кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Экинчи бөлүм

V

Элеттин бейгам тирилиги канына сиңип, ошого жараша баёо өскөн Шерали ордонун шаани-шөкөтүнүн, сылык зыяпатынын арасына өзүн жоготуп, акырет жөнүндө ыйлап кеп урган кишилердин үрөйүнө, ширин тилине багынып, алтын буюмдарды балача кармалап таңыркап, жоош момун хан чыкты. Ордонун ишине аралаша албады. Жанына дин кишилери көбүрөөк топтоло баштады. Ар күнү керели-кечке пайгамбарлар менен олуялардын өмүрү жөнүндө жомоктогон китептерди окушуп, маанисин Шералиге майдалап түшүндүрүшүп, тиги дүйнөнү, андагы күнөөкөргө даяр турган кыйноо, дозок оту жөнүндө кулагына куюшуп жүрөгүн үшүтүп, эң акыры түндө уктабай зикир салып кызыганда чарк айланып ак уруп чыга турган сопулардын тобуна убагы менен катыштырып турууга жетишишти. Ордо турмушунун бир тарабы минтип бул жарык дүйнөнүн тирилигинен кечтирип жатса, бир тарабы таттуу шарапка сугарып, алдына сулуу кыздарды чоюлтуп бийлетип, «жыргап кал, эки келбейсиң» дешип, башын тегеретип жатышты.

Амир Насурулла Фаргана колунан кайра чыгып кетишине эч келише алган жок. Дагы бүт кошунун баштап басып кирди да, оболу Оро-Төбө вилаетин алып, анан Кожон вилаетин каптап өтүп, бат эле Кокон шаарынын өзүн камап келди.

Кокондуктар катуу коргонушту. Казынанын кошунунан башка да, курал кармоого жараган эр бүлөдөн сансыз каракелтек жыйналды. Шаардын он сегиз дарбазалуу чебинин кырына коргонуучулар быкырап толуп, душмандын чабуулдарын төштөрү менен тосуп жатышты. Каардуу амир Насрулла дарбазалардын босоголорунан эч кыргын үзүлтпөй, чыпчаң кырк күнү тыным бербей, тогуз жолу бүт күчүн кумурскадай жабылтып, дубалга тырмыштырып, катуу кысым жасады. Тогуз жолу тең мизи кайтты. Эмне кылуу керек? Үшү тайып, амир Насрулла айла жолуна өттү. Ордого элчи камдады. Элчинин милдети кокон ордосунун ээси кайдагы бир көчмөн эмес Шерали экендигин Шералинин эсине салуу, Бухара-и-Шарифтин адил амираны карөзгөй көчмөндүн колуна зордукталып кеткен атамурас бийлигин Шералиге толук алып бериш үчүн гана алыстан келип тургандыгын ишендирүү, коргонуучулардын биримдигинен эптеп бир жарака издөө болду.

Элчи Абусатар Калпаны Нүзүп дарбазадан куралдуу киши менен тостуруп алды. Элчи алдына киргенде, Нүзүптүн жанында Абил жүзбашы гана бар эле.

– Кулак сенде, элчи... – деди Нүзүп өйдө карабай отурган калыбында. Элчи Шерали-хандын өзү менен гана сүйлөшүүгө жиберилгендигин кыйытып түшүндүрдү. Нүзүп чала угуп калган сыяктуу, кашын көтөрүп элчини бир пас тиктеп, муздак жылмайып койду. Көп өкүмдарлардын кабагын көргөн кыйды Абусатар Калпа ичинен чоочуп калды.

– Кабыл кылып калгысы бардыр... Күтө турабыз да, элчим?

– Куп, таксыр...

Элчи Абусатар Калпа сылык таазим кылып, акырын кетенчиктеп чыгып кетти.

Абусатар Калпа ордонун ичинде күн батарга чейин отурду.

Хандын алдына чакырып эч ким келбеди. Кирген, чыккан киши көп. Аскер адамдары калдастап жүрүшөт. Элчини караган бирөө жок. Эстен чыгарып коюшкан сыяктуу. Бешим намазына чакырган азанчынын үнүн бейдаарат отуруп укту. Намазы да каза болду. Акыры ирешире күүгүмдө, зарыккандан ичи жарыла турган болгондо, хандын кабыл кыла тургандыгы жөнүндө кабар болду.

Шерали такта отурган экен. Элчи Абусатар Калпа чекеси жерге тийгенче бүгүлүп таазим кылып салам айтты. Эч ким алик албады.

– И, эмнеге келдиң? – деп, Шерали-хан корс сурады. Элчи бир серп таштап, отургандарды көздөн өткөрүп алууга үлгүрдү. Оң жагында Нүзүп отуруптур. Элчинин жүрөгү кабатыр боло түштү.

Бирок, жадырап туруп:

– Өкүмдар! – деп шаңдуу үн салып, жеңинин ичинен бир ором кагаз алып, оболу өзү дароо тооп кылды да, кош колдоп, бүгүлүп алдына кармады. – Бухара-и-Шарифдин бекайбат амираны сейид Насурулла-батырхандын куунап жаткан Фаргана журтунун сиздей бактияр эгесине, хазрати Амир Темир Көрөгөндүн сиздей анык тукумуна күндөн нурлуу, күндөн жылуу, ыйык дуба-и-салам апкелдим!

Хандын жообун күтүштүбү, катышып отурушкан кишилер дем тартпай калышты. Элчини таң калтырып Шерали өзү да унчукпады. Ачуулубу? Кабыл кылбай турган баштанып турабы? Элчи акырын баш көтөрүп, тик багып тиктебесе да, алдыртан хандын кабагын байкап, жүзүнөн таарынган баланын кебетесин көрдү. Кыйды элчинин жүрөгү жылый түштү. Шерали унчукпаган бойдон, дубайсалам кагазды акырын алып, сол жагында отурган кат окуучу ынагына берди. Ал киши леп обдула калып, дубайсалам кагаздын оромуна бат-бат жазып жиберип, окумакка бийик кармай берди.

Элчи туталанып кетти:

– О, өкүмдар! Дуба-и-салам жалгыз өзүңүзгө гана арналган эле.

Шерали бир жооп айтышка үлгүрө электе, баятан бери жука эрдин бек кымтып кумсарып отурган Нүзүп жарылып кетти:

– Шады! Токтот! Окуба жашырын болсо!

– Куп, аталык... – деп Шады ынак кымырылып калды. Шерали далдырады. Нүзүп ачуудан кычыктары кызара түшкөн көздөрүн Абусатар Калпаны атып тиктеп, жука эрди титиреп:

– Жашырынбы! Куйтуңдайсың, түлкүнүн куйругу! – деди өзүн токтото албай. – Билем сенин түтүк кагазыңдын ичиндегини!

Абусатар Калпа апкаарып калды. Ал далайды көргөн киши эле. Ордо сылыктыгын тепсеген мындай өктөмдүктү эч жерден көргөн эмес болучу. Хан атагы бар го акыры, бирдеме деп жазылтып коёбу деп, Шералини карады. Хандын кирпиги гана кыймылдайт, сөз түгүл элтейип оозу кургап отурган эле. Ошол жерде бир гана Шады ынактын көзү тымызын чагылыша калып, жылуу учурап турду.

– Таксыр! – деп Абусатар Калпа чыйрала түштү. – Мен бар болгону буйрук аткарып жүргөн кулмун...

Нүзүп биртике жумшара калды:

– Гм... – деп, биртике ойлонгондой боло, анан Абусатар Калпаны көзүнүн кыйыгы менен тиктеп, акырын кеп урду: – Илгери бир көпкөн уул болуптур.. Кулак салып тур, элчи...

– Кулак сизде, таксыр...

– Тириликке көнүксүн деп, көпкөн уулду отун-сууга жумшай баштаптыр атасы. Отунга барса эле бат эле отун алып келип калат имиш. Бир күнү атасы сураптыр дейт: «Йе, уулум, токойдо отун көп бекен? Бат келдиң го бүгүн да!» Анда уулу: «Алынуу турган отун меники да! Барам да жүктөп алып баса берем!» – деп жооп бериптир. «Ой, уулум, отунду алып койгон ээлери эмне дейт?» «Йе, ата... ээлери деп коёсуз а! Мага өзүлөрү жүктөп беришпейт бекен! Жүктөп беришпей көрүшпөйбү!» Уулунун бул сөзүн угуп: «Гм... – дептир атасы, – зордуктап алат турбайсыңбы, мындан келди...» Мунусу бул болот. Кийин көпкөн уул тегирменге барса тез келип калат имиш. Бир күнү отуруп атасы: «Уулум, тегирмен бош бекен? Эл кыштыгын камдап жаткан учур. Бул учурда тегирмен бош болчу эмес эле. Бат эле тартып кирип келдиң го бир улоо буудайды!» – деп, кабатыр болуп дагы сурайт. «Йе, ата... сурайсыз а! Бир кулжуйган неме талкан тартып отурган экен, атасынын көрү, бардым да жүгөрүсүн чанактан чыгартып таштап, буудайды салып, мына тартып алып баса бердим!» Ошондо көптү көргөн ата бул акылды айтыптыр уулуна: «Уулум, көзүңө карап жүр. Катылар кишиңди таанып туруп катылып жүр. Төшү түктүүгө жолугуп каласың». Уулу атасын шылдыңдап күлүп: «Көрөр элем ошол төшү түктүүңүздү!» – деп көөдөнүн көтөрүп коюптур. Мунусу бул болот. Көп күн өтөт. Бир күнү дагы тегирменге кеткен уул кечке жуук бети-башы жарылып, сууга түшкөн иттей шөмтүрөп, кайра келиптир дейт, «И, эмне болду, кокуй?» Уул калтырап унчуга албайт. «А, төшү түктүүгө жолуккан окшойсуң го!» Кай бирөө чын эле алы жетпей, кай бирөө бөөдө жаңжалдан качып, а кай бирөө кадырлуу атаны сыйлап, тааныган жерде балага эч ким кол кайтарчу эмес экен да. Эсирген кишинин көзүнө сыйлоо корккон болуп сезилет. Бала биротоло кутуруп сала берген турбайбы. Тегирменге ошо барышында да, адатынча барары менен: «Чыгар! Чыгар дейм! Мен тартам!» – деп кыйкырып кирсе, тегирмен тартып отурган бир азамат: «Машайыктын тукуму болсоң да, ушу сеники жетишти!» – деп, тура калып, жакасынан муунта кармап туруп, дубалды сүздүрүп-сүздүрүп, көөлүгө тебелеп, анан коё бериптир дейт.

Эмне десин атасы буга? «Айтпадым беле, төшү түктүүгө жолугуп каласың деп. Эми көзүңө карап жүрө турган болгондурсуң!» – деп тим болгон экен. Түшүндүңбү, элчи?

Элчи Абусатар Калпа чыдай албай:

– Аталык! Динисламдын зулпукары Насурулла-батырханга бул тамсил өтө пастык кылат! – деп жиберди. Нүзүп кашын көтөрүп карады:

– Эмне?

Орто дым боло түштү.

– Пастык кылат? Сен амириңдин ким экенин билесиңби? Насурулла амир эмес, Насурулла бир карөзгөй! Кайсы атасы өкүмдар болду эле? Самаркандын, Бухаранын ээси ким? Амир Темир! Мына Амир Темирдин тукуму! – Нүзүп Шералини сөөмөйү менен көрсөттү.

– Мына мураскору! Насрулла камалаганды коюп, бирөөдөн дубайсалам жибергенди коюп, өзү жөрмөлөп келсин Шерали-хандын алдына! Уктуңбу? Камчысын мойнуна салып келсин!

Акылына бирдеме илеше баштадыбы, Шерали-хан да кабагын чүрүштүрүп:

– А энеңди... – деп обдулуп калды. Элчи Абусатар Калпа сөз кайрымакчы болду эле, Нүзүп чаңырып жиберди:

– Бас оозуңду! Түгөндү сөз!

– Баш кесмек бар, тил кесмек жок, таксыр!

Шерали тактан тура калды:

– Ой, энеңди... Эмне үчүн баш кесмек бар? Эмне үчүн тил кесмек жок? – деп, бети кызарып ачуусу келип, улагада турган эки жигитке көзүн шилтеп жиберди. – Алгыла! Муну...

Жүрөгү чыгып, жүзүнөн бардык сыры күбүлүп, Нүзүптүн бутуна жыгылып түшкөн Абусатар Калпаны жигиттер эки бутунан алып дырылдатып сүйрөп жөнөштү.

– Токтогула! – Нүзүп жакын басып келди да, элчини эңкейип тиктеди. – Элчиге өлүм жок, жаныңдын арачысы ошол, тур өйдө... – деди акырын. Абусатар Калпа калтырап тура баштады.

Нүзүп:

– Насрулла көп эсирбесин, төшү түктүүгө жолугат. Муну айтып бар. Бухаранын анык ээси Шерали-хан. Муну айтып бар. Уктуңбу? Жөнө!

Абусатар Калпа чубалып жаткан селдесин жыйнашка чамасы келбей ийрилтип сүйрөгөн бойдон бүгүлүп кетенчиктеп чыга жөнөдү.

Тыштан эки аскер адамы аны дарбазага чейин узатып барышты да, эсен-соо шаардан чыгарып салышты.

Катуу ыза болуп калды амир Насрулла, бирок оюнан кайткысы келбеди. Ошол түнү Нүзүп шаардын коргонуу башчылыгын Мусулманкулга тапшырып, өзү аскердин жармысын алып Кокондон чыгып кеткен эле. Анжияндагы, Төрө-Коргондогу сыпайларды карамагына чакырып, кийинки күндөрү алсыраганы билине баштаган амир Насрулланы ачык талаага беттешүүгө тартмакчы болду. А амир Насрулла сүйүнүп Коконго дароо дагы элчи киргизди. Бу сапар мурдагы элчиге көзү жылуу учураган кишини колго алып, ошол аркылуу Шерали менен кандай да болсо эптеп бир шартнама түзө салып, Нүзүптүн аталыктыгын жоюп жиберүүгө үмүттөндү.

Экинчи элчи көзү жылуу Шады ынакка жетти. Бирок Шерали такыр сүйлөшпөй койду. «Нүзүп жок... мен эмне дейм...» – деп, Шады-ынактын ымына да кирбей, үңкүйүп отуруп алды. Эң жадаганда, үтүрөңдөп ачуусу келип, Мусулманкулду чакырды да: «Муногуну көзүмө көргөзбөй кетирчи!» – деп жиберди. Мусулманкул ошол замат эки сарбаз чакырып, аларга бирдеме деп буйрук кылып, элчини алдына салып берди.

Сарбаздар элчини туткун сыяктуу түрткүлөп айдап, шаарды аралатып отурушуп, замбиректер орнотулган өңүткө апкелишти да, тырмышып келип кырылган бухаралык жоокерлердин көп өлүгүнүн ортосуна отургузуп, дүрмөттүү эки замбиректи аны көздөй мелжеттирип, милтесин түтөттүрүп, жанына замбирекчилерди каратып коюшту. Замбиректин огуна бүрктүрөт турбайбы! Ушундай жаман абалда, жанынан такыр түңүлүп, боору титиреп, ажалы менен тиктешип, элчи керели-кечке отурду. Көз байланган кезде гана сарбаздар дарбазага алпарып, көчүгүнө бир тээп тышка чыгарып жиберишти.

Коконду алыштан эми түңүлдү амир Насрулла. Ошол учурда анын жоктугунан пайдаланып Хива ханы Бухарага каршы ниеттенип кыймылдап калган имиш деп угуп, жүрөгү атып кетти да, шаарды камалоону дароо токтотту, тез артка чегинип, жолдун оңутуна бет алды. А Нүзүп кошумча күчтөр топтоп, он миңдей атчан менен жолдорду бөгөп калууга үлгүрүп калган эле. Амир Насрулла капыстан туюкка камалган жырткычтай алдастап, бүт күчүн бириктирип, Кокондун томсоргон боз дубалы менен Нүзүптүн түнөргөн атчандарынын ортосунан түйүлгөн темир муштум болуп жарып чыгып кетем деп, бир багытты карай кара селдей чамынып катуу чабуулга өттү. Нечен жылдар бою кураган, куралдандырган, таптаган бухара амиратынын даңктуу кошуну ошол бир күндө быт-чыт болду, амир Насрулла жарымына жакынын араң куткарып чыгып, артын карабай жүрүп кетти.

Нүзүп ордого дагы салтанат менен кирди.

Ушундан соң ордо мурдагы чектерди калыбына келтирүүгө киришти. 1843-жылы Шералинин экинчи уулу Малабекти жанына алып, Нүзүп Ташкенге жүрүш кылды. Ошол кезде Ташкенди дагы эле бухара амиринин атынан Ма-Шериф деген бирөө бийлеп турган болучу. Ташкендин сыртында Шор-Төбө деген жерде Ма-Шерифтин аскерин талкалап, өзүн колго түшүрүп, Нүзүп шаарга кирди. Амир койгон амалдарлардын бири калтырылбай баштары алынды. Нүзүп Ташкенге жаңы бек коюп кайтты.

Көп өтпөй, амир Насрулланын тукуруусу менен, Алимхандын Самарканда жан сактап жүргөн уулу Ибрагим бек жигит курап, так талашып, Кокон хандыгынын чегине өтүп, Лейлекке келди. Нүзүп боюн качырып, бул жаңжалга түздөн-түз катышпай, баягы Таластан бери аттанарда Шералиге Ажыбай датка кошуп берген Сыйдалы бекти арбын кол менен Ибрагим бекке каршы жөнөттү. Сыйдалы бек Ибрагим бекти жергиликтүү калк менен түзүк колдоо алууга үлгүрө элегинде, капыстан басып, анын азгантай ээрчиген жигиттерин кууп кырып салып, өзүн колго түшүрүп келди.

Тактын экинчи мураскорун сактап отуруу керекпи? Эмне кылуу керек мындай учурда? Бир гана жол. Тез көзүн жоготуу керек. Нүзүп мунун баарын билип турду. Бирок, түз өзү буйрук бергиси келбеди. Не кылган менен, хан тукуму Ибрагим бек, болгондо да, бул хандыктын пайдубалын тургузган атактуу Алим-хандын баласы. Муну өлтүрүп, канын, доосун мойнуна алгысы келбеди. Такта Шерали отурат. Өлтүрсө Шерали өлтүрсүн. Канын, доосун, бул дүйнөсүндө да, тигил дүйнөсүндө да, өзү тартсын. А Шерали эмне кыларын билбеди. Эч убакта киши өлтүрүүгө өз алдынча буйрук берип көрбөгөн. «Өлтүрбөй койсо эмне болот. Жүрө берсин да бир күнүн көрүп...» – деп шалдырады Шерали. Нүзүп ийнин кысты: «Өзүң бил. Тууган сеники. Душман сеники. Сенин тагыңды талашат. А так деген бирөө. Же сенде калышы керек, же ал сенден бир күнү тартып алышы керек. Сен аны өлтүрбөсөң сени ал өлтүрөт. Бийликтин иши ушул. Өзүң бил...» Эми эмне кылат Шерали? Башта эч акыл салбай иш кылган Нүзүп минтип ага түртө салып карап туруп алды. Кимден акыл сурайт? Башка ынактары да, башка ордо кишилерди да, тактын экинчи мураскору болбосу зарыл дешип, Ибрагим бекти тезинен өлтүрүү керектигин далилдеп туруп алышты. Эң акыры айласы куруганда, салбырап жер тиктеп отуруп, макул болуп: «Бир башка жерде өлтүрсөңөр, менин көзүм көрбөсүн...» – деп суранды Шерали. Бул хандын буйругундай болбой, бир жалдыроо сыяктуу болду.

Эртеси күнү Ибрагим бектин башы Япан деген бир чет кыштакта алынды.

Ушул окуядан кийин, башта эле «бош» атыгып жүргөн немеге, эми «атала», «шавла» деген кеп ээрчип ордо кишилеринин гана арасында эмес, чайканаларда, базарларда да күбүрөп тарап кетти. Шерали бүт өмүрүн бейпил тоо арасында, жылкы артында өткөрсө, өмүрүндө бир кишиге чоң сүйлөп көрбөсө. Ал хан атанып, минтип башына тажы кийип отурган кезинде да бекайбат Нүзүп аталык түгүл, ордодогу майда амалдарлардын бирине ушул күнгө чейин бирдеме деп катуу айтып, буйрук сүйлөп көрө элек. Анын ушундай тартынчаак, корунчаак мүнөзү күн өткөн сайын кемчилиги, мококтугу, жамандыгы катары бааланууга өттү. Өзгөчө Нүзүптүн ичи жаман кутумдары хан туруп Нүзүпкө мурдунан жетелетип калгандыгы үчүн эч кечире алышпады.

Нүзүп өз билгенинче хандыктын ички иштерин жөнгө салууга киришти. Ич ара кармашуунун майданы болуп, улам талоонго кабылып, өлкөнүн отурукташкан катмары, чек арага жакын шаарлар көп жапа көрүп, эгин айдалбай, соода жүрбөй, жалпы жакырлануу башталган эле. Нүзүп эгинден казынага алынуучу салыктарды, соодадан алынуучу салыктарды керектүү убакка чейин деп токтотту. Эптеп эле бир шылтоо болсо казынаны талап турган амалдарларды катуу теске салды. Ордонун өзүнүн да обу жок чачына берүүсүн тыйды. Казынаны аёосуз соруп жаткан дагы бир курсак бар болучу. Ал – казынанын мүмкүнчүлүгүнөн ашык аскер тутуп туруу. Нүзүп иш жолунда буга да келип урунду. Жортуул жок, камоол жок, жаак көп. Ал аскердин уюткусун гана сактап калды да, канчалык кооптуу болгонуна карабай көпчүлүгүн таратып жиберди. Ал өзүнө караштуу жүздөрдөн Абил жүзбашыны башчы кылып, өз жанына алып жүрүш үчүн тандап жүз гана жигит алып калды да, калган самсыган атчандарды бүт кетирди. Буларды багып отуруунун кажаты жок, түтүнгө атчан, түтүнгө куралдуу элет эли керегинде жер түтөтүп тоодон куюгуп чаап түшүп келе берет деп болжоду ал.

Өңгөсүнө кайыл болушса да, мурдагы өкүмдарлардын убагында хасаги болуп (жеңилдик алып) жаман көнүп алган бектер, амалдарлар, казыйлар казынадан бир, өз алдыларынча калктан бир түшүрүп алып турган кирешелерине чек коюлушуна, а күндө сайран кылып кечкиртип жашаган ордо кишилери, оюну, шааниси болбосо ордо болчубу дешип, артыкбаш зооктордун тыйылышына ыраазы болушпады. Нүзүп көп душман арттырып алганын өзү билип эле жүрдү, бирок өз кубатына, укугуна ашыкча ишенип, эч чоочунуп койбоду. Ушундан акыры мертинерин так билген күндө да, ал бул жолунан кайтпайт болучу, көчмөн тирилигине эң зарылынан тышкары, артыкбаш, пайдасы жок шаани-шөкөттү билбей өсүп, ошого адаты, акылы ылайыкталып калган киши бу менен эч келише алмакчы эмес.

Кокон ордосунда Нүзүпкө каршы күчтөр топтолуп жатканы менен толук кабардар болуп турган амир Насрулла бир жактан кооп салып так талаштыруу үчүн эми Алим-хандын экинчи уулу Мурад бекти тукурду да Ибрагим бектей кылып жалгыз жибербестен көп кол алып өзү кирмекчи болуп калды. Бул Кокон үчүн өтө кооптуу окуя эле чынында. Түк амалга жетинбей, же Нүзүптүн аталыктыгын көралбай, ачык каршы чыгышка даап батынбай, ичтен сызып жүрүшкөн айрым бектер, уруу башчылары Мурад бек жакындаары замат ага жалт өтүп кетиши ыктымал болучу. Ушул кооптуу учурду пайдаланып, чоочуп кетип бир чоң амал берип тындыра койсо тынууну болжоп, Мусулманкул Нүзүптүн аталыктыгына моюн толгой баштады. Муну угар замат, Мала бекти жанына кошуп алып, Нүзүп кыпчактарга жүрүш кылды. Нүзүптүн күчү көп эле. Урушуп абийир алалбасына көздөрү жеткен соң кыпчактын эстүүлөрү камчыларын моюндарына салып келип, өзүлөрү багынып беришти. Нүзүптүн каары жазылган жок. Ал Мусулманкулду баш кылып, ага жан тарткан бектерден кырк бегин туткунга алып, ордого түшөрү менен бирин калтырбай желдеттин колуна тапшырмакчы болуп, көшөргөн бойдон кайтты. Бул кабар ордого Нүзүптүн өзүнөн мурда жетти.

Башта абайлап, акырын күңкүлдөп, Нүзүптү жамандап жүрчү Шады ынак ушерде ачык чыкты. Кыпчак бектеринин катуу жазаланышы жакшылыкка апкелбейт деп, оюн аянбай далилдеп, коркутуп, Нүзүп келгиче эле Шералинин жүрөгүнүн сары суусун алып салды.

– О хазрати! Өзүңүзгө нечен жолу окуп бердим го, амир Насрулланын жашырын жиберген дубайсаламдарын! Амир ушу Нүзүпкө гана кастарын тигип отурат. Сиздей курдашынын тизгинин тартып алып койгон карөзгөй адамдын кылыгына түтпөй, анан сизге таарынганынан, өчөшкөнүнөн улам бир ханзааданы таап тукуруп отурат. Башкасына тиштенип чыдап келсек да, Нүзүптүн кыпчактар менен болгон жоругуна эч чыдай албай, жаныбыздан кечип, айтууга аргасыз болдук. Эми мына! Нүзүп кыпчак бектерин Мусулманкулду баш кылып бүт соёт экен. Кыпчактар касыңыз беле? Кыпчактар өз элиңиз, о падишах! Болсо Нүзүптүн касы болор кыпчактар. А өзүнүн өкүмдарынын касы эмес, бир алла күбө! Эгер Нүзүп ушу акылсыз ишин жүзөгө ашырса, анда аягы эмне болуп чыгат? Бүт кыпчак уругу көтөрүлүп, жаңжал көбөйүп, сиздин алтын тагыңыздын баркы кетет, ыкрар кылыштан баш тартышат. Мурад бек чектен бери кирсе болду, алдын тосо чыгып анын табына өтүп кетишет. Же бир кыпчактар аз журт болсо экен... Анан эмне болот? О, айтууга ооз барбайт, кудай анын бетин нары кыл, биздей алал нээт кулдарыңызга бирден уу жеп, жан кыя бериштен башка эч нерсе калбайт, о аллаяр, сиздин жаркын күнүңүз батып кетиши бар...

Шады ынак жалгыз эмес экен. Ою биргелери Шады ынактын тегерегине чогула калышып, Шералинин көзүнө эми ачык көрүнүштү, алар астейдил күйөрмандары болуп көрүнүштү, безилдеп ишендиришти.

– Эмне кылабыз? – деп жүрөгү түшүп сурады Шерали. Шады ынак кым этип, бүгүлүп таазим кылып.

– О, биздин көлөкөлөр алтын чынарыбыз! Бектерди өлтүртпөй сактап калуу зарыл эң оболу... – деп күбүрөдү. – Түшүрүү керек Нүзүптү андан соң... кетирүү керек...

Күтпөгөн эле, Шерали алайып отуруп калды.

Шады ынак:

– Мындан башка арга жок. Мындан башка чара жок. Аталыкты биз деле жакшы көрөбүз. Жакшы киши. Кайраттуу киши. Сизге көп жакшылык кылган киши. Бирок, өлкөңүздүн кызыкчылыгы ушуга түртүп отурбайбы! Мындан башка арга жок. Кыпчактар да тынчыйт ошондо, амир да тынчыйт ошондо...

Шерали шалдырап үшкүрдү:

– Кантип эми аны...

– О атабыз! Бизге тапшырыңыз...

Нүзүп менен Мала бек ордого келип түшкөндө, аларды диванханада хан күтүп отурганын билдиришти. «Чогулуп алышкан экен дагы өңкөй бекерчи. Шылтоо эле таап бере бер буларга. Зоок кылгылары келишкен экен...» – Нүзүп камчысын сүйрөгөн бойдон кирип барды. Шералиден башкасы дүрүлдөп тура калышып, сылык ийилишип, алик алышты. Салкынырак бабыраша жеңишти куттукташкан болушту. Тактын оң тарабындагы Нүзүптүн орду бош турган экен. Нүзүп отурган жок. Ал дарчеге барды. Тышта аскерлер туткундарды бирден түртүп зынданга киргизип жатышкан эле. Нүзүп эрдин бек кымтып, ичинен санагансып, туткундарды көздөн өткөзүп токтоло калды. Шерали тактан туруп келди. Баары дүрдүгүп дарчеге умтулушту. Нүзүп ичинен калчылдап, катаал үн менен, акырын сүйлөдү:

– Ана! Эң ишенген кишибиз. Мусулманкул! Элди бузуп... – Ички калчылдагы тышына чыгып катуулап кетти. – Баарын! Бирин калтырбай! Аёо жок! Аёо жок!

Шады ынак көзүнүн кыйыгы менен Шералини тиктеп, уктуңбу дегенчелик кылып, башын акырын ийкеп койду. Шералинин кирпиги эле кыбырады. Маң болгондон башка эчтемени билдире алган жок кабагы.

Баары өз орундарына келип отурушту. Нүзүп отуруп жатып:

– Мусулманкулду ушинтет деп ким ойлоптур! – деп кейиди.

Шады ынак леп коштоду:

– Мал аласы тышында, адам аласы ичинде... Катуу жазалансын!

Экинчи баш көтөргүс кылынсын.

Нүзүп жалт карады:

– Эмне? Башы алынат! Эртең башы алынат! Журттун алдында!

Шады ынак кичине ийнин кысып, сылык жылмайды:

– Кечиргейсиз, аталык. Эрк аллаярдыкы..

Нүзүп кубарып кетти. Шады ынак, баштагыдай эле, үрпөйгөн көгала каштарынын нары жагына үлдүрөтүп көзүн бекитип, жылмакай тумшугун көрсөтүп, муңайым кеп урганы менен анын үнүнөн Нүзүпкө кичине каяша угулду.

– Эмне дедиң?

– Сиздин чечимиңизге аллаяр макул эмес дедим, аталык.

Нүзүп обдулуп тура:

– Эмне?! – деп чаңырып жиберди. – Эмнесине макул эмес?!

Карышкырдай тынчыбас душманын тынчытып бергени отурганыма макул эмеспи?!

Шерали кабагын чүрүштүрүп отура берди. Шады ынак сүйлөдү.

– Аталык, сиз кыпчактын кырк бегин бүт сойдурмакчысыз, майли дейли, күнөө кылышты бүт союлсун дейли, алардын журтун кошо кырып түгөтүп жибере аласызбы, эгер анте алсаңыз, каршылык жок, майли сексен бегин сойдуруңуз! Эл калат, аталык.

Эли калган соң, ал эл тынчып жатпайт түбүндө. Өчүгөт!

– Куруп кеткен кыпчак аз уруктун бири болсо экен же... – деп бирөө кубаттап калды акырын, кейиштүү.

– Бүт каршы көтөрүлүп кетет. Минтип Мурад бек жактан кулак тынчыбай турган чакта, өзүбүз кырылышып, өзүбүз кыйрашып жатсак кандай болот, аталык? Ушунун баарын өкчөп ойлонуп, түбүнө көзү жеткен соң, анан сиздин оюңузга макул болбой отургандыр аллаяр!

Нүзүп токтолуп калды. Ал сөздүн жүйөсүнө барк берди. Ушул акыл сенден чыктыбы деген сыяктуу Шералини алдыртан бир тиктеп алды. Нүзүптү тиктебейт. Таарынган баладай бултуюп отурат. Отургандардын көбүнүн кабагы кирдүү. Баары бир ооз сыяктуу. Суранышып отурбагандай. Ичтен тирешүү сезилди.

– Бир жагынан, Шады, сөзүңдүн төркүнү бар, – деди Нүзүп соолугуп, – муну эске алчы, силер кыпчак уругу эртең чуу чыгарат деп чоочулап отурасыңар, а кыпчак уругу чыгара турган чуусун кече эле чыгарбады беле? Ошол чыккан чууну басып, мындан нары да чыкпай калсын деп чуунун уюткусун тутуп келип отурабыз го?

– Ырас. Бирок, аталык, каталыгын сезишип, камчыларын моюндарына салып өзүлөрү багынып берип отурушкан соң, жаза ошого жараша болгону дурус.

– Моюндарына камчыларын салып?! Айласы түгөнгөндө!

– Ырас. Сыноо үчүн да болсо, мындан нары орто жакшырып кетер бекен деген саясат үчүн да болсо, аталык, ушу сапар бир жумшактык, кеңдик көрсөтүш зарылдай.

– Ушундай болсунчу, Нүзүке, – деди Шерали кыйналып, – жоо алгыр, чырлуу иш экен...

Дуулдап коштошту, Нүзүп башын ийкеди:

– Болуптур! Азат болсун бектер. Бир кишиден башкасы азат болсун.

Шады ынак:

– Болсо баары азат болсун, аталык. Мусулманкулду чеңгелден чыгаргыңыз келбей турат го. Отуз тогуз бекти кырып таштоо да бир, жалгыз Мусулманкулду өлтүрүү да бир. Уругуна баркы зор...

Нүзүп чачырап жини келип кетти:

– Сен, Шады, Мусулмакулдун тынч жүрөрүнө ишенесиңби? Бери түз карап айтчы, ыя, ишенесиңби сен?

Шады ынак Нүзүптүн алдырып баратканын сезип, ого бетер ишенимдүү жүз көрсөтүп, кашын көтөрдү:

– Кайда барат?

Ордо кишилери тарабынан Нүзүп биринчи жолу каяша жеди, биринчи жолу Шерали анын ыгынан чыгып турганын көрдү.

– Болуптур... – деди ал. – Силердин айтканыңар болсун. Мен ишенбейм Мусулманкулдун тынч жүрө алышына, көзүм жетпейт. – Эгер колдон бошонуп алган соң Мусулманкул амир менен байланышып кетчү болсо, же дагы чийинден чыга баштаса, бери кара, Шады шум, сени жерге тирүүлөй көмдүрүп таштайм! Уктуңбу?

Шады ынак ууртун кичине тартып жылмайган болуп койду. Нүзүп артын карабай дивандан чыгып кетти. Эртеси Мусулманкул Шералинин этегине тооп кылып, Нүзүп менен кучакташып, жарашып тынышты. Бирок ич оңолгон жок. Нүзүп менен Мусулманкулдун кастыгы мурдагысынан коркунучтуу тымызын түргө өттү. Эки ортодо Шады ынак барк алды. Башта хандын китеп окуп берер, эрмек үчүн сүйлөшүп отурар ынагы гана болуп жүргөн Шады эми ордодо чечүүчү күчтөрдүн бири болуп баратты.

* * *

Шаарда аталык жок, ордо адамдары үчүн жыргал күндөрдүн бири эле. Улагадан төрүндөгүнүн көзү көрүнбөгөн кең жасалгалуу бөлмөдө чылдырман үнү бирде күчөй, бирде басаңдай бий ыргагына жараша шаң. Үч кыз бураңдашып, кылык көрсөтө кылтылдашып, оюн кызуу. Үлпөт башы Шады-ынак, атайын өкүмдарынын көңүлүн бурушка аракет кылып, күүнүн да, оюндун да ыргагына жараша колун селкилдете алакан уруп, дем берип отурат.

Шерали баягы Шерали эмес, өзүнүн «хан» даражасын сезе баштагандай, манчыркап, не ооз ачпай, не көз ирмебей мелтиреп эле тиктеп отурат. Кыйды ынак бул күү, бул оюн өкүмдарынын көңүлүн анча бура албаганын сезди.

Үлпөт башы көз шилтеп, чылдырманчы да, кыздар ийиле таазим кылган бойдон кетенчиктеп, шырп этишпей кең бөлмөдөн чыгып, үлбүрөгөн ак шайы жабынчылуу кыз көрүнүп, дутарын бооруна ала өкүмдардын алдына келип таазим кылды. Саал тартыныңкы, уялыңкы, жалжылдаган көзү бир баа, тири жан эле болсо көңүлүнө өрт коёрлук жылмайганы бир баа, бир көркөм паризат экен.

Эрини биртке ачылып, элтейип, таң болгонсуп калды Шералихан. Ооду го көңүлү?! Шады-ынак дароо кабагы жаркып, башта дегендей баш ийкей ишара кылды кызга. Ошол замат муңканган бир басмырт күү башталып, сулуу кыз өзү да саал кысталып, ырдай турган ыры аркалуу өз көңүл көйүн ортого сала тургандай жан дүйнөсү түйшөлгөнсүп, анан ашыглыктын сагыныч ырын, бир түркүн кылайып майышып баштады.

Кайдасың... ашык жарым, севгилим,
кайдасың, теңир кошкон жан шеригим...

Кел, менин нурдай жаркын көңүлүм,
кел, менин көрөр күнүм, гүл өмүрүм...

жарашып кеште-кеште кызыл белбак,
жаркылдап байманалы кербен баштап...

эл алдында туу бурап ат ойнотуп,
дөөлөт конуп башыңа таажы болуп...
кел, сыр билгим, сыйкыр түнүм, жакыным,
келсең менин алп көкүрөк баатырым...

себилейин суу болуп ак жолуңа
ирмелбестен төгүлгөн жашым менен...

шыпырайын күндө үч убак кылып таза
жайылган талтал кара чачым менен

Кечиксең... дагы үмүткө байланармын,
кейитер... кетпес, бүтпөс сары убайым...

Келбесең... солур гүлүм, не кылайын,
жол боюнда жалгыз калып, өлсөм өлүп тынайын...

сен эсен бол, сен эсен жүр, кагылайын,
даргөйүндө сактасын бир кудайым...

сен эсен бол, сен эсен жүр, кагылайын...

Ыр бүткөндө жүзү жылуу тарта Шерали-хан өзүнчө башын ийкеп, өзүнчө «а-а, бали-и...» деп күбүрөнүп койду. Жакты! Сүйүнө ишарат кылып, кызды бери чакырып калды Шады-ынак. Ырчы кыз тартыныңкы жакын келип, үлбүрөгөн ак шайынын ичинен тула бою толукшуп, өтө эле эңиле, бир тизесин бүгө өзгөчө урмат белгиси кыла таазим кылды, кылтыя.

– Өңүңүз... жан дүйнөңүз... куп келишкен периште экенсиз... – деди Шерали-хан, андан соң «...ананайын...» деп эркелеткен сөз кошулду дилинен астейдил.

Кыз кайра таазим кылды:

– Сизден... бийик сөз уккан... мен бактылуу экемин, азиретим...

Майдалап өргөн кара чачы желкеден эки бөлүнө бирден куланып, көкүрөгүн жашырып, төгүлө жер чийип токтолуп, үлпөт башынын «а йакшы» дегенин уккан соң кыз акырын кетенчиктеди. Кыз босогодон нары кылт деп кеткенге дейре көз албады Шерали– хан.

– Э-э, – деп, маашырлана кеп жалгады Шады-ынак, – үч кызыгы бар дешет ко бул дүйнөнүн. Бир кызыгы – дүнүйө, бир кызыгы – бийлик, бир кызыгы – көңүлдү куш кылган гөзөл жан дешет... – Ич аңтарып жымыйып тиктеп, бир орду толбос өкүнүч бар сымал баш ийкегилей отуруп маани улады. – Бирине жеткен бирине жетпейт, анысына жеткен мунусуна жетпейт. Айрыкча, көңүл куунаткан гөзөл жан сырдаш табылмакпы кадам сайын, аттиң ай?!

Шерали-хан:

– «Бирагы жокпу?! – деп койду таң калгансып. Ынагы» алдын жымылдатып сүйлөп, акырында негизги айтары маани кебин «бирак» деп баштачу эмеспи. Бирин бири түшүнүп, ар кимиси ар ойдо, бирок бирге күлгөн болуп калышты.

Өзүнчө күлгөн болду Шады-ынак. Тиктеп калды Шерали-хан. Мулжуңдап, жылмаңдап, ханга биротоло сырдаш болуп кеткендей өң көрсөтүп, Шады-ынак Шерали-хандын кулагына:

– Ыя, азиретим, ыя, – деп асте күлө шыбырады, – ушу гөзөл жанды сиздин ак никаиңизге өткөрүп коёлубу? И-хи-хи...

Көпкө унчукпады Шерали-хан. «Йе, жакпай калдыбы бу котоско?! Челип таштаса эми?!» деп, заматта көңүлү бушайман боло калды Шады шум.

Дагы эле кулагына муңканган сагыныч ыр те алыстан жаңырыктап, дагы эле гүлдөй толукшуган жаркын кыздын кашкабагы, тизе бүгө таазим кылган элеси көз алдына тартылып, ынагынын суроосуна не баш чайкаган жок, не баш ийкеген жок. «Бу байкушту зар какшатып, севгили кайда тентиреп жүрөт болду экен?...» Кызга күйгөн түкшүмөл ой көңүлүн ээлеп отурду.

Ынактын жойпу көзү жооп күткөндөй.

– Өтө жаш ко бечара, болбойт ко ыктыяры...

«У! атала...» деп алды дили ынактын, өзү чартылдап:

– Йе?! Йе, ыктыяры болбойт экен, бул дүйнөдө күн көрбөйт! – деп жиберди, ушуну менен тигинин демине демөөр бермекчи болуп. А Шерали башын да ийкей албай, «челип» да таштай албай, ыйламсырагансып жер тиктеп тим калды...

1844-жылдын жазы эле...

Диванхана. Шерали-хан. Бир топ кишилер тегеректеп турушат. Баарында өң жок. Шералини бир ишке көндүрө алышпай турушкан сыяктуу. Баары аны карашат. Баары жикилдешет. Шады ынак. Казый. Жакында өзү шайх-ульислам деп мартабасын көтөрүп, колун берип мюриди болгон кожо. Аскер кишилери. Шералинин чекеси чүрүшүп олтурат. Шерали баягы Шерали эмес. Сакалы, муруту сыпаа чертилген, жүзү агарып, денеси толо баштап, кейпине сөөлөт кирип, көзү тирилип кишини көтөрүңкү тиктеп калган. Ал чекесин чүрүштүргөн бойдон былк этпей ой басып отурду.

– Өзүңүз ойлонуп көрүңүз, о аллаяр... Биз кимбиз, биз сиздин алал ниет кулуңузбуз, сиздин ыкыбалыңыз жүрсүн дейбиз, сиздин даңкыңыз жогору болсун дейбиз... Өзүңүз көрүп турасыз, тыштан душман көбөйүп кетти, амир али тынчыбайт, вилаеттериңизди башкарып жаткан бектериңиздин кабагы салыңкы күндөн күнгө... Себеби эмне? Нүзүп! Тыштан өчөшүү, ичтен нааразылык күчөп кетти Нүзүпкө. Андан калса, ушу сиздин өзүңүзгө да түбүндө ниети түз эмес мунун! Сизге карагысы келбейт, а уулуңуз Мала бекти, байкайсызбы, дайыма жанына тартып, ишке аралаштырып, каныктырып, эл таанытып, жол таанытып, э-э бул туз ургурдун көңүлү алыста, бирдемеге даярдап жүрөт. Хан көтөрүп алгысы бар Мала бекти, бир күнү сизди тындым кылып...

Шерали унчукпады. Анын көзү жылт деп бет маңдайындагы илинип турган чокойго улам түшүп турду. Эч айрылбай байкап турган Шады ынак:

– О, аллаяр... – деди түтөгөндөй. – Ана... Кылган иши ушу... Сиздин бир кудай сүйүп бак берген хан башыңызды пас кылганы... улук даражаңызды кемиткени, тепсегени...

Кожо башын калтылдатып:

– Тоуба... Тоуба... – деп жакасын карманды. – Йе тоуба...

Көзүн сүзүп таазим кылды казый:

– Бу шарттан да тышкары, шарияттан да тышкары.

Шады ынак:

– Бу бейдааратты караңыз а, тизгиниңизди тартып алып, ага да каниет кылбай, ха акырети жокту караңыз а, дагы кор тутуп... – деп, Шералини колтуктап алып, казый күңкүлдөдү. – Аллаяр, ордо мындай болбойт... Ордоңузду кембагалдын үйүнө теңеди... Ордону ордо эткен сөөлөтү кана? Бухарага кеп болдук... Хоразмге кеп болдук... Чыдайлы, бир бейдаарат башка салыптыр ошонун баарына чыдайлы, а бу кордукка кантип чыдайлы, о аллаяр...

Шерали көздөрүн кыбыңдатып, тизесин тиктеп тунжурап отурду. Ал улам кысылды. Бул сөздөрдү абдан көп укту. Шады ынак түшүндө да жанынан кетпей күңкүлдөп. Эмне демекчи? Эмне кылмакчы? Тигилер аны бекем ортого алышкан. Кабагынан көз айрышпайт. Алардын сөзү, алардын сөөлөтү аны былк эттирбей кармап турду.

– Хазрати! Чаап алып таштайын бул кордукту, уруксат кылыңыз! – деп жиберди аскер кишилеринин бири кылычына кол сермеп.

Шерали жалт карады. Жүзүнөн ич толгоо, суроо көрүндү. Баарын кыдырата тиктеди. Баары бир кабак. Баары бир ооз. Баары баштарын төмөн ийип, бирок катаал түр менен, талап менен көңүлүн сурап турушат. Ушундайбы?.. Анын көңүлү оой баштады. Ишеним келе баштады. Нүзүп шылдың кылып чокоюн маңдайына илип таштаган турбайбы! Тизгинин тартып алган турбайбы! Кор кылган турбайбы! Эрди кымтыла баштады. Анын ичиндеги болуп жаткан кымкуутту жазбай көрүп турган аярлар:

– О, аллаяр! Ордоңуз көн чокой атыкты! – дешип дагы көкүтүп эсине салышты.

– Ал! – деди Шерали катуу арданып кетип. Дуу-дуу. Шады ынак ошол замат бир парча кагазды алдына кармай берди:

– О, биздин дидары айдан тунук, күндөн жылуу атабыз...

– Бул эмне?.. Оку! – деди Шерали. Шады ынак окуган жок, жакын ийилип сүйлөдү:

– Жарлык...

– Чокойгобу? Ошого да жарлык керекпи? Алып ташта!

– О, хазрати аллаяр... – деди Шады ынак, иш эми ток этерине жакындап келгенде баары дем тартпай карап катып калышты. – Чокойду коюңчу... аллаяр, чокойду кудай алсын!.. Муну ойлоп тапкан башты, муну көптөн боюбуз жетпей жаткан жерге бекемдеп илген башты, о кудурети күчтүү хазрати, а ошону алуу керек оболу... Кудай алсын чокойду...

Шерали түшүнбөй калды. Туш-туштан туруп түшүндүрүштү. Шерали чоочуп кетти:

– Йе!..

– Ушул зарыл... Ушундан башка жол жок... – дешип туш-туштан жабылышты.

Кожо:

– Бейнамаз! Бейнамаз башкарган ордонун касиети болбойт... Иши азали алга кетпейт... Ойлон, углум... Жакшы ойлон...

Казый:

– Жол ушул ки, сиз ишенип берген тизгинди сиздин каалооңуздай, кудайдын каалооңдой кылып жакшы алып жүрө албаса, андай адамды, ким гана болбосун, сиз аны жазалап коё аласыз...

Кожо:

– Хандын жазасы кудайдын жазасы. Кудайдын жазасы күнөөкөрдү күнөөдөн сап кылат. Бейнамаздын кылган күнөсү башынан ашып кеткен. Ошо күнөөсүн күнөө эткен башын кошо алып таштамайынча анын боюнан күнөөсү сап болбойт!

Шады ынак:

– Таксыр, ыштанына чычкан колун аябайт. Билинер иш билинди. Энди ким кимибиз болсок да аянбайбыз. Ким кимибизге болсо да, таксыр, эми аянуу – жексен болуу...

Ушу менен Шады Ынак Шералини ачык коркутту. Шерали көзүнүн үстү менен дагы баарын кыдырата тиктеди. Буга да бардыгы бир кабак. Буга да бардыгы бир ооз. Шералинин айласы куруп кетти:

– Майли, тизгинди алып коёлу... Кетсин, тоого барып күнүн көрө берсин... – деди акырында.

Шады ынак:

– Хм! Нүзүп сиздин артыңыздан Коконго ээрчип келген бир селсаякпы! Нүзүп деген элеттин бир жагын чоюп жүргөн бий! Нүзүп дегендин артында элеттин жер түтөгөн көп колу турат! Майли дейли, аны бүгүн тоого кетирип жибериңиз, ошол бойдон тынч жатып калар бекен, а эртең үйүбүздүн үстүнөн каптаган сел болуп кайра кирип келсечи?.. Ошондо, аллаяр, азиз башыңызга күн түшүп калбас бекен а?.. Ушул! Кишинин бир мерте көңүлүн оорутуп алган соң, андан нары аны аяба, биротоло түбүнө жет, биротоло жексен кыл, антпесең ал сенин түбүңө жетет, ал сени жексен кылат. Акылдын талабы ушул...

Кожо:

– Душмандын өлүк болгону жакшы. Камтама кылбайт эч качан...

– Элеттин колу... Жер түтөткөн көп колу... – деп шалдырап күбүрөдү Шерали. – Гм...Гм... Нүзүп өлгөндөн кийин каптап келбейбиз дедиби элеттин жер түтөткөн көп колу?...

– О, аллаяр... – деп ууртунан жымыйып күлдү Шады ынак. – О, аллаяр, өлгөндүн артынан эч ким ээрчиген эмес алмусактан бери эле... Нүзүптөн кийин элеттин бирлиги кетет. Ар уруу өз бетинче болуп, бийлери эптеп ордого жакындашуу аракетине өтөт. Кудайга шүгүр, сиздин тамырыңыз элетте Нүзүптөн кем эмес, ханике аим Жаркындын атасы Токтоназар бийдин балдары менен датка тагаңыз Ажыбайдын балдары бар, ана, алар эми сизди ээрчибей кимди ээрчийт! Баары эсептелген... – Шады ынак жеңинен башка бир парча кагаз алып чыгып, ийилип Шералинин алдына кармады. – Мына бу...

– Бул эмне?

– Бу сиздин улук жарлыгыңыз...

– Дагы кандай жарлык...

– Нүзүп бийдин башка энеден туулган Кожомурат деген үкеси бар. Ана ошо Кожомуратты датка кылып көтөргөн улук жарлыгыңыз...

Шерали Шады ынакты аңкайып карады.

Шады ынак:

– Ар кимге жан керек. Ар кимге жакшы жашоо керек. Ар кимге сый керек, даңк керек, бийлик керек. Теңирим пендесин ушундай жараткан. Кожомураттын жолунда бир келтек жатат. Бир учунан кармаса – өч кууп ордо менен касташуу, касташканда абире алары күмөн. Экинчи учунан кармаса – ордо менен достошуу, мартабасын элет ичинде көтөрүү. Кожомурат пенде. Сөзсүз келтектин экинчи учунан кармайт. Элетте көр намыс деген болот, биз аны ошол көр намыска кетирбей алаксытып келтектин экинчи учун көрсөтүп коюшубуз зарыл. Алаксыта турган мына ушул...

Шерали алдырды. Кабагын чытып, башын акырын ийкеди. Көңүлүнө Нүзүптү жек көрүү күчөп келди. Эрди томсоруп кымтыла баштады. Жашырын уюшкан Нүзүптүн кутумдары дуулдап турушту. Ошо казый, бир кезде Нүзүпкө аталык вазийфасына өтүшкө кашкайып туруп тарыхтан мисал, шарияттан жол таап берген шум казый эми бул иш шариятка түз деп, кашкайып туруп бир риваят окуду. Шады ынак биринчи жарлыкты калтыраган колдору менен Шералинин алдына кыстап сунуп турду. Шерали кайра ыргылжың боло түштү. Жарлыкты алганы келатып колун кайра тартып баратканда, Шады ынак колун акырын кармап токтотуп калды:

– Таксыр... – деди ал кубарып. Шерали жоошуй түштү. Шады ынак анын эмне кыларды билбей шалдырап турган колун бекем кармап, баш бармагына салынып жүргөн хандык мөөргө сыя сүртүп туруп, жарлык кагазга басып салды.

– Кантип эми муну... – деди Шерали каңыры түтөгөндөй кыңырылып.

– Аны бизге коюңуз!

Шерали эрдин тиштенип, чекесин чүрүштүрүп отуруп калды. Шады ынак хандык мөөр басылган кагазды алыстан көрсөтүп, бийик кармап өзү тооп кылып алды:

– Таксыр! Энди кут этмей жок. Сөздүн ачыгы ушул ки, эми бул бир парча кагаз желдеттин колуна берилсе, азыр эчтемеден капары жок Маргаланда жүргөн Нүзүп аталыктын башы кетет, а кокустан Нүзүп аталыктын колуна түшүп калгыдай болсо, о кудай анын бетин нары кылсын, анда... сиздин азиз башыңыз кетип калышы да бар... Башталар иш башталган соң, эми кимибиз болсок да бекем турушубуз зарыл. Кетенчиктөөгө болбой калды эми...

Күн мурунтан бекем уюшуп алышкан кутумдар уурттарынан жымыйышып, кубанычтуу көздөрүн үлдүрөтүшүп, Шады ынактын сөзүн кубаттап баштарын акырын ийкеп турушту.

Шерали диванханадан эзилип чыкты. Эшмат, Ташмат деген евнухтары колтуктап алпарышып, төшөк үйүнө эс алууга жаткырышты. Бир пастан кийин үстүнө Жаркын айым кирди.

– Падиша... – деди акырын, Жаркын айым бетине үңүлүп. Шерали көзүн ачты. Жаркын айым анын кыйналган кебетесин көрдү:

– Ыя... Эмне болду ыя?.. Табыңыз айнып калдыбы, ыя?.. Табыпты чакыртайынбы?..

Шерали кабагын бүркөп толгонуп кетти. Соо. Жаркын айымдын көңүлүнө күдүк түшө баштады.

– Падышам... Эмне болду? Эмнеге капасыз?..

Шерали унчуккан жок.

– Диванда эмне иш бүтөдүңөр... Эшикага эшикти бек тосту го... Бир жашырын иш болдубу?.. Ыя, падишам?

Шерали шарт бурулуп карады. Анын көзүнөн заар көрүндү. Жаркын айымдын жүрөгү селт дей түштү. Ушул учурда кичинекей ханзаада Кудаяр ойноп тапырап кирип келди.

– Бар... Тышка ойно... – деп Жаркын айым баласын ынжыктаганына болбой кайра чыгарып жиберди. Жаркын айым эрин жубатып тиктеди:

– Вай, падишам... бүгүн каарыңыз бетиңизге чыгып калыптыр да... Жыйырма жыл бирге өмүр кылып, мен сиздин мындай кебетеңизди көргөн жок элем. Вай, падишам, сизге да кайрат кирип келеатырыбы дейм!... – Жаркын айым жумшак мүнөз менен шыңкылдап күлдү. Шерали чаңырып жиберди:

– И! Такыр кайрат кирбейт буга дедиңер беле! Ошон үчүн кордоп жүрдүңөр беле!

Жаркын айым томсоро түштү. Жүзүнө кан толкуп чыкты. Кайра кубарып кетти.

– Сиз соо эмессиз! Сизди кордоп жүргөн ким экен? – деди ал Шералиге кадала тиктеп. – Сиз соо эмессиз... Ушу сиздин колтугуңузга бирөө суу бүркүп жүрөт окшойт...

– Суу бүркөбү? Мага астайдил кишилер айтып жатышат!

– Кайсы астайдил кишилер?.. Сизди кимдер кор кылып жүрүшүптүр?..

Шерали дулдуюп кайра нары карап жата кетти. Эчтемеге түшүнбөй Жаркын айым селдейип туруп калды. Чыдабай:

– Ой, бери карап туруп айтыңчы... Сизди кимдер кор кылып жүрүшүптүр? Бери карап айтыңчы! Нүзүкем Маргаландан келдиби? Ал эмне дейт?.. – деп, эринин төшөгүн тартып бетин ачты. Шерали дагы жулкунуп чыканактап тура калып чаңырды:

– Нүзүп! Нүзүп акеңиздин күнөөсү башынан ашып кеткен экен! Ошол күнөөсүн күнө эткен башын кесип келүүгө жарлык бердим! Уктуңбу!

Жаркын айым селдейе түштү:

– Таш оозуңа! – деди ал эринин көзүн тиктеп. – Ой, сен эмне дейсиң?..

Шерали кабагын түшүрдү:

– А ошо... Күнөөсү башынан ашып кеткен экен...

– Кокуй, өлүгүңдү көрөйүн жарым эс... Чын айтып отурасыңбы сен? Анын күнөөсү Таласта куучуюп жылкы айдап жүргөн жериңден апкелгени! Эмне эле эшигин тостуруп күңкүлдөшүп калды десе булар... Кокуй, кокуй... Эгер бүгүн Нүзүптүн башы кетсе, эртең сеники кетет. Ушуну билбейсиңби, кокуй, жарым эс? Сен ошону менен кишисиң! Ой, сен ошону менен кишисиң, кокуй!..

Шерали соолуга түштү. Ал ошол замат Шады ынактын акыркы сөзүн, кебетесин көз алдына келтирди. Жүрөгү атып кетти. Эмне кылат? Кандай кылат? Шералинин акылына эчтеме калбай башы кеңгиреди. Кайсыл жагына бой урса да алды жар эле. Төшөгүнө кайра шалдырап жыгылды.

– Эми эмне кыл дейсиң мени?.. – деди эрки бош Шерали шөмтүрөп, кирпигин араң кыбыратып.

– Сен жерге кир! Эшмат! Эшмат!

Сырттан дүбүрөп куралдуу евнух кирип келди:

– Лапбай, ханике айым... – деди колун бооруна алып босогого токтой калды.

Жаркын айым:

– Эшмат! Эшмат! Айланайын... Сен Абил жүзбашыны билесиңби? – деди аптыгып.

– Билем. Билем. Сизге үке келген жүзбашы жигитпи?

– Ошол Эшмат... айланайын, Эшмат... Ошону таап келчи быякка!

– Куп, ханике айым, куп...

– Жөнө! Тез!

Евнух кетенчиктеп жүгүрүп чыгып кетти.

Бир аш бышым убактан кийин Абил мурунку жарлыкты токтотуу жөнүндө Шерали-хандын мөөрү басылган шашылыш жарлыкты алып, жигиттерин ээрчитип акырын шаардын дарбазасынан чыгып, Маргалан багытын карай артынан чаң чубалтып катуу жүрүп кетти.

Маргалан. Бектин сарайы. Нүзүп балахананын төрүнө салынган төшөктө эс алып жаткан эле. Маргаландагы аскерлерди тескеп, бир сыйра көздөн өткөрүп, кай бир жигиттер менен эркелетип сүйлөшкөн болуп, сырдашып, аскерлердин зардесин, демин текшерди. Аскерден тартип кеткен болучу. Сыпайлар базар күндөрү базар аралап, элге тийишип жаңжал чыгарышып, бозо кыдырып ичишип, мас болушуп, бейбаштык кылышат экен. Кимдир бирөөлөр түндө бир топ болуп аттанып чыгышып, тоо тараптан четки кыштактардан бир үйдү талап келишкен имиш. А бек болсо кылмышкерлерди али издебептир. Нары ойлонуп, бери ойлонуп, бекке жини келип жатып, ичи тытылып, көзү илинбей койду Нүзүптүн.

Коргондо акырын кобурашкан үн угулду да, жанына миршаб эрчитип, балаханага Маргаландын беги чыгып келди. Нүзүп козголбоду.

– Таксыр, – деди бек акырын, – ордодон жарлык келди...

– Кандай жарлык экен? Ким бериптир? – деди Нүзүп бурулуп карабай, эчтемени сезбей. Бек табалап тиктеп көзүн кылыйтып:

– Бул жарлык акыры бир күнү келиши керек эде. Мына, биз дагы кудай деген кул экенбиз, зарыгып күткөн күн келди! – деди үнүн көтөрө.

– Эмне экен?

Нүзүптүн кыжыры келип калды. Жанарак гана жөргөмүштөй бүрүшүп алдында отурган бек ага заардуу тиктеп турган эле. Ордонун чабарманы желдет болучу. Нүзүп тааныды. Маткерим йасаул! Кирпигинен бери чаң. Атка урунуп калганбы, денесин араң көтөрүп, балахананын кадасына сүйөнүп турду. Бек жарлыкты бийик көтөрүп өзү тооп кылып алды:

– Аллаяр сайид Шерали-хандын жарлыгы!

Кымкап тонун ийнине тарта Нүзүп өйдө болду:

– Келе бери...

Бек шылдыңдап ууртун жымыйтып күлдү:

– Таксыр, аталык... Кантели, тагдыр ушул экен, жана гана сиз бизди желдеттин алдына салып берем деп, кудайды эсиңизге албай текебер кеп урган эдеңиз, чоң кудайдын каалоосу ушул экен ки, биз эмес сиз желдеттин алдына түшө турган болупсуз. Мына! Нүзүптүн башын кесип алдыма апкел деп, бактияр сайид Шерали-хан мага улук жарлык жибериптир...

– Эмне!

Бек сөөмөйүн кезеди:

– Чуу көтөрбөңүз. Пайдасы жок. Чуу көтөрбөңүз – деп акырын зекип сүйлөп, жарлыкты Нүзүптүн алдына ыргытып таштады. Нестейе түшкөн Нүзүп кагазды жерден алалбады. Көзүнүн кыйыгы Шерали-хандын «эки жакалуу» деп аталган кол мөөрүн тааныды.

Байкап турган бек:

– Аталык, кимдин коргонунда отурганыңызды билишиңиз лазим. Сиз камалып отурасыз. Удайчыларыңыздын алда качан иши бүткөн. Сиздин ар кандай аракетиңиз ишти башкача кылып жибериши күмөн, – деди. Нүзүп жооп айткан жок, козголгон да жок, чакчарылып турган душманын тиктеген да жок. Ой баса түштү. Бу жарлык оюн эмес. Жан тартар, күйүшөр адамдардан бирөө да жакын ортодо жок, өңкөй кастардын камоосунда калып турганын ошондо сезди. Ал өйдө карабаган бойдон Маткерим йасаулга:

– Желдет... – деди токтоо.

– Лапбай, таксыр...

– Кайдан алдың бул кагазды?

– Дивандан, таксыр. Аллаярдын колунан...

– Гм... Желдет...

– Лапбай, таксыр...

– Тактын бет маңдайында илинип турчу чокой чалынбадыбы көзүңө?

– Жок, чалынбады, таксыр.

– Гм... Чын экен го. Желдет...

– Лапбай, таксыр...

– Диванда Мусулманкул да бар бекен?

– Жок, таксыр. Ал киши көрүнбөдү.

– Гм... Жаңжалды баштаган ошол өзү. Карачы, жыландан сак. Ушул иш жүзөгө ашып кетсе ичинде, ашпай калса тышында калмакчы...

Акылы талый түшкөндөй, оюна бир беткей бирдеме келбей, оозуна сөз кирбей биртке шалдырай калды. Жакын турган бектин этегинин шуудур этиши аны ойготуп жибергендей болду. Эсине келе түштү. Душманынын табалап турган кубанычтуу көзүн кайра сезди. Чыйрала түштү. «Йе, тагдыр ушудур... Тагдырдан ким качып кутулган...» Ал башын көтөрдү:

– Ушинтип, буйрукту Шералинин өз колунан алдым дечи, желдетим, – деп желдетти карады.

– Ушундай, таксыр...

– Ха, мейли... Тузума койдум. Тузум урар, эмгегим урар... Мен кетермин, мени кетирген колдор көп узатпай аны да жолго салар...

– Таксыр... Мени тез кайт деген... Кайтпасам... – деди желдет бир аз кысынып. Нүзүп кашын көтөрүп, башын акырын ийкеди:

– Куп. Тез кайткың келсе тез кайт. Сенде эмне айып, кылган ишиңди билесиң... Майли... мен эки иракет намаз окуп алайын. Чыдасаң намаз бүткөнчө күт. Чыдабасаң оң жагыма ыкрар кылып салам бергенде кир... Ошент... Ишиңди бүтөр...

– Куп таксыр...

Нүзүп ордунан тура баштады. Бек алдын тороду.

– Таксырым, тышка чыкпайсыз!

Нүзүп душманынын суук кабагын карабай:

– Күндү бир карап алайын, алдымды тоспо наадан болбосоң. Даарат алып алайын, кыянаттык кылба кайридин болбосоң, – деди.

Томсоргон миршабдардын ортосунан өтүп, балахананын эскирип калган жыгач тепкичтерин жай кычыратып басып жерге түштү. Баары чоочун. Жыйырмадай куралдуу сарбаз эки топ болуп күңкүлдөшүп сүйлөшүп турушкан экен. Нүзүптү көрүп, таң калып карашып, дым болуп калышты. Нүзүп алардын ичинен Жар-Мазар аскер туругунун бир жүзбашысын тааныды.

– Ассалому алейкум... – деп, Нүзүп акырын салам айтып өттү. Сарбаздар дуулдап алик алышып, сыпаалык үчүн колдорун бооруна таазим кылган болушуп калды.

Миршабдардын коштоосунда барып, чоң чынар теректин түбүнө отуруп даарат алды. Күн кечтеп калган эле. Бактардын башында кандайдыр бир чымчык чыйт-чыйт деп сайрап, пыр-р этип шактан шакка учуп жүрөт. Жолбун жел бариктерди акырын шыбыратып, кайта дым болуп жок болуп кетет. Ава дагы эле күндүн табы жыттанат. Нүзүп кыбыланы карады. Күндүн чарасы кучак жеткисиз болуп, көлкүлдөп тиги бийик коргондун нары жагынан көрүнгөн узун теректердин башына конуп калган. Ал улам кызарып, ыйлаган көз өңдүү улам жашылданып, теректердин шиш учтарына тытылып, чөгүп баратты.

– Миршаб... – деди Нүзүп акырын. Жакын турган миршабдын бири леп этип келип ийиле калды:

– Лапбай, таксыр...

– Желдетке айтчы... Бактын ичине келсин... Мен намазды көк чөптүн үстүнө окугум келип турат...

– Майли, таксыр...

Нүзүп жайнамаз алдырган жок, бакты аралап барып, өзүнүн ак ботокурун жазып, көк чөптүн үстүнө жайды.

Сынбасты уста жаратпаптыр, өлбөстү кудай жаратпаптыр. Тамырыңда кан толкуп турган жаш кезиңде, оозуңдан чыккан жел жер өрттөп турган ооматың бар кезиңде өлүм сенин алдыңда алсыз болуп сезилет экен, а денеңден жылууң, башыңдан ооматың кетип, тигил белгисиз дүйнөгө жөнөргө улам жакындап баратканын сезген сайын аны көп эстеп, ошол жактын камы түшө баштап, а түгүл өлүм капыстан карп-курп бет маңдай чыга калганда да, мүмкүнчүлүгү болсо эле, ойлонууга убакты табылса эле, адам дароо ошол жакты эстейт экен, ошол жактын камына түшөт экен. Барар жери, токтор жери белгисиз бир алыс жолго чыкканда, камдуу жолоочу кандайдыр эң керектүү куралын колтугуна кыса жөнөгөндөй, бу мусулмандын да кудайга кулдук кылуу көнүмүшү эсинен чыга койгон жок.

Ал чөк түшүп башын ийип көзүн сүзүп отурганынан былк этпеди. Ошол даараттуу, таза сөөлөтүндө өз өмүрүнүн эсебин өзү тескей, түркүн, түкшүмөл ой курчады. Ыя? Ал ордого эмне үчүн келди эле?.. Эмне иш бүтүрмөкчү эле?.. Эмне иш бүтүрдү?.. Эмнеси бүтпөй калды?.. Гм?.. Кимге акарат кылды?.. Кимдин көңүлүн калтырды?.. Эмне үчүн кутуму көбөйүп кетти?.. Эмне үчүн?.. Кокус бирөөгө катуу айтса, кокус бирөөгө зыян кылса, ошол миңдин пайдасы үчүн эле го?.. Четтеп басканды кылыч менен коркутуп ортого күргүчтөсө чачылганы жыйналсын деген жан-далбас эле го, ыркы кеткен ордо бириксин деген ниет эле го?.. Көңүлү көтөрүлө түштү. «Менин өлүмгө баратканым менин жамандыгымдан эмес... Менин каталыгым эмес...» деп ойлоду ал. Өзүн өзү жубатты. Өзүн өзү өлүмгө даярдады. Эсине баягы шумдуктуу түшү келди. «Гм... Баары келди... Бийик тоодо жүргөнүм мартабам көтөрүлгөнү болду. Бир тоодон туруп сунсам, колум бир тоого жеткени даңкым алыска кеткени болду. Бир тоодон кыйкырсам, бир тоонун кийиги шагырап үрккөнү бийлигим чоң болду... Баары келди. Баары өзүм жооругандай келди... Аттиң, ошондо түзүк моокум канбай калды эле, бат ойгонуп кеттим эле... Мына а да келди...» Ошондо уланып көзүнө элет келе баштады. Ана, шаңкайган улуу тоолор... Көкмөк чөп... Бейгам күн... Кымызга ныксыроо. Кылкылдаган гүлдөрдү жай ыргап жыпарын авага сээп жүргөн жумшак жел, сыпаа жел... Ана, туугандарынын көздөрү... Ана... Булар Нүзүптү эзди. Жүрөгү тыз-тыз тилинди. Акырын сызылып, качанкы өлгөн энесинин көкүрөк жытын эстеп алган жетимдей каңырыгы түтөп кетти. Эй, көздөн ным чыкса даарат бузулат! Ал капилет келе калган жашык сезимин силкип таштады. Эй, не болуп турасың! Өлгөн жалгыз сенби! Атаң кана!.. Өзүн-өзү кайрады. Жаш чыгарбай күчүркөнүп көзүнүн кычыктарын кызартып токтотту... Бүттү бул дүйнөнүн кызыгы. Бүттү бул дүйнөнүн оюну. Бүттү. Бүттү. Бүттү бул дүйнөнүн азабы...

Туруп намазын баштады:

Бисмилла рахман рахим... Аллау акбар, аллау акбар, аллау акбар...

Ал сеждеге баш койду. Ошол учурда чөп шырт-шырт деди. Жылан акырын сойлоп келаткандай улам жакындап келатты. Билди, ким келатканын билди. Дүрүлдөп эти жыйрылды. Бирок, жүрөгү козголгон жок, аны акылдын күчү, эрктин күчү бек кармап турду... Шырт... Шырт...

...Абил жетпей калды. Ал коргондун дарбазасына келип, кара тер баскан атын теңселтип үзөңгүсүнө тура калып:

– Аталык! Ой, аталык ушундабы! – деп кыйкырды. Желдет ичкери бактын ичинде Нүзүп аталыктын башынын канын сарыктырып, кандын жытына мас болуп, көзү кызарып, шалдырап отурган эле. Үн чыккан жакты көңүлкош бир карап койду...