кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Төртүнчү бөлүм

I

...Кең өргөө, сол капшыттын жүк бурчуна жакын төрүндө бир тутам жебеси сакталып калган бир кучак кайыш саадак, тоо текенин мүйүзүнөн тилинип эки кабатталып чегеленип жасалган сур жаа, атчанга ылайык төшжарыча келте мылтык, кош миздүү шап кылыч, катарында боордой жылтыр кара болуп калган кичинекей өрүк комуз да керегенин башында илинип турат. Бири кан төгөр жоо жарак, бири көңүл көтөрүлсө курдаш, чөксө муңдаш.

Ырас, бүгүнкү жоого түтө алмакпы бу жарактар?! Шап кылыч гана те эсте калбаган көөнө замандан бери толгоо келген зайыпка кылыч өбөктөтүп төрөтмөй салтын өтөөгө ушул убакта да айыл ичинде керектелет. Демекчи, кылычы бул элдин туулгандан өлгөнгө чейинки ыйык эсептелген буюму, жол жоросу, көңүл төтөгү экен го?!

Ар бирин асте кармалап, таза чүпөрөктөп сүртүп, тазалап кайра өз орундарына койду Бекназар. Ал үчүн булар жарак катары эмес, байыркы өткөн аталарынан калган аялуу эскерме мурас мүлк гана. Эң башы Саруу бийден небереси Көлдөйгө калган экен дешет.

Демекчи, эр атадан улам бир эр көкүрөк уулга өтүп отуруп, мына эң акыры Бекназарга келип токтолуп турганы экен.

Бу баа жок мурас Бекназардын теги, дымагы, аны чеки болор ойго, жарамсыз ишке бардырбайт, ошон үчүнбү, ал ток пейил, токтоо мүнөз, дили калыс, а бирок тыңсынганга итиркейи келме, айтышса алдырардан эмес, алдына ат салдырардан эмес, а «жамы журт үчүн» десе тура чуркап, атка мине чаап, өз башына кандай мүшкүл келерин, өлөрүн унутуп калат. Ошон үчүн эл аны «кара кылды как жарган калыс», «баатыр» дешет.

Көңүлү тартты окшойт, комузду алды Бекназар. Кимден калды экен? Иши кылып, бала кезинен ушул үйдө экенин билет. Кыл этегине тагылган тепкесин ордуна тургузуп коюп, бир кыңгыратып, ошол замат өпкө көптүрө ой толкуну ээлеп, отуруп акырын күүлөй баштады. Ушул эле комузду сүйрөп, көтөрүп жүрүп, бала кезинен кадыресе үйрөнүп калган эле. Бирок, күү машакатын тартпайт, күү ыракатын куубайт, демекчи өнөр кылган эмес. Тек гана не куунак, не чөгүңкү убагында колуна алып, коюндагы зайыпка айтпаган, үзөңгүлөш курдашына ооз ачпаган, жалгыз жараткан билер купуя сырын сырдашып, не кубаныч термеп, не муңдашып, өз жанына дем, өз көңүлүнө биртке канагат алган болот. Демекчи, ой дүйнөсүнө аргымак атка кошо жулунган эрлик, акыл нуска бирге өнүп, бирге сыйып, айтылбай көбөйүп, байкалбай оозуна ыр келип түрмөктөлүп, жүргөнү жүргөн эле.

Күү шаңдуу.

«...суу койсо соорусуна төгүлбөгөн, сулуу деп тандап боз жорго минген, үстүндө дөөлөткө мас адамзаада оолжуган, теңселген, башында кундуздан бөрк сеңселген...»

Каныш тарыхты угуп жүргөн.

«...дүйнөсү түгөл, ордосу кенч, эли тынч, тула бою болукшуп, күндө көңүл толукшуп, күндө шумкар үндөгөн, кайгы не аны билбеген, уктаса түшкө кирбеген кайран баатыр, кайран бек эзелки жоо аңдышкан калмакка качкан, этегин ачкан эрке катындан күйгөн...»

«о... уят ай...» деди Каныштын дили.

«Көз тийет деп көрсөтпөй жатка, өзгө, үлпүлдөтүп көлөңкөдө багып жүргөн эрке айым бир жолу боз жоргону минем десе... көнүп койгон бек сөзүнөн кете албай, көңүлүнөн өтө албай боз жоргону өзү тартып мингизген...

... а бейбак мингенде эле «чү» деген, элирип учкан боз жорго туягынын ызгыган чаңы илешпей, артынан жазайылдын огу жетпей, капка белден өттү дейт, кокуй, калмакка карап кетти дейт, кокуй...

... кайран баатыр, кайран бек, асылдан күткөн дүйнөм деп, аялуу жаным биргем деп, алпечтеп, жанга өлчөп алып жүргөн, койнундагы ак жыландын кесиринен душманга сырын алдырып, көй тууган моокун кандырып, узун бою пас болгон, кызыл өңү боз болгон, өзү издеп өлүмүнө кез болгон...

Күү этеги акырын муңканып токтоп, бирок бу эки адамдын дилинен али кете койбой, чөгүп не алыстап бараткандай те тереңден жаңырыктап, эки башка таасир ар бирин өз алдынча санаага кармап туруп калды. Бирине ал замандын ат үстүндө жүргөндөй көкүрөк көтөрүңкү, жоргонун жүрүшүндөй шагдам шаңы, адамдын гөр тириликтен өйдө, өлүм кайгысын аттап өтө турган дымагы таасир. А бирин эркелетип алып жүргөн зайыптын ошондой күйүмдүү эрине кылган кыянатына астейдил өкүнүү, «а өлүгүңдү көрөйүн, эрине тууру болбогон катын заты илгертен минтип жаман ылакап болуп жүрсө, азыркы бизге кайсы эркек эле чындап ишене койсун а...» деп, ошону өзү кылып койгонсуп, өз арынын алдында өзү жалгыз кадыресе никерген сезими басмырлап отурду.

Каныштын биртке көңүлү чөгүңкү боло калганың көрүп туруп Бекназар;

– Кана, кийинчи, – деди, – ыя, бүгүн бир ат жасалгалап минип, сый кийим кийип, суу бойлоп, токойлуу төр кыдырып, сейилдеп келсек болбойбу?!

Каныш өйдө карап, ойду айттырбай сезген дил билги баатырына ыраазы, күлүмсүрөп баш ийкеди.

Бекназар:

– Ыя, жылына бир маал тагынып коюш парыз бар эле го?

– Маку-ул... – деп үндөштү Каныш эреркей өйдө болуп.

Бекназар өзү да көөнөргөн күнүмдүк кийимдерин чечине баштады. Тарамыш моюн, бели ничке илбирстей, кыймылдаган сайын булчуңдары теринин ичинде бултуңдап... Ушу азыр ээн үйдө өзүнө кошулуп бирөөнүн ач көзү тирмийип тургандай аардуу ак көйнөктү үстүнө жаба койду Каныш. Бекназар моюн бура карай берди. Көсөө чалыш кыл муруту түктөйгөн, кабагы бийик, кашы жаадай чимирилген,эч качан тап кылгандан ирмелбеген көк саргыч бөрү көз. «А-а, – деди Бекназар, – менин денем жуда серт да...» деп койду, жаба койгонду ушундайча болжоду. А Каныш бу «серт денеге» не коркуп, не суктанып эмес, ушул азыр көңүлүнө мактаныч толуп турган.

О бир убакта бир корккону эсинде. Ал кантсе да кыз бала, бу серт денеге бой жазып, бир төшөккө кыңкайган кечи эле го. Колу каерине тийсе да, бүт тула бою өрүлгөн булдурсундай катуу сезилген. Кучагына тартканда кандайдыр бир моюнтуруктай чоң жылан ороп бараткандай o аптыгып кеткен, а бирок... бул баатырдын жылуу илеби, уйкалышкан таттуу да, салттуу да сөзү аны жата тура эриткен. Коркмок түгүл атасынын алты пакса коргонунан бекем коргонч сепил болуп көңүлүнө уюган эмес беле?!

Кантсе да, «аардуу сый кийим» аталган ак көйнөк, камзол, күмүш кур, багалеги саймалуу сары текечалбар, тамагындагы агы желкеге келтирилип жара бөлүп тигилген суусар бөрк – купуя көңүлү көтөрүлүп кийинди Бекназар.

Каныш да жасанды – аягына көгүлтүр зайпана өтүк, кызыл шайы кош этек көйнөк, эки өңүрү сөөмчө жырык карала кымкап жеңил камзол кийип, мурдатан эле куш мурун кыла оролуп коюлган кардай ак элечек салынды, бозуначтын гүлүндөй ач сары керене тартынды.

Жанагы «парызың» делген бир көркөм чачбак экен, аны Каныш кош өрүм чачына түймөлөп, андан соң артына «шырк» эттире таштап, «көрүңкү» дегендей ийрисине эти толо, сүйрүсүнө сүтү толо сулуу келин бураң эте калды. Мулуңдап койду баатыры.

Үч катар бой тумарлары, ага чиркелген үч катар күбөктөрү чылк күмүш, баарын өз-өзүнө бириктирген сары кумурскалардай чиркелишкен нипничке жынжырлары нукура алтын окшойт. Желкеден кадыресе ийген салмак сезди Каныш.

Чачбакты баатыры сылап, оңдоп, кайыш боолугу канчалык майланып, жылына бир маал эле тагынып көрүлүп жүргөнүнө карабай майда туурула өтө көөнөргөнүн, биртке эле тартыла түшсө үзүлө тургандай болуп калганын көрүп, ою алда кайда кеткенсиди. Бу да өтө көөнө, түп кайыненеден мыкты уулдун «жакшы» деген келинчегине кала келген мүлк.

Те илгери Эдил боюндагы Сарай-Берке байманасы ташып, оң канаты Ак Ордо, сол канаты Көк Ордо аталып, бир кулачы Румга, бир кулачы Кытайга жайылып турган экен го?! Сару-бек ошол Сарай-Беркенин эң кубаттуу бийлеринин эң алдында саналган . О кийин анын тың небереси Көлдөй «таркан» атанып, элбегиси болуп, кышкы отоосу Сары Өзөндө Арка деген сепилде, жайкы өргөөсү Суусамырдын төрүндө, Көк Ордонун өкүмүн өткөрүп турган дейт.

Нечен жолу бийлик өзгөрүп, нечен жолу өкүмдарлар алмашылып, Көлдөй бий карып, өзү ордого каттай албаган күнгө жеткен. Те кийин Тобокел тизгин алган мезгилде байбичеси Толу бике көп төөлүү тартуу – сыйлык алып, ордого барган экен. «Бике» демекчи Толу бике Көк Ордонун бийлеген тукумунан чыккан кыз болгону үчүн өкүмдар өз үйүндө тоскон экен.

«И-и, кел, бике, – дептир Тобокел-хан, – тарханыбыз өзү келбедиби, тынччылыкпы?»

«Элиңиз эсен-биз эсен, өкүмдар, – дейт эжеси, – тарканыңар жашы өтүп, өзү жолго чыга албай, жүз көрүшүп кел деп, мени жумшады го...»

«Не муктаждык?»

«Төрт уул көргөн эдик. Ырайымкул деген тунубуз Турпанга кетип калды... Атасы жоо жарагын, үй үстүндөгү туун эң кенжебиз Акматкулга ыйгарып койсо, ошого таарынып... Кайда жүрөт, не күнгө туш болду – көңүлүбүз чыдабайт...»

«Оп-по-о, балдардын азабы ай?! Кенжеңер тың го, болбосо кексе ата анын колуна туу таштамак беле?! Куп, бике, алдырып берели таарынчакты?»

«Сурарыбыз да ошол, улук өкүмдарым...» Кул болсо да, хан болсо да, төркүн деген төркүн. Көп күнү сый көрүп, көп күнү шаани-шөкөтүн кыдырып, канике менен сырдашып, эң акыркы Толу бике кайтмакчы болгон күнү канике өз чачындагы чачбагын чечип, кайын эжесине чачына түймөлөп, кийит кылган экен. Мындай өз үстүнөн кийим чечип берип сыйлоо ордолор салтында өзгөчө бийик кадыр нышанасы.

Тобокел хан: «Эми, каны биргем, тарканыбыз карылыкка моюн суна баштаган го, өзүңө деле бир кол-аякка жарар жан керек ко, бир кыз тандап алып кет, бике» – дептир.

Канике өзү баштап, бикенин кыз-келиндер үйүнө киргизген экен. Не шыбыш угуп калышкан, не бул үйгө киргизилген адамзаада кадиксиз кыз ээрчитип чыгып кетип жүргөнүнөн уламбы, кыздар капестеги тоту куштардай тыбырашып, шыбырашып, көрүнө калганда бүжүрөп катар тизилишип, ар бири ыйбаа кыла «... мени ...», «мени алып кетиңиз...», «отуңуз менен кирип күлүңүз менен чыгайын...» дешип, таазим кылышып калышпайбы?!

А бир күлтүйгөн кара кыз эч көңүл бурбагандай, санына кыжырлана жанып ийик ийрип, кыйгач отурганы бойдон отура бериптир дейт. Толу бикенин көзү чарпыганын байкапбы, не тилин түшүнө калганбы, ал кара кыз отурганынан жазылбай: «Сулуу десеңиз, алдыңызда турат, тизилген байкуштардан алыңыз, а тектүү десеңиз мени алыңыз...» – дейт. Ырас, сулууну көрүп ал, тектүүнү сурап ал! «Ие, кимдин кызысың?!...» – деп сураган экен Толу бике. «Мен, – дейт тиги дымактуу, – Карача таркандын кызымын!» «Э, болду, сиңдим турбайбы, мен ушу кызды алдым...» – деп, аты Солойко экен, колунан жетелеп чыгып кетиптир Толу бике. Келип, Солойкону колунан чыгарбай байына нике кыйдырган экен, жыл айланганда Солойко көч үстүндө уул төрөп, атын Көчүмкул коюп алышкан экен.

Ошо таркан атадан туу калган, жарак калган «тың» Акматкулдан кыйла ата өткөндөн соңку ушу Көчмөн-мураттын Бекназары.

– Кана, чыгалы, – деди Бекназар.

Тышта бир тууганы Ыбрайым токулган эки атты эки колуна суулуктан кармап турган.

Бири буурул жорго, бири сур жорго минишип, акырын илкий бастырышып, көк өзөн бойлошуп, сейилдеп кетишти.