кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Экинчи бөлүм

III

Он миң ашык кол менен барып, Нүзүп Коконду камады. Кокондун чебинин он сегиз дарбазасы болгон. Ар дарбазанын тушуна күчтү арбын коюп, шаарга туш тараптан келген жолдорду кесип, сууларды буудурду да, коргондун кырына атылган кытайчанын огу жетпей тургандай аралыкка чатыр жайдырып, сес көрсөтүп, айбат көрсөтүп, көп колду жер жайнатып оюн курдуруп жатып калды.

Ошол учурда шаардын ичинде Нүзүптүн мурда киргизип жиберген каландерлери көчөмө көчө кыдырып, кылган күнөө үчүн дозок отун кечип жооп берер күн келди дешип, эң аянычтуу, эң коркунучтуу, жүрөк үшүткөн каргыл добуш салып сайрашып, үрөй учуруп жүрүштү. Сыртта камап жаткан белгисиз жоонун сүрүнө бул кошулуп, шаар ичи кымкуут түштү, базарлар тарады, чайканалар аңгырап бош калды. Амир Насурулланын Коконго коюп кеткен беги Ибрагим Хайал сыпайыларын тик тургузуп дарбазаларды бекемдеди, самсалаган каландерлерди куудуруп, колго тийгенин зынданга таштаттырды, элди тынчтандырып, тополоңду басмакчы болду. Бирок, күнүмдүк тирилиги бузулуп, суудан, оттон мукураган элди эч жубата албады. Элди сыртта камап, кастарын тигип жаткан көп колду жок кылып, же, жок дегенде, нары сүрүп таштап жубатат эле. Ибрагим Хайал муну түшүндү.

Ирешире күүгүм кирди. Ибрагим Хайал сыпайлардын коштоосу менен дарбазалардын бекемдигин карап, кытайчалар орнотулган жерлерин көрүп келатты.

– Бек, сизге бир каландер учурашам дейт... өзүнө гана айта турган сырым бар дейт... – деди, күн чыгыш дарбазасынын жүзбашысы Ибрагим Хайалдын алдын тосуп, сулуу акжал жээрде аттын омуроосунан ылдый таазим кылды.

– Кайдагы каландер?..

– Мага айтпады...

Ибрагим Хайал унчукпастан аттан түштү да, нөкөрлөрүн артынан чубатып, өзү жүгүргөндөй бат-бат басып, дарбазанын бир колтугунан өйдө көтөрүлгөн тепкич менен чептин кырына чыгып кетти. Ал эни бир араба жүргүдөй бийик дубалдын үстүндө көпкө кыдырып басты. Анын азыр эмне ойлоп баратканын нөкөрлөр билбеди. Ал үн каткан жок. Караңгы көшөгө болуп, каш-кабагын жашырып, сырын бекитти. Артынан бүжүрөп эрчиген нөкөрлөрдүн көзүнө бектин башындагы ак жарлыгы гана анда-санда кубаң этип турду. Алар бегинин бели дөң кырдач мурдун, кирпиги аз кичинекей көзүн, коюу быжыгыр кыска кара сакалын, беш күндөн берки абалдын оорчулугу эзген сабыры суз, чарасыз ой баскан жүзүн болжоп, ички сезим менен көрүп турушту. Бирдеме деп акыл кошушка эч кимиси батынбады, аларды Коконду колдон чыгарып жиберүү ишине аралашып калуу, каардуу Амир Насурулланын алдында кошо жооп берип туруу коркутту.

Кокон от менен курчалган. Көз жетпей сансыз оттор жылтылдап, асмандын жылдыздары бүт күбүлүп Кокондун тегерегине түшүп калгандай. Бирде алыстан бүлбүл этип, бирде күчөгөнсүп балбылдап, биринин шооласы бирине уланышып, асманга көтөрүлүп турду. Жакынкы оттордун жээгинде буттарын тартайтып кишилердин караандары жүрдү, бирин бири чакыргансыган добуштары, аттардын кишинегени ава менен калкып келип жатты. Чептин ич жагы капкараңгы. Сыпайлар турган жерлерден башка жерде бир дагы жылт эткен жарык жок. Дарактар кара кийген зайыптай үңкүйүп, тамдар эски бейиттей бозоруп жатты. Ибрагим Хайалга муздак тийди.

– Келтиргиле каландерди бери!

Бир паста узун бойлуу бирөөнүн артынан түртүп бектин алдына апкелишти. Каландер салам айтты. Ибрагим Хайал сылыктык үчүн күңк этип алик алган болду да, каландерди кыя карады. Каландердин бети ага көрүнгөн жок.

– Шам!

Билинер-билинбес көлбүгөнсүп турган авага шамдын үлбүрөгөн жалыны акырын ыргалып, Ибрагим Хайал менен каландердин ортосун күңгүрт жарык кылып турду. Ибрагим Хайал каландердин бетин кунт коюп тиктеди. Анын кирпиги аз чүңүр көзү чоңоё түштү.

– Каландерим, жылдыз санайсыңбы, же ырам ачасыңбы? – деп сурады Ибрагим Хайал.

Каландер ууртунан жылмайды:

– Бек, бир аптанын ичинде болор ишти мен ырамсыз билем. Асмандагы жылдыздан көрө жердеги жылдыздардын сырын жакшы түшүнөм.

Ибрагим Хайал көзүн ылдый кылып, башын акырын, өкүнүчтүү ийкегиледи. Ал азыр алдында каландердин кабагын мойнуна илип турган адам жөн жүргөн неме эмес экенин болжоду. Тике карап туруштун өзү тиги калың оттун күчү болуп жүрбөсүн! Ибрагим Хайал баш көтөрбөй көпкө турду, каландер болуп келип турган жаттын өзүнө кадалып турган сынчы көзүн көкүрөгүндө сезип турду.

– Айт тез, кай тараптан келдиң?

– Тигил тараптан...

Каландердин жылтылдаган сансыз оттор жакка ишара кылганы Ибрагим Хайалдын жүрөгүн болк эттирди. Анын иреңи кубула түштү. Билдирбеске тырышты. Бирок каландердин сынчы көзү чамалап турганын дагы сезди.

– Кимдер булар?

– Тоолуктар. Тоолуктардын сол канаты. Эртең же бүрсүгүндөн оң канаты келмечи...

Нөкөрлөрдүн көздөрү чакчайды. Шыбыр-күбүр болуп кетишти.

– Өз көзүң менен көргөнсүңбү, айтчы, ушул ар бир отто канчадан киши бар сыяктуу, айта аласыңбы?..

– Бирден паңсат бар, бек!

Ибрагим Хайал ойлонуп калды. Тиги эрдин кымтып карап турду. Ал Нүзүптүн ар жигитке бирден от жагууга буйрук кылганын эстеди. Ибрагим Хайал ишене бербегендей баш чайкады.

– Ар паңсаттын колунда беш жүздөн аскер... ушундайбы?..

– Көрүп турасыз, бек!..

Ибрагим Хайал онтоп жиберди:

– Гм...

Ошол учурда чептин ички тарабынан чуу чыкты. Сөгүнгөн, ызырынган үндөр, оор темирлердин бири бирине катуу урунганы, онтоо... Ибрагим Хайал селт дей түштү. Артына бурулуп, кулак төшөп-тыңшай калды. Аңгыча тепкичтен кимдир бирөө чуркап коргондун кырына чыкты:

– Бек кайда?.. Бек кайда?.. – деп энтигип, аптыгып келатты.Ибрагим Хайал, анын нөкөрлөрү нес болуп карап калышты. Чуркап келаткан киши өзүнүн кең чепкенинин өңүрүнө чалынып туруп:

– Бек!.. Бек!.. – деди сүйлөй албай. Ибрагим Хайал көзүнөн заар чачып:

– Эмне? Айт тез! Эмне болуп кетти?.. – деп чаңырды.

– Сыпайлар чатак чыгарып жатышат, бек... Кокондун мурдагы сыпайларынан куралган жүздөр!..

Бул кабар Ибрагим Хайалга шектүү кишинин көз алдында бөйрөккө урулган катуу сокку болду. Ал онтоп жиберди.

– Жөнө, пансат, – деди ал акырын, – кан төгүшпөгүлө, акырын тыйынгыла. Аларды оюна кой. Талабын орундатып акырын тый...

– Бек... Алар дарбазаны ачабыз дешип жатат да!..

Ибрагим Хайал эмне дээрин билбей калды. Нөкөрлөрдүн үрөйү учту. Ибрагим Хайал колун шилтеп салды.

– Бар, мен азыр барам, мен баргыча дарбазаны ачпай коё тургула...

Пансат тарсылдап жүгүргөн бойдон дубалдан түшүп, атына минип караңгыда татырата чапкан бойдон кетти. Ибрагим Хайал артынан селдейип тыңшап, аттын такасынын үнү басылганга чейин тыңшап турду. Эмне кылса? Анын мээси ооруду. Эмне кылса? Эч жооп табылбады. Күч аз. Бухара алыс. Жол кесилген. Жаңжал... Ал өзүнө байырлап турган нөкөрлөрүн бир сыйра тиктеди.

– Кана, эмне кылабыз? – деп сурады. Нөкөрлөрдүн бири да үн ката албады. Ибрагим Хайал суроосун тактады:

– Коргонобузбу?.. Же шаардан чыгып кетелиби?..

– Дагы эч ким унчукпады. Ибрагим Хайалдын жини келе баштады. Ал каландердин кадалып турган көзүн дагы сезди.

– Унчукпайсыңарбы? Билем, буйгада, далдада, четте калгыңар келип турабы!.. Майли, хазратинин алдында мен жалгыз эле жооп берип калайын! – деп чаңырды. Нөкөрлөр жөргөмүштөй бүрүштү. Ибрагим Хайал жайнаган от жакты тиктеп, ойго батып, жоошуп туруп калды.

«Булардын миңбашысы бар бекен?».. – деп күңк этти Ибрагим Хайал өзүнө өзү суроо берип, жер тиктеп турган бойдон.

– Миңбашысы жок кол болбойт! – деди каландер. Ибрагим Хайал ойлуу башын көтөрүп:

– Ыя?.. – деди.

– Колбашчысы болбой кол болбойт дедим, бек.

– Аны кайдан билесиң?..

– Кудайдын кудуретиби, көргөм, бек...

– Гм...

– Колбашчысы каардуу киши. Кокондун ачкычтарын өзүлөрү бир аптанын ичинде апкелип колума тапшырат. Тапшырбаса, бул суурдун ийнинен бир дагы маңгытты тирүү чыгарбайм деп отурат...

Ибрагим Хайал ичинен келме келтирди. Анын көзү каландердин көзү менен уруна түштү. Биринчи көргөндөгү шеги кайра тирилди. Кыжыры кайнап кетти.

– Кармагыла!

Куралдуу жигиттер каландердин эки колуна жабышты. Жан керек, кубара түштү, бирок өзүн токтотуп, каландер Ибрагим Хайалга тайманбай тиктеп, тишин ырсайтып жылмайды.

– Сен ошондонсуң. Башыңды алам, – деди Ибрагим Хайал.Каландер башын ийкеди:

– Менин башымды ойлонуп алыңыз, бек...

Нөкөрлөр селдейип турушту. Ибрагим Хайал томсоруп калды.Мында тигил оттордун деми бар! Ачуусу акырындап тарап, жүзүнө кыйналуу, ноюу кайра келди.

– Коё бергиле... Мага ушуну айтайын деп келдиң беле?..

– Ушул үчүн, бек! Шаарды канчалык тез тапшырсаңыз ошончолук жакшы болор...

– Гм...

Ибрагим Хайал шамдын түбүнө жетип үлбүрөп турган билигин карап туруп калды. Биликтен чыккан биртке ак жалын улам пастап, улам кароолонуп, муздак абанын ичинде акырын термелип өчүп, Ибрагим Хайалдын түнөргөн кабагы күңгүрт тартып, караңгылыкка улам жутулуп баратты.

Ушул учурда анын көзү четтерек турган нөкөрлөр караңгыдан пайдаланып жылып-жылып кете баштаганын көрдү, асмандын шооласынын шаңында даана көрдү, унчуккан жок, чарасыз болуп шалдырап турду.

– Эй, каландер тонун кийген азамат, бери кара... – деди Ибрагим Хайалдын чарчаңкы үнү. – Жапайы элетилер тагдырдын колу болуп, биздин алкымыбызга жетип калган болсо, анда аргабыз кайсы, тагдырыбызга кулдук кылдык... Айта бар колбашчыңа, бизге жол берсин, кошундарын дарбазалардан тарта турсун, сураганыбыз ушул...

– Куп!..

Ибрагим Хайал мышыктай шамдагайлык менен тепкичтен жүгүрүп жөнөдү. Дарбазанын түбүндөгү жүзбашыга:

– Каландерди дарбазадан чыгарып жибер! – деп кыйкырды да, ак жал атка шарт минип, калган нөкөрлөрү менен чапкан бойдон дубалды түптөп, караңгылыкка житип кетти...

* * *

Нүзүптүн оту.

Сары жалын соймоңдоп, түндүн капкара көшөгөсүнүн өңүрүн жалмалап, кызыл учкундар жылтылдап, караңгылыктын кучагына кирип жок болуп жатты.

Нүзүп ээрин жазданып, былк этпей, үн катпай, оттун кызылын тиктеп, ойлуу. Жанында Шерали. Шерали ыргылжың болуп, сабыры суз тартып, шылкыйып чычала ичкертип отурду. Улам Нүзүпкө көз кыйыгын салат. Аны менен бирдемени ачык сүйлөшкүсү келип турган сыяктуу. Ал кардуу тоолордун арасында шуу-шуу деп жумшак шамал жүрүп турган бейпил адырда ушундай караңгы түндө жылкы кайтарып жүргөн кезин, жылкычылардын катарында ушундай улуу отту тегеректеп отурган күндөрүн эсине салды. О, анда бирөөдөн иймениш, бардык убакта абайлаш, бардык убакта тартыныш, эң акыры келип, көз каранды болуп, өзүңдү өзүң кор тутуш жок эле. Көңүлдө эмне болсо, ачык айтып, тиштерин кашкайта күлүп, жүрөгүнүн көксөөсүн тартынбай ортого салып ырдап кең пейил жигиттер болор эле. Анда сөздүн акысы, кысасы, эсеби болчу эмес. Көңүлдөгү оюң эч катылбай, мына бу оттун учкундарындай ачык учуп чыгып, ал ойлоруң үчүн эч ким сени жектечү эмес, эч ким сени душман саначу эмес. Элеттин бейпилдиги канына сиңип калган Шерали айланасы тарып, малдыкындай болсо да эркиндигин жоготуп койгондугу сезилип, ошондон улам жүрөгүнө өзү жооп табалбай турган бир санаркоо түшүп отурду. А Нүзүп ээрине өбөктөп, былк этпей, үн катпай, Шералиден бетер санаалуу, көзүн чала жуумп, илгери бир көргөн түшүн эстеп жатты.

...Нүзүп ата мээрин көрбөдү. Эсенбай бий анын энесин салынды кылып таштап, энеси экөбү айылдын четинде боз төбөл үйдө эптеп түтүн булатып, карыптын оокаты менен жан сакташчу. Нүзүп кичинекейинен таз болуп кетип, төбөсү жылтырап чачы жок болуп айыкты. Сыпаа бий намыс кылып, эч качан балам дебеди, топко ээрчитпеди. Бирок, Нүзүп таз чыйрак чыкты. Атасынын баласынбай койгонуна, күнүбатча бир туугандарынын ыктатканына басынбай, кайта күчөп эрегишип, кашкөй чыкты.

Күндөрдүн биринде Нүзүп таңга жуук ошол шумдуктуу түшүн көрдү да, ордунан чоочуп туруп, эрте менен айылдагы аксакалдарды, көптү көргөн уламаларды чогултту. Мал союп, аш тартып, алдына жакалуу жаап, артына чарчы (жоолук кур) курчап, зыяпат көрсөттү. Бул эмнеси? Эч ким билбеди. Жуп бетке бата тартыла бергенде, Нүзүп улагага сыңар тизелеп отура калып:

– Журт, менин силерди топтоп отурганым... Мен бир түш көрдүм... Мына ошону жорутайын деп топтодум эле... – деди.

Кишилер Нүзүптүн оозун карап калышты.

– Айт. Мырза, айта бер, жоруйлу дилибиз жетсе! – дешти төрдөгү карылар. Нүзүп бирпас толкундап, мукактанып түшүн айтты:

– Эң бийик, көк жашыл тоолордун үстүндө жүргөн экенмин...

Бир тоодон бир тоого аттайм... Бир тоодон бир тоого сунсам колум жетет. Бир тоодон кыйкырсам, бир тоонун кийиги шагырап үркөт... Бул эмнеси?.. Бирок, түзүк моокум канбады... Бат ойгонуп кеттим... Бул эмнеси?..

Кирпиктер гана кыбырап, үй ичи тымтырс болуп кетти. Мындай шумдук түштү ким көргөн? Ким жоруган? А Нүзүптүн жүрөгү алып учуп, көздөрү диртилдеп, отургандардын кабагын, иреңинин кубулушун сабыркап тиктеп, жооп күтүп турду.

– Жакшы... – деп, төрдөгү карылардын бири киркилдеп сүйлөп келатканда, Нүзүп:

– Токтоңуз! – деп оозунан сөзүн сууруп алды. – Түзүктөп жоруй алар түрүңөр көрүнбөйт. Түш бир айтуудан бузулат, бир жооруудан бузулат дешет ко. Мына эмесе, мен өзүм жорудум: эң бийик көк жашыл тоолордун үстүндө жүргөнүм – мартабам көтөрүлөт экен, бир тоодон бир тоого аттаганым, бир тоодон сунсам колум бир тоого жеткени кулачым узарат экен, даңкым алыска кетет экен, бир тоодон кыйкырсам, бир тоонун кийиги шагырап үрккөнү – бийлигим чоң болот экен... хан болот экенмин... Омийин, аллау акбар! – деп бата тартып жиберди. Кай бирөө чын ниети менен, кай бирөө тамашага чалып, дуулдап бата кылышты. Эл тарады.

Элге кеп болуп кетти. Көзү жок жерде ким көрүнгөн шакебелеп, атаны жаман калдин тилегин көр дешип, күлүп жүрүштү. Акыры унутулуп да калды. Жалгыз Нүзүп өзү гана такыр унута албады, көксөдү, күттү. Ата болуп бир жолу көтөрмөлөп, сүрөмөлөп койбогон бий атасына өчөшүп, күндөрдүн биринде соодагерге атасынын жайытынан кырк байтал уурдап айдап берип, бир көккашка бышты сатып алып калды. Көккашка таза кандуу бедөө жылкысынын уругунан болучу. Жал куйругу суйдаң, кулун сындуу, көзү кызыл жылкы эле. Жыландай ыкчам, курч чыкты. Нүзүп атын баладай багып, кымкаптан жабуу жаап, көкүлүнө көз мончок тагып, айыл арасында жаркылдатып алып жүрдү. Эл аңыз кылды. Эл шылдың кылды, Нүзүп капарына албады.

Ошол учурларда Эсенбай бий жаңы кармалган туйгун куш алып хан алдына жүз көрсөтүп келүүгө кеткен болучу. Ордонун шаан-шөкөтүн, зыяпатын көрүп, көп жүрүп кайтты. Атка урунуп чарчап келген кары бийди жамагаты дүбүрөп тосуп алышты, ийрилип алдында келип алы-жайын сурашты. Кексе Эсенбай бий эшиктен киргенди, чыкканды, ким келгенин, ким келбегенин алдыртан тескеп отуруп, бир гана өз уулу Нүзүптү көзүнө чалынта албады. Айылы бөлөк салынды зайыбы элдин катарында келип учурашып отурган эле. Эсенбай бий чыдай албай:

– Ой, сенин баягы кутурган калиң көрүнбөйт да? – деп катуу зил менен сурады. Зайып жооп бергиче, туугандардын бири өтө өкүнгөндөй үн салып:

– Бий, ал уулуңуз кырк байталга бир чобур алмашып... ошентип безерилик кылып... эл менен да иши жок, тууган менен да иши жок, ошонун убарасынан чыгалбай калды. Өзүңүз бирдеме дебесеңиз... – деп акырын жылдырып чагып койду.

Эсенбай бийдин кабагы бүркөлдү. Ал тизесин мыжыгып, ойлонуп:

– Атаны этегиң узарбагыр... Кырк байталга ат алганды ким койду экен ага. Аны эмне кылар экен? Ошол ат алтын чычып берем дептирби? А көрө муногу итирейген энесин түзүктөп багып алсачы!.. – деди.

Бир жактан Нүзүп келип калды. Энеси үйдө экен. Корсунуп ыйлап отуруптур. Нүзүп эңкейип энесинин кабагын тиктеп:

– Какбаштын айлына бардыңызбы? Келди деди эле, келери менен дагы бирдеме деген экен а? – деди каны ичине тартып. Энеси Нүзүптүн кебетесинен чоочуду, атасы экөөсүнүн ортосуна от жакпайын, жаман сөзгө өтүшүп кетпесин деп, тайсалдап, корсунуп отурганын башкага жооткотту. Нүзүп көшөрүп туруп, такып сурап алып, отурбастан атырылып кайра эшикке чыкты:

– Бул эмне деген жаза? Бий атам ата болуп атымды чыгарбады, атым ат болуп атымды чыгарар деп, эптеп бир ат баксам... эми ошол да көп көрүнүп калган турбайбы көзүнө! Качанга дейре чыдайм! Йе, кудурет, качанга дейре чыдайм!

Нүзүп жигиттери менен дүпүрөп Эсенбай бийдин айлына кирип келди. Кыйкырып сөгүнүп, ак шамшарын жалаңдатып оңду-солду тап берип, эч кимди бет алдырбай атасынын өргөөсүнө демитип ат салып барып, чий эшигин босого башынан түшүрө чаап жиберди:

– Чык бери! Ой, Эсенбай, чык бери! – деп чыңырды ат туйлатып. Үйдөн Эсенбай бий ызырынды:

– Карма! Карма кутурган калди!

Нүзүп ого бетер өрттөй күйүп өргөөгө дагы теминди. Турган эл тизгинине жабышып, ак шамшардын бет алдына тура калышып жүрдү. Айыл чууга толду. Нүзүптүн тиштери шакылдап титиреп, көзүнөн кан түтөп, жини бастабай, буулукту, бакырып ыйлап жиберчүдөй буулукту, алдастады.

– Кечтим сенин балалыгыңдан! Ак кылдым! Ак кылдым! Ак кылдым! Жогол! Бетиң карайсын, атабезери, бетиңди карабаймын, жогол көзүмө көрүнбөй! – деди Эсенбай бий. Нүзүп ага:

– Сен менин балалыгымдан кечсең, мен сенин аталыгыңдан кечтим! Кечтим! Ата болуп качан чекеми жылыттың.., – деп кыйкырды. Аксакалдар ортого түшүп, «эй, мырза, атаңа ат салба, атанын сөзү октой, каргышына калып өмүрүңчө жакшылык көрбөй куурап кетесиң, асте кыл, кечирим сура, мырза... түш аттан, түш, тизесин кучактап кечирим сура» – дешип тизгинине жабышышты. Нүзүптүн тиштери шакылдап титиреп, көзүнөн кан түтөп, арына келип каңырыгы түтөдү. Эч ийикпей, аксакалдарды жиреп бастырып өтүп, ошол бойдон артын бир кылчайып карабай айылдан чыгып кетти.

Мурда эле ата мээрин салбаган Эсенбай бийдей кара мүртөз атасы менен ушунчага жетишип калган соң, бул элде мындан нары батышы болбосун түшүнүп, Нүзүп ошол кечтен калбай, ээрчиген жигиттерин ээрчитип, ээрчибегенине жооп берип, энесин кырк байталга келген көк кашка быштыга мингизип аттанды да, үй ичинен бир учук жип албай өрт коюп жиберип, бүт күйүп бүткөнчө атчан карап туруп, күйүп бүтөрү менен теминип жүрүп кете берди. Түн катып Таласты көздөй жол тартты.

Ажыбай датканы жамынды.

Ошол бойдон көп жылга дейре кабар албай, кабар билдирбей, жат болуп Таласта жүрүп калды. Энеси таластын кызы болучу. Аштарда, тойлордо ат чаап, жигиттери менен түрө келип көкбөрү тартып, мөөрөй талашып, үйүрлүү бөрү сыяктуу жүрдү. Таза кандуу көк кашка таза кандуулугун көрсөтүп, улам күчкө толгон сайын күчөп, эч жерде алдына ат салбай катуу чуркады. Ээсинин үмүтүн актады. Нүзүптүн даңкы бүткүл Таласка жайылды, ага кошумча өзүнүн түз сөздүүлүгү, сыпаалыгы менен оозго кирип, элге алынып, мырза атыгып, күндөн күнгө кадыры артты, досу, курдашы, санаалашы көбөйдү.

Ошол жерде Ажыбай датканын эшигинде жүргөн Шералини көрдү.

Күндөрдүн биринде Кең Таластын башында чоң той болуп, көк кашка атын коштотуп, жигиттерин ээрчитип Нүзүп да барды ал тойго. Ат чабыш болду.

Байгенин аягында саяпкери келди. – Көк кашканы коштоп, чавандести учкаштырып чаап келди.

– Бул эмне деген элчилик?.. Бир киши көккашканы тосуп, буйдалтып... анысы аз келгенсип, муну караңызчы, булдурсун менен тасмаңдайга тартып жибериптир. Бул эмне дегени бул элдин!..

Нүзүптүн чийкил сары иреңинде кан калбады, тик көздөрү коркунучтуу диртилдей баштады. Ал чавандес баланын көзүн тиктеп:

– Тааныйсыңбы? – деп акырын сурады, үнү ичиндеги кайнаган жинден титиреп, муздак чыкты.

– Билбейм, бир кара киши...

Нүзүп ойлонуп туруп:

– Издегиле. Тыңчы коюп тез издегиле. Топ тарагыча тапкыла! – деди жигиттерине.

Нүзүптүн жигиттери бирпастан кийин эңгезердей кара кишини тизгиндеп алып келишти. Кара киши атынын башын кекейте тартып, жигиттерге камчы үйрүп:

– Эмне! Барымтаңар барбы менде! Коё бер! – деп жулунду. Нүзүп утурлап бастырып чыкты:

– Тыбыраба. Жаныңдан үмүт кылсаң тыбыраба! – деди, анын жүзү тийип туруп муз тоңдурган кышкы күн сыяктуу муздак, ырайымсыз болуп кетти.

– Көккашка атты башка чапкан сенсиңби?

Кара киши эки жакты элтеңдеп карап, өңдөн кетип, тили сөзгө келбей апкаарый түштү:

– Мен чапкан эмесмин... Ким көрүптүр...

Нүзүп өзүн токтото албай кылычтын сырты менен жонго бир салды:

– Кылтылдабай жооп бер. Жылт деп кете албайсың. Уктуңбу, кете албайсың!

Кара киши ооруксунуп бетин тырыштырып ийиле түштү.

– Ой, эл, барсыңарбы! Өлтүрдү!

Нүзүп кылычтын сырты менен дагы бир салды:

– Жаныңдан үмүтүң жокпу...

Кара киши титирей баштады.

– Мен чаптым эле... Мен чаптым эле, аке...

– Гм... атты таанып чаптыңбы? Кимдин аты экенин билип туруп чаптыңбы?

– Баламдын боорун жейин, тааныбайм... Баламдын боорун жейин...

– Мени тааныйсыңбы?

– Баламдын боорун жейин, тааныбайм... Баламдын боорун жейин...

Нүзүп кумсарып, көзүн албай, көзү менен кара кишинин ичин аңтарып, бирпас токтоло калды. Биртике жумшара түштү. Кылычын кынына салды.

– Дагы биртике ичер сууң бар экен, шордуу... Агер, көккашка ат кимдин аты экенин билип туруп кол көтөргөн болсоң, кызыталак, алдагы акылсыз башың тоголонуп атыңдын төрт аягына түшөт болучу... Көзүңдү ач! Көккашка ат Аксынын бегинин аты?

Кара киши бүрүштү:

– Билбептирмин, батыр... Билбеген киши уу ичет... Билбептирмин...

– Сени ким жиберген бул ишке?

– Өзү... Карабек мырза өзү...

– Эң сонун! Өй, бери кара. Эми күнөөңдү кызматың менен сатып аласың. Уктуңбу. Күнөөңдү кызматың менен сатып аласың...

– Эмне кылайын, баатыр?..

– Бели оорубайт. Топтун алдына барып, ушул сөзүңдү айтып бересиң мени Карабек мырза өзү жиберген деп бересиң. Уктуңбу. Мына ушуну гана айтып бересиң. Эмне кыйыласың? Айбан малды өксүткөндөн корккон эмессиң. Эми бир ооз сөз айтып кутулуштан качасыңбы? Өзүң бил...

Кара киши шөмтүрөдү:

– Макул...

Нүзүптүн иреңине кан жүгүрө түштү.

Карабек калың топтун ортосунда турган экен. Ырчысы жаагын жанып мактап ырдап жатыптыр.

О, Карабек бекзаада,
башыңда бактың чоң экен,
башынан ишиң оң экен,
атың чыгып барк алдың
айтылуу алтымыш буудан ичинен...

Карабек эки бети тамылжып, сыпаа жымыйып, көзүн сүзө ырды тыңшап турду. Ырчы коңур жумшак уккулуктуу үн таштап жатты.

О, Карабек шаазаада,
колдогонуң зор экен,
ыкыбалың бар экен,
күлүгүң чыгып даңк алдың,
иргелген жетимиш буудан ичинен...

Катуу келген Нүзүп токтолбой күчтүү жорго менен топту жиреп барып, Карабекти камчы менен башка тартып жиберди. Карабектин суусар бөркү учуп түштү. Карабек селт деп карап, бет алдында кумсарып турган Нүзүптү көрдү. Чаңырып жиберди:

– Ой, тентиген аксылык! Ой! Бул эмне кылганың!

Нүзүп да илбирстей атырылды. Камчылашууга жеткирбей, эл ортого түшө калышты, аттарын тизгиндеп ажыратып тартып кетишти.

– Бекзаада имиш! Буйга жер тоскон каракчы! – деп, колу кубана түшкөн Нүзүп биртике соолуга калды. Карабек кыйкырып сөгүп, атын туйлатып, арачачыларга бой бербей жулкунуп жатты. Карабектин жигиттери жыйылып кетти, ызырынышып саптарына коргошун уюткан камчыларын өрүмдөрүнөн толгой кармап, качырып кире тургандай болуп калышты. Эл чурулдады. Арада турган жөөлөр дырылдап качышты.

– Карөзгөй айыбын мойнуна алгысы жок! Алгыла! Шылыгыла! – деп кыйкырды Нүзүп жанында үйрүлүп турган жигиттерине. – Шылыгыла, аяна турган жан калган жок! Көрсөткүлө тентип жүргөндү!

Жигиттер ичтеринен байланып жүргөн кыска кылычтарын сууруп алып, эрдемсип качырып кирген Карабектин үч жигитин кылычтын сырты менен аттарынан түшүрө чаап жиберишти. Карабек жааты сестейип, батына алышпай, тирелип токтоп калышты.

– Айланайын, батыр, асте кыл... – деп, сакалы белине түшкөн бир кары адам келип, Нүзүптүн тизгинине жабышты. – Асте кыл, айланайын...

Кары адамдын таптаза, аппак сакалы, акылдуу, жылуу үрөйү Нүзүптү токтотту. Уу чачып турган көздөрү жумшара түштү:

– Эмне дейсиз?.. – деди ал акылына келип.

– Асте кыл, батыр!.. Эмне болуп кетти?.. Баш кессең да айтып кес... Эмне болуп кетти?.. Талашыңар эмне?.. Сөзгө кел, айланайын...

– Калыссызбы?

Кары адам сакалын сылады:

– Сакалыма ишен, баатыр... ушул жашымда калыс сөзүм болбосо, көрүмдө болобу!..

Нүзүпкө мына ушул калыс керек эле. Кылычын кынына салды. Кары адам жаш жигиттей жүгүрүп, Карабекке барып анын да кыйкырыгын басты. Тойдун эли бүт бойдон, тамашаларын таштап, аттуу, жөө болуп, тегеректеп калышты. Нүзүп элдин баары уксун деп, кыйкырып сүйлөдү:

– О, эл! – деди, ачуу үнү абаны жарып чыкты. – Карабек каракчы мага кол салды!

– Сен каракчы! – деди тиги жактан Карабек.

Алдыда тургандардын бири күйүп кетти:

– Ой, кудайга карасаңчы! Өзүң келип камчы чаптың го!

Нүзүп ага кулак салбай элге кайрылып дагы ачуу кыйкырды:

– О, эл! Бетинде уяты бар пенде байге атынын алдын тособу?

Каракчы болбосо байге атын башка чаап жыгабы? Кана, акылдуумун дегендер, жооп бергилечи ушуга?! Бу уятсыз Карабек бүгүн буйгага жашынып көккашка аттын алдын тосту! Бу каракчы Карабек бүгүн алдыга чыгып бараткан көккашка атты башка чаап жыкты! Кана, айткылачы, кол салганы бул эмеспи?!

Эл дуу-дуу болуп кетти.

– Жалган доо! Жалаа! – деп тыбырады Карабек. Нүзүп бүктөй кармаган камчысын кезеп, заар күлдү:

– Карабек! Шылкыйып калат болучу эстүү киши сенин ордуңда. Карабек! Мен күнөө кыла билген баш, эсине келсе, күнөөсүн сурай ала да билет деп, эсине келтирип коёюн деп, камчы менен чаптым эле! Камчы менен эмес кылыч менен чабыла турган эссиз башың бар экен...

Жигиттери кара кишини ортого түртүп чыгарышты. Нүзүп элге көрсөтө берди:

– Сурап алгыла!

Эл кайра дуу-дуу болуп кетти. Калыска түшкөн аксакал адам кара кишиге жакын келип:

– Сен кайсы баласың, балам? – деп акырын сурады. Кара киши арбагы учуп бүрүшүп:

– Мен эле... Бөрүбаймын... – деди. Аксакал аны кайгырып тиктеди:

– Кана, балам, Бөрүбай. Кудайды эсиңе алып туруп, шашпай жооп берчи... Карабек мырза көккашка аттын алдын тосконун өз көзүң менен көргөнсүңбү? Кана, кудайды эсиңе алып туруп, эч кимден коркпой айтчы...

Кара киши шылкыйып туруп, кыйналып жатып:

– Мен эле... Мен тостум эле... Мен чаптым эле... – деп араң күбүрөдү. Кары селт дей түштү, кабагы ачыла түштү:

– Сенби?!.

– Мен... Карабек мырза өзү жиберген...

Нүзүп жерге батпай кубанды, үзөңгүсүн кере тээп обдулуп тура калып:

– Ана, уктуңарбы! Ана! Бул элдин мырзасы ушул ишти кылып отурса (!) уурусу кайсы жолдордо жүрөт экен! Ана! – деп чартылдап кыйкырды.

Карабек купкуу болуп туруп калды. Калыска түшүп турган аксакал Карабекке кошо сынды:

– О, Карабек... мырза болбой куруп кет... Мырза болбой куруп кет, өзүң жалгыз өлбөй, бир суу элди кошо өлтүрдүң... – деп сыздап отуруп калды.

Нүзүп ошол күнү өз айлына кайтты. Ал дүнүйө үчүн ат чапчу эмес. Той ээси биринчи байгени алдына салды эле, албай койду, үчүнчү байгенин башы болгон токулуу жоргону гана чавандесине мингизди. Жолдо эч ким менен сүйлөшпөдү, маанайы пас болуп, ой басып келди. Карабекти го эл алдында сындырды, арбагын тебелеп салды. Бирок... Ал ойго эзилди. Тентиген аксылык! Кал! Аны ушул сөздөр жылан болуп чакты. Атаңдын көрү, бөлөк боор эл деген ушубу?.. Ал да өзүнчө дили сынып кайтты.

Үйүнө барды. Бир пастан кийин эле, Эсенбай бий өлдү деп Аксыдан кабарчы келди. Нүзүп ордунан үшкүрүп тура калды:

– Бир жамандык болорун сездим эле... Кече атымдын башына камчы тийгенде эле сездим эле... Эсенбай, кантсе да, менин айбатым, сүрүм болучу, катыгүн... Тарт атты!..

Ат аябай күндөп, түндөп жол жүрүп, Кара-Буура ашуусу аркылуу Аксыга ашты. Эсенбай-бийдин айылы Ит-Агар суусунун боюндагы күздөөсүндө эле. Кара ашына өкүрүп түштү.

Нүзүп атасынын ордун басып, Аксы багытынын бийи болду...

Ушул убактарда Нүзүп шумдуктуу түшүм келди го деп ойлонуп, атасынын ордун басканын ошого жоруп жүрдү. Бирок, көңүлү биротоло тынбады, ыраазы болбоду. Бул кайда кача турган бийлик эле? Ата мурасы!! Эртеби, кечпи, акыры колго келе турган нерсе эмес беле? Жүрөгүнө чоң медер тутуп жүргөн тилеги ушул эле болуп бүтүп калышына ыраазы болбоду. Көп жылдар өттү...

Мына, эми минтип кабагынын тырышы көбөйүп, эти оорлоп жандын тынчын көздөп калган чагында, шумдуктуу түш эскирип, эсинен чыгып бараткан кезде, күтпөгөн жерден ордодо оодарылыш болуп кетти да, тынчы жок сезимин кайра ойготту. Бир тоодон туруп кыйкырса, бир тоонун кийиги шагырап үрккөнү жапжаңы болуп көз алдына келе баштады, дагы үмүт болуп жүрөгүн дүкүлдөтө баштады. Ордодогу өзгөрүштөргө байланыштуу элдин кообун, дүүлүгүүсүн, эң акыры демин көрүп туруп, Нүзүп ордону талашууга укук болуп бере турган бирдемени издеди. А укук да табылды.

Мына Шерали жанында отурат, колго түшкөн уурудай болуп шылкыйып отту тиктеп жанында отурат. Нүзүп көз кыйыгын салып Шералини тиктеди, көзүн ирмебей томсоруп көпкө тиктеди. Шерали кысынып, басынып арбагы учуп өзүнөн өзү кичинерип отурду. Коркуудан башка, өйдө карабай кулдук кылуудан башка көрүнбөгөн мокок көз, маңыроо жүз...

Эртеси түнү дарбазалардын тушунан оттор алыс кетип калганын көрдү мунарада туруп Ибрагим Хайал. Оттор бүлбүлдөп, эң алыстан бүлбүлдөп дагы нарылап кетип бараткандай. Ибрагим Хайал узун бойлуу каландерди эсине түшүрдү. Ошол замат жолго камынууга буйрук кылды. Куу Нүзүп тыякка жалган от жактырып таштап, колун бөлүп-бөлүп, шаардын дарбазаларынан анча алыстатпай буйгага тартып, аттан түшпөй, кылычын кынынан сууруп, өңүп калганын билген жок.

Таң түңкөйгөндө бухаралыктар Бухара жолуна чыкчу дарбазадан ак туу алышып, чууруп чыга баштады. Үркүп, дүрдүгүп чыгышты. Дарбазадан куйругу үзүлө түшкөндө, өңүп турган көп кол чуру-чуу көтөрө кыйкырык салышып, туш-туштан качырып киришти. Кымкуут түштү. Жүрөксүп мизи кайтып, жүктүү, арабалуу чубалып келаткан бухаралыктар камына алышпай, байпастап кай жакка бой таштаса да кылычтын мизине, найзанын учуна урунуп кырылышты. Нүзүптүн көп колу көптүгүнө салып, суудай жайнап, туш келди дыркырата кууп сокту. Алданып жүрөгү чыгып кеткен Ибрагим Хайал артына карабай качып, жыйырма чакты аты күлүк кишиси менен араң кутулуп кетти.

Нүзүп акбоз аргымак минип, оң бөйрөгүн таянып, кернайлардын айкырыгы астында жүрөк үшүткөн шаң, сүр менен Кокондун чоң дарбазасынан кирди. Урматына чептин кырынан дүңкүлдөтүп замбиректер дүрмөт атып турду.

– Жаңгер Нүзүп миңбашы! Жаңгер Нүзүп миңбашы!

Салтанаттап бийик үн салып алдыга жарчы кетти. Аваз кылып тоскон эл жол бууп, дубалдарга, тамдардын башына дүрүлдөп чыгышып, көчөмө көчө жардап карашып, үзүлбөй бали (!) деген кыйкырыктар узатып отурду.

– Жаңгер Нүзүп миңбашы! Жаңгер Нүзүп миңбашы!

Жаңгер Нүзүп миңбашы бош калган ордого келип түштү.