кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Экинчи бөлүм

VIII

Жоодар чөптөр ат көмүп, аюушашыр, кулунчак ак баш алып, эл жайлоолорго тарта жайдын толуп турган чагы эле. Кокондон тополоң дагы чыгыптыр деген кабар дүң болуп кетти. Кулактар делдейип, ар кимдин оозун тиктеп, пас жактан бир караан чаап чыкса, жабыла атка чуркашып, кооп андан артты.

«Өзүнө өзү бийдин» үйү эгин-тегин кылынган Күрпүлдөк-Сайдын бөксөсүндө эле. Бир күнү бир чоочун киши келип калды, иреңи боз, аты арыган. Тааныдыбы, не боолгодубу, кичине күлүмсүрөп, атынан түшүп: «Саламат жүрөсүзбү, ава?..» – деп, жылуу учурашты. «Ордодо көрдүм эле сизди...» – деп койду акырында. «И, келипсиң?» – дегенди сездирип, ээгин акырын экчеди «авасы». Тиги акырын бирдеме деп күңкүлдөдү, «авасы» ага эңилип турган калыбында башын ийкегилеп укту. Тиги акырын аттанып кайра бастырып кетти.

Түш кыямда Ойнок-Таштын белине чыкты Алмамбет.

Ал өзүн араң көтөрүп келген ат үстүндө эки санын таяна үңкүйүп, айланага арыта көз салып токтолду. Балтыркан ат боюнан өтүп, ак баш болуп, кымыздыктар гүл ачыптыр, көтөнкуурайдын жыты желге учуп каңшар жарат. Гүл соргон бал аарылар те алыстан кара чекит болуп келип, зың деп кулак түптөн жанып, кайдадыр шашып өтүп жатты. Капталдагы куу арчанын башынан жалгыз күкүк муңканып, чарчаңкы үн салууда. Өтөгү күдүрөйгөн жаңгак, ак чечектүү бадал. Суулары ар сайынан зергердин созгон күмүшүндөй жылтырап, тоолордун тутумдары мунарык тартып, көк шайыдай асман танабына жалгашып, ал жопарада адам шарпасы жок, ээн-элкин кеңирсип турат...

Демиге ичин уруп, ооздугун шылдырт эткизип турган аттын кулагы тикчие түштү да, ат бир шарпа сезгендей, тикийип сай жакты тиктеп калды. Аңгыча балтыркан башы былкылдап, кобур үн жетти. Алмамбет тизгин бурду. Бет алдынан шырыктай болушкан эки азамат чыга түштү. Колдорунда мылтык, белдеринде кылыч, салам айтышты. Алмамбет баш ийкеп алик алды.

– Быякка жүрүңүз... – деди жигиттин бири үңкүрлүү таш жакка карай. Ошол бойдон унчугушкан жок, үчөбү үңкүрдүн оозуна барышты. Бүт жарактуу, жыйырмадай жигит отурушкан экен, жашы улуу адамды көрүп, дуу тура калышып, колдорун көкүрөктөрүнө ала беришти.

Салам ордуна баш ийкеп, атынан түштү да, түз эле үңкүргө барып, ичкери башбакты Алмамбет. Үңкүрдүн төрүндө аюушашыр төшөтүп, анын үстүнө ат көрпөчөсүн салдырып, малдаш урунуп бир адам отурган. Башында көрпө тебетей, үстүндө эскилөө быязы чепкен, кандайдыр жупуну тартып, алыстан жер кезип, соода кылып жүргөн кызыл кулак мырза өңдүү. Үңкүрдүн караңгысынан аны Алмамбет ким экенин ажырата албады.

– Кайда? – деп, акырын сурады Алмамбет отурбай. Эч ким унчуккан жок, тургандар төрдөгү тердиктин үстүндөгү кишиге кыйылып, алдыртан тиктеп калышкандай болду, бир оокумда дагы эле өйдө карабай:

– Таанылбай калыптырмынбы? – деди. Ошондо Алмамбет эңкее карап шашып кетти:

– Ой, сенсиңби? – деп, колун сунуп, карбаластап туш келди отура калды, баятан үңкүрдүн оозун бир кучак алп далысы калкалап турган эле, ал отура калганда, жарык сүттөй чачырап, үңкүрдүн төркү таштарына чейин жабыла берди. Мусулманкулдун чытыйган күйүттүү кабагын, жылтыраган кыйык көздөрүн Алмамбет эми таамай көрдү. Сөздү эмнеден баштарды билишпей экөбү тең салбырап отуруп калышты.

– Гм... Ушинтип айлыңызга келип калдык, аке! – Мусулманкул биртике ыкшалып, жылмаюуга аракет кылып.

– Эчтеме эмес, укем... келсең болуптур...– деп, акеси жер тиктеп калды. – Өзүң көргөн жер, өзүң өскөн эл...

Мусулманкулга бул сөздөр табадай угулду, көңүлү ооруду. Кантсе да эмчектеш го, кайгырып, кара чапан сарттарга тиш кайрап: «Эчтеме эмес, кыргыздын атынын такасы кайларга түшпөгөн, кыргыздын кылычы кайларга шилтенбеген, көрөбүз!» деп күпүлдөп, жубатат го деп ойлогон. Ошол бойдон унчукпай койду. Ансыз да сөзгө жок Алмамбет айтарга бирдеме таппай, андан нары ошерге өзү батпай калды. Ал карбаластап ордунан турду.

– Гм... макул... Мен барайын...

Мусулманкулдун кыйык көздөрү чакчая түштү, ал көзү мындай чакчайганда.

«Желдет!» деп чаңырып жиберчү азыр анте алган жок, тек эрдин кесе тиштеп:

– Өзүнө өзү бий өзүн өзү билет!.. – деп бурк этти да, жүзүн үйрүп, жерге жаздана кетти. Алмамбет үңкүрдөн эңкее басып чыга жөнөдү, артынан: «Ишенген кожом сен болсоң, калдайган селдеңди урайын...» – деп, Мусулманкулдун күңкүлдөп сөгүнүп калганын кулагы чалбай тынч аттанып кетти.

Алмамбет үйүнө барды. Ой басып, зор далысын дүңкүйтүп эки бутунун ортосун тиктеп салбырап көпкө отурду. Эмне кыларын билбеди.

Абил эртеси эрте менен ал кезде жаш өспүрүм Бекназарды ээрчитип келип калды. Абил баягы шыңга жигиттиктен өтүп, жашы кыркка чамалап, мүнөзү да токтоо тартып, денеси толуп, капкара мурут, сакал күтүп, киши болуп калган. Ал төргө чыгып, бирткелеп аманчылык сурашкан соң, каштарын өйдө жыйра Алмамбетке карады:

– Аке, – деди ал ынтаалуу, – Сиз уккан жоксузбу, биз жакка аталык качып чыгыптыр дейт ко? Алмамбет үңкүйүп отурган бойдон:

– Үңкүрдө жатат... – деди күңк-мыңк.

Ыраазы болбой, эрдин кымтып, өз тизесин муштанып койду Абил.

Булар эки атанын балдары. Алмамбетке жараткан дөөнүн күчүн берген, бирок аны ал жашоосуна керек кылган жок, бар болгону, тоонун боорунан кийинкилерге аңыз болсун деп жаткан тайдай чулу кара ташты колтуктап жүгүрүп келип Күрпүлдөк-Сайдын башына как жолдун боюна таштап койгон, ушул убакка дейре аны ордунан козгоого жараган бирөө боло элек, сөз келгенде өмүрүндө бүтөргөн бир зор иши катары дайыма кеп кылып жүргөнү ошол. Жаш кезинен бийликке кызыкпады. Мына жашы улгайды, айыл аксакалы болуп, эттүү жерде чарабашылык кылып, лөкүйүп отуруп алып эт бөлгөндөн башка менен иши жок, момундун күнүн кечирип келет.

Абил Нүзүп аталыктын сөөгүн Жар-Мазар бейитине жашырып, өзү жагына караштуу аскерди бүт ээрчитип алып ордодон баса берген эле. Келип элетти Нүзүптүн кегин куушка кол көтөрдү, кол баштап Нүзүптүн кылган ишин кылууга умтулду. Бирок, ордо тез арада Кожомуратты датка атыктырып, Кедейбайды Намангенге бек кылып жиберди да, элет үч аран болуп, Абилдин колунан эчтеме келбей отуруп калган.

Ичи жылыбаган пирине кулдук кылабы? Мусулманкулдун алдына Абил бир да жолу барбады. Бирок, элет ичинде Абилдин кадыры даткалардан кем болгон эмес.

– Аке, кандай кылабыз эми?.. – деди Абил ойлуу. – Не кылган менен, эмчектешибиз экен. Бизди туугансып, арка тутуп келгендир.

Алмамбет шалдырады:

– Кантип батырабыз?.. Жүргөн бир жалгыз аяк бечара болгондо... Мусулманкул болсо өзү...

– Баралычы, сүйлөшөлүчү... Кандай болуп качты экен, эмне болуп качты экен... Анан көрөрбүз эмне кылышты...

Чоң шашке ченде бир жигитке кымыз жүктөтүп, бышкан козу бөктөрүнтүп, Бекназарды ээрчитип, Алмамбетти алдына түшүрүп алып, Абил Ойнок-Таштын кайкысында болду.

Үңкүрдүн оозунан созолонуп чыгып турган көк түтүндү көрүштү.

– Бар экен...

Темине, камчылана жүрүп беришти. Тигил жактан аттарын токуп аттанышка камданып жатышкан. Мусулманкулдун жигиттери булардан көз албай карап калышты. Жакындашканда Абил озо бастыра келип, салам айтты. Мусулманкул үңкүрдүн оозуна чыгып турган экен. Ал көздөрү ичимтабырак кымырыла ууртунан аяр жымыйган Абилдин колун алып, боолгологондой тигилип тиктей берди.

Абил жөн сурашууга өтпөй туруп эле, эки жагын бир айланта карап алып, ошол замат кейиштүү үн салып:

– О, катыгүн! Үңкүргө камалып... – деп жиберди да, оң колун көкүрөгүнө ала, аста ийилип, Мусулманкулга жол койду. – Кана, бек ага... ыракым этиңиз... Өйдө чыгып отуралы...

Мусулманкулдун бешенеси жайыла түштү, Абилдин нооча, сымбаттуу боюна көздөрүн дагы бир жүгүртүп алып, анан ыраазылык билдире башын ийкегилеп, алдыга басты. Алардын артына жигиттери дүрбөдү.

Ачык дөңгө чыгышты. Абил шакылдап сүйлөдү:

– Бек ага, өзүңүз балалыкты өткөргөн жер, өзүңүз өскөн эл, барын аябайт, жок болсо жок эле деп кайгырбайт, кудай буйруган ырыскысын жеп, эндекей жүрүшөт. Биздин салынар килемибиз, жазданар куш мамыгыбыз ушул көйкөлгөн гүлдүү шибер.

– А, эми... кудайдын атаа кылганы... – деп койду Мусулманкул. Абил кол жазгады:

– Кана, отуралы, ыракым этиңиз, бек ага!

Алмамбет сөзгө аралаша албай калдайып, алар көк шиберге отура беришкенде, унчукпай келип, төөчө колжоюп тизе бүктү. Жаш жигит Бекназар кол чаначка тоонун кара көз булагынан суу апкелип, балтыркандын бутагынан кыя кесип алып кол чаначтын оозуна кошо кармап чорго кылып, андан куду кумгандан шоргологондой бүрүлдөтүп, Мусулманкулдун колуна суу куйду, алдына дасторкон жайып, таза бышкан баглан козунун этин шала-шала кылды, башын алдына тартты. Тик турган аюудай зор чаначты булкуп-булкуп буркураган жыттуу кызыл кымыздан улуулата сунуп отурду.

«...бий мырза го өзүнө жараша, сыйда... а бу балакайын көрүп ал... деп, качкын аталык тиги кең көйнөккө көкүрөгү батпай бели ничке, илбирстей ыкчам жигитке улам тымызын көз таштап отурду. Кымыз тынымсыз ичилди. Эт желди. Кеп узарды. Ошо тегеректе жүргөн чымчыктардын чири-чири үндөрүнөн көк чөптөрдүн баштарын кыбыратып ойноп турган атырлуу желдин канаты жараткан майда шоокумдарды тыңшап, унчугушпай да отурушту. Кайра сөзгө киришти. Бирок, эки жак тең сак болгонсуп, эки жагынын тең жүрөгүнө келип турган Нүзүптүн өмүрү жактан кепке гана өтүшпөдү. Булардын ысый албай турган көңүлдөрүн ого бетер тоңдуруп коё турган жалгыз окуя ошол болучу. Аны Мусулманкул да түшүнүп, Абил да түшүнүп, андан атайылап экөбү тең качкандай болуп отурушту. Башка сыр калбады. Бара-бара ортодогу куру сыпайыгерчилик азайып, ортого таштаса боло турган ичтеги пикирин ортого таштап аздап чечиле беришти.

Өмүрүндө ноюп, чөгүп көрбөгөн катуу баш адамдын үнү каргылданып чыкты. Ал кымызга анча алдыргансып калды. Көөдөнүнөн армандуу үшкүрүк чыкты.

– Абил! Бекназар! Силер мен Кокондо турганда неге бир барбадыңар? – деп кайгырып сурады. Бекназар Абилди карады, Абил Алмамбетти карады, Алмамбет оңтойсуз абалга кабылып, кере кулач зор далысын үңкүйтүп, унчукпай отурду.

– Ырас, барбадык, бек ага. Чолобуз жоктуктан да эмес, чоочугандыктан да эмес, жол жоктуктан барбадык. Биз улуубуздан оозунуп төргө өтө албайбыз...

Мусулманкул түшүндү. Башын ийкеп, Алмамбетти бир тиктеп алып көпкө ойго чөгүп отуруп:

– Туткасыз эл болбойт дедим эле... Бар экен... – деди, дагы башын өкүнүчтүү ийкегилеп койду. Ал көкүрөгүн керип, улутунуп алды да, сөзүн алыстан баштады:

– Э... Мага асылган киши көп болгон... Бир мерте, баягы кабарыңар бардыр, өзүм көтөрмөлөп Намангенге бек кылып койсом, Мырзат деген шүмшүк Эки-Суу-Арасына туугандарга келген жеримде байкатпай кол салып, Төрө-Коргон аскерин бүт баштап барып кол салып, өзүмдү байлатып алып ордого алпарса болобу. А жанагы туз ургур (Кудаяр-ханды айтып жатат) алдаса шумдарга макул деп коюптур ошондо да. Ордого алпарды. Жаркын-аим арачы түшүп куткарып калды. Бирак, кутумдар амалымды алып, өзүмдү ордого экинчи катташпа деп кыштакка айдап жиберишти. А мен дагы кудай деген кул элем. Жыл айлантпай күчтү жыйнап туруп, Коконго жүрүш кылдым. Шүмшүк Мырзатты кармап алып, Кокондун чоң дарбазасынын башына астырып таштап, ордого кайра кирдим...

Алмамбет жер тиктеп, Абил кабагынан көз албай, баары тыңшап отурушту. Мусулманкул анда-санда көкүрөгү толуп кеткен демин чыгарып, улутунуп, каны ичине тартып томсоруп отуруп сүйлөдү.

– Душмандан дайыма сак болосуң. Душмандын душмандыгы белгилүү. А туугандын душмандыгын качан токмогу чокуңа тийгенде билет экенсиң. Өткөн жылы Нармамбет мага каршы баш көтөрүп калды капилеттен. Ташкендеги аскер гана эмес, Чымкенттеги, Сайрамдагы, Түркстандагы, Оулия-Атадагы сыпайларды өзү жагына тартып алып чыкты. Мен ордонун негизги күчүн баштап, туз ургурду кошуп алып, Нармамбеттин алдын тосуп бардым. Эки кол бетме-бет келгенде, туз ургур, кечки күүгүмдө байпастатып Нармамбет жакка өтө качып кетиптир... хан деген аты бар да. Хан Нармамбетке өтүп кетиптир десе, аскердин арасы кыйла тополоң болмок. Ошондо да багыма сыйындым. Жан адамга билдирбей туруп, таң тык салары менен, Нармамбетти селдей каптап кирдим. О... мен дагы кудай деген кул экемин! Нармамбеттин колун быт-чыт кылдым. Нармамбет качты. Уурулугу кармалган мышыктай бүрүшүп, алдыма кайра отуруп калды. Ошондо жок кылсам болот эле, ошондо тактан түшүрүп, тиги Бухарада тентиреп жүргөн Мала бекти чакырып алып такка коюп, бу ант ургурду көзүн чукутуп таштап, мусапыр кылып бир мечиттин ичине отургузуп салсам колумдан келет эле... Ха, бышпаган баш!

Мусулманкул эрдин бек кымтып унчукпай калды. Баары унчукпай калышты. Бирдеме деп жубатышка эч ким сөз таппады.

Ырас, ордонун ич келишпестиги кийинки учурда күчөшү күчөгөн, себеби баягы эле, өкүмдарлык жеке бийлик көйкөйү. Буга, албетте, эрезеге жетип калдым деген хандын өзүнүн эки көзү төрт, а «аталык» болбосо да так ээсинин оң жагында болушту көксөгөн зарделүү бектер «так ээси» жакка тез оой башташкан. Же Мусулманкул «...эми эрезеге жеттиң, уулум, өзүң үчүн да, өлкөң үчүн да, өзүң жан карышта, журт алдында да, кудай алдында да өзүң жоопкер бол...» – дебейт. Ырк, баарын ыркка көндүрө турган ык, бу талаштын акыры эмне болору эч кимисинин көңүлүн өйүбөйт.

Ордонун биримдиги, өлкөнүн тынччылыгы «мен аман турсам гана болот» – деп болжогон Мусулманкул, ошо «биримдик» деп, ар сөзүнө желдет күчүн, кылычтын мизин коштотуп, ордону да, өлкөнү да былк эткен сайын сыккан темир чеңгел болуп кармаган. Сегиз жыл!

Оро-Төбө беги, Кошон беги, Ташкен беги миңбашынын бийлигине ыкрар кылыштан баш тартышты. Көп өтпөй буларга «кыпчак» деген Маргалан беги Өтөмбай кушбеги кошулду. А «так ээси» алар менен жашырын байланыш болгон.

Жакында Касым пансат баш болгон кутумдар ордого кирип, эптеп бирдемеден шылтоо кыла чатак чыгарып, карандай алкажакадан ала мушташышып, Мусулманкул жаатын ордо сарайдан сүрүп чыгышкан.

Жаңжалдын аягын дагы эртеңки ыктуу күнгө таштап, дагы кымырылып, өзүнө караштуу кыпчак кошундарын тышка алып чыгып кеткен эле Мусулманкул. Кошунун Эки-Суу-Арасына жайгаштырып коюп, өзү эскиден калган дос-тууганын иликтеп, тоо таянып келип турганы болучу.

– Вай, Өтөмбай!... Вай, Нармамбет!.. – деп баш көтөрдү Мусулманкул, өзүнчө. – Бириңе Маргаланды бийлеттим, бириңе Ташкенди бийлеттим. Күчүгүндө бактым эле буларды, жетилип ит болгондо карачапандарга кошулуп, кайра өзүмдү талады... Токто, эссиздер, токтогула!.. – Ал калчылдап, жанаша отурган Алмамбетке колдорун арбайтып сунуп, өзүн жоготуп зиркилдеди. – Токто...

Эми силерди дарбазанын башына дорбодой салаңдатып асып коюп кирем, Коконго! Токто!..

Алмамбет таңыркап боюн качыра берди. Мусулманкул кайра эсине келе түштү да, шалк этип кайра отуруп калды.

... аргымак тандап ат жыйдым – буудан болуп бербеди,

азамат тандап дос жыйдым – тууган болуп бербеди...

деп түтүнүн чыгарды, эч качан ноюбаган, эч качан мууну бошобогон катуу баш адамдын көзүнүн ичи жылтырап кызарып келип токтоду. – Э... жатын тебишпесек да, эмчек талашып эмишкен тууган элек. Ушу силердей иш билги азаматтар жанымда аз болуп, эми минтип... капканга чаптырган бутунун башын өзү кемирип жеп чыккан бөрүдөй жалтактап... – Ал үшкүрүп жиберди, кыйык көздөрү Алмамбетке кайгылуу карады. – Бу акебиз барчу эле, барган сайын «элде кандай жигиттер бар» деп сурасам, «менден башка колго алары жок али» деп койчу эле... Э-э-э, эмнеңизди айтайын, бүт журтуна жеткидей дүнүйө алып кетсин деп атайы казынага киргизсем, о эмнеңизди айтайын, бир дүкөнчирик чапанга чаап... – Ал эрдин тиштеп өкүнө башын ийкегиледи. – Э! Ошондо эле билгем, сиздин түркөй, байымсыз жаман адам экениңизди...

Алмамбет күнөөлүүдөй салбырап отурду. Эң акыркы сөз сөөгүнө өттүбү:

– Э, Мусулманкул, айтасың... ар ким керегине чабат да. Ашык дүнүйө, ашык бийлик адамдын жанына жапа, башына балекет болот деген го бабаларыбыз... – деп тунжурады. – Нүзүп эмне болду? Өзүң эмне болдуң?..

Мусулманкулдун көзү ачыла түштү. Көңүлүндөгү эң ооруп турган жерине тийди сөз. Ал эрдин бек кымтып, ичтен сыздап, оозуна сөз кирбей отуруп калды. Кайра кымыз сунулду. Мусулманкул кесени албады.

– Көп ичтик жуда... – деп койду ал. Ийин кага кичине улутунуп, жаак терилери тыржыйып, таарынгансып калды. Ал «тил билги үке жайкап коёт го» деп күттү. А тил билги Абил үкеси жайкабады. Сөз жалганбай, орто сууп кетти.

– Кимибиз кайда жүрсөк да, ал кудайдын кааловуна жараша, биз эмчектеш тууганыбыз, силерди бел тутуп келип отурам... – деп, кеп баштады Мусулманкул. – Дагы эле жаман эмесмин, дагы эле мүңкүрөп отуруп кала элекмин, бирак... эмчектештерим, чынын айтышым керек, ичкилик кыпчагым баягыдай бирдиктүү эмес, айттым го... биртке кара болуп, көмөк болуп бере алышат деп...

Салбырап үргүлөп кеткенсиген абалынан былк этпеди Алмамбет. А Абил көзгө дилгир, эмчектештин ар кыймылын баамдап, ичи өрттөнүп жатканын сезип, жадырап тиктеп отурат.

Бир убакта биртке козголуп:

– Эми... «көмөктү» эмне кыласың, Мусулманкул?..– деп, майышып сурап койду-Алмамбет. Мусулманкул атыла тиктеди:

– Ордону кайра албайбызбы, аке?!

Алмамбет:

– Э-э, болору болуптур, эми тынч жүрө бер да, Мусулманкул. Эмне кыласың элди бөөдө дүрбөтүп?! Чачыңа ак кирди – ордоң оодарылып калсын, эмне кереги бар сага?! Бийликтин эмне кереги бар сага?! Байлыктын эмне кереги бар сага?!

Мусулманкул чарт жарылып:

– Ой, аке-е! Ой, түркөйлүгүң ай! – деп, каткырып күлүп алды заар аралаш. – Киши кийикке гана кереги жок – ордо, бийлик, байлык. А жумуру башка абдан керек да, ку-уп керек да! Элдин бакиси эле киши кийик болуп, тентиреп жаңак терип жеп кете элек ко, ой аке?!

Бу эки «эмчектештин» кер-мур айтышканына астейдил кыт-кыт күлүп алды Абил, алма-телме тиктеп отурду, «...ар кимисинин ою өзүнө туура...» – деди ичинен, күлкүсүн дароо тыйынып, анан эрдин кымтып ойлонгонсуй калып, Мусулманкулга атайы жадырап тиктеп;

– Макул, бек ага, бек агабыз кайра алды дейли ордону, эмне жакшылык иш бүтөрмөкчү бек агабыз? – деди муңайым, жумшактап, чын көңүлдөн кеңешкен таризде.

Бу суроонун арты катаал бирдеме экенин тушмалдап, бирок тигинин жүзү жылуу болуп турганына арбалып, Мусулманкул кабагы үйрүлө ойлуу тартты:

– Башкарабыз...

– Ушубу «башкарганыбыз?!» «Карачапан», «ичкилик», «тоолук» кылып, бир элди үчкө бөлүп, бирине бирин көкүтүп, бек ага, бул элдин душманы гана кыла турган жамандыкты өзүбүз баштап алган жокпузбу?..

– Бу баамыңы «туура» дебеске ылажы жок, Абил бий, – деди Мусулманкул, – үч эмес, төрт аран болдук! Теги башка, бирак бизче сүйлөп алган кишилер өзүлөрүнчө тымызын жаат – өздөй ордо иштерине аралашып, хандын ичине кирип алышкан, жиңкилдеп кызмат кылган болуп, баш ийкеген болуп турганы менен көңүлү башка. Мына, төрт жакка чойгон төрт жаатты бирлешишке көндүрүп көр – макул дейт, кылбайт – тилиң тешилет, каның кургайт!

Баш ийкеп койду, ынанды Абил бий:

– Башка арга издеп көрбөппүз да, аттиң ай?!

«Кандай арга бар эле?..» деди Мусулманкул көңүлүндө, ачык сурай алган жок, тигинин өзүнөн маани күткөндөй элтейди.

Абил:

– Бек ага, – деди акырын, – балээнин баары бийлик эки бөлүштү болуп турганында го – бириң «хан», бириң «аталык». Же кайран Нүзүп агабыз да, мына сиз да «хан» көтөрөрүн көтөргөн соң эки тизгин бир чылбырын өзүнө берип коё албадыңар, же ыкыбал келип турганда «мына» деп шар кесип, өзүңөрдү «хан» деп салышка дем-кайратыңар жетпеди...

Таң калып тиктеди Мусулманкул. Ою заматта кымкуут, ушуга чейинки «бүтөрдүм» деген иши баары жокко чыккандай, куру кыялдын эле айдагында кара күүгүмдө темселеп жүрүп келгендей. «Жо-о...» дей албады, «...аттиң ай...» деген гана ээледи көңүлүн.

Абил имерип тиктеди:

– Качанкы бир «кан тукумунан» деп, кайдагы бир жүрөгүнөн оту өчкөн, эр деминен айрылып калган бирөөнү «кол бала болот» деп – мына, тапкан үзүрүңөр бу – бириң башсыз көмүлдүң, бириң кулуңа жакаңды айрытып, кадырыңды сыйрытып... минтип буйгалап... – деди, өзү да өкүнө.

Мусулманкул көз көрүнөө шалдырады, көзү сүзүлдү. Сөз, чоюшар маани түгөндүбү? Дем чыкпай отуруп калышты баары. Бир убакта ордунан ыкшалып туруп, акырын аксап, эки жакты тегерене каранып алды Мусулманкул. Жанына дагы эле көлөкөсүңдөй үйрүлгөн эмчектештерине эми жүз бага албады.

– Эми... – деди Мусулманкул башын акырын ийкеп – ийкеп. – Сөз айтылды, акыры айтыла турган сөз экен, аттиң ай! – Нары жакта кымызга талыкшып тырайып жатышкан жигиттерине бүктөй кармаган камчысын саал көтөрө «атты тарт» деген ишара кылып койду. – Эми, биз кайталы, баралы.

Логлоп жетелеп келген жигиттин колунан кара аргымактын сагагын алып, колтуктан сүйөп аттандырды Бекназар.

– Эми көрүшсөк канжыгадан көрүшөт окшойбуз, эмчектештерим, кайыр... – деди Мусулманкул.

Теминдирбей кетти кара аргымак, үйүрлүү бөрүлөрдөй, биринен бири калбай, артынан жигиттери удургуду. Улам алыстап, те ылдый карай ийриле, чубаша куюгуп бараткан атчандарды эмчектештери аңкайып кала беришти.

Колун серелеп, Алмамбет майышып күбүрөдү:

– Ай... Таарынып кетти, байкушум... Жок дегенде, Абил, көтөрмөлөп сүйлөп койбодуң...

Абил бий муздай:

– Эч жактан жардам күтпөсө өз камын өзү көрөт, өзү камдуу болот. Өчүгүшүп калышкан булар – бир кырылышмайынча тынышпайт. Бир жаңсыл болушсун. Зарыл болгон убакта биз өзүбүз барабыз...

Не дешкен менен, эмчектеши, бирге өсүп, бир туугансынып калган Алмамбет санааркап, үңкүйүп калып калды.