кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Үчүнчү бөлүм

II

Керилген Сары өзөн Чүй...

Түнү аяз, боз кыроо, таң эрте менен баш аягына көз жетпеген керилген өзөн күмүш чапкан сыңары көгүлтүр акчыл түрлөнүп, ар кай жери жылтырап, бирткелеп кыроо эриген сайын көздүн жашындай мөлтүлдөп тамып, сарыгып, жер нымыгын, жер бети алтындай саргаймактап, күн жылымдаган ченде көзгө илеше илешпей булаңгыр чырым көк буу көтөрүлүп, ава да мемиреп, бир түркүн кеңирсий дымып турат. Саз, сай жээктей арасына тобу менен төө кирип кетсе табылбагандай шыкала өскөн кара камыш, миң түрлүү чөп чайлаган, калың чий те алыстан ак каймалдын чуудасындай үлпүлдөйт. Коён сереңдеп, бир тартым жалын болуп чубала кызыл кыргоол учуп, түркүн куш үн алышып, тири маглугу бейпил. Суу бою жакасында кыштоо аз, кышкысын бети ачык жалаң жер сыдырым суук, кези менен сөөктөн өткөн карандай шамал, адам түгүл малга да катаал болуп, көбүнчө жер уун билген эл ылымта кууп, жайы салкын, кышы жылуу тоо койнуна ыктайт. Жаңы келген жат көзүнө бу кең өлкө ыңгырап бош калгандай көрүнөт да, те көк тиреген улуу тоо башы ак кар көк муз, берки булуңгур адырмак өтөгү боз чаңгыл туман өзгөгө туңгуюк сырын, эзелки дымагын, кубатын тымызын катып, өзгөчө бир сүр, айбат сездирет.

Кең Сары өзөн Чүйдүн бейпил коңур күзүн каптап келген көп кошундун дүбүртү сестентти. Канаат-ша те Оулия-Ата шаарына келгенде эле алдын-ала атайын чабарман чаптырып, бу Сары өзөн Чүй боорун мекендеген кыргыз кыпчак бийлерине казатынын максатын айтып, «эртеңки орус менен бетме-бетинде көмөк болуш үчүн элден каракелтек жыйнап, алдынан тосо чыгып, кол куушуруп туруштарын» катуу буйрук кылып, куш кат жиберген.

Бирок, ал төмөнкү бөксө адырлардын наркы-берки беттерин кыштоологон кыргыз казак төрөлөрүнүн төрүнө чыгып, өргүп калды.

А Жыламыштын көз кайкыган түзүнө атайын он эки канат жумурткадай ак өргөө көтөрүлгөн.

Бир жагы бул элге тууган, бир жагы ордонун аталыгы болуп эсептелген кадырлуу да, оозунда эми, кабагында сүрү бар датка мейманды жандай турган жергилик бийлер, кидирбей кызматына жүрө турган сыйда, элпек адамдар иргелип чогулушкан.

Өргөө жылчыксыз калы килем каланып, кийиз, шырдак төшөлүп, төрүнө аюу талпак, ошол жылдагы эрте келген күздүн ырайына жараша жылууланган. Күнүгө биртке арчадан от жагып, түңкү сыдырым аяздын тумшугу сындырылып, адамзат байырлашка ылымта кылынган.

Өргөө ээси Жангарач бий байбичеси экөвү түндөсү келип түнөп, күндүзү караан көрсөтүп, ак тонун күпүйтө эшигинде басып турат. Жер таза болсун дейт, үйлөрдүн жака-белине бейчеки мал жолоттурбайт, ат байлаттырбайт. Сөз учурган ар кандай айыңдан какас болуш үчүн бөтөн бирөөнү башбактырбайт. Мындай күтүнүш келе жаткан меймандын кадыры, эл көзүнө өз баркы эмеспи?! Тиги жат Канаат-шага теңдешер, бул элге арачы түшөр кадыр да, күч да, ошол өз тууганы Алымбек датка экени аяр Жангарач бийдин өзүнө да, жамы журтуна да дайын.

Бийик жайлоо Суусамыр, түзөңүндө али кар жок, те алыстан көргөнгө көктү төбөсүнө көтөрүп тургансыган улуу тоолору чубалган көп кошундун көзүнө чиркелише ийриле чөккөн бир өңдөш ак төөлөрдөй, жапыз, жакын көрүнөт.

Эң алдыда бөлүнө бастырган топ атчан кайгуул, андан соң туу башы, андан кийин кара жалдуу сулуу сары жоргочон кошун башы, куйрук улаш жан жигиттери, арты көрүнбөгөн көп кошун Төө-Ашуу түбүнө таянып, жүктүү ат-көлүк башбоолорун чойдуруп, илкип-калкып калды.

Өйдө караганга ашуунун карлуу эки ийни ак босого болуп көрүнүп, көктү тиреп тургансыйт.

Быякка биринчи жолу келе жаткан кошун башы датка камчылуу колун серелеп, тегерете тиктеп келе жатып, ошол ак босогодо турган адам караанын көзү чалды. Узун бойлуу. Бу адамзаадабы? Чоң тебетейи ак босогого теңдеш. Же бул жер бүткөндүн жонундагы өркөчү, башындагы таажысы болгон касиеттүү улуу тоолордун сыйкырлы эгесиби? Оңдонуп көз салды, караан дагы эле былк этпейт, жанынан эч жан көрүнбөйт.

Жакын келе бергенде бир кең көкүрөк, кашы чимирилген бүркүт кабак, ныл кара сакал, саргыл темгил тай сүлөөсүн бөркчөн адамзаада даана көрүндү, ал жай козголуп, алагар тик көзү саал жумшаргансып, жайкала кошун башыны тосо басты. «А-а, каранын каны өзү го?..» деп болжоду дилинде аяр датка:

– Ас-салоому алейкум... – деп, кыраатын келтире салам айтты. Атчан жөөгө, бирөө экөөгө, басып келаткан жатканга салам айтмай кыргыз сылыктыгы.

– Ва-алейкум-а ас-салам... – деп, Байтик да кабагы жазыла алик алып, атчан менен тең боюнан саал эңиле камчылуу колун көкүрөгүнө алып алик алды. – Келиңиз, келиңиз, датка ага... – деп, аттан колтуктан сүйөй түшүрүп алды, төш тийиштирип, кучакташып учурашып калышты...

Он эки миң ашуун кошун башында келген адигине тууганы Алымбек датканы Жангарач атайы көтөрүлгөн ак өргө эшигинен кучак жайып күтүп алды.

Керней тартылып, теребел бир түркүн чуу шаңга толуп, мындайды эзели укпаган үйүрлүү жылкы үркүп, калың эл таң калып, казганаттап жарданды.

Кучак жая, жан тууган салтын өтөп, төшкө төш тийгизе кучакташып көрүштү Жангарач бий, астейдил кубанып алган:

– Кел, журт агасы, кел төргө... – деди.

Датка узун бойлуу, арык чырай, иреңи кара сур, кашы керилген, кишини мелтейип тик карашынан өз баасын билгени, өз дымагы сезилген, сыйда чертилген чокчо сакал-муруту эми гана бирин-серин буурул кыл аралаган, мырза сөөлөт адам экен. Өз уруусу адигине атпай, амири астындагы бүт Анжиян багытында жашы кичүү да, жашы улуу да бирдей тегиз аны «журт агасы датка ата» дешет. Бирөөнүн жакынсынганы ага көнүмүш, жакшы сөзүнө бышы кулак. Чүчтөдөй ак сакалдуу жүзүнөн жадырап ырайым гана төгүлгөн Жангарач бийдин кучак жайганына датка бетинен түшө да койбой, бой да көтөрбөй сыпаа ийкем тутунуп көрүштү. Кең өргөө төрүнө кашкары килем үстүнө жая салынган аардуу шайы төшөккө өтүп, ийнинде жаннат ичиги желбегей, кайруусу кере карыш акчыл сур кундуз кызыл бөркүн албай, али бирдемеге ык, мамиле сездирбей, бул элдин теспенин ташындай улуулата бирден жыла кире салам айтышкан жакшыларына акырын баш ийкей алик алып, бирок баарын сыдыра тиктеп, серп салып олтурду.

Төбөсү түндүк тиреген, отурса бир улага бүт толуп, нылдай кара сакал, даңкы ага алыстан угулган баатыр Байтик сөөлөтү өзгөчө. Байтик жашы улуу өз агасы Жангарачтан, кадырлуу Жантайдан оозунбайт, күт этпей сөзгө ирет, маани берип гана былк этпейт. Бирок, кыраакы ордо адамы бу нары меймандос, нары тууганчыл аксакалдарга караганда баатырдын тымпыйышында чие түйүн турганын, акыры келип, айтылар сөз да, бүтүшөр бүтүм да ушунда экенин баамдабай коймокпу?!

Салт билги солто кадырлуу датка тууганынын урматын аны сайын көтөрүп, те Кокондун өзүнө угулсун, ичи жакшы тууганга сүйүнүч, ичи арам душманга күйүнүч болсун кылып, ырымдап, тиги эле өкүмдарлардын өзүнө кылынчу урмат белгиси акбоз бээ чалдырып, колунда эмне бар болсо ошонун баарын төгүп, жайнатып, ага кошумча астейдил жадырап кубанып, жүрөгүн ачып, өлчөмсүз ыклас менен тосту.

Көп кошун кече күнү эле келери менен кош жаюуга даткадан буйрук болору замат ар бир паңсат өзүлөрүнчө үйрүлө төмөн түзгө тарта жамырата жеңил чатырларын тигип, аттарын кашекке коюп, куурай, тезектен от жандырып, жылым оокатына кам көрүп, өргүп калышты. Жангарач бий көтөрткөн он боз үйдүн сегизине датканын өңкөй аскер саркерлери бештен бөлүнүштү. Калган эки боз үйгө элет бийлери ыркташты.

Өргөө эшигине куралдуу эки күзөтчү түнү бою тик туруп, эртең менен гана башка эки күзөтчү келип, күзөт алмашты. Үй ээсилик салтын өтөп, элет бийлери орундан таң эрте турушкан. Күзөттү көрүшүп, али тымтырс турган өргөө жакка аста серп салышып, бирок ар ким адеби менен адам эмеспи, унчукпай, акырын кыбырашып, өз конок үйлөрүнүн эшигинде өзүлөрүнчө ой жоорушат. «Йе, бирдемесин ууру алмакпы?!» дейт кай бири. Кай бири: «Тартиби ушу го...» деп, макул болуп, бирок бул саксынган тартиптин нары жагында ишенбөө жашырынып турганын купуя болжойт.

Күн чыгыш кызарып келатты. Ким ойготот? Элет бийлери бирин-бири акмалап, тымызын суроолуу тиктешип, ар бири өзүнчө тунжурап турушту.

Жангарач бий акыры тамагын кыра жөтөлгөн болуп, өргөө эшигине келди да, ичкери кирмекчи болуп басты. Ынды окшойт экөөбү тең, иреңдери жылтыр кара, көздөрүнүн агы кызгылт сары тарткан үрөйү чоочун кишилер экен, күзөтчүлөр кылычтарын кайчылаштыра Жангарач бийдин алдын тосуп калышты. Бул эмнеси?! Ыя, бул эмне, өз өргөөсүнө өзүн киргизбейт?! Жангарач бий кабагын чытып, эрдин кымтып, күзөтчүнүн бирин кадала тиктеп:

– Эй, кара кул, сен немене, мени тааныбай турасыңбы? Же... – деди бушута. – Ыя-а?..

Ичкериден шак алакан урулганы угулуп, мелтейген кара күзөтчү леп өргөөгө кирип, кайра эле дароо чыкты да, төбөсү менен тик сайылып, Жангарач бийге жол бошото таазим кылды.

Эрте туруп, дааратын алып, намазын окуп, төшөккө жатпаган сыяктуу кечеги сөөлөтүнөн бузулбай Алымбек датка төрдө отурган. Иреңи дагы жымсалдана алагар көзү толуп, көп күндөн берки ат үстүндө келген жол азабынан биртке тыныга калган экен.

Ошол эрте мененки жеңил сый тамак убагында өргөөгө иргеленген баягы элет бийлери чогулду. Баары элтең ойлуу, баарынын кулагы түрүлүү, бир орчун кеп-кеңеш болуп кетерин тымызын туюшкан сыяктуу.

Кол беришип учурашкан соң Байтик босого ченге кайра кетип, өргөө ичин те түндүктөн бир имере тиктеп, анан алдында үңкүйүп от ичкериштирип жагып отурган малайды акырын көчүккө бутунун учу менен түртүп, ал карай бергенде көзүн шилтеп, тышка чыгарып жиберди. Керегеде кулак бар, кеп айтмак болсоң ырак бар, сырдашканың көбөйсө, эртең тышыңа жаяр ооз табылар! Мунун баарын көз жаздым кылбай байкап турган Алымбек датка Байтиктин көзү көзүнө учурай түшкөндө «туура кылдың», деп, тымызын башын ийкеп, бу дөө чалыш адамда айбат гана эмес, аяр акыл да бар экенине тен берди. А Шабдан жылдызы жылуу, кимди да болсо имере сынай тымызын тиктей билген, өзү чакан, арык чырай, сыпаа жигит агасы экен. Өз адеби менен, өзүн көзгө түшүрүшкө эч умтулбай, кайта кымырылып, бирок бар ынтаасы азыр ортого түшөр сөздө болуп, бир нече мертебе же таң калганы, же аңдыганы, жанагы жагымдуу жымыйган үрөйүндө датканы акмалап отурат. Түзү ийгиден түңүлбө! Датка али бир ооз сөз алышпай отуруп, бу жигитке мээри түшкөнсүп, ичи жылып, серп салып койду.

Жангарач бу бейбапа дүйнөнүн улагасы менен төрүнө, башталышы менен акырына өз ою, өз кайгысы бар, эгер ошонун айтканы менен оңолсо, ошонун колунан келгени менен бүтсө ал каралай көз калың журттун кабак түрүнө, мүдөөсүнө гана, журттун жалпы пайдасына гана жүрүү жагын көздөп, эми минтип сакалы куудай болгон чагында бир элге чоңсунуу эмес, бир кишиге акарат кылуу эмес, жыланга кол көтөрбөй турган санаага келген, арык чырай, куш мурун, кабак үйрүп тиктеген тик көз, бирок бекер сөз оозунан чыкпаган, элге алынып, «укурук моюн, узун акыл» атанганы бий көр дүйнөгө да, бийликке да токмейде болгон адам.

Булар эки бир туугандын балдары, илгертен аталаштардын ичинде бийлик тизгини кыйынына берилген эмеспи, Канай бийден соң солтону башкаруу Эшботонун аяр уулу Жангарачка өткөн, кийин бала кезинен эле торпок жарыштырып «канайлап» ураан чакырып, жетилген курагында күлүк таптатып чаап, жигит курап барымтачылардын алдын тайманбай торогон баатыр, бир жагынан жөн билги Байтикке укурук моюн, узун акыл ак көңүлүнөн алакан жайып бата берип, айтамгалуу көп солтонун бийлигин өзү тапшырып койгон.

Ошол отуз жаш чамасындагы Байтик «бий» делинбей, «бий» наамы авасында эле калып, өзү жетинген «баатыр» сөөлөтүндө журт башкарып, эл оозунда кала берген. Тула бою шыңга, дайыма каары, катуулугу түктөйүп үрөйүнөн көрүнүп жүргөн баатыр кыргыз кыпчактын оңу менен солунан «дил билги», «дин билги» «сын билги» деген жумуру башынан жанына имерип, ар бирине алейне иш-милдет берип, адилет эсеп-кысап алып, өзү бир гана уруунун билерманы болсо да, жалпы кыргыз кыпчактын дөөлөтмандарына мисал кыларлык калыс бийлик үлгүсүн жүзөгө ашырып, «каранын каны» атанып даңкы алыска угулган. Ошон үчүн Байтик «үйүрүнөн тай качырбас боз айгыр», солто «болгон солто», «ток пейил солто», «ичи кең солто» делинет, ошон үчүн коңшулаш уруулар булардын ыгына чоочунбай имерилип турушат.

«Бий» атагы гана калган укурук моюн узун акыл Жангарач бул инисинин доорунда эл аксакалы, ой башы, той башы.

Жангарач бий астелеп кыргыз кыпчактын оңу, солу, эзелтен боло келген биримдиги, жана да башка тайпа журт менен кылган алакасы, тамыр-сөөк байланышы жайында жылдырып кеп тегин алыстан, тооруп баштап отурду. Ким билет ичине кирип чыкпаган соң?! Не дейт, датка эгизиңдин түгөйү болгон күндө да, өзү ордонун экисинин бири, анан төргө отургузуп алып, жаакка тарткандай кылып, көзүнө ордосун жамандап кирсең чоочуп чыргыйттап кетиши ыктымал эмеспи?! Сөзмөр бий деги атайын эмес сөз арасында эле кыстаргансып, а түгүл бир буун жакын тууган ынтымаксыз бийлерине каймана кылып отургансып, жылымдап кеп салып отурду.

Тиги эки жагына тең ташталган куш жаздыкка чыканактабай, тизе бүккөндөн бери мандаш бузбай, туурдагы куштан бетер чукчуюп, эрдин бек кымтыган бойдон дит коюп, ээгин саал көтөрө ормоюп тиктеп, Алымбек датка бир да жолу сөзүн бузбады, же кубаттоо, же жаратпоо сездирбей бир кунунда мелтейип, сөз акырын күткөнсүп тиш ачпады.

«Э-э, бу да соо болбой калган экен го ордосунун шум оорусунан?! Сөз, же сөзгө болгон бир пейил карматкысы жок турбайбы мунун да?!» деп, баамчыл Жангарач бий астейдил таң калды. «И-и, бул өйдөсүнгөнү эмеспи?!» деп, тууганына өктө да ойлоп, таарынып, акырында чочулап, сөз маанисинен чалыштап, андан нары көңүл түпкүрүнөн жатыркоо сезим ойгонгойсуйт. Фарси үйүтүн тутунган, деги шайыдай үлбүрөй шарият жобосунан сөөм жылбай турган окшогон ордо адамдарына эч качан аралашпаган. Бүгүн бир табактан даам сызып, мээрлешип сүйлөшүп, а эртеси турмуш өзүнө карама-каршы койсо бирин-бири жымыя отуруп желдеттин алдына салып бере беришкен мүнөзүн алыстан уккан. «Пай-пай, жаман ниетин кантип жашырып отура алышат а?! Кечеги эле жанаша жүргөн үрөйү жакшы бурадарын кантип кара көзүн жалдыратып жайнатып туруп, өлүмгө кыйышат а?!» деп, астейдил эти үрккөн адам. Бу коңшулаш кыргыз казак төрөлөрүнүн аңкылдашып айтышкан ачык кармашы, бирин-бири таамай сөзгө, доого жыгышканы, кези келсе ачык эле көк союлга кирип карсылдата сабашып алып тынганы – дегиси элет адамынын байыркы кезден касы менен да, досу менен да тике бетме-бет келген эр көкүрөк жосуну бийдин дилинде жогору.

Жангарач бий ошол таптагы датканын ордодогу акыбалынан кабардар болчу. Мала-хан муну «датка ага» дейт. Бирок, кийинки айларда «датка агасын» баягы «улук увазир» деген куру шардан наамы менен коюп, ордонун ойлугунан тышкары калтырып, бирок ачык ажырымга барышка батынбай жүрөт. Алымбек датка качан болсо шилтеген жагын жарып түшө турган жалаң өз кыргыз кыпчагынан тандамал жан күйөр кошунун жигин бузбай багып келе жатат. Хан ар бирине казынадан алейне пул төлөп, ордо аскерин бөтөн элден көбөйтүп, мерчемдүү шаарларга ошондой эле кара башына дүнүйө гана термелеп жүргөн бөтөн адамдардан бек коё баштады. Ушул эле перс Канаат-ша – Ташкен беги, теги арап Шатман кожо – Түркстан беги, бадахшан калчасы Рахматулла – мына Бышкек беги. Мунун баары ордого тең ата кишилердин таасирин, беделин пастатуу. «Мейли, куйтуңдап көрсүн! Тыякта ордо үч араан, быякта орус элди күндө колдон талашып турган чакта бу куйтуңдашы өз башын жейт. Кана, ар кимисин бир кучактап, үч жаатты дагы мен ийгерип берем, оруска ыктап калган бул элди баш атташпас туугандыгымды ортого көлдөлөң коюп, дагы мен кайра кошом. Ыя, а мен бөлүнсөм мени ага ким ийгерип, ким кайра кошуп бере алмакчы?!» дейт дымактуу Алымбек датка, азирет ханын көз көрүнөө тоотпойт.

Жангарач бий үн көтөрбөй, кыжырланбай, демикпей, жайма-жай маани тереңдетти:

– Те илгери Каркыра ашып, Текестин калмагы үч каптады – анда калка болгон жок ордобуз, кийин орус менен кагышып, аргасы түгөнгөн соң «кыргыз кыпчакты элкин тоодон сүрүп, жер бошотуп алам» деп, Кененсары бир каптады – мында көмөк болгон жок ордобуз. Э-э, кечеги ишти айталы, не таршыганыбыз, не кедерибизге кеткенибиз, иши кылып, өз ичибизден иригенибизде Кылжырдын эки баласын койкойлоп арага түшө албады ыйык ордобуз...

Алымбек датка эрдин бек кымтыган бойдон, алагар көзү чоң ачыла элтейип, башын акырын ийкеп, унчукпай тыңдап отурду. «Ушуну айтышмак! Баары ырас. Ишенип, мени туугансып айтып отурушат...» деп, айтылган өктө акыйкатына да тен берип, өзү да көңүлү жибип отурду.

Билермандардын бири:

– Э-э, не жоругун айтып түгөтөсүң, бий? – деп, коштоп сөз кошту. – Эми келип, өзүлөрүнөн башканын баарын айбансынтып, «кошун жыйна, дин мусулман жерин тазалайбыз каапырдан» деп, дагы журтчулук парызыбызга такап турганын кантесиз?!

Жангарач бий:

– Мына бу Канаат-ша кызылбашын Ташкенге бек койгонунан бери кысымы дагы күчөйүп барат. Ушу биз тараптагы чептердин бардыгы Канаат-шанын амирине карап калган дейт, азирет хан буга айрыкча эрк берип койгон дейт. Бирөө менен жарашам десе жарашат экен, бирөө менен урушам десе урушат экен. Быякка чыгарында ушу отурган бийлердин баарына атайын куш кат жибериптир, «кошун жыйгыла, ыйык казатка чыккыла» дептир.

Бул датканын баасы, ордодогу салмагы жөнүндө кеп болгондо бүт Анжиян журту оозун караганы баарыга дайын, бу кут жактагы тоолук кыргыз кыпчак дайыма эстелип, булардын деми датканын пайдасына эсептелип жүргөн. Бирок, Алымбек датка өз вилаятында талаш-тартышка көп элек болуп, нары да жер обочо болгон соң булардын тирилигине аралаша албай, сыртынан өзү да бел тутканы менен, оңдуу сырдана эмес болучу. Өз колу менен таажы кийгизген селсаяк Мала жерий баштаган чакта жалпы кыргыз кыпчактын биримдиги ал үчүн зарыл болуп турган. Эгер Канаатша чын эле орусту Ак-Мечит жеринен сүрүп кайтчу болсо ордо көзүнө да, журт көзүнө да Мала-хандын аброю асманга чыкмак. Муну Алымбек датка да жаздым кетирмекпи?! Ал дагы «каапыр менен кармашуу» дегенди бетине тута Мала-хан менен жооптошуп, өз кошунун баштап, жолдон Куртка, Кетмен-Төбө чептериндеги сыпайларды кошо алып, кыргыз кыпчакка карата болгон арам ойго атайы бөгөт болом деген жашырын эрегиш менен келген. Мына ушундай күн ашкан сайын абал оорлошуп, күн ашкан сайын жалган көшөгөнү сыйрый тике маңдай өлөрчө кармашуу жакындашып калган мезгилде булардын ордого болгон ачык кинээси Алымбек датканын көңүлүнө жакты. Ордонун бейбаштарынан коруп ала турган болсо бул эл ага ар кандай заман селинде ноюбаган кубат, майышпаган бел болуп берерине бекем ишенди.

– Жо, кадырыңар жам болсун, бийлер, эми жалгыз аяк Канаатша эмес, ханыбыздын өзүнө да тепсете койбоспуз... – деп кыйытты Алымбек датка.

«Ыракмат!» «Тууган деген ушул эмеспи?!» «Бир кудай өмүрүңүздү узак кылсын!» Бийлер дуулдап кетишти.

– Түзүк, тепсетпейбиз дегениңиз түзүк, – деди Байтик, – бирок, «хан» деп көтөрүлгөн соң хандын өкүмү жүрөт, ошон үчүн ханга акыл да, ал да жете турган болгон соң, бирөөнү «хан» деп, аны ичиңде сыйлабасаң да, «азирет» деп, кол куушуруп, жалган эле жылмаңдап отурушубуздун, датка, не кажаты бар?

Баары мостоюп, мелтиреп отуруп, сөз акырын күтүштү.

– Кажаты жок, – деди өзү Байтик, – өзүбүздөн хан, өзүбүздөн азирет кылсак болбойбу? Куп болот! А ордо эгеси өзүң болсоң гана тепсетпейсиң, өзүң болбогон соң «тепсетпейбиз» деген куру кайрат, куру дем бойдон кала берет.

Баары кут этишпей, бул сөзгө бир ооз экени сезилип, бийлер мелтиреп калышты. Алымбек датка алдыртан сыдырып тиктеп, бул астейдил ой-санаа экенин туюнду. Бирок, оозуна сөз кирбей, тиги ордодогу экөбүнүн бири айгак болгон шарты сак кылган адам көңүлү балкылдап кеткенин сыртына чыгара албай иреңи гана тамылжып, бир эси чыккандай элейип, отуруп калды.

Нүзүп бий не тапкан?! Мусулманкул миңбашы не болгон?! Өзүнөн хан көтөрүлмөйүнчө кыргыз кыпчактын көрөр күнү ошол. Ар кимиси ар жерде ар кимге таламай болуп кала берет. Мына ушуну ойлонуш ылазым, датка. Болбосо, биздин эл кечет бу жаман төөнүн жабуундай боло албаган ордодон! – деди Жангарач бий томсоруп.

Кечип кайда барышат?! «Орустун карамагына өтүп кетебиз» деген маани туюп, Алымбек датка чоочуп калды. – Э-э, кечип кайда бармакпыз?! – деп, жаяптай кеп урду Алымбек датка. – Битке өчөшүп, жалгыз тонубузду отко салганыбыз туура боло койбос. А көрө, жети өлчөп бир кес дегендей, башка бир аргасын издеген ылазым го, Жаке.

Өз өздөй сырдашуу уланды.

Бу кыргыз кыпчак журту те байыртан эки канат болуп биригип келген. «Оң», «сол» делинет. Оң – адигине, тагай, моңгуш, отуз уул; сол – кушчу, мундуз, саруу, басыз, кутай, он уул ичкилик. Мындай «оң», «сол» болуп кайра биригиш бул элге өзүнүн алыскы теги оңгар менен соңгар эрежесинен кала келе жаткан салт. Оң – оң, сол – сол, кар – кары, кол. Тышкаргы Журтка оңгар – гунн же хунгар, сонгар – зюнгар же жунгар делинип тараган.

Теги бир уруулар бир заманда кыргыз, бир заманда моңол, бир заманда түрк, бир заманда токсон боолуу сарт кыпчак курамына кирип, андан соңгу кылым арасында кыргыз кыпчак, өзүбек, кыргыз казак болуп бутактаган. Кийин кокон ордосу куралган кезде кут жагы Арал, күн чыгыш жагы Кашкар, күн жүрүш жагы Бадахшан аймагындагы отурук кылган өзүбек, тоо таяна жашаган кыргыз кыпчак, чөл талаа жакалаган кыргыз казак баш койгон. Бирок, ордо өкүмдарлары ар дайым ошол кол алдына бириккен үч тайпа журттан эмес, «ата мурасы» эске алынып, бул эски жобо шарият эрежесине да ылайыкталып, качанкы бир кезде жок болуп кеткен «хан тукумунан» табылып, көтөрүлгөн. Эң оболу бир тайпанын күчү менен көтөрүлгөн хан ошол тайпанын гана мүдөөсүн көздөп отура албаган, үч жакка чойгон үч жааттын ортосунда аргасыз жылмаңдаган күн карамага айланып, же бул үч тайпа журтка бирдей кам көрүш, үчөөнү кайра ыкташтырар акыл, калыс саясат, баарына тең бир улуттук ыйык максат көздөбөй, кайра тымызын тукурмай, бирине-бирин кагыштырмай, алсыратмай, ошону менен өзүнүн амандыгын сактаган оңой, бирок макирөө жолго өтө беришкен. Үч тайпага тең түшүнүксүз фарсиче иш кагаз жүргүзүп, колунан келгени фарсиче казал да жазып, ордосунда өзү башкарган журтка бөтөн маданият тутунушкан. Тагдыр чечүү, бүтүм бүтүрүү кездеринде үч тайпанын тең байыркыдан келген салтын, адатын эске албай, ага атайын негиздебей, атайын ислам шарияты боюнча эреже карманып, дайыма эле ислам эрежеси да туруктуу болунбай, көп учурда салттан да, шарияттан да тышкары өз башына кандай пикир келе калса ошондой ойлук кыла беришкен. Демек, Кокон ордосу кол алдындагы үч тайпа журттун биринин да улуттук мүдөөсүн, өнүгүүсүн көздөбөгөн өзгөчө бир бөтөн сымак акимчилик, мамлекет катары эскирген, тарки кеткен байыркы амир Темир улусунун кеткетинен бытыраган майда, ырксыз, алсыз акыркы көйүндө калган сары журт болгон.

Жыл өтө берген сайын бу бир кезде түбү, теги, тили бир журт өзгөрүлүп, күнүмдүк тирилиги, күткөн мүлкү, урунган буюму бөлөктөнүп, ажырымдалып, ар бири өз алдынча бирткелеп болсо да өнүгүп, өзүнчө улут түркүмүнө айланып, эми өзүнчө улут мүдөөсү, улут биримдиги зарыл мезгилге келип такалган. Өзгөчө өз алынча эр көкүрөк, оңойлук менен бирөөгө баш уруна койбогон, рухунда кайберен сыяктуу элкин тоолук кыргыз кыпчак тайпасы бир кооганын ичинен чыгары анык. Саал илгери эптеп өз ичи арасынан мураскор таба коюп, ордонун бийлигин басып алуу көздөлсө, мына бул учурда, ак паша абайлап – бир колу Хазар көлү жактан, бир колу Шыбыр жактан сунулуп, акырындап капшырып, Ак-Мечит, Капал чептерин алып, андан бери бу Ысык-Көл, Сары өзөн Чуй боюна дейре таасир өткөзө баштаган учурда кыргыз кыпчак шарттан утмак – көптөн көксөгөн «ордону колго алуу» ишин биротоло түбүнө жетмек, же чыры башынан түгөнбөгөн кан ордодон кечип, өзүнчө өз ордосун көтөрүп калмак табында турган.

* * *

Үч күн бою ак жаан болуп, ошол 1860-жылдын 15-октябрь күнү тушардан чыгара карлап басылды.

Бул жерде туулуп өскөн адамга бул көнүмүш нерсе, ава ырайынын ар кандай кубулушуна камдуу болушат, а жылуу Ташкен айланасынан чогулган, нары да жай мезгилки жеңил кийимин алмаштыра элек кошунга күтүлбөгөн катуу жапа болуп калды. Ылдыраган жука чатырларынан токтолбой жамгыр эленип, көчүк басар кургак орун калбай, өтмө катарынан өтүп, сууга түшкөн чычкандай шүмүрөйүшүп, ак жаандан соңку чыкыроонго көк тумшук болуп тоңушуп, тынымсыз бир беткей ырылдап жүрүп турган шамалга өпкөлөрүн кактырып, алды көз көрүнөө ич оорууга чалдыгып, сасыган токулга жамына бүк түшүп жыгыла башташты. Ээрге тартынган талпагын ичине ороп таңынып алып, биртике селтапкыч кылган курама баягы күнү эле кабатынан кымкап кийе буластаган сарт бурадарынын ийрейип ич өткөк болуп жатканын көргөндө: «Э, айланайын ай касиетиңден, артык турбайбы тогуз катар тонуңдан токтучагым териси?» деп тообасы оозунан түшпөйт. А тоңгон сарт: «Э-э, ушул айларда дагы ушундай алаамат суук болчу беле, бу бир мүшкүл кудайдын өзү жиберген, көрөсүңө-өр, бул казат оңго жүрбөйт...» деп, коркунучтуу кеп уруп, көпчүлүктүн аңы уча баштады.

Сары өзөндө туугандарынын жылуу үйүндө мейман болуп жаткан Алымбек датка атайы жиберилген чабарманга келер-коёру качан экенин да айтпады. Дагы ушинтип бөрүгө байланган улактай учу-кыйырсыз кең талаада жата бере турган болсо, кошундун деми сууйт, тарки кетет. Канаат-ша кернай тарттырып күрсүлдөтө дабыл соктуруп, бүт кошунду шашылыш козгоп, өзү алдына түшө: «Иа, алла !» деп, ат жалына өбөктөй чаап, ошонусу менен дем кайрат берип, жолго чыкты. Кошун уюткусун Жирен-Айгыр суусунун боюна түштөнттү. Чубаган кумурскадай көп аскер шамалдан буйга аң-сайларга өрүп өңүп киришип, көк жылгындан кыйратып кыркып от жагышып, суук күздүн алсыз нуруна чубакташып калышты. Иргеп, кол алдын дагы алга умтултуп, Жирен-Айгыр жеринен нары созулган Кара-Кастектин күн батыш тарабына өткөрүп салды. Өзү түштөнгөн Жирен-Айгыр боюндагы кошунга текши көрүнөө дөңгө кош тиктирди. Мына, аттын башын бир дыр койсо орус бекет кылган Узун-Агачка кирет!

Таздын башындай такыр дөңгө Канаат-ша бир колу тарабына бир кыл ак таш, бир кол тарабына бир кыл кара таш, ар жерге топ кылып, улам бир тобун алга жылдырып, бир тобун артка шылгай сүрүп, кара таштарынын бир кыйласын ак таштарынын те арт жагына алыстан имерилтип өткөрүп, Канаат-ша өзүнчө мыңкылдап, башын чайкап, ийкеп, өзүнчө күйгүлтүк тартып отурган. Пансаттары баары аны тегеректеп алган, тизелерин таяна өңкөйүп карашып, аскербашысынын ой-санаасын түшүнө бере алышпай аңыз кылып турушат.

– Вай! – деп жиберди капилеттен бири.

Канаат-ша чочуп, «орус кайдан чыга калды?» деген ой заматта көңүлүнө келип, ордунан тура калды да, эл караган күн жүрүш жакты карап, каптан жүрүп келе жаткан көп кошунду көзү чалды. Ири алдында кырмызы туу кылкылдайт. Канаат-ша колго оңдуу илинбеген жылбырскы кыркма кара сакалын уучтай сылай: «Йе, буга да бир ажайып икая көрсөткөн белем кудурет!» – деп күбүрөдү.

Бул Алымбек датканын кошуну болучу. Ири алды кош канат болуп жайыла келип, Канаат-шанын ар тобу, ар жерде жайнап, томурайып жатышкан аскерине жете бербей токтоду. Жүздөй атчан Канаат-ша турган дөңгө карай тизгин бурду.

Жакындай келгенде эң алдыдагы Алымбек датканын өзүн тааныды Канаат-ша. «Э, мунун оюнда не жамандык, же жакшылык келе жатты экен а?..» деген күдүк көңүлүн курттай өйүп жеп турду. Бөйдөй кара макмалдап көөлөгөн ак көрпө тон кийген, сыртынан белбак курчанбай жылуу тондун сеңселген кара көрпө жакасы өңүрүнө дейре ачык, ички кызыл манат камзолу көзгө илешет, башында кайруусу кере карыш сур кундуз бөрк – датка урушка эмес, той кызыгына келгенсип, кабагы жарык экен. «Жакшы эле окшойт...» деген үмүт Канаат-шаны жубатты. Не деген менен Алымбек датка «улук увазир», «хан агасы» делинет, Канаат-ша азирет хан өзү берген бу казаттагы аскербашлык сөөлөтүндө датканын бет алдында тура албай, ага руху жетпей, бир жагы куру сыяпат кылгысы келсе да, бир жагы баягы малай үйүтүнө өзүнөн-өзү жеңилип, тосо барып, датканын элирген кызыл буурул жоргосун тизгинден алды, колтугунан сүйөп түшүрдү:

– Келиң, келиң... – деп, өзү оозунуп кол алышты.

Баамчыл мырза Шабдан алдыртан Байтик баатырды тиктеп, «көрүп коюңуз, биздин агабыз арбагын тебеледи го мунун» деген маани туюнтуп, жумшак жымыйлып койду. А Байтик баатыр буудан ат үстүндө зоңкоюп, заары эле сезилип турган кызыл көзүн тигип, ушул азыр датка тууганы «карма» десе Канаат-шаны үзөңгүгө басуудан таюу тартпай турган өңдүү өрөпкүп алган.

Канаат-ша:

– Келиң, келиң, – деп, аппак тишин кашкайтып, сүйүнгөн кейпин кийип, жанагы өзү таш тизгилеп отурган жерге ык көрсөтүп лыпылдады, – келиң, биз жаң кылыш жайын ойлонуп отурган эдик, кана, көрүңчү, датка...

Түз эле тизген таштарын атайы тепсей барып токтоду Алымбек датка:

– Немене, – деп, дөңдөн эки жакка имере көз чабытын таштап, ныктай собол кылды, – топташ ойноп отургансыз белем, бек? Пай-пай оңгон экенбиз!..

Канаат-ша аңкайып карай берди. Мынчалык орой мамиле кыларын болжогон эмес, дирт деп заматта анын да кыжыры ойгонуп: «Өзүңүз? А өзүңүз кайда жүрөсүз!» деп, беттен алмакчы болуп, бирок кайра дагы руху татакайлашпай, кайра бөөдө чатакты ырбатып албайын деген аяр ойго чалынып жыгылып, нары да азирет хан казат тагдырын ага жүктөгөн, биерде арзыбаган сөзгө кыжыңдашып отуруп ишти бузуп алса өзүнө эле күч келери бөгөт болуп, аргасыз ырсайды.

– Не күтүп отурасыз мени?! Колуңузга бүт Ташкен аскери, менин курама туугандарымдын кошуну, Туркстан, Оулия-Ата, Мерки чептеринин баатыр аскерлери толук берилген. Урушта туруш жок! Сиз минтип, ак таш менен кара ташты кагыштырып коюп, дөңдө далыңызды күнгө кактап отурган чакта, ыя, тыякта орустар камылгасын катыра көрүп алган жок дейсизби?! Биз го алыстан тоо ашып келдик, а сиз быяктан түз жол менен келдиңиз го, келери замат камынтпай каптап кирсеңиз алигиче Узун-Агач бекетин азирет хандын баатыр кошуну алып коймок. А биз Кашкелең ашуун ашып, тиги эле Үч-Алматы ченинен жолгошмокпуз! Эми мына баары жок, сиз дөңдө төлгө тартып отурасыз, биз сизди ителеп ала кетели деп, минтип кайрылып Кордойго салып, артыңыздан келип отурабыз! – деп, сүйлөтпөй кейиди Алымбек датка. Канаат-ша жаакташышка үлгүрбөй калды.

– Немене бу?! Кошунбу, бу, ар жерде тырайып, немене, же бир кыргындан тарки чыгып, өлө-тала бозгон элби?! – деп, зиркилдеп какты датка.

Канаат-ша:

– Эми, датка, көп сарсан болбоң, ишке өтөйлик! – деди кайраттана. – Үч жактан кысып жаң кылабыз биз, а сиз мына ушул жаң учурунда, датка, тоо тараптан айланып күн чыгыш жактан артынан пайда болуң – орусту алакандай кичинекей бекетине таш очокко камагандай жылчыксыз кылып ортого алабыз!

– Тез! – деди Алымбек датка.

Ушул жерде кимге ким буйрук бергенин эки жактын тең коштогон кишилери түшүнө алышпай маң болуп калышты.

Узун-Агач бекетинде бир рота жөө аскер, бир жүз атчан орус казак, жана да бекет кызматчылары болуп, бар болгону үч жүз элүү киши турган. Эки гана жеңил замбиреги бар болучу.

19-октябрь күнү эртең менен бекеттин айланасындагы кырлардан кокондуктар кырка тарта жамырап көрүнүп калды.

20-октябрь күнү тоо түбү менен имерилип, Алымбек датканын колу келип, кокон аскерлеринин карааны ан сайын көбөйтүп, Узун-Агач айланасына туш-тарабынан жыш курчоого алды.

Шатман кожонун сыпайлары, сынашып көргүлөрү келдиби, дуулдата бир мерте чабуул коюп, эки замбиректен удаама-удаа атылган чачма окко кабылышкан соң кайгып кайра тартышты.

Шатман кожого дем берип, кызуусун суутпай Канаат-ша аскерлерин бетме-бет урушка өткөрө баштады. Көптүн иши көп эмеспи, көптүгүнө салып, кара селдин суусундай бир жайпап кетерине ишенет. Кара-Кастек өзөнүнөн көп колду күргүчтөп айдап, улам жакындатып, араны тарыта кысмактап кирди.

Бирок, керектүү учур байкоосуз жылып өтүп кеткен болучу. Күн менен, саат менен, мүнөт менен эсептеле турган жайма-жай учур беле ошол учур?! Өчүгүшкөн, кекенишкен, бир алланын аты менен кызыл кыргын кан төгүшүүгө бел байлаган, бу да болсо кудайдын башка салганы деген көктүккө кабылган, кан тамыр үзүлгүдөй муун калчылдаган өтө кыска, өтө кысталыш учур эмес беле?!

Ал бир тутам учур согуштук көз караштан да колдон чыккан. Түнү бою жүрүп, таңга жуук Узун-Агач бекетине бир жарым миң ашуун аскер менен полковник Колпаковский келип жетип, тегерене коргонууга жайланышып үлгүрүп, ылайыктуу мерчемдерге коштоп замбиректерин коюп калды. Өзү ыргыштаган аргымак үстүндө дүрбү салып, тиги туманы күндүн биринчи нурларына чагылышкан керилген талааны бир баштан көздөн өткөрүп, улам бир четине барып, коргонуу мерчемдерин тескеп жүрдү.

Биринчи жолу башынан өткөрүп жатпайбы, болуп жаткан кандуу окуя жаш прапорщик үчүн өзгөчө. Бүт көңүлүн дүүлүктүрүп жиберди. Те кырлардан самсып келе жаткан душманды көрө шумдуктуу бир болумуштун ичинен чыгуу, кара жанга өтө кооптуу шартка кабылуу, а түгүл көргөн-уккан таң кала турган бир баатырлык өлүмгө атайы баруу көңүлүнө келип, аны астейдил эңсеп да алган.

Окуу жайын бүтүрөр замат Иле багытына аскер кызматына өзү суранып келип, жергилик эл адам жээр эмес экенине абдан өкүнүп, көңүлү кайт. Бу анын жергилик элге карата болгон кызыгуусун суутуп, эми аларга кайдигер болуп, тыякта штабда калган курсташтарынын алдында ал бир көңүлгө аларлык романтикалуу бирдемеге аралаша албай үмүтү алданып кала берген теризде.

Мейли деп өзүн жубаткан ал. Колунда көк келтегинен башка эчтемеси жок чала жабайылар менен кармашууну ал эрлик деп деле эсептебейт, а жалган эле жылмаңдашып, отурууну ачык эле жек көрөт, аны алчы-таасын жеген куу адамдардын көйкөйү деп эсептейт. Бир шойкондун ичинен чыкмакчы болгон зардеси дагы эле кайнап, ага тынч тирилик эмес, чагылгандын чартылдашы же күндүн жер теңселте күркүрөшү сыяктуу орошон бир окуя керектей. Ошон үчүн аскерлик кызматка өткөн эмеспи, ошол аскерлик гана аны көздөгөнүнө жеткирип, көкшүнүн суута алмакчы. Ырас, кумардан чыгыш үчүн бетме-бет чыгар кандайдыр бир душман керек ко?! Тигине душман, өзү жер жайнап келип берип турат. Душман дегидей душман, аянбайт да аябайт. Тымызын ыраазы болду поручик, болсо ушундай душман болсун, болбосо чала жабайы бирөөлөр менен жака айрышып отуруш өзүндөй тарбия-таалим көргөн элдин өкүлү үчүн өлөрчө уят иш дечү.

Поручикти ушул ойлор имерип турду ошол тапта.

Те такыр дөңдө турган Канаат-ша да бет алдында жайылып жаткан жайыктагы биртике отрядды кандайча күм-жам кылышты өзүнчө болжоп, орустардын «сүйлөшөбүз» деп алдашпай ачык салгылашууга келип турушканына аларга ыраазы болуп, көздөн өткөрүп турду.

Мелтиреген түз талаа бейпил сыяктуу, бозомук туманы суюлуп, бир жакка качып тарап, мелтиреген түз талаа тынч. Бир аздан соң ушул бейпил талаа тополоң болуп, көп атчан дүңгүрөп каптап, удургуй чабышып, миңдеген адам заада адамдык кейпинен өзгөрүп, ар бири оозун ачкан ач жырткыч болуп, көйкаптан чыккан тажаал сыяктуу бирин-бири маашырлана бырчылдатышат деп ким ойлойт?!

Сөөлөт менен колун көтөрүп шилтеп, Канаат-ша Шатман кожонун кутурган сыпайларын чабуулга өткөрдү.

Капкара, ач кыйкырык, көздөрү чанагынан чыккан атчандар бороондой каптап кире барып, бир заматта тык токтолушуп, ошол замат эки жакка таруудай чачылып, ортого пайда боло калган бош аянтта ат, адам денеси күү эте асманга көтөрүлө кайра дабырап жаап түшө калды.

Жабыла атылган замбиректердин чачма октору мөндүр сыяктуу бир сабап өттү.

Жайнаган атчандар улам бүйрөсү кызый, улам ийриле, улам эрдемсий, улам үмүт алдап, кайрадан кайра каптады.

– А-ат! – деп кыйкырат жаш поручик желиге, ал өлүм коркунучун такыр теңине албай, улам бир замбирекке ачыктан-ачык ликилдеп жетип, делөөрүп жүрөт.

Көптүгүнө салмакчы болгон атчандар өлүм чачкан мөндүргө кайрадан кайра кабылып, кайрадан таруудай дыркырап төгүлүп калып жатты.

Те күн чыгыш жактагы тоо өтөгүндө, берки кырларда камыштай шыкалган көп кол же каптап кирбей, же аттарынан түшүп жай отурбай өзүлөрүнчө эле нары-бери удургушуп, чыдамы, тынчы кеткенсип, чуулдап кыйкырышып, уруш майданын аваз кылып гана турушат.

– Ким булары? – деп сурады полковник Колпаковский.

– Бу кокон ордосунун көрөркөз адамы кара кыргыз Алымбек, – деп жооп беришти.

– Эге, кара кыргыздар бекен? Ушул бойдон тура беришсе, ким билсин, биз жакка тийишпесе, тура беришсин, аларды карай замбиректен гана эмес, бардеңкеден да ок чыгарылбасын! – деп, катуу буйрук кылды. – Көрөлү кантишер экен...

А Алымбек датка дагы эле кырдагы бир ордунан жылбайт.

– И-и, капта-а, мөңкөңдөгөн байкуштарым, кап– та-а! И-и, алган пулуңду эң акыры төгүлгөн каның менен да актасаң ошентип!.. – деп, ат үстүнөн кыйкырып турду. Үч мерте алдына Канаат-шадан чабарман келди. «Эми каптасын дейт! Датка ага...» деп, буйругу кайдан, Канаат-шанын кансырагандагы суранычын ыйламсырап айтышты. Бирок, көрсө да көрмөксөн, уксада укмаксан, датка башка нерсеге алаксып, аларды тиктебейт, тыңшабайт.

– Э-э... Үч-Алматы, Ак-Мечит чептерин орустан бошотуп, газы болуп, анан Сары өзөндү түрө чаап, азирет ханына энеси өппөгөн кыз тартуулап бармакчы болгон селсаяк кызылбаштын бар алы, дымагы ушул экен го?! Э-э... – деп, эми табалап, тиги пулга келген кокон сарбаздары кандай абалда күзгү кара чымындай үймөлөктөй кыргынга кабылып жатканын, бир кур башын чайкап, көздөн өткөрүп тура берди.

Ава кара күйүндү жыттанып, теребел бырыксып, күндүн көзү көрүнбөй, анын үстүнө кечке утур боз туман сүйрөлө жер бетине төшөлүп, саал эле аралыктан кара-бараан көрүнбөй ааламды кара күүгүм басты.

Колпаковский бекеттен чегинди. Кыжылдаган көп кошундун бу ымыртта капилеттен арасында калбоо камын кылды. Канаатша да, дагы кайсы замбирекке барып кабылмак, кырылгандан калган өз кошунун майдандан чыгарып, жөө тумандын арасына житирип кетти.

21-октябрь күнү Канаат-ша аскер кеңешин жыйды. Кечеги Колпаковскийдин чегинип кетишин кокон кошунунун жеңиши деп эсептеп, эми дагы чымырканып, арабалуу жай жүргөн орус аскерин удургуган атчан кошун менен сары изине чөп сала кууп, эч жерге жайынча эс алдырбай кыйратуу, андан нары Үч-Алматыга камоол кылуу оюн ортого салды. Канаат-шадан мурда Ташкенге бек болуп келген Үрүстөмбек, кыргыз кыпчактын сол канатына кирген курама уругунун Ныяскул, Керимкул сыяктуу көптү көргөн кол башчылары бар болучу. Ушул камылга, кошундун ушул абалы менен урушту улантууга Үрүстөмбек, замбирек чачмасына көбүрөөк кептелген Шатман кожо макул эместиктерин жымсал айтышты.

Не деген менен эл көзүнө «улук увазир», «датка ага» аталат, төрдү тең жара бөлүп отурган Алымбек датка:

– Кадырман аскер башы, азирет ханыбыздын өтө ишенген көк мелжиген тоодой таянычы, кулак туткайсыз, – деп, Канаатшага багыштап, атайын жылмайып, бирок ар сөзүн ныктап, не ызырынганы, не кейигени, башын ийкей кеп урду, – эгерим биз астейдил ак пикирибизди айта албай жаңылып жазып кала турган болсок кечирим кылып койгойсуз. Бу, кандай, Ташкен шаарынан бери чыкканда жоого аттангансызбы, же бу Узун-Агач бекеттен орустар менен көз таңмай ойноп тамаша көргөнү келгенсизби? Таң калып сурап отурабыз! Бу немене өзү, кадырман, азирет ханыбыздын ар биринин кара башына пул төлөп, көп кунава жеп кураган кошунун жалгыз атчан, жалаң тончон айдап чыгыпсыз го? Жалгыз ат жолдо эле арып бүткөн, жайда киер жука тону бул жердин ысык-суугуна туруштук бермекпи, кайран азамат жигиттер ар бир шыбактын түбүндө ыйынып, урушу жок эле четинен боо түшүп ич өткөктөн кырылып өлүп жатат го? Мейли, кошунду бейкамылга айдагандыгыңызды мындайды башынан өткөрбөгөнүнөн деп коёлу, а кошундун бу акыбалын биле туруп, орустун замбиректеринин тажаалдыгын көрө туруп, анан дагы «урушту күчалтабыз» дегениңизди өзүңүз кайра ойлонуп көрүңүз. Маани ушул ки, мындан келди, сиздин азирет ханыбызда эскиден калган сөөк өчүңүз барга окшойт, кечеги жер жайнаган көп колун ич өткөккө жолуктуруп бир кырып, орустун замбирегине бөөдө айдап кабылтып бир кырып – түбүнө жетмек максатыңыз барга окшойт?!

Эч ким унчукпай калды. Көбү кеп жүйөсүнө ынанып, тиги өз салмагын айрыкча сезген Алымбек датканын күүлдөгөн демине, ыгын кетирбей Канаат-шаны талуу учурунан кармап, каарып, мүңкүрөтүп, көз көрүнөө кадырын тебелеп жатканына таң калып, ыраазы болуп башын ийкегиледи.

– Вай, датка! Вай, андай суук кепти оозанбаң, датка?.. – деп жиберди Канаат-ша. – Тузу уруп кетпейби бизди азиретибиздин?! Вай, датка...

Ал кызылала болуп, андан нары оозуна эчтеме кирбей акактап токтоло калды.

«Эми чакмак таштай чарт этет!» дешип, баары элейип калышкан. Иреңи сурланып, алагар көзү мекчейип бет алдына тигилип, эрдин бек кымтыган бойдон биртке ой термете калып:

– Эми, – деп зекиди Алымбек датка, – ушул өңкөй ийрейген ичөткөктөрдү дагы күргүчтөп уруш баштай турган болсоңуз, биз кошула албайбыз мындай кара ниет ишке, көмөккө келет деп асли ойлобоңуз, эсиңизде болсун.

Канаат-шанын датка башына үйгөн күнөөдөн үрөйү учту. Ыя, азирети хан эмне дейт?! Кыркма кара сакал жумуру ээгин мыжыга кармап отурган калыбында нес болду. Өзү эрдемсип, өзү азирети хандын көңүлүн ишендирип, өзү баштаган казат ушинтип эле шаңсыз, даңксыз бүтүп калабы?!

Шатман кожо эки жакты тең жайкай, эки жакты тең ошол тапта бөлүнүп-жарылышын эл көзүнө тереңдетпей, ынтымакырайыш жагына ык бере кеп уруп, эң акыры:

– Иши кылып, орус аскерин ордунан козгош, артына кетишке мажбурлаш жаман жумуш болгону жок, жаранлар. Бирак, кошун ичиндеги акыбалга көз жумушка асти болбойт, ушул ийгиликке каниет кылып, казатты кудайдын келерки жаркыраган жазына аманат токтоткон оң... – деди.

Бул ой жыйынтык болуп кеңеш бүттү.

Канаат-ша тарки чыккан кошунун илките чубата Ташкенди карай тартты.

* * *

Бул беттешүүнү Кокондо ордо жыйынында да жеңиш катары дүң кыла кабыл алышты. Казатынын токтолушун күздүн капилет түшкөн суугуна, азык-түлүк тартыш болгонуна таяп түшүндүрдү Канаат-ша.

Бирок, айтылган себептер ыраазы кылбай, анын үстүнө Канаатшанын эки көзү жашылдана кыңырылган кейпинен элдин көзүнчө айта албай турган бирдемеси барын сезген Мала-хан кечкурун Канаат-шаны өзүн жалгыз чакыртып алды. Эми катаал суракка кириптер болорун билип, тула бою дүркүрөп, жүрөгү алдастап, Канаат-ша эки колун көкүрөгүнө ала бет алдына чөк түшүп отурган бойдон дагы бешенесин жерге ура бүгүлдү:

– О, азирети... – деп, балбалактап жиберди. – О, азирети, мен го баш бурбас кулуңузмун, о азирети... Сиз менен да эл талашкан, сиз менен да бак талашкан бейнысап бар экен...

Бул сөз Мала-хандын жүрөгүнө тикендей келип сайылды. Мала-хан кулунун солуктагансып кылчылдаган эки ийнин нестейе тиктеп, отуруп калды.

«Ким? Ким болмок ушу күндө эл талаша турган, бак талаша турган?!» деп, түкшүмөл ою чарк урду.

– Айтың... – деди ал акырын.

Эми Канаат-ша тириле, кыркма кара сакал ээгин көтөрө, бирде эки көзүн чылк жумуп, бирде чакырайта чоң ачып, күйө-быша сүйлөп кирди:

– О, азирети, өзүңүзгө маалум ки, бирден ат, жана да башка каражат бүт ошол жактагы журтуңуздан жыйналмак болгон. «Суук», «азык жок», «ат арыган» деп, айла жоктон айтып отурабыз. Мына, Алымбек Сары өзөн журтуна өзү чардап мейман болуп, кыл жылдыртпай жатып алып, кесепети ушул болду ки, кошун олжодон айрылып – аты арып, суукка урунуп, азыктан мукурап, акыры жоого жарамы начарлады – бул бир себеп. Мунусу аз келгенсип, кара ниет Алымбек биз орус менен бырчылдашып турган учурубузда «артынан каптамак» вазийфасын аткарбай, бир да кишисин көмөккө жибербей, кырдын башынан түшпөй туруп алып, бизди кыргынга атайы кабылтты – бул бир себеп. Тоо жолуна камдуу барышкан – кийими жылуу, ар биринде бирден мингич, бирден жүкчүл аты, жүктөнгөн азыгы бар эле – ошол он эки миң кошун менен бир алла жардамына сыйынып, урушту өзү улантса куп болот болучу. Бирак өзү көп кошунун самсыткан бойдон кайра тартты – бул бир себеп. Мына, айтарым ушул ки, азирети, ушул өңдүү арам ой саткын аралашкан иш оңуна кетпей казатты келерки жазга аманат кылып токтотушка мажбур болдук...

Бир да жолу кебин бузбай, бир жолу каш-кабактан жакканын же жакпаганын туйгузбай, дагы көпкө былк этпей тултуюп отура берди Мала-хан. Не бир жакын деген ордо кишилери Мала-хандын көңүлүндөгү астейдил оюн сырт кейпинен баамдай алышчу эмес. Эми да же каары, же бир ырайым ойлоп турганы туңгуюк. «Э, сизге биз жүда зор ишеним кылсак, ишенимди баалай да албай, аткара да албай, кызыл дилде чачып кураган кошунду бөөдө ич өткөккө кырдырып, ыя, анан кайра келип өз кадырман датка агабызга жалаа кыласыз а?!» деп жибериши да мүмкүн. Өзү деле көрөйүн деген көзү жок датка агасын, бу казаттагы атайын кылган бөгөтүн билип эле туруп, бирок ал кубаттуу душманы менен убактысынча болсо да, көңүлүн бүркүткө чырга сүйрөткөндөй чаргыта алаксытып туруш үчүн да болсо, анын башына жалгыз аяк кызыл башты садага чаап коюшу толук ыктымал болучу. Канаат-шанын тула бою дүркүрөп турду.

– Жакшы тосуштубу туугандары? – деп сурады Мала-хан бир убакта.

– О-о! – деди Канаат-ша эки көзү чакчайып. – Акбоз бээ чалышты кадырына! Акбоз бээ!..

Мала-хан таарынган бала кейиптене чарасыз томсоро жер тиктеп, дагы унчукпай дагы өзүнчө башын ийкегиледи:

– Ыя, туугандары акбоз бээ чалып, аны хан көтөрүп алышкан турбайбы, көтөрбөсө да бу көтөргөнгө барабар иш эмеспи? Жамы кыргыз кыпчактын башын бириктириш жолуна түшүшкөн турбайбы?..

Эми ачык эчтеме айта албай, мыңкылдап, баш ийкебей же ийкебей коё албай, кайгы касырет сездире көзүн үлдүрөтө жумуп калды Канаат-ша. «И, көтөрүп алышты» десе ашыкча айтылса, ханга жакпаса, «көтөргөндөн айлансын» десе кем айтылса, куралып жаткан коркунуч жеткилең туюндурулбай калса! Эмне дейт?!

– Башын алмак ылазым дейсиз го? – деди хан кекээр сездире, ээгин көтөрө тике карап, жооп күтүп калды.

Канаат-ша ачык мындай сөздү айтпаса да, атайын «айткан жокмун» деп актанбай койду. А эгер хан анын көзүнөн сезип отурса сезилгени ошо, дагы эски адатынча сынап жатса, кантмекчи, сынасын, оозунан эчтеме чыккан жок.

– Башын алып салмак кыйын эмес. Акыры эмне болмокчу? Бүтүн кыргыз кыпчак каршыгат бизге. Колдон талашып турган оруска өтүп кете беришет. Ушуну кылалыбы?

Оозуна эчтеме кирбей бирпаста көл-шал терге түшүп кетти Канаат-ша. Эми анын кеңешинин да, өзүнүн да кереги жоктой хан жүзү үйрүлө өзүнчө ойго бата калды. Хан акырын башын ийкей ишара кылары замат ордунан леп тура бүжүрөп кетенчиктеп чыга жөнөдү Канаат-ша.

Нары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры Алымбек датканы көңүлүнүн тереңинде күнөөкөр деп эсептеди Мала-хан. Келери замат аны «саткын» деп айыртап, калкка жарыялап, мойнунан байлатып алып көчөмө-көчө кыдыртып, анан башын алдырып таштаса кандай болмокчу? Мына бу куу шыйрак Канаат эмес экен Алымбек! Кыйын! Чарасыз бир абалга кабылып, өзүнчө күрсүнө онтоп, бул ниетин ачыкка чыгара албай хан башы менен кыйналып, шалдырап отуруп калды Мала-хан.

Бул беттешүүнү орус тарабы да жеңиш катары баалады, Саны жагынан алда канча ашып түшкөн көп кошундун кара селин токтотуу, өзү аз гана чыгым тартып, а душманды кызылдай кыргынга кабылтуу – жеңиш. Кыйын кыстоо түшкөн учурда аскерди эртеңки күнгө бүтүн сактоо үчүн туман жамынып майдандан бекем жерге чегинип кетүү – ык.

Бул беттешүү эки жакка тең сыноо болуп, орус отрядынын баягы туруктуу рухун кайра далилдеп, кайра бекемдеп, мындан наркы болор кармашууларга даярдыгы мыгымдыгын көрсөтүп, а кокондуктардын жинин кагып, арасы бейырк экенин ачык байкатты.

Кара кыргыздардын урушка катышпай коюшканын, аларды баштаган Алымбек датканын ошол тапта орустун пайдасына кеткен табышмак мүнөзүн аскер губернаторуна саласал кылды Колпаковский.

Күн батыш Сибирь аскер губернатору Гасфорд төрө ошол 1860-жылы 27-октябринде:

«Мындан нары кара кыргыздарга карата бир дагы каршы аракет кылынбасын. Уруу башчы манаптарына дагы бирден кымкап чапан берип сыйлап, жанга тартып туруу зарыл...»

деп, кайра Колпаковскийге көрсөтмө кылды.