кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Үчүнчү бөлүм

XI-2

Өзү ошого чейин Маргалан вилаятынын беги болучу Алымкул. Мала-хан тындым болунган соң аскербашчылыкты алып, өзүнчө өтө ишенимдүү Маргалан ичиндеги аскер ичинде турган. Тезинен Мала-хандын он эки жашар Султан-Сейид деген уланын ак кийизге салдырып, «хан» деп жарыялап, ордого колунан жетелеп киргизди да, өзү бала ханга аталык, ордого кеби эки кылынбас эге болуп калды.

Алымбектин тындым болгону угулган соң Курманжан дароо алейне өргөө тиктирип, түндүгүнө аза белгиси кара байлаган туу сайдырып, урук-тууганын жыйнап, өзү астейдил көзүнөн жаш төгүлүп, колундагы шакек-билеригин, кулагындагы сабагын чечип, кара кийип, кош бөйрөгүн таянып, элдин эң алдына өңгүрөп, акырын эки ооз кошок кошту:

...кызылдан макмал эндейди,
кыйыры чалкар көлдөйдү
кыргыз-кыпчак элиңин эми
кыздары туубайт сендейди...

...карадан макмал эндейди,
кайкыган терең көлдөйдү
кыргыз-казак журтуңун эми
катыны туубайт сендейди...

Тууган да, ичтен табалап турган кутум да чуу көтөрө окүрүп, тоо арасы кошул-ташыл теңселди.

«Кадырлуу бек айым, дозоку болгон кутумдардын колунан мерт болуп, кайран бегибизден айрылып калдык. Келип, өзүңүз башында туруп, бектин ариетин кылып кетиңиз...»

деген «куш тилиндей кабар» алып, ордодон атайын чабарман келди, бирок аяр Курманжан өзү «баскан-турганы чектелүү аял» экенине шылтап, өзү барбай, «эл аксакалдарынан» жиберип, бектин сөөгү алынып келинген соң Кокон ордосуна ыкрарлыктан ачык баш тартты.

Эми Кокон ордосунан эч жакшылык болбосун болжоп, баягыдай арачы түшөр күйөрман Алымбек туугандын көзү жок, аркада Байтик баатыр оозунуп аракетке өттү да, байкатпай Бышкек чебинин беги Рахматулланы сыяпатка чакырып алып, кырк нөкөрү менен кырдырып салды.

Ордо менен мынчалык кастыкка өтүшүп калган соң буларга бир таяныч зарыл го?!

Ошол кезде орустар Үч-Алматыга «Верный» деп ат коюп, түбөлүккө деп ээлеп, күчтүү аскер туругу кылып алышкан.

Жантай бий да ордо жактан чоочубай коё албай, жакшы чыкма уулу Шабдан Туркстанда ордо атынан бек болуп турганына да карабай, Байтик баатырдын ыгына көндү да, Верныйден бир отряд аскер чакырууга мажбур болду. Мейли, кокус ордо тараптан кысым болуп калса, булар айбат болсун!

Муну угуп, кокус кармалып калбас үчүн бек Шабдан түн караңгысына аралашып, өзү башкарып турган шаарынын дубалынан тымызын секирип түшүп, өзү качты.

Ушул көз карайлагандын айласы болгон «чакырууну» өзүнө укук кылып алып, убакыт бошко өткөрүп отурбай зарделүү полковник Черняев башына коюлуп, ошол 1863-жылы эле «экспедиция» деп аталган накта жортуул уюштурулду. Полковник биринчи Токмок, Бишкек чебин катуу кыргындап басып алды да, андан батышка карай жылыштап, 1864-жылда Ниязбек, Оулия-Ата, Түркстан, Чымкен, Сайрам калаларын биринин артынан бирин замбиректеп кыйратып отуруп, генерал Черняев 1865-жылы Ташкен босогосуна жетти.

Өз ичинен, бак талашкан көй туугандарынын артынан тымызын аткан огунан Алымкул аталык капилет өлүм болуп, ошол Ташкен дубалынын түбүндө генерал Черняевдин аяк алдына, тагдырдын келме кезек деген катаал оюну ушубу, бүк түшүп жыгылды.

Тоголонуп баш кетмей, томсоруп ыйлап жаш төкмөй бул элге көнүмүш, боло жүргөн окуя делинет. Бийлик ээсиз калмакпы?! Ордо башы бүгүн өлсө, эртең башка ордо башы чыгат. Ким таң калат?!

Бул маселе амир Музафардын да көңүлүн бөлдү белем, тезинен колунда жүргөн качкын Кудаярды жанына алып, көп кошун баштап, Кокон шаарын камаламакчы болуп келди. Не курал кезеп, не керней бакылдатып, алдынан чыккан эл болгон жок. Ордо бош калган!

Аяр ойлорго кабылды. Бош калуу ээсиз калуу эмес, бүгүн бош турса, эртең эсине келген бирөө талашып чыгат. Те бир убактагы атасы амир Насрулла кылып көргөндөй «Кокон өлкөсү Бухара-и-Шарифтин бактияр өкүмдарынын кол алдына өттү» кылгысы келбеди, анын арты жакшы болгон жок ко, бул өлкөдөгү жашаган түркүн тайпа калк кыйла өзгөчөлөнүп, өзүнчө журт болуп көнүп калышкан, оңойлук менен ымга келе койбосун билет, «ордону тартып алган карөзгөйдөн бошоткон» болуп, «ыйык ата мурасын өз эгесине кайра алып берген» болуп анын көзүн карабаска чарасыз Кудаяр аркалуу өлкөгө өз өкүмүн өткөрмөктү көздөдү. Ким каршы Кудаярдын ордого огожо болушуна? Дагы баягы өчүккөн кыргыз кыпчак! Ким алардын ушул тапта биригип баш коёр адамы?

* * *

Өргөө ичи элет адаты боюнча жасалган, күнүмдүк тириликке керексиз кылдай эчтемеси жок эле. Жай мезгилде салкын ак сарайында отуруп, кыштын күнү ак сарайдын тышкы кең майданына бышкан кыштан жарым кез бийик көтөрүп тегерек кылган журтка боз үй тиктирип, алдына зыгыр бакал төшөтүп, анын үстүнө килем-килче салдырып, керегесине кештелүү талдырма калатып, ортосуна арчадан от жактырып жашап жүргөн амирге бул өргөө көнүмүш, бирок шашылыш тигилген сыяктуу көзүнө комсо, өтө эле жупуну көрүндү. Түркүн түр салынып чырмалган чий гана көзүнө түшүп, көркөм буюмдун баасын билген неменин көңүлүн биртке бөлгөндөй болду. Бирок, үзүлүп караган жок, тек гана чийдин түрүн, көчөтүн, кештелерин сырттан кайдигер сыяктанып, а көңүлү тереңинен баам салып, баа коюп отурду. Шекчил амирдин көңүлүнө акырындап: «Ыя, бул не кылгандары, мал издеген бирөөгө жата конок беришкен сыяктуу кембагалдын жакыр үйүнө киргизип коюшканыбы бу?..» деген кинээ кетти, бу булардын ымга келишпестигинин белгисиби деп ой жооруду. Кудаяр да сары санаа, жер тиктеп: «Эми не кыямат кеп болунар экен? О жараткан, бу катындын оозуна биртике алтын шилекей салып коёр бекенсиң?!» деген күйгүлтүгү кошо агып, нес болгонсуп былк этпейт.

Бир убакта тыштан акырын токтоо кобур үн чыгып, өргөө эшигине шарпа жакындап жаткандай болду. Кудаяр леп эңкейип, жыш чийдин түбүнөн тыштагыларды көрмөк болуп, амир Музафар сунган бутун жыйып, мандаш урунуп, оң тизесин таяна тагында отургандай келберсиген сөөлөтүн түзөп, тыштан келер адамды күтүп, томсоруп кыя тиктеп калды.

Кимдир бирөө акырын тооз куштун түрүндөй кооз чырмалган чий эшикти көтөрүп, эки жактама сыр каалга ачылып, адеп сактай жүйүртө баскан Курманжан жесир кирди. Жана амир Музафарларды алдынан тосуп алышкан Жаркымбай, Осмон, Өмөрбек, Акимбай коштоп келишти. Курманжан жесир:

– Арыбагыла... Келгиле, азирети... – деп, мунайым, жумшак салам айтты.

– Бар болуң, – деп, ордунан тура калар тур көрсөтүп обдула копшолуп, алик алды амир Музафар. Ал тажылуу өкүмдар, ошол күндө дин-Исламдын кордуу очогу болуп турган даңазалуу Бухара-и-Шариф амири. Турууга ылайык эмес! Ошол копшолуп койгону да Курманжан жесирге гана болгон чоң урматы болот. Курманжан жесир:

– Козголбогула, козголбогула, – деп жиберди, – беймалал отура бергиле, азиздерим...

Башка кепке өтүшө электе амир Музафар өзү кыраатын созо шаулдата куран окуп:

– Омийин, – деп, бетке бата тартты, – бир аллам өзү ал-кулум десин кайран датканы, жайын жаннаттан кылсын...

Ушундан соң:

– Энди, бек айым, – деди ал жай, салабаттуу, коңур жумшак, – кайран датка кара ниет кутумдарын колунан бөөдө мерт болгон экен, ылайым жаннати болсун, биз укпай калдык дей албайбыз, жердин ыраактыгына карабай келип топурак салуу мусулмандык карызыбыз эди, чүнки ошол мезгилде Кокон ордосун ошол кара санатай адамдар ээлеп калып, ортобузда караманча кастык болуп, мына эми келип турганыбыз, бек айым. Кайрат кылгайсыз, бек айым. Эми, датканын калган өмүрүн, ооматын сизге, жана да угул балдарыңызга берсин бир аллам...

– Ыракмат, азиретим, – деди Курманжан жесир, жылуу сөз жумшартат, жакшы сөз жан эритет, ал астейдил баш ийкеп, көңүлү ийиге түштү. Өз кезегинде Бухара-и-Шариф элинин тынччылыгын, андан соң улук амирдин ордосунун бейпилдигин, мураскер угул баланын энеси каныке айымдын амандыгын сурамжылады.

– Шүгүр, шүгүр... ыракмат, ыракмат... – деп, сыпаа жооп кылып отурду амир, бул узур сурашуудан кийин:

– Энди, бек айым, сизге бир тартуу ала келген элек, – деп, тышка алакан уруп, дабыш кылды. Ошол замат жылтылдаган күмүш табакка салынган бирдемени үстүн үлбүрөгөн кара шайы жаап, нөкөр алып кирип келип, сыңар тизелей таазим кыла Курманжан жесирдин алдына тосо кармады.

Курманжан жесир элтейип, өлүмтүк жытын сезип, иреңи мостоюп тиктей берди.

– Көрүң, өз колуңуз менен ачып көрүң, бек айым, – деди амир Музафар.

Курманжан жесир кара шайыны чымчып, акырын ачып, чоочуп кайра таштап жиберди. Оозу кыйшайган, түктөйгөн сейрек мурут, белбаскак таңырайган мурун көрүнгөн. «Чотон!..» деди купуя. Иреңи кубула түштү.

– Көрүп көкшүнү суусун, өчү кансын деп ала келген элек, – деди амир Музафар муңайып, эски накылдан ривият айтты:

...менсинбе, а бакыл пенде,
эсепчи бар эки ийниңде...
бул дүйнө – көрө күнүң
жараша дур пейилиңе,
кылган ишиң – баскан изиң
тараза дур о дүйнөңө...
дептир го акылгөйлөр, бек айым.

Чотон ордого аралашып, бирок кылган кандуу жоругунан тууган арасынан катуу кинээ угуп, кысым көрүп, акыры мындан не өз каны менен жуунуп, не башка дагы бирөөнүн канына сатып алмайынча кутулбасына көзү жетип, артынан аңдыган кутумдар көбөйө баштаган сайын, дагы бир кооптуу учур жакындап келе жатканын сезген сайын качар тешик издеген келемиштей алдыртан алдастай баштаган. Ушул амир Музафар менен Кудаярдын кишилери менен жең ичинен кол алышкан соң ага сый эмес аны желдет издеп жүргөнүн угуп, жанындагы жигиттери андан безип, ошондо кеңирсиген кара жер алакандай тарып, өзү жалгыз Ноукент үстүнө тоо таянып кетүүгө аргасыз болгон. Сары изине чөп салган куугун Чотондун Кызыр-Ата мазарын пааналап, как таштын үстүнө тонун жая салынып, көзү ирмелип жаткан жеринен таап, башын кесип келип, быякка жөнөр алдында амир Музафарга тапшырды. Мына, амир Музафар Курманжан жесир менен бүтүшөр саясатына Чотонду садага чаап келген эле.

Кан куушкан касынын башын кесип келип берген бул өңдүү тартууга кайсы гана ордодо болсун ыраазы болмок. Курманжан жесир жийиркене жүзүн үйрүдү. «Өлтүргөнү го куп болуптур, а сасытып муну не көтөрүп жүрүшөт, неткен менен да адам баласынын дени эмеспи?!» деди дилинен. Амир Музафар астыртан кол учунан «алып кет» деп ишарат кылды. Нөкөр ошол үңкүйүп турганынча кетенчиктеген бойдон тышка чыгып кетти.

Курманжан жесир журт агасы датка ордун жоксунтпай күтүүсүн мыктылап, бүт элеттин жакшыларын ийрип кол алыштырып, астейдил агыл-төгүл кылып мейманчылады. Мунун өзү даңазалуу Бухара өкүмдарынын өз зоболосуна жараша сый-урмат да, ошо менен эле катар кандай шөкөттүү мейман болбосун анын кадырына тете кылар өз эл салтын, өз журтчулугун туюнткан жосун кылды.

Кийинки жүз көрүшүүдө амир Музафар көпкө токтолуп, үй ичиндегилерди бир сыйра сыдыра тиктеп отуруп, көңүлүңдө ала келген өз бушайманын акырын алыстан баштады:

– О, арман ай... – деп алды, өзүнчө күрсүнө, өзүнчө баш ийкей мыйыгынан касыретли жылмайып. – Үч ордо арасындагы түккө арзыбаган талаш-тартыштын заарына уугуп жүрүп, тууганчылыкты такыр унутуп, жок дегенде, кошуна катары кылына турган ыйык ынтымагын биротоло жеп койгон экенбиз. Не тышка чыгып жер көрбөппүз, не өскөн бир элден таалим алалы дебеппиз – өз терибизге өзүбүз чирип, өз шорпобузга бороку болуп, дымып, сасып калган экенбиз...

Ой басып, өзүнчө баш ийкегени биртке билинип, мелтиреп отуруп укту Курманжан.

Амир Музафар:

– Биз, кадырлы бек айым, мезгил кербенинен кара күүгүмдө адашып, келе жагыбызды карбаластап колубуздан түшүрүп койгон окшойбуз. Тигине, орус бүгүн Ташкенди алдыбы, эртең бүт Кокон өлкөсүн имерет, бүрсүгүнү Хийвага, андан наркы күнү Бухарага чап салат. Не кыла алабыз?!

Курманжан аны тиктеп калды, таң калган түрү көрүнүп. «Йе, өкүмдарлар, силер ойлонушуңар керек эле го муну?!» дегенин өзүнчө болжоп туюнду амир:

– Э-э, – деп күлгөн болду, – көпкөндү көтөрүп урмайынча көзү ачылбайт! Мына, Ташкен ачып отурбайбы көзүбүздү, кадырлуу бек айым.

Курманжан да жылмайган болуп койду. «Ырас, кантип ырас эмес дей аласың?!» деди дили, мааниге тен берип, сөз жүйөсүнө ыкрар кыла билген көңүл адилеттиги азыр да өзүнө үстөмдүк кылып, өзүн ошол тайыз өкүмдарлар арасынан бөлүп ала албай, өзүн да күнөөкөр сезип, өзүнчө майышып отурду.

– Эми... эч аргаңар жокпу, азиретим?.. – деди ал.

Көзү жайнай түштү амирдин:

– Жок эмес, бек айым, жок эмес, – деп жиберди. – Бул өмүрдө баарыбыз, бек айым, чатырашчыбыз го?! Жүрүшү түгөнбөйт чатыраштын, ойной билген таба берет. Бирак, бизге азыр бир гана жүрүш калган.

Унчукпай сөз акырын күттү Курманжан.

Амир Музафар:

– Ал жүрүштүн аты ыйык ынтымак!

Өйдө карай берди Курманжан, саргылт жашыл көзү амирдин көзүнө кадалып, аны имерип токтоло калды, кеп төркүнүн сезип, акырын башын ийкеп, дагы маани акырын күтүп калды.

Кыйла чоочулап отурган амир Музафардын көңүлүн өйкөгөн тоңу акырындап жибиди. «Э-э, ушундай дилгир адамдар менен ымала табыша албаган соң...» деп, бул ордонун билермандарына ичтен кейип да, табалап да ойлонуп, тиги ошол тапта кепкеңештин жыйынтыгын эле күтө ыңкыйып отурган Кудаярды аны сайын кыртышы сүйбөй, тиктегиси келбей калды.

– Энди, бек айым, ошол ыйык ынтымак үчүн ордоңорду ордо кылалы, азыр эгесиз калып турган ордону тыяктан лап деп орус басып кала электе өз эгесин ордосуна эге этели, ойлонушуп көрөлү, азадил жансыз, бек айым.

Жер тиктеген бойдон калды Курманжан. «Өз эгеси?..» Кеп аягы кайда келе жатканын сезди, көңүлүнөн дүр-р эте каршылык ойгонуп кетти:

– Ушубу «жалгыз жүрүшүңүз», азиретим?!

– Шу, – деди амир Музафар бет алдында отурган аялдын көк жашыл болуп өрттөнгөн көзүнө туруштук кылып. – Ойлонуп багалы, бек айым, мейли, башка тектен көтөрөлү дейли, дагы талаш-тартыш чыгат, тыяктан жаракага шынаа уруп орус киришет!

Көзүн сүзө калды Курманжан. Жүйө аны токтотконун сезип, амир Музафар аны сайын муңайым, аны сайын жылым кебин улады:

– Бу... бизге бурадар, силерге тууган, өз. Оюбуз ушул ки, акыры Кокон тагы атамурасы экен, муну дагы терс кетсе оңго баштап, кыңырын түзөп, жакшы иши болсо жакшы деп көтөрмөлөп, мындай жоо жакадан алып турган чакта ыйык ынтымакка баш коюп, кайра ордоңорго огожо кылып алганыңар эп го...

Мелтиреп ойлонуп калды Курманжан. Тиги тултуйган качкын ээрчип келгенин көргөндө эле кеп-кеңеш эмне туурасында болорун баамдаган.

«И, ынтымак дейт, ырк дейт?!» «Өз элин жоодой аңдыган өзү отурат ко, кара бетин тултуйтуп?!» «Бу го бу, өзүбүз өз колубуз менен ак кийизге салып көтөрүп алган Маласы не жыргалды көрсөтүптүр бизге?!»

Аяр амир боло түшкөн күбүр-шыбырды таамай угуп отуруп, алардын айткан доосуна кошулбай да коё албай, баш ийкебей коё албай:

– Энди, «алдыңа келсе атаңдын кунун кеч» деген го?! – деп баштады баарына жооп кылып. – Мына, отурат, алдыңарга өзүм алып келдим. Кай бир учурда жумшак акыл, кай бир учурда катуу кагуу эсине келтирет эсирген пендени. Көрдү го эки жагын тең...

Курманжан:

– Эми, азирети өкүмдар, «ылдый тартсаң араба сынат, өйдө тартсаң өгүз өлөт» дейт биздин эл, биз эки ортодо кыйналып турабыз, өкүмдар... – деди. – Ынтымак кылмак зарур дейсиз, келе жакта өлкөбүздү өлкө катары, элибизди эл катары оторчулдардан, зорлуктан аман сактап калсакпы дейсиз. Мына ушу маани бизди ойлонтуп да, жеңип да отурат. Нары да, өкүмдар башыңыз менен, өзүңүз босогобузду аттап келип, кадыр салып отурган соң, биз дагы туюк сойгон чанач эмеспиз, жарыктык, буга маани бербей коё албайбыз. Болбосо бу адам кейпин кийген тажаалды көрөргө көзүбүз жок эле...

Жүзү жаркый баштады амир Музафардын.

Жүйө улады Курманжан:

– Мейли, бу ынтымак ырайыштын кеп-кеңешинде гана калбай, бир кудай өзү жар болгон бактияр өкүмдар, башында болуң! Мейли, не шылтоо айтып, не доо айтып кыңырылып отурбайлы, мейли, азирети, сиздин ыйык өкүмдарлык көңүлүңүз сынбасын, биз макулбуз. Бирак, аттиң ай, пенде жылкы мүнөз болот, жылкы арыгында мүңкүрөп кол карайт да, биртке эле тыңайтып койсоң кошкуруп, өзүңдөн үркүп калат. Буларыңыз ушундай, азирети! Мейли, биз ыкрарбыз, о кийин булардын жылкы кыялына өзүңүз дагы бир күбө болосуз...

«Йе, эртеңкисине жарасак!» – деди ичинен амир Музафар, ошол көз алдындагы макулдугуна:

– Ыракмат, ыракмат, – деп, ыраазылык айтып жиберди, – каниги эне сөзүн, эне камын кеп урдуңуз, ыракмат! Мейли, көпсө бир аллага койдук, эми мындан нары будан өтсө не иштесеңер эркиңер болсун, мен арачы түшпөйм...

Кең өргөө толуп отурган кишилер дуулдашып, эки жактын тең жүйөсүн кубаттап калышты.

Амир Музафар баарын сыдыра тиктей отуруп, атайы өтө олуттуу сөөлөт, бой карманып, коңур жумшак кеп уруп, Курманжан байбичени «датка» көтөрүү туурасында Бухара-и-Шарифтин шайх-уль-Исламынын ыйык фатвасы , жана да өзүнүн өкүмдарлык жарлыгы барлыгын айтты. «Датка» деген даража эң оболу бир вилаяттын диний көсөмү, андан соң кеби эки болбой турган элбегиси, аскербашысы да болуп саналган. Амир Музафар муну бул отурган эл билерин биле туруп эле атайын такмазалап саласал кылды. Мындай улук даража катын затына эч качан берилбеген, бир вилаятка диний көсөм болуу эмес катын кишиге бир айылга имам болууга жол берилбейт, сыягы шайх-уль-Исламды да, амир Музафарды да шарт, Кокон өлкөсүнө өкүм өткөрүү таламы ийгерген белем. Элет адамдары бирин-бири тиктеше да алышпай, былк этпей отуруп калышты. Курманжан мелтиреп жер тиктеп, кабагынан не кубанганы, не чоочунганы байкалбай тунжурай түштү.

– Азирети, – деди ал акырын, – мен бул элдин даткасынан калган бир жесирмин, азирети. Мага ылайык келбейт бул улук да, ыйык да даража. Ырас, датканын балдары да баралына келе элек. Бирак, койчусуз кой болбойт, бул элдин билеги күчкө толо, башы акылга жетик азаматтары көп.

Амир Музафар оозунан кеби түшүп, нестейип токтоло калды. «Ыя, бу шум катын ноктону шыпырып таштап кетмекпи?! Ымга келүүдөн баш тартканы ушулбу?!» деген санаа кылт этти оюна. Курманжан жесир кыдырата тиктеди. «Кана, не дейсиңер? Мына, жол койдум, алгыла улук даражаны берсе бул амирдин колунан, алгыла!» деп, мокоткон көз караш. Отурган билермандардын көздөрү чекирейип кетти. Булардын ич арасында күңкүл-мыңкыл сөз жүрүп: «Бу катын кайран датканы өлүмгө өзү жумшап койду. Бу оңдурбайт, дагы көргүлүктү көрсөтөт окшойт...» дешип, алдыртан бак, бийлик талаша башташкан. Мына ушул күтүлбөгөн кыйын жерде Курманжан жесир аларды атайын кысты. Ыйык Бухаранын амири акылынан адашпаса бул даражаны буларга кыя койбойт, бул бештен белгилүү. Ырас даткалык өзүнө аталган болсо, теңирден буйрулган болсо эч кайда кетпейт, не эрки менен, не эркинен тыш ушулардын көзүнчө таңуулатып туруп алмак болду. Муну менен Курманжан жесир кийинки болор ушак, кинээ кеп-келечтин айыңын тороду. «Ыя, бул катын сыяктуу ысмы Бухарага угулган эркектанасы болсо, кана? Ыя, талаш болуп, иш бузулбайбы, бөөдө?..» деп, амир Музафардын чындап кабагы чытылып, эки анжы абалда кынжыла түштү. Муну көрүп: «Э-э, талашсаңар эч кимиңе берилбейт деп, этегин кагынып, туруп кете турган болду го бу?..» деп ойлоп, Жаркымбай:

– Биз ыраазыбыз, – деп жиберди, – биз ыраазыбыз, азирети, байбиче өз акылы, өз пейли менен датканын көзү барында эле бул элге алынып кеткен, журтка эне да, эге да болуп калган, биз байбичеге жол койдук... Биз ыраазыбыз...

Ыйык фатваны амир Музафар өзү окуп, өз жарлыгын Кудаярга окутуп жарыя этти да, миң кубулган жука кызыл кымкап тонду Курманжан жесирдин ийнине өз колу менен жапты:

– Кут болсун, датка айым, – деп башкадан мурун өзү куттук айтты, – кут болсун, үзүрлүү болсун улук даткалык даражаңыз! Дин-Исламга, дин колдогон азиз ордого ак кызмат өтөңүз, датка айым. Караламан калың букараны алланын, адептин кең жолуна баштаңыз, датка айым.

Берген кудайга жаккан! Курманжан эми иреңи кадыресе тамылжып, эки ууртуна асте жымыйган күлкү нышанасы келип, бирок эчтеме деп үн чыгарбай, башын гана акырын-акырын ийкегилеп, амирге таазим кылды. Элет жакшылары жабыла дуулдашып кут болсун айтышты, көздөрү бир сыйкырдуу болуп көрүнгөн жылтылдаган кызыл кымкап тондон тешилип жарылып өтүп, отуруп калышты.

Бу алыстан келген амир менен өзүлөрүнүн аралаша жүрө кадырын анча бейлешпеген жесиринин кандай түркүн көз карашка макул болушканына, алардын ар бири эл-журт үчүн, өзүлөрүнүн керт башына канчалык нап, аброй арттырганына бул отургандардын бири да серп сала алган жок.

Ырас, Түркстан өлкөлөрүнүн биримдиги жөнүндө мурдатан эле аракет көп болгон, бирок дайыма ынтымак, тынччылык, тууганчылык менен сүйлөшүп жайгаруу эмес, дайыма кырчылдаша чабышып ийрип алууга умтулушкан, дайыма Хийва тараптан да, Кокон жактан да сокку алып кала беришкен. Мына, орус аскеринин Ташкенди басып алышы амирди жылуу төшөгүнөн ыргып тургуза абдан чоочуткан экен. Ушул кезде ал кантсе да, бул өлкөнүн ар түркүн билерманын, кайраты бар уланын асыл акыл айтып да болсо, алтын чачып да болсо эптеп бир ымалага баш койдурмакчы. Биригип кете алышпаса да, ар бир элбеги, ар бир тайпа тиги Россия тараптан дүңгүрөп каптап келе жаткан оторчулуктун коркунучун байкашса ага биргелешип туруштук кылса болорун болжойт. Эң эле куру калдык дегенде, бул өлкө орус аскеринин Бухара, Хийва тарапка жылышына жол бөгөгөн, кол байлаган орчун жолтоо болор деп үмүт кылат. Ошон үчүн даңазалуу Бухара-и-Шарифтин келберсиген дымактуу, шааниш өкөттүү өкүмдары эч кимди чийткебей, эч кимден жийиркенбей, жүз үйрүбөй Мадыда отурбайбы?!

Ынтымак?! Ыйык сөз. Ынтымактын ич араны тынчыткан, тайпалар көңүлүн жылыткан, биримдигине өзөк боло, келген асыл маңызына илгертен эч ким эч качан каршыккан эмес. А бирок, теңчилик жерилгенде, зорлук өкүм сүргөндө ынтымак көздөн кайым болуп эл бузулат, ырас.

Ыйык сөздөн аттап өтө албады Курманжан.

Тегерете ойлонуп отуруп, Бухара-и-Шарифтин көптү башынан өткөргөн саясатчысынын «ынтымак» деп күйүккөнүн уңгулуу улук кеп санап, Кудаярдын «ордого огожо» болуп турушуна макул болду жаңы датка айым.

Мейли, мезгилдин күүлдөгөн кара сели дагы кайда окторулат – мезгил өзү көрсөтөр?!

«Ханды кайра тагына отургузуу» салтанатына барыштан аялдыгын себеп кылып баш тартты да, өгөй уулу Жаркымбайды кошту. Сүйүнүп барган Жаркымбай «Ош беги» болуп жарлык алып, сүйүнүп келди.