кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Экинчи бөлүм

IX

...Так ушул учурда Кокон шаары, Ташкен шаары кан жыттанып жатты, арыктагы суулар шүүшүн болуп акты. Кудаяр-хандын кишилери ачыккан карышкыр болуп топ-тобу менен көчөлөрдү жойлоп, жолуккан кыпчак эле болсо турган-турган жеринде кармап, кылычтап кырып жүрүштү. Өз тиричилигинде темселеп жүргөн бейкүнөө жандар:

– О, айланайындар, күнөөм кайсы?.. – деп, суру качып, ар кимди бир тиктешти, бөйдүн торуна түшкөн кара чымындай тыбырашты. Алардын жалынган үндөрүн ташты ташка ургандай сезимсиз, ырайымсыз, жапан айкырыктар дароо басып турду:

– Кыпчак!!

Ушул сөз менен кошо курч тапталган кылычтар тең кетип, эки ортодо шорго кабылган бейкүнөө баштар топулдап жерге күбүлүп жатты.

Мусулманкул боз кыроо баскан кеч күзгө дейре өзүнө караштуу кыпчактарынан онбеш миңдей кол курап калышка үлгүрдү. Хандын атын туу кылып көтөрүп, ордонун шумдары Мусулманкулдун мезгилинде ордо бийлигинин оорчулугун көргөн букара калктын кыжырын жалпы кыпчак уруусуна каршы буруп жиберишти. «Көрүнгөн кыпчакты көрүнгөн жеринде өлтүрүп, малы-мүлкүн талап алган азаматка бу дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да доо жок» деп хандын жарлыгын чыгарышты. Бекер мүлк, доосуз мүлк тартып, көп өтпөй хандын туусунун түбүнө өлөбакысы союл, бычак көтөрүп, алтымыш миңдей талоончу каракелтек топтолду да, кыпчак уругунун мекени Эки-Суу-Арасына карай жер түтөтүп, чегирткедей самсып жөнөлдү. Ордодон Мусулманкулду кууп чыгууга өзүлөрү ханга биринчи күч болуп берип алышып, эми иш мындай бүт кыпчакка каршы жаман багытка кеткенде кайра кайта алышпай, токтотууга кеч болуп, алсыз болуп, Нармамбет датка менен Өтөмбай кушбеги мүңкүрөп отуруп калышты.

Адилдик кайсы жагында? Эч ким болжой албады.

Тосо чыгып, дайыма камынтпай, дайыма күтпөгөн жерде тополоң түшүрүп сокмой адатын кылып, Мусулманкул чабуулду биринчи баштады. Ал бу сапар да бактысына сыйынды, бу сапар да кыпчактын илгертен канында келе жаткан жапан кашкөйлүгүнө, жаңгерлигине сыйынды.

Кыпчактар бүтүндөй кызыл кийинип келишти майданга. Кызыл кийинүү – толгондуктун белгиси. Ошол мезгилдерде кызылды кыпчактар гана кийүүгө акылуу болушкан. Тоолук жаатынын өтө барктуу даткалары гана кызыл кымкап тон, төбөсү кызыл бөрк кийип, калганы сарала, чаарала чапан, а сарт атыгып кеткен отурукташкан жааты көбүнчө кара чапан кийишкен. Кыпчактын көкүрөктүү бектери өзүлөрүнүн өйдөлүгүн ушинтип белгилешчү. Бу же өлүм же өмүр деп эки жактын тең тагдыры ортого ташталган беттешүүгө ого бетер жасанып, өчтүү, сүрдүү, шарактап кайнап келишти.

Хандын колу майда боз адырдын этегинде капкара болуп уюп жаткан эле. Бир убакта күн чыгып келе жаткан адырдан кыпкызыл болуп, кызыр аңызга жайнап чыккан кызыл гүлдөрдү алысырактан көргөн барбы, куду ошондой жердин бетин көрсөтпөй лыглык толкуп, кыпчактар каптап чыкты. Кара туман көп кол селт эте түштү. Заматта дабылдар дүңгүрөп, чуру-чуу, кымкуут, аттуусу аттуу бойдон жөөсү жөө бойдон куралга жабышты. Эч эс алдырбай, эч убакыт бербей, жер титиреткен, мээ каңгыткан кыйкырык салып, селдей каптап келатты. Тандалма сыпайлар араң үлгүрүп көкүрөгү менен тосту. Эки жоо күүлдөп бетме-бет келип, өлүм сүрү токтоттубу, бирпас тиреле түшүштү. Жекеге баатырлар чыгышы керек эле адатта. Бирок кыпчактар куралы эмес тиши менен чайначудай жапан айкырык салышып каптап берди. Эки жак тең аёону да, аянууну да унутуп, жаралуу жырткычтай бырчылдашып киришти.

Куду күзгү сары токойго түшкөн өрт сыяктуу кызыл катар тиги ийрилип камала калган кара кошунду шала-шала бөлүп, аралап, жалмап, мойсоп кирди. Өрттү суу гана өчүрөт. Буларды азыр бир токтотсо өлүмү токтотпосо, башка эчтеме такат бералбай, бет келгенди жексен кылып баратышты.

Бир жерлерде кара туман көпчүлүк көптүгүнө салып жайнап, тепсеп жатты.

Тагдыр ортодо. Өмүр ортодо. Ким жыгылат? Ким жыгат? Бир канатта кызыл үстөм. Бир канатта кара үстөм. Бир жагында кайрат үстөм. Бир жагында сан үстөм. Тагдыр ортодо. Өмүр ортодо...

Эки жак тең чапкан чөптөй кылка-кылка сулап кырылды. Көптүн иши көп, хандын колунун арты дагы эле үзүлбөй, бир убакта кыпчактардын кыпкызыл катарлары улам суюлуп, улам азайып, бириндеп, көлгө туш келген өрттүн калдыгы сыяктанып ар жерде бир кызаңдап, жалп деп өчүп, ар жерде бир жылтылдап, үлп деп өчүп, улам ындыны куруп баратты...

Бул күнкү кыргында кыпчактардан беш миң ашык киши апат болду. Кудаяр-хан тандалма аскеринин он миңге жакынынан ажырады. Мусулманкул тоо таянып чегинди.

Бекер оокат, доосуз мүлк дегенде көздөрү кыпкызыл болуп чекелерине чыгып кеткен талоончулар адам каны саз кылган эрөл майданды канаттуу чегирткелердей самсып басып, эки жактын тең өлүктөрүн жоо жарагын гана эмес кийимине чейин сыйрып өзүлөрүн көк асмандын алдына дардайтып жалаңач калтырып, жулкулдашып талап чыгышты. Анын эртеси ошол желиккен бойдон буркан шаркан сел болуп, коргоосуз калган кыпчак кыштактарын каптады. Алардан кийин, кыштактарда кан, түтүн, катуудан таштулга, жумшактан очоктун күлү гана калып жатты.

Муну көрүп Мусулманкулдун жүрөгү атып кетти. Арга кайсы? Колдон келер иш кайсы? Ал алсырап калган эле. Ага эс жыюу, этек жыюу, күчүн дагы чактап көрүү зарыл эле. Убакыт кана? Ал көздөп бараткан жагынан кайра тартты да, түндөп жүрүп отуруп, кырылгандан калган колун бүт ээрчитип, Өтөмбай кушбеги менен Нармамбет-датканын кошуна өтүп ошолордун колуна түшүп берди.

– Бейкапар жаткан элде эмне айып? О, туугандарым, иттин баласына сөзүңөр өтсө, айтып талоончуларды токтоттургула. Мына мен келип бердим. Кимдин өчү болсо менин өзүмдөн алсын. Өзүмдүн тагдырыма баш ийбесем да, бейкүнөө катын-баланын тагдырына мына баш ийдим... Мени силер жазалагыла. Мени силер өлтүргүлө. Сырттан сөөгүн кордобойт, иттин баласынын колуна бербегиле, бир сураганым ушул. Каныбыз бир. Менин өлүгүм аяк асты болсо, акыры силерге да кеп келет, намыс болот. Өзүңөр өлтүргүлө. Жазаладык дегиле, өлтүрдүк дегиле, карачапандардын табасын кандырып, ошону менен бейкүнө элдин өмүрүн арачалап калгыла... А өлтүргүңөр келбесе, туугандарым, баягы араңардан суу өтпөгөн кезибиздей болуп кайра бириккиле, бириң жол башта, бириң кол башта, эптеп кыпчакты сактап калгыдай болгула, мен жол талашпайын, кетмен барбы, кетменди көрүккө абдан кызарткыла, мен көзүмдү жумбай тиктеп берейин, кетменди маңдайыма эки ээли жакын туткула, көзүм агып түшсүн. Бүттү, силердин да көңүлүңөр тынат, өзүмдүн да көңүлүм тынат. Ошондо тоонун арасына алпарып, бир өзүнөн башка эч кимиси жок бечара жесир кемпирдин алачыгына таштап койгула. Же карачапандардын күнөөсү, же менин күнөөм, же силердин күнөөңөр, иши кылып, бүт кыпчактын башына кара күн түштү. Туугандарым, арты мындан да кыйындаса, кокус аргаңар түгөнүп, акылыңар мукураса, мага келип, намыс кылбай акыл сурап тургула. Кыпчак тукум курут болуп кетпесин, туугандарым, эптеп, көптөп акыл табалы. Айтарым ушул...

Эгер душманы колуна тийсе көкшүнү сууп, канын көрүп, өчү канып, Кудаяр-хан кыргынды токтотор деп үмүт кылып турушкан эле.

* * *

Ордонун кечеги айбаттуу билерманы Кокон базарынын ортосундагы атайын курулган бийик жыгач секиде кара темир чынжыр менен бек чырмалып, үстүндө ыштанынан башка эчтемеси жок, жалаңач турду.

Соода жок. Элге базардын чоң коргону жык толуп кеткен. Кулак тийишип, баш быкылдайт, тырышы көп коло түспөл каратору чекелер күнгө жылтырап, бирине бири кошулгансып көлкүлдөгөнсүп турду. Элдин кай бир тобу күнүмдүк тирилигинде жүрүп, биерге кокустан кабылып калышкан сыяктуу, жүдөө кыл баскан ооздорун ачып, сөзгө аралашышпай аңкайып басып турушат. Кай бир тобу айтка келгендей, көйнөктөрү ак, белдери жаңы жоолуктар менен курчалуу, көк селде чалынып, карала кымкап кийип көйкөлүп, өзгөчө алардын кабактары жарык эле, көздөрү делөөрүп чекчейип тиктеп, үндөрүн бийик чыгарып бакылдап сүйлөшүп, нары-бери чайкалып басышат. Кай бирөө тиги секиде жалаңач турган кишиге, элдин көптүгүнө аваз кылып, жөн эле кеталбай каңкастап жүргөнсүдү.

– Эмне болор экен?

– Өлтүрүлөт го...

– Эмне болорун азыр көрөбүз. А балким, аллаяр хан бир кашык канын кечип коёр...?

Сүйлөшүп турган кишилердин бири башын чайкады:

– Вай, Салимбай, баланын кебин айтасыз а... Бир кашык канын кечип коюш үчүн кырылышып жүрүптүрбү булар...

– Ха.. – деп кубаттады дагы бири. – Хан кечсе да кечпей турган кишилер бар. Ха, ошондой...

– Булардын ортосу ушундай чаташкан ки, бир жагы кыйрамайынча тынччылык болбойт. Ха ушундай...

Ава дем. Чаң жыттанат. Тер жыттанат. Элдин кобурашканы бири бирине кошулуп, уланышып, дуу-дуу болуп, шамал жаңы аралай баштаганда токой сыяктуу акырындап толкуп жатты.

Бир календер нары бери басып, элдин дуу-дуу толкуганын карап башын калтылдатып чайкап, элди аралап, кимдир бирөөнү издегендей ар кимдин алдына барып, корккондой элтейген түр менен жүзүн тиктеп, киши тиктеп калса селт этип жүзүн үйрүп нары басып кетип, өзүнчө сандалып жүрдү:

О, көр пенде, көр пенде,
качан кулак түргөйсүң?!
наркы кетти атанын,
абийри кетти баланын...
кетирбеске не чараң,
жакынбы акыр заманаң?!

Кишилер буга такыр көнүп калышкандай. Анын элиргендей элтейтип тиктегенине да, күңгүрөнгөн үнүнө да, оозунан чыккан коркунучтуу сөзүнө да көңүл бурган жан болбоду. А каландер коркунучтуу ырын күңкүлдөп, басып жүрдү.

О, көр пенде, көр пенде,
качан ахлак жүргөйсүң?!
тынч тирилик кылбастан
тозуп кетти мусулман...
тозбостукка не чараң,
жакынбы акыр заманаң?!

Кернай үнү селт эттирди.

– Бактыяр сеид Кудаяр-хан! Бактыяр сеид Кудаяр-хан!

Эл тып боло калып, жарчынын үнү жакка жамырап карап, ката түшүштү.

– Бактыяр сеид Кудаяр-хан! Бактыяр сеид Кудаяр-хан!

Аңгычакты базардын күн чыгыш жаккы дарбазасынан акбоз аттын омуроосу көрүндү. Хан! Кылкылдаган көпчүлүк заматта бир жалп деп тизе бүгүп баш уруп жыгылышты. Дем тартылбай, эмелеки күү-шау толкуп, басылбай турган көп элдин бири да баш көтөрбөй томурайып жатып, аянт жымжырт боло түштү.

Кудаяр-хан алдыда келатты, жаңы кер мурут болгон курагы экен, эрдин бек кымтып, эки көзү чекчейип секиден өтүп келатты. Чоочуубу, заарыбы, иреңи купкуу. Сол колу менен тизгин кармап, сабы алтын камчыны бүлдүргөсүнөн ортоноюна илип оң бөйрөгүн таянып, жерде жайнап баш көтөрбөй жаткан адамдарга кошкуруп карап диртилдеп жүйгүртө баскан семиз акбоз аргымактын аяңында келатты. Жанында жаңы миңбашысы Касым. Жаңы ынагы Нияз кушбеги. Нармамбет датка ошолордун ичинде экен. Ортодон улам жол берип, тизелеп артка жыйрылып, жерде жамырап жатышкан элди аралап жай бастырып келе беришти.

– Бактыяр сеид Кудаяр-хан! Бактыяр сеид Кудаяр-хан!...

Секинин утуру бет маңдайына жакын базарбашынын чайканасынын эшигине келип түшүштү. Ошол учурда да кернайлар үн баспады. Хан эл жакты бир жалт карап алды да, килем төшөлгөн жыгач тепкич менен өйдө балаханага чыгып, ордо кишилеринин коштоосунда келип, мурунтан даярдалып коюлган бийик орунга отурду.

Кичине пасырак орунга оң жагына Касым миңбашы, Нияз кушбеги, сол жагына Нармамбет датка, алардан соң калган бектер тегине, амалына жараша эки канат болуп кыркар тартып орун алышты. Узун бойлуу, эки көзү алайган капкара удайчы өкүмдардын артына келип бейиш кушунун канат-куйругунан жасалган желпүүр кармап, акырын өйдө-ылдый кылып жумшак шапата жаратып турду. Жыпар чөптүн нымына чыланган желпүүрдөн бир шумдук таза жыт чыгып балаханага толуп кетти. Ушул учурда да Кудаяр-хан мисирейип суз болду.

Кернайлар тып басылды. Касым миңбашы колун бийик көтөрүп алакан жайып, Кудаяр-хандын эсенчилигин тилеп:

– Оминь! – деп бата тартты. Эл дүрүлдөп, жапырт баштарын өйдө кылышып, колдорун асманга созуп, дүңгүрөп «оминь» айтып батаны коштоп кетишти. Кудаярхан өзү да чекчейген көздөрүн тиги секиде жылаңач турган кишиден албаган бойдон колдорун купкуу жүзүнө алпарган болуп койду.

Секидеги туткун көгала башын бийик көтөрүп, чыйралып, мизбакпай ордо кишилерин атып тиктеп турду.

– Өлүм! Өлүм! – деп кыйкырды дагы элдин арасынан, кыйкырыктарды жалпы дуулдап коштоп, эл шамалдуу токой сыяктуу кайрадан толкуй баштады.

– О, аллаяр!.. Өлүм бөрүгө! Өлүм!

– Бизге тынччылык болсун! Тынччылык болсун! Өлүм бейжай бөрүгө!

– Өлүм!

Көпчүлүк астейдил кыйкырып жатышты. Алар тиги байлануу турган адам өлсө эле көптөн бери баарын жадаткан, жүрөктөрүнүн сары суусун алган тополоң бүтүп кетерине ишенип, үмүт кылып кыйкырып жатышты. Касым миңбашы терисине батпай кубанды, элди кыдырата тиктеп, алдыртан Кудаяр-ханга көз кыйыгын жиберип коюп, анын жүзүндөгү өзгүрүүлөрдү эсепке алып отурду.

Жазалоо башталды.

Миршабдар зындандан жүзгө жакын туткундарды айдап келип, Мусулманкул турган секинин түбүнөн алып өтүштү. Туткундар Мусулманкул жаатынын мен деген азамат уулдары болучу. Капкара кийим желдеттер ылгабай гана четинен бирден алып, шашылбай, чоочунбай, бири бирине күлүп тиктеп, күнүмдүк көр тирилигин кылып жаткан кишидей акырын чөк түшүрүп мууздап киришти. Өлүктөрдү улам биринин үстүнө бирин сүйрөп таштай беришти. Өлүмдүн сүрүбү, мыкачылыктын сүрүбү, эл нестейди, дуулдоо басаңдай түштү.

Мууздалууга кезеги жеткен бирөө чөк түшүп жатып элге карап кыйкырып жиберди:

– Күнөөм кайсы! О, туугандар!

– Кыпчак!

Бул заардуу жооп чайкананын балаханасы жактан зирк этти. Эл дуу бурулуп карады, коштогону же нааразы болгону билинбей элдин арасы туңгуюк күңгүрөнүп түйшөлө калды.

Ава кан жыттанып уугуп турду. Жакын тургандар ичтеринен келме келтиришип, кабактарын заарканып тырыштырып, же бул жерден тиги ордо кишилеринин көзүнчө басып чыгып кете алышпай, жанагыдай кыйкырык салып тура бере алышпай, көбүктөнүп ийрилип таманга кирип келе жаткан кандан үркүп кетенчиктеп жарылып турушту.

Бир гана Касым миңбашынын өчү канбады. Ал эки тизесин бекем мыжыга ынтылган калыбында, аёо жылдызын кек өчүрүп таштаган көздөрүн жаңсыз мадырайтып, эч былк этпейт али. Кыпчактардын канын Мусулманкулдун бутуна чачыратып, жүрөгүн эзип, ошону менен анын эркин сындырмакчы эле. Ошондо Мусулманкул бейкүнөө туугандарынын өмүрүн сурап сөз чыгарат, топуракка чекесин тийгизип, жалынып, шөмтүрөп алдыма жыгылат деген эле. Анын жеңилген, карып болгон үнүн угуп, дагы кордоп, дагы тепсеп өчүн кандырмакчы эле. Бирок Мусулманкулдун көгала башы али ийилбеди, дагы эле заардуу, эрини бек кымтылып, дагы эле бир билгени бардай сурданган арык бети былк дебеди, майышпады. Касым миңбашы күч менен майыштырууга буйрук берди.

Кандын жытына мас болуп, буундары шалдырап, көздөрү кызарып, шамшарлуу желдеттер четке чыга беришип, алардын ордуна башка кыйноочулар келишти.

Мурда эле макулдашылып, коюлганбы, колдору кычкачтай балбан жигиттер жай кыймылдашып, Мусулманкулду акырын колдон алып, бирпас сылап кармалап, эмне кылалы деп эки анжы болуп турушкандай, анан күтпөгөн жерден манчаларын кырс-кырс сындырып жиберишти. Мусулманкул дирт эте колун тартып баратып, кайра токтоло калды, үн чыгарбады, кыйнап жаткандардын бетине тиктеп да койбоду. Ичи чыйралды белем, бетине кан дүргүп чыга түштү. Балбан жигиттер өчөшүп, бир чети кызыккандай, дагы катуурак кыйноого өтүштү. Мусулманкулду жыгып, жылаңач шыйрагын калпыс жерге койдуруп, бири үстүнө чыкты. Сөөк ийилди. Сөөк бычырады. Мусулманкул эрдин тиштенди. Ырайымсыз кыйноочулар арданып кетиштиби, Мусулманкулдун бир колун карысынан артына кайрып карс сындырып жиберишти. Кыйноого адам көнүп кетеби, же эси оодубу, Мусулманкулдун эриндери көгөргөнсүп, көздөрүнүн оту акырындап өчүп, карачыгы өтө эле карарып баратты.

Бир убакта ал селт этип көзүн ачты. Кылкылдаган көп элдин түрүнө бир сыйра көз чаптырды. Эриндери титиреп кетти. Эми эрки сынды го, эми жансоога сурайт го, жок дегенде, көп кыйнабай өлтүргүлө дейт го? Ал көгала сакал баскан эриндерин ачып, алсыз дем алгансып, акыркы кубатын үрөгөнсүдү. Ордунан канаты сынган бүркүт сыяктуу бир обдулду:

– Кыпчак! Барсыңбы!

Үнү титиреп чыкты. Тымтырс. Эл былк этпеди.

– Бармын, ата!

Тымтырстык тарс жарылды. Эл дүр эте жооп үн чыккан жакка ыкты. Ким? Кайда? Эл дуу, күү оодарылды.

Мусулманкул чыйрала түштү:

– Кет! Тоо таянып кет! Уктуңбу! – деп дагы кыйкырды ал.

– Уктум, ата! Уктум!.. – деп жооп кайтарды баланын калтыраган үнү.

Дүрүлдөп толкуган эл ошол замат тиги коргондун кырында жамырап аваз кылып тургандардын четинде туруп турган тестиер баланы көрүштү. Бирөөлөрдүн калтыраган колдору арбаңдап балага сунулду. Ошердеги кымкууттун арасында кимдир бирөөнүн балбактаган ыйы угулду. Бала карматпай коргондун кыры менен нары-бери чуркады. Бир убакта секирип түшүп, көпчүлүктүн арасына кирип, көрүнбөй калды.

Касым миңбашы тиштенип ордунан тура калды:

– Булардын уругу али үзүлбөптүр го!

Кудаяр-хан колунун учун биртке көтөрө ишарат кылып Касым миңбашыны тынчтандырды. Бирок ачуудан карайып кеткен миңбашы ичинен титирей берди.

Нияз кушбеги артта жакыныраак турган удайчыны башын ийкеп чакырып, кулагына шыбырап, бир баш буудай таап келгин деп сурады. Удайчы таазим кылып кетенчиктеп нары кетти. Анан Нияз кушбеги Касым миңбашынын кулагына шыбырады. Касым миңбашы дароо башын ийкеди да, өзүнүн ишенимдүү нөкөрлөрүн чакырып, базардын коргонунун бардык дарбазасын жаап салууга катуу буйрук кылды. Ал дагы эле ичинен титиреп, жаак терилери купкуу болуп тырышып отурду.

Кыйноо кайра уланды.

Кыпчагынын үнү кубат бердиби, же эң акыркы акылын айтып калганына кубандыбы, Мусулманкул кадимкидей тириле түштү. Көздөрүнөн дагы жылтылдап от чыгып, дагы көгала башын келберсип көтөрүп, сыймыктанып ууртунан жымыйып карады элди. Кыйноочу атайы созуп, атайы жаймажай, жакын келди Мусулманкул соо колун дагы өзү сунду. Кыйноочу колун кармабастан күтпөгөн жерден кылычтын сырты менен тизе сөөккө шак чаап жиберди. Мусулманкулдун буту дирт эте түштү. Кыйноочу кызыл ашыкка чаап жиберди. Мусулманкул көгөрүп, эми ал өчөшүп, бу сапар бутун тартып да койбоду. Жаак тарамышы карышып, мисирейип отура берди.

Эл түйшөлүп кетти.

– Жыландын баласы болсо да не болду а!..

Кылкылдап бүтүн турган эл удургуп, жарылып, кай бир топ жакаларын карманып, келмелерин күңкүлдөп кете башташты. Коргондун бардык дарбазасы жабылып, сыртында да, ичинде да кылыччан сарбаздар тосуп калган болучу. Тирелип токтоп калышты.

– О, жараткан... Бу эмне деген күн болуп кетти...

Эңгезердей төрт азамат замбилге колдошуп, тизе бою сандыктай чулу коргошун дөңгөч көтөрүп келишти. Эч шашышпай, Мусулманкулду жыгып тактага жаагынан башын койдурушту. Мусулманкул өзү койду. Көзүн жумбады. Ушул табында да тиги аваз кылып түйшөлүп турган элдин арасын аңтаргандай. Ушул табында да мыкчыйып эрди кымтылуу, дагы эле бир билгени, дагы эле ичине катып турган бир аргасы бар өңдүү. Желдеттер коргошун дөңгөчтү эми колдошуп төртөөлөп көтөрүп Мусулманкулдун башынын үстүнө акырын коё башташты.

Эл дуулдап кетти. Тиги чайхананын балаханасында отурган ордо кишилери да козголуп кетти. Кудаяр-хан мойнун созуп ордунан тура калды. Касым миңбашы көзүн мадырайтып бакырышын дем тартпай күттү. Нияз кушбеги булбул сайрап турган салкын бактын ичинде жалгыз отургансып башын бир жагына кыңырайтып колундагы бир баш буудайды кыялданып нары-бери тегеретип ойногонсуп жымыйып отурду. Кедейбай датканын зааркангандан бети тырышып, семиз эриндери жарым ачылып селдейди.

Баш сөөк акырын бычырады... Жаак акырындап жалпак болуп баратты. Эки көз чекчейип... улам чекчейип... чекчейип... сыртка бөлт-бөлт чыга түштү... Дагы кың деген үн болбоду. Эзилген кара кан уйпаланган көгала муруту ылдый мөлтүрөп жерге тамды.

Карышкыр сыяктуу аёону билбеген бул катуу адам ая дегенди да билбей өлүмдү карышкырча кабыл алды.

– Салават! Өч түгөндү. Салават! Салават!

Оор абалдан өтүп, эл жеңилдене калды. Өчтүүлөрдүн өчү, кектүүлөрдүн табасы кангандай болду.

– Салават! Салават! Өч түгөндү. Кек бүттү. Салават...

Жабыла дуулдап кетти. Дагы да тиги чайхананын балаханасындагы топ кишинин мооку али канбады. Өзгөчө Касым миңбашы. Касынын кыйноодон чырылдаган үнүн уга албай, кычуусу тарабай, жарпы жазылбай, дилиндеги жамандыгы кайра көбүрүп, өз заарына өзү уугуп ордунан тургусу келбеди. Үн жок. Кеп жок. Ара тунжурады. Ушунун баарын баамдап, сылык көрүнгөн жүзүн жымыйтып турган Нияз кушбеги колундагы бир баш буудайды Касым миңбашынын алдына кармады:

– Миңбашы... бул эмне?..

Жарына албай араң Отурган миңбашы бурадарын ыраазы болбой тиктеди. Ушундай учурда тапкан тамашаңызга жол болсун дегендей түрү. Нияз кушбеги көздөрү сырдуу жылтырап:

– А?.. Муну эмне дейт?.. – деп дагы кайталап сурап кадалып турду. Бул эмнеси? Баары тиктеп калышты.

– Йе, кушбеги!.. Бул эмне деген оюнуңуз? Бул эмне, бул бугдай го! Өзүңүз көрбөй турасызбы, кушбеги? Йе... – деди Касым миңбашы тырчып.

– Рахмат... – деди кушбеги көзүн сүзө. Анан буудайды Нармамбет датканын бетине өтө жакын кармады:

– Кана, энди сиз айтыңчы...

Нармамбет датка итиркейи келгендей:

– Көрүп турасыз, эмне өзү? – деди. Нияз-кушбегинин көздөрү сууп кетти:

– Мен сизден сурап турам, датка. Сизден укканыбыз кызык...

– Бийдай!

– Бийдай... – деп такмазалады Нияз-кушбеги мыйыгынан жымыйып. – Гм... Бийдай... Кыпчакты ушул сөздөн тутуп алса болот а, датка?..

– Дагы?

Нияз кушбеги Нармамбет датканын сөзүн атайы барктабай жоопсуз калтырып, Кудаяр-ханга эңилип таазим кылды да:

– Мына, аллаяр... Ушул жалгыз сөздөн кыпчакты тутуп алса болот. Падишах! Башыңыздагы бактыңыз, дөөлөтүңүз, калкыңыз тынч болсун десеңиз, падишах, миңбашыга жарлык бериң, падишахтын өз кулагы укту го, кыпчактын каргыш тийген уругу али үзүлбөптүр, мына ушерге да кирип келиптир, жарлык бериң, миңбашы мына бу кылкылдаган ак кулдарыңыздын ичинен азыр терип таштасын...

Касым миңбашы эми байымы жетип ордунан атып тура:

– О, падишах! – деп жиберди.

Кудаяр-хан башын ийкеп күлүп, анан Кедейбай даткага суроолуу карап, ал бирдеме айтмакчы болуп оозун жасап келе жатканда:

– Мейли, душманыбызды баш көтөргүс кылсын миңбашы. Ушундай болсунбу, тага? А ушундай болсун... – деп жиберди. Хан көңүлү ыйык. Хан буйругу эки эмес. Кедейбай датка башын акырын ийип тилин тиштеп калып калды.

Сакалы аппак, көздөрү акылдуу, ырайымдуу көрүнгөн Нармамбет датка бир кур нестейе түшүп, анан күйүп кетти:

– Таксыр! Мусулманкул катуу эле, Мусулманкул канкор эле, анын туугандыгына карабай ордодон өзүм кууп бердим, канын көксөдүң, минтип алдыңа өзүм жыгып бердим. Ошонун баарын адилет тартип үчүн деп, ордонун биримдиги үчүн деп иштебедим беле! – деди ал, көзүнүн алдындагы көпчүңкү териси диртилдеп, бууну калчылдады. – Таксыр! Кушбеги шайтандын жолуна түштү. Шайтандын тилине кирбе, таксыр! Шайтандын тили ширин, дили уу. О, таксыр...

– Жап оозуңду, кыпчак!

Касым миңбашы тишин кычыратып шамшарына кол сермеди.

– Э, менин оозума сенин бийлигиң жетпейт. Таксыр отурат ортобузда. Үнүңдү көтөрбө...

Кудаяр-хан кабагын салып, мурчуюп эрдин бек кымтып, үн катпай укту. Ушул түз сөздүү датканын алдында далай жолу өбөк сурап, кайрат сурап, шөмтүрөп отурбады беле. Далай жолу жакшылыгын унутпаска оозуна каргыш албады беле. Мына жыгылды Мусулманкул, ыркы кетти, тарки кетти кыпчактардын. Эми Нармамбет баягыдай датка ата эмес, Нармамбет чал. Кудаяр-хан Нармамбет даткадан жүз үйрүдү.

Бир заматта желдеттердин баарынын колунда бирден баш буудай пайда болду.

Чум капкара кийим желдеттер кыркар тартып, элдин бир четинен түшүп, бет келген кишиден буудайды бетине тактап сурап киришти.

– Бул эмне?

– Бугдай...

– Бул эмне?

– Бугдай...

Тополоң түштү. Кишилер дүрүлдөп үркүп качып, бирине бири калкаланып, бирин бири кара тутуп, үрөй учту, аң учту.

– Бул эмне?

– Буудай...

– Эмне? Кайта айтчы!

– Буудай...

Андан нары.

– Бул эмне?

– Бугдай...

– Сен!...

Кебетеси жүдөө, ала чапан кийген адам бетине тосулуп турган буудайдан айбыгып кетти. Суроону түшүнбөй калгандай маңыроо тартып, көздөрүн алайтты. Жанында турган киши (өзү мурда жооп берди го) күйкөлөктөп:

– Бугдай да. Бугдай дебейсиңби. Хасанали...

– Сенден ким сурады! Жайыңда жым тур! – деди желдет ага, анан тигиге айкырды: – Тез! Бул эмне? Тез!

Кишинин эриндери кыбырады, бирок үн чыкпай калтырак басып артына кетенчиктеди:

– Би... Би...

Бир кубарып, бир кызарып, куду жарга камалган мал сыяктуу бүткөн бою менен калчылдады. Шек алып, желдеттин көздөрү кыпкызыл болуп кетти:

– Эмне?

Кишинин куту учуп, көпкөк болуп кеткен эриндери титиреп, артына кетенчиктеп, жалт-жалт каранып сыйпаланып, ошол жакта жердин жарыгы болсо да түшө качып кетчүдөй тырмаланды, жанталашты:

– Менин күнөөм эмне?.. Мен эмне кылдым?.. Эмне кылдым?.. Ыя?.. Эмне кылдым?..

Желдеттин бою кечки көлөкөдөй узарды. Калбыйган оозу чоюша түштү. Кош миздүү муздак болотту бийик көтөрүп улам кысып жакындады.

– Эмне?.. Мен эмне...

– Кыпчак!

– А-а-а...

Оор болот шарт деп тийди. Дене топуракка оонап жатып калды.

Нары.

– Бул эмне?

– Бугдай...

– Бул эмне? Тез!

– Бугдай...

– Бул?

– О, жараткан... Бугдай... Бугдай...

Каландер кеберсиген эриндерин кыбыратып, күнгө, терге бышкан каратору жүзүн бырыштырып, ар топко бир барып, озондоп дагы ыр айтып басып жүрдү.

Өз калкыны кор тутуп,
өлүм менен коркутуп,
карабай кары-жашыга
каарлы болсо падыша,
ага азазил ашына,
көрүнөр кара башыга...
болбо дешке не чараң,
жакынбы акыр заманаң?!

Коркунучтуу күңгүрөнүп басып жүрдү.

О, көр пенде, көр пенде...

Бир желдет токтотту:

– Бул эмне?

Календер ууртун ырсайтып, же күлөрү, же ыйлап жибере турганы белгисиз, бир баш буудайды мелтиреп тиктеп калды:

– Бу сенин кеткетиң... – деди муңдуу көзүн кылайтып.

... теги бирге боло албай,
теңир коңшу коно албай
күндө бузуп шүйкүмүн,
бөлүшө албай түйшүгүн
эки тууган бири бирин
бөрү болуп таласа,
төгүп канын жаласа...
талаба дешке не чараң,
жакынбы акыр заманаң?

деп күбүрөдү кеберсиген эриндери. Желдетти унутуп койгондой нары жактагы ызы-чууга карбаластап калды. Желдет чаңырып жиберди:

– Бери кара!

Календер таң калгандай ырсайып тиктеп токтой калды. Бирок, бу сапар көзү тирилип кетти. Желдет:

– Бул эмне деп жатам, мен! – деп, буудайды дагы анын бетине такады. – Айтасыңбы же...

Календер эч чоочубай желдеттин кылычындагы сабына сарыгып жаткан канды сөөмөйү менен сайып көрсөттү:

– Бул эмне?..

Желдет сөз таппай калды. Календер бетин кайгылуу тыржыйтып:

– Сенин каның... сенин каның... – деп акырын күбүрөдү. Эмне дейт?! Тили байланып, моюн тамырлары көөп, жарылып кетчүдөй кызарып токтой калды желдет. Аны эмне токтотту? Календер бул бапасыз жалган дүйнөдөн кечип ак уруп басып кеткен ыйык пенде, ага кол көтөргөндүн күнөөсү бу дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да кечилбейт деген түшүнүк анын бутун тушап турду. Каландер эгешип турбай, дагы башын кайгылуу ийкеп-ийкеп, дагы өзүнчө бирдемени күңкүлдөп, анан такыр унутуп басып кетти.

...ар тайпаңда бирден бек,
ат үстүндө жүргөн көп,
кеп жугушпай ыркырап,
келише албай тынчырак
ынтымагың кеттиби,
ыйык чектен өттүбү...
учкан куштай кылактап,
уламдан улам ыраактап
баарыңан качар ырыс, бак...

Эл... куду бөрү тийген көп кой сыяктуу коргон ичинде туш тарапка дуу-дуу үрктү эл. Кандуу кылыч жалаңдап, капкара кийинген желдеттер арттан түшүп, алдын тосуп ийрип, «Бу эмне?» деген кыжынган кыйкырык, жандалбас үн аралашып, чуу улам бир жагына окторулуп турду.

Нармамбет датка көзүн жуумп, эки кулагын колу менен басты. Ал апкаарыган, жалынган, үрөйү учкан кейиптерди көрүп чыдай албады, үндөрдү угуп да чыдай албады. «Мен эмне кылдым?... А-а-а... Менин күнөөм эмне?... Уа-а-а...» Бул үндөр аны куюн болуп ороп бир жакка тоголотуп бараткандай. Эч кетирбей кулагынын түбүнөн жаңырып, мээсинин ичинен чырылдап чыгып жатты. «Менин күнөөм эмне?!» «Кыпчак!» «Кыпчак!» Нармамбет датка чымырканды. Бети каракөк болуп тердеп кетти. Бекем жумулган көздөрүнүн кычыктарынан мөлтүрөп жаш сызылды. Жүлүнү болкулдап, андан нары өзүн кармай да албады, энтигип ыйлап жиберди. Ал тура калып Кудаяр-хандын алдына аппак чачтуу башын салбыратты:

– О, таксыр... Мына мен жыгылдым бутуңа... Мусулманкул жыгылбаса мен жыгылдым... Мен жалындым... Мен багындым... О, хазрати, токтот кыргынды, о хазрати...

Кудаяр-хан томсоруп карады. Анын ийикпей турганын көрүп, Нармамбет датка дагы эңкейип жерге чекесин тийгизип сабылды.

– О, таксыр... Кылган жакшылыгынын акысын сураш иттин иши эле го. Мен ит болоюн. Мен сурайын. Кыргынды токтот. Жаман күнүңдө белиңе таңуу болдум эле, ылдыйышта өбөк, өйдөдө жөлөк болдум эле. Ошонум үчүн токтот кыргынды... Ага арзыбасаң арзыбады дебейин, ал кызматыма да сурабайын, мындан нары кылар кызматыма сурайын, токтот кыргынды... Карымы казык кылып, башымы токмок калып, өмүрүм өткөнчө тик туруп кызматыңды кылайын алдыңда, токтот кыргынды...

Кудаяр-хан мизбакпады. Жибип кетеби деп, хандын кабагынан көзүн албай дирилдеп турган Нияз кушбеги жеңилдене демин таштап жиберди:

– Йе, урматлы датка! Эмне деп турасыз? Сиз менен биз өкүмдардын кулубуз. Палан кезде паландай кызмат кылган элем, киресине муну бер, түлөн кезде түлөндөй иш бүтөп берген элем, киресине тигини бер деп, өкүмдарды этектешке эч акыбыз жок, датка! Йе, бу сиз эмне деп турасыз акыры!? Биз муну талап этсек шарияттын эрежесинен чыгып кеткен болобуз. А билесизби, урматтуу датка, шарияттын эрежесин чийткеген пенде бул дүйнөдө өкүмдардын катуу жазасын алат, тиги дүйнөдө кудайдын дозогуна күйөт?

Кудаяр-хан мурчуйду. Нияз кушбегинин сөзүнүн калети барбы? Хан жердеги кудай. Кудай менен акылдашууга пендеге жол жок. Жат деген жерге жатыш керек, өл деген жерге өлүш керек ким гана болбосун! Нармамбет датканын акылашып турганы бейбаштыктай сезилип, өткөндө көргөн жакшылыгын эстемек тургай, жини келе баштады.

Нармамбет датка соолуга түштү. Кудаяр-хан ордунан обдулду эле, Нияз кушбеги колтугунан сүйөй берди. Кудаяр-хан кетүүгө беттенди. Нармамбет датка курал үчүн эмес кооздук үчүн белине асып жүргөн каухар саптуу кичинекей ийри кылычты кынынан сууруп, алдына ыргытты:

– Ме... Мени тапкан элим тукум курут болуп кетип, артында кара башымды калкалап калганда, тирүүлүгүм кайсы, өлүгүм кайсы... Чаап ташта! Мен дагы кыпчакмын...

Кудаяр-хан карап да койгон жок, кылычты акырын жай аттап өтүп кете берди.

Базар коргон аңгырап калган. Ким болжогон мындай болорун?! Бу капилеттен куюн ургандай тез болуп кеткен кызылдай кыргын үрөй учуруп, бир адамды жазалоону көрмөккө жамырап келген жай эл түгүл, базар ичиндеги устакана, түркүн дүкөн, чайкана ээлери да бир жаны калбай коргондон чыгып кетишкен.

Көбү көк асман тиктеп, көзү ачык, көбү жүзтөмөн түшө жер кучактап сулаган, көбү өз боорун өзү кош колдоп баскан бойдон бүрүшүп жыгылган – бири карарып, бири агарып, бири кызарып, ар жерде томурайып, ар жерде бири биринин үстүнө арта салына каршы-терши жатып калышкан – баары өз канына чыланган, араларга, аяк коёрго чоло аз.

Тириден жалгыз календер – не кимдир бирөөнү издейби, не тирүү бирөө барбы дейби, жан таслим кылса ыйман айтып койгусу келеби, улам бирине эңкейип, эңилип каранып, кайра басып күбүрөнүп сенделип жүрөт. Эки көзү канталап кызарган, кан аралаш көз жашы мурутуна сарыгып кургаган.

Ким сооротот аны?!

...үрөйүң бир, тилиң бир,
үйүт, каадаң, диниң бир...
алым, берим базарың,
атаң жаткан мазарың...
алыштап ичкен сууң бир,
ашың, тоюң, дууң бир...
бир атанын балдары,
ийрир билгиң калбады...
...тыктуу болот таптаган,
тыштан түрө каптаган
кырчылдашкан жоо келбей,
кыйкырышкан доо келбей
эки тууган өзүнчө,
эски душман көзүнчө
чайпалып жүрүп төгүлүп,
чабышып жүрүп сөгүлүп
тарки кетер элиңдин,
калыс болор эми ким?!.

Ким жубатат аны?!

Ошол кезде төрт көздөп турган Россия империясынын байкоочулары Хийва, Бухара, Кокон ордолорунун өз ара ыркы жоктугун эске ала келип, Мусулманкул миңбашынын жоюлушуна байланыштуу: «Кокон ордосу өзүнүн ишбилги ишмеринен, кайраттуу аскербашысынан бөөдө ажырап алды. Эми Россия бул тарапка кылына турган кадамдарында уюшкан каршылыкка көп да учурай койбойт ко» – деген болжол тыянак кылышты.