кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Экинчи бөлүм

VII

Баягы эле ордо. Сыртынан караганга ынтымагы бүтүн болгонсуп калган ордо. Акылдуунун оозун кароо, сакалдуунун сакалын кадырлоо, баары такыба, баары сыпаа, баары сылык. А ичи дагы эле кырды бычак, жылмайып отуруп аңдышкан, жанаша жүрүп жулук тиктешкен коркунучтуу ордо.

Көлөкөлүү кош чынар, бир жагы гүлбак.

Эки тарап болуп, байге сайылып, он беш тамандан чийин тегеретилип, чүкө ордо ойнолгону жаткан. Чийин борборуна ар бир өнөккө бештен чүкө салынып, ортосунда кызылга боёлгон «каны» жылтырап жатат. Көлөкөлүү көк майданга ар жерине килем, төрбөлжүн салынган, үстүнө шайы төшөк төшөлгөн, чүкө ордо жаккы четтерине дасторкон жайылган – дүйүм мөмө, дүйүм даам коюлган, каз моюн шише идиштерде кызгылт шербет, кырмызы мусалла турат, кымызбы же бозобу, килейген сары чаначтар ар бир дасторкондун капталында булкуюп-булкуюп жатат.

Өңкөй бек, эки тарап өнөк эки жерде топ, кимдир оюнбашыны күтүшкөндөй, даамга бири да сугулбай, кымкап чепкендери желбегей, ар биринин колунда ар түркүн боёлгон бирден томпой, өз колуна өкчөп, зыңгырашып имериле басып турушат.

Бир убакта чүкө ордого келе жаткан кишилер көрүнөт. Эң алдында жаш хан Кудаяр, жанында теңтушу Абдырахман, алардын артында сылтыган Мусулманкул, дагы бир чоочун, узун бойлуу дөө адам.

Оюнчу бектер дүргүй тосо басып калышты.

Жаш хан:

– Ас-салоому алейку-ум!

Бектер таазим кыла алик алышты:

– Ва-алейкума ас-салам, азиретти кан эгебиз...

Мусулманкул:

– Ортоңор толсу-ун, жаранлар!

– А-а, бирге болсу-ун...

– Айтканыңыз келси-ин, аталык...

Мусулманкул жаш ханды чыканагынан асте ала коштоп, салынган килемдердин эң төркүсүнө алып өтүп, саал бийиктетилген орунга отургузду да, жанындагы дөө адамды өтө урмат кылганын баарыга сездире:

– Бул адам биздин бир тууган агабыз... Алмамбет... – деди бектерге.

«А бар болсун...», «Сак-саломат болсунла-ар...» деген асте кош топ калышты. А дөө адам тынч, момурап айланта тиктеп, өзүнөн майда адамдарга жакын болгусу келгендей, көкүрөгүн ийип, үңкүйүп турат. Эки көзү кыпкызыл, көсө чалыш, ээгинде сакал-мурут дегидей эле биртке эрбейген суйдаң кылдары бар, кекиртек териси шалбыраган дөөгө оюнчу бектер асте-асте тымызын тиктеп коюшат.

Те четте эки киши төбөлөрү бириге калыша шыбырашып турушат. Бири: «Охо-о, жомоктогу чоюнкулак алп ко бу?..» Бири: «А-а, мындай айбан сүмөл тоо арасында жүда көп...» Акырын шыкылыкташып күлүшөт.

Миңбашы агасын коштоп, акырын калкамандап кыдырып басып, бектерди ага тааныштырды. Каердин беги, ким деген – баарын айтты, башында кере карыш кундуз бөрк, ак-саргылт камзол кийген, чылк күмүштөн кемер курчанган, сары булгаары каңтарма өтүкчөн, жакасы өңүрүнө дейре саймалуу кызыл макмал чепкени желбегей, ар кандай кишини башынан ашыра тиктеп көнгөнсүгөн өтө дымактуу көрүнгөн Алымбектин сөөлөтү гана Алмамбеттин эсинде калгансыды.

– А калганы... бектердин жигит-желеңи, чүкө атканга абдан машыккан оюнчулар... – деп койду Мусулманкул.

Бир чымчымдан нан ооз тийилип, пияланын жарымынан төмөн куюлган сары чайдан ууртташкан болушкан соң чыдамы түгөнүп турушкан оюнчулардан узун бойлуу кара жигит сыңар тизелей:

– Кана, энди, хан ата, – деди, – бата берип коюң оюнга...

Чүрүшкөн кабагы жазылган Мусулманкул:

– Кана, аке, – деди Алмамбетке, алакан жая, – оюнга бата берип коёлу, бектер сийгелектеп кылчылдап турушат!

Баары дуулдаша бата кылышты:

– О-омийин, оюн олжолуу болсун, аллау акибар!

Бул оюн те байыртан калган оюн, убагында Каракан, Огузкан ойногон деген көөнө оюн. Эки тарап болуп ойнолот, кайсы тарабы чоң тегерек чийинден чүкөнү көп чыгарып алып кетсе, үч кайталанып, ошол тарабы уткан болуп эсептелет, коюлган байге ошолорго берилет.

Бул оюн бир убактарда эл жакшыларынын башын кошуп, ынтымакка өбөлгө, а бир убактарда жака айрышкан мушташка, кан төгүлгөн чабыштарга шылтоо да болуп келген.

Бир жагынын өнөк башысы – жаш хан, дымактуу Алымбек, бир жагынын өнөк башысы – миңбашынын эрке уулу Абдырахман, жанагы оюнга бата сураган узун бойлуу кара баатыр Касым пансат экен.

Оюнду биринчи «хан өнөгү» баштайт. Пансат чийинди туура басып, өңкөйүп көпкө өңүп тиктеп, бир убакта томпой атып, чүкөлөр жайыла түшүп, бирок бир да чүкө чийинден чыкпай калды, чүкө чыкса оюнчу оюнун уланта бермек.

Оюн «бек өнөгүнө» Өттү. Алымбек манчыркап:

– Ва-а, – деп, чийинди тегерене акмалап басты, – мына эми биз тооруп көрөбүз. Эми биз... – Сол колун белине кайрып, оң бутун чийин басып турган сол бутунун согончок жагына имерип, оюн эрежеси ушундай, чийинге жакын жаткан чүкөнү имерип тооруду, чүкө кылт эте чийинден тышка чыгып кетет да, кызыл томпой чимирилип барып жайылган чүкөлөрдүн бир четине жатып калды, бек аны сайын манчыркап, тамшанып: – Мына эми биз... – деп, жүйүртө сыңар тизелей, өтө кылдат, томпоюн оң колдоп алып, чүкөлөрдү бир четинен чыкылдатып чертип чыгара баштады.

Көзү сүзүлө күлүңдөгөн Нияз кушбеги:

– Жакшы, жакшы... Куп чертет экенсиз, бек. Бизге йам бирдеме калабы?!

Алымбек орун которуп, кайра сыңар тизелей баштай, кушбегини карабай:

– Өтө эле учка чыккандан эмеспиз... – деп, бир чүкөнү аны карай чертип жиберет, чүкө кушбегинин өтүгүнө барып тийет, – бирак, мелдешип калган соң, кушбеги... кантебиз, аракет кылып көрөбүз да... – Черте берет.

Бул өнөктүн оюнчулары чыккан чүкөлөрдү терип жүрүшөт, тиги өнөктүн оюнчулары сустайыша унчукпай карап турушат.

Мусулманкул «акеси» экөвү бир дасторкондо даам сызып, оюнду карап отурушкан.

– О-о, бу Ош беги эч кимге оюн бербей турган го бүгүн?!

Акырын башын ийкеп койду Алмамбет.

Каз моюн идиштин өзүнөбү, же ичиндеги суусунгабы, иши кылып, «акесинин» көзү ага улам имерилип турганын Мусулманкул байкап калды да:

– Мусалла... – деди акырын.

Алмамбет:

– Аның эмне?

Мусулманкул күлө:

– Бу баягы эле Күрпүлдөк-Сайдын жабайы жүзүмүнөн тепкен шараптын эле өзү, бирак кичине сүт тамгызып, иреңи менен атын өзгөртүп коюшкан. Буга шарият жол берген дешет. Көрөсүзбү?.. – деди.

– А... ошондой эле болсо... – деп, күңк-мыңк этип койду Алмамбет.

Каз моюнга көз шилтеп:

– Куй... – деди Мусулманкул карысына ак чачык сала жүгүрүп кызмат кылып жүргөн чайчыга. Чайчы чай пиялага жарым кылып куюп, мейманга сунуп калды эле:

– Эй, муну сен өзүң ич, – деди Мусулманкул, – куй чоңуна!

Чайчы анар салынып турган чоң сыр кесени чайкап, кылтылдаган кызыл мусалладан боор көпмө кылып куюп, мейманга кайра сунду. Сыр кесени кош колдоп алып, саал бүксүгөн жыты уруп, бир кур ыргылжың болгонсуп токтолуп, анан баш көтөрбөй түбүнө дейре тартып салды Алмамбет:

– Даамы жок ко?..

– А, биердегилер ушуга деле кылжыңдап калышат, – деп койду Мусулманкул.

Мойнун созуп, оюнга кайра көз сала баштады Алмамбет.

Эң акыры черткен чүкөсү чийинден чыкпай калып, Алымбек ордунан туруп, өзүнө өзү ыраазы, манчыркаганы манчыркаган, өнөктөштөрүнүн дуу-дуу сүрөгөн үндөрү коштоп, чийинден тышка басты.

Оюн кезеги тиги өнөккө өттү. Нияз кушбеги атышка ыктуу чүкө пайлап, чийин бойлоп басканда жаш хан анын колунан томпоюн алып койду. Кушбеги сүйүнүп кеткендей бажырая жылмайып:

– А... а... өзүңүз... өзүңүз... – деп башын ийкегилеп, боюн артка тарта берди.

Бу «элеттен келген дөөгө» жакпай калды. «Жашы улуу адамды мустарап кылып койду э?!» деди ою. Жаш хан чийинди бутунун үзөнгүлүгүн чийинге таамай койбой эле, ичкери чүкөгө чукулдап, сол колун артына кайрыбай эле, сол бутун тогонок кыла-кылбай эле тоорумакчы боло баштады. Бирөө чеки дебейт! Тыякта элет адамы мойнун созуп, кабагы бүркөлүп, көзүн ымдалап тиктеп калды. Жаш хан тооруган чүкөсү чыкпай калып, кайра дагы бирин жанагыча «тооруй» баштады. Оюн да ушундай болмокпу?! Эми чыдабай элеттин адилет көңүл пендеси жулунган арстандай обдулуп тура жөнөдү.

«Кана, тооруң!», «Кана, чыр-р эткириң!» дешип, кошоматчылары кыйкырык салып жатышкан убакта:

– Э-эй... Токто... – деп күркүрөп барып, барганынча жаш ханды шыйрагынан сыга кармай силке тартып, чийинди бастырып койду. – Мына мындай басып тооруйт! Оюндун эрежесин билбеген оюнга кошулбайт, а бузган чоңдукка жатпайт, жиеним!

Жаш Кудаяр-хан кыпкызыл болуп кетти. Карап тургандар бири кыйды күлүмсүрөп, бири өзү жаакка жегендей нес болуп – баары турган ордунда селейди. Ыза боло түшкөн хан томпойду силке таштап басып кетти. Мусулманкул алдынан чыгып:

– Тагаңыз да... – деп жубатты. – Булардын көңүлүндө асти кара зил болбойт, туура кебин аар-жүзгө карабай бетке айтып коё беришет. Кечиримдүү, кечиримдүү... Улана берсин оюн.

Жаш хан мөлтүрөгөн кирпигин араң эле ирмеп гана тим болду. «Ыя?! Сен чоңсуңбу?! Хан деген башкага да, өзүнө да калыс болушу ылазым! Сен эмне, кайдагы бир сасык байдын таркылдаган оосурак баласысыңбы?! Ыя, деги айтканды кулагыңа илесиңби, же...» деп, кечинде аталыктын кейий турганын, акыры аягында «...же...» деп коркутарын көз алдына келтирип, аны ой басып калды. Күбүр-шыбыр.

Көз көрүнөө ара сууп, оюн кызыгы пастай калды. «Өй, көрбөй, укпай жүрдүк беле мындайды?! Кана, ойнойлубу, мелдеш бар ортодо, чоң байге коюлган?!» деди бирөө. Кайра кирип кетишти оюнга.

Миңбашы өзүнчө эле мулуңдап, тууганын калдайтып жанына жанаша бастырып, те гүлбакка карай ыктады. Бир аз ээндей түшө Мусулманкул башын ийкеп, башын чайкап:

– Ой, акем ай... – деп күлдү, – барып эле шыйрактан алып... Ыя, «хан эле» деп да ойлобойсуз, а?!

Алмамбет:

– И?!.. Чекиби?!

Мусулманкул:

– Башка бирөө болгондо «чеки» дешип отурмак бекенбиз?! «Ханга колу тийген» турган жеринде мууздалат болучу, о кокуй!

– Жо-о, – деди Алмамбет, – оюн деген баарыга тең!

Мусулманкул:

– Не болсо да, аке, менин аброюмду асманга көтөрүп эле салдыңыз!

Алмамбет ормойду:

– Качан?

– А жанагы «хан баланы» мына минтип шыйрактап! – деп, колун кудум Алмамбеттин өзүндөй кыла ызырына сермей корсөттү Мусулманкул. – Кеп балада эмес эле, кеп баланын артына далдаланып, мени менен эрез талашкысы келе баштаган кишилер бар эле ошерде. Куп жакшы болду да ошолордун көзүнчө! Мына ошолорду шыйрактагандай эле болду – сел-лейип, сел-лейип калышпадыбы?!

А Алмамбет өзүнчө корстон;

– Мен анысын кайдан билдим?! – деди күрөктөй кең алаканын шилтеп, – Бала кырам тооруп атпайбы, оюн жыдыйт да, ошон үчүн...

«А кокуй ай, – деди Мусулманкул өзүнчө, анын көңүлүндөгүгө акесинин анча маани койбогонуна ыразы болбой, – чайнап берсең аш кылбайт...» Кабагы кайра үйрүлдү, дагы ой басты аны:

– Бала чүкө ордону жыды кылса кылар, а хан ордону жыды кылдыра койбоспуз! Эси анча эмес, ээрчиме, кошоматка бат жыгылат. Ушу жакындан бери анын кыял-жоругунан башка бирөөлөр байкалып калды. «Өзү бу болсо, тоодогу акеси ушу болсо, ханды көз көрүнөө шыйрактап отурса, бизди оңдурабы бу?!» дешип калышты... – деди.

Сөз төркүнүнө баамы жетпей, кепти чоюп тең сүйлөшүп кетишке жарабай, үкесинин ниетинде турган «а-а, көрсөтөбүз дагы шыйрактаганды» деген оюна эч баамы жетпей, көзүн ымдагылап маңыроо, чын эле «чайнап берсе аш кыла албай» отурду.

Те илгертен жалпы кыргыз кыпчак элинде миң тукуму, алардын ичиндеги Алтынбешиктин балдары тоолук уруулар менен кыз алышып тамыр-сөөк болуп келишсе, теги бир ичкилик кыпчак бектери кыз алышуудан башка да, же сүт эмип, же сүт берип туугандашкан. Мунун баары замананын талабы, кандайдыр биримдик түзүш үчүн, тирек табыш үчүн арга болгон. Күндөрдүн биринде ичкилик бектери ушул Мусулманкулду бешиги менен атка өңөрүп келишип, Алмамбетке эмчектеш кылышат. Ошол бойдон Мусулманкул элетте чоңоюп, туугандарына кийин эрезеге жеткенден кийин кетиптир. Ошентип ал тоолуктун сүтүн эмген, тутунган баласы болуп эсептелинип калган экен. Баягы сүт кадырын сыйлап, тууган деген сөз тартып, булардын алакасы али үзүлө элек болучу. Бу сапар да Мусулманкул кадимкисиндей кучак жайып тосту. Чоңмун деп боюн көтөргөн жок. Ордо кадырмандарынын башына отургузду. Элдин көзүнчө акебиз деп ийилип, жумшак сүйлөшүп, зыяпат көрсөттү. Элеттин баёо адамы кантип кубанбай коё алат буга?

Мусулманкул ордону катуу кармаган. Аскер ишин күч алдырып, көбүнчө өзүнүн негизги тиреги болгон кыпчак жаатынан курады. Коконго, Маргаланга, Намангенге, Ташкенге кыпчак бөлүктөрүн кармады. Анжиянга Алымбек датканы, Намангенге Кедейбай датканы калтырып, вилаеттерге жалаң кыпчактардан койду. Жакында Кудаярга өзүнүн кызын алып берип, чындап ата болуп алды да, кимди да болсо кыңк эттирбей, бийлигин дагы бекемдеди. Бирок Кудаяр жеңил, анын үстүнө катын жандуу неме болду. Мунусу миңбашынын бийлигине салакасы жок. Бирок Кудаярда Мусулманкул үчүн бир коркунучтуу сапат бар, ал ээрчиме. Миңбашынын катуулугун, хан аты эле болбосо өзүнүн эрксиздигин эсине салып, азгырган кишиге ээрчип ар кандай жолго оңой түшө бере тургандай. Ошондуктан Мусулманкул аны темир чеңгелдей тутуп жүрөт. Кишинин көзүнчө эркелеткенсип, урмат кылгансып коюп, жалгыз отурганда катуу жемеге алат. Дос таап кетет деп колуна бир мири алтын теңге карматпайт. Чоочун бирөө менен, шектүүлөр менен сүйлөштүрбөйт, мамлекеттин тагдырына тиешелүү болгон иштерге катыштырбайт. Кийинки учурда кутумдар акырындап Кудаярдын далдасында чогула баштады. Азырынча коркунучу болбогон соң Мусулманкул аларды эсебин алып тим койду. Кас деген кастыгын акыры кылбай коёбу? Неткен менен, Мусулманкулдун жүрөгүнө кооп түшүп калган.

Бир аздан соң:

– Аке, элде кандай жигиттер бар? Бир бычакка сап болору чыга турганбы? – деп сурады Мусулманкул. Алмамбет ойлонбой туруп эле жооп кайтарды;

– Жок... Өткөн жазда, баягы өзүң көргөн Күрпүлдөк-Сайдын башындагы менин балбан ташымды көтөрөм деп бир бала барыптыр дейт... – Ал башындагы калдайган тебетейин колуна алып, таза кырдырган чоң башын сыйпалап койду, анын ушул кыймылынан мактаныч көрүнө түштү. – Көтөрүп ыргытмак тургай, ордунан козгой албаптыр! Км...

Мусулманкул бир ууртун тарта күлгөн болуп койду. «Атаны, таш көтөргөнүн эрдик көргөн түркөйүм ай..!» деди ичтен кынжыла.

– Аке, – деди бир убакта Мусулманкул, – мен аскерликке кызыккан кайраттуу жигиттер барбы деп сурап жатам?

Көзүн ымдалап шалкы жооп берди Алмамбет:

– Чыгат ко, көп эле чыгат ко... Билбейм, кымыз көп, эт көп, ушундай чакта ким сороңдоп ат чаап жүрөр экен...

Имериле басышты. Мусулманкул түнөрүп:

– Ушун этип, – деди, – кылычыңарды дат бастырып, этке тоюп ныксырап жаткан кезиңерде бороон кууган бир үзүм булут тай бир жактан кырктай атчан шап деп келип, эми жейли деген табагыңардагы кул жебесиңерди, сабадагы күүлдөгөн кымызыңарды тартып алып койсо, анда кантесиңер?

– Йе-е... Ким?! – Пилдей көзү чекирейди Алмамбеттин. – Кан турганда, сендей кан атасы барында... кайдан келет кырк атчан бизге?!

– Ошо ханыңыз өзү чаптырсачы?

Сөз таппай калды Алмамбет:

– Өз элин өзү чабабы?.. – деди бир убакта.

Кырт-кырт күлүп койду Мусулманкул.

Жаркын айымдын үйү, жасалгалуу кең бөлмө. Жаркын айым али каралуу, жанында Ош бегинин «эрке токол» катыны Курманжан. Жай, акырын сөз жөнөтүшүп отурушат. Ортодо дасторкон.

Жаркын айым муңдуу:

– Мүйүздүү болобуз деп кулагынан ажыраган биз болдук. «Кан» болуп, минтип каныбыз төгүлүп отурабыз. Биздин көргөн күнүбүз ушу, бек айым...

Курманжан:

– Көп кейий бербең эми, жарыктык. «Төгүлгөн кайра толбойт, кеткен кайра келбейт» дешет экен го. Мындан наркысын оң кылсын, кеткендин кемелтесин өзү толтурсун кудай, өзү даргөйүңдө сактасын эми...

Жаркын айым:

– Бу ченелүү өмүр тынч өтсүн деген адамга «кандык», «чоңдук» дегендин такыр кереги жок экен.

Бу мааниге зарделүү Курманжандын көңүлү ынанган жок. «Коңулда жатып, тынч өлгөндүн касиети, куну эмне?!» деди ою.

Жаркын айым:

– Жаңы аттанганда абдан сүйүнгөн элек, жалаң эле жыргал болот ко деп болжогон элек...

Курманжан:

– Буга да шүгүр деңиз, канике, жаш да болсо баш болуп отурат бир уулуңуз!

Жаркын айым мүңкүрөйт:

– Э-э, эми... шүгүр дебеске чарабыз да жок...

Курманжан:

– Эрезеге жетсе, эсине толсо... эки тизгин бир чылбырын өз колуна беришер...

Жаркын айым акырын улутунуп, бек айымын ийнинен өзүнө тарта кулагына шыбырады:

– Кудай билет, сиңдим, кудай билет. Дагы кан төгүлмөйүнчө бир жаңсыл боло койбойт ко деп корком... – Үшкүрөт. – Кулагыңа түйүп кой, кагылайын, биз жактан кабардар боло жүргүлө, бекке айт...

Эки айым көздөрүн сүзө, былк этпей, кобыз күвүнүн сыйкырына арбалып, дем тарта албай калышкан таризде. Кобыз тарткан керилген бир көркөм кыз, те бир көөнө заманда ааламдан жер үйүк, адамдан жараткан менен өрүлүшкөн улук рух издеген, анын тереңине, туу чокусуна жетмекти көксөп өткөн Каркыт атадан калган керемет күүнү сызылтып отурат.

Бири өрүк комузун, бири узун моюн дүтарин көкүрөктөрүнө кармашып, жанында дагы эки кыз бар.

Күү муң – бул дүйнөнүн көйүн, түйшүгүн, тилеги менен арманын, кейиши менен кубанычын, ыры менен ыйын бир коштоп, күү ыргагы түркүндөн түркүн кубулжуйт.

Канике айым унчукпай, көз жашы төгүлүп отурат. Улагада дубалга сүйөнүп турган бейсакал, арман анын да көңүлүн козгогон, каникесин улам тиктеп, кемшиңдеп, кайгысына аралашып, өзүнчө үнсүз ыйлап турат.

Күү этеги өксөгөндөй, коңур тарта, онтогондой, асыр өмүр арты бир боз туңгуюкка сөнгөндөй. «О, опасыз дүйнө ай... эң акыры түпсүз чексиз муң дайра болуп агып өтмөкпү...» дегендей.

Эми үкүлүү кундуз тебетей кийген кыз өрүк комузун күүлөп, кобыз муңуна кошо аккан эки айымдын көңүлүн алаксытып, шаңдуу комуз күүсүн баштады. Күү токтоо ачылып, улам күч алып, мукамга мукам жалгашып, улам жаңырып, улам көтөрүңкү дүңгүр кагып, дөөлөткө мас Бек Арстан менен дымактуу сулуу Ак Мактым кыздын эрк салыштырган эрегишин баян этти.

Курманжан көзү жайнап:

– А түзүк, – деп мактап койду, – те бир... өткөн заман келет көз алдыңа... Өктөм буудан жоргонун жүрүшү, үстүндөгү дүйнөгө карк болгон, дөөлөткө мас, алдын тоскон балээни тоотпой манчыркаган адамдын зардеси сезилет..

Эми дүтарчы кыз дүтар менен коштоп, алыска кеткен сүйгөн кишисин күткөн, күтө-күтө зарыккан келиндин сагыныч ырын ырдады.

Жаркын айым үшкүрүп гана койду, Курманжан:

– Караң, – деди көңүлү эргий, – байкуш аял затынын көңүлү не деген айтып түгөткүс керемет?! Чанда эркек билсе билер, билбесе жок, кызылды көрсө кылтылдап жүрө бермей көрүнгөн жерде, аттиң ай!..

Чүкө ордо оюну бүткөн. Үч кайталанып туй тигилип ойнолуп, үчөвүндө тең туйга жетпей калышып, жаш хан баш болгон өнөк утулган. Миңбашынын эрке уулу Абдырахман баш болгон өнөк Ош бегинин чертмечили менен уткан.

Байге сайган миңбашы эң оболу оюнчулардын ичинде нааразылык бары-жогун сурап, эч бирөө нааразы эмес экенин угуп, көңүлүн жайлап алган соң коюлган байгени бергизди. Байге башы миң дилде! Уткан өнөк он оюнчуга жүздөн бөлүп, колмо-кол таратып чыкты казынабашы. Ар бирине бирден токулуу жорго, камчылары ээрлеринин кашына илинип коюлганы, миракырдын колунан алышары айтылды. Уткан – утулганына каралбай жамы оюнчуларга бир жумалык үлпөт – күнүгө согум, күнүгө ыр-күү, күнүгө ар түркүн оюн! Бу дагы миңбашынын өз оозунан жария болунду. «Куп жакшы! – дешти баары. – Жорго го жолдон кезикмек, үлпөт кайдан табылмак?!» Балбан күрөштөн башталды оюн.

Чүкө ордо салынган как жер. Бир бетте жаш хан – бир жагында теңтушу бекзаада Абдырахман, бир жагында дагы бир жаш өспүрүм, өзү курак. Бир бетте миңбашы – бир жагында алп сөөлөт Алмамбет, бир жагында бек Алымбек.

Чүкө ордо ойногон бектер, аскер адамдары, кадырман ордо кишилери, аянт айланасына салынган килемдерде өз тобу, өз ымалалары менен.

«Кимдин балбаны мурун чыгар экен...» дешип, бир тобун бир тобу акмалашып, ала келген балбандарына чоң чепкен жамынтып, дымын чыгарбай отурушат.

Күрөш миңбашынын каалоосу боюнча «сүрмө» кылынды. Бу эки жактан балбан чыгарып жаатташып отурмай жок деген кеп. Кай тараптан болсо да балбан чыга бермей, жыгылса туруп кетмей, жыкса байге алмай, кайра күрөшүп, дагы жыкса дагы күрөшүп, сүрө бермей.

Бир убакта эки киши эки жагынан коштоп, жайма-жай каалгый басып балбан чыкты. Дүр-р этише карап калышты отурган көпчүлүк. Башына шайы белбак таңынтып, үстүнө көйкөлгөн карала кымкап чепкен жаап коюшкан. «Кана, өлөм дегениң бери чык!» дегендей айлананы акырын сыдыра каранып, кашы чимирилип, эки көзү канталаган, кектүүдөй, адамды аяр түрү көрүнбөйт.

Күрөш башы:

– Кана, ким чыгат?! Барбы эне тууган бир азамат?!

Эл дым.

Четте турушкан эки адам төбөлөрү бириге кала күбүрөшөт. Бири: «О-о... Ким даап чыгат буга?..»

Бири: «Бу ордонун баккан балбаны Таш-Палбан...»

Байге берилери айтыла баштаганда тыяктан бирөө тура калды да, чепкенин ийнинен силкип таштап, ортого жүгүрүп чыкты. Дуу-дуу түйшөлдү көпчүлүк.

Таш-Палбан тешиле тиктеп, эрини ачуулуу кымтыла карала кымкабын силкип таштап жулуна басты. Тиги да тайманбай тике келди.

– Ай... ай... палбандар, чарпышып кетпегиле, тыякта өкүмдарлар отурушат, ыйбаа кылгыла... – деп, күңкүлдөп, коюн-колтук алыштырды. – Омийин, аллау акибар!

Кийинки чыккан палбан бир-эки силкишкен соң аярланып боюн качырып калды. А багылган палбан кудум букача дүпүрөтө сүрүп, майыштырып, бир убакта тегеретип-тегеретип, ыргытып таштады. «Алгыла!» дегендей эки колун бир көтөрүп, өрөпкүп, нары-бери айланып басты.

Кай бирөө мустарап, кай бирөө палбан чыгаргандан чоочуп, кай бирөөлөр «Жашаң, Таш-Палбан!», «Аз-замат Таш-Палбан!» дешип, кыйкырык салып турушат. Мусулманкул кабагы жазылып, башын ийкеп отурат. Алмамбет көз албайт.

Күрөш башы палбанга карала кымкабын кайра жаап, аны карыдан сүйөй коштоп басып, колунда мис табак, элди кыдырата баштады – бу байгеден башка кошумча чогултуу салты. Мис табакты кыңгыр-кыңгыр эткизе алтын, күмүш теңге түшө баштады.

Ошол учурда көпчүлүктүн арасынан дагы бир палбан чыга келди. Таш-Палбан бир ормоё карап, ошол замат карала кымкабын дагы силкип таштап, алдын торой жөнөдү. Күрөш башы белдештиришке үлгүрбөй, тебелендиде калбас үчүн өзү ортодон чыга качты. Жаңы палбан бошоң эместей, эки жактан жер челишип, марашып, бирин бири тооруй тегерене басышып, бир убакта тикелеше бири бирин силкип ыргытып, экөбү эки жакка жумаланып, тең тура калышты кайра.

Дуу-дуу, сүрөөн:

– А-а, күрөш деген болмой болду мына!

– Йа-а, жигит пири Шаймерден!

– Карма-а, Таш-Палбан!

Сүрөөн эрдемситип, Таш-Палбан качыра кармап, белбактан ала так көтөрүп, кудум буурача бакырган бойдон бир-нече жолу тегеретип, анан башынан ашыра алдын карай уруп жиберди, а тиги мышыктай бутунан түшө жыгылып барып оңолуп, кайра тажаалдана качырып келди да, килейген Таш-Палбанды белбактан ала өзү боюн качыра тегеретип ыргытып салды. Таш-Палбан аласалып, сыңар тизелей жер таянып, боюн токтотуп калды.

Демигип, көзүнөн заары чачырап, акырын өйдө болуп келди Таш-Палбан. Бу баланы оңой ала албайт окшойт ко?! Тике качырды тиги, Таш-Палбан боюн ала качып, буйтап, тиги эрдемсий өмгөктөп келгенде шап моюндап, тизелей бүт салмагын салып ныгырып басты, а тиги улам көтөрүп турат кайра.

Үн жок, баары тымтырс.

Таш-Палбан эч коё бербей, улам силкип муунта берди. Тиги бошонууга аракет кылат. Бошонтсо эле ага экинчи мындай ык келбесин билген Таш-Палбан карышып калган.

– Бу... бу күрөш эмес... – деди күбүрөй Алмамбет.

Диркиреп кан кетти мурдунан.

– Бу... буунтуп өлтүрүш... – деди Алмамбет иреңи түктөйүп.

Күрөш башы ажыратмак болдубу, жетип барды, бирок чоңдор тараптан «Жөн кой! Кармашсын...» деген үн угуп, жалт бере чыга качты.

Мурдунан кан кеткен балбан улам бошоң, а Таш-Палбан койду баскан карышкырдай кыжынып, тиштенип, улам силкип, улам булкуп тизелетип сүйрөйт. Эси оодубу, жан кеттиби, балбан сүйрөлүп калган ченде тажаал Таш-Палбан сулатып таштап, басып кетти. Эки колун көккө көтөрө өрөпкүп, эки көзүнүн агы чыга чакчаңдап, дагы кирген буурача бакырып-бакырып алды.

Коштогон кыйкырык жок, аңы учкандай, кимдир бирөөлөр күбүрөшүп калышты:

– О-о...

– Жан алгыч ко бу?!

– А бирак... өзү ар-раң калды моюндап...

Күрөш башы Таш-Палбанга карала кымкабын кайра жаап, мис табагын кайра тегеретмекчи болуп калды. Ошол учурда Таш-Палбанга:

– Эй! – деп үн берип, обдула калды Алмамбет. – Эй, бери!

Мусулманкул кыя карап, акесинин мыжыга кармаган эки тизеси калчылдап турганын сезди.

Ие, ага мынча орой сүйлөгөн ким?! Таш-Палбан бери карай атырыла басты, эрке талтаң болуп алган неме, миңбашыны да көзүнө илбей эки этегин далбактатып келип:

– И?! – деп зекиди миңбашынын акесин. – Эмне?! Күрөшкүң барбы, чык! Чал..

Алмамбет:

– Ме! – деп күрөктөй колун ага суна берди. – Күрөшкөндү эмне кылат экенсиң сен?! Ме! Тартып тургузуп эле кетсең – сеники мөөрөй!

Шап кармады Таш-Палбан, күчүркөнө бир силкти – былк этпейт «чал», көчүгү кыймылдабайт.

– И-и?! Ата көйү!.. – деди Алмамбет кыжырлана күлө. – И-и, арманың калбасын, силкип ал! – Тиги эми «чалдын» кычкачтай кармаган колунан колун чыгарып кетишке аракет кыла баштаганда: – И-и, болдубу?! Силкип бүттүңбү, күсталак?! – деп кекетип, жини кычап, күчүркөнө көчүгүн бир көтөрө кала бир силкип, эңгезердей балбандын башы алдына кире түшкөндө желкесине капшыра кармап, эки жолу жер сүздүрүп, чекесин канжалатып салды. – Палбан тубайсыңбы а?! Баатый тубайсыңбы а?!

Коё берди. Таш-Палбан тытылган чекенин канын аарчышка шайы жок, «чал» кармаган колунун бууну билегинен ажырап кеткенби, ооруксунуп, бети-көзү тырышып, бир жаман сөз айтчудай тоорулуп калды.

– Бар эми ушунчаңда, баатый, – деп койду Алмамбет, жарпы жазыла, шылдың кыла, а эки көзүнөн эски өртү жанып алган, тигинин дагы бир кайрат кыла кол кайрышын самап турат.

– Эми өлөсүң... – деди акырын зекий Мусулманкул өзү ордодо бактырган палбанына. – Жогол...

Билек бууну ажырап кеткен колун көкүрөгүнө басып, артын каранбай кектүү кетти Таш-Палбан.

Кана, ким кимисин мактайт?! Балбанды муунтуп сулаткандыбы, же аны жер сүздүрүп таштаган дөө «чалдыбы»?! Көрүп турган көпчүлүк дым – көбүнүн көзү чакчайып, көбүнүн оозу ачылып, а кай бири тымызын ичтен кубанган окшоп, тиштери эле кашкайып – баары кашкайып – баары тик туруп калышкан.

Те баягы четтеги экөвү дагы төбөлөрү бириге акырын күбүрөшүп турушат. Бири оозунан ашык сөз чыгара албай, «...аа...» деп, кылтыя суроо менен тиктейт. Бири башын ийкейт: «А-а, энди... палванлары йам өзүнүкү, «акаси» йам өзүнүкү...»

Унчукпай ордунан турду да, «акесин» дагы калдайтып катар бастырып, эл көзүнөн чыгарып кетти Мусулманкул. Тигиндейрек көпчүлүктөн бөлүнгөндө:

– Бу... – деп, токтоло калды, – аке... неге мынча жаалданып кеттиңиз, жарыктык?..

– Күрөш дейсиңерби. ушуну?! – деп жиберди Алмамбет. – Муунтуп өлтүрмөй го бу?! – Кейий сүйлөдү. – Жыгылганын колунан тартып тургузмай бар – күрөштүн салты. А бу ынды караң күрөшүп жыкпай, муунтуп жыгып өлтүрүп, андан – калса, күсталак, жаны жок жатып калган неменин башынан аттап кетти го?! Көпкөн...

Башын ийкеди Мусулманкул:

– Өлсө ажалы жеткен бир киши өлөр, жакшы окуя болбой калды, бирак.

Кан казына.

Жаш хан Кудаяр, саал алдыда, бир жагында «кан атасы» Мусулманкул, бир жагында тагасы Алмамбет.

Аккүп жөжөдөй бүжүрөп карыган казынабашы майда-майда кадам менен бөжөңдөп тез-тез басып, түркүн дүнүйөнү көрсөтүп, кээде гана кыска-кыска түшүнүк кылып, кыдыртып жүрөт.

Дайыма катылып жатчу дүр-дүнүйө ал күнү атайын азиз мейманга көрсөтүлүш үчүн темир сандыктардын оозу кең ачылып, жайылып коюлган экен.

Казынабашы:

– Мына булар көпкө белгилүү дүнүйө – уюткан жамбы, куюлган тайтуяк... А бу ак бермет... бу көк бермет... адам колунан жаралбайт, те алыскы Индстандын көк мухитинин түбүнөн табылат бир табылса... А булар шуру.. ак булуттарды жиреп учуп жүргөн аккуулардын жемсөвүнөн гана алынар... Мына булар каухар... жарыктык таш бүткөндүн шам чырагы...

Мына, азгырык дүнүйө деген ушул белем, хандын да, бектин да эки көзү төрт, жылдыз болуп күлүңдөп, көгүлтүр шам болуп үлбүрөп, кээде чакмак таштын кыпын отундай жылт-жулт күйгөн дүнүйөгө байланган.

Эң башы буларды да бир бечара иштерман канынан кырып, теринен буулап тапкандыр, меники деп, ач көздүктөн көздөрүн чакырайтып эртели-кеч тиктеп да отурган чыгар. Эми ал миң жылдар өтсө былк этпей, сөөгү сөпөт болуп, жер алдында жаткан чыгар. Бапасыз дүнүйө... Бүгүн бирөө ээлик кылса, эртең кожоюну башка... адамдардын теринен кайталанып, табылып, канына сугарылып, кызгылт түс алган дүнүйө... Эрлердин башын, хандардын тагын жеп, жерди топон кылып тепсеп келген... кан жыттанган, ар бир жылт этишинен жесирдин ыйы, муңу угулуп турган дүнүйө.

Кудаяр-хан кызыл манаттан жеңдери көлбөөрүгөн узун, жалаң чапан кийип, чымкый көктөн чалма чалынып, акырын басып дем тартпай анын да көзү алтында. Мусулманкул көлөкөдөй түнөрүп анын оң кол жагында, сол жагында Алмамбет барат. Казынабашы кирпиктерине чейин агарып, ак күп жөжөдөй бүжүрөп карыган адам, ал жалтыраган кашка башын бир жагына кыңыр алып, колундагы шамын жогору көтөрө берип дүнүйөнүн тарыхын, кайсынысы жортуулдан түшкөнүн, кайсы жылкы элден жыйган зекеттен чогултканын же кайсы бектен тартуу болуп келгенин бежиреп сүйлөп келет. Алмамбет аңкайып, тегерене каранып, тиги казынабашынын сөзүн эңкейе калып, берилип тыңшайт, таңыркайт, баш ийкегилейт.

Жаш хан бая күнү шыйрактан алган «тагасын» эч тиктебейт, сырт салып, жүз үйрүп терс айланып басып жүрөт. А алп сөөлөт чал аны боло берчү майда бирдеме сыяктуу эсинен чыгарып койгондой, көңүлү жай, «хан жиенинин» сырт салганын деле байкабайт.

– Аке, – деди Мусулманкул акырын, – «тагам казынабыздан куру чыкпасын» дейт хан жиениңиз.

Кудаяр-хан жалт карай берди, көзүндө «мен качан айттым эле?» деген таңыркоо. «Тек бол...» дегенди туйдура кабак чытып койду «хан атасы». Тим болуп калды Кудаяр-хан.

– А-а... Мейли... – деп койду камырабай «тагасы».

Казынабашы гана камтама, алп сөөлөт чал улам бир асыл дүйнөнүн жанына келгенде аны асте тиктеп, башка жакка алаксытышка аракет кылып жүрдү.

Казынабашы:

– А бу ат жабдыктар... чылк күмүш, тилла чабылган... зергердин өнөрү өзүнчө бир баа... Бир ат жабдык он аттын куну... Өзүнчө күңгүрөнүп алды Алмамбет. «Э-э... куусаң жеткирген, качсаң куткарган атка баа, кун барбы?!» – деди.

Бир убакта Мусулманкул турпаты бир карыча келген алтын бурканга карашалап, акесинин көңүлүн атайы буруп калды. Алмамбет эңилип тиктеп, таңыркап:

– Кишинин кеби экен а?.. – деди, колуна алып, балача кызыгып имерип көрүп, анан өйдө экчеп, кайра экчеп.

– А-а, эми, бу... – деп, казынабашы «мааниси деле жок бирдеме да» дегенди туйдуруп, эптеп алаксытып алып кетишке аракет кылып калды. – Будпарастардын кудайы имиш, убагында Амир Темир Индстандан олжолоп келген экен.

Алмамбет бурканды ордуна коё коюп, акырын алаканын кагынып алды:

– Тоуба! Кишиге окшош болобу кудай? – деп, астейдил таң калды. – Ыя, өзү кудай болсо, анан олжолонуп жүрсө?!.

Көзүн кылыйтып тиктеп турган Мусулманкул:

– Кеп, аке, – деди, – мунун будпарастардын кудайынын кебетеси экенинде эмес, кеп мунун баа– сында! Бу чылк кызыл алтындан куюлган, бу байлык, бу...

Таңдайын «шык» эткизип, таңыркап, айланта карады акеси. «Ушуну кармап чыгып кетпегей эле...» деп, казынабашынын эки көзү чанагына чыгып, дем тарта албай катып калды. А элети киши «Э-э... муну эмне кылат – минейин десең ат болбосо, жейин десең нан болбосо бу..?» деп ойлонуп турду да, анан көзү башка жакка ооп, калдайып басты.

«Ия, кудай сактоочу эдиң сактадың!» – деп, сүйүнгөнүнөн башын салбырата чайкап, башкаларга байкатпай өзүнчө үшкүрүп алды.

Куралканасына киргенде, шагырап тизилип турган мылтыктарды, сабы күмүштөлгөн кылычтарды, шалдыраган көк темир зоотторду бир сыйра кыдырышты. Мусулманкул эмчектешине эми ыраазы болбой тиктеп, токтоду:

– Көрдүңөрбү, булар орустан келген мылтыктар. Көздөй түз, кишинин башына алма коюп атууга жарайт!

– О-о... Кишиге тийбей так алманын өзүнө барабы? – деп астейдил аваз кылды Алмамбет.

– Ар кандай макулукту... мисалы, кийиктиби, адамдыбы, алда кайдан көзгө атса болот муну менен.

Алмамбет кере кулач чоң далысын күйшөп койду:

– А... биз кийикти тузак коюп эле илинтип алабыз. Мунуң тарсылдаса тоодо кийик калабы, үркүп бир жакка ооп кетишпейби! – деп андан нары басты. Мусулманкул артынан башын чайкады. Манатканасына келгенде Алмамбеттин көздөрү жалтылдап, оозу ачылып калды.

Түркүн түстөгү манаттар, кытайдан келген шайылар, орустан келген булгарылар, ак киштин, жолборстун терилери, аюу талпактар, илбирстин катырган кеби бурчта катырылган калыбында турат. Түрдүү кымкап, кашкардын сарала бейкасам чапаны, чийини көз талдырган фарсы, букары килемдери, ар кандай маталар тайы бузулбай жатат.

Алмамбет сарала, көгала болгон кашкары чапандардын жанына барып токтоду, көпкө тиктеди, ар кимисин бир кармалады. Тигишин жымылдата кармап, кабыгын калкытпай чебер иштелген чапандар анын көзүн арбады.

– Алың, алың, тага!.. – деди Кудаяр-хан.

Мусулманкулдун эриндери бекем кымтылды. Алмамбет аны байкаган жок, хан ал дегенден кийин токтоп турбай, сарала чапандын бирин казына башынын жардамы менен ошерден эле кие баштады. Мына, сарала чапандын бир жеңи батып... бир жеңи колтугунан ылдый айрылып түштү... Алмамбет менен казынабашы кантерин билишпей, бирин-бири тиктеп селейип калышты. Казынабашы шашып кетип, дагы бир сарала чапанды апкелип жаба койду.

– Тарт! – деди Мусулманкул кумсарып. Казынабашынын жаны чыгып кетти, көз ачып жумганча Алмамбеттин үстүнөн чапанды сыйрып алып, бүрүшө кетенчиктеди.

Чокчо сакалы эрбейип, аны сайын селдейди Алмамбет.

– Хан сөзү бир болот, – деди Мусулманкул үнү муздап. – Ушунча дүр дүнүйөнүн ичинен бир ылата колуңузга тийсе, ал да жонуңузга батпай айрылып калса, ушунча дүр дүнүйө казынадан кудаанын сизге эчтеме буйрубаганы!

Ушундан соң Мусулманкул эмчектешин ордо кишилерине, кеп-кеңешине аралаштырган жок. Кайтмакчы болгон күнү гана туугандык жободон чыга албай, кичи пейилдик үчүн гана ага биртке көңүл бөлгөн болду.

– Аке, – деди ал өкүнгөндөй, – сизди Намангенге бек кылайын десем, билермандардын бир даары болушпады. «Акеңиз өзү топостой жапан киши экен, ушул эл башкара алабы, өз башын жакшы асырап алса да куп кеп» дешип күлүп коюшту, – деди, ушул сөздү айтып Мусулманкулдун өзүнүн да уурту тартыла түшүп, кантер экен дегенсип, Алмамбеттин турпатын бир чаргып алды. – Кантейин... Ушундай дешип турат.

Алмамбет колун шилтеп салды:

– Кой, мени кыйнаба. Намангенге барып, бек болом деп, чиркей менен бүргөгө таланып жатар алым жок. Кой, ошо кызыкдар болгондорго бере бер! – деп чынын түз айтты.

Миңбашы Алмамбетти Намангенге бек кылуу туурасында эч ким менен сүйлөшкөн эмес, а түгүл өзүнүн оюнда да жок болучу. Кечеги аңкоолугу үчүн аны өмүрүнө бир арман болгудай кылып, ойго бастырып коймокчу эле, бирок, Алмамбеттин астейдил жообу кайра өзүн ызалады, жинин келтирди.

– Болуптур, аке, сизди бий кылдым!

– Өзүбүздүн элгеби? – деп сурады Алмамбет.

– Жок, элге эмес... – деп күлдү Мусулманкул табалап. – Өзүңүздү өз башыңызга бий кылдым!..

Тиги түшүнбөй ойлонуп калды:

– Кандай?

Мусулманкулдун таноолору кыпчылып, заары бетине чыга түштү, ал өзүн өзү токтото албай кетти:

– Ошондой! Өз керт башыңызга гана ээсиз!

Ушул бойдон Алмамбет хан ордосуна каттаганын койгон. Ага «өзүнө өзү бий» деген кошумча ат илешип калды, бирок ал аны элес албады, кыйытып айткандарга таарыныч да кылбады, мурдагысындай эле Күрпүлдөк – Сайына көжөлүккө ак жүгөрү айдап, токойдон элик, кийик илинтип жеп, эркин турмуш кечирип кала берген.