кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Экинчи бөлүм

VI

Үч катардан тизилген көп кошун – найзакерлер, жаагерлер, жалаң кылыччандар, шыйрактуу кара бараң өңөргөн мергендер – баары кызыл кийинген, жай алдындагы жайнаган кызыл гүлдөй кылкылдайт.

Эң алдында оштонгон гер жоргонун аяңында акырын сүлкүлдөп, аскербашысы келет, кабагы үйрүлгөн, ойлуу – бу жолможол жардаган көпчүлүккө таанымал Шарихан вилаетинин беги Мусулманкул.

Не кылган менен, «хан көтөрүп», «аталык» атанып, эл арасында кадыры өйдөлөп калган Нүзүп теңата урууларды бириктирип, ордого ийгерип турган экен. Анын башы Маргаландан келген соң ордодогу кутумдар шашылыш дуван чогултуп, «өлкөнүн эки тизгин бир чылбыры эгеси Шерали-ханга эми толук өткөндүгүн» даршан кылышты. А Шады «аталык» деп аталбай туруп эле «ордобашылык» вазийфасын кыла баштады. Бирок, өзүлөрүн тектүү, күчтүү сезген ар бир уруу бийи, ар бир бек өзү каалаган жакка чоюп, жааттар куралып, аралары кырды бычак болуп, мансап, дүнүйө үчүн кармаш кайра күч алды. Кан бийлиги өзүнөн өзү бираз көтөрүлүп, ар кандай бүтүм ал аркалуу, анын макулдугу боюнча жүргүзүлө баштаган, Шады да алдастады, бирок жааттарды ийгерүү, чатактарын тыюу алардын колунан келбей койду. Бири кан, бири ордобашы – экөбүнүн тең эл арасында кадыры аз, себеби алардын артында дүпүрөгөн бир уруу тайпа жоктугу. Мусулманкулга Шарихан вилаетин беришкен, буга ал ыразы боло койгон жок, ага эми Нүзүптөн кийин ордодо эч ким туруштук кыла албай тургандыгын жакшы сезип, Шадыга кыр көрсөтүп, ордого тоң моюн. Мусулманкулга эмне керек? Ордо! Муну түшүнбөйбү Шады шум? Ушунчасында, мүмкүнчүлүгү барында андан оозунуп кетмекчи болуп, «тоң моюн бектин башын апкелиш» жөнүндө жашырын жарлык берип, Шариханга жашырын желдет аткарды, бирок желдет Мусулманкулду ордунан таппай кайтат, шыбыш угуп калган Мусулманкул Эки-Суу-Арасына өз уруусуна калкаланып кеткен экен. Мына эми ачык кармашуудан башка айла калбай калган соң Шады ордонун колдо бар аскеринин баарын алып, Эки-Суу-Арасына жортуул кылды. Эки жоо Чуст менен Төрө-Коргон ортосунда кез келишти. Ошол эле беттешүүдө Мусулманкул ордонун аскерин толук кыйратып, Шадынын башын кестирип канжыгага байлатып алып, эч тоскоолсуз Коконго келе жаткан убагы эле.

Кошун чубалып, дабыл согулбай, кернай тартылбай, ашыкча даршансыз Кокон дарбазасына ийрилип жылып кирди.

Кан Сарай.

Күзөтчү сарбаздар элтейип тиктеп калышты. Жүгүрө келип жанжигит гер жоргону сагактап, Мусулманкул жоргодон акырын түшүп, камчысын сүйрөй аксап-аксап басып, каалгага бет алды, эки жагынан бөрүдөй жулунган жалаң кылыччан, жаагер, милтеси түтөгөн кара бараңдуу мерген коштоп, иреңи купкуу, кыжырлуу, унчукпай каалгага барганда онбашы:

– Бек! Сизди «кирсин» деген буйрук бизде жок эле, бек... – деп ооз жыйганча Мусулманкул бир уурту тартыла аны камчы менен баштан нары тартып жиберди да, онбашы башын корголоп жыгылганда андан нары аксап өтө берди. Жигиттери үйрүлө:

– Тынч! Тек тур! Жан-ныңдан үмүт кылсаң?! – деп, күңкүл үндөрү зиркилдеп, а үрөйлөрү учкан күзөтчүлөр каалганы ачышып, өзүлөрү көздөрү жалдырап, бурчка тыгыла калышты.

Ошол аксаган бойдон Мусулманкул ордого кирди, алдынан капилет чыга калган бейсакал артына жалт берди, анын артынан Мусулманкул тез-тез аксаңдап басты. Эки жагында өрөпкүгөн жигиттери.

Кан үжүрөсүнүн эшигинен жанагы үрөйү учкан бейсакал, Жаркын айым тосуп чыкты:

– Келиң, бек... Келиң...

Жаак териси тырышып алган Мусулманкул жооп бербей, аксаган бойдон ичкери карай өтө берди, Жаркын айым артынан бөжөңдөп ээрчиди.

Эки тизесин кучактап, иреңи купкуу, өлүмүн гана күтүп, Шерали шалдырап төрүндө отурган экен.

Жаркын айым:

– Бу көйкөйдүн баары Шадыдан... Койгула дедим эле, койгула дедим эле.. Кайда жүрү экен өзү ал шумпай?!

Жигиттердин бири колундагы кара баштыгын көңтөрүп кагып жиберди, адамдын кандуу башы дүңк этип килемге тоголонуп жатып калды.

– Таанып алың... – деди Мусулманкул жекире, Шерали карысы менен көзүн калкалай калды:

– О... Жүзү курусун...

– Катыгүн ай... – деп, кандуу баштан сестенип, жүзүн үйрүйт Жаркын айым. – Кан кылдыра көрбөң, ордо баарыңарга тең...

Мусулманкул колунун учун тышка карай кескин шилтер замат жигит Шадынын башын баштыгына тез салып, чыга жөнөдү.

Шерали ордунан туруп, эки колун эч жакка батыра албай, бирде койнуна тыга коюп, бирде жеңине сала коюп, тула бою калтырап кетти.

Мусулманкул дубалга сүйөнүп, үңкүйүп, тиги көзүнө жаш алып турган Жаркын айымды да, Шералини да тиктебей, баарын унуткан сыяктуу үңкүйүп, өзүнчө аксап имериле басып, оозун чормойтуп ойго батты.

– Бу силер... «ордону кан кылдыра көрбөң» деп?! Биринчи жолу кан болуп жаткансып?! – деп, экөбүн тең кекерлеп сүйлөдү бир убакта. – Ыя. Бириңдин агаң, бириңдин «кан көтөргөн» пириң эле го кайран аталык?! Мына ошо кишинин башы алдыңарга келгенде мынчалык сестендиңер беле силер?!

Эми жанынан түңүлүп Шерали шалдырайт. Өз күйүтү өз ичинде жүргөн белем, Жаркын айым буулдап ыйлап жиберди.

Мусулманкул:

– Кимге кинээ кылгыдайсыз, таксырым?! Өзүңүз канга боёп алдыңыз ордону!

Жаркын айым:

– Бу бир байкуш... ээрчиме... Айта берип, айта берип... тилим тешилген...

Буга да каяша кыла албай, баары мойнуна түшүп, отура берди Шерали. Мусулманкул чарчаган таризде бир акырын үшкүрүп, жүз үйрүп, сол бөйрөгүн таянып, оң колун акырын шилтей, акырын аксай басып чыгып кетти. «Чын... бу бир байкуш... Эмне кыласың эми муну?..» деди ыргылжың ою.

Мусулманкул бийлик укугун алышка шарияттан риваят окутуп отурган жок, миңбашылык мансапты өзүнө алып, ордону кан атынан өзү башкара баштады. Мына, кичине сылтып баскан, иреңи кара чүйкө, көзү тереңден жылтыраган кыйык, дайыма эрди каардуу кымтылып турган, эч качан ичиндегисин кишиге так айтпаган, кишиге дайыма шектенип тиктеген бектин алдында Шерали-хан дирилдеп коркуп отуруп калды. Баары бир, дагы эле мансап талашуу басылбады.

Кийинки 1845-жылдын жазында Мусулманкул миңбашы ордодо жокто Исфара вилаетинин беги Сатыбалды деген ордону капыстан басып, Шералини өлтүртүп, те илгерки Алим-кандын бир уулу Мурад бекти «кан» деп жарыялап жиберди. Бул окуяны уккан Мусулманкул шашылыш кайтып, биртке Исфаралыктарды Кокон дарбазанын түбүндө кыйратып таштап, дагы эч тоскоолсуз ордого кирди. «Балдары кайда болду экен?..» деген ой көңүлүн өйүдү.

Эки жагында дагы бөрүдөй жулунган кашкөй жигиттер, ал дагы эки этеги далбактап, аксап басып, кыжырдан дагы кабагы чүрүшүп, жулуна басып келди.

Үңүлдөп ыйлап, жанында эки-үч катын, Жаркын айым ордонун коргонунун эшигинен тосуп чыкты.

– Балдар кайда?.. – деди Мусулманкул, жооп күтүп турбай, токтолбой ичкери карай жулуна басты. Эне байкуш уясына жылаан кирип бара жаткан боз чымчыктай жан дүйнөсү дилдиреп, ага этек улаш жөнөдү.

Мала, Сопу, Кудаяр үжүрөнү ичинен дембелеп отурушкан экен. Жаркын айым тула бою калтырап, үнү каргылданып:

– Бек... ырайым кылың, бек... – деп, каалганы тосту. – Буларга так-таажынын кереги жок, такка отуруп атасы не тапты, жандары калсын, бек... Кетебиз кайра Таласка...

Мелтейип тиктеп калды Мусулманкул:

– Ыя, «кетебиз» десеңиз эле кете бересизби, канике айым? «Кан» болгон каны менен жуунуп гана кутулат!

Жаркын айым:

– Каны менен жуунду го «кан» болгону?! А «кан» боло электеринде не күнөө?!

Мусулманкул:

– Бири эле кетсе, ал бирөөнүн колундагы оюнчугу болот, так талаштырып чыгат, акыры бир күнү! Так-таажы жаш балдарга кереги жок болсо болор, а өлкөбүзгө, журтубузга «эге», жок дегенде эле «огожо» абадан керек ко?!

Мусулманкул каалганы өзү тыкылдатты, кимдир бирөөлөр менен энесинин сүйлөшкөн үнүн уккан балдар эшикти ачышты. Мусулманкул босогону аттап кирип токтоп, тиги элтейип карап калган балдарды бир сыйра тиктеп, өзүнчө баш ийеп турду да, бир убакта эрезеге жете элек куба жүлүн Кудаярдын ийнине колун койду, бирдеме айтмакчы болгондой.

– Бек... – деди Жаркын айым, – бул али көөдөк го, бек?! – Көңүл бурган жок Мусулманкул, ошол колунан жетелеген бойдон канзаада Кудаярды так турган диванканага алып кирди:

– Мына... – деди, төрдөгү такты Кудаярга көрсөттү. – Сенин тагың... атаңдан калган тагың...

Кудаяр таң калып тиктеп, эки көзү алайып, мурдун тартынып койду.

Эртеси таңдан баштап кернай үнү баркылдады. Төөгө теңделген «кан дабып», дабылчы: «Кимдин, кимдин заманы – Кудаяр-кандын заманы!..» деп, деги эле өтө кубангандай кыйкырып, обдула өрөпкүгөнсүп, кош дабылды дүңгүрөтө сабап, көчөмө-көчө кыдырып, жар салды.

Жетилип, убагында Нүзүп аталыктан кыйла таалим көрүп калган Мала бек. Бирок, Мусулманкул андан кичүү Кудаяр бекти атайы тандады. Анткени, эрезеге жеткенин хан көтөргүдөй болсо, анда Мусулманкулга бийлик жарым-жартылай тийип, анын үстүнө дагы хан башка бирөөлөрдүн таасирине ыктап кетиш коркунучу дайым болуп калмакчы.

Хандын жаштыгы аталыктык гана эмес, бүткүл өлкөдө ишти да, сөздү да, жыра тарттырбай турган өкүмдарлык бийликти жалгыз өзүнө топтоого ага шарт да, укук да болду.