты ала коюп, бетине кармай берди. Каардуу бүркүт тайманбай көз ирмемде селдей шаркыраган күч менен келип бир тээп өттү, жыгач балдак шарт тең бөлүнүп сынып түштү.

– А-ай! Кантесиң, кырааным!..

Ошол чөлкөмдү үч айланып чабыт кылып, көзүнө тири жандуудан эчтеме илинбей, дөңдө кыбырап жүргөн жалгыз караан өзүнө тартып, ач бүркүт ал караанга таштап жиберген эле. Ал мүнүшкерин тааныган жок. Жылаңач Сарыбай анын көзүнө кийиктин улагы сыяктанып көрүнгөн окшоду.

Бүркүт кайра көккө атылып чыкты. Сарыбай эсин жыйышка үлгүрө албады, бүркүт темир чеңгелдерин арбайтып, курч тумшугун ачып, чекирейген кызыл тегерек көздөрүнөн заар чачып, ошол замат кайра шуулдап кирип келди. Өлүм! Колунда куралы жок адам сепкилдүү кара ташты кара тутуп, ошондон калка издеп, тегерене качты... Өлүм! Алдастады... Өлүм! Ушул өлүм коркунучунун алдында көзүнө канга боёлуп кулактарын шалпайтып жерде жаткан тайгандын башы көрүндү, анын нуру өчкөн көздөрү кадалып тиктегендей, табалагандай. Келме кезек!

А-а!.. Жер тыткылап, таш аткылай баштады. Колуна эмне кирсе ошону менен, топурак кирсе топурак, чөп кирсе чөп менен шилтеп, ошону менен өлүмдөн коргонду, өлүмгө айбат кылды. А-а-а!.. Жандалбас кылды. А-а-а-а...

Коркунчаак, тартынчаак кылган жашоо үмүтү. Жашоодон үмүт үзүлгөндө адам коркунучту унутат. Сарыбай коркунучту унутуп салды. Ач бакырыгы да тып токтоп, эрдин кесе тиштенип, кадим жырткыч болуп, кулачтап качырып бүркүттүн арбайган тырмагына кол салып кирди. Катуу чеңгелдешип, бири кышылдап, бири күшүлдөп, улам бири алдына басып, жумгалакташып, кериден ылдый тоголонушту, бирин-бири ырайымсыз тытты. Сарыбай бүркүттүн башын кармоого, мойнунан бурап басууга аракет кылып, бүркүт башын алакачып карматпай, көзгө асылып, желке жүнүн түктөйтүп жаалданып чокуп, Сарыбайдын бүт денесинен кан жошулуп бүркүттүн канаттары карсылдап сынып, куйругу жулунуп, жүндөрү сапырылды. Сарыбайдын эки колу бүркүттүн темир чеңгелдерин бошотпой туткактап калган. Тизеге басуунун алакетинде. Бүркүт көзгө асылат. Сарыбай башын чулгуп көздөрүн ала качат. Бүркүт мойнун жыландай буралтып көздү кууйт. Сарыбай курч тумшукка башын тосо берип көзүн калкалайт. Жан аргасы! Ал дагы бүркүттүн кез келген жерин тиштеп, бурдап тиштеп жатты.

Сарыбайдын көздөрүнөн от чагылды. Сарыбай көздөрүн бек жуумп, бүткүл күчүн үрөп, чымырканып кармашты. Ал акыры бүркүттүн бир чеңгелин тизеге басып, бир колун бошотууга жетти да, ошол колу менен бүркүттүн мойнун сыйпалап таап, бар күчү менен сыга кармады. Бурады. Бүткүл денеси менен өбөктөп басты...

Бир убакта канга жошулуп, Сарыбай бүркүттүн калдайып жатып калган денесинин үстүнөн акырын өйдө болду. Ал көзүн ачкысы келди. Көзү ачылбады. Көзүн сыйпалады. Колуна былжыраган бирдеме урунду. Ал кан болучу. Сарыбай да анын кан экенин билди. Капкараңгы. Көрдөй капкараңгы. Эмелеки жаркыраган кең дүйнө кана? Чымырап кансырап денеси улам оор тартып баратты. Ал эсине эми келди. Баягыдай коркунчаак, тартынчаак, үмүткө алданма, кайгыга, кубанычка бат алдырма пенде учуруна кайра келди. О, теңир, көздөн ажыраттыңбы! Ал сендиректеп, чалыштап бүркүттүн карайып жаткан канаттарынын жанына сулап жыгылды...