кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Экинчи бөлүм

IV

Өкүмдардын алдына таазим кылып келели дешип шаардын бай атанган, акылдуу атанган адамдары көп тартуулары менен ордого агып келе башташты. Нүзүп аларды өзү тосуп, өзү күтүп, өзү сүйлөшүп, өзү узатып турду.

Бир кечте Нүзүп шаардан казыйын жалгыз чакырып алды. Ортого түрдүү жемиш, тамак толгон дасторкон жайылды. Үчүнчү киши отурган жок. Нүзүп ордо тартиптеринен, шарият эрежелеринен, тарыхтан, көбүнчө ордо тарыхтарынан кеп тартты. Хандын даражасын, увазирлердин ордун, аскер башыларынын мүмкүнчүлүктөрүн сурамжылады. Мадали-хандын алдында да ушундай бүрүшүп чөк түшүп отуруп, атасы ойноп жүргөн кызга жолоого шарият жолун таап берген казый, жазында эле дин исламдын зулпукору деп Амир Насрулланы кучак жайып тосуп алган казый, азыр Нүзүптү баскынчыдан куткаруучу кызыл от деп саймедиреп, этегине тооп кылып отурду. Диртилдеген аяр, жыландай сак көздөрү менен алдыртан тиктеп, Нүзүптүн оюн улап, тушмалдап, ага ыктап сүйлөп отурду. Ал увазирлердин акылын, аскербашылардын эрдиктерин баса айтып, көтөрүп мактады. Нүзүп бузган да жок, кубаттаган да жок. Казыйдын көзүнөн көзүн албай, былк этпей отуруп укту. Шум казый жаңгерге кандайдыр бир башкача жооп, башкача мисал керек болуп турганын болжоду.

– О, хазрати... Ар заманда ордо тартиби ар башка боло берген... – деп, жем таштап, Нүзүпкө көз кыйыгын сала отуруп, жумшак сөз баштады – Тиги эле алмустактан бери акыл алдыда жүрүп келет го. Бардык замандарда, бардык убактарда паша өзү өкүмдар боло берген эмес. Жол – акылдыкы...

Нүзүп казыйдын кабагын бирпас тиктеп калды. Казыйдын дили толкуп кетти. Үстүнөн чыкты болжол ою! Анын аяр көкүрөгү бул тик көз тоолук бийликке өтө турган жолду оттун үстүнө да, суунун үстүнө да салып кетүүгө дапдаяр экенин эч жазбай сезди. Шашылды. Кыю келип турганда, буга кызмат көрсөтүп, жагып, жакындашып, мындан өзү да нап чыгарып калууга шашылды. Жол бар. Ошол бар жолду гана бар деп айтып бериш керек. Бүгүн бул айтып бербесе, эртең башка бир ыкыбалдуу, ырыстуу бирөө айтып берет да. Казый киши көңүлүн арбаган жылуу, жапыс, жумшак үн менен:

– О, хазрати... Бийлик эгеси паша... Бирак... – деп, эритип тартып сүйлөдү. – Бирак, паша, демек бийлик эгеси, мамлекет ишин кудайдын каалоосундай жүргүзүп кетүүгө акылы толбогон жаш болсо, ушул учурда мамлекеттин пайдасы үчүн, ошол мамлекетте күн көрүп турушкан мусулмандардын тынччылыгы үчүн, башка бир акылга дыйкан, ишке канык адамды ханга аталык бийлигине чакырса болот... Дагы, агер бийлик эгеси демек паша жашы толук туруп, бирак мамлекет иши башта башынан өтпөй, ага ылайык камы болбой, тарбиясы болбой, иштин көзүн билбей турса, ушул учурда йам башка бир жетик адамды ханга аталык бийлигине чакырса болот... Албетте, бул мамлекеттин пайдасы үчүн! Бул бийлик эгесинен бийликти зордуктап алганга жатпайт. Адалаты ушул ки, бийлик эгесинин бир ооз макулдугун алып коюу зарыл... О, хазрати... Аталыктардын вазифасы жүдаа зор болгон. Аталык таксыз падишах, тажысыз өкүмдар...

– Ушундайбы, казый? – Канчалык сактанса да Нүзүптүн ички толкуну тышына чыкты. Уурту биртике тартыла түшкөн жылмаюу сездирип койду. Казый жайнап кетти.

– Ушундай, хазрати... ушундай...

– Мисалы?

– Амир Темир! Жаңгер Амир Темир Көрөгөн! Заманында Чыңгыз-хандын тукумунан Жагатайдын кызын алып, ага күйөө болуп коюп, кийин анын хан балдарын хан деп төргө отургузуп, а бийликти өзү туткан! Тилле теңгелерге алардын ысмын чийдирип, а тилле теңгелерди өзү жумшаган!

Казый күн чыгыш элдеринин көп ордолорунан мисалдарды бир баштан санады. Бирок Нүзүп кызыгып укпады. Ага шылтоо эле керек болучу. Амир Темир Көрөгөн жетишти. Ал унчукпай ойлонуп, дагы эле казыйдан көзүн албай, жылан ойноткон индустай кубарып тиктеп ойлонуп отурду.

– Гм... – деди Нүзүп, сөзү түгөнүп кайсаланып калган казыйга. – Айтчы, казый... өзүң айткан кудайдын каалооңдой кылып ишти алып кеталар бекен биздин ханыбыз?..

Казый шашып башын чайкап жиберди:

– Жогуңуз, хазрати! – деди ал туталана, колдору калтырап жакасына барды. – Жогуңуз... Жогуңуз... Мындай ишти башынан өткөрбөгөн... – Казый чыдай албай кеткенсип жер тиктеп башын чайкады. – О, хазрати... О, хазрати...

– Казый! Башыңды көтөр.

– А... а... – Казый апкарып, бозоргон нурсуз көздөрү диртилдеп кетти. – Лапбай, хазрати... лапбай...

– Башыңды көтөр, казый. Көзүңдү көрсөтүп отуруп сүйлөш. Сүйлөшкөн кишимдин кабагын көрүп отурбасам канбаймын.

– О, хазрати!.. Бечара кулуңуз акыйкатын сүйлөп койду. Бир кашык канын кечип койгойсуз... О, хазрати, көрдүм... кеп уруштум... үнүн уктум... О, жок, хазрати!.. Кокон ордосу акыл толо каллаге муктаж, каруу толо колго муктаж...

– Сенин оюңча ордого аталык зарыл. Ушундайбы, казый? – деди Нүзүп казыйдын ичин аңтарып тиктеп.

– Кана, андай аталык кыла турган акылга дыйкан кишини кайдан табабыз? Ким бар? Айтчы, сен ордону, ордо кишилерин жакшы билесиң, айтчы...

Нүзүп казыйдын көзүнүн кыймылын, бетинин кыймылын, уурттарынын тартыла түшкөнүнөн бери көз айырбай карады. Казый сүрдөп мукактана түштү. Тамагына тура калган шилекейин жутуп аптыгып:

– О, хазрати! – деп жиберди, чоң усталык менен кабагын кубултуп, каңырыгы түтөгөндөй. – О, хазрати, дилиңиз адал экен, о сиз адалат ишке жаралган адам экенсиз! Сурап отурасыз а!.. – Ал жылтырап жаш келе түшкөн боз көздөрүн калкалаган болуп эзилип калды. – О, хазрати... Сиз өзүңүздү өзүңүз билбес экенсиз, өзүңүздү өзүңүз пас кармар экенсиз...

Нүзүп андан наркысын айттырбай колунун учун биртике көтөрүп казыйды токтотуп койду. Унчукпай тоолуктардын кымбат саналган ак төөнүн жүнүнөн жасалган быязы чепкенин апкелдирип казыйдын ийнине салдырды.

...Дүйнө бүткөн дүйшөмбү күнү. Шаардын эстүү, көздүү атанган, бай атанган, тектүү атанган адамдары ордонун жасалгалуу диванханасына жык толду. Тегине, даражасына, амалына жараша кең диванхананын так турган төрүнөн эки босогосуна дейре кырка тартып, эшик жакты жал-жал карашып, тымтырс күтүп турушту.

– Хазрати!

Көпчүлүк толкуп, күбүр-шыбыр болуп, эшикти жүткүнүп карашып, кайра тымтырс болуп катып калышты. Эң алдында Шерали көрүндү. Элдин башы баары бирдей таазим кылышып, колдорун боорлоруна алышып, көздөрүнүн төбөсү менен эптеп карашып турушту. Шералинин оң колтугунда Нүзүп, сол колтугунда Мусулманкул, артында шаардын казыйы, шаардагы аскерлердин саркери. Баягы Шерали. Баягы мокок көз, баягы маңыроо жүз. Ал, үйрөтүлүп коюлган го, акырын салам айтты, эриндери эле кыбырагандай болду. Көпчүлүк дүрүлдөп алик алды. Ал улам жакындаган сайын кишилер баштарын дагы төмөн ийип, кай бирөө бүк түшүп, бутуна жыгылып жатты. Шерали бүк түшкөн кишилердин башынан акырын аттап өтүп келе берди. Башында эски кийиз ак тебетей, үстүндө шөлбүрөгөн тепме чепкен, бутунда баягы уурттары дулдуйган чоң көн чокой. Белинде кынсыз кылыч. Ашырдын канына чыкталган баягы көк болот кылыч. Аны ошол бойдон алпарып такка отургузушту. Көпчүлүк кут болсун айта башташты. Шералинин кулагы дуулдап, эми кайда тиктерин билбей, эки колун кайда коёрун билбей, маңыроо тартып, давдырап отуруп калды. Диванхана аарынын уюгундай күүлдөп жатты.

Нүзүп күүлдөп турган диванхананы бир нестейтти. Ал алдыда тургандардын биринин белиндеги учу түз шамшарын кынынан сууруп алды да, кайра ээсине сунду:

– Мырза, мына бу шамшарды тетиги жерге какчы... – Хандын тагынын бет маңдайын, дубалды көрсөттү. – Тетигил жерге...

– Куп, таксыр... Жаным менен...

Шамшардын ээси бүрүшүп таазим кылып, буйрукту тез орундатууга киришти. Бул эмнеси? Бүт диванхана дем тартпай окуяны карап калды. Бул эмнеси? Нүзүпкө сырдаш элеттин бийлери да билбеди. Бул эмнеси?

Шамшардын ээси бутунун учу менен туруп, колу жеткен жерге шамшарын саяйын деди эле, Нүзүптүн:

– Өйдө! – деген үнүн угуп селт дей түштү. Боюнун болгону ушул эмеспи. Дагы кантип өйдө боло алмакчы. Шырп деген дабыш чыкпай диванхана нестейди.

– Көтөргүлө! – деди Нүзүп катуу. Жакын турган кишилер шашкалакташып, көптөп аны өйдө көтөрө башташты.

– Ийниңе чыгар бириң!

Ого бетер калтаарышып, шамшардын ээсин биринин ийнине тез чыгарылты.

– Как! Так ошерге как!

Шамшар диванхананын саймалуу дубалына кагылган соң, Нүзүп Шералинин бутун жакын тургандарга көрсөтө:

– Тарткыла бутун!

Өтө кадырман киши саналып алдыда турган кожолор эле. Колдорун аппак сакалдарына алпара ичтеринен тоба келтиришип бирин-бири тиктешип калышты.

– Өй, селделер! Тарткыла дейм бутун, колуңарга жугуп калабы?..

Көздөрүнүн алды дирилдеп Нүзүптүн жини кычап келди. Ал өзүн араң токтотуп турду. Кожолор буйрукту эми түшүнгөндөй болушуп:

– А... – дешип, бат эңилип Шералинин чокоюна жабышып калышты. Нүзүп соолуга түштү. Эгер сөзүн эки кылгыдай болсо алардын кожолугуна, ыйыктыгына карамакчы эмес. Ал элеттин кишиси. Пайгамбар уруусу деп кожолорго сыйынуу, алардын атын азиз тутунуу анын мойнуна мине элек болучу. Кишилер ого бетер таң калышып, алдыртан бири бирин тиктешип, бирок шыбырашышка аргалары жок болуп, турган турган жеринде селдейип турушту. Кожолор Шералинин уурттары дулдуйган, чаң, аттын тери каткан чокоюн ичтеринен кор болушуп жатып чечтиришти. Сасыган чулгоолорун араң чыдап бүктөшүп, чокойдун кончуна тыккан болушту. Шерали кыпкызыл болуп, буттарынын башын шөлбүрөгөн чепкендин өңүрлөрү менен кымтынып, отуруп калды.

– Чеч белбакты бери! – деди Нүзүп ага. Шерали унчукпай эски кайыш белбагын чечип берди. Нүзүп белбак менен эки чокойду кошоктоштуруп бекем байлатты:

– Илгиле!

Житире кагылган шамшарга чокойду алпарып илишти. Диванхана тымтырс. Баары Нүзүптүн оозун тиктеп калышты. Бул эмнеси? Бул кандай сыры? Нүзүп шумдугунун түйүнүн чечүүгө шашылган жок. Шералинин үстүнө мурда камдатып койгон кызыл кымкапты жаптырды, бутуна саймалуу көк булгары өтүк кийгиздирди. Ошондон кийин гана, көпчүлүккө угуза:

– Шерали! Мына, карагым, эми сен журт эгесисиң. Журтка кайрымдуу бол! Бурадарга күйүмдүү бол! Акылдуунун тилин ал! Көздүүнүн артынан ээрчи! – Чокойду колун сунуп көрсөттү. – Тетиги жаман көн чокой... Шерали, тааныйсыңбы ошону? Ал сенин чокоюң! Ал сенин өткөн күнүң, Шерали... Ошол өткөн күнүңдү, ошол карыптыгыңды эч качан унутпа, күндө көрүп отур. Ал алтын такка чыгарган күчтүү кудуретти сага күндө эстетип турсун. Кара баштуу адамдын өмүрүнө, калың тайпа журттун тагдырына ойлук кылганыңда бул чокой дайым маңдайыңда болсун. Бул сени көптүрбөсүн, эсиртпесин...

Нестейген диванхана дуу жарылып дүңгүрөп кетти.

– Бали! Бали! Миң жаша, ата углу! Бали!

Ушундан соң казый кыска сүрө окуп, Шералиге хандык тажы кийгизди. Анан ханга аталык даражасы зарылдыгын тактап, шарияттан бир риваят келтирди да, Шералиге кайрылды:

– О, бийлик эгеси! Азиз дил агаңыз Нүзүп бий ордоңузга баш-көз болуп беришине ишенесизби? Анын ордоңузга, өзүңүзгө, мамлекетиңизге аталык вазифасына өтүшүнө ыраазысызбы, о хазрати?..

Шерали мурда үйрөтүлүп коюлган жоопту берип:

– Ишенем... Ыраазымын... – деп кызарып баш ийкеди. Ушундан соң казый Нүзүпкө чоң салтанат кылып тизгин (бийлик белгиси эки тизгин бир чылбыр) берди. Салават! Көпчүлүк дуулдап куттук айтты. Кимдир бирөөлөр кошоматка бышактап ыйлап турду. Бир мырза сыпат сыйда адам түрмөк кагазын жазып көтөрүп куттуктоо казал окуду:

Көбөлөктүн канаты күйгөн чөлдө жүргөн
каландерлер ата тапсын өзүңдөн,
бүркүттүн уясы тоңгон тоодо жүргөн
бечаралар бапа тапсын өзүңдөн,
күн көрсүн жамы калкың көлөкөңдө,
көз артканың жапа тапсын өзүңдөн...

Салтанаттын шарына кетип, көпчүлүк дуулдап коштоп турду.