кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Үчүнчү бөлүм

I

Өз элинин бөөдө төгүлгөн канына мынчалык белчесинен баткан соң, кээ көз ирмемде жүрөгү селт этип, арты эмне болорун болжой албай көңүлү тымызын сыздап, бирок болору болгон соң бу жосунунан кайра кайта албай калды Кудаяр-хан. Шылтоо табылса да, табылбаса да кыргыз кыпчактын ичкилик уругун кыргынга, талоонго кириптер кыла бермей анын көнүмүш адаты болду.

Ага ар бир кыпчакты «бөкөчө» кылып айтып чоочутуп, «тактаажыңыздын амандыгы үчүн», «өлкөңүздүн бейпилдиги үчүн» деп шыбырап, көкүтүп салып турган ордо шумдарынын дил тереңиңде те көөнө замандан берки түрк ордолорунун көбүндө эң кубаттуу жамаат болуп келген бир чоң тайпаны өз таламын талашууга, акыры келип, түбөлүк жарамсыз кылып таштоо максаты быгып жаткан болучу.

Тымызын ой тымызын эле бойдон кала бермекпи?!

Алымбек датка, молла Алымкул бек 1858-жылы көз көрүнөө Гүлшаага жыйын курап, жакында Бухарадан кайра келген Мала бекти «хан» деп жарыялап салышты. Дагы баягы кең Фаргананы айланта соккон ак коргон болуп турган улуу тоолордон шамал менен жарышкан азоо аттарын туйлата элеттин эр азамат уулдары дагы жазгы киргин кара селдей каптап түштү. Кудаяр караңгы түндү чүмбөт кылып жамынып, кара башын араң куткарып Бухараны беттеп качты.

Эми келер ынтымакка кан ордо? Тиртеңдеген тес кыял эмес, турмуштан кыйла кагуу жеген, нары да Бухара ордосун көргөн Мала алда канча токтоо, аяр экен. Көрүнгөн бексингендин көзүн кызартып, көптөн бери талаш-тартыштын себеби болуп келе жаткан «аталык», «миңбашы» деген орун даражаларды өзү таажы кийген күндөн баштап эле оозго албай жойду да, иш жүзүндө хан өкүмдарлыгын ордуна койду. Өз жанына да, ордо ишине да ичкериден жана элеттен теңшеп, а вилаят акимдерин, шаар бектерин, аскер саркерлерин ишкерлигине жараша ылгап алышка далалат кылды. Алымбекке Анжиян, Алымкулга Маргалан вилаяттарын түздөн-түз башкартып, жалпы өлкөнүн өтө маанилүү маселелерин өзү баштап, өзү бүтүргөн соң гана айтып, аларга «акылдашкан» гана өңдөнүп коёт.

Мурдагы убадасынан гана тая албай ооз жүзүндө Алымбекти жаңы барганда бир аз убакка Кокон шаарын башкара калганына байланыштуу «ордо башы», андан соң «датка ага» деген болуп, төргө чыгарып көңүлүн алып, а иш жүзүндө аны нак бийликтен какас тутуп, «бышкан аштын эле ортогу» гана сыяктантып алган.

Сырты сылык, ичи күптү ордо, кармаштын тымызын үрөнү күнүгө акырын өнүп жана чайлап келе жаткансыган кооптуу бир туңгук абал.

Тигине, орустун майда кошундары Үч-Алматыга келип, бүткүл кыргыз казак тайпаны ээлеп алып, дагы бери карап турат ко?!

«Орустун алдын тостурмакчы», «кудай берсе, Үч-Алматыдан кайра сүрүп, андан нары Ак-Мечитти бошонтуп алмакчы» болуп, Мала-хан онбеш миңден ашуун кол курап берип, Ташкен беги Канаат-шаны ошол 1860-жылдын күзүндө жолго чыгарды. Кошунга баш-көз болсун деп, «датка агасынын» көңүлүн суранды.