кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Экинчи бөлүм

II

Нүзүп келери менен уруктардын билермандарын тез чогултуп, Шералини көрсөттү да, көптөн бери туюк алып жүргөн дитин салды ортого:

– Мен Коконго жүрөмүн! – деди ал. Токтоосуз, бир ыйык иштин белгиси кылып, акбоз аттардын жалкуйругун кызыл канга боётуп, ага жарчыларды мингизип, элеттин кыйрын кыдыратып чаптырды.

– Кадырлуу Нүзүп мырза Коконго жүрө турган болду. Аттангыла! Ордону бухаралыктардан тазалай турган болду. Аттангыла! Нүзүп мырзанын колунда тажынын мураскору. Аттангыла! Элге карамдуу адил заман тургуза турган болду Нүзүп мырза. Аттангыла, Аттангыла, көрпенделер, аттангыла! Алтын тажынын алдында өтөгүлө пенделик карызыңарды. Аттангыла! Аттангыла...

Жал-куйругу кызыл канга боёлгон акбоз атчан жарчылар ушинтип жар салып чабышты. Эки-Суу-Арасындагы (Сыр-Дайра менен Кара-Дайранын ортосундагы кыпчак уругуна, Ташкен багытындагы курама уругуна тили ширин элчилер барды. Эл дүүлүктү. Туш-туштан кошундар куралып, ак, көк тууларын туйлатып, жер түтөтүп келе башташты...

...Кырка чокулары ак мөңгүлүү улуу тоонун жашыл өтөгү. Шар аккан суунун бою. Эки өйүзүндө көк-жашыл бөксө адырларга чейин созулуп, майда ак чатырлары жыбырап, өргүүдө жаткан көп кошун. Майда чатырлардын арасында аттарды бакылап бирин- экин кишилер жүрүшөт. Аскердин көбү өзөн жакасында. Ар жерге топ-топ болушуп, билек сынашып, чапчаңдык көрсөтүшүп тамаша кылып жатышты. Өзөн боюнан анча алыс эмес, кол менен атайы жасап койгондой тоголок дөбөдө башка чатырлардан чоң, башка чатырлардан сүрдүү болуп бир ак чатыр тигилген. Ак чатыр кызыл саймалуу. Төбөсүндө ай тамгалуу кырмызы туу желге акырын үлбүрөп толкуп турду. Эшиги түрүлүү. Босогосунда кылычтарын жалаң кармап, былк этпей катып, эки жоокер.

Босогодогу жигиттер Нүзүп чатырдан чыгып келе жатканда кылычтарын бооруна алышып, кетенчиктеп таазим кылып жол беришти. Нүзүп бенарестин кызыл кымкабын кийген, башында көк селде, көйкөлгөн кымкабынын ичинен ак камзолго селдесине бир өңдөш көк ботокур курчанган, ботокурда кынына каухар чөгөрүп алтын менен саймалаган бухаралык зергерлердин эң сулуу шамшары, бутунда тумшугу чукчуйган сары көн өтүк. Көздөрү курч бычактын учундай. Бет алдындагы жашыл өзөндө уюктуу кумурскага окшоп, быкырап жаткан көп кошунду суюк сары сакалдуу эринин бек кымтып тиктеди. Эки жагында ызат кылышып, биртике арткарак турушкан улуу-кичи анын оозун карап, чук этишпейт. Сөөлөтүндө бул жортуул оюн иш эмес экенин сезүү, өз кубатын да сезүү, тагдырына баш байлоонун кообу, ырахаты бар. Ал томсоргон жүзүн бир былк эттирбей, ойлонуп, азырынча бейпил жаткан көп кошунду башынан аягына кыдырата тиктеп турду.

– Кернай! – деди Нүзүп акырын.

Эки кернайчы узун кернайларын бийик көтөрүшүп, бардык күчтөрү менен үүлөшүп, күрөө тамырлары барсайгыча үүлөшүп, тарта башташты. Бир паста тынч тоолордун арасы кернайлардын айкырган бекайбат үндөрүнө толуп кетти. Өргүүдөгү көп кол түйшөлө түштү. Кернайлар үзүлбөй бапылдап, көпчүлүктүн көңүлүн колбашчынын кырмызы туулуу чатыры жакка улам кадаланып тартты, өкүм үн салып чакырып жатты. Кулак тунган чууларды аралап, суу боюндагы топтон бир жигит тизгин учу менен катуу барды. Ал салам айта электе:

– Ал жак даярбы? Кедейбай, тездетпейсиңерби! – деди Нүзүп. Кедейбай атынан ыргып түшүп, тизгинин артында кошо жүргөн жигиттердин бирине ыргытты:

– Бүттү! Баары даяр, Нүзүке...

Нүзүптүн жүзү жумшара түштү:

– Анда алып чыккыла тигини! Тез! – деди, жүзүнө кубаныч кирди. – Курал! Туу! Болгула!

Бийлер күңкүлдөшүп, шыбырашып, карбаластап калышты. Кедейбай чатырга шашып киргенде, анда алда качан жүрөгү дүкүлдөп, эч убакыт өтпөй зарыгып күтүп отурган Шерали көзүн чачыратып кубанып:

– Келиңиз, кайнага!... – деп ордунан тура калды. Кедейбай ага жооп берип отура албай:

– Жүр... Иш бүттү... – деп күбүрөп, Шералинин эски тебетейин башына кийгизди, өңүрлөрү шөлбүрөгөн көөнө чепкенин кийгизди, шашкандан калтыраган колдору менен белин курчантты. Эжеси Жаркындын эри болгондуктан кичине жан тарттыбы же жөн эле боору ачып кеттиби, Шералинин үстү-башын ушу убакка чейин эл көргүдөй кылып обуштуруп койбогондугу үчүн ичинен Нүзүпкө кине ойлоп кетти. Ханзаадабыздын кейпи ушубу? Кайдагы бир сандалган карыпты ханзаада деп алган булар дебейби эл?..

Чатырдан Шерали чыкты. Ал кубанычын эч жашыра албай, чекеси тердеп, ууртун жыялбай кишилерди чексиз ыраазы болгон баё көздөрү жал-жал тиктеп чыкты. Бир чыканагынан Кедейбай, бир чыканагынан кыпчак уругунун беги Мусулманкул аста сүйөп чыкты.

– Курал! Туу!

Тарсылдап асманга мылтык атылды. Чатырдын эки жагында турган дабылпаздар жан үрөп, дабылдарын сабап киришти, кернайлардын бакырыктарына дабылдар кошумча болуп, жер дүңгүрөдү. Жай оттоп жүргөн аттар баш көтөрүп кулактарын тикчийтти, бүт кошун селдей шатырап, колбашчынын чатырынан кылкылдап жылып келе жаткан туунун алдын торой жүгүрдү.

Алдыда кылычтарын ийиндерине жалаң кармап эки жоокер, алардан саал артта туу, туунун артында Нүзүп, көздөрү кыпкызыл болуп кеткен, иреңи бир кубарып, бир кан толкуп баратты. Шерали эки жагын каранып, эки тарапка жамырап тизилип аваз кылып турган жоокерлерге ал дагы аваз кылып, баё көздөрүн алаңдатып, ылжайып дагы эле ууртун жыялбай келатты.

Алар ойногон балыктын канатындай жалт-жалт этип серпилип, түз өзөндө кылтылдап агып, күнгө жалтырап жаткан суу боюндагы ак, сары, кызыл гүлдөр ыргалып турган жашыл майданга карай жай келатышты. Жашыл майданда кара комок болгон көп элдин ортосунда кардай ак кийиз жайылып жатты. Алар ошол ак кийизди көздөп келатышты.

Аваз кылган эл туш-туштан кысып келишип, ортодон как жарылып жол коюшуп, колдорун бооруна алып таазим кылып, күңгүрөп салам беришти, ээрчип чуркашты.

– Ой... Кайсы?.. Кайсы, ыя?..

– Тигине беле!..

– Бутундагы көн чарыгын карачы... Куда-а... көктөлө берип көн чарыктын уурттары түйрүлүп кетиптир...

– Хи-хи...

– Секин!.. Тамагыңдан каның алынып калып жүрбөсүн...

Дүүлдөп тоскон, тапырап ээрчиген көпчүлүктүн арасынан Нүзүптүн азезилдей сак кулагы бул сөздөрдү илип алып баратты. «Куп болду. Эл көрсүн. Шералинин ким экенин көрсүн. Шералини кандай кейпинде кимдин күчтүү колу желкесинен көтөрүп барып ак кийизге салганын көрсүн. Укумдан-тукумга сөз калсын», – деди ою.

Туу желбиреп кийиз жайылган жашыл майданга келип токтоду. Кернайлардын, дабылдардын тынымсыз дүңгүрөшү, кан көксөгөн салтанаттын муздак сүрү жүрөк сестентет.

Жайылган ак кийизди иргелген тайпа бийлери тегеректеп күтүп, бирөвү үстүнө кызыл төрбөлжүн жабылган кара кирпик кара жал акбоз бээни сагагынан кармап турган. Курбан чалынар, каны ак кийизге чачылар ыйык мал.

Нүзүптүн курч бычактын учундай тик көзү жакынкы тургандарды бир кыдырып чыкты да, бийлердин арасында турган он беш жаш чамасындагы балага келип токтолду. Баланын иреңи күзгү жалбырактай сапсары, бетинен түгү чыгып, эриндери көгөрүп, титирек басып, кирпигин алсыз ирмегилейт. Бир тизеси олдоксон бүгүлүп, ошол жак ийни пас түшүп, колу жансыздай шалдайып өз денесине жубубай турду. Нүзүп көзүн тартып кетти:

– Баштагыла... – деди акырын.

Кернайлар, дабылдар тып басылды. Бир да тике турган киши калбай эл жер жайнап отуруп калышты. Кары улама курандан хутба сүрөөнү түшүрдү. Эл сүрөөнү дем тартпай, былк этпей угушуп, Шералинин урматына багышташты. Бетке кол тартылары менен кернайлар кайрадан күчөп бапылдап, дабылдар баш кеңгиретип дүңгүрөп кирди.

– Кана! Аллау акбар! Аллау акбар! – деди улама киркиреп. – Аллау акбар, аллау акбар...

Түнөргөн кишилер баланы колтуктарынан сүйөп:

– Коркпо... Коркпо... – деп жооткотуп, алдыга өткөзүштү, ак кийиздин четине өтө жакындатышты. – Коркпо, эчтеме болбойт, – эчтеме болбойт...

Бала «эмне болорун», «эмнеден коркорун» түшүнө алган жок. «Бээге мингизеби?..» – деп ойлоду. Тизгин тута албайт ко?! Жыгылат ко азоодон?! Эми оз оюнан өзү коркуп, эки көзү жылтырап жашылданып, энтигип, оозу жарым ачылып, муун-жүүнү калтырагандай болду.

Кернайлардын жабыла айкырыгынын арасында:

– Аллау акбар! Бир кудайдын жолуна, аллау акбар! Султандардын жолуна... Чилтендердин жолуна... Аллау акбар, аллау акбар!.. – деп уламанын гана үнү киркилдеп басылбай турду.

Ушул учурда арттан катуу чыңырык чыкты. Эл селт этти.

– О, садагам... Садагам... ай... – деп эчкирип боздоп келатты бирөө. – О, садагам!.. Жалгыз элең, садагам!..

Үн зайыптын үнү эле. Нүзүптүн кабагы чимириле түштү, заары бетине чыгып, көздөрү чакчайып, бурулуп карады.

Кылкылдаган көп элди аралап, кармаган кишилерге бой бербей, узун, көк көйнөкчөн зайып жүгүрүп келатты. Аны кармоого эч ким даабады, эч кимдин колу барбады. Узун, көк көйнөкчөн зайыптын көздөрү коркунучтуу чакчайып, кыроо баскан шыбактай аппак чачтары жайылып, сеңселип, кылкылдаган көп элди жоодар аралагансып, толкутуп, жарып аралап келатты.

– Ырайым кыл, айланайын эл! Сары улагың болоюн эл!.. Атадан жалгыз эле, о кудай... Жарым жан эле шордуум... О, шордуум, кайдасың!.. – деп боздоп келатты. Эл бийлердин көзүнчө гана, кой дешкен болуп, кармаган болуп, а чынында алдына тура алышпай тең жарылып качып, ага жол берип жатышты.

Баланы ортого алып турган түнөргөн куралдуу кишилердин тосконуна болбой, тажалданып чыңырып келип, кемпир баласын кучактап калды. Бала титиреп апасынын бооруна жабышты:

– Апа... Апа... – деп бышактады, башын катты. Ошол замат күчтүү колдор экөөбүн эки жакка катуу силкип ажыратты. Эне менен бала чыңырып кайра жабышышты. Күчтүү колдор аларды кайра капшыра кармады.

– Токто!

Нүзүптүн катаал үнү түнөргөн куралдуу кишилерди тык селдейтти. Нүзүптүн суюк сары муруттары түктөйдү, заардуу көздөрү канталап, бийлерди, курбандыктын милдетин алган ак сакалдууларды жекире тиктеди, Анан ал кемпирди карап:

– Байбиче, бул сенин балаңбы? – деп акырын сурады. Кемпир энтигип келип, тытылган көк жоолугун мойнуна салып, буркурап Нүзүптүн бутуна жыгылды:

– Ырайым кыл!.. Ырайым кыл, бекзаада... Бир ныптасына шал тийген жарым жан шордуу эле, бекзаада... Кудайдын корсунтканы, кудайдын жазасы азбы буга, о бекзаада, ырайым кыл, бекзаада!.. Жалгызымдан калган жалгыз туяк эле. О, көкө теңир, атасынын топурагы муздасачы... – деп, кемпирдин арык эки ийни солкулдап ыйлады. – О, көкө теңир, көңүлүм түтпөй атасынын башына куран окуп келейин деп бейитине кетсем, о, көкө теңир, каралуу келинге ээ кылбай алып баса беришиптир...

Нүзүп кемпирдин кыроо баскан шыбактай жайылып кеткен ак чачын, арык, алсыз ийиндерин тиктеп туруп, ал акырын эңкейип кемпирди өйдө кылды:

– Байбиче, бердим балаңды, көп кейибе, алып кет балаңды, байбиче, – деди акырын. – Байкабай апкелип калышкан турбайбы... Алып кете бер...

Кемпир нес боло түштү. Ал оозун жарым ачкан бойдон, калппы, чынбы дегендей Нүзүптүн жүзүнө аңкайып тиктеди, нурсуз көздөрүнөн чыккан жаш, жан терине аралашып, салааланып сарыгып, көкмөк аза көйнөгүнүн жакасынан койнуна кирип турду, кемпир эсине келе албады.

– Бар... Алып жөнө баланы, байбиче... – деди Нүзүп ал башын ийкеди.

– Миң жаша... Кудайым эки дүйнөңдү берсин... Сен карыпты жалгасаң чоң кудай сени жалгасын... Миң жаша... Миң жаша... – деп күбүрөп, титиреген эриндери менен күбүрөп, жалт-жалт карап кетенчиктеди кемпир, колдору калтырап, жарым жан баланы көк көйнөккө далдалап, жонунан сылап, колтугуна жашырып кетенчиктеди, шашылды, топтон тезирээк чыгып кетүүгө шашылды.

Бийлер селейди. Шерали селейди. Нүзүп кимгедир жини келип, жаак терилери тырышып кимдин башына чагылган болуп чагыларды издеп, ак кийизди тегеректеп тургандарды кыдырата тиктеди, катуу кумсарды.

Бийлердин катарында турган Абил:

Ашыр! – деди артына карап.

Шашып башын кызыл жоолук менен таңган, кызыл жүздүү, жылдыздуу, шаптай жигит жүгүрүп келди:

– Лаппай, Абиш... – деди аптыгып, жигит Абиши кайда шилтесе, ошол жакка дикилдеп кызматын кылууга учуп-күйүп, көздөрү жайнап турду. Абил аны колу менен көрсөтө берди.

– Чалгыла! – деди. Жанагы баланы ортого алып турган түнөргөн эки киши жигитти шап кармап калышты. Жигит жулкунган жок, нес боло түштү, кыпкызыл иреңи заматта купкуу болуп кетти. Эриндери титиреди, эмнегедир эки көзү Абилден өттү, Абил аны тиктебеди, оозуна эчтеме кирбей жигиттин башы каңгырады. Кернайлар кайрадан айкырышып, дабылдар кайрадан дүңкүлдөп кулак тундурду. Өлүм! Өлүм! Капыстан бетме-бет чыга түшкөн өлүм кызыл жүздүү жигитти апкаарытып таштады.

– Аллау акбар! Аллау акбар! Султандардын жолуна... Аллау акбар... Чилтендердин жолуна... Аллау акбар... – деген кобур үндөр кулагына урунуп, тегерегиндеги кишилердин жансыз, ырайымсыз тырышкан кабактары көз алдынан көчүп өтө баштады. Бири дагы аны тик багып карабады.

– Аллау акбар... Аллау акбар... Султандардын... Чилтендердин... Аллау акбар...

Түнөргөн эки киши аны акырын түртүп, жайылып жаткан ак кийиздин четине жакындап баратышты:

– Коркпо... Коркпо... Эчтеме болбойт... Эчтеме болбойт... Бул жумшак үн кулагына келме болуп угулду, ага эреркеп, жаны тынчтанып каңырыгы түтөдү. Ал акырын көзүн жумду. Күчтүү колдор кайда итерсе, кайда түртсө, ошол жакка майышты, чөк түшүп баратты. Өлүм! Өлүм! Сезимтал жүрөк дирил какты, тыбырады. Коркпо? Эчтеме болбойт? Үмүт дагы эле үзүлө албады, үлпүлдөп өчүп бараткан оттон тыз деп бөлүнүп көөдөй түндүн түп сүз койнунда жалгыз жүргөн учкундай жылтылдады. Бул ырымдыр? Бир жеринен биртке кан чыгарып ырымын түзөп коё беришер? Үмүт дагы эле өчө албады...

Күчтүү колдор эки колун артына кайрып бек кармады. Дагы бир күчтүү кол анын али түк чыгалек ээгин капшыра кармап өйдө тартты, чоюла түшкөн тамагына муздак, курч бирдеме келип тийди, колтук эти титиреп кетти.

– Апа!..

Жулкунду, эки ийни гана диртилдешке араң үлгүрдү. Кирпикти бир ирмемде муздак шамшар, курч шамшар, ырайымсыз шамшар кызыл жүздүү жигиттин кекиртегин шалабулап түштү.

Тең катар акбоз бээни күчтүү жигиттер дароо тушоолоп жыгып, а өлүм сезген жаныбар бир чыңырып кишинеп, көз ирмемде мууздалды.

– Аллау акбар! Аллау акбар! Бир кудаанын жолуна... Аллау ак бар! Султандардын жолуна... Чилтендердин жолуна... Аллау акбар!..

Кыпкызыл кан дирилдеп атты, кең жайылып жаткан ак кийизге, кардай меңсиз ак кийизге кызыл кан сапырылды, күнгө чагылышып нур болуп чачырады. Аба бурулдап жылуу кан жыттанып, коюуланып кетти.

Кернайлар үн баспады. Дабылдар кандуу салтанаттын сүрүнө сүр кошуп жер чайнап дүңгүрөдү.

– Аллау акбар... Аллау акбар...

Кардай меңсиз ак кийиздин бетине армандуу кан ар түрдүү көчөт, кызыл гүлдөр болуп, жайнады. Нүзүп бир колтугунан, Мусулманкул бир колтугунан алып, акырын коштоп келип, Шералини канжалап жаткан адам башынан аттатып, кызыл-ала болгон кийизге өткөрүштү. Леп этип, жигитинин сөөгүн тепселип жаткан төрбөлжүн менен көздөн далдалап жаба койду Абил.

– Бактыңыз кут болсун! – деди Нүзүп эркелете күлүмсүрөп.

– Бактыңыз кут болсун! – деди Мусулманкул.

Шерали эмне дээрин билбеди. Кернайлар айкырып жатты. Дабылдар тынымсыз дүңкүлдөдү. Шерали туш-туштан кысып келип куттук айтып турушкан ак сакалдууларды, бийлерди ылжайып тиктеп, былбырап турду.

– Кут болсун! Кут болсун айланып конгон бактыңыз!... Кут болсун артылып минер тактыңыз!.. Эми келди, ханзаада, журт камын ойлоно турган чактыңыз!..

Акырын зоңкулдаган муңдуу добуштар, жашып кеткен кай бир кары кишилердин каргыл добуштары куттук айтып турду.

Мусулманкул кош миздүү оор кылычты канга бөлөп алды да, ошол кынсыз бойдон, учунан мөлтүлдөп кан сарыккан бойдон Шералинин белине илди.

– Куралыңыз кут болсун! Душманга каршы курч болсун!.. Журттун четин кайтарсын!.. Душмандын мизин майтарсын!..

Кернайлардын, дабылдардын дүңгүрүн чарт жарып, тарсылдап асманга мылтык атылды.

– Кимдин, кимдин заманы? Шерали хандын заманы!

Нүзүп, Мусулманкул баш болгон билермандар тегеректеп турушкан аксакалдар кандуу кийизди туш-тушунан жабыла кармашып, өйдө көтөрө башташты.

Шерали кылт деп жыгылып кете жаздап барып, Нүзүптүн ийнине таянып оңолду да, ошол биртике эңкейген бойдон, Нүзүптүн күчтүү ийнин таянган бойдон кийиздин үстүндө эки бети тамылжып, тердеп, эки жагын ылжайып тиктеп баратты. Ал кимге эмне дерин билген жок, кимди алкарын билген жок, түш сыяктуу болуп турган бул иштер эсин оодарды. Кымкуут түшкөн элди бактыга манчыркап мокой түшкөн көздөрү менен аңкайып тиктеп келе берди.

– Кимдин, кимдин заманы? Шерали хандын заманы! – Көпчүлүк ураан айтышып, дүңгүрөп, кылкылдаган кошунду аралап жөнөштү. Кернайлар күчөп бакырып, дабылдар тынымсыз урулуп, кулак тунду.

– Кимдин, кимдин заманы...

Салтанат бүтүп, Нүзүп чатырына келди. Ал катаал. Чатырга кирип, суюк сары мурутунун бир жагын тиштеп, көздөрүнүн алды диртилдеп ойлонуп, төргө оң тизесин муштуму менен мадап таянып отура кетти. Шерали жанында эле. Ал кубанычтан ууртун дагы эле жыя албай:

– Эми эмне кылабыз? – деп сурады, Нүзүптү жадырап тиктеп. Нүзүп укмаксан болуп, кайта ага кыжыры келгенсип, кабагын түйүп, унчукпай койду. Шерали томсоруп, шагы сынып отура калды.

Ышы буркураган кара чаначка кымыз алып, тыштан Кедейбай кирди. Кымызды көрүп Нүзүп тамшанып жиберди:

– Куй бери...

Колуна тийген кырма кесени Нүзүп Шералиге сунду. Шерали ийилип:

– Ала келиңиз... Сиз ала келиңиз! – деди. Нүзүп кымызды дем албай шимирип ичти да, ыракаттанып, кубаттанып, жүзү тамылжып, жоошуп отуруп калды...

Бир пастан кийин Нүзүптүн чакыруусу боюнча чатырга бийлердин, аксакалдардын, жакшы чыкма жаштардын иргелгени чогулду, бардыгы чөк түшүп, дем тартпай Нүзүп тараптан кеп күтүп отурушту. Нүзүптүн кабагы дагы түйүлдү.

– Бир кемпирди токтотушка чамаңар болбодубу? – деп ныктап сурады ал, көздөрү чакчайды. – Кайсы көрдөн жетип келди ал?.. Курбандык табылбай уят болуп кала жаздык ко!? Ыя!? Хан көтөргөн биздей болобу?!

Мусулманкул кашын керип:

– Баштатан айтылганда камдап келет элек... – деди. Мусулманкулга бет маңдай отурган коюу ак сакалдуу бий кыңырылып:

– Кемпирдин көңүлүнө карабай эле койгондо... – деп келе жатканда, Нүзүп чаңырып жиберди:

– Токтот! Ой, батыр наймандын бийи, кемпирдин көңүлүнө карабай баатырлык кылып жөөлөп коё кала турган учур беле?.. Кемпир экөөбүздүн алдыбызга жетпесе болмок. Күн көзүн көргөн суукка тоңбойт, хан көзүн көргөн арам өлбөйт. Бечара адам алдыңызга арыз кылып жетсе, арызын жөнөтүп, сураганын берип чыгарбасаң, караламан элдин оозуна жаман атың тарайт. Жаман ат суурулган кылычтан күчтүү, башыңа конгон бактыңды учурат, конгону келе жатканын чоочутат! Уктуңар беле ушуну... Өзүбүз ак тилек кылып хан көтөрүп отурсак... Кандуу жолго камданып отурсак...

Сөз кайтарган киши болбоду. Бардыгы мааниге ынанып, моюн салып отуруп калышты. Бир гана Караш бийдин жакшы чыкма баласы Абилдин зоболосу бийик болду ошондо. Маңдайы жарыла кубанып, жашына жараша элдин эң этегинде чатырдын улагасында отурса да, кадалып төрдү тиктеп, Нүзүптүн көзүн учуратууну самап, өрөпкүп отурду.

– Абил, – деди Нүзүп эркелете, жумшак үн менен Абил обдула калды:

– Лаппай, бек ага...

Нүзүп эми гана муруту кылайып келаткан жаш мырзаны имерип тиктеди:

– Үкем, баштаган канча жигитиң бар?

– Жүз эле, токсон тогузу калды, бек ага...

Нүзүп башын ийкеди:

– Ыракмат, үкем! Билгиликтүү кишинин ишин кылдың. Ыракмат, үкем жүзүнчү жигитиң үчүн чоң ыракмат.

«Бек агасынын» дитинде бир күдүгү турганын кылдат «үкеси» кабагынан байкап, акырын:

– Эми... башка элден ооп келген жалгыз аяк жигит эле... айла түгөнгөн соң... эми... – деп мыңкылдап, «издеп алары, доо кылары жок, артынан камтама болбоң...» дегенди туйгузуп койду. – Сиздин «эл үчүн, журт үчүн» деген ишиңиз үчүн, бек ага аттокур жигитибиз түгүл кара башыбызды аяйбызбы?!

Бий жымыйып тиктеди, ошо тымызын каларына ыраазы болду. Мындай жумуру баштан курбан чалыш бул элдин өтмүшүндө те байыртан кылына келген үйүт болгон, бирок «асмандан ак кочкор маарап түшкөн» деген убактан бери бул үйүт токтолгон, ошентсе да, кай бир ушундай «кан көтөргөн» деген өзгөчө бир учурда «кан кечпесе кан болмокпу» делинип, кан көтөрүштүн маанисин, аброюн бийиктетиш үчүн тымызын, караламан көпчүлүккө көрсөтүлбөй үйүт аткарылып келингени алыстан угулган жаңырыктай үзүл-кесил айтылат.

– А түзүк, – деди Нүзүп, сөз улады: – Бул сенин да ишиң. Кулак сал, бул жортуулда туубашы болууга арзыдың. Туубашы паңсат бол. Колдун алдына түш. Уктуңбу?..

– Куп болот, бек ага!

Ушундан соң Нүзүп хан атынан өзүнүн биринчи буйругун берди.

– Бийлер, мына хандуу болдук, баштуу болдук, токтоосуз жолго камдангыла эми. Урушта туруш жок. Аттанабыз. Бүгүн эл орунга отурганда аттанабыз. Түндө жүрөбүз. Таң аткан жерге токтоп, күндүз өргүү кылып, жалаң түндө жүрөбүз. Артык баш опур-топур болбосун, чуу болбосун. Жыландын куйругундай гана эч шабыртсыз тууду ээрчигиле. Уктуңарбы?.. Бул кашыңарда отурган Шерали-хандын акылы...

А Шерали-хан башка бийлер сыяктуу эле аңкайып анын оозун тиктеп отурду...

Эртеси күнү кең талаада уйпаланган чөп, аттардын ным тезектери, көк чымындар калды. Топурагы кургабай, моло көтөрүлбөй, тегиз жер менен тең болуп, жалгыз жазат калды.