кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Үчүнчү бөлүм

XI

Мына, өз өргөөсү, өлөң төшөгү демекчи, кызыл жалыны жалмаң дап күйгөн арча оттун кызылын тиктеп өз төрүндө отуруп да, Өзгөндөн бери жолмо-жол көңүлдү эзген туңгуюк күдүк ой бастабай, кайра тиги бирде сөнө, бирде тутана көк жалындаган от сыңары кайрадан кайра жаңырып, аны сайын тынч алдырбады датканы да. А тула бою өз түнөгүнө келген куш таризде, жымырап ныксырайт, таттуу эстендире кериле-чоюла жан тынчтыгына өтүүгө тартат. Бирок, көз ирмелбейт.

Те бир убакта дасторкон артынан жүйүртө басып келди Курманжан:

– Келиң, датка...

Жана аттан түшүп жатканда тоскон туушкандардын арасынан не деген менен ыйбаалуу Курманжан көрүнгөн эмес. Ченей албай турган, болжой да албай турган бир тымызын эңсөө зарыктырып отурган Алымбек ордунан өйдө боло калганын өзү да сезбей калды, өйдө боло калганын ыраазы көңүлү эрен да кылбады. Кайта анын эт-жүрөгү делбиреп кетти. «Ыя, капкачан эле тыштан шыкаалап көрдү бекен бу керээт, анын кабагына серп сала баамдап койду бекен?!»

Курманжан кубанган көңүл толкунунан бир аз демиге акырын чөк түшүп, кош колдоп бегинин колун алып, тамылжый түшкөн жылуу бешенесине баса акырын ызат менен тооп кылды.

– Жигит пири Шаймерден колдоп, саламат эсен келдиңизби, датка?..

– Кудайга шүгүр, айым, – деди Алымбек датка. Курманжан мышыктай жумшак да, элпек да кыймыл менен куш жаздыктарды бегинин чыканагына дагы бийиктете коюп, астейдил кам көрүп имериле калды. Бу жылуу мамиле ансыз да көңүлү эрип төгүлүп турган Алымбектин тула боюн биротоло жымыратып жиберди. «Зирегим ай...» деди көңүл толкуну.

Биринин дилин бири сезип, айттырбай купуя түшүнүп, ушул эле көңүлдөрүн толтуруп, алар ачык сөзгө шашылышкан жок. Бир мааниси, баасы боло турган сөз, зарыл сөз ар биринин көңүлүндө жаралып, эми айтылышы эле калган таризде тил учуна келип, бирок не үн көтөрүңкү, не дил оорутар кескин угулуп калбасын деген кыязда ооздон чыга албай турган сыяктуу.

Курманжандын көк кептердин куркулдаганындай басмырт жумшак үнүн Алымбек көз жумуп, капилет бир кубанчка баткандай дем тартпай отуруп укту.

А Курманжан да ыйбаа, адеп сездире жер тиктеп, кылт этпей, үн көтөрбөй, шашылбай ылайыгы менен сөз сүйлөп, ыгы менен сөзгө кулак салып, акырын баш ийкей маани экчеп, болжоп отурду.

Ар бири өз көңүлүн күүгө буралган комуз кылындай таблап, сырлашууда рухий бир лаззат көрүүчү чекке атайын күргүчтөшкөндөй. Ырас эмей, чиркин ай, акыл маегинде белгилүү бир рухий лаззат алынбаса, кишилер кокустан бир той дасторкон үзүрүндө жолугушуп калып, уңгусуз, маанисиз кобурашуу менен бүтүшүп, а качан той таркаган кезде ойлорунда бир илим жук калбай, кайран өмүрдүн ошол бошко кеткен бир чымчым убагына кейиген учур болот эмеспи?!

Кеп ичинде экөбүн тең тымызын да, ачык да чоочуткан акыбалга келип тоголушту. Улам маани эчкелип, мунун тамыры кайда, учу кайсы, чын эле кара башка күч келип, чын эле экөбүнүн бири, жаман айтпай жакшы жок, тагдырдын өкүмүнө чарасыз көнмөй чак болуп калса да аттиң ай, айтпай калдым дебей тургандай болсун үчүнбү, эчтеме жашырылбай, коркунуч ашырылбай да, кемитилбей ортого коюлду.

– Мына, ушин этип, датка, сиз ордодо «саткын» деп аталдыңыз...

Унчукпай башын ийкеди Алымбек. Мындайча бааланарын ал те Жангарач бийдин өргөөсүндө болгон кеңеш убагында эле өзү деле болжогон.

– Бирак, датка, сиз ордо үчүн «саткын», а өз элиңиз үчүн кыйын кезеңде жол баштаган эркечсиз...

Көзүн жума муюду ал. Курманжандын муңайым үнү ага тагдырын өз оозунан угузуп жаткан таризде жантенине жагып, жубатып, көңүлүн тынчытып жатты.

А Курманжандын өзүнүн ой-санаасы бир жаңсыл эмес. Улам дилине суроо туулуп, бири жооп алып, бири төтөк кылар бир жүйө табууга кыйын болуп, эң акыры акылга да, күчкө да башкарыла койбой тургандай кумдай чачылып жатты.

Куттагы туугандардын «ордону өзүң башкар, такка өзүң чык» деген кеңеши Курманжанды бир жагынан «ошондой эле болмокчу эле» деген кыязда көңүлүнө жакты. Жөнөтүп жатып, өзү «туугандарыңыз менен кепке келишиң, датка» деп өзү ошол жолго багыттаган.

– Кут болсун, датка... Те байыркы көйүңөр бир бөлөк, аны айтып отуруп не?! Ушул тапта да тигилер тыякта, силер быякта «бий», «бек» деп койсо, «тага», «ага» деп койсо корстон болуп, ошого алданып, ордонун бирде төрүнө өтүп, бирде улагасында улактай мууздалып калып, жан этин жеп күн көрөсүңөр. Качаңга дейре бириң тоодо, бириң ойдо, не өлүктөн, не тириктен кабар алышпай, жалгыздап кор болуп жүрөсүңөр?! «Укурук моюн» акенин кеби кеп. Ордо ойрон болсун, аны алыш-коюш эртеңки кыжалат, а анын таламайына, чапкынына туруштук кылгыдай журт бириктирип ынтымак ырайышка өткөнүңөр өтө абзел иш болгон. Күт болсун, датка...

Ар нерсенин өзүнө жараша машакаты, милдети, төлөп берер карызы болот турбайбы?! Кылактап кызыктырып, а бирок суу түбүнөн аякка урунган таштар сыяктуу оркоюп чыга келди го мунун кыйынчылыгы, коркунучу. Мына эми, тымызын тартыш, алка жакадан алышкан кармаш, керек болсо кылчаңдабай бирөөнүн да, өзүнүн да канын жалбырттата төгүшмөй башталат. А балким, али курала элек «өз ордосу», көзгө көрүнө элек «алтын тагы», ак кийизге салына элек «өз өкүмдары» бир ишке ашпаган куру үмүт болуп жүрбөсүн?!

«Өкүмдар болмок эле мателби?! Не көйдө болгондо да элге карамдуу, журт керегине жарамдуу болмок абзел...» деп, өзүн да, бегин да жубатты Курманжан.

Ким карамдуу болгон?! Курманжан касыреттүү санаага кабылып, жообун өзү таба албай иреңи акчыл тарта калды. Элге ким гана карамдуу болом дебеген?! Мына, өзү өз бегине куратмакчы болуп отурган «өз ордосу» эле жамы журтка көптөн көсөгөн тынччылыкты, бейпилдикти көтөрүп келип бере алабы?! Анын беги эле кой үстүнө торгой жумурткалатып жибереби?! О, чиркин ай, өзүлөрү деле өз мезгилинин кырынан ашып кете албаган көп пенделердин бири эмеспи. Эмне келе алмакчы жалгыз анын жакшы оюнан?!

Эсил эл, кайран журт! Качанга дейре таш уйкудан ойгонбой, кылымдардын ың-жыңсыз катмарында жоголуп, кыйкырыктан башка укпай, зорлуктан башка көрбөй, ал зорлукка көнүп, аны кудайдын башка салганы деп, тизе бүгүп, кол куушуруп, өтмөкчү?!

Ордонун да, өз бегинин да катаал жүзүнө каршы туруп, элдин көйү деген көңүлгө жылым машакат үчүн нечен ирет баш байлап да көргөн. А зор деген, зорлук деген көп экен, бирин жалынып токтотсо, бири жаңдап өткөн, бирин тизгинден алса, бири төбөгө чаап кетет.

Кээ убакта бу жан этин жеген чөйрөдөн көрө те илгерки Жапалактагы жатакчы атасынын күнгө күйгөн кара үйү бейиштей тынч, бейпил эмес беле?! Кара үйдүн ичи күндүз ынтымактуу, түнү тынч, колдо барына ыраазы, колдо жогуна кайыл, ток болсо эсирбеген, ач болсо арман кылбаган топугу бар болучу. Теңир ай, баягы балалык кезин кайра кайрып берсечи, ал саамайын сеңселте артын каранбай тыскактап чуркап, ошол учкан уясы болгон жатакчынын кара үйүнө кире качкыдай. Жо, теңир эми ага балалык кезин кайрып бербейт, эми өзү да минтип нечен ой-санаанын, нечен жылдардын кубанткан да, кайгырткан да машакаттарын ашып келген бул учурунан кайра кайтып кете албайт.

Кеп балдары жакка ыкты.

Абдыллаңыз биз менен ушул Гулшаада, калган төртөөнү төрт башка жерге койдум, датка...

Бири кармалса бири калсын, бири өлсө бири сакталсын дегени эмеспи?! Жүрөгү шуу дей түштү Алымбектин. «Ыя, ушунчалык эле кыйын болуп калганбы абал?...»

– Кудай сактасын, – деди ал кабагы үйрүлө, – ким батына алат?!

– Кудай сактанганды сактайм деген эмеспи, датка...

Алымбек датканы ой баса түштү. «Э-э, ордодо тигинтип күдүңдөшүп жатышса, ушуга дейре ага деген шамшарын койнуна катып жүргөн хан сөрөй ачык каршылыкка өткөн соң, о-о зирегим ай, балдарды корголоп, тоого калкалап келген экен го?..»

Иреңи кызыл тору, көзү самби талдын жалбырагындай саргылт көгүш, арык чырай, кагелес тараз бойлуу сыпаа зайып эле Курманжан айым. Өз баркын, өз ордун сезет, ошон үчүн эч убакта шашылбайт, кандай кооптуу шарт болуп кеткен күндө да эч калдастабай, үнүн көтөрбөй, кабагы үйрүлбөй дайыма токтоо, ар сөзүндө маани, кериле баса менсинбей, кайра саал жер тиктей ийиле, дайыма көңүлү бир кунунда, бир ыкыласында.

«Дагы эмнеден кабары бар болду экен?..» деп, өзүнчө ой имерди Алымбек.

Эл ичинде Курманжан жөнүндө «ал керээт – кишинин ойлоп барган оюн өңүнөн эле билип коёт, ал жер тыңшаар – шырт эткенди жаздым кетирбейт» деп шыбырланып жүргөн сөздөр бар.

«Мына, ишим түшүп алдына барып, өз көзүм менен көрдүм – бир кеп айтарында оң тарабына өзүнчө эле көз кырын таштап-таштап алат, башка адамга көрүнбөгөн бирөө жанында отурган сыяктуу...» дешет.

«Мунун жөлөмөсү кызыл жолборс имиш...» деген да шумдукту айтышат.

Бу сөздөрдүн кайсынысы чын экенин билсе Курманжан өзү гана билер. Ким сурай алмакчы өзүнөн?!

Кадыры күн санап аша баштаган айымдын алдына ар түркүн чоочун кишилер да келип кетишет. Же бай кербенбашы, же кербендин эң акыркы төөсүнө араң илешип жүргөн бир мусапыр, же «ак» урган дувана, же бул дүйнөнүн убайынан кечип жер кезген календер. Биринен да чийткебей, зерикпей алардын күңкүлдөшө узакка айткан сөздөрүн өтө ынтаа коюп угуп, өзү да сөзгө аралаша бирдемени такташып, көпкө маектешчү эле.

Датка таназарына алчу эмес. А Курманжан айым кай бирөөнө абдан ыраазы болуп, алдына ат тартып, үстүнө тон жаап чыгарган күндөрү болгон.

Жакынкы коңшу өлкөлөрдө, алардын ордолорунда Ооган тарапта эмне оош-кыйыш, эмне талаш-тартыш болуп жатканы ушундай кишилер аркалуу Курманжан айымга белгилүү болуп турганы шексиз. А Кокон ордосунда Алымбектин өзүнө да айтылбаган жашырын адамдарды бар экенин Алымбек туюгунан сезчү.

Мына, өзү келе электе Жангарач бийдин өргөөсүндө болуп өткөн сөз, Канаат-ша экөбүнүн ыйкы-тыйкысы, ордодогу ага каршы куралып жаткан кутумдук Курманжанга алда качан айгине болуп, алдын-ала камылга көрүп отурган соң эми эр көкүрөк датка баштагыдай кем баа кыла албай калды.

Түн бир убак, бирок бирткелеп жаңылап, ичкериштирип, Курманжан отту өчүрбөйт. Жалын соймоң эткен сайын анын жылуу кызыл тору иреңи, саргылт көгүш көзү жылтылдайт. Аны сайын жал-жал серп сала көңүлү жымырап, кубанчы, ыраазылыгы артылып отурду даткасы. «Зирегим ай...»

* * *

Бек сарайын оболу Алике-палбан абдан тескеп чыккан соң кудайдын улук күнү делген дүйшөмбү күнү Алымбек датка бекчилик вазийфасына киришкен күнү азирет өзү жазган, өзү мөөрүн баскан кат алып, чабарман келип калды.

Эмне кылмак ылазым? Бектин көңүлү уйгу-туйгу боло түштү. «Кадырлуу датка агасын» «хан үкеси» ордонун улук дуванына чакырыптыр го?!

Эки анжы болду ою. Барбай койсо «мына, ичи жаман, коркту ошон үчүн» делинет. Өкүмдардын буйругунан канткенде буйтап кала алат?

«Ишке, сыркоого шылтап да болсо, ордого барбай турганыңыз оң...» деген Курманжан айым.

Бул сөз датканын көңүлүнө тык деп, анын муңайым үнү жанында отургандай кулагына угулуп, жылуу иреңи көз алдына тартыла калды.

«Эч шаша көрбөң, датка. Бир шыбыш чыкпай койбойт акыры, ордо ээсинин накта оюн билип алып, ошого жараша иш кылың, датка» деп, сынарлаган болучу.

Кана, шыбыш?

Кечинде бир жүдөө адам көшөрүп суранып отуруп, датканын алдына кирди. Үжүрө ичин акмалап тиктеп алып, акырын:

– Бек, – деп аяр күбүрөй сүйлөдү, – уккан кулакта жазык жок, ордо сизди саткын эсебине чыгарып, өлүмгө өкүм кылып койду, бек.

Эки көзүнүн агы көбөйө элтейе тиктеп, буга бара албайт деп ойлогон, ошол тапта өтө чочуганы көрүнүп, ошону менен бирге кыжыры, жүрөгүнөн катуу кашкөй каршылык ойгонуп, Алымбек иреңи кумсарып кетти.

– Такпы бу кабар?

– Сиз менен так ээсинин ортосуна жалган жеринен от жаккыдай жаным экөө эмес. Бул өкүмдү бир өкүмдар өзү, бир азирети шайх-ул-Ислам билет...

«А сен кайдан билип жүрөсүң?..» деп, ишене албай көңүлү толгоно калды Алымбек.

– Аны сурабаң, бек. Өзү сизди «кокус өлүм» кылып алып, анан өзү «агам ай» деп өкүрүп көммөкчү...

Кабагын үйрүй баш ийкеди Алымбек датка:

– Милдетдармын...

Тиги датка бермекчи болгон алтын теңгени унчукпай баш чайкап албай койду да, жанагы шырпсыз келгениндей шырпсыз кайра чыгып кетти.

Тула бою дүркүрөп отуруп кала берди Алымбек.

Кимге ишенишке болот эми?! Мүмкүн хан алда качан бир жанкечтисин жиберип, ал же ушул сарайда, же мечитте, же бир мерчемдүү бурчта акмалап жүрбөсүн?..

«Так ээсинин кастыгы ачык билинген соң сарайдагы бурадарларың ызга ишене бейгам жата көрбөң, датка. Киши кишиге жакшы күнүндө жакын, а башыңа иш түшкөн чагында киши кишиге калыс, алыс – кошо өрттөнбөйт, кошо өлбөйт. Буйдалбаң, сизди Анжияндын бийик сепили эмес, улуу тоонун койну калкалайт...» Дагы Курманжандын муңайым үнү кулагына угулду. «Зирегим ай...» деди Алымбектин ошол тапта ноюй түшкөн дили.

Көп турбай Алымбек датка өзүнө караштуу кошунун алып, Анжияндан Ош багытына жол алып чыгып кетти.

Канчалык кууланып, канчалык бөөштүнүп, канчалык «аке» «үке» дешсе да, акыры бу анын өкүмдарлык жеке бийлигине көлдөлөң туруп жаткан кубаттуу датка менен ачык бетме-бет чыгышарын чыгышмак Мала-хан.

Тымызын бирөөнү жиберип өлтүртүп коймокчу болгон ниетинен нары экчеп, бери экчеп отуруп баш тарткан болучу. Буга бир туруп өкүнөт, бир туруп абдан эле туура болгондой сезилет. Өтө эле журтка ашкере тектүү датканы мындайча оңой көзүн жоюп жибериш чатакты кайра ырбатып, анын хан башын «эр елтүргөн» делинтип, абалды аны сайын татаалдантып жибериши ыктымал эле. Көзү тирүү турганында эле «саткын», «өкүмдарлыкка жутунган кара ниет» деп айыптап, эл көзүнө оозго батышынча каралап, колдон келсе элден чыгарып салыш абзел өңдөнгөн. А тымызын тындым кылынса датканын өлүгү «шейит өлүм» аталып, бөөдө өлүм кылган «кара өзгөйгө» каршы туу болуп кетмек.

Кудай жалгап, ишти ушундай жагына айлантып албаганына Мала-хан миң мертебе шүгүрлүк кылды. Мына, чыгар душман өзү чыкпадыбы ачыкка?!

Ар бир мечитте, ар күнү «каапырга сатылып кеткен шайтанга» дуулдап наалат айтылууга өтүлдү.

Ушуну менен тең катар Мала-хан ыкрарлыктан чыгып, кеткен кыргыз кыпчакка капилеттен чагылган болуп тиймекке шашылыш камылга кыла баштады. Тизгин тарткан эр бүлөсүн кыйратып, айылдарын өрттөп, Алымбегинин көзүн ойдуруп, желдетке жөө жетелетип келмекчи.

Те баягы Мусулманкулдун өлүмүнөн да күзара кыйноо тарттырылган салтанат өлүм кылмакчы.

А датканы керилген айдың Соң-Көл боюна он эки канат ак өргөө көтөрүшүп, ыйык салт ишараты кылышып босогосуна ай тамгалуу кырмызы туу сайып, куттагы тууган эли атайын шаң салтанат кылышып дагы тосуп алышты.

Жакынкы Үметаалы бий, Осмон бий, Көл бетинен дагы Муратаалы бий, Сары өзөн Чүй боорунан баатыр Байтик, мырза Шабдан чогулуп, акыбал аракөзү чара кылынып ортого кайра ташталып, ордо бийлигин биротоло колго алмак болушкан баягы баталашкан акыл максатын кайра бекемдешип, кайра күчөй, өчүгө каршыккан демге өтүштү. Алымбек датка астыртан жай адамдар аркылуу Үч-Алматы жактагы орус акимдерине жылуу жүз байкатып, бирок өзү дасыккан ордо адамы тапатандан сыр алдырбай, баштаган эле жеринен бир катуу укурукка баш салып албас айласын кылып, «тумшугун батырып, канатын качырып» демекчи, этият, аяр абалда тутунду. А жергилик тоолук бийлер баш-отун аянбай Алымбек датка тууганына быяктан аскер кубатын курашып, Кокон ордосу менен бир убактагы кеткен кекти, өткөн өчтү бир эсеп-кысапташып алуу жагын катуу самай абдан дуулдаша аракет жүргүзө башташты.

Болуп жаткан окуяларга көз салып, өзгөчө ынтаа коюп, байкап, Күн батыш Сибирь генерал-губернатору болуп жаңы келген Дюгамель төрө 1861-жылдын 8-июну күнү империянын аскер министрине:

«Биз менен оболу ынтымакка келип алып, Алымбек Ысык-Көл менен Кичи-Бухара жайыгы аралыгындагы Нарын дарыясынын башында тоо арасында жашаган кара кыргыздардын ичинде калып, бул элдин өзүнчө бир өкүмдары болуп алгысы келип жаткан окшойт. Муну менен жакындашуу биз үчүн бул жагынан пайдалуу – биздин кербендер бул жерлерден Кашкарга бейпил өтүп калат, ошон үчүн эгер чын эле Алымбек бизге ыктай турган болсо, анда биз тараптан да жакшы мамиле көрсөтүлүп, ымала кылына берилсин деп, полковник Колпаковскийге жолдомо жаздым...»

– деп, атайын кабарлоо жасады.

* * *

Жаркын-Айым мечитинде Мала-хан өзү алдыга туруп ымамдык кылып, кыбла карай астейдил кудайга кулдук келтирип, ордосуна ынтымак ырайым тилеп, мунажат кылды. Өңкөй иргелген билермандары – Шатман кожо, Кыдырбек датка, Кудайназар амин, Маргалан беги молла Алымкул кошо. Бул кишилер ордонун төрт бурчунан көтөрүп турган алтын түркүгү эмеспи, ар кимиси өлкөнүн ар шаарында бек, калк ичиндеги уруу башчылары, булардын азыр баш кошуп турушканы – тарки чыккан ордону эптеп бириктирип турганы болот. Буларсыз азирет хан кирер башбаанеги, жатар оруну жок бир селсаяк. Кубаттуу, дымактуу Алымбек даткага ушулар аркылуу гана туруштук кыла алат кыла алса, жеңсе ушулардын биргелешиши аркылуу гана жеңет.

Намаз, андан соң ордо шааниси кылып, бирткелеп чайлашкан соң ар кими өз шаарына, өз вилаятына тарашы зарыл эле. Бирак иргелген билерман бири да кетишке үзүр сурашпай, кайра ардеме кепке үйүр тарта субхат ырбатышып, хан жанына үйрүлүшө беришти.

Ушуну сезерин сезип, Мала-хандын жүрөгү болк дей түштү. Кимисинин ичине кирип чыккан, аттиң ай?! Кудурет үч нерсени бөлөк жараткан – адам жүзү ар башка, адам ой-санаасы ар башка, ар адамдын көрөр тагдыры ар башка! Ал эми ой-санаанын кече күнү бир, эртең бир, андан нары дагы башкаланып, өзгөрүлүп кубулуп, ченсиз, чексиз жаңыланып турганы кыйын. Минтип өлкө тыштан да тынбай, ичтен да бөлүштү болуп, бир кепке, бир мүдөөгө келе албай калганы калпыс мезгил.

– Кана, не кылгайбыз, – деп, өзү кеп баштады Мала-хан, – айтыңарчы, бу бейнысап даткага карата не аракет, не мамиле кылгайбыз?

– Ынтымак! – дешти бектер бир ооздон.

– Ынтымак?! – деп, кайра сурап, ой басып, ичтен салмактай кыңырылды Мала-хан. – Ыйык сөз, ак сөз. Бирак, ачык айтышалы, ким бузуп жатат аны, өлкөнү четинен кесип, ким базарга салып, сатып жатат?

Бектер унчукпай калышты. Макул эмес экенин түшүндү Мала-хан:

– Же, мен өзүм бузуп жатамбы өз ордомдун ыркын? Ыя?! – деп, тарс жарылып кетти.

– Кудай сактасын, азиретим! – деп жиберди молла Алымкул.

Мала-хан күчөй көбүрө-жабыра кейип, күйгөн, таарынган кебете кийип, башын ийкей, отуруп күңкүлдоп, Алымбек даткага Кара-Кастек кыргынынан тарта койгон айыбын кайра башынан түшө айтып:

– Макул, эмне деш абзел эди ушундан соң?! Карап отура бермекпизби кол куушуруп, ал бейнысап Коконго чейин базарга коюп, сатып бүткөнчө, ыя?! – деди аягында.

– Кудай сактасын, азиретим! – деди Шатман кожо.

Молла Алымкул:

– Таксыр... Эч ким датка тараптан эчтеме өткөн жок деп айтпайт, бирак, бир жактан Оро-Төбо вилаятын талашып амир Музафар, бир жактан Ак-Мечит аймагын тартып алып орус чыгып, мына ушулардын үстүнө Алымбек даткабызды кетирип алсак, таксыр, бул иш өлкөңүздү жакшылык күнгө алып келбесин ким гана болбосун калыс адам көрүп турат...

Мала-хан үстүңкү бир ууртун тарта кыжырлана үңүрөйүп тиктеп калды.

– Ынтымак! – деди молла Алымкул атайы кайталап. – Мындан башка акылга сыяр жол жок өлкөнүн эртеңки аманчылык күнү үчүн, таксыр!

– Жарашыш ылазим, – деди Кыдырбек датка.

Мала-хан нестейе түштү. Ошко, андан нары Алайга жоболоңдуу жортуул кылууну ортого коймокчу болуп турган. Башын чайкап жиберди:

– Жо-ок! – деди туталана. – А көрөкчө, агаларым, бел кылар бектерим, ыракмат эле дейм силерге, мен баягы үйрөнгөн Бухара-и-Шариф ордосуна кайра кетип, кайра карыптын күнүн көргөнүм артык! Жок дегенде, мусулман ыманым бүтүн калат...

Бу кантишер экен дегени, сынаганы. Калт этишкен жок бектер, күн мурунтан ар кандай сөзгө, ар кандай боло турган чарс кыял жорукка камдуу болуп келишкен экен.

– Кудай андайдын бетин нары кылсын! – деген болуп калды молла Алымкул хан көңүлүн улай. – О, таксырым, андай жаман кепти оозангыча ынтымак ыйык иш жолун ойлонмок абзел эмеспи?! Өлкө биримдиги, эртеңки бүтүндүгү кимибиз ким гана болбойлу баарыбызга бирдей, ал үчүн бар акылыбызды, күчүбүздү, кара башыбызды сайып коюп иш кылышыбыз ылайык, таксырым...

Мала-хан майтарылгыс бөгөткө такалганын сезди.

Жарашмак! Ушул бир убакта кылып койгон жакшылык ишин дамамат бетине бечкеч кылып, аны менен өкүмдарлык бийлигин бөлүшүп алып, тең ата, а көп убакта ага да ынсап кылбай боюн көтөргөн дымактуу Алымбектей кишилерден кутулуш үчүн не гана аракетти кылбаган?! Эми келип, ордону өз жаныма ийридим, өкүмдарлык бийликти өз колума алдым деген күнүндө, Алымбекке жапса жамы журт кулак кагар орчун күнөө кудай берип өзү табылган чагында кайра ушунун баарынан жалтаңдап баш тартып, кечип, дагы баягы күнкөр көйүнө түшмөкпү? Дагы кимиси чүлүнтүктөп жетелейт аны, булардын?! Жексен кылса баарын, аттиң ай! Күч кана?! Мала-хан шалдырай түштү.

Көп өтпөй Мала-хандын кырк элчиси Тогуз-Тороо аркылуу Кара-Көө ашып, Куртка чебине келишти.

«Ордодон элчилер келди» деген кабар жеткенде: «Орго салып коё тургула!» деп, буйрук берип койду. Кече кырчылдашып, а бүгүн ордо жактан биртке эле жылуу шыбыш болору замат леп этип жыгылып берсе, бул жактагы анын тарабын талашып, ордо менен ар кандай кагылышка кайыл болуп, ага ишенип, аны баш тутунуп турган журт не дейт?! Элчи менен сүйлөшпөй, кайткыс ниетин бул элге да, ордого да ажырым көрсётмөк максатын көздөдү Алымбек датка.

– Эми эсине келген бекен кызыталак Мала?! – деди күчөнө.

Элчилер Куртка зынданында бир жума жатышкан соң, ичинен бир адам тынбай: «Менин мойнумда даткага айтар бир аманат кеп бар», – деп кыйкырып, жалбарып туруп алды. Бул Алымбек даткага айтылды. Алымбек датка зындандан чыгартып алып сүйлөшсө ал адам молла Алымкулдан тымызын келген адам экен.

«Эстүү жансыз, датка, ойлонуп багың. Битке өчөшүп, жалгыз тонун ким отко салмакчы?! Бул өлкө баарыбыздын жонубуздагы жалгыз тонубуз, а өкүмдар деген ошол тонубуздун жакасына чыккан бир бит, битке өчөшпөй, битке өчөшө жалгыз тондун жакасын айрып итке ыргытам дебей, датка ыркка келиң. Сизди ыркка өлкөңүздүн эртеңки тагдыры чакырып отурат...» деп, молла Алымкул оозмо-оозго алдыртан кеп айттырган.

Бул жарашуу деген алакет хандан эмес экенин, өзүнчө бир оймаксат, күч топтолуп жатканын дароо баамдады Алымбек датка.

«Абалкы да, акыркы да койгон шартым, талабым – мейли, ошол туз урган Маланы ордодон кетиришсин. Мына ушуну, жараным, төкпөй-чачпай оозмо-ооз айтып баргайсыз кадырлуу молла Алымкулдун өзүнө!» – деп, аткарылууга өтө кыйын талап коюп, «болсо мына, болбосо ана» дегендей жарашуудан бой качырды.

Молла Алымкулдун адамын киши кошуп узаттырып, ошол эле күнү калган зындандагы элчилерди бүт кырдыртып, Нарын дайрага таштаттырып жиберди.

– Ыя?! Бу туз урган миң тукуму далай элчибиздин канын ичкен. Келме кезек деген ушул! – деп, актанып койду.

Элчилери кырылганын угуп, тыякта Мала-хан кайгырмак ордуна аябай сүйүндү. Чакчырылып, тез диван жыйынын жыйып:

– Мына! Айтсам ишенишпейт, ал бейнысап Жангарач менен Жантайга кошулуп, ыманын оруска сатып койгон десем болушпайт! Мына, көрүп алсын калыстар, мына!.. – деп, буркан-шаркан түштү. Ушуну менен жарашуу акылын тапкан бектерге ачыктаначык күнөө койду.

Мына, не кылмак ылазим? Кайрадан бул суроо бектердин алдына коюлду. Ички чатакты тындырып, тыштан болуп жаткан кысымга туруштук кылып өлкөнү өлкө бойдон сактап калыш үчүн не иштемек зарыл? Хан менен датка бир ымга келиштен өттү эми. Не азирет хандын айтканын кылып, бардык аскер кубатын бир жумшап, датканы тыйпыл чабыш керек – бул каалоо гана, чабылып бермекпи, ушул бойдон датка оруска таянып, өлкөнү, элди бөлүп кете бериши айкын көрүнүп турат. Не датканын талабына көнүп, азирет хандан кечип тынмак абзел – бирөөнүн кайгы зарын, канын моюнга көтөрүш оңойбу, бул да кудай алдында, пенде алдында кысап берер мүшкүл. Кайсы жагы болсо да, убакыт күтөр эмес, тез болушун мезгил, акыл талап кылды.

Жыл ооп, 1862-жылдын 24-февралынын түнүндө Шатман кожо, Кыдырбек датка, Кудайназар түрк чала уйкуда толгонуп жаткан ханын ойгонгуча басышып, оз ордосунда, өз төшөгүндө думуктуруп өлтүрүп коюшат.

Койгон шарты аткарылган соң датканын аброю аркалык туугандарынын көзүнө абдан көтөрүлдү. Бийлер, айыл аксакалдары биринен сала бири келип, астейдил куттук айтышып: «Бир айткан сөзү айчылык жерде эки болунбай, талабы ордонун өзүндө аткарылып отурса, хан болот деген ушу!» дешип барбалакташып калышты. Сөз арасында «хан ага», «азирет» деген да аралышып калып, буга көңүлү жымырап жылып, кулагы кубанып, көнө да берди окшойт, «кой, андай дебегиле» дебеди Алымбек.

Эл дүрбөп, бири сууга чуркап, бири отун камына өтүп, бири күпүлдөтө жер оюп кемеге даярлап, эң акыры, мунун баары анын оңдой берди жолуна эмеспи, көпчүлүк бата тилээр өңдөнүп, өргөө эшигине тирелип калышты.

Мурда эле дымагы аз болбогон Алымбек аны сайын сөөлөтү артыкча, кайруусу кере карыш кундуз бөркү бийик, көк илбирс ичиги желбегей, көзү тик. Кече сары санаага ичтен эзилип, үмүтүн, тагдырын кудай кай тарапка айдарына күмөн болуп, өзүнөн өзү мүңкүрөп жаткан кишини бүгүн таануу кыйын.

Ал эшикке акырын басып чыкты, эрин ачпай, турган элди бир чаргып, мелтейип эки көзү акбоз бээге токтоду, те нарыда жукара баштаган кардын үстүнө жайылып ташталган ак кийиз да көз жаздымда калган жок.

Эл кызыгып, зарыгып тургансыйт. Ошо кысталаң убакта керээт айымы келди көз алдына: «...Абайлаң, даткам... – деп, акырын күбүрөгөн үнү угулуп тургансыды, – быяктагы билмандарың эмне дейт... абайлаң, даткам... мындай иште шашылуу – чала басуу, чалынуу...» «Зирегим ай...» деди өз дили.

Тиги бээ кармап турганга карай ошол эле эрин ачпаган бойдон акырын башын чайкап койду.

Түйшөлө түштү турган эл. «Йе... бол дегенде болуп албайбы?!», «Ыя... башына конуп турган бактысын өзү силкип ыргытканы эмеспи бу?!», «Сен экөөбүз эле ак кийизге салып көтөрүп койсок кан болуп калабы?!», «О-о, кокуй... уюктуу журт бар тыякта!» деген күбүр-шыбыр уюлгуп-уюлгуп, тез басылып, ара дым боло калды.

Ошол эле күнү жигит-желеңи дүрбөп, эли-жерин сагынган, эч токтоно алышпай, али мөңгүсү бузула элек Бычан ашуусун беттеп, жолго чыкты Алымбек датка.

Керээт айымы Алайдын бир көмүскө жеринде экен.

Көңүл арзуусунан да акыл термөө, абал чактоо зарылдыгы экөбүн тең эңсеткен.

– Келиң, даткам, келиң... – деп, көк кептердей дилдиреп, акырын күбүрөп, Курманжан дайымкысындай жүйүртө тизе бүгө датканын колун өзүнүн жылуу алаканына алып тооп кылып, бу сапар коштоп келгенден да, тоскондон да ыйбаа кыла албай, эреркеп учурашты. Келери келип, кетери кетип, эл аягы тынган убакта эрли-катын эми өзүлөрүнчө жүз карашып, биринин демин, жытын бири сезишип, ичкериге от жагарды да башбактырбай бирткелеп элкин куру чай ууртташкан болуп, тиги араң үлпүлдөп жанган оттун күңгүртүндө акырын күңкүлдөшүп, күнүмдүк тирилигинен баштап, мезгилдин өтө чалкеш, өтө калпыс абалын нечен бир ирет өкчөй салмактап, өзүлөрү собол коюп, өзүлөрү жүйөлүү жооп издеп көрүп ой термешти.

– Ушул эми, – деди Алымбек өз оюнун ток этерине келип, – ордону биротоло колго албасак болбойт.

«Өзүм хан болом» деген маанини туйду Курманжан:

– Терекке чыгыш кыйын, түшүшү андан кыйын, опурталдуу.

Жер тиктеп, ой баскансып калган керээтинин күңгүрттө кабагын көрө албай, бирок анын көңүлүнө келе калган уйгу-туйгу санаасын баамдап, «...теректен түшүштүн көйкөйүн ойлонуп калган турбайбы... атаны зирегим ай...» деп алды Алымбек ичинен.

Курманжан:

– Буга ордодо да бир ооз боло алышпайт ко...

Бул максатынын арты жакшы болоруна да, жаман болоруна да кайыл болуп алган Алымбек:

– Ким көлдөлөң келмекчи?! – деди шар. – Ким? Бүрүшкөн Шатман кожобу? Ал кожонун биздин үй-тиричилигибизге кийлигишишке не акысы болмокчу?! Ошол алдына тартылган биртке табакка топук кылып, жөн жүрсүн! Кудайназар аминби? Миң-Төбөдөгү төрт кыштак түрк тууганын баштап чыгып, кайсы кырды ашмакчы?! Койчу даткабы? Ал өзүмдүн карабагыш тууганым, ымга келишет! Молла Алымкулбу?

Курманжан айым башын ийкеди:

– Бул жакта сиз барыңызда эле барктуу болуп калган эмес беле, азыр сиздин жогуңузда көп элге туу башы, ордодо экинин бири, анын алдыртан өкүмү болмоюнча колго аларлык бир түзүк иш бүтпөй калган, Маланын көзү барында эле. Сизди кара аламан эл «качкын» дейт, ордо ичинде «саткын» дейт, а молла Алымкул «кайрымсыз ханды жыккан киши» болуп турган чагы. Нары да, датка, дагы бир ишти эске алмак зарыл – молла Алымкул Малага кутум ишти өзү баштарын баштап, а жүзөгө ашырар күнү Маргаланга үйүнө бекинип, качан кабар укканда кадимкидей өкүрүп келиптир, ушунусу менен кара аламан эл көзүнө кутумдукту билбеген калыс киши болуп көрүнүп, ханга жаат ордо кишилерин, хан өзү кураган казына аскерин өзү тарапка ыктатып алып койгон.

Алымбек датка мекчейип ойлонуп отуруп калды. Мындан келди, ушул экен го ордо талашчу адам?! Он уул ичкилик, хантагасы Кедейбай датка кошулуп демекчи, бүт сол бириккени калганбы?!

– Карап байкап көргөйсүз, датка, – деди Курманжан айым, – молла менен берки Шатман кожо, Кыдырбек датка, Кудайназар түрк кандай алакада болушту экен. Ким билет, кыямы келсе молла Алымкул аларды «азирет ханга кол көтөргөн, канына забын кылган» деп, акыйкаты да ошондой, өзү түздөн-түз катнашкан эмес, «сен айткансың» деше албайт, далил таба алышпайт, беркилерди жазага тартып жибериш кообу да бар. Сиз, датка, ушул жагдайды эстен чыгарбаңыз, мына ошол кишилердин тамырын тартып, көңүлүн алып, колдон келишинче жанагыдай болуп кетер кокустуктан корчолоп, арачалап алыңыз. Сиз жакка оошсо, чоң жаат болуп беришет, жаман айтпай жакшы жок, алар жоюлуп кетти дегиче сиз жалгыз каласыз...

Алымбек датка ой басып, башын ийкей жер тиктеп отуруп калды. Иш кыйын экен, бирок кантип баш тартмак көптөн ойлогон оюнан, бийлик кызыгынан?!

Кокон сепилинин кырынан удаама-удаа күрсүлдөтө кош замбирек аттырып, өзү Риштан дарбазасына чыгып, молла Алымкул Алымбек датканы салтанат менен тосуп алды. Жамырап аваз кылган көп элдин көзүнчө экөбү эки жактан аттан түшүшүп, жөө басышып келип, төшүн төшкө тийгизе бөтөнчө ымала көрсөтүшүп учурашышты. Молла Алымкул көзүнө жаш алып, аманчылык сурап, датканын «кайра уясын тапканын» куттук айтты.

Тез эле, ордо жакшылары менен жүздөшүү бапыр-тапыры бүт көн соң, эки бек жанына башка көз, башка кулак кошушпай өзүлөрү ээн-элкин отурушуп, бийлик ээси ким болот, кандай болот, аста ой алмашышты. Өлкөгө бир кожоюн керектигин моюнга аларын алып, бирок кайра да Миң тукумунан хан көтөрүү оюна Алымбек датка каршы ниет билдирди.

– Не кереги, не касиети бар булардын?! Булардан көрө не отуруктан, не тоолуктан, не чөлдүктөн – үч тайпа журтубуздан көтөрүп алсак ким кой демекчи? – деп көшөрдү. – Э-э, Нүзүп аталык болуп, не көйдү көрдү?! Мусулманкул миңбашы болуп, не тапты?! Өз тууганын өзү жыгып берип, ыя, Өтөмбай менен Нармамбет не болду?! Мал арыгын баксаң ооз майлайт, адам арыгын баксаң төбө кандайт! Зап сөз эмес бекен?! Ушул Маланы көтөрмөлөйбүз деп, акырында сиз экөөбүз не мүшкүлдү көрбөдүк, бек?! Кылган жакшылыгыбыз балээ болуп жабышты го өзүбүзгө?!

Молла Алымкул көзүн үлдүрөтүп, жүйөгө макул болгонсуп, каршы айтар жообу жок сыяктуу башын ийкегилеп тим отурду. Бирок, мына арты өзүнө жамандык ишке айланып кетишке ыктымал болгон өтө кооптуу окуяга карабашын сайып кирип, шарият да, салт да колдоп турган так эгесинин өзүн тындым кылып отуруп, акыры аяганда «баркы бар» деп, ушул көйрөң Алымбекке ийлепийлеп итке салгандай кармата берип, өзү баягы эски бек тону менен шалпайып кала берер киши бекен?! Буга көнөр ою жок зарделүү молла Алымкулдун, бирок азыр көздөгөн купуя ниетин ашыкча коогасыз жылма гана бүтсө бүтөрүп кетиш үчүн сылык, сыпаа жүздөшүп отурганы. Шарт талап кылса, башка бейпил жол түгөнсө, ал ар кандай кыябында ким менен болбосун тике маңдайлашат, колуна түшүп турган бийлик тизгинин оңой бере койбойт, кан төгүшө кармашат. «Майли, жети өлчөйлү, жети өлчөйлү, датка...» деп, кымырылып, ар түркүн маани туйгузган сөз менен токтолду.

Кокон шаарына бек делинип, Алымбек жалпысынан ордого баш-көз боло турмак вазийфасына өттү. Молла Алымкул мурда эле ордо аскерин өз кол алдына ийгерип алган соң аскербашы катары ошол бойдон козголбой калды. Бул бир жагынан сыртынан бийликти бөлүшүп алган ынтымагы болуп, бир жагынан абалкы өткөөл мезгил, бирин-бири акмалаган, ар кимиси өз кубатын тымызын чамалашкан убакыт гана болучу.

Шаарихан беги карабагыш тууганы Койчу датка, Кыдырбек датка, Кудайназар баш болгон бир топ ордо адамдары Алымбек датканын таасирине өтүштү. Бул жаат «өлкө биримдиги» дегенди өз ичинен өзүмдүк хан авледин көтөрүп, колдон келишинче орус менен жакшылык менен тынышып сакташмак. Бул көксөө Ташкенге бек болуп калган Шатман кожонун таламына төп келбей, ал астыртан молла Алымкул жаатына ыктады. Күн өткөн сайын ара жиктелип, кимдин жанында ким бар экени эки тарапка айкын болуп, айыгышуу аябай курчуп, кыйраша турган бир катуу кагылыш үрөй учура жакындап келе жаткансыды.

* * *

Ордо тараптан ар күнү ар түркүн кеп угулуп, кайсынысы нуктуу, кайсынысы каңырыш, биле албай Курманжан айым миң бир толгонуп, түркүн түмөн божомол сесин алып, ой-санаасы бир жерге токтолбой дудала болуп турган чагы болучу. Жолдун оңуту деп, өргөөсүн Каблан-Көл жайлоосуна кондурган. Ошондой мазасыз түндөрдүн биринде эл кызуу уйкуга кирген мезгилде капилеттен те алыстан ат кишинеп калды. Түйшөлүп, али кирпик кага албай жаткан Курманжан айым: «Ошол...» деп аптыгып ордунан тура калды. «Ошол, карача аргымак эле, ошол!..» деди. Үйүр сагынган айгыр аргымак чаалыкканын унутуп, алчактай басып, алда кайдан улам шаңгырап кишинеп келе жаткандай. Курманжан айым эшикке кандай чыкканын билбей калды. Дагы шаңгырап аргымак кишинеди. «Өзү экен... датка келип калды окшойт, аксары башыл кудайы, о көкө теңир ай, не күн болуп келип калды экен?!» деп туталанды, не кубаныч, не коопту бир окуя сезгени белгисиз эт-жүрөгү болкулдап, алдастай басып, шабырт келе жаткан жакты көздөй бет алды. Улам коюу көбүргөндү шатырата нарылаган сайын жүрөгү опкоолжуп, тездей берди. «Ыя?!. Келбейт эле, зарыл бир иши болсо киши жиберет эле!.. Ыя, куугун жеп калдыбы, ыя?..» деп, санаа аны кыстап, шаштырып, жүгүргөнүн өзү билбей баратты.

«Эне, кайда барасыз, токтоң?!» деп айта алышпай, эсейген эки уулу тең ээрчип, бири каңтарылуу аттардын бирин жетелеп: «Эне, буга минип алыңыз» деген сөзгө жетише албай карамакарама логлоп чуркады. «Ыя?!. Не болсо да жай эмес бу..» деп, балдарынын ээрчигенин сезбей, артын карарга буямасы боло албай кетти Курманжан айым.

Бир убакта көп аттын дүбүртү, бышкырыгы таасын угулуп, жакын эле алдыдан шыңгырап карача аргымак кишинеп жиберди. «Мына! Айтпадым беле?! Өзү экен...» деп, ал селейип токтой калды. О, санаадан учкул жок белем?! Ошол тапта Курманжан айымдын көңүлүнө «карача аргымакка датканын сөөгүн артып келатканбы, каран күн» деген ой зып дей, ошол замат коштогон көп атчан дуу өкүрүп жиберише тургандай сезим эңги-деңги кылып, тула бою дүркүрөп кетти. Курманжан айым дагы бой таштап, өз шабырты, коюу көбүргөндүн качыр-кучур болгону кулагына угулбай демиге катуулап басты. Аңгыча караңгы арасынан туңгуюк көзгө илинип, ири алдыда, атырыла басып, карача аргымак дагы шаңгырап кишинеп жиберди. Курманжан айым эл көзүнө да байбиче каадасын тутуна токтоно албай секелек келин сымак дуу эте чуркап, жетип эле аргымакты тизгиндеп:

– Келгиле, келгиле, – деп, үнү калтаарып, шыбырагандай басмырт күңкүлдөп, токтотпой кошо желе басты.

– Кандай, байбиче, тынчсыңарбы, мал-жан эсенби байбиче? – деди эңкейе Алымбек датка караңгы ичинен, кабагы көрүнбөй, үнү шалкы. Жол азабыдыр?

– Кудайга шүгүр, элиңиз эсен – биз эсен, датка!.. – деди Курманжан айым, кош колдоп кармап, эринин камчылуу колун өөп тооп кылды. Ошол бойдон аргымакты суулуктай жетелей:

– И-и?.. Ыя, неге мынча түн катып, датка?.. – деп сурады ошол Каблан-Көл айланасында караңгы түн жамынып кулак түрүп ээрчип турган бирөө бар сыңары жарым үн салып, өз көкүрөгүндөгү удургуган күдүк санаадан аны сайын кообу күчөйүп. – Ыя?..

Алымбек датка унчукпай, неден баштап, не деп айтарын биле албай, тунжурай калды. Сабыры кетип, ушу караңгы түндө да кабагын байкайм дейби, колу аргымактын суулугунан чыкпай, кетенчиктей басып, андан жооп күтүп бараткан Курманжан айымдын караңгыда кадалган көзүн сезди. «Бул эмне?!» деди Курманжан айым. «Бул эмне, биротоло баарынан кол жууп, үмүтү үзүлүп, деми кесилип бүтүп келгенби?!» деп, ордо талашып жүргөн датканын бул кейишине эч ыраазы болбой, макул боло албай бир аргасыз кайгы, бир те тереңден кыжыры дүрт тутанып, жүрөгү дүкүлдөп кетти. Алымбек датка да бу кумурсканын түндө оонап кеткен жерин билген дегендей керээт айымдын мындай чоочулаганынан «дагы бир балекетти уккан экен» деген ойго дароо кабылып, дароо ордо, кымырылган ордо адамдары көз алдына бир тартылып өттү. Ал байкай албаган дагы бир мүшкүл бар белем?!

– Ыя, датка, дагы качып чыккансыз го?.. – деди бир убакта Курманжан айым баягы муңайым мүнөзүн сактанып, бирок анын деминен кескин зил угулду.

Алымбек датка өзүнчө акырын улутунуп, өзүнчө касырет тартып, өзүнчө өкүнө башын ийкегилей:

– Качып келгеним го жок, бирак абал жаман, байбиче... – деди чарчаңкы.

Ошол учурда өргөөгө жакындап, көк дөбөт күлтүлдөп эркелеп тосуп калган эле. Курманжан айым карача аргымактын суулугун бура тартып, кайра окчундай жетелей басты:

– Куп жакшы! Андай болсо аттан түшпөң, ырым болсун, датка. Качуу оюңузда жок болсо, маслахат үчүн эле келген болсоңуз куп жакшы, ат жалынан бүткөрөлү, датка...

Бир тынбай ат үстүндө келип, такымы тырышып, бели уюп, чаалыккан Алымбек датка ээрдин кашына өбөктөп, караңгы түндө акырын күңкүлдөп, ордодо болуп жаткан оош-кыйыш, бир жактан бир жакка түндө жорткон келемиштей жылып-жылып өтүп жатышкан ордо шумдарын, абал улам курчуп, улам кызып, тарс деп бир жарыла турган кооптуу күндүн өтө эле жакындап келип калганын айтты. Эң акырында «Эмне кылабыз?» деген суроону туйдуруп, ушул айсыз караңгы сыяктуу туңгуюк абалдан керээт айым дагы бир сыйкырдуу шам чырак акыл туттуруп, чыгарып кетерин гана сыйынып токтоду. «Кой, датка, ушул бийлик деле жетет бир башыңызга, кой, ордосу менен курусун, келгениңиз жакшы болуптур, ордо башы болбосоңуз беш чүрпөнүн атасы болуп, тынч эсен жүргөнүңүз ылазым, айланайын даткам...» дейт деген ойдон башка маңдайына келбей бүт тула бою ныксырап, эгер минтсе өзү буга кандай мамиле кылары даяр да эмес, талыкшып, тунжурап турду.

Жайлоо жердин сыдырым жели кайдандыр леп-леп келип, кайра кайдадыр шуу-шуу кайып учуп өтүп, кайра дымый калып турган. Те нарыда коштоп келген кырк жигиттин өзүлөрүнчө акырын кобурашканы, оттогон аттардын шабырты, бышкырыгы гана түн терметет. Курманжан айым карача аргымактын ыйык жалын кармап үңкүйгөн бойдон көпкө былк этпеди. Бир оокумда Алымбек датка бир сүйөк кеп талап кыла дагы өзү түйшөлдү, «үйгө түшөлү эми» деген ою ооз учуна келип. А Курманжан айым ордунан ыкшалбай:

– Ыя, датка, жүрөксүп калган окшойсуз?.. – деди акырын, ындыны өчкөнү, мындай жүрөксүнүшүнө макул эместиги деминен байкалып.

Алымбек датка ээрден өйдө боло берди. «Ырас» деп кантип айта алат эл агасы башы менен?! «Жок» десе калп болот, ал калпын баягыдай алдына туу көтөртүп дал түштө жол келбей түн катып жүргөнү, эки ийни түшө минтип шалдырап турганы ашкере кылып турат.

– О аттиң, ай, жүрөксүнөр жөнүңүз барбы, даткам, жаман айтпай жакшы жок, бул иштен мертингидей болсоңуз артыңызда азамат беш Алымбек калып турбайбы?! – деп жиберди Курманжан айым үнүн кейиштүү да, кекерлүү да көтөрө.

Караңгыда айымдын тереңинен кайрат жалынын күйүп турган баягы жашыл көзүн Алымбек датка дили менен көрүп, мындай катуу кепти мурда укпаган, ошол табында күтпөгөн, ормоюп тиктеген бойдон селейди.

– Кайтканым оңбу, байбиче?.. – деп сурады бир убакта.

– Оң түгүл, датка, зарыл! – деди Курманжан айым туталана. – Өзүңүз ойлоп көрүңүзчү, эми качып кайда батасыз? Те куттагы ишенип отурган тууган эл эмне дейт?! Дагы качып, дагы кара башыңызга сыйынт сурап, дагы көмөк тилеп барсаңыз? Ыя, иренжишпейби?! «Кимге ишенип, ким менен тагдырыбызды канжыгага байланышып жүрөбүз?!» дешпейби?! «Өзүбүзчө ордо күтөбүз, өзүбүзчө бир тайпа журт болобуз» деген көксөөңөр куру кеп болуп калбайбы бу өлүмгө тике карайт деген башчы кара башын корчолоп, жалт берип кетсе?! Жамы кыргыз кыпчак журту сизди карап турат. Мындай кезде, датка, кара жанды ала качкан айла эмес, көксөгөн максаттын кадырына кара башты тике сайып, жазатка өзү барып бериш – ошол айла, ошол акыл, ошол эрлик!..

Алымбек датка катаал сөздүн ыктуу жүйөсүнө тен берип:

– Ырас, – деп, чачылган санаасын жыйнап, кадыресе чыйрала түштү, – ырас!

– Тез, кылчактабай азыр кайтыңыз, датка. Минген бурактан түшпөңүз, кармаган тизгинди коё бербеңиз – бул ырым, бул эртеңки минер тагыңызга, тутар өкүмдарлык тизгиниңизге үмүт, тилек. Бурак үстүнөн суусун ичип, азыр кайтыңыз, – деди Курманжан айым.

Те нарыракта турган беш уулу – Абдылла, Асан, Маамыт, Баатыр, Камчы келип, улуулата эки колун бооруна алышып салам айтып, акырын ыйбаа, ызат карманышып, көрүшүп калышты. «Мына, сен мерт болсоң бек каадаңды кылар, жолуңду улантар, ысмыңды туудай көтөрөр бул беш азамат калат артыңда – сен чайлаган бай терексиң!» дегенди кайра туйду. Алымбек даткага бул аны эки колтуктан сүйөгөндөй кубат, кайрат берди. Биринен-бири сөөлөттүү, биринен-бири көрктүү, биринен-бири калышпай кылка теректей бой керишип өсүп келе жаткан боз уландарынын деми аны көз көрүнөө көтөрдү, заматта ордо кыжаалатын, өлүм коркунучун унуттуруп, тебелетип жиберди. «Кудайга миң мертебе шүгүр, мендей пенде өлөм десе күнөө болот!» деген кыял көңүлүнө жаймаланып толуп чыкты.

Уландары менен учурашканы да, коштошкону да ушул эле болду. Карача аргымакка мейиз кошкон күрүчтөн жем илип, Алымбек даткага аргымак үстүнөн көөкөрлөп кымыз жуткуруп:

– Тез дегеним бул, датка, сиздин түн катып ордодон чыгып кеткениңиз «маслахатка кетти» эмес, «качты» болуп тарайт. «Качты» болгон соң кечеги жумшак тил, катуу сүр менен ийгерип кураган тобуңуз байкоосуз ыдырайт – качкынга ким кошулуп качмак, аргасыздан болсо да досуңуз касыңыздын тарабына жылып өтөт, кеткен досту кайра кайрымай жок, касыңдан аша каршыккан душман болуп кала берет. Сиз, датка, ката иш кылгансыз, эми ал катаны ууга чыгып келген өң көрсөтүп, Коконго шардан менен кайра кирип, кайра ордонун төрүнө өтүп калганыңыз гана оңдойт оңдосо... – деп шаштырды Курманжан айым.

Жолго бата алды Алымбек датка. Курманжан айым аргымакты дагы эле суулуктап жетелеп, лепилдеп узатып басты. Эми шашыла күңкүлдөп сүйлөп:

– Абал кылычтын мизине, кылдын учуна келген экен. Мындай тапта озунган эле алат, кенебей жаткан алдырат, датка. Оңут күтүп отурбай тобокел кылып, озунуш ылазым, датка. Тез! Ойронун чыгарыш зарыл, датка. Кылчаңдаш болбойт! Арты эмне болорун ойлонуп отурушуңуз өзүңөргө кастык, арты эмне болсо ошол болсун, бир кудай өзү, ичи кең, жөндөйт... – деди. – Эми, дагы бир айтаарым – бой жүрбөй не бир көзүңүз түшкөн, не бир жакшы санаалаш бурадарлар акыл берген бир түзүк жубанга нике байлатып коюңуз – бою-башыңызга карайт, мусулман ордосуна баш болуп отурган соң тазалыгыңызга төп, эң жакшысы кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издеген душмандарыңыздын ушак-айың кебинен какас болосуз – бул ушул тапта ашкере зарыл.

– Ылайыгына, – деди Алымбек датка, – ылайыгына карайлы, байбиче. Кош, – деп, эми өзү ашыгып, бардык ой-санаасы ордо кармашына ооп, өзү туталанып, кош айтышты. Курманжан айым эринин колун өөп тооп кылды да:

– Кош датка! Жигит пири Шаймерден колдосун... – деп, ак тилек кылып, караңгыда жүзүн сыйпап бата кылып, бу ортосунан кыл өтпөй калган өмүр менен өлүм кармашына биле туруп өзү жөнөтүп койгонун айкын сезип, не кайгырбай, не кубанбай нестейип кала берди.

Кырк атчан кайра дүпүрөй Кокон көздөй тартты. Алымбек датка алдына чыккан кишиге салам да айтпай, саламына алик да албай, ким экенин даршан кылбай түн пардасын жамынып, күпкөсүнө ач түлкү киргенин туюп калган карышкырдай алдастай сүрдүгүп, жаагы карышкан тажаал санаа куюктуруп, эч жерге токтолбой кетти.

Ушундай капилет жорук болуп кетерин ким болжогон?! Ордого баш-көз болуп калуунун өзү Алымбек датка жааты өкүмдарлык бийлик колго өткөнү ушул дешип, көңүлдөрү жайланып калган убак эле. Кудайназар түрк менен Кыдырбек датканы бир түндө жүздөн аскер барып, үй-үйүндө басып, а дегидей сөзгө келишпей экөө тез кылычтап өлтүрүп кетишти. Жигитбашы Маматкан баатыр кызылдай кырылышып кармашып, нары беги, нары өз туушкан агасы Койчу датканы коргоп калды. Таң сүрө адам үрөйү тааныла баштаганда түн жамына тийген жоо кыргындан калганы кайра тартып, дүпүрөтө дүргүй чабыша бир жакка бой жашырып кетишти. Ким булар? Кайдан?

Ошол күнү бул шумдук окуя кабары Коконго жете электе Чотон деген адам Алымбек датканын эшигине келди.

Алымбек датка эртең мененки намазын жаңы эле бүткөн. Азирет Шайх-уль-Ислам Сагизаада, молла Зия деген ордо адамы баш болгон төрт-беш киши салам айтып келип калышты. Шайхуль-Ислам ордодо качан болбосун, кимге болбосун келсе жолу тосулбайт. Күн ырайы, эгилген эгин, жыйым туурасында сөз кылышып отурушкан.

Караулбашы кирди:

– Таксыр, Чотон баатыр келиптир, учурашып кетсем дейт, – деди.

– Чотон?! Чотон маңкабы? Коё турсун, – деп койду Алымбек датка. Көз алдына аюдай килейген тууралуу, бою пас, эки көзү кыпкызыл, мурду бел-баскак, одурайган кара киши келди. Чотондун ашкере бой көтөрө эрес талашкансыган кейпи, бир да жолу сырдашпаган зардеси Алымбек даткага жакчу эмес, жылдызы каршы сыяктуу киши болучу.

Бир аздан кийин караулбашы дагы кирди:

– Таксыр, сабылып турат. Ноукентге өтүп бара жаткан экен, бир ооз сөзүм бар эле дейт...

Алымбек өйдө карай берди:

– Эмне сөзү бар экен ал ант урган маңканын?! – деп алды. – Мейли, киргизчи бери...

Чотон эшиктен араң сыйып кирип, камырабай чайпала басып, күркүрөгөн жоон дабыш, акырын салам айтты да, кычыгына эт өсүп кеткен кызыл көзү үй ичин бир чыргый отурган адамдар менен суз кол алышты. «Мунун кесири башынан ашкан!» деди ичинен Алымбек датка. Молла Зия иреңи купкуу болуп, башын араң ийкегилеп:

– Ие, келиң, Чотон баатыр, келиң, – деп датканын жанынан өз ордун бошото ылдый жыла берди, – төргө өтүң, төргө...

Чотон сыңар тизелеп, коомай көчүк басты.

– И, кел, жол болсун? – деди Алымбек датка.

– Бир эртеңкиге калтырбай турган зарыл иш бар эле, датка... – деди мелтейип, үрөйү да суук, көзү да шумдук туйдура ойноктоп Чотон.

Ал убакта шырп эткен шыбыш жалган-чынына карабай керек болчу. «Э, бу отурган элден жашырын экен» деди, Алымбек датка кайтарып сураган жок.

– Кел, даам сызып, анан деле айтарсың ишиң болсо.

Чотон көзүнүн төбөсү менен дагы бир сыйра баарын тиктеп, молла Зияга келип, кадалып токтоп калды. Молла Зия аны сайын көзүн ирмешке жарабай, азирет Сагизааданын ахлак жөнүн маек кылган коңур муңайым үнү да кулагына угулбай, нес болуп калды. «Иа, алла! Бул айбан неге тирмейет?.. Ыя, тууганын кыя албай, өңүн көрүп ырайдан кайтып, ыя, тууганына барлык сырды булайтып чубап таштаганы отурабы бу макоо?..» деп, өлүм менен өмүр аралыгы ал үчүн бир нукум болуп, заманасы куурулду. Аңгыча дасторкончу дасторконун жаяр алдында жез чылапчын тосуп, өзү жез чөөгүн менен колго суу куя баштады. Этектен башталып, төрдөгү шайх-уль-Ислам Саги-зада, молла Зия, кол жуушту. Эми Алымбек датка эңкейип, жез чылапчынга кол тосуп, ашыкпай жууп, суудан ууртап, ооз чайкап жаткан мезгилде килейген Чотон лап тура калып, койнунда катылуу келген шап кылыч чагылгандын отундай бир жарк дей төбөдөн шилтенип, көз ачып жумганча Алымбек датканын башы чылапчынга шалак деп түшүп калды. Шайх-уль-Ислам Сагизаада эки көзүн басып, кылыч эми ага шилтене тургандай, тез күбүрөп келмесин айтынып жиберди.

– Коркпоң, азиретим, коркпоң... – деди молла Зия.

Кылычынан канды аптыга бир жалап алып, тажаал айкырык салды Чотон:

– Мен бекмин Коконго! Жайлайым былк эткениңди! Жайлаайм!

Ким былк этмек?! Ошол жерде шайх-уль-Ислам Сагизаададан башкасы муну билип келген, Алымбек датканы шексинтпей ортого алып туруш вазийфасы тапшырылган өңкөй кутумдар экен. Көздөрү жайнап эле ликилдеген Чотонду мыңк этпей тиктеп отуруп калышты.

– Уа, бар-ракал-ла, Чотон бахадур, бар-ракал-ла!.. деп, мактап жиберди ачык молла Зия. – Энди, бахадур, тышта не окуя болуп кетет, тыштын камын көрмөк абзел, бахадур...

Желигип, ликилдеп, Чотон тышка жөнөдү.

Тышта Алымбек датканын күзөтчү жигиттери бар, иргелген жүз сыпай менен келген Чотон, не бар не жок, кымкуут кагылыш капшабына кабылып калбас үчүн кутумдар тамдан чыкпай бугуп отуруп калышты. «Бири өлүп, бири калсын. Бир жаңсыл болсун...» деп ойлоду ар бири. Кокус датканын күзөтчүлөрү үстөмдүк кылып кетишсе, өлтүргөн башка, буларга ким күнөө жүктөй алмакчы, кайра өлтүргөн кишиге наалатын жабыла айтышат, күйүнүп өкүрүп калышат, а ушул бойдон Чотон басып калса дагы жакшы, баягы көздөлгөн иштин оңуту. Бирок, алардын ортосунда ордонун билерманы сулап өлүп жатпайбы, акыры кандай түркүн өзгөрөрүн ким билет, иреңдери учуп, кооптуу тагдырга баштары байланып калды.

Молла Зия Алымбек датканын өлүгүн улагага алдырып, үстүнө жана эле желбегей ийнине салып отурган кымкап тонун айкарасынан жаптырып, башын жанына койдуруп койду да, эси чыга калчылдаган дасторкончуга дасторкон жайдырып, жалбырттап чачылган, коңурсуп жыттанган адам канынын ортосунда атайын ырым үчүн жайма-жай даам сыза беришти.

– Э-э, жеткен ажал бул. Кырк жылы кыямат жүрсө бей-ажал чымын өлбөйт деген эмеспи жараткан эгем...

– Муну өз ниетинен өзү таап алды окшойт даткабыз?..

– Уа-а, ошону айтың, ошону... Бу ыраматылык датка жакшы адам эди-ю, ынсаптан кетип калды, ынсаптан... Бу баарыбызга тең ыйык ордону түрк баласына гана энчи кылмай болуп, аттиң ай, ордонун кат-кагазын нонок түрки менен жүргүзмөкчү болуп... О, илгери бир муштаидден сураган имишдур: «Кайсы тил ширин?» «аль-Араби асел, фарси – шекар» деп, жооп кылган муштаид. «А түрки недур?» деп, такык кылган дешеди. «А түрки – өнөр» деп койгон акылман. Маани ушул ки, түрки – тириликте бир кереги болуп кала турган, а мейли базар заруратына жарай турган бир өнөр гана экен. Ыйык кат аль-Куран, арабиде, аны башка тилге таржима этиш күнөө, магнасы бузулар, а фарсиге беш ирекет намаз, жаназа окуш, жана да бир кат, казал жазыш ылайык болунган. Муну бузуш аз күнөө эмес эди даткага...

– Пай, пай... Кудайым сүйүп бак берген, дин-Ислам шарияты дува берген паша авладин жок кылгаймын деп, не өзүн, не башка түрк баласын хан көтөрмөк болгонун карап багың? Йе, алла, дааратын түзүк ала албаган кайсы түркөй өкүмдар болуп жарытмакчы?! Э-э, мунусу менен жамы мусулман бирлигин опат кылмак даткабыз...

– Ва-ай... Тиги кут жайдагы жабайы туугандарынын азазил тилине кирип, арам дилине ооп, мусулман жерин тартуу этип, дин-Исламдын душманы кайридин орус менен купуя алака кылышка батынган дешеди.

– Пай-пай... өз өлүмүн өзү сурап алганы бул эмеспи?!

Жайма-жай кобурашып, биринен бири ашыра Алымбек датканын күнөөсүн көбөйтүп, колдорун улагада жаткан өлүгүнө кезей-кезей кеп урушуп, баш ийкеше бирин-бири кубатташып, бирок баарынын кулактары тышта, даам сызган болуп отурушту.